– Амантур, сиз жандыгыңызды кайра өзүңүзгө алганга толук укугуңуз бар. Бул тууралуу сотко кайрылышыңыз керек. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 190-191-беренелери боюнча 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр сатуу жана сатып алуу келишимин түзгөнгө укугу жок. Эгерде сатуу зарылчылыгы келип чыкса, ата-энесинин, эгер ата-энеси жок болсо кам көрүүчүсүнүн (опекун) макулдугу менен гана сата алышат. Ошондуктан сотко кайрылып, жандыгыңызды кайтарып алсаңыз болот.
Билдирүүнү түзөткөн: info: 24 Июнь 2010 - 15:32