Кыргыз Респуликасынын жогорку окуу жайына бюджеттик негизде өткөн биринчи курстун студенттерине кышкы сессияга чейин стипендия берилеби? Эгерде берилбесе, анын себеби эмнеде? Логика боюнча, грантты утуп алгандан кийин кышкы сессияга чейин берилиши керек го дейм. Мурда СССР учурунда жогорку окуу жайына өткөндө студенттерге кышкы сессияга чейин (4 ай) стипендия берилчү экен, азыр эмнеге берилбейт, ал акча кайда кетет?
Баракча 1 - 1
Министрликтен тактоо суроо
#3 14 Март 2016 - 09:52
Саламатсыздарбы?
Супер инфо гезити чындыкты билип берет деген умутто сиздерге мугалимдердин отунучу менен жазып жатам.Ош областына караштуу Алай районунун Гулчо айылында 21- март Нооруз майрамына карата айылдын стадионундагы иш чарага,акимчилик мугалимдерди катышкыла деп мажбурлап жатыптыр.Ушул нерсе туурабы,мугалимдер окуучуларды окутабы же артист болуш керекби?
#4 14 Март 2016 - 09:55
Кайсы темага жазышты билбей ушул теманы ылайык кордум.Мумкун болсо министирликтен эртераак жооп алып берсениздер жакшы болмок?
#5 15 Март 2016 - 18:54
Мен деле ушу темага жаза берсем окшойт министрликтен окуп калса оптом жооп береер!!
!Мектеп окуучуларды конкурс,спорт сыяктуу нерселерге саат канчага чейин ж.а канча жолу(жумасына,
айына)алып барууга болот???Менин синдим жумасына жок дегенде 3жолу ушундай иш чараларда эле журот сабак учурунда,Кечки 7,8 кээде 9га чейин журушот.Кандайдыр бир контролдоо,
убакыт чеги барбы???Талас облусу,Талас району,эгер к.к десенер мектептин атын берейин
#6 25 Март 2016 - 13:03
JenaOfisera (15 Март 2016 - 18:54) жазган:
Мен деле ушу темага жаза берсем окшойт министрликтен окуп калса оптом жооп береер!!
!Мектеп окуучуларды конкурс,спорт сыяктуу нерселерге саат канчага чейин ж.а канча жолу(жумасына,
айына)алып барууга болот???Менин синдим жумасына жок дегенде 3жолу ушундай иш чараларда эле журот сабак учурунда,Кечки 7,8 кээде 9га чейин журушот.Кандайдыр бир контролдоо,
убакыт чеги барбы???Талас облусу,Талас району,эгер к.к десенер мектептин атын берейин
Саламатсызбы? Мектептин атын, айылын толук жаза кетиңиз жана качан, кайсы күнү саат канчадан канчага чейин жок болуп жатканын.
#7 25 Март 2016 - 16:59
мамлекет тарабынан берилип жаткан ипотекага уйго документти кайсыл жерге кайрылам? мен озум Кара-Кулжа рай иштеп,декреттик отпускага чыккамын,азыркы тапта учетум Алай районунда, бирок утурумдук Ош шаарында жашаймын,ошондо мен кандай кылам? сураныч так маалымат берип коюнуздарчы?
Алдын ала рахмат.
#9 05 Апрель 2016 - 18:11
aiko15 (25 Март 2016 - 16:59) жазган:
мамлекет тарабынан берилип жаткан ипотекага уйго документти кайсыл жерге кайрылам? мен озум Кара-Кулжа рай иштеп,декреттик отпускага чыккамын,азыркы тапта учетум Алай районунда, бирок утурумдук Ош шаарында жашаймын,ошондо мен кандай кылам? сураныч так маалымат берип коюнуздарчы?
Алдын ала рахмат.
Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо программанын катышуучуларын тандоонун критерийлери белгиленген.
Бекитилген критерийлерге ылайык, катышуучуларга карата коюлуучу милдеттүү талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- акыркы (учурда) иштеп жаткан жумуш ордундагы эмгек стажынын 1 жылдан же жалпы эмгек стажынын 3 жылдан кем болбошу;
- жеке турак жайынын жоктугу же турак жай аянтын кеңейтүүнүн зарылдыгы;
- программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- өнөктөш банктын талаптарына ылайык, терс маанидеги кредиттик таржымалынын болбошу.
Мамлекеттик уюмдарда (билим берүү мекемесинде) иштеген жарандар программага катышуу үчүн арызды иштеген жерине берет. Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- программага катышуу үчүн арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- кызмат ордун жана акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат;
- кошумча кирешелеринин бар экендигин ырастаган башка документтер;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- ипотекалык кредитти биринчи кезекте алууга укуктуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо комиссия биринчи кезекте ипотекалык насыя алуу укугун төмөнкүлөргө берет:
- көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактоо боюнча жарандык милдетин аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга).
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалым кат;
- акыркы 3 жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрүнүн болушу (жок экендиги) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты (укукка ээ болуу маалым каты).
#10 29 Апрель 2016 - 16:51
Менин суроом мындайча. Свердловский районго караштуу бала бакча бойунча.Бишкек шаары Ак кайын бала бакчасы номер;152 садик. Кожзовод.
1 суроом. Биз ар бир балага айына 1380сомдон толойбуз.башка бакчаларда 1000 сомдон толонот экен. Эмне себептен бизде кымбат ?
2суроом. Мисалы бир баланы бала бакчага бериш учун 10мин сом алат. Ошол акча мамлекетке тушобу же жеке чонтоко тушобу ?
Эгерде ошол акча бала бакчага жумшалат десенер адашасынар. Себеби биз кее кееде акча жыйып гилемдерди жана башка нерселерди алып берип турабыз бакчага.
3 суроом. Биздин садике башка айылдын балдары дагы келет.Алардан сурасан эмне учун озунордун садигинерге бербесинер десек. Орун жок албайбыз дейт экен бизде орун жок деген нерсе жок акчан болсо ала берет. Сиздерден сураныч ушул бакчаны айтбай туруп келип текшерип берсениздер ?
4 суроом. Бир группада балдар 100 жакын тарбияланат. Тамак маселеси бир балага 100грам каша бериле турган болсо азыр ошону 4же5 балага берет. Кирип текшергенге бизди киргизбейт. Муну бизге ошол жерде иштеп кеткен эжейкеси,тарбиялочусу айтип берди. Балдар кобойуп кеткен текшерип беруунуздорду суранабыз ?

Билдирүүнү түзөткөн: syd.adilet: 29 Апрель 2016 - 16:55
Баракча 1 - 1