mega777 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Аким
- Билдирүүлөр:
- 2 602 (0,62 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (514 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Март 13
- Кароолор:
- 89 832
- Соңку аракети
- 27 Янв 2021 03:07
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Май 18
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Атамдын айылы
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
"Талашка түшкөн тигүүчү кыз"
Жазылган күн: 22 Сен 2017
Бой мүчөсү келишкен, орто бойлуу, ак жуумал, боюна тыкан жана жарашыктуу кийинген Шүкүр айтылган дарекке дал учурунда келип, эшик сыртынан күтүп калды. Бул кезде "келип жолук" деген чакан ишкананын кожоюну Сыртпай Субанович, али таңкы уйкудан ойгоно элек болучу. Анткени кечинде "Нур-Суфура" кафесине тойго барып, тойгончо ичимдик ичкенгеби, таттуу уйкунун кучагында жаткан.
Шүкүр кеминде бир саатка чукул күтүп олтуруп, тажап ары бери баса баштаганда, жаш кыз келип конторанын эшигин ачты да, ичкери кирип кетти. Шүкүр артынан кирип:
- Чоң кыз, мүмкүн болсо сизге кайрылууга болобу? - деди эле күзгүгө каранып жаткан кыз, эч сөз укпагандай абалда:
- Айта бериңиз! - деди күзгүдөн көзүн албай. Бул кыз Сыртпай Субановичтин катчы кызы Азиза Бейшеновна болучу. Шүкүр тиги кыздын бул жоругун такыр жактыра берген жок. Анткени ал киши келдиби, ит келдиби көңүл бурбай күзгүдөн көзүн албаганы, бир жагынан кыжырын келтирсе, бир жагынан бой көтөргөндөй сезилип кетти. Шүкүр үнүн бийик чыгарып:
- Сыртпай байке келеби же келбейби? Мени "саат сегизде кел"- деп айткан эле, кечээ.
Азиза күзгүдөн жүзүн алып, бери бурулуп, таң калгандан тилге келбей туруп калды да, анан көзгө сүйкүмдүү көрүнгөн жигитти биринчи көз караштан эле жактырып калдыбы же бир нерсе көзүнө көрүнүп кеттиби аны так айтып болбойт, жүзүндө жылуулуктун изгини байкалып, жүз сексен градуска бурулуш жасап, кабагын ачып:
- Аны так биле албадым. Макул көрсөңүз олтуруп күтө туруңуз. Балким иштери менен кармалып жатса керек. Билесиз да, чоңдордун планы тез-тез өзгөрүлүп турат эмеспи деп, сөз улап, жылдыздуу көзүн кадады. Эркек болобу, аял заты болобу негизи эле көркөмдүккө кандай кызыгат. Бул жалганда сулуулук, кооздук адам баласынын көңүлүн өзүнө бурары анык. Азиза дагы Шүкүрдүн сырт келбетине арбалып, баятан бери ага көңүл бурбай кош көңүл мамиле жасаганына өкүнгөндөй, баштагыдай өктөмдүк кылбай, азыраак чегине түштү. Эгер Шүкүр көзүнө жагымдуу көрүнбөгөндө, такыр башка сөздөр менен жооп берип, кетирип жиберет дагы беле ким билет.
Бир көрүп сүйүп калуу дегенге ишенбеген Азиза, Шүкүрдү биринчи көргөндө эле, биринчи көз караштан жактырып калды. Анткени телевизордон көрүп жаткан Корей сериалындагы өзүнө жаккан актёрго Шүкүр куюп койгондой окшош эле. Ал турсун Азизанын көзүнө тиги актёр өзү келип калгандай сезилип кетти. Ооба, ал сериалды керек болсо ошол актёр үчүн көрөрү анык. Азиза ичинен таң калып калды "ушундай дагы окшоштуктар болот экен" - деп, Шүкүрдү көзү токтоп калгандай карап калганын өз дагы байкабады. Кулагы тунуп, көзүн албай, айтылган сөздү укпай да калды. Шүкүр кызга суроо берди:
-Чоң кыз, деги Сыртпай байке бүгүн ишке келеби? - деп. Талмасы кармаган илдет адамдай көзүн албай караган Азиза берилген суроого жооп бермек турсун, өзүнө келе албай турганда Шүкүр үнүн жогору чыгарып:
-Чоң кыз, сизге эмне болду? - дегенде гана Азиза өзүнө келип:
-Мен жөн эле. Эмнегедир сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам. Балким биз мурда кийин тааныштык белек? - деди, Шүкүр башын чайкап:
- Мен сизди биринчи жолу көрүп жатам. Балким мени бирөөнө окшоштуруп жаткан чыгарсыз. Чынын айтсам сизди тааныбайт экенмин.
Азиза сөз улансын үчүн:
- Эмне иштер менен келдиңиз эле, Сыртпай Субановичке? - деди, Шүкүр кабагын чытып, баштагындай басынбай, өзүн эркин сезип:
- Силердин ишканага ишке орношмокмун. Эрте кел деп кечээ Сыртпай байке какшап калган. Келсем өзү жок.
Азиза көзүн албаган калыбында:
- Күтө туруңуз. Кечээ тойго барам дегендей кеп кылган. Балким тойдон кеч чыгып калса керек... Сөз ушул жерге келгенде көздөрү шишиген, өңүнөн эле ичимдикти көп ичкени байкалган Сыртпай кирип келип калды. Шүкүр олтурган ордунан тура калып салам берди эле, Сыртпай саламды алик алып:
- Ичкери кир! -деди.
Кабинетке киришти. Шүкүр жасалгасы абдан жакшы кабинетке киргенде, эмнегедир сүрдөп, сөзүн таппай, апкаарып кетти. Башат суудай ою тунук, элеттен келген Шүкүргө шаардын ызы-чуусу, куудум - шуудуму такыр жаккан жок. Анткени айылдан келгени сөз эмизип алдаган шаардыктардын жоругу, оюндагы таза сезимди жууп салды. Айылдан атасынын кызыр эм байланбас тайынын этин жеп олтуруп Сыртпай оозун керип, жакшы эле убадаларды берген. Эми минтип эки сааттан ашык күттүргөнү аз келгенсип, кабагына кар жаап, жактырбаган түр менен кабыл алганы болгон үмүтүн өчүрүп, ичине бурганак шамал ойноп, ээн талаада жалгыз калгандай сезилип кетти. Оюн Сыртпай бузду:
- Кел, Шүкүр. Кечээ келдиңби, айылдан? - деди. Шүкүр соодасы бүткөн сарттай кабагы салыңкы, кабагын чытып:
- Келгениме беш күн болду. Сиздин дарегиңизди таппай, убакытка уттуруп койдум. Телефон чалсам иш ордуңузда жоксуз. Кечээ араң сиз менен байланыштым. Сыртпай элеттик баланын тартынбай айткан сөзүн угуп:
- Атаңдар кандай жатышат? Айылда эмне деген жаңылыктар болуп жатат? - деди, сөз улап. Шүкүр жай сүйлөп, кыска жооп берди.
- Баары жакшы, эч деле жаңылык жок.
Сыртпай сөздү чойбой:
- Шүкүр, эми сен мындай кыл. Азыр мен сени балдарга кошуп коём, сен мени уят кылбай жакшы иште. Биринчи айда айлыгың аз болот, анан экинчи айдан баштап көтөрүп берем. Эң негизгиси балдар менен тил табышып ал, - деп, бирөөнө телефон чалды "Мында тез келип кал" деди да анан:
-Шүкүр, сен сыртта күтүп тура тур. Азыр бригадир бала келип сени иш менен тааныштырат. Ушул эле сөздү айтылышын күтүп тургансып Шүкүр сыртка чыкса, ичкери киргени дагы эки киши күтүп туруптур. Азиза олтурган ордунан тура калып, сурап жиберди. Анткени чыдамы кете күтүп олтурган болучу:
- Сизге эмне деди, иштемей болуп калдыңызбы? - деп. Бой мүчөсү келишкен, арыкчырай, бото көз, жаңырган айдын элесиндей терилген кашы серпилип, жан тарта сүйлөгөн Азиза эмнегедир Шүкүргө жакын адамдай сезилип кетти. Жана эле жактырбай, теңсинбей, кээкерсинген кыз минтип жан тартып сүйлөп, жагымдуу мамиле жасаганына Шүкүр анча деле көңүл бурган жок. Болгон дити иштеп өзүн көргөзүп, айылда калган инилерине жөлөк болгусу келет, бир үйдүн улуу баласы болгондон кийин. Анын дагы себеби бар. Шаарга кеткендер бир, эки жылдын ичинде эле машина айдап келип, сыйда кийинип, акчаны уучтап кармап, тилдери бурулуп орус тилин кошуп сүйлөп, каштарын серпип өзгөрүлүп калгандары Шүкүрдү ойго салып, жакшы үмүт менен келген шаарга. Шаарга келсе эле баары ойдогудай болот деп ойлогон. Баарынан дагы өзүнөн болгону үч жашка улуу Сатымбектин баласы Бакыбай бир ай илгери машина айдап келип, той берип кеткен. Машинасынан магнитолдун үнүн чыгарып, жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын ырын коюп, өзүнчө эле министрдей бой көтөргөнү Шүкүрдүн намысын козгоп, атасы менен апасынын жанын койбой шаарга келген жөнү ушул. Азыр Азизанын кылгыра караган көз карашы эмес акча таап, баюу негизги кызыгуусун артырып жатканы чын эле. -
"Кумайык"
Жазылган күн: 18 Сен 2017
Кумайык адатынча түнү бою шаар ичинде желип-жортуп жүрдү да, таң сүрүлө
баштаганда эски журтун карай бет алды.
Кожоюну өлүп, кожойкеси кызы менен башка калаага көчүп кеткени, ал үйдө
башка адамдар жашап калган. Алардын Кумайыктан алда канча чоң, килейген ити бар.
Антсе да, ошол үйдү ар күн сайын айланчыктап келип, кожоюндарын эстеп, короонун
четинде бир топко жатат да, кайра келген жолуна түшөт...
Ит шаардын сыртындагы таштандылар төгүлчү жайга келатты. Анткени, мындай
маалда бу жер ээн, өзүнө окшош кароосуз ит-мышыктар да чанда. Каалашынча жойлоп,
тишке илинерлик бирдеме таап алса болот.
Бирок, бу саам демейдегиден башкача болду. Эмнегедир, таштандылардын
арасында кийген кийими да, турпаты да селсаяктарга окшобогон, кудум өзүнүн
кожойкесиндей сымбаттуу аял бала эмизип жаткандай, күйпөлөктөп отурат...
Ит жакындап келгенде, аял шыбырттан “селт” этти. Жакын эле жерде өзүн карап,
шоңшоюп отурган итти тиктеп, селейди да калды. Ит акырын кыңшылап коюп, боортоктоп
жата кетти.
Ошондо гана аял эсине келе калгандай, бооруна баскан “түйүнчөгүн” акырын
жерге коюп, өзү артына кетенчиктеп жыла баштады...
Аялдын жылуу кучагынан бошоп, жерге түшкөнү үчүн го, “түйүнчөктүн” ичиндегиге
жан кирип, үн бүткөндөй баркырап ыйлап жиберди! Аял ого бетер шашкалактап калды. Ит
азыр эки аттап жетип баса калып, өзүн үзүп-жулкуп жеп жиберчүдөй энтигип, чалынып-
жыгылып качып жөнөдү! Баланын ыйы ансайын күчөп, катуулай баштады!
Жанагы эле жеринде экөөнү алмак-салмак карап, эч нерсе түшүнбөй жаткан
Кумайыктын шаштысы кете түштү. Антсе да, наристесин таштай качкан адам-энеден
ыйбаа кылгандай, энеси азыр кайра келип баласын ала чуркачудай ордунан туруп, ары
имерилип басып кетти да, обочорооктон жатты.
Бирок, аял кайрылып келмек турсун, карааны улам кичирейип, үрүл-бүрүл
караңгыга сиңип, жок болуп баратты. Бала болсо ошону сезгендей, энесин артынан
чакыргандай Кудайга үнү жетип, үнү чыкпай калгычакты чырылдап ыйлай берди...
Кумайык аялдын келбей турганына көзү жеткенде гана балага жакындап келди.
Жанына бир тирүү жан келгенин туйган окшоп, кудум айлана-тегерекке кулак
түргөндөй, табышты тыңшагандай тынчый калды. Ай аалам заматта жымылдаган
жымжырттыкка ороно түшкөндөй болду. Эски-уску чүпүрөккө чала оролуп, буттары
бошоп, тарбаңдап сыртта жүргөн кызыл эт ымыркай жанындагы тирүү жандан сүттүн
жытын же энелик мээримдин илебин туйгандай эми эмчек издеп, эки жагына кайсалай
баштады. Аны карап турган иттин али сүтү тарай элек эмчектери диртилдеп, энелик
сезими ойгонуп кетти. А бирок, канчалык баланы эмизгиси келип, эмчеги ийип турганы
менен антүүгө даабай, жым-жырт болуп жымылдап тиктеп турган ай-ааламдан айбыгып,
а бирок кан-жаны менен удургуган бир энелик албуут сезими башына тээп, алапайын
таппай турганда алда кайдан шокшоңдоп, дагы бир караан көрүндү..!
Кумайык ичинен “жым” дей түштү. “Ымыркайдын энеси келатат”, - деп ойлоду.
Бирок, көзүнө аял кейиптенип көрүнгөн ошол караан улам берилеген сайын сөлтөңдөп
итке окшошуп келатты... Чын эле ит экен! Шукшуңдап түз эле Кумайыкты көздөй келатты.
Ал жакындаган сайын, эмнегедир Кумайыктын көк желкеси түктүйө баштады. Бир убакта
ордунан ыргып тура калып, мурду-башын бырыштырып, тиштерин көрсөтө ырылдады.
Жетип-жетет элек берки ит сестене түштү. Бирок, буга чейин ал башка иттерге караганда
кыйла адептүү көрүнгөн Кумайыктын мындай ич тардыгын такыр көргөн эмес болчу. Эми
болсо курдашы майлуу-сүттүү олжо таап алып, өлөрчө тоюп, кардына батпай калганын
кайтарып жаткандай сезилди.
Ороо-чулгоонун ичиндеги ымыркай уктап кеткен окшоду.
Эки ит да эки жерде бири-бирин аңдып, көз ирмебей жатышты. Кумайык балким
жоошуп, жоомарттыгына тартса, же аябай “тоюп алган” неменин көзү илинип, ныксырап
уктап кетсе, чоочун ит ары жагындагы олжону “шып” иле качуучудай комдонуп, улам тура
калып ошо жакты карап, ансайын напсиси ачылып кыңшылап, жаланып-жуктана калып
жатты. Кумайык да ошо сайын баш көтөрүп: “Көчүгүңдү кыс!” – дегендей ордунан обдула
түшүп, сес бере ырылдап коюп атты... -
"Башы жок чабандес"
Жазылган күн: 15 Апр 2017
ПРОЛОГ
Саваннадагы1 бейкут түндө үргүлөп жаткан Техас бугусу аттын дүбүртүн угуп, чочуп
кетти. Бирок ал өзү жаткан шибер төшөгүн таштай качкан жок, а түгүл ордунан да
турбады. Эки. жагын элеңдеп карады, көк шиберден мүйүзү гана көрүндү, —
коңшулаш жайыттан мустанг2
оюн салып келатабы - жокпу дегенсип гана, кулагын
түрүп тим болду.
Аттын дүбүртү дагы чыкты. Бул жолу дагы бир добуш: темир таканын ташка тийип
чакылдаганы ачык угулду.
Дүбүрттөн бугу үркө баштады. Ордунан каргып туруп, прерия3 менен чымын-куюн
болуп жөнөдү. Бир кыйла жерге жүгүрүп баргандан кийин гана ал токтой калып: түн
ичинде менин тынчымды алган бул ким болду экен дегенсип, кылчайып карады.
Түштүк асмандан тийген айдын жарыгында бугу өзүнүн ашкан душманын —
кишини тааный койду. Атчан киши жакындап келатты.
Бугу дагы качууга дапдаяр эле, бирок чабендестин кебетесиндеги кандайдыр
демейдегидей эмес, өгөй учураган көрүнүш бугуну тык токтотуп койду. Бугу жерге жата
калды да, кылчайып карап тура берди; таңыркап корккону балбылдаган кара көзүнөн
көрүнүп турду.
Бугунун анчалык узак тигиле карашына эмне себеп болду?
Атпы? Бирок бул жүгөндөлүп, ээр токулган кадимкидей эле ат. Аттын кейпинде таң
калдырып, коркуткандай эчтеме деле жок. Балким, бугуну чабендес үркүткөндүр?
Ырас эле чабендесте кандайдыр түшүнүксүз, көзгө суук учураган бирдеме бар.
Чабендестин башы жок экен!
Өзүн чочуткан кандай шумдук экенин түшүнүүгө тырышкансып, бугу акыркы жолу
элең-элең карады да, талааны аралай дагы качып жөнөдү. Леона суусунан сүзүп өтүп,
коркунучтуу чабендес шар аккан суунун аркы өйүзүндө калганда гана өзүн коопсуз
сезди.
Бугунун коркконун тапазар албай, кала берсе, анын бар экенин да байкабагансып,
башы жок чабендес бастыра берди.
1 Саванна — Америкадагы чөбү белден чыккан талаа.
2 Мустанг — Американын ээн талаасындагы жапайы жылкы. -
Ый баланы журок-кантамыр ооруларынан сактайт.
Жазылган күн: 2 Авг 2015
Ыйлоо, кыйкыруу жана кежирленүү – ар бир баланын өзгөрүлбөс мүнөзү. Айырмачылыгы бир гана кээ бир балдарда бул көрүнүштөр чанда кезиксе, а башкаларында адатка айланышы мүмкүн экендигинде. Бул учурда ата-энелери жабыр тартышат. Бирок бала үчүн ыйлоо абдан маанилүү экендигин эске алуу керек. Анткени алар көз жашы аркылуу өздөрүнө керектүү нерселерди билдире алышат. Эмесе, айрыкча жаш энелер үчүн маанилүү болгон баланын бир нече
ыйлоо себептерине токтолсок.
Достору
-
info -
aijan -
Maximus -
ROZI -
admin_supe... -
sapsan -
scorp -
nazgul.83 -
kaitpas -
miniusha -
KUMU89 -
ruslan.78.23 -
Sagizgan -
rnurzida -
Karagulov90 -
zzari-83 -
mister.kan... -
max90 -
muxammet -
kokokola -
anara85 -
kultaev -
Ulik82 -
peha -
MEDER_KULETOV -
KARAGER -
aika2013 -
Sweet-Lika -
volk9494 -
Mir94 -
aibi.aiym. -
Magi9 -
Gazii -
Aikoo2014 -
Aikoo2014 -
Astra2014 -
Akul-Kara-... -
Bermet_Kas... -
Asiko. -
Kaple -
Kanat.kg -
Nadir27 -
azamat-1992kg -
arabica -
guljigit96 -
Tatli_Melek -
new_hacker -
TYKYH4O -
casperr -
Asalim-99
Показать 50 случайных друзей 65 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
Kadyrov_92
20 Янв 2017 - 02:17Barika
18 Май 2016 - 15:39aijan
18 Май 2016 - 11:47barpynynkyzy
18 Май 2016 - 10:06Clara_Zh
11 Мар 2016 - 05:03Clara_Zh
08 Мар 2016 - 23:30barpynynkyzy
08 Мар 2016 - 06:35Clara_Zh
27 Фев 2016 - 16:37Kg.lady
08 Фев 2016 - 13:56Sheke.brat
11 Авг 2015 - 01:08Aisel.
31 Июл 2015 - 16:39Lui
27 Июл 2015 - 10:27Achuu_kalempir
27 Июл 2015 - 06:28kalen9001
27 Июл 2015 - 02:49kalen9001
27 Июл 2015 - 02:49