– Мен белгилүү сулуулук салонунан кошмо чач коштурган элем. Алар 3 айга кагаз жүзүндө кепилдик берген. Бирок бир жумадан кийин эле коштурган чачтарым түшө баштады. Арызданып барсам, “чач коштургандан кийин чачыңызга туура эмес кам көргөнсүз. Чачыңыздын сапаты начардыгынан улам кошмо чач кошууга мүмкүн эмес болчу” деп айтышты. Муну эмне үчүн башында айтышкан эмес? Эми эмне кылсам болот? Акчамды кайрып ала аламбы? Фарида, Ош шаары.
- Кошмо чач коштуруп жатканда сизге сулуулук салонунан кагаз жүзүндө 3 айга кепилдик берилген болсо, анда сиз сот аркылуу акчаңызды өндүрүп алсаңыз болот. Сулуулук салону кепилдик берип жатканда бардык шарттарды эске алган. Ошондуктан алардын шылтоо айтышы негизсиз.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1