Чолпонбек Абыке уулу
Миллионго бааланган
өмүр
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма
#2 07 Март 2013 - 00:33
Атып кетишти. Башка, боорго, жүрөккө атыптыр. Эч кыйналбай көз ирмемде өлдү. Жаңы эле бурчтан чыгып келаткан кайырчы "Чып... чып..." атылган мылтыктын үнүнөн үрөйү уча жыш отургузулуп үстү тегизделип кесилген кара жыгачтын аркасына бүрүшүп жатып калды. Тигил өлгөн адам отурганы жаткан "Мерстен"
жыйырма эле кадамча жерде туурасынаn токтоп турган капкара "БМВнын"
астыңкы эшигинен, чачын кыска тегиздеткен орто бойлуу жаш жигит атып чыкты да, жүгүрүп барып машинасынын капотун кучактай кулаган беркини үңүлө карады да дагы бир жолу колундагы башына "глушитель"
тагылган пистолетти башка такап туруп басып алды да, кайра жүгүрүп барып "БМБга"
отура электе эле машина аткан октой кетти.
#3 07 Март 2013 - 00:37
Өлгөн адамдан ашса он беш кадамча жерде жаткан кайырчы эртерээк бул жерден жоголушу керек экенин түшүндү. Ордунан муундары калчылдап араң туруп, артынан бирөө куугандай өкшөңдөп жүгүрө эки квартал өткөндөн кийин жети кабат үйдүн астындагы подвалга кирип, дайыма жатып жүргөн ордуна жеткенде араң эсин жыя эмне болуп кеткенин кайра баштан элестете баштады. Эки күндөн бери жарытылуу деле эч нерсе таппагандыктан кечөө эки жүз граммча самопал ичкен. Анысы да эмнеден жасалган ким билсин. Арадан эки саат өтпөй жүрөгүн айлантып кусуп салган болчу. Болгондо да бүт ичегиси каңтарылып оозунан чыгып кетчүдөй болуп кускан.
- Оо, оңбогурлар! Кайырчыны да алдайсыңарбы.

#4 07 Март 2013 - 00:41
Эмне деген заман болду, -деп самопал саткан катынды каргаган. Суу ичип кайра кусуп, суу ичип кайра кусуп жатып араң түн ортосу оой эс алган болчу. Бүгүн ишке эрте чыкканы да ошондон эле. "Кечигип калып жүрбөйүн"
деп таң сөгүлгөндөн эле кайта-кайта ойгонуп, койнундагы төш чөнтөгүнө катып жүрчү "Командирский"
деген саатын карап тынчы кете баштаган. Туура саат 6да калың теректердин арасына барып, жанакы өлгөн адам итин ээрчитип сейилдейби карап турган. Саат 6да итин ээрчитип сейилге чыкканда, кубанганынан купшуңдаганын айтпа. Эгер бир жакка кетсе итин аялы же кызы ээрчитип чыкмак. Анда түндөтөн берки күткөн үмүтүн ташкапмак.
#5 07 Март 2013 - 00:47
Адатынча кайырчыларга гана тиешелүү чыдамкайлык менен саат 7 болушун күттү. Анткени, тигил саат 7де жумушуна кетет. Итин ээрчитип сейилдеп барып, кайра келатканда машинасын айдай келип токтотуп коет.
Кайырчы тигил мына машинага отуруп жатканда, бүжүрөп кайта-кайта бата берип жанында пайда боло калчу. Тигил колу ачык адам эле. Же 50 же 100 сом карматчу. Эгерим 50дөн төмөн берчү эмес. Кейпи жанына 50дөн төмөн майда акча салбаса да керек. Ал түгүл бир жолу 10 доллар да берген. Кайырчы өз көзүнө өзү ишенбей делдиреп туруп калганда, жүргөндө үнү билинээр билинбес араң чыккан күзгүдөй жалтыраган "Мерсин" жылдырып жымылдата айдай жылмайган бойдон гана узап кеткен болчу. Кайырчы бул кесипте иштегенине беш жылдан өтүп кеткен, өз кесибин ыгы менен уруна билген тажрыйбалуу ишкер болчу. Ошондуктан, мындай колу ачык айкөл адамдарды ирээнжитип албашы үчүн айына эки ирээт гана барчу.

#6 07 Март 2013 - 00:53
Болгондо да жума күнү. Акыркы кездерде тигил да өзүнүн дайыма жолукчу "клиентин"
таанып калгандыктан,
"Аа салыгыңды алганы келдиңби? Хоп акеси" дечү да дайыма 100 сомдук берчү болгон. Карабайсыңбы каргашаны. Өз көзү менен көрдү. Тигил машинасынын эшигине колун созгондо, "чып" эткен анча катуу эмес үн чыкты да тигинин маңдайы жарылып, мээси машинанын астыңкы эшигине жаба берди. Экинчи жолу "чып" деген үн
чыкканда, боор тушунан "бурт" этип кан атылып машинанын эшигине жаба берди. Кайырчы коендой гана бүрүшүп, кара жыгачтын артында калчылдап жатты го. Каргаша да. Kаргаша. 100 сом жок. Айына эки жолу алчу.
- Уу-у... эсил кайран эр жигит ай... буркурап ыйлап жиберди. Ичи кулдурап өзөгү үзө тартат. Ошо сайын боздоду. - Уу-уу эсил кайран гүл жигит... эми кайдан көрөйүн. Көчөдөн милициянын машинасынын чыңырта сигнал берип бараткан үнү угулду. "Командирский" саатын алып чыгып караса 7ден 36 минута өтүптүр.

#7 07 Март 2013 - 00:59
- Ээй кайбирлер. Аткандар Ташкентке жетти эмгиче... Ташкентке...
- Уу-уу... эсил кайдан көрөйүн гүл жигит а-а... деп көзүнөн жашын мончоктотту. Арыта түндү таң аткыча жортуп жүрүп жаңы эле келип уктап жаткан капкара чоң мышык "Сага эмне болду? Эмне боздоп жатасың? Беш жылдан бери чогуу жашап келатып боздоп ыйлаганыңды биринчи көрүшүм" дегенсип. "Мяо-ов, мяо-оов" деп койду. Чын эле кайырчы ыйлачу эмес. Качан ыйлаганын да унутуп калган. Бүгүн ыйлады. Өзү да түшүнбөдү. Бир айда эки жолу алуучу 100 сом үчүн ыйладыбы же чын эле жигиттин өлгөнүнө жаны кейип ыйладыбы. Түшүнбөдү. Түшүнгүсү да келбеди. Айырмасы кайсы. Бир түшүнгөнү башында кайгы турду. Көз алдында жанагы картина турду. "Чып... чып" октун үндөрү. Ок жеп башы быркырап, боору эзилип, жүрөгү оюлуп кулаган жигит "БМВдан" атып чыгып чуркап келип, даана өлгөнүнө көз жетсе да дагы бир жолу өлүк денеге ок жумшаган чачын кыска алдырган жигит. Кайра-кайра кинотасмадай көзүн жумса да, ачса да улам артка түрүлүп кайра баштан чуурат.

#8 07 Март 2013 - 01:11
Бул күн Кайырчы жумушуна түштөн оой чыкты. Эгер курсагы кыйнабаса, такыр эле аза күтүп чыкпай коймок. Эртең мененки каргашалуу окуя болгон райондон теңирден тескери жактагы кичинекей базарга барды. Бул базарчада да өзүнө тиешелүү орду бар болчу. Барса, жакындан бери кайырчылык ишке өткөн жашыраак бир колу жок кесиптеши отурган экен. Берки үнсүз басып келип отураары менен:
- "Старик" келдиңби? Мен анда бул жерден башка орунга жылт коеюн, -деп үнүн пас чыгара шыбырады. Берки унчукпады. Кайырчылардын өз тилдери бар. Көп келжиреп ич ара сүйлөшө беришпейт. Эл өтүп жатат да.
- Акыркы кабарды уктуңбу? Сен жашаган район жактагы бир "крутой" байды эртең менен атып кетиптир.
- Атса ата берсин, менин ишим эмне. Сенин да ишиң эмне. көп калжырай бербей алдыгы жаагыңды ишиңе жанысаңчы.
- Аның да туура "Старик" . Мен кеттим. Тигил "Жалгыз кол" тура жөнөгөндө:
- Эгер убактың болуп калса кечки тамакты баягы чоң көчүк катындын жаймасынан чогу ичели.
- Хоп "Старик" . Эгер убакыт болсо... Кайырчылардын да бири-бири менен баарлашканга дайым эле убактылары боло бербейт. Себеби жөнөкөй. Же көбүрөөк сеп этип алып эптеп түнөкө жетиш үчүн жөнөп кетишет. Же жолу болбой калып улам орун которуп жортуп жүрүш керек болот. Ушундай заманда жай турмуш кимде эле бар дейсиң.

#9 07 Март 2013 - 01:20
Колтугуна кыскан кирдеген чүпүрөк баштыктын ичине катылган уйдун калың терисинен кесилген үстүнө койдун жүндүү териси капталган көпчүгүн астына салды. Бекер беш жыл кайырчылык кылыппы. Уйдун териси кышы жайы астынан сыз өткөзбөйт. Койдун териси болсо көчүгүн жылуу кармайт. Ары бери өткөндөр "кирдеген баштыктын үстүндө сызда отурат" деп ойлойт. Кайырчылыкка да тажрыйба керек, сызга эртеден кечке отурчу. Бир жылда тигил дүйнөгө кете бересиң. Башындагы жалаяктай болгон кир жаман шапкесин астына коюп ичине бир сомдуктан экини беш сомдуктан бирди, элүү тыйындыктан үчтү таштады да
- Кайыр-садага. .. Кайыр- садага Мусапырга садага... Мусапырга садага Мусапырга берсең садага Кудайдан кайрылат сага - деп анчалык катуу да эмес, анчалык акырын да эмес ары-бери өткөндөргө даана угулгудай коңур, сөздөрдү так кайталаган үн менен термеле созуп кирди. Тээ далайда барып кыска юпка кийген койкойгон сулуу кыздын колун колтугуна кысып алган, курсагы карападай жарашыксыз чедирейген, балбактаган шым кийген бирөө өтүп баратып кайрылды да колтугундагы кызга мактангысы келгенсип бир он сомдук төрт беш сомдукту жөн таштабай бырыштыра ушалай кармап, жанындагы кыздын башынан айландырып- айландырып "Сага оору жолобосун, көз тийбесин жаным" деп туруп "Түф" де -деди. Тигиниси кылыктана "Жоора деги ушунуң калбайт... я не верю такик вешей" - деди да "Түф-ү түф-үү" демиш болду. Кайырчы тынбай:

#10 07 Март 2013 - 01:25
Кудай тилегиңерди кабыл кылсын, Садагаңыздар кабыл болсун... , - деп эпилдеп жатты. Акчаны топ эттире ыргытты да басып кетишти. Акча түшүп түшө электе кайырчы шып ала койду да койнуна сала салды. Тигил чедирекей курсакка чын дилден ыраазы боло "Тилегиңе жетип, алдагы ак балтырдын койнунда чарда" деп ичтен күбүрөй бата берди. Мындай колу ачыктарга ыразы боло билишти да үйрөргөн. Акча деген акча. Түкүрүп эмес көтөнүн аарчып туруп карматса да акчалык күчүн жоготпойт. Кайырчынын койнунда да көп жатпайт. Кичинеден кийин эле дагы биринин колуна өтөт. Андан дагы бирөөнө. Айланып отуруп үч күн мурдагы ээсине кайра барып калышы ажеп эмес.
- Оо - кудай. Кантсе да бүгүнкү насибимден кур койгон эмес экен - деди да дагы кичине отургандан кийин ордунан жыла туруп курулдаган курсактын жанын тындырыш үчүн жөө туманча агылган элге кошулуп сиңип кетти.

#11 07 Март 2013 - 01:31
ххх
Милициянын полковниги генералдын кабинетине кирип келди да:
- Кирүүгө мүмкүнбү?-деди боюн түз кармап чыкчыя.
- Кириңиз, полковник Алпышев. Генерал ордунан тура учурашууга колун сунду. Бул анын полковникти өзгөчө сыйларынын белгиси болчу. Экөө кол алышып учурашкандан кийин полковник колтугундагы папкасын ачып ичинен ак баракка жазылган башка жумушка которуусун, эгер андай мүмкүнчүлүk жок болсо отставка берүүсүн суранган арызын сунду. Генерал ордуна отуруп каштарын түктүйтө арызды шашпай окуп чыкты. Анан башын көтөрүп беркини тикирейе тиктеп турду да:
- Ушундай де, мырза полковник Алпышев.
Им-м. Таак. Полковник какыйган бойдон tурган калыбында.
- Акыркы мезгилде такыр иштөөгө мүмкүн болбой калды, урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич! Генерал анын сөзүн бөлүп:
- Отур!? Отуруңуз мырза полковник, -dеди. Берки отурган калыбында бет алдын сүрдүү тиктеп мелтейди.
- Бери караңыз, мырза полковник Алпышев...
- Менин бул чечимге келишим оңойго турбады, урматтуу генерал, Рысбаевич! Эгер башка ылайыктуу жумушка которууну туура көрбөсөңүз отставкага кетириңиз.

#12 07 Март 2013 - 01:39
Башка кандай жумуш берсеңиз да иштей берем. Чоң кичине дебейм... деди мисирейе генералдын сөзүн бөлүп.
- Айтып бүттүңбү?!
- Так ошондой
- Эмесе мени ук!? Бери карап тур - деди да генерал тигинин арызын төрткө бүктөп жанындагы кагаз майдалагычка салып, кнопкасын басып койду эле күкүм болуп үбөлөнүп түшүп калды. Полковник сүйлөйүн деп келатты эле колун көтөрүп - Коетур! деп койду да ордунан туруп барып сейфди ачып ичинен бир ак барак алып чыкты да полковникке сунду. -Оку!? Полковник ичинен окуп чыкты.
- Урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич! Илгиз Рысбаевич... Сиз дагыбы... Кантип болсун... Коюңуз! Полковник ордунан тура калды.
- Отур! - деди генерал сүрдүү. - Мен бул жерде контрамарканын ичинде күйө берейин. Силер болсо жылуу жумшак, жанга тынч орун издеп жан баккыла.
- Мен жылуу жумшак орун деле сурабайм.
- Токтот актанганды! -Генералдын кыжыры келе өңүнө кан тээп күрөө тамырлары көөп кетти. - Сен экөөбүз милициялык ишти эмнеден баштадык эле. Эң эле ылай жумушунан баштаганбыз. Канча жыл эшектей иштедик. Канча өтүк жырттык. Милициянын турмушунда сен экөөбүз түшүнбөгөн эмне бар, ыя! - Полковник башын жерге салып үн дебеди.
- Бүгүн сен кет. Эртең мен кетейин.

#13 07 Март 2013 - 01:49
Ким иштейт бул жерде. Өмүрү чыныгы кылмышкердин жүзүн да көрбөгөн бирөө келип отурса, миңдеген кесиптештерибиздин,
бизге ишенген элдин убалы кимге, ыя? Болуптур бийик nавостогу патриот сөздөрдү сүйлөбөй эле коелу. Азыр ал модадан калды. Жөн эле көп жылдан бери иштеген милиция катары ойлончу? Эртең биздин орунду профессионалдар ээлесе жакшы. Балким өткөндөгүдөй кайдагы бир жолбун отуруп калсачы. Мына бир жыл болду. Жалаң ошол былгытып кеткен иштерди оңдоо, ошол жолбун талкалап салган кадрларды калыбына келтирүү менен убарамын. Мага эмне кысым болбой жатыптырбы ыя! Мен сени мына ошол кысымга туруштук берет деп ишенип койгом. Мага таяныч болот дегем. Мен сени кыскан жокмун го. Наркомафия деген керосин куйган өрттөй дуулдап күчөп баратат. Кайда чоң акча ошол жерде баары болорун сен эмне билбейсиңби.
Кечээ милицияга кирсең "малакосостун кылары ушул да" демекмин.
#14 07 Март 2013 - 02:03
Генералдын үнү барган сайын жайлап ачуусу тарай баштады.
- Депутаттар наркосоодага өтөт деп ойлобопмун, - деди полковник.
- Койсоңчу баланын сөзүн сүйлөбөй. Акчаны ким сүйбөйт. Наркосоода акчанын аккан дайрасы. Депутаттар даана бал чыккан жерге аюудай жабышчулар. Генерал секретарын чакырды да, "Кофе дайындаңызчы" деди. Полковникке кайрылып: - Жүрү Азамат, тигил жактан сүйлөшөлүчү, - деп полковникке атынан кайрылып, коңшу эс алуу бөлсөмүнө чакырды. Полковник ыңгайсыздана ордунан турду да, али да астында жаткан баракты алып эмне дээрин билбегендей кармалап калды. Ал барак генералдын отставка сурап жогор жака кайрылган арызы болчу.
- Аны мага бер?! - деди генерал. - Числосун көрдүңбү? Эчак жазылган. Тигинин колунан баракты алып, кайра сейфине салып койду.
- Чын эле... аржагын айта албай мукактанды полковник.
- Чын эле отставкага кетейин дегем. Бир окуя болбогондо кетип да калмакмын. - Жүрү бул жактан сүйлөшөлү, - деп генерал өзү баштай эс алуу бөлмөсүнө кирди. Секретары бат эле кофе алып кирип келди. - Коньякты алып келчи, -деди генерал. Секретары алып келген коньякты эки 50 граммдык стаканга куйду да: -Кана алып жибер, - деп өзү башка сөз сүйлөбөй көтөрүп жиберди.

#15 07 Март 2013 - 02:09
Полковниктин генералга кошулуп ичкенден башка аргасы калбады. Генерал сөзүн улады. -Мен жанагы арызды жазып алып жогор жака кириштин ыңгайын күтүп жүргөндө, бир милициянын жубайы арыз менен келип калды. Дартын уксам күйөөсү 23 жыл милицияда иштеп жүрүп окко учуп өлүптүр. Өзү старшина болгон экен. Аялы мурунку менин ордумда иштегенге арызданып келсе, өз милдетин өтөп жүрүп өлүптүр. "Эмне догуңду артасың деп" кууп чыккан экен. Болбогон бир пенсиясын көбөйтүп берүүдөн баш тарткан. Ал түгүл "23 жылда дүйнөнү жакшы эле басса керек. Өлүмүш болуп, байкуш боло калганга кыйын экенсиңер дегеле" дептир. Боздоп ыйлап айтып берди. "Алты баласы артында калды. Киргенге түзүгүрөөк үйүбүз да жок эки бөлмөдө тыгылып жашайбыз. Карааны жүрсө ток элек. Бизге тоодой медер эле. Эми минтип атабыздан да айрылдык"
деп көз жашы чуурса адам чыдагыс. Өзүм кийлигишип,
райакимине чыгып, жалдырап суранып атып төрт бөлмөлүү үй алып бердим. Тиешелүү пенсиясын алуусуна жардамдаштым.
Анан отуруп алып ойлодум "23 жыл старшина болуп милицияда кызмат өтөө деген эмне? Аны сен түшүнөсүң, Мен түшүнөм.
#16 07 Март 2013 - 02:16
Өмүрү жылуу кабинеттен чыкпагандар,
жылуу орундан көчүгүн көтөрбөгөндөр кайдан түшүнөт. Макул кетейин. Мен кеткенден эле бир нерсе өзгөрөбү? Кимге таарынам? Эгер иштей албай кыйналсам ичкен жегеним болуп сиңире албай кыйналсам. Кетсем болот. Анын мафиоздордун,
коррупционерлердин,
наркосоодагерлердин,
элдин эсебинен жан сактаган мителердин,
акча үчүн энесин саткан, бийлик үчүн катынын башка эркекке салып берген акматардын кысымы үчүн мен кетишим керекпи" деп чечтим. Андан көрө колдон келишинче, алымдын жетишинче күрөшөйүн. Алар кууланса мен да кууланайын.
Улам жаңы тактикага өтөйүн дедим. Генерал менен полковник үч сааттан ашык сүйлөшүп отурушту. Генерал мынчалык көп убакытты оңой менен эч кимге бөлчү эмес. Полковник кетип жатканда:
- Урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич, сизден суранайын жанагы арызыңызды менин көзүмчө тиги майдалагычыңызга майдалап таштаңызчы - деди. Генерал кабагы жазыла каткыра күлүп:
- Болуптур мырза полковник Алпышев. Бул сурооңузду жан дилим менен аткарам - деди да сейфинен баракты кайра алып чыгып, кагаз туурагычка салып туруп кнопкасын басып койду эле тигил тилик-тилик майда кылып чыгарып таштады.

#17 07 Март 2013 - 02:20
- Эми ыраазысызбы?
! Эмесе иште ийгилик болсун. Калган сөздү бүт сүйлөштүк. Байланышып тур - деди да кол кысыша коштошушту.
Полковниктин жанагы кирип келаткандагы сустайган кабагы жазылып генералдан жайдары чыкты.
ххх
"Кошбаевди атып кетиптир" деген кабар бүт республикага дүң дей түштү. Бир даарлары "Кошбаевге дааган кандай эр болду экен" десе, "Кокуй Кошбаев деген ким эле ыя? Баары эле Кошбаев, Кошбаев дешет депутат бекен же чоң кызматкер бекен" деген карапайымдар да толтура. Кылмышкерлерди издөөгө улуттук коопсуздукту коргоо комитети, прокуратура, милиция түп көтөрө киришишти. Чаң будуң эле түшүп жатып калды. "Житкен окту аткан ок табат" болуп эчак изи сууп эми ачылбай калды го делген нечен кылмыштардын жүзү сыйрылды. Бирок, Кошбаевди аткандар табылбады. Табылмак түгүл "мылтык үнүн уккам" деген да күбөө чыкпады.

#18 07 Март 2013 - 02:24
"Кошбаевди аткандарды табабыз. Кандай да болсо өч алабыз. Бул иш эч убакта жөн калбайт" деген туугандары,
чогуу иштегендери,
кылмышкерлер жөнүндө жашыруун түрдө болсо да так кабар бергендерге миллион доллар өлчөмүндө байгени коюп жарыя кылышты. Кабар бергендердин аты жөнү эч жерде аталбасына катуу убада кылышты.
- Ту-уй ата... 1миллион доллар... миллион. Эмне деген акча. Ту-уй ата. Телевизор көрүп жаткан Аден ордунан секирип туруп кайра жата калды.
- Тү-ү эй муну жөн эле алып койсоң болот да. Ушундай кичинекей шаарда кылмышкерди таппай калыш. Эй мындай шаарда катуу оосурсаң үнү да жыты да аяк башына жетет кокуй. Үй ичинде эч ким жок болчу. Өзү менен өзү сүйлөшүп жатты.

#19 07 Март 2013 - 02:30
Аден көздөрүнүн асты баштыкча болуп шишиген, мурдунун башы көгүш кызгылт көзү жүлжүгүрөөк көгүш, бети сары балжайгай, чачы суюк ак аралаган орто бойлуу,толмочураак,
жашы кебетесинен элүүдөн эчак ашкандай көрүнгөнү менен чындыгында кырк жетидеги, адам эле. Улуту татар болчу. Өзү детдомдо өскөн. Учурунда КГБнын Москвадагы тынчылардын жогорку мектебин бүтүргөн. Тыңчылыкка көпчүлүк учурда демдомдон алышчу. СССР деген империя тарагыча жалаң наркосоодагерлердин стукачы болуп иштебеген жери калбады. Өзү да аз жерден айыктырууга үмүтсүз наркоман болуп кете сактап барып, араң дарыланып жүрүп айыккан. СССР өз тынчыларына аяр мамиле жасачу. Эшектей иштетчү. Бирок, керектүү адамды сактап калыш үчүн каражат аячу эмес. КГБнын Москвадагы госпиталы оо бейиштин төрүндөй эле го. Кандай гана мыкты врачтар иштөөчү эле. Наркомандыктан айыкканы менен алкоголдон айыга албады. Үч жолу дарыланды. Кайра эле башталып кетет. Союз тараганда Аденге окшогондор биринчи көчөдө калды. Эч кимге кереги жок экен.
#20 07 Март 2013 - 02:34
Кудайга шүгүр дагы ушул бир бөлмө үйлүү болуп калыптыр. Болбосо кадимки тентимиш кебетеси менен кала бермек экен. Жумуш сурап коопсуздук комитеттеринин эшигин түртүп көрдү. Көпчүлүк жерден кейпин көрүп туруп эле "Азыр демократия,
стукачтардын кереги жок" деп коюшту. Бир жолу наркомандарга каршы күрөшүү бөлүмүнө кирди эле арагы жолтоо болуп кайра чыгып калды. Баягы СССРдин учурундагыдай өздөрү дарылатып алмай деген жок экен. "Мен керек болсо иштин кызыкчылыгы үчүн деп жүрүп ушул абалга жеткем" деп догун артып көрдү эле. Жөн гана эшикке түртүп чыгарып коюшту. Канча ойлонсо да колунан тыңчылык кылмай, наркомандарга кошулуп соода жүргүзмөй өңдүү майда иштен башка келбейт экен. Кара курсактын айынан наркосооданын эң төмөнкү бөлүгү болгон кардарларга таркатып сатууга өтүп кетти.
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »