Арадан эки-үч ай өткөндө Жаныш келди. Зулфия да аны жакшы кабыл алды. Жаныш мурункудай суз болбой, жаңы үйлөнгөндөгүсүндөй Зулфиянын жанынан чыкпай өөп-жыттап:
- Жаным, мен сени мурункудай эле сүйөм, сагындым, сенсиз жашоо мага кыйын болуп баратат, - деп жалынып-жалбарып жатты. Зулфия ансайын ичинен жини келе, ага кыжыры кайнап, негедир өзүн башкача сезип, кандайдыр бир көрүнбөгөн күч аны кылмышка түртүп жаткандай: "Сөзсүз жайлашым керек, же дагы күтсөмбү, балким жөн эле мени алдап тигил аялынан чыга албай койсочу? Жаш болсо. Бала төрөп алды, аны кайдан таштамак эле?" - деген ой анын мээсин көзөп, улам-улам сустайган келиндин элеси көз алдына келе калып "ошол шүмшүк ушуну кетирбей калсын, эптеп бир шылтоо айтып, аны да алдап, анан мага келип жүрөт да" деп ойлогон Зулфиянын чындап ачуусу келе өңү бозоруп, мууну калтырап чыкты. Аны көргөн Жаныш эч нерседен шек албай эле:
- Эмне, бир жериң ооруп турабы? - деп Зулфиянын чекесин алаканы менен басты.
- Ооба, ооруп турам, - Зулфиянын үнү кекетип жаткандай чыкты, - олтура тур, көптөн бери келбей да кеттиң, бирге отуруп тамактаналы,
тамак асайын.
- Макул жаным, деги сендей боло албайт экен ал. Болгону мага бала таап берди, аны мен сени сүйгөндөй сүйө албадым.
Арыдан-бери тамак жасап, стол үстүн жайнаткан Зулфиянын ою дагы эле уйгу-туйгу болуп жатты. Эмнегедир эле Жанышты өлтүрүп салгысы келип, ага болгон ишеничи өчүп, аны көргүсү келбей баратты.
Экөө тамактанып жатып кичинеден коньяк ичип олтура беришти. Ошол учурда экөө тең кызып калган эле. Ачуусу келген Зулфия:
- Жаныңды жеп калп айтканды койчу, мени таштап кеткениң качан? Эмне мынча актанасың? Азыр сенин балаң да, аялың да бар, сен мени көп эле басынта бербе! Ал төрөгөн аялыңды кайдан таштамак элең. Мен сага бир жолу ишенбедим беле, же калппы? - деди.
- Эмне кыл дейсиң эми, уулумду таштап сага келейинби?
- Мен сени уулуңду ташта дегеним жок, өзүң айтпадың беле, берсе эле өзүң багасың, ал таштап кетет деп, ошондо бир ишенгемин, эми мен сага ишенбейм!
Келген сайын эле калп жалынып келбечи, менден жаш, бала төрөп берген аялың турса.
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#22 05 Август 2012 - 13:58
Зулфия ыйлап жиберди. Чукулдашып бүтүшкөндөн кийин кайра бир бөтөлкө аракты бузуп койду Зулфия. Аз-аздан алып олтурушуп кызып калышты да, бири-бирин күнөөлөп, сөз талашып жатышып өтө кызып калган Жаныш Зулфияны кучактап жата кетти. Көпкө чейин алышып, бири-биринен ырахат алып кадимкидей эс ала түшүшкөн эмелер төшөктүн эки четинде сулап жатты.
#23 05 Август 2012 - 14:06
Жаныш тез эле коңурук тартып уйкуга кетти. Зулфиянын уйкусу келер эмес. Канчалык кызуу болсо да өз оюнан кайтпай, "эмне кылсам, колумдан келеби, алым жетеби?" деген суроолор мээсин жеп жатты: "таң, атып кете электе эртелеп жок кылайын!"
деген Зулфия ашканага чыгып курч бычакты алып келди да, Жаныштын жанына келип анын жүзүнө бир топко чейин карап отурду. Жөн олтурган жок, биринчи жолуккан кезин, баш кошушкан күнүн, Жаныштын өзүн кандай сүйөөрүн ойлоп, акыркы кезде таптакыр башкача болуп кеткенин, келип жалынып-жалбарганын ойлоп жини келип, ого бетер жаалданып алды да, кайра туруп, ашканага чыгып балтаны көтөрүп кирип келди. "Оо Кудай, өзүң кечире көр!" деп балтаны кырынан уктап жаткан Жаныштын моюнуна шилтеп калды...
#24 05 Август 2012 - 15:06
Бетине чачыраган канды аарчыган Зулфия: "муну жоготуш керек, кайда алып барып таштасам?"
, деп ойлонуп; көпкө турду. Таң атып кетпесин, анда эле иштин бүткөнү шаша-буша жаман мүшөккө Жаныштын денесин салып, башын бычак менен ажыратып алды да, мүшөктү арабага салып, улам эки жакты карап бараткан Зулфиянын жүрөгү лакылдап "бирөө байкап калбаса экен" деп чочуду. Канча жол жүргөнүн ким билет, таң агарып баштаганда БЧКнын жээгине жетти. Көпүрөдөн өтө түшүп дагы бир аз баса түшсө ал жерде таштанды төгүлгөн жер бар экен. Зулфия мүшөктү түшүрүп таштандынын үстүнө чыкты да, аралаштырып кирди.
#25 05 Август 2012 - 15:10
Ала келген масканы кие салды да, таштанды терген болуп жатып мүшөктү жаап, ал жерден бөтөлкө издеп баклашкадан он чактыны салып алып үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө келип башты целлофанга салып подвалга киргизип бекитти. Үйдүн ичин жууп тазалап кан болгон төшөктөрүн дагы подвалга "жашыра турайын" деп киргизип койду. Бул подвалды үй сатып алганда эле Жаныш экөө тең көргөн. Ушул убакка чейин аны жан адам билбейт. Үй ичин желдетип кан жыты калбасын деген Зулфия мончо жакты да, түшүп жуунгуча жыт билинбесин деп бүргө дары сээп анын артынан духи чачып салды.
#26 05 Август 2012 - 15:16
Мончодон чыккан Зулфия подвалдагы кан болгон мүшөктү өрттөп салайын деп алып чыгып, бөлүп-бөлүп мешке салып жатты.
#27 05 Август 2012 - 15:30
Ошондон эки күндөн кийин эле Жаныштын өлүгү таштандыдан табылганы тууралуу угуп калды. Жаныштын иштеген жерине барды. Ал жерде Жаныштын эмне болгонун жашырбай айтып берди Зулфияны тааныган бирөө. Акырында минтип сурады:
- Сиз аны менен канчадан бери жашабай калдыңыз эле?
- Эки жыл болуп баратат! - Зулфия эч солк этип койбой жооп берди.
- Анда бара бериңиз, изилдеп атышат, табылып калаар!
Зулфия: "табылып калаар" деген сөздү укканда ичиркенип алды. Жалт бурулуп жөнөй бергенде алдынан Кубан чыга калды. Аны көргөндө эрээркеп кеттиби же, коркунуч бийлеп алгангабы, ыйлап жиберди. Кубан жөн гана иштешкен катары Зулфияга көңүл айтып жөнөтүп жиберди.
Кубан ошол күнү кечинде Зулфияга келди да, Жаныштын денеси табылып башы жок экенин айтып олтурду.
- Аны ким өлтүргөндүгүн таба турганбы? - Зулфия Кубанды караганда анын көздөрү жалжылдап кеткен экен. Кубан анын көзүнөн көзүн ала качып ордунан турду да, ары-бери басып кирди.
- Кайдан билем, ким билет аны ким өлтүргөнүн, башын алып кетишиптир, аны эмнеге алып кеткендиги белгисиз болуп жатпайбы!
- Чын эле башын эмне кылат болду экен? - деген Зулфия беш-алты күндөн бери подвалда жаткан башты ойлоду.
- Чындыгында Жаныш чесный эле көрүнчү, андай эле шектүү ишке барчу эмес, анан аны ким өлтүргөнүнө таң калып атам.
- Издесе табылаттыр, кантип эле киши өлтүргөндөр кутулуп кетсин?! - Зулфия Кубанды суроолуу карады.
- Кармалбай кетиши да мүмкүн, шектүү эч ким болбой жатпайбы!
Ошол бойдон Зулфия унчукпай өз ою менен алек болуп атты. "Балким мени текшерип калсачы, бир жакка кете турсамбы, подвалдагы башты эмне кылам?"
Бирок, опер топ кылмышкерди башка жактан издеп жатты. Жаныштын кийинки аялынан сурашты эле ал "билбейм" дегенден башка сөз айта албады.
Акыры Зулфияга да келди бир күнү милиция. Адегенде жүрөгү оозуна тыгылып "өлдүм" деп алды да, өзүн кармана:
- Келгиле! - деди утурлай.
- Сиз Жаныш Сабировдун аялы болосузбу?
- Ооба, мурунку.
- Аа-а сизден кийин аял алган турбайбы, ажырашкан белеңер?
- Жок, ажырашпай эле аял алып алган.
- Сиздин үйгө ал келип турчу беле?
- Адегенде бир жумада бир келип турчу, андан кийин айлап, анан биротоло келбей да калган.
- Эмесе бөлүмгө барып болгонун болгондой айтып бересиз. Акыркы жолу качан көргөнүңүздү. Чыныңызды айтсаңыз эле болду, балким кылмышкер табылып калаар.
- Болуптур барса барайын, аны көрө элегиме эки айдан ашып кетти.
- Болгонун айтасыз да. Сизде эмне күнөө, канча балаңыз бар?
- Балабыз жок айланайын, ошон үчүн аял алган да!
- Аа-а түшүнүктүү, тиги аял төрөп берди беле анан?
- Ооба бир балалуу болгон.
- Жаныш байке баласын чоңойтконго үлгүрбөй арманда кеткен экен да анда.
Зулфия ушул жерден чындап эле ыйлап ийди.
- Ооба, ошентти...
- Ыйлабаңыз, сизге эч тиешеси болбогондон кийин коркпоңуз.
- Эмнеден корком? - Зулфия ичинен "солк" этип алды, - Он беш жыл жашап балалуу болбодук, ошого ыйлап жатпаймбы!
- Макул анда эже, мен сиз менен көпкө сүйлөшүп калдым окшойт, эртең саат тогузда барып калыңыз!
- Барам, сөзсүз барам, - Зулфия "ох" деп үшкүрүнүп алды. Эртеси Зулфия бөлүмгө барганда кечээги жигит тосуп алды да, бир кабинетке киргизди. Ал жерде олтурган ак чач майор:
- Келиңиз, олтуруңуз, - деди. Зулфия олтургандан кийин: - Сиз Жаныштын аялы болосузбу? - деди.
- Ооба, аялы болчумун, ал эки жыл мурун башка аял алып алган.
- Сиздин макулдугуңуз мененби?
- Жок, адегенде ыйладым, сыктадым, аял болгондон кийин болот экен да, акыры өзүм төрөбөгөндөн кийин макул болдум.
- Балаңар жок беле?
- Ооба, он беш жыл жашап балалуу болгон эмеспиз, ошон үчүн.
- Акыркы ирээт аны качан көрдүңүз эле?
- Ал адегенде бир жумада бир келип турчу, андан кийин бир айда бир келип, акыры такыр келбей да калган.
- Акыркы жолукканыңарда урушкан жок белеңер?
- Эмнеге урушмак элек, келип түнөп эле кетип калчу, көрбөгөнүмө үч айдан ашты.
- Анын өлгөнүнө кайгырдыңызбы же кубандыңызбы?
- Эмнеге кубанмак элем, мындай суроону кантип берип жатасыз? - Зулфия ыйлап жиберди.
- Кечирип коюңуз, бара берсеңиз болот!.
Зулфия ал жерден чыгып үйүнө келди да, эшиктерин бекемдеп туруп подвалга түштү. Целлофандагы башты ала койойун десе целлофан баштык кыймылдап кетти. Бакырып жиберген Зулфия өзүн токтото акырын барып караса баштык ичинде жылан жүрүптүр. Көрсө, эбак эле баштын сөөгүн калтырып жылан менен курт-кумурска толуп алыптыр. Зулфия башты көрүп алып ботодой боздоп ыйлап жатты. Ал бугун чыгара ыйлап алды да, акырын башка жакындап баратты. Ал жетип калганда ичинде жүргөн жылан кадимки кишидей башын өйдө көтөрүп Зулфияны караганда Зулфия андан сестенип, артка кетенчиктеп олтуруп тепкичке жетти. Сыртка чыгып подвалдын оозун бекем жаап жигин билгизбей бекитти. Ою уйгу-туйгу болуп кайрадан ыйлап кирди, ал "башты эмнеге алып калдым экен, аны жылан уялаганын көрбөсөм болот эле го!" деп дагы өзүн өзү күнөөлөп жатты. Зулфия ыйлап жатып уктап кеткен экен, түшүндө Жаныш келиптир. Ал кадимки тирүүсүндөй эле: "Зулфия, мен уулумду сагындым, сен аны көрүп жүрөсүңбү? Уулума сен жардам берчи!" - деп капалуу сүйлөп жатканда Зулфия чоочуп ойгонду. Көрсө коңгуроо чырылдап жаткан экен. Жүрөгү лакылдаган Зулфия сыртка чыкса Кубан туруптур. Кубан үйгө кирди да:
- Бүгүн чоң "операция" болот, баягы сен алып келген жигит шумдуктай "опытный" экен, үйрөтүлгөн, даяр экен!
- Деги силердин ишиңер кандай иш, антип уурдабай эле "жумуш таап берем" деп эле чакырсаңар болбойбу? Мага берген акчаны ошолордун бала-чакасына берип койбойт белеңер!
- Жок, андай болбойт! Сен менден экинчи антип сураба!
- Койдум-койдум, деги ошол ишиңерден зыян тартпасам эле болду.
- Эч качан зыян тартпайсың!
Экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтуруп, ал кетеринде Зулфияга минтти:
- Зулфия, сен дагы бирди тап, мүмкүн болсо баягыдай "здоровый" болсун, макулбу?
- Макул.
Зулфия Кубан чыгып кетери менен эшигин бекитип жата кетти. Ал негедир шалдырап эч нерсеге көңүлү келбей, эмеле көргөн түшүн эстеп алып ыйлап кирди: "Эмнеге ушул ишке бардым экен, мен аны жакшы көргөнүмдөн эле өлтүрүп койдум ээ? Кудай ай, байкушум ай!!!" деп ичинен ачуу чыңырып алды Зулфия. "Оо. Кудай, кечире көр мен бейбакты, жакшы көргөнүмөн башкага ыраа көрбөй..." Ал ойлуу бир топко олтуруп анан кайра: "өзүнөн көрсүн! Жөн келип кетип жүрө бербей: "сени сүйөм, сенсиз жашай албайт окшойм" деп алып кайра кетсе айлап жоголот, тилиңден таптың! Мен эми сенин баш сөөгүн менен жашайм өлгөнчө, билдиңби! !!" Эчкирип ыйлаган бойдон диванга кулады да үнүнүн баардыгынча өкүрүп-өксөп жатты.
Ал Жаныштын өлгөнүн бүгүн коштоп, ал үчүн бүгүн күйүп-бышып, болгон ички бугун чыгарып жатты.

#28 05 Август 2012 - 15:50
Көптөн кийин ордунан туруп, жуунуп келди да, өзүн ирээтке келтирип кийинип алып, так#### олтуруп Жаныштын аялына жөнөдү. Баягы дарбазага келип коңгуроону басты эле көптөн кийин анын аялы эшикти ачты. Бир азга Зулфияны тиктеп туруп анан:
- Кириңиз! - деди. Зулфия унчукпай кирип босогого жеткенде токтоп калды эле тиги алдыга өтүп эшик ачты да, Зулфияны үйгө киргизди. Зулфия төргө өтүп олтуруп эки жагын карап баланы издеди. Бирок бала көзүнө көрүнгөн жок.
- Бала кайда? Чоңоюп жатабы?
- Аны мамама берип иштейин деп жатам, эмчектен чыгарганга алып кетишти.
- Араң эле үч ай болсо, эмнеге үч айлык баланы эмчектен чыгарганы жатасың, эгер сен мени туура түшүнсөң, мен эле багайын, сен иштей бер!
- Мамамдар менен сүйлөшөйүн.
- Мен сага да, Жаныштын баласына да жамандык кылбайм, менден баланы ала качпа, Жаныштын баласы менин балам!
- Ойлонойун, мен сизди жамандык кылат деп ойлобойм, бирок...
- Эмнеге бирок?
- Эл ушак кылат го, "Өз баласын бага албай күндөшүнө берип коюптур" десечи?
- Эч кандай ушак кылбайт, кайра билгендер сага ырахмат айтпайбы "эстүү экен, Жаныштын арбагын сыйлаптыр" деп.
Унчукпай калды да көптөн кийин.
- Дарегиңизди жазып таштап кетсеңиз, мен эртең баланы алып барып каламын, - деди.
Зулфия арыдан-бери дарегин жазды да кармата койду. Негедир анын мууну калчылдап сүйүнүчтөн жүрөгү дүкүлдөп, "Чын эле баланы мага береби?" деп кайра "Балким урушпай-талашпай жөнөтүп койойун деп жаткандыр" , деген чаржайыт ойлорду ойлоп жиберди. Аңгыча тиги келин:
- Эже, чай ичиңиз! - дегенде гана алдына дасторкон жайылып, чай сунулуп жатканын көрө таң калып чыныны ала койду. Бир азга чай ичип мууну калтыраганы басылып калгандан кийин сөзгө өттү:
- Жанышты кимдер өлтүргөнүн издеп жатышабы?
- Билбейм, эч жиги билинбейт деп жатышат.
- Жаман болгон экен... - ичинен: "Таап алсачы, менин өлтүргөнүм билинип калсачы?!" деп ойлонуп алып, ал оюнан өзү "селт" эте чоочуп кетти. - Анда мен кетейин, эртең күтөм! - деди.
- Жакшы барыңыз, сөзсүз барам.
Зулфияны чыгарып дарбазаны жаап алган келин мелтирей үнсүз көз жаш төгүп дарбазага жөлөнгөн бойдон тура берди. Ал жөн эле ыйлаган жок, таалайынын тайкылыгына, бактысыздыгына ыйлап жатты.

#29 05 Август 2012 - 17:43
Анипа кичинесинен эле ата-энеси өлүп таежесинин үйүндө чоңойду. Бирде бар, бирде жок болуп кичинесинен эле тирикарак, зээндүү өстү. Ал чоңоё баштаганда таежеси да өлүп калып жети баласы менен жесир калган тажездеси Анипаны анча сүйбөдү. Бир күнү ачык эле:
- Анипа, эми сен чоңойдуң. Эптеп шаарга кет да жаныңды бак! - дебеспи.
Ошондо Анипа он беш жашта эле. Шаарга эптеп бирөөлөргө жармашып келип алды да, кантип жан багыштын айласын таппай бир жума суудан бөлөк эчтеке ичпеди. Бир күнү ыйлап, жашоонун эмес өлүүнүн айласын таппай жандүйнөсү тарып турганда ага бир аял жолугуп калды.
- Кызым, эмне ыйлап жатасың?
Көзүнүн жашын аарчып ылым санап турган аялга чынын айтты.
- Эже, бир жумадан бери ачкамын, зээним кейип кантип өлүүнү да билбей турам!
- Эмне үчүн? Ата-энең, бир тууганың барбы?
- Жок!
- Эч кимиң жокпу? Балким айылда чыгаар?
- Жок эже, эч кимим жок, ата-энем кичинемде эле өлүп калыптыр, өзүм болсо жалгызмын!
- Атаны кокуй күн ай, жүрү мени менен өзүңдү өзүң багасың, мен болгону үйүмө алпарып балдарыма кошуп койойун.
Анипа сүйүнөөрүн же ыйлаарын билбей, оозуна сөз кирбей туруп калды. Аны карап турган аял:
- Жүрү кызым, мени мама дей бер, балдарым мама дешет, менин алты балам бар, сен жетинчиси болосуң, "Жетинин бири кыдыр" дегендей балким сен мага кыдыр болуп жолугуп калгандырсың, - деп кызды кучактап көзүнүн жашын аарчып, колтуктап жөнөдү. - Менин атым Күлүйпа, балдарым керээлден кечке пирожки сатышат, мен жасайм.
Анипа унчукпай келе берди. Алар үйгө жеткенде алдынан кичинекей эки эркек бала чуркап чыкты да Күлүйпаны этектеп:
- Мага эмне алып келдиңиз!
- Магачы? - дешип чарылдап калышты эле Күлүйпа халатынын чөнтөгүнөн конфет алып чыгып экөөнө бөлүп берди.
- Күчүктөрүм менин, бул эжеңер менен саламдашпайсыңарбы, - деди күлүп.
- Салам!
- Чалам! - экөө жарыша быйтыйган колдорун сунганда Анипа эңкейип ал экөөнү балалык баёлугу менен беттеринен өөп койду.
Ошондон баштап Анипа Күлүйпанын өз баласындай эле болуп калды. Илбериңки, жүзү жарык бул кыз тез арада ал үйбүлөнүн өз кишисиндей алынып кетти. Анан калса Анипа эч бир арам ою жок өз ишин кылдат жасаганды жактырчу. Улам күн өткөн сайын чырайына чыгып, жаштык курагы менменситип бойго жетип, көзгө көрүнө түштү эки жылдын ичинде.
Ошентип ал бир күнү жолдо келе жатса бир мас тийишип киргенде кайдан-жайдан экени белгисиз Жаныш чыга калды да, тигини ары алып барып кызды куткарып ийди. Анипа шаша үйүн көздөй чуркап жөнөгөндө анын артынан чакырган үн угулганынан карай салса Жаныш экен.

#30 05 Август 2012 - 17:49
- Чоң кыз, токтой турчу!
Анипа токтоп калды.
- Кайсыл жерге барасың, жеткирип койойун.
- Жок байке, өзүм эле.
- Мен да ушул жакка барам, сен кайсыл көчөгө барасың? Мен Акиевага чейин барам.
- Мен дагы ошол жакка барам.
Катар басып келе жаткан Жаныш:
- Атың, ким? - деди кызды күлүмсүрөй карап.
- Анипа.
- Жакшы, менин атым Жаныш.
Экөө үнсүз бара жатып Анипа үйүнө бурула бергенде Жаныш:
- Ушул жердесиңерби? - деп сурап калды.
- Ооба, - деген Анипа чуркаган бойдон короого кирип кетти.

#31 05 Август 2012 - 17:51
Ошондон көп өтпөй эле Жаныш акмалап жүрүп Анипага эптеп жолукту. Чынында Жаныш Зулфияны эч кимге алмаштыргысы келген эмес, бирок чукулунан эле жолугуп калган Анипа аны арбап алгансыды. Күндө бир маал жолугуп, кээде кафеге киргизип сыйлап жүрүп Анипанын сырын тартууга аракеттенди.
Бирок Анипа ага көп эле чечиле берген жок. Канткен менен жаштыктын деми жакшы эмеспи. Ал Анипага ыктап калгансыды.
#32 05 Август 2012 - 18:09
Жаныштын мамилесинен улам Анипа да өзүнүн тагдырынын кай тарапты көздөй бурулганына саресеп сала албай калды. Жаштык курагынын өкүнүчтүү мезгили өтүп, жакшы адамдардын аркасы менен адам катарына кошулуп бара жатканын ойлоп Жанышка сыр жашырганы менен билинбеген күч аны Жанышка көздөй түртүп баратты. "Мейли, улуу болсо болсун, бактым ачылып кетер, балалуу болуп калсам андан ары жашап калаармын"
, деп ойлоду.
Анипа Күлүйпа апасына кеңешти бир күнү:
- Мама, мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле.
- Айт, айта гой, тартынба кызым, азыр сени өзүмдүн кыздарымдан кем көрбөйм, сенин келечегиң мени абдан ойлонтот, айта гой!
- Мама, мен... мен өзүмдөн улуу бир адам менен сүйлөшүп калдым, анын аялы эч төрөбөптүр, эгер балалуу кылсаң өмүр бою төбөмө көтөрүп багат элем деп жатат.
- Өзүң бил кызым, бул сенин күнүмдүк эмес түбөлүк тагдырың, өзүң билип, өзүң чеч.
- "Үй сатып алабыз, тигил аялым менен ажырашпай эле койойун" деп жатат.
Күлүйпа көпкө ойлуу олтуруп калды да, анан:
- Эмесе мага аны сыртынан бир көрсөтчү, анан айтайын, - деди.
- Макул, - деген Анипа эшикке чыгып кетти.
Анипа "Өзүм жетим кыз болсом, "улуу экен, кичүү экен" дебей эле макул болгонум дурус го, өзүм теңдүүгө тийгенде эле жыргап кетмек белем, кудай буйруп төрөп алсам айткандай эле оюм менен болобу" - деп ойлонуп жүрдү.
Болжошкондой эле бир күнү Анипа менен Күлүйпа базардан аны-муну көтөрүп келе жатканда алдынан Жаныш чыга калды. Ал Күлүйпаны көрүп Анипага сүйлөй албай өтүп кеткенде акырын гана ага байкатпай Анипа Күлүйпага ымдап көрсөтүп койду.
Күлүйпа көрүп эле аны таанырын айтты. Ал тургай абдан жакшы неме экенинен өйдө божурап жиберди. Үйгө келгенден кийин Күлүйпа кечки тамакты ичип балдарынын баары жаткандан кийин Анипаны жанына алып олтуруп мындай деди:
- Анипа, эгер ошол бала сенин колуңду чын ниет менен сурап жатса жок дебе, көп болсо 20 жаш улуу болоор. Бирок аялдын кадырына жетчү бала!
- Ошондой деңиз?! Мен азырынча чече элекмин, бирок... бирок, мен да ошондой деп ойлогом!
- Акылың бар, кызым, акыл менен чечкен жакшы болот, эмнеси болсо да бактылуу бол! - Күлүйпа Анипанын бетинен өөп, чачынан сылап эркелетип олтурганда эреркеп кетти. Анан кантет? Өзүнүн апасынын мээримин көрбөсө, жакшы сөзүн укпаса, ата-эне кандай экенин да билбей калды.

#33 05 Август 2012 - 18:13
Ошондон көп өтпөй эле Жаныш заңгыраган үй сатып алды да, Анипаны ээрчитип алып барып:
- Мына Анипа, бул үй сеники, сенин атыңа жаздырам, мен сенден эчтеке аябайм, жадагалса жанымды да, - деп Анипаны жерден так көтөрүп алып үйдүн ичинде бийлегеничи. ..

#34 05 Август 2012 - 20:07
Анипа булардын баарын ойлоп буркурап боздоп ыйлап туруп эстей берди. Чынында баласын баккысы келбей жаткан. Зулфия келгенде бала ичкери үйдө эле уктап жаткан болчу. Анипа көз жашын жамгырдай төгүп турганда үйдөн баланын ыйлаганы угулду эле ал чочуп кетип үйгө чуркады. Түнү менен эртеңки күнү эмне болуп кетер экен деп ойлонуп кирпик ирмебей таң атырды. Таң агарып жерге жарык киргенде гана көзү илинип кетти.
Эртеси ал баласын көтөрүп алып Зулфиянын үйүн издеп барды. Анипа келгенде чыдамсыздык менен күтүп турган эле Зулфия. Анипаны көрүп утурлай басып келип анын колунан баланы алып бетин ачып эле ыйлап жиберди. Экөө үйгө киргенден кийин Зулфия мурунтан даярдап койгон тамак-ашын дасторконго жайнатып Анипаны колунан келишинче сыйлап жатты. Экөө олтуруп бир бөтөлкө да ичип жиберишти. Зулфия Анипанын тагдырын баштан аяк уккандан кийин аны кучактап алып экөө тең ыйлап басылды да, бети-колдорун жууп келип тамактанып олтурушту. Бир топтон кийин Зулфия баланы кучактап алып бети башынан өпкүлөп жатты. Анткени баласы Жанышка куюп койгондой окшош эле...
Анипа кетеринде Зулфияны сумсая тиктеп көзүнөн аккан жашты салаалап аарчып жатып ый аралаш минткен:
- Эже, мен энемин! Баламды эч кимге бермек эмесмин, бирок сиз жөнүндө Жаныш көп айтаар эле, ошон үчүн Жаныштын арбагын сыйлап сизге берип жатам, экинчи кайрылып келбейм, эми сиздин балаңыз! - деди да чуркаган бойдон кетти.
Зулфия Анипанын кеткен жагын карап, турган жеринде катып кучагында эч нерседен капарсыз уктап жаткан наристени шуу-шуу кумарлана жыттап алды.
Дарбазадан кирип эшигин илди да, үйгө баланы жаткырып анан ойлуу олтуруп калды: "Мен канкормун! Киши өлтүргүчмүн! Ушул наристени мен жетим калтырдым" . Ал ошол олтурган калыбында өксүп алды. Көз жашын аарчып бир аз олтурду да, подвалды көздөй жөнөдү. Адеп подвалга түшө бериште бүткөн бою "дүр" этип алды. Аны Жаныш тирүү кезиндегидей тосуп ала тургансып жүрөгү элеп-желеп боло же корккону же сүйүнгөнү белгисиз, тепкичтен түшө берээринде бая күнү жылан уялап жаткан Жаныштын башы турган жерди карай басты. Азыр жылан жок эле, баш өзү кашкайып сөөккө айланып жаткан экен...

#35 05 Август 2012 - 20:29
Зулфия башты жерден алды да аяр кармап алып тепкич менен өйдө чыгып келе жатып коңгуроонун чырылдаганын угуп шаша-буша кайра подвалга түшө калды. Башты текчеге коюп сыртка чыкты.
Зулфия дарбазанын түбүнө келип бир азга демин басып туруп анан:
- Ким бул? - деди.
- Мен эле! - Зулфия өзүнүн апасынын үнүн таанып эшикти ачып жиберди.
- Кандай кызым, денсоолугуң жакшы эле жүрөсүңбү? Өзүң болсо бизге каттабай да койдуң же байлангыдай балдарың болбосо, - деп айтып ийе жаздады да сөзүн башкага буруп кетти, - капырай, атаң экөөбүздөн кабар алып турсаң боло, карыган чагыбызда.
- Бара албай эле... Эми, апа, баргандан деле уялат экенсиң, күйөөм минтип таштап кетсе... Эми кудай буйруса...
Антип-минтип үйгө киргиче сүйлөшүп баратып үйдөн баланын ыйлаган үнүн уккан энеси чоочуп кетти.
- Ботом, үйдөн чыгып жатабы же телевизордобу?
- Ий-ии, үйдө бала бар, апа!
- Ал.. - Зулфиянын апасы үйгө кирип төрдө кош жаздыкты коюп жаткызган ороодогу наристени көрүп ар кандай ойго кетти, каттабаганы бизге канча болду? Жоо-ок, өзү төрөй турган болгон жок, демек багып алган го, байкуш кызым.
Зулфия ыйлап жаткан баланы ала койду эле, андан апасы алып наристенин жүзүнөн сүйдү.
- Ананайын десе, күлүп калганга жарап калган го, ыя Зукен?!
- Ооба, апа күлүшүп калыптыр...
- Мейли кызым, өмүрлүү болсун, өзүңө күйүмдүү болсунчу деги, атаң экөөбүз сени ойлоп кейип кепчип: "Жашы өтүп баратат, бир кызбы, же уулбу багып алса болот эле" деп жаттык эле, ырас болгон тура, - деп сүйүнүчүн жашыра албай жатты.
Зулфия арыдан бери дасторкон жайып апасына чай куюп берип, колундагы баланы алды да, чүргөктөп атып апасына чынын айтуу керек экенин ойлоп минтти:
- Апа, апаке, бул Жаныштын баласы, кечээ күнү аялы өзү алып келип берип кетти. - Зулфия апасын карап кубанычтуу жылмайды.
- Болсун, балам болсун! - эне баланы кайрадан Зулфиянын колунан алды да, жүзүнөн чымчып өз бармагын өзү өптү. - Ээ айланайын Зукен, бу баланы го бериптир, анан кайра бир күнү талашпайбы?
- Жо-ок апа, "талашпайм, экинчи басып келбейм", деп кетти.
- Ошондой эле болсо болду, балам. Баккан бала ыссык болот, баланын түйшүгүн тартып, уйку көрбөй чоңойтуп алсаң анан талашып олтурса, сенин жүрөгүңдү оорутуп.
- Талашпайт, басып келбейм дебедиби.
- Андай болсо жакшы, - ойлуу туруп калган эне байкоостон эле, - куураган бала.. Деги Жанышты өлтүргөндөр табылбай кеттиби?
Зулфиянын жүрөгү "болк" этип, оозуна сөз кирбей калды, "Оо, Кудай!" - деп ичинен муңканып алды да:
- Ий-ии, табылбай кетти.
- Кайран бала, деги жакшы эле, ушул баланын деле күлкүсүн көрө албай калды куурагыр...
- Аны эмне кыласыз, бешенесине жазган жашоону жашады да!
- Ооба десең, ырас эле ошондой болду го, байкуш! -
Экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтуруп анан жатууга камынды. Жаткандан кийин Зулфиянын не бир уйкусу келсечи, ойлоно берип башы ооруганда өйдө туруп суу ысытты да бир сыйра жылуу сууга жуунуп алып жаткандан кийин тез эле уйкуга кирди.
Эртең менен ойгонгондо күн тийип калган экен, баланын ыйлаганын сезбей уктаган экен, апасы баланы алып олтуруптур. Ал эчак эле төшөгүн жыйып баласын сооротуп олтуруп ойго жетеленди: "Эми ушуну туубаса да аман-эсен чоңойтуп убайын көрсө экен, минтип катуу уктап калса баланын боорун катырып өлтүрүп албас бекен? А балким бала чоңойуп калгандан кийин бала көзүнө жакшы көрүнүп энеси талашып алып койсочу? Анда кызым байкуш кантет?"
Зулфия ойгонгондо бала апасына да болбой ыйлап жаткан эле. Зулфия тура калып эле сүт бышырып, баланын курсагын тойгузууга киришти. Ошентип өзү менен өзү түйшүктөнүп баланын убаракерчилигин тартып жаткан Зулфияга апасы бир жумадай жардам берип, балага каралашып жүрүп калды. Анан кетүүгө кам урду. Зулфия Кубандын алып келген акчасынын четине да тийген эмес болчу, эми баланы алып, апасын базарга ээрчитип барып, атасына да белек-бечкек сатып келишти. Эртеси жолго чыгып кетти. Ал кетерде:
- Кызым, айланайын сак бол, баланы чоңойтуп жолго жорттуруу өтө кыйын, ооруп калбасын, өзүңө да сак бол, аман-эсен тургула, - деп кетти.

#36 05 Август 2012 - 21:00
Ал кеткенден кийин көпкө үйгө кирип алып уулун телмире тиктеп олтурду да, подвалга түшүүнү ойлоп эшигин бекитти. Подвалдын оозун ачып ылдый түшүп текчеде турган Жаныштын баш сөөгүн колуна алып кайра өйдө чыкты да чемодандын жанына келип андан ак сурп алып чыгып баш сөөктү ороп алып баланын жанына чөк түшүп олтура кетти. Кичинекей наристе эч нерседен капарсыз уктап жаткан. Зулфия башты колуна алып туруп аны ары-бери тегерете карап анан:
- Карачы, мен сенин балаңды багып жатам, ал эми менин балам, бирок сеники, сага катталган да, - ал негедир чоочуп кеткенсиди, -ырас эле анда энеси бөлөк да, кой ушундайда метиркени котортуп алайын, антпесе... - Аңгыча бала чукуранып ойгоно баштады. Бир колуна баланы алып, бир колунда баш сөөк: - Сен мени кечирип кой Жаныш, сени сүйгөнмүн, сен менин сүйүүмдү аттап кетпедиңби, болбосо ушинтип менин колумда куураган сөөк болуп турбайт элең, го! Эми мына бул наристеңди колдой көр! - Зулфия баланы ордуна жаткырып анан башты этиеттеп ороп туруп кайрадан подвалдын оозун ачып ылдый түштү да, аны коробкага салып бекитип, анан сыртка чыкты. Подвалдын оозун билгизбей бекитип салды. Чарчаган өңдүү төшөк салбай эле баланын жанына жата кетти, бирок көзү илинер эмес. "Кубандын келбей калганына эки жумадан өттү, эмнеге келбей калды экен? Же ал дагы мени чанып башка ойнош таап алды бекен?" - өз суроосуна өзү жооп таба албай жатып уктап кетти.
Күндөр өтө берди, негедир Кубан дале жок. Зулфия анын келбей кеткени менен иши деле болбой, бала менен алек: "Бага албай шылдың болбосом экен" деп күдүктөнө "уулум, кагылайын уулум, мени кечир, мен сени атасыз калтырдым" , деп муңканып алат өзүнчө. Бүгүн эрте туруп мончо жагып өзү түшүп, анан уулун да үйдүн ичине жуунтту. Курсагын тойгузуп жаткырып өзү жанына жатып алып болтоюп толуп келе жаткан наристени көзү тойбой карай берди.
Ошол учурда коңгуроо чырылдады эле Зулфия дароо ордунан туруп сыртка чыкты:
- Ким? - деди.
- Мен Кубанмын.
- Аа-аа, - деген Зулфия дарбазаны ачты да Кубанды машинасы менен киргизип, анан эшикти бекитти. Машинадан түшүп кабинаны бекитип жаткан Кубанга Зулфия эркелей кетти:
- Сюрприз, мен сага сюрприз көрсөтөм! - ойлуу: - Андан көрө сен менин кубанычыма тең орток боло аласыңбы?
- Эмне үчүн антип жатасың, айтчы?! Сенин кубанычың менин кубанычым, кана көрсөтчү сюрпризиңди.
Зулфия Кубанды колдон ала үйдү көздөй жетелеп кирип, анан:
- Мына, көрдүңбү менин кубанычымды! ? - деди Кубанды эмне дээр экен деп сынай карап.
Адегенде Кубан төшөктө оролгон баланы көргөндө не дээрин билбей туруп калды. Анткени ал дагы бирөөнү эптеп колго түшүргөн экен деп ойлогон.
- Бул кайдагы бала?
- Менин балам!
- Койчу тамашаңды, чынын айтчы?!
- Эмне, мен эмне, балалуу болгонго татыксызмынбы?
- Андай деле эмес, бирок ачыгын айтсаң дегеним да.
- Ачыгын айтсам Жаныштын баласы, муну мага аялы берип кетти.
- Койчу, чын элеби?
- Чын болбогондо мен сага калп айтып жүрдүм беле?
Кубан Зулфияны таарынтып албайын дегенчелик кылып жойпуланып кетти:
- Оо, анда куттуктайм! - Кубан Зулфияны кучактап өөп туруп төш чөнтөгүнөн элүү доллар алды да уктап жаткан наристенин ороосуна кыстарды, - ырымы болсун, көрүндүгү чоң болот.
- Рахмат алтыным, ушундай эле дейм да.
Экөө бир аз кобурашып тамак ичип олтуруп, анан Кубан:
- Төшөк салчы алтыным, иштеп жүрүп чарчадым, өзүңдү сагындым, өзүң да мени сагынган чыгаарсың, сени да сагынсын деп келбей жүрдүм.
- Ооба, сагынмакмын, мынабу жигит келгенден бери ойлогонго чамам жок!
Кубан дароо түнөрө түштү: "Кызык, Жаныш деп жүрүп мени тоготпой жүрдү эле, эми бала деп да мени унутат экен да... "
Аңгыча Зулфия төшөктү калыңдап салды да өзү энеден туума болуп чечинип алып анан ары-бери басып баласынын ороо-чулгоосун даярдап жүрдү. Анын аппак денеси, ичке бели, жазы далысы менен жамбашын карап турган Кубан чыдай албай кетти:
- Келбейсиңби, батыраак келчи, жаным!
- Азыр, уулумдун жалаяктарын, тамактарын белендеп алайын...

#38 06 Август 2012 - 21:07
Эртең менен туруп тамак жасай койгон Зулфия чай ичип олтуруп Кубанга минтти:
- Көпкө көрүнбөй кетчү болдуң, тез-тез эле келип турсаң, жалгыз болсом, боор ооруп койсоң боло.
- Жалгыз болгондо, эмнеге коркосуң, телевизор турат, видео кассеталар турат, каалаганыңды коюп көрүп, зерикпей жашай берсең болот. Эми балаң бар, эрмек болот өзүңө, туурабы?
Зулфия алдындагы уулун карап эзилип койду.
- Апасынын эрмеги, апасынын жалгызы! Кубан, карасаң тим эле Жаныштын өзү, ээ?
- Ий-и, окшош тура, - деди өлгөн немени да уккусу келбей ичи тарып, - Жанышты аябай сүйгөн элең, эми баласын Жаныштын өзүнөн да жакшы көрөт чыгаарсың?
- Баласы эмес, балаң деп сүйлөп жүр, уктуңбу?
- Уктум, уктум, алтыным, кечирип кой!
Кубан кеткенден кийин Зулфия баланы көтөрүп алып базарды көздөй жөнөдү. Ош базарын кыдырып жүрүп бир коляска, кийим-кече алды да, кайра үйгө келди.
Арадан бир жыл өтүп, Зарлык там-туң басып калганда Зулфиянын көңүлү тынып уулу үчүн баарына кайыл болуп калган кезде коңгуроо чырылдап калды. Зулфия Кубан келген го деген ой менен эшикти ачып жиберди да тилден калгандай бир топко делдейип туруп калды, анткени анын маңдайында Анипа турган болчу.
- Кандай эже, жакшысыздарбы? - деген Анипа оңтойсуздана колун сунду.
- Жакшы, - дегенге араң жараган Зулфия ар кайсы ойду ойлоп жиберди. "Баланы бер, алып кетейин дейби, же... "
- Сизге эмне болду эже, мен жөн эле келе калгам, сиз менен катышып турганым эле жакшы окшойт.
- Ий-и ооба, ошентпей анан! Кир, үйгө кир!
Анипа Зулфиянын артынан ээрчип үйгө кирди. Анын эси-дартынын баары эле баласы болчу, үйгө киргенде эки жакты карап анан туруп калды. Зулфия аны байкады да:
- Төргө өтүп олтур - деди да, өзү сыртка чыгып кетти. Ал сыртка чыгып кеткенде Анипа ички үйдү карагысы келсе да батына алган жок. Аңгыча сырттан Зулфия чайнек көтөрүп кирип дасторкон жайып, чай куюп сунуп:
- Кел, Анипа ала гой, чайдан ичип олтур, - деген менен ойлогон ою будуң-чаң болуп олтурду: ""Басып келбейм" дебеди беле, же эне эмеспи түткөн эмес го, баары бир тынч койбойт экен да мени!"
Чай ичип олтурганда экөө тең өз ойлору менен алек болуп олтурду. Анипа: "бала көрүнбөйт, эмне болду экен же... жок жаман ойлобойунчу, балким уктап эле жаткандыр" деп ойлоду.
- Келген экенсиң Анипа, уулубуз болсо чоңоюп жатат, "ата, апа" деп, ал тургай баса баштады, - бир аз унчукпай турду да, - алып кетем десең, өзүң бил... - анын үнү каргылданып кетти.
- Жок, жок эже, албай калайын, ал сиздин эле балаңыз болсун дебедим беле, мен жөн эле, эгер сизден уруксат болсо келип кетип турсамбы деп ойлогом.
- Демек, баладан алыстап калбайын деген оюң бар тура, андай болсо өзүң бил. Бала сеники, мен бирөөнүн баласына көз каранды болгум келбейт!
- Кечирип кой эжекебай, кечирип кой, мен сизди капа кылып алам деп ойлогон эмесмин, балким эже-сиңди болуп катышып жүрөөрбүз деп ойлодум эле... Анда мен кетейин, жакшы калыңыз! - Анипа көзүнө жаш тегерене өзүнүн кылган каталыгына өкүнүп көз жаш төгө үйдөн чыгып кетип баратты.
Зулфия анын артынан тура калып чуркап барды да, оозуна эч сөз келбей колунан жетелеп үйгө кирди. Кечээги Кубан берген акчаны Анипанын колуна карматып, анан ички үйдө уктап жаткан Зарылбектин жанына жетелеп келди.
- Анипа, мына уулуң, чоңоюп калды, күндөн-күнгө кыял-жоругу чыгып келе жатат, алам десең, азыр алып кет! Чоңойгондо талашып жүрөгүмдү күйгүзбөй! Мына бул кийим-кечеси, мына оюнчуктары, коляска алып койдум, баарын, баарын берем, өзүм төрөбөгөндөн кийин бирөөнүн баласы...