Темага байланыштуу бир окуяны айтып берейин. Окуя эсемден чыгып кетпесе 2-3 жыл мурун болсо керек эле. Мен кино режиссермун деп атактуусу да, атактуу эмеси да кино артынан кино тартып, кинолорун шаарларды, айылдарды кыдыртып клубдарда, драм-театрларда көрсөтүшүп баштаган кез эле. Ошондой күндөрдүн биринде элди кызыктырып "Көк салкын" аттуу киносу Каракол шаарындагы драм-театрда болот келип көрүп көңүл ачып кеткиле деген афишалар жердин баарына чапталып калыптыр. Колуктум экөөбүз элдин баары эле мактайт бул кинону барып көрүп келели деп билет алып драм-театрга бардык. Залдан орун алып кинонун башталышын күтүп отуруп калдык. Зал толуп эл орун алгыча залдын ортосуна коюлган проектордон киного саунд-трек болгон ырдын клибин улам-улам кайталап коюп жатты. Мына эмесе эл орун алды залдын светин өчүрүп кино башталмакчы болду, залдын ортосундагы проекторго ага кошулган ноутбука бир жаш бала келип эч бир шашпастан клипти өчүрүп, ноутбуктан мой компьютерди ачып локальный диск Dга кирди папкалардан бир нерсени издейт таппайт, кайра башка папкага кирет ушинтип отуруп 2 минуттай убакыт өттү, Ал кино сакталган папканы ачканча чоң экрандан бүт зал ноутбуганда кандай файлдар бар экенин кайсыл жерде эмне сакталганын баарыбыз көрүп бүттүк. Ошентип отуруп кинону папкасын таап кинону виндоус медиа-плеер менен ачып коюп берди. Кинонун окносу кичинекей болуп калып медиа-плеердин развернуть кнопкасын басып экранды чоңойтту, бирок болбой эле экран толук болуп чоңойгон жок, виндоустун панель задач деген нерсеси астында көрүнүп калып менин кыжырыма тийип жатты. 1-2 минут көрүп чыдайбай кетип кино коюп жаткан балага "Ай жигит Alt+Enter деген клавишаларды басып койчу" дедим. Ал мени карап оозу ачылып таң калып андайды билбейм деди, жиним келип ряддарды аралап элди бушайман кылып ордуман туруп барып тиги жигиттин ноутбугунан Alt+Enterди басып экранды толук бойдон чоңойттум. Залдан "во, во, во!!! жанаа эле ушинпей..."
деген сөздөрдү уктум. Кинонун башында эле ушинтип маанайды бузуп коюшту. Айта кетчү нерсе бул кино шаарда бир канча күндөн бери коюлуп жаткан биз акыркы күнү бардык, буга чейин элдин баары ушинтип экранды толук корбой кыжырды кайнаткан виндоустун панель задачы менен көрүп келген окшойт. Эми менде суроо мен кардар катары ушундай шарттарда көрсөтүлгөн киного ыраазы болгон жокмун. Мынтип кинону үйдөн эле көрүп алат элем. Кино элге көрсөтүүдөн мурун уюштуруучулар ушундай моменттерди эмнеге ойлонушпайт?
Алардын чыгарган кинолору интернетке чыгып кетсе милициядан баштап СНБны кошуп кинону интернетке чыгаргандары издешип Автордук укук бузулду деп кыйкырык ызы-чуу салышат. Эмнеге алар өздөрүнүн укуктарын ойлошот да элдин, кардарлардын укугун ойлошпойт? Билет баасы эсемдин чыгып кетиптир 150-200 сом болсо керек эле. Кино бүтүп чыгып баратып уюштуруучулары менен сүйлөшүп келейин, мындай болбойт деп айтып акчамды кайрып бер сурайын десем, колуктум койчу эми антип ызы-чуу салбай эле кой деп болбой койду, колуктумдун да боюнда бар эле мен чарчадым үйгө баралы дегенинен ызы-чуу салбай кетип калдым.
Мындай окуялар далай жолу болгон, түшүнбөйм деги кино койгон адамдарда, макул кино тармагында техника кымбат, айла жок кичинекей проекторлордон көрсөтүшсүн,
бирок эл залда отурганда, бакыйган экранга мой компьютерди ачып алып папкадан папкага кирип муну ачып тигини ачкан болбойт го. Алдын ала даярдап койсо болот да.
Ушундай шарттарда кардарларды коргогон мыйзам барбы бизде?
Баракча 1 - 1
Кино көрүүчүлөрдүн укугун ким коргойт? Кино көрүүчүлөрдүн укугун ким коргойт?
#2 17 Июнь 2015 - 13:38
Азыр ушинтип кино койгондор кобойду. Мен иштеген жерде да ноутбугун которуп келип биздин экранды коюп кини койгондо жиним гана келет, антип мен деле коем деп. Кино деп акчасын алгандан кийин чон экранда корсотуш керек да, слайд койгонсубай
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
Баракча 1 - 1