- (13 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жүрөк сырлар жыйнагы
#1 07 Декабрь 2014 - 16:38
Саламатсыздарбы туугандар менин окуям эмес
БИР ЖИГИТТИН ОКУЯСЫ"
Эрте менен уйкумдан карындашымдын звоногу
ойготту, "Бугун кандай кун экенин унуткан
жоксузбу, адаттагыдай эле барып келесизби"
деп.
Ошол каргашалуу кундон бери, жетим деген
статус алгандан бери бугун туптуура 8жыл
отуптур. Унум кудайга жеткиче чынырып,
ыйым асманга жеткиче ыйлаганым дале
эсимде. Бугун дагы тан атпай токтоно албай
ыйлап жаттым. Мени менен жаратылыш да
ыйлагансып жаан да катуу жаап жатты. Анда
эмесе, баарын башынан айтып берейин.
Ал кезде 17жашта элемин, окууну эрте бутуп
борбор шаарда 2курста окуп калган. Куз
мезгили эле, дос балдар менен жашачумун,
омуру келбеген алыс тууган эжем келип мени
шаштырып уйго бар деп калды. Так отуруп
уйго жонодум, эмнеге деп сурасам, Чон
энендин тою болуп жатат десе, гул да алып
алганмын. Энемдин уйуно келсем озунчо эле
машиналардын пробкасы экен.... Ичимден
тойго коп адам келген туура деп суйунуп
койгом. Чуркап кире калсам эле боз уй тигип,
папамдын суротун илип коюшуптур, балачак
кезим эле да эч нерсени тушунбой катып туруп
калдым... Боз уйдон карындашым чынырып
чуркап чыкканда гана озумо келдим...ошондо
билдим папамдан айрылганымды. ... Болгон
кучум менен жулкулдап тургуза албай ыйлап
жаттым. Анан бир маалда мамамды издеп
баштадым..... .. Корсо ата-энем туну
автокырсыкка учурап рулда олтурган папам
дароо эле жан бериптир....мамам менен
байкем реанимацияда экен. Ошентип эртеси
папамды жерге берип келээр менен
больницадан байкемдин соогун алып келишти.
Кан жутуп ыйлап, тан атканча жер тепкилем
кучактап алып кой бербей жаттым. Он гулунун
бир гулу ачыла элек 22 жаштагы байкемди
дагы суук жерге койдук... Эртеси больницага
алпаргыла деп когоруп жатым карындашым
экообуз келдик, реанимациага киргизбей
коюшту, реанимацианын алдына туруп алып
тизелеп кудайдан, жараткандан "мамамды
майып болсо сактап калчы" деп жалынып
суранганым эч эсимден кетпейт. Алтынчы кун
дегенде мамамды палатага чыгарышты, кудай
созумду угуптур деп суйунгонубузду айтпа.
Врачтардын ыйлабагыла, эч нерсе айтпагыла
азырынча дегенине карабай кирип эле
кучактап ыйлап кирдик. Эне журогу баарын
сезди окшойт катуу кучактап акырын ыйлап
жатты. Мама бизди таштабачы деп кобурап
жаттык. "Алтындарым кантип силерди
таштамак элем, кайраттангыла" , мени карап
"жалгыз карындашын бар, мен чыккыча карап,
жолок таяк болуп жур " деди. Биздин
каршылык корсотконубузго карабай алып-
чыгып кетишти. Эртеси эрте менен женем
жасаган тоок шорпосун алып больницага
бардым. Кирип эле 7 палатага деп мамамдын
фамилиясын айттым. Дежурный медсестра
ушул дуйнодогу эн суук кабарды айтты "туну
моргко алып кетишти"- деп колумдан банка
тарс этип жерге тушуп, палатаны коздой
чуркадым, Чын эле мамам жаткан кровать бош
экен, ага да ишенбей козум менен издеп
жаттым. Чынырып жатып больницаны уч
котору жибердим. Кечоо эле тируу эмес беле,
бизди таштабайм дебеди беле деп ыйлап
жаттым. Ошол кезде кудайга нааразы
болгонумду айтпа, кроватка чыгып алып эмне
сага эки жакын адамым жеткен жокпу,
мынчалык эле тойбоссун, жок дегенде
мамамды калтырып койсон эмне болот эле
деп кыйкыырп куноолоп жаттым. Бир мезгилде
агамдар жетип келип уч буктоп машинага
салып кетишти.... Уйго келгенде
карындашымды кучактап эч айта албай
шолоктоп жаттым.... Тушунгон карындашым
болгон уну менен "МАМА" деп уч жолу катуу
кыйкырып эсин жоготту. Тез жардам келип
аны да алып кетишти.... Асманды карап Кудай
эмне карындащымды дагы алып кеткени
жатасынбы, андай болсо мени дагы унутпа,
бизди урук-тукумубуз менен жок кылгын келди
окшойт деп ыйга арлашып кыйкырып жатттым.
Мамамды дагы папамдын, агамдын артынан
суук жерге бердик, Эмне деген жашоо 7кун
ичинде 3 жакын адамымдан айрылып, жашоого
деген кызыктын баары жоголду, элдин айткан
создору кулагыма да кирбей калды. Кудай
жалгап, карындашым уч кун дегенде озуно
келди......
Карындашым мектепти
буткондон кийин, экообуз ал
квартираны сатып, айылдагы чон уйду сатып
борбордон бир комнаталуу уй алдык, ашкан
акчага карындашымдын жок дегенине
карабай аны окууга киргиздим. Ишке
орноштум, жалгыз жакын адамымды эч
нерседен кем кылбайын деп куну-туну иштеп
жаттым. Карындашым деп эле жашап
калдым. Ал окууну буткучо кантрагын толойм
деп кандай гана жумуштарга барбадым.
Официант жумушунан баштап кыргыз
баласына жат болгон моделдик агентсво да
иштедим, ал эми азыр болсо жакшы
иностранный компанияга кирип алгам (мамам
переводчик болчу, кичине кезимден эле
англис тилин уйроткон, жада калса бала
чагымда уйдо жалан англис тилинде
суйлошчук, папам баш болуп). Карындашым
окууну бутуп ал да жумушка кирди. Уч ай
мурун турмушка чыкты, кудайдан тилегенип
орундалып куйоо бала жакшы чыкты.
Папамдын иниси жардам берип мени менен
кошо чуркашып турмушка бердик. ТОй аябай
жакшы отту, аракет кылдым, убагында
таарынычым бар эле бир тууган эжеме (ушул
жетим кызды ким алат эле деп айткан)
ошого далилдеп берем деп. Ээх ата-анем
ушунун баарын корсо эмне болмок, тордо
отуруп куда-кудагый деген наамды алып...
Уйдон алып чыгып кетип жатканда ичим
ачышканын айтпа...ушунча жылдан бери
болгон дуйномду, жашоомду, журогумду,
карындашыма арнап салган экенмин. Куйоо
бала чэт жерде Кыргызстандын элчигинде
иштейт экен той болуп откондон кийин бир
айдан кийин эле башка олкого жашаганы
кетип калышты. Ким билет, мамамдын, чон
энем каза болуп жатканда айткан керезин
аткара алдым бекен.
Азыр жашым 25-те эмне кылышымды
билбейм калдым, жашоонун кызыгы кетти
корсо мындан мурун бир определенный цель
менен жашап журупмун, азыр болсо кандай
цель коюшту деле билбей калдым. Ушул
жашка келип бир кыз менен жакшы деле
суйлошбоптурмун, эч кимду суйбоптурмун,
ким билет балким таш-журок болуп
калгандырмын. Эчкимди куноологум келбейт,
бунун баарны тажаал тагдыр куноолу, ай мен
эмне болуп калыптыр сегиз жылда мен эле
эмес Кыргызстанымда кыйналып кетти го.
Буларды жазып олтуруп жанагы ыр эске
келип кетти "Ушундай беле бешене"... ....
Эки саатттан кийин аэропортко барып анан
бир сааттан кийин жакын адамдарым жаткан
жерге барып, куран окуп алар менен суйлошуп
келем, карындашымдын свадьбасын айтып
берем, суротторун алып барып корсотом.....
алар мага караганда суйунуп жаткандыр, мен
деле суйунуп жатам бирок жалгыз
калбадымды.
Иштен отпуск сурасам бербей койгондуктан
иштен да чыгып кеттим.... кайра мага кара
кундор башталабы эй.......
Энеке...мама. ..папа....акем. .....мен силерди
коздой кетип бара жатам...бугумдун баарын
силерге айтып берем, силерден башка мени
ким укмак эле...... билесинерби тээ бала
чагымдагы бактылуу кундорумду сагынамын,
Как раз телевизордо ушул ыр болуп жатат (А
менин бала бойдон калгым келет)...
эмне кылам.........кантип жашайм......... .чын
эле жашоонун кызыгы кетти
го........Жалгыздыктан эми эле жадап
буттум....буттум. ..буттум.......
P.S урматтуу окурман мен буну беш ай мурун
жазган болчумун, ал эми бугун форумга
киргизууну чечтим, как говориться не судите
сторого, орус классты буткон болчумун бирок
аябай аракет кылып кыргызча жаздым....бир
аз каталык болсо кечирим сурайм. Азыр уже
работаю, андан да жакшы жумушка кирип
алдым....
Соз аягында эмне айткым келет ата-
эненди, бир туугандарынды тируусундо
сыйлай жургуло!.. (конул бурганынызга чоон рахмат!
Барпылыктар рулит))
#2 07 Декабрь 2014 - 16:50
Эх, ыйлатты го адамды
. Азамат жигит экен. Карындашын өз тууруна кондуруптур.
Эми өзү да бактысын тапса экен.
![:капамын:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#3 07 Декабрь 2014 - 17:30
журокту тешип отуго мындай окуя менин бир тууган боломдо да болгон. Жигиттин озунода жакшы ыймандуу жар жолугуп бактылуу болушун каалайм.
#4 07 Декабрь 2014 - 17:31
Эх, тагдыр... Козум жашка жуулду. Акылдуу бала экенсин. Азаматсын!
Карындашынды оз колун менен узатып, тууруна кондурупсун.
Албетте, сени сыйлаган урматтаган жубайга жолуугарына толук ишенем.
Анан да убактысын болуп жазган Барпынын кызы эжебизге да ыраазычылык !
Ата -энебиздин козу барда сыйлап урматтап, батасын алалы. Алтындан да ардактуу, эн кымбат ата-энелерибиз бар болсун! Оорубасынчы! !

#5 07 Декабрь 2014 - 18:29
Тагдырдын эн эле оор сыноосуна кабылыптырсыз. Азыр озунунузду жалгыз сезип жатсаныз, уйлонуп бала чакалуу болгондо бир ааз болсо да умут максат менен жашап калаарсыз. Мындан аркы жашоонузга ийгилик каалайм.
#6 07 Декабрь 2014 - 19:37
Одноклассникиден окуп алып озуму токтото албай ыйладым эле,эх жашоо деген ушундай кылып сынайт экенда адамдарды
#7 07 Декабрь 2014 - 19:38
Окуп бүткөнгө чейин ыйладым го, чиркин.
Жалгыз эмессиз. Үй–бүлөөлүү болосуз, анан ошолор үчүн жашайсыз. Кудайым жакшы көргөн адамын жанына алат дейт го, сабыр кылыңыз. Бул да болсо Аллахтын буйругу.
![:капамын:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
![:79:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/79.gif)
Жалгыз эмессиз. Үй–бүлөөлүү болосуз, анан ошолор үчүн жашайсыз. Кудайым жакшы көргөн адамын жанына алат дейт го, сабыр кылыңыз. Бул да болсо Аллахтын буйругу.
#8 07 Декабрь 2014 - 19:42
![:cray:](http://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/cray.gif)
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#10 07 Декабрь 2014 - 21:02
Окуп бир бугумдан чыгып ыйлап алдым,эх турмуш.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#11 07 Декабрь 2014 - 21:32
АЛЛАХты куноологон болбойт,бул сизге берилген сыноо,АЛЛАХЫМ суйгон пендесине сыноо жонотот,сабыр кылыпсыз азаматсыз,карындашыныз бактылуу болсун бактынызга,
озунузго да бакыт тилейм,уй булоо курсаныз бакыттын жаны барактары сиз учун ачылат,тенинизди таап уй булоо кутунуз!
#12 08 Декабрь 2014 - 00:55
#13 08 Декабрь 2014 - 22:33
Аябай кайгылуу го. Бирок баарыбыз бул жалган дүйнөдө аманатпыз.Сабыр кылыңыз. Баары жакшы болот. Эми сиз папаңыздын тукумун уулап, жакшы жубайга үйлөнүп туяк калтырышыңыз керек. Карындашыңыздын төркүнү жөлөгү сизсиңиз.
#14 09 Декабрь 2014 - 00:49
Бул жигит оо илгери Суперстанга кирчу. Аватарында ыйлап жаткан жигиттин суроту турганы дагы деле эсимде. Тема ачкан беле, же монологго жазганбы унутуп жатам дал ушул постту окугамын.
Жашообузга аттин кылбай жашайлычы,сен же мен жашап жаткан жашоо балким бирөөнүн тилегенидир.
..
#15 10 Декабрь 2014 - 00:28
erkelep jurup ata enege ayrylyp kaldym emnege deyt kozu barda syilayly ata-eneni ! Tekst otstv.t_
#16 12 Декабрь 2014 - 13:15
Ата-эненин кадырын козу тируу кезде билбейбиз эч качан.Качан гана алар бул дуйнодон откондо,биле баштайвыз.Ата-
эненин ордун эч ким,эч качан ээлей албайт,толуктай албайт.Жашоодо ата-энеден башка баржокту кайра таба алабыз.
Только злые люди, зла боятся!
#17 12 Декабрь 2014 - 19:41
Бул окуя суперстанда бар кененирээк жазылган 2 жыл мурун окусам керек эле
Жашоо бир келет!
#18 27 Сентябрь 2015 - 14:17
Социалдык тармактардын биринен окуп,бул жака илип койууну туура кордум.Арабызда ушул кызга окшоп жапа чеккендер болсо кереги тийип калаар.
#19 27 Сентябрь 2015 - 14:18
Күйөөм социалдык тармактарда "жашайт”
– Күйөөм экөөбүздүн турмуш курганыбызга 8 жыл болду. Ортобузда 3 балабыз бар. Буга чейин өзүмдү эң бактылуу аялдардын катарына кошчумун. Жолдошум мени гана сүйөт, менсиз, балдарысыз жашай албайт деп ойлочумун. Бирок акыркы жарым жылдан бери бул оюмдун күчү кетип баратат.
Акыркы учурларда жолдошум социалдык тармактарда “жашап калды”. Жумуштан келери менен шаша-буша тамагын ичет да, ноутбукка жармашат. Мурункудай балдары менен ойномой, чогуу бир жактарга барып эс алмай деген нерселер биздин жашообузда унутулуп баратат. Үйдө жасалбай жаткан майда-чүйдө иштер толуп кетти. Айтсам, “эртең жасайм” деп кутулуп кетет. Эртеси кайра эле ошол.
Мендеги маселе ушул эле болсо мейли эле, эң жагымсызы жакында болуп өттү. Бир күнү ал адаттагысындай интернетте отурганда мен балдарым менен жатып уктап калгам. Түн ортосунда ойгонуп кетип карасам күйөөм ордунда жок экен. Залга чыксам диванда уктап жатат, ноутбук күйүп турат. Аны акырын ашканага алып чыгып карасам Одноклассники ачылып туруптур. Кимдер менен жазышканына кызыгып окуп жатып төбөмдөн ылдый муздак суу куюп жибергендей абалда калдым. Түнкү саат 2ге чейин бир кыз менен жазышыптыр. “Мени сенден башка эч ким кызыктырбайт, силерсиз мага жашоонун кереги жок...” деп жүрчү жолдошум тиги кызды укмуш эркелетиптир. Ошол жерден тургузуп алып чыр чыгардым. Күйөөм камарабай: “Эмне болуптур, жөн эле сүйлөшүп койдум. Мен эмне, анын жанына барып жатып алыптырмынбы? ” - дейт. Баары ушундан башталат да, биз деле телефондон жөн эле сүйлөшүп жүрчүбүз, анан үйлөнүп жашап калбадыкпы.
Ушул окуянын эртеси эки саат божомолдоп отуруп күйөөмдүн сыр сөзүн билип алдым. Күн сайын жумушка кеткенде баракчасын ачып окуйм. Ал болсо тиги кыз менен жазышканын токтоткон жок. Ал эле эмес, башка кыздар менен да жазышат. Айтайын десем, сыр сөзүн билип баракчасына кирип жаткандыгым үчүн мени ууру катары көрүп жемелерин билем. Айтпайын десем, турмушубуз бузулганы жатат. Бузулганы ушул да, арабыз улам алыстагандан алыстоодо, ортобузда баягыдай жылуулук жок. Менин өзүнүн аялы экенимди да унутуп баратат.
Окурманыбыздын мына ушундай катынан кийин учурдун көйгөйлүү маселелеринин бирине айланган социалдык түйүндөргө болгон көз карандылыкка кененирээк токтолууну туура көрдүк.
Сүйүктүүңүздү интернеттен кайтарып алыңыз
Заманбап адамдын жашоосун интернетсиз элестетүү мүмкүн эмес. Жаман жери – аны ашыкча колдонуп интернетке көз каранды болуп калуу. Бул зыяндуу адаттан жакын адамыңызды куткарып алууга болот экен. Кантип?..
Ал эмне үчүн интернетке көз каранды болуп калды?
Эгерде күйөөңүз көп убактысын социалдык түйүндөрдө отуруу менен өткөрсө, анда ал башка аялдардан колдоо күтөт. Сиз аны жакшы түшүнбөйсүз, көп көңүл бурбайсыз.
Ага баарлашуу жетишпейт. Сиз, балким, жолдошуңуздун эч жакка чыкпай “үй күчүк” болуп отурганына сүйүнөт чыгарсыз. Бирок адамга, айрыкча эркек кишиге эркиндик керек экенин унутпаңыз. Ал каалаган учурда досторуна жолугуп сүйлөшүп турушу керек.
Жумушунда маселе жаралды. Карьерасында ийгилик болбой, иштери жүрүшпөй, акчасы жетишпей жаткан адам үчүн өзүнүн көңүлүн көтөрүүчү эң ыңгайлуу ыкма - социалдык тармактар. Анткени ал өзүн көрбөй турган адамга укмуш акылдуу, жогорку деңгээлдеги профессионал болуп көрүнө алат.
Үй-бүлөдө маселе жаралды. Социалдык тармактарга болгон көз карандылыктын дагы бир себеби – үй-бүлөдө чыккан чыр-чатак, түшүнбөстүктөр, жетишпестик жана башка маселелер. Мындай учурда адам реалдуу маселелерди чечүүнүн ордуна алардан четтеп интернетке байланат. Виртуалдык достор болсо эч кандай маселе жаратпайт эмеспи.
Күйөөңүздү социалдык тармактардан кантип кайтарып аласыз?
1. Көбүрөөк сүйлөшүңүз. Жолдошуңуз кечинде жумуштан келгенде эринбей күн бою эмне кылганыңызды, болгон жаңылыктарыңызды айтып бериңиз. Өзүнүн да айтып берүүсүн сураныңыз. Досторун үйүңүзгө чакырып алар менен баарлашуусуна шарт түзүп бериңиз. Сизге жакпаган достору болсо да алар менен жолугушуусуна тоскоол болбоңуз.
2. Психологдор социалдык тармактарга болгон көз карандылыкты адреналин менен дарылоону сунушташат. Жолдошуңузга экстремалдык эс алууну сунуштаңыз.
3. Жолдошуңузга берген бааңыз ал үчүн абдан маанилүү экенин билип коюңуз. Анын ийгиликсиз, жолу жок экенин баса белгилеп айта берсеңиз, албетте, сизден качып интернетке “жашынып алат”. Ал эми аны мактап, ар бир майда ийгиликтерин, акылдуулугун, күчтүүлүгүн баса белгилеп айтып турсаңыз, эч качан сизден алыстабайт.
4. Үй-бүлөлүк жашоодо бурулуштарды жасаңыз. Мисалы, унааңыздарды алмаштырыңыздар, үйүңүздү оңдоп-түзөңүздөр. Бул түйшүктөргө алаксыган күйөөңүз бара-бара социалдык тармактарга кирбей калат.
5. Ал компьютерден алыстап, сизге аз да болсо көңүл бурган сайын чын дилиңизден ыраазычылыгыңызды билдирип туруңуз.
6. Жолдошуңуздун реалдуу жашоодон алыстап, виртуалдык жашоодо жашап калганынын себебин аныктаңыз. Маселени чечүүдөн качсаңыз, ортодо канчалык көп убакыт өтсө, мамилени ордуна келтириш ошончолук кыйын болот. Андыктан күйөөңүз менен чогуу отуруп өз оюңузду айтыңыз, анын канааттанбаган нерсесин угуңуз, анан ортодо жыйынтык чыгарып мамилеңиздерди такташып алыңыздар.

#20 27 Сентябрь 2015 - 14:27
Йошки ушу одноклассникти орттоп салыш керекта,окуп алып жиним келип кетти бир сыйра текшерип чыгыш керек эле
- (13 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »