Устукан
#41 14 Сентябрь 2012 - 00:25
Кыз алып жаткан тарапка баш тартпайт деп калат эмнеге
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#42 29 Сентябрь 2014 - 16:33
#43 09 Июнь 2015 - 15:32
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УСТУКАН ТАРТУУ НАРК САЛТЫ
Кыргыздардай устуканга өзгөчө аяр мамиле жасап, аны өз баркы менен урунуп, терен маани берип келген дүйнөдө башка да эл бар экенин билбейт экенмин. Маселен, коңшу казак элинде анча-мынча кыргыздардыкына окшотуп, конокко устукан берүү бар болгону менен ар бир жиликке маани берип өз орду менен тартууга келгенде кыргызга жетпейт. Тагы устукандарды кыргыздардай айра билишпейт.
Кыргыздар конокко устукан тартуу менен өтө маанилүү мамиле сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп келишкен. Туура, бул нарк бүгүн унутта калып баратат. Көпчүлүк иш-аракеттер ордун кайра табаар таппасы да белгисиз. Бирок негизи сакталууда.
Сөздү баш устуканынан баштайлы. Кыргызда чоң конокто (тойдо жана башка ушул сыяктуу көпчүлүк катышкан дасторкондо дегенибиз) баш улууга тартылат. Башка сөзсүз түрдө жамбаш жана сырттуу кабырга кошулуп берилет. Жекече арнап чакырылган конокто сый делген адамга тартылат. Жаманчылыкка арналган (аш, маркумга куран окутуу сыяктуу иштер) дасторкондон бөлөктө баш устуканынын сөзсүз түрдө сол (аттанар жагы деп коет) кулагы сол ууртунун эти кесилип алынып тартылат. Жаманчылыкта бүтүн тартылат. Башты куйкалап, жууганда эле тишин чагып коет. Тиши менен баш тартпайт.
Баарына өз кезеги менен токтололу. Сол кулакты кесип калган себеби: “Мен сиз менен сыймын, сиздин сөзүңүздү угам” деген белги. Башты алган адам биринчи оң кулакты кесип жейт же өз баласына берет. “Мен да сиз менен сыймын. Сиздин создү угам” деген белги. Эгер башты кары киши алса, кулагын кесип ооз тийгенден кийин ошол дасторкондогу жаштардын бирине берет. Башты алган жигит куйкумду майдалап бөлүп, олтургандарга ооз тийгизет. Таңдайын кыздарга же келиндерге “ишмер, саймачы бол” деп берет. Көзүн өзү “көздөшүп жүрөлү” деп досуна же мамиле түзгүсү келген адамга берет. Жаш малдын башы болсо мээсин чыгарып туураган этке кошот. Чоң койдун баш мээсин көп учурда кошушпайт. Баш усутканынын философиясы кой жандыгынын устуканына гана тиешелүү. Башка малдыкы усуткан катары сый конокко тартылбайт. Маселен,эчкинин башы тартылбайт. Улактыкы айрым бир таарынышып кетпей турган достор арасында тартылбаса, тартылбайт.
Кой союп, конок күтүү болуп бирок башы тартылбаса бул да туура эмес. Сөзсүз баш дасторконго коюлушу шарт. Баш бир гана учурда конокко тартылбайт. Кыз алган кудага “Баш берген жерге баш бербейт” – дешет кыргыздар. Күйөө балага баш тартылбайт. Бирок дасторконго коюлат. Баш аял кишиге тартылбайт. Баш жеген эркек адам баштын көзүн чыгарып аял кишиге “көздөшүп жүрөлү” деп бербейт. Деги көздү аял кишиге берүүгө болбойт. Бул уят иш. “Көңүлдөш бололу” дегенди түшүндүрүп калат. Же экинчи бир тарапты “Араңарда эркек жок, ошондуктан аялдарыңар менен көздөшөлү” дегенге барабар.
Ушул жерден бир уламышты айта өтөйүн. Казактын Кененсары ханы кыргызды чаап алам деп келип, Ормон хандан колу талкаланып өзү иниси Ноорузбай экөө колго түшүп калышат. Ошондо кыргыз жакшылары чогулуп “Казак кыргыз бир тууган эл элек. Кененсары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, ошондо да тукуму хан, башын аман коюп, экөөнө эки кыз тартуулап, ат мингизип жөнөтпөйлүбү. Эки элдин ынтымагы үчүн” дешет. “Эртең кол курап келип кайра чабышса кантебиз” дегендер чыгат. Ошондо экөөнө эки койдун башын тарткыла, кандай жейт көрөбүз дешет аксакалдар. Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп ооз тийбей жылдырып коет.
Башты көргөн аксакалдар, аттиң болбой калды. Булардын ичинде кеткис кеги бар экен. Бири “Аман болсом мурдуңарды кесип, кежигенерди тилем” десе, экинчиси: “Көзүңөрдү, оюп, кулагынарды кесермин” деп жатпайбы. Биз кечиришели деген менен булар болчудай эмес” дешип экөөнүн тең башын алдырып ташташкан. Бул өтө кайгылуу, болгон окуя. Башка байланышкан мындай легендалар өтө көп. Устукан шааниси философиясы аркылуу достор ажырашып, мамилелери бузулуп, же тескерисинче таарынышкандар элдешкен учурлары болгон.
Маселен, бирөө өзүнүн жакын досу таарынып жүрөт дегенди укса үйүнө чакырып баш тарткан. Эгер достугубуз сакталсын десе, тигил досуна көрсөтүп туруп сол кулагын кесип алып өзүнүн баласына берип анан устуканды узаткан. Бул менин сага тилегим ак, менин балам сенин сөзүңду угат. Биздин достук түбөлүктүү деген белги. Тигил досу досукту улагысы келсе астына келген баштын он кулагын кесип алып, өз баласына берген. Бул: “Менин балам да сенин сөзүңдү угат. Мамилебиз түбөлүк болушун каалайм” деген ишарат. Андан соң он көзүн оюп, досу менен болүшүп жеген. Бул “көздөшүп жүрөлү” деген белги. Ошентип экөөнүн ортосундагы таарыныч унутулуп мамиле жөндөлгөн. Эгер достукту каалабаса жогорку ишаараттарды жасабай куйкумдан ооз тийип туруп жылдырып койгон. Эгер үй ээси достукту каалбаса, баштын сол кулагын кесип албай бүтүн тарткан. Баштын бүтүн тартылышы бул “мамилебиз ушуну менен токтосун, сый калалы” деген белги. Эгер баштын тишин чакпай тиши менен тартса “мындан ары экөөбүз тиштешебиз, сак бол” деген белги.
Чала куйкалап, же терисин күйгүзүп ала-була кылып тартса “сен ким элең, ушул үйдө конок болгонуңа кубан” деген басмырлоо ишараты болгон. Жоругу көп бул башты кыргыздар конокко тартарда өтө аяр болушкан. Бир жерин да күйгүзбөй, чала жерин калтырбай жакшы куйкалаган, эзилтпей бышырышкан. Анан шарт-жөнү менен ойлонуп туруп тарткан. Наркты, салтты билбеген бирөөлөр устакан тартып жаңылыштык кетирсе, ал түгүл эки уруунун да мамилесин бузуп коюшу мүмкүн. “Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартып” деген макал бар. Кыргыздарда устукан катары тартылбай турган, тартылса уят, же конокту басмырлоо, шылдыңдоо катары каралчу жиликтер бар. Булар төш табакаа кошулуп устукан катары тартылбайт. Эгер турмушка чыгып кеткен кызың конокко келсе бутун бышырып же чийки баштыгына салып бересиң. Табакка түшүрбөйт. Күң жилик, моюн омуртка, боконо, кабырга, жетим арка, шыйрактар, тил жаагы менен сый дасторкондун табагына кошулуп тартылбайт.
Койдун сый устукандары жамбаш, куймулчак, (эгер куйруктуу койдуку болсо гана куйругу жок койдуку куймулчак деп аталбайт, чычан деп устукан катары тартылбайт). Карыжилик, чүкөлүү жилик, кашка жилик, далы, андан кийин мырза аркалар да сый устуканга кирет Сырттуу кабыргалар да сый устукан катары өзүнчө тартылып жүрөт.Бул кийинки кездерде чыкты. Кыргыздарда сырттуу кабыргалар жогорку устукан жиликтерге кошулуп сый катары тартылган. Өзүнчө устукан катары тартылган эмес. Ушул жерде белгилей кетээр жагдай куймулчак эркекке тартылбайт. Аял кишилерге тартылат. Эгер дасторкондо кудагый болсо сөзсүз кудагыйга берилет.Карыжилик ыйык жилик катары каралат. Чагылбайт. Мууну ажыратылбайт. “карыжилик жаныңда болсо, кырк жигит жанында жүргөндөй болот. Жол жүргөндө талаада уктасаң карыжиликти ала жүр. Сени кырк жигит болуп кайтарат” дешет. Адамдын бел омурткалары ооруганда карыжиликтин жумуру башы менен укаласа айыгып кетет деген ырым да бар. Жамбашты тартканда да, этин устукандаганда да жөнү менен барктап тартат. Сый конокко жамбаштын эти бүтүн тартылат. Устукандын артыкчылыгы этин шылытып,эзилтип жибербей бүтүн бышыра билгенде. Бодо малдын устуканы койдукунан башкача сыйга ээ.
Сөздү жылкыдан баштайлы. Жылкынын эң сый устуканы – учасы. Уча табакка башка устукандарга кошулбай өзүнчө тартылат. Учанын сыйы да өзгөчө болот. Уча ошол коноктогу өтө сыйлуу деген адамга тартылат. Көбүнчө кудаларга тартышат. Эки-үч куда отурса аксакалына берилет. Тең туугандар отурса, эң алыстан келгенине берилет. Учаны алган адамдын жолдогу болбойт. Ошол жердеги отургандарга кесилип, ооз тийүүгө таратылат да калганын тарткан баланын өзүнө кайрып беришет. Жакшылыкта тартылган учанын эки жолу бар, биринчиси алган адам дасторкондогуларга кесип ооз тийгизет да калганын тарткан баланы чакырып ырымга тыйын берет. Чечмелеп айтканда учаны сатып алат. Андай ырымын кылса учаны алган киши устукан катары үйүнө алып кетүүгө акылуу. Үй ээси кошумча баштыгы менен учаны алган кишиге салып берет. Эгер ырым кылып сатып албаса учаны кайра тарткан баланын озүнө берет.
Жылкынын экинчи сый устуканы кыр аркалар, (канат арка деп коюшат) боконо аркалар, сырттуу кабыргалары. Жылкынын, уйдун жиликтери сый устукан делбейт. Уяттуу конокторго тартылбайт. Көпчүлүк атышкан чоң коноктордо, тойлордо жогорку устукандардан кийин тартылат. Уйдун устуканы деле жылкыныкы сыяктуу болуп бөлүнөт. Жылкыда чучук (казы) карта, сый катары кетсе уйда сар жүрмө, бурта сый катары кетет. Кыргыздын э сый тамагы “беш бармак”, Кыргыз “беш бармак” бербесе конок кткделе болбойт. Кыргыздар эт жемейин кетпейт. “Эт бергени, кет дегени” деген азил сдбар. Беш бармак өзүнчө азем менен даярдалат. Алгач сорпонун үстүнөн калкып, майлуусун озунчо куюп аласың да ага тууралчуу этин колөмүнө жараша пияз туурап (маселен бир табак этке 1-3 баш пияз) баягы сорпого кошуп 10-15 минут кайнатасың. Муну “чык” деп коет. Чык кошулбаган беш бармак даамына чыкпайт.
Анан этти майда кылып туурайсың. Канча майда болсо, беш бармак ошончо барктуу болот. Ошондуктан эл арасында этти майда туурагандар да даңкталган учурлары бар. Тууралган этке кичине камыр кошосуң да (маселен эттин үчтөн бириндей) ана баягы чыкты кошосуң. Козунун, тайдын, жаш торпоктун этине көп учурда камыр кошпойт. Жалаң эттин өзүн жешет. Анан аябай аралаштырасың. Анан кол менен жейсиң. Мындай ширин тамак дүйнөдө аз. Кыргыздардын кол менен тамак жегени мени көп ойлондуруп жүрдү. Бул жарыкчылыкта улут катары он миңдеген жыл жашасаң анан эмне үчүн тамакты кол менен жегенди жакшы көрөбүз? деген суроого жооп издедим. Себеби кыргыздар бешбармакты эле эмес, басылган күрүчтү дагы башка көп тамакты кол менен жейт.
Кашык вилка дегенди колдонгусу келбейт. Бул цивилизациядан артта калган караңгылыкпы? Жок. Көрсө цивилизациянын туу чокусуна жеткен билимдүүлүк, түшүнүктүүлүк экен. Көрсө колдун манжаларынын башында өтө көп нерв точкалары жайгашыптыр. Муну илимде “Скрытая сенсорная система” деп коет АКШ, Улуу Британия окумуштуулары ачкан. Ал точкалар дененин көп жерлери менен, өзгөчө ички органдар менен тыкыз байланышта болот экен. Манжаларыбыз тамакка тиери менен ашказанга “тамак кармады” деген сигнал барат экен. Ашказан ошол замат тийиштүү суюктукту бөлүп тамакты кабыл алууга даяр болот экен.
Экинчиден , манжалар ысык-суукту так ажыраткандыктан, ооз, ашказан күйгүдөй ысыкты эч убакта кармабайсың. Өтө муздакты да жебейсиң.
Үчүнчүдөн , кыргыздар колун өтө көп жууган элдердин катарына кирет. Эшикке кирип-чыккан сайын колун жууй берет. Башка улуттун өкүлдөрү биздин колду өтө көп жууганыбызга тан калган учурлары көп. Колун жуубай кыргы тамак ичүүгө отура албайт. Эшиктен колунду жууп киргениңе карабай дасторкон үстүндө беш бармак жээрде кайра колго суу куюлат. Тамак жеп бүткөндөн кийин да колго суу куюлат. Колду таза урунуу боюнча кыргызга эч ким жетпесе керек.
Төртүнчүдөн , медициналык көз караш менен караганда кыргыздар жалаң күчтүү тамактарды жеп жүрсө да ашказан оорусу менен батыштагыларга салыштырмалуу аз ооруган. Себеби колуна темир кашык кармаганда “темир кармады” деген сигнал барат да анан эле күтүүсуз тамак барып калат. Темир кашык менен ооз күйгүзгөн ысыкты ууртап, ал түгүл аш казаныңды күйгүзгөн учурлар да жолугат. Кол менен жесең эч убакта ашазан да, ооз да күйбөйт. Өтө муздакты да жебейсиң. Ал эми колду таза урунуу медицинадагы гигиенанын башында турат. Тамак жеп жатканда манжанын башындагы нерв точкалары аркылуу ашказан, боор, өт эле эмес, эс акыл, ой, бүт организмдин туура башкарылышы тамактын сиңиримдүүлүгүн арттырып ден-соолукка пайдалуулугун жогорулатат.
Кыргыздар өз жолу менен кете бербей кайра артка бурулуп азыркы цивилизациянын жолуна түшүүгө аракет кылгандан бери, ашказан, өт, боор, жүрөк оорулары көбөйдү. Аталар муну жөнөкөй эле чечип коюшкан. Бул бүгүнкү илимде да аныкталды. Ушинтип кыргыздардын устукан философиясы, анан кол менен тамак жеген философиясы да өзүнчө кеңири иликтөөгө ала турган илимий мейкиндик. Устукан менен бири-бирине болгон мамилени, коноктордун даражасын аныктасаң. Кол менен тамак жеп ден-соолугуңа кам көрөсүң, денең таза жүрөсүң. Бул улуулук эмей эмине.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 16:03
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#45 20 Февраль 2016 - 11:27
abdumator (29 Сентябрь 2014 - 16:33) жазган:
Нарындык "билермандан"
жылкыдан канча устукан чыгаары тууралуу маалымат:
Ошондо 237 устукан,ар жакта майда чуйдосу менен бир жылкынын эти 250-300 кишиге жетет экен да ее?
Негизи устуканды кобу эле тартканды биле бербейт.Ал эмес аталыштарын да билбегени коп болсо керек.
Кайын жагымда бир жездебиз бар,3 жылкынын устуканын 1000 кишиге тартканын уккан элем.Коп жамандык-жакшылыкта да эт жагын озу тейлейт экен.Буга да шык керек окшойт деп ойлойм.
Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 20 Февраль 2016 - 11:27
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#47 20 Февраль 2016 - 18:46
Жетинур неге илеп белги(!)?.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#48 22 Февраль 2016 - 01:40
LIFE (15 Май 2009 - 16:40) жазган:
Бирок, жамбашты байбичелерге тартышчу эле. Суусамырда.
Мен албетте талашкым келбейт,ар области оз салттарын колдонушат. Мен колдук болом бизде байбиче ак сакал атабы жамбаш уулу адамга тартылат ал Эми ошол эле сый адамга Чуйдо башты тартат экен,бизде ал башты уйдун кичуусуно берет ал Адам ошол жерден эле баштын жарым этин туурап дасторкондо олтургандарга ооз тийгизет,коздорун коздошуп журолу деп озу каалаган кишисине берет.Кой 12 устуканга болунот,12 сый адамга ал эми калган майдалары келин кесек,бала-чакага дегендей менимче)))
#49 12 Март 2016 - 08:21
КОЙ СОЮУ ЖАНА УСТУКАНДОО
КОЙ СОЮУ
Алгач кыбыланы карап (койду дагы), Жараткандан жакшылык тилеп, бата кылынат. Андан соң койдун башын кыбыланы каратып, буттарын кайчылаштырып, бекем бууйт.
Сол колду койдун оозуна салып алдыңкы жаагынан кармап, башын өйдө тартып, күрөө тамырды жана кекиртекти кулактын түбүнөн омурткага чейин кесет.
Кан токтогондон кийин моюн омурткадагы жүлүндү бычактын учу менен кесип, мууздалган жердин канын муздак суу менен таза жууп салуу керек.
Жүлүн кесилгенден кийин койдун жаны чыкты десек болот.
Эми буттарын чечип, терисин сыйруу керек.
ТЕРИСИН СЫЙРУУ
Адегенде койдун алдыңкы колундагы шыйрак менен кар жиликтин кошулган жеринин ички тарабынын териси кесилет.
Бычактын учу менен колдун ич жагындагы терини төшкө карай түз жирөө керек. Экинчи колдун териси да ушундай жол менен жирелет.
Эми төштүн ортосунан моюндун териси башты карай тең экиге жирелет.
Андан кийин койдун арткы буттарынын терисин да алдыңкы буттардай эле кесип, табарсыкка карай жирөө керек.
Курсактын териси киндик аркылуу тең экиге бөлө кесилет.
Төштүн терисин кабыргасын көздөй бычак менен бир аз кесип сыйрып, калганын колдун муштуму менен койдун жонуна чейин жиреп сыйрыйт. Экинчи тарабын сыйрууда ушундай эле ыкма колдонулат.
Кол менен жирөөдө теринин сыйрылбаган жерлери же эттин майы териге өтүп жатса, бычактын жардамы менен сыйрылып, андан кийин муштум менен жирелет. Терини бычак менен сыйрууну өтө этияттык менен, кеспей жүргүзүү керек. Жеңил, кеспей, кемтиксиз таза сыйруу үчүн кой соёрго чейин ачка, жем-чөп берилбей 10-12 саат кармалышы талап кылынат. Койду ачка кармоодо сууну бере берсе болот.
Териси толук сыйрылып бүткөндөн кийин төш менен кабыргалардын бириккен кемирчеги жайгашкан жеринен экиге ажыратылат. Андан соң төштүн кемирчектери аркылуу карын этин бел омурткаларды карай кесет. Бул учурда карын менен ичегилерди жарып албас үчүн бир кол менен ичеги-карынды ылдый басып алуу керек. Ошентип, карын эт менен төш эт бирге чыгарылат.
ИЧ ЭТ
Денеден карынды жана ичегилерди ажыратууда алгач кызыл өңгөчтү этияттык менен кекиртектен үзбөй сууруп алабыз. Кызыл өңгөчтү карындан бир карыш жогору жеринин сырткы катмарын тегерете кесип, кесилген жерди бир аз чоюп, ошол жеринен түйүп байлоо керек. Бул ичеги-карындагы жем-чөп калдыктары чыгып, этти булгабашы үчүн жасалат.
Андан соң карын менен ичегиден ич майды толугу менен ажыратып, карынды өзүнчө бөлүп кесип алуу керек.
Карынды ажыраткандан кийин ичегилерди чарага бөлүп салышат да, эзилип кетпеш үчүн муздак суу куюлат. Ичегилерди жоон ичегинин учун кесип ажыратышат.
Табарсыкты жарбай, этияттык менен кесип алуу зарыл.
Денеден ичеги-карынды алып салгандан кийин бел аркалардын тушунда жыйылган канды кол менен сузуп тазалоо керек.
Андан кийин боордон өт ажыратылат. Бычак менен өттүн ичке жагын боордон ажыратып, кол менен тартканда ал ажырайт. Муну аткаруу өтө этияттыкты талап кылат. Эгер өт жарылып кетсе, анын уусу этке сиңип, жараксыз кылышы толук мүмкүн. Өттү алып салгандан кийин өпкөнү, жүрөктү кекиртек менен бирге ылдый тартып, моюндан ажыратышат. Кекиртекти тартуунун алдында аны тегерегиндеги эттен бошотуу керек. Жүрөктү узунунан 1-2 жолу кесип, андагы канды муздак суу менен жууп-тазалайт.
Кекиртектин ортосу тиле кесилип, өпкө, жүрөк баканга асылып коюлат. Төштүн кемирчеги алынат.
Койдун териси денеден толук сыйрылып, төшү, ичеги-карыны, өпкө-жүрөгү алынгандан кийин эт атайын эреже менен жиликтелет.
Кой этинин жиликтери белгилүү өлчөмдө эти менен чыгарылышына чоң көңүл бурулат.
Эми сандарды ажыратуу куймулчакты жамбаштардын учтарынан бөлүүдөн башталат. Куймулчактын эки жагы көчүгүнөн жамбаштын учун карай кесилет да, жамбаштардын бири-бирине жабышып турган ички тарабы ажыратылат. Ажыратылган учтарын бел аркага такап туруп, ылдый басканда жамбаштардын куймулчактын түбүндөгү учтары бошойт. Бошоп калган учтарынын этин бычак менен кесип, эки сан менен куймулчак өз-өзүнчө бөлүнөт.
Сан эттен биринчи жото жилик бөлүнөт. Жото жилик кашка жилик менен жабышып турган туштан муундап кесип ажыратылып, эти кашка жиликти бойлото кесилип алынат. Кесүүнү кашка жиликке эт калтыра жүргүзөбүз. Андан кийин кашка жилик эти менен жамбаштан ажыратылат. Жамбаштын этин орто ченинен туура кесип, андагы көрүнгөн тарамышты сууруп салууну унутпоо керек. Экинчи сан да ушундай жол менен бөлүнөт.
Кол эттен биринчи болуп кар жилик күң жиликтен ажыратылат, андан кийин күң жилик далыдан бөлүнөт. Кар жиликтин этин көбүрөөк чыгарышыбыз керек. Далынын учундагы кемирчек сөөккө жармашкан чеги аркылуу кесилип коюлат.
БАШ ЖАНА ШЫЙРАК
Башты жана төрт шыйракты териден кесип алып, куйкалап, тазалоого даярдайбыз. Башты куйкалаганга чейин мууздоосу (кекиртектин учу) алынып, ошол жерге таяк сайылат.
Эгерде баш менен шыйрактар жүндүү келсе, аны кайчы менен кыркып алып, андан кийин таза куйкалайт.
Башты да куйкалап тазалагандан кийин бузуу керек. Куйкалаган соң башты оозу аркылуу кулактын түбүнө карай кесип туруп, жаактарды тил менен бирге бөлүп алабыз. Ысык суу менен жаактын жана тиштин тегерегин таза жууп, баштын учтуу тиштерин чагып коюу керек.
png]
![Прикрепленное изображение: image (1).png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-077964300 1457749683_thumb.png)
![Прикрепленное изображение: image (2).png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-005520400 1457749702_thumb.png)

![Прикрепленное изображение: image.png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-073921400 1457749379_thumb.png)
![Прикрепленное изображение: image (1).png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-077964300 1457749683_thumb.png)
![Прикрепленное изображение: image (2).png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-005520400 1457749702_thumb.png)
![Прикрепленное изображение: image (3).png](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_03_2016/post-39183-047006500 1457749724_thumb.png)
Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 12 Март 2016 - 08:29
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#50 12 Март 2016 - 20:01
Эн жакшы кенештер ушу убака келип эки эле жолу кой сойгом мен. Рахмат кенештериниздерге.
Бизге окшогондорго аябай пайдалуу кенеш!
#51 12 Март 2016 - 23:23
Айрым бир кемчиликтерин эсепке албаганда(мисалы бездерин алуу.баш куйкалоодо мурдун кагуу,тутуктор) жеткиликтуу сурлттоп бериптир. Азамат. Негизинен туура кой сою эрежеси.