rnurzida (02 Апрель 2016 - 00:19) жазган:
1-тур. Ар бир катышуучу өз апасынын өмүр баянын сүрөтү менен бөлүшөт.
2-тур. Апалар тууралуу катышуучунун өздүк калемине таандык ыр.
3-тур. Жалпы энелер жөнүндө дил баян.
Дагы кандай шарттарды кошсок болот, сиздер да ой бөлүшсөңүздөр урматтуу форумчулар.
Сынакка бардык тайпадагы форумчулар катыша алат (конок, жаран, аким, ж.б.). Ал эми добуш берүүдө жалаң гана жаран тайпасындагы форумчуларга укук берсек, кандай дейсиздер? Ошондо жеңичүүнү тандоону жалпы форумчуларга коебуз. Ал эми добуштарды саноо, грамматикалык жактан кароо боюнча калыстар тобун түзсөк жаман болбос.
Ар бирибиз ойлорубуз менен бөлүшсөк
Эн сонун Нурзида!Кош колдоп колдойм.
Бул сынак алтындай болгон аялзатынын, баа жеткис апаларыбыздын улуулугун дагы бир ирет мактап-даназалаганыбызга себепкер болсун.
Форумда эле тургай жашообузда да аялзатын кадырлап,сыйлоого ундоочу болсун.
Шарттар жонокой жана кыйын эмес,ойдогудай. Эне бул бутпос дастан!Ошондуктан апаларыбызды мактоо боюнча ыр дагы,соз дагы тугонбосо керек.Катышуучулар арбын болот деп ишенем.
Бир кичинекей кыстарма:катышуучуларга чек коюлбаган сон,арабыздагы кээ бир форумчуларга бул дуйнодон козу отуп кеткен апаларды эскерууго да жол берсек.
1."Ааламда тендеши жок асыл апам"деген теманы аркалай 1-шартка апакелерибиздин суротун жарыялап койуу ашыкча болбос.Омур- баяны.Бул жерде кыска Жана нуска болушу шарт!
2."Апа сага кандай мактоо жарашат,апа сенден ким сыймыкты талашат"
Албетте апаларды мактап,данктап 5куплеттен ашпаган ыр.(ыр жаза албагандарга баян десек томонку шартта баян дагыбар экен)
3."Оорубасын энелердин журогу"Бир эле озубуздун апабыз эмес жалпы энелер жонундо баян.Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.
4."Мен дуйнону апам менее тааныгам" .Сиз кандай апанын уулусуз,же кызысыз.Балалыгыныздан кызыктуу жана кулкулуу бир узум окуя.
Менин сунушум ушулар болду.Дагы бир сыйра ойлонуп коруп,ашык-кемин туздоп баштала турган ишти эртелетип баштай берсенер жакшы болмок.