Жалаң эски ырлардын текстин жазабыз... Эски ырлар тексти
#142 28 Март 2017 - 20:13
kantoro (20 Июль 2013 - 02:29) жазган:
Мен бир ырдын атын эч таппай койдум. Обонун билем, бирок сөздөрү эсимде жок.
Адашпасам, Кайрат Примбердиев бирде Ысык-Көл фестивалында ырдап чыккан.
Вокал жактан аябай эле оор ыр. Сары-ой ырына окшоп кетет.
на-на-на-на бир гана на-на-на о-о-о-о-о-ой , на-на-на-на
на-на-на-на-на- на и-и-и-и-й на-на-на-на.
Кечиресиңер, бирок колумдан келишинче аракет кылдым түшүнуктүү жазганы.
Жардам бере алсаңар аябай кубанып калат элем.
Алдын ала ыракмат .
Издейм сени ,Ырысбай Абдыкадыров нанан дегенинден билдим
#143 13 Июль 2017 - 10:46
#145 29 Июль 2017 - 16:48
suranam (18 Июль 2017 - 07:57) жазган:
Созу Н. Жакыповдуку
Обону А.Карымовдуку
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип журот,
Санаага, сагынычка батып журок.
Жузумдой молтурогон жароокерим,
Жузого ашаар бекен аруу тилек!?
Толкуса конулунуз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай колду карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торунузга,
Мен болуп сиз энсеген алтын чабак.
Омурдун отчу кези откон кезде,
Откурлук оз айлымдан кочкон кезде.
Озокко чок таштадын, очпой турган,
Орукзар гулун кубуп токкон кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган,
Ашыктык алоосуна ким батпаган.
Айыкпас оору болду таппай журуп,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жузуно алда качан,
Айрылбай элесинден турсам бассам.
Тушалган туткун болдум бир озуно,
Ай перим чыгарып ал боор оорусан.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай журуптурбуз дилибизде.
Ак суйуу нурун чачты мына бугун,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
#146 11 Август 2017 - 17:14
uul (13 Июль 2017 - 10:46) жазган:
Сай сагызган ээй сайдакен,
Санаалаш жылкы жайда экен.
Сагынсам козго корунбос
Иий санаалаш курбум кайда экен?
ушундай беле же адашып кеттимби мурда ырдачумун комузда азыр коп ырлар эсимден чыгып кетти. Ала-Тоо таншыйт деген китепте баары бар ошону издеп коруш керек менда таппай журом ошол китепти.
Билдирүүнү түзөткөн: Shaa-82: 11 Август 2017 - 17:15
#147 23 Август 2017 - 16:49
#148 23 Август 2017 - 16:53
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм, Суктанамын, көз электен өткөрөм. Жылмаңдаймын баарысына тийишип, Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, менде да бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм. Оолукканды сурабагын, айтпагын, Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып, Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар.
#149 06 Октябрь 2017 - 22:27
Жалган, жалган ушул аалам бүт жалган
Ушул ырдын тексттин таап бериниздерчи!
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 06 Октябрь 2017 - 22:28
#151 15 Декабрь 2017 - 05:23
Аткаруучу; А. Керимбаев
Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө ыргалып
Ээээээй, көк кайыкчан көл үстүндө ыргалып.
Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Токтогулдун ырларынан калпып ал,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал.
Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
#152 15 Декабрь 2017 - 05:25
Сөзү:Шербет Келдибекованыкы
Обону:Түгөлбай Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.
Кайырма:
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
#153 15 Декабрь 2017 - 05:27
Андан бери жылдар алмашты,
Кара чачты бубак кар басты.
Сүрсө дагы мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы.
Күн чартылдап, булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум көздөн жаш ыргып,
Дегениңде "кош бол, түбөлүк".
Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.
Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң сурайм сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.
#154 15 Декабрь 2017 - 05:29
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкундаткан жүрөк оту жыргалым.
Бишкегиме күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң жаш шаарым.
Сергектентип кары - жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
#155 15 Декабрь 2017 - 05:32
Балалыкка кайрылуу
Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
#156 15 Декабрь 2017 - 05:37
Тексттин жана обондун автору: Арзыбек Бедияров
Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.
Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.
Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жадыраган жайдарманым.
#157 15 Декабрь 2017 - 05:40
Булуттар
Кайчы откон тагдыр менен жолго чыгып
Силерди ак булуттар жолдош кылып
Мен келип алтын кумдуу кол жээгине
Олтурам эскеруудон ичтен сызып
Сезгендей айрылаарды коркоор элем
Алтын кум сен баарына орток элен
Очошуп бизди оксуткон жанылууга
Омурдун орун коздой жалгыз келем
Кайгыны каран тунум жарык кылаар
Каралдым жашоодо коп жакшылык бар
Сен азыр эмнени ойлоп турдун экен
Айдалып баратканда баратканда ак булуттар
Кол жээги касиеттуу колдун жээги
Корбодун откорбодун эмнелерди
Адашып суйгонумдон келдим сага
Суйуумду айла кылып кайрып берчи
#158 19 Январь 2018 - 19:50
"апамды мен кут тогулгон уй десем
атам анын кармап турган туркугу.."
#159 15 Февраль 2018 - 04:00
Кошулуп тоо ашуунун шамалына
..........
Бир гана асманда ай тан калгандай
Жылмайып кулуп койдун амалынан
#160 24 Февраль 2018 - 17:21
Тумардай жүрөккө тагынып.
Жүзүмө күлкүңдү жашырып,
Жүрөмүн өзүңдү сагынып.
Өмүрдүн бактысы өзүңдө,
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө.
Берметтей алдыңа чачылып,
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө.
[Кайырма]
Периштем, жамалың жайнаган,
Жаныңдан кете албай байланам.
Жолугуп, жаңы эле узатсам,
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан.
Жүрөктүн эңсеген себебин,
Сурасаң мен гана билемин.
Суусаткан сезимдин кыйноосун,
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин.