Jadyrashka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 3 211 (0,84 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (953 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Апрель 14
- Кароолор:
- 64 353
- Соңку аракети
- 26 Мар 2024 22:32
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 5, 1994
- Кызыгуусу:
- Жашоо
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- New York
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
JrDosSantos
07 Янв 2024 - 03:47 -
Babi.
17 Дек 2023 - 08:56 -
Jacob.
10 Ноя 2021 - 20:57 -
akmanai
08 Май 2021 - 16:43 -
Jigito
26 Апр 2021 - 01:24 -
aizirek...
26 Мар 2021 - 13:26 -
BekRek
16 Фев 2021 - 15:06 -
Baha87
20 Янв 2021 - 23:33 -
Grand
08 Окт 2020 - 23:23 -
Lionay
08 Окт 2020 - 20:00
Мен ачкан темалар
-
Үй-бүлө баарынан кымбат
Жазылган күн: 21 Авг 2019
Бул окуя тээ алыскы Ош областынын Алай районундагы четки бир айылдан башталат. Аптаптуу июль айынын орто чени, адырдагы жашыл чөптөр жаңыдан сары түс ала баштаган маал. Тоо этектеп салынган катар үйлөрдүн биринде адамдандын топ болуп ыйлаган ыйы угулуп турду "энем оой, энем оой" деп ун кошушат. Айыл эли үчтөн төрттөн чогулуп ошол үйгө чубалып кирип чыгып жатышты. Чон короонун ортосуна заматта бооз үй тигилип, мал союлуп казан очоктордо эттер кайнады. Короонун кире беришинде эркектер киши келсе ордуларынан тура калып ун кошуп ыйлаган болушат, бооз үйдүн ичинде аялдар он тарапта энелеп боздоп , сол тарабында Бүсаадат апа үстүнө ак сурп жабылып үн сөзсүз сулап жатат, баш жагында ыйлай берип көздөрү шишип небереси Нестана. Кечээ эле эркелетип жатаарда чачын өрүп жүзүнөн сүйгөн энеси уктаган бойдон турбай калат деп ким ойлоптур, деги эле "эми жашоосу кандай болот, байкуштун энесинен башка кимиси бар эле? " деген ой бир эле Нестананын эмес ар бир жандын башынан өтүп жатты. Ангыча эшиктен кошуналарынын бири баш багып "айланайындар Бишкектеги уулуна кабар берилдиби, күндүн ыссыгын коруп атасынар молдо батыраак коёлу деп атат" деди, "ооба берилген берилген" , "кечкече жетип барабыз дешкен "," бир эле ошол уулу калган айланайын кутпосок болбойт го" деп аялдар жапырт суйлоп жатышты.
Бул учурда Ош аэропортуна жаны эле Бишкектен келген самолёт конуп андан Медер шашып түштү, катоодо турганда да башкада да аябай шашты, канчалык шашып, канчалык бат жеткиси келген сайын буттары шилтенбей, жол арбыгандан арбып бараткандай сезилет ага, таксиге олтурду улам таксистти шаштырат "иним батыраак айдачы, батыраак айда", "мындан бат айдай албайм байкеси, документтеримди алдырып койсом сиз алып бересизби" деп анысы кубуронот. Арткы орундукта олтурган аялы, менен баласы да өздөрүнчө ойго чөгүштү, аялы өзүнчө жүрөк заада, модалуу сумкасындагы бир ором жоолукту улам кармалап коёт "Байкуш Медер апасы оорубай эле, каза болуп калганын билсе жүрөгү кармап калбайт бекен" деп өзүнчө санаа тартып баратты. А Медер апасынын каза болгонун "ооруп калыптыр" деген кабарды укканда эле болжогон бирок, ич ичинен үмүтү өчпөй "балким чын эле ооруп жаткандыр" деп ишенбей да баратты. "Э Аллахым эсен аман болсо экен" деп улам суранып жатты. Баласы Дастан "ооруса кайра айыгат же атам Бишкекке алдырып каратса болот мени эмне алып баратышат" деп айылга баргысы келбей кабагын буркот.
Бүсаадат апанын эки уулу бар эле чоң баласы мына жолдо бараткан Медер, кичинеси раматылык Медет эле. Чалы байкуш отузга чыкпай эле аттан кулап каза болгон, Бүсадат апа жыйырма бешке жаны толгондо эки баласы менен жесир калган, бири төрт жашар, бири бир жашар балдарын кучактап боздоп кала берген, ал кезде кыйынчылык заман байкуш эне айылда элдин кирин жууп, нанын жаап, малын багып жүрүп эки баласын эрезеге жеткирди. Көп жерден күйөө чыкты "ушу балдарым огой атанын запкысына калбасын" деп турмуш да курбады. Балдары да өзгөчө зээндүү эле. Медер мектепти толук бүтүрүп бутурбой борборго жол тартты, энесинин "окууну улант, ал жакта кыйналасын" дегенине конбоду, өжөрлүгүнө салып "ошол жактан иштеймин, турмуш шартыбызды ондоймун, биз да элге окшоп кенен кийинип, кенен жейбиз" деп тура берди. Ошондо энеси короосунда байланып турган жалгыз малын сатып сомун Медерге карматып, ак батасын берип узаткан. Кичине уулу экөө беш жыл Медерди күтүп кыйналып жашашты, ал мезгилде телефон деген кайдан. Байкуш эне күнү түнү жол карап ыйлап, Борборго барып келиптир деп кимди укса эле үйүнө барып баласын сурачуу, акыркы үмүтү үзүлүп баратканда тиги айылда Нажибайдын небереси борбордон алакандай кат алып келип калган. Корсо Медер жолдо эле баратып айылдаш инисин тааный коюп апама берип жибер деп алакандай кат менен 3000 акча берип жибериптир. Катта: Апаке менден кабатыр болбонуз менде баары жакшы, аз калды жакында жанынызга барам, Медет кандай жүрөт, бул акчаны азырынча кем каржыгарга иштетип тургула мен жакында эле барып калам деп" жазылыптыр, байкуш эне суйунгонунон ошондо тиги кат алып келген балага мин сомун бере салган суйунчу деп. Ошодон кийин дагы бир жыл дегенде Медер жаны чет элдин машинесин минип кирип келген, ошол жактан үйлөнүп аялы да бар жанында. Бүсаадат эненин кубанычында чек жок, келинин ак жолтойлоп, ак жоолук салып тосуп алган. Эн эле кызыгы Медер аркалыктан аял алыптыр деп уу дуу кеп болуп, аркалык келин кандай болот экен деп айылдын баары келип көрүп кетишкен эле.
-Ай ботом аркалык деген деле биздей адам да, деп Бүсаадат эне күлөт
Ал кезде түндүк менен түштүк аябай эле чанда куда болушчу да. Келини Аселди аябай жакшы кабыл алды, өз кызындай мээрим берип, эрте турбайсын, уйду саабайсын деп урушпады. Асель да шаардын кызы болгонуна карабай колунан келгенче аракет кылып, кайын энесин апалап аябай жакшы көрдү.
Медер менен Асел 3 жылга чукул айылда турушту, Медер бат бат Бишкекке каттап бизнесин эн эле сонун нукта жүргүзүп жатты, бул аралыкта экөө уулдуу болушту, үй жайын оңдоп, иниси Медетти үйлөп анан энесинин уруксаты менен Бишкекке көчүп кетишти. Медеттин аялы да тил билги аябай жакшы эле, сулуулугун айт, Медет экөө бири бирине куп жарашып, ээрчишип басса элдин баарын суктантчуу түгөйлөр болушту, бирок экөөнүн бакыты бөксө экен, үйлөнгөнүнө эки жыл эми болгондо авто кырсыктан экөө тең узап кете беришти. Ошондо кызы Нестана Бүсаадат эненин колунда калган, байкуш эне күйүтүн ушул кыз менен басып ыйлай сыктай чонойтту. Эми мынтып Нестана жаңы эле он биринчи классты аяктаганда уктаган бойдон көзүн ачпай калбадыбы.
Күн жаны эле уясына батып баратканда эшиктен кишилердин өкүнгөн үнүнө удаа эле "Апаа!" деген эркек кишинин кыйкырыгы угулду Нестана Медер авасынын үнүн жазбай тааныды, ыйлай берип катып калган каректери эрээркеп кеттиби кайра жашы ылдый салаалап, өксүп-өксүп ыйлап жиберди. Бооз үйдүн эшиги шарт ачылып Медер жүгүрүп кирип апасын кучактап ыйлады, жумуш деп жанында көп боло албаганына мына азыр аябай катуу өкүнүп турду, апасынан кечирим сурап да жатты, жалбарып да жатты, ыйлап да жатты... Нестананы да бооруна бекем кысып кудум жаш балача эзилип ыйлады, жүрөгүндөгү апасына убагында бере албаган мээрими бүгүн көзүнөн эч кимге керексиз бир жаш болуп агып бараткандай. .. Чынында болгон сайын дагы болсун деп, байлыктын артынан сая кууп апасын акыркы кездерде аябай кем көргөнү келчүү экен азыр ойлосо...
Кыркылыгын өткөрүп короо жайды кулпулап, кошуналарга дайындап коюп, Нестананы кошуп алып борборго жолго чыгышты. Чоң окуу жайлардын бирине Нестананы сүйлөшүп койгон барары менен окууга барат. -
Москвага нан салуу керек болуп жатат
Жазылган күн: 31 Июл 2019
Урматтуу айымдар мага срочно кенешиниздер керек. Москвага тандырга жабылган нан жиберишибиз керек болуп атат ошого кун аябай ыссык болуп атканы үчүн пандабай турган кылып кантип жиберишти билбей атабыз, сураныч нан ыссыкта жаман болуп кетпещи үчүн кандай кылсак болот, жанына селдерей салып койсо пандабайт экен деп интернеттен кордум Оштон селдерейди кайдан табам билбейм. Теманы туура эмес болумго ачсам кечирим сурайм. -
Тамак даярдоону үйрөтүүчү курстар
Жазылган күн: 10 Июл 2016
Урматтуу эже-синдилер, женелер мен кулинарный курска барайын дегем Ошто кайсыл жерде жакшысы бар? Билгендер жазып койгулачы сураныч. -
Ушундай нерселерге маани бересизби?
Жазылган күн: 23 Мар 2016
Саламатсыңарбы мындай тема бар болсо кечиресиздер, кошуп коюңуздар э бар болуп калса.
Бул жерге айымдарга, бийкечтерге таандык кагазга жазылбаган мыйзамдарды (же кичинекей каприздер дейбизби) жазсак.
Мисалы: капрону сүзүлүп кетсе сөзсүз жаңысын сатып алып киймей сайын көздөгөн жерине барбай кою.
Бул көйнөктү башка тойго кийгем ушул тойго да ушуну киеминби деп уялуу
Жигит менен олтурганда тамакты толук жебешим керек да өзүн тыю.
Кийип жүргөн кийимине подружкасы да ошондой кийим алып калса ал кийимди экинчи кийбей кою. Дагы башка көп нерселер. Жана ошол нерселердин канчасын канчалык деңгээлде колдонуп каласыз же капризная эмессизби? -
Decmond мырза, бактылуу болуңуз!
Жазылган күн: 24 Дек 2015
Форумубуздун красавчиктеринин бири Decmond деген никтин ээси Азамат аке үйлөндү!
Эки дүйнө бактылуулук каалаймын, кошконуңуз менен кошо каарыңыз.
Достору
-
info -
Balakai -
Kitep -
Ilyazchik -
suhrab.kg -
Asema06 -
vassabi -
B.B.916 -
Zazazaz -
kama_futur... -
killer-star -
eldiyarmacho -
Shorobashat -
umar92 -
aika2013 -
Filantrop -
Ali.12 -
jomik_kg9595 -
jetinur90 -
Kodeks -
JrDosSantos -
nuru95kg -
MUSTANG -
Gulnazz93 -
u.l.u.k -
Aziat.krim... -
Kanat8427 -
Ruslan_d -
Bayya92 -
danik0101 -
egiz-jigit -
Patrik -
fittoniya -
vipinter95 -
Syr_sandyk -
paren -
bekbolsun1 -
Cholponnur. -
sanjar9777 -
Komrad -
medisina90 -
suymon -
Ern1st1199 -
Erikbek -
Jonathan88 -
new_hacker -
casperr -
Aygul777 -
Boobek_5 -
Jannat.dm
Показать 50 случайных друзей 84 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
suluukg
22 Ноя 2016 - 19:12Jadyrashka
22 Авг 2014 - 18:11aika2013
22 Авг 2014 - 17:38bestlove123
23 Июн 2014 - 14:52Флоренция. мой адрес ( floxxy23@live.com )
my names is Florence,a single girl,i like having new friend from y...
Filantrop
18 Июн 2014 - 15:08Jadyrashka
14 Май 2014 - 21:19vbrb
14 Май 2014 - 14:20