basyz-kaman. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 85 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (62 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Сентябрь 14
- Кароолор:
- 11 461
- Соңку аракети
- 22 Апр 2016 11:38
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 40 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 26, 1983
- Кызыгуусу:
- Адабият, Поэзия, Тарых, Санжыра.
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
- Skype:
- 26.06.1983@mail.ru
Мен ачкан темалар
-
"Баскын" романы
Жазылган күн: 28 Окт 2015
Кыргыз элинин кылымдык тарыхын көтөрүп келе жаткан реалист сүрөткер, таасын илимпоз жазуучунун бул романы «Сынган кылычты» толуктайт. Жалпы тарыхый жүрүшкө түшкөн бир элдин экинчи жарымы, тагыраак айтканда, түндүк кыргыздын Россия империясынын оторчулук экспансиясына кабылышы берилет. Ошол үчүн роман «Баскын» деп аталат. Бу биринчи китеби сыяктуу, баскындын логикалык жыйынтыгы он алтынчы жылдагы трагедия толук көрсөтүлгөн «Чапкын» романы менен бүтөт.
БИРИНЧИ БӨЛҮМ.
1859—жыл…
… биринен бири бийик, биринен бири тунук туу чоку… те бир тегиз карара мелтиреген түбүнө дейре ак кар, көк муз…
Көк менен тийишип, көктү түбөлүк тиреп көтөрүп тургансый… башы кайда, аягы кайда… жылчыгы, бир жаракасы жоктой… бир бүтүн улуу дубал…
Тилмери бирдеме деди, улам кайра дүрбү салып турган Венюков, кулагына илинген жок, эчтеме чен да, тең да келе албай турган ажайып көрүнүшкө арбалып көз ала албай башын чайкап, не муну көргөзгөн бактысына ыраазы, не бир жалгызсыраткан сүр сезгени, үнсүз, сөзсүз жүзү өзү жылымдап, кайра башын чайкап, азыр көрө калгансып, аңкайып, оозу жарым ачылып тура берди капитан.
Күбүрөндү өзүнчө:
«Ыя… каягында жүрүшөт «кара», «жабайы» дегендери?.. »
«Ичинде го, — деп, аяр жооп кылды тилмери, — алардын жатагы да, сепили да ушу муз тоолор…»
«Таш коңулдары, үңкүрлөрү көп болот ко, мынча — көп аянт ээлеп калган муз дубалдын түптөрүндө? »
«Көп го, көп болбосо киши кийиктер бир кыштан эле чыкпай калышмак. Жаз алдында кийиз алачык тикелешип, бу этекки жайыкка отурушат, жай келгенде те наркы бийиктерине жайлап кетишет…»
Биртке ушундайча пикирлешкен соң жол алышка буйрук кылды да, дагы эле те көк менен туу чокулардын тийишкен сызыгын тиктеген бойдон алдына тартыла келген атына минди капитан.
Гүл баскан жашыл теребел, зоопарктан гана көргөн тотукуштан күзара бир түркүн кооз чымчыктар дүпүрөгөн көп атчандын канат серпиле жолунан чыга, анча чоочуу жок, кайра конуп, сайрап, элкин сайрандап жүрөт. Кайдадыр, алысыраак күкүк үн берет, бир нече жолу жөжөлөрү темир канат болуп калган кекилик бапырап жолукту. Ээн-элкин, паренде бакма сыяк жоош.
Эске тутуп, көңүлүнө кубаныч толуп, эмики өргүгөн жерде эле көргөнүн да, сезгенин да, кол дептерге чокулан коё бергенге ниет кылып келе берди «география коомунун мүчөсү» Венюков.
Сары Өзөн менен Ысык-Көл аралыгындагы алдын ала байкоодо «кепке ийкем» делинген кара кыргыздын аз тынай уругунун бийи Жантайга кош маани кат жиберген соң ушу Кара-Коңуздан нары түбүндөгү жаңы бекемделе баштаган аскер чебинен бир отряд козак алып, сыр билер жана кошумча күч катары казактын ошол кездеги орус башкармалыгы түзгөн майда «султан» атыктырылган бири баштаган оор топ дөлөнгүт коштоп, толукшуган жай алдында кара кыргыз жерине ат бастырып, келип турганы эле.
Тунук Чүй куду көкмөк суюк каухар болуп көлкүлдөп, жер бүткөнү бир аккан кунунда «шарп», «күрп» этип, күн нурунун чагылышына жараша көк, саргылт көк болуп кубулуп, жылтылдап, кылтылдап агып турган.
Бир аз өргүүгө команда боюнча отряд аттан түшүп, а «султан» Бекештин кошуну суу жээги— не жамырап кетишти.
Сууга жүткүнө берди аттар, козак ээлери коё бербейт, улам жүткүнөт, улам коё бербей силке тартып, туруп калышты.
— Ичсе болобу мындан?— деп койду капитан Венюков «султаны» жакка.
— Ичсе болот ко, — деп жооп кылды өзү да чөлдүн шор башатынан башканы дайыма татып жүрбөгөн чөл баласы, ачык кепил боло албай, эки анжы — агын суу го.
«… көнбөгөн немелер, суусагандан көп ичип алып, ичтери ооруп чыкса, бөөдө күнөөкөр болуп отурабыз…» деди ою.
Жүткүнгөн аттарын коё беришти кай бирөөлөр. Ушул учурда желкеден аны бир көз карап тургандай болду Бекешке, суу аккан күнбатыш жактан да ошондой сезиле калды, күндөп да, түндөп да көп жүргөн неме элтейип, көңүлүнө бир бүдөмүк кооптонгон сезим чылымдын түтүнүндөй баш кеңгиретип киргендей. Сызылдатып суу шимирип турган атын тиктеди, жо, ат тынч.
Сууга карашалап калган экен ат, эми суусуну канып, ич уруна демип алып, селт эте жанагы шек келген жакка каранып калды. Козак орустар муну менен иши жок, а адамдын, не жылкынын шабыртын, караанын сезген ат ушинтип каранарын билген Бекеш көз кыйыгын ат караган жакка салып, үлгүрбөй калды «ой, бай» дегенге.
Эки жактан удургуп чыкты көп атчан.
Баштаган, сүрөгөн бир тажаал чаңырык, арттагы адыр, беттеги күдүр бирине бири чаңырыкты ыргытып ургансып, кошулгашыл «каңгыр», «шаңгыр» жаңырыктап кетти.
«У-у-у! У! У!»
«Айт-тайт! Айт-тайт!»
«Ур! Ур! Ур-а!»
Өрөөн чууга да, дууга толуп, эрдемсиген ат жалында оолугуп, коркконго ал кош көрүнүп, ат дүбүртүнөн жер дүңгүрөп, жер теңселип кеткенсиди.
Казак даласынан мындай букманы көрүп калган чыйрак козактар командасыз эле сыңар тизелей отура калышып, ок менен тегерене коргонуш кылып, кылкандай мылтык суна калышты.
— Ок чыгарба! Ок чыгарба бөөдө! Жакын келишсин! Ок жетер болсун! — деп турду капитан Венюков.
Бири минип, бири мине албай шашып калган Бекештин кошунун кар көчкүдөй каптаган көп атчан куюндай имерип, кымкуут болду орто. Кимиси ким экени айрылбай, бирөө жалаңач дардактап баш калкалап, бирөө кылыч тап кыла атка жөөлөтүп, бирөө куу найзага тепчилип, бирөө аттан оодарылып жумгалакташып, жан берген, жан алган кармашты элтейише көздөн өткөрүп турду отряд да, капитаны да.
«Күрс!», «Күрс!» этип, «кытайчанын» огу жака-белге жер челип түшүп калды бир убакта. Каяктан атылганын ким болжойт бу кымкуутта?!
— Чегинебиз! Орун которобуз! — деди капитан, артка кетүү мүмкүн эмес, Бекеш өзү кыйын абалда, ошол тегерене коргонгон топ бойдон, Чүйдүн нары бетинен окшойт, «кытайчадан» тез алыстамакка тоо этектеп, күнчыгышка беттеп жыла баштады отряд.
— Ок чыгарба! Ок чыгарба! — деп жүрүп отурду капитан Венюков, ок чыкса, кокустан бирөөнө тийип жыгылса тиги өлүп каларын ойлобогон жабайы кыргыздар өчүгүп, аларга бет буруп калышы ыктымал экенин болжоду.
Согушуш милдети эмес, кайра буларга «жакшы каш-кабак» көрсөтүп, өзүнүн «тынчтык жана илим» деген чүмбөт жамынган экспедициясынын ишин кедергисиз бүтөрүп кайтмагы зарылдыгы кантип эсинен чыксын?!
«Мейли, өзүлөрү менен өзүлөрү болушсун, «урушуп», «жарашып» көнүшүп калган эки тууган жабайылар…» деди Венюков, «султанынын» абалы не болоруна күйгөн да, караган да жок.
Көп солтонун кошуну үстөмдүк кылды эң акыры.
— Отур! Отур! — деп, зиркилдеп, ат алкынтып аралай бастырып жүрөт Байтик. — Отур, былк этпе үмүт кылсаң жаныңдан!
Бу «колго түш» деген кеп, кай бир аты астындагы дөлөнгүт дыркырап качып, көбү кол кайтарышты токтотуп, кай бири «не кылсаң ошо кыл» дегенчелик көмкөрүнө сулап калышты.
Колунда «чоң камчы» булдурсун, аргымактын улам бир жагына эңкейип, «тааныш барбы», «не бирдеме айтабы» дегенсийт дөө Байтик.
«Чоң камчы» шилтенип кетеби дейби, үрөйү учкан дөлөнгүттөр тик бага албаганы, ошол салбырап отурганы, ошол сулап жатканы бойдон, акырын «ыракым кыл», «жан соога» деген күңк, мыңк болуп, бирок «ыракым» болоруна ишенгени аз, бар болгону кылтылдаган биртке үмүткө гана ой илешип калган. Жо, шилтенбей өтүп жатты «чоң камчы».
Өңү жок, деми жок нестейип отурган Бекештин башына акырын түртүлдү «чоң камчы»:
— Йе?! — деди Байтик күркүрөй. — Сен кимсиң?!
Бекеш булдурсунду башынан кыжыры келе шылгап:
— Таанып ал! — деп эрдемсиди. — Мен! Султан Бекешмин!
— Жо, жок! — деди Байтик күлө. — Ууру элесиң сен!
Тууганына душман ээрчитип келеби «султан» деген?! Ыя?!
Улам тездеп, күн чыгыштап жылып, акыры карааны көрүнбөй кетти баары тегиз бат атар мылтыкчан «Тынчтык жана илим экспедиция».
Эрте камына эгилген күздүк буудай кува көгүл ирең болуп, жаңы богок жарып, желсиз ыргалып калган, мугамырлардын арпасы ичинде бир дагы эрбейген отоо чөбү жок, сары каймактап бышканга камынган, а кечирээк айдалар даны тоголонору кырк күндүк таруу эми саргыл жашыл тарта уюлгуй бой көтөргөн.
Жол билбей, нары кысталыш, үрккөн отряд керилген эгин жайга дүргүп аралап келе токтолду. Кишиники эместей тажаал чаңырык, жер теңселткен дүбүрт жок арттан, айлана тынч, көңүлдөрү жайлана калды.
Тизгин бошошо түшкөн соң аттар ооздугу чыкпаган бойдон эле үстүгө көйкөлгөн эгинге кире, үстүндөгү ээси башын тартып койбогон соң, барсылдатып оттой башташты жаш эгинди.
Жер ээн, эгин кароолсуз, ал чөлкөмдө коруган, огожо болгон киши кебетелүү айбан көзгө түшпөйт. Деги эмнеден коруйт? Кыбыр эткен мал да жок ко?!
— Бизди көрүп, качып кетишкен окшойт, — деди капитан Венюков.
— Азыр эл жайлоодо, — деп түшүнүк берди тилмер.
— Ну—у, «жабайы» дейсиз, жабайылыгы ушубу?! Бу эгинди ким айдап, ким багып берген дейсиз, накта эле дыйкан эл турбайбы буларың?!
— Бу жер кайракысы, а төмөндө сугат жерлери да көп, шалы айдашат арпа түгүл!
Оттоп турган аты тез башын көтөрө кала, чайнаганы дароо токтоло, те күн чыгыштан көрүнгөн айры белес тарапты тиктей салганда жүрөгү кылт деп, кеби оозунан түшүп калды тилмердин. Дагы киши кийикче тажаал чаңырык, дагы дүпүрөтө ат коюлуп чыгабы?!
Аны көрүп, сестене түштү капитан да.
Эки атчан… ээрчише ат бастырып… ылдыйлап келе жатышат…
Тезинен акырын үн салып, отрядды согушка өңүт алдырды капитан Венюков.
Казак даласынан өткөн узак жол көрсөткөн, бетме-бет кылычташыш анча ийгилик берген жок, а булар илгертен жалаң бетме-бет, куу найза кыйылып, кыңырак колдон түшсө бирин бири алка жакадан алып, аттан оодарып, камчылашып, кээде көбү, кээде баатырлары жеңип келген. «Жаа» дегени жакынга өтө коркунуч курал, бирок «жебесин» баарыга жеткилик кылыш кыйын, ошон үчүн атайын мергендер тобуна гана берилет, мерчемге, буктурмага гана коюлат, кабылбай айланып өтүп кетсе пайдасы тийбей кала берет. Дайым колдо болсо бу бат атар, алыстан тийер мылтыктан өтөрү жок, ушу көк тиреген ак тоого жеткирген жеңиштер ар бир орус жоокеринде болгон урматы улук «ок атардын» гана кызматы го.
Отряд капитанга артка ийиле эки канат болуп тизилип, аттын чылбыры ар биринин колунда, сыңар тизелеше кыркалай мылтык сунуп, өскүлөң буудайдан төбөлөрү көрүнүп көрүнбөй жапырт от чыгарышка даяр болуп, кескин дем тартпай калышты. Кана, самсып чыгып көрүшсүнчү? !
Эки эле атчан, жай, түз ат бастырып келе беришти, эч ким жок артында.
— Жай адамдар экен, — деди акырын тилмер, капитан али ишене бербеди, бүт отряд колго маша карышып, көз айрыбай, чук этпей, эки атчан жактан бир шойкон гана күтүп тура беришти. А эки атчан көк чаар мончоктой тигилген көздөргө, үңүрөйгөн мылтык оозуна бетме—бет келди. Шойкон жок!
Бири ак жөжөдөй бүрүшкөн абышка, бири али бетинин сары түгү күбүлө элек өспүрүм. Бала камчысынын башына ак кол жоолук байлап, көрүнсүн үчүн көтөрө кармап алган.
— Же корукчу, же корккон кишилер, — деди тилмер.
Баш ийкеди капитан:
— Сурачы, кайдан жүрөт булар?
Сурагыча «сары түгү күбүлө элек» тик карап, кескин бирдеме айтты, кабагы үйрүлгөн жок, кирсиз бала көзү айкын, жооп талап кыла токтоло калды. Аны баласынта ырайым күлүмсүрөп, анан өз кожоюнуна жүз багып:
— Чын эле корукчулар экен, — деди тилмер, — неге дейт, эгинди тебелеп, атыңарга жедирип турасыңар дейт, бу бир бечаранын аштыгы го дейт, ушу кишичиликке жатабы дейт бу балакай!
— Чын, — деди «география коомунун мүчөсү», — кишичилик болбой калган, айт, кысталыштан, кечирим болсун, аз-зыр буудайдан чыгып кетебиз!
Буга сүйүнүп кете койгон жок «балакай», калыс сөз калыс түшүнүлгөнү гана тымызын ыраазы кылып, иреңи кылча өзгөрбөй назери түшүп турду «орус төрөгө».
Кыя тиктеп, абышка орус төрөгө кадыресе көкүрөгүнө кол коё таазим кыла, андан соң өспүрүмгө тиктенип, баш ийкенип, көп эле бирдеме айтты тилмерге.
Сөзү болсо айтар, коёр кинеси болсо коёр киши ушул абышка деп болжошкон, а абышка баятан бери бир ооз ачкан жок, арада болгон биртке сөзгө не оң, не терс кабак көрсөткөн жок. «Кайдан келдиңер?», «Кайда барасыңар?», «Мына бу тебеленген, желген буудайдын түшөр түшүмүнүн баасын төлөйсүңөр! » деген сөз чыгарын болжоп калды капитан.
Тилмер күлүп:
— Не деп турат мына бу?! — деп алды эч ишеничи жок. «Элчи» дейт ко бу балакайын?! — деп котормолоду. — Жантай бийдин өз уулу, Шабдан дейт ко?!»
Кайта айттырып, ана сүйүнгөндү андан көр, кабагы жарк ачылып, ат темине барып, «элчинин» колун алды капитан Венюков.
31-май күнү Чоң-Кемин чөлкөмүндө болду «Тынчтык жана илим экспедиция» отряды.
Мурда катка жазылган «бир сөөм жер» жөнүндөгү убаданы кара кыргыздын аз тынай уругунун билерманы Жантайга көзмө-көз айтып, аныктады капитан Венюков.
«Немене үчүн
«…бир сөөм да жериңерди албайбыз,
биз падышабызга тиешелүү болгон
чөлкөмдөрдү көрүп гана чыгабыз…»
деген мурда катта келген убаданы эле кайра укту Жантай, укту да «бу качантан булардын падышасыныкы болуп калды экен» деп, таң болду.
Улук империялардын жер бөлүшүш мүдөөсүнө ылайык өткөн 1858-жылы эле орус-кытай келишими болуп, ал келишим боюнча бу улук тоонун нары бети Жакыпбектин жети шаарлуу Кашкар мамлекети эсен турганына каралбай толук бойдон Кытай таасирине, а бери бети үч ордосу бар бүткүл Түркстан Орус империясынын ыгына ыйгарылган. Бу чөлкөмдөрдү ар бири кандай «өздөштүрсө» бирине бири эч тоскоол болооо жагы эки тарабына бирдей пайдалуу эскерме кылынган.
Муну «орус төрө» чечмелеген жок, бу окуялардан караманча кабарсыз кара кыргыз «ким берип койду экен» деген дили макул болбогон ойго кабылып, маң болду.
Чүйдүн эки жээгин чалгындоо ишин ошол эле 1859-жылы бүтөрүп, Көлүнө да, күн жүрүштөгү бийик тоо чөлкөмүнө да бийлиги өткөн Сары Өзөндөгү Бишкек калаасын алыш келе жактагы 1861-жылдан кечиктирилбөө Батыш Сибирь генерал-губернатору Гасфорддун аныктамасы эле. Бул маселе Александр IIнин алдында атайын Кеңешмеге коюлуп, «бу стратегиялык мааниси бар мерчемди алыш 1860-жылы ишке ашырылсын» деген бүтүм кылынган.
Гасфорд төрө тезинен жылдын башы февралында эле Чүйдүн күн жүрүш оң жээгин топокартага түшүрүш, аскер керегине, саясий мааниси боло турган жагдай үчүн чалгын иштерин жүргүзүшкө атчан козак орус аскеринен шатыраган эки отряд аттандырды. Бири ушу генштабдын офицери капитан Венюков, Сан-Таш аркалы Ысык-Көлгө ашырылган Голубев башына коюлган отряд.
«Сарыбагыш» аталган бир уруу кара кыргыз ичиндеги «аз тынай». «Аз иши аз», «аз укугу аз» деген атадан калган сөз, илгертен келген арман чек. «Чоң ичинде чоркок», «көп ичинде жалтаң», «бар ичинде калтаң» жүрүп, акыркы бийи Жантай «бөлөктү бөтөн» дебей, «жакшыны жатым» дебей, бир киши менен да, уруулуу журт менен да өтө кылдат мамиле кыла суудан кургак, кыргындан соо чыгып жүргөн жетик аяр.
Жербайын өз чоң атасы Атаке Жырык бий курашкан Кан ордо ойго жакын, жолго алыс, а бу казактын кең даласынан өтүп, чегине келип турган орус ойго алыс, жолу жакын.
Тектин илгерки ынтымагын бүгүн бузбай, батасын унуткарбай ордого «өгүз өлбөсүн», ат түгүндөй көп орустун сүрүнөн жүз үйрүй албай «араба сынбасын» мамиле кылып, дайыма «сүйөп сүйлөп», «сүйөп иштеп», аз тынайын көпкө тете көтөрүп жүргөнү жүргөн.
Жыйырмага жаңы чыккан али бетинен сары түгү күбүлө элек кенжесин үрөйү, дили башка адамзаадалардын «Тынчтык жана илим экспедиция» деген тобуна кошту Жантай.
«Жер көрсө көрүп кетишсинчи, көргөндөн төшү түктүү кара жер арыктап калмакпы?! » деди ою.
«Кара бол, кокустан дагы бирөө чочоңдоп коюп, бөөдө жаңжал чыгып кетпесин, бөөдө бушман башыбызга түшпөсүн, жетимге жөтөлдүн кереги не, кошо бол, өзүң бой көрсөтүп, жүйө айтып, буларды эптеп коргоп, акыры келген жолуна кайра салып кел…» деп, көзүн тиктеп, баланын жандүйнөсүн аңтарып, күңкүлдөп аткарып калды.
Балага атадан өткөн сынчы барбы?!
Колу тынбай улагада куурай жагып, үй ичин жарык кылып, кишини таң калып тиктеп отуруп сөз тыңдаган, теңине тең, жумшак, оозунан терс, уят бирдеме чыкпаган бакыраң көз кува жүлүн балага алдыртан ата мээри түшпөй койбогон го?!
Бир алака болуп калган жай адамга, ушул эле Токмоктун беги кадырлуу Атабекке баланын колуна өзүнүн таанымал тебетейин берип, эч кимге айтылбай турган ишти «бүтөрүп кел», же эки тууган бирдеме талашып мушташып калган болсо «чоң камчысын колуна карматып, «тындырып кел» кылган көп ирет. «Эмитен не түзүк, не бузук жумуру башты көрсүн, топ көрсүн, эл көрсүн…» деп, «атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны» кылган, адилеттин ак жолуна, кишиликтик ыйык жобосуна салган.
Таалим да, тартип да ошол, ата сөзү эки болбойт. «Тынчтык жана илим экспедиция» тобунда эч бирөөдөн кемсинбей, эч бирөөгө чоңсунбай, өз жолуна басып, өз ордуна отуруп, өз адилет сөзүн сүйлөп, чыпчаң бир ай кошо жүрдү бала Шабдан.
Көл этеги чени Чогу-Тал.
Жер көрмөк азгырып, ушул ортодо жолгошуп калды эки «экспедиция».
Мына, миң уккандан бир көргөн, көйкөлүп жатат көл деген. Ана Теңир өзү айланта курган ак коргону, ак каймалдын чуудасындай сейрек булуту андан ак эмес, көк тиреген туу чокулардын ар жеринде аардуу белбагындай оролуп, көмкөрүлгөн көк алдында күн нуруна жараша, овонун же жылымына, не салкынына жараша бирде саргылт, бирде көгүлтүр тартып, зыңгырап турат улуу тоо.
Көл бети ошол табында каралжын көк, кыйгач тийген нурга, үстүндөгү аванын оошу кошо эреркетип, көз ирмеле электе баятан берки көгүш тилке сыя иреңге өтө, андан нары бир жери саргыл, бир жери кызгыл тарта нечен түркүн кубула жаап койгон үлбүр шайыдай кээ жери көлбүп, кээ жери үстү шырп этпей тунуп калат.
Ово көйнөкчөндү үшүтпөй, тончонду ысытпай мемиреп, тири жанга ыракат билинет, кан дүргүп, дил кубат алганы сезилет.
Түнү кол тоңдурган, күнү мээ кайнаткан чөл казагына да, чиркейи этегинен кирип, жакасынан чыгып жүргөн орусуна да бул чөлкөм жер бүткөндүн бир бурчу эместей, бу Көкө Теңирдин «көктө турган» деген бейиши гана болуп туюлду го?!
Көл жээгине түшкөн кеңири жол жок экен.
Майда бадал, тикендүү чычырканак жыш, өтсө жабайы бирдеме аралаган жүлгөнү ээрчип, эңкейип, тоңкоюп, жөө гана өткүдөй. Кызык да, отряд эч токтолбой эптеп бир өткөөл, чыйыр издеп бөлүнө, жайыла киришти чытырманга. «Э-э!», «Ү-үй!» — деп үн салышып, «сен кандайсың», «жол таптыңбы» дешкендей, бадал шабырап ыргалып, ар жеринен козактардын кызыл сызмалы чоң бөрктөрү гана караңдап калды. Жел киргендей, куюн ойногондой бадал ичине.
Карп-курп тебелеп келген аттан булак эте күлтүңдөгөн эки боз коён качты. «Ва-а!» — деп, козак кубанып кыйкырып, чексиз өрөпкүп, ат теминип, алды чытырман, ат күчүркөнүп буйдалып, а үстүндөгү жумуру баш ач ниети менен туткудай, ач көзү менен тиштеп калгыдай обдулат. Көп жолукту, көп качты «жердин куту», өз токоюна өзүн жашырып коюп жатты Теңири.
Көлгө чыга бериште «киши кийик», «киши кийик» деген чуу чыгып калды. Эки «башчы» да, «элчи» да кулак тутпай, карабай коё алышкан жок.
Чын эле жалаң аяк, жалаң баш, көйнөксүз, ыштанбы, токулган чөппү, боз, тизеге түрүлгөн бир жумуру баш улам артын карана элтеңдеп, качып барат.
Киши кийикти азыр көргөн, кийин «тапкан ээси» болуп кала турган козак ат темине, ат үстүнөн «киши кийик» түгүл киши атып тасыккан козак шап мылтык суна берди, «тарс!» этти мылтык, үнү те көлдүн нары бетинен көктү төбөсүнө көтөрүп көрүнгөн улуу тоого жаңырыктап кетти. «А-па-а…» деген, апкаарыган үн келди түнт бадал арасынан.
«Тийди!» — деди бири, «Жок!» — деди бири, оолуккан эки козак ат алкынтып, «элчи» жетип үлгүрүп, алдын тосуп калды:
— Киши кийик эмес! Киши кийик жок биерде! — деп, демиге күңкүлдөп жиберди. Тиктей калган төрөсү Венюковго дароо которду тилмер.
— Бу чөлдө калган жатакчынын эле торпок караган баласы! Киши кийик кайдан жүрсүн, менин эле бир бечара тууганым… — деп, арына келип, корун сезип балбалактады Шабдан.
Ээликкендерин тыйды капитан Венюков.
Шатыраган бойдон көлгө киришти. Көл көлбүп, аттардын кара капталына жабыла түшкөндө бура тартыша токтолуп, кай биринин оюнда ат сугармагы бар экен, аттар искеп, ичпей чапчынып, оңдоно баштады тышка.
Эңиле жанкебине көлдөн суу алып уурттап, кайра бүркүп таштады бир козак:
— О—го! Туз го бу?!
— Куп жакшы! Деңиз турбайбы ээн жаткан?!— дешти, бапырашты козактар, тышка чыгып, аттарды коё бере чечинишип, туздуу суу кирингенге куп пайда, дардактап бой урушту «ээн жаткан деңизге».
Көл жээги шылдыраган чаңсыз кызгылт кум, кыйгач күнгө бетинен бирдеме жылтырап, те түбүнөн жарык чыгарып тургандай бирде жанып, бирде төнүп көзгө илешет.
Үлкөн төрөлөр, «элчи» кумду кытыратып, акырын калкамандап басып турушкан. Булар каерде болсо тилмер ошоерде, көлөкөсүндө ээрчип турмай милдети анын.
Кумдун ошо жылтылдаган жеринен чолуп алып, өзүнчө үңкүйүп, алаканына жайып, бириндетип, үүлөп, анан эчтеме калбаган алаканын кагынып басты капитан Венюков. Ошол тапта «элчиси» нары сууда күрпүлдөтө кулач ура «ах», «ох» дешип жүрүшкөн козактарды тиктеп турган. Моюну али жооноё элек, көк тамыры көрүнгөн, кува жүлүн өспүрүмдүн бир аз кабагы чытылгансып, бир нерсеге ыраазылыгы жоктой, аргасыздай үнсүз мелтиреп турганы көзүнө илине калды капитан Венюковдун:
- Киринсе болбойбу?— деп суратты тилмерден.
- Болот, — деди акырын Шабдан, — бирак биз суудан челектеп тышка алып, ошого киринебиз.
— Суу агат, аягынан паренде суулайт, мал суугарылат, киши ичет, ошон үчүн түшүп киринишке дитибиз барбайт, суу ыйык, — деди, — тил албаган, акыл жукпаган кишини «сууга сийген жинди» дейбиз, —деп, биртке күлө багып койду.
- Бизде да ушундай го, суу ыйык го, — деп, коштоп калды казак тилмер.
- Көл шор экен, ичилбейт ко?!
- Булганып калат, акыры сасып кетет, Теңир өзү таза жараткан, таза тутуш керек.
Нары жал камыштуу булуң тарап бапырайт, кубанган, бирине бири сүйлөгөн, кыйкырган үнгө толуп, көл суу шалпылдайт.
— Ваше благородие! Ваше благородие! — деп бир жалаңач, артынан дүргүп чуркаган топ келди, алдыңкынын колунда бою менен тең көрүнгөн кара сур жон сары боор балыкты бултаңдата бакалоорунан эки колдоп тике кармап алган. — Караңызчы! Караңызчы муну?!
Өзү төрөсүнүн алдын кыргызча «улак» кылып таштадыбы атайы, же алы жетпей колунан чыгарып ийдиби, чоң балык капитан Венюковдун бет алдына шалак эте түшүп, туйлап калды.
— О-о?! — деди капитан Венюков кармап, көтөрүп көргүсү келдиби, улам ала сала кыйкылдап үн чыгарган көл маглугун чеңгелине киргизе албай алдастап, мөңкөңдөдү. Леп жетип, аңдып туруп бакалоордон шап кармап, кере кулач жаяңды көлдүн сүрүлүп келген толкунуна сүйрөп таштады Шабдан.
— Э-э?! Бул эмне?!— деп, күйө бакырды дагдайган, салаңдаган муруту да, уюлгуган төш түгү да куйкул сары, жалаңач «балыкчы». — Биз кармасак, бу коё берсе, бул эмне деген?!
Булуң жылым, жээгине өрүп келишип, жонун чыгарып, күнгө жуушап калган көп балыкты кетер жагын тосуп, камыга аралап кысып, көптөп бирин кармап калышкан экен.
— Чын эле бул эмне деген?! — деди көзү боз мончок болуп томсоруп Венюков да.
Өлүк көлдүн сасык балыгын ашап көнгөн тилмер да ичи кетип, төрөлөрдүн күйгүлтүгүн
«капа болуп калышты жини келип…» деп, оёо сездирип котормолоду.
— Кармап не кылат?— деп сурап, астейдил таңыркады Шабдан. — Тири жан, бөөдө кыйнап, убал эмеспи, кете берсин, күнүн көрсүн!
— Жейт булар, абдан! — деди тилмер катуу, Венюковду бир карап, «тилдеп жатам» дегенди туйгузуп алды.
Шабдан:
- Жо, биз жебейбиз, бу ыйык жан…
Иши кылып, «кара кыргыз балык жебейт экен, ошол үчүн билбегендик кылып…» деп котормолоп, эки жактан кете баштаган ичти, үйрүлө түшкөн каш-кабакты кыйла жаза койгонго жарады тилмер.
Бу кадыресе жүйө, нары да ээн жерде али кыялы толук издене элек кара кыргыз ичинде жалгыз жылмакай тумшук көрсөткөн, «иш бүтөрүшкө» шарт түзгөн билермандын «элчи» балакайына орой түр байкатып алыш азырынча керексиз экени токтотту генштабдын чапчаң офицерин.
Кере кулач балыктар жону суудан чыга дүңкүйүп, ача куйруктары акырын чайпала жылып, асте калкып, а майдараактары ар башка үйүр, улам бир жакка ыктап, улам бир жакка тегиз бурулуп, түбүнөн кызыл куму шоола чыгаргансыган көгүл көл ичинде бейпил каалгыйт, үркпөйт, деги эле киши көргөн эместей. Талашкансып бирдеме, буралышып булаң эте, бири качкансый, бири артынан калбай моюндаша имериле ойноп да жүрүшөт ичинде.
Тиктеген көз көп тыштан, бирөө жүзү жылып, кубанып, бири таңыркап, а бири сугу түшүп, а биринин колунда суурулган курч кылыч, былк эткени жок. Жумуру баш, алардын сары түктүү айры аягынын арасынан сүйкөнүп, жыт алгансып токтоп оозун ачып, дагы ачып, эркелегенсип өтүп, кай бири тагдыры кулагын бирдеме шыбыш кылгансып селт куйрук серпе алыстап, кээси куду алдына тууралана булайып байырлайт.
О, Кудурет, тагдыр деген ушубу?!
Жалт шилтенип курч кылыч, шарп—шарп суу кесип, көз ирмемде нечен булайган көрк, ыйык жан тең бөлүнө кыйылып, жарылып, көк шайыдай үлбүрөгөн көл ичинде кызыл гүлдүн чогундай теңгеленип каны жайнай сары боору оодарылып, калкылдап, калдайып чыкты үстүнө.
«Вах!» «Вах!» Чегинен чыга кубанды жумуру баш! Канга аралашып, күнгө кан чагылыша аңырдай оозу ачылган үрөйлөрү канжалап көрүнүп, кыйкырык, айкырык салыша ыйык жандардын мууздалган өлүктөрүн тышка сүйрөп алчакташты. «Ох!» «Вах!» «Ох!» «Вах!»
Четине бара:
— 0-го-о, — деп көз салды «география коомунун» оголе окумуштуу ишмери, — уулоо оңтой болсун, убайлуу болсун! Ушундай да кишиси менен маглугу али аралаша жүргөн бурчу бар экен-а дүйнөнүн?!
Бу которулган жок, Шабдан үнсүз, кылыч кыйган, башы жара чабылган жаяндар кумдан четки жашыл тулаңга сыйрадан сыйра шыкала сулап жатып калганын көрүп, оозу жарым ачыла үрөйү учту.
«Бир отурганда ушунчадан жеп жиберишеби булар?..» деген күмөн ойго кабылды. «Карышкыр кыркты кырып, бирди жейт» деген эски сөз жаңырып эсине келип, али дили катая элек өспүрүм бу кызыл кыргындан көзүнө жашы кылгыра терс айланып калды.
Те маңдайкы шаңкайган терскей тоо булаңгыр, ар жеринде үйүлө көрүнгөн, улам көбөйгөнсүгөн ак булуту сур. Көлөкөсү тумандай жылып, көлдүн айдың жүзүн көөдөй баскан.
Жел ойгонду батыштан, Кызыл Омполдон! Окторула, күүлөнө согуп, бирпаста көл тармалданып, өз түбүнөн да доө силкинип турдубу, кескин толкун куралып, биринин артынан бири куйрук улаш, көбүктөнө сүрүлүп, «шарп», «шарп» кашатка чабылып, жаба-жаба төгүлө баштады жээгинде эрбейген караандын аягына.
Жаны жалгыз, дили жалгыз, тиги күчкө мас топтун шат шарданы да, мардем сөзү да, өктөм үнү да угулбай, капкара көлдүн күүлдөгөн сүр шоокумунун арасында жалгыз калды Шабдан… -
Чыр-Дөбө.
Жазылган күн: 20 Окт 2015
Биринчи бөлүм
ЧЫР-ДӨБӨ
I
Боз үйдө сайма сайып отурган кыз өзүнөн-өзү селт этип чочуп кетти. Илме шибегесин саймасынатепчий коюп, саамай чачын тутамдай кармады да, тыш тарапка кулак түрдү. Бир аздан кийин кергичинкерегеге жөлөй коюп ыргып турду. Сыртка чыгып караса, иниси Кубаткул музоосун үйдүн кырчоосунабайлап жатыптыр.Музоосун байлап коюп Кубаткул ат болуп азынады, айгыр болуп кишенеди. Кечээ күнү мындаболуштун жасоолу келип — ат тапкыла,— деп ар кимдерге камчы үйрүп бүлүк салган. Аны көрүп калганбала «ат тапкыла» деп уй байлай турган казыктарды, ат байлана турган мамыларды шапалак сөрөйүменен бир сыйра сабап чыкты. Анын добушун уккан айылдын башка балдары үйлөрүнөн «аттана» чыгыпдүрбөлөңдөштү.
Өз ара бир аз кужулдашты да, карга шыйрак эр кулдар айылдын туурасындагы сайга бетала, торопойдой томураңдап жабыла жөнөштү. Тиги кыз аларды ээрчий карап үйгө жөлөндү. «Жар жыгылса суу бөгөйт,
Жалгыз өлсө ким жөлөйт.
Жар жыгылса суу чыкпайт,
Жалгыз өлсө чуу чыкпайт»
— деген элдик лакап сөздү эсине түшүрүп, бөбөгүнүн жалгыздыгын ойлоп муңайды. Үйгө жөлөнөселейип тура берди. А дегенче аркы үйлөрдүн биринен жамачылуу көйнөкчөн аял чыга келди. Төмөнжакты бир аз таңыркай карап тура калды. Анан калың көч келаткандыгын айтып өзүнчө чарылдапсүйлөдү. — Жүргүлө, өзүбүз көчүрүүгө барбасак да, көчкөндөрдү көрүп калалы! — деп үйлөрдү карайкыйкырды. — «Жаман аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк». Кайран Карачач жеңемдин желдүүлүгү ай!— деп үйүнө жөлөнүп турган кыз өзүнчө кобурады.Карачачтын кабары боюнча «жатакчы» айылдын келин-кыз, кары-картаң аялдары жабыла көч өтөтурган кашаттын кырын көздөй чубашты. Үйүнө жөлөнүп турган тиги кыздын аты Бермет.— Бас,тегеренейин! Көчкөн элдин көркүн көрүп калалы,— деп Карачач аны да алдына салып жөнөдү.Кара таандай кымкуут калың көч көңтөрүлүп келе берди. Көч алды болуп Качы бийдин уланушагычыга келди. Сыпайылап ат минип, сыйдалап тон кийишкен. Куш кондуруп, мылтык асынгандары да;тайган, машке ээрчиткендери да жүрөт. Бийдин уулу Сабит мырзанын жоргосу чайпалат, өзү жайкалат.Ошентип, ал башкалардан илгери жалгыз келе жатканда, кашатта турган кыз-келиндер көзүнө чалдыкты.Арт жагында келаткан ырчысына кылчайып: кыз-келиндерге жөөлөш, тийишип ырда,— деди. Ырчысыналдына салды.Сабит мырзанын ырчысы Ашыр деген томпой ооз, орсок тиш, жаргак бешмант, кийиз калпак эмеэкен, эки эрдин күбүрөтүп илгерилей бастырды. Чукул барып Бермет кызды бет алдыра ырдап салаберди. «Кара алачык айлың ким?
Карындаш, айтчы, дайнын ким?
Мырзалар угуп кетишсин,
Куда болгон кайның ким?..»
— Бали, бали! Кайран көк жал. Узат, узата бер! — дешти бий уулунун жорожолдоштору. Алкынып-жулкунуп Ашыр оолуга ырдады. Анын ыры жалаң гана кордоо, кемсинтүүнүн кычкылсөздөрү болду. Келин-кыздар корунуп, бири-бирине ыкташышты. Бермет козголбостон ырчынын ырынуга берди.Оолуккан Ашыр көптөн кийин соолукту. Жеңинин учу менен оозун сүрттү. Арасы ачык тиштериненшилекейи чачырай берип бети-башын нымдаштырып жиберген экен. Ошол учурда, жаагын сөөмөйүнөжөлөй коюп, Ашыр ырчыга Бермет кыз жооп кайтарды: «Жардылыктын жайынан,
Жан багуунун айынан.
«Жатакта» калтан айлыбыз,
Сиз сыяктуу шалдыр тиш,
Куда болгон кайныбыз.
Курулай кылба келеке,
Кошомат кылып мырзаңа,
Купшундагы жел өпкө...»
Кана, айтыша бер! Бол, бол! — деп жоро-жолдоштору Ашырды сүрөөнгө ала, шыкак болупдуулдашты. Ал эрдин эптештирип бирдеме айтууга аракеттенди. Бирок, оозуна эчтеме кирбей да, чыкпайда койду. Атын теминип, Келин-кыздарды демите башын чулгуй берди. Баары бир оозунан эчтемечыгара алган жок. Учурдан пайдаланып Бермет да аны кордоого өттү: «Эми эки ооз ыр айтсам,
Ичи күйүп чок болот.
Ырчысынган томпой ооз,
Ошону менен токтолот.
Ырдын жайын билбестен,
Ырчысынып куу тумшук,
Кайсы алына шоктонот?..»
Айласы түгөнгөн Ашыр атын моюнга бир салды. Бура тартып артын карабастан кача жөнөдү.—Качпа, качпа! — дешти жолдоштору. Ашыр кылчайган да жок. Берметке суктана карап Сабит мырза бир аз турду да, сабыры суз бастырыпкетти. Бермет да аны көпкө чейин ээрчий карады.Аялдар мырзадан абийир сактап, айбыгып араң турушкан экен, эми дуулдашып Берметти ортогоалышты. — Берметке мырза ашык болуп калды. Өзүңөр деле көз карашын байкадыңар го? Албаса эми жанытынбайт, ишенип койгула. Бийдин келини, мырзанын катыны болосуң, берекем,— деп Карачач жеңеБерметти кучактап эркелетти.Уландарына удаа бийдин кыз-келиндери чыга келди. Үртүктөп аргымак чалыш ат минип, башынашөкүлө кийип, бийдин кызы Сайкал жөкөрлөрүнөн обочо илгери келе жатты.— Ат үркүтчүдөй болгон бечаралар,— деди. Ошентип ал «жатакчы» Келин-кыздарды корсунтасүйлөдү. — Бийдин көйрөң кызы көрктөнөм деп, адам көрсөңөр! Карачкы болуп алыптыр! — деди Бермет.Мурдун чүйрүп эликтеп да койду.— Анчалык тескери болбосоң, эл көчкөндө темселеп «журтта» калар белең? — деди бийдин кызы.— Шөкүлөңдү талашып жаткан эч ким жок. Эриккен болсоң эртерээк барып койчу-колоң мененэрмектеш! — деп Бермет ээрдин чүйрүдү.— Сереңдеген сетердин сөзүн кара! — деди да, бийдин кызы Сайкал ызалана бастырып кетти.Кыз-келиндерден кийин бийдин төөлүү көчү чубап өттү. Жетелеген төөсү жөн баспай бийдинКызалак деле турган күңүнүн азабын колуна берип, боздотуп келе жатты. Ал төөсүн, ошондой кыйыктөөнү жараткан кудайын кошо каргап, зариңкиреп ыйлап алыптыр. Бирок, бийине эч канча тилтийгизбейт. Кейпи, кудайынан бийин жогору көрө турган болсо керек.— Токтой турчу? — деди Карачач, демейдегисиндей жулкунуп.— Кымыз жок!—деди өзү араң келаткан Кызалак. Көрсө, кымыз сурады го деген экен.— Ээриңди оңдоп токуп берели. Жыгыла турган болуп калыпсың! Ошентип, эмне максат менен «токтой тур» дегендигин Карачач катуу сүйлөп туюндурду.— Ошентсеңер ошенте койгулачы, тегеренейиндер! .. Ээрин оңдоп токуп, жип олоң, жип куюшканынбекемдеп беришти.— Эми суусун жутуп албайсыңбы? — дешти.— О, тегеренейиндер, андай аттуу күн кайда!.. Келиндердин бирөө суусун алып келүүгө жүгүрдү.— Эч болбогондо ээр-токумумду, үстү-башымды дурустап бергиле дебеген экенсиң! Ооп жыгылыпкалсан, жип үзөңгү бутуңдагы чокойго чалынып ат сүйрөп өлтүрбөйбү? — Ушу көрөкчө өлүп калган деле жакшы болор эле,— деп Кызалак үшкүрүп жиберди. Мурдунунсуусун сыгып ыргытты. Суусун алып келаткан келинге карап,— батыраак баса көр! Жутуп алып тезирээккетейин. Барып үй тигиш, тезек терип, отун алыш керек,— деди. Аяктагы суусунду апкаарый жутту.—Көзүм ачыла түшпөдүбү! Ылайым көзүңөр ачылсын, айланайындар! ..Алкышын айтты. Буйласын чоюп, төөсүн жетеледи. Келин-кыздар айдап узатып койду. Анан анынкүңдүгүн, эч болбогондо бий. жанагы отунчу кулуна деле никелеп койбогондугун айтып Карачачкапталын кашынды.Төөлүү көчтөн кийин байлардын жер дүңгүрөткөн жылкылары келип, кашатта тургандарды тебелепкете жаздады. Эми короо-короо койлорго аралаш уйга жүктөлгөн жөөлүү көчтөр келди. Мөөрөгөн уй,маараган кой, кишенеген жылкы, мал тосуп, көч айдагандардын кейиничтүү кыйкырык үндөрү айлананыазан- казан, ызы-чууга толтурду. Бир тарабы жылкыларын котолотуп бош айдап баратса, экинчи тарабыэтектерин курларына каңтара кыстарып, алкашалка тердеп, уйларынын куйруктарына сүйөнүп, жөө-жалаң кетип барат. Учкашып-чиркешип бараткандары андан көп.Алачыгын карала уюна артып, анын үстүнө бир баласын таңып, экинчи баласын өзү аркалап, уюн жөөжетелеп Каныш жеңе да келе жатты. Куйругуна чиркеп койгон музоосу кыйыктанып уйду артты карайчоёт. Мурунтук аркылуу Каныш уйдун мурдун илгери карай тартат. Ошентип, жардылардын өздөрү да,
арала уйга окшогон алардын бирин эки малдары да, жүккө таңууланган балдары да көч үстүндөкөрбөгөндү көрүп келе жатышты.— Байлары көчсө, анын артынан жөөжалаң, учкаша-чиркеше көчкөндөй байкуштарына мынчалыкэмне убара?—дей калды кайран Карачач.— Байларынан «саан ичип» жан багыш үчүн жанталашып бараткан шордуулар эмеспи,— дедикимисидир. Жөөлүү көчтүн артынан бир короо кой келди. «Эркеч, башта!» деп кыйкырып коёт койчусу. Мингениөгүз, тартынганы чарык, бөктөрүнгөнү кементай, үстүнө кийгендери таартуур, башында өрө кийиздентигилген эндей калпак.— Крой, крой! — деп өгүзүн өпкөгө теминип өкүрөңдөтө бастырат. Тескери баскан койлорду: —ээңди жут, ээңди! Талаада кал, талаада калгырдын малы,— деп каарын төгүп каргайт, каңырыгынтүтөтөт. Койлору шыдыр жүрүп кетсе созолонуп ырдап да калат: Көчкөндө көчуң жандайын,
Көз карашын аңдайын.
Көз карашың түз болсо,
Көчүңдү ээрчип калбайын! ..
Байдын уландарынан корунуп эчтеме айта албай коргологон келиндер койчудан жазганган жок, атүгүл тийише кетишти.— Бийдин кызынын көз карашы түз болгон го, кайран жигитке!— Көчүнөн калбай коюн айдап баратышына караганда ошенткен болсо керек!— Бийдин кызынын көчүнөн калба, кагылайын. Койлоруңду айдап, ээрчиген бойдон бара бер! — депКарачач бул жерде да сөзгө аралаша койду.Өздөрү тийишкен келиндерден койчу да тартынбады. Өгүзүн бышылдата бастырып жакындады.Чүлүгүн каңтара тартып тура калды да, ырдап коё берди:
Келин-кыздар арбаңар,
Бар бекен суусун жармаңар?!
Суусап келген койчуну,
Суусун берин жалгаңар!
Жардылыктан көчө албай,
Кеткен окшойт аргаңар...
Кыз-келиндер удургуп калышты, жооп айта албай бирин-бири түрткүлөштү. Койчу чокоюн чойтойто,чүлүк үзөнгүсүнө чирене тээп, ар кимисине эрдемсип астыртан көз жүгүрттү.— Ушунчабыз туруп бир койчучалык жокпузбу. Бирдеме дебейсиңерби! — деп Карачач каадасынчанамыстана сүйлөдү. Анын сөзү ар биринин намысын козгоду. Бирок, койчуну бет ала чыгууга бирөө дажарабады. Акыры Карачач чыдабай кетти: — Намыс эмеспи, кокуй катугүн. Өзүң бирдеме дегин,кагылайын! — деп Берметке барып жалбарды. Өпкө-жүрөгүн чаап, жөн эле безилдеп кетти. Ошондо,койчуга бет ала Бермет сөз жөнөттү:
Өгүз минген баласың,
Өрөпкүп сүйлөп каласың.
Өгүз менен өпөңдөп,
Өзүң кайда барасың?
Суусундукка жарманы,
Сураган жерден табасың
.Суусак болсоң жашыңда,
Койду кантип багасың?
Кой жоготсоң кокустан,
Бийиңе кантип жагасың?
Кандырганы турасың,
Келин-кыздын табасын!
Билбей турган көрүнөт,
Бул жигит да чамасын...
— Кой эми, кагылайын карындаш, кой! — деп койчу курулай каткыра күлдү.— «Кой» демекчи, иттинкойлору бет алды жайылып кетип жоголду бекен,— деп өгүзүн бура тартты.— Суусун жута кет, ырчы жигит! — деп Карачач капталын кашып эргиштеди.— Суусунум канды, карындаш кандырды. Рахмат! — деп Берметке койчу дагы бир жолу жалткарады. Анан өгүзүн өкүрөңдөткөн бойдон койлоруна кетти.Коюмду жайдым шабырга,Жебедим тыштуу кабырга.Акым күйүп кеткен соң,Коюн ташка камадым,Чокоюмдун таманын,Шоона менен жамадым...
Ырын ырдай, өгүзүн өкүрөңдөтө коюн айдап койчу жигит жүрүп олтурду. Бермет кыздын элесин көзалдына келтирип, айткандарын уламдан улам эсине түшүрө берди. Кечке айдоодо жүрүп ачыккан койлорошо түнү короого жатпай тынчын алса, Берметтин элеси эсине келе берип уйкусун качырды.Койлор таңга жуук гана тынч алды. Жайлоонун сыдырымына чыйрыккан койчу Албан төөнүнжабууларынан калыңдап төшөндү да, Кызалактын үйүнүн жанына жата кетти.— Бийдин кою» мен эмнеүчүн кайтарып жүрөм? Мал таап бай болуш үчүнбү? — деген суроолор оюна келет. Ойлонуп жата берип,«жан багыш үчүн» деп өзүн-өөзү жооп айтат.— Жан багыш керек болсо, Берметтин атасы Ийгиликкекиренди кирсем деле бакпаймынбы. Макул, барып киренди кирейин, оорун колдон, жеңилин жерденалайын. Бирок, Бермети мени теңине алар бекен? Мейли, теңине албаса тегерегинде жүргөнүм да жаманболбойт. Ошондой ойлорду ойлой берип кирпик какпастан таң атырды.Ошо түнү бийдин койчусу Албан гана эмес, уулу Сабит мырзада оңчулуктуу уктай алган жок. Көрсөанысы да Берметке берилип • калыптыр. Алсам деген оюн эртеси эле арачы салып атасына айттырыпкалды. Аны уккандан кийин өзүнүн карындашы Сайкалдын да санаасы бөлүндү болду. Бир туруп: —Алса ала берсин. Келин болуп келе калса, кечээ көч үстүндө көрсөткөн ызасынын эсесин бирчыгарайын, — дейт. Бир туруп көп узабай өзү да күйөөгө кете тургандыгын эске алып, агасын азгырыпалдырбай коюунун амалайласын издейт.Карачач жеңе Берметтин ата-энесин күтө берип ошо күнү кечти араң киргизди. Алар келе жаткандаэле тосо басып болгонду болгондой баяндады: — Ишене бергиле. Айтты койду дебегиле. Кудай буюрсабийге кудакудагый болуп каласыңар,— деди. Берметтин атаэнеси андай сөздөрдү уккандан кийин«жамандын айтканы келбесе да, сандырагы келгиси бардыр» дешип ичтеринен кымылдашты. Түндөалардын уйкусу да чала болду. Бермет да ошол түнү аз уктады. УЛАНДЫСЫ БАР.
Комментарийлер
unt_75
12 Фев 2019 - 08:45Балким, сизге жагат бул гель.
TITAN GEL ДИ КОЛДОНУП СИЗ БУЛАРГА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ОӉОЙ ЖЕТЕ АЛАСЫЗ:
- Эркектик мүчөӊүздүн узундугун жана жоондугун 6-8 см чоӊойто аласыз
- Эрекция функциясынын жакшырышы
- Жыныстык катнaш учурундa дaгы kөбүрөөк ceзимталдык, көпкө coзулган жaнa күчтүүрөөк opгaзмдap
ЦЕНА 1500 сом
basyz-kaman.
21 Ноя 2015 - 04:16basyz-kaman.
21 Ноя 2015 - 04:16belka
20 Ноя 2015 - 18:13basyz-kaman.
28 Май 2015 - 18:17jigit.85
28 Май 2015 - 11:36basyz-kaman.
24 Окт 2014 - 00:17Жолоочуга чырагынды жагып кой.
Сындырганча бир дарактын бутагын,
Чымчык коноор бир чырпыкты сайып кой. Э.Ибраев.