Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт... Кантсем болот?
#41 06 Май 2016 - 15:28
#42 06 Май 2016 - 15:35
Башымдан өтпөгөндөн кийин жакшы деле кеңеш бере албайт экем.
:)
#43 06 Май 2016 - 15:39
tim11ai (06 Май 2016 - 11:57) жазган:
Проблемаңызды бир паста чечип берет экен го автор, бере калыңыз номерин).
#44 06 Май 2016 - 15:49
Эми эмнени айткым келди, жаш келин ал бироонун буюму эртен озу келсе иштетет деген ой болбойт экен. Акыл эстуу кыз болсо бир жон, бирок андай буюмдун кадырына жетпеген абысынга туш келсен буюмун кор болот экен.
Автор колунардан келишинче батыраак уй салып чыгып кеткиле, болбосо козун корбогондон кийин буюмун кор болоору анык экен.
Мен азыр ойлойм жок дегенде, ошончо мээнет менен апам согуп берген кол килемди жыйып кетсем эмне деп. Азыр килемимди корсом козумо жаш келет. Апамдын колунан эми андай кол килем алалбаймда! Апамдын канча мээнетине ичим ачышат.
#45 06 Май 2016 - 15:50
![:pardone:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/85.gif)
Бул деген кандай шермендечилик, бирөөнүн эле буюмун башка эле бирөөгө берип?! Вообще бети үч тонна бетондон куюлуптур кайынэнеңиздин!
![:sceptic:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/dry.gif)
#46 06 Май 2016 - 16:13
Келе калып эле бироонун кроватына да жаткыра койушпайт.Кыз менен кошо кочуруп энелер,женелер, эжелер келет.Алар деле адам,намыс дешет,кызын авысынга басмарлатпайт. Келе элек авысынга ушунча кеп соз кылдын,кийин кандай болор экенсинер... .
Шаарда жургон келиндердин себин чычкан жеп,кор болуп деле атпайбы?
Кайненен калындан качып ошол созду айтса керек эртеге эле келин алса кокуй бул женендин тошогу этиет кыл деп ал келинге жаман корунот.Менин кызым да апа эки курак тошогум жок,апаман сурай албадым бирок уйдо жок деп калды.Болуптур да балам жоголгон тошок болсун,бар экен жоголуп атат.Тошок эмес адамдан айрылып отурабыз го унчукпа дедим.Азыркы жаштар унчукпай калмак беле айтыптыр.Бечара кудагыйым келинимдин себин жайып желдетип койойун деп жайганда алдырып ийиптир.,уялып жаман болду.Насип этпесе бекер ,буйругу жокко айла жок.Кече жакында келин алды,кыз берди, барсак жайкалтып тошокторду кенен салып уйдун коркун ачыптыр.Чон келинин себи дешип кубун шыбын создор,уккан кулак мактоону кантип суйбосун.Кызымдын жузу,жаны сеп,жаны идиш аяктар.Жаны келини бар уй ошонтип жаркырап турса кыздын энесине эле жакшы соз айтылат.Ошон учун кызым ичинди кен сал.Байлык колдун кири,чыкан жан менен чыккан конулдун табылышы кыйын,табылбайт дагы да.
Кызым да спальныйым кантет деп коркуп жургон.Балам кыргызда агасынын тошогун иниге бастыртпайт, эгер колдонушса подарка кыласынар башка соз жок.унчукпа омурунду кудайым узун кылса ага окшогондон агаларын дагы алып берет.Экинчи ушул олуу мулк жонундо капа болуп эзилгенинди укпайын.Уйлуу болсон баары болот,менин козум эле тируу турса.дедим эле.Уй тар болгон учун жыйыштырып упаковка кылып койушуптур деп келди.
Деги эле ата эне балдарым зар болбосун,кенен жашасын,жангыз кыз деп септи кылганыбыз менен ошол сеп кээде чырлуу сеп болуп кеткенин угуп журобуз.
Менин келинимдин себи да тирелип жыйылып турат.Россиядан эки жылда бир келет себи менен деле иши жок.Келген сайын апа иштете берин деп калат,иштетмек турсун устуно экиден кошуп кобойтуп койом.,апа тошоктун деле кереги жок экен,эт тошок кобуроок жасап койун деп калат...
Келининдин ичи канча кен болсо эне курган деле бар тапканым баламдыкы дейт го...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 06 Май 2016 - 16:15
#47 06 Май 2016 - 16:19
#48 06 Май 2016 - 16:28
#49 06 Май 2016 - 16:29
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 06 Май 2016 - 16:29
#50 06 Май 2016 - 16:38
![:капамын:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
#51 06 Май 2016 - 16:45
#52 06 Май 2016 - 17:03
Азыр современный жаштар ачык эле айтышат, "илгеркидей өзүңөргө келгендей пахта салынган оор жууркан-төшөк алып келбегиле. Тоонун жүнүнөн, синтепон салынган төшөктөрдөн сеп дардагыла, анан жеңил-жеңил жүн салынган жер төшөктөр жетет. "Көргөзмө" үчүн эмес, тиричиликке колдонгудай буюмдар даярдагыла" - деп. Колдонулбаган жууркан-төшөккө жөн эле канннча убаракерчилик! Убал, убал эле... Бул да ысырапкорчулуктун бир капталы.
Анан уруш-чатактын да бир себепкери болот окшойт ошол жык-жыйма жыйылган "сеп."
![:(](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/sad.gif)
#53 06 Май 2016 - 17:13
Sweet-Lika (06 Май 2016 - 15:50) жазган:
![:pardone:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/85.gif)
Бул деген кандай шермендечилик, бирөөнүн эле буюмун башка эле бирөөгө берип?! Вообще бети үч тонна бетондон куюлуптур кайынэнеңиздин!
![:sceptic:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/dry.gif)
Же башынан ушинтип айтып салыш керек болчу. Анан андан аркы жагдай да ачык кетмек... Азыр болсо бүдөмүк болуп турат. Келини кайненесине ачык айтып чечише албай, а кайненеси, "ымм... келиним унчукпады, демек макул экен. Менин айтканыма көнбөй кайда барат экен?" - деп өз бийлигинин өкүмүн сүрүүдө.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
#54 06 Май 2016 - 17:13
,
#55 06 Май 2016 - 17:21
KPACKA (06 Май 2016 - 17:13) жазган:
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Ошол үчүн ачык жүргөн жакшы. Башында айта албаган соң, эми тилди бекем катыш керек.
Ошо. Башка айла жок. Алтын баштары аман болсо "с нуля" баштап алышат.
Деген ойдомун.
![:pardone:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/85.gif)
#56 06 Май 2016 - 17:31
Sweet-Lika (06 Май 2016 - 17:21) жазган:
Ошол үчүн ачык жүргөн жакшы. Башында айта албаган соң, эми тилди бекем катыш керек.
Ошо. Башка айла жок. Алтын баштары аман болсо "с нуля" баштап алышат.
Деген ойдомун.
![:pardone:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/85.gif)
Ай чын эле ай!
Автор, келе турган жаш келинге бир-эки буюмуңду ыраа көрбөй жатсаң, өзүңдүн эже-сиңдилериңе, жеңе, курбу-кыздарыңа бөлүштүрүп, таратып, алардын көңүлүн алып кой анда. Кийин там салып, өзүнчө бөлүнүп кеткениңерден кийин нольдон баштасаңар деле болотго.
#57 06 Май 2016 - 17:37
KPACKA (06 Май 2016 - 17:31) жазган:
Автор, келе турган жаш келинге бир-эки буюмуңду ыраа көрбөй жатсаң, өзүңдүн эже-сиңдилериңе, жеңе, курбу-кыздарыңа бөлүштүрүп, таратып, алардын көңүлүн алып кой анда. Кийин там салып, өзүнчө бөлүнүп кеткениңерден кийин нольдон баштасаңар деле болотго.
Ата энеси атап жасаган септи кантип бироолорго карматып коет ? Баарын нольдон баштаган башка да баары бир...
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#58 06 Май 2016 - 17:49
#59 06 Май 2016 - 18:20
Senuchunzhashaim (06 Май 2016 - 17:37) жазган:
Башкасы башка албетте. Бирок, бизден мурун "берилет" деп чечилип калыптыр..
Ошончүн, башында унчуга албагандан кийин "кылычын жерге чаап" отура берет да эми.
#60 06 Май 2016 - 18:21
Sweet-Lika (06 Май 2016 - 18:20) жазган:
Башкасы башка албетте. Бирок, бизден мурун "берилет" деп чечилип калыптыр..
Ошончүн, башында унчуга албагандан кийин "кылычын жерге чаап" отура берет да эми.
Кеч эмес.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.