Аңгыча үйгө кирип келишти.
- Зоя, бул бая күнкү мен сага айткан жигит, аты Эрнис. Таанышып койгула, мындан ары бул жигит менен иштешесиң.
- Кабыл алдык, сиз кандай десеңиз ошол. Даам ооз тийгиле, - Зулфия дасторкон жайды.
- Даам ооз тийгенден качпайбыз, чай-пайың болсо да мейли, - Кубан тамашалай Эрнисти карап күлүп койду.
- Баары болот, ан үчүн шашпай олтурууңар керек.
- Үй ээси кандай десе биз кайда барабыз, конок койдон жоош эмеспи.
- Жарайт, заматта баары даяр болот. Силер чай ичип олтура тургула, - деген Зулфия сырткы үйго чыгып газга тооктун этинен куурдак жасай койду да, сервантынан коньяк алып чыгып столго койгондо Кубан жадырай күлүп тамашалай суйлөп кирди:
- Оо-ой Зоичка, абдан зирек аялсың. ээ! Карачы даярдап койгонун, куурдакты да кууруп, анан бизди күтүп жаткансың го, ыя?!
- Ооба, үч күндөн бери даярдап күтүп жатканымды билесиң да.
- Кечиресиз, сулуу кыз, ошондой жумуш чыгып кармалып калдым, айтканымды унуткан жокмун, ал үчүн кечирим сурайм.
- Эч нерсе эмес, келгиле анда, тамакка карагыла, - Зулфия стакандарга коньяктан куюп сунду. Биразга ортодо сөз уланбай тамактанып олтурушту.
- Эмесе, Зоя, бул иниң экөөнөрдүн мындан аркы ишиңердин ийгиликтүү болушу үчүн мен тост айтып койойун, ар убак иштерибиз, Эрнистин алгачкы кадамы ийгилик алып келип, бара-бара шефтин ишеничине кирип, каныккан гөзөлдөрдөн бол, ишибизде жетишкендиктер коп болсун!
- Рахмат, айтканыңар келсин.
- Рахмат. - Зулфия да жылмая карап, ыраазылыгын билдирип койду.
Анан Эрниске сөз берип, кайрадан коньяк стакандарга толду.
- Эмесе эже, мен сиз менен таанышып, сиздин ак дасторконуңуздан даам татып олтурганыма жана сиз менен иш жолдорум байланыш болуп олтурганына өтө кубанычтамын.
Мындан ары бизге Кубан байке шеф болот да, биз анын аткаруучулары болобуз. Ошондуктан баарыбыздын иштерибиз ийгиликтүү болсун жана баарыбызга денсоолук каалайм!
- Ошондой десе да болот, эмнеси болсо да так жана сак болгула!
- Сагызган менин эжем, ошондуктан ал жагынан эч кабатыр болбогула. - Зулфия тамашалай кулүп сүйлөду.
- Эң сонун ийгиликтер,
жетишкендиктер боло берсин.
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#82 09 Август 2012 - 02:00
Үчөө көпкө олтурушту. Бир топтон кийин алар кетүүгө ордуларынан турду да, Кубан машинаны от алдырып, Эрнисти жанына олтургузуп жөнөй бергенде үйдөн Зарылбек менен Наргиза чыга калышты. Эрнис Наргизаны ары кетип жатканда узата карап туруп, анан Зулфиядан сурап койду:
- Кызыңызбы?
- Ооба, кызым.
- Өзүңүзгө окшоп сулуу кызыңыз бар экен.
- Рахмат, аман эле болсун, сулуу кызым бар.
- Кыз көрсөң жабышып калмайың бар го, ээ? - Кубан аны тамашалай каткырып күлүп койду.
- Ой байке. сулуу кыздарды кимдер сүйбөгөн, кимдер карабаган, мен деле тирүү жанмын да.
- Ой-оой азамат десе, туура-туура! Кой анда, азилдешип тура бербей кетели.
- Жакшы баргыла, - Зулфия машина кеткенден кийин эшигин жаап, анан үйгө кирип, уулу менен кызынын жанына барып жата кетти.

#83 09 Август 2012 - 02:07
Кубан адеп бул ишке киргенде шефке жолугуп, андан өзгөчө тапшырма алган эле. Ошондо шеф аны сынай карап олтуруп:
- Иничек, биздин жумуш өтө татаал, жандан кечүүгө даяр болуп, жашыруун өтүш керек. Эгер биз менен иштешем десең, сөзгө бек, ишке так болушуң керек.
- Аксакал, ал жагын жакшы билем, айтканыңыз орундалат.
- Балдар баарын түшүндүргөн чыгар, бизге алдуу-күчтүү жигиттер керек, ал үчүн өзүңө ишеничтүү аял таап алышың абзел, анткени аялсыз эч нерсе жасай албайсыңар.
- Макул аксакал, табам.
- Эмесе ишке кирише берсең болот, так иштесең миң доллар айлык алып турасың, эгер сырга бек болалбасаң башың менен жооп бересиң!
- Жарайт, түшүндүм. - Кубан машинанын рулун башкарып келатып ушуларды эстеди. Шефке жагып, маянаны жакшы алып, андан сырткары өз ишин жакшы аткарган билимдүү ишкер жигит, чини да жогору турган Кубан азыр шефке оң кол болуп алган эле. Ал ошондо шефтин: "Бир аял таап, ошол аркылуу иштегин", деп айтканын эстеп, дароо эле Зулфияны ушул ишке тартууну чечкенине азыр абдан кубанып турган. Анткени ал ишти ойдогудай аткарып жатпайбы.

#84 09 Август 2012 - 05:28
Абдан кызыктуу экен уландысын бат-баттан жазып бутурчу кундо куто берип олмо болдум.
#85 09 Август 2012 - 12:14
Кайрат көзүн ачканда күн эбак көтөрүлүп калган. Көзүн ачып, эмне болгонуна көзү жетпей, уйку-соонун ортосунда көзүн кайра жумуп-ачып, эсине келалбай бир саамга жатты да, ордунан турууга аракет кылды. Ары-бери кыймылдап, артына кайрып байланган колун бошоталбай убараланып жатканда, сырттан Кубан кирип келди да, буту менен тээп жиберип:
- Акмак, эмне эле тыбырап жатасың, соолугуп калдыңбы? Мас болуп алып жасаган ишиңди билесиңби? - деп эки-үч жолу тээп жиберди.
- Байке, мен... мен өзүм ачка жүрүп кайдан ичмек элем, анын үстүнө мен ичкенде такыр кишиге сүйлөбөйм.
- Тигини, андай болсо мен сени жөн эле алып келген турбайымбы, ээ? Сенин эч бир кылмышың жок тура? - Кубан аны дагы тээп-тээп жиберди. Башы-көзгө чапкылап сөгүп да жатты. Кайрат эмне болгонун эстей албай башы маң. Бир маалда моокуму кангандай сыртка чыгып кеткен Кубан эки стол көтөрүп келди да, Кайраттын колун чечип:
- Олтур! - деп буйрук берди. Кайрат ооруп, жип өтүп кеткен колдорун кармалап, кылмыштуу адамдай бүжүрөп келип столго олтура кетти. - Кана, аты-жөнүңдү айт да, кылган ишиңди мойнуңа алып жаз! - деди.
- Байке, кайсы кылмышымды, мен эч нерсе жасаган жок элем, - Кайрат ыйламсырап жиберди.
- Эн-неңдурайын десе, мойнуңа албай минте берсең суракта жүрүп өлөсүң, андан көрө ала бер да мойнуңа.
- Эмнени алам, байке, айтыңызчы жок дегенде, эмне кылмыш кылганымды билейин, мен деле бирөөнүн баласымын, аяңызчы.
- Сен өзүңдү айайсыңбы, андай болсо мен бир шарт койом, ошого көнсөң кылмышың жабылат.
- Айтыңыз, эгер туура келсе көрөйүн.
- Ой эн-неңди урайын десе, сага азыр туура келгенинин баары бир эмеспи, же биротоло түрмө же жарыкчылыкта жашашың керек, уктуңбу?
- Ошондо деле...
- Анда мындай, түндө сен бир аялды зордуктап өлтүрүп салыпсың.
- Калп! - Кайрат кулагы чуулдап, көзү тунарып, бир топко үнсүз олтуруп калды да, көз алдынан кечээги күнү болгон окуяны өткөрүүгө аракет кылып жатты. Ооба, ачка жүргөндө бир кемпир ага жумуш берем деп ээрчитип үйүнө алып барган. "Анан эмне болду эле?" - деп андан ары эстөөгө тырышты: бираз чай ичип, анан вино ичкени ырас, ошол бойдон эмне болгонун билбейт. "Ырас эле өлтүрүп салдымбы? Чынында сулуу аял болчу, кызып калгандан кийин асылсам керек?" Кайрат көпкө ойлонду. Бирок эч бир аялды өлтүрүп алганын билбейт. Чынында бул ага жабылган күнөө болчу, аны күнөөлүү деп таап, кыйын иштерге мажбурлап, өз жумушуна тартуу эле. Кайрат аргасыз көнүүгө туура келди. Анткени ага түрмөдөн көрө эркиндик жакшы болчу.

#86 09 Август 2012 - 12:40
- Мен макулмун!
- деди көптөн кийин ал.
- Баш тартмай жокпу? Эгер айткан сөзүңөн тансаң, атып салам. Так иштеп, татаал иштерде өзүңө сак болсоң болду.
- Так аткарам, колдон келишинче.
- Сүйлөштүк анда, ушул жер сенин жатаканаң болот, кровать, постель алып келип берем. Сага дагы балдар кошулат.
- Жарайт. - Кайрат Кубанга карай жалооруган көз карашы менен карады да: - байке, курсагым болсо ачка, чөнтөктө сокур тыйын акчам жок... - деп токтоло калып жер карады.
- Курсактан кам санаба, эгер жакшы иштесең акча да, аял да, үй, машине - баары болот, болгону ишти жасай билсең болду, - Кубан сыртка чыгып кетти. Кайрат кайрадан кечээги болгон окуяны эстөөгө тырышып жатты. Жок, эч кандай эсине эчтеке түшпөй, вино ичкенден кийинкисин билбей жатты. Бир маалда Кубан сеткага тамак-аш көтөрүп келди да:
- Эмесе сен олтуруп тур, мен төшөнчү алып келем, - деп койуп сыртка чыкты да, эшиктин сыртынан кулпулап жаткандай көрүндү. Кайрат сыртынан кулпулаганына арданган да жок.
Карды ачып турган неме бурдугуп ар кайсыдан жеп жатты.
Арадан бир жумадай убакыт өткөндөн кийин Кубан Кайратты түнкү операцияга даярдап жатты:
- Бүгүн олуттуу иш бүтүрөбүз. Мүмкүн болушунча өлүм болбогондой болушу керек. Сыртта мен болом, каалганын эки жагында дагы экөө турат, үчөөңөр бир дагы кынтыгы жок иш бүтүрөсүңөр. Түндө Россиядан бир үйбүлө келиптир, эки жүз миң доллар менен, ошону тонош керек. Кыскасы, өлбөгөндөй болсун, өзүңөрдү таанытпай сак болгула.
- Жарайт, колдон келишинче аракеттенебиз.
- Азаматтар десе, жол болсун анда, кечинде жолугушабыз. - Кубан балдар менен коштошуп чыгып кетти.
Ошол күнү кечки саат тогуздарда Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жүрөк оорутарлык окуя болду. Кылмышкер билинбей кетти. Россиядан жети жылдан бери келбей иштеп жүргөн үйбүлө айылдагы ата-энесине жолугалбай, алмончоктой уул-кызын сүйө албай, арманда кете берди. Кайгы-муңга баткан ата-эне аргасыз боздоп калды...
Ал окуянын күбөлөрү Кубан баштаган топ эле. Болжогон саатта Кубан шериктерин ээрчитип мерчемдүү жерге жетишти да, үчөө үйдүн ичине кирип барышты. Жаңыдан тамактанууга олтурган жубайлар элейип-элейип туруп калышты эле, экөө экөөнү кармап, бириси тапанча такап туруп:
- Жан керек болсо акчаңды бер да, аман калышты ойлон, - деп күйөөсүнүн маңдайына тапанчасын такаганда ал безеленип жиберди:
- Инилер, бизде кайдагы акча, эч кандай акча жок, ишенгиле, айланайындар!
- Жаныңды жебей, болгон акчаңды алып чык, болбосо аман калам деп ойлобо.
- Кагылайындар, эмне деп жатасыңар? Бизде акча жок, эмне деген акчаны айтып, коркутуп жанды күйгүзө бербегилечи, бизде акча эмес, эч нерсе жок!
- Жап оозуңду, жаныңды жеп безеленбей!

#87 09 Август 2012 - 13:19
Акыйлашып олтуруп убакыт өтүп жатканынан чоочулашып,
аялынын мойнундагы алтын цепочка менен сөйкө-шакектерин чыгарып алышты да, берки экөө үйлөрүнүн баарын тинтип, акча издеп жатышты. Бир маалда акчасын айтпай койгондо үй ээсин аябай тепкилешти да, оозуна чүпүрөк тыгып, эки колун артына бекем байлап сабай башташты. Ошондо жанынан түңүлгөн аялы:
- Сабыр, берчи кудай жалгагыр, жаныбыз калсын, деги берип кутулчу! - деп ыйлап жиберди. Буту-колу буулуп тыпырап жаткан неме деми чыкпай көгөрө баштаганда бириси келип оозундагыны алды да, тепкилеп кирди:
- Эн-неңдурайын десе, жаныңан да акча кымбат тура, ээ? Айтасыңбы, же өлөсүңбү?
- Эч нерсе жок, баары бир өлтүрөсүңөр, акчадан айлангыла!
- Бас жаагыңды, акчаңды баары бир табабыз, өлгүң келип турса айтпай эле кой! - деп аны өпкө тушка эки-үч тээп жиберди да, кайрадан оозуна чүпүрөк тыгып салды.
- Айланайындар, өлтүрө көрбөгүлө, мен берем, ал бербесе мен берем, тиги полдун четинде подвалдын оозу бар, ошону ачып ылдый түшсөңөр кичине сандык бар, ошондо акча бар, ошону алгыла да, жаныбызды аман койгула, айланайындар, - деп аялы безилдеп ыйламсырап, жалынып-жалбарып жатканда тигилер подвалдын оозун таап ачып төмөн түштү да, узун-туурасы элүү сантиметр келген темир сандыкты алып чыгышты. Сандык кулпулануу эле.

#88 09 Август 2012 - 14:44
- Ачкычы кайда? - деп бири аялга кыйкыра сүйлөдү.
- Ачкыч күйөөмдө, анын оозундагыны алып койо көргүлө, айланайындар, өлүп калбасын! Өлтүрө көрбөгүлө?!
- Кана ачкыч? - күйөөсүнүн оозундагыны алып сурай бергенде андан жооп болбоду.
- Мени бошотуп койсоңор, айланайындар, эси ооп калган го, - аял безилдеп жатты.
Боор оорууну ойлоп да койбогон караандар жан алгычтай жулунуп жатканда сыртта үндөбөй тургандардын бири:
- Ачкычты эмне кыласыңар, бол тезирээк, акчаны ал да, бүттү, - дей бергенде аял анын үнүн тааный койуп:
- Асылбек, сенсиңби, ушуга кантип дитиң барды, ыя? - дегенде ал беркилерди жанына чакырып:
- Бул мени тааныйт, ошон үчүн баятан бери үнүмдү чыгарбай жаткам, тирүү койгондо болбойт, - деди эле, акырын бирөө келип үн чыгарбай бооруна тапанча такап туруп атып салды. Ошентип байкоостон ажалга кабылган жубайлар эки жерде сулап жатышты.
Түн каткан алты караан элүү метр аралыкта турган машинага олтуруп, эч нерсе болбогондой караңгы түнгө сиңип жок болушту.
Ошол кандуу окуядан кийин Кубан Кайратка он миң сом берди.
- Бул сенин алгачкы эмгегиң, эгер ушундай иштесең, улам акчаны көптөн алып турасың, - деп мактап кетти.
Кайрат колуна тийген он миң сомго абдан кубанды. Анткени ал өмүрүндө мынча акча кармап көргөн эмес. Базарда ачка жүргөндө чөнтөгүндө сокур тыйыны жок - толгон тамактардан көзү өтүп, оозуна кара суу келип турса да, бир адам боор ооруп койбогонуна жини келип, адам баласында өчү бардай, киши өлтүргөнүнө кайгырып да койбоду.
Көп өтпөй Бекмат да колго түшүп, Кубандын алдында колу-буту байланып турду.
- Кана, кылган кылмышыңды мойнуңа аласыңбы, же?...
- Кандай кылмыш, байке? Мен жөнөкөй эле бир тачкисмин, күнүмдүк оокатымды өткөргөн бир пендемин.
- Өлүмүш болуп калганын кара, бир байкуш кемпирди өлтүрүпсүң, анын дүйнөсүнө кызыксаң керек да..
- Кантип, эч кандай кызыккан эмесмин, ойлоп да койбопмун, киши өлтүрүүнү ойлоп да койбогонмун.
- Жаныңды жебе, анда ал кемпирди мен өлтүрдүмбү? - Кубан Бекматты уруп, тээп жиберди.
- Байке, эч кандай андай ишке барган эмесмин!
- Келжиребей мойнуңа ал, же мен айткан сөзгө көн!
- Кандайча жалганды мойнума алышым керек?
- Ошондойчо, болбосо мен бир шарт койом, ошого макул болосуң, антпесең түрмөгө олтурасың.

#89 09 Август 2012 - 15:18
Бекмат башын жерге сала ойлонуп калды: "Булардын колуна түшкөн киши оңбойт дечү эле, "милийса менен ооруканадан сактасын"
деген сөз бекеринен айтылбаса керек, эмне болсо да бир сөзгө көнөйүн, бөөдө түрмөгө түшкөнчө"
, деп ойлонгон Бекмат башын өйдө көтөрдү да:
- Кандай шарт? - деди Кубанды карап.
- Аз-замат десе, бая эле ошентпейсиңби, тетириленбей эле, - ал ары-бери басып биразга чылым чегип турду да: - Эмесе мындай, сени азыр бир жигиттерге кошом, анан тапшырма болгондо иштейбиз.
- Макул.
Ошондон баштап Бекмат Кайраттар менен жашап калды. Экөө абдан ынак. Өздөрүнчө сүйлөшүп олтуруп, бул жерге кантип келип калгандары тууралуу сөздөн сөз чыга берип айтылып калды.
- Ой маста-ан, - деди Кайрат, - сен дагы ал мастандын колуна илинген экенсиң да, демек ал тирүү экен да?...
- Эмне, өлдү деп ойлодуң беле?
- Анан эмне, "өлтүрдүң, камаласың" , деп жатса, чын эле өлтүрүп койгон экемин деп ойлогом да.
- Анда мындай, экөөбүз бир сөзгө келели да, эмки операцияга барганда биз тонолчу адамдарга жардам берели, алдын ала аларга айтып үйлөрүнөн кетирип жиберели.
- Кантип, олжодон кур калбайлыбы? !
- Олжо-олжо деп жүрүп, адамдардын убалын ойлобойсуңарбы, ыя? Сен эсиңе кел да, менин сөзүмө көнгүн.
- Жок, андай болбойт, мен анда ачка калам, кана адамдарың колунда жокторго, жолдо ачка калгандарга боор ооруп жатабы?
- Ачка калбаш үчүн өзүң аракеттенишиң керек да, эмне, сенин ачка калганыңа бирөө күнөөлүүбү?
- Ооба, адамдар күнөөлүү, колунда бар туруп жок жардыны теңине алып коюшпайт аларың. Мен баарынан көңүлүм калган, уктуңбу? Мен да башкалардай эле бар болуп, үйбүлө күтүп жашашым керек!
- Сен өз маңдай териң менен таап жашай берсең болбойбу? Анткени сенде бүт баары бар - денсоолук, акылэс, күч - баары бар экен, эмнеге иштегенге болбосун?
- Иш табыш кыйын болду мага, тачкага барсам да, баардык жерге барсам эле паспорт дейт, менде паспорт жок да.
- Ооба, документи жок болбойт, билем, бирок аракет кылышың керек да!
- Кой, сөздү токтотолу да, сөзгө келели, мен бул жолдон кайталбайм!
- Макул, өзүң бил анда. - Бекмат ойлуу олтуруп калды: "Бул мени сатып койуп жүрбөсүн, андан көрө мен да буларга кошулуп бара берейин да, ошол учурдан пайдаланып качып кетейин", деп ойлонуп, Кайраттын ийнине колун койо минтти: - Ырас айтасың, баары бүттү да, эми артка кайтууга болбойт. Анда көрө мындан аркы ишибиз жакшы болсун.

#90 09 Август 2012 - 15:33
- Туптуура, андан башка арга жок, экөөбүздө тең, себеби кайда болсун жашашыбыз керек го?
- Ооба, аның туура, артка жол жок!
Ошол бойдон экөө тең бир сөзгө келгендей үнсүз олтурушуп калды.
Билинбей мезгил өтө берип, арадан бир ай чамасы өтүп калганда Кубан шашылыш түрдө келип, аларга операциянын так маалыматын берип жатты:
- Мындай, бул үй шаардагы эң бай жана кадырман адамдыкы. Ушу кезде ал үйдө бир кызы менен гана иниси бар экен. Ал киши айылга конокко кеткен. Эки-үч күндө келишет имиш, бүгүн түндө ал үйгө сөзсүз кириш керек. Мен эң сырткы босогосунда болом, экөөң үйдүн кире беришинде, экөөң кирип барып аларды буту-колун байлап туруп, ал үйдүн эң төркү боорундагы килемдин артында текче бар, ошондо кадимки сейфке окшогон темир сандык турат, ошону эптеп алып чыккыла! Кокус сырттан бир белги болсо мен силерди кууган болом, силер качканга үлгүрөсүңөр. Ошентип эптеп кутулуп кетебиз.
- Жарайт!
- Анда кеттик.
Баары бир-экиден бөлүнүп, үч машинага отурду да, шаар четине жөнөштү. Айткандай эле ал үйдө жыйырма бештердеги жигит менен гана он бештердеги кыз бар экен. Бийиктиги бир жарым, бир сексен келген тосмодон секирип киришти да, байлоодон бошоно элек ит үрө баштаганда аны бириси барып нан салып койду эле, шыйпаңдап олтуруп калды.
Үчөө-төртөө кирип барганда кыз бакырып жиберди. Ошол кезде эми уктап бараткан жигит ордунан ыргып туруп, бөлмөдөн чыга калганда, аны былк эттирбей кармап калышты. Ала келген жиптери менен экөөн эки жерге таңып койушту да, айтылган жердеги килемдин артын ачып, текчени тапты да, сейфке окшогон темир сандыкты көтөрүп чыгып кетишти. Бул окуя эч кандай кынтыгы жок жасалгандыктан, эч нерсе билинбей кетти. Үй ээлери келгенде кызы менен иниси байлоодо жаткан. Алар жамандык болбогонуна кубанып, милицияга билдиришти, бирок артынан сая түшпөдү, болгону үй ээси ошол окуядан кийин бир тууган инисин үйүнөн кетирип жиберди. Анткени аялы: "Сөзсүз ошол аркылуу болду!" деп безилдеп туруп алды.

#91 09 Август 2012 - 16:01
Кайрат менен Бекмат өз үлүштөрүн алышты да, бираз майрамдап, кийинип, таптакыр башка адамга айланып калышты. Бекмат болсо ичинен: "Арам акчага азгырылып олтуруп мен баш кесер болуп кетем го, кой, эптеп качып кетейин",
деди да, Кайрат менен базар аралап жүрүп, эптеп аны адаштырды да, качып кетти. Кайрат аны бир заматта таппай калды. Чынында буларды Кубан ишенип эркин койо берген эле, болбосо кароого алып, артынан киши коймок. Кайрат кайрылып жатаканага келгенде берки экөө Бекматты сурашты.
- Аны заматта базардан адашып таппай калдым, келип калаар... - деди ал, бирок ичинен күмөнсүп: "Качып кеткен го", деп ойлоп жатты. Адамдык сапат, боорукерлик, дини кайырлык ар бир адамда бар эмеспи. Бирөө караманча кара мүртөз болсо, бирөө тескерисинче боорукер, ак көңүл болуп жаралат. Бекматта адамдык сапат жогору эле, ошон үчүн ал мындан ары бул ишти аркалай албасын түшүндү да, басып кетти. Ал эми Кайрат андай эмес болчу, ачка-ток жүргөн убакта көргөн ызасын адамдардан чыгарып, баарын жасоого бел байлап алган, ага ушул гана керек болчу, акча, жакшы кийим, жакында үй алам деп турат.

#93 09 Август 2012 - 16:46
Мен окуганмын коп жылдар мурун бул чыгарманы.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#94 09 Август 2012 - 17:07
А мен мурда окуган эмесмин.Азыр кызыгуу менен тытып окуп жатам.
#95 09 Август 2012 - 17:13
Ошол күнү кечинде Кубан келип Бекматтын качып кеткенин угуп эле: "Ал эми сөзсүз Зулфияга барып, аны өлтүрүп койбосо экен", деп ойлонду да, дароо эле Зулфияга жөнөдү. Ал келгенде Зулфия базарга жөнөмөкчү болуп, машинасын чыгарып жаткан. Кубандын машинасын көрүп токтоду да, машинадан түшүп аны тосо чыкты.
- Кандай, Зоичка, деги денсоолук, бала-чака тынчпы?
- Тынччылык эле, эмне болду?
- Сүйлөшчү сөз бар, жүрү үйгө кирели.
Кубан Зулфиядан мурун үйгө кирип кетти. Артынан кирген Зулфия аны кабатырлана карады да:
- Деги тынччылыкпы, эмне болуп кетти? - деди элейе.
- Кайдагы тынччылык, кийинки тачкист качып кетиптир, сага келген жокпу?
- Качып?! Оо кудай, анда эле мени өлтүрөт, эмне болуп качып жүрөт?
- Эмне болсун, бир олуттуу иш бүтүргөнбүз, эмгегин бергем, муюгансып эле калган, баардык эле балдар акча колдоруна тийгенден кийин эч жакка кетпей эле көнүп калып жатпайбы...
- Жаман болуптур, эгер кектесе сөзсүз эле мага келиши мүмкүн...
- Ошон үчүн мен сага келбедимби.
- Кудай сактай көр, анда мен эч жакка барбай эле койойун, үйдө балдар бар, алар коркуп жүрбөсүн, качан качып жүрөт?
- Бүгүн түш ченде.
- Анда бүгүн түн ичинде келиши мүмкүн.
- Жок, ал бүгүн келбейт, келсе бираз күн унуткарып анан келет, сак болушуң керек.
- Сак болгондо...
- Сага тапанча берем, оңой эмес жоо, себеби эгер кектесе мени да таанып калды, кармап берүүгө да жетишиши мүмкүн.
- Баарын күтүүгө болот.
- Бүгүн мен мында болойунбу? Деги мени сагындыңбы?
- Аны эми өзүң билесиң да...
- Алтыным, сени кантип ажалга берип койойун, эч коркпо, - Кубан Зулфияны кучактап өөп, анан: - машиналарды киргизип койолу да, эс алалы, ээ?
- Макул, мен каршы эмесмин, бирок базарга кетип жаткам, аны-муну алып келиш керек эле...
- Наргиза чоңойуп эле калбадыбы, жөнөтүп жиберсең алып келип калат.
- Койсоңчу, Кубан, ал ошончону көтөрүп кантип келсин, анын үстүнө байкушум аябай эле назик.
- Ошентип жаман көндүрүп аласың, акыры кылчу иши да.
- Кубан, ал менин кызым, аны кандай өстүрөм өзүм билем, ал эми базарга барбай койсок да болот, бираз бүгүн жей турган тамак-аш бар.
- Анда өзүң бил. Машиналарды киргизели анда, - Зулфия менен Кубан ээрчише басып эшикке чыгышты да, машиналарды короого айдап кирип койуп, дарбазаны кулпулап, үйгө киришти.

#96 09 Август 2012 - 17:38
Экөө ээн-эркин сүйлөшүп олтуруп тамактанып,
коньяктан ичип койуп, бир топто кызып калышты. Зулфияга бирөө келгенде Наргиза менен Зарылбек үстүнө кирчү эмес, ал тургай анын жанына да келчү эмес. Зулфия өтө мас болуп калды. Кубан анча мас эмес, кызуу эле. Диванга жатаары менен уктап калган Зулфияны карап туруп, Кубан: "Өзүмдүн кызым, кандай өстүрөм өзүм билем" деген сөзүн эстеп алып кызуулукка салып: "Көрөм, өзүңдүн кызың экенин, кандай тарбия берип өстүргөн экенсиң, көрөйүн",
деп кекенип алып, Наргизалар жаткан бөлмөнү көздөй ордунан туруп бара жатты. Наргиза бойго жетип чырайына чыгып, толуп бараткан кыз жуурканды тебинип жаткан эле. Анын булайган чымыр аппак денеси Кубандын делебесин козгоп, сугу түшүп ушу кез "атууга кетсем да бир жетим кыз үчүн" деген ой башына келе калды да, дароо анын жанына жетип эңкейип бетинен өбөйүн дегенде кыз чоочуп ойгонуп кетти да, көздөрүн алайта ордунан тура калып жуурканды үстүнө жаба:
- Байке-ээ, эмне болду сизге? - деп уйкусурап үрпөйө калганда Кубан шымынын арткы чөнтөгүнөн тапанчасын ала койду да:
- Үнүңдү чыгарсаң атып салам, унчукпа, - деди да, кыздын жамынып турган төшөгүн силкип алып ыргытты да, өз билгенин жасай баштады. Тапанчаны көргөн кыз үнү дирилдеп, бүткөн бою калчылдап, үнсүз көз жашын төгө тыбырчылап жатып калды. Өз ишин бүтүргөн Кубан үшүгөн жалбырактай бүрүшүп олтурган кыздын көлдөгөн көз жашына карабай:
- Оозуңдан чыгарып, же Зулфияга айтсаң экөөңдү тең ит аткандай атып салам, - деди да, шымын оңдонуп алып, туруп барып сыртка чыгып келди да, Зулфиянын жанына жатып калды. Эртең менен ойгонгон Зулфия башы ооруп калган экен, эптеп туруп Кубанды жөнөткөнгө чай койойун деди эле, ал болбой шашып чыгып кетти. Зулфия кайра ордуна жатып калды. Оо түш ченде барып ордунан турган Зулфия балдары жаткан бөлмөгө кирсе Наргиза ыйлап жатыптыр. Ал чоочуп кетти. Анткени ал бул үйгө келгенден бери Наргизанын ыйлаганын көргөн эмес эле.

#97 09 Август 2012 - 18:05
- Кызым, сага эмне болду? - Зулфия үйрүлүп түшүп сурап калды. Наргиза канчалык айтпайын деген менен же ыйлаганын токтото албай шолоктоп жатты. - Айтчы, кызым, бир жериң ооруп жатабы?
- Жок, апаке, жок! Ушундан көрө неге өлүп калбадым экен?!..
- Деги ачык айтчы??!
- Кубан байке мени-ии, - Наргиза андан ары сүйлөй албай буркурап жибергенде Зулфиянын көздөрү караңгылап, кулагы чуулдап, баарын түшүнүп, өзүнүн каталыгын сезе, Наргизаны бооруна кысып, өзү да ыйлап жатты: - мени кечир, садагам, мени кечир, эгер күчүң жетсе кечирегөр! ?
- Жок-жок, апакебай, сизде эч күнөө жок, мен сизге айтпай эле койойун дегем, бирок ызама чыдабай эле...
- Ал шүмшүктү шашпа, сөзсүз өч алам!
- Анте көрбөңүз, апаке, ал экөөңдү тең атып салам деп жатпайбы!
- Көрөбүз! Же ал, же мен! - Зулфия нес болгондой Наргизаны кучактап, чачынан сылап, жүзүнөн сүйүп олтура берди. Ушул кез эне-бала бир-бирине купуя арман кылып, бир-бирин түшүнүшүп олтурушту.
Ошол бойдон Кубан келбей кетти. Качып кетти деген тачкист деле келбеди.
Бекматтын жаман ою жок эле, бирок ал Зулфиянын үйүн акмалап: "таап алып бир жолугуп көрөйүн", деп ойлоп келе жатып, дарбазанын алдында Кубандын машинасы менен дагы бир машинанын турганын көрүп: "Кой, ушунчамда изимди таптырбай жоголоюн" , деп тез-тез басып кетип калган. Бул кез Кубан менен Зулфия машинаны сыртка коюп, үйгө кирип кеткен убак эле.

#98 09 Август 2012 - 18:28
Жазира эже экоолоп бат баттан бутуруп коюнуздар автор
Журоктор ыйманга толсун.
#99 09 Август 2012 - 19:16
Зулфия Наргизанын алдында өзүн аябай кунөөлүү сезип, ага сөз айтуудан өзүнчө эле чоочулап, жаман абалда сезип жүрдү өзүн. Наргиза болсо: "Тагдырым ушул тура, ата-энемден да эрте айрылсам, эми өз кызындай эркелетип багып жаткан энемди да капа кылып алдым көрүнөт, айтпай эле койбой, ызаланганды мага ким коюптур, куураган жаным"... деп өзүнчө бушайман.
Күндөр өтө берди. Эки жумадай өткөндө Кубан келди. Зулфия аны мурункудай эле тосуп алды. Кадимкисиндей эле, эч нерсе болбогондой тамак-ашын коюп сыйлады.
- Зоичка, эртең сөзсүз дагы бир баякыдай бала тап, клиенттер өзү келди, эртерээк болсо ошончолук жакшы болот эле деп жатышат.
- Көрөйүн, аракеттенем.
- Ошент, алтыным, - деди Кубан Зулфияны жылмая карап: - сөзсүз эртең кечки саат алтыларга даярда, анткени тигилер түндөп кетишет.
- Жарайт! - Кубандын аны жылмая карашы мазактап жаткандай көрүнүп, ичинен: "Шүмшук, сени шашпа, өзүңө өзүң ажал тилеп алдың!" - деп мостойо карап узатты.
Кубан кеткенден кийин ал шашпай кийинип, жасанып алды да, машинга олтуруп базарга жөнөдү. Керектүүсүн алды да, Наргизага:
- Кызым, кийингиле, иниңди да кийинт, концертке барып келели, зеригип кеттиңер го, бираз эс алып, концерт көрүп келели, - деди.
Ал күнү Бишкекте казак элинин ырчысы Роза Рымбаеванын концерти болуп жаткан. Зулфия анын ырларын жакшы көрчү, ал тургай анын бир топ ырын жатка билчү. Концерттен келе жатып Наргиза менен Зарылбекке балмуздак алып берди да, үйгө келип жатып калышты. Эртеси кадимкисиндей эле Наргизага байкатпай жашыруун эшиктен чыгып кетти. Базарга жетип-жетпей эле бир жупуну кийинген келиндин колунда жетелеген баласынын ыйлап келатканын көрүп токтой калды да:
- Момпосуй берейинби, уулум, кел келегой! - деп колундагы конфетти сунганда үч-төрттордөгү бала аны көздөй келе берди. Тиги келин унчукпай карап туруп калды. Чынында ушул кичинекей уулун баккандан тажап да калгандай. "Кийген кийимине караганда курсагы да тойо тамак жебегендерден го", деп ойлонгон Зулфия келинди карап:
- Кызым, бери келчи, - деп колун жаңсап чакырды эле, ал акырын басып келди. - Кызым, ме бул акчага бирдеме сатып келе койчу, уулуңдун карды деле ач окшойт! - деди Зулфия жанына келген келинге жуз сомдук сунуп.
- Тим эле коюңузчу, эне... - келин кантсе да токпейилдик кыла, өзүн бечара көрсөткүсү келбей туруп, анан жүз сомду алып ары басып эл аралап кирип кетти. Ал көздон далдаа болору менен балага бир балмуздак алып бере койду да, колунан жетелеп жөнөдү.
- Эмнеге ыйладың, уулум?
- Апам нан бейбей...
- Нан жейм деп ыйладың беле?
- Ооба, нан жегим келген болчу.
- Мен сага кө-өп нан, конфет алып берем, ээ?
- Ийи, апам анан келеби?
- Ооба, келип калат, мага бала болосуңбу?
- Ооба-аа, - кичинекей наристе эч нерседен бейкапар балмуздак жеп басып баратты.

Бири кем арман дүйнө...
#100 09 Август 2012 - 19:33
Зулфия аны жетелеп баратып, жолдон бир комокко кайрылып печенье алып карматты эле, кудуңдап сүйүнүп кетти: - Сиз көөп, кө-өөп конфеээт, печений алып берсеңиз, бала болом сизге.
- Оой аз-замат, апаң келгенде ошентип айтасыңбы анан?
- Ооба, айтам.
Антип-минткиче алар Зулфиянын үйүнүн жанына келип калышты. Ал мындай мезгилде дайыма жашыруун эшик менен кире турган. Анткени ал жактан адам өтө турган жол жок эле. Дароо уйгө кирди да, эшикти бекитип, баланы терезе түбүнө коюп койду да, ичкери кирип кийимин шаша-буша чече салып, кайра чыкканда наристе тигини бейкапар карап койду да:
- Апам, апам кана? Нан жейм, - деди эле, Зулфия:
- Атың ким? - деди.
- Эйи-ик.
- Эрик дейсиңби?
- Ооба-аа.
Ангыча Зулфия Эрикти колдон ала үйгө кирип келатканда алдынан Наргиза чыга калды. Аны көргөн Зулфия:
- Эриктин апасы менин сиңдим болот, базарда жүрүптүр, мен ээрчитип келе бердим, кеч жеткирип койобуз, - деди тайсалдай.
- Ыйлабайт турбайбы, ээ, апа, сизди жөн эле ээрчип келдиби?
- Ооба, ооба, анткени көрүп эле жүргөн да, - Зулфия эптеп калп айтып кысталыштан чыгууга аракеттенди.
- Жүрө гой, Эрик, жүр Заки менен тааныштырам, экөөң ойнойсуңар. - Наргиза арам ою жок эле Эрикти колдон ала өз бөлмөсүнө жетеледи. "Тим кой, Кубан келгенче ойносо ойноп турсун", деп ойлоду Зулфия. Анан оз бөлмөсүнө кирип, диванга жата кетти. Ал азыр Кубандан кандай болгондо өч алып тынаарын билбей тынчсызданып жатты: "Бүгүн ал келип, баланы алып кетсе", деп аны кутүп атты. Кубан көп күттүрбөй эле келди да, Эрикти алып кетти.