Урматтуу форумчулар,
жашооңуздагы аялзатын 8-Марты менен куттуктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айымдарды майрамы менен куттуктап, "Супер-Инфо"
гезити SUPER.KG порталы менен биргеликте Аялдардын эл аралык майрамына карата сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн сиз жакын адамыңыздын:
апаңыздын, сүйүктүүңүздүн,
кызыңыздын,
эжеңиздин, чоң энеңиздин, айтор, жашооңуздагы сиз жактырган, баалаган аялзатынын кызыктуу сүрөтүн салып, ага кошо кыска, таасирдүү баяндоо жазып жөнөтүшүңүз керек.
Келген сүрөттөр SUPER.KG порталына добуш берүүгө 18-февралда коюлуп, 4-мартта аяктайт. Андан соң иргелип алынган сүрөт-баяндар редакциянын сынына коюлат. Жеңишке жетишкендерди өзгөчө белектер күтөт, андыктан чамдаңыз!
Сүрөт-баяндоону lira@super.kg жана admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз жана гезиттин кеңсесине алып келсеңиз болот.
Катышуучулардын эсине! Сүрөттөр мыкты сапатта жана өтө кызыктуу болушу керек! Байланыш телефону: (0312) 32-33-22
Эскертүү!
Сынакка катышкандардын алыс-жакында жашагандыгына байланыштуу добуш берүү 4-мартта эмес, 2-мартта токтотулат.
Андыктан добуш берүүгө шашылыңыздар!
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!
#2 16 Февраль 2015 - 12:16
Ой Админаай, абдан жакшы сынак экен.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#3 16 Февраль 2015 - 18:51
Аракет кылып корсокпу..
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.

#5 16 Февраль 2015 - 19:22
#7 17 Февраль 2015 - 12:58
эркектердин майрамы оптой жатып 8-мартты баштап жиберипсинер го
#9 18 Февраль 2015 - 11:51
#10 18 Февраль 2015 - 12:51
Саламатсыздарбы жоноткон суротторду 18-числодон сынакка коюлат дединиздер эле ,кай жерден корсок болот?
#11 18 Февраль 2015 - 15:59
Ай, ай, тентек Арууке...
- Биздин кызыбыздын жоруктары “Маша менен аюу” мультфильмин эске салат. Кимди болсо да “аюу” кылып алат да, каалашынча жүдөтөт. Баары анын айтканына макул болуп, аргасыз баш ийип беришет. Анан да өтө зээндүү. 2 гана жашка чыкканына карабай тамга таанып, компьютерде өзүтамга тере алат. “Түркиянын борбору кайсы?” деп сурасаң, “Анкая” деп коёт. Жаңы көйнөк кийгенди, белек алганды жакшы көрөт.
Бул сүрөттө кечки эс алуунун алдында китеп окуп жаткан учурубуз.
Майрамың менен, менин Аруукем! Бактылуу, ийгиликтүү, ыймандуу кыз бол! Биз сени аябай жакшы көрөбүз! Апаң Наристе

#12 18 Февраль 2015 - 16:01
Алтын кайненем тууралуу
Сүрөттө мен жана менин апам (кайненем). Апамдын аты Шарапат, 73 жашта. Бул сүрөт 2014 –жылдын 18-сентябрында тартылган. Мен жаңы келин болуп келип, ак босогону аттаганымда апам мага өз колу менен көп жылдан бери катып жүргөн ак жоолугун салды. Бул табышмактуу сезим ар бир кызга тааныш болсо керек. Ар бир кызда сөзсүз түрдө коркуу сезим болот экен. Кайненем кандай болду экен? Бир тилегенин кайненем жакшы болсо экен, ошол үйдөн орун таап кетсем экен дейсиң. Мен жолдуу болдум, мага ушундай алтын кайнени берген Кудайга миң мертебе ыраазымын.
Мен силерге апам жөнүндө жазгым келет. Апам алтын киши, мээримдүү, акылдуу, кең пейил, адамгерчиликтүү адам. Апам 6 баланы тарбиялап өстүргөн, азыр Таш-Көмүр шаарында уулунун колунда, 5 маал намазын окуп, бактылуу карылыгын неберелери менен чогуу өткөрүүдө.
Апам менен болгон бир окуя эч эсимден кетпейт. Бир жолу “дарыканага барып келеличи” деп калды, “макул, дары аласызбы?” десем, “жок, өткөндө дарыканадагы кыз ашыкча акча берип коюптур мага, ошону кайтарып берип келелик” дейт.
Бул апамдын ыймандуулугунан, адамгерчиликтүүлүгүнөн кабар берип турат. Апа, ден соолукта болуңуз, ар дайым жаныбызда, биздин маңдайыбызда аманчылыкта жүрө бериңиз. Мен сизди жакшы көрөм, апа!
Мээрим Эсенгелдиева

#13 18 Февраль 2015 - 16:05
Апам менин байлыгым
Апам Жапарбаева Нуржан Абдыкадыровнага арналат.
Эне-жарык нурун чачкан күндөй,
Эне-назик жазгы чыккан жоогазындай,
Эне-шайыр булбул куш сайрагандай,
Кымбат суу түбүндөгү берметтей.
Урматтуу АЙЫМДАР, баарыңар "ЭНЕ" деген ыйык атты бекем тутуп, АЯЛЗАТКА Жараткандан белек болгон "ЭНЕ" деген наамын сактайлы. Алыста жүрсөм да апамды сагынып жүрөм. Зама

#14 18 Февраль 2015 - 16:07
Апамдын үч жоругу
Апамдын аты Нарбегим, 74 жашта. Апамдын биздин күлкүбүздү да чакырган, жүрөгүбүздү да элжиреткен үч жоругу бар:
1. Апам кимдир бирөөдөн сыйрылып чакалай болуп кеткен териге солидор деп аталчу күрөң түстөгү сасык жыттуу аралашма миңдин бири деп угуп калыптыр. Ошондон баштап солидор менен жашап баштадык. Жыгылып тизебиз сыйрылса да, колубузду кайнак сууга күйгүзүп алсак да солидор даяр. Тааныштардын кимиси кайсы жериндеги ооруга даттанышып калышса, дароо солидорду көздөй чуркачу. Анан барып бака жалбыракка өттү. Башыбыз ооруса деле, бутубуз ооруса деле бака жалбыракты тарта салат. Жөтөлсөк демдеп берет. А азыр кайнак суу менен ажырагыс дос. “Тишим ооруп жатат” десең деле, “кайнак суу иче сал” деп турат. Анткен менен сегиз баланын бирин да оорукана дегенди көрсөтпөй, дары бербей чоңойтконун дайыма айтып калат.
2. Апамды эч бир жаңылык менен таң калтыра албайсың. Анткени бизден биринчи угуп, кабардар болуп калат. Күн сайын телевизордун кайсы каналынан кыргызча жаңылыктар саат канчада кетерин так билет. Ошол убакта апам телевизордун астында даяр. Жаңылыктар көрсөтүлүп жатканда апам башка эмес, жадакалса “эң сүйүктүү” телефондоруна да жооп бербей коёт.
3. Апам башында бирдик салынарда телефон өчүп турса же бирдик салынган жерден алыс болуп калса, акча түшпөй калат деп ойлочу. Ошого дайыма өзү салып жүрдү. Жөнөкөй үлгүдөгү, ар башка компаниянын номери салынган үч телефонун көтөрүп алып, бирдик салынчу жерге жөнөйт. Кокус биз бирдик сала турган шартка тушугуп калса “ме, телефондорумду ала бар” дейт. Эми гана канча алыстыкта болсо да, көрсөтүлгөн номерди бирдик адашпай таап барарын түшүнүп калды. Сүрөт Чаткалда Идирис пайгамбардын күмбөзүнө барганда түшкөн.
Жашоодо убакыттын өтүшү менен баары алмашат экен. Алгач эне-баланын ар бир кылыгына эбедейи эзилсе, андан соң эне-баланын жүрөгүнө кубаныч тартуулап баштайт. Мөлтүр суудай таза энелер аман болсун! Гүлмайрам Турусбекова

#15 18 Февраль 2015 - 16:11
Асыл курбум...
Сүрөттөгү Таттыбүбү Адышева. Бул менин эң жакын адамым, бир тууганымдай көргөн асыл жан. Бул сүрөттөгүдөй эле аны дайыма күн желеси курчап турат. Ал жаандан кийин чыккан күн сыяктуу жарык, нурлуу асылзат. Аны жандап жүргөндө кайгыруу мүмкүн эмес. Жашоодо андан өткөн жароокер, шайыр адам жоктой сезилет. Ал атына заты жарашкан айым. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү ары акылдуу, ары сулуу. Ал азыр алыста, жакында эне болуу бактысын күтүп жатат. Биз сени сагындык. Сага жана балаңа ден соолук каалайбыз. Сүйүктүүң да жакынкы күндөрдө жаныңда болоруна ишенебиз. Сени 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз!
Сени жакшы көрөбүз жана аябай сагындык деген сенин сүйүктүү ТТ тайпаң жана курбуң Кызжибек Ниязалиева.
#16 18 Февраль 2015 - 16:13
Беш кайнеже жалгыз келинин куттуктайт!
Бардык эжелеримдин атынан сиңдибиздей болуп калган келинибиз Гуляйымды майрамы менен куттуктап, ушул сөздөрдү ага чын жүрөгүбүздөн арнайбыз. Гуляйка!!! Биздин берекебиз! Атабыздын алтыны, энебиздин жыргалы, инибиздин бактысы! Сен келгенде үйүбүз нурга бөлөнүп, шаңга толду. Босогобузду аттаарың менен артыңдан ырыс-кешик, бакыт-таалай кошо ээрчишип кирип келишти. Жаркырап күлүп, ийилип жүгүнүп, Жоомарттын колун жетелеп келдиң эле. Ошол жылмаюуң ууртуңдан эч кетпей, бүгүнкү күндө да ак жоолугуң жарашып, үйүбүздүн куту болуп келе жатасын. Тамашалап, “беш кайнежелүү келин болуу – бул эрдик” деп күлүп калчу элек. Келген сайын ысык чайын дайындап, “фирменный” чымчымаң менен жаркырап тосуп аласың, бизге ошол эле чоң кубаныч.Атабыз менен энебиздин жөлөнөр-таянары,
бөпөлөп багары кылып сени буюрганы үчүн, эрке инибиздин оорун ордон, жеңилин жерден көтөрүп, жанында жандап жүргөн түбөлүк жубайы кылып сени буюрганы үчүн Жаратканга миллион шүгүр, миллион ыраазычылык!
Сен бар үчүн биз, эжелериң, тээ мурун учуп кеткен уябыз жөнүндө кам санабай, ата-энебизге кам көрүп, үйдүн коломтосун жалындатып өчүрбөй, үй-бүлөбүздү бапестеп бага турган ишеничтүү бирөө бар деп санаабыз тынч. Ачык мүнөзүң, шайыр кыялың үчүн сени өстүргөн ата-энеңе рахмат. Баарыбызды сүйүнтүп, таттуубуз Аруукени тартууладың.
Кудайым кийинкисин да аман-эсен бооруңа алууңду насип этсин. Ар дайым дениң сак болуп, Мусакеевдердин назик, сулуу, бажырайган гүлү болуп жүрө бер.
Сенин сүйгөн эжелериңдин атынан Бегайым
#17 18 Февраль 2015 - 16:15
Гүлдөй жайна, өмүрлүк жарым!
- “Аял - эне, аял – жар” дегендей, гүлдөй назик аялзатын майрамы менен куттуктаймын! Алардын арасында менин сүйүктүү жарым жана ширин кыздарым Элдана, Сезима бар. Булар менин жашоомдогу эң кымбат адамдарым. Ар дайым жумуштан чаалыгып-чарчап келгенде жубайым жылмая тосуп алып, таттуу тамактары менен курсагымды тойгузса, кыздарым моюнума асылып, өөп-жыттап черимди жазышат. Мырзалар үчүн мындан өткөн бакыт жок болсо керек.
Жубайымдын аты - Мөлмөл. Барпы акындай акын болгонумда, балким, “Мөлмөлүм.. .” деп какшап ырдамакмын. Бирок мен дарыгермин, ошондуктан жүрөгүм “Мөлмөлүм” деп ырдаганы менен, өзүм жубайымдын ден соолугуна көз салып турган ден соолук сакчысымын. Ошондуктан жашоомдогу асылзаттарыма гүл арноодон эч тажабаймын. Бул сүрөт былтыр 8-Март күнү тартылган. Өмүр бою гүлгө бөлөйм деген ниетим бар.
Жолдошуң Тилек

#18 18 Февраль 2015 - 16:16
Дагестандан кыргыз жигитти ээрчип келген Юмабике
- Жубайым менен Москвада жүргөндө таанышкам. Жан шеригимдин аты Юмабике, даргин кызы. Ата-энем кыргыздын салты менен Дагестанга барып Юманын колун сурап, сөйкө салып келишти. Ал жакта кыз узатуу той болгон соң келинчегимдин туугандары менен кыргызстанга келдик. Бул жактан да элден бата алып той берип, учурда Москва шаарында иштеп, жашап жатабыз. Юмабикени Юля деп алганбыз. Ал менин туугандарымды өз жакындарындай кабыл алды, апамды апа дейт. Ошол сөзүнө ыраазы болуп кетем. Баарынан да ата-энеси каршы болгонуна карабай үйдүн эрке кызы Кыргызстанга мени ээрчип келди. Демек, сүйүү менен жердин алыстыгын, жеңсе болот тура. Юмабийкем жакында мага наристе тартууулоонун алдында турат. Буюрса, мен ата болом. Бул сүрөт экөөбүздүн эс алуубуздагы бир көрүнүш.... Бактыяр

#19 18 Февраль 2015 - 16:17
Жомоктогу ханышаларым!
- Бул жашоодо Кудайдын мага берген чоң белеги - сүйүктүү жубайым Чынара. Чынарам мага эки данектей болгон Динайым, Айзада аттуу кыздарымды белек кылды. Бул үч адам менин жашоомдун маңызы. Бул сүрөт ошол бактылуу күндөрдүн бир үзүмү. Майрамыңар менен, менин жашоомдогу ханышаларым!
Азат

#20 18 Февраль 2015 - 16:18
Кемпириме дайыма белекке гүл берем
- Алган жарым Назакат менен жашап жатканыма 56 жыл болду. Кудайга шүгүр, экөөбүз 5 баланы тарбиялап, 20 небере, 9 чөбөрөлүү болдук. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу, байбичем экөөбүз шаар менен айылдын ортосунда саякаттап, меймандап жүрөбүз. Бул да болсо бактылуу карылык.
Сүрөттү неберелерим Бишкекте экскурсияда жүрсөм тартып алышкан экен. Өзүмө да аябай жаккан. Сүрөттөгүдөй дайыма эле байбичеме жакшы маанай, гүл тартуулап келгем. Карысак да жүрөк кургур картайбайт турбайбы...
Келе жаткан аялзатынын майрамы менен Назакатты, келин- кыздарымды куттуктайм! Бар болгула, аялзаты, силер бар, биз барбыз! Курбанкул