Адеп отко киргенимден баштап эле кайненем мурдун букадай чүйрүп, казанда кайнап жаткан шорподой буркан-шаркан түшө баштады: "Оо, өлүгүңдү гана көрөйүн, эрге эмне шашылдың? Кайнатаң жарды, сокур неме экен. Мурду коңкойгон, күйгөн чачыладай болгон капкара немеге тийгенден
намыстанбайсыңбы?
Ушунчалык эле эркексиреп атсаң, тирактирис болсо да таап берет элем го бирөөнү. Айтчы, ажыраштырып алайынбы? Эй, эмне унчукпайсың?
Былтыйбай жарылып койсоң боло. Эм-не-е? Ажырашпайм дейсиңби? И-ий, бетим, ата-эненин кереги жок тура буга. Андай болсо тиги "ненормальный күйөө сөрөүйңдү ээрчип жүрө бер!" - деп ачуу айкырып кайран кайненем жашында спотрсмен болгон белем, жата калып туруп, кызын ичке тепти эле, байкуш Сүйүмканым учуп келип, мени баса жыгылды. Ошентип, кайненемдин кызына үйлөнгөн күндөн тартып, мен
"ненормальный"
деге атка кондум, туугандар. Бирок, мен эле эмес, башка бажаларымдын да ушул сыяктуу оорулары бар экен. Маселен, таластык
бажам "талас жинди", оштук бажам "ош жинди", деген дартка чалдыгыптыр.
Кыскасы, күйөө балдарынын баардыгы келесоо чыгып, кайненемдин өзү гана таза имиш.
Анын айтуусунда,
токмоктук бажам мансапкор, куу чирен, боюда бар аялдай курсак байлаган, өгүздөй күшүлдөп-бышылдаган,
мыкты тетири урган, балканы сабынан эмес башынан кармаган, деги койчу, бүт санап олтурса, ыкшып атып өлүп калчудайсың.
Анан
картаң kарышкырдай болгон кайненемдин
алдында ийилип салам бербестен калдайган ээринин араң гана кыбыратып, төркү үйгө "прямо"
өтүп кеткеничи, акмактын. Бир чети ага деле бооруң ооруйт -жүгүнөйүн десе курсагы тоскоолдук kылат да. Ал эми келиндерине коюлган аттарды санабай эле коеюн. Белгилей кетчү нерсе, эгер кайненем убагында мединституттан окуп
алган болсо, анда "кызыл дипломду"
кучактап, эмдигиче бакыйган профессор болмок. Мисалга эле алсак, бизге койгон диагноздору:
ненормальный,
жинди, келесоо, чаар, сүйрү, тултук, былтык, шалпык, кочкор тумшук, бочке, арбак, талма ж.б. Айткылачы, жолдоштор, силер таза элесиңерби?
Эгер убактыңар болсо, кайненемдин үйүнө келип "диагноз"
койдуруп кетпейсиңерби?
Аңгеме-азил мыскылдар
#23 19 Апрель 2013 - 00:53
Күндөрдүн биринде таң атпай саат сегизде Макамбайдын короосунан "чыр-р"
эткен ачу кыйкырык чыкты. Макамбайдын токсондон ашкан энеси Асыл узак оору болуп, мына эки күндөн бери "коркутуп"
, балдары тикийип түнү менен дежурствого туруп жатышкан эле. "Кудай так төбөгө уруп, кемпир ары карап кеткен го. Ыманы саламат болсун", -деп бата кылып: "Кайрат кылгыла. Эмне, кылым жашаган энебиздики той эле да! Көп эле башыңарды оорутуп
ыйлай бербесеңер" , -деген сыяктуу көңүл жубатаар сөздөрүмдү камдап алып, Макамбайдын коросун көздөй бастым. Эшик алдында адам көрүнбөйт, боз үй тигели деген эч ким жок. Макамбай малканасынын оозуда өңгүрөп турат. "Ушул эле жерге байлагам! Кашайгырдыкы! "
Жанында бир-экөө бар.
- Ой, Маке, тынччылыкпы?
- Тынчыбай калсын! - капачылыктан сүйлөөгө алы жок.
- Ии? Эненин акыбалы жакшыбы?
- Энең үйдө жатат кирип көрө бер? - деп ал мага "бурк" этти.

#24 19 Апрель 2013 - 00:56
Жанында турган
Жакенден жооп болду:
- Түндө булардын боз эшегин уурдап кеткен тура.
- Аа-а! Асыл энем "кеткен" экен деп
жаңылышыпмын, "асыл" эшек жоголгон турбайбы!
Макамбай йлагыдай эле бар болчу жаныбар! Күнүнө эки фляга суу ташыган, жүк көтөргөн, далай жумуш бүтүргөн, эч кимге зыянсыз, чөп-
жем жээрге келгенде "оозу-мурду жок" бир жан эле! "Түндө Макамбайдын эшегин уурдап кетиптир" деген сөз айыл ичине "дүрт" жанган оттой тарап
кетти. Анын дайнын
билгендер деле бар экен:
"Макемдин боз эшегин ала качып кетишиптир! Жанагы айылды кечке маал тынбай айланып жүргөн көк москвич кадимки кыз ала качкандай аңдып жатып, салоного батырып,
уурдашкан экен. Дагы жакшы тиги күнү-түнү уктабай, ар кимдин терезесин тыңшап жүрчү көрөгөч Көкүл машиненин номурун
жаттап калыптыр" . 2222ЭБ. Куугунчу тезинен даяр болду, аксакалдар сотунан бир киши, милийсадан бирөө,
мушташка ырас деп
Муратты, эшек ээси
Макамбай, анан шоопур. Баары биригип бешөө. Мындайда сүрдүү
барбаса болбойт. Эшек алыс деле кетпептир, коңшу айылдагы Космосбектин машинеси болуп чыкты түндөкү.

#25 19 Апрель 2013 - 00:58
Дарбазаны такылдатса куугунчу келет оюнда жок, Космос акең колуна жуушаң кайчы кармап, өзү ачат эшикти. Милийса, ак сакалын жайкалтып абышка, Макам, лөкүйгөн Мурат кирип барышат. Оо, кудай, уккан кулагыма ишенбейм!
Шыйрагын таңып алып, Макамдын "асылын"
кой кырккандай кыркып жаткан экен. Космосбектин колун таңып, "ослокрадство"
деген статья менен олтургузуп коюшту милийсалар.
Анын короосунда "модница"
эшектер көп экен. Көрсө... көрсө, боз эшектер азыр баа болуп турган кези дейт. Силерде килограммын сегиз жүз сомдон алабыз деп машине менен үй кыдырып, тыбыт
чогулткандар барбы? Эмесе, эчки тыбытын өткөрүүдө эзелтен арам аталып келген эшек байкуштун деле эмгеги зор болуп жатыптыр. Илгери кой кыркын деген болчу эле, Азыр ушул убакта "эшек кыркын" деген да бар экен.

#27 19 Апрель 2013 - 13:29
Тамашалуу,кызыктуу ангемелер экен.Уландысын кутом.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#29 19 Апрель 2013 - 20:23
Жакын өтүп бара жатсам клубдун ичинен заңкылдаган үн чыкты
"Карап, карап, кайрадан сени самап..." Чын угуп жатамбы же түшүмбү? Токтой калып тыңшасам саамга дагы эле баягы үн созот. Артисттер келсе...
кантип эле... деген ой кетти. Мүлжүнүп бүтүп сөөгү калган немеге кайдан кирсин. Чаң-будуңдан бут коерго жер жок эле. Эмнеси болсо да көрөйүнчү, эшиктин жыртыгынан сойлоп
кирдим. Артист түгүл эч ким жок. Катар-катар отургучтардын скелети гана талаада калып ит-кушка жем болгон
малдын сөөгүндөй ар кайсыл жерде аркаят. Музейге киргенсип улам бирин тиктеп турган
кезде сахна тараптан бирөө кошок кошуп кирсе болобу:

#30 19 Апрель 2013 - 20:24

#31 19 Апрель 2013 - 20:27
Ырысы элең жашоомдун
Ыдырап кетип капыстан
Ыссысырым сен жок кор болдум
Карап, карап, кайрадан сени самап.
Бул кимиси өлүп кетти экен деп сахнага чуркап бардым. Алдыңкы орундардын түбүндө
жүдөгөн, чачы саксайган, киринен ак деп айтуу кыйын го, ошол түстөгү эски көйнөкчөн кемпир сымал бирөө олтурат. Экөөбүз тиктешип калдык эле саамдан соң:
- Келдиңби, балам. Мен сени көптөн бери күтүп жүрдүм эле. Мен ушул клубдун ээси болом. Орусча домовой дейт эмессиңерби? Ушул клуб салынгандан бери келатам. Домовой десе илгери элдер
колундагысын таштап калышчу эле. Азыркылар коркмок түгүл, чыга калсаң жыга чапчудай. Өгүнү үч бала караңгыда келип, сахнанын полун сууруп жатышканынан карап турсам: "Сен да ууруга келдиң беле, тактайдын аркы башын көтөрүп койчу", - дейт, жарыбагыр.
- Сиз ошонун баарын көрүп турасызбы?
- Көрмөк турсун баарын жазып койгом. Бармактайымдан ушул жерде жүрсөм, башка бирөөлөр келип алып кемирип жатса зээниң кейит экен. Домовой сахнага чыга калып ырдап кирди:

#32 19 Апрель 2013 - 20:31
Жа-аш кезимде мен дагы Артында чачы буралган. Келин бир болгом тырсыйган
Далай жыл өтүп арадан Азыр да мени карасаң Минтип кемпир да болдум ырсыйган. Ырын аяктаган соң, кадимки артисттерчесинен ийилип койду. Мен шатырата кол чаптым.
- Бул кулуптун башынан эмнелер өтпөдү, далай чоңдор күпүлдөп доклад окуп, алдыңкы дыйкан-малчылар эмгегине жараша сыйланып, артисттер күүлдөп
консүрт берип, полду күнүнө күзгүдөй кылып жууп турчу эмес беле. Мобул дубалдын боорунда Леонид Ильич баш болгон чоңдордун портретинен бош орун жок болчу. Төрт-беш комнат кулуптан азыр мага жатаарга жер жок калды, сызга жатып жүдөп, кирдеп, ден соолуктан ажырамай болдум. Канышадай болуп жумшак дивандын үстүндө жатчу элем, колхоз тарайт деген имиш чыкпадыбы. Ошонодо бир күнү эртең менен ойгонсом эле башка үйдө жатам. Эмне болуп кетти башым маң. Көрсө түнү менен Таласбаев мен жаткан диванды үйүнө жеткириптир. Ошол бойдон Таласына көчкөндө сала кетти. Клубда ушундай оокат бар беле деп сураган эч ким болгон жок.

#33 19 Апрель 2013 - 20:34
Таласбаевдин үйүндө эки күн араң жүрдүм, аялы ажылдаган неме. Эртең менен баштаган кечке чейин кулуптан муну алып кел, тигини алып кел деп эринин эсин эки кылат экен. "Ажаан аялдан албарсты качып кутулуптур"
, - деген чын сөз, качып кеттим. Диваным кеткенден
кийин завклубдун кабинетиндеги бельгийский килемге оронуп жатып жүргөм. "Бишкектен чоңдор
келгени жатат, үйүмө тага турайын", - деп активдердин бирөө алып кетип кайрып берген жок. Килем жоголгондон кийин, паласка оронуп уктап жүрдүм. Кызыл үйдө иштеген Кымбат: "Кирдеп кетти, жууп
коеюн", - деп экөөнү
бирдей алып кеткен,
ошол бойдон алып
келген жок. Нарын сууга агызып жиберген го, кудай урган. Жылаңач болгонго караганда жумшагыраак эмеспи деп үстөлдөрдү бириктирип уктачу элем, жумшак-жумшак. Жумшак столдордун отузун тең оңдотобуз деп Отунчунукуна алып
кетишип, урушпай-
талашпай бөлүп
алышыптыр. Айлам
түгөнгөндө шкафтын ичине киргем, аны дагы менчиктешти. Шкафтын чоң эшиги
Бөлөкбайдыкында камыр жайгыч тактай болуп жүрөт дешет. Жыйырма беш метр дорожка бар эле, аны ушул жердеги аялдар жууркан көктөгөнгө жакшы экен деп бөлүп-бөлүп чубап алышыптыр. Эми, айланайын, айта берсе кеп түгөнбөйт, андан көрө мобул кагазды катып кой, сураган бирөө болсо берээрсиң, - ал байпагынын ичинен
кичинекей дептерче
алып мага сунду, - Ушуну катчу жер жок, кокус бир жерге түшүп калса,
таппай каламбы деп
катып жүрдүм эле.

#34 19 Апрель 2013 - 20:38
...17-декабрь. 95-жыл. Кимдир бирөөлөр оозгу эшикти түн киргенде чыгарып кетишти. Ушул сыяктуу окуялар домовойдун күндөлүгүнө жазылган экен. Дептерди барактап жатып ээсинин кайда киргенин байкабай калыптырмын.
Аңгыраган клубдан сойлоп чыгып келатып, мунун кейиништүү тагдырын кимдер ойлойт болду экен деген ниетте болдум. Кулагыма домовойдун армандуу ыры жаңырып жатты. Карап, карап...
#36 19 Апрель 2013 - 20:46
Талкаланып, мүлжүнүп, аңгырап ээн калган сарайдын жанындагы водопроводдо кудум чай ичип божурашкан кемпирлерден бетер эки уй сүйлөшүп олтурушту. Алдыңкы бутунун туяктарына толтура сузулган сууну анда-санда шоркурата ууртап коюшат да, кепке киришет.
- Эх, несин айталы, эстеп олтурсам, биз бир керемет түштө жашап кеткен турбайбызбы, -деди Сарала улутуна.
- Азыр ал Ыссысырдын заманын музоолоруңа айтсаң: "Койсоңчу жомогуңду" , - деп куйрук шилтешет, - деп кейиди Гүлдесте.
- Кээде ойлоп олтуруп, ошондогу кесирибиз башыбызга тийген экен деп калам.
- Ии, анда саанчылардын аппак халат кийип, Байматов башкарма,
алдыңкы саанчы деп уйчу Эрматтын аялы Ташматова менен сүттүү уй Сарала деп экөөңөрдүн сүрөтүңөр колхоздун конторунун алдында илинип турбадыбы далай жылы.
- Аа, десең, - деп күрсүндү Сарала, - жанагы сасыган уйчу Эрматтын аялы мен көп сүт бербесем кайдан аты чыгат эле. Бааланып ветврачтын
машинесинен түшпөй, жапонский жоолук салынып, телебизорго чыгып, менин артым менен эле багы ачылбадыбы!
- Мүшөгү менен май,
айран-курутубуз курсагына кетпедиби. Андан дагы колхоз тараганы жатанда бизд тыйтайган арык кунаажындарга
алмаштырганын эстесем, ичим күйөт.
- Кантужиним кармап кеткенде, берменин салаңдаган курсагын жара сүзгүм келет. Ой, баягыл менин чаар
торпогумду көлдөгү
бажасынын машинесине "сүттүү уйдун тукуму" деп
салып берген ушул
болчу, - деп жашып кетти бечара Сарала. - "Кара уйдун агынан эмес, багынан", - деп бекер айтышат экен, багынан эмес эле сүтүнөн болот тура.

#37 21 Апрель 2013 - 19:49
- Үйүндөгү үйлөгөн
чаначтай болгон эрке аялы эринин мээсин жеп жатып, биздин тоодой-таштай болгон букабызды гамерсия
кылам деп шаарга
сойдуруп кетип, жазында сонун-сонун көйнөктөрдү кийип келбедиби.
Таплийи жакшынакай экен, э?
- Таплийи менен талаада калсын! Кудайга койдук, башка не дейбиз, -
куйругунун учу менен Сарала жашын сүрттү. Сараланы алаксытайын дедиби, Гүлдесте колун кезей сөз баштады:
- Азыр заман апасный! Эгер сен берменин курсагын жара сүзсөң эле, күнүнө берген бир чака сүтүңө карабай
туруп, алдагы калдайган башыңды бетбрачка кестирип, шаардан бир машина киши чакыртып, баштыгына салып берет. Лабаратария деген жерден текшерет да, соо болсоң да, "кутурду"
деген кагаз жазат. Болду! Музоо, торпогуңду, жанында жүргөн деп мени, айылдагы болгон ит-мышыкты, баарын кошуп туруп атат да
көөмп салат. Сени болсо өрттөп жиберет. Сарала "кутурганын" элестеттиби, далайга
чейин "чынысындагы" сууну ууртабай же сүйлөбөй олтурду.
- Деги заман оңолсо
болду, - деди Гүлдесте эски сарайды карап.
- Ии, - Сарала эстей
койгонуна сүйүнү кетти, - кечээ пенсияга бараткан
кемпирлерден кулагым чалды эле. Кыргыздын кайсыл бир жеринде илгеркидей эле колхоз бар экен дейт. Ую уйдай, кою койдой болуп, колхоздун малы талап-тонолбой эле, сарайы деле, тамы деле мурдагысындай турат дейт.
- Кемпирлер эмнени
билет, экөөбүздөй эле да, - деди Гүлдесте кайдыгер.
- Ай, ошол кемпирлердики чын эле болот акыры. Баягыдай чогултса кандай сонун болот эле. Көгала, Марта,
Кашка, Айсарала,
Жылдыз - не деген уйлар эле...
- Анын баарын кайдан табат элең... Кызыксың. Акыркы берме Алабай кышкы согумга сойгон Айсараланы кайдан чогултасың? Чоңдоруң кустура албайт. Агa бетбрач экөө "Осмоналы
лөкүй" болуп ооруду деп диагноз коюп, кагазына жазып даярдап коюшкан.
- Бергенбайдын торсойгон курсагын жарсаң, бермедеги үч жүз уйдун башы чыгат болуш керек. Байкуш уйлар не болбодук: эбин тапканга машина, шаардан үй, кыз, баласы окууга барса
пара болдук, куру кол кала жаздаганынын оозуна алтын тиш болуп тагылдык, - үнүн акырындатып, - Тиги саанчы Сакиштин оозундагы алтын тишти бермебиз салдырып
бериптир!
- Бергенбай бермеби? -деп көзүн алайтты Гүлдесте, - Та-ма-ша-а!
- Акырын, угат, - деп
сактангандай эки жакты карады Сарала, - Ушактан артта экенсиң.
- Арманды айта берсе түгөнбөйт, Гүкүш! Андан көрө аялдар жылында келиндер пенсияга
чыгыптыр, быйыл
карылар жылы деп
мамлекет карыларга көп жардам бериптир. Эми элетти көтөрөбүз деп атышат. Келсе, бизге да эпкини тийээр...

#39 21 Апрель 2013 - 20:05
Жолдошум Өмүр
өзүбүздүн айылга Өкмөт башчы болгондон бери менин даражам зоболоду. Төркүн-төшүм, тели-теңтушум, кошуна-колоңум, Бактыгүл атымды айта алышпай эле Бакентай дешип, келиндерим болсо:
"Өкмөт акемдин байбичеси" , - деп тергеп сыйлап калышты. Бара турган айылым дагы
көбөйдү, ал жерден түз эле төрдөн орун беришет, жөө дагы баспай калдым, машинелер өздөрү токтоп сала кетишет. Анан кантишсин. Өкмөт баланын жүгөнү менде турса. Бир күнү эшик такылдаганынан чыга алсам, кудай бетин салбасын, илгерки совет доорунда дефицит товарга тургандай эле короодо узун кезек турат. Үйгө таяк таянган таажеңем кирди: -Бакентай, айланайын, эртең райондон гумжардам келет экен, ошого мени жазып кой, -деди. - Таажеңе аны комиссия билет да, менин кандай тиешем бар? -дедим таңданып. - Ботом, эриң сенин тилиңен чыкмак беле? Айт.
Таажңем буйрук берип чыгып кетти. Андан соң төрт баласын ээрчитип кошунам Макиш кирди: -Айланайын, Бакентай, мени тизмеңе жаза көр, эл алгандан алайын, эгер гумжардамдан куру калсам, эки баламды силердикине таштайм, - дейт догурунуп. Көп өтпөй өзүмдүн акам кирди да: -Ээ, Бакы, мобул баштыкты жеңең берди, "Гумжардам алып
койсун", - дейт.

#40 21 Апрель 2013 - 20:08