Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#162 02 Октябрь 2015 - 18:22
[font="Georgia"
][color="#0000FF"
][i]Кандай сонун ой жугуртуу... ойлор... жазуулар... Э сарыкыз мага деле уйротчу жазганды
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#163 23 Октябрь 2015 - 17:57
kom (02 Октябрь 2015 - 18:22) жазган:
[font="Georgia"
][color="#0000FF"
][i]Кандай сонун ой жугуртуу... ойлор... жазуулар... Э сарыкыз мага деле уйротчу жазганды
Сизге жакканына мен да курсант)
Үйрөтүү боюнча өзүм биринчи кыйратып алайынчы))) Устатыкка кайдан мага)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#164 27 Ноябрь 2015 - 17:59
XXXXVIII
"Дале балапансың. .."
- Ошол эле бойдонсуң. Эч өзгөрбөптүрсүң! Кымындай дагы...
Мен өзүмө карата ушундай сөздөрдү көбүнөн угам. Жапжакындардан, чала тааныштардан, күн сайын көрүшкөн, жылдап-жылдап жолугушуулардан. .. Анан, ойлоном ай, толгонуп-толготуп) "Бул жакшы сөзбү, же жаман сөзбү?" депчи?) Барган сайын жаман сөз дегенге ооп баратам, бирок туура чечим чыгарып жатамбы, же калпыспы, аны да билбейм) "Ошол эле сары кызсың, сепкилдериң да ошол эле санда" дешет акыркы жолу мени мындан 10 жыл мурун көргөндөр дагы! "Өө-өөля эй, сен грамм токтолбопсуң, каткырганың да, кыйкырып сүйлөгөнүң да баягыдай" деп таң калышат кадимкидей ара-чолодо ар жерде дос болумуштар. "Таштай катыксың, таш жарылат, бирок сен ошол-ошол жарылбайсың, андан көрө өлүп калганың артык" дейт мени өмүр бою жакын билгендер.
Ярлык дешеби, же башкабы, айтор жогорудагыдай окшош сөздөрдүн мага карата айтылуусунан тажай баштадым. Жок, балким, чындап эле туруктуулук жакшыдыр. Бирок ошол туруктуулукка да белчесинен тойдум. Убакыт болсо, сызган бойдон үч ондукту көздөй шашып бара жатат. Ким билет, өмүрүмдүн тең жарымыдыр, же аягыдыр, бирок "ушул кыз ошол-ошол бойдон өтүп кетти ээ" деп эскерүүлөрүнөн мүрзөдөн туруп келчүдөй болуп бара жатам) Өзгөрүүгө даярмын, жакшыгабы, жамангабы, иши кылып, азыркы образдан, азыркы мүнөздөн, азыркы менден башкага. Сыртымды сыйрып туруп, жаңы сыртка жол бошотууга. Ичимди аңтарып-кырып чыгып, жаңы ички дүйнөгө орун кылып берүүгө.
Жаңы жылда буюрса, жумурткамдан чыгам. "Дале балапансың. .." дегендердин "ай, токто, болду, мен сага жетишпей калдым" дегиче оозун ачыргым келип жатат. Канаттарды каккылап, күүлөп, колдон келсе, учууга аракетти баштоо керек болуп калды. Өз жумурткамдан, комфорт зонамдан чыгууга убакыт келип жетти окшойт. Ийгилик, сага, сары жөжө!

#165 15 Декабрь 2015 - 04:44
Мындаай коркомдоп жазганын жакшы го,бирок тажатып жиберчу илимий мааниси жок чыгармага окшоп калыптыр.. Эргуу деп тушунойун десен супсак корунушто калган сымал...Катуу тийсе кечир...
#166 15 Декабрь 2015 - 09:45
Akkyz8081 (15 Декабрь 2015 - 04:44) жазган:
Мындаай коркомдоп жазганын жакшы го,бирок тажатып жиберчу илимий мааниси жок чыгармага окшоп калыптыр.. Эргуу деп тушунойун десен супсак корунушто калган сымал...Катуу тийсе кечир...
Сындан адам сынып калбайт, оңолот)
Супсак болсо, демек, супсак!
Бул темага тыныгуу жарыяладым. Көрүшкөнчө, илхам келгиче) Келбесе, айла жок)
Жакшы-жаман жазылган сөздөрдүн баардыгына рахмат!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#167 15 Декабрь 2015 - 11:59
adalsvards (15 Декабрь 2015 - 09:45) жазган:
Сындан адам сынып калбайт, оңолот)
Супсак болсо, демек, супсак!
Бул темага тыныгуу жарыяладым. Көрүшкөнчө, илхам келгиче) Келбесе, айла жок)
Жакшы-жаман жазылган сөздөрдүн баардыгына рахмат!
Супсак болсо, демек, супсак!
Бул темага тыныгуу жарыяладым. Көрүшкөнчө, илхам келгиче) Келбесе, айла жок)
Жакшы-жаман жазылган сөздөрдүн баардыгына рахмат!
Y?
Кутуусуз билдируу.
Анда- санда бирдеме деп коюп турунуз. Билдируу менен кыпчылсам башкалар мудурулуп журбосун деп окуп коюууп жургондор коп эле болсо керек.
Жумурткадан чыкканда жаза кетиниз, отунуч.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#168 16 Декабрь 2015 - 10:39
Тыныгуу болсо тыныгуу)) зато Жаны жылды мен чыдамсыздык мн куто баштадым)) Адальс сары жожодон чыгаткен деп ))
Керемет создордун ээси албетте керемет инсансын! !
( фонатканмын гоо |\|%1)

Барпылыктар рулит))
#169 17 Март 2016 - 08:21
111 кун болуптур....
Кутуудомун дале...
Ильхомдон дайын барбы?)))
Кутуудомун дале...
Ильхомдон дайын барбы?)))
Барпылыктар рулит))
#170 23 Сентябрь 2017 - 15:33
Тыныгуу мынчалык узакка созулбаш керек,улантыныз!
Кутуудобуз..
.
#171 23 Сентябрь 2017 - 22:22
Апаааа....Качан жазып баштайсыыыз?
Мен да сиздин фанатканызмын.
(^o^) Ар бир ангеменизди сериал куткондой кутуп журчу элем...Качан илхом ака келет экен ааа?
Билдирүүнү түзөткөн: Jasko.: 23 Сентябрь 2017 - 22:24
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
#172 18 Декабрь 2020 - 11:49
#173 27 Февраль 2022 - 12:25
Бул темада эле эмес, деги эле форумда да жазбай калгандан бери биринчи жолу баштан-аяк окуп чыктым. Арадан 7 жыл өтүп кетиптир. Ошол кезде төрөлгөн бала быйыл мектепке барат окшойт...)
Дал ушул теманы мага ушунча убакыт өткөнүнө карабай, эстетип турган эки адамга ыраазычылык билдирем. Улантышым да мүмкүн, улантпай коюшум да мүмкүн. Чыгармамды окуп келген, күтүп жүргөн ар бириңиздерге рахмат айтам!