- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
К.Абылов: "Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак!"
#1 01 Август 2017 - 17:07
Бугун 1-августа Кумондор Абылов фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу туугандар! Урматтуу өзүн чын мусулман эсептеген Кудайдын кулу, Мухамметин үмөтү болгон туугандарым! Сиздерге, сиздерден акылдуу болбосом да, ушул оюмду айтууну эп көрдүм. Жактырасыңарбы, жактырбайсыңарбы, ал силердин иш. Алтындай убактыңарды алгандыгым үчүн, алдына ала кечирим сурайм! Мусулман дини бизге кегенден бери, азыркы убакка чейин мусулман экенибиз албетте чындык. Ал жөнүндө кымындай да талаш жок. Бирок бир жагдайды эстеп көрөлүчү?... Мисалы: Менин ата-энем, сенин ата-энең, анын ата-энеси, баарыбыздын ата-энелерибиз, чоң ата, чоң-энелерибиз мусулман болушкан, туурабы? Туура! Чынын айтсак, ал убакта алар, канчалык чын дилинен мусулман болушса да, молдокелердин билими аз, элдин шариаттан азыркыдай маалыматы жок эле го? Чубак ажычылап, ал кезде, кыргыздын каада-салтына, кийимине, ырым-жырымдары: "Тушоо-кесүү" , "Келинди отко киргизүү" , мазарга сыйынуу, арбакка сыйынуу, өлгөн адамга өкүрүп келүү, шам жагууларга эч ким тыйуу салчу эмес да?... Андан да, кыз баланы тогуз жашында күйөөгө берсе болоорун, төрт аял алса болоорун, аялың жакпаса талак айтып, кайын эжеңе, же балдызыңа, же кайненеңе үйлөнүп алсаң болоорун, жети атага чейин эле бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнсө болоорун эч ким үгүттөгөн эмес да?... Улуттук кийимиңди селдеге, дамбалга, аялдардын көнөгүнө эч ким алмаштырган эмес да? Же мен калп айтып жатамынбы? Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак! Ушул айткандардын баары кийинки эле он жылга жетпеген убакта чыкпадыбы? Мурда качан ушинтип, бири-бирибизге каршы чыкчу элек? Байлыкка жетпесек да, жакшы эле жашап жатпадык беле?
"Кыргыз бойдон эле калалы, канга сиңип калган жакшы салттарыбызды унутпайлы, тилибизди бузбайлы, өзүбүздү өзүбүз чанбайлы" - дегендин эмнеси жаман? Анын кандай элди бузгандыгы бар? Ага эле эмне анча куйкаңар курушуп, тытынып, каргап-шилеп жатасыңар, туугандар? Же сийдик ичип жаткан кишини биз да мактап, баарыбыз анын артынан сийдик ичелиби?
Койгулачы туугандар? Ар нерсенин да чеги болот да?..."

#4 01 Август 2017 - 20:07
Бул куудулдун сөзүн талкуу кылганга арзыбайт.Жазган сөздөрүнүн бир мааниси жок,бир сөзү экинчисине каршы келет,мас адамдыкындай.
#5 01 Август 2017 - 20:07
Эмнени айткысы келгенин тушунбодум.
Тантык создордон улам болсо керек
*************************************
#8 01 Август 2017 - 20:42
Бул кишинин айтайын деген ою оюмча
Каада салтыбызга чек коюлуп унутулуп кетпесин бар жокту чеги мн колдонойлу анан
4 аялдуука уруксат берилип
Кыздарды эрте турмушка берууго болооруна Жана башка нерселерге каршы экенин айтайын деген окшойт
Эми Чубак ажы динибизди кандайдыр Бир денгээлде туура жеткирууго аракет кылып жататта
Канткен менен озумду озум билем отугумду торго илем болуп жататко

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 01 Август 2017 - 20:54
#9 01 Август 2017 - 20:56
Бул баягы жаш баланын таарынычындай болуп калыптыр. "Сийдик ичелиби" дегени такыр эле чектен чыккандык!
#10 01 Август 2017 - 20:57
#11 01 Август 2017 - 21:03
Динден такыр түшүнүгү жок неме го бу.
Билдирүүнү түзөткөн: Defend.: 01 Август 2017 - 21:03
#12 01 Август 2017 - 21:15
Бул суроого азирети Чубак ажы Жалилов жооп берсин.
Жакшылык кылып, акыретти эстеткен, улутубузга динди жеткирип жатканы жаманбы?
Элдин баары билет ажынын эмгегин, К.Абыловдун куудулдук кылып, элди кулгузуу учун анча мынча айткан жалган создору шариятка туура келеби анан?
Кудайга шугур, Чубак ажыга окшогон аалымдарыбыз бар учун бул дуйно сакталып турат.
Бул менин оюм...

Билдирүүнү түзөткөн: Asalim-99: 01 Август 2017 - 21:17
BROKEN ANGEL
#13 01 Август 2017 - 21:41
Кумондор Абыловтун айтканын чынын айтсам укпаптырмын,
эгер чын эле ушинткен болсо атын чыкпаса жер ортто кылып озун пиарлап алыптыр деп койдум. Бул кишинин кесиптештери Тынар,Абдылда,
Рахман Разыковтор Кумондорго сахна бербей бир топ эле осуп кетишти,кайсы тармактан кеп козгосом эл талкуу кылат деп ойлоп коруп айла жоктон эле айтып койсо керек.
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#14 01 Август 2017 - 22:11
Балким ошондо Чубак ажы болгондо ондогон жүздөгөн аалымдар чыгат беле ким билет...
#15 01 Август 2017 - 22:43
Ар бир адамдын оз орду бар. Ар бир адамда оз кемчилиги бар. Кумондор ага деле, Чубак ажы деле жашы бизден бир топ улуу кишилер. Чубак ажыга "а" деп койсо, Кумондор аганын мурда-кийин жасаган иштерин жокко чыгарып, же Чубак ажы эки аял алууну которуп чыккандардын арасында болгону учун, мурда-кийин жасаган эмгектерин да тепселеп салуу туура эмес.
Бизге, карапайым элге экоо тен керек, экоонун тен жасаган эмгектери керек. Бизге канчалык эл учун иштеген адамдар коп болсо, ошончолук жакшы. "Же...,же... " деп созсуз бироосун кемсинтип, шылдындап, келекелебей, пейилди кенен коюп керек эмгектерин оз пайдабызга иштете билсек, утук биздики.
Экоо тен мусулман, жоот же буддист, же башка эмес. Экоо тен элге тобосу корунгон таанымал адамдар. Экоо тен эркек. Эркекчесинен оз алдынча бутуруп алчу иш. Бизге эмне жок.
Эриксенер "Анжелика мн Айчурок" баттлын эстегиле. Тажабаган киши калбады окшойт.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 01 Август 2017 - 22:47
Кыстарма: " Озу...озу...биринчи баштады, анан...анан..
." дегендер юбка эле кийип алгыла.
Ким кемчиликсиз болсо, ошол бул экооно калыстык кылсын.
Ким кемчиликсиз болсо, ошол бул экооно калыстык кылсын.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 01 Август 2017 - 23:06
Кюмёндёёёёр
дүн күлкүлүү тамашаларын көрүп күлүп эле тургула. Мындай өзү "серёзный"
деп ойлоп алган сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Аалымдын орду башка, ал эми маскарапоздун орду башка. Мындан талкуу жаратып деле кереги жок. Аманчылыкта болсун, кыскасы.
Им-пич-
мееееент!
#18 01 Август 2017 - 23:32
#20 02 Август 2017 - 00:07
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »