iiidahou Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 134 (0,06 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (63 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Февраль 19
- Кароолор:
- 67 563
- Соңку аракети
- Бүгүн, 00:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 44 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 29, 1980
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Bishkek
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 31 Окт 2024
Козумон жашты кылгыртып уйго басып кирип кеттим. Ошончолук жан дуйном ооруганын айт, сууруп ыргыткым келди. Аны башка менен элестетип алып, ого бетер ызам кайнады. Эмнеге мен жон эле бактылуу боло албайм? Созсуз ушундай бир нерсе болот да, калат. Бирок, мен Данайды жоготкум келбейт. Корсо менде ойногон жон гана жактыруу сезимдери эмес экен, ал андан да чон, мен тушундурлюо албаган нерсе. Анан бир кезде бир аз озумду сооротуп, Данайдын абалын ойлонуп кеттим. Байкушум, азыр эмне кылаарын билбей отурса керек. Озу уйлонуу сунушун киргизип алып, тойго камынам деп жургондо ортодон тиги кыз чыгып, ал дагы айласыз абалга салып жатса? Эгерде Данай чындап эле ал кыз менен болгусу келбесе, анда биз дагы жолу сулйошуп корушубуз керек.
-Данай, сенин абалынды дагы тушунуп турам. Кел экообуз шашпай суйлошуп, бир чечимге келели,-деп 3 сааттан сон, уктай албай жатып, озумду соороткон сон гана билдируу жибердим. Ал коз ачып жумгуча эле эшигимдин алдына келип калды. Скамейкада отурдук. Ал мага жакындайын дегенде мен артка кадам таштадым.
-Ата-энен угуп, уйлон деп кыйнашсачы? Ата-энен менен тааныш турбайбы?
-Кыйнашы мумкун. Бирок, мен аны менен жашай албайм. Козум жетип турат.
-Балачы?-дедим мен башымды жерге салып. Экоонун ортосунда эмне болгон кундо дагы, ортодогу наристеде куноо жок.
-Мен баланы таштабайм. Жардам берип турам дедим го?
-Мен бирок, бала менен сенин ортондо тургум келбейт.
-Жаным, эч нерсе болбойт. Жашоо меники, баарын озум чечем. Болсом сени менен болом, же эч ким менен. Мен чын эле сага уйлонуп, жаны жашоо баштагым келип атат,-деди ал менин колумду кармап. Унчукпадым. -Билесинби, мен сени менен биринчи жолу жакындан суйлошуп коргондо, уйго баргандан кийин “аябай жан дуйносу таза, татынакай кыз экен. Эгерде мен бул кызды кое берсем, мындай кызды экинчи эч жерден таппайм” деп ойлонгом. Кандай болгон кундо дагы мен сени менен гана болом,-деди ал мени жылмая карап. Ичимдеги ортту бир заматта ошол жылмаюу басып койду. Эх, мен эч туруштуе бере албаган жылмаюу, эмнеге мынча ичимди элжиретип жиберет? Жада калск мындан бир нече саат мурун мамилени токтоткону келгенимди унутуп калдым. Анын устуно бул окуядан кийин мен аны жоготкум келбегенин тушундум, айта турган созумду айтпайм деп чечтим.
-Сен ал кыз менен суйлошушун керек.
-Ооба, эртен чалам.
-Жок, жолугуп суйлош.
-Сен чын эле менин суйлошкон кызымсынбы? Сен мени озун жолугууга жиберип жатасынбы?-деди ал каткырып кулуп.
-Анын эмнеси бар экен? Мен да барам.
-Сен эмнеге?
-Мен уйдо жатып алып, экоонду эмне кылып журот деп ойлонуп отургум келбейт.
-Макул, сен айткандай болсун,-ошол менен мага уйку бербеген тан да атты. Биз бугун тиги кызга жолукканы барабыз. Мен кечээ эле мамилени токтотом деп жургон ойлорум, бир тундун ичинде жок болуп кетти. Туура кылдымбы, туура эмеспи билбейм, бирок мен Данай менен бактылуумун, андан ары дагы аны менен гана бактылуу болгум келет. Мен кечээки чечимим жонундо эми ага эч нерсе айтпай турган болдум.
Кеч бат эле кирди. Данай мени кечинде жумуштан алып кетти. Экообуз машинада унсуз бараттык. Сыртыман билгизбегеним менен, ичимен озунчо бушайман. Кантсе дагы мурунку суйлошкон кызы эмеспи, кызгандым, отуруп ага боорум ооруду, жалгыз созго калабы, баласын кантип тарбиялайт деп. Бат эле келип калдык. Машинаны парковкага токтотуп, мен кутуп отурам дедим. Данай чыгып кетти. Турдуу ойго баткыча беш минут отпой, Данай тез эле келип калды.
-Апей, болдубу?-дедим тан кала карап.
-Ооба.
-Эмне дейт?
-6 жума болуптур.
-Анан?
-Мен ага ишенген жокмун.
-Кызыксын го сен? Ал сени эмнеге алдайт?
-Мен аны билем да, мен сага ишенбейм десем, ону озгоруп кетти. Баары бир что-то не то.
-Узиге барам дейби?
-Ооба, эртен барабыз.
-Мен да барам,-дедим кабагымды туйуп. Ичимден кызганып жаттым, канчалык ичиме жашырып, жок кылайын десем дагы кызганыч мени орттоп баратты. Оюмда балким узиден Данайдын ою озгоруп кетеби деп коркуп кеттим.
-Экоон чогуу кантип барасынар? Элестетип атам,-деп кулуп жиберди. Оюмдан кайтпадым. Бирок эртеси куну мен даяр болуп, жумушта Данайды кутуп отурсам, Данай бугун болбой калганын айтты.
-Эмнеге? Башка куну дейби?
-Сага эч нерсе далилдебейм деп койду. Айттым беле, бир нерсеси бар деп. Жон эле барбай койгон жок. Балким, мен туура эмес ойлонушум мумкун, бирок менин оюмча, ал кайра мени кайтаргысы келип эле кылып жатат мунун баарын,-деди Данай телефондон.
-Кызык немесин го? Боюмда бар деп алдаппы? Сен жон эле ишенгин келбей атат,-соз ушу менен аяктады. Данай бул темада суйлобогону менен, мен такыр тынчтана албай койдум. Ал бала кандай торолот, кандай осот, жалгыз кандай тарбиялайт дейм, тиги кызды аяйм. Данай мени кээде ашыкча боорукерсин деп урушуп коет. Башка айлам барбы? Кызды кыз тушунбогондо, ким тушунот? -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 31 Окт 2024
Бугун токтотом, эртен токтотом деген шылтоолорум кобойду. Ар жолуккан сайын мен сезимдериме эрк берип, акылым токтоп калчу болду. Айта албай койдум. Данай оюнда жакында ата-энебизди тааныштырабыз деп журот. Аларды тааныштырсак, болду, тагдырым байланат да, калат. Же болбосо мен ага турмушка чыгам, же болбосо мен андан айрылып, омур бою журогум жаралуу калат. Ой басты. Тундо уйкум качат. Тан аткыча ойлоном да, жумушка жонойм. Бул жолу мен ага айтууну чечтим. Сезимдеримди ичиме тумчуктуруп туруп, баарын токтотомун.
Жай айы жаны башталган. Кундор зымырап атат. Бугунку кундун тан атышы мен учун ото кыйын болду. Тушумо Данайдын мурунку кызы кирди. Мен аны ушунчалык жакшы коргондугумон, жада калса тушумон дагы кызганып кеттим. Жумушка маанайым суз келдим. Балким ал туш жон кирбегендир. Себеби, бугун биздин мамилебиз бутчу кун. Ооба, мен баарын чечтим. Жумушта отуруп Данайга жаздым.
-Мен сени менен суйлошоюн дегем.
-Мен дагы,-деди ал дагы билдируусундо. Журогум шуу дей тушту.
-Эмне жонундо? Угуп атам сени.
-Жок, мен жанында болушум керек. Кечинде сага барам.
-Макул анда. Баса, бугун эмне туш кордум дебейсинби? -мен ага тушумду айтып бердим. Ал бир аз тан кала тушту. Баса, мага туштор жон кирбейт, же аян берет, же созсуз менин келечегиме таасир этет. Канчалык бул тушумо маани бербей, жон эле эсимен чыгарып иеин дегеним менен, мени ошончолук тынчсыздандырып жатты. Ошентип кеч да кирди. Данай жумуштан келатып мага келмек, ал келгиче ага айтчу создорумду камдап, ичимен жуз жолу кайталап алдым.
Жолуктук. Конулум суз чыктым, ал дароо байкады аны. Чачыман сылап, мени жоошутуп койду. Журогум дурт этип кетти, оз бактыман баш тартып, турмушка чыккым келбегени учун, мага жаккан, мени жактырган адамымдан бир нече минутадан кийин баш тартаарыма ичип куйуп кетти. Аны айтаардан мурун, ал мага эмне айтаарын угайын дедим.
-Жанм, мен сага кантип тушундурсом. Сен мага соз берчи, капаланбайм деп,-ал мени колуман кармады. Оюмда ал дагы менден баш тартайын деп турат го дедим. Жанылышыптырмын. Ал мага телефонун алып чыгып:
-Озун окусан. Мен эмне кылаарымды билбей турам,-деп телефонду сунду. Белгисиз бир номерден келген узун билдирууу экен. Заматта окуп чыгып, устумон муздак суу чачып жибергендей абалда калдым. Мумкун болсо ошол жерден жарылып, журогум мин эмес, миллион болукко болунуп кетейин деди.
-“Мен дагы сени сен сыяктуу коргум да, уккум да келип турган жок. Ата-энеи сенин ата-энен менен суйлошобуз дегенинен айлам жок жазып жатам. Менин боюмда бар. Балага жоопкерчиликти алат чыгарсын, кантсе дагы аны мен жалгыз жасаган жокмун,”-ушундай билдируу. Акылым менен бул ситуацияны айдан ачык тушунуп турганы менен, журогум эч ишенгиси келбеди. Козумо жаш айланып, бир саамга катыган бойдон туруп калдым. Данайдын ошол кыз менен уй-було куруп, балалуу болуп жаткандарын, анын омурлук суйгон жары мен эмес, ошол кыз болоорун элестеткенимде ичим жон эле орттонуп кетти. Озумдун жалгыз калганымды, мага андан башка эч бир жандын кереги жок экенин дал ушул саамда тушундум. Кызгандым. Чындап журогум ооруду. Бергим келбей кетти башка адамга, озумон башка эч кимге кыя албадым. Бир кезде ойлорумдун баары чачырап, озумо келдим. Козумдон акырын агып жаткан жаш менен артымды карабай чуркап жонодум.
-Айдана, токточу. Токтосон, суйлошолучу, -ал дагы артыман келатты.
-Эмнени суйлошобуз? Баары ачык эле билинип турбайбы! Мен билгем ушундай болоорун! -дедим чыканыгымды кармап турган анын колун силкип жиберип. Ал менин каршылыгыма карабай, озунун кучагына алды. Канчалык жулкунсам дагы, мен анын жанында кичинекей, алсыз элем.
-Жаным менин, бир аз сабыр кылчы. Мен аны кормок тургай, уккум да келген жок. Мен жада калса билбейм, анын чын эле боюнда барбы же жокпу? Ал бала менден экенинен дагы кумонум бар. Анткени, мен анын башка балдар менен суйлошконун билгенден кийин, мамилемди токтотком.
-Анын баары бир боюнда болуп атпайбы! Ал деле жинди эмес да, сага жазгандан кийин баары бир нерсеси бар!
-Жаным, эгерде бала меники болсо, мен аны тыштабайм. Балага жардам берип турам, бирок мен ал кыз менен жашай албайм. Мен сени менен болгум келет,-деди ал дагы деле мени кучактаган бойдон. Мен анын акырын колунан бошонуп, козуно тике карадым дагы, болгон ичимдеги ызам менен:
-А мен бала экоонордун ортонордо тургум келбейт,-деп басып кеттим. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 31 Окт 2024
Канча кундон бери ойлуу жургонумду апам дароо байкаптыр. Бир куну жумуштан келген сон апам болмомо кирди. Озумдун ойлорум чаржайыт болуп жургондо, апам менен бул тууралуу таптакыр суйлошкум келбеди. Бирок, эне деген эне. Оюндагы башаламан нерсени журогу менен сезип, баардык нерсени козундон коруп коет. Унчукпай кутулганым менен, менин абалымды ал кечке ойлонуп, кабатырланып чыгат.
-Кызым, баары жакшыбы сенде?
-Ооба, мам. Бир нерсе болдубу?
-Аябай ойго батып журосун го? Же тиги жигит сени таарынтып койдубу?-баары бир эч нерсе жашыра алган жокмун.
-Мам, ал мага уйлоном деп атат.
-Ия?-апам селт этти. Ооба, биринчи укканда менде дагы дал ушундай реакция болгон. -Амей, ботом, экоондун таанышканына жада калса бир ай боло элек го?
-Мен дагы ошону ойлонуп атам, мам. Мен таптакыр турмушка чыкканга даяр эмесмин,-соз ушу менен бутту. Бирок кун откон сайын Данай мага бул тема боюнча олуттуу караганын, анын чын эле турмуш курганга ою бар экенин тушундум. Кийинки жылга дагы жылдыра албадым, ал ушул жылы деген оюнан кайтпай туруп алды. А мен болсо кун откон сайын ага байлангандан байланып бараттым. Сезимдерим мени башкарып, озумо ээ боло албай кеттим, аны бир кун корбой калсам, кадимкидей кокурогум бошоп, ага жолугууга талпынам. Улам сайын коргум келет, аны уккум келет, анын кучагында жаш баладай эркелеп, бул жарыкта ал адамдан башка бир да жан мени тушунбочудой туюлат. Бирок, турмушка чыгып, аны менен жашоонун жаны кадамын аттагым келбеди. Мени сезимдерим менен бирге, “балким” леген коркунуч ээлеп алды.
-Мам, мен баарын чечтим,-дедим бир куну экообуз чай устундо отурганда. -Мен мамилени токтотом. Мен келиндик жашоого даяр эмесмин.
-Кызым, жакшылап ойлон. Балким, дагы бир жылдай суйлошуп корсонор, бири-биринди таанып дегендей…
-Ал бул жылы уйлонбосом, эч качан уйлонбойм деди. Мен омур бою аны менен кыз-жигит болуп отмок белем? Суйлошконубузго эми бир ай болду, созулуп кетсе ага дагы, мага дагы жаман болот. Ошон учун токтотуш керек,-дедим мындай создорду оозуман аран чыгарып. Жан дуйном эншерилип турса дагы, мен мындай кадамга барууга аргасыз болдум. Мен азыр жашмын, анын устуно чет жакка чыгып кыдырышым керек, карьерам баары калып кетет, окуум да буто элек. А турмушка чыксам, тиричилик менен баары калып кетет. Кеч болуп кете электе токтосо токтосун. Журогум ооруса азыр оорусун… -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 30 Окт 2024
-Токтот машинаны.
-Айдана, койчу. Калп айткан жокмунго. Билбесин деп ал жонундо унчукпай койсом эмне болот эле? Баары бир билмексин. Башка бироодон укканча, менден укканын жакшы эмеспи?-деди Данай озунун кыжаалат болгонун корсотуп.
-Мен эмне отурам бул жакта?
-Ишенип кой, ал адам мага таптакыр кызык эмес.
-Данай, 1 жыл эмес, 1ай отуптур! Мен сага пластырь болгум келбейт. Анынды унутканга бир ай жетиштуу деп ойлойсунбу? -козумо жаш айланып кетти. Озумдун жарааттарымды эми айыктырып келатканда, бироонун жараатына дары болгум келбейт. Канчалык жактырып турсам дагы бул адамды, мен аягында кайра жаралуу болуп калгым келген жок.
-Жаным, тушунуп койчу. Мен ал кызга уйлоном деп жургом, баары билчу. Бирок, баарын токтотуп салдым. Демек, тагдыр эмес. Ал мага таптакыр кызык эмес, журогумдо дагы эч нерсе калган жок.
-Мен сага ишенбейм,-дедим жузумду буруп. Мени кызганыч ээлеп алдыбы, же ага болгон таарынычпы, айтор озум да тушунбодум. Муная артта калып жаткан бак-дарактарды тиктедим. Данай машинаны жолдун четине токтотуп:
-Кел, анда экообуз суйлошолу,-деп ысык алаканы менен жузумду озуно бурду. Ыйламсырап мен козумду жерге салдым. -Мен сени чын эле жактырып калдым. Анан мен сага уйлонойун деп чечтим.
-Качан?-дедим мен аны тан кала карап.
-Кузундо.
-Кайсы куздо?
-Ушул,-деди ал менден козун албай. Мен оюмда кийинки кузду айтат чыгар дедим, мен турмушка чыгууга таптакыр даяр эмесмин. Дипломду алганга дагы эки жыл бар, мен бул жылы кобуроок иштеп, озумдун салонумду ачканга аракеттенем деп журбодум беле? Анан кайдагы уй-булолук жашоо?
-Мен даяр эмесмин.
-Эмнеге?
-Оокат кылбайм уйдон, тамак жасай албайм.
-Ким эле билип атыптыр? Уйронуп кетесин.
-Сен чын эле айтып атасынбы?
-Чыпчын,-деди Данай жылмайып. Уйго ойлуу кайттым. Жаны гана суйлошуп баштасак, кайдагы турмуш куруу жонундо айтып атат? Ал мени, мен аны таптакыр тааныбайм, анан мындан аркы жашообуз кандай болот? Кызык, турмуш курган ушунчалык оной экенин ойлобоуптурмун, анын устуно кутулбогон жерден. Жок десемби? А менин сезимдеримчи? Мен аны кезиктирген сон кайрадан жаралгандай болдум. Жузумдогу жылмаюну кайтарып, ал менин ээнсиреп калган жан дуйномду толтурду. Бирок, мен 10гана кун тааныган адамыма турмушка чыгып алып, кийин омур бою окунуп калгым келбейт. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 29 Окт 2024
Кофейняга барып тамактанып отурдук. Андан чыгып кечки шаарды айландык. Мага жада калса мурда туссуз сезилген Бишкек, козумо керемет корунду. Эмнеге шаарымдын кооздугун мурда байкабадым экен? Айтор, ойлорум менен алышкыча ал мага суроо узатты:
-Ырдап бересинби?
-Койчу, ырдаганды билбейм да.
-Бол эми, ырдап берсен, менден сага кичинекей сюрприз бар,-деген жылмаюусун четке кага албадым. Машинадан музыка коюп, козумду жумдум дагы, ырдадым. Ал мага катып койгон кичинекей коенекти сунду. Ушунчалык жумшак, кармасан колго жагымдуу, анан дагы мага коендор жагат дегенди эстеп калганын. Баса, Данайдын да жылы коен, бул балким жон эле айкалыштык чыгар. Жаш балача суйунуп, коенду кучактап алдым. Создон созго отуп, баардыгын суйлошуп салгандайбыз. Канча отурдук билбейм, бир убакта журогумо катуу тийген бир окуяны айтып, кайгырып да алдым. Козумо жаш айланып, мына азыр ыйлайм дегенде ал мени озуно тартып, кучагына алды. Анын булчундуу колдору, ысык кучагы, чын эле ушул бир кучакка муктаж болуп жургонмунбу?
-Мен сени мунот сайын жактырып баратам(орусча айткан),-кулагыма шыбырады. Унчукпадым. Суйлоого батына алган жокмун. Журогум “ооба, мен сени жактырам. Сени коргондо мен жада калса озумду унутуп коем” деп кыйкырганы менен, акылым аны бир заматта токтотуп койду. Ушундай келбеттуу, баардык жактан келишкен, сулуу жигит мени кантип карасын деген ой туруп алды. Ишене албадым. Журогум канча ооруп, адамдардан конулу калып журуп, анан чын эле мени жактыра алган адамды жолуктурганда, мен чындап эле суйуло турганыма ишенбей койдум.
Ошол кундон тарта кун сайын жолукчу болдук. Жолугабыз, суйлошобуз, кулобуз, кадимки жаш балача кочолордо чуркап ойнойбуз. Алгачкы жолу озумду кандай болсом, ошондой алып журдум. Биз жолуккан 10 кун мага абдан коп убакыттай , мен Данайды жылдар бою билгендей, аны менен гана жашап жургонумдой сезилди. Ошондой кундордун биринде ал тууралуу да соз болду.
-Менин жакшы кыз экенимди кайдан билесин? Балким, жаманмын? Сен мени 10 эле кун билесин да,-дедим ага козумду сузуп.
-Мен сени жарым жылдан бери тааныйм. Байкап журдум да. Жаманмын деп ойлойсун, бирок жакшы кызсын.
-Байкап жургон болсон, эмнеге мурда мага суйлогон жоксун? Канча чачынды алдырганы келсен дагы, бир да соз айтчу эмес эленго?
-Анткени ал убакта менин суйлошкон кызым бар болчу да,-деди Данай менден козун ала качып. Устумон муздак суу куюп жибергендей, оозума соз келбей катып калдым. Озумду жемелеп кирдим. Билгем. Ушундай бир нерсе чыгаарын билгем, ошон учун коркком.
-Качан суйлошпой калдын?
-Бир ай мурун.
Комментарийлер
Emilia.kg
16 Июн 2020 - 20:29