Бакыт издегендер. Бакыт издегендер.
#22 13 Июнь 2018 - 22:00
Кундо Маржананын артынан андый берип, шектуу эч нерсе байкалбаганынан аны жайына койду. Кыз ашыкча эки'жака деле чыкпайт экен. Жумушка келет, кайра чыгып туура уйун коздой кетет.
Эмнегедир таанышып, ичиндеги нерсени билгиси келип турду бейтааныштын.
Кезектеги тапшырма бериле элек, эгер бир жака жоной турган болсо, алдын'ала кабар берилет. Демек, толук айыкканча убактысы бар. Жон эле зээриккенинен кызыгуусу артып, бакыран коздун артынан кайра тушту.
Эмнеге ошондо кызыкты экен, балким артынан акмалабай эле, оз жайына койгондо баары оз жолу менен кетет беле? Ээх! Жазып койгон тагдырдан адам баласы кутулчу беле?
Ишкананын алдында турган капкара унааны коруп коркуп кетти кыз. Билген, баарыбир бир куну алдынан чыгаарын сезген. Сыр билдирбей отуп кетмекчи болду:
-Кандайсын чон кыз?
Тиги бейтааныш унаадан тушуп бери басты. Кыз токтоп калды:
-Сизге ким керек?
-Сиз!
-Тушунбодум?
-Жанымды сактап калганыныз учун, оз ыраазычылыгымды билдирип коеюн дедим эле.
Маржана артына бурулуп бейтааныштын жузуно тигилди.
#23 13 Июнь 2018 - 22:54
-Эч нерсе эмес, менин ордумда башка адам болгондо деле ошол нерсени жасамак.
-Мен андай деп ойлобойм!
-А мага болсо сиздин эмне ойлогонунуз кызыктырбайт.
-Ошондой дечи?
-Ооба ошондой. Мен кетишим керек.
-Атын ким?
Кыз жооп бергиси келбеди, болгону азыр
андан алысыраак кеткиси келди, бирок ошол магниттин кучу карыш жылдырбай, жигит тарапка тартып турду.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 13 Июнь 2018 - 23:07
#25 13 Июнь 2018 - 23:41
#27 14 Июнь 2018 - 02:50
-Кубанычтамын! Уйунуз кайсыл жакта, жеткирип коеюн?
-Рахмат, мен озум эле кетем.
Булардын таанышуусу ушундай бир кызык абалда башталды. Ал куну ошол жерден эле коштошушту. Маржана уйуно озу келди. Бейтаныш адам тууралуу ойлоно жаздыкка баш койду.
Бул таанышуу ушуну менен токтоп калган жок. Жигит кун алыс кыздан кабар алып, узатып коюп журду. Озу тууралуу эч нерсе айтпайт,кыз да кызыгып турганы менен оозунуп сурай албады. Болгону конуп баратты. Жакшы созго,мээримге суусаган сезимдери озунчо эле жигиттин сурдуу коз карашына куса болчу болду. Бирок жигит эч кандай умут берген жок, коп да суйлобойт, кобунчо Маржананын создорун угуп, кээде эле пикир кошпосо,дээрлик унчукпайт. Кээде жумалап караанын корсотпой,жоголуп кетет. Мындайда кыз мойнун созуп, кутуп калат. Кайра озуно жини келет.
Ар дайым чачын тобосуно туйуп, фудболка менен шым кийип, бутуна кеды кийип жургон ал,бара'бара койнок кийууго отту. Чачын ар турдуу кылып тармалдатып, бийик такалуу бут кийимге басым жасап, беонуп озуно карап калды. Балким бул улуу сезимдин келгенидир? Бул озгоруу уйдо да, жумушунда да коз жаздымында калып кеткен жок. Элден мурда Сейилге байкалды. Бирок эжесинин кыялын билгени учун унчукпады. Антип озгоргону менен жузунон сыр билгизбейт, кадимкидей жумушун так жасап, милдеттерин унутпайт.
Бул сырын Гулумдон жашыра албайт эле. Бир гана агы менен болгон биринчи жолугушууну жашырды. Бектур, аялы учоонон башка эч ким билбейт. Ушул бойдон ортобузда калсын деп суйлошушкон. Экоо жолугуп суйлошкондо баарын айтып берди:
-Сен учун кубанычтамын курбум! Албетте мунун баары жакшылыкка болсун,сенин кубанычын менин кубанычым! Бирок эч кандай умуттоно турган нерсе болбосо, озунду бекер кыйнап журбогун дейм да?
-Мен да ошону айтам да Гулум! Ишенесинби, анын сурдуу коздору эле башкача. Озум деле тушунбойм, озумо эмне болуп жатканына.
-Эх курбум, арты жакшы болсун да.
Уйуно келсе огой апасы жок экен. Атасы бир деме деп кыйкырынып суйлоп жаткан экен. Жугуруп эле уйго кирди:
-Ата дагы ичип алдынызбы?
Атасын ичкери коздой жетеледи.
-Мен сени жакшы корр ом кызз-зым, ук уксан мени?
Атасы тилин чайнап, керебетине отуруп байпагын чече албай, кушулдоп' бышылдап убара болуп жатты. Маржана акырын озу чечип койду:
-Мен да сени жакшы кором атов! Билесинби, сен ичпесен эле дуйнодогу эн жакшы атасын! Ушу ичкиликти таштасан эле баары жакшы болот эле.
Создорунун акырын айта албай, тамагына келген жаш унун бууп калды. Атасы уккан деле жок, колун шилтеп бирнерселерди суйлоп жатып уйкуга кетти.
Сыртка чыгып ушкуруп жиберди. Деги мындай жашоо качанкыга чейин уланат?
Ар тараптуу ойлоно берип чарчап кетти. Кайсы бирине жетишишин билбейт. Мундуу коздору менен жылдыз толгон асманга карады. Жылдыздар жымындап, уйдун чатырына тийип, саландап тургансыйт. Чексиз мейкиндикти коруп, терен дем алып алды.
Эсине кайра бейтаанышы тушту. "Кызык атын деле айтпайт,же озум сурап билип албадым"деп ойлоду.
Эртеси жумушка келсе баягы кара унаада жолонуп, бейтаанышы туруптур. Кызды коро сала ордунан козголду. Жакшына кийинип алыптыр. Негизи ар дайым ушинтип кымбат фирманын кийимдерин кийчу.
Маржана суйунуп кетти:
-Байке кандайсыз?
Тиги кулуп жооп берди:
-Байке дебей эле сен дей бер. Атым Жандар!
-Аа Жандар байке!
-Мага сиз деп кайрылгандар жакпайт, жон эле Жандар де!
Кыз ынгайсыздана тушту:
-Мейли!
-Бугун жумушундан эртерээк бошой аласынбы?
-Эмнеге?
-Жон эле, сени менен тамактанып отургум келди.
-Билбейм, менимче бошобойм го?
-Анда озун бил,качан бошогонунда барабыз! Мейли тынч экенсин, бир кабар алып коеюн деп келип калдым эле, корушкончо!
-Корушкончо! деди Маржана ооз учунан.
Айтканына макул болуп, азыр эле кошо кеткиси келди, бирок эмнегедир андай кыла албады. Тиги унаасын катуу айдап кетип калды.
Жолдо телефонун алып бироого чалып кирди:
-Алоо кандайсын?
Трубкадан аял кишинин уну угулду:
-Жакшы озунчу,?
-Жолугабызбы?
-Эмнеге, эмне жумушун бар эле?
-Ушинте бербечи, жон эле сени коргум келди.
-Жолик, дагы баштадынбы?
-Жок дебесен?
-Мен азыр бош эмесмин.
-Мейли анда алыстан коруп эле кайтам.
-Мм мейли деди нааразы болгон добушу менен.
Жандар жолдон токтоп, гул саткан дукондон чон букет гул сатып алды. Алыстан корсо да гулду берип жибермек болду оюнда.
Бирок ал кыз муну корууну каалабай турган эле, муну билди, билсе деле билмексенге алды. Кантсин, журок кургур энсеп жатса? Азырынча намысты бир аз четке суруп туруу керек, озу ойлогон ойлору иш жузуно ашып кетсе, калганын коро жатаар?
Ошол эле мезгилде терезеге тигиле озун жакшы коруп, бирок ал нерсени озу да тушунбой,кутуп отурган журоктун ээсин билбеди жигит.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Июнь 2018 - 02:55
#29 14 Июнь 2018 - 08:33
Билдирүүнү түзөткөн: Rinatik94: 14 Июнь 2018 - 08:34
#30 14 Июнь 2018 - 11:01
-Гера , Жандар келди.
Гера кабагын чытыды.(оз аты Айгерим, баары Гера деп чакырышчу)
-Мейли азыр тушом.
Кызматчысы унчукпай чыгып кетти.
Ылдыйкы кабатка тушсо Жандар, кулуп тосуп алды:
-Кандайсын?
-Жакшы, кел!
Жандар колундагы гулду сунду:
-Ар дайымкыдай жакшынакайсын!
Гера мыйыгынан жылмайды:
-Рахмат, бул мактообу?
-Жок, билесин да сени жакшы короорумду?
-Жолик, кел суйлошуп алалы,сен да билесин, мен сени досумдай эле кором да?
Жандардын абалы озгоргон жок:
-Билем! А мен сени суйом!
Гера башын чайкады:
-Ожорлук кыла бербечи ушинтип, андан коро айтчы, жумуштарын жакшыбы?
-Жакшы. Гера сени сагындым!
Жандар ордунан туруп,Гераны белинен озуно тартып кучактады. Кыз унчукпай тура берди. Жандар кыздын желкесинен жыттап койду:
-Рахмат сага!
-Эмне учун?
-Сени корушумо уруксат бергенин учун!
-Эми кетээрсин, менин жумуштарым коп?
-Албетте!
Жандар кызды кучактаган калыбында, бетинен ооп койду:
-Мейли жакшы кал!
Жигит чыгып кеткенден кийин,Гера шалдырап копко ойлонуп отурду.
Эмнеге мынча айтканды тушунбогон адам бул? Канча алыстайын десе да ач кенедей жармашат. Ожорлугу адамды кысып жибере турган болду.
Ордунан туруп, окуусуна жоноду.
Гера уйдун жалгыз кызы. Озунон чон байкелери бар. Ата'энеси да жакшы жумуштарда иштешет.
Жандар менен мындан 4жыл мурда бир кечеден таанышышкан. Алгач анын он'келбетине кызыгып суйлошуп журчу. Бирок бара'бара анын ожорлугу, катуу кыялы кызды кыйнап жиберген. Кайда барса тескеп, козомолго алып, жадатып жиберген. Жигиттерди кол каптай эле алмаштырган ал, Жандардан жон эле кол узууну туура коргон.
Бирок Жандардын ага болгон сезимдери кучтуу болчу. Ар дайым жанында болуп, коргогусу келчу. Ожорлугу кармап, кыздан терс жооп укса да артынан калбайт. Балким чындап эле суйуудур, а балким жок? Озунун булганычтуу чойросу да кызга белгилуу, бирок Гера ага кайдыгер. Ал озу каалабаган нерсеге баш оорутчу эмес, ошондуктан Жандардан бат эле алыстап кетти. Кыздан кагуу жеп калганга намыстандыбы, же чындап эле жакшы коробу, айтор ал нерсени ажырата албайт. Озунун жан дуйносу менен кенешип, бир жыйынтыкка келууго азыр анда мумкунчулук жок.
Кылмыш чойросуно аралашкандан тарта, ар бир куну, эмне жумуш кылаары,кайда бараары, качан эс алаары алдын ала пландалып коюлат. Ошого жараша аракет жасайт. Ашыкча кадам жасаганга акысы жок. Бирок бул жолдон чыгып кетуу жонундо ойлоно элек, чыгып кетуу да оной эмесин жакшы тушунот. Азыркы жашоосу озуно жагат. Кайда барса кенен акча, ар турдуу кечелер, таанышуулар озунун жапжаш омурун билдирбей уурдап баратканын сезбегендей журот.
Албетте, адам баласы баары отуп кеткенден кийин, эсибизге келет эмеспизби?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Июнь 2018 - 11:25
#31 14 Июнь 2018 - 12:15
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 14 Июнь 2018 - 12:17
#32 14 Июнь 2018 - 14:16
Бир келген кыска омурдо, бир'бирин таарынтпай, тегиз, бирдей жашоодо жашай берсек болбойбу?
Анда жашоонун кызыгы кетип калат дейбиз? Эмнеге андай болсун, тескерисинче бейпил жашабайт белек?
Кайдаан? Алдуусу алсызын басып, кучтуусу кучсузуно кыр корсотуп жашоону тен салмактуулукта кармап турабыз деп ойлойбуз адамзаты!
Буларга мисалдардын бири Маржананын турмушу эмеспи?
Баары кечки тамакта олтурушат. Кундогудой корунуш. Эч кимисинде маанай жок. Акыркы жолу качан бир уйбулодой болуп, шарактап кулуп отургандары эстеринде жок. Ар кимиси оз ойлору менен алпурушат.
Сейил тамак куюп баарынын алдына койду. Озу ичпей эле аралаштырып отура берди. Бугун кудай жалгап атасы соо экен. Нандан бурдап жеп, тамактанып жатат. Булардын баарын карап отуруп, Маржананын журогу кысылып кетти.
Чала'бучук эсинде,апасы козу тируусундо тамакка отураарда кызын эркелетип, тамак ичкенге жардамдашчу. Анда атасы деле жакшына эле кулуп'жайнап отурчу. Бул уйдогу кут'береке апасы менен кошо комулгондой. Андан бери канча жылдар отсо да, апасынын барындагыдай уй ичи шанга толо элек.
Коз кычыгына келген жашты,жанындагыларга билгизбей суртуп койду:
-Сейил эмне тамак ичпей жатасын?
-Ичким келбей турат.
Аскат да ошол абалда. Бирок эжесинин унун угуп акырын иче баштады.
-Мейли эч киминер тамактангынар келбесе,эмнеге чогуу отурабыз?
Маржананын кабагы бурколо тушту.
Сейил эжесине карады:
-Мектепти аяктасам, мен иштегени кетем!
Маржана Сейилди тан калып карап калды:
-Каяка кетесин?
-Бир классташымдын эжеси иштейт экен Россияда. Ал дагы кетем деп жатат, мени да айтты.
-Сага ким уруксат берди кеткенге?
Сейил кенен суйлой албай буулугуп, ыйлап жиберди:
-Мен ошентип чечтим эже. Качанкыга чейин сенин тапканыны карап отура беребиз?
Маржана огой энесин карады. Ал эч нерсени билбегендей болуп отурат:
-Эмне ыйлап жатасын Сейил?
Сейил жооп бергендин ордуна бышактады:
-Жон эле ыйлагым келип кетти. Жибербейм дебе, мен барып иштейин, элге окшоп короо'жайды ондойлу?
-Мен сени таптакыр тушунбой турам, мектепти бутсон окутам деп журом го?
Аскат созго аралашты:
-Эже сен кетпейсин, мен кетем. Мен иштеп силерге жардам берем, кантсе да эркек эмесминби?
Маржана баарын тегерете карады:
-Ата сиз эмне унчукпайсыз?
Атасы унчукпай чайдан ууртады:
-Озунор билесинер да кызым, силер чоноюп калдынар, озунорго карайсынар, бизден болсо пайда жок эми?
-Ушинтип айткандан уялсаныз боло ата?
Атасы да жини келип кетти:
-Эми эмне кыл дейсин, колуман эч нерсе келбесе? Мен эмне ушундай болушун кааладым беле кызым?
Маржананын коздоруно жаштар толуп чыкты:
-Сиз тендуулор кыз берип,уул уйлоп, жакшына эле жашап жатышат. Эмнеге сиз алардай боло албайсыз, жок дегенде бизге боору оорусаныз болбойбу?
-Атанардын болгону ушул, мен да жададым керек болсо! Огой энеси да туурадан чыкты:
-Апа сен атамды куноологонун куноологон, озун деле аракет кылсан болмок ушул маалга чейин. Силер тируу туруп, баарыбыз мээримге зарбыз. Сейил болсо буулукканы буулуккан. Аскат болсо дулдуюп эч кимге суйлобойт. Ушул арактын айынан баарыбыздын психологиябызды бузуп бутконсунор!
Эч ким эч жака барбайт, мен эмне ойноп журомбу ушунча убакыттан бери? Эч болбосо быйылча жанымда иштеп турасын!
-Эже болду!
Сейил ордунан турду:
-Сага окшоп бирдемени эптей алсам макул эле,"кок ийненин артын туртууго" жарабайм мен. Баарын озундой ойлой бербе эже, мен кетем, жададым ушундай турмуштан!
Маржана эмне кылаарын билбей туруп калды. Кок беттиги кармап калган экен,деди ичинен.
Аттин, мээримге зар журоктор! Тируулой ата'эненин мээриминен ажыраган журоктор!
Ар кимиси оз ойлору менен, ордуларынан туруп кетишти.
Баарынан да Маржана катуу ойлонду. Канча аракет кылбасын, баарыбир бардык нерсени эптеп кете албай убара!
Эмнеге мындай?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Июнь 2018 - 14:18
#35 14 Июнь 2018 - 17:24
Жаман короюн десе болбойт, жакшы коруп жатса, кыз тетиреленип жатат. Намыстана тушту.
"Качанкыга чейин мен ушинтип журом,деги эмнесине мынча бой которот бул,канчалык конулуно карасам да гердейгени гердейген, сабырымды туготуп баратат бул кыз."деп кубуронуп, жини менен рульду ургулап алды.
Анан эсине бир нерсе тушкондой жылмайып койду. Демек ошентиш керек!
Катуулап айдап, Маржананын иштеген жерине келди. Кайсы убакта чыгаарын билгендиктен, унаасын далдоого коюп, кызды кутту.
Ойлогонундай эле кыз чыгып келди. Жандарды байкабай жолдун наркы бетине отту. Акырын артынан айдады. Кыз жоо кетет окшойт. Эмнегедир маанайы жок экен, башын жерге салып, жай басып баратат. Анын корунушу эмнегедир ички сезимдерин козгоп жиберди. Бирок озуно тааныш бул сезимдерди, эмне себептен козголуп жатканын билип турду. Тиштери кычырап, Геранын мыскылдап кулгондорун эстеп, жаак'эттери туйуло тушту. Бирок журогу болбой эле Гераны коргоп жандалбастап жатты. Эмне ойлоп жатканын билген жок,болгону азыр ушул абалдан ушу илкий басып бараткан кыз куткаруучудай сезилип кетти.
Чон жолдон узап, уйуно кетчу жолго тушкондо,Жандар сигналды басып калды.
Кыз чоочуп кетип, башын которду. Ыйлап бараткан экен. Жандарды коруп жаштуу коздору кулундой тушту.
Жандар кызга, ыйлаган да жакшы жарашаарына тан калып карап калды. Коз алдында сонун картина турду. Эмне болгонуна озу да тушунбоду.
Акырын унаасынан тушуп,жанына барды:
-Эмне ыйлап жатасын?
Кыз озун канчалык кармайын десе да болбоду. Молтур жаштар биринен сала бири тогулуп, жузун жууп жатты.
Жандар кызды бооруна кыса берди. Озун башкача сезип кетти.
Ушуну эле кутуп тургандай, кыз коздорун жумду. Ушунчалык да жагымдуу, ысык кучак болот экен да э?
Акыркы жолу озун ким ушинтип кучактады эле? Апасы! Ооба апасы бооруна басканда ушундай сезимдер болоор эле.
Эреркеп ансайын ыйлады. Жандар кыздын алсыз ийининен таптап, ыйлап буткончо кутуп турду. Качан кыз токтоп калганда акырын кучагынан бошотту. Маржана жаштарын сурто жылмайды:
-Кечиресин, мен озумду кармай албай калдым.
-Эч нерсе эмес, женилдеп калдынбы?
-Ооба рахмат! Сен кайдан пайда болдун, же артымдан андууга туштунбу?
-Жок, эртен менен тамактануу тууралуу суйлошподук беле, ошого сени куттум кечке.
Кыз коздорун бакырайтты:
-Чын элеби? Кечке мени кутуп отурдунбу, мен кеч бошойм дегем да. Каап десе, коп куттургом го сени?
"Ишенчээк, эмнеге мынча бат ишенесин адамга,байкуш! "деди ичинен.
-Ооба куттум! Анын эмнеси бар экен. Эмнеге маанайын жок?
-Жон эле, мен чарчадым! Ыйласам женилдеп калам .
-Тушунуктуу, айтпасан озун бил! Журу чындап эле, курсагын ачпадыбы?
-Кечки тамакты уйдон жеп конуп калгам.
-Мени менен тамактанасынбы бул жолу?
Маржана макул болду. Азыр бир нерсе десе, эртен мененкиге окшоп кетип калаарынан коркту. Жандар кызды арткы орундукка отургузуп, озу унаасын айдап, эл аз кирген, тынч тамактануучу жайлардын бирине алып келди .
Ал мезгилде кызга карата эч кандай сезимдери болбосо да, журок тупкуруно Маржананын сепкен урондору, акырындап жан ала баштаганын сезбеди Жандар.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Июнь 2018 - 17:47
#36 14 Июнь 2018 - 18:39
Сейилдин аман'эсен жетип, жумушка жайланышканын укканда бир аз эс ала тушту. Бирок баарыбир чийки май жегенсип конулу ордунда эмес. Кучун жумуштан чыгарды. Уйдогу абалды канчалык ондогонго аракет кылбасын, оз ара ынтымагы ыдырап баратты.
Жандардын акыркы жасаган кадамынан кийин, негедир аны жакшы коруп баратканын байкады. Жандар кенедей да умут бербейт, бирок коп учурда жанында болуп, ага конуп калды.
Эртен дем алуу кунун, чогуу откорууну суйлошушкон. Ошондуктан бугун жумуштарын бутуруп коюну чечип, баш которбой иштеп жатты.
Бектур кыздын озгоргонун байкаган, бейтааныш жигитти жандап калганын эки'уч ирет коргон. Ошого атайын жалгыз калганда суйлошоюн деп, устуно кирди:
-Марусья калганын эртен деле бутурсон болот го?
Маржана кулуп койду:
-Аз калды байке, эртен дем алууну ойлонбой откороюн дедим.
-Дем алышта эмне кыласын? Пландарын болбосо уйго кел, женен да сурап жаткан сени?
Кыз буйдалды. Бектур аны сезип, андан аркысын сурабады:
-Эч нерсе айткын келбей элеби?
-Байке, ал жакшы эле адам окшойт. Бирок ал тун тууралуу ооз ачкан жок, мен да сураган жокмун.
-Мейли озун акылдуу кызсын, озун бил, биз сага жамандык каалабайбыз.
-Билем, рахмат байке!
Кыздын коп суйлобосун билген Бектур, коштошуп чыгып кетти.
Маржана жумуштарын бутуруп, артынан ал да кетти.
Дем алуу куну. Эртен менен эрте ойгонуп, уй жумуштарын жасады. Сейил кеткенден бери кыйла колу кыскара тушуптур. Короо'жай да каралбай бир топ чачыла тушкон. Аскат колунан келишинче жумуштарды жасайт, бирок баарыбир кыз баланын орду башка болот тура. Огой энеси керээлден кечке какшанып суйлоп, бир кылган ишинен дайын жок. Баштаган ишин да аягына чыгара албайт. Мурда Сейилден кучун чыгарып, дункулдотуп уруп калчу, азыр болсо Аскатка кыйкырат. Баарыбир озунун баласы болгон учун, бар жумушту ага таштап кое албайт. Ошондуктан дем алуу кундору Маржана озу бутурот. Журогундо тонкоруш болгондон бери,азыраак ыйлап, азыраак кайгырганга аракет кылат. Жигиттин олуттуу создорунон кийин, бир топ жакшы жагына озгоргон. Кыз конулу гул деп ушуну айтышса керек. Бир ооз эле ширин созго канчалык кубанат десен?!
Жан дуйносу озунчо эле кубанып, жумуштарын бат'баттан жасап, Жандарды кутту. Тушко жакын болжошкон жерде жолугушту. Унаанын арты толгон тамак'аш:
-Кайда барабыз?
-Отур кеттик, бара коросун!
Сонун жер экен! Ылдый жакта суу агып турат шаркырап. Жогору тарабы калын бак! Бирин'серин дем алган адамдар журушот. Нарыраакта жаш кыздар'балдар топ ойноп журушот ызылдашып.
Маржана чындап эле кубанды:
Укмуш! Мен бул жерди мурда корбогон экенмин, аябай кооз турбайбы.
Жигит мыйыгынан кулду:
-Сага жакса эле болду!
Экоолоп салат жасап, дасторкон жайышты. Жандар этти даярдап, шишкебек жасады.
Кечке конулдуу отурушту. Ала келген тошончуну жайып, экоо тен чалкасынан, асманды карап жатышты. Кыз бактылуу эле! Ал эми Жандар таптакыр башка нерселер тууралуу ойлонуп жатты, бирок кыздын жанындагы бейпилдик журогуно жагып турду:
-Эмне учун коздорун мундуу корунот?
Капыстан берилген суроого, кыз жооп бере албай туруп калды:
Жандар кайра созун кайтарып алды:
-Эгер каалабасан айтпа, сени айт деп зордобойм.
Маржана терен дем алды.:
-Апамдын козу отуп кеткенде мен болгону 5жашта элем. Синдимди торогондо каза болуп калган. Уйго аппак шейшепке ороп алып киргендерин эстейм. Анда мен билбегем апамдын олгонун, ал тургай олум эмне экенин да билчу эмесмин. Билгеним, адамдардын арасынан апам эми корунбосун наристелик сезимим менен туюп жаттым. Атам экообуз кучакташкан бойдон кала бердик. Апам менен кошо уйдогу жылуу бейпилдик да жоголду. Коп отпой уйго апамдан да жаш, сулуу аял келди. Синдимди ошол карап жатты. Синдим абдан жоош болчу, байкуш ал деле апамдын жоктугун билчубу, айтор эч ыйлабайт эле, момоюп эле уктап жата берчу. Ал 1жашка толуп калганда иним торолду. Атам мурдагыдай мага конул бурбай калды. Мен буга башында коно албай кыйналсам, бара'бара кондум. Адам баласы баарына чыдайт экен. Атам огой энемдин козун карачу. Уйдогу бийлик огой энемдин колуна отту. Ал эмне десе ошол болчу. Кабагына карап журуп, абдан корунчаак болуп кеттим.
Эч кимге коргозбой тамдын артына отуп ыйлачумун.
Бир куну ыйлап жатканымы, кошунабыз коруп калыптыр. Огой энеме айткан го, мени уйго алып кирип аябай сабаган. Ошондон тарта, жалгыз ыйлагандан да коркчумун. Тамак'ашты да олчоп берчу. Жылдар отуп эки бир тууганымдын туйшугу да менин мойнума тушту. Кирин жууп,тамагын берип кароо менин милдетим эле. Огой энемде энелик сезим жашабайбы азыркыга чейин тушунбойм. Аскат ага караганда мага жакын болуп чонойду. Садага болоюнум! Мен да аны жакшы кором. Себеби, эркек бала уйбуло туркугу болот, кыз бала болсо тушкон жеринде калат. Атам нан чыгарган заводто иштечу, жакшы тапчу, уйдо кененчилик болчу.
Огой энемдин мени кагып'силккенин бир'эки жолу коруп калган атам. Ошонун айынан уруша кетишчу. "Кетем" деп коркутчу огой энем. Ошол себеп атам уйго коп учурда ичип келчу болду. А мен огой энем кетип калса, инимдин да кошо кетээрин ойлоп, абдан коркчумун. Ошондуктан эч качан атама энемди жамандабайт элем. Баарын ичиме жутуп журуп сары оору болуп калгам. Мен ал мезгилде абдан коркок элем. Азыр огой энемден коркпой калганым менен, журогумдун сары суусун алып буткон. Жузуно карасам, кадимкидей коркуп кетем. Мурдагыдай сулуулугу жок, жаш да эмес,балким ошондуктан мага эч нерсе дей албайттыр? Баары оз нугуна тушуп кетсе да журоктогу тактар кетпейт тура. Азыр жаман эмес, бирок атам арактын кулу болуп калды. Огой энем жашоого кайдыгер. Балким ушунча санаа жыйылып келип, каректеримдин тубуно мун болуп тонуп калгандыр?!
Коп суйлогонунон ошол мундар ээрип кеттиби ким билсин, эки тамчы жаш эки козунон тошончуго тамды.
Жандар ойдо боло кызды озуно тартып кучактады:
-Ыйлаба! Ый менен эч нерсени чече албайсын, жакшы кундорун алдыдадыр балким?
-Балким? А сен эмне озун жонундо айтпайсын.?
-Убагы келгенде билип аласын!
Жандар созду башкага бура, кызды эркелетип, мурдунан чымчып койду:
-Кеттикпи?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Июнь 2018 - 18:44
#38 14 Июнь 2018 - 19:34
Шефи кутуп отуруптур. Уйдо отурганын коргон Жандар, тан калган жок. Унчукпай бутун чечип, уйго кирди:
-Кайда журосун?
-Жеке иштерим менен.
-Баары жайындабы?
-Ооба.
-Андай болсо, кенешчу иш бар, отур мындай!
***
Берилген тапшырма боюнча Жандар ото кылдат даярданды. Мындай нерселер биринчи жолу болуп жаткан жок. Баарыбир даярдануу керек эле. Кыздан да кабарын узду, баарын шефи айткандай жасап жатты.
Тапшырманы аткарып келгенче, он кундон ашуун убакыт отуп кетти. Бул аралыкта Маржана жигитти ойлоп журду, бирок анын, туруп'туруп жоголуп кетишин билгени учун, коп сарсанаа чекпеди. Ансыз да анын башында сан'мин ойлор бар эмеспи? Ошолордун ичинде эн жагымдуусу ушулдур? Жандардын сурдуу кабагын, келбетин эстегенде, озунчо жылмайып алат. Сыртынан эч нерсе билдирбей, дайымкы калыбында журот. Бугун Гулум менен суйлошуп олтуруп, бар сырын айтып берди. Гулум жакшы кыз болчу. Ал Маржананы абдан жакшы тушунот. Ошрндуктан жакшы кенештерин аябады.
Жумуштан чыгып, жолдун кайрылышында турган , козуно тааныш унааны коруп, суйунуп кетти. Жандар унаадан тушту. Бугун озгочо сонун, капкара болуп кийинип алыптыр. Кара тус, ак жузуно жакшы жарашат экен.:
-Кандай сулуу?
Маржана кулуп жооп берди:
-Сени коргонумо кубанычтамын!
Экоо катар басып, суйлошуп баратышты. Кунумдук эле нерселер, бирок Маржана жигиттин коп кулбогонун байкады:
-Сен эмнеге ар дайым тунт журосун?
-Сага ошондой корунсом керек да, негизи жакшына эле журом, озумо байкалбайт.
-Кантип байкалбасын, кээде тушунбой кетем мунозуно. Темирдей катуу кыялын бар.
-Туура байкапсын!
-??
-Негизи ушундаймын мен, коп эле ачыла бербейм, адамдарга болгон ишеничим жок.
-Жакшы эмес мындай.
-Эмнеге?
-Козун коруп турган нерсеге ишене билуу керек адам баласы.
-Мисалы эмнеге?
-Коздорумо карачы?
Жандар кызга тигилди. Мун! Ошол эле мун, ананда билинээр' билинбеген умут учкундары. Бирок буга конул бургусу келбеди:
-Ошол эле бойдонсун!
Маржана башын чайкады:
-Козун кор болуп калганбы? "Кар ханышасы" деген жомокту кордун беле, мультфильми бар го?
-Ооба, бирок так эсимде жок.
-Сен ошондогу Кайга окшошсун. Дилинде жакшы эле адамсын, бирок козуно сайылган муз, журогунду тондуруп койгон. Сен жакшы нерселерди коро албайсын.!
-Сен менин мунозумо аныктама берип жатасынбы?
-Жок, мен болгонун эле айтып жатам!
-Кызык экен!
-Же эмне туура эмеспи!
-Токточу болду!
Кыз айтып жаткан созу эмес, кадамдары да шилтенбей токтоп калды:
-Озу багытты билбей эмнеге басып баратабыз?
Жандар да аярлай токтоп калды:
-Эмне демекчисин?
-Уйго кетуучу жолдон отуп кетптирбиз дейм, кош мен кеттим!
Маржана артына кайрылып чуркап кетип калды.
Жандар артынан барууга намыс кылды. Ордунан жылса бир нерсени жоготуп алуучудай, буту тушалып,турган ордунда катты.
Мээсинде бир соз улам кайталанып жатты.
"Сенин козуно сайылган муз, журогунду тондуруп койгон!"