"Кыйракандамын. .."
Өзүмдү көптөн бери "Тез жардамдын" машинасы сыяктуу сезип жүрөм. Элдин беймазасын жаратып, ызы-чуулуу сиренасы менен топ жарып бара жаткандай. Ичиндеги бейтаптын жардам алчу каалоосу да жок. Жетип келип, салып кеткен ак халатчандарды сөгүп-тилдеп. "Суук колуңду тарт ары, тийбе мага" деп ызырынган бейтапка түшүнбөгөн айдоочу мындайлардан тажагандай көрүнүштө.
Үстөккө- босток ар кимиси ар демке дейт.
- Кышында өлгөн жакшы болсо керек ээ? Курт-кумурска жок. Жаз келгиче, чирип кетүүгө жетишеби сөөк,- деп сурады бир тантык. Мээм аңтарылып түштү.
- Ар ким менен жатып жүргөндөн көрө эптеп бирөөнү караан кылып алайын дедим. Бир күн карасам, ичимде бирөө тыбырчылап ийди,- деди экинчиси өмүр таржымалынын акыркы бөлүгүн жыйынтыктай . Угуп отурганыма уялып кеттим .
- Кыялдарым чаташып калды. Эрте менен эч ким ойготпогон, кечинде эч ким чакырбаган жактарга кетким келип жатат,- деди мынагана келечегинин кенен эшиги ачылчу дагы бирөө. Кадырына жетпей жатканды баштан ары бир коюуну кааладым.
Чөйрөмдөгүлөрдүн таасири чоң. "Силерге кеткен убакыттын өзү коромжу" деген мен да өзгөрдүм. Жогорудагыдай сөздөрдү угууга чейин жеткенимди эске алса...
Адам жалгыз калса, алсыз экен. Бир кездеги кыйракан менен баарын унута түшкөнүм үчүн, убагында ар бирине колумду сунбаганым үчүн күнөөлүүдөймүн.
- Кышында эмес, өз ажалың жеткен күнү өлгөн туура болсо керек. Эң жакшысы ниет кылуу, балким Азезилиң "буюртмаңды" эске алар. Бирок көр казчуларды да унутпа ээ, тоңголокто топуракты омкоруу оңой эмес,- дедим. Кыш сүйүүсү үчүн өлүм арноосун чогуу күткөн адам сыяктуу.
- Туура кылыптырсың. Этек менен төшөктүн таза болуусу дале маанисин жоготпосо, анын үстүнө ушунчалык ыпластыктын ичинде наристенин айыбы эмнеде,- дедим ымыркайга карап ыйламсырай.
- Энең сатып кетсе да, кыялдар эч качан сени сатпайт. Ал болгону сенин сатып кетпешиңди тилейт,- дедим ой кошо үчүнчүсүнө.
"Тез жардам" болгум келди баарына. Жүрөгүмдүн үшүн алып, мээмди аңтара-ченемди ыргыта койсоңор да!
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 05 Февраль 2014 - 20:44