- (14 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Эркектер үй жумушун кылса... Көз карашыңыз кандай?
#1 18 Июль 2017 - 14:36
Жаш үй-бүлө, батирде турушат. Экөө тең иштейт. Жумуш оордугу бирдей, жолдошунун айлыгы бираз көбүрөөк болбосо, айырмасы деле жок. Жумуштан келгенде жубайы тамак жасап берип, идишин жууп коёт. Эрте менен туруп, жолдошунун көйнөк-шымын үтүктөп, бут кийимин тазалап берип, жумушка чогуу кетишет. Эс алуу күндөрү үй-жыйнашы керек ж.б. Ушундай көрүнүш күн сайын кайталанат. Шаарда көпчүлүк үй-бүлөдө азыр ушундай эле болсо керек.
Суроо: Бул биз (кыргыз) үчүн талкууланбай деле турган тема. Бирок аял киши баарына жетишиши керек, чарчабашы керек, "роботпу" же "темирденби" ? Үй-бүлөнү бекем, ынтымакта кармап турган аялзаты, ошондуктан ал аялзатына тиешелүү жумуштарды жасаса өлбөйт. Баары эле ушинтип жашап келген, кайдагы батышты айтпагылачыбы?
Бирок кээде, кээде жубайына жардамдашып, бир күнү "кел, бүгүн тамакты мен жасап берейин", же эрте менен тамактануудан кийин "өзүм эле жууп коём" дегенге болбойт? Түн ортосу бала ыйласа туруп карап койгонго болбойт. Аялын түртүп "тур, балаң ыйлап жатат" деши керек?
Деги эле бизде аялзатын канчалык сыйлашат? Алардын жүгү канчалык? Эркек кишиникичи?
п.с. Автордун күйөөсү өлгөндөй шүмшүк, күн көрсөтпөйт окшойт. Жок, бир болсо эркектерден көңүлү калган дегендин кереги жок. Мындай тема болсо кошуп коесуңар деп ойлойм.
#2 18 Июль 2017 - 14:48
Негизи кир жуу, идишинди келинчегин эле жууп койсо жакшы. Бала ыйлап калса келинчегинен биринчи туруп сооротуп уктатып койсо болот. Келинчек жакшы уктаса куч топтоп, эртеси тамакты да ары бери жасайт, киринди да шапа шупа жууйт дегендей))
#3 18 Июль 2017 - 16:23
Мурунку апаларга мин мертебе рахмат.
Азыркы келиндер болбойсунар атынаргале Келин болуп калдынар.
#4 18 Июль 2017 - 17:16
#5 18 Июль 2017 - 17:26
#6 18 Июль 2017 - 17:55
aIways-here (18 Июль 2017 - 17:16) жазган:
Тушунугун жогору мырзалардан экенсин. Жетишпей калса, эркектин жардамдашканы жакшы. Муну подкаблук дегенге болбойт. Ушул тууралуу бир мисал эске тушту.
Бир жаш уй-було болуптур,куйоосу иштейт кадимки эле жумасына беш кундук, кунуно 8 сааттык жумушта. Аялы уйундо балдарды карап отурат экен. Албетте баардык иш аялынын мойнунда. Акчасы аран эле жетет уй-булосун бакканга. Жумуштан чыгып уйуно келип жатат экен телефонду чукуп, же кээде достору менен жон эле ойноп жургону да болот экен. Аялы кечкери балдарды окуусуна, садикке жеткирип, апкелип карап, уй иштерин да кылып, чарчайт, жумуш жонундо ойлоп да койбойт.
Башка бир ошондой эле уй-булодо, куйоосу ошондой эле 8 саттык жумушта, бирок ал жумуштан чыгып, уйуно келип уй-иштерин е жардам берип аялына бутурушот экен. Аялы да озуно иш карап, ынгайлуусун таап алат экен. Балдарды да экоолоп, кимисинин мумкунчулугу болсо ошонусу карай беришет, жана да кимисинин колу бош болсо идиш жууп,тамак жасай беришет. Ошентип бул уй-булонун тапканы биринчи уй-булого караганда кобуроок экен.
Менин жолдошум да ушундай, эмнени жасай алса жасай берет менин убактым жок болуп калса. Кирди машинка жууйт, камырды машинка жасайт, уйду пылесос менен тез арада тазалайсын, эми идиш жууй турган машинка алсамбы деп атам. Шартты тузуп алып иштесен, тапкан акчан да кобурок болот экен. Акча-бул убакыт дегендей, убакыттан уттурбайт экенсин.
#7 18 Июль 2017 - 19:37
Мисалы, менин байкем үйлөнүп алып, кир жууп, үй шыпырып, тамак жасап жүргөнүн көрсөм ичим өртөнүп кетмек.. (жеңебиз ооруп калса башка кеп..)
Ошол сыяктуу эле болочоктогу жолдошумдун үй жумуштарына кийлигишүүсүн каалабайм..
Аялдын ордү үйдө, эркек ошол үй-бүлөнүн кем карчысын толуктай билиш керек, жубайын дагы иштегенге мажбурлабай. .
#8 18 Июль 2017 - 19:46
#9 18 Июль 2017 - 21:07
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#10 18 Июль 2017 - 21:24
#11 18 Июль 2017 - 21:27
#12 18 Июль 2017 - 21:45
uikuchu7 (18 Июль 2017 - 21:27) жазган:
Эми албетте, уйкучу болсонуз айла жок да сизге))))
Тамаша.
Хеппи айым, бул жерде мен эркек киши бардык оокатты кылып, аялы чалкалап, сыналгы коруп же интернетте отурса, анда санда куйоосуно буйрук берип коюп деген ойду айткым келген эмес. Бул чынында жаман корунуш. Ал эми жолдошу жетиштуу акча таап келип, уй-булосун эч нерседен кем кылбай багып жатса эч ким аны жумшап, уй жумуштарын жасаткысы келген жок. Аялзаты уйдун (!) куту, уйдун чырагы, ага уй-жумуштарын жасап коюу оорчулук деле келтирбейт. Бирок азыркы "иштешен- тиштейсин" деген заманда экоонун тен жумушта иштоосуно туура келуудо. Жыйынтыгында ушул суроолор жаралды.
Жогорудагы билдируулордон улам журок жылыды. Шугур бизде да акыл-эки жетик, кененирээк ой жугурткон куйоолор бар экен. Бакыт каалайм. Ар дайым бири-бириниздерге жолок-тирек болунуздар.
Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Июль 2017 - 21:46
#13 19 Июль 2017 - 04:16
Мактангандык эмес албетте, соз келгенде жазууга туура келди, темага да байланычтуу.
Садагам, чон ата-чон- энемдин колунда осуп, тарбияланып аялга таандык бардык жумуштар мен учун женил эле. 5-6 жыл мурун кир машине жогунда кийимдерин озум эле жууп салчумун, озумдун кийимдериме кошуп,( кантип карап отурайын, чон энем жууп жатса). + кечинде тамактарын даярдап, идиш аяктарын жууп койчумун, чон энемди жумшабастан. Озум карап чыдап отуралмак эмесмин, иш кылып жатса. Батасын берип, суюнуп эле отуруп калчу" мандайына озуно окшогон ийкемдуу, эпчил кыздарды насип этсе экен" деп. "Рахмат, айтканыныздай келинчек алып келип беремин, анан аны тобомо которуп багамын" десем эле жини келип кетчу)) " Сен эмне аны тобоно которуп, иш кылдырбай багуу учун уйлоносунбу" деп айтып калчу))
Мындайды кээбир кыздар жактырбайт экен, "эркектин казан аяктан алыс болгону эле жакшы" деп.. Озум да билем аны, алыыыыыыыыыс болгону эле жакшы, себеби КИРИШЧЭЭЭЭЭЭЭК ЭрКеК болушун ТОЛУК МУМКУН. Же КАЛПБЫ???. Бирок МЕН андай эмесмин.)).
Демек, келинчегиме деле жардам бербейм деп айталбайм, жардам берем, бирок чеги менен да. Баш отум мн эле киришип, тамак, Yй жыйноо, идиш аяк жууп, кийимдерине чейин жуусан анда мойнуна чыгат.. Бири биринди тушунушуп, баарына жетишсен болот. Ал учун ортодо кучтуу ынтымак болуусу керек.
Ал эми бала кароого келсек, "бала бакыт" деп кимдер гана айтпаган. Баланы ким эле карабасын. Тобомдон тушурбой караймын го буюрса, ошол кундор насип кылса. Баласаакмын озу да)). Жаш балдарга журогум элжиреп кетет..
Ал эми браттарыбыз келинчектерине жардам бербегени аз келгенсин, озунон кичуу инилер женесине ИЧ КИЙИМДЕРИН, НАСКИ МАСКИЛЕРИНЕН бери жуудурган эркектерге танмын да. Как будто озунун аялы болгондой.. Озун эле кир машинеге алып барып кнопканы басып койсо жууп, кургатып коет го. Койнок, шым болсо бир жон. Андай экен озунун карындаш-эжелери бар го.
Же кыздар ( форумдагы келиндер) кайнинердин кийимдеринен ( бут баарысын) жууйт беленер?? Бир жолу да женеме кийимдеримди жуудурбаптырмын, машинеге салып койчумун, же карындашыма дайындап койчумун..... .......
Мына ушундай, ЖЕКЕ ОЮМ да))).
Билдирүүнү түзөткөн: e-vawa.: 19 Июль 2017 - 04:25
#14 19 Июль 2017 - 07:56
Тоюс, ошол иштеп чарчап убактысы тар болгон аял жолдошу менен кенешип заманбап кир жуугуч, мультиварка, идиш жуугуч, робот пылесос жбдус алдырып алганы онбу же жолдошунан колкабыш кылууну отунгону онбу, озу таразалаганы туура.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 19 Июль 2017 - 08:07
aijan (19 Июль 2017 - 07:56) жазган:
Тоюс, ошол иштеп чарчап убактысы тар болгон аял жолдошу менен кенешип заманбап кир жуугуч, мультиварка, идиш жуугуч, робот пылесос жбдус алдырып алганы онбу же жолдошунан колкабыш кылууну отунгону онбу, озу таразалаганы туура.
Во туура.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#16 19 Июль 2017 - 12:01
#17 19 Июль 2017 - 12:19
Missing-u (19 Июль 2017 - 12:01) жазган:
Коп уй-булолордо ушундай го, бир баласы уйундогу жумуштун баарын бутурот, бироосу кылбайт
#18 19 Июль 2017 - 12:23
Билдирүүнү түзөткөн: Shahrizaada: 19 Июль 2017 - 12:28
#19 19 Июль 2017 - 12:34
Shahrizaada (19 Июль 2017 - 12:23) жазган:
ушундайда анан аял кишинин кылганы корунбойт козго.
#20 19 Июль 2017 - 12:57
Maika (18 Июль 2017 - 21:45) жазган:
Ооба Майка эже сиздин оюңузду деле түшүндүм деңизчи.. Бирок мээмден ары өткөзүп, бери өткөзсөм деле, таптакыр элестете албай койдум..
Анда мындай кылыш керек окшойт да.. Балдарды эркекке жүктөш керек, бала бакчага алып барганы же алып келгени, үйгө келип балдарды карап олтурууну дегендей..
Балага алаксыбаган аял албетте кичине колу бошой түшөт.. Ошол учурда тамагын асып, үйдү бир сыйра ирээтегенге жетишээр..
- (14 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »