Эмки жылы ушул маалга чейин жоолук орунууну Насип кыл Жараткан
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#5782 01 Декабрь 2021 - 21:41
Суйгонум качаан жоолугам кармагым келет колундан ))))
happiness
#5783 03 Декабрь 2021 - 13:16
Бир жылда араң айттым МЕН СЕН ЖАКШЫ КӨРӨМ! -деп. Чынында башкача жакшы көрдүм. Башкача...!
#5787 09 Декабрь 2021 - 00:10
Сүйүү темасын убактылуу жабуум керек экенин түшүндүм. Кыздарга жага турган эч нерсем жок бардык адамдардан арттамын. Бир да ийгилигим жок. АЛЛАХЫМ буюрса дээрлик бир жылдан кийин жазам сүйүү темасын. Ичимдеги сүйүү, кызганыч кыялдар баарын тең кандайдыр бир убакытка чейин жаптым!
#5790 28 Январь 2022 - 03:13
Көз ачып жумгуча арадан ошентип дагы бир жыл өтүп кетти. Бойтойгон бөжөктөрүм жакында бирге чыгат. Күндө ар түркүн кылыгына тойбой отурсаң эле биринчи класска барышат. Анан эле 11ди бүтүшөт.. Анан эле эр жетип, сага бетинен өптүргөндөн уялып "апаа" деп калышат...
А болбосо мен кечээ эле жүрөктөрдүн дабышын УЗИден угуп алып өзүнчө бакыттын жетинчи кабатында элем.
А болбосо мен кечээ эле жүрөктөрдүн дабышын УЗИден угуп алып өзүнчө бакыттын жетинчи кабатында элем.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 28 Январь 2022 - 03:16
В каждой шутке есть доля правды...
#5791 08 Февраль 2022 - 02:12
Уборщица аттуу сериал көрүп бүттүм. Мен үчүн оор эле кино болду... Анын айынан кечээ түнү менен кошмары снились)).
В каждой шутке есть доля правды...
#5792 12 Февраль 2022 - 23:54
Убакыт аябай зымырап тез отуптур. Суперстанга шашылып кирчумун бир кездерде. Арадан коп жыл отуптур. Сонун болчу экен ошол убактар..
#5793 12 Февраль 2022 - 23:54
Кунум ич котортуудон башталды. Негедир 3-ум аябай назик болууда. Кечке бутуму асып жатмай, телефондон кучуну чыгармай. Айтоор эрке келин болуп жургон чагым. Бул кундорду да сагынам,баалай билейин.
#5794 21 Февраль 2022 - 19:22
#5796 24 Февраль 2022 - 23:28
Экөөнө катар отургузуп алып тамагын берип атсам улуусу ары жылып кетти бойтоңдоп. Чоң атасы отурган жерде платочкасы кала берген экен, аны алып кудум чоң атасындай мурдуна коюп "хмм-хмм"
деп коет. Акылдууларым десе. Жыл айланбай ушунча кылыктары чыгып калды.
Кичүүсү болсо бирде телевизордо мультик башталып калып жолборстун "аррр" дегенин көргөндөн бери жолборс болуп жүрөт)).
Аллахка антыбыз болбогондо "Кудайберген- Белек" болсо керек эле атыңар)).
Кичүүсү болсо бирде телевизордо мультик башталып калып жолборстун "аррр" дегенин көргөндөн бери жолборс болуп жүрөт)).
Аллахка антыбыз болбогондо "Кудайберген- Белек" болсо керек эле атыңар)).
В каждой шутке есть доля правды...
#5797 23 Апрель 2023 - 00:50
Эс алуу жакшы өтүп жатат. Бирок, өз өлкөн болс дагы туулуп өскөн, айылын, шаарыны сагынат экенсиң. Азыркы убакта айылымы, Жалал-Абад шаарымды сагындым. Келген күндөн баштап сый-урматта жүрөбүз рахмат бирок!
Баткен облусу, Исфана шаары/ 00:50.
Баткен облусу, Исфана шаары/ 00:50.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#5798 22 Май 2023 - 12:24
Андан бери канча жыл өттү.... а сени суперстандан тапкан жокмун
#5800 28 Июль 2023 - 22:49