Amantur. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 677 (0,19 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (187 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Февраль 15
- Кароолор:
- 19 798
- Соңку аракети
- 24 Ноя 2015 20:16
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Май 19
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Chagylgan7
04 Фев 2022 - 22:13 -
Sushi_wok
30 Апр 2019 - 14:26 -
besha
24 Дек 2018 - 03:22
Мен ачкан темалар
-
Сен кайсы жерде жашынсаң да.
Жазылган күн: 25 Май 2015
Автору:Элизабет Хейнс.
Сен кайсы жерде жашынсаң да.
Сүйүү коркунучтуу, кээде өлгүдөй коркунучтуу.
Кэти Бейли,сулуу жаш англичанка, бул тууралу жөн гана укпаган жана криминалдык хроникадан эле билип алган эмес.Бир күнү Кэтинин жолунда анын кыялындагы эркек жолугат.Табышмактуу, кайраттуу жана сулуу,суперменге аз гана тең келе албаган ал эркек тырышып жатып кызга жетет.Ошол супермендин бет кабынын артында кандай гана таш боор желмогуз жашынып жатканын жана өзүнүн өлүм жектектеген оюнуна тандаган курмандыктарынын биринчиси эмес экенин Кэти каяктан билмек.
Автордун заматта эле дүйнолүк детективдердин авторлорунун катарына көтөрүп чыккан дебюттук китеби.
П.С. Биринчи жолу орусча китеп которуп жатышым.Бул китепти окугандар болгон болсо,же окуп келип,менин которгонумдан ката табып калсаңар өтө катуу айыптамай жок)).Себеби кээ бир сүйлөмдөрдү түз мааниде которсоң мааниси таптакыр өзгөрүлүп кетет экен.Кээ бир создөрдүн кыргызчасын таптакыр таппай,же маанисин өзгөртүп албоо үчүн атайы которбой тырнакчага алып ошол эле бойдон жазылган создөр да кезигет.Бул триллер,детектив мага абдан жагып калганынан которууну чечтим.Адамдын ички дүйнөсүн билбей туруп сырткы келбетин сүйүп калган кыздар үчүн десем туура болоор.
Анан да дагы айтып кетчү нерсе өзүм да окуп бүтө элекмин,которгончо гана окумакчы болдум...
Күнүнө бир гана саат ушул китеп үчүн убакыт бөлүп жүрүп араңдан 20%ти эми которулду.Өзү баштаганыма бир айдан ашып калды.Улам-улам көбөйгөн сайын бул жакка илип турам.А эгер жагып калып орусчасын эле окугуңар келип кетсе интернеттен таап алсаңар болот.Бирок ал жакта толук эмес.Сатып алыш керек.Анда эмесе кеттик...
-
Вампир, зомби, жез кемпир-булар кимдер, кездештирсе болобу?
Жазылган күн: 24 Мар 2015
Вампир, зомби,ведьма, оборотень сыяктуу коомчулукта, кобүнчөсү батыш тасмаларындагы кеңири жайыла баштаган ушул тушүнүктөр тууралуу ислам дини кандай ойдо?
"Зомби, оборотень" тууралуу эч нерсе дей албайм го,бирок, "вампир,ведьма" тууралуу көп нерсе эле окуп калам.Кээ бири "алар бар,бирок тасмадагыдай эмес.Тасмада аларды ашыра көркөмдөп жиберишкен" дешсе,кээ бирлери "алар ойдон чыгарылган нерселер" деп келишет.Бирок, ушул кезге чейин бир жыйынтыкка келише элек.
Исламда бул түшүнүктөр тууралуу эмне делет?
Дагы суроолор көп пайда болушу мүмкүн.Суроолор алчу жооптон коз каранды болот. -
Өз үнүң өзүңө жагабы?
Жазылган күн: 16 Мар 2015
Салам алейкум,форумчулар! Тема айтып тургандай ички үн жөнүндө сурайын дедим эле.Мисалы менин өз үнүм өзүмө башкача угулат.Анан эле диктофондон, же тартылган видеодон өз үнүмдү укканымда кээде үнүмдү тааныбай кетем.Силерде да өз үнүңөрдү биринчи укканыңарда кандай акыбалда болдуңар эле? Деги эле ички үндү кантип,каерде биринчи уккансыңар?
Теманын маңызын туура эле түшүндүргөнсүдүм окшойт.... -
Ойнош
Жазылган күн: 14 Мар 2015
Ойнош
Шаардан чыккан капкара "мерс" жылтыраган тегиз жолду багындыра кичинекей айылдарды,ээн талааларды, жол талашкан,жол бербей алдын тоскон ар кандай машиналарды артта калтыра ашып өтө улам тазаланып бараткан абаны жиреп барат.Ичинде олтурган экөө тең үнсүз.Күз мезгили.Убакыт эрте мененки жетилер чамасы.Бири экинчисине өчөшкөндөй жолду теше тиктеген бойдон рулду
карыштыра кармап алган.Жанындагы сулуучумак келген арыкчырай келин өзулөрү бараткан машина улам ойт берип алдыдан чыккан машинаны катуу ылдамдыкта айланып өткөндө эшиктин туткасын мыжыга кармап жиберет.Анысын кайра жанындагыга билдиргиси келбегендей ылдам туткадан колун ала коёт.Эки сааттан ашык жол жүрүшкөндөн соң жолдогу машиналар да улам суюлуп олтуруп эми анда- санда гана кезиге баштады.Жолдун акыбалы да барган сайын бузулуп барат.
-Айтчы деги? Эмнеге именно бүгүн,эмнеге? -деп жиберди ортодогу бул узаак жымжырттыкка жанатан бери тилин тишине катып араң чыдап келаткан капкара кастюм шым,капкара галстуксуз көйнөк,жана ошондой эле улам-улам эки буту менен алмак-салмак бирде газды басса,бирде тормозду баскан капкара туфли кийген узун бойлуу,жүзүндө "мода" деп атайы толугу менен кырылбаган сакал- муруттуу,жанындагы келинге баардык жактан төп келген жигит.
-Эмне, муну атайылап кылды дейсиңби? Бул да болсо кудайдын буйругу да-деген келин алдыны караган майдан мурчуя жооп берди.
-Кудайдын буйругу имиш...-жигит ооз уучунан күңк этип койду.Канчалык буртактагысы келип турса да өзүн араң кармап бараткандай сезилди.
-Жеңиш, кайра баштабачы,сураныч. .. Жана эле баарын талкуу кылдык го-Келин чарчаңкы жүзү менен жалооруй да,ачуулу да жигитке карай сүйлөдү.
-Талкуу кылдык деп коёт.Талкуу кылганда эки жак тең макул болот.А азыр болсо сен мени күчкө салып эле алып кетип баратасың.
-Бу эмне дегениң,Жеңиш? Көзүү тирүү кезинде жумушуңа шылтоолоп жүрүп жакшы сыйлай албаган апамды жок дегенде эми тиги дүйнөгө узатып коюу сага ушунчалык азаппы? Жумушум көп дейсиң.Жолугушуум бар дейсиң.Эмне, ал жумуштарың эки күн да күтүп туралбайбы? Көп болсо баягы эле бүтпөгөн жумуштар го-деп албууттанып алган келиндин жүзүндөгү бедери жоголо,эрте менентен бери ансыз да бейпай болуп аткан жаны эч нерсе болбогондой кыжырына тийе сүйлөп бараткан бейсаза күйөөсүнө ачууланганы көкүрөктөн сыртка ыргып чыгып кете жаздады.Бирок, ал жиндерин сыртка толук бүркүп чыгарууга анын күчү жетпейт болчу.Ыйдан көзү шишип,эрте менен эптеп өзүн ирээтке келтиримиш болгон буржуюңку жүзү,көздөрү анын абдан чарчаганын айтып турду.
-Болду болду.Көп жинге тийбе.Анан да дагы кайталап айтып коёюн,эч кандай эки күн турбайм.Бүгүн эле кайра кайтам.Ансыз да көптөн бери күтүп келген жолугушуум бүгүн сенин эч качан айтканын бербеген апаңдын айынан бүлгүнгө учурады.Карачы
эми,ушундай- деп туура келчү сөзүн таппай эки жагын каранып алды да-адам жөндөн-жөн келгиси келбеген кайдагы бир тоо,талаа курчаган жерге келип жашап эмне пайда тапты? Эч түшүналбайм. ..-деген жигит башын эки жакка чайкап сүйлөнүп алды.
-Аны өзүң деле билесиң го.Врачтын өз оозунан сен деле укпадың беле апамын ден-соолугуна: таза аба,таза суу,ар кандай тоо өсүмдүктөрүнүн табигый жыттары жардам берет дегенин? Калп эле унуткан адам болуп каласың да...
-Кана жардам бергени? Ал врачтарың оозуна келгенди оттой беришет деп айттым беле сага ошондо эле? А сен болсо апаңды кой дештин ордуна кайра кубаттап туруп алдың.Мына эми жыйынтык? Акыркы сапарга узатканга үлгүргөн жоксуң-деген аңгүдүк күйөөсү аялын карап "Айтканды угуш керек болчу" дегендей коюу кашын жогору серпип койду.
-Эгер кечээ телефонго жооп бергениңде, же эртерээк келгениңде үлгүрмөкмүн- деген келин алды жакты тиктеген бойдон күңк этти.
-Мына эмесе! Эми буга да мен күнөөлүмүн. Эмне мени ойноп жүрдү дейсиңби? Мен дагы ушу сенин,Жоодардын курсагы ток болсун деп,кийими бүтүн болсун деп жанталаша жумуштар менен жүрдүм да.
-Билем сенин кандай жанталаша жумушта жүргөнүңдү- Келин жаман көздөрү менен,жана ошол эле маалда бул нерсенин даамын алда качан таткандай көздөрү мене бир карап койду.Бул айтканынын артында башка маани жатканын экөө тең түшүнүштү.
-Түшүнбөдүм. .. Бул эмне дегениң?-деп жалт карап алган сойгок мүнөздүү Жеңиш жасалма болсо да күчкө сала таң кала да,шылдыңдагандай да түрдө аялына бир карап алды да кайра жүзүн буруп кетти.
-Эмне, унчукпасам эле "Бул келесоо эч нерсени билбейт" деп жүрөсүңбү? Ооба,көргөн эмесмин,кармап да албадым.Бирок, мен аял затымын, Жеңиш! Мен көрбөй туруп,артыңдан аңдыбай туруп баарын сезем.О-о-о,албетте сен азыр бетин кызарып койбой,көзүмө тике
карап туруп:"Болбогон сандырак нерсени ойлоп,өзүңчө жинди боло бербесең" деп айтасың.Ошол көздөрүмө тик караган куу көздөрүңдүн тээ тереңинде жашырынып алган чочулоону,жалтаңдоону мени көрбөйт деп ойлойсуң.Өзүң менен кошо алып келген кийимиңдеги чоочун жытты мени байкабайт деп ойлойсуң.Өтө терең адашасың,алтыным. Бирок,коркпойле кой.Жоодардын атасыз өсүүсүнө жол бербейм-деген келин "ушуну укмаксың акмак" дегендей эки колун көкүрөгүнө ала башын оң жагындагы терезеге буруп сырт жакты карап олтуруп алды.Уккан кулагына ишене албай,ишенсе да тогуз жылдан бери жашап келаткан Мунарадан мындайды күтпөгөндөй кеби оозунан түшүп,эмне деп жооп беришин бир саамга ойлонуп калды Жеңиш мырза.Анан гана араң:
-Ишенбөө же ишенүү өзүңдөн,Мунара! Мен сени кыстап олтурбайм-дегенге жарады өңгүл-дөңгүл жолдон көзүн албай,төрт жыл минген эски машинесинен кутулуп жакында эле сатып алган ушул "мерсти" аягандай рулга өбөктөп алып айдап бараткан Жеңиш.
Комментарийлер
Amantur.
28 Июл 2015 - 20:42barpynynkyzy
28 Июл 2015 - 20:39