Биздин той 15-ноябрь, 2019 болгон. Негизи марттын 15и алып качкан. 8 айлык боюмда, чампайып калганда болгон той. Эрте менен үйдөн салонго барып , салон ачыла элек курсагым ачып сендвич жееп күтүп отургам.)
Ал жактан чыгып өзүмдүн үйүмө барып аш оливье жеп курсакты тойгозуп , алар келишип фотосессия кылып баштаганда эле өзүмдү жогото баштадым. Башы көзүм тегеренип отура калам. Кайра жакшы болуп тарта баштайт , дагы жаман болуп өзүмдү жоготуп, эсим ооп калып токтотуп койгонбуз анан. Үйдөн чыгып баратып эч кандай сезим пезим жок, көздүн жашынан дайын жок Оо алып качканда эле 3 күн 3 түн ыйлап бүтүрүп койгон экем да.
Күн суук болгон. Тойдун кызыгы жок болгон мага. Ала качпай эле той болсо кызык болсо керек эле.
Үйлөнүү тойдон бир элес! Бактылуу көз ирмемдер
#282 21 Январь 2021 - 20:23
30.08.2018
Не болгонун да билбейм.Фотосессияда өлө уялгам.Азыр да көрбөйм.Бирок биздин той сонун болгон, элдердин айтуусу боюнча.Ошол күнү ичимде бирөө башкарып жүргөндөй эле болгон.
Не болгонун да билбейм.Фотосессияда өлө уялгам.Азыр да көрбөйм.Бирок биздин той сонун болгон, элдердин айтуусу боюнча.Ошол күнү ичимде бирөө башкарып жүргөндөй эле болгон.
#283 27 Январь 2021 - 09:03
lazygirl (21 Январь 2021 - 16:55) жазган:
Биздики да ушундай болуп калган. Почти монтаж жокко окшойт. Бекитип салганбыз.
Бизде да ошо, кайнатамдын досу "мен эле тартып берем" деген экен. Эми бир "укмуш" десеңер.
Монтаж жокко эсе, айыл айылдыгын кылат экен баары бир)), илгерки 90-жылдары үйлөнгөн тайкемдин тоюн көрүп отургансып эле жаман болгом кийин дисктен көргөндө. Анысы да тим эле 3-4 диск, биринчисин араң көрүп эле "коой болду" дегем.
Негизгиси, той өзү аябай жакшы болгон. Мен болсо үйдөгүлөрдүн кимин көрсөм да "ыйлабагыла, мен үйдөн ыйлабай күлүп чыгышым керек" деп атып, эч кимисин ыйлатпай койгом. (Неге дегенде эжем кетип атканда апасы (тайжем) тим эле өңгүрөп, "ык-ык" деп калганча ыйлаган да ий)), кызын тим эле согушка жиберип аткансып, эжемдин бир соонун макияжы жуулуп көз жашынын айынан)), жездем болсо неудобный болуп кызарып короче, ошондой болбосун дегем да). Мен кеткенден кийин аяш апам менен апам экөө кучакташып ыйладык дейт)). Курбу болгон курдашым дагы "сен толкунданбай эле, күйөөгө мен тийип аткансып мен толкунданып атам го деп коет)). Айтор, үйдөн никебиз кыйылып, кол кармашып күлүп-жайнап машинага отуруп, гулянкага чыгып кеткенбиз.
Ээх, соонун кездер.
В каждой шутке есть доля правды...