Суперстан: Барс агайдын өздүк чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...

#261 Пользователь офлайн   Барс   23 Октябрь 2021 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЭКИНЧИ ЧАКЫРЫК!..
(Жалпы элиме)

Качанга жаңылабыз?
Келгиле жаңырабыз!
Өлкөнү өргө сүйрөп,
Өзгөнү таң кылабыз.

Калк көөнүн тындырабыз,
Каалоосун жылдырабыз.
Баштагы кыйшык түзүм...
Баарысын сындырабыз.

Арамга тап беребиз,
Актыкты апкелебиз.
Өзгөгө туюкпуз да,
Өз элге ашкеребиз.

Акчага алдангандар,
Арасат калган жандар,
Азыр да жаңылсаңар,
Анда бүт арамсыңар!

Андыктан ойлогула,
Арамга тойбогула!
Ак ниет алга чыкса,
А анан тойлогула!

Кайра не жаңылабыз?
Кел, элим, жаңырабыз!
Өлкөнү алга сүйрөп,
Өскөн соң, жаң урабыз!
23. 10. 2021-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   Барс   24 Октябрь 2021 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КИРДЕТПЕ КЫРГЫЗ КООМУН!. .
(Быйылкы талапкерлерге кеңешим)

Шакыйы бар жан сымак,
Шайлоого убарасың.
Убада кош-кош берип,
Жалганга сугарасың.

Жолду оңдоп бересиң э...
“Жок...” - дебей, чоң бересиң!
Айлык аз билесиң э...
Аның аз, ... сом бересиң.

Эстейсиң былтыр быйыл,
Кимдерге жууганыңды.
Эстейсиң канча экенин,
Эзелки тууганыңды.

Эстейсиң кайсы жылы,
Кимге не кошконуңду.
Эсептеп чыгасың бүт,
Куда сөөк, досторуңду.

Бул ырды окуп жатып,
Карадың капчыгыңды.
Чын эле аксыңбы, же...
Чычайбай айт чыныңды.

Эгер, сен, ушул болсоң,
Кимге таң бары-жогуң?!
Ойлонгун адам болсоң,
Элиңдин убал, сообун!
Кечикпей тизмеден чык,
Кирдетпей кыргыз коомун!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   Барс   24 Октябрь 2021 - 23:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

МАЙЛИБИ?
(Он жети жаштагы кызга жигиттин ыры)

Эмдейт деп сүйүү жаратты,
Эки күн ичтим шарапты.
Эсимди алган мастыкты,
Эки ооз сөзүң таратты.

“ Чыркыра – дедим – шолокто,
Чын сүйүү болот жомокто!.. ”
Айттырбай ушул арманды,
А шондо айтсаң болот го!

Кыз деген наздуу сылык бу,
Кылыпсың анда кылыкты.
Бүгүнкү айткан бул сөзүң,
Бүт денемди жылытты.

Таштайлы жаман адатты,
Баштайлы жаңы баракты.
Ичиркенткен сөз менен,
Ичирбе эми шарапты!

Жаңырган жылдын жай күнү,
Жашыңдын толот ай, күнү.
Баарысын тойго чакырып,
Баш кошкон ойго, майлиби?!
24. 10. 2021-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   Барс   27 Октябрь 2021 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЖАҢЫ ТАЛАПКЕРГЕ ДАГЫ БИР КЕҢЕШ

Айтканыңдын акыр жагы кандай болот акыл ченеп билбей туруп,
Алп калпыңды жатасың эй, кимге сунуп?..
Алдын ала айтаар сөзгө парасат сал, калбайбы арасат ал, эсиңе тут,
Аның эртең кетпес үчүн дилде унут!?

Антыктан, сен, жалпы журтка жага турган, жарыкка алып бара турган,
Алгы жагы жаш муунга кала турган,
Оюңду айт: жалганы жок, арманы жок, пикири жок жалаа курган,
Обонду кой кур кыйыкырык, ара туулган!

Айтайынбы: адамдар көп ичи жылан, өңү тууган,
Аларыңдын баарысынан эбак эле көңүл сууган.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   Барс   29 Октябрь 2021 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

БУЛАКТАГЫ ОТ


Эсиңдеби жолуккан кез булактагы,
Экөөбүзгө көз, сөзүбүз унап калды...
Утуру эле өбүшкөнгө тоскоол болду эй,
Улактардын аскадан таш кулатканы...


Булакты көр жайгашканын аска жаны!
Улакты көр жок сыяктуу башка жайы.
Жерге киргир, мени кара, кыз бет тоссо,
Жер силксе да, өбүшүүнү баштабайбы!


Жо-ок антпедим, эки жакка элеңдедим,
Аскадагы улак өңдүү сереңдедим.
Анан кайра түзөлдүң да, кош айтыштың...
“Келесиң э?”, “Ооба, эртең келем... “ – дедиң.


Ошол бойдон ал булакка келген жоксуң!
Булак турат, жанында мен күйгөн отмун!


ЧАКЫРЫК


Байгеге коштум далай күлүктөрдү,
Байге алып көбү актады үмүттөрдү.
Кээ бири аксап калып жарым жолдо,
Кээлери жеңиш менен күлүп келди.


Бүгүн да коштум күлүк аламанга,
Барсын дейм ташыркабай жалаң алга.
Парасыз алып калса баш байгени,
Пайда эмес ойлонгула жалаң мага.


Кынтыксыз болсун десең ушул жарыш,
Кыйкыр, сүрө издебей тууган, тааныш.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   Барс   03 Ноябрь 2021 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Жүрө-жүрө табылдың издегеним,
Жүрөгүңө жазылган тизмеде ким?
Жалбыртатты, ышкымды козгоп салды:
“Жалгыз гана оюмда Сиз...” – дегениң!

Ыраазымын түз айткан түздүгүңө,
Ырахатка бөлөдүң күз күнүндө.
Эми мынча болгон соң, ананайын,
Эриниңди тосуп кой үстөгүнө!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   Барс   22 Январь 2022 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЧЫРЛАМЕНТТЕГИ ТАЛКУУ


Бийлик: " Бирге дагы бирди кошсок, эки болот."
Оппозиция: " О жо-жок, бир жарымга жарымды кошсок гана экиге толот!" Супероппозиция: " Эй нонок, жарымга бир жарымды кошсоң анан эсеп оңолот!" Ультрасупероппозиция: " Эй сабаты жок, акылы чолок!
Бир бүтүн ондон бирге, нөл бүтүн ондон тогуз кошулганда гана экиге оңдолот..."


...Убакыт болсо адатынча алдыга токтобой желет...
Ушундан улам “ЭТЕГИБИЗ ЭКИ БОЛБОЙ” келет!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Январь 2022 - 15:06

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   Барс   10 Февраль 2022 - 20:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

СҮЙҮНҮЧ


Кан керек бейм кыргызга,
Каның соруп, кактоочу!
Ошондо да көбөёт,
Обу жоктон жактоочу!


Жакшы жагын мисалдап,
Жаңы ханды жактап көр.
“Жанагылар” жабыла:
“Жагымпоз, - дейт – пахтакор! ”


Жакшысын айт бийликтин,
“Жугундукор” – дешет эй!
А өздөрү, кысталак,
А... к...сын койбой жешет эй!


Адам ыйык эч болбойт,
Ар идолго сыйынба!
Акыл сөзүң аңдап айт,
Ар бир пикет, жыйында!


Тантышат кээ чоңдоруң,
Даярдансын үйүнөн.
Ушуларды окутпай,
Калганыма сүйүнөм!


10. 02. 2022-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 10 Февраль 2022 - 20:28

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   Барс   01 Май 2023 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 981
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Июн 2023 21:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

* * *
Айлык жолдо арыбастан тынбай чуркаар,
Арык жылкы арасында тулпары бар.
Карга сымал кык чокулап күн өткөрбөс,
Канаттуулар арасында шумкары бар.


Айкөл эмес бардык эле амалы бар,
Акылы кем арасында жаманы бар.
Анчейин бир жандай көрбө кедей болсо,
Алардын да арасында Адамы бар!

Аксы. Иринжит. 29. 04. 2023.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июн 2023 17:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: