мен да сол колмун бирок жазганда,тамактанганда он колумду эле иштетем.
Сологой(Левша).
#22 08 Июнь 2012 - 08:34
Сологойлордун соккусу он колдорго караганда кучтуу болот. Чонойгондо бокска берип койсонуз
Реал чемпиооон!!!
#23 28 Июнь 2012 - 20:19
сологой болуунун эч кандай зыяны да жок болсо керек. Мен да кичине кезимде сологой элем,кийин онго уйротушкон.
Азыр да кээде сол кол м-н да анча мынча жазып калам.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#25 29 Июнь 2012 - 07:57
Бир эже бар эле эки колу менен тен бирдей жумуш жасаган ,сурасам мурда сологой экен кийин он колун да иштетип уйронуп кетиптир,айтайын дегеним баланыз жаш болсо он колу менен да жумуш жасаганга уйротсонуз болот
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#26 01 Август 2012 - 16:39
Leanor (21 Март 2012 - 00:48) жазган:
Салам,форумчулар!
Нооруз майрамынар менен!Менин балам он тарабына караганда,сол тарабын(кол,
бут) жакшы башкара алат.Тамак ичсе,топ тепсе да сол кол,сол бутун иштетет.Сурайын дегеним:Сологой болгондун плюсу,минусу жонундо эмнелерди билесинер?Бири айтат: "Он колго кондуруш керек еп",бири болсо: "Озуно кандай удобный болсо,ошондой кой" деп.Аранарда сологойлор болсо,кенешинер,
маалыматынар менен болушпойсунорбу?
мен инимдин ушул адатын, колун байлап, танып, кээде копол опузалап журуп калтырдым, ушуга суйуном. Атасы сологой негизи, билбейм инимдин сологойлугу мага кандай мешайтеткен. Бирок сологойлугун калтырыш учун, бар мумкунчулугумду ишке салганым менен, коп адамдардан уруш уккам
#27 08 Октябрь 2012 - 00:43
Эч кандай он колго кыйнап уйротпоо керек. Менин уулум сологой. Сол колу менен жазат, тамак ичет, мышьканы да сол колу м-н эле колдонот. Эч кандай кыйынчылык коргонум жок. Сол кол м-н эле биз он кол м-н кандай болсок ошондой.Быйыл 2-класста окуйт, классташтары андан 1, 2жашка уулулар. Бирок, алардын жаттай албаган ырларын ал жаттап алып, Алиппе майрамында,
ж.б. мероприятиелерде,
эжейине палочка вручалочка болду. Манас айтат, сабагын жакшы окуйт, уккан эле ырын жаттап алып, ырдай берет, бийлейт, фантазёр. Топту сол буту менен тебет, секирсе да сол. Айтаарым, онго уйротуунун эч кандай кажети жок. Ал Жараткандын буйругу, левшалар озгочо адамдар.
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#28 08 Октябрь 2012 - 02:35
Менин сол колум отказ бере баштады.. Укпай.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 17 Октябрь 2012 - 03:06
Менин жигитим дагы сологой!Кафеге барсак дагы он колун менен жечи деп жиним келип карайм да. Эми антпей эле коёт окшойм кыйнабай...
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#30 26 Октябрь 2012 - 18:09
сологойлор саламдашканда кайсыл колун сунушат? автоматически көнүп калган колун берип салбайбы?
Бизде сологойлор күнүн белгилейби? Кытайда 13 август сологойлор күнү
Бизде сологойлор күнүн белгилейби? Кытайда 13 август сологойлор күнү
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
#31 27 Октябрь 2012 - 09:27
Бир нерсени билем сологойлордун мээси жакшы иштээрин.
[color="#006400"
Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/
color]
#32 05 Январь 2013 - 22:27
Аллах он жакты жакшы корот! Хадис: тамакты жегенде бисмилланы айткын анан он кол менен жегин!/ Бир сахаба сологой эле, ага пайгамбарыбыз с.а.в он колун менен жегин деди. Ал сахаба мен он колум менен жей албайм деди. Ал сахабага пайгамбарыбыз с.а.в: "сен жей албайсын"
,-деди. Ушул адам олгонго чейин он колу менен тамак жей албаган экен
#33 05 Январь 2013 - 22:53
Мен 1- классыма барганда сол колум менен жазып атсам эжекем келип он кол менен жаз деп уйротуп койгон.
Азыр мен таш ургандаа, топ ойногондо анан тамактыда билбей кээде сол колум менен жеп салам.
Азыр мен таш ургандаа, топ ойногондо анан тамактыда билбей кээде сол колум менен жеп салам.
#34 10 Январь 2013 - 16:07
Менин балам беште сологой экен мен алыста апам карайт баламды . Сол кол менен жакшы жазат дейт он кол менен эптей албайт. Апам он колго уйротом деп атып азыр балам жазууну , сурот тартууну баштасан асманды карап тура берет экен . Тамакты он колго уйротуптур . Кайнагаларым сологой ошолорго тарткан окшойт . Мен айттым тамакты эле он кол менен жесин башка жумуштарын сол кол ынгайлуу экен жон койгула деп
#35 14 Январь 2013 - 16:39
Urmattuu musulman bir tugandar!
Tamaktyy on kolu menen jesin.
Sol kolduu (daarat) alganda iwtetet.
Tamaktyy on kolu menen jesin.
Sol kolduu (daarat) alganda iwtetet.
#36 14 Январь 2013 - 17:36
s.jenta (08 Октябрь 2012 - 00:43) жазган:
Эч кандай он колго кыйнап уйротпоо керек. Менин уулум сологой. Сол колу менен жазат, тамак ичет, мышьканы да сол колу м-н эле колдонот. Эч кандай кыйынчылык коргонум жок. Сол кол м-н эле биз он кол м-н кандай болсок ошондой.Быйыл 2-класста окуйт, классташтары андан 1, 2жашка уулулар. Бирок, алардын жаттай албаган ырларын ал жаттап алып, Алиппе майрамында,
ж.б. мероприятиелерде,
эжейине палочка вручалочка болду. Манас айтат, сабагын жакшы окуйт, уккан эле ырын жаттап алып, ырдай берет, бийлейт, фантазёр. Топту сол буту менен тебет, секирсе да сол. Айтаарым, онго уйротуунун эч кандай кажети жок. Ал Жараткандын буйругу, левшалар озгочо адамдар.
коптогон гений адамдар сологой болушкан.
Любовь в сердце, весна на душе и на улице, улыбка на лице и в глазах! А что еще нужно для счастья?!.))
#37 05 Ноябрь 2013 - 22:11
Адатта биз бир нерселерди оң колубуздун жардамы менен жасайбыз. Бирок оң колунун ордуна сол колун көбүрөөк иштеткен сологойлор да көп. Илимдин изилдөөсүнө караганда, мунун жаман эч нерсеси жок, тескерисинче,
сологойлордон көптөгөн чыгармачыл адамдар: таланттуу музыканттар,
сүрөтчүлөр,
актёрлор чыккан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#38 05 Ноябрь 2013 - 22:12
Сологойлук эмнеден келип чыгат? Биздин баш мээбиз эки жарым шардан турат. Алардын ар биринин өздөрүнө тиешелүү функциялары бар, ошол эле учурда алар бири-бирин толуктап турушат. Оң жарым шар биздин денебизди сол жагынан башкарып турат, а сол жарым шар оң жагынан башкарып турат. Бул жарым шарлар тең кызмат кылбайт, сөзсүз бирөөсү басымдуулук кылат. Демек, сол жарым шар активдүү болсо, адам негизинен оң колун иштетет, оң жарым шар активдүү болсо, анда ал сологой болот. Бул оң кол, сол кол менен эле бүтүп калбайт, маалыматты иштеп чыгууда да бул жарым шарлардын өз-өзүнчө функциялары бар: сол жарым шар логикалык ой жүгүртүүгө жооп берет. Анын негизинде биз сөздүн маанисин, абстракттуу нерселерди түшүнөбүз. Ал эми оң жарым шар образдуу ой жүгүртүүгө жооп берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#39 05 Ноябрь 2013 - 22:13
Баланын сологой экендигин кантип аныктоого болот? Айрым окумуштуулар баланын сологой же сологой эмес экендигин 2-3 айынан аныктоого болот дешсе, көпчүлүк окумуштуулардын ою боюнча бала 4 жашка чыкканда гана билинет. 2-3 жаштагы бала буюмдарды, кашыкты кармаганда же сүрөт тартканда эки колун бирдей эле иштете берет. Анткени бул куракта жарым шарлардын кайсынысы басымдуулук кылганы али аныктала элек болот. Балаңыздын сологой-сологой эмес экендигин билгиңиз келсе, өз алдынча төмөнкү жумуштарды жасатып, өзүңүз жакшылап байкап туруңуз:
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 05 Ноябрь 2013 - 22:14
Сологой баланын ата-энесинин эсине: Баласынын сологой экенин билген соң айрым ата-энелер аны кыйнап, сол колунун ордуна оң колун иштетүүгө үйрөтө башташат. Муну менен алар балдарына чоң зыян алып келип жаткандарын билишпейт. Yйрөтүү учурунда баланын нервине доо кетип, олуттуу маселеге кабылышы мүмкүн. Мисалы, тамакка болгон табити жоголот, уйкусу бузулуп, жаман түштөрдү көрөт, башы жана ичи ооруйт, түндө төшөгүнө заара ушатып коёт, кекечтенип калат же болбосо бошоң тартып, баарына кош көңүл карап калат. Андыктан үйрөтүүнүн кереги жок. Эгер балаңыз сологой болсо, бул эч кандай кемчилик эмес, болгону анын оң жарым шары жакшы өөрчүгөн. Бул факт аны башка балдардан кем кылбайт, тескерисинче,
ашык кылышы мүмкүн. Анткени сологой балдар башка балдарга караганда фантазиясы күчтүү болуп, таланттуу келишет. Алардын элестетүү жана угуу жөндөмдүүлүгү эң жакшы өөрчүгөндүктөн,
бир нерселерди жасаганды, сүрөт тартканды, музыкалык аспаптарда ойноону оңой үйрөнүшөт. Ошондой эле сологой балдардын жан-дүйнөсү назик, таарынчаак,
эмоционалдуу болот. Андыктан аларга кыйкыруунун кереги жок, болбосо түнт тартып, ата-энесинен алыстап кетет. Бала бакчага жана мектепке алып барганда балаңыздын сологой экендигин сөзсүз тарбиячысына же мугалимине эскериңиз. Анткени алардын "балдар, ручканы оң колубузга кармайбыз"
деген сөзү баланын жазуу сабагын эң жаман көрүп калышына түртөт, нервин чарчатат. Өзүнүн көзүнчө башкаларга анын сологой экендигин айтпаңыз жана ага карата терс эмоцияңызды көрсөтпөңүз.
Сологойлук аны башка балдардан төмөн да, жогору кылбашын, бул кадимки көрүнүш экендигин балаңызга түшүндүрүңүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!