Ассалому алейкум баарыңыздарга.
Бул сайттын ар бир темасын калтырбай окуган окурмандардан эмес болсомда , бошоп калганда окуп коймойум бар. Көбүнесе жашоодогу кыйынчылыктар , адамдардын түгөнбөс көйгөйү , кайгы -муңдар тууралуу темалар көп экенин байкап Ааид ал - Карнийдин "КАПАЛАНБА"
-атту китебинен үзүндүлөрдү жана өзүмдүн ичимдеги ойлорумду жаза кетүүнү чечтим.
"Капаланба" аттуу китеп тууралуу Бакытка умтулуу,кайгы мундан арылуунун жолу.
#62 21 Октябрь 2017 - 19:25
Ойлон да раазылыгыңды билдир
Аллахтын сага берген нээмат-жакшылыктарын эстегин, анткени ал жакшылыктар үстүңдөн жана эки бутуңдун астынан сени каптап турат.
"Эгер Аллахтын нээматтарын санасанар , санына жетпейсиңер" . (16:18)
Аллахтын сага берген нээмат-жакшылыктарын эстегин, анткени ал жакшылыктар үстүңдөн жана эки бутуңдун астынан сени каптап турат.
"Эгер Аллахтын нээматтарын санасанар , санына жетпейсиңер" . (16:18)
#63 21 Октябрь 2017 - 19:35
Ден -соолуктун чың болушу, мекендин тынчтыгы, тамак-аш,кийим-
кечек, таза аба,суулар, сенде бардык байлык бар бирок сен аны сезбейсиң,жашоонун жакшылыгы бар сен аны билбейсин.
" Аллах силерди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына болоп таштады ". (31:20)
Эки көзүң, тилиң,оозуң, эки колуң,эки бутуң бар
"Эми,Роббиңердин кайсы нээматын жалганга чыгара аласыңар?! ". (55:13)
" Аллах силерди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына болоп таштады ". (31:20)
Эки көзүң, тилиң,оозуң, эки колуң,эки бутуң бар
"Эми,Роббиңердин кайсы нээматын жалганга чыгара аласыңар?! ". (55:13)
#64 21 Октябрь 2017 - 20:20
Эки бутуң менен басууну оңой деп ойлойсуңбу,
канчалаган инсандар бар буттарынан айрылган?!
Эки колуңа таянып жүрөсүн, канчалаган инсандар бар колдору кесилген?!
Көзүң толо уйкуда жатканың чындык эмеспи,уктай албаган канчалаган көздөр бар?! Курсагыңды каалаган тамак менен чаңкооңду каалаган муздак суу менен толтуруп жатасың, канчалаган жандар бар оорунун айынан каалаган тамагын , каалаган суусун иче албай жүрөт?! Дүлөй болуп калбаган кулагың жөнүндө ойлосоң боло ,сокур болуп калбаган көзүң жөнүндө ойлосоң боло, ала пес ооруга чалдыкпаган денеңе карасан боло , акылыңдан адашып акылсыз болуп, же болбосо жинди болуп калбаган акылыңа карасаң боло.
Бир көзүңдү ухуд тоосундай болгон алтынга алмаштырат белең ?! Кулагыңды бир тоо күмүшкө алмаштырат белең ?! Гүлдөй болгон сарайларга тилиңди сатып дүлөй болгуң келеби ?! Эки колуңду шуру,мончок бермет жана асыл таштарга алмаштырып колсуз жүргүң келеби?! Албетте сен өтө чоң нээматта жашап жатасын , бирок аны билбейсиң,бирок өзүңдү кайгы капада жашап жатам деп ойлойсуң , алдыңда ыссык наның турат , муздак сууң бар, бейпил уйкуң болуп жатат , күлүп жайнаган ден-соолугуң бар, жоготкон нерселериңди ойлоп , бар нерсеңе ыраазы болбойсуң, бир аз байлыгыңды жоготконуңа ызаланып ,бактылуулуктун ачкычы колуңда турганын билбейсиң, көптөгөн жакшылык ,байлык, нээматтардын кадырына жетпейсин,ошондуктан жакшылап ойлонуп ыраазы бол,
" Силердин өзүңөрдө да (ар түрдүү укмуштар )бар экендигин карабайсыңарбы? ". (51:21)

#65 21 Октябрь 2017 - 20:30
ӨТКӨН ИШ ӨТҮП КЕТТИ
Өткөн ишти эстеп,аны кайра козгоп ,ошол үчүн кайгыга батуу бул акмакчылыкка жатат жана келечек турмушту жок кылган болот . Акылдуу инсан өткөн ишти жаап аны айтпайт, түбөлүккө бекитип аны ачпайт , жип менен кату байлап аны эч качан чыгарбайт, жолун тосуп эч качан көргөзбөйт ;анткени ӨТКӨН ИШ ӨТҮП КЕТТИ, кайгыга батса да аны кайтара албайт , тынчсызданса да кайра кайрый албайт; анткени ал жок нерсе,өтүп кеткен кайгы капанын астында жашаба, мурунку коркунучту эстебей өз жанынды куткар.

#66 21 Октябрь 2017 - 20:44
Дарыянын өйдө карай агуусун,күндүн чыккан жерине кайтуусун, наристенин эненин курсагына кайра кирүүсүн, сүттүн эмчекке кайтуусун , көз жаштын кайра көзгө кайтуусун каалайсыңбы . Өткөн ишти кайра козгогоңдугуң , ал жөнүндө сар санаа болуп күйүп жангандыгың,
ал эшиктин астанасына жыгылгандыгың , өзүңдү өзүң азап кайгыга салганың .
Биздин кемчилигибиз өткөн нерсе менен алек болуп, келечекти аткара албай калабыз . Бүткүл адам заты топтолуп өткөндү кайтарам десе да кайтара албайт, анткени ал нерсе мүмкүн эмес.
Чындыгында инсандар алдын карашпайт ,алдыга кайрылышпайт ; анткени шамал алдыга карай болот , суу ылдый карай агат, кербен алдыга карай жүрөт , ошондуктан табияттын мыйзамын бузба.

#67 21 Октябрь 2017 - 20:58
Теманы эки дүйнө бактылуулук деп ачканымдын себеби , бактылуулук дегенди ар адам ар кандай б.а өзүнүн деңгээлине жараша түшүнөт эмеспи . Бири бакыт балада десе, бири толук кандуу үй-бүлөөдө дешет а кай бири акчада десе башкасы ден соолукта дейт , бирөөлөр сулуулукта десе кебири бийликте дейт экен. Ошолордун баарынан сурасан бардык нерсе бар эмнегедир жүрөгүмө бир нерсе жетишпейт , бактылуулукка жетпей жатам , бакыт кандай болот деп ички сезими талап кылат. Үй - бүлөөсү , байлыгы баары бар бирок жүрөктөгү ыйманы жок болсо инсан чыныгы бакыттын даамын сезбей өтүп кетет экен. Ыйман бул Аллахтын бар экенине (жалгыз экенине) , анын пайгамбарларына жана периштелерине , кыяматка ж.б ишененүү ( ага ыйман келтирүү)болуп эсептелет эмеспи . Дин менен жашаган адам гана бул дүйнөдө да акыретте да бактылуу болот . Аллах ыйман берсе бактылуулукту да берип койот.
#68 22 Октябрь 2017 - 08:25
ИНСАНДАРДЫН ЖҮРҮМ-ТУРУМУН АҢДЫБА
Инсандардын колунда пайда да, зыян да жок, өлум да жашоо да жок, сооп да жаза да жок. Анткени баары Аллах каалагандай болот.
Кээ бир такыба инсандар айткан: " Жүрөгүндо Аллахты жоготкондор эмнени тапмак эле?! Жүрөгүндө Аллахты тапкандар эмнени жоготмок эле?! Аллахты тапкан менен Аллахты жоготкондун даражасы эч качан бирдей эмес".

#69 22 Октябрь 2017 - 09:28
БУЛ ДҮЙНӨГӨ КАПА БОЛУУ ЫЛАЙЫКТУУ ЭМЕС
Бакытты бекемдеп аны өрчүтүп ,өнүктүрүү үчүн арзыбаган иштерге көңүл бурбоо зарыл.
Илгери салих инсандардын бирөөсү бир мусулман тууганына мындай кенеш айтат: " Көңүлүңдөгү кызыгууну бир нерсеге гана кой , Ал Аллах Таалага жолугуу жана акырет күнү болсун".
" Дал ошол күндө (акырет күнү)силер ( Роббиңерге)жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сырыңар жашыруун калбайт". (69:18)

#70 22 Октябрь 2017 - 09:30
Туура эмес бөлүмгө ачып алган болсом кечирим сурайм,балким админ жылдырып койоор тиешелүү бөлүмгө. Кайгысы жок адам болбойт ошолорго стимул болсун деген ой менен жазып жатам.
#71 22 Октябрь 2017 - 09:48
Акырет күнүнөн башка ойлоно турган нерсе жок, демек бул дүйнөдөгү кызматтагы иш тууралуу, алтын,күмүш бала-чака тууралуу, байлык,атак-
даңк,заңгыраган үйлөр,креслолор тууралуу ойлонуу акыреттин алдында арзыбаган нерсе !
Бай кедейге караганда суракты беш жүз миң жыл көп берет . Байлыкты ашыкча топтоо ач көздүк жана оору.
Бай кедейге караганда суракты беш жүз миң жыл көп берет . Байлыкты ашыкча топтоо ач көздүк жана оору.
#72 22 Октябрь 2017 - 09:58
Сен эч качан намысыңа жалаа жабылуудан адамдардын тилин топтоо албайсын , а бирок жакшылык жасап, алардын сөздөрүнөн сындарынан узак боло аласын.
Сен жөнүндө айтылган ачуу сөздөргө, сын пикирлерге жооп кайтарбай эле кой. Сөздөрдү көтөрө билүү айыптарды жок кылат, сылыктык кадыр барк алып келет. Сабырдуулук душманды жеңет . Ал эми кечиримдүүлүк бийик даража жана кадыр барк. Сентууралуу жаман сөздөрдү айткандардын жарымы сөздөрүн унутуп калышкан . Башкалары кандай себептен эмне болгондугун да билбейт. Ошондуктан сен андайларды бекем кармап айткандарына жооп берем дебей эле кой.

#73 22 Октябрь 2017 - 09:59
Сен эч качан намысыңа жалаа жабылуудан адамдардын тилин токтото албайсын , а бирок жакшылык жасап, алардын сөздөрүнөн сындарынан узак боло аласын.
Сен жөнүндө айтылган ачуу сөздөргө, сын пикирлерге жооп кайтарбай эле кой. Сөздөрдү көтөрө билүү айыптарды жок кылат, сылыктык кадыр барк алып келет. Сабырдуулук душманды жеңет . Ал эми кечиримдүүлүк бийик даража жана кадыр барк. Сентууралуу жаман сөздөрдү айткандардын жарымы сөздөрүн унутуп калышкан . Башкалары кандай себептен эмне болгондугун да билбейт. Ошондуктан сен андайларды бекем кармап айткандарына жооп берем дебей эле кой.
Сен жөнүндө айтылган ачуу сөздөргө, сын пикирлерге жооп кайтарбай эле кой. Сөздөрдү көтөрө билүү айыптарды жок кылат, сылыктык кадыр барк алып келет. Сабырдуулук душманды жеңет . Ал эми кечиримдүүлүк бийик даража жана кадыр барк. Сентууралуу жаман сөздөрдү айткандардын жарымы сөздөрүн унутуп калышкан . Башкалары кандай себептен эмне болгондугун да билбейт. Ошондуктан сен андайларды бекем кармап айткандарына жооп берем дебей эле кой.
#75 22 Октябрь 2017 - 23:28
Мухаммaд С.А.Вга арналат)
Сенден чыккан нурга дүйнөм оронот,
Сен болбосоң өмүр бекер коромок.
Куш сыяктуу канат күүлөп бийиктеп,
Жүрөк учат, жүрөк учат оболоп.
Баткан кезде күнөөлөргө башыман,
Сууруп чыктың сормо дүйнө сазынан.
Биз билгендер тамчы болсо бир эле,
А сен билген чексиз мухит – казынаң.
Өтсөм экен жолуң менен бир демде,
Өзгөрбөстөн, өкчөлбөстөн ирмемге.
Бакытымды үммөтүмөн көрсөм деп,
Бакыт туусун илип кеттиң бул жерге.
Пайгамбарым чырагысың дүйнөмдүн,
Урматыңа жаркып чыгат күлгөн күн.
Өзүң берген осуятың туу кылып,
Кантип өмүр сүрүү керек үйрөндүм.
Сени билүү – сооптун көзүн тапканым,
Каалгасындай акыйкаттын – ак таңым!
Ар кадамың жүрөгүмө бастырып,
Таазим кылып арнайм сага жазганым.
Сен билгенди кыйын бизге билдик деш!
Оюң менен болсок экен бирдиктеш.
Жараткандын улуулугун карачы,
Жер жүзүнө кылган сени киндиктеш.
Аныгымсың чыгыш менен батыштай,
Атың жашайт заманымдан калышпай.
Бүткөн кезде сапарыбыз дүйнөдөн,
Бир болсо экен бара турчу бакыт жай!
Сенден чыккан нурга дүйнөм оронот,
Сен болбосоң өмүр бекер коромок.
Куш сыяктуу канат күүлөп бийиктеп,
Жүрөк учат, жүрөк учат оболоп.
Баткан кезде күнөөлөргө башыман,
Сууруп чыктың сормо дүйнө сазынан.
Биз билгендер тамчы болсо бир эле,
А сен билген чексиз мухит – казынаң.
Өтсөм экен жолуң менен бир демде,
Өзгөрбөстөн, өкчөлбөстөн ирмемге.
Бакытымды үммөтүмөн көрсөм деп,
Бакыт туусун илип кеттиң бул жерге.
Пайгамбарым чырагысың дүйнөмдүн,
Урматыңа жаркып чыгат күлгөн күн.
Өзүң берген осуятың туу кылып,
Кантип өмүр сүрүү керек үйрөндүм.
Сени билүү – сооптун көзүн тапканым,
Каалгасындай акыйкаттын – ак таңым!
Ар кадамың жүрөгүмө бастырып,
Таазим кылып арнайм сага жазганым.
Сен билгенди кыйын бизге билдик деш!
Оюң менен болсок экен бирдиктеш.
Жараткандын улуулугун карачы,
Жер жүзүнө кылган сени киндиктеш.
Аныгымсың чыгыш менен батыштай,
Атың жашайт заманымдан калышпай.
Бүткөн кезде сапарыбыз дүйнөдөн,
Бир болсо экен бара турчу бакыт жай!
#76 23 Октябрь 2017 - 10:18
Рахмат сага жөнү жок бир нерселерге ачууланып турганымда шамал айдагандай тарап жок болду го дагы күтөм уландысын.
#77 23 Октябрь 2017 - 13:41
Жаза бериңиз. Эч зыяны жок деп ойлойм. Кайсыл жерден болсо окуй беребиз. Китептин баарын көчүрүп жазсаңыз да сонун болмок.
#78 23 Октябрь 2017 - 17:44
"Эки дүйнө бактылуулук"
темасы менен бириктирилди.
Naziko_Bayazet , ушул жактан улантыңыз.
Naziko_Bayazet , ушул жактан улантыңыз.
#79 25 Октябрь 2017 - 19:05
Асссаламу алейкум! Бүгүн сиздерге пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламга келген, эң оор сыноону баян кылып айтып беребиз. Балким жүрөгүңүздө таруучалык ыйманыныз болсо, көзүңүзгө жаш келер. Аягына чейин көңүл буруп, окуп чыгыңыз. Балким чоң сабак аларсыз. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам 50 жаштан өткөндө уулду болуп, кубанычы койнуна батпай, 7 күндөн кийин акыйка кылды. Уулум Иброхимдей адам болсун деп, уулунун атын Иброхим койду. Уулу 5,6 жаш болгондо ооруп калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламдын көңүлү ушундай чөктү, чырак жакса да жарашпайт эле. Ыйлап хужурасында олтуруп алып,дуа кыла берди. Я Аллахым уулума шыпаа бер деп, олтурган терезеге көзү түштү. Караса уулу Иброхим чуркап үйдөн чыгып калды. Пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассалам кубанып кетип, я Алла өзүнө шүгүр дуамды кабыл кылдын деп айткычы жанына Жабрейил периште Аллахтан вахи алып келип, пайгамбарыбыздын желкесине башын коюп,ыйлап калды. Пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ээ Жабрейил неге ыйлап жатасыз, кыяматтын кабары келип калдыбы деп сурады. Жабрейил периште ыйлап, жок Расулаллах сиз балам оорудан айыкты деп кубанып жатасыз. Уулуңузду жакшы көрөсүз ээ деп ыйлай берди. Пайгамбарыбыз,
я Жабреил уулумду чындыгында жакшы көрөм, бирок бул дүйнөгө аны ишенбей кетем деди. Жабреил периште дагы ыйлап сурады, я расуллалох билесизби мени менен кошо ким келгенин? Пайгамбарыбыз ким келди ? - деп сурады. Жабрейил периште Азрейил периште келди деди. Бүгүн уулунуздун жанын алат деди. Аллах сизге эч качан уул перзент бербейт экен, уулунузду сизден кийин адамдар пайгамбар деп албашы үчүн, бир жүрөктө эки нерсеге махабат бирикпейт же үмөтүңүздү тандаңыз же уулуңузду тандаңыз деди. Пайгамбарыбыздын бүт денеси титиреп кетип, ыйлап жиберди. Я роббим,я Жабрейил, карыган чагымда көргөн баламды бул кандай сыноо болду деп, ыйлап олтурду. Жабрейил дагы ыйлап айтты, я рассуллалох мен бардык периштелердин колун ачтырып койдум. Өзум да дуа кылам, келиниз сиз дагы дуа кылыныз уулунузду сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин жанын алсын деп Аллахтан сураналы деди. Аллах кабыл кылат. Пайгамбарыбыз ыйлап, я Жабрейил мен уулунун өмүрүн сураганы келген пайгамбар эмесмин да деди. Макул деди пайгамбарыбыз,
мен үммөтүмдү тандадым деди, бардык периштелер колдорун ачкан болсо дуа кылышсын, мен дагы дуа кылам, сиз дагы дуа кылыңыз үммөттөрүмө уулумдун ордуна садакаттуу,
диндар перзенттерди берген болсун деп ыйлап дуа кылды. Расуллалох айтты уулум менен коштошуп алууга уруксаат берилеби деди? Жабрейил периште Азрейил периште сизден уялып кирбей жатат, күтөт сиздин уруксаатыңызды деди. Пайгамбарыбыз саллалоху алейхи вассалам чыгып караса, баласы жакшынакай болуп сахаба балдар менен ойноп жүрүптүр. Көзүнө өзүнүн баласы эң жакшы көрүнүп кетти. Сулуу, мүнөздүү, адептүү бала эле. Расуллалох узаак баласына карап туруп, эй көзүмдүн кареги бул жакка келиңиз деди. Уулу чуркап келди эле , башынан сылап, уулум сиз сапарга кете турган болуп калдыңыз го деди. Уулу кубанып андай болсо, жаңы кийимдеримди кийип алайын ээ деди. Рассуллалох ыйлап, жок сиз кийим керек болбой турган, дүнүйө керек болбой турган сапарга кетесиз деди. Үйдөгү бир мейманды зыярат кылып чыгыңыз деди. Уулу атасына окшоп, зээндүү бала эле дароо түшүнүп, колундагы жаңгакты көрсөтүп,ушуну балдардан аманатка алдым эле,берип коёюнчу деп суранды. Муну угуп пайгамбарыбыз саллалоху аллейки вассалам ыйлап жиберди, я роббим ушундай аманатчым бар эле да деп. Уулу барып жаңгакты берип, бардык балдар менен кол алышып коштошуп чыкты. Кээ бирөөлөрү менен чоң кишилерче жүзүнө жүзүн тийгизип кучактап коштошту. Жабрейил периште токтобой ыйлап турду, я расулаллох дуа кылалык деп. Расуллалох ыйлап баласын узатып турду. Уулу келип ата кана баштаңыз, сиз ата жөнүндө көп хадис айткансыз сиздин алдыңызда бассам урматсыздык болоор деди. Бул пайгамбарыбыздын жүрөгүнө от салды. Я роббим ыймандуу, акылдуу уулум бар эле да деп ыйлап басты. Жолдо сахабалар менен дагы коштошту. Абу Бакр Сыддыкты кучактап коштошту бала. Алар түшүнбөдү эмнеге расуллалох ыйлап жатканын. Үйгө киргенде бала Азрейил периштени көрүп, ата бул мейман ким мен аны карасам, андан коркуп жатам деди. Расуллалох коркпоңуз бул мейман ушундай зат. Атаны баладан ажырата турган, дүйнөнү түгөтө турган, көүстөндү гүлдөтө турган зат деди эле баланын башы катуу ооруй баштады. Баласы башым катуу ооруп жатат деп калды. Расуллалох тизесин бүгүп, кел балам тиземе башынды коюп ал деди. Уулун катуу кармап туруп, я Жабрейил периште, Азрейил периштеге айт баламды Аллаха бердим, жанын оорутпай алсын деди. Жабрейил ыйлап жатты. Баласы титиреп атасына карап, бир жылмайып, жан берди. Расуллалох уулун өзү жууп, өзү кепиндеп, өзү көмүп бүтүп, буркурап ыйлап жиберди эле сахабалар я Расуллалох өзүнүз кайтарган нерсени өзүнүз кыласызбы дегенде, силер бүгүнкү окуядан кабарыңар жок, бүгүнкү окуя башка бир адамдын башына түшкөндө чыдап туралмак эмес. Эгер балам силердин балаңар болгондо азыр ойноп жүргөн болор эле деди. Сахабалар болгон окуяны угуп, Аллах сага сабыр берсин дешти. Ээ, диндеш бир туугандар, бир пикирге келели, эртең пайгамбарыбыздын саллалоху аллейхи вассаламдын алдына барганда көзүнө кантип карайбыз? Баласын Үммөтүм деп бизге,сизге алмаштырды эле, биз ошол урмат- сыйды кантип кайтарабыз ОЙЛОНОЛУ!
!! Дайыма кай жерде болбосун пайгамбарыбыз саллалоху аллейхи вассаламдын атын укканда артынан саллалоху аллейхи вассалам деп айтып,жазып жүрөлү. Досторуңарга айтып бөлүшкүлө. Сизден Аллах ыраазы болсун. Талыкпай жазган инсанга Аллахым эки бактылуулукту берген болсун! Мына жалган дүйнө ушундай өтөт экен. Эр адам өз жолу менен кетет экен. Саждага мындай күндө тийбеген чеке, Жүрөк таза деген сөз бекер экен. Бирөөлөргө бул дүйнө ,арман экен. Жалган дүйнө бизи алдаар экен. Лондон,Париж барууга арман болсо, Сокурларга күндү көрүү арман экен. Музыка мээбизди уулар бекен, Кайгыга баскан журөгүмдү эми кантем. Керең болуп туулган бир адамга, Азан үнүн бир угуу арман экен. Шарап ташып жүрөбүз дүкөндөрдө,
Кудай эмес коркобуз төбөлдөрдөн.
Кантээр элек буту жок майып болгон пенде болсок, Аллаха сансыз шүкүрлөр болсун, Бизге ушул күндөрдү насип кылган!!
!
#80 25 Октябрь 2017 - 19:16
ТӨРТ НЕРСЕДЕН САКТАН
1.Аллахтын жазган тагдырына каардануу жана нааразы болуу
2.Күнөө иш кылып , ага тообо кылбоо
3.Адамдарды жек көрүү, өч алууну эңсөө жана көрөалбастык кылуу
4.Аллахты эстөөнү каалабоо
1.Аллахтын жазган тагдырына каардануу жана нааразы болуу
2.Күнөө иш кылып , ага тообо кылбоо
3.Адамдарды жек көрүү, өч алууну эңсөө жана көрөалбастык кылуу
4.Аллахты эстөөнү каалабоо