medina. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 834 (0,82 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (595 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Апрель 15
- Кароолор:
- 38 634
- Соңку аракети
- 26 Окт 2016 22:27
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Март 4, 1995
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Борбор
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Sagyn.91
23 Июн 2021 - 13:42 -
Nadiko_93
11 Окт 2019 - 15:18 -
PatriotKG01
16 Сен 2019 - 19:19 -
MAN-CITY
08 Сен 2019 - 22:39 -
Baktyluu_bolg...
24 Авг 2019 - 00:09 -
kalima88
11 Авг 2019 - 01:12 -
Shorobashat
20 Июн 2019 - 00:43 -
Samieva8890
10 Май 2019 - 21:01 -
Sezimaika
26 Апр 2019 - 18:48 -
Niet.
02 Янв 2019 - 01:19
Мен ачкан темалар
-
Мырзаларды артыңыздан чуркаткыңыз келсе...
Жазылган күн: 5 Окт 2015
Ар бир аял мырзалардын жүрөгүн багындырууну каалап оюна келген ар түрдүү ыкмаларды жасашат. Айрымдар ар кандай жолдор менен эркектердин башын айландырышса, кээси сулуу көрүнүш үчүн пластикалык операцияга чейин барышат. Дал ушундай мырзалардын жүрөгүн багындыргысы келген кыздарга эң жөнөкөй ыкмаларды сунуш кылабыз.
Сулуу болуңуз
Эмне деп айтпайлы, мырзалар алгач аялзатынын сырткы келбетине, сулуулугуна карашат. Андан кийин жан дүйнөсүн билгиси келет. Ошондуктан мырзалардын көңүлүн буруу үчүн өзүңүздүн келбетиңизге карагандан баштаңыз. Сулуулук салондоруна барып чачыңызды жасалгалатып, макияж жасаңыз. “Ансыз деле болот” деген сөздү унутуңуз, аял деген кемчиликсиз болушу керек.
Башкалардан айырмаланып туруңуз
Сулуу болуу, албетте, жакшы, бирок ажарлуу аялдар көп экенин унутпаңыз. Ошол сулуу аялдардын арасынан эркек сизди гана тандашы үчүн башкалардан айырмаланып туруңуз. Салонго барып башкалардыкына окшошпогон чач жасалга жасатып, оригиналдуу кылык-жорук ойлоп табыңыз.
Жүрүш-турушуңузду көзөмөлдөңүз
Сиз жүрүш-турушуңуз негизги маселе эмес, таң каларлык бийик такалуу туфли менен эле эркектердин көңүлүн бурам деп ойлойсуз. Бул оюңуз деле жакшы. Эркектер сиздин келишимдүү буттарыңызды байкашат, бирок сиздин каалооңуз аларга жакканы менен сизди жеңил ойлуу айым катары карашат. Билесизби, эпсиз туфли кийген аялга караганда жүрүш-турушу жакшы аял такасыз, жеңил бут кийим менен деле жакшы көрүнө алат.
Жылмайып жүрүңүз
Эркектер аялдын жүзүндө жылмаюу болуп, жаркылдап турганын жактырышат. Жылуу жүздүү, кабагы ачык адам менен мамиле куруу да жагымдуу. Бекеринен ак ниеттүү адамды күнгө салыштырышпайт. Алар жанындагы адамга күн сыяктуу жарык жана жылуулук тартуулап турушат.
Дайыма өзүңүзгө карап жүрүңүз
Эч качан эркекке кир халат, чоюлган жемпир, саксайган чачыңыз менен көрүнүүгө жол бербеңиз. Айланаңыздагыларды сыйлаңыз, аларга кир кийимчен адамды көрүү жагымсыз экенин эстен чыгарбаңыз. Жарым саат убакыт бөлүп өзүңүздүн келбетиңизге кам көрүп коюңуз. Жыйынтыгында жагымдуу жүзүңүздү көрүп маанайыңыз да ачылат.
Агрессивдүү болбоңуз
Эркектер ашыкча активдүүлүгүн көрсөткөн аялдардан коркушат. Алар өзүлөрүн аңчы катары эсептешкендиктен мындай мүнөздөгү аялдарга жем болуп калуудан чочулашат. Ошондуктан жаныңыздагы эркекке жаман жоруктарыңызды көрсөтүп аны качырып албоо үчүн бул адаттан арылыңыз.
Өтө эле акылдуу боло бербеңиз
Аялдар дүйнөдө ар кандай кырдаалда өзүн көрсөтүүгө жөндөмдүү. Эркектер мындай аялдарды сыйлашат, бирок алар менен мамиле курушпайт. Анткени өтө эле акылдуу боло берген аялдар өз алдынчалуулукту жактырышат. Эркектер болсо аларга моюн сунган аялдарды баалашат. Аял эркекке жөлөнүп, балдарга кам көрүп, үйгө жылуулук тартуулап туруусун каалашат.
Жароокер болууга үйрөнүңүз
Сиздин образыңыз, кандай болбосун, эркектердин жанында болгондо бет кабыңызды чечкенди үйрөнүңүз. Анткени аларга жумшак, уга билген, түшүнүктүү аялдар жагат. Жыландай муздак аялдар жеке жашоосунда көп бактылуу боло беришпейт, алар эркектердин жүрөгүн багындырып алганы менен бактысы көпкө созулбайт.
Өзүңүздү баалай билиңиз
Биринчи жолукканда эле эркектин артынан чуркай бербеңиз. Ал адамды сүйүп калган учурда да ага көп берилбей, сезимиңизди ката билиңиз. Болбосо эркектин сизге болгон кызыгуусу тарап башкага кетип калат. Өзүн баалаган аялдарды байкап көрсөңүз, алардын сүйүктүүлөрү башкага кетпейт.
-
Аялдардын курсагынын түрлөрү жана аны калыбына келтирүү
Жазылган күн: 24 Сен 2015
Көпчүлүк аялзаты курсагы ачык кийим кийгенден уялабыз. Анткени дене мүчөбүздү жагымсыз көрсөтүп турган - биздин курсагыбыз. Эмесе, төмөнкү курсактын беш түрүнөн өзүңүздүн курсагыңызды тандаңыз да, туура кам көрүп тегиз курсактуу болууга аракет кылыңыз.
1. Кошумча дөңгөлөк
Курсактын бул түрүнүн ээлери дайыма олтуруп иштеген же таттууга жакын адамдар болушат. Бактыга жараша, мындай курсактын түрүнөн арылуунун жолу оңой. Спорт залга баруунун да кереги жок, болгону рационуңузду тууралаңыз. Эгерде аз кыймылдап, чакмак кант, печенье, пирог, ак нан жегениңизди токтотпосоңуз, сиздин курсагыңыз таттуудан ого бетер чоңоёт. Курсагыңыздын майы бутуңузга түшүп калуусунан сактаныңыз.
Калыбына келтирүү үчүн:
Спирт - кадимки эле кант. Башка кычкылтектер сыяктуу эле арак да организмге сиңери менен курсактагы майларга барып кошулат. Сыра да курсакты чыгарарын баарыбыз билебиз. Эгерде келбеттүү болуп, курсакты жок кылам десеңиз, алкоголдук ичимдиктер менен коштошконуңуз оң.
Алкоголдук ичимдиктерди токтоткон эки жумадан кийин тамактануу рационуңузга караңыз. Эч кандай жарым фабрикатталган, консерваланган, калориялуу, туздуу, таттуу азыктарды жебеңиз.
Экологиялык жактан таза, иштелип чыкпаган, жаңы азыктарга басым жасаңыз: балык, жумуртка, ферманын эти, жашылча, жаңгак.
Көп кыймылдаганга аракет кылыңыз. Паркка чыгып сейилдеңиз. Эрте менен кыска убакыт дене тарбиялык көнүгүү жасаганды адатка айлантыңыз, йога менен машыксаңыз андан жакшы.
Кеңеш: торт сыяктуу таттууларды жээрдин алдында аны курсагыңыздын үстүнө коюп, курсагыңыз ошондой чоң болорун элестетсеңиз, дароо жегенден баш тартасыз.
-
Рия
Жазылган күн: 13 Сен 2015
Көңүл ооруларынын, б.а., жаман мүнөздөрдүн маанилүүлөрүнүн алтымыш экенин билдирген элек. Алардын тогузунчусу - рия болуп саналат. Рия - бир нерсени болушунан тескерисин көрсөтүү. Көз бойоо, өзүн көрсөтүү, мактануу дегендик. Акыреттик амалдарды жасап, акыреттин жолунда экенин көрсөтүү аркылуу дүнүйөлүк максаттарга кол жеткизүү дегендик. Кыскасы, дүнүйөлүк пайда табуу үчүн динди колдонуу. Ибадаттарын көрсөтүп, адамдарга жакшы көрүнүү. (Сөздөрү же ибадаттары рия (Аллах үчүн эмес, адамдар үчүн болгон) максатында болгон адамдын диний сабаты болсо ал"мунафык” деп аталат. Диний сабаты жок болсо "дин азгыны” деп аталат. Табият таануу илимдеринен кабарсыз болуп, өзүн илимпозмун деп таанытып, жеке ойлорун табият таануу илимдери катары айтып, мусулмандарды алдоо, алардын диндерин, ыймандарын бузууга аракет кылуучу Ислам душмандары "зындык” же болбосо "илим азгыны” деп аталат. Дин азгындары менен илим азгындарына алданбоо керек.) Рия тек мажбурлап, икрах кылынганда (коркутулганда) гана жаиз болот. Икрах - бир адамды каалабаган нерсесин кылууга мажбурлоо дегенди билдирет. Өлүм же болбосо дене мүчөсүнүн бирин кесүү менен коркутулуу "мулжи икрах” деп аталат. (Залымдардын, каракчылардын кыйноого алуулары, жабырлоолору да мулжи икрахка жатат.) Мындай учурда мажбурланган ишти орундоо зарурат (кажет) болот. Камоо менен уруу-согуу аркылуу мажбурлоо жеңил икрах деп аталат. Жеңил икрахка учураган адамдын рия кылуусу жаиз эмес. Риянын карама-каршысы, тескериси - ыклас." Ыклас - дүнүйөлүк пайдаларды ойлобой ибадаттарын бир гана Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн орундоо.” Ыкластуу адам ибадат кылганда башкаларга көрсөтүүнү оюна да келтирбейт. Ыкластуу адамдын ибадаттарын башкалардын көрүүсү анын ыкласына зыянын тийгизбейт. Хадис-и шарифте: "Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кыл! Сен көрбөсөң да Ал сени көрүп турат”, - деп айтылган.
Башкалардын сүйүүсүнө жана мактоолоруна жетүү үчүн дүнүйөлүк иштер менен аларга жакшылык кылуу рия болот. Ибадат менен болгон рия андан да жаман. Аллаху тааланын ыраазычылыгын такыр ойлобой кылынган рия баарынан да жаман. Ибадат кылып, Аллаху тааладан дүнүйөлүк пайдаларды суроо рия болбойт. Жамгыр дубасына чыгуу, истихара кылуу дагы ушуга жатат. Жалданып имам, муфтий, мугалим болуп иштөө жана кыйынчылыктан, оорудан жана кедейликтен кутулуу максатында аят-и карималарды окуу да ушуга жатат деп айтылды. Буларда ибадат ниети да дүнүйөлүк пайда ниети да бар. Соода максаты менен ажыга баруу да ушундай. Ибадат ниети такыр эле жок болсо гана рия болот. Ибадат ниети көбүрөөк болсо сооп пайда болот. Ибадаттарын башкаларга көрсөтүү аларга үйрөтүү жана кызыктыруу ниети менен болсо рия болбойт жана көп сооп болот. Рамазан айында орозо кармоо рия болбойт. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн намазды баштап, кийин пайда болгон риянын зыяны жок. Рия менен орундалган фарздар сахих болот. Ибадат карызы орундалса да сооп болбойт. Этке болгон керектөөсүн камсыз кылуу үчүн курмандык чалуу жаиз эмес. Аллаху таала үчүн жана бир адам үчүн кошо ниет кылып курмандык чалуу жаиз эмес. Аллаху тааланын ыраазычылыгын көздөбөй бир гана ажыдан, газадан келген адам үчүн жана келген башчыны, бийлөөчүнү тосуп алуу үчүн союлган малдын эти леш (тарп) болот. Ал этти жеш арам болот. Риядан коркуп ибадатты таштап коюу жаиз эмес. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн намазга туруп, намазды окуп бүткөнгө чейин бир гана дүнүйөлүк иштерди ойлосо намазы сахих болот. Атак-даңкка себеп боло тургандай даражада кийинүү да рия болот. Дин адамдарынын таза, баалуу кийимдерди кийүүсү зарыл. Ошондуктан, имамдардын Жума жана Айт намаздарында баалуу кийимдерди кийүүсү сүннөт.
Атак-даңк үчүн вааз, насаат айтуу, китеп жазуу да рия болот. Вааз -амри маруф (диндин буйруктарын, жакшылыктарын үгүттөө) жана нахий мункар (күнөөлөрдөн, жамандыктардан тыйылууну насаат кылуу) дегенди билдирет. Талашып-тартышуу, башкалардан жогору көрүнүү жана мактануу үчүн илим үйрөнүү рия болот. Дүнүйөлүк нерселерге жетүү үчүн, б.а., байлыкка, мансапка кол жеткизүү үчүн илим үйрөнүү да рия болот. Рия - арам. Аллаху таала үчүн болгон илим Аллаху тааладан коркууну арттырат. Өз кемчиликтерин көрүүгө себеп болот. Шайтандын алдоосуна тоскоол болот. Илимин дүнүйөлүк пайдаларга, байлыкка, мансапка жетүү үчүн каражат кылып алган дин адамдары "улама-и су”, б.а., жаман дин адамдарыдеп аталат. Алардын бара турган жери - Тозок. Адамдардын жанында сүннөткө ылайык кылып, жалгыз калганда адептерине да уйбай кылынган ибадат рия болот.
Жасалган ибадаттын сообун кайтыш болгондорго же тирүүлөргө багыштоо жаиз. Ажылыктын, намаздын, орозонун, садаганын, окулган Курани карим, мавлид окуунун, зикир жана дубанын соопторун бирөөгө багыштоо Ханафи мазхабында жаиз. Аталган ибадаттарды акчага, соодалашып жасоо жаиз эмес. Аллаху таала үчүн Курани карим окуганга берилген белек алынат. Малики жана Шафии мазхабдарында садага, зекет жана ажылык сыяктуу акча менен орундалуучу ибадаттардын сообун багыштоо жаиз болуп, намаз, орозо, Курани карим окуу сыяктуу дене менен орундалуучу ибадаттардын сообу багыштоо жаиз эмес. Хадис-и шарифте: "Көрүстөндүн жанынан өтүп бара жаткан адам он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуп, сообун маркумдарга хадия кылса (багыштаса), ага маркумдардын санындай сооп берилет”, - деп билдирилген. Ханафи мазхабындагы адам сообун багыштайт, Малики менен Шафии мазхабындагылар маркумдун кечирилүүсү үчүн дуба кылат.
Ибадаттардын сахих болуусун каалаган адам Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн орундоого ниет кылуусу зарыл. Ниет көңүл менен кылынат. Бир гана ооз менен айтылса ниет кылынган болбойт. Көңүл менен ниет кылуу шарты менен ооз менен айтып ниет кылуу жаиз болот деп айтылды. Көңүл менен кылынган ниет менен ооздон кылынган ниет бирдей болбосо көңүлдөгү ниетке каралат. Бир гана касам ичүү андай эмес. Касам ичкенде айтылган сөз маанилүү. Ибадаттарда ниетти ооз менен айтуу тууралуу эч кандай хадис-и шариф да, кабар да жок. Төрт мазхабдын имамдары да билдирген эмес. Ниет - ибадат кылууну көңүлгө келтирүү, эске түшүрүү эмес. Аллаху таала үчүн орундоону каалоо, кайрат кылуу, умтулуу дегендик. Ниет ибадатты баштаарда кылынат. Алдын ала, мисалы, бир күн мурда кылынса ниет болбойт. Бул максат, каалоо, убада деп аталат. Мисалы, Ханафи мазхабында орозого ниет кылуунун убактысы бир күн мурда, күндүн баткандан баштап, эртеси күн "Дахва-и кубра”убактысына чейин.
Башкалардын күнөө кылуусуна себепчи болуп калбоо үчүн бир адамдын мубахтардан кечүүсү жакшы болот. Бирок, сүннөттөрдөн жада калса, мустахабдардан кечүүсү жаиз эмес. Мисалы, башкалардын ушактабоосу үчүн мисвак колдонууну, селде кийүүнү, башы ачык жүрүүнү жана эшекке минүүнү таштап коюу жакшы болбойт. Мисвак - мисвак жыгачынын же зайтун же тут жыгачынын талынан кесилген бутакча. Калыңдыгы бир бармактай, узундугу бир карыш болот. Аялдардын мисвактын ордуна сагыз чайноолору да жаиз. Мисвак таба албаган адам тиштерин баш бармагы жана шахадат бармагы менен (сөөмөй) ушалайт. Хазрети Башир Хафи көчөдө башы ачык жүрчү.
Күнөө кыла турган адамдын бул күнөөдөн тыйылуусу Аллаху тааладан корккондугу үчүн же адамдардан намыстангандыгы үчүн же болбосо башкалардын да ал күнөөнү кылуусуна себепчи болуп калбоо үчүн болот. Аллаху тааладан коркуп тыйылуунун белгиси - ал күнөөнү жашыруун болсо да кылбоо. Адамдардан намыстануу - бул алардын жамандоолорунан коркуу. Башкалардын күнөө кылуусуна себепчи болуу жашыруун күнөө кылгандан да жаман күнөө. Башкалардын бул күнөөнү кылгандыгынын күнөөсү да кыяматка чейин ошол күнөөгө себеп болгон адамга жазыла берет. Бир хадис-и шарифте: "Адам күнөөсүн дүйнөдө жашырса Аллаху таала да кыямат күнү бул күнөөнү кулдарынан жашырат.” Адамдарга өзүн вара, такыбаа экенин көрсөтүү үчүн күнөөлөрүн жашыруу жана жашыруун улантуу рия болот.
Ибадаттарын башкаларга көрсөтүүдөнхая кылуу, тартынуу жаиз эмес.Хая - күнөөлөрүн, айыптарын көрсөтпөө дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, вааз берүүдөн, амри маруф жана нахий мункар кылуудан (диний китептерди, илмихал китептерди жазуудан жана сатуудан) жана имам, азанчы болуудан, Курани каримди окуудан жана мавлид окуудан уялуу жаиз эмес. "Хая ыймандан” деген хадис-и шарифиндеги хая - жаман, күнөө нерселерди көрсөтүүдөн уялуу дегендик. Момун алгач Аллаху тааладан уялуусу зарыл. Ал үчүн ибадаттарын чын жүрөктөн, ыклас менен кылуу керек. Бухара аалымдарынан бири султандын уулдарынын көчөдө пайдасыз оюн ойноп жүргөнүн көрүп калат. Колундагы аса таяк менен аларды урат. Алар качып кетишет. Атасына барып даттанышат. Султан ал аалымды чакырып: "Султанга каршы чыккан адам камала тургандыгын билбейсиңби? ” - дейт.
Аалым: "Аллахка каршы чыккан адамдын Тозокко бара тургандыгын билбейсиңби? ” - деп жооп берет.
Султан: "Амри маруф кылуу милдетин сага ким берди?” - деп сурайт.
Аалым: "Сени ким султан кылды?” - деп сураганда, султан: "Мени халифа султан кылды”, - деп жооп берет.
Аалым: "Мага амри маруф кылуу милдетин сенин халифаңдын Раббиси берди”, - дейт.
Султан: "Сага Самарканд шаарында амри маруф кылуу милдетин бердим”, - дегенде, аалым: "Мен өзүмдү бул милдеттен бошоттум”, - деп жооп берет.
Султан таң калып: "Бул жообуң мени таң калтырды. Уруксат берилбей туруп милдетериңди айттың, уруксат берилгенден кийин милдеттен бошогонуңду айтуудасың”, - дейт.
Аалым: "Сен азыр уруксат берген болсоң кийин дагы милдетимен бошотосуң. Ал эми Раббимдин берген милдетинен мени эч ким бошото албайт”, - дейт.
Бул сөздү уккан султан: "Менден эмне кааласаң ошону сура, берейин”, - дейт.
Аалым: "Мени жаш кезиме кайтар”, - дейт.
Султан: "Бул колуман келбейт”.
Аалым: "Бир буйрук жазып бер, Тозоктогу периштелердин башчысы Малик мени отто күйгүзбөсүн”.
Султан: "Бул да колуман келбейт”.
Аалым: "Менин ушундай бир улуу султаным бар, каалаганымдын баарын Андан сурайм. Тилегенимдин бардыгын берди, эч качан колуман келбейт деп айтпады”, -дейт.
Султан аалымга: "Мени дубаларыңда унутпа”, - деп эркин коё берет.
Хадис-и шарифте: "Башкаларга көрсөтүү үчүн намазын мыкты окуп, жалгыз калганда андай окубаган адам, Аллаху таалага акарат кылган болот”жана "Силерде болуусунан эң көп корко турган нерсем - ширк-и асгариге учуроолоруң. Ширк-и асгар - рия дегендик” жана "Дүйнөдө рия менен ибадат кылганга, кыяматта, эй жаман адам! Бүгүн сага сооп жок. Дүйнөдө кимдер үчүн ибадат кылган болсоң соопторуңду алардан сура деп айтылат” жана"Аллаху таала айтат: Менин шеригим жок. Башкасын мага шерик кылган соопторду андан сурасын. Ибадатыңарды ыклас менен кылгыла! Аллаху таала ыклас менен кылынган иштерди кабыл кылат”, - деп билдирилди. Ибадат Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынат. Башкалардын сүйүүсүнө, жакшылыгына кол жеткизүү үчүн кылынган ибадат ага табынуу, сыйынуу болуп саналат. Аллаху таалага ыклас менен ибадат кылуубуз буйрук кылынды. Хадис-и шарифте: "Аллаху тааланын бир экенине ыйман келтирген жана намаз менен зекетин ыклас менен орундагандан Аллаху таала ыраазы болот”, - деп айтылды. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” Муаз бин Жабалды "радыйаллаху таала анх” Йеменге башчы кылып жиберип жатканда: "Ибадаттарыңды ыклас менен кыл. Ыклас менен кылынган аз амал кыяматта сага жетиштүү болот”жана "Ибадаттарын ыклас менен кылгандарга сүйүнүчтөр болсун. Алар - хидаят(туура жол) жылдыздары. Фитналардын караңгылыгын жок кылышат” жана "Дүйнөдө арам кылынган нерселер - наалатталган. Бир гана Аллаху таала үчүн кылынган нерселер барктуу”, - деп билдирилди. Дүйнө жакшылыктары өткүнчү. Өмүрү өтө кыска. Буларга кол жеткизүү үчүн динин берүү- акмактык. Адамдардын баары алсыз. Аллаху таала кааламайынча эч ким эч кимге пайдасын да зыянын да тийгизе албайт. Адамга Аллаху таала жетиштүү.
Аллаху тааладан коркуу зарыл, бирок, Анын ырайымынан да үмүт үзбөш керек. Үмүт коркууда көп болуусу керек. Мындай болгондун ибадаттары жагымдуу болот. Жаштарда коркуунун болуусу, карыларда үмүттүн көп болуусу зарыл деп айтылды. Оору кишилерде үмүттүн көп болуусу керек. Коркуусуз үмүт жана үмүтсүз коркуу жаиз эмес. Биринчиси кутула тургандыгына өтө ишенген болуу, ал эми экинчиси кутула тургандыгына такыр үмүтсүз болуу дегендик. Хадис-и кудсиде: "Кулумду мени кандай ойлогон болсо ошондой тосуп алам”, - деп билдирилди. Зумар сүрөөсүнүн 53-аяти каримасынын маанисинде: "Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Ал - гафур, рахим”, - деп айтылды. Мындан үмүттүн көбүрөөк болуусу керек экендиги түшүнүлөт. "Аллахтан коркуп ыйлаган адам Тозокко кирбейт” жана "Мени билген нерселерди силер билгениңерде аз күлүп, көп ыйлаар элеңер” деген хадис-и шариф да хавфтын, б.а., коркуунун көп болуусу керектигин көрсөтүп турат.
-
Жүрөгүңүздү жаралай турган мырзадан байкалган белгилер
Жазылган күн: 12 Сен 2015
Келечекте бир болууга ниеттенип, мамиле куруп, баарлашып жүргөн мырзаңыз тараптан күмөн саноолор болсо, анда, эч шашылбай анын сизге болгон мамилесине жана жүрүм- турумуна байкоо салыңыз. Үй бүлө куруу жеңил- желпи жана күн сайын эле жаңылап турчу буюм эмес. Ага өтө олуттуу мамиле жасоо талап кылынат. Андыктан адашып калууга өзүңүзгө жол бербеңиз. Түбөлүгү болбогон адамдан үмүттөнүп жүрө берип, башка мүмкүнчүлүктөрдөн кур калбаңыз.
Кайдыгерлик же көңүл буруунун жетишсиздиги
Акыркы күндөрү адаттагыдай эртең менен кутман таң каалап жазбай калды. Жолугушууларды мурдагыдай болжошпой, же жолугууга келем деп, келбей койду. Себебин тушүндүрүүдөн баш тартты же ойду- тоону сүйлөп жалган себептерди айтканы билинип калды. Телефон чалсаңыз, мурдагыдай көңүлдөнүп сүйлөшпөйт, же кайра озүм чалам деп, бирок, чалбайт. Өзүңүз чалып, эмне үчүн байланышууга чыкпаганын сурасаңыз унутуп калганын айтат. Демек, бул адам менен сиздин бирге болууңузга күмөн жаралат.
Сизге караганда достору маанилүүрөөк
Бош убактысынын дээрлик бардыгын достору менен өткөрөт. Ошондой эле бул учурда сизге достору менен жүргөндүгүн билдирип коюуну маанилүү деп эсептебейт. Дем алыш күндөрү мурдагыдай сейилдеп келүүгө же, киного, паркка барууга чакырбай калды. Андыктан аны көлөкөдөй ээрчигенди токтотуңуз.
Зыкым
Мурункудай кафе же ашканага барып чогуу тамактанбай калдыңыздар. Майрамдарда көңүлүңүздү көтөрүп гүл десте да бербей калды. Демек, ал сизди жашоосундагы маанилүү адам катары көрбөйт, андыктан ашыкча каражат короткусу келбейт.
Сүйлөшөөргө сөз табылбай калды
Сүйлөшүүлөр кыска суроо- жооп менен коштолот. Жөн гана чоочун адамдардан деле сурай турган көнүмүш ал- ахывал сурашуу менен чектелет. Экөөңүздөрдү кызыктырган башка тема такыр табылбайт. Ортодогу узак жымжырттыктан улам бири- бириңиздерден тажай баштайсыздар. Ыңгайсыздык жаралат.
Көңүлкоштук
Маанайыңыз чөгүп же сыркоолоп турганыңызды байкаса деле ага маани бербейт. Же болбосо жакшынакай көйнөк кийип келсеңиз аны мактап, жакшы пикир айтып коюуга да жарабайт. Бардык тарабынан көңүлкоштугун көрсөтөт. Мындай адамдан ддагы эмнени үмүт кылууга болот?!... Ойлонуп көрүңүз.
Башка айымдарга көңүл бура баштайт
Ооба, кээ бир мырзалар өтө эле адепсиздигин көрсөтөт. Сиз менен бара жатса же сейил бакта отурса ары- бери өткөн кыздарга суктана карап, алар тууралуу өз оюн айткандан уялбайт. Сизге бул оор тийээрин эске албайт. Мындай мырзадан түбөлүктүү жар күтүүгө негиз барбы?! Сергек акыл менен ойлонуп, аны өз жайына коюңуз.
Мындан сырткары...
Себепсиз кызганычтар. ..
Кээ бир мырзалар сүйгөндүгүнөн эмес, ишеничтин жоктугунан бир күндө 100 жолу телефон чалып ,кайда жүргөндүгүңүздү сурай берет. Ар дайым шектенүү менен карайт. Мындайлар адатта үйлөнгөндөн кийин сөзсүз кол көтөрөт. Сүйөт, ошон үчүн кызганат-, деген бекер кеп. Кызгануунун орду башкача болот.
Мамилеси олуттуу эмес
Сүйлөшүп жүргөнүңүздөргө көп убакыт болсо деле жоро- жолдоштору, туугандары же ата- энеси менен тааныштырууга шашылбайт. Сиздин дагы жакындарыңыз менен таанышууну каалабайт. Экөөңүздөргө тиешелүү келечек тууралуу такыр кеп козгобойт, эптеп эле убакыт өткөрүүнүн айласында жүрөт. Мындай мамиленин сизге кереги барбы?!
Сезимдери байкалбайт
Эгерде анын сизге болгон сезими бар болсо, анда аны сиз сөзсүз түрдө байкайсыз. Сөздөрүнөн, көздөрүнөн, жасаган мамилесинен байкасаңыз болот. Ал эми сезими жок болсо, ал тараптан бир гана муздактык келет....
Ал тууралуу эч нерсе билбейсиз... .
Анын жашоосундагы маанилүү кабарлардан дайыма артта каласыз, же таптакыр эле укпайсыз. Кандайдыр бир ийгиликке жетишкенин, окуяга кабылганын, ооруп калганын, же бир жакка барып келгенин башкалардан угасыз. Кээде кокусунан өзүнөн бир топ убакыт өткөн соң угасыз. Себеби, айдан ачык көрүнүп турат эмеспи....
Жыйынтыктап айтканда, келечетк үй бүлө курууга ниеттенип мамиле курган мырзаңыздан жогорудагы белгилердин бири эле байкалса, кеч боло электе байланышты үзүңүз. Анткени мындай шартта ал бир күнү сөзсүз жүрөгүңүздү жаралап кош айтып кетет. Бул учурда катуу кыйналып калышыңыз ыктымал. Андыктан ар дайым өзүңүзгө кам көрүп, жүрөгүңүздү оорутууга эч кимге жол бербеңиз.
U
-
Бетиңиздин териси кандай экенин билесизби?
Жазылган күн: 12 Сен 2015
Достору
-
Шаиста Шат... -
admin_supe... -
boolushkubat -
Asema06 -
kanat4ik -
Sherkul -
Kg_mir.96 -
Zazazaz -
killer-star -
konfetka_love -
happy02 -
Роза Шакирова -
tolik1995 -
LaraKroff -
fea1990 -
Nurmuxammet -
anti_tekeber -
chyngyz-KG -
Adylbekov -
jorobek.kg -
egiz-jigit -
ai_nariste -
maksel2009 -
uefamif -
SULUU-KYZ -
aytkulova -
bale95 -
Kaple -
Mediziner -
nurchik05 -
Liza. -
Bujum -
fcmessi -
Jenish_Urm... -
torik2292 -
MAN-CITY -
Kgstar96 -
Elime -
Munarbek.k... -
jeko_u -
Arnella -
Altaibek -
jurok1994.... -
UMATILLA -
arzygulR -
Bekzat.15 -
umaribnuha... -
Jonathan88 -
kudret -
new_hacker
Показать 50 случайных друзей 52 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
medina. ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?