Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#3081 10 Июнь 2018 - 07:32
#3082 10 Июнь 2018 - 13:19
Azkoni (10 Июнь 2018 - 06:00) жазган:
Куранды башкача чечмелеп, элге арабдын хиджабын тануулагандар сенин аргументинден кийин качып калышты...))
Чынында эл урматтаган Курманжан энебиздин да динден тушунугу болгон. Бирок озунор билгендей, Курманжан энебиз кыргыздын кийимдерин хиджапка алмаштырган эмес. Болбосо хиджап улуттук кийимдерден мыкты деп атоо да кыйын. Анын устуно дененде КЫРГЫЗ каны ойноп турган сон, дин менен улуттук баалуулуктарды бирдей алып кеткен жакшы, ашкере эле диний фанат болуп араб маданиятын тануулай бербей.....
#3083 10 Июнь 2018 - 13:46
#3085 10 Июнь 2018 - 20:59
umar4ik (10 Июнь 2018 - 13:46) жазган:
Э братан, ушулардын эле мусор пикир мусор билдируулору хиджапка таасирин тийгизет беле? Иттер уруп уруп кала берет Хиджап кийгендер кобойо берет. Ушулардын мусор пикирлери учун хиджапын чечип салган дарды коро элекмин))).
#3086 10 Июнь 2018 - 21:47
Nurbelek. (10 Июнь 2018 - 20:59) жазган:
Кечиресин, менин нигиме карап эркек деп ойлоп алдын окшойт. Бул никти баламдын атынан ачкам. Озгортойун десем болбойт экен.
#3087 11 Июнь 2018 - 00:30
Nurbelek. (10 Июнь 2018 - 20:59) жазган:
+++++ <фантомас Мусор>
Иттер уже форумдун кеебирки темаларын (атасынан калгансып) үрүп, гаңшылап кооруй баштаптырго.
#3088 11 Июнь 2018 - 01:18
umar4ik (10 Июнь 2018 - 13:46) жазган:
Бир созун экинчисине дал келбейт экен... Ошол сен айткан оюсу бар кийимдер кыргыздын кийими болбогондо арабдын кийими беле?!!
Жогоруда жазылып турат, Куранда именно хиджап жазылганынан кумонум бар, болсо таап келип корсот...
#3089 11 Июнь 2018 - 01:24
Nurbelek. (10 Июнь 2018 - 20:59) жазган:
Сен кимдин маскасысын айтчы?!! Форумда "акылдуу" корунгон бир чала молдо дин бузарсын да сен, маска нигин менен жетип келлин да чанытып. Salaf'тын маска нигисинби же Pelargos же башкасынынбы, айтор ким болсон да тушунугун тайкы экени корунуп турат. .
Негизи эле чала молдо дин бузарлар айласы кеткенде форумчунун оздугуно асылып провокация жаратып баштайт... Окунучтуусу ошого окшогондорду админ корсо кормоксон болот да, качан гана кызыл чеке болуп, форумда сага окшогон мусорлордун озуно окшогон создору толуп кеткенде чекеден банга айдап баштайт, кыйратып койгонсуп...
#3090 11 Июнь 2018 - 01:39
Salaf (11 Июнь 2018 - 00:30) жазган:
Иттер уже форумдун кеебирки темаларын (атасынан калгансып) үрүп, гаңшылап кооруй баштаптырго.
Байкуш, байкуш, итчесинен озун уруп калганынды сезбей да калыпсын го...))
Тема меники эмес, бул тема ачылганда мен форумга кире да элек болчум, б.а. бул тема форумдун эн эски темаларынан экен... Ал теманы коругудай теманы мен ачсам экен...
Анан калса дин болумундо элге акыл айткан сенин тушунугун, денгээлин болгону ушул экенин мен башта эле билгемин. Негизи эле диний фанат/таксырлар эки жуздуу болушат. Мына сенин чыныгы жузун форумчуларга ачылып отурат.
Озун байкап жатасынбы, мындай тушунук менен форумчуларга динден тушунук беруу сага жарашпайт, ага татыксызсын! !! Чымкоргондогу пациенттерге дават айтууга путевка керек сага ачыгы...
#3091 11 Июнь 2018 - 02:44
fantomas (11 Июнь 2018 - 01:18) жазган:
Жогоруда жазылып турат, Куранда именно хиджап жазылганынан кумонум бар, болсо таап келип корсот...
Убагында бир форумчу бар эле козуно сая корсотуп турсан дагы ишенбеген.Сен так ошол форумчуну эске салып атасын.Эгер кааласан кураани каримдин кыргызча вариантын таап окусан,ошондо табасын тууганым.Коп эле додой боло бербечи.
Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 11 Июнь 2018 - 02:47
#3092 11 Июнь 2018 - 11:39
Topchubai (11 Июнь 2018 - 02:44) жазган:
Эй Топчубай, сен озун биринчи факт менен эсептеше журсон жакшы болот эле. Томондо бир форумчунун пикирин кочуруп келдим. Алгач сен ошону оку, анан суйло. Куранда аялзатына авратынды жаап жур деп айтылышы мумкун. Бирок именно хиджап кий деген жери болсо, сен да таап келип корсотушун мумкун. Анан суйло, мына сага факт деп. Ошондо коробуз додой сенби же менби.....
Azkoni (10 Июнь 2018 - 06:00) жазган:
#3093 11 Июнь 2018 - 15:09
Айта кетуучу нерсе, азыр артистар сахнага барпайган койнокторду кийип чыгышат, комуз черткен аялдар кийинип чыгат барпайган тустуу койнокторду. Ал улуттук кийим эмес! Ал артис койнок. И то ошону да кочого кие аалбайсын
#3094 11 Июнь 2018 - 15:33
Туура элечек кийсе бүт авраты жабылат, бирок азыр ким элечек киет? Мурда элечек жаш курагына карап тигилген,аны баары кийишкен.Азыр көчөдөн элечек кийген бирөө-жарымды жолуктурасыздарбы?
Үйдө апамдын жаш курагындагы сүрөттөрү бар,30 жыл мурунку.Ошол сүрөттөрдө бүт кыргыз эле кыздар жоолукту моюнун кошо ороп, узун көйнөктөрдү кийишкен экен.
Азыркы хиджап дал ошол эле кийим да.Бул азыр эле пайда болуп калган арабтарды тууроо эмес, Аллахтын өкүмүндөгүдөй кылып аврат деп эсептелинген жерлерди жабуу.
Ушул арабтын салтын тутуп жатасыңар дегендер, өздөрү кыргыздын нукура улуттук кийимин кийинишпейт, биз эле арабтардын кийимин кийип,ошолор эле Европалыктардын кийимин кийбей,кыздары элечек кийип, эркеги калпагын баштан түшүрбөй кийип жаткансып.Же булардыкы тууроо эмес бекен?? Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көргөндөргө таң каласың да ушу!
#3095 11 Июнь 2018 - 15:35
Azkoni (10 Июнь 2018 - 07:00) жазган:
" Кыргыздын кийими" - деп кандай кийимди айтасынар? Тээ Барсбек ажолук кылган маалдагы кыргыздардын кийимин айтсанар, анда ал убакта кыргыздын аялы жоолук салынчу эмес, артка байлап дагы, алдыга байлап дагы. Ал убакта элечектин дайыны дагы жок болчу. Дини шаманизм болгондуктан - арбактарга, тоо, ташка, Умай эне, Тенир атасына сыйынышчу- кийими буряттардын кийимине окшош болчу - шалдырактын туру менен кооздолгон, негизги кийим кездемеси тери, булгаары болуп. Орто Азияга келип отурукташып калгандан баштап пахтадан ийрилген жиптен кийим токуй башташкан. Карахан доорунда кыргыздар Ислам кабыл алып, жоолук салына башташкан. А силер сыймыктанган элечекти кийинчерээк эле ойлоп табышкан. Аны дагы по практическим соображениям: шарият маркумду кепинге оротот, ошол кепинин башына ороп журушчу. Ата - бабаларыбыз исламды кабыл алган учун, кыргыздын аялзаты узун койнок кийип, жоолук салынып калган.
" Тилибиз, тилибиз"- дейсинер, азыр суйлоп аткан кыргыз тилдин атасы араб тили болуп атпайбы. Кыргыз ислам кабыл алгыча орхон - энисей жазууларындагы тилде суйлошчу. Ислам кабыл албаганда азыркыга чейин ташка сайма чегип журот белек, ким билет?!
" Кыргыз, эле кыргызбыз" - дейсинер, анда эмне батышты туурап жыланач журосунор?! Батышты туурап арам мамиле курасынар?! Азыр уйлонуу тойунар дагы батыштын стилинде отуп калган: ак койнок кийип, гул ыргытып, лимузинге тушуп. " Кыргызбыз" - дейсинер, анда эмне башка улуттагыларга турмушка чыгасынар?! Алардын акчасына кызыгып, тошолуп жургонунор менен ишинер жок. Башка улуттагылар менен никелешкендердин 100 пайызынын эки эле пайызын жоолукчандар тузот, калганы " журогу таза" жыланачтар. Кытайга тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Европа улутундагыга куйоого тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Африкадан келген кара жигитке куйоого тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Биз, хижабчандар, жонокой кыргыз жигиттерине эле турмушка чыгып кыргыздын санын кобойтуп келебиз. Жон эле кобойтуп койбостон, татыктуу тарбия берип дагы.
" Элечек, эле элечек"- дейсинер, анда кийбейсинерби элечегинерди. Кочодо бир элечекчен кыргыз аялзаты жокко?! " Элечек"- деп кыйкыргандарга караганда, хижабчан эжелерибиз элечек кийип атышатко. Эми, ошондо ким татыктуу кыргыз?!
brother
#3096 11 Июнь 2018 - 15:43
#3097 11 Июнь 2018 - 15:47
Topchubai (11 Июнь 2018 - 15:43) жазган:
Сен кругозорунду остуруп анан кайрыл бул темага, систердин сандырактарына ишенген болсон!! !
#3098 11 Июнь 2018 - 16:35
sister (11 Июнь 2018 - 15:35) жазган:
" Тилибиз, тилибиз"- дейсинер, азыр суйлоп аткан кыргыз тилдин атасы араб тили болуп атпайбы. Кыргыз ислам кабыл алгыча орхон - энисей жазууларындагы тилде суйлошчу. Ислам кабыл албаганда азыркыга чейин ташка сайма чегип журот белек, ким билет?!
" Кыргыз, эле кыргызбыз" - дейсинер, анда эмне батышты туурап жыланач журосунор?! Батышты туурап арам мамиле курасынар?! Азыр уйлонуу тойунар дагы батыштын стилинде отуп калган: ак койнок кийип, гул ыргытып, лимузинге тушуп. " Кыргызбыз" - дейсинер, анда эмне башка улуттагыларга турмушка чыгасынар?! Алардын акчасына кызыгып, тошолуп жургонунор менен ишинер жок. Башка улуттагылар менен никелешкендердин 100 пайызынын эки эле пайызын жоолукчандар тузот, калганы " журогу таза" жыланачтар. Кытайга тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Европа улутундагыга куйоого тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Африкадан келген кара жигитке куйоого тийген хижабчан кыз кордунор беле?! Биз, хижабчандар, жонокой кыргыз жигиттерине эле турмушка чыгып кыргыздын санын кобойтуп келебиз. Жон эле кобойтуп койбостон, татыктуу тарбия берип дагы.
" Элечек, эле элечек"- дейсинер, анда кийбейсинерби элечегинерди. Кочодо бир элечекчен кыргыз аялзаты жокко?! " Элечек"- деп кыйкыргандарга караганда, хижабчан эжелерибиз элечек кийип атышатко. Эми, ошондо ким татыктуу кыргыз?!
Систер, систер, мен мындай сандырак кепти башкасынан кутсом да, сенден кутподум эле ачыгы... Сени форумдагы эн билимдуу, эн акылдуу 3 форумчу айымдын бири дечумун, жанылган коруном... Форумдагы Дауд, Нурмухаммад, Ксаниф, Кайдасын/Легенда ж.б. молдо дин бузар таксыр соройлор КЫРГЫЗ тарыхын бурмалап чыкканда, алардын жеткен тушунугу, билими болгону ошолбу деп баш чайкап койчумун, эми ошолордун катасын сен улап жатканын окундурот...
Эми тарыхка кайрылалы, Барсбекке чейин жашап келген ата-бабабыз шаманизмге сыйынып келсе алардын куноосубу, ислам дини пайда боло элек, арабдарын оздору идолдлорго сыйынып жургон убакта?!! ... Андан кийинки коп кылым ичинде да ислам дини тууралуу тушунук тээ Алтайдын тоолорун этектеп, Энесайды жээктеп, токой-тузду жердеген Энесай кыргыздарына жетпесе, ага биздин ата-бабалар куноолуу болуп чыга келдиби?!!
Эми Барсбек каган тушундагы кыргыз аялзатынын кийими тууралуу кеп салыпсын... Алтайдын катаал климатын Орто Азия менен Саудиянын ысык климатына салыштыруунун озу акмактык... Озун элестет, сен ошол VII-VIII кылымдарда жашап калсан, эл катары териден кийим киймексин да, пахта, жибектен кийим эмне экенин билбесен, билген кундо да Алтайдын суугуна, климатына бул кийимдер жарабаса, бугункудой кабат кабат ысык уйго кире качып, уйунду отопления жылытпаса, алардын жашаганы алачык, боз уй болсо... Кыргыз эли тоо-токой аралап анчылык менен жан бакса... Дагы кандай претензиян бар Энесай кыргыздарына? !!
Учурдагы Кыргызстан жайгашкан аймакка ислам дини Караханиддер доорунда X кылымда келгени чындык. Бирок ошол Караханиддер олкосунун жашоочуларынын канчасы кыргыз болгон деп ойлойсун?! ! Мен ал доордо Ала-Тоого келип орун-очок алган кыргыздын саны саналуу эле болгон деген окумуштуулардын кебине кошуламын...
Дегеле, КЫРГЫЗДАР Ала-Тоого IX-X кылымда кочуп келдиби же XIII-XIV кылымда кочуп келдиби, айтор кандай болгон кундо да, мындагы коншу элдер менен аралашып, маданияты жергиликтуу маданият менен жуурулушканы ырас. Пахтадан согулган кездемеден кийим кийе баштагандары да ырас, акырындан. Айрыкча туштук кыргыздары. Ошондо да териден кийимдер бугунку кунго чейин дээрлик жетип келди, териден тигилген чаарыктар, тондор, малакай, тебетей ж.б. Ошондо да кыргыз эли ислам динин шыр кабыл ала койгон жери жок. Жума намазына барбай калса, 40 ташты оодарып койсо болот экен ж.б.тушунуктор болуп эле келгенин Белек Солтоноев ж.б.эмгектеринен окуп чыксан болот...
Дегеле менин сага да, башка чала молдо дин бузар таксырдарга да кенешим, оз ата-бабанардын баскан азаптуу жолун, КЫРГЫЗ элинин тарыхын ислам тарыхын окуганчалык окуп койсонор, мынчалык манкурт болбойт эленер... Оз ата-бабасын жектеп, жемелеп, чанган силердей диний фанаттар манкурт эмей ким, оз улутун, уругун, ата-тегин унуткан манкурттан айырманар кайсы?!!
Тилибиздин атасы араб тили дейсин, муну сен айттынбы Систер?!! Анда эмнеге биз арабчага тушунбойбуз, тилибиз араб болсо?!!
Сен ото эле аша чаап кетпединби, тилибиз арабча деп тантып?!! Биз Кыргыздар, Энесай кыргыздарынын урпагыбыз, Ала-Тоого журт которгон Эне-Сай кыргыздарынын бир болугунун... Ала-Тоого кочуп келген кыргыздар жергиликтуу жана коншу элдер менен алака кылып, кыргыз тилине арабча, фарсча, чагатайча ж.б.тилдерден коп соз откону да чындык, XIX-XX кылымда кыргыз тилине орус тилинен коп создор откон сыяктуу эле. Анда эмнеге орус тили кыргыз тилинин атасы дебейбиз?! ! Араб тили кыргыз тилинин атасы деген сандырак ойду бир туркой айтса да жарашат беле, бирок сендей бири айтканына ишениш кыйын болду ачыгы... Же Систер, сен акыркы убакта арабдаша баштагансынбы ачык эле, акылын мокоп, ыя?!!
Эми пикириндин экинчи болугуно отолу... Сен да арзан тушунукту айтыпсын, жарым жыналач кийинсинби кыздар, хиджап кийбесе деп... Эгер жогоруда менин пикирлеримди окуп корсон, мен кыргыз кыздары жарым жыналач кийе берсин, демократия палан-тукун деп кыйкырып чыкпаганымды коросун. Мен да кыргыз кыздарымдын ачык-чачык, жарым жыналач кийинуусуно, чурайларына чейип чапташкан лосина, джинсы ж.б.шым кийгендерине каршымын. Бирок оз кийимдерибиз турганда, арабдардын хиджабын кийгендерге да каршымын...
Анан калса сен элечек тууралуу билдирген пикирин элечекке эмес, арабдардын селдесине барып такалат, арабдар башына ороп журчу селдени жазса, бир кепиндик боз чыгат...
Мен жогоруда кыргыз кыз-келиндери улуттук кийимдерин кийип журсо эле болот деп жаздым. Эми заман озгоруп, аялдар дээрлик элечек кийбей калды, бирок жоолук салынат... Парпырак артис койнок кийбесе да, узун койнок же халат кийип, башына жоолук салынган кыргыз аялзатына хиджапты тануулап эмне кыласын?!! Жогоруда бири жазыптыр, апам жаштыгында достору (подружкалары) менен тушкон суротто баары узун койнок кийип, жоолукчан тушкон экен бир сонун болуп деп... Эмнеге ошондой кийинууго болбосун, хиджап кийгиче?!!
Эми хиджап кийсе эле 100% ыймандуу боло калат дегени эмес. Ал болгону кийим, ал эми ыйман кийимде эмес, журокто болот. Хиджап кийген сойкуларды сен укпаган коруносун... .
Эми, акыркы учурда Батыштын таасирине берилип, айрыкча Россия, Туркияга барган кыздар ал жердин маданиятына ооп, жарым жыналач кийинип жургондору чын. Башка улут эркектерине тошолуп жургондору да чын... Бул да болсо аларга ата-энеси тарбия бербегендиги, ыйманы жоктугу, женил ойлуулугу себепчи... Эми ошолорду узун кийин деп айтсак болот, бирок узун кийим дегенин бир эле хиджап эмес го... Мен ошол жарым жыналач кийинип, бир учурда бир канча эркек менен мамиле куруп жыртандап жургон кемакыл кыргыз кыздарына акыл кирип башына, ыймандуу болушун каалайм. Бирок аларды хиджапчан эмес, озубуздун узун койнок, жоолуктарда коргум келет.......
Билдирүүнү түзөткөн: fantomas: 11 Июнь 2018 - 17:25
#3099 11 Июнь 2018 - 17:25
#3100 10 Июль 2018 - 11:02
brother