Достор, бир жакын таанышым жакында эле кургак учуктан даарыланып чыкты, бирок ооругандан кийин абдан слабый болуп калыптыр, кантип кайра калыбына келсе болот?
Баракча 1 - 1
Кургак учуктан кийин кайра калыбына келуу
#2 29 Февраль 2012 - 01:55
Жайлоого чыгып,таза абада дем алып,күндө шорпо ичип,эт жеп калыбына келсе болот. Тамеки чегүү,насывай,
арак дегенди такыр унутушу керек. Анан ооруп чыктым деп эле өзүн таштап салбай ар дайым көңүлүн көтөрүп,адамдар менен маектешкенде шайыр болуш керек. Айран,сүт,кымыз ичсе куч-кубаты калыбына келет.
#3 29 Февраль 2012 - 10:56
ушул оорудан сакаят бекен озу?
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/38.gif)
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#4 29 Февраль 2012 - 16:10
akusya (29 Февраль 2012 - 10:56) жазган:
ушул оорудан сакаят бекен озу?![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/38.gif)
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/38.gif)
Озун озу жакшы карап туура даарыланса 99% сакайып кетет. Бирок ар бир жылда текшеруудон отуп туруш керек. Себеби бул илдет менен оорубаган адамга караганда ооруган адам кайра жуктуруп алуу коркунучу кобурок. Бирок экинчи жолу оруп калса анда аны даарылоо кыйынчылыкты туудурат жана дарылоо убактысы 2 эсеге узарат. Ошондуктан иммунитетти чындоого аракет кылып кучту кучту тамактанып, витамин коп колдонгонга аракет кылыш керек. Кунго куйууну 2-3 жылга унутуп коюш керек жана ошондой эле мончого тушконго болбойт. Чоп бышып кете элек кезде жайлоого барып саамал ичсе жакшы, ага мумкунчулук болбосо уйдун же болбосо эчкинин жаны саалган сутуну жылуу кезинде ичсе жакшы дабаа болот. 3 жылдык алоеяны эт туурагычтан откозуп бал аралаштырып кундо бир мал чай кашык менен жеп туруш керек. Негизинен бул дарты дабалоочу даары коп. Дагы бир даары ал козу жаны ачылган кучуктун шорпосу жана сала делет (исламда арам деп эсептелет). Эми ооруп жатканда жийркенбей берген нерсенин баарын жей бересин да.
Бул оору айыкпас дарт деп коркуунун кажети жок, себеби мен мындан 4 жыл мурда ушул дарт менен ооругам. Кудайга шугур азыр озумду жакшы сезем. Формам дагы мыкты эле. Болгону жылда текшеруудон отуп турам и все оорубаган адамдардан айырмам жок.
#5 17 Май 2012 - 16:46
Дагы билгендер болсо кобуроок айткыла маалымат керек болуп атат достор
![:гезит:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/29.gif)
#6 17 Май 2012 - 16:52
Алыс эле тууганыбыз ушу дарт менен ооруп калган болчу даже олот деп чыгарып койушкан болчу. Уйуно келгенде кучук жей берип жакшы болуп кетти. Азыр арак да ичет сигарет да чегет кучук да жейт. Былчыйып семирип да алды. Текшерилсе таза чыгыптыр деп уктук,чын айттыбы же калппы аны биле албадым.
#7 17 Май 2012 - 16:55
кудай сактасын бул оору озу эмнеден жугат экен копчулук мекендештерибиз чет жактан жуктурупа келип жатышат окшойт
Айга Кунго жетип турат кулачым.
#8 17 Май 2012 - 21:01
wumida (17 Май 2012 - 16:52) жазган:
Алыс эле тууганыбыз ушу дарт менен ооруп калган болчу даже олот деп чыгарып койушкан болчу. Уйуно келгенде кучук жей берип жакшы болуп кетти. Азыр арак да ичет сигарет да чегет кучук да жейт. Былчыйып семирип да алды. Текшерилсе таза чыгыптыр деп уктук,чын айттыбы же калппы аны биле албадым.
Ооба туура айтасынар мен да уккам кучуктун эти даары деп. Биздин кочодон да бир киши ооруп ошол кучук жеп атып айыгып кеткен бирок билбейм ал кандай оору менен ооруганын.
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
#9 18 Май 2012 - 15:07
Менин билишимче бул оору "зонада"
отуруп келгендерден да жугат.Анткени ал жактагы нымдуулук оорунун келип чыгышына себепкер болот.Ошондуктан "отуруп келгендерден"
да сак болуу кажет!
#10 20 Май 2012 - 23:00
Мен уккан маалымат боюнча:
Таза, күчтүү тамак-аш жеңиз;
Таза абада көбүрөөк болуңуз;
Гимнастика менен машыгыңыз;
Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана наркотикалык заттардан алыс болуңуз.
Элдик медицина
1 стакан ашкабактын данегин чагып алып, балга аралаштырып, эртең менен бир кичинекей кашыктан ачкарын ичсе өтө пайдалуу.
Жүгөрүнүн чачын алып, кайнаган сууга демдеп коюп, күндө 3-4 маал ичсе болот.

Бири кем арман дүйнө...
#11 16 Март 2013 - 16:25
[quote name='тилек'
date='17 Май 2012 - 16:46' timestamp='1337251616'
post='701596'
]
Дагы билгендер болсо кобуроок айткыла маалымат керек болуп атат достор
/>
[/blue]
Уай ата.а.а.а.а мага дагы 18-мартка чейин аябай керек болуп жатат. (тегерек стол болот имиш). Дагы болсо сонун болот эле
Дагы билгендер болсо кобуроок айткыла маалымат керек болуп атат достор
![:гезит:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/29.gif)
[/blue]
Уай ата.а.а.а.а мага дагы 18-мартка чейин аябай керек болуп жатат. (тегерек стол болот имиш). Дагы болсо сонун болот эле
#12 27 Июль 2014 - 20:06
Оору жөнүндө маалымат
o Кургак учукту дарылоо үчүн 4-5 түрдүү дары сунушталат. Булар изониазид, рифампицин, пиразинамид, стрептамицин жана этамбутан.
o Адамдын организмине кургак учуктун бактериялары киргенде бул оору пайда болот. Кээде мээ, анын чел кабыгынын, сөөктүн, муундун, ичегилердин, бөйрөктүн ж.б. органдардын кургак учугу болушу мүмкүн.
o Кургак учуктун бактериялары абада калкып жүрөт. Алар бул оору менен жабыркаган адамдын өпкөсүнө өтүп, көбөйө берет. Бул учурда өпкө сезгенип, ичинде миллиондогон бактериялуу тешикчелер пайда болот.
o Оорулуу адам сүйлөп же жөтөлгөндө айланага тарай баштайт. Кургак учуктун бактериялары абада бир нече саатка чейин кармалып тура алат.
o Эгерде кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам бир бөлмөдө көбүрөөк турса, абада бактерия көбөйөт да, башка адамдар дем алышат. Бул "аба-тамчы" ооруну жуктуруунун негизги жолу.
o Эгерде адамдын коргонуу күчтөрү мыкты болсо, өпкөсүнө түшкөн кургак учуктун бактерияларын алдуу клеткалар жок кылат да кургак учук жукпайт.
o Кургак учук көпкө созулуучу илдет. Өз убагында табылып туура дарыланса, толук айыгып кетет.
o Дүйнө жүзүндө жыл сайын 2 миллион адам кургак учуктан каза болот.
o Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакынкы 20 жыл ичинде 200 миң адам кургак учук менен ооруп, анын ичинен 70 миллиону өлүмгө дуушар болоорун божомолдоп эскертет.
oКургак учук менен ооруган адамдын тамактануу рационунда белоктор менен витаминдер жетиштүү болушу кажет. Сүт азыктары, жер-жемиштер, ар түрдүү ширелер көп колдонунушу керек.
o Оору көтөргөн адам суткасына 9-10 саат уктап, эс алышы шарт. Таза аба да өтө пайдалуу.
o Оорунун эң коркунучтуу түрү- бул мультирезистенттүү кургак учук. Бул учурда оорунун бактериялары дарыга көнүп, тоготпой , өлбөй калышат. Бул абал дарыларды өз учурунда ичпей, үзгүлтүккө учураткандан келип чыгат. Мультирезистенттүү кургак учукту дарылоо эң кыйын жана 18-21 айга чейин созулат.
o Кургак учук менен ооруган адам дарыланып баштаганда тамакка табити тартпай, көңүлү айныйт. Ичи ооруп, денеси, көзүнүн агы саргайып, кулагы чуулдап, көрүүсү начарлайт, муундары ооруйт. Мындайда дарыларды кабыл албай коюу туура эмес. Бул абал мезгили менен өтүп кетет.
oКургак учуктун диагнозу бактерияларды какырыктан изилденгенден кийин гана так коюлат. Эки күндүн ичинде үч жолу какырыктын анализин тапшыруу зарыл. Убагында коюлган диагноз айыгуунун негизги ачкычы.
o Кургак учуктан айыккан адам да кайрадан жөтөл пайда болсо, какырыгын текшертип турушу керек.
o Эгерде начар тамактанса, суукка тез-тез кабылса, ашыкча чарчаса, ичкилик ичсе, наркотик колдонсо оору кайра пайда болушу мүмкүн.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#13 30 Октябрь 2014 - 14:02
Туберкулез,
кыргызча аталышы "Кургак учук" азыркы мезгилде тамырын кенен жайып бараткан оорулардын катарына кирет.
Туберкулез деген эмне?
Туберкулез бул- эң коркунучтуу, социялдык, жугуштуу оору. Эгер убагында дарылабаса өлүмгө алып келиши толук ыктымал.
Тарыхынан
Немец окумуштуусу Роберд Кок тарабынан 1882-жылы 24-мартта туберкулез оорусун пайда кылуучу таякчаны тапкан. Берлинде докладын жасап коомчулукка, медицинага жаңылык киргизген. Ошол окумуштуунун атынан Кок таякчасы деп аталып калды.Бул глобалдык дарт, дүйнө жүзү бул оору менен каршы күрөшүп жатышыт. Ошол 24-март туберкулез таякчасынын табылган күнү биз туберкулезго каршы ай өткөрөбүз.
Кыргызстанда
Жалпы Кыгызстанды алсак туберкулез боюнча абал оор десек болот. Себеби, оорунун көрсөткүчтөрү, туберкулездон болгон өлүм башка мамлекеттерге караганда жогору турат. Бирок, акыркы 5-6 жылдын ичинде оорунун негизги көрсөткүчтөрү азайып, башкача айтканда туберкулез боюнча абалды стабилдештирүү болуп жатат. Ошондой болсо дагы Кыргызстанда абал оор. Социалдык оору болгондуктан жакырчылыкта жашаган өлкөлөрдө кеңири кезигет. Бул дарт эч качан тукум куубайт. Эгер бир үй-бүлөөдө бирөө оруп калса, ал оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо жугуп калышы ыктымал, эгер ал ачык түрү менен ооруган болсо.
Оорунун негизги булактары
Туберкулездун негизги булактары болуп ачык түрүндө оруган оорулар болуп эсептелет. Алар айлана-чөйрөгө жөтөлгөндө, чүчкүргөндө ооруну пайда кылуучу микробдорду айланага бөлүп чыгарат. Алар сыртка чыкканда какырыкта, чаңда жашайт. Мисалы, чаңда 10 күн, сууда 150 күн, китептин барактарында 3 айга чейин жашайт. Дем алуу органдары аркылуу микробактериялар организмге кирет.
Оорунун түрлөрү
Туберкулез дегенде эл өпкөнүн оорусу деп түшүнөт. Бул туура эмес. Микробактерия кан аркылуу жүрүп олтуруп кайсы органга токтоп калса ошол жерде оору пайда болот. Мээнин кыртыштарынын туберкулезу, сөөктүн, жыныстык органдардын, кыскасын айтканда адамдын баардык органдары туберкулез оорусу менен жабыркашы мүмкүн.
Эң коркунучтуусу
Негизинен эң коркунучтуусу өпкөнүн туберкулезу. Эмнеге дегенде адамдын организмине дем алуу органдары аркылуу кирет . Ошондуктан өпкөнүн туберкулезу көп жолугат жана эң коркунучтуусу болуп саналат. Жалпы туберкулез оорусун 100% деп ала турган болсок, анын 70%ти өпкөнүн туберкулезу болот.
Дарттын алгычкы белгилери
Адам баласы ооруга чалдыкканда алгач жөтөлө баштайт. Алсырап, температурасы көтөрүлүп, тамакка табити тартпай калат. Өз убагында дарыгерге көрүнүп, диагнозу такталбаса кийин өтүшүп кеткен формасына айланып кетет. Өтүшүп кеткен формасында кан куса баштайт, бул "генерализованный туберкулез" деп аталат.
Эгер...
Эгер жөтөл эки жуманын ичинде басылбаса, температурасы дембе-дем көтөрүлүп, арыктап, апетити начарлаганда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун программасы Кыргызстанга киргизилгенден бери анализдерди так аныктоо жолуна шарт түзүлдү. Микроскобдун жардамы менен какырыктан туберкулездун таякчаларын табабыз. Кимде ким жөтөлү узак убакытка созулса какырыгын алып келишет да, андан соң так диагнозун таап алууга болот. Бул эң жөнөкөй жана экономикалык жактан арзан метод.
Ачык түрү - эгер туберкулез менен ооруган адам какырык же жөтөлгөндө, чүчкүргөндө айлана-чөйрөгө таякчаларды бөлүп чыгарса, жуктурса бул ачык туберкулез болот. Бул түрү айланадагылар үчүн абдан коркунучтуу.
Жабык түрү - бул туберкулездун жаңы башталган формасы. Бул оору менен жабыр тарткан адам какырып, чүчкүрүп, сүйлөгөндө айланага таякчаларды таратпайт. Баардыгы эле ачык түрдө боло бербейт.
Статистикага таянсак
Эмгекке жарамдуу адамдардын ичинен 20 жаштан 40 жашка чейинкилердин 70-80%ти бул дартка чалдыккандардын санын түзөт.
Даары-дармектер
Кыргызстандын элин туберкулезго каршы даары-дармектер менен 100% га камсыз кылганбыз. Туберкулезду дарылоо үчүн пайдаланылган дарылардан тышкары башка дарылар да керек болуп калат. Ошол учурда бейтаптар өз чөнтөктөрүнөн ал дарыларды алып келүүгө аргасыз болушууда. Азыр биз чет өлкөлүк уюмдар менен келишим түзүп ал дарыларды алып жатабыз.
Оорулуулардын саны
Бир жылда бизге 5 миң, 6 миңге жакын туберкулез менен жабыркагандар кайрылат. Бул сан бизге кайрылып, анализдин жыйынтыгында туберкулез менен жабыркагандар деп табылып жаткандар. Ал эми кайрылбаган оорулуулардын саны канча экендиги белгисиз.
Дарылоо жолдору
Дарылоо жолу эки этапка бөлүнүп жүргүзүлөт. Интенцивный фаза жана поддерживущий болуп. Интенцивный фаза 2 айдан 3айга чейин. Ал эми поддерживущий фазабыз 6-7 айга чейин созулат. Бейтаптар оор ахыбалда келет да ооруканада 2 ай дарыланып, андан соң поддерживущий фазасынан өтүш керек болот. Көп учурда экинчи раяддан өтпөй калышат, дарыларын ичпей таштап коюшат. Микробдор биз берген дарыларга турактуу болуп, таасир бербей калат. Организмдеги таякчалар мутатция болуп, айлана -чөйрөгө ыңгайланышып алышат. Мындай учурда экинчи раяддагы дарыларды берүүгө туура келет. Экинчи раяддагы дарылар абдан күчтүү дарылар. Көп адамдар аны көтөрө албай калат. Бир оорулууну 3 жыл ичинде дарылаш үчүн 15 миң доллар сарпталат. Эгер адам өзүнүн денсоолугуна кайдыгер карап, дарыгердин айтканын кылбай коюшса, өлүмгө дуушар болот.
Тазалыкты сактоо керек
Туберкулездун таякчалары шарты жок нымдуу, санитардык талапка жооп бербеген чаң жерде көпкө жашап, оорунун пайда болушуна алып келет. Ошондуктан дайыма бөлмөнү таза сактап, дайыма желдетип туруу керек. Социялдык жактан начар жашаган адамдарда бул оору тез күчөйт да, алар убагында дарыгерге кайрылбай өлүмгө дуушар болушууда. Андыктан ар бир нерсеге аяр мамиле кылуу керек. Оорубаңыздар!

#14 03 Ноябрь 2014 - 15:01
Кургак учук-жугуштуу дарт
"Кай жериң ооруса жаның ошол жерде"-деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Бирок баардык илдетти алдын алууга неге болбосун. Дарыгер дарылайт деп эмес, өзүбүз алдын ала сактаналы.
Жабыркоо
Жыл сайын кургак учук оорусу менен дүйнө жүзүндө 8 млн.дон ашык адам ооруйт. Өлүмгө дуушар болгондордун саны 2 млн.дон ашат.
Кургак учук оорусу - жаратылышта жугуштуу оорулар менен катар социалдык ооруларга да кирет. Ошондуктан кургак учук оорусу менен ооругандар социалдык-экономикасы төмөн, өрчүп келе жаткан жумушсуздук, миграция көрүнүштөрү көп өлкөлөрдө кездешет. Ага Индия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү кирет.
Кохтун таякчалары
Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет. Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.

#15 03 Ноябрь 2014 - 15:02
Таралуу жолдору
Негизинен кургак учук оорусу өпкөсү ооруган киши жөтөлүп, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө, какырык менен шилекейинде кохтун таякчаларын бөлүп чыгаруу менен таралат. Бул жерде эл арасында айтылып келген ачык туберкулёз деген түшүнүктү айтып кетүү зарыл. Мындай оорулар менен чогуу жүргөн, бирге жашаган, көп убакыт бирге байланышта болгон кишилер ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн.
Ачык түрүндөгү өпкө кургак учугу менен дарыланбай жүргөн оорулуу киши бир жылда 10-15 кишиге жуктурушу мүмкүн.
Кургак учук таякчалары организмине кирген кишилердин баарысы эле ооруй бербейт. Оору өөрчүп, белгилери пайда болуш үчүн белгилүү шарттар керек.

#16 03 Ноябрь 2014 - 15:03
Кургак учук менен кандай адамдар оорушат?
Ден-соолугу таза кишиде белгилүү деңгээлде иммунитети болот, б.а. микробдор, вирустар жана башка ооруну чакыруучу агенттер менен күрөшүү механизмдери иштейт. Анын төмөндөп кетүүсүн, башка жугуштуу оорулар, кокустук жарат алгандар, жашоо шарты начар, тамак-аш сапаты төмөн, белок, витаминдер жетишпеген балдар, аялдар арасында төрөттөн, аборттон кийинки мезгилдер алып келет.
Кимден жана
эмнеден жугат?
Кургак учук 90 га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Эгерде өпкө кургак учугунун өтүшүп кеткен оор, аябай тараган түрү менен ооруса энеден курсактагы балага жугушу мүмкүн, бирок, көпчүлүк учурда ымыркай төрөлгөндөн кийин энесинен жуктурат.
Кургак учуктан уулануу
Негизинен кургак учук жаш балдарга бакча жана мектеп курагындагыларга жугат. Бул кезде балдардын организмине ар түрдүү өзгөрүштөр менен байкалат. Мисалы, баланын айлана-чөйрөгө кызыгуусу азаят, тез чарчайт, ачуусу бат келип, тамакка болгон табити төмөндөйт, дененин ысышы пайда болот, мектеп курагындагылардын окуу деңгээли төмөндөшү байкалат. Муну биз кургак учуктан уулануу деп атайбыз.
Кургак учуктун
белгилери:
Үч жумадан ашуун жөтөл;
Жалпы алсыздык жана тез чарчоо;
Табиттин (аппетит) жана салмактын төмөндөшү;
Чыйрыгуу;
Түнкүсүн тердөө;
Көкүрөктүн оорушу;
Бул белгилердин бирөөсүн байкасаңыз, токтоосуз өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге медициналык жардамга кайрылыңыз! Дарыгер өпкөдө кургак учуктун болушуна күмөн санаса, анда оорулуудан какырык анализин алат.
Кургак учукту толугу менен айыктырууга болот, эгер сиз:
Врач-фтизиатрдын айтуусу менен канчалык эрте дарылана баштасаңыз;
Дарыларды үзгүлтүксүз толук айыккыча ичсеңиз. Кургак учукка каршы дарылоо 4-5 түрдүү дарыны 2-3 ай ооруканада ичүү менен, андан кийин 4-5 ай жашаган жериңиздеги медициналык мекемеде медицина кызматкеринин түз кароосунда жүргүзүлөт.
Сиздин организмдин коргоо күчтөрү сизди кургак учуктан сактай алат.
Ал үчүн сиз:
Таза, күчтүү тамак-аш жеңиз;
Таза абада көбүрөөк болуңуз;
Гимнастика менен машыгыңыз;
Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуңуз.
Дартты аныктоо
Дартты аныктоо азыркы мезгилде жакшы системага коюлган. Ар бир дарыгер кайрылган оорулууларда кургак учук күмөн болсо какырыкты 3 жолу изилдегенге жөнөтүшөт. Бул ыкма дартты тез жана оңой жол менен дарылайт. Себеби какырыктын ичинде кохтун таякчалары табылат. Кээ бир мезгилде өпкөнүн кайсыл жагы сезгенгенин аныкташ үчүн рентген сүрөттөр жасалат. Оорулуу дарылоо курсунан өтөт. Тилекке каршы жаңы табылган оорулардын ичинен 15-20 пайызынын өпкө көңдөйлөрү жабылбай, оору өтүшүп, дагы деле кургак учуктун таякчаларын бөлүп чыгаруусу улана берет. Мындай учурда өпкөнүн ооруга чалдыккан жерлеринен өнөкөттүү көңдөйлөрдү алып салып, таза айыктырууга толук шартыбыз бар.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе
Оорулуу жана аны курчап тургандар үчүн өздүк жана жалпы гигиенаны сакташ зарыл. Буларга көрүнгөн жерге какырып, түкүрбөө, эл арасында, транспортто жөтөлгөндө оорулуу мурдун бет аарчы менен тосуу, үйбүлөдө орулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп, идиш-аяктарын 2 соода эритмесинде кайнатып тазалоо, бөлмөлөрдү шамалдатуу, төшөнчү, жаздыктарды күнгө жаюу, убагында эс алып, тамеки тартпай, спирт ичимдиктеринен алыс болуусу

#17 03 Ноябрь 2014 - 15:39
Кургак учук өз кезегинде кургак учук микробактериясы тарабынан пайда боло турган инфекциялык оору болуп саналат жана ал бул микробду ачкан окумуштуунун урматына Кох таякчасы деп да аталат. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары аталган микробактериянын караңгы жана салкын жайда узак мөөнөт сактала тургандыгын көрсөтүүгө болот. Күн нурларынын жана хлордун дезинфекциялоочу эритмесинин түз таасири алдында ал тез өлүп, жоголот.
Оору кандайча жугат?
Көбүнчө өпкө кургак учугу менен жабыркаган адамдар аркылуу жугат. Кургак учук менен жабыркап жүргөндөр менен жакын байланышта болгон адамдар, айрыкча жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле кары адамдар бул инфекцияга тезирээк кириптер болуусу мүмкүн.
Кургак учук микробактериясы адам организмине дем алуу жолдор аркылуу өпкөгө келип түшүп, анын сезгенүүсүн жаратат жана аны негизинен өпкөнүн үстүнкү оң үлүшүнөн байкоого болот. Микробактериялар алгач өпкө ткандарын андан соң бронхторду жабыркатышат. Адам жөтөлгөн маалда бөлүнүп чыккан какырык менен бирге микробдор бронхтор аркылуу айлана-чөйрөгө тарайт.
Кургак учук микробактериясы кайсы органдарды жабыркатат?
Көбүнчө аларга өпкө, бронх жана көкүрөктүн лимфатикалык түйүндөрү кирет. Кургак учук бактериясы кан жана лимфа аркылуу сөөк, ичеги-карын, бөйрөк, баш мээ кыртыштары өңдүү башка органдарга жайылат. Ал эми менингит - кургак учуктун оор формасы.
Кургак учукту кантип ажырата билүү керек?
Белгилери жабыркаган органдарга жараша болот. Кургак учуктун жалпы симптомдоруна чарчай берүүлөрдү, дене температурасынын жогорулоосун, түнкүсүн тердөө өңдүү көрүнүштөрдү киргизүүгө болот. Мындан сырткары, өпкө кургак учугунда кадимки антибиотиктер менен басууга болбой турган жөтөл коштойт.
Кургак учукту айыктырууга болобу?
Ооба, кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн атайы кургак учукка каршы дары-дармектер бар. Дарылоодон мурда доктур өпкө жана башка органдарды рентгенге тартып, кургак учук микробактериялардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн какырыкка изилдөөлөрдү өткөрүп, микробактериялардын кайсы дары каражатына сезимтал боло тургандыгын аныктап алуусу абзел.
Микробактериялардын сезимталдуулугу деген эмне?
Бул айыгуу үчүн зарыл болгон өтө маанилүү маселе. Микробактерия - айлана-чөйрөгө ылайыкташып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ тирүү организм болуп саналат. Кургак учукка каршы дары-дармектер ар кандай таасир беришет, башкача айтканда алардын айрымдары микробактериялардын бөлүнүүсүн токтотсо, башкалары көбөйүүсүн алдын алат. Ошол себептүү, микробду биргелешип жок кылуу үчүн бир эле мезгилде үч же андан көп дары каражаттары жазылып берилет. Бирок, дарылоону үзгүлтүккө учуратуу жана дарылануу режимин сактабоо, бактериялардын дары каражаттарына карата болгон коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна жакшы шарт түзөт. Ошентип, ал туруктуу мүнөзгө ээ болот да, сакайуу күмөн жарата баштайт.
Бул өңдүү микробактериялардын туруктуу формасы адамга жугабы?
Ооба, азыр мындай көрүнүштөр өлкөбүздө көп учурайт. Туруктуу формага чалдыккан адамдар какырык менен бирге айлана-чөйрөгө бактериялардын туруктуу формаларын бөлүп чыгарышат жана албетте микробдун туруктуу формасын жуктуруп алган адам үчүн олуттуу көйгөйлөр башталат.
Деги кандай кылуу керек?
Биз Сизге жакшы жаңылык айта кетели - кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн бейтаптар жазылып берилген дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алуусу зарыл. Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс экендигин билүү маанилүү.
Сакайуу үчүн дары-дармектен сырткары дагы эмне кылуу абзел?
Сакайып кетем деген ишенимдин болуусу зарыл. Мындан сырткары, бейтап өзүнчө сүлгү, идиш-аяк жана башка өздүк гигиена каражаттарын пайдалануусу керек. Какыруу учурунда өзүнчө идишке түкүрүп, такай дезинфекциялап туруу абзел.
Ар ким ар кандайча түшүнүктө жүргөндүктөн кургак учук менен жабыркаган бейтаптардын тамак-ашы тууралуу айта кетким келет. Көпчүлүк адамдар тамак-аш майлуу, калориялуу болуусу керек деп ойлошот жана кашкулак же иттин майын талап кылышат. Чын-чынына келгенде тамак-аш түрдүү болуу менен бирге жеңил өздөштүрүлүшү зарыл. Мындай тамак-ашты баасы өтө деле кымбат эмес азыктардан даярдоого болот, ошондой эле дары каражатын кабылдоодон келип чыгуучу кошумча оорулардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгоондуктан аларда В-тобундагы витаминдердин көп болуусу керектигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Алар, адатта ар бир кыргыз ашканасынан жолуктурууга боло турган талканда, жарма жана айранда кездешет.
Курамында ден соолук үчүн өтө пайдалуу болгон темир жана белок мол болгондуктан маш буурчак, төө буурчактан даярдалган тамактарды ичүү абзел. Соя, маш буурчак жана төө буурчакта кездеше турган белок күнүмдүк тамак-ашта пайдалануучу этке барабар.
Кургак учукту кантип алдын алууга болот?
Ден соолукту чыңдап, туура жана толук кандуу тамактануу менен таза абада сейилдөө маанилүү. Албетте, узак мөөнөт жөтөлүп жүргөн адамдар менен байланышпай коё туруу керек. Мындан сырткары, бойго жеткен адамдардын жылына бир маал флюорографиялык изилдөөлөрдөн өтүүсү, ал эми жаш балдарга Манту жасалышы зарыл .

#18 25 Август 2015 - 00:30
Кургак учук менен ооруп айыккандар,
организмди калыбына келтирүү үчүн алгач эле боору менен бөйрөктү тазалоосу, иммунитетти көтөрүүчү витаминдүү тамак-аштарды,
мөмө-жемиштерди жеп туруусу керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 00:32
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#19 31 Октябрь 2015 - 04:21
Баракча 1 - 1