Шашпай тамактанып болуп, анан үйгө кирип заматта өзгөрүлүп чыга калган Зулфияны көрүп Бүбү таң калып турду. Ал үстүнө кыска жеңил костюм менен шым кийип, чачындагы химиясын тарап койгондо барпайып такыр башкача көрүнүп калган. Көзүнө кара көзайнек тагып, бутуна акыркы модадагы туфлини кийип чыга калды да:
- Балага сак болуңуз, мен тез эле... - деп чыгып кетти.
Зулфия болжогон жерге келгенде аны Эрнис күтүп турган экен. Экөө бир мүнөттөй беттеше калды да, кайра экөө эки жакка бөлүнүп, Зулфия жол жээгиндеги кара машинага олтурду. Тапшырма боюнча ал машинада бала болуш керек, аны сандыкка салып уктатып коймок. Зулфия эч нерседен шек албай эле машинаны айдап жолго чыкты. Бир кезде зуулдаган бойдон Алматы шаарынын аэропортун көздөй жөнөй бергенде күзгүдөн артында кара кийимчен адам олтурганын сезе койду да, өзүн абдан токтоо кармады. Билмексен болуп кетип жатып мурунтан даярдап алган тапанчаны кол сумкасынан эч байкатпай алып алдыда боло турган салгылашууга даярданып, анан:
- Сен кимсиң? - деди токтоо.
- Кимди эмне кыласың, айдай бер!
- Кайда айдашым керек?
- Эмне, сага айткан жок беле?
- Сөздү токтотуп ишке өтөлү, эмне максат менен түштүң?
- Мен сага эми түшүндүрөм!
- деген кара кийимчен Зулфияга тапанча такай калды. - Эмнеге киши өлтүрүп жүрөсүң?
- Адегенде менин колумдан өлгөн адамды айтып бер, анан жооп берейин.
- Кызыңды өлтүрүпсүң!
- Ха-ха-ха, көргөн киши бирок бар бекен? Же мен өлтүргөн адам сага айттыбы? Ким сени мага тукурган, жана менин кунум үчүн канча төлөдү? - деген Зулфия тигил кара кийимченди карабай туруп күлгөн бойдон колун артка буруп ичке атып калды. Байкоостон атылган октон жарадар болуп, чоочуп кеткен кара кийимчендин колундагы тапанча ыргып кетти.
- Кана, мени өлтүргөнүң үчүн канча төлөй турган болду?
- Жок-жок, жан кыйба, мен эптеп жан баккан жан элем, анан...
Чынында эч кандай тажрыйбасы жок неме болчу.
- Анан эмне болду?
- Ошол...
- Анда мындай, сени азыр мен өлтүрөм, мага каршы адамдын тирүү калышын каалабайм!
- Зулфия тапанчанын огу түгөнгөнчө басып-басып алды. Анан жол боюна машинаны токтоткон бойдон өзү так#### олтуруп Бишкекке жетти да, аерден дачага такси жалдап жетип алды. Дачага келгенден кийин Эрниске телефон чалды эле, ал Зулфиянын үнүн угуп чоочуп кетти.
- Эрнис, өзүң кандай жеттиң? Мен болсо ишти өзүң каалагандай бүтүрдүм, баары жайында, эми экөөбүз жолугушчу жерди белгилеп алалы. - деди кекээр үн менен.
- Зоя эже, сиз... - Эрнис башка эч сөз сүйлөй албай туруп калды.
- Тапшырмаңды ойдогудай аткардым, эми жолугушсак менин акымды көбүрөөк төлөйсүң го?
- Зоя эже, менин колум бошобой жатат, өзүм чалам, макулбу?
- Болуптур анда, көп кечиктирбе,
убакытты созо бербей, жумуш болсо бүттү, мен көпкө күтө албайм!
- Макул, - Эрнис дароо эле трубканы коюп койду.
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#142 11 Август 2012 - 12:40
"Акмак, мен сага боор ооруп, ичимден чыкпаса да сыртымдан чыгып өзүм чоңойтуп, аз да болсо мээрим чачып чоңойткон кызым Наргиза үчүн жашоо берип койсо... Ажалың жеткен экен, шүмшүк!"
Зулфия бир жумадай күтсө да эч бир кабар болбоду, акыры ага телефон чалды:
- Ало-о, алоо, бул ким?
- Бул мен. Эрнис, мен сени чыдамсыздык менен күтүп жатам.
- Аа-а, Зоя эже, иш чачтан көп, эч бир мүмкүнчүлүк болбой жатат.
- Менин да убактым жок сени күтүп олтурууга.
- Эртең байланышам! - Эрнис дароо байланышты үзүп салды.
"Аа-а шүмшүк, эптеп жолугушууга жеткирбей мага бир оюн көрсөткөнү турат", деген Зулфия ордунан туруп күзгүгө барды да: "Алдын алышым керек, демек андан мурун мен..." - деп күзгүдөн өзүн карап бир азга турду да, өзүн жасап-түзөп алып, бекитип койгон маска менен кийимдерди алып сумкага салып үйдөн чыкты. Шаарга келип так#### олтурду да, ээн жолго келгенде түшүп калып, шоопурга рахматын айтып кала берди.
Болжолдуу жерге келип кийимин алмашып, сумканы бир пакетке салып, билегине илип алды да, Эрнистин үйүн көздөй жай басып жөнөдү. Бул кезде күн кечтей баштаган болчу. "Дал ушул убакта келет болуш керек, кош бойлуу аялы турса", деп ойлогон Зулфия эки көзү Эрнистин үйү тарапта болуп баратты. "Наргиза, айланайын кызым, кечир мени, мен сен үчүн баарын кечүүгө даяр болсом да, бул акмак болбой жатпайбы, ким эле өлүмгө өзү барсын, сөзсүз сактаныш керек да", деп өзүнчө сүйлөнүп койот.
Аңгыча иңир кирип, көз байлана баштады. Ошол кезде шаардан келе жаткан жарык айылга карай бурулуп, бери көздөй келе жатты. Зулфия оң колунун жеңине тапанча катып алды да, андан озунуп атып жиберүүгө даярданып жатты. Машина Зулфияга бир-эки метрдей калганда ал колун көтөрө машинаны токтотту да:
- Уулум, жардам бер мендей бечара энеңе?! - деп тура калганда Эрнис токтото калып: "Бул кемпирди кайдан көрдүм эле?" - деп төшчөнтөгүнө колун салып, кемпирге тыйын берүүгө камынып калганда Зулфия сол колун суна анын далдоосуна оң колундагы тапанчаны сунуп баратып акчаны ала бермек болуп, акчаны сунуп обдулуп келе жаткан Эрнисти атып жиберди. Ошондо акырек тушка тийген октон чоочуп кеткен Эрнис сол колу менен ок тийген жерин мыкчый кармап, оң колу менен курундагы тапанчаны алганы жатканда Зулфия дагы эки-үч жолу үлгүртпөй атып жиберди эле, Эрнис онтогон бойдон:
- Ш-шур-рку-уя! Келген экенсиң да, озунуп кеттиң!
- Мен сага тийишкен эмесмин, өз убалың өзүңө! Менин кунум үчүн канча төлөмөк болдуң эле?
- Жала-ап, ш-шур-ркуя! Мен сени ит-кушка жем кылайын дедим эле-е!
- Кимдин жем болорун убакыт көргөзөт. - Зулфия артына бурулуп караңгы түнгө сиңип баратты. Ушинтип дагы бир кылмышкердин изи сууп кеткени белгилүү эмеспи.
Үч жолу атылган октун таамай тийбей калганы Эрнисти кыйнап, ал же ордунан тура албай, же кыйкырууга дарманы келбей олтурган жеринде кансырап жатты...
Үч жолу чыккан мылтыктын түнкү караңгылыкты жарган үнүн уккан Наргиза адегенде жөн гана элейе чоочуп алды да, кайра үстүңкү кабаттан ылдый түшүп келип кызматчысын ээрчитип дарбазадан чыгып тигиндейрээкте токтоп турган машинага жетип барышты. Бирок бул учурда Эрнис кансырап сүйлөөгө дарманы жок жаткан. Тез арада тезжардам чакырышып, ооруканага жеткиргенде кан көп кетип калгандыктан врачтардын канчалык аракет кылганына карабай үзүлүп кете берди. Наргиза дагы бир жолу тагдырына таарынып, өксүп ыйлап турду. Эрнистин ата-энеси Наргизаны күнөөлөгөн жок. Ага жөн гана ошол үйдө калууга макулдуктарын беришти. Анткени Эрнис ал үйдү Наргизага жаздырып койгон эле.

#145 11 Август 2012 - 15:09
Зулфия үйүнө келгенден кийин көпкө чарчагандай шалдайып диванда олтурду да, ваннага кирип жуунуп чыкты. "Эми менин жолума эч ким бөгөт боло албайт, мен эркинмин, тынч жашай берем!"
- деп өзүнчө кубанып турду. Анан күзгүнүн жанына келип масканы кийип көрүп: "Кудая тоббо-оо, карасаң, тим эле адам түспөлү тура, каапыр Кубан муну кайдан тапты экен?" - деп ойлонуп турду да: "Акыркы душманымдан кутулдум, мага эми эч ким тоскоолдук кыла албайт!"
- деп сүйлөнүп алып, анан маска менен кийимдерди бекем бекитип, уулунун жаткан жерине кирди. Эч нерседен бейкапар уктап жаткан уулун карап коюп ашкана тарапка өттү эле, аны байкаган Бүбү:
- Тамактанып ал, кызым, баары даяр, - деди.
- Макул, эже, тамактанып алалы, чарчадым...
- Чарчабай анан... күн да абдан ысып турат.
Экөө үндөбөй олтуруп тамактанышты да, Зулфия өз бөлмөсүнө кирип жатып калды.
Ошол күнү ал укмуштуудай түш көрдү, түшүндө Жаныш аны тээ алыста туруп алып өзүнө чакырып жатыптыр. Негедир Зулфия ага сагынычы ашып-ташкандай жүгүрүп жөнөйт. Аралык алыс, аябай чарчап, күйүгүп бара жатып, ойгонуп кетти. Ордунан туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери басып жүрүп, анан муздак суудан ууртап эс алды да, кайрадан ордуна жатты. Бирок өзүнчө бушайман боло берди: "Бул түшүм соо эмес, кан куткарбайт окшойт, мен кокус өлүп калсам баламды, үйдү кимге табыштайм? Сөзсүз ата-энем, бир туугандарым ээ болушат дечи, алар баламды кор кылбай багып, менин керээзим менен бул үйдү чоңойгондо ага берип койоор?" Зулфия ушуларды ойлонуп жатып таң атып кетти. Эрте туруп эч бир көңүлү келбесе дагы тамактанбай туруп машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти. Ал шаарга келип жол боюндагы эң ири жана кымбат кафелердин бирине кирип эртең мененки тамагын ошол жерден ичүүнү туура көрдү. Көңүлү уйгу-туйгу: "Арман ай, чын эле менин да кезегим келип калдыбы? Балким ар бир мүнөт сайын менин ажалым да аңдып, күтүп жаткан чыгаар? Мени эми ким билиши керек. Акыркысы Эрнис деп ойлободум беле, же дагы менин артымда кара көлөкөдөй ээрчиген бирөө барбы?" Ал эки жагын сырдуу карап алып, анан алдына келген тамактан алып аста жей баштады. Кафеде бардыгы жаштар болчу, Зулфияга көңүл бурган эч ким жок.

#146 11 Август 2012 - 15:40
Бир кезде анын жанына тээ баягы-ы пивоканада жолуккан жигит келип олтурду да, өзүнө заказ берип, Зулфияны байкамаксан болуп олтурду. Аны байкаган Зулфия: "Мүмкүн ушул болсо керек, бул кокусунан жолугуу эмес, сак болуш керек!"
- деп ойлонуп тамагын жарым-жартылай түгөтүп ордунан туруп кетип калды. Машинага келип олтурду да, дачага жөнөдү. Ал шаардан чыгып дачаны көздөй бурулганда артында чоочун машина келе жатканын көрүп токтотуп, машинанын алдыңкы капотун ачып караган болуп туруп калды. Тигил чоочун машина өтүп кетти. Көпкө машинанын капотун ачып коюп эки жакты байкап туруп, анан үйүн көздөй жөнөдү. Ал дарбазага жакындай бергенде жанындагы телефондун музыкасы белги берип калды.
- Да, да, угуп жатам, бул ким экен?
- Уксаңыз жашыруун тапшырма боюнча, байланышты үзбөңүз, мен сизди частный мейманкананын жанынан күтөм! Эртең саат беште, - деди да, байланышты үзүп салды.
"Частный мейманкана тааныш, бирок аны Кубан гана билчү, Эрнистин билген-билбегени табышмак, ким болушу мүмкүн? Балким бул менин ажалымдыр, түшүм да соо эмес...?"
Зулфия ал түнү эч кирпик какпады. "Кандай тапшырма, мени билген адамдын акыркысы Эрнис эмес беле? Өмүрдүн кызык, сонун учурун Жаныш менен өткөрдүм, болгону ортобузда бала болбогонунан ушул тагдырга туш болдум... Наргиза кантти экен бечара, адрести да жакшы билбейт тура, болбосо келет беле?"
Таң аппак атты, бирок Зулфия уйку көрбөй таңды тосту, таңдын атышы, күндүн шоола чачыратып чыгып келе жатышы эмнегедир Зулфиянын суктануусун арттырып, ал бул жашоого тойбой турду: "Аттиң, тагдырым ушул тура, эмнеге адам өлтүрдүм???" Анын бүт тулкусу өзүнүкү эместей ооруксунуп, жандүйнөсү сыздап турду. Ал үчүн күн өтүп, убакыттын өтүшү кыйын болду. "Канткен менен кайраттуу адам азапка да, өлүмгө да тике карап, ноюбаш керек!" Зулфия ушинтип ойлоп анан: "Канчаны жайлаган бул колум менен балким аны да оңтою келсе жайлап коюшум мүмкүнү... Же жөн эле тапшырма берээр?"
Күн ылдыйлап, узун күндө саат беш эрте эле көрүнөт эмеспи. Зулфия бейтааныш адам менен жолугушууга даярданып жатты. Мына, саат төрттү көргөзгөндө үстүнө кара узун плащ кийген Зулфия үйүнөн чыгып, так#### олтурду да, болжогон жерге барды. Эч кандай шектүү эч ким жок, көзүндөгү көзайнегин алып, эки жакты карап бир аз турду эле, чөнтөк телефону чыр этти.
- Алоо, угуп жатам.
- Такси менен келдиңизби?
- Ооба.
- Болбойт, өз машинаңызды айдап келиңиз да, ушул жерге келип мени күтүңүз!
- Макул, мен ким менен байланышып жатканымды билбейм, кантип күтөм?
- Сизди мен тааныйм, өзүм жолугам.
- Макул. - Зулфия кайрадан такси кармап үйүнө келди да, машинаны айдап чыкты. Сансыз ойлор аны арбап алды. Ал келгенде анын жанына узун бойлуу, алибеттүү кара шляпачан жигит пайда болду да: "Манас аэропортун көздөй айдаңыз! - деп кайра-кайра: - сиз бул машинанын артынан ээрчиңиз! " деп туура жактагы кара "жип" машинасын көрсөтүп коюп басып кетти. Зулфия "бул адамды кайдан көрдүм эле, тааныш өңдүү сезилет, бир кезде жолуккандаймын? " - деп ичтен ойлоп коюп машинага олтуруп айдап жөнөдү. Ал азыр баарына даяр, кофтанын ичинен шымдын белине тапанчаны октоп туруп оңтойлоп алган: "Кичине эле шек билинсе атып салам", деп ойлоп жатты.

#147 11 Август 2012 - 15:43
Иш чачтан коп болуп кетти, достор, ананыраак кирем ээ? Таарынбай куто тургула , бутооруно аз калды.
#150 11 Август 2012 - 17:52
Ээрчишкен эки машина Манас аэропортундагы ээн жерге жетип токтоду да, "жиптен"
жалгыз гана алиги жигит түштү, "мерседестен"
Зулфия түшүп, кылт эткенди байкап турду.
- Сиз азыр бул машинага олтурасыз да, Кыргызстан менен Казакстандын чектеш жерине барасыз, ал жерден клиенттерге жолугуп товарды берип кайра келесиз! - деди тигил.
- Товар кайда?
- Машинада.
- Жарайт! - Зулфия машинага олтуруп жөнөй бергенде:
- Сизди мен эртең менен жанагы жерден күтөм! - деди да, Зулфиянын машинасына олтуруп жүрүп кетти.
Зулфия чегарага жеткенде аны ырас эле төрт машина күтүп жаткан экен. Ал келип токтогондо аны көздөй бири келди да, машинанын артында турган дипломатты карап коюп:
- Сиз тигил машинага олтуруп жөнөй берсеңиз болот, сыртта байкагандар бар, ошон үчүн дипломатты алып чыгууга болбойт! - Зулфия машинадан чыгып көрсөткөн машинага олтуруп жөнөй бергенде анын артынан эки машина кууп жөнөдү. "Сатып коюшкан экен", деген Зулфия абдан катуу айдап жөнөдү. Улам шаардын көчөлөрүн алмаштырып олтуруп күүгүм киргенде артында куугундун адашып калганын байкап жай айдап чоң көчөгө чыга берээрде кайрадан куугун пайда болду. Аны көргөн Зулфия чоң жолго чыкпай кайра бурулуп бир көчөгө кирди да караңгыдан пайдаланып машинаны токтотуп арттагы дипломатты алып түшө качып караңгы көчөлөр менен жүгүрүп баратып бир бузулган үйдүн короосуна кирип андан ары дагы бир үйдүн короосуна өтө качты да, андан жолго чыга жөнөдү. Тигилер аны бузулган үйдүн ичин тинтип издеп жатышты, машинаны карап көрүшкөндө анда Зулфиянын кол сумкасы, анын ичинде маска гана бар болчу...

#151 11 Август 2012 - 18:42
Зулфия эптеп бир так#### олтуруп кетип жатканда алдынан чыга калган Камаз машинаны уруп кетти. Машина жол жээгинен бир топ алыс учуп барып көмөрүлүп калды. Заматта МАИнин кызматкерлери толуп кетип Зулфия менен шоопурду ооруканага жеткиришти.
Машинадан чыкканда эле Зулфия эсин жоготуп койгон. Анткени Камаз урганда анын башы катуу тийип, төбөсүнөн кан кетип турду. Ооруканадан ага эч кандай жардам берүү мүмкүн эмес экенин айтышты. Анткени анын буту, колу сынып, жүрөгүнөн катуу урулган экен. Дем алуусу кыйындап эч кимди тааныбай үч күн жатты. Үчүнчү күнү кичине эсине келген Зулфия:
- Апа, апа, апам барбы? - деди.
- Ооба, айланайын, мен мындамын. Көзүңдү аччы, кызым.
- Апа, эшикти ачып койчу, аба жетпей жатат, апа, мен адам болбойм, мени тигил босогодо Жаныш күтүп турат, ал ээрчитип кетем деп жатпайбы...
- Садагаң болоюн, дөөрүп жатасың го, кана эч ким жок!
- Жок, апа, мен абдан күнөөлүүмүн, Жанышты мен өлтүргөм... Анын башы менин эски үйүмдүн подвалында!
- Ок, эмне дейт, ботом! Эл укпасын, - Зулфиянын апасы эшикти жаап коюп кайра жанына келди.
- Апа, Закини жакшылап чоңойтуп, калган үй менен менин дүйнөмдү ага бергиле!
- Жаманды ойлобо, кызым.
Зулфия ушул тушта дагы эсин жоготуп койду, ысытмасы көтөрүлүп, ого бетер алдастап дөөрүп кирди.
- Жаныш, койо турсаң эми, мурда таштап кеткенсиң, эми таштай көрбө-өө! Аа-аа, Анипа, сен дагы мага тоскоолдук кылган жатасыңбы, жо-ок, мен эми сага Жанышты бербейм! Сен Кубанды таап ал, уктуңбу, таап ал!
Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан Зулфиянын бүт денесинен тер кетип алсыз дем алып жатты. Көптө барып көшүп уйкуга кетти. Апасы да, сыртта турган туугандары да врач менен сүйлөшүп көрүп, үйгө алып кетүүнү чечишти. Чынында Зулфиянын тамыры зорго согуп калган эле...

#152 11 Август 2012 - 18:56
Айылга келгенден кийин Зулфия үч күн ар кайсыны сүйлөп жатып, үчүнчү күнү түштөн кийин көз жумуп кете берди. Муну уккан Наргиза ботодой боздоп барды. Бирок аны Зулфиянын барындагыдай эч ким тосуп албады. Зулфиянын сөөгүн жерге берип куран түшүргөндөн кийин Наргиза барган машина менен шаарга кетип калды. Ал ыйлап, өз энесин жоготкондой боздоп баратты. Анткени аны Зулфия өз энесиндей аз да болсо асырабадыбы.
. Ошентип кримдүйнөнүн аялдардан чыккан бир өкүлү эч кандай кылмышы билинбей жарык дүйнө менен коштошуп кете берди...
Анын эмне иш жасап, кандай жашап келгени ата-энесине да табышмак бойдон калды.
АЯГЫ

#153 11 Август 2012 - 19:01
Мына туугандар!
Бул чыгарманы да, тез бутуройун деп жанталашып,
ишимде начальнигимден,
уйдон уй-буломдон тил угуп атып бутуруп салдым. Чындыгында уй-буломо конул бурулбай калды эле, Аталык парз, Максачан аял болуп калган оюмдун баары. Эми конулум ток, уй-буломдун конулун алып мандайында болоюн!
Сиздерге аманчылык, ийгилик,Чооон ыраазычылык, мени урушпай чыдап кутконунуздорго!

#156 11 Август 2012 - 20:52
Конгон адат менен дагы кирип алыпмын да. operaledi дагы да болсо рахмат айткым келди.
Билдирүүнү түзөткөн: Elit: 11 Август 2012 - 20:52
#157 11 Август 2012 - 22:56
Чооң рахмат сага!Дагы кызыктуу чыгармалардан жазып тур.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#158 12 Август 2012 - 00:35
Чоон ырахмат.Кызыгуу менен окуп буттум.Уй-булолук бакыт каалайм.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!