-Эй, чөөнүн кыгы, абаны бузбай чыгып кетчи.?! Эгер мойнуңдун толгонуп
калышын каалабасаң - деди Мырзага кыйкыра.
Мырза ызалана түштү. Же өздөрү машыкпайт, же башкаларга мүмкүнчүлүк бербейт. Муну кандай түшүнсө болот. Карта ойноп, ичкилик ичүүгө башка деле оңтойлуу жерлер толуп жатпайбы. Ушуга кыжырланды.
"Чөөнүн кыгы" дегенге көп деле маани бербеди. Согуш лагеринде окуп жүргөндө адам ойлоп тапкыс, мындан жанга өтүп, чучукка жетчү уу сөздөрдү угуп жүрүп кулагы "бышып"
калган.
- Жигиттер, карта ойноп, ичкилик ичүүгө бул залдан башка деле оңтойлуу жайлар толуп жатпайбы, -деди машыгуусун улантып.
- О-ого..., бул кыкты чын эле тазалап койбосо болбойт экен. Бою Мырзаныкынча 2 метрге чукул , бирок,
туурасы топтоголок
бочкадай бири ордунан козголду эле.
- Убара болбо... мен өзүм эле... деп жанагы орто бойлуу, чымыр денелүүсү шып ордунан тура калды да Мырзага бет алды. Мырза көрмөксөн болуп турникте айлана берди. Тигил жакын
келгенде так бет маңдайына чимирилип барып секирип түштү.
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу
#82 25 Март 2013 - 22:44
- Да-а..., секиришиң түзүк, бирок... деди да тигил чимирилип келип тепкенде Мырза буйтай берип,
колунун кыры менен тизе томукка урду эле, эрдем####н неме:
- У-уу... бутум сынды.. сынды деп оңкосунан кетти да, жерде ооналактай, бутунун тизесин кучактап отуруп
калды.
- Сынган жок. Жөн эле чала ооруксуп калды. Эки күндөн кийин жүгүрүп кетесиң, - деп койду Мырза.
- Эге... Тамаша табылды го, -деп бочкедей ордунан тура калды. Денеси бүт тарамыш, ичке келгени кыймылдаган жок. Ордунда отурган калыбында:
- Башын жулуп туруп ыргыт. Экинчи бул кыктын жыты мурдума илинбегендей болсун, - деди бир башкача күркүрөй. Иш тескери бурулганын түшүнгөн Мырза даярдана баштады. Тигил эмчектерин аялдыкындай салаңдата басып келатты. Муштумдары өзүнчө эле чоң аяктай килейет.
- Балким, сүйлөшпөйлүбү? Мен чыкса, чыгып кете берейин, - деди тигил чукул келгенде.
- А-а эсиңе келе баштадыңбы? - деди бочке жакындай басып жалжая. Согуш өнөрүндө минтип сөзгө тартуу душманыңды алаксытып, анын ички жыйылган энергиясын чачып жиберүү экенин тигил билбейт экен. Ошондуктан жалжая күлүп, өз кебетесине
курсант боло түштү. Демек, өтө деле коркунучтуу немелер эмес. Тигил килейген муштумдарын шилтегенде буйт берип, шап билектен алды да, айкидонун ыгы менен муштум шилтеген жакка ого бетер ылдамдыгын күчөтүп, шак тартып кайра чарт артка бурай кайрып силккенде, оор салмагы менен алдыга жүткүнгөн неменин колу өз салмагына чыдабай акыректен "карс" дей түштү.

#83 25 Март 2013 - 22:47
Өңү көпкөк болуп, эрди кесе тиштей, көздөрү чакчайып кетти. Оң колу эч нерсеге жарабай шалактап калды. Ошондо да жеңилгиси келбей сол колу менен шилтеди. Мырза артка кетенчиктей берип, чимирилип келип, оң кулактан эки эличе астына тепкенде, көзү аңтарыла түшүп, жерге "күп" деди да, оозунан кан атып кетти. Коргонууга жараган жок. Али бутун кучактап отурган орто бойлуусу:
- Босс өлтүрдү... өлтүрдү! -деп бакыра, чолоңдой ордунан тура качып жөнөдү. Эми "Жырткыч" өзү ордунан турду. Бутунун учтары менен шыпылдай басып келатты. Көздөрү кыпкызыл болуп кетиптир. Кыска кара сакал койгон неме экен. Денеси бүт тарамыш, ашыкча эти жок. Бийчилерче бутунун учу менен басат. Мырза мунун чыныгы өз ишинин чебери экенин билди. Ошондуктан ашыкча сүйлөгөн деле жок. Жөн гана чабуулун күттү. Тигил түз качырбады. Экөө тоорушуп, айлана басышты.
- Биздин аймакта сендей жапайы жок эле кайдан пайда боло калдың? -деди
"Жырткыч" үнүн жай, пас чыгарып. "Эмоцияга алдырбаганга аракет кылып жатат" деп ойлоду ичинен Мырза.

#84 25 Март 2013 - 22:51
- Ооганстандын
талааларынан келдим эле. Конокту жакшы күтөт экенсиңер, - деди Мырза да жай.
- Ооганстан?.. Тигил тикчийе карады.
- О-оба... Ооганстандан. Балким чырды токтотпойлубу? ! Силер башка жерден барып картаңарды ойноп,
ичкилигиңерди ичкенди уланта бергиле. Мен машыгуумду улантайын. Тигил бир мешок чочконун кыгына суу чачсаң эс алат. Жетелеп кетесиңер, - деди жай ордунан айлана, семизди башы менен жаңсай көрсөтүп. Бул тигинин кыжырына тийип, ой жыйноосун бузайын
деген психологиялык чабуулу болчу. Чын эле "Жырткычка" бул катуу тийди. Ызалангандан тиштери кычырай түштү. Эртең "Жырткычты" Оогандан келген жаш боевик эки жигитине кошуп сабап туруп спортзалдан чыгарып коюптур" деген ушак буларды билген бүт чөйрөгө тарамак.
- И-им... Мен чыгып кетишим керек экен да...
- Ошентпесең болбойт го, тигил бочкеңдин ичи толтура экен залдын жытын буза баштады, - деди Мырза ого бетер кыжырына тийип.
- Ме - сага... суу мурун. "Жырткыч" чабуулга өттү. Мыкты каратис экен белгилүү болду. Буту-колдору шуулдап Мырза араң буйтап жатты. Эки-үч жолу чала тийип кеткен жерлеринин терилери канталай түштү. Аз жерден ээгин талкалатып ала сактады. Оозунан кан агып
кетти.

#85 25 Март 2013 - 22:51

#86 25 Март 2013 - 22:55
Коргонуусун токтотуп өзү да чабуул койду "Жырткыч"
тийгизбеди.
Бирде абада, бирде жерде мушташуу бери дегенде эки минутадан ашыкка созулду. Мырза көптөн бери минтип
кыймылдай элек болчу. Дене бою ымшып тим эле жыргай түштү. "Жырткыч" болсо чарчай баштады, ичкиликти көп ичип жүргөн немеге алкоголь таасир берип жүрөгү ылдам уруп, өз энергиясын оюндагыдай башкара албай жатты. Муну Мырза туюп эс алдырбай чабуулга өттү. Жеңсе, эс алдырбай чарчатып гана жеңерин билди.
"Жырткыч" коргонууга өттү, ал түгүл кача баштады. Ан сайын ызасы күчөдү. Тигил бутун кучактаган жигити боссунун кача баштаганын көрүп отурбайбы. "Жырткыч" өмүрү эч кимден качып көргөн эмес. Спортзалга пистолетин ала келбегенин карачы.
Кийимдери турган жерде тигил бутун кучактагандын бычагы болуш керек эле. Бирок, астындагы согушчанды бычак менен алуу мүмкүн эмесин да билди. Ошондо да буйтай
качып отуруп кийимдерге жетти да, эки карышча келген килейген канжарды кынынан "жарк" дедирип сууруп алды.
- Өлтүр, босс өлтүр!
Желмогуз жапайыны өлтүр -деди берки чолоңдой басып. Бычакты көргөндө Мырзанын өңү өзгөргөн деле жок. Тигил качыра бергенде бычакка кабылчудай денесин тосо берип, мына бычак мизи ичине жете берерде буйтай, тигини билектен кармай түз
кайра тартып туруп, экинчи колу менен чыканагынын сыртынан шак урганда "кырс" деген үн чыкты.

#87 25 Март 2013 - 22:58
Мырза бир кадам
таштаганда тигил көздөрүн жумду. Каршы турууга күчү
калган эмес. Арыта турган тизесин кучактаган неме коркконунан бүрүшүп жерге отура калды да, титирей көздөрүн жуумп жиберди. Кыйкырайын десе үнү чыккан жок. Кекиртеги гана кыркырады.
ххх
Инструктор аял кожоюнга эртең менен эрте кирди. Минтип өзү чакыруусуз шашылыш иш болгондо гана кирчү. Кожоюн астыдагы документтерден башын көтөрө, көздөрүн жүлжүйтүп тигинин сүйлөшүн күтүп тиктеди.
- Шеф, ойго келбеген жорук болду. Кечээ машыктыруучу залда жанагы Ооганстандан келген Мырза деген неме менен "Жырткыч" урушуп кетип, "Жырткыч" , "Дөө" деген жигити экөө оор жаракат алып, "Молокойу" жеңил жаракат менен ооруканага жаткырылды. Кожоюн уккан кулагына ишенген жок.
- Эмне дейсиң? "Жырткыч" менен "Дөө" оор жаракат алып, - дейсиңби?
- О-оба. Так ошондой. "Жырткычтын" да "Дөөнүн" да абалдары начар "Жырткычтын" оң колу чыканактан сынып, сол кабыргасынын бири сынып жүрөгүн кысып калыптыр. Догдурлар операция жолу менен кабыргасын араң түзөштү. "Дөөнүн" болсо оң колу акыректен сынып да, чыгып да кетиптир, жаагы кулак түбүнөн сынган.

#88 25 Март 2013 - 23:01
"Молокойдун"
оң бутунун томугу чыгып кетиптир.
- Мына сага. Мырза өзүчү?
- Мырзаңыз жүрөт, эч нерсе болбогонсуп. Тырмак чийген да жери жок.
- Мына сага. Үчөөнө жалгыз өзү чыгыптырбы?
- Жок. Бир бирден чыгышты,- дейт.
- Мына сага... Кожоюн ордунан тура калды. "Жырткычтын" эч кимге жакпаган жоруктарын билчү. Ал түгүл айрым жигиттерин "Жырткыч" ашыкча келекелеп койсо да
унчукчу эмес. "Жырткыч" деген атты укса титиреп коркуп тургандары жакчу. Эми кара, кайдагы бир Оогандан келген жапайы согушчан мунун "эң мыкты" деген террорист -баш кесер киллерин өлөөрчө сабап ооруканага жаткызып койгонун. Бул эмне деген шумдук? "Жырткычка" тең келээр башкесер жок - деп жүрчү. Көрсө, четтен чыгат тура. Кимди болбосун "Жырткычты" жумшап тарбиялап коeм дечү. Көрсө, мунун "мыктынын мыктысы" дегенин кайдагы бир суу мурун согушчан деле ушалап салат тура. Башы ысып кетти

#89 25 Март 2013 - 23:02
Өтө кымбатка сатып келген.
Баасын актачу жигит
көрүнөт. Карган индус "Эң
мыкты окуучум. Оогандын
талааларында кор болуп
жүрөт. Бир күнү адашкан ок
жанын алып кете береби
деп корком. Өзүңө
телохранитель кылып алсаң
же атайын тапшырмаларга
жөнөтсөң уят кылбай
аткарат" дегенинен кымбат
болсо да сатып алган.
Анткени, индусту билчү.
Атактуу киши өлтүрүүчү
киллер, жашыруун эрежесиз
уруштун бир нече жолку
дүйнөлүк чемпиону болчу.
Карыганда да жөн жүрбөй
Оогандагы террористтерди,
киллерлерди,
согушчандарды даярдаган
лагерде машыктыруучу
болуп жүргөн экен.
"Интерпол сары изиме чөп
салып издеп жүргөн мендей
шордууга мындан башка
жай жок экен" деп күлгөн.
Көрсө, индус алдаган эмес
көрүнөт. Анча ишенбесе да
телохранителдеринин
санын жашартуу үчүн экөөнү
алган. Бири өткөндө
"Рыжыйга" барганда минага
жарылып өлдү. Акчасына
ичи күйүп калган.
Мунусу башкача көрүнөт.
"Рыжыйга" жердеш
чыкканына ичинен жаман
көргөн. Бирок, "Рыжыйдын"
өз тилинде эмне айтканын
так которгонунан шек
санаган эмес. Көз ирмебей,
өңүн да өзгөртпөй тиктеп
турганына баа бере
"азияттар эмоциясын оңой
менен сыртына чыгарбайт"
деп ойлоп койгон.
Инструктор аял үнсүз чыгып
кетти. Кожоюнуна түшүнө
албады. Кожоюндан
башканы көзүнө да илбей өз
билгенин кылганга көнгөн,
дүйнөнүн далай жеринде
кожоюну үчүн жанын
оозуна тиштеп, нечен оор
тапшырмаларды аткарып
жүргөндүктөн өзүн
Кудайдын эркесиндей сезген
"Жырткычтын" бир тал чачы
түшсө кожоюн өлүп кете
сактайт го деп ойлогон
Баасын актачу жигит
көрүнөт. Карган индус "Эң
мыкты окуучум. Оогандын
талааларында кор болуп
жүрөт. Бир күнү адашкан ок
жанын алып кете береби
деп корком. Өзүңө
телохранитель кылып алсаң
же атайын тапшырмаларга
жөнөтсөң уят кылбай
аткарат" дегенинен кымбат
болсо да сатып алган.
Анткени, индусту билчү.
Атактуу киши өлтүрүүчү
киллер, жашыруун эрежесиз
уруштун бир нече жолку
дүйнөлүк чемпиону болчу.
Карыганда да жөн жүрбөй
Оогандагы террористтерди,
киллерлерди,
согушчандарды даярдаган
лагерде машыктыруучу
болуп жүргөн экен.
"Интерпол сары изиме чөп
салып издеп жүргөн мендей
шордууга мындан башка
жай жок экен" деп күлгөн.
Көрсө, индус алдаган эмес
көрүнөт. Анча ишенбесе да
телохранителдеринин
санын жашартуу үчүн экөөнү
алган. Бири өткөндө
"Рыжыйга" барганда минага
жарылып өлдү. Акчасына
ичи күйүп калган.
Мунусу башкача көрүнөт.
"Рыжыйга" жердеш
чыкканына ичинен жаман
көргөн. Бирок, "Рыжыйдын"
өз тилинде эмне айтканын
так которгонунан шек
санаган эмес. Көз ирмебей,
өңүн да өзгөртпөй тиктеп
турганына баа бере
"азияттар эмоциясын оңой
менен сыртына чыгарбайт"
деп ойлоп койгон.
Инструктор аял үнсүз чыгып
кетти. Кожоюнуна түшүнө
албады. Кожоюндан
башканы көзүнө да илбей өз
билгенин кылганга көнгөн,
дүйнөнүн далай жеринде
кожоюну үчүн жанын
оозуна тиштеп, нечен оор
тапшырмаларды аткарып
жүргөндүктөн өзүн
Кудайдын эркесиндей сезген
"Жырткычтын" бир тал чачы
түшсө кожоюн өлүп кете
сактайт го деп ойлогон
#90 25 Март 2013 - 23:05
"Сооп болуптур"
деген маанидеги жоопту укканда даана эси оой түштү. Мырзаны "кама" десе камап, "жок кыл" десе жок кылчу группаны даярдап койгон. Баарын кайра таратты. Мырза үч күндөн кийин ооруканага өзү баш бакты. Аны көргөндө чалкалап китеп окуп жаткан
"Жырткычтын" көзү чекчейе түштү. Акыреги таңылып жаткан "Дөө" ордунан тура калды. "Молокою" башын көтөрүп, эми эмне болот?-деп күтүп калды. Мырза эч нерсе болбогондой "Жырткычтын" жанына келип отурду да:
- Алың кандай? Жакшы болуп калдыңбы? - деди. "Жырткыч" тигини
кыжырлана тиктеп турду да:
- Сен тирүү өлүксүң. Мен айыгып ооруканадан чыгарым менен сени
өлтүрөм, - деди.
- Дагы деле ачууң тарай элекпи? - деди Мырза жылмая.
- Күлөсүң. Мен сени
күлдүрөм. Сен мени өлтүрө алган жоксуң. Себеби, мен бир нерсе болсом кожоюн сени жок кылмак. Кожоюндан коркосуң. А мен сени өлтүрүштөн коркпойм. Сен өлсөң кожоюн мага "дың" да дебейт.
- Жетет. Кожоюн үчүн экөөбүз бирдейбиз. Сени ооруканага жаткырганым үчүн эч нерсе дебеген сыяктуу эле сени өлтүрүп койсом да кожоюн унчукмак эмес. Себеби, сен аткарган кандай иш болсо да мен аткара аларыма кожоюн ишенет. Экөөбүз бир кесиптин адамдарыбыз. Кожоюнубуз бирөө.

#91 25 Март 2013 - 23:08
- Су-у мурун молокой. Сен өзүңдү мага теңегиң барбы?
Эй, сен билесиңби мен эмнелерди жасаганымды? ..
- Туура, сен машыккан киллер "стариксиң" . Анда сөз жок. Эртедир-кечтир мени да бирөөлөр "старик" дешет. Эгер аман жүрсөм.
- Сенин жашооң аз эле калды - деди сөзгө аралашкан "Дөө".
- Эгер мен "Жырткычты" өткөндө өлтүрүп койсом, азыр сен менин карамагымда иштеп турмаксың - деди Мырза аны карап жылмая.
- Эч убакта. Сени... сени өз колум менен... Кыжырлана,
сүйлөй албай кызарып-татарды.
"Жырткыч" ойлонуп калды. Кичинеден кийин "Дөөнү" акшыя карап:
- Отур! Кык шынаган бочка -деди кыжырлана. "Дөө" алаңдай ордуна отурду. "Жырткыч" Мырзаны карап, көпкө тиктеп турду
да:
- Болуптур, бул жолу да жеңиш сеники. Чындыкты айттың. А чындык ачуу болсо да чындык. Аны өзгөртө албайсың. Эмнеге келдиң? Шылдыңдаганыбы? - деди кекээрлей.
- Жок. "Жырткыч" бир гана нерсени сурайын деп келдим. Менин машыктыруучум Раджу жөнүндө жана аны менен сенин жолуң кандайча кесилишкенин билейин дегем.

#92 25 Март 2013 - 23:12
- А-а Раджу... Раджу... жан алгыч желмогузду мен эч жерден таппай издеп жүрөм. А-а өзүң айтчы, ал сага кандайча машыктыруучу болуп калган?
- Эми ал узак сөз. Кыскартып айтсам, бизди окуткан лагерге күндөрдүн биринде сөөгү этине жабышып карыган индус келди да, 300
согушчандын ичинен кыркыбызды тандап алып машыктыра баштады. Бир жылдан кийин кырктын ичинен 20сын бөлүп алып калды. Эки жылдан кийин онун, акыры беш жылда беш эле окуучусу калдык. Бири Ооганстанда миномeттун адашкан огу тийип өлдү. Бири "Индияда, атактуу бир байдын телохранители болуп кетти" деп уктум. Мен бул жакка келдим. Ушундай. Бул жакка келишиме машыктыруучум көмөктөштү го деп ойлойм. Ал киши өзү жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. Мени жети жыл машыктырсам дечү. "Дарманым жетпей калды. Сен беш жылда эл он-он беш жылда үйрөнгөндү
үйрөндүң" деп коөр эле. Мен ал окутуучумду Кудайымдай сыйлайм.
- Эми түшүнүктүү. Ал
Ооганстандын чөлүндө экен да. Мен да кыскача айтып берейин. Менин да атактуу машыктыруучум болгон. Чыныгы согуш өнөрүнүн чебери болчу. Мени болгону үч жыл машыктырды. Анан Пакистанда өткөн эрежесиз эрөөлдө Раджу менен беттешүүгө чыгып калды. Ортодо чоң акча коюлган эле. Раджу кабыргасын
сындырып жүрөгүнө кийре уруп, өлтүрүп койду. Сен мени аяп өлтүргүң келбей жүрөгүмдү кыстырып гана койдуң. Өлөрүндө машыктыруучум "Раджу менен, анын окуучулары менен эч убакта эрөөлгө чыкпа. Бул менден бир нече эсе күчтүү экен. Мындай жан алгычка эч ким тең келе албайт. Буларды ок менен атып гана өлтүрө аласың" -деди. Анан мага кандай да болбосун ылайыгын
келтирип Раджуну атып өлтүр" деп суранды. Мен машыктыруучумдун
суроосун ушул кезге чейин аткара албадым.

#93 27 Март 2013 - 19:39
Колума кандай ок чыгарган курал тийсе да, чиркейдин
канатын кырка ата алам. Сенин Раджуң тууралуу билгеним ушул. Тыржыйган арык, капкара, бою бир токсонго чукул, эби сыны жок тартактаган неме болчу. Дагы деле ошондойдур. Мырза машыктыруучусун
эстеди.
- Мындан бир жыл мурда сен сүрөттөгөндөй болчу. Азыр кандай билбейм. Кабар албадым.
- Сени уктум, "ок чыгарчу деги эле кайсыл курал болбосун сырын билет" дейт го.
- Он төрт жашымдан күнү-түнү курал менен кошо жатып, кошо туруп келатам.
Жети жылда түзүк эле билип калат экенсиң.
- Жашсың. Мен 25 жылдан бери курал менен кошо жатып, кошо туруп келатам.
- Аның туура. Сиз дебей сен дегенимди кечирип кой!
- Эч нерсе эмес. "Сен" дей бер. Мен андайга маани деле бербейм. Кичине үнсүз турду да - Сенден жакшы киллер чыгат - деди.
- Балким, ок атуучу куралдар боюнча машыктыруучум болорсуң. "Жырткыч" көздөрүн жайната, Мырзаны чын эле айтып жатасыңбы? -
дегенсип карап койду да:
- Ойлончу иш. Мен
ооруканадан чыгайын -деди.
- Мейли анда, көрүшкөнчө.
- Мейли. Келе колду.
Элдештик, өткөн унутулду.
- Өткөн унутулду. Мырза жанынан автоматтын огун алып чыкты. Сөзүбүздүн чындыгы үчүн ок тиштеп коөлу. Эгер кек сактасак октун анты урсун. Түбөлүк досбуз. "Жырткыч" түшүнө бербей бүшүркөдү эле -Биздин элде ушинтет. Бул ырым. Ким убаданы бузса, октун анты урат. Так айтсам убаданы бузган окко учат.
- А-а жакшы ырым экен. Келе. Окту учунан Мырзача тиштеп-тиштеп койду да -Түбөлүк досбуз. Кек сактасак
октун анты урсун. Бири-бирибизге көз сала жүрөлү -деди.
Булардын ар бир сөзүн тыңшап отурган аржактагы экөө эч нерсе түшүнбөй делдейишти.

#94 27 Март 2013 - 19:41
"Жырткыч"
өтө кекчил боло турган. Убактылуу "элдештик"
деп алдап койду го" деген ойдо отурушту.
- Баса, мен сенден бир суроо сурайынчы. Мени эмне үчүн өткөндө өлтүргөн жоксуң? Сенин көзүңдөн өлтүрө турганыңды көрүп тургам. "Жырткыч" ордунан
турайын деген Мырзага кайрылды.
- Туура байкагансың. Менин окутуучум Раджу жөнүндө жаман айтканыңда
өлтүрөйүн деп ойлогом. Анан кайра ошол эле окутуучумдун сөзүн эстедим. Эрежесиз эрөөлгө чыгып өлтүрүүдөн башка жолуң калбаса, кожоюнуң "жок
кыл" деген атайын
тапшырма бербесе,
эрегишкен душманың болбосо, эч убакта бирөөнүн жанын кыйба. Кайым айтышып, мушташуу эркектер арасында боло берчү иш. Кызуу кандуулук кылып "бейкүнөө канга забын болбо" деп айтуучу. Окутуучумдун берген
тартиби акыркы кол
шилтенээрде эсиме түшүп токтоп калдым. "Жырткыч" ойлонуп туруп:
- Мейли, көрүшкөнчө деп колун көтөрүп койду. Мырза шыпылдай басып чыгып кетти.

#95 27 Март 2013 - 20:06
ххх
Мырза кечинде өзүнүн чакан бөлмөсүндө жаңы эле машыгуудан келип душка чайканып чыгып чачын кургатып отурса кожоюндун кабылдамасындагыкомпьютерде иштеген татынакай сулуу кыз кирип келди. Мындай конокту күткөн эмес. Кызга асты кийин сөз айтып таанышмак түгүл көз кырын салып жагымдуу караган да эмес. Кожоюндун айланасындагы аялзатынан дайыма алыс болууну Раджу окутуучусу мыктап үйрөткөн. Ошондуктан бир кабар айтканы же чакырганы келдиби деп түшүнө бербей ордунан тура калды да
- Келиңиз! - деди да кыздан сөз күттү. Экөө тиктеше түшүштү. Кыз моймолжуй карап көздөрүн сүзө:
- Ушинтип тиктешип тура беребизби же отурууга чакырасыңбы? - деди да жигиттин жообун күтпөстөн эле диванга жамбашын чайпалта басып барып отура кетти.

#96 27 Март 2013 - 20:08
Мырза эмне кыларын билбей, ал түгүл бети дуулдап ысып, чекесинен тер да чыга түштү. Кыздын кыска юбкасынан булайган аппак жоон балтырларын канча карабайын десе деле көзүнө урунат. "Атайлап карап көзүн ала албай жатат" деп ойлобосо экен деген ой менен өзүн оңтойсуз сезди. Жигиттин оңтойсузданып турганын, мындай конокту күтпөгөнүн сезген куу кыз өзү сөзгө тартты.
- Сизде суусундук барбы? Чаңкап кеттим. Эшик бүгүн өзгөчө үп болуп турат.
- Бар. Азыр. Сизге минерал суубу же ширеби? Мырза tоңтойсуз абалдан
чыкканына кубана муздаткычка бет алды.
- Мага жемиш ширеси болсо. Жагымдуусу мандариндики. Балким, сизде ичкиликтин жакшы түрү болсо коктейль жасаарсыз?
Мырза өзү спирттик
ичимдиктерин такыр ичүүчү эмес. Ошондуктан муздаткычында эч кандай спирттик ичимдик жок болоор эле.

#97 27 Март 2013 - 20:10
- Чындыкты айтайын, менин муздаткычымда эч кандай спирт ичимдиги жок. Жемиш ширеси куюлган эки бокал алып келип, бирин кызга сунду да, бирин өзү ууртай, кыздын маңдайындагы орунтукка отура кетти.
- Мырза эмне үчүн менин атымды сурабайсың? Же таанышкың келбейби? Мырза ийнин күйшөп койду
да;
- Өзүңүз деле айтсаңыз болот.
- Болуптур. Деги азияттар тартынчаак келесиңер. Мен сенин досьеңди окугам. Бирок, улутуң жазылбаптыр. Кытайсыңбы же монголсуңбу?
- Жок. Мен кыргызмын. Ичинен эмне үчүн досьеме улутум жазылбады экен деп ойлоп койду да. Улуту деген жерге эч нерсе
жазылбаптырбы?
- Эч нерсе, "согушчан моджехед" деп эле коюптур. Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мырза ийнин күйшөп койду. Кыз ордунан туруп келип Мырзага жанаша отурду да:
- Кыргыз деген улутту мурда укпаптырмын. Алар да Азияда жашашабы?
- Ооба, Кыргызстан деген мамлекетти уккан жок белең?
Кыз ийинин куушуруп койду.
- Азияда канча майда мамлекет бар, баарын билүү мүмкүн да эмес. Маселен, мен Ооганстанды билем. Ал жакта көп жылдардан бери согуш.

#98 27 Март 2013 - 20:13
Мырза намыстана түштү, кайра ичинен "мындай чымчык баштарга Кыргызстанды билгенде, билбегенде эмне" деп койду.
- Мырза, сен эркектердей эмессиң. Кыздардын жамбашына көзүң жабышып, шилекейиң куюлбайт. Өтө токтоосуң. Анан кичине түнтсүң. Кыргыздардын баары ушундайбы?
Мен окудум эле, азияттар аялжандуу келишет, эркектери үч- төрттөн катын алат- деп. Мырза кичинеге үнсүз ойлонуп турду да: Кыргыздарда жүз жылча мурда чын эле эки- үчтөн аял алгандар болгон экен. Азыр андай жок. Мыйзам жол бербейт. Токтоолук боюнча айтсам, мүнөзүм ушундай болсо керек. Анын үстүнө көп жылдар согуш лагеринде окудум. Ал жерде күлүп- жайнап жүргөндөрдү көрбөптүрмүн. Дээрлик бардыгы түнөрүп жүрүшөт.
- Демек, согуш лагеринде окуп жүргөндөгүдөн калган адат дечи,- деди да кыз Мырзага ыктай отуруп, жароокерлене эркелей мойнуна колун артты. Мырза кызды артка, өзүнөн
оолактатып түртө aлбады. Бүткөн бою чымырап, аялзатынан келген лаззатка магдырап, кыздын ичке белинен имере өзүнө тартты.

#99 27 Март 2013 - 20:32

#100 27 Март 2013 - 20:37
ххх
Катерин, жумушуңдан кечигесиң, - деген Мырзанын жумшак үнүнөн ойгонгон кыз керилип койду да спорт шымын кийип, белинен өйдө жылаңач бөлмөдө басып жүргөн Мырзаны суктана карап турду.
-Уу-у , мен чын эле тирүүмүнбү Мырза? Мырза түшүнө бербей көздөрүн бакырайтып тиктеп калды.
-Сен берген рахатка чыдабай жүрөгүм жарылып, өлүп каламбы деп ойлогом. Сендей эркекке өмүрүмдө биринчи жолугушум. Буга чейинкилерди жөн эле эркек атап жүрүптүрмүн. Көрсө, алар бүт таранчылар экен. Мына махабат жыргалы деп ушуну айтыш керек. Мырза ичинен көңүлүмдү көтөрөйүн деп эле мактап атат деп ойлоду. Кыз туруп душка жуунуп чыкты да, кийинип атып:
- Мырза, сени кожоюн Россияга жиберген жатат,-деди. Мырза демин ичине алып дымый түштү.
- Мен кечээ уктум. Баягы италиялык экөөңөрдү.
- Кайда жиберсе кете беребиз да. Биздин милдет тапшырманы аткарыш.
- Менин сага айтайын дегеним бөлөк. Кожоюн италиялыкка "Эгер Mырза Россияда жүргөндө кичине шектүү жүрүш жасап, калып калууга же өз өз жерине кетүүгө аракеттенсе көзүн тазала" деген тапшырма берди. Сен жөнүндө: " Али ишенимге кире элек. Сак болушубуз керек. Өтө түнт. Эч ким менен чечилип сүйлөшпөйт. Ичинен бир нерсе ойлоп жүрөт" деген жыйынтыкка келишиптир. Россияга сени аргасыз жиберип жатышат.