Alibekova2 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 002 (0,55 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (704 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 31 Октябрь 14
- Кароолор:
- 35 747
- Соңку аракети
- 27 Авг 2021 18:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 18, 1994
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Шаар.312
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
panda_brat
02 Фев 2022 - 15:11 -
SENUCHUNZHASHAlM
15 Янв 2021 - 14:19 -
alibekova94
15 Янв 2021 - 14:09 -
Nurbek555
12 Май 2019 - 15:48 -
mirdas
10 Сен 2018 - 19:56 -
beka1207
20 Фев 2018 - 18:36 -
mentol
03 Фев 2018 - 01:01 -
Bek-jan
29 Янв 2018 - 22:34 -
Rinatik94
25 Дек 2017 - 00:25 -
suiuktuum
11 Янв 2017 - 21:44
Мен ачкан темалар
-
Алмаз Шаадаев
Жазылган күн: 3 Июл 2015
Кандайсынар! Бул жакты аралап журуп Алмаз Шаадаев жонундо тема жок экенин билип ача калдым. Бул ырчы бир убактары форумду тытып журчукенле. .. Анын билдируулорун окуп жылмайып алчы адатым бар. Жопжонокой мырзабыздын урматына да тема ачып бир сындап койбойлубу Ушунчалык жонокойлугуно абдан абдан жакшы деген баа берем. Клиптери ырлары мыкты десем жанылышпайм. -
"Форумчулардын сүрөтүнөн демотиваторлор" темасына болгон ой пикирлерибиз
Жазылган күн: 24 Июн 2015
Салам баарына! Мен карап корсом ал теманын ашмалтайы чыгып кетиптир, АЗАнын билдируусун окуп бул теманы ачууну туура кордум. Эгер Админ жана сиздер каршы чыкпасаныздар " Форумчулардын суротунон демотиваторлор " темасына жалан гана демо суроттор илинип, бул темага ал жака болгон сын пикир, ойлорубузду калтырсак. Ал тема таза жана жалан гана суроттор менен калса деген ойлорум. Эгер жок болбойт десениздер ЭСКЕРТУУСУЗ эле теманын исчез болуп кетуусун умуттоном божалуйста )) -
Леонардо Ди Каприо
Жазылган күн: 16 Июн 2015
Кандайсынар? )) Ушул белгилуу актерду Титаник тасмасынан гана коргом башка тасмаларын корбогон экенмин. Билсенер акыркы суротторунон анан рол жараткан кинолорунун аталыштарын жаза кеткилечи. Жагат эле да ушул актер. Биринчи Титаник киносун коргондо ушул бала чогуп баратканда " Иии супсулуу жакшынакай бала бекер эле чогуп кетти да" деп аябай кейиген болчумун да Корсо акмак тируу экенле... -
Кудаамды суйуп калып...
Жазылган күн: 28 Фев 2015
Азыркы турмуш койгойубу же аруулук сезимби,айтор, мен туйшолгон суйуу тагдырын сиздер менен ой болушмокчумун. ..
– Менин атым Гүлкайыр. Бул жашоодо ар бир адамга тагдырдын бере турган шыбагасы кээде ар кандай болсо, кээде окшошуп кетет окшойт. Мен өзүмдүкүндөй тагдырды бир гезиттен окуган элем. Эми өзүм минтип ошол боорум ооруган кыздын ордунда болуп турам. «Оңго кетсең атың өлөт, солго кетсең өзүң өлөсүң» дегендей абалдамын. Кайран ата-энем мени ушундай кыз болсун деп түйшүк тартып чоңойткон эмес да. Муну ойлосом жүрөгүмдө тынчтык жок. Азыр өзүмдүн керт башымды ойлосом ата-энемдин намысы, ата-энемдин намысын ойлосом өзүмдүн тагдырым талкаланганы турат. Көрсө,сүйүү мага өтө эле эрте келиптир. Ошондо да өзүмдөй жаш, башы бош бирөөнү сүйсөм кана?! Мейли анысына да кайыл элем, же аным бейтааныш бирөө болсочу...
9-классты бүтүрүп окууга тапшырмак болуп үйдөгүлөрдүн кой дегенине карабай Бишкекке келгем. Бул жактан кесиптик лицейлердин бирине тапшырып окуп калдым. Аталаш байкемдин үйүндө жашачумун. Үйдө байкем, жеңем үчөөбүз турчубуз. Кийинчерээк жеңемдин байкеси аялы менен айылдан келишип, жакында Москвага кетерин айтып убактылуу эки-үч жума турушмак болушту. Шаардын жаңы конуштарынын бириндеги жупуну батирде элек. Ошентип бир бөлмөдө чай ичип да, уктап да, кийим которуп да бир аз жүдөй түштүк. Бирок күн өткөн сайын мага жеңемдин байкеси Асылбек ушунчалык келбеттүү, ары адамгерчиликтүү экени байкалып, жага баштады. Аны менен сүйлөшкөн абдан кызыктуу эле. Башынан өткөргөн окуяларын айтып берсе жомоктой туюлчу. Ал сүйлөгөндө кашынын серпилгени, акырын башын кашып алганы, каткыра күлгөнү баары-баары мага сымбаттуу көрүнчү. Барган сайын ага көнүп да бараткам. Окуудан келатып байке үйдө болду бекен деп ойлоно берем. Кечинде жатканда төрдө Асылбек байке, анан анын аялы, мен, жеңем, андан кийин эң четте өзүмдүн байкем болуп жатчубуз. Бир күнү Асылбек байкенин аялы ооруп атканын айтып, эрте эле төргө жатып уктап калды. Жатаарга келгенде аялын ойготуп тынчын албайын деп, Асылбек байке мен жакка жатып калды. Мени кичинекей дештиби, буга эч ким деле көңүл бурган жок. Бир топко уктай албай жаттым. Түн ортосунда тиги байкенин да ойгоо жатканын байкадым. Ичимди өрттөп жаткан сезимдериме каршы тура албай, ага ыктай түштүм. Бир аз таң калгандай болгону менен ал көп деле чоочуган жок. Экөөбүз тиктеше калып, мен анын колунан кармап көпкө жаттым да, жүрүңүз дегендей ишаарат кылып эшикке чыктым. Он-он беш мүнөткө жетпей ал да чыкты артымдан. Обочороок басып барып аны кучактап ыйлай бердим. Бир топко ушинтип турдук. Ага сезимдеримди, үй-бүлөлүү кишини минтип сүйүп калаарымды ойлобогонумду айтып бышактадым. Асылбек байке муну таза, балалык сезимдер деп мени сооротту, бирок биз бирге боло албайт экенибизди түшүндүрүүгө аракет кылды. Мен болсо ал жөнүндө уккум да келбей шолоктой бердим. Москвага кеткичекти анда-санда болсо да жолугушуп турууну сурандым. Кийин таптакыр унутуп, жашоосуна аралашпоого сөз бердим. Ошентип күндөр өтө берди. Эки күндүн биринде эле тамак ичип жаткан кезде эшикке чыгам да ага «маяк» берип коём. Көп күттүрбөй ал чыгат. Экөөбүз бир аз болсо да сүйлөшүп туруп, баары дасторкондон туруп кеткиче билгизбей келип калабыз.
Бир күнү аялы шаардын четинде жашаган эжесине учурашып келээрин айтты. Ал күн мен үчүн майрамдай эле. Асылбек байкени курбу кызымдын үйүнө жолугушууга чакырдым. Түн ортосуна чейин сүйлөшүп отуруп, анан курбу кызым уктоочу бөлмөсүнө кетти. Биз бир бөлмөдө калдык. Ошол түндө мен өзүмдү ага арнадым. Аныма өкүнгөн деле жокмун, тескерисинче аны менчигимдей сезип турдум. Бирок эртеси аны аялы менен чогуу көргөндө ичим туз куйгандай болуп күйүткө чыдай албай, байкемден суранып курбу кызымдыкына кетип калдым. Үч күндөн кийин келсем алар Москвага учуп кетишиптир. Эмне кыларымды билбей үч ай кыйналып жүрдүм. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, чүнчүй баштадым. Мунум үйдөгүлөргө да байкалды окшойт, эмне болуп жатканымды такып сурай башташты. Мен өзүмдү алаксытып, ушундай абалдан чыгууга аракет кылып көптөн бери мага үйлөнөйүн деп чуркап жүргөн жигитке макулдугумду берип, турмушка чыгып кеттим.
Жыл айланбай телефон номурумду кайдан алганын билбейм, Асылбек байке чалып калды. Ал-абалды сурашып гана тим болдук. Кийин анда-санда чалмай адатка айланды, мен да сүйлөшүп коём. Ошентип аны такыр унуталбай койдум. Жолдошум экөөбүз кийинки жылы кыздуу болдук. Бирок күйөөмө такыр көңүлүм жок. Асылбек байке чалгандан кийин эле үйдө себепсиз уруш-жаңжал чыгара берчү болдум. Акыры ажырашып тындык. Кийинчерээк башка жигит менен таанышып калдым. Анын көп жерлерин Асылбек байкеге окшоштуруп эле жактырып жүрөт окшойм. Азыр ал менен жарандык никеде жашыруун жашап жүргөм. Муну эч ким билбейт. Жакында жеңемдин байкеси чалып, аялы менен ажырашып кеткенин айтып, мага чогуу турмуш курууну сунуш кылып жатат. Ал менин байкемдин кайын агасы да, эмне кылаарымды билбейм. Муну ата-энем, туугандар, жеңемдин төркүнү угуп калса эмне болот деп сарсанаа болом. Азыркы бала менен эле жашай берейин десем, анын мага үйлөнчүдөй түрү жок. Ушинтип же окуумду бүтпөй, он тогуз жашымда андан жок же мындан жок чайналып ара жолдомун. (Авторго тиешеси жок) -
Мастит кандай оору жана айыгуунун жолдору
Жазылган күн: 28 Фев 2015
Төрөттөн кийинки кездешүүчү оорулар арасында азыр “мастит” актуалдуу болууда дешет дарыгерлер. Буга байланыштуу, биз мында бул дарттын келип чыгышы, алдын алуу жана дарылоо жолдорун сиздер менен ой болушмокчубуз.
МАСТИТ
Сүт бездеринин сезгенүүсү медицинада мастит деп аталат. Көбүнчө маститке эне бала эмизип жаткан учурда чалдыгат. Бул ооруну козгоочу катары “стафилококк” бактериясы эсептелет. Алар көкүрөктүн үрпүнүн жарылып кеткен жерлери аркылуу анын ичине кирип, убакыттын өтүшү менен сүт бездерин сезгентишет. Анан бул аймакта сезгенүү күчөп отуруп, бара-бара ал ириң аралаш катуулукка айланат да маститти жаратат.
МАСТИТТИН БЕЛГИЛЕРИ:
Дене табынын көтөрүлүшү (38-39 градустук температура)
СУТ БЕЗДЕРИНИН ООРУКСУНУШУ
Дененин ар кайсы жерлеринин кызарышы
Көкүрөктөрдүн шишиши
Баш оору
Уйкусуздук
Алсыроо
Маститтин түрлөрү
Лактациялык мастит. Оорунун бул түрү жогоруда айтылгандай, эне бала эмизип жаткан учурда пайда болот. Белгилери да ачык эле байкалып, тезирээк дарыгерге барууну талап кылат. Мастит болдум дегендердин 95 %ы оорунун ушул түрүнө чалдыгышат.
Лактациялык эмес мастит. Бул аталган дарттын сейрек кездешүүчү түрү. Мында деле оорунун белгилери жогорудагыдан айырмаланбайт. Болгону лактациялык эмес маститке кандайдыр бир себептерден улам сүт бездерин сезгентип алышкан 40 жаштан өткөн аялдар жана кыздар кабылышат.
МАСТИТТИ ДАРЫЛООНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ:
ЖУМУРТКА. Алгач көкүрөктү балдар самыны менен жууйсуз. Андан кийин бирдей көлөмдөгү жумуртканын агы менен таза арактын аралашмасын кургатып, сыйпайсыз. Баланы эмизерде кайра жууп салуу керек.
КУРУЧ.Күрүчтөн алынган крахмалды бир аз кайнак сууга каймак сымал масса болгончолук кылып аралаштырасыз. Анан аны марляга ороп алып ыкчам абалында көкүрөктүн жабыркаган участогуна басып отуруу зарыл. Жылыш 1-2 саатта эле байкалат.
АРАК. Эгер мастит жаңы гана башталган болсо, баланы эмизгенден кийин көкүрөктү сүт калтырбай сааңыз да ал жерге аракты жакшылап шыбап же аны менен компресс кылып турсаңыз, мастит кайтып кетиши мүмкүн.
ЧЫЧЫРКАНАК МАЙЫ. Көкүрөктүн жарылып кеткен үрптөрүнө чычырканак майын сиңире шыбайсыз. Анан анын үстүнө кадимки картошка крахмалы менен майдаланган стрептоциддин аралашмасын себелеп коюу керек.
САБИЗ. Биринчи бир аз төө буурчакты ун сымал майдалап аласыз. Ага көлөмүнө жараша кыргычтан өткөрүлгөн сабиз, майда тууралган капуста жалбырагын жана бир аз самын суу кошуу кажет. Пайда болгон аралашманы көкүрөктүн ооруган жерине басып отурасыз.
УН. Бир аз кара ун менен майда тууралган нарцисс гүлүнүн тамырынын аралашмасы да көкүрөктө пайда болгон катуулукту натыйжалуу кетирет. Муну дагы компресс катары басып отуруу зарыл.
КАРТОШКА. Картошканын крахмалы менен өсүмдүк майын суюк эмес масса болгудай кылып аралаштырасыз. Андан кийин аны көкүрөктүн жабыркаган аймагына шыбап жүрсөңүз, оору басылып катуулук жоголо баштайт.
МАСТИТ ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?
– Маститтин жаралышына бир гана себеп бар, ал баланы туура эмизбегенден улам пайда болот. Мисалы, көп айымдар баланы эмизүүнүн жолдоруна маани беришпейт, алар үчүн иши кылып эмизип тойгузуп коюу гана маанилүү. А чынында көкүрөктүн үрпү толук бойдон эмчек эмип жаткан баланын оозуна кирип турушу керек. Ошондо гана үрп жарылбайт жана ал аркылуу сүт бездерине эч кандай инфекция кирбейт. Буга кошумча баланы эмизгенде көкүрөктө сүт артып калбоого тийиш, эгер бала тоюп андан да артып калса, аны толугу менен саап салуу керек. Болбосо бул жанагы инфекция менен жуурулушуп, маститти ого бетер күчөтөт. Көкүрөктө кандайдыр бир катуулук жаралып, ал ириңдеп курч маститке өтүп кетип атпайбы, ал мына ушундан улам келип чыгып жатат.
– А эгер бала бир эле эмчектин сүтүнө тоюп кала турган болсочу?
– Мындайда алмак-салмак эмизүүгө туура келет. Мисалы, биринчи эмизгенде бир эмчекти, экинчисинде кийинкисин дегендей. Себеби, шарт боюнча бирөөнүн сүтүн толук түгөтмөйүнчө экинчисине өтпөө керек. Кээде бала тоюп калып жөн эле эмчек соруп отура берген учурлар болот, мастит болбоо үчүн мындайга да жол бербөө зарыл.
– А мастит убагында бала эмизүүгө болобу?
– Боло берет. Бирок, курч жана ириңдүү маститке өтүп кетип, эне температура коштогон көтөрө алгыс оорудан жабыркап жатса албетте, эмизбеш керек. Себеби, маститти жаратуучу инфекция балага жана анын өнүгүүсүнө да таасир этиши мүмкүн.
– Мастит пайда болгондон кийин кандай кесепеттерди жаратышы мүмкүн?
– Мастит мастопатиядан айырмаланып олуттуу деле кесепетти жаратпайт. Анткени, буга кабылган эне сөзсүз түрдө ооруканага келүүгө, дарыланууга мажбур болот. Ансыз чыдаткыс оору коштой берет да. Анан оорукананын шартында баягы сүт бездеринде туруп калган сүттү, ириңди сордуруп таштайт.
– Бул операция аркылуу жасалабы?
– Мурун операция жолу менен жасалчу, ал үчүн маститтен айыгууга бир айлык убакыт сарпталчу. Ал эми азыр болсо көкүрөктүн тиешелүү жерин тешип, ошол кичинекей тешик аркылуу гана сордуруп салуучу ыкма (вакуумная дренирование) иштейт. Бул ары жеңил, ары коопсуз. Муну менен маститтен 3-5 суткада толук айыкса болот.
Достору
-
Алмаз Шаадаев -
mik -
ANELKA -
ANELKA -
Ulanbek1992 -
nelli -
KARL.MARKS -
konfetka_love -
Urmat-1989 -
alibekova94 -
Нурлан Насип -
Anhel -
admin_portal -
Laimbek -
Aikoo2014 -
Bad-boy -
Sheke -
nik_tappay... -
vankuver. -
bema_bema -
shalunbek -
Bermet_Kas... -
minchynar -
Adilet94 -
yzyldabagyla -
Bek94 -
zhyr -
Senuchunzh... -
akyn-jurogu -
imperator1 -
Maxx -
baha9707 -
APMAH -
MAHAC -
panda_brat -
Apendinin_... -
AMAHAT -
Murabella -
Jelmoguz.brat -
Arapbai1998 -
Be_a_hero -
beka1207 -
mrs.honey92 -
banda-312 -
Meruet84 -
eldar96 -
burnxd -
azamat-1992kg -
DUA -
Munarbek.k...
Показать 50 случайных друзей 56 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
Be_a_hero
07 Окт 2015 - 12:22zhigitim_odnolub_bolso
04 Июл 2015 - 19:07Doctor_vorobei
13 Июн 2015 - 17:17Senuchunzhashaim
03 Июн 2015 - 21:42mrs.honey92
18 Мар 2015 - 15:57Alibekova2
18 Мар 2015 - 15:43mrs.honey92
18 Мар 2015 - 15:20Alibekova2
03 Мар 2015 - 00:41beka1207
02 Мар 2015 - 23:30Alibekova2
27 Фев 2015 - 12:11Be_a_hero
27 Фев 2015 - 12:10Alibekova2
24 Фев 2015 - 01:49begish_13.03
22 Фев 2015 - 13:39