Салам баарыныздарга!
!!Коп ойлонуп ачтым бул
теманы.Ой пикириниздерди,
кеп кенешиниздерди
аябайсыздар деген ойдомун☺Эч кимге жашыруун эмес олкобуздогу экономика маселеси ошондуктан баарыбыз эле уй-жай алып жакшы жашоо максатында Россияга жол тартуудабыз.
Айрыкча Москва шаарын коздой.Эми сурайын дегеним бул чон шаарга уй булом м.н баруу кызыктырат мени,анткени балдарымы эч кимге таштай албайм.Куйоом экообуз 2 кызыбызды алып барып иштесек кантет???Башынан ушуга окшогон окуя откондордон кенеш кутом.Уй булоонуздор м.н барып жакшыы жумуш таап иштеп кетуу мумкунбу???Балдар м.н канттиниздер эле?Садикке берген болсонор канттинер эле?Айтмакчы кыздарым 4 ж.а 5 жаштарда.Дегеле мен ойлогон нерсе мумкунбу?кантип эмнеден баштообуз керек?Кенеш кутом
Баракча 1 - 1
Москвада балдарыбыз менен жашоо
#2 30 Март 2019 - 08:45
Биринчиден өзүңөр квартира снимать этсеңер жакшы болот,100 миңдин тегерегинде болот,
Анан балдарды караганы бир кыз жакшы болот.
Болбосо бир эле күйөөңөрдүн иштегени жетпейт, эки адам иштесе жакшы болот.
Баштан өттү.
Анан балдарды караганы бир кыз жакшы болот.
Болбосо бир эле күйөөңөрдүн иштегени жетпейт, эки адам иштесе жакшы болот.
Баштан өттү.
#3 30 Март 2019 - 10:47
Мүмкүн. Неге болбосун? Жашоо азыр эптегендики болуп калды. Аракет кыла бергиле. Менин атам 6 баласы менен барган, үчөө окуучу, үчөө кичине болчу. Ал убакта кыргыздар дет сад ачуу мында турсун, өздөрү 5,6 штук эле болчу)) Азыр жеңил болуп калган. Кыргыздардын дет садтары көп, экөө тең баруучу куракта экен. Башта кыйналасыздар,
квартира снимать этип, ыңгайлуу садик таап, өзүңөр туруктуу жумушка орношуп, жашоонор нукка түшүрүп алгыча кичине кыйналып анан оңойлошуп кетет. Ийгилик, кыздарды ага - буга таштайт элем дебей, көздү жумуп алып кете бериниздер.
Кыйналып акча таап жатканыныздарды көрүп чонойсун, негизгиси өз ата - эне мээрими менен чонойушсун.
Азыр барып жайгашып алгыча көмөк көрсөтөөр тууган урук барбы?
Азыр барып жайгашып алгыча көмөк көрсөтөөр тууган урук барбы?
#4 30 Март 2019 - 11:34
Жок, андай мүмкүн эмес, мүмкүн кылса болот. Бирок акыр аягы келип эле акчага такалат.
Биринчи келип иштеп күйөөңүз экөөңөр, акча чогултуп, квартира снимать этип, квартирант алып, квартираны жаба тургандай, анан балдарыңыздарды алып келсеңиз болот... Эгер азыр эле баарыңар бир келип алсаңар, абдан кыйналасыңар, (практикадан)

#5 04 Апрель 2019 - 22:40
Автор кечирим сурайм теманызга кыпчылып жатам. Москвада комнаталар канча болуп жатат 1 комнатаны снимать эткенге?
#6 04 Апрель 2019 - 22:56
Жакшысы биринчи озунуздор келип квартира снимать этип анан балдарды алып келсениздер жакшы болот го.Общийде бир комната 20 миндей примерно.Бир комнат квартира 25-30 мин.Агент,залог,
первый месяц деп 100миндей кк болот.Кыргыздардын садигин билбейм.Орустардын садигине очередьке койсонуздар болот.Же озунуз кириниз нанечка,воспитатель,
повар же уборщица.ЗП 25 миндей)за то балдарыныз без очередь,сиз мн чогуу барып чогуу келет да.
#7 04 Апрель 2019 - 23:13
Эсимден чыгыптыр.Сотрудник болсонуз балдарга питание бекер садикте.Калган доп.услугилер 50%скидка мн.Мисалы:бассейн,
хореография,
пение,подготовка к школе дегендей
#8 05 Апрель 2019 - 01:35
JanJurok (04 Апрель 2019 - 23:13) жазган:
Эсимден чыгыптыр.Сотрудник болсонуз балдарга питание бекер садикте.Калган доп.услугилер 50%скидка мн.Мисалы:бассейн,
хореография,
пение,подготовка к школе дегендей
Кыйналасыздар. Биринчи озунуздор иштеп,квартира снимать этип,толтуруп, нянька таап анан чакырыныздар. Ынгайлуу садик тапкыдай мумкунчулук жок.Озубуздукулорго берем десениз 14мин айына,еще 7де алып кетип,эрте менен алып баруу керек.Иштесениз минимум 10 саат иш.Жетишпейсиз. Баланы эн азы 10минге каратасыз.Эми эсептесениз иштегениниз балдарга эле кетет.Андан коро озунуз караган он.Озум карайм десениз куйоонуздун тапканы озунордон ашпайт,чогулта албайсыз.
Анан садик дегендерге: Гос садикке беруу ото-ото кыйын.Куткуло деп очередьте тура бересин,ошентип мектепке жетет жашы.Прописка Московская болсо(временный эмес)бат эле чакырат.Биз очередь кутуп отуравыз дагы деле временный менен,биз менен тен коншум барат.
#9 09 Апрель 2019 - 01:45
Салам билгендер болсо айтып койгулачы балдарга загран паспортту кагчага жасатсак болот ким жасатты элчилик жасап береби
#10 25 Апрель 2019 - 20:09
Мумкун,бирок,
кыйынчылыктары да бар.Жогоруда айтып откондой жеке бала бакчалар кымбат,зарплатандын жарымы почти,адаптация болгуча оорушат,а мед.услуга бекер эмес.Баса,эгерде,
мамлекеттик бала бакчага берерде мед.осмотрдан отуу керек,Москвада канча билбейм,Сахалинда 15 минге мед.осмотрдан отушот.Мамлекеттик бакчалар кээде ремонт,карантин деп жабылат,аба алмашуу балага кандай таасирин тийгизет дегендей,ж.б ушундай нерселерди эске алуу керек.Ал эми квартира,жумуш,
документ жагын тушунуктуу эле го.
Эгерде Кыргызстанда убактылуу бекер жашай турган уйунор болсо,атанарды эле жиберип,иштегенин эч кимге бербей(карызга- парызга,той- пойго чачпай)чогултсанар болот.Атанарды сагынсанар, билет деле арзан.Жок десенер,уй-булонор менен кетип,чоогу болсонор деле болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 25 Апрель 2019 - 20:16
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#11 09 Май 2019 - 22:42
Биз 1 балабыз менен москвадабыз мигранттардын садигине барып атабыз кв снимать эткенбиз 15 мин айына садик экоолоп иштеп аракет кылып атабыз бирок топтой албай атабыз буюруп калаар аман болсок главный балабыз жаныбызда!
баарыбир биринчи атанар келип кичине ирденип алганда келсенер жакшы болот.
#12 15 Май 2019 - 14:03
Asylbek88.89 (09 Май 2019 - 22:42) жазган:
Биз 1 балабыз менен москвадабыз мигранттардын садигине барып атабыз кв снимать эткенбиз 15 мин айына садик экоолоп иштеп аракет кылып атабыз бирок топтой албай атабыз буюруп калаар аман болсок главный балабыз жаныбызда!
баарыбир биринчи атанар келип кичине ирденип алганда келсенер жакшы болот.
Садиктик акчасы айына канча рубльдан
#13 17 Май 2019 - 16:51
Баракча 1 - 1