Мм даа андан кутулганыныз жакшы болуптур. Ылайым баланыздын бактысына бар болунуз! Ыймандуу, акылдуу балдардан бп чонойсун.
Тагдырдын белеги...
#201 22 Март 2017 - 22:37
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
#202 22 Март 2017 - 22:51
Афтор Бактылуу бол , баланыз ыймандуу акыл эстуу балдардан болсун. !!!
#203 23 Март 2017 - 02:30
Мал аласы сыртында,адам аласы ичинде дегендей,бир коруп турмушка чыкканыныз чон минус болуптур.Эми мындан ары жашоонузду жалан гана жакшылыктар коштосун.Эркек бала коюунчо тай жагын тартат,баланыз куйоонузду эмес,тайларын тартсын ылайым,омурлуу акылдуу ыймандуу болуп чонойсун.
Суроого келсек:куйоонуз уйлондубу?Учурда эмне мн алектенесиз? Экинчи турмуш курганы морально даярсызбы?
Суроого келсек:куйоонуз уйлондубу?Учурда эмне мн алектенесиз? Экинчи турмуш курганы морально даярсызбы?
#205 23 Март 2017 - 13:25
Ular91 (22 Март 2017 - 03:20) жазган:
Эгерде Улан оорулуу болсо аны да куноолуу деп эсептебейм.
Бул жеке оюм. А сизге мындан кийин бактылуулукту Алладан тилеп калабыз. Баланыздын ден-соолугун берсин!
Аны ал жаман ооруу менен ооруйт деп деле ойлобойм. Болгону ал эгоист, жоопкерчиликсиз эң төмөн адам экен. Агай деле менин көңүлүм бат калып кетсин деп ошентип айтканбы балким. Мен аны кайрадан тарбиялайм деп жаңылышыптырмын, баары бир акылына кирмек эмес экен. Ошол эле боюнча калды.
#206 23 Март 2017 - 14:05
sumaya (23 Март 2017 - 02:30) жазган:
Мал аласы сыртында,адам аласы ичинде дегендей,бир коруп турмушка чыкканыныз чон минус болуптур.Эми мындан ары жашоонузду жалан гана жакшылыктар коштосун.Эркек бала коюунчо тай жагын тартат,баланыз куйоонузду эмес,тайларын тартсын ылайым,омурлуу акылдуу ыймандуу болуп чонойсун.
Суроого келсек:куйоонуз уйлондубу?Учурда эмне мн алектенесиз? Экинчи турмуш курганы морально даярсызбы?
Суроого келсек:куйоонуз уйлондубу?Учурда эмне мн алектенесиз? Экинчи турмуш курганы морально даярсызбы?
Ооба, туура айтасыз. Турмушка шашылганым менин башкы катачылыгым болуп калды. Бирок, тандап, талдап жүрө берсем дагы ушул убакытым өтүп кетет беле балким. Бул убакыттан утканым чын эле уулум болду. Ооба, ал таекелерине окшоп баратат, мүнөздөрүнө чейин. Башында төрөлгөндө атасын кайра көргөндөй болгом, бирок азыр өңү да өзгөрүп калгандай, же анын кебетесин унутуп бараткангабы. Кантип эле баладан баш тарсын. Көзгө көрүнүп калганда келет чыгар деп да күтүп жүрдүм чынында. Кантсе да атасы, эки жакка кагылып көргөн деле чыгар деп. Бирок, жаңылган экенмин. Ал ойлонгон дагы жок. алимент кырктырам деп бир айттырсам, апасынын жаны чыгып кетейин дептир. Бөлөсү дагы ортого түшүп, баласы үчүн ал соту жок эле өзү төлөп турат деп кепилдик берип жаткан, ага да "жок" дегенден кийи ал да биротоло түңүлдү. Ага бала эмес, акча эле керек. Эми бир укмуш жерде иштесечи. Ошонун ичи ооруп төлөгөн акчасы баласына деле жукпаса керек деп кайра жайына койгом албайм деп. Андан кийин үйлөнгөн деле жок. Азыркы кыздар деле мендей ишенчээк эмес да (ошондой эле болушсун). Бирок дагы деле кимдир бирөөнүн чатырында баш калкалап жүргөнүнө күмөнүм жок.
Балам 5 ай болгондо бир жумушума чыккам. Аз эле убакытка сиңдилериме таштап иштеп коём. Калган убакытта балам мененмин. Учурда экинчи жумушум кыскарып кеткендиктен, жакшы жумуш дагы издөөдөмүн. 2 жаштан өткөндө бала бакчага бергем, 2 күн барат, ооруп калып 2 жума үйдө отурабыз. Күн жылып калса көнүп кетээр деп атам. Өзүм болсо кайра турмуш куруудан жалтанып калдым. Адамдарга ишенич жоголгон. Андан кийин деле алам деген адамдар жолукту, ар кайсыны шылтоолоп качканга аракет кыла берем. Билем, балам эс тарта электе атадай болчу адамга жолугуп турмуш куруп кетишим керек. Балама боорум ооруйт, бир нерсе жетишпегенин сезем. Жаңы кадам кылып баса баштаганда аябай издечү. Ушинтип өскөнгө анын эч кандай күнөөсү жок эле да. Эми баары жакшы болуп кетээрине ишенип, үмүттөнөм...
Билдирүүнү түзөткөн: Gulzada_09: 23 Март 2017 - 14:14
#207 23 Март 2017 - 15:10
Турмушка чык эми шашпай жакшы карап баланды оз баласындай корчу адамдар болсо керек жаш экенсин.
#208 23 Март 2017 - 20:38
Бактылуу болушуңузду чын жүрөктөн каалайм....
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#209 24 Март 2017 - 13:29
Баланыздын омуру узун болсун, ылайым бактылуу болунуз. Сизди жана баланызды сыйлап ала турган адамга туш болун.
#210 13 Апрель 2017 - 14:06
Саламатсыздарбы форумдун окурмандары!
Жаздын илеби менен эшиктеги жаан жан дүйнөмдү да жууп, тазалап жаткандай туюлуп турат... Ар бир кубулуштан жакшы нерсени көргүм келип, күтүп жүрөм негедир...
Көңулүң келбеген нерсени тез унутуп калат эмессиңби. Жаңы жашоо баштагың келсе, мурункуңа жакшылап чекит кой деп калышат го. Ошол чечит койгон мамилени эстеп, бөлүшкүм келди.
Олуттуу жашка чыгып отурганымда үйдө жалгыз болдум. Улуу сиңдим практикасы менен Түркияга кеткен, кичүүсү балам менен айылда болушчу. Үңүлүп сайттарды ачып алып отургам. Анда-мында куттуктап кат жазган курбуларым болбосо, мен эч кимге деле керегим жоктой жалгызмын. Ушундай күндөрү айрыкча билинип, сезилет эмеспи, жалгыз экениң. Бир кезде тээ унутта калган агентти жандырып, поролун калыбына келтирдим. Ал жактан кимди издедим ким билет, бирок, удаа келген каттар бар экен. Баягы бир нече ирет сөз берип, бирок, келе албаган Азаттан экен. Башында жиним келип кетип жаап салайын деп, кайра эмнеге издегени кызык болуп кетти. Ал акыры бул жакка келген, экөөбүз жолукканбыз дагы, бирок бир эле жолу. Менин көнүлүмө деле толгон эмес, ошону сезгендей башка кызга үйлөнөрүн да айтып, 2 башка жолго кеткенбиз. Эми ошондон кийин бул эмнеге жазат эми?!. Окуп чыктым, мага, менин жашоомо кызыккан суроолор. Жооп бербей койсом деле болмок, бирок, ал да киргенинде окуп тим болор деген ой менен баары жакшы экенин жазып койдум. Бирок ал дароо эле жаза баштады. Унутпаган экен, куттуктады. Ээригип отурганда эрмек болуп экөөбүз кайра сүйлөшө баштадык. Үйлөнгөн келинчеги экөө да келишпей, эки башка жолго тушушкөн экен. Балалуу да болушпаптыр. Башында айтпаганым менен бара-бара баары бир ачылып, айтууга туура келди. Ушуну күтүп жүргөндөй ал ыңгайын келтирип, ыктуу сүйлөп жүрүп назарымды өзүнө бурдургандай болду. Бирок, мен издеген адам эмес. Ар шылтоо айтып алыстагым келгенин түшүнүп, сезимин далилдөө үчүн бир күнү Москвадан учуп келди.

#214 14 Апрель 2017 - 12:19
#215 14 Апрель 2017 - 21:01
Биринчи алып качып кеткен айылдашын менен турмушуну улап жашап кетсен жакшы болмок экен деген ой келди.
#219 20 Апрель 2017 - 19:32
Баарында эле Азат,Амир,Мырза дежур аттар болду го,кишини чаташтырып.