-Менин далилим жок албетте, бирок ишеничим бар. Балдар тирүү, бирок жашоодо өзгөрүш жок. Бул күнгө чейин алар жер жүзүн асманга сапырып койгонго жетишиштери керек эле.
-Жетишет! деди Данияр ордунан ыргып туруп доктордун жанына жетип. - Биз сизди уктук, ал эми азыр сизди башка жумуштарыныз күтүп калды.
Доктор жанына келип калган Даниярга карап да койгон жок, али да маңдайында отурган Аянадан көзүн албай,
-Сиз эмне үчүн балдарынызга кат жазууну токтотуп койдунуз? Балким алар сиздерди күзөтүп турушат жана сиздин жашоонузда өздөрүнүн орду жоголуп баратканын көрүп турушууда. Эгер аларды күткөн, бардыгына ишенген жакын адамдары болсо балким кайткылары келет жок дегенде бир аз убакытка болсо да, деп бир кыйлага ундобой калып Даниярдын бет маңдайына тура калды.
-Ким билет балким ушунусу жакшыдыр, өткөн учурду жашоодон сызып кою да күчтүүлордун сапаты. Ата болуп көрбөгөн инсан сиздерге сабак өтүп жатканы өзү кызык, деди да колун созуп үстөлдүн үстүндөгү шише идиште турган алмадан бирди алып колунда ойното чыгып кетти.
Жубайлар ар кимиси турган ордуларында катышты да калышты, жада калса конокту узатып чыгууга да жарашкан жок. А доктор кудум ушундай болушун билген, кеп анын акыркы айтылган сөздөрүндө эмес көз карашында эле. Кулагына угуза сүйлөп мээсине жеткире айтса көзүнө тигилип жүрөгүнө киргизип койгон.
Үйдүн ичинде кулак тунжураткан тынчтык канча өкүм сүргөнү белгисиз, экөө бири бирин карап турушкан менен батынып ооз ача алышпай көпкө турушту. Экөөндө тең бирдей абал эле, кудум тамактарында муштумдай бир катуу зат туруп калгандай, оозун ачса эле ыргып барып экинчисинин башын жарып кетчүдөй туюлат. Ал ансайын ооздорун бекем жумуп катуу затты жутуп жиберүүгө аракет кылып жатышты. Аяна биринчи болуп чыга алды көрүнөт бул абалдан.
-Данияр кандай ойлойсуң мен сени канчалык жакшы көрөм? деди бир убакта сөздү узактан баштап.
-Билбейм.
Ушуну эле күтүп тургандай шар жооп бере салды жолдошу да.
-Мен айтайынбы сен мени канчалык жакшы көрөсүң.
-Жок айта албайсың. Ал сезимди баяндай ала турган сөз ойлоп таба элек али эч ким.
Аяна жолдошунун сөзүн укпай тургандай көздөрүнө тик караган боюнча ордунан туруп бет маңдайына келди.
-Эгерде сен чоң жылан болсоң мен эчаак сенин курсагында жатмакмын.
Бул сөз Даниярдын кыжырын келтирмек турсун делебесин козгоп жиберди. Келинчегинин эми эле өзү тууралуу сүйлөп ачып жапкан эриндерине өзүнүн эриндерин такай берип, андан ары чоло жерин калтырбай өпкүлөп кирди. Аяна эч каршылык көрсөткөн жок, тескерисинче бир укмушту күткөндөй толугу менен күйөөсүнүн эркине көнүп берип турду.
-А сен каршы болмок эмессинби? деди Данияр кулак түбүнөн энтиккен үнү менен, кудум Аяна айткан чоң жыланча кышылдап.
-Жок, дейт Аяна да шыбырап үнүн араң чыгарып.
Данияр чындап эле өзүн чоң жылан элестетип жакшы көргөн энчисин жутууга даярданып бараткандай эле, бирок эмнегедир келинчегинин үстүндөгү жеңил көйнөгүнүн туймосун чечип келе жатып жайлап барып токтоп калды.
Аяна мойнун созо башын артка таштап абадан терең дем алып бүтүп көздөрүн акырын ачып маңдайында турган жолдошуна карады.
-Эмнеге?
-Кандай ойлойсуң мен сенин көздөрүнду көрбөй жашай алмакмынбы?
-А эгер көздөрүмду чыгарып колуңа тапшырсамчы.
Ошондо мени жутуп алмак белең?
Данияр ойлонуп туруп калып,
-А сен ошону каалайсынбы?
деди.
-Мен сенин каалоонду аткарууга даярмын. Сен кааласан көздөрүм сеники, жан дүйнөм сендик, бир эмес миң өмүрүмдү арнаймын сага. Ал үчүн менин сезимимди коруктоонун кажети жок. Эсиндеби тандоо болуп ара жолдо калсам балдарымды тандаймын дегеним. Жалган! Мен эч качан сенден башканы тандай албайм. Муну ар дайым, жада калса ошондо да билчүүмүн. Болгону сен балдарды мен үчүн коргоп кал дегим келген, билем сен өзүң үчүн жасай албаган нерсени мен үчүн жасап коё алаарынды. А сен корктун, менин сезимим толук сендик болбой калганынан корктун!
Данияр жубайынын сөздөрүнө жооп бербестен артка бурулуп басып кетти. Ашканага кирип тазаланган сууга карабастан кранды ачып муздак суудан кере-кере жутуп, колуна суу толтурулган идишти көтөрө чыгып келип келинчегине сунду. Шашпай ал ичип болгончо карап туруп, Аяна бош идишти кармаган колдорун ылдый түшүрө бергенде,
-Ооба, деди. Менде ал каалоо кубаласам болбой кайталап пайда боло бере турган. Бирок мен дагы сүйдүм балдарды. Кудум сен сүйгөндөй сүйдүм. Сени алардан кызганган жокмун, болгону сени тандадым. Сага берген сөзүмдүн үстүнөн чыга албашымды башынан эле билчүүмүн. Ар күн силерди бирге көрүү азап болуп бараткан, айрыкча бактылуу учурурунарды күзөтүп туруу. Анткени маалым эле ал күндөрдүн акыры бардыгы, сен да муну билчүүсүн . Мына бүгүн сен айткан учур келип, жардан кулап бараткан үчөөндүн биринди тандоо керек боло тургандай кысылып кетчүүмүн. Акыры барып ал ойлордон чарчадым, сени тандаарым мен үчүн анык эле, болгону баары бүткөндө эмне үчүн берилген сөзүмдүн үстүнөн чыга албаганымды кантип баяндап берүүнү ойлоодон чарчадым. Акыры ушул ой келди акылыма, эмне эгер балдар тандоону мага калтырбай өздөрү жасаса, каалагандарын менин кабарымсыз эле жүзөгө ашырышса, дедим. Себеби аларды бир гана учурда коргой албай турганмын, өздөрүнөн гана. Жана ал үчүн сенин алдында күнөөлүү да болмок эмесмин. Ошентип ал күндүн эртээрек эле келүүсүн кааладым. Бирок Кудай акы балдарымдын өлүмүн же жоголуусун каалаган эмесмин. Болгону сени кыйнаганын токтотушса дедим.
Аяна жолдошуна бет маңдай туруп ээгин бир аз көтөрүп жүзүнө тигиле карап, эриндерин бириктире көздөрү менен жылмайып алды.
-Ардагым, акылсызым!
Ошол ой кантип акылына келди. Өз балдарынан да кыйналчуу беле эне. Кандай болсо да алар менин балдарым, мен аларды болгонундай кабыл алам, жараткан жоруктары үчүн кыпындай да кыйналбайм,
тескерисинче ал түйшүк өзүнчө бакыт.
Данияр келинчегинин жашы толуп сыртка чыга албай турган көздөрүнөн өөп койду.
-Мен үчүн да, мен үчүн да ошондой Аянам. Муну мен эчаак эле түшүнгөм. Алардын башка жайды тандап, бизге кабар бербей кеткендерин да кабыл алдым. Ырас ушундай жакса жасай берсин дедим, баары бир алар менин балдарым. Жада калса тиги оорукчан доктордун айтканындай,
жерди таштап башка ааламга көчүп кетишкен болсо да мейли, баары бир мен аларды күтөмүн, кайтып келсе төбөм көккө жете кубанам, эмне жасаса да кабыл алам.
-Андай болсо,... деген Аяна жаш балача кубанып, жана эле жашылданып турган көздөрү кулмундой түшүп, -Жүрү деп жолдошунун колдорунан ала экинчи кабатка жетелеп жөнөдү. Уктоочу бөлмөгө кирип үстөлдүн үстүндө көптөн бери иштетилбей турган компьютерин алып Даниярга суна,
-Жаз! деди. Оюңа эмне келип жатса баарын жаз. Мен да жазам. Балдарга жөнөтөбуз.
Данияр компьютерди дароо колуна ала албай туруп калды. Ал күтпөсө керек мынчалык тез болоорун. Эркек киши аялдардан айырмаланып оюндагысын бат кыймылга келтире албайт эмеспи.
-Макул мен биринчи деди да жолдошун күтүп отурбай керебетке отуруп өзү жаза баштады Аяна.
"Карасан муну" дейт Данияр келинчегине карап туруп. "Эмнеге аялдардын каалоосу бат орундалат десе, көрсө алар өздөрү каалаган нерсеси аткарылышына ишене алышат тура. А менчи? Мен, боло турган эмес болуп өткөн нерсеге да ишенүүм кыйын. Баарын талдап, далилдеп отуруп да аягына чыга албайм. А булар аягынан башташат, жакшы аякталышына көзү жетсе гана эмнеден баштоону ойдонушат."
Ал ушинтип ойлонуп бүткөнчө Аяна катын жазып бүтүп калды.
-Мен бүттүм, кезек сеники.
Данияр эми кыймылга келип компьютерди колуна алганы менен жазууга сөз таппай отуруп калды. Эмнеден баштаса экен. "Силерди сагындык"
деп жазып кайра өчүрүп салды, алар муну ансыз да билет. "Кайда болсоңор да аман болгула" деп жазганына көпкө тиктеп отуруп аны да өчүрүп салды. Деги бир жарытылуу сөз келсечи акылына. "Жаш балага жазгандай жазуу керекпи же чоң адамга кайрылгандайбы.
Деги азыр алар кандай болуп калышты экен, чындап эле башка ааламга чыгып кетишкен болушсачы, анда биз жазган катты окуй алышабы? А эгер аларга жетип барбасачы, анда кат жазуунун не кереги бар. Карасан дагы баарын баштан аяк талдап баштады, талдоо жургузбостон жөн эле кыймылды баштай берсе кантмек. Эмнеге ал анте албайт."
-Сен ал тууралуу ойлонбо. деди Аяна, ал жанатан бери жолдошунун кыймылын күзөтүп отурган.
Данияр ага карап калды," кантип?" дегенсип.
-Баары бир биле албайсың алардын оюндагысын.
Жакшысы өзүңдүн каалоонду аныктаганын жакшы, оюнду бир жайга топтогонго жардам берет. Башканын оюн антарам десең белгисиздикке гана туш болосуң.
Данияр ойлонуп калды. "Эмне себептен ал бир жолдо ийгилик жарата алса экинчи жолдо тайгаланып турат. Себеби ушул жөнөкөй гана нерседе экен го. Жумушта ал эмне жасоо керек экенин так даана биле алат, анткени Аяна айткандай башкалардын ою менен эмес өз каалоосу менен алек. Демек каалоо болсо гана ишеним болот экен да, башканын эмес өзүңдүн каалоон болгондо гана. А ишеним болбосо каалоон аткарылбайт.
Мына ийгиликтин сыры. Үй бүлөөдө ошол өзүнө болгон ишеним жоктугу үчүн тайгаланып жаткан тура. Мунун да себеби бар, ал жакындарын жоготуп коюудан коркот. Анын эң бир күчтүү коркунучу жашоодо жалгыз калуу." Кокусунан чыга калган өзүнүн оюна таң калды Данияр.Ушул убакытка чейин муну өзүнүн коркунучу катары кабыл албаптыр. Жөн гана сүйгөн адамынан ажырагысы келбегендей түшүнчү, көрсө маселе андан да терең экен го. Жалгыздык коркунучу бар экенин сезбептир. "А эгер чын эле жалгыз калса эмне болот?..."
Аяна жолдошунун катуу ойго чомулуп кеткенин көрүп бөлмөдөн чыгып кетти, кедерги болуп аны оюнан ажыраткысы келбей.
А бирок Даниярдын ою ушул жерден узулмок баары бир, андан аркысын ойлоо анын кудуретинде эмес эле. Шашылыш тамгаларды терип жанатан бери жаза албай жаткан катын жаза баштады. Өзү күтпөгөндөй узак кат жазылды, сөздөрү куйкум уйкалышып. Мына сага, адам өзү күмөн санабаган күчкө, акылга ээ боло алат экен го керек учурда. Коркунучу менен акылында бет келбес үчүн көрүп жаткан аракети бул. Деги бардык эле ой биринчи акылда жаралып кийин ишке ашат эмеспи, ошол себеп андан качып жүрөт.
Жазылган эки катты Джозефтин эски өздөрү байланышып турчу электрондук почтасына жөнөтүп жиберип, бөлмөдөн чыга жөнөдү. Келинчегин издеп биринчи кабатка түшүп баратып, "Кызык, ушуну мен жасадымбы. Дайынсыз жок, өлүк тириги белгисиз адамга кат жолдодум ээ азыр эле" деп ойлонуп алды. Бул көрүнүштү башка адамдан укса аябай таң калмак, сенде адамдык ой жүгүртүү кайда деп. "Эгер Джозеф чындап өлгөн болсо ал кат ачылбайт, а эгер тирүү болсо да ал даректеги каттар эч качан каралбайт. Эмне ал бир катты ачам деп өзүн курмандыкка чалып бермек беле."
-Баары жакшы болот, деп тосуп алды аны келинчеги тепкич алдында.
-Бирок… Джозеф… баракчасы… Балдар катты окуй алышпайт да, деди Данияр оюн толук түшүндүрө албай.
-А сенде башка жолу бар беле?
-Жок... Бирок б-биз билебиз да ал каттар ачылбасын.
-Жок Данияр, биз билбейбиз. Биз эч нерсени билбейбиз. Болгону өз каалообузду аткарууга укугубуз бар. Мына азыр гана так ошондой жасадык. Сагынычыбызды тамгаларга айланттык, акыры эмне болоорун ойлонууга милдеттүү эмеспиз. Баса, бул акыркы жолкусу эмес, билбеймин качанга чейин, бирок мындан ары мен мурдакыдай ар күн аларга кат жазам.
Келинчегинин сөзүнөн кийин Данияр бир аз өзүнө келе түштү. "Демек Аянанын акылы тунук, курулай үмүт улабаган, болгону азыр ушуну каалап турса жасай берсин".
-Албетте асылым! Эмнеге болбосун. Аларды сагынганыбыз,
көргүбүз келгени чын эмеспи, деп кучагына кысып маңдайынан жыттап койду.
Эскиден кат жазуу адаты гана кайтып келген болбосо, доктордун келиши алардын жашоосуна көп деле өзгөртүү киргизе алган жок. Жанагындай эле бактылуу күндөр, сүйүшкон түндөр өтүп жатты. Париждик күчүк да чоңоюп үй бүлөө мүчөсүндөй ар дайым алар менен бирге.
Аяна адаттагыдай эле эрте менен жолдошун жумушка узатып, эшик алдында күн нуруна бөлөнүп жаткан Кумарын эркелете бирге жүгүрүп ойноп болуп балдарына кат жазмакка отурган. Компьютер жанаары менен тыкылдап каттар келип түшө баштады. Жарнама болсо да бир сыйра баарын ачып карап көрөт, ким билет балким арасынан пайдалуу маалымат чыгып калаар. Чычканча менен каттарды жылдырып карап жатып арасынан белгисиз даректен келген катты көрүп калды. Кызыгы кат дароо ачыла калбай сыр сөздөрдү сурап көп аракеттен кийин гана экранга чыга келди бажырайган жазуулар.
"Ата, апа сиздерден келип жаткан каттарга убагында жооп бере албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Каттар чынында сиздерден келип жатканын жана аны күзөтүп турган эч ким жок экенин билгенден соң биз жолго аттандык, эртең түш ченде Бишкек аэропортуна түшөбуз. Эгер келбеген болсонуздар туура түшүнөбүз. Бизди тааный албай калсаңыздар да биз сиздерди тааныйбыз. Конуу убактысы 22-август 13:20" деген кыскача мазмундагы кат. Аяна ал катты кайра-кайра кайталап окуй берди. Көздөрү чын эле ушул жазууларды көрүп турганы чынбы же өзүнүн кыялында эле учуп жүрөбү. Адамдын акылы жалган менен чынды айырмалап биле албай калат эмеспи кээде. Бир нерсени көпкө кайталай берсе аны мээ болуп өткөндөй кабыл алып алаарын жакшы билет. Акыры шилетмени басып катты өзгөрүүсүз жолдошунун электрондук баракчасына жиберип, андан телефон келгенде гана ынанды. Окуган жазуулары чын экен. Муну балдары жазганы анык, аттарын жазбаганынын да бир себеби бардыр, бирок Аяна азыр ал тууралуу ойлоп олтурбады. Сааттын жебеси жаңы гана онду көргөзуп турганын көрсө да аябай шашылыш кыймылдап жатты. Кудум кечигип калып балдары артка кайтып кетип кала тургандай сезилет. Кийим тандоодо да балдарын эске алып кийинип жатты. "А балким аларга менин кандай кийимде бараарым такыр мааниге ээ эместир, балдарым өтө эле акылдуу да кийимге карагандай.
Мен эмне деп турам алар акылдуу болсо эмне кийими жок жүрүшмөк беле. Канткен ченде да Альмирам чоң кыз болуп калган чыгаар, он төрт жаш. Оо Кудай кандай сонун курак. Бул куракта акылдуу эмес гений болуп кетсе да биринчи орунда сырткы келбет турат кыздарда. Амиримчи, ал да апасынын жаш болуусун кааласа керек. Тааный албасаныз дегени эмнеси, кантип эле өз балдарымды тааныбай калмак элем. Жүз жыл өтсө да билбейминби тегерек акылдуу кара көздөрдү."
деп өзүнчө кыялданып алды. Жада калса Данияр менен биринчи жолугушууга чыкканда да мынчалык толкунданган эмес. Биринен сала экинчиси кунаарсыз болуп, кийимдеринин бири да балдарына татыксыздай көрүнөт. Балдарынын алдында акылсыз көрүнбөшу керек, муну да эске алып жатты. Тапты акыры жарактуусун,
компания башкарып турган учурда кийип калчуу эркектердикине окшош кенен ак көйнөгү менен кара шымын сууруп чыкты. Канча ирет ыргытып жиберүүгө бел байлаган менен атасынын өзүн ушул кийимде көргөндө жадырап кетчүү көздөрүн элестеткенде кайра ордуна илип койчу. Азыр болсо күзгүдөн өзүнө карап туруп атасына ыраазы болуп кетти, ошол себеп бул кийимдер сакталып турат алиге чейин. Чупурок адамдын көркү дегени чын белем, жүзү дароо акылдуу боло түшкөнсүдү Аянанын. Өзүнүн келбетине ыраазы болгон соң ашыгып үйдөн чыгып баратып эшик алдында ойноп жаткан Кумарды көрүп токтоп калды. Аны да алып алсабы, келгенден бери аны жалгыз калтыра элек эмеспи үйдө. Бирок балдарынын кичине кезиндеги күчүк менен болгон окуясын эстеп денеси жыйрыла түштү. Жок эми андайга жол бербейт, Кумарын өтө жакшы көрөт. Ушуларды ойлоп күчүкту үйдө эле калтырууну чечип унаага отуруп чыгып кетти....
Уландысы эртең.
Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма
#108 04 Апрель 2021 - 22:03
Кайдан да эски окуяны эсине түшүрүп алды эле, ошондонбу же балдарын көп ойлоп жаткан үчүнбу көңүлү чөгө түштү.
Аэропортко кирип келип саатына караса туура он эки болгон экен. Өз келбети менен алек болуп көп убакыт өткөрүп жибергендей болгон, ошентсе да бир саат алдын жетип келиптир. Туура эле сурап билүү түйүнүно келип, өзүн суроолуу тиктеген жаш кызды көргөндө гана эсине келди, балдары кайсы шаардан келе жатканын билбейт эмеспи, кайсы каттам тууралуу сурайт. Жаш кызга бир аз тиктеп тура да, кол саатына карап алып басып кетти. Эми күтүү залына келип 13:00ду күтүп туруудан башка арга жок. Дагы жакшы учактар кечиксе кечигет бирок атайын билдирүүсүз эрте түшпөйт, антпесе алар келип бизди таппай калдыбы деп да кыжаалатка бата турган. Залда топурап көп адам жүрөт. "Кызык, ким кайсы каттамды күтүп жатты болду экен" деп ойлонуп алды. Бирөө жарымдан сурап билүүгө аракет кылып көзүнө жылуу учураган адам издеп жатып жолдошун көрүп калды, бир адам менен сүйлөшүп турган экен. Кубанып кетти Аяна, чөлдө адашып жүрүп жол таап алгандай.
-Данияр, деп энтиге жанына жетип келип мойнунан бекем кучактап алды.
-Келдинби асылым. Шашылган жоксунбу? Карачы дагы убакыт бар, деп жубайы үчүн кам санап колдорунан кармап жүзүнө астейдил тигилди Данияр. Мунусу анын абалын билүү аракети эле. Бекеринен эмес экен, Аянанын көздөрү ойноп энесин жоготкон козудай жалдырай тиктейт. Жубайын көптөн бери мындай абалда көрө элек болчу Данияр, дагы бир суроо берсе ыйлап жиберчуудой абалда турат. Кайрадан аны кучагына ала,
-Баары жакшы болот Аянам. Биз баарына даярбыз, деп чачтарынан жыттап койду.
Экөө темир үстөлдөрго барып үн сөзсүз бири бирине жөөлөнө отуруп калышты. Айтылган убакытты күтүү керек, кайсы шаардан келе турганы анча да мааниге эмес экенин түшүнүшту. Утуру учак келип конгон сайын элдердин катарына туруп карап калышат. Күткөндөру жетелешкен өспүрүм эгиздер. Чынында алар азыр кандай көрүнүштөрү керек экенин деле билишпейт, ар кимиси өзүнчө элестетип акылында божомолдоп тартып алган сүрөттөрү менен келгендердин жуздоруно тигиле карап жатышты.
Саат 13:00до келип конгон учакты терезеден көргөндө Аянанын жүрөгү болк этип алды, Нью-Йорктон экенин билгенде даана түшүндү балдары ушул Учактын ичинде экенин. Ордунан туруп күтүүчулордун катарына барайын десе, буттура тушалып калгансып жүрө албайт. Жүрөгү элеп желеп, башкача катуу согуп баштады. Жолдошунун жетелеген колдорун катуу кысып араң жүрүп келип тизилген элдердин катарына туруп мойнун созуп утуру чыккан ар бир адамга карайт. Дегеле алар күткөн өспүрүм балдар корунбойт. Адамдардын баары чыгып, акырында атайын майыптардын арабасында эки картаң адамды чыгарып болуп дарбазаны жаап салышканда Аянанын көзүнө жаш тегеренип кетти. "Эмне алар башкача ойлонуп калыштыбы" деген ой келди биринчи эле. "А балким жашы жете элек деп учакка чыгарбай койгондур. Коштоп келчүү адам жок беле." Бакырып ыйлап жиберүүгө даяр болуп турганда ак көйнөгүнүн этегинен бирөө тартып калды. Караса жанында жанагы арабада келген эки картаң адамдар турат. "Эмне болду" дейин деп келе жатып бырыш баскан жуздордун арасынан тааныш курч, ишенимдүү, ирмелбей өзүнө карап турган көздөрдү көрүп токтоп калды.
-Оо Кудай! деп жиберди титиреген колдору менен оозун басып.
Бойлору бир метр болгон денеси кууруп жүздөру жүз жаштагыдай бырыш баскан эки адамга карап Данияр али да эмне болуп кеткенин түшүнбөй турат. Алардын абалынан ыңгайсыз боло түштүбу, дароо колун тартып алды тиги да.
-Биз баарына туура түшүнөбүз. Эгер каалабасаныздар артка кайтып кетүүбуз да мүмкүн. Сиздердин каалоону орундатуу үчүн гана келгенбиз, деди таң калычтуу жагымдуу назик үн.
Аянаны кандайдыр бир күч өзүнөн өзү тизе бүктүрүп жерге отургуза берди.
-Альмира!
-Эмне? Данияр чочуп кетти.
-Милдетибизди аткаруу үчүн! деп кошумчалап койду ошондой эле жагымдуу эркектин конур үнү.
-Амир!
-Ооба бул биз!
Эненин жүрөгү ушундай кенен, сезимтал, билгичпи же балдарын ыңгайсыз абалда калтыргысы келбедиби Аяна кучагын жая берди.
-Уулум! Кызым!
-Балким бир четке барып сүйлөшүп алуубуз керектир, бизде убакыт тар, деди Амир Аянанын кучагынан бошонуп.
-Эмне, силер кайтып кеткени жатасыңарбы? Аяна чочуп, аларды алмак салмак карап бырыш баскан жуздорунон сылады.
Эгиздер бири бирин карап туруп шар жооп беришти.
-Бизде эки саат убакыт бар.
-Кандайча? Эки гана саатпы.
-А сиздер биздин андан көпкө калуубузду каалайсыздарбы?
-Албетте! Аяна бат эле көз жашын токтотуп чыйрала түштү. Баласын кучагынан коё берүү кандай оор ээ эне үчүн, мейли алардын бетин бырыш басып жүз жаштагы адамдай көрүнүшсө дагы.
Амир аста башын көтөрүп али да кыймылсыз дендароо аларды күзөтүп турган Даниярга карап койду, апасынын сөзүнөн күмөн санагандай. Аны сезе койгон Аяна жолдошуна жалбарып жиберди.
-Ошондой эмеспи ээ атасы, айтсанчы.
-Ооба, ошондой, деди Данияр эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнбөсо да жубайын коштоп.
-Баары бир бизди угушунуздар керек. Так азыр ушул жерден. Бул замат ишенимдүү сүйлөдү Амир.
-Макул! деди Аяна ага астейдил карап.
-Сиздер бактылуу болууга, өзүңүздор каалагандай жашоого акылуусуздар. Ал үчүн али да мүмкүнчүлүк бар. Биз кеңешип өз ордубузду сиздерге берүүнү туура таптык. Доктор Джозеф биз менен макул болду, ал сиздерге жардам берүүгө даяр. Сиздер жашоонуздарды узартып гана тим болбостон, дени сак өзүңүздөр сыяктуу жөнөкөй бала төрөп чонойтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыздар. Бул үчүн доктор көп эмгек жасады жана биринчи жыйынтыктары бар. А биз ага жардам бердик. Бир гана бул үчүн сиздер жерди таштап биз келген жайга кетүүгө даяр болушунуздар керек. Көңүлүнуз ток болушу үчүн маалымат, биз курган чоң шаарчада бул планетадан көчүп кетүүнү көздөгөн тандалма инсандардын жайлары курулган, дагы да курулуп жатат, азыр ал жай өнүккөн, сиз көнгөн ынгайлардын баары бар.
Баарын бир дем менен так даана сүйлөп болуп токтоп калды Амир, Альмирага карап "эч нерсени калтырган" жокмунбу дегендей. Аяна да уулунун көз карашын ээрчий кызына тиктеп калып, ал ундобогон соң кайра Амирге карап суроо узатканы жатканда Данияр оозанып,
-Кайсы жай тууралуу сөз болуп жатат? деди.
Эгиздер өтө тездикте көз караш алмашып алышып, атасынын суроосун жоопсуз калтырышты.
Азыр бул суроонун орду эмес экенин түшүнгөн Аяна ортону жумшартуу аракетине өттү.
-Эгер биз бул сунуштан баш тартып, силерге ушул жайда калууну сунуштасак эмне дейсиңер?
-Биз ансыз да ушунда калабыз, деди Амир.
-Кандайча? Силер мында калып бизди өзүңөрдүн орунга жалгыз жөнөткөну жатасыңарбы?
Данияр балдарын түшүнүү аракетинде болгону менен Аянадай жумшартып сүйлөй албай жатты эч эле. Себеби ал али да көрүп турган көздөрүнө ишене албай турган, ошол себеп өзүн ынандыруу үчүн баардык суроонун жообун бат алууну көздөп ыңгайсыз суроолорду берип алып жатты. А Аяна башкача ойдо, ал балдарынын көңүлүн ойлоп турат, аларды өзүнө имерип ишендирип алса болду, башкасын өздөрү эле суратпай айтып берет.
-Бизде эки жол бар болуучу, биринчиси ар бирибиз өзүбүзгө жар тандап балалуу болуп акылдуу тукум калтырып кетүү же ал мүмкүнчүлүктү сиздерге берүү. Биз экинчисин тандадык, деди Альмира атасынын суроосун бул ирет жоопсуз калтырбай.
Аяна кызынын жүзүнөн аяр сылады, анын бырышып турган жүзүнөн жийиркенген жок. Чыныгы эне мээримин төгө жылмайып,
-Андай болсо биздин тандоо да экинчиси болсун. Биз да силерди тандап, ушунда бирге калалы, деди.
Эгиздер дагы бир ирет көз караш алмашып алышып Аянага карай макулдугун билдире баш ийкеп коюшту. Данияр жубайынын көз карашын тутуп, ичинде калган толгон токой суроосу менен арабага балдарын салып сүйрөй сыртка карай жөнөдү. Балким Аяна болбогондо ал ушул жерден балдары менен коштошмок. Жоок, алардан жийиркенгендиги үчүн эмес, суроолору менен аларды өзүнөн алыстатып алмак.
Унаада төртөө төрт тарапты карап ойлуу баратышты. Жолугушуу алар күткөндөй болгон жок. Барындай кабыл алам деп ойлогон Данияр да, балдарымдын кандай болушу мааниге ээ эмес эсен келишсе болду деп тилеген Аяна да башкача абалда. Алар мындайга даяр эмес эле, кимдин оюна келмек дейсиң бул көрүнүш. Кез кезде артты көргөзчуу күзгүдөн, терезеге тигилген балдарын карап коюп келе жаткан апасы таң калат. Баарына даяр болгон мына ошолор көрүнөт, жуздорундо эч бир таң калуу, коркунуч, тушунбостук жок. "Эмне алар өздөрү менен тендерди көрүп, алардан айырмаланган келбетине кыжаалат болушпайбы. Эмнеге мындай болушу мүмкүн? Джозефтин жанындагы баардык балдар ушундай абалдабы? Кызык алар кайсы ааламды айтып жатышат болду экен…" деп ойлонуп баратып токтоп калды. Балдары анын оюн окуп жатышканын эстен чыгара жаздаптыр, көп жылдардан бери эркин ойлонуп көнө түшпөду беле.
-А силер өзүңөр келдинерби? эч кимдин коштоосусуз? деп артка бурула калса эгиздер бири бирин карап жуздорунон сылап отурушкан экен. Катуу ынгайсыздана түштү Аяна, өзүнүн ою менен балдарын капа кылып алганын түшүнүп.
-Бизди күзөтүп келген адам азыр да бизди күтүп олтурат, жана бир ааз күткөн соң артка кайтат, деди Амир көздөрүн жумуп.
Ушуну менен сөз дагы үзүлдү.
-А баса силердин жүгүнорду унутуп кетиппиз го, деди кайра эле артка карап Аяна.
Бул ирет Альмира ооз ачып,
-Эч нерсени унутканыбыз жок, биздин бар болгон буюмубуз ушул, деп аркасында илинген кичине баштыкка көргөзуп койду.
-Аа, деп койду Аяна. Туура кыласынар, керектүүнү бул жерден алсак да болот.
-Бизге башка нерсенин кереги жок. Аз гана убакытка келдик, деди Амир бул ирет да көздөрүн жумуп.
-Эмнеге? Биз жана эле суйлошподукпу бирге болобуз деп.
Аянанын шаштысы кете түштү, баласы таарынып оюн өзгөртүп калган экен деген ойдо.
-Ооба, эми биз кааласак да эч кайда кете албайбыз . Жерге келүүдөн алдын баарын ойлонуп ар кандай бурулушка даяр болуп келгенбиз, артка жол жок. Ал эми жер бетинде бизге жооп берчүү жалгыз адам менен жаңы гана байланышты үздүк. Кийин жай алмаштыруунун кажети да жок эми. А баса биз сизден капа эмеспиз. Жүзүбуз биз үчүн анча деле мааниге ээ эмес, башкысы өмүрүбуз текке кеткен жок. Кеп өмүрдүн кыска узунунда эмес, маңызында. Биз эң көп жашаган адамга караганда көбүрөөк жумуш бүтүрө алдык. Көп адамды максатына жеткирдик…
Амир сөзүнүн аягына чыкканча болбой Аяна менен Данияр бир убакта артка бурула калышты. "Кантип?"
Даниярдын мээсинде азыр эле кайнап жаткан көп суроолору асманга сапырылып алардын ордун ушул бир суроо ээлеп калды.
"Балдары жан бергени келишти беле"
Кызык эмне алардын жүзүн көргөндө да акылына мындай ой келбегенби. Анда эмне ушундай болсо да жашай берсин дешкенби же дабасы бар деп ойлошту беле. Дабасы бар деп ээ? Атактуу Джозеф, акылы ашып ташып башка планетага жашоо куруп жаткан балдар таба албаган дабаны жер жүзүнөн издешмекпи. Же жөн гана муну Амирдин өзүнүн оозунан угуу өөн учурап жатабы, болгондо да ушундай тынчтыкта кадимки эле күнүмдүк жашоону айтып жаткандай сүйлөгөнү.
Данияр шилекейин жутуп кургап калган тамагын суулап алып алдын карап отуруп калды. "Мындайда деги эмне деп сөз айтыш керек?" Же бир Аяна үндөсөчү, адатта кудуктан суу сузгандай сөз тапкан аялы да бул ирет тунжурайт. Ошол боюнча сөз уланбай, тунжураган абалда үйүнө жетип келишти. Дарбаза жогору көтөрүлүп унаа короого кирип келээри менен Кумар жүгүрүп жетип келди дөңгөлөктун түбүн жыттап. Терезеге жабышып күчүктү тиктеп калган балдарын көргөндө Даниярдын ою бөлүнө түштү. Анын шашылыш түшүп күчүктү колуна алып туруп калганын көргөн балдар үнсүз гана тиктеп отура беришти ал ансайын атасын коркутушуп. Качан гана Аняа унаанын эшигин ачып балдарын түшүрүп жатканда эсине келди, алар бул чоң унаадан өз алдынча түшө албай турган абалда экени, ошентсе да ордунан жылып күчүктү жерге коё албай тура берди, кимди кимден коргоп жатканы белгисиз, анткени Кумар да жоочун адамдарды көргөндө үрүп туруп алган.
Аяна жолдошун эң жакшы түшүнүп турду, ал да байкуш өзү сыңары коркуп жатат, бирок ал тууралуу ойлонбоого аракет кылып жатты балдарынын көңүлүн бурдуруп албоо үчүн. Канчалык өзүн алаксытып жүзүн куунак көрсөткүсү келген менен эч майнап чыгара албай койду. Үстөлдүн үстүн жайната жасап жатып утуру ашканага кирген сайын терең дем алып абадан кере жутат. Ушунча жыл күткөн кече ушундай болмок беле. Деги ал кандай элестетчүү эле бул кечени. Аяна токтой калып ойлонуп калды. Кызык, эч бир бул тууралуу ойлонуп көрбөгөн экен, а балким бул күндүн болооруна ишенбегендир же болушун каалаган эмес. Балким акыркы убакта жашоосунда орногон тынчтык, өзүнүн жан дүйнөсүндө тапкан бакыты менен алек болуп калгандыр. "Кана?" деди өзүнө өзү. Бир күндө келген бурганак акыркы жылдар коштоп жүргөн тынчтыгын жууп кетиптир заматта. Кысылып чыкты. Көздөрүн жумуп башын ылдый кылып ашкана эмерегин таяна туруп калды. Бул күн жакпай жатат деп тан алуу оор болуп турду өзүнө. "Түш болуп калса" деп ойлонуп баратып чочуп кетти, бутуна бирөөнүн денеси тийгенден болуп. Балдарынын бири кирип калган экен, оюмду билип калды деп ойлогон, көрсө Кумар алдыңкы буттарын көтөрүп ээсин оюнан алаксытып жаткан экен. Ал да байкуш сезип жатса керек үйдөгү абалдын өзгөргөнүн. Аяна жылмайып алды, айбан да болсо зирек, сезгич. Балдарынан таба албаган байланышты ушул күчүктөн таап отурбайбы.
-Алар менин балдарым. Амир жана Альмира сен алардан коркпогун ээ, аларды коркутпа да, деди колуна алып жатып.
Кумар түшүнүп жаткансып кулактарын тикчийтип ээсин кунт коюп угуп турду да балдары отурган чоң бөлмөгө карап бир ирет үнүн чыгарып үрүп алды.
-Ооба ошент, алар менен достош, деп күчүктү жерге коё берди эле ал туура Альмира отурган орундуктун жанына барып анын ылдый түшүп турган буттарына өзүнүн алдыңкы аяктарын тийгизип ойноп кирди. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн кыз буттарын тартып алып ылдыйды карап калды эле Амир дароо үстөлдөн түшүп анын жанына жетип келди. Ал Аянага артын салып турганы үчүн кандай аракет жасаганын көрө албады, бир гана кызынын уянкы жылмайып койгону көрүнүп Амир кайрадан ордуна барып отуруп калды. Эмне болгон болсо да күчүккө бул аябай таң калычтуу болду көрүнөт, Амирди ээрчип барып карама каршысына аны тиктеп отуруп алды, кыймылсыз. Аянанын жүрөгү опкоолжуп кетти. "Кичине кезинде эле башка адамдын мээсине буйрук бере алган балдардан ушул куракта эмне күтсө болот." Бат баттан басып үстөлгө жетип келди.
-Эмне али да эч нерсеге тийишпей отурасынар. Альмирочкам карачы сага атайын омлет жасадым, сен муну жакшы көрчү эмес белең, деди балдарынын жөн гана отургандарын көрүп.
-Биз тамактанып алдык, жана эми төрт сааттан кийин гана тамактануубузга болот.
-Ошондойбу? деп томосоро түшүп, -Макул төрт саат болсо, күтөлү, деди Аяна. Оюнда алар жолуккандан берки убакытты эсептеп, ар бир он саатта тамактанат го деген чечим чыгарып.
-Амир айтчы Джозефке жардам берген силерден башка да бирөөлөр барбы? деди жанатан бери тынч отурган Данияр.
-Эмнеге?
-Албетте силердин акылынар көп нерсеге жетип, колунардан бардык нерсе келет дечи. Бирок кээ бир кыймылды кимдердиндир уруксаты, көзөмөлүсуз жасай алмак эмес. Дегеним жалгыз өзү кантип силерди жер жүзүнөн которуп кетти? Ал суроосуна жооп аларына анча ишене бербесе да сурады. Антпесе мындан артык акылына келген ойду кубалоого чамасы жетээр эмес.
-Жок.
Атасы ичине тарткан демин үмүтсуз ушкуруп чыгарып болгончо күтпөй сөзүн улай берди Амир.
-Жок, биз эң акылдуу адам эмеспиз. Сиз ушуну айткыныз келип турбайбы ээ ата. Биз болгону адамдын оюндагысын ийне жибине чейин толук түшүнө алабыз. Мына ушул нерсени бизден башка эч ким жасай албайт, ойлоп жаткан адам өзү да. Ал оюндагысын сүрөттөп берүүгө сөзү жетпейт. Биз анын ою кандай түстө келип жатканын да көрө алабыз. Мындан кийин ал ойду ишке ашыруу оор болбойт. Азыр биз жасап жаткан нерселер биздин акылда жаралбаган, башка эң акылдуу адамдардын оюн ишке ашыруудабыз, доктор да биздей эле абалда.
-Демек… Джозеф да алардын буйругун аткарууда.
-Жардам берүүдө, деп туздоп койду уулу.
-Жок, жок, сен түшүнүп турасың да алар өз оюн ишке ашырыш үчүн докторду пайдаланган, а доктор силерди. Бул айдан ачык көрүнүп турбайбы.
-Пайдаланып? Ал эмне? деди Амир чын эле таң кала.
Данияр ордунан тура калды. Мына мисалга… мм…
-Компьютерди мага алып келчи жогорудан, деди келинчегине.
Аяна күйөөсүнө "Эмне кылганы жатасың" деген көз карашта күйөөсүно карап калганда Амир ордунан туруп кетип кыйнала басып компьютерди көтөрүп жетип келди.
-Сен муну дароо таба алдынбы? Аяна таң кала сурады уулунан.
-Атамдын көрсөтмөсү менен, деп ага сунду.
Аяна компьютерди алып Даниярга сунуп жатып, "Мен бир учурду өткөрүп жибердимби, Данияр качан көрсөтмө берди" деп ойлонуп койду.
-Ал сизден суранып жатканда компьютердин турган жайын элестегенче сүйлөбөдубу.
Мына сага ал Аяна оюндагысын өзү түшүнүп болгончо ага жооп бере салды, анан кантип атасынын оюн билбей коймок эле.
Баласынын өнөрүнө таң калып турса да өзүн кармай баштапкы оюн жыйынтыктаганга өттү Данияр.
-Мына көрдүңбу, азыр эле мен пайдаландым. Мага керек болгон нерсени сен аткардын. Ушул пайдалануу болот.
-Сиз буйрук берүүнү айтып жатасызбы. Эч ким буйрук берип башканы мажбурлай албайт, эгер аткаруучунун каалоосу болбосо. Сиз апамды жумшадыныз, ал аткарууга шашылган жок, себеби өзүнүн каалоосу менен эсептешип улгуро элек болчу. Анан калса ал өзүнүн кыймыл мүмкүнчүлүгү менен сиздин мүмкүнчүлүктү эсептеп жаткан. Албетте эгер сиз ал кыймылды жасасаныз батыраак бүтмөк, муну ал билгени үчүн аткарууга шашылган жок. А эгер чын эле бул маанилүү нерсе болуп сиздин аткара албашынызды билген учурда балким шашылмак. А мен билдим сизге бул өтө чоң мааниге ээ экенин, мен үчүн эмес өзүңүз үчүн.
Уулунун жөнөкөй нерсени да илим менен түшүндүрүп жатканын угуп турган Данияр кулактарына ишенбей кетти. "Кичине убакыттын ичинде ушунча нерсени акылга салып иштеп чыгуу өзү мүмкүнбу" дейт.
-Ооба, учурунда бул нерсеге доктор Джозефтен башка эч кимдин ишеничи болбогон. "Адамдын мээси мындай нерсеге ылайыкташпаган" деген жыйынтык менен көп убакыттарга созулган долбоорлорду түзүшкөн. Ал эми Доктор өзүнүн билгичтиги менен эгер эски ондолууга жатпаса жаңыдан жасоо мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүп алардын жүздөгөн жылдарга каралган иш чараларынын мөөнөтүн кыскартып, адамдарга жаңы үмүт бере алды. Жер жүзү жок болуп кетүү коркунучу бар, аны оңдоо мүмкүн эмес болгону үчүн жаңы ааламдан жашоо табуу керек экенин билип бирок аны кандай жүзөөгө ашыраарын билбей тургандарга жардам бере турган адамдарды жаратуу менен Доктор өзүнүн миссиясын толугу менен аткара алды. Биз да жаралуудан максатыбыз кандай болсо баарын так орундаттык. А сизчи?
Данияр какап кетти. "Албы? Чын эле ал эмне үчүн жаралды экен? Эгер жөн эле адам болуш үчүн болсо анда аткарды. А бирок андай болбосочу, ар бир жан өзүнчө бир максат менен жаралган болсо кантет. Анда өтө эле көп адам максатын аткармак тургай андан кабарсыз өтүп кетип жатышкан жокпу?"
-Бирок уулум, эгер силер жасап жаткан нерсе туура болбосочу. Жандууну жаратуу бир гана Кудайдын колунда болуш керек. Кандай жол менен болсо да силер Кудайдын каалоосу менен гана бул дүйнөгө келгенсинер. Джозефтин башкага максат коюп берүүгө укугу жок болчу. Бир адамды колдонуп экинчи адамдын каалоосун ишке ашыруу туура эмес. Анан да…деп барып сөзүнүн аягына жетпей токтоп калды Аяна. Ал жанатан бери эч бир каршы сөз сүйлөп балдары менен тартышпай четтен күзөтүп отурган, бирок алардын акыркы айтылган сөздөрүн угуп туруп чыдай албай сөзгө аралаша кеткен. Сөзүнүн акырына барып алардын сырткы келбети тууралуу сүйлөп ала жаздап араң токтоп калды. Бул дегени балдары анын оюнан кабарсыз калды дегени эмес да.
-Доктор муну бизден жашырган эмес, ар дайым бизди текшерүүдөн өткөрүп ушундай болоорун жана муну өзгөртүү мүмкүн эмес экенин айтып турган. Бирок муну өзү да каалаган эмес. Болгону мээнин жана дененин кыймылын он эсеге көбөйтүп торчолорду бириктирип жатканда, ар бир торчо өзүнчө жашап өтчүү убакыттар да биригип он күндүк убакыт бир күнгө гана созулуп калаарын ал билбеген. Бирок биз үчүн бул нерсе мааниге ээ эмес эле. Негизгиси биз оз каалообузду толук аткара алдык. Ата сиз айтып берген Жараткан биздин эсибизден эч качан чыккан жок. Ырас ал бизди жаратып жана ар дайым күтө турган болсо эмне себептен анын алдына барууну кечиктиришибиз керек. Эмне үчүн кийин? азыр эмес. Ушул күнгө чейин бүтүрө албаган жумушунузду калган убакыттын ичинде бүтүрө алаарынызга ишенесизби? Айтынызчы сиз өзүңүз айткан баарынан күчтүү, акылдуу болгон Затты көрүүгө ашыкпагансызбы эч? деп атасын теше тиктеп отуруп калды.
Данияр биринчи суроодон кийин али өзүнө келе элек, бул суроого кайдан жооп бере алмак эле, ундобой кутулду. Аяна болсо эми өзүнүн акылына келген ойдон уялбай калды. Бул балдары үчүн оор маселе эмес экенине ынанды.
-Макул, деди ал. А башка балдарчы, алар да силер менен бирге кайтып келиштиби?
-Алар азыр жумушун улантышууда, акырында ким кандай тандоо жасайт өздөрүнө гана маалым. Бул абалга жеткен эң биринчи биз болдук. Себеби бизге берилген ресурстарды пайдалануубуз башкалардан бат жүргөндүгү үчүн.
Аянанын көздөрүнөн жаш таамп кетти.
-Эмнеге? Эмнеге мынча шашлдынар?
-Бул нерсе бизден көз карандысыз жүрөт. Эгер билгиниз келсе, биз да сиздин жанынызда болгубуз келчүү. Бирок бул мүмкүн эмес эле. Мында калган учурда биз көп нерсеге зыян келтирмекпиз. Себеби биздин турпатыбыз ар дайым жаңы нерсени талап кылып, мээ булчундарыбыз бир көз ирмем да токтобой иштеп турат. Аны канааттандыруу үчүн көп нерсени кыйратууга учуратмакпыз. Жаңы нерсе жасоо үчүн эскини кыйратуу керек экени баарына эле белгилүү эмеспи. Доктор бизди дал ошондой учурга жеткенде жер шаарынан көчүрүп кетти. Каранызчы ал кандай жакшы адам. Бизди гана эмес ансыз да кыйроо алдында турган жердин да камын көрүп, канча болсо да өзүнчө жашоосун улантууга мүмкүнчүлүк берип бизден аны сактап калды.
Аяна башын ылдый кылып али да кыймылсыз Амирди тиктеп отурган күчүктү көрүп тамагы кургап кетти, кудум ичинде жалын от жүрүп денесин ичтен куйкалап өрттөп жаткансып ысып дене табы да көтөрүлө баштаганын сезди.
-Анда алар азыр кайда? Кай ааламда? деди Данияр жаңы сөзгө келип.
Амир атасына жооп бергени жатканда Альмиранын кабатыр үнү бузуп жиберди.
-Апа муздак сууга түшүнүз, кечиктирбестен, деп Даниярга кайрылды. -Ата апама жардам керек.
Данияр келинчегине карап анын кызарып чыккан жүзүн көрүп чочуп кетти. Жаңы эле бир жакшына отурган жубайынын көзүнүн агы толугу менен канга толо түшкөн экен. Эмнени колуна алаарын билбей калдастап калганда.
-Муздак сууга салыныз, деди Альмира токтоо үнү менен дагы бир жолу.
Данияр келинчегин көтөрө жуунчу бөлмөнү карай жүгүрдү. Аны сууга салып мындан ары эмне кылаарын билбей карап туруп калганда артынан уулу менен кызы жетип келишти.
-Мени коё бериңиз, деди Альмира Аянага карай бет алып.
"Эмне кылганы жатат" дегенсип кызынын айтканын аткараар же аткарбашын билбей алдын торой туруп калганда,
-Альмираны айтканын аткарыныз, деди Амир.
Али да кызарып жаткан жубайына бир карап алып, башка арга жок экенин түшүнгөндөй кызына жол бошото берди. Альмира дароо апасы жаткан сууга колун салып айландырып баштады эле суу шарактап ашып полго жайыла берди.
-Муздак сууну ачыныз.
Данияр анын айтканын аткарып жанында карап турду, болуп жаткан кубулушка түшүнө албай дендароо болуп.
Бул кубулушту үч ирет кайталаган соң Аянанын жүзү агарып көзүнүн агы өзүнө келе баштады. Бирок ал толук өзүнө келгенче болбой Альмира суудан колун тартып алды.
-Менин алым калбады. Ала берсеңиз болот, мындан ары коркунуч жок, деп отуруп калды.
Амир карындашына өтө аянычтуу да күнөөлү да карап койду. Аларды күзөтүп туруп жүрөгү тилинип турса да өзүн колго алып сууну кечип жубайын көтөрүп жөнөдү. Балдарына жардам бере албастыгы анык, жок дегенде жубайына жардам берүүсү керек.
Аянаны уктоочу бөлмөгө алып кирип төшөккө жаткыраары менен көөшүлүп уйкуга кете берди. Данияр анын жаны үчүн катуу коркуп калган экен баарын унута салып келинчегинин жанынан жылбай карап отуруп бир убакта башын коюп жаткан барабар көзү илинип кетиптир. Бир убакта көзүн ачса түн бир убак болуп калган экен, Аяна эч нерсе болбогондой таттуу уйкуда жатат.
Бир аз аны күзөтүп туруп баары жакшы экенине ынанган соң шашылыш ылдый түшүп келип балдарын таппай калды. Ары жүгүрүп бери жүгүрүп эч кайдан таба албай шаштысы кетти. "Кыйла убакыт өтүп калса керек, алар ар төрт саатта тамактаныштары керек эмес беле." деп кыжаалаттана берди. Узакка кетиштери мүмкүн эмес эле. Өз көзү менен көрбөдүбу алардын алдыңкыдай бат кыймылы жоголуп, узак басууга дармандары калбаганын. Альмира апасынын жашоосу менен алышкан соң өтө эле чарчанкы абалда болчу. Канча издеп жолго чыгып баштан аяк кыдырса да эч майнап чыгара албады. Балдарынан эч дайын жок. Эсине Кумар келип, кайра үйүнө жүгүрдү. Дарбазаны ачып үйүнө кирип келип босогодон тепкичте күчүктү кучактап отурган Аянаны көрдү.
-Кайда жүрөсүң түн катып, деди ал жылмайып. Күйөсү ооз ачып жооп бергенче болбой кайрадан сөзүн улап,
-Мен бир кызыктай түш көрдүм, деди. Ишенээрлик эмес, бирок балдарыбыз ушунда экен, деп келе жатып жүзү өзгөрө түштү.
-Эмне болду? Данияр келинчеги үчүн кыжалаттана кетти, азыр ал айтып жатканы түш эмес экенин эстесе дагы жанагындай абалга түшүп калат деп.
-Мааниге ээ эмес, түшкө көп нерселер кире берет. Жүрү эс алалы эртең сен үчүн маанилүү күн, деп Кумарды жерге коё берип жогору карай жөнөп калды. Данияр эмне болуп кеткенин андай албай, өзүнө же жубайынын сөзүнө ишенээрин билбей анын артынан баса берди.
Жылмайып жолдошуна бейпил түн каалап он тарапты карап жаткан Аяна азыр көргөн түшүн эстоого аракет кылып майнап чыгара албай жатып уктап кетти. Бул учурда Данияр жубайына мунун баары түш эмес экенин кантип айтуу керек экени менен бирге балдары кайда кеткени тууралуу ойлоп жаткан.
Таң эрте күндөгүдөй туруп өз жумушун жасап жүргөн Аяна өзүнөн көзүн албай карап турган жолдошуна карап жылмайып койду.
-Үстөлдүн үстүн качан жыйнап улгурдун, деди Данияр окуянын бир уучунан баштап болсо да эстете алаарына кубанып.
-Чын элеби?
-Ооба, чын эле качан жыйнадын?
-Койсончу ардагым, качан эле мага үстөл жыйнаш кыйын болуп калды эле, же бир жолу эрте менен туруп жыйналбаган үстөлдүн үстүнө отуруп көрдүң беле, деп жанына келип илептеринен сүйүп койду.
-Бул жерде кече кечинде дүйүм тамак аш калган, кана алардын баары? Даниярдын эми чындап шаштысы кете баштады.
-Кандай тамак жегин келип жатат ардагым, айта калчы дароо жасап берейин. Мен кече эч кандай даам жасабаганым эсинден чыгып калдыбы, деди Аяна ашканага карай басып бара жатып.
-Жок. Токто! Сен чындап эле эмне деп турасың? Кече бул үстөлдүн үстүн дүйүм тамак ашка толтургансын, деп Аянадан биринчи ашканага кирип келип муздаткычты ачып, ашкананын түгөл кыдырып чыкты. Бирок чын эле ал жерде эч кандай тамак жок болуп чыкты.
Жинди болгон адамдай тегеренип жүргөн жолдошун күзөтүп туруп, ал токтоп башын мыкчып калганда,
-Менимче сен катуу чарчагансын. Каалайсынбы бүгүн үйдө калып дем ал, сүйлөшүүгө сенин ордуна мен баруум мүмкүн же башка күнгө жылдыр. Ушул күндү ойлоймун деп өзүңдү көп кыйнап койгонго окшойсун, деди.
-Жок… болушу мүмкүн эмес, деп жуунчу бөлмөгө жүгүрүп кирип келип ал жердин купкурук турганын көрүп дагы башын мыкчый токтоп калды. "Чын эле мен жинди болуп турамынбы? Балким түш көрүп аны чынга айландырып алдымбы" деп да ойлоно кетти. Азыр кечеки болгон окуяны айтып берсе Аяна эмне дейт, а балким тескерисинче анын акылы болуп жаткан көрүнүштү кабыл ала албай баарын түш катар көрсөтүп жаткандыр. Эмне, ушундай болот эмеспи, кээде адам кабыл алуусу оор болгон окуяны унутуп, же тескерисинче катуу кыялданган нерсесин бар катары кабыл алып алуу ыктымалы бар экенин бардык эле психологдор айтып жүрүшпойбу.
"Макул эгер Аяна баарын унутуп түш катары кабыл алууну тандады десем, анда кечеки дасторкон толгон дүйүм тамактарчы, алар кайда кетти? Бул жер жайнаган суу болчу бир түндө куруп кала турган эмес эле. Анан калса балдар унаада келе жатып мындан ары кааласа да эч кайда кете албасын айтышпады беле, эми болсо алардын изи да жок. Андай болсо мен жок нерсени бардай кабыл алдымбы? Болушу мүмкүн эмес, менин кыялдануум мынчалык өрчүбогон. Андай болсо кана кечеки күндөн бир да из калбаган…" деп келе жатып кече жубайы жөнөткөн электрондук кат тууралуу эстеп кетип жогорку кабатка карай жүгүрдү. Компьютерди ача сала өзүнүн дарегин терип, келген каттарды карап алардын арасынан издегенин таба албай отуруп калды. " Мунун баарына балдардын тиешеси болушу мүмкүнбу?" деген ой келди акылына. Бирок бул суроого эч качан туура жооп таба албасы анык экенин да түшүнүп отурду. "Бир гана туура жол убакыт" деген жыйынтык чыгарып төмөн карай түшүп келсе Аяна ал жакшы көргөндөй омлет бышырып буркурата жыпар жытын чыгара кофе демдеп күтүп отуруптур. Жубайынын жылмайган жүзүн көргөндө жеңилдей түштү, негизгиси Аянасы жанында, ушул азыр чоң бакыт. Башкасын өзү айткандай убакыт көрсөтөөр.
Данияр келинчегинин көздөрүнө тиктей кофеден жутуп, ички туйгусунан алаксый адаттагыдай Аянасынын бутунун учунан баштап суктана карамакчы болуп эңкейип келе жатып үстөлдүн астында күчүктүн башын бир аз кыйшайтып, кыймылсыз өзүнүн жанындагы бош турган орундукту тиктеп олтурганын көрүп, колун жансап анын көңүлүн өзүнө бурдурмакчы болду эле, Кумар ага карап да койбостон, өзгөрүүсүз абалда кыймылсыз отурган абалда кала берди…
Аягы.

#112 06 Апрель 2021 - 02:38
Эххх...автор,
..автор...))) бали! Рахмат! Сонун чыгарма! Талантыныз оркундой берсин! Дагы да кутобуз жаны чыгармаларды.
Билдирүүнү түзөткөн: akinaika: 06 Апрель 2021 - 02:38