Туткун кыз.Саадатбек Мырзакул уулу Урматтуу окурмандар.Балким бул чыгарманы окуган чыгаарсыздар.Бирок кан
#21 28 Март 2014 - 13:40
13-бөлүм
БУКТУРМА
Дээрлик бир ай бою ар бир
кыймыл-аракетти көзөмөлгө
алышкан милиция кызматкерлери
бул топто канча адам иштээрин,
алар эмне иш кылышарын тактап
чыгышты. Кайсыл мезгилде
чогулушарын да билип алышты.
Алардын өздүк менчик кафе,
ресторан, сауна, казино, шаар
четиндеги эс алуучу жайлар
бардыгы толугу менен тизмеге
түштү. Анда иштешкен ар бир
адамдын өмүр баяны ал киши ким
экени компьютерге түшүрүлүп
тыкан изилденип чыкты. Мындан
тышкары бул жактагылар
түрмөдөгүлөр менен
байланыштары бар экендиги, бул
топто иштегендердин көпчүлүгү
мурун да бир канча жолу түрмөгө
отуруп келишкен коркунучтуу
кылмышкерлер, рецивидисттер
экени айкын болду. Булардын
үстүлөрүнөн жетектеген Роберт,
Альберт деген бир туугандардын
ким экендиги тууралуу жакшы, так
маалымат ала албай коюшту. Чет
өлкөлүктөр тараптан кимдер менен
байланыштары бар экендигин дагы
аныктай алышкан жок. Алар бир
жерде туруктуу турушчу эмес.
Бирде Москвада жүрсө, бирде
Вильнюста, Египетте, Иран,
Аравияда дагы кайдадыр чет
мамлекеттерге учуп кетишип,
күтүлбөгөн жерден пайда болуп
калышчу. Ал жакта эмне иштерди
бүтүрүп жүрүшкөнү белгисиз.
Алардын тобуна милиция
кызматкерлери өздөрүнүн
адамдарын аралаштырып, кошуп
жиберүүгө аракет кылып көрүштү
эле алар бат эле билинип калып
өлтүрүп, көздөрүн тазалап
коюшарда качып кетишип, араң
үлгүрүштү. Көп өтпөй милиция
кызматкерлеринин өздөрүнүн
арасында да тигилердин кишилери
бар экендиги айкын болуп, бирок
алар кимдер, кылдат текшерүүдөн
өтүлүп жатты. Эки жумага жетпей
аларды да кармашты. Алар
милиция мектебин жаңы гана бүтүп
келип иштей башташкан чиндери
ага лейтенант, капитан жаш
жигиттер экен. Алар бул жакка
кайдан келип иштеп калышканы
бүт бойдон изилденип чыкты. Бир
жарым айдын ичинде атайын ушул
багытта иштеп жатышкан агенттер
көп нерселерге жетишишти. Бул
коркунучтуу кримтопту кармоо
боюнча кылдат операция даярдала
баштады.
Акча чыгаруучу жашыруун цехке
бардык региондордон келип
чогулушары, кандайдыр бир
маселени талкууга алышары
тууралуу милиция
кызматкерлерине жашыруун
маалымат келип түштү. Бардыгы
чогулган мындай кырдаалды коё
беришсе алар үчүн кечиримсиз иш
болмок. Булар үчүн атайын
машыгуудан өтүшкөн спецназ,
десанттар жана милиция
кызматкерлеринин эң тандалма
бөлүктөрү катуу куралданышып,
короону күн мурунтан көзөмөлгө
алып, бири-бири менен
байланышып буктурмада турушту.
Качан гана бардыгы толугу менен
чогулуп бүтүп, Роберт, Альберттер
өздөрү да келишкен мезгилде
акырын короо толугу менен
курчоого алынды. Сыртта
турушкан тигилердин
күзөтчүлөрүнүн бардыгы
тазаланып, алардын ордуна
өздөрүнүн кишилери коюлду.
Спецназдын адамдары короо
ичиндеги иттерге уктатма дары
беришип эбакта эле жайлап
ташташкан болчу. Бардыгы тынч,
тыкан иштелип жатты. Дегеле бир
дагы ызы-чуу болгон жок.
Десанттар тобу дабыштарын
билгизишпей жиптер менен короо
ичине тартынып чыгышып, акырын
кирип жатышты. Ар бир топ
өздөрүнө тиешелүү
тапшырмаларын так аткарууга,
жаңылбоого аракеттенишүүдө.
Короо ичи-сыртындагы
күзөтчүлөрдүн бардыгы алынып,
пландары толугу менен иш жүзүнө
ашканда гана күтүлбөгөндөй өтө
эле чагылгандай тездик менен
иштелген штрум башталды. Ойдо
жок жерден терезе эшиктерден
кирип келишкен куралчан
адамдарга цехтин берки
бөлмөсүндөгү залда топтошуп
отурушкандар эч каршылык
көрсөтө алышкан жок. Сырттан
келгендер бардыгын өз убагында
басып калышты. Бир-экөөсү
каршылык көрсөтүшмөкчү болушту
эле күтүлбөгөн соккуларга дуушар
болушуп, колдоруна кишен
салынып калды. Күтүлбөгөн
мындай кокустукка залда
отургандардын бардыгы эмне
иштээрин билишпей бир
ордуларында катып, жалдырай
туруп калышты.
- Колуңарды желкеңерге алгыла да,
куралдарыңарды жерге таштагыла,
кичине эле каршылык көрсөтсөңөр
атып таштайбыз, - атайын
даярдыктан өтүшкөн спецназдын
жетекчисине бардыгы моюн
сунушкандай, колдорун
желкелерине кармаша аны карап
калышты. Моюн сунбай каршылык
көрсөткөнгө эч мүмкүнчүлүктөрү
калбай калган, анткени алардын ар
бирине эки-үчтөн автоматтар
мээленип турган. Бардыгын тең
бир катар кылып тизип
чөнтөктөрүн, кийимдерин бүт
аңтарышып болгон дүр-
дүнүйөлөрүн сыртка алып чыгып,
жерге коюп жатышты. Алар
мындай болуп кетээрин дегеле
күтүшпөсө керек, беш-алтоосунун
гана жан жерлеринде тапанчасы
бар экен, калгандары бейкапар
жандарына эч курал албай
келишиптир. Дубал карап,
колдорун желкелерине алып
тургандарынын баарын кайра бери
каратты. Спецназдын жетекчиси ар
биринин жүздөрүнө түңүлө карап
жатты. Эмнегедир тизмеге алынган
маалыматтар боюнча бул жерде
адам саны жетишпей турду. Бир
нерседен шек алган жетекчи дароо
эле жанындагыларга кайрылды.
- Бул жерде эки-үч адамдын саны
кем, көрүнүшпөйт. Булардын жол
башчылары Роберт, Альберт өзүнүн
телохранителдери менен жок,
каякка жашырынып калышты же
качып кетиштиби?, - ал жанында
тапанча кармап турган офицерге
буйрук бере сүйлөдү, - тез аранын
ичинде бул имараттын ичин эч
нерсесин калтырбай текшерип
чыккыла. Алар сыртка чыгып
качып кете алышпайт, анткени
короо толугу менен чычкан өтө
алгыз болуп курчоодо.
- Жарайт, - өзү менен жети-сегиз
автоматчандарды ээрчиткен
офицер бери жактагы машинелер
токтоп турган чоң гаражга чуркап
барышты да, машинелердин
ичтерин аңтара башташты. Экинчи
топ сактаныша кеминде эле он
беш метрдей бийик, узун темир
шаты менен өйдө карай көтөрүлүп
чыгып жөнөштү. Тээ жогору
жактагы темир эшик ичинен илинүү
экен, ал жерге дароо жардыргыч
зат коюшту да, төмөн карай түшүп
барышып, ары жакта катар
тизилип турушкан чет элдик
машинелерге далдаланышты. Бир
кезде катуу жарылуу болуп, темир
каалганын быт-чыты чыга төмөн
карай ыргып кетти. Жарылганда
учкан сыныктар төмөн жактагы чет
элдик машинелерге тийип,
айнектерин заматта күбүп
быркыратып салды. Ары жактагы
ак мерседестин артында жашынып
турган офицер колун көтөрө
баштай бергиле деп белги берди.
Биринин артынан бири ээрчишкен
баштарына чүмбөт кийишкен беш-
алты автоматчан адам өтө эле
тездик менен кайрадан темир
тепкич менен жогору карай
көтөрүлүп жөнөштү. Талкаланган
эшиктин жанына сактана бир аз
турушту да, экөөсү аны коргоп
үчүнчүсү өтө эле тездик менен
эшиктин ичине чуркап кирип кетти.
Үстүнкү кабаттагы кууш
коридордун тээ аяк жагында
кимдир бирөө жашынып алып, кол
пулемёт менен тындырбай
үстөккө-босток аткылай баштады
эле, бери жактагылар айла жок
далдоо жерге жашынууга аргасыз
болушту.
- Ничего себе, буларда кол пулемёт
бар экен да, баары бир бизди бул
эшиктен киргенге мүмкүнчүлүк
бербейт, алиги офицердин жанына
келген спецназдын жетекчиси
кырдаалды ойлонуштуруп кирди, -
силер беш-алтооңор аны
алаксытып тургула, ал эми экинчи
топ ал жакка башка жагынан жол
таап, айланып баргыла. Эгер
болбой эле каршылык көрсөтүп, ок
атып туруп алышса, граната менен
жардырып салгыла. Антпесе биз
тараптан курмандыктар болуп
кетиши мүмкүн. Болгула тез,
бирөөсү биздин жолубузду бууп
тосуп турат. Ал эми калгандары
качып кетиши мүмкүн. Биз ага жол
бербешибиз керек.
Душмандарын өткөрбөй кадимки
амбразурадан аткылаган
пулемёттой болуп, үстөккө-босток
тынымсыз аткылаган ок бери
жактагыларды, атүгүл баш
көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бербей
жатты.
- Тигини гранатамёт менен
жардыралыбы? - офицер
жетекчисине кайрылды эле, ал
каршы болуп койду.
- Жөн гой, бир аз чыдай тур. Тигил
мен жөнөткөн жигиттер
профессионалдар, заматта эле
мунун ишин бүтүрүшөт.
Чын эле ал айткандай көп өтпөй
эле пулемёттун жаагы жап болду.
Келе бергиле деген белгини көрүп
бери жактагылар көз ачып
жумганча ал жакка жетип
барышты. Кол пулемёт менен атып
жаткан жашы отуз беш менен
кырктын ортолорундагы жигит
экен. Анын эки колун артына
кайрып туруп, кишендеп
салышыптыр. Жанына жетип
келген спецназдын жетекчиси
жакасынан уучтай кармап тигини
өйдө көтөрдү.
- Кана айт, тигилер каякка качып
кетишти?
- Мен эч нерсе билбейм…
Бул менен акыйлашууга убакыттын
тар экенин, баары бир эч нерсе
айтпасын сезген жетекчи
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү.
- Кана, урушта туруш жок, тез
арада бул жактын ичин аңтарып,
шимшилеп чыккыла! Бери жакта
турушкандар туш тарапка
чачыраша темир каалгалардын
бирин автомат менен аткылашып,
талкалап киришти, кууш
коридордогу ар бир бөлмөлөрдү
аңтарып-теңтерип киришти.
Бөлмөлөрдө эч ким жок экен.
Бирөөсү таманындагы капкакты
акырын ачып, төмөн жакка
караңгы жерге көз жүгүрттү да,
жетекчиге кайрылды.
- Биякка келип төмөн жакка
караңызчы? Ал сөзүнүн аягына
чыкпай, төмөн жактан атылган
октон көкүрөгүн баса ары жакка
кулап түштү да, ооруганына
чыдабай онтоп жиберди. Ок өтпөс
чыптамага ок тийгенде денесин
катуу оорутуп жиберген болчу.
Таманындагы темир капкак ачылуу
боюнча калды. Диана акча
чыгарган цехти дал эле ушул
жерден төбөдөн көргөн болчу.
Жогору жактагыларды баш
бактырбай аткылап жаткандыктан,
газ бөлүп чыгаруучу затты
ыргытышты. Катуу жарылуудан
кийин төмөн жак да баары тынчып,
тымтырс болуп калды. Сыягы
газдан ууланышып, эстери ооп
калышты окшойт. Баштарына газга
каршы кийчү маскаларды
кийишкен эки-үчөө дароо эле
аркан жип менен төмөн карай
шыпырылып түшүштү да, караңгы
бөлмөнү кол фонариктери менен
жарык кылышты. Дубалдагы
күйгүзгүчтү көрүшүп, аны акырын
басып коюшту эле, караңгы бөлмө
заматта "жарк" дей түштү. Бөлмө
ичинде кандайдыр бир
станоктордун турганын, темир стол
үстүндө чачылып жаткан ар түрлүү
акчаларды көрүшүп бардыгы бир
аз дендароо боло туруп калышты.
Колунда автомат кармаган алиги
төмөн жактан аткылап жаткан
жигит жерде эси ооп жаткан болчу,
дароо анын колун артына кайрып
туруп кишен салышты да, жогору
карай көтөрүп чыгып кетишти.
Алардын бирөөсү жетекчиге
болгонун болгондой баяндап
кирди.
- Төмөн жакта мындан башка эч
ким жок экен. Бөлмө ичинде
табышмактуу станоктор турат,
сыягы аны менен акча чыгарышат
окшойт.
- Ал жактын газы али кете элекпи?
- Он, он беш мүнөттөн кийин
кетет…
- Калгандары Роберт, Альберттер
өзүнүн телохранителдери менен
каякка жашырынып калышты
болду экен, же качып кетиштиби,
жашыруун жол менен…?
- Жогору жагындагы шыпкада
чатырга чыкчу капкагы бар экен,
алар ошол жак менен кетишти го
дейм?
- Балдарыңды жөнөт тез арада!
- Жарайт!
Беш-алты автоматчан адамдар
капканын капкагын өйдө көтөрүп
ачып, чатырга көтөрүлүп чыгышты.
Анан чатырдын ичинен катар
тизилген жыгач жащиктерди
көрүшө бир азга аярлай токтоп
калышты. Алардын артынан удаа
эле көтөрүлүп чыгып келген
жетекчи жащиктин бирөөсүнүн
оозун ачып, ак желим баштыктагы
жыйылган порошоктон бирди алып
чыкты.
- Вот это да, биз сыягы крупный
мафия менен бандалардын уюгуна
кабылсак керек. Булар
наркотикалык заттар экен…
КУУГУН
Алар жыгач жащиктеги
баңгизаттарды бир аз карап
турушкан соң, андан ары жөнөштү.
Ары жактан кайра төмөн карай
түшчү жыгач тепкичтерди көрүшүп,
биринин артынан бири ээрчише
бардыгы ошол тепкичтер менен
төмөн карай чуркап түшүштү. Ичи
кенен залга киришти да, көптөн
бери иштебей чаң басып жаткан
эски станокторду көрүштү. Диана
да дал эле ушул жакка түшүп
сыртка чыкканга мүмкүнчүлүк ала
албай, кайра артка кайрылып
кеткен болчу. Бардыгы туш-туш
жакка чачыраша көптөн бери
иштебей жаткан эски цехтин ичин
тинтип чыгышты.
- Бул жакта эч ким жок экен. Алар
башка жак менен чыгып кетишкен
го дейм, - өзүнүн жетекчисине
кайрылган офицер анын бир жерди
теше тиктеп турганын көрүп
тынчып калды.
- Коё тур, бобул дубалды көрдүңбү,
жаңы эле чаңдары туш тарапка
учуптур. Болду болбоду ушул
жерде эшик бар. Кана жардыргыч
зат менен жардыргыла бобул
жерди! Көп өтпөй эле дубал
жарылып, ары жагынан кандайдыр
өткөөл пайда болду. Өзүнүн
начальнигинин кыраакылыгына
офицер таң калып калды.
- Карачы, адамдардан амал качып
кутулбайт, алдын-ала бардыгын
пландаштырып даярдаптыр, алар
көп өтпөй эле минага кабылышты.
Катуу жарылуудан эки-үчөөсү ар
кайсы жерге сулай кыймылсыз
жатып калышты. Катуу, болгон
күчтөрү менен чуркап келатышкан
жигиттер басыктарын жайлантыша,
сестенише дап койгонун. Бул эки
еврей оңой адамдардан эмес экен,
азыр колдон чыгып качып кетиши
да мүмкүн, кана жигиттер бол
чамдагыла тез. Тигилерди качканга
үлгүртпөгүлө.
Кууш өткөөлдөгү тепкичтер менен
өтө эле ылдамдыкта төмөн карай
биринин артынан бири азга
келатышып, бир азга аярлай
калышты. Алардын түрүн көргөн
жетекчи чыдай албай өзүнчө
сүйлөнүп жиберди.
- Кап айя, тигилерди эми качырып
жиберебизби? Мындай кырдаалдан
уттуруп жиберсек, анда
кечиримсиз иш. Ушунча наркозат,
акчалардын мафиянын
главарларын качырып жиберсек,
анда иштебей эле койгон жакшы, -
Ал чөнтөгүнөн тапачасын алып
чыкты да, дүрмөткө салып, алдыга
түшө кууш өткөөл менен өзү
чуркап жөнөдү. Ал өз мезгилинде
бокс менен машыгып, кийин
таекванда, каратэге өтүп, атуу
боюнча да нормативди жакшы
тапшырган болчу. Жашы элүүдөн
өтүп калса дагы, алиги кайрат, күчү
тың, чапчаң, шамдагай эле. Кууш
өткөөлдө болгон күчү менен катуу
ылдамдыкта чуркашкан
автоматчан жигиттер ага жете
албай келатышты. Бир аз
чуркашкан соң, кандайдыр чоң зал
сыяктуу жер төлөөгө кептелишти.
Үстүнөн жарык кирип, ачылып
турган капкакты көрүшүп, дароо
эле сыртка көтөрүлүп чыгышты.
Кандайдыр бир короонун ичинде
болуп калышты. Каякка келип
калышкандарын өздөрү да билбей
баштары тегерене түшүштү. Кара
"Жип" машинеси чоң дарбазаны
сүзө, чыгып кеткенин көрүп калды
да, бул тууралуу рация менен
башкаларга кабар берди. Өзү да
короодон сыртка чуркап чыгып,
ары жакта токтоп турган машинеге
жетип барды. Айдоочуга күбөлүгүн
ачып көрсөтө кара машиненин
артынан айдоосун өтүндү. Айдоочу
кыйылып, бир нерсе деп сүйлөйүн
деди эле ага үлгүртпөй аны сыртка
алып чыгып ыргытып жиберди да,
өзү рулга отурду. Көп өтпөй эле
алдыда кетип бараткан кара "Жип"
машинесин кууп жетти. Калаадан
сыртты карай кеткен чоң шоссе
асфальт жол менен экөө куушуп
келе жатышты. Көп өтпөй эле
үстүндө уңулдагы бар
милициялардын беш-алты
машинеси пайда болду. Бардыгы
биринин артынан бири ээрчише
алдыда катуу ылдамдыкта кетип
баратышкан кара "Жип" машинени
кууп келатышты. Алдыңкы качып
бараткан машине ылдамдыгын
мурункудан да катуулатты.
Күтүүсүздөн бактын артынан чыга
калышкан кыз жигиттин, түртүп
келатышкан баласы менен
колясканы уруп кетти. Артта
келаткандар аз жерден аларды
тебелеп кете жаздашып, айланып
өткөнгө араң үлгүрүштү.
Коляскадагы наристе жолдун
четине учуп барып түштү да,
акырын онтой, анан ыйлай
баштады. Кыз жигит болсо
кансырашып кыймылсыз жол
боюнда жатышкан эле. Алардын
тегерегине заматта элдер
үймөлөктөшө түшүштү.
Кара "Жип" машинеси катуу
ылдамдыгынан жазган жок,
артынан удаалаш эле кууп
келатышкан милициялардын
машинеси микрофону менен качып
бараткан машинени токтоо
жөнүндө бир канча жолу эскертип
айтышты. Эгер токтобосо,
аткылоону баштайбыз деп да
эскертип көрүштү. Бурулуштан
чыга калган машине алдынан өтө
катуу ылдамдык менен келаткан
Жипти көрө коюп, шаштысы кете
өтө тездик менен оң жакка буруп
жибергенде жолдун четине чыгып
кетип ала салып кетти.
Буйрукка да, өтүнүчкө да баш
ийбеген бул машинени чоң
көпүрөөгө жетээрине аз калганда
спецназдын начальниги жакшылап
мээлеп туруп арткы эки
дөңгөлөктүн балонун теше атты.
Катуу ылдамдык менен бараткан
машине көпүрөнүн четин сүзө ала
сала чоң каналдагы сууга кирип
кетти. Артта кууп келатышкан
милициянын машинелери улам
жолдон кошулуп отуруп жети-
сегизөө болуп кеткен болчу. Кээ
бирлери көпүрөдөн өтүп барып, кээ
бирлери көпүрөгө жетпей токтошту
да, бардыгы машинеден атып
чыгышып, терең каналга аңтарыла
чөгүп кеткен машинени карай
жабыла чуркашты.
Суунун ичине киришип, көп өтпөй
бети-баштары жарыла эси ооп
калган төрт адамды жээкке алып
чыгышты. Алардын ким экенин
начальник дароо тааып, өзүнчө
кейий башын чайкады.
- Кыраандар десе, баары бир
кармалышаарын билишкенден
кийин ортодо ушунча адамды
"жертва" кылбай, тигил жактан эле
колго түшүп беришсе болмок.
- Каналдын жээгинде кыймылсыз
жатышкан төртөө банданын
жетекчилери Роберт, Альберт
менен алардын жан сакчылары
болчу.
ИЗИ ЖОГОЛГОН КЫЗ
Жасалма акча чыгаргыч цехти
табышкан ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери үчү өзгөчө
сенсация болду. Андан сырткары
эң ири салмактагы баңгизаты да
табылган болчу. Бандалардын
бардыгы чогулган кезде, бир
мезгилде, бири да калбай
кармалышкан милиция
кызматкерлерине бир топ
жеңилдикти туудурду. Ошондон көп
өтпөй калаа ичиндеги белгилүү
ресторан, кафелер, калаа ичиндеги
эс алуучу жайлар, сауналар,
казинолор жабылып, анда
иштегендердин бардыгы камалып
конфискацияга алынды. Диананын
акчасын кайрып ала алышпай
жүргөн чакан топ да бири да
калбай кармалышып, колдоруна
кишен салынды.
Ибрагим колго түшкөн ар бир
адамдан Диананы сурап чыкты.
Бардыгы тең аны тааныбайбыз
дешип, ийиндерин күйшөшө кайра
ага суроолуу карашты. Диана эч
жерден табылбаганы менен Ички
иштер министрлигинин
кызматкерлери үчүн көптөн бери
шек алып дегеле илмек, учугун
таба албай жүрүшкөн ири мафия,
бандалар тобун толугу менен
кылтактарына түшүрүшкөнү эң чоң
олжо болуп турду. Алар дүйнөгө
таанылып, атагы чыгып
келатышкан ири бандалардын
иштери менен алаксып жатышып
Диананы таптакыр эле эстен
чыгарып салышкан болчу.
Сүрүштүрө-териштире ар бирин
бирден сураштырып отуруп, бул
криминалдык топтун өзүнчө жаш
кыздардын менчик түрмөсүн ачкан
тигил Марат Исабеков менен эч
кандай байланышы жок болуп
чыкты. Марат Исабеков мурун
Кыргызстанда көп жылдар бою
органда, КГБда иштеп анан
отставкага чыкса, бул Альберт,
Роберт деген эки бир тууган
Израилде жаш кездеринде эле
карыкчылык, киши
өлтүргөндүктөрү үчүн түрмөдө
отурушуп, ал жактан эки жолу
качып чыгышып чет өлкөгө барып,
кайра Америка, Аравия
түрмөлөрүнө отурганга да
үлгүрүшүптүр. Биринчиси (Альберт)
Аравия түрмөсүндө жатканда
Роберт кандайдыр бир жол менен
аны куткарып чыккан болчу.
Орустардын белгилүү
кримчөйрөсүнүн лидерлери менен
байланышып көрүшүп, алар менен
жалпы тил табыша алышпай койгон
соң, акырын Орто Азия тарапка
жылып келишкен.Ташкентке
келишип, ошол жерден орун-очок
алышып, акырын өз иштерин
жүргүзө башташкан. Жергиликтүү
Ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери алардын өмүр
баяндарын, басып өткөн жолдорун
бүт изилдеп, тактап чыгышты,
бирок акча чыгарган станокторду,
кагаздарды, боёкторду каякта
алышканын таптакыр эле биле
албай коюшту. "Биз баары бир
чыгып, бошоп кетебиз, анда
өзүңөргө эле жаман болот" деп
алар кайра милициянын
начальниги менен тергөөчүлөрдүн
өздөрүн коркутушуп опузага алып
өтүштү. Алардын жашыруун цехин
кылдат текшерип атышып, -
жашыруун жер төлөсүнөн беш
чемодан жапжаңы эч жакка
жумшала элек акча таап чыгышты.
Бир чемоданында толтура жалаң
Америка долларлары, экинчи менен
үчүнчүсүндө өзбек сумдары, бир
чемонанында кыргыз сомдору
менен казак теңгелери,
бешичисинде болсо орус рублдары
экен. Баарынан таңгалыштуусу
акчалардын бардыгын кадимки
акчалар менен салыштырып,
экспертизадан өткөрүшкөндө эч
жеринен кынтык таба албай
коюшту. Бардыгы тең эң чоң
суммадагы акчалар болчу. Дагы
кайсы бир жерде жашырылга эң
чоң суммадагы акчалардын бар
экенин билишип, бирок каяк жакка
катылганын биле алышпай аябай
убараланышты. Чет өлкөлөрдө,
Швейцария банкында булардын эң
жогорку саммадагы акчалары бар
экенин да аныктап чыгышты. Дагы
кайсыл жерде акчалары бар
экендигин изилдеп жатышты.
Контрабадалар жасаган акчалар
мамлекетке бир топ эле байлык
алып келгендей болду, анткени
бардыгы соодага , ары-бери
жүргөнгө жарамдуу акчалар экен.
"Дагы эки-үч жыл болгондо булар
таптакыр эле миллионер,
миллиардер болуп кетишмек экен",
- деп кылмыш иликтөө бөлүмүнүн
начальниги өзү мойнуна алды.
Алар менен байланыш жасап
жүрүшкөн мурунку союздагы
өлкөлөрдө жашаган бул ири
мафиянын адамдары акырындык
менен четинен кармалып,
түрмөлөргө отургузула баштады.
Мунун жытын билип, шек алып
калгандары башка жакка качып
кеткенге үлгүрүштү. Алиги казино,
ресторан, сауна, калаа четиндеги
эс алуучу жайлар толугу менен
конфискацияга алынып
мамлекетке өттү. Акырындык
менен жергиликтүү спецагенттер
бул иш боюнча өтө кылдат
иштешип, али түгөнө элек
"куйруктарын" кармап, банданы
толугу менен тазалоо аракетин
көрүп жатышты. Ири банданын
иштери менен алектенген Ички
иштер бөлүмүнүн кызматкерлери
Диананы таптакыр эстеринен
чыгарып коюшкан болчу.
"Бул бандалар менен Диананын
тиешеси барбы, жокбу, түшүнсөм
буюрбасын, - Ибрагим өзүнчө бир
нерсеге башы жетпей жатты, -
мынакей Диананын артынан жүрүп
Марат Исабековдун кылмыш
ишинин бетин ачканга жетиштик.
Аны менен эле бүтүп калабы десек,
анын артынан издеп жүрүп андан
чоң мафияга туш болдук. Болуптур,
биринчи кылмыш тобун го тагдыр
деп коёлу, ага Бишкекте жүрүп
Диана кокусунан түшүп калды, ал
эми экинчи топ менен кандай
байланышып жүрөт. Баса, алиги
Дианадан калган мендеги эки
пачка акча кайдан келди десең.
Диана аны кайдан алды? Мынча
акчаларды мен беш жыл иштесем
да таба албайт болчумун. Здесь не
то пахнет, менимче Диананын
булар менен да байланышы бар
окшойт. Эгер ал жөн жүргөн кыз
болсо, эмнеге аны куугунтукташат
эле. Ооруканадагы кол салуу,
көчөдөн машинеден атып чыгып,
кимдир-бирөөлөрдөн жардам
сурап кыйкырганы, кайра
дайынсыз жоголуп кеткени.
Мынакей кечээ жакында эле дагы
ак "Мерседеске" " салып алып
кетишти. Эми ал каякта жүрөт,
белгисиз. Же булар аны өлтүрүп
коюштубу? Туура эмес иштерди
жасап "косяк" кетирсе, албетте
өлтүрүп коюшат. Бирок жапжаш,
али эне сүтү оозунан кете элек
кыздын мындай ири мафияларга
аралашып кетишине адам
ишенбейт, түшүнсөм буюрбасын.
Эч нерсеге башым жетпейт.
Кайдасың Диана тирүүсүңбү же
булар сени өлтүрүп коюштубу?
Кайдасың Диана!"
ЖАНГА БАТКАН ЖАЛГЫЗДЫК
Күндө бир маал келип тамак
таштап кетчү адамдар эки-үч
күндөн бери көрүнүшпөйт.
Эмнегедир дымып эле калышты.
Бул жакта адам барбы, жокбу эч
кимдин иштери да жок.
Табышмактуу тынчтык өкүм сүрдү.
Адегенде "мени сынап, атайылап
ушинтип жатышабы" деп ойлогон
Диана, Бирок төрт-беш күн өтүп
кетсе да, өйдө жакта кыбыр эткен
жан жок. "Эмне болду, алар мени
ачтан кыйналып жатып өлсүн деп
жатышабы же акыры чыдай албай
өлүм көзүнө элестегенде, ажал
көзүнө көрүнгөндө айла жок
акчалардын кайда экенин айтып
берет да" дешип кебелбей
жүрүшөбү? Жок дегенде мени эмне
болуп жатат деп келишет эле го. А
эгер чын эле мен өлүп калсамчы,
тигилер акчадан да куру жалак
калышат да, аны эмнеге
ойлошпойт, же акчалардын да,
менин да керегим жок болуп
калдыбы аларга. Же чын эле алар
мени акчалардын каякка
жашырганымды билбестигимди
билип калыштыбы, же алар өздөрү
акчаларды менсиз эле таап
алыштыбы? Жер алдындагы
өткөөлдөрдү жакшылап издешсе,
таап алышы да мүмкүн. Анда мени
эмнеге кармап жатышат, коё
беришпейби, менин аларга керегим
жок болуп калат да, бирок…
Жок алар ал акчаларды таба
алышпайт, бул жерде башка
маселе, башка иш болуп жатат.
Скорее всего мени катуу сыноодон
өткөрүп жатышат, мейли кандай
кылып сынышса деле баары бир
чыдайм. Мындан катуу азаптарды,
кордуктарды көрбөдүн беле. Ушуга
чейин чыдап келгем, дагы
чыдайм". Ал өзү менен өзү
сүйлөшө жападан жалгыз дагы эки
күндөй жатты. Курсагы аябай ачып
чыкиы, өйдө туруп качканга
мүмкүнчүлүк бар бекенби деп өйдө
жактагы темир тор капкакка көз
жүгүрттү. Болгон күчү менен
секирип көрдү, жете алчудай эмес,
аябай бийик экен. "Өйдө жагына
жеткенде эмне пайда, баары бир
үстү кулпулануу да. Илгерки атам
замандагы зындандан эч
айырмасы жок. Ал мезгилде
зындандын оозу мындай болуп
темир тор менен бекилип,
сыртынан кулпу менен кулпуланчу
эмес да. Жөн эле капкакты жаап
коюшчу. Үстү аябай бийик
болгондуктан эч ким чыга алышчу
эмес. Аркан менен түшүрүп, аркан
менен чыгарышчу. Ал эми бул
сыртынан кара кулпу кайтарган
темир капкакты кыйын болсоң
ачып көр, сваркалап эле ачпасаң
темир торду талкалоого же ачууга
эч мүмкүн эмес. Мени бир
куткарса Албина куткара алат,
анткеи анын көзүнчө эле мени
чыркыратышып машинеге салып
кетишпедиби. Ал милицияга
кабарласа, анан мени издешсе,
эптеп бул жерден таап алышаары
мүмкүн. Бирок "алма быш оозума
түш" деп жата бергеним болбос.
Алар мени эч убакта бул жерден
таба алышпайт, жакшылап издешсе
да. Анткени өткөн жолу тигини
алдап сыртка чыкканымда
айланама көз жүгүртүп көрбөдүм
беле. Короонун дарбазасы бек
болсо бул жакка эч ким кире
албайт. Мен эми эмне кылышым
керек, өлүмдү күтүп жата беремби?
Качып чыкканга эч мүмкүн эмес.
Тигилерден эч жакшылык күткөнгө
болбойт. Алар баары бир мени
өлтүрүп тынышат, акчалардын
каякта экенин чынында эле
билбейм да. Шаар ичиндеги жер
алдындагы каршы-терши жасалган
люктадын ичинен кайсы биринен
издейин. Анын үстүнөбаары эле
бири-бирине куюп койгондой
окшош экен…". Бир кезде өйдө
жактан кандайдыр бир добуш
чыккансып кетти, бир жумадан
бери эч ким менен сүйлөшпөй өзү
менен өзү болуп, бир жагынан
курсагы да аябай ачып, жалгыздык
жанга батып араң жан жаткан
болчу. Ордунан атып туруп,
бирөөлөр өзүнө келе жатабы деп
кулагын түрө тыңшап калды.
Айлана кайрадан жымжырт боло
түштү.
- Ээй, ким бар жогору жакта?!
Курсагы аябай ачып, алы кетип
калгангабы же эч ким менен сүйл-
шп-й бир жума бою жерде
жаткангабы, айтор үнү араң эле
кырылдайт.
- ЭЭ-эй, киши барбы жогору
жакта?!
Айлана тымтырс, эч кимдин жок
экенине, жөн эле кулагына ушундай
угулуп кеткенине чындап ишенген
соң, кайра шалдырай отуруп
калды. "Чын эле алар мени унутуп
калыштыбы? Унутпашы керек эле
го, мени унутушса да, акчаларды
унутушпайт эле да, аларга эмне
болду? Бир жумадан бери бири да
басып келишкен жок. Же биротоло
ушул жерде ачкадан кыйналып
жатып өлсүн деп ушундай жаза
чектештиби мага. Эгер чын эле
ушундай жаза чектешсе, анда мен
үчүн эң эле оор жаза болот. Өлүм
жазага чектелгендер дароо эле
өлүшөт го, же атып салышат, же
ток столуна отургузушат, же
болбосо газ менен уулантып
өлтүрүп коюшат. Көп деле
кыйналышпай өлүп калышат. А
менчи, кандай гана азап менен
кыйналып жатып өлөм. Башкадан
өлсө дагы ушул ачкадан кыйналып
жатып өлгөн жаман экен го. Мына
мен уже кыйнала баштадым. Азыр
жок дегенде бир-эки үзүм нан, бир
уурттам суу болсо гана, атаганат" .
Бир жума бою эмне тамактарды
гана ойлободум, жок дегенде
ошолордун бирөөсү эле болсо гана.
Кой, минтип өлүмдү күтүп жата
берсем чын эле ажалды өзүм
чакырып алам, андан көрө жашоо
үчүн кайрадан күрөшүшүм керек".
Диана ордунан турду дагы өйдө
жакты карап алып, болгон күчү
менен кыйкыра баштады.
- ЭЭ-эй-эй-ээээ- эй, өйдө жакта
ким бар?! Тирүү адам барбы, ээ-
ээ-эй!
Бирөөлөрдүн үнү чыгабы деп
токтой калып тыңшай калат да,
кайрадан кыйкырып кирет. Жедеп
кыйкырып атып үнү бүтүп тажаган
соң, кайрадан шалдырап отуруп
калат. Анан бир аздан кийин
ордунан кайра турат да, кыйкыра
баштайт. Таптакыр эле тымтырс,
дегеле шыбырт эткен үн жок.
"Эмне, чын эле акыр заман болуп
жер үстүндө бир да адам калбай
калганбы. Жок дегенде бир
тирүүлүктүн белгиси билинет эле
го. Жер алдындагы көзгө сайса
көрүнгүс караңгылыкта жүргөндө
да дал эле ушундай ахывалга
кабылгам. Как будто жер үстүдө
адам баласы жашабай жападан
жалгыз калгандай сезген болчумун.
Азыр дагы ошондой ахывалга туш
болуп отурам. Анда го караңгы жер
алдындакүн менен түндү
айырмалай албай калган болчумун.
Азырчы, азыр айланам жапжарык,
күн кандай өткөнүн билип турам.
Бирок канчалык кыйкырсам да эч
бир жан жооп кайтара албай, укпай
жатышат. Минтип кыйналып
өлгөнчө, өткөн жолу жер алдында
калганда эле ошол бойдон өлүп
калсам эмне, эмдигиче мынча
кыйналбай, жаным жай ала тигил
дүйнөдө жүрбөйт беле. Болгон
күчүм менен кыйкырып көрөйүнчү,
балким көчө жактагылардан бирөө
болбосо да, бирөөлөр угуп
милицияга телефон чалып
калышаар…"
Акырын ордунан тура кайрадан
болгон күчү менен кимдир-
бирөөлөрдү жардамга чакырып
кыйкыра баштады. Эртеден бери
кыйкыра бери үнү да бүтүп
калыптыр каргылданып. Бир кезде
башы тегеренип кетип жерге кулап
түштү, алынын кете баштаганын
кадимкидей сезе баштады.
Кыйкырбай эле жөн жата бергенде
анча билинбей жаткан, кандай
болгон күчү менен кыйкыра
баштады эле ошондо шалдырап
алы кете түштү. Ордунан турууга
аракет кылып көрдү эле, кайрадан
башы тегеренип жер айлан-көчөк
болуп кетти. "Кой, бир аз жата
туруп эс алып алайынчы, болбосо
үнүм да бүтүп, алым да кетип
калчудай" . Үстүндөгү темир торду
теше тиктей чалкасынан жата
берди, канча жатканы белгисиз бир
кезде ордунан турайын десе , күчү
кетип турганга дарамети жетпей
койду. "Мага эмне болду, чын эле
ажалымдын жеткени ушулбу?
Демек, тигилер мени ачкадан
кыйналып өлсүн дешкен го.
Акчаларды өзү менен кошо көрүнө
ала кетсин деп кол шилтеп
коюшкан экен да. Демек,
жашоомдун эң акыркы чеги ушул
төрт бурчтуу зындан окшойт.
Өлгөндөн кийин өлүгүмдү бир
жерге алпарып көмүп ташташат да,
же сууга ыргытып жиберишет" .
Диана эч нерсени ойлобой өлүмдү
гана күтүп калды. Улам барган
сайын алы кетип, кыймылдаганга
дарманы калбай баратты. Өзүн
капаска салып кетке кишилердин
эбакта эле өздөрү түрмөдө
отурушканын ал билген жок. Алар
болсо капаста камалып жаткан кыз
жөнүндө эч кимисне ооз ачышкан
да эмес.
АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН ИЗДӨӨ
- Кана, Абдувахаб дос өзүңдүн
кеңешиңди айтчы, эмне иш
кылабыз. Диананы дайынсыз
жоготуп жибербедикпи? Мага
жардамдашам деп сен эң жакын
адамдарыңдан айрылып калдың,
Жафар, Хабибула, Рахимдер алиги
китаец жигит Чинь сага да,
өздөрүнүн иштерине берилген
кандай гана жакшы жигиттерден
эле. Бир сөзгө турушкан,
айткандарынан кайтышпаган,
жасайм дегендерин жасашкан,
өздөрүнө бекем ишенишкен, эч
нерседен тайманышпаган эр жүрөк,
эр көкүрөк жигиттерден эле. Алар
менен аз убакыт чогуу болуп
калсам дагы кандай адамдар
экенин жакшы билип калдым. Адай
ишенимдүү адамдар эч убакта
бирин-бири сатышпайт болчу. Сен
үчүн, мен үчүн, Диана үчүн
өздөрүнүн керт баштары менен
жооп беришти. Эч нерседен
тайманышпай кармашып жатышып
оо дүйнөгө кете беришти,
ыймандары саламат болсун.
Алардын кылган жакшылыктарын
эч убакта унутпайм…
Бирок, канчалык аракет
кылганыбыз менен иштерибиздин
соңуна чыга алган жокбуз. Албетте,
мага неудобно, сенден кайра-кайра
эле жардам сурай берген. Андан
көрө, как дос катары кеңеш
сурайын, мен эмне кылышым
керек. Диананы кантип табам?
- Мен сага жердеш катары эмес,
дос катары колдон келишинче
жардам бергенге милдеттүүмүн.
Раз баштадыкпы бул ишти, ушул
боюнча таштап салбай аягына
чейин чыгышыбыз абзел. Табабыз
аны, эгер тирүү болсо эле табабыз.
Булуттан жылт этип чыгып, кайра
жоголуп кеткен айга окшош бул
сулууну сөзсүз табабыз. Баса,
грузин жазуучусу Шота
Руставелинин "Жолборс терисин
жамынган баатыр" деген
чыгармасын окудуң беле?
- Жок.
- Мен сени дал эле ошондогу
башкы каарманды элестетип
жатам. Ошол чыгармада Тариэл
деген жигит өзүнүн сүйгөн кызы
Нестан Даражанды жоготуп
жиберип, анын артынан издеп
кандай гана азаптарга кабылбады,
кандай гана тоскоолдуктарга,
кыйынчылыктарга учурабады.
Акыры көздөгөн максатына жетти.
Сүйгөн кызын таап, ага үйлөндү.
Сен жалгыз эмессиң, бизге
окшогон досторуң бар, эч
мүңкүрөбө, эч кейибе, аракет
кылсаң берекет болот. Аны сөзсүз
табабыз, көрөсүң дос, экөөңөрдүн
свадьбаңарга мен өзүм жардам
берем. Милиция кызматкерлерине
ишенип отура бергенче, өзүбүз өз
алдыбызча аракеттенишибиз
керек. Мен дагы ишенимдүү
кишилерди табам бизге
көмөктөшкөнгө, алар Ташкент гана
эмес, бүтүндөй Өзбекстанда
жашаган көптөгөн адамдар менен
байланыштары бар. "Жалгыз дарак
т окой болбойт" аны издегенге
көптөп жибербесек, бул иш узакка
созулуп кетиши мүмкүн. Бүгүндөн
баштап ишке киришебиз, урушта
туруш жок. Абдувахаб менен
Ибрагим экөө дайысыз жоголгон
Диананы издеп табуу үчүн чындап
ишке киришти. Аларга достору,
тааныштары кошулушту. Бардыгы
тең көчөлөргө чыгышып, эртеден
кечке чейин автовокзал, темир жол
вокзалдары, универмаг, парктарды,
ар бир кафе, ресторандарды,
казинолорду, шектүү үйлөрдү
кыскасы эл көп жүргөн жайларды
эч нерсесин калтырбай
шимшилешип издеп чыгышты. Ал
тим эле кумга сиңген суудай
дайынсыз жоголуп кетти. Дээрлик
жарым айдан ашык катуу издөө
салышты, акыры тажай
башташкандар өз иштери менен
кете башташты. Ибрагимдин
айласы кеткенде аларга акча
төлөп, жалдап издеттирүүгө туура
келди. Кимде ким Диананын кайда
экенин айтып берсе же таап
келишсе, он миң америка
долларын сыйлыкка койду. Андагы
Диананын жан жеринен кокусунан
таап алган эки бооланган акчасы
али чети да оюла элек болчу.
Тажай баштаган адамдарды акча,
сыйлык менен кызыктырууга
аракет жасап көрдү. Көпчүлүгү
анын сөзүнө ишенишкен жок, анан
акчанын өзүн көргөн соң гана
чындап ишке киришишти. Издөөнү
улантуу кайрадан күч ала баштады,
атүгүл иттер менен да издетип
киришти.
КОРОО ИЧИНДЕГИ ТАБЫШМАКТУУ
ДОБУШ
Эртеден кечке короодо ойноп
жатышкан балдар эмнегедир эки
аптандан бери кошуна короого
кирип-чыгып жатышкан
машинелердин дайындары чыкпай
эле дымып калганын байкашты. Ал
жак таптакыр эле тымтырс боло
бир дагы адамдын карааны
көрүнбөй калган болчу. Короого
жакындап келишти. Улуурагы
жанындагыларга кайрылды:
- Ичинде эмне бар карап
көрбөйлүбү?
- Кишилер бар болуп калсачы?
- Кыбыр эткен жан көрүнбөйт го,
эгер кишилер бар болсо качып
кетпей жаныбыз жокпу?
- Ууру деп кармап алышсачы?
- Биз эч нерсесин уурдабайбыз
да…
- Ичинде дөбөт иттер бар болуп
калсачы, балтырыбызды үзүп алат
да.
- Коркоктор десе, кирбесеңер
койгула, өзүм кирем, - алиги
улуурагы кантип жетем дегендей
бийик дубалдын баш жагын карап
койду. Анан акырын келип темир
дарбазанын жычыгынан короонун
ичине кылдат көз жүгүртө
баштады. Ага кошулушуп беркилер
да дарбазага жакын келишип ар
кайсы жылчыктарынан короого
байкоо жүргүзүп киришти.
- Ичинде биз кызыга турган деле
нерсеси жок го, ал жактан эмне
тапмак элек, алтын тапмак белек.
Жүргүлө андан көрө башка жакка
барып ойнойбуз.
Алиги баарынан улуу, бою узун
өспүрүм калып калды да
калгандары мурунку эски
ордуларына ойногону кетишти.
Айткаынан кайтпаган өспүрүм
дарбазадан короо ичин карай
берди. Бир аз турган соң ичине
кантип кирсем дегендей
айланасына көз жүгүртүп алды.
Дубалдан анча алыс эмес турган
бактын башына тартынып чыгып,
короо ичине кылдат байкоо
жүргүздү. Эч бир тирүүлүктүн
белгиси жок, ээн, тымтырс.
"Машине менен эле кирип чыгып
калышат, эмне иш кылышат болду
экен бул жактан? Же тээтигил чоң
складдын ичине бир нерсе
жашырышабы. Балким курал
жашырган склад болсочу?" Анын
көзүнө кудум эле кинодогу курал-
жарактар турган склад элестеп
кетти. Кадимки кинодогу
колдоруна, бүткүл денесине
байланган автомат, тапанча менен
куралданган боевик жигиттердей
элестетип койду өзүн. "Балким чын
эле ичинде куралдар болуп
жүрбөсүн? Улам башка түстөгү чет
элдик машинелер кирип калышат
эмеспи. Булар соо машинелер
эмес, бир балээлери бар. А балким
тигил жакта наркотик жашырылган
болсочу? Эмнеси болсо да
көрөйүнчү ичин. Эгер ичинде
кишилер бар болушса качып кетпей
же болгон күчүм менен кыйкырып
буларды жардамга чакырбай
жаным жокпу", - ал бактан жерге
жылмышып түштү да, кайра
дарбазанын жанына келди.
Карманганга эч илмеги жок экен,
кирпич дубалдардын ар кайсы
жерин кармалап тартынып,
көтөрүлүп чыгып келатып колу
тайып кетип чалкасынан кулап
түштү. Ары жакта аны карап
турушкан балдар "дуу" этише
шылдыңдап каткырып күлүп
калышты. Буга ызалана түшкөн
өспүрүм денесинин ооруганына
карабай ордунан атып турду да,
кайрадан дубалга жабышты. Бул
жолкусунда мурункусунан да
жогору көтөрүлдү, дагы колу тайып
кетип бийик жерден кулап түштү
жерге. Далысы менен катуу
тийгендиктен өпкөсү куушурула
дем ала албай өзөрүп калды. Ары
жакта ойноп жаткан балдар жабыла
чуркап келишип, аны тегеректеше
тургузууга аракет кылышты. Көк
беттенген өспүрүм ордунан
акырын туруп, кайрадан дубалга
жармашты эле биркилер
жардамдашыша аны буттарынан,
далысынан жөлөшүп өйдө карай
тартынып чыкканга көмөктөшүп
жиберишти. Дубалдын башына
чыккан өспүрүм кадимки атты
мингендей эки бутун эки жакка
өткөрө туурасынан отуруп алды.
- Ичинде эмнелер бар экен? -
төмөн жактагылар кызыгыша,
жабалакташа сурап жатышты.
Алардан өзүн бийик, жогору сезген
өспүрүм эч нерсе айтпастан
короонун ичине секирип түштү.
Дарбазанын жылчыктарынан
жабалакташа карап турушкан
мадыра баштардын жанына басып
келди.
- Силер мени ушул жерден эч
жакка кетпей карап тургула. Бир
нерсе болсо эле жабыла кыйкырып
киргиле. Ары жактагыларды
жардамга чакыргыла, - ал акырын
ары көздөй жыла басып короо
ичиндеги складдарды кыдырып,
өзүнө жаккан бир нерсе издей
баштады. Бири-бирине жакын
салынган үч-төрт склад бар болчу.
Терезелеринин баары темир тор
менен тордолуу экен, айнектен
шыкаалап ичи карады. Эч нерсе
көрүнбөйт. Ары көздөй жылып
жөнөдү. Адегенде короо ичин бир
сыйра шимшилеп чыккысы келди.
Бир эмес эки сыйра текшерип
өттү. Өзүнө керектүү эч нерсе
таппаган соң эми складдардын
терезелеринен ичине көз жүгүртө
баштады. Терезеси тордолуу, ал
эми эшиктери болсо сыртынан
кулпулануу экен. Өзүнө ылайыктуу
эч нерсе таппаган соң көңүлү чөгө
отуруп калды. Дубалдын ары
жагында дарбазанын
жылчыктарынан жабыла шыкаалап
турушкан балдарга бул жактан бир
нерсе таап алып мактангысы
келген. Баарынан бийик, өзгөчө
болуп салынган складдын эшигине
келип, кулпусун тарткылап ачууга
аракет кылып көрдү. Колунан эч
нерсе келбегенине жини келе
эшикти "тарс" эткизе тээп алды да,
ары көздөй басып жөнөдү. Бир
кезде дал эле ушул складдын
ичинен кандайдыр бир аялдын
кыйкырганындай үнү угулуп кетти.
Чын эле уктумбу же жаңылыш
уктумбу дегендей бир ордунда
былк этпей катып калды да,
акырын сол кулагын ошол
кыйкырык чыккан жакка төшөп,
дагы угулаар бекенби дегендей
күтүп калды.
- Ээй ким бар жогору жакта?!
Ал өз кулагына өзү ишенбей
селейип эле катып калды.
- Ээ-эй, ээ-эээ-эй, өйдө жакта ким
бар?!
Бул жолкусунда аялдын үнү даана
угулду кулагына. Оюна жаман
нерсе кетти, үй ээси же арбак,
көрүмчүлөр болушу мүмкүн деп
ойлоду. Дароо эле дарбаза жакты
көздөй болгон күчү менен
тызылдап чуркап жөнөдү. Артынан
бирөө кубалап келип желкесинен
аткый кармап, ары көздөй алып
кетчүдөй, жүрөгү дүкүлдөй коркуп,
болгон күчү менен тырмыша
дубалга көтөрүлүп чыкты да,
короонун артына секирип түштү.
Өңү бопбоз болуп турган өспүрүмгө
ары жакта турушкан балдар
жабалактай сурай кетишти.
- Эмне болду, бирдеме көрдүңбү?
- Жок, эч нерсе болгон жок, эч
нерсе көргөнүм жок, - ал эч кимге
эч нерсе жооп бербей ары көздөй
басып кетип калды.
ҮЗҮЛБөГөН ҮМҮТТөР
Диананын эне-атасы Бишкекке
келгенине дээрлик эки жумадан
ашып калган болчу. Алардын үйүнө
Ибрагим келип кеткенден кийин
кандайдыр бир үмүт шооласы
чачырап жоголгон кызын балким
таап калабызбы дешип, Токмоктон
Бишкекке келишкен. Алиги кесилип
кеткен Марат Исабековдун менчик
түрмөсүндө отуруп чыгышкан
кыздарга жолугушуп, Диана
жөнүндө сураштырып көрүшкөн
болчу. Алардын дээрлик көпчүлүгү
Диананы жакшы билишпейт экен.
Анткени аны Кыргызстандын
түрмөсүнө аз убакытка эле кармап
анан Ташкентке алып кетишкен
болчу. Бул боюнча алар
жергиликтүү милицияга да
кайрылышты. Алар да анча биле
беришпейт экен, бирок издөөгө
жардам беришкени кыздын
сүрөтүн алып калышты. Издеп-
издеп эч жерден анын дайынын
табышпаган соң Ташкентке жөнөп
Ибрагимди тапмай болушту.
Жаңыдан эле даярданып жөнөөгө
камданып жатышканда
телефондон бир кыз чалып калды.
- Сиздер Диананын эне-атасы
болосуңарбы, анын дайынын
билбей, таппай жүрөсүңөрбү? Мен
Диана менен чогуу Ташкентке
болгом, ал жөнүндө бир топ
маалыматтарды билем…
- Үмүттөрү өчүп бараткан билик
кайрадан жалп этип жана түштү.
Өздөрүнүн адресин айтып кызды
чакырып алышты. Ал баягы
саунадан Диананы качканга
жардам берген, кайра кармалып
калганда токмок жеп эси ооп
жатканда нан алып келип берген
Айгүл деген кыз болчу. Ташкенде
болгон окуянын чып-чыргасын
коротпой бүт айтып берди.
- Эң акыркы жолу аны көргөнүмдө
туткунга түшүп калышкан
кандайдыр бир кишилерди
тааныйсыңбы деп өзүнчө алып
чыгып көргөзүп жатканы эсимде.
Андан кийин биз жаткан үйдү
солдаттар менен милиция
кызматкерлери курчап алып,
ичинде курчоодо калгандар болсо
бизди барымтага кармашып,
ортодо атышуулар, ызы-чуулар
болуп кеткен болчу. Атышуу
мезгилинде бир топ кыздарыбыз
каза болушкан. Аларды биздин
үстүбүздөн караган кишилер
атайылап эле атып салышкан
болчу. Бирок өлгөндөрүнүн
арасынан Диананы көргөн
эмесмин, ошондо ал эмнегедир
дайынсыз жоголуп кетти. Аны
мурун качып кетип кайра кармап
калып, ошон үчүн өзүнчө бөлмөгө
камап салышкан. Кийинчерээк
биздин үстүбүздөн көзөмөл
жүргүзгөндөрдүн баары милиция
кызматкерлери менен солдаттарга
туткунга түшүшкөндө бир жигиттин
Диананы издеп, көрүнгөндөн
сураштырып жүргөнүн көргөм.
Менин угушумча ал Диананын
жигити окшойт. Болгону ушул,
башка эч нерсе билбейм.
Чындыгында эле Айгүл Диана
жөнүндө болгону ушуларды гана
билчү, башка эч нерсе айта алган
жок. Кандайдыр бир үмүттүн
шооласы чачырай түшкөн
Диананын эне-атасы дароо эле
Ташкентке жөнөп кетишти.
Адегенде жергиликтүү милиция
кызматкерлерине кайрылышып,
жоготкон кызынын сүрөтүн
көргөзүштү. Ансыз деле бул жактан
милиция кызматкерлери кызды
издеп жатышкан болчу. Сүрөтүн
алышканда ого бетер жеңилдик
болду. Аны компьютер менен
көбөйтүп, жер-жерлердеги
милицияларга таратып беришти.
Аны көргөндөр билгендер болсо
кабарлап коюусун өтүнүшүп, эл көп
жүргөн көчөлөргө сүрөтүн илишип,
атүгүл гезиттерге, телевидениеге
да жарыя кылышты. Кыздын эне-
атасы көп өтпөй эле Ибрагимди да
таап алышып, Диананы чогуу
издеп башташты. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим аларды
айылдагы Мэхранын үйүнө алып
барып келди. Мэхранын сүрөтүн
көрүшкөндө алар адегенде
өздөрүнүн кызы экен деп
ойлошкон. Ишенишпей анын
мүрзөсүнө чейин барып келишти.
Автовокзалдын жанындагы окуяны
Албина менен Ибрагим бүт айтып
беришти.
- Ак мерседес машинеси
болбогондо Диана эбакта эле
мекенине кайтып кетип калмак
болчу. Көз ачып-жумганча эле аны
каяккадыр өкүртүп-бакыртып
салып кетишпедиби. Ошондон
кийин дайынсыз жоголуп кетти.
Азыр аны милиция кызматкерлери
да издеп жатышат, - Албина
көргөн-билгендерин Диананын
эне-атасына айтып бери отурду.
Анын сиңдилеринин да өздөрүнүн
кыздарына, Диананын
сиңдилерине окшош экендигин
көрүшүп аябай таңгалышты.
Бардыгы жабылыша кайра
Ташкентке келишип Диананы катуу
издөөгө салып киришти.
БУКТУРМА
Дээрлик бир ай бою ар бир
кыймыл-аракетти көзөмөлгө
алышкан милиция кызматкерлери
бул топто канча адам иштээрин,
алар эмне иш кылышарын тактап
чыгышты. Кайсыл мезгилде
чогулушарын да билип алышты.
Алардын өздүк менчик кафе,
ресторан, сауна, казино, шаар
четиндеги эс алуучу жайлар
бардыгы толугу менен тизмеге
түштү. Анда иштешкен ар бир
адамдын өмүр баяны ал киши ким
экени компьютерге түшүрүлүп
тыкан изилденип чыкты. Мындан
тышкары бул жактагылар
түрмөдөгүлөр менен
байланыштары бар экендиги, бул
топто иштегендердин көпчүлүгү
мурун да бир канча жолу түрмөгө
отуруп келишкен коркунучтуу
кылмышкерлер, рецивидисттер
экени айкын болду. Булардын
үстүлөрүнөн жетектеген Роберт,
Альберт деген бир туугандардын
ким экендиги тууралуу жакшы, так
маалымат ала албай коюшту. Чет
өлкөлүктөр тараптан кимдер менен
байланыштары бар экендигин дагы
аныктай алышкан жок. Алар бир
жерде туруктуу турушчу эмес.
Бирде Москвада жүрсө, бирде
Вильнюста, Египетте, Иран,
Аравияда дагы кайдадыр чет
мамлекеттерге учуп кетишип,
күтүлбөгөн жерден пайда болуп
калышчу. Ал жакта эмне иштерди
бүтүрүп жүрүшкөнү белгисиз.
Алардын тобуна милиция
кызматкерлери өздөрүнүн
адамдарын аралаштырып, кошуп
жиберүүгө аракет кылып көрүштү
эле алар бат эле билинип калып
өлтүрүп, көздөрүн тазалап
коюшарда качып кетишип, араң
үлгүрүштү. Көп өтпөй милиция
кызматкерлеринин өздөрүнүн
арасында да тигилердин кишилери
бар экендиги айкын болуп, бирок
алар кимдер, кылдат текшерүүдөн
өтүлүп жатты. Эки жумага жетпей
аларды да кармашты. Алар
милиция мектебин жаңы гана бүтүп
келип иштей башташкан чиндери
ага лейтенант, капитан жаш
жигиттер экен. Алар бул жакка
кайдан келип иштеп калышканы
бүт бойдон изилденип чыкты. Бир
жарым айдын ичинде атайын ушул
багытта иштеп жатышкан агенттер
көп нерселерге жетишишти. Бул
коркунучтуу кримтопту кармоо
боюнча кылдат операция даярдала
баштады.
Акча чыгаруучу жашыруун цехке
бардык региондордон келип
чогулушары, кандайдыр бир
маселени талкууга алышары
тууралуу милиция
кызматкерлерине жашыруун
маалымат келип түштү. Бардыгы
чогулган мындай кырдаалды коё
беришсе алар үчүн кечиримсиз иш
болмок. Булар үчүн атайын
машыгуудан өтүшкөн спецназ,
десанттар жана милиция
кызматкерлеринин эң тандалма
бөлүктөрү катуу куралданышып,
короону күн мурунтан көзөмөлгө
алып, бири-бири менен
байланышып буктурмада турушту.
Качан гана бардыгы толугу менен
чогулуп бүтүп, Роберт, Альберттер
өздөрү да келишкен мезгилде
акырын короо толугу менен
курчоого алынды. Сыртта
турушкан тигилердин
күзөтчүлөрүнүн бардыгы
тазаланып, алардын ордуна
өздөрүнүн кишилери коюлду.
Спецназдын адамдары короо
ичиндеги иттерге уктатма дары
беришип эбакта эле жайлап
ташташкан болчу. Бардыгы тынч,
тыкан иштелип жатты. Дегеле бир
дагы ызы-чуу болгон жок.
Десанттар тобу дабыштарын
билгизишпей жиптер менен короо
ичине тартынып чыгышып, акырын
кирип жатышты. Ар бир топ
өздөрүнө тиешелүү
тапшырмаларын так аткарууга,
жаңылбоого аракеттенишүүдө.
Короо ичи-сыртындагы
күзөтчүлөрдүн бардыгы алынып,
пландары толугу менен иш жүзүнө
ашканда гана күтүлбөгөндөй өтө
эле чагылгандай тездик менен
иштелген штрум башталды. Ойдо
жок жерден терезе эшиктерден
кирип келишкен куралчан
адамдарга цехтин берки
бөлмөсүндөгү залда топтошуп
отурушкандар эч каршылык
көрсөтө алышкан жок. Сырттан
келгендер бардыгын өз убагында
басып калышты. Бир-экөөсү
каршылык көрсөтүшмөкчү болушту
эле күтүлбөгөн соккуларга дуушар
болушуп, колдоруна кишен
салынып калды. Күтүлбөгөн
мындай кокустукка залда
отургандардын бардыгы эмне
иштээрин билишпей бир
ордуларында катып, жалдырай
туруп калышты.
- Колуңарды желкеңерге алгыла да,
куралдарыңарды жерге таштагыла,
кичине эле каршылык көрсөтсөңөр
атып таштайбыз, - атайын
даярдыктан өтүшкөн спецназдын
жетекчисине бардыгы моюн
сунушкандай, колдорун
желкелерине кармаша аны карап
калышты. Моюн сунбай каршылык
көрсөткөнгө эч мүмкүнчүлүктөрү
калбай калган, анткени алардын ар
бирине эки-үчтөн автоматтар
мээленип турган. Бардыгын тең
бир катар кылып тизип
чөнтөктөрүн, кийимдерин бүт
аңтарышып болгон дүр-
дүнүйөлөрүн сыртка алып чыгып,
жерге коюп жатышты. Алар
мындай болуп кетээрин дегеле
күтүшпөсө керек, беш-алтоосунун
гана жан жерлеринде тапанчасы
бар экен, калгандары бейкапар
жандарына эч курал албай
келишиптир. Дубал карап,
колдорун желкелерине алып
тургандарынын баарын кайра бери
каратты. Спецназдын жетекчиси ар
биринин жүздөрүнө түңүлө карап
жатты. Эмнегедир тизмеге алынган
маалыматтар боюнча бул жерде
адам саны жетишпей турду. Бир
нерседен шек алган жетекчи дароо
эле жанындагыларга кайрылды.
- Бул жерде эки-үч адамдын саны
кем, көрүнүшпөйт. Булардын жол
башчылары Роберт, Альберт өзүнүн
телохранителдери менен жок,
каякка жашырынып калышты же
качып кетиштиби?, - ал жанында
тапанча кармап турган офицерге
буйрук бере сүйлөдү, - тез аранын
ичинде бул имараттын ичин эч
нерсесин калтырбай текшерип
чыккыла. Алар сыртка чыгып
качып кете алышпайт, анткени
короо толугу менен чычкан өтө
алгыз болуп курчоодо.
- Жарайт, - өзү менен жети-сегиз
автоматчандарды ээрчиткен
офицер бери жактагы машинелер
токтоп турган чоң гаражга чуркап
барышты да, машинелердин
ичтерин аңтара башташты. Экинчи
топ сактаныша кеминде эле он
беш метрдей бийик, узун темир
шаты менен өйдө карай көтөрүлүп
чыгып жөнөштү. Тээ жогору
жактагы темир эшик ичинен илинүү
экен, ал жерге дароо жардыргыч
зат коюшту да, төмөн карай түшүп
барышып, ары жакта катар
тизилип турушкан чет элдик
машинелерге далдаланышты. Бир
кезде катуу жарылуу болуп, темир
каалганын быт-чыты чыга төмөн
карай ыргып кетти. Жарылганда
учкан сыныктар төмөн жактагы чет
элдик машинелерге тийип,
айнектерин заматта күбүп
быркыратып салды. Ары жактагы
ак мерседестин артында жашынып
турган офицер колун көтөрө
баштай бергиле деп белги берди.
Биринин артынан бири ээрчишкен
баштарына чүмбөт кийишкен беш-
алты автоматчан адам өтө эле
тездик менен кайрадан темир
тепкич менен жогору карай
көтөрүлүп жөнөштү. Талкаланган
эшиктин жанына сактана бир аз
турушту да, экөөсү аны коргоп
үчүнчүсү өтө эле тездик менен
эшиктин ичине чуркап кирип кетти.
Үстүнкү кабаттагы кууш
коридордун тээ аяк жагында
кимдир бирөө жашынып алып, кол
пулемёт менен тындырбай
үстөккө-босток аткылай баштады
эле, бери жактагылар айла жок
далдоо жерге жашынууга аргасыз
болушту.
- Ничего себе, буларда кол пулемёт
бар экен да, баары бир бизди бул
эшиктен киргенге мүмкүнчүлүк
бербейт, алиги офицердин жанына
келген спецназдын жетекчиси
кырдаалды ойлонуштуруп кирди, -
силер беш-алтооңор аны
алаксытып тургула, ал эми экинчи
топ ал жакка башка жагынан жол
таап, айланып баргыла. Эгер
болбой эле каршылык көрсөтүп, ок
атып туруп алышса, граната менен
жардырып салгыла. Антпесе биз
тараптан курмандыктар болуп
кетиши мүмкүн. Болгула тез,
бирөөсү биздин жолубузду бууп
тосуп турат. Ал эми калгандары
качып кетиши мүмкүн. Биз ага жол
бербешибиз керек.
Душмандарын өткөрбөй кадимки
амбразурадан аткылаган
пулемёттой болуп, үстөккө-босток
тынымсыз аткылаган ок бери
жактагыларды, атүгүл баш
көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бербей
жатты.
- Тигини гранатамёт менен
жардыралыбы? - офицер
жетекчисине кайрылды эле, ал
каршы болуп койду.
- Жөн гой, бир аз чыдай тур. Тигил
мен жөнөткөн жигиттер
профессионалдар, заматта эле
мунун ишин бүтүрүшөт.
Чын эле ал айткандай көп өтпөй
эле пулемёттун жаагы жап болду.
Келе бергиле деген белгини көрүп
бери жактагылар көз ачып
жумганча ал жакка жетип
барышты. Кол пулемёт менен атып
жаткан жашы отуз беш менен
кырктын ортолорундагы жигит
экен. Анын эки колун артына
кайрып туруп, кишендеп
салышыптыр. Жанына жетип
келген спецназдын жетекчиси
жакасынан уучтай кармап тигини
өйдө көтөрдү.
- Кана айт, тигилер каякка качып
кетишти?
- Мен эч нерсе билбейм…
Бул менен акыйлашууга убакыттын
тар экенин, баары бир эч нерсе
айтпасын сезген жетекчи
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү.
- Кана, урушта туруш жок, тез
арада бул жактын ичин аңтарып,
шимшилеп чыккыла! Бери жакта
турушкандар туш тарапка
чачыраша темир каалгалардын
бирин автомат менен аткылашып,
талкалап киришти, кууш
коридордогу ар бир бөлмөлөрдү
аңтарып-теңтерип киришти.
Бөлмөлөрдө эч ким жок экен.
Бирөөсү таманындагы капкакты
акырын ачып, төмөн жакка
караңгы жерге көз жүгүрттү да,
жетекчиге кайрылды.
- Биякка келип төмөн жакка
караңызчы? Ал сөзүнүн аягына
чыкпай, төмөн жактан атылган
октон көкүрөгүн баса ары жакка
кулап түштү да, ооруганына
чыдабай онтоп жиберди. Ок өтпөс
чыптамага ок тийгенде денесин
катуу оорутуп жиберген болчу.
Таманындагы темир капкак ачылуу
боюнча калды. Диана акча
чыгарган цехти дал эле ушул
жерден төбөдөн көргөн болчу.
Жогору жактагыларды баш
бактырбай аткылап жаткандыктан,
газ бөлүп чыгаруучу затты
ыргытышты. Катуу жарылуудан
кийин төмөн жак да баары тынчып,
тымтырс болуп калды. Сыягы
газдан ууланышып, эстери ооп
калышты окшойт. Баштарына газга
каршы кийчү маскаларды
кийишкен эки-үчөө дароо эле
аркан жип менен төмөн карай
шыпырылып түшүштү да, караңгы
бөлмөнү кол фонариктери менен
жарык кылышты. Дубалдагы
күйгүзгүчтү көрүшүп, аны акырын
басып коюшту эле, караңгы бөлмө
заматта "жарк" дей түштү. Бөлмө
ичинде кандайдыр бир
станоктордун турганын, темир стол
үстүндө чачылып жаткан ар түрлүү
акчаларды көрүшүп бардыгы бир
аз дендароо боло туруп калышты.
Колунда автомат кармаган алиги
төмөн жактан аткылап жаткан
жигит жерде эси ооп жаткан болчу,
дароо анын колун артына кайрып
туруп кишен салышты да, жогору
карай көтөрүп чыгып кетишти.
Алардын бирөөсү жетекчиге
болгонун болгондой баяндап
кирди.
- Төмөн жакта мындан башка эч
ким жок экен. Бөлмө ичинде
табышмактуу станоктор турат,
сыягы аны менен акча чыгарышат
окшойт.
- Ал жактын газы али кете элекпи?
- Он, он беш мүнөттөн кийин
кетет…
- Калгандары Роберт, Альберттер
өзүнүн телохранителдери менен
каякка жашырынып калышты
болду экен, же качып кетиштиби,
жашыруун жол менен…?
- Жогору жагындагы шыпкада
чатырга чыкчу капкагы бар экен,
алар ошол жак менен кетишти го
дейм?
- Балдарыңды жөнөт тез арада!
- Жарайт!
Беш-алты автоматчан адамдар
капканын капкагын өйдө көтөрүп
ачып, чатырга көтөрүлүп чыгышты.
Анан чатырдын ичинен катар
тизилген жыгач жащиктерди
көрүшө бир азга аярлай токтоп
калышты. Алардын артынан удаа
эле көтөрүлүп чыгып келген
жетекчи жащиктин бирөөсүнүн
оозун ачып, ак желим баштыктагы
жыйылган порошоктон бирди алып
чыкты.
- Вот это да, биз сыягы крупный
мафия менен бандалардын уюгуна
кабылсак керек. Булар
наркотикалык заттар экен…
КУУГУН
Алар жыгач жащиктеги
баңгизаттарды бир аз карап
турушкан соң, андан ары жөнөштү.
Ары жактан кайра төмөн карай
түшчү жыгач тепкичтерди көрүшүп,
биринин артынан бири ээрчише
бардыгы ошол тепкичтер менен
төмөн карай чуркап түшүштү. Ичи
кенен залга киришти да, көптөн
бери иштебей чаң басып жаткан
эски станокторду көрүштү. Диана
да дал эле ушул жакка түшүп
сыртка чыкканга мүмкүнчүлүк ала
албай, кайра артка кайрылып
кеткен болчу. Бардыгы туш-туш
жакка чачыраша көптөн бери
иштебей жаткан эски цехтин ичин
тинтип чыгышты.
- Бул жакта эч ким жок экен. Алар
башка жак менен чыгып кетишкен
го дейм, - өзүнүн жетекчисине
кайрылган офицер анын бир жерди
теше тиктеп турганын көрүп
тынчып калды.
- Коё тур, бобул дубалды көрдүңбү,
жаңы эле чаңдары туш тарапка
учуптур. Болду болбоду ушул
жерде эшик бар. Кана жардыргыч
зат менен жардыргыла бобул
жерди! Көп өтпөй эле дубал
жарылып, ары жагынан кандайдыр
өткөөл пайда болду. Өзүнүн
начальнигинин кыраакылыгына
офицер таң калып калды.
- Карачы, адамдардан амал качып
кутулбайт, алдын-ала бардыгын
пландаштырып даярдаптыр, алар
көп өтпөй эле минага кабылышты.
Катуу жарылуудан эки-үчөөсү ар
кайсы жерге сулай кыймылсыз
жатып калышты. Катуу, болгон
күчтөрү менен чуркап келатышкан
жигиттер басыктарын жайлантыша,
сестенише дап койгонун. Бул эки
еврей оңой адамдардан эмес экен,
азыр колдон чыгып качып кетиши
да мүмкүн, кана жигиттер бол
чамдагыла тез. Тигилерди качканга
үлгүртпөгүлө.
Кууш өткөөлдөгү тепкичтер менен
өтө эле ылдамдыкта төмөн карай
биринин артынан бири азга
келатышып, бир азга аярлай
калышты. Алардын түрүн көргөн
жетекчи чыдай албай өзүнчө
сүйлөнүп жиберди.
- Кап айя, тигилерди эми качырып
жиберебизби? Мындай кырдаалдан
уттуруп жиберсек, анда
кечиримсиз иш. Ушунча наркозат,
акчалардын мафиянын
главарларын качырып жиберсек,
анда иштебей эле койгон жакшы, -
Ал чөнтөгүнөн тапачасын алып
чыкты да, дүрмөткө салып, алдыга
түшө кууш өткөөл менен өзү
чуркап жөнөдү. Ал өз мезгилинде
бокс менен машыгып, кийин
таекванда, каратэге өтүп, атуу
боюнча да нормативди жакшы
тапшырган болчу. Жашы элүүдөн
өтүп калса дагы, алиги кайрат, күчү
тың, чапчаң, шамдагай эле. Кууш
өткөөлдө болгон күчү менен катуу
ылдамдыкта чуркашкан
автоматчан жигиттер ага жете
албай келатышты. Бир аз
чуркашкан соң, кандайдыр чоң зал
сыяктуу жер төлөөгө кептелишти.
Үстүнөн жарык кирип, ачылып
турган капкакты көрүшүп, дароо
эле сыртка көтөрүлүп чыгышты.
Кандайдыр бир короонун ичинде
болуп калышты. Каякка келип
калышкандарын өздөрү да билбей
баштары тегерене түшүштү. Кара
"Жип" машинеси чоң дарбазаны
сүзө, чыгып кеткенин көрүп калды
да, бул тууралуу рация менен
башкаларга кабар берди. Өзү да
короодон сыртка чуркап чыгып,
ары жакта токтоп турган машинеге
жетип барды. Айдоочуга күбөлүгүн
ачып көрсөтө кара машиненин
артынан айдоосун өтүндү. Айдоочу
кыйылып, бир нерсе деп сүйлөйүн
деди эле ага үлгүртпөй аны сыртка
алып чыгып ыргытып жиберди да,
өзү рулга отурду. Көп өтпөй эле
алдыда кетип бараткан кара "Жип"
машинесин кууп жетти. Калаадан
сыртты карай кеткен чоң шоссе
асфальт жол менен экөө куушуп
келе жатышты. Көп өтпөй эле
үстүндө уңулдагы бар
милициялардын беш-алты
машинеси пайда болду. Бардыгы
биринин артынан бири ээрчише
алдыда катуу ылдамдыкта кетип
баратышкан кара "Жип" машинени
кууп келатышты. Алдыңкы качып
бараткан машине ылдамдыгын
мурункудан да катуулатты.
Күтүүсүздөн бактын артынан чыга
калышкан кыз жигиттин, түртүп
келатышкан баласы менен
колясканы уруп кетти. Артта
келаткандар аз жерден аларды
тебелеп кете жаздашып, айланып
өткөнгө араң үлгүрүштү.
Коляскадагы наристе жолдун
четине учуп барып түштү да,
акырын онтой, анан ыйлай
баштады. Кыз жигит болсо
кансырашып кыймылсыз жол
боюнда жатышкан эле. Алардын
тегерегине заматта элдер
үймөлөктөшө түшүштү.
Кара "Жип" машинеси катуу
ылдамдыгынан жазган жок,
артынан удаалаш эле кууп
келатышкан милициялардын
машинеси микрофону менен качып
бараткан машинени токтоо
жөнүндө бир канча жолу эскертип
айтышты. Эгер токтобосо,
аткылоону баштайбыз деп да
эскертип көрүштү. Бурулуштан
чыга калган машине алдынан өтө
катуу ылдамдык менен келаткан
Жипти көрө коюп, шаштысы кете
өтө тездик менен оң жакка буруп
жибергенде жолдун четине чыгып
кетип ала салып кетти.
Буйрукка да, өтүнүчкө да баш
ийбеген бул машинени чоң
көпүрөөгө жетээрине аз калганда
спецназдын начальниги жакшылап
мээлеп туруп арткы эки
дөңгөлөктүн балонун теше атты.
Катуу ылдамдык менен бараткан
машине көпүрөнүн четин сүзө ала
сала чоң каналдагы сууга кирип
кетти. Артта кууп келатышкан
милициянын машинелери улам
жолдон кошулуп отуруп жети-
сегизөө болуп кеткен болчу. Кээ
бирлери көпүрөдөн өтүп барып, кээ
бирлери көпүрөгө жетпей токтошту
да, бардыгы машинеден атып
чыгышып, терең каналга аңтарыла
чөгүп кеткен машинени карай
жабыла чуркашты.
Суунун ичине киришип, көп өтпөй
бети-баштары жарыла эси ооп
калган төрт адамды жээкке алып
чыгышты. Алардын ким экенин
начальник дароо тааып, өзүнчө
кейий башын чайкады.
- Кыраандар десе, баары бир
кармалышаарын билишкенден
кийин ортодо ушунча адамды
"жертва" кылбай, тигил жактан эле
колго түшүп беришсе болмок.
- Каналдын жээгинде кыймылсыз
жатышкан төртөө банданын
жетекчилери Роберт, Альберт
менен алардын жан сакчылары
болчу.
ИЗИ ЖОГОЛГОН КЫЗ
Жасалма акча чыгаргыч цехти
табышкан ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери үчү өзгөчө
сенсация болду. Андан сырткары
эң ири салмактагы баңгизаты да
табылган болчу. Бандалардын
бардыгы чогулган кезде, бир
мезгилде, бири да калбай
кармалышкан милиция
кызматкерлерине бир топ
жеңилдикти туудурду. Ошондон көп
өтпөй калаа ичиндеги белгилүү
ресторан, кафелер, калаа ичиндеги
эс алуучу жайлар, сауналар,
казинолор жабылып, анда
иштегендердин бардыгы камалып
конфискацияга алынды. Диананын
акчасын кайрып ала алышпай
жүргөн чакан топ да бири да
калбай кармалышып, колдоруна
кишен салынды.
Ибрагим колго түшкөн ар бир
адамдан Диананы сурап чыкты.
Бардыгы тең аны тааныбайбыз
дешип, ийиндерин күйшөшө кайра
ага суроолуу карашты. Диана эч
жерден табылбаганы менен Ички
иштер министрлигинин
кызматкерлери үчүн көптөн бери
шек алып дегеле илмек, учугун
таба албай жүрүшкөн ири мафия,
бандалар тобун толугу менен
кылтактарына түшүрүшкөнү эң чоң
олжо болуп турду. Алар дүйнөгө
таанылып, атагы чыгып
келатышкан ири бандалардын
иштери менен алаксып жатышып
Диананы таптакыр эле эстен
чыгарып салышкан болчу.
Сүрүштүрө-териштире ар бирин
бирден сураштырып отуруп, бул
криминалдык топтун өзүнчө жаш
кыздардын менчик түрмөсүн ачкан
тигил Марат Исабеков менен эч
кандай байланышы жок болуп
чыкты. Марат Исабеков мурун
Кыргызстанда көп жылдар бою
органда, КГБда иштеп анан
отставкага чыкса, бул Альберт,
Роберт деген эки бир тууган
Израилде жаш кездеринде эле
карыкчылык, киши
өлтүргөндүктөрү үчүн түрмөдө
отурушуп, ал жактан эки жолу
качып чыгышып чет өлкөгө барып,
кайра Америка, Аравия
түрмөлөрүнө отурганга да
үлгүрүшүптүр. Биринчиси (Альберт)
Аравия түрмөсүндө жатканда
Роберт кандайдыр бир жол менен
аны куткарып чыккан болчу.
Орустардын белгилүү
кримчөйрөсүнүн лидерлери менен
байланышып көрүшүп, алар менен
жалпы тил табыша алышпай койгон
соң, акырын Орто Азия тарапка
жылып келишкен.Ташкентке
келишип, ошол жерден орун-очок
алышып, акырын өз иштерин
жүргүзө башташкан. Жергиликтүү
Ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери алардын өмүр
баяндарын, басып өткөн жолдорун
бүт изилдеп, тактап чыгышты,
бирок акча чыгарган станокторду,
кагаздарды, боёкторду каякта
алышканын таптакыр эле биле
албай коюшту. "Биз баары бир
чыгып, бошоп кетебиз, анда
өзүңөргө эле жаман болот" деп
алар кайра милициянын
начальниги менен тергөөчүлөрдүн
өздөрүн коркутушуп опузага алып
өтүштү. Алардын жашыруун цехин
кылдат текшерип атышып, -
жашыруун жер төлөсүнөн беш
чемодан жапжаңы эч жакка
жумшала элек акча таап чыгышты.
Бир чемоданында толтура жалаң
Америка долларлары, экинчи менен
үчүнчүсүндө өзбек сумдары, бир
чемонанында кыргыз сомдору
менен казак теңгелери,
бешичисинде болсо орус рублдары
экен. Баарынан таңгалыштуусу
акчалардын бардыгын кадимки
акчалар менен салыштырып,
экспертизадан өткөрүшкөндө эч
жеринен кынтык таба албай
коюшту. Бардыгы тең эң чоң
суммадагы акчалар болчу. Дагы
кайсы бир жерде жашырылга эң
чоң суммадагы акчалардын бар
экенин билишип, бирок каяк жакка
катылганын биле алышпай аябай
убараланышты. Чет өлкөлөрдө,
Швейцария банкында булардын эң
жогорку саммадагы акчалары бар
экенин да аныктап чыгышты. Дагы
кайсыл жерде акчалары бар
экендигин изилдеп жатышты.
Контрабадалар жасаган акчалар
мамлекетке бир топ эле байлык
алып келгендей болду, анткени
бардыгы соодага , ары-бери
жүргөнгө жарамдуу акчалар экен.
"Дагы эки-үч жыл болгондо булар
таптакыр эле миллионер,
миллиардер болуп кетишмек экен",
- деп кылмыш иликтөө бөлүмүнүн
начальниги өзү мойнуна алды.
Алар менен байланыш жасап
жүрүшкөн мурунку союздагы
өлкөлөрдө жашаган бул ири
мафиянын адамдары акырындык
менен четинен кармалып,
түрмөлөргө отургузула баштады.
Мунун жытын билип, шек алып
калгандары башка жакка качып
кеткенге үлгүрүштү. Алиги казино,
ресторан, сауна, калаа четиндеги
эс алуучу жайлар толугу менен
конфискацияга алынып
мамлекетке өттү. Акырындык
менен жергиликтүү спецагенттер
бул иш боюнча өтө кылдат
иштешип, али түгөнө элек
"куйруктарын" кармап, банданы
толугу менен тазалоо аракетин
көрүп жатышты. Ири банданын
иштери менен алектенген Ички
иштер бөлүмүнүн кызматкерлери
Диананы таптакыр эстеринен
чыгарып коюшкан болчу.
"Бул бандалар менен Диананын
тиешеси барбы, жокбу, түшүнсөм
буюрбасын, - Ибрагим өзүнчө бир
нерсеге башы жетпей жатты, -
мынакей Диананын артынан жүрүп
Марат Исабековдун кылмыш
ишинин бетин ачканга жетиштик.
Аны менен эле бүтүп калабы десек,
анын артынан издеп жүрүп андан
чоң мафияга туш болдук. Болуптур,
биринчи кылмыш тобун го тагдыр
деп коёлу, ага Бишкекте жүрүп
Диана кокусунан түшүп калды, ал
эми экинчи топ менен кандай
байланышып жүрөт. Баса, алиги
Дианадан калган мендеги эки
пачка акча кайдан келди десең.
Диана аны кайдан алды? Мынча
акчаларды мен беш жыл иштесем
да таба албайт болчумун. Здесь не
то пахнет, менимче Диананын
булар менен да байланышы бар
окшойт. Эгер ал жөн жүргөн кыз
болсо, эмнеге аны куугунтукташат
эле. Ооруканадагы кол салуу,
көчөдөн машинеден атып чыгып,
кимдир-бирөөлөрдөн жардам
сурап кыйкырганы, кайра
дайынсыз жоголуп кеткени.
Мынакей кечээ жакында эле дагы
ак "Мерседеске" " салып алып
кетишти. Эми ал каякта жүрөт,
белгисиз. Же булар аны өлтүрүп
коюштубу? Туура эмес иштерди
жасап "косяк" кетирсе, албетте
өлтүрүп коюшат. Бирок жапжаш,
али эне сүтү оозунан кете элек
кыздын мындай ири мафияларга
аралашып кетишине адам
ишенбейт, түшүнсөм буюрбасын.
Эч нерсеге башым жетпейт.
Кайдасың Диана тирүүсүңбү же
булар сени өлтүрүп коюштубу?
Кайдасың Диана!"
ЖАНГА БАТКАН ЖАЛГЫЗДЫК
Күндө бир маал келип тамак
таштап кетчү адамдар эки-үч
күндөн бери көрүнүшпөйт.
Эмнегедир дымып эле калышты.
Бул жакта адам барбы, жокбу эч
кимдин иштери да жок.
Табышмактуу тынчтык өкүм сүрдү.
Адегенде "мени сынап, атайылап
ушинтип жатышабы" деп ойлогон
Диана, Бирок төрт-беш күн өтүп
кетсе да, өйдө жакта кыбыр эткен
жан жок. "Эмне болду, алар мени
ачтан кыйналып жатып өлсүн деп
жатышабы же акыры чыдай албай
өлүм көзүнө элестегенде, ажал
көзүнө көрүнгөндө айла жок
акчалардын кайда экенин айтып
берет да" дешип кебелбей
жүрүшөбү? Жок дегенде мени эмне
болуп жатат деп келишет эле го. А
эгер чын эле мен өлүп калсамчы,
тигилер акчадан да куру жалак
калышат да, аны эмнеге
ойлошпойт, же акчалардын да,
менин да керегим жок болуп
калдыбы аларга. Же чын эле алар
мени акчалардын каякка
жашырганымды билбестигимди
билип калыштыбы, же алар өздөрү
акчаларды менсиз эле таап
алыштыбы? Жер алдындагы
өткөөлдөрдү жакшылап издешсе,
таап алышы да мүмкүн. Анда мени
эмнеге кармап жатышат, коё
беришпейби, менин аларга керегим
жок болуп калат да, бирок…
Жок алар ал акчаларды таба
алышпайт, бул жерде башка
маселе, башка иш болуп жатат.
Скорее всего мени катуу сыноодон
өткөрүп жатышат, мейли кандай
кылып сынышса деле баары бир
чыдайм. Мындан катуу азаптарды,
кордуктарды көрбөдүн беле. Ушуга
чейин чыдап келгем, дагы
чыдайм". Ал өзү менен өзү
сүйлөшө жападан жалгыз дагы эки
күндөй жатты. Курсагы аябай ачып
чыкиы, өйдө туруп качканга
мүмкүнчүлүк бар бекенби деп өйдө
жактагы темир тор капкакка көз
жүгүрттү. Болгон күчү менен
секирип көрдү, жете алчудай эмес,
аябай бийик экен. "Өйдө жагына
жеткенде эмне пайда, баары бир
үстү кулпулануу да. Илгерки атам
замандагы зындандан эч
айырмасы жок. Ал мезгилде
зындандын оозу мындай болуп
темир тор менен бекилип,
сыртынан кулпу менен кулпуланчу
эмес да. Жөн эле капкакты жаап
коюшчу. Үстү аябай бийик
болгондуктан эч ким чыга алышчу
эмес. Аркан менен түшүрүп, аркан
менен чыгарышчу. Ал эми бул
сыртынан кара кулпу кайтарган
темир капкакты кыйын болсоң
ачып көр, сваркалап эле ачпасаң
темир торду талкалоого же ачууга
эч мүмкүн эмес. Мени бир
куткарса Албина куткара алат,
анткеи анын көзүнчө эле мени
чыркыратышып машинеге салып
кетишпедиби. Ал милицияга
кабарласа, анан мени издешсе,
эптеп бул жерден таап алышаары
мүмкүн. Бирок "алма быш оозума
түш" деп жата бергеним болбос.
Алар мени эч убакта бул жерден
таба алышпайт, жакшылап издешсе
да. Анткени өткөн жолу тигини
алдап сыртка чыкканымда
айланама көз жүгүртүп көрбөдүм
беле. Короонун дарбазасы бек
болсо бул жакка эч ким кире
албайт. Мен эми эмне кылышым
керек, өлүмдү күтүп жата беремби?
Качып чыкканга эч мүмкүн эмес.
Тигилерден эч жакшылык күткөнгө
болбойт. Алар баары бир мени
өлтүрүп тынышат, акчалардын
каякта экенин чынында эле
билбейм да. Шаар ичиндеги жер
алдындагы каршы-терши жасалган
люктадын ичинен кайсы биринен
издейин. Анын үстүнөбаары эле
бири-бирине куюп койгондой
окшош экен…". Бир кезде өйдө
жактан кандайдыр бир добуш
чыккансып кетти, бир жумадан
бери эч ким менен сүйлөшпөй өзү
менен өзү болуп, бир жагынан
курсагы да аябай ачып, жалгыздык
жанга батып араң жан жаткан
болчу. Ордунан атып туруп,
бирөөлөр өзүнө келе жатабы деп
кулагын түрө тыңшап калды.
Айлана кайрадан жымжырт боло
түштү.
- Ээй, ким бар жогору жакта?!
Курсагы аябай ачып, алы кетип
калгангабы же эч ким менен сүйл-
шп-й бир жума бою жерде
жаткангабы, айтор үнү араң эле
кырылдайт.
- ЭЭ-эй, киши барбы жогору
жакта?!
Айлана тымтырс, эч кимдин жок
экенине, жөн эле кулагына ушундай
угулуп кеткенине чындап ишенген
соң, кайра шалдырай отуруп
калды. "Чын эле алар мени унутуп
калыштыбы? Унутпашы керек эле
го, мени унутушса да, акчаларды
унутушпайт эле да, аларга эмне
болду? Бир жумадан бери бири да
басып келишкен жок. Же биротоло
ушул жерде ачкадан кыйналып
жатып өлсүн деп ушундай жаза
чектештиби мага. Эгер чын эле
ушундай жаза чектешсе, анда мен
үчүн эң эле оор жаза болот. Өлүм
жазага чектелгендер дароо эле
өлүшөт го, же атып салышат, же
ток столуна отургузушат, же
болбосо газ менен уулантып
өлтүрүп коюшат. Көп деле
кыйналышпай өлүп калышат. А
менчи, кандай гана азап менен
кыйналып жатып өлөм. Башкадан
өлсө дагы ушул ачкадан кыйналып
жатып өлгөн жаман экен го. Мына
мен уже кыйнала баштадым. Азыр
жок дегенде бир-эки үзүм нан, бир
уурттам суу болсо гана, атаганат" .
Бир жума бою эмне тамактарды
гана ойлободум, жок дегенде
ошолордун бирөөсү эле болсо гана.
Кой, минтип өлүмдү күтүп жата
берсем чын эле ажалды өзүм
чакырып алам, андан көрө жашоо
үчүн кайрадан күрөшүшүм керек".
Диана ордунан турду дагы өйдө
жакты карап алып, болгон күчү
менен кыйкыра баштады.
- ЭЭ-эй-эй-ээээ- эй, өйдө жакта
ким бар?! Тирүү адам барбы, ээ-
ээ-эй!
Бирөөлөрдүн үнү чыгабы деп
токтой калып тыңшай калат да,
кайрадан кыйкырып кирет. Жедеп
кыйкырып атып үнү бүтүп тажаган
соң, кайрадан шалдырап отуруп
калат. Анан бир аздан кийин
ордунан кайра турат да, кыйкыра
баштайт. Таптакыр эле тымтырс,
дегеле шыбырт эткен үн жок.
"Эмне, чын эле акыр заман болуп
жер үстүндө бир да адам калбай
калганбы. Жок дегенде бир
тирүүлүктүн белгиси билинет эле
го. Жер алдындагы көзгө сайса
көрүнгүс караңгылыкта жүргөндө
да дал эле ушундай ахывалга
кабылгам. Как будто жер үстүдө
адам баласы жашабай жападан
жалгыз калгандай сезген болчумун.
Азыр дагы ошондой ахывалга туш
болуп отурам. Анда го караңгы жер
алдындакүн менен түндү
айырмалай албай калган болчумун.
Азырчы, азыр айланам жапжарык,
күн кандай өткөнүн билип турам.
Бирок канчалык кыйкырсам да эч
бир жан жооп кайтара албай, укпай
жатышат. Минтип кыйналып
өлгөнчө, өткөн жолу жер алдында
калганда эле ошол бойдон өлүп
калсам эмне, эмдигиче мынча
кыйналбай, жаным жай ала тигил
дүйнөдө жүрбөйт беле. Болгон
күчүм менен кыйкырып көрөйүнчү,
балким көчө жактагылардан бирөө
болбосо да, бирөөлөр угуп
милицияга телефон чалып
калышаар…"
Акырын ордунан тура кайрадан
болгон күчү менен кимдир-
бирөөлөрдү жардамга чакырып
кыйкыра баштады. Эртеден бери
кыйкыра бери үнү да бүтүп
калыптыр каргылданып. Бир кезде
башы тегеренип кетип жерге кулап
түштү, алынын кете баштаганын
кадимкидей сезе баштады.
Кыйкырбай эле жөн жата бергенде
анча билинбей жаткан, кандай
болгон күчү менен кыйкыра
баштады эле ошондо шалдырап
алы кете түштү. Ордунан турууга
аракет кылып көрдү эле, кайрадан
башы тегеренип жер айлан-көчөк
болуп кетти. "Кой, бир аз жата
туруп эс алып алайынчы, болбосо
үнүм да бүтүп, алым да кетип
калчудай" . Үстүндөгү темир торду
теше тиктей чалкасынан жата
берди, канча жатканы белгисиз бир
кезде ордунан турайын десе , күчү
кетип турганга дарамети жетпей
койду. "Мага эмне болду, чын эле
ажалымдын жеткени ушулбу?
Демек, тигилер мени ачкадан
кыйналып өлсүн дешкен го.
Акчаларды өзү менен кошо көрүнө
ала кетсин деп кол шилтеп
коюшкан экен да. Демек,
жашоомдун эң акыркы чеги ушул
төрт бурчтуу зындан окшойт.
Өлгөндөн кийин өлүгүмдү бир
жерге алпарып көмүп ташташат да,
же сууга ыргытып жиберишет" .
Диана эч нерсени ойлобой өлүмдү
гана күтүп калды. Улам барган
сайын алы кетип, кыймылдаганга
дарманы калбай баратты. Өзүн
капаска салып кетке кишилердин
эбакта эле өздөрү түрмөдө
отурушканын ал билген жок. Алар
болсо капаста камалып жаткан кыз
жөнүндө эч кимисне ооз ачышкан
да эмес.
АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН ИЗДӨӨ
- Кана, Абдувахаб дос өзүңдүн
кеңешиңди айтчы, эмне иш
кылабыз. Диананы дайынсыз
жоготуп жибербедикпи? Мага
жардамдашам деп сен эң жакын
адамдарыңдан айрылып калдың,
Жафар, Хабибула, Рахимдер алиги
китаец жигит Чинь сага да,
өздөрүнүн иштерине берилген
кандай гана жакшы жигиттерден
эле. Бир сөзгө турушкан,
айткандарынан кайтышпаган,
жасайм дегендерин жасашкан,
өздөрүнө бекем ишенишкен, эч
нерседен тайманышпаган эр жүрөк,
эр көкүрөк жигиттерден эле. Алар
менен аз убакыт чогуу болуп
калсам дагы кандай адамдар
экенин жакшы билип калдым. Адай
ишенимдүү адамдар эч убакта
бирин-бири сатышпайт болчу. Сен
үчүн, мен үчүн, Диана үчүн
өздөрүнүн керт баштары менен
жооп беришти. Эч нерседен
тайманышпай кармашып жатышып
оо дүйнөгө кете беришти,
ыймандары саламат болсун.
Алардын кылган жакшылыктарын
эч убакта унутпайм…
Бирок, канчалык аракет
кылганыбыз менен иштерибиздин
соңуна чыга алган жокбуз. Албетте,
мага неудобно, сенден кайра-кайра
эле жардам сурай берген. Андан
көрө, как дос катары кеңеш
сурайын, мен эмне кылышым
керек. Диананы кантип табам?
- Мен сага жердеш катары эмес,
дос катары колдон келишинче
жардам бергенге милдеттүүмүн.
Раз баштадыкпы бул ишти, ушул
боюнча таштап салбай аягына
чейин чыгышыбыз абзел. Табабыз
аны, эгер тирүү болсо эле табабыз.
Булуттан жылт этип чыгып, кайра
жоголуп кеткен айга окшош бул
сулууну сөзсүз табабыз. Баса,
грузин жазуучусу Шота
Руставелинин "Жолборс терисин
жамынган баатыр" деген
чыгармасын окудуң беле?
- Жок.
- Мен сени дал эле ошондогу
башкы каарманды элестетип
жатам. Ошол чыгармада Тариэл
деген жигит өзүнүн сүйгөн кызы
Нестан Даражанды жоготуп
жиберип, анын артынан издеп
кандай гана азаптарга кабылбады,
кандай гана тоскоолдуктарга,
кыйынчылыктарга учурабады.
Акыры көздөгөн максатына жетти.
Сүйгөн кызын таап, ага үйлөндү.
Сен жалгыз эмессиң, бизге
окшогон досторуң бар, эч
мүңкүрөбө, эч кейибе, аракет
кылсаң берекет болот. Аны сөзсүз
табабыз, көрөсүң дос, экөөңөрдүн
свадьбаңарга мен өзүм жардам
берем. Милиция кызматкерлерине
ишенип отура бергенче, өзүбүз өз
алдыбызча аракеттенишибиз
керек. Мен дагы ишенимдүү
кишилерди табам бизге
көмөктөшкөнгө, алар Ташкент гана
эмес, бүтүндөй Өзбекстанда
жашаган көптөгөн адамдар менен
байланыштары бар. "Жалгыз дарак
т окой болбойт" аны издегенге
көптөп жибербесек, бул иш узакка
созулуп кетиши мүмкүн. Бүгүндөн
баштап ишке киришебиз, урушта
туруш жок. Абдувахаб менен
Ибрагим экөө дайысыз жоголгон
Диананы издеп табуу үчүн чындап
ишке киришти. Аларга достору,
тааныштары кошулушту. Бардыгы
тең көчөлөргө чыгышып, эртеден
кечке чейин автовокзал, темир жол
вокзалдары, универмаг, парктарды,
ар бир кафе, ресторандарды,
казинолорду, шектүү үйлөрдү
кыскасы эл көп жүргөн жайларды
эч нерсесин калтырбай
шимшилешип издеп чыгышты. Ал
тим эле кумга сиңген суудай
дайынсыз жоголуп кетти. Дээрлик
жарым айдан ашык катуу издөө
салышты, акыры тажай
башташкандар өз иштери менен
кете башташты. Ибрагимдин
айласы кеткенде аларга акча
төлөп, жалдап издеттирүүгө туура
келди. Кимде ким Диананын кайда
экенин айтып берсе же таап
келишсе, он миң америка
долларын сыйлыкка койду. Андагы
Диананын жан жеринен кокусунан
таап алган эки бооланган акчасы
али чети да оюла элек болчу.
Тажай баштаган адамдарды акча,
сыйлык менен кызыктырууга
аракет жасап көрдү. Көпчүлүгү
анын сөзүнө ишенишкен жок, анан
акчанын өзүн көргөн соң гана
чындап ишке киришишти. Издөөнү
улантуу кайрадан күч ала баштады,
атүгүл иттер менен да издетип
киришти.
КОРОО ИЧИНДЕГИ ТАБЫШМАКТУУ
ДОБУШ
Эртеден кечке короодо ойноп
жатышкан балдар эмнегедир эки
аптандан бери кошуна короого
кирип-чыгып жатышкан
машинелердин дайындары чыкпай
эле дымып калганын байкашты. Ал
жак таптакыр эле тымтырс боло
бир дагы адамдын карааны
көрүнбөй калган болчу. Короого
жакындап келишти. Улуурагы
жанындагыларга кайрылды:
- Ичинде эмне бар карап
көрбөйлүбү?
- Кишилер бар болуп калсачы?
- Кыбыр эткен жан көрүнбөйт го,
эгер кишилер бар болсо качып
кетпей жаныбыз жокпу?
- Ууру деп кармап алышсачы?
- Биз эч нерсесин уурдабайбыз
да…
- Ичинде дөбөт иттер бар болуп
калсачы, балтырыбызды үзүп алат
да.
- Коркоктор десе, кирбесеңер
койгула, өзүм кирем, - алиги
улуурагы кантип жетем дегендей
бийик дубалдын баш жагын карап
койду. Анан акырын келип темир
дарбазанын жычыгынан короонун
ичине кылдат көз жүгүртө
баштады. Ага кошулушуп беркилер
да дарбазага жакын келишип ар
кайсы жылчыктарынан короого
байкоо жүргүзүп киришти.
- Ичинде биз кызыга турган деле
нерсеси жок го, ал жактан эмне
тапмак элек, алтын тапмак белек.
Жүргүлө андан көрө башка жакка
барып ойнойбуз.
Алиги баарынан улуу, бою узун
өспүрүм калып калды да
калгандары мурунку эски
ордуларына ойногону кетишти.
Айткаынан кайтпаган өспүрүм
дарбазадан короо ичин карай
берди. Бир аз турган соң ичине
кантип кирсем дегендей
айланасына көз жүгүртүп алды.
Дубалдан анча алыс эмес турган
бактын башына тартынып чыгып,
короо ичине кылдат байкоо
жүргүздү. Эч бир тирүүлүктүн
белгиси жок, ээн, тымтырс.
"Машине менен эле кирип чыгып
калышат, эмне иш кылышат болду
экен бул жактан? Же тээтигил чоң
складдын ичине бир нерсе
жашырышабы. Балким курал
жашырган склад болсочу?" Анын
көзүнө кудум эле кинодогу курал-
жарактар турган склад элестеп
кетти. Кадимки кинодогу
колдоруна, бүткүл денесине
байланган автомат, тапанча менен
куралданган боевик жигиттердей
элестетип койду өзүн. "Балким чын
эле ичинде куралдар болуп
жүрбөсүн? Улам башка түстөгү чет
элдик машинелер кирип калышат
эмеспи. Булар соо машинелер
эмес, бир балээлери бар. А балким
тигил жакта наркотик жашырылган
болсочу? Эмнеси болсо да
көрөйүнчү ичин. Эгер ичинде
кишилер бар болушса качып кетпей
же болгон күчүм менен кыйкырып
буларды жардамга чакырбай
жаным жокпу", - ал бактан жерге
жылмышып түштү да, кайра
дарбазанын жанына келди.
Карманганга эч илмеги жок экен,
кирпич дубалдардын ар кайсы
жерин кармалап тартынып,
көтөрүлүп чыгып келатып колу
тайып кетип чалкасынан кулап
түштү. Ары жакта аны карап
турушкан балдар "дуу" этише
шылдыңдап каткырып күлүп
калышты. Буга ызалана түшкөн
өспүрүм денесинин ооруганына
карабай ордунан атып турду да,
кайрадан дубалга жабышты. Бул
жолкусунда мурункусунан да
жогору көтөрүлдү, дагы колу тайып
кетип бийик жерден кулап түштү
жерге. Далысы менен катуу
тийгендиктен өпкөсү куушурула
дем ала албай өзөрүп калды. Ары
жакта ойноп жаткан балдар жабыла
чуркап келишип, аны тегеректеше
тургузууга аракет кылышты. Көк
беттенген өспүрүм ордунан
акырын туруп, кайрадан дубалга
жармашты эле биркилер
жардамдашыша аны буттарынан,
далысынан жөлөшүп өйдө карай
тартынып чыкканга көмөктөшүп
жиберишти. Дубалдын башына
чыккан өспүрүм кадимки атты
мингендей эки бутун эки жакка
өткөрө туурасынан отуруп алды.
- Ичинде эмнелер бар экен? -
төмөн жактагылар кызыгыша,
жабалакташа сурап жатышты.
Алардан өзүн бийик, жогору сезген
өспүрүм эч нерсе айтпастан
короонун ичине секирип түштү.
Дарбазанын жылчыктарынан
жабалакташа карап турушкан
мадыра баштардын жанына басып
келди.
- Силер мени ушул жерден эч
жакка кетпей карап тургула. Бир
нерсе болсо эле жабыла кыйкырып
киргиле. Ары жактагыларды
жардамга чакыргыла, - ал акырын
ары көздөй жыла басып короо
ичиндеги складдарды кыдырып,
өзүнө жаккан бир нерсе издей
баштады. Бири-бирине жакын
салынган үч-төрт склад бар болчу.
Терезелеринин баары темир тор
менен тордолуу экен, айнектен
шыкаалап ичи карады. Эч нерсе
көрүнбөйт. Ары көздөй жылып
жөнөдү. Адегенде короо ичин бир
сыйра шимшилеп чыккысы келди.
Бир эмес эки сыйра текшерип
өттү. Өзүнө керектүү эч нерсе
таппаган соң эми складдардын
терезелеринен ичине көз жүгүртө
баштады. Терезеси тордолуу, ал
эми эшиктери болсо сыртынан
кулпулануу экен. Өзүнө ылайыктуу
эч нерсе таппаган соң көңүлү чөгө
отуруп калды. Дубалдын ары
жагында дарбазанын
жылчыктарынан жабыла шыкаалап
турушкан балдарга бул жактан бир
нерсе таап алып мактангысы
келген. Баарынан бийик, өзгөчө
болуп салынган складдын эшигине
келип, кулпусун тарткылап ачууга
аракет кылып көрдү. Колунан эч
нерсе келбегенине жини келе
эшикти "тарс" эткизе тээп алды да,
ары көздөй басып жөнөдү. Бир
кезде дал эле ушул складдын
ичинен кандайдыр бир аялдын
кыйкырганындай үнү угулуп кетти.
Чын эле уктумбу же жаңылыш
уктумбу дегендей бир ордунда
былк этпей катып калды да,
акырын сол кулагын ошол
кыйкырык чыккан жакка төшөп,
дагы угулаар бекенби дегендей
күтүп калды.
- Ээй ким бар жогору жакта?!
Ал өз кулагына өзү ишенбей
селейип эле катып калды.
- Ээ-эй, ээ-эээ-эй, өйдө жакта ким
бар?!
Бул жолкусунда аялдын үнү даана
угулду кулагына. Оюна жаман
нерсе кетти, үй ээси же арбак,
көрүмчүлөр болушу мүмкүн деп
ойлоду. Дароо эле дарбаза жакты
көздөй болгон күчү менен
тызылдап чуркап жөнөдү. Артынан
бирөө кубалап келип желкесинен
аткый кармап, ары көздөй алып
кетчүдөй, жүрөгү дүкүлдөй коркуп,
болгон күчү менен тырмыша
дубалга көтөрүлүп чыкты да,
короонун артына секирип түштү.
Өңү бопбоз болуп турган өспүрүмгө
ары жакта турушкан балдар
жабалактай сурай кетишти.
- Эмне болду, бирдеме көрдүңбү?
- Жок, эч нерсе болгон жок, эч
нерсе көргөнүм жок, - ал эч кимге
эч нерсе жооп бербей ары көздөй
басып кетип калды.
ҮЗҮЛБөГөН ҮМҮТТөР
Диананын эне-атасы Бишкекке
келгенине дээрлик эки жумадан
ашып калган болчу. Алардын үйүнө
Ибрагим келип кеткенден кийин
кандайдыр бир үмүт шооласы
чачырап жоголгон кызын балким
таап калабызбы дешип, Токмоктон
Бишкекке келишкен. Алиги кесилип
кеткен Марат Исабековдун менчик
түрмөсүндө отуруп чыгышкан
кыздарга жолугушуп, Диана
жөнүндө сураштырып көрүшкөн
болчу. Алардын дээрлик көпчүлүгү
Диананы жакшы билишпейт экен.
Анткени аны Кыргызстандын
түрмөсүнө аз убакытка эле кармап
анан Ташкентке алып кетишкен
болчу. Бул боюнча алар
жергиликтүү милицияга да
кайрылышты. Алар да анча биле
беришпейт экен, бирок издөөгө
жардам беришкени кыздын
сүрөтүн алып калышты. Издеп-
издеп эч жерден анын дайынын
табышпаган соң Ташкентке жөнөп
Ибрагимди тапмай болушту.
Жаңыдан эле даярданып жөнөөгө
камданып жатышканда
телефондон бир кыз чалып калды.
- Сиздер Диананын эне-атасы
болосуңарбы, анын дайынын
билбей, таппай жүрөсүңөрбү? Мен
Диана менен чогуу Ташкентке
болгом, ал жөнүндө бир топ
маалыматтарды билем…
- Үмүттөрү өчүп бараткан билик
кайрадан жалп этип жана түштү.
Өздөрүнүн адресин айтып кызды
чакырып алышты. Ал баягы
саунадан Диананы качканга
жардам берген, кайра кармалып
калганда токмок жеп эси ооп
жатканда нан алып келип берген
Айгүл деген кыз болчу. Ташкенде
болгон окуянын чып-чыргасын
коротпой бүт айтып берди.
- Эң акыркы жолу аны көргөнүмдө
туткунга түшүп калышкан
кандайдыр бир кишилерди
тааныйсыңбы деп өзүнчө алып
чыгып көргөзүп жатканы эсимде.
Андан кийин биз жаткан үйдү
солдаттар менен милиция
кызматкерлери курчап алып,
ичинде курчоодо калгандар болсо
бизди барымтага кармашып,
ортодо атышуулар, ызы-чуулар
болуп кеткен болчу. Атышуу
мезгилинде бир топ кыздарыбыз
каза болушкан. Аларды биздин
үстүбүздөн караган кишилер
атайылап эле атып салышкан
болчу. Бирок өлгөндөрүнүн
арасынан Диананы көргөн
эмесмин, ошондо ал эмнегедир
дайынсыз жоголуп кетти. Аны
мурун качып кетип кайра кармап
калып, ошон үчүн өзүнчө бөлмөгө
камап салышкан. Кийинчерээк
биздин үстүбүздөн көзөмөл
жүргүзгөндөрдүн баары милиция
кызматкерлери менен солдаттарга
туткунга түшүшкөндө бир жигиттин
Диананы издеп, көрүнгөндөн
сураштырып жүргөнүн көргөм.
Менин угушумча ал Диананын
жигити окшойт. Болгону ушул,
башка эч нерсе билбейм.
Чындыгында эле Айгүл Диана
жөнүндө болгону ушуларды гана
билчү, башка эч нерсе айта алган
жок. Кандайдыр бир үмүттүн
шооласы чачырай түшкөн
Диананын эне-атасы дароо эле
Ташкентке жөнөп кетишти.
Адегенде жергиликтүү милиция
кызматкерлерине кайрылышып,
жоготкон кызынын сүрөтүн
көргөзүштү. Ансыз деле бул жактан
милиция кызматкерлери кызды
издеп жатышкан болчу. Сүрөтүн
алышканда ого бетер жеңилдик
болду. Аны компьютер менен
көбөйтүп, жер-жерлердеги
милицияларга таратып беришти.
Аны көргөндөр билгендер болсо
кабарлап коюусун өтүнүшүп, эл көп
жүргөн көчөлөргө сүрөтүн илишип,
атүгүл гезиттерге, телевидениеге
да жарыя кылышты. Кыздын эне-
атасы көп өтпөй эле Ибрагимди да
таап алышып, Диананы чогуу
издеп башташты. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим аларды
айылдагы Мэхранын үйүнө алып
барып келди. Мэхранын сүрөтүн
көрүшкөндө алар адегенде
өздөрүнүн кызы экен деп
ойлошкон. Ишенишпей анын
мүрзөсүнө чейин барып келишти.
Автовокзалдын жанындагы окуяны
Албина менен Ибрагим бүт айтып
беришти.
- Ак мерседес машинеси
болбогондо Диана эбакта эле
мекенине кайтып кетип калмак
болчу. Көз ачып-жумганча эле аны
каяккадыр өкүртүп-бакыртып
салып кетишпедиби. Ошондон
кийин дайынсыз жоголуп кетти.
Азыр аны милиция кызматкерлери
да издеп жатышат, - Албина
көргөн-билгендерин Диананын
эне-атасына айтып бери отурду.
Анын сиңдилеринин да өздөрүнүн
кыздарына, Диананын
сиңдилерине окшош экендигин
көрүшүп аябай таңгалышты.
Бардыгы жабылыша кайра
Ташкентке келишип Диананы катуу
издөөгө салып киришти.
#22 28 Март 2014 - 13:49
14-бөлүм
ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ
Диананын бул жерде жатканына
эки аптадан ашып, үчүнчү жумага
кетип бараткан. Кыйкырып атып
жедеп тажаган соң алы кетип
жерде матрацтын үстүнө
кыймылсыз жатып калган.
Эмнегедир эне-атасы көз алдына
тартыла түштү. "Алар мени
таптакыр эле өлүп калды деп
түңүлүп калышты го, болбосо
издөө салышат эле да. Жок
дегенде эне-атамды бир көрүп
алып өлсөм кандай гана жакшы
болот эле…"
Тээ илгерки мектепте окуп
жүргөндө, жай мезгилинде биринчи
жолу Ысыккөлгө пионер лагерине
барганын эстеди. Анда дагы аябай
энеси менен атасын, бир тууган
сиңдилерин сагынган болчу.
Таптакыр эле кыймылдоого
дарманы келбей жогору жактагы
өзүн капаска камап салган темир
торлуу эшикти тиктеп жата берди.
Ооздору кургап, жарылып
айланасы күн менен түн билинбей
айлан-көчөк тартып, эсин жоготуп
баратты. Көзүнө кадимкидей
ажалдын элеси көрүнө өмүр менен
өлүмдүн ортосунда турду.
ТАБЫШМАКТУУ КЫЗ
Жүрөгү түшүп, коркуп калган
өспүрүм алиги складда болгон
окуяны эч кимге айткан жок. Бара-
бара унутуп да калды. Бир жолу
ошол бийик дубалдуу короонун
жанынан өтүп баратып дарбазанын
тушуна келгенде тык токтоп калды
да өткөндөгү окуяларды эстеди.
Анан бир нерсе оюна келгендей
үйүн көздөй жүгүрүп кетти да көп
өтпөй кайра келди. Колунда мык
сууругуч, балта, аттиш бар болчу.
Дагы бир сыйра айланасына көз
жүгүртүп эч ким жок экенине
ишенген соң, алиги колуна ала
келген аспаптарын дарбазанын
алдына сойлотуп жиберип, дубалга
жармашып чыга секирип өтүп
кетти. Дарбаза жанындагы
аспаптарын чогултуп алып
кайраттана түз эле алиги аялдын
үнү чыгып жаткан склад жакка
басып барды. Бир жолу да атайы
көпкө келип тыңшап туруп кыздын
ыйлап жаткан үнүн үзүл-кесил
уккан болчу. Эч кимге айтпай
өзүнчө ойлонуп жүрдү. "Балким ал
жакта көрүмчү эмес эле, камалып
жаткан бирөө болуп жүрбөсүн? Мен
эмнеге коркоктук, бок жүрөктүк
кылып жатам. Эркекминби,
эмнемин кой эмнеси болсо да,
ичин текшерип көрүш керек.
Көрүмчү, арбак эмес балекет болсо
да барам", - ал ушундай чечимге
келген болчу.
Складдын жанына келип кулпуну
сындырып ача аламбы деп өзүнө
ишенкиребей бир топко карап
турду. Анан колундагы мык
сууругучу менен илинүү кулпуну
илип алып күчкө салып катуу тарта
баштады. Кулпу илинген жыгач
эшиктин добшасы аябай бек, катуу
тагылыптыр. Канчалык күч менен
тартса да омкоро албай койду.
Эмне кылаарын билбей ачуулана
ары-бери баса бир пазга ойлонуп
калды. Короонун дарбазасын
карады эле, кайдан-жайдан пайда
болушканы белгисиз балдардын
бардыгы аны жылчыктардан
шыкаалаша жалдырап унчукпай
карап турушуптур. Алардын
көзүнчө намысына келе түштү да
мык сууругучту добшага салып
болгон күчү менен чымырканып
өзүн көздөй тартып кирди. Анча-
мынча бошогону болбосо дегеле
ордунан козголчу түрү жок. Эмне
кылаарын билбей шалдырап отуруп
калды. Бир кезде "топ" эткен үн
жакка башын бурса, мадыра
баштардын улуурагы дубалдын ары
жагынан бери көздөй секирип
өтүптүр. Сыягы тигилер дубалга
чыкканга жөлөп-таяп жардашышса
керек. Эми мык сууругучту
добшага салып алып экөөлөп тарта
башташты. Добшанын бекилген
жери кичине бошогонсуду. Баары
бир ошол эле боюнча болчу. Тажап
кеткен экинчиси тигиндейрээк
барып отуруп алды.
- Эмне убараланып жатабыз,
ичинде тим эле алтын бардан
бетер.
- Азыр көрөсүң аны, тиякта эмне
бар экенин…
- Чын эле эмне бар экен айтчы,
көрдүңбү бир нерсе?
- Ооба.
- Айтсаң эмне бар экен?
- Айтпайм, айтып койсом тигилерге
да айтып коёсуң.
- Эч кимге айтпайм.
- Автомат, тапанча, граната
көптөгөн октор…
- Чын элеби, аны кантип көрдүң?
- Айтпайм, адан көрө туруп
жардамдаш. Эшикти экөөлөп ачып
алалы.
- Чын айтып жатасыңбы?
- Анан калп айтып атат деп
атасыңбы, андан көрө давай муну
тартканга жардамдаш.
Экөөлөп кайрадан добшаны тарта
башташты. Добша акырындап
бошоп келатты. Улам эс алышып
кайра күчкө салып тартып
отурушуп, акыры добшаны кулпусу
менен кошо сууруп алышты. Күчкө
салып экөө күү менен тартканда
добша каалгадан чыгып кетип,
экөө тең чалкаларынан кетишти.
Кайра туруп келген эң улуусу
тигиге кайрылды.
- Биз складдын ичин аңтарып
жүргөндө мунун кожоюндары
келип калышса эмне кылабыз?
- Коркпой эле кой, сырттагы
балдарга эскертип койгом, бир
нерсе болсо ышкырып белги
беришет.
- Ана кирдик ичине…
Экөө ээрчише складдын эшигин
эки жакка ачышты да сактана
ичине киришти. Ичи жапжарык,
бирок тигилер ойлогондой эч нерсе
жок экен. Ары жактагы темир
шкафтардын оозун ачып ичин
аңтарып карай башташты. Эски
илинип турган кийимдерден башка
эч нерсе жок. Бурчта жөлөнүү
темир шаты турат.
- Мен айтпадым беле эч нерсе жок,
а сен калп эле каяктагы
куралдарды айтып башты
оорутасың, кеттик жүрү эшикке.
Таманы цемент менен куюлган
складдын дал ортосундагы темир
торчого жакындап келген
өспүрүмдөрдүн улуураагы төмөн
жакта эмне бар экен деп акырын
үңүлүп карады.
- Кеттик жүрү, кожоюндары келип
калышса бизди кармап алышат.
Бол, эмне туруп калдың жалдырап.
Ал жактан бир нерсе көрдүңбү?
Улуураагы акырын башын көтөрүп
тигини карады да сөөмөйүн эрдине
такап "чыщ-щ" деп белги бере
акырын үн чыгарбай тигини өзүнө
чакырды. Эч нерсе түшүнбөгөн
экинчиси анын жанына аярлай
басып келди. Төмөн жакты карачы
дегендей сөөмөйү менен көрсөттү
эле акырын эңкейип карады.
Өздөрүнөн төрт-беш метрдей
төмөн жакта төрт тарабы
цементтелген жер төлөнүн ичинде
кыймылсыз чалкасынан бир кыз
жаткан болчу. Экөө акырын
шыкаалай таңгалыша көпкө
акмалап карап турушту. Кыз
чалкасынан жаткан боюнча дегеле
былк этип койгон жок.
- Өлүп калган го дейм ыя?
- Ким билет…
Экөө шыбырашып сүйлөшүп
жатышты. Төмөн жактагы кыздын
манжалары кез-кез кыймылдап
кеткенин экөө тең көрүштү.
- Үн чыгарып көрөлүбү, балким
уктап жаткан чыгаар?
- Үй ээси же албарсты болуп бизди
кармап калсачы?
- Кантип кармайт, темир тордун
сырты кулпулануу турбайбы. Ал
жактан көтөрүлүп чыга да албайт.
- Анда акырын үн чыгарып көрчү?
Экөө бир пазга чочулашып турушту
да, экинчиси акырын үн катты.
- Ээ-эй, сен кимсиң?
Төмөн жактан жооп болбогон соң
экөө бирин-бири караша чогуусу
менен үн катты.
- Ээ-ээ-ээй, сен кимсиң?
Жооптун ордуна колуну манжалары
кез-кез кыймылдап кеткенин
көрүштү.
- Эй тирүүсүңбү?
Жооп жок, жымжырт. Экөө
шыбырашып сүйлөшүп жатышты
эле эми үндөрүн ачык чыгарып
сүйлөшүп киришти.
- Муну кимдир бирөөлөр камап
кетишсе керек, чала жан кылып
туруп. Эмне кылабыз?
- Бул капкакты ачып көрбөйлүбү?
- Давай.
Экөө темир тордун кулпусун мык
сууругуч менен ары-бери
жулкулдатып, ургулап, убараланып
атышып таптакыр эле ача албай
коюшту. Төмөндө жаткан аялга
кыйкырып атып акыры тажашты.
- Балким тигил тирүүдүр?
- Ооба, колдорунун манжалары
кыймылдап жатпады беле…
- Эми эмне кылабыз?
- Экөөбүздүн колубуздан эч нерсе
келбейт окшойт, андан көрө эне-
атабызга барып кабар берели, алар
бир нерсе иштешээр.
- Ооба да.
Экөө төмөн жактагы кыймылсыз
жаткан кыздын денесин бир аз
карап турушту дагы, дароо сыртка
жүгүрүп жөнөштү.
Көп өтпөй эле дарбазанын үстүнөн
ашып өтүшкөн өспүрүмдөрдүн
аталары дароо эле ачык турган
складдын ичине киришти.
- Канакей жанагы өлүп жаткан
аялыңар?
- Мынакей, бобул темир тордун
алдында жатат. Бардыгы
тегеректеше бир аз карап
турушкан соң, темир тордогу
кулпуну талкаламай болушту эле
бирөөсү аларды токтотуп калды.
- Коё тургула шашпай, бул өлүктү
через милиция аркылуу
текшербесек бизден көрүп калышы
да ыктымал.
- Туура.
Анын сөзүн жөндүү көрүшкөн
башкалар дароо эле телефон
аркылуу милицияга кабар беришти.
Көп өтпөй милициялар дагы,
медэкспертизанын кишилери дагы
жетип келишти. Темир тордун
кулпусун сындырышып, ары жакта
тургун темир шатыны төмөн
түшүрүп жиберишти дагы эки-
үчөөсү ылдый карай түшүп
баратышты. Медэкспертизадан
келген киши кыздын чекесин
басып, анын тамырын кармап
көрдү, анан башын көтөрө
жанындагыларга кайрылды.
- Али тирүү экен, тамыры араң жан
согуп жатат. Тезирээк ооруканага
алып жөнөгүлө.
Эки-үчөөлөп кызды өйдө жакка
көтөрүп чыгышты да "тез жардам"
машинесине отургуза шашылыш
ооруканага алып кетишти.
Милициянын капитаны
айланасында жарданып
турушкандарга кайрылды.
- Бул кимдин складдары?
Бардыгы бири-бирин караша
өздөрүнчө кужулдашыша
билбейбиз дегендей ийиндерин
күйшөштү. Бирөөсү бардыгы үчүн
жооп берди.
- Көп эле чет элдик машинелер
келип кетишчү, ага анча деле
маани берчү эмеспиз.
Складдардын ичин милиция
кызматкерлери бир сыйра
текшерип чыгышкан соң
дарбазаны бекитип, печать коюшуп
кошуна жашагандарга эскертип
өтүштү.
- Бул жакка улуксаатсыз экинчи
кирбегиле, эгер чоочун машинелер
пайда болсо дароо эле бизге
звонит эткиле.
Короонун сыртында турган
милиция кызматкерлеринин
машинелери ордунан козголуша
биринин артынан бири ээрчише,
кандай келишсе дароо ошондой
көздөн кайым болушту. Өз ара бир
нерсени талкуулашкан кошуналар
тигилерди узатып кала беришти.
* * *
Телевизордон, гезиттерден
жоголгон кыз тууралуу кабарлар
берилип, көчөлөргө да анын
сүрөттөрү илинип калган болчу.
Бир күнү таң эртең менен кыздын
эне-атасына ооруканада жаткан
белгисиз бейтааныш кыз тууралуу
телефондон кабар келди. Айтылган
дарек боюнча жетип барышкан
Диананын эне-атасы кызын
тааныбай жатышып араң дегенде
таанышты. Ал реанимацияда эс-
учун билбей "капельницада" жаткан
болчу.
Врачтар ал жакка жакын жолотпой
коюшту.
- Анын ахывалы өтө оор, адам
болобу болбойбу белгисиз. Колдон
келишинче аракет кылып жатабыз.
Бирок…
- Эмне бирок…? Айтыңызчы доктор
аны эптеп адам катарына келтире
аласыңарбы?
- Жүз процентке гарантия бере
албайм, бирок колдон келишинче
аракет жасайм, мындайлардын
жүздүн бири гана айыгышы
мүмкүн. Эрки, ден-соолугу күчтүү
болсо адам болуп кетет болбосо…
аны өзүңөр деле түшүнүп
жаткандырсыңар.
- Жардам бериңизчи доктор эмне
дегениңиздин бардыгын жасайлы…
- Бизге эч нерсенин кереги жок,
болду. Эгер ал силердин кызыңар
экени чын болсо анда, бизге
тоскоол кылбагыла. Кете берсеңер
болот, бошсуңар…
ДИАНАНЫН КӨЗ ЖАШЫ
Диана эки жумадан кийин гана
араң эсине келди. Жарым-
жартылай көзүн ача өзүнүн каякта
экенин түшүнбөй жатты. Эбакта
жантаслим болуп тигил дүйнөдө
жүргөндөй сезип кетти. "Мен
тирүүмүнбү же өлдүмбү?" , эсине
келип келбей оюна ушундай суроо
пайда болду. Көзүн акырын ачып,
жаап кайра жумуп атып бир кезде
чоң ачып жиберди. Айланасынын
баары жапжарык, өзүнүн жогору
жагындагы илинип турган айнек
идиште кандайдыр бир суюктуктун
турганын көрдү. Башын көтөрөйүн
деди эле эмнегедир ичтери ооруп,
кубаты жетпей койду. "Мен
кайдамын, ооруканадамынбы. Эгер
ооруканада болсом мени кантип
табышты. Же тигилер дале сынап,
кыйнап Мындан көрө ушунчалык
кыйналып азаптангандан көрө
өлүп калганым эле жакшы. Тигилер
баары бир мени соо коюшпайт,
өлтүрүп өлүгүмдү кислотага
ээритип салышат. Ушул кислота
дегенди ким ойлоп чыгарды экен?"
Диана өзүнчө ойлонуп жатып шырп
деген добушка кайра көзүн ачты.
Бет маңдайында ак халат кийген
врач туруптур.
- Слава Богу наконецта эсине
келди. Ал Диананын чекесине
колун тийгизди.
- Айтыңызчы сиздин атыңыз ким,
Дианабы?
- Мен кайдамын? - Диана жооп
бергендин ордуна кайра өзүнө
суроо салды.
- Камсанабай эле коюңуз,
ооруканадасыз. Өтө эле оор
ахывалда келдиңиз эле, киши
болот, болбойт деп чочулап
жатканбыз, акыры акырындап
оңолуп кеттиңиз.
- А сиз кимсиз?
- Мен сиздин врачыңыз болом,
айтыңызчы сиздин атыңыз ким
Дианабы?
- Аны кайдан билдиңиз?
- Эки-үч жумадан бери эне-атаң
келип, күндө бизге тынчтык
бербей, сенин ахывалыңды сурап
жатышат…
- Ким, ким дедиңер эне-атам
дедиңерби? Диана башын
көтөрөйүн деди эле врач кайра
жаткырды.
- Сизге кыймылдаганга да, көп
сүйлөгөнгө да болбойт.
- Түшүнсөм буюрбасын, мен
кайдамын, Бишкектин
ооруканасындамынбы. Эне-атам
менин бул жакта экенимди кайдан
билишет. Чын эле угуп жатамбы же
түшүмбү?
"Эне-атаң келип" деген сөздү
укканда эмнегедир жүрөгү
мыжылып, көзүнөн өзүнөн өзү эле
жаш шорголоп куюла баштады.
Өзүнүн туура эмес сүйлөп алганын
түшүнгөн врач оңтойсуз сезип
атты.
- Сизге кейигенге да, сүйлөгөнгө
да болбойт, эс алыңыз, - ал
күнөөлүү кишидей акырын сыртка
чыгып кетти. Диана эмнегедир
өзүн кармана албай ыйлай берди,
ыйлай берди.
КУБАНЫЧТУУ КАБАР
Бул кабарды укканда Ибрагим да
Абдувахаб менен ооруканага жетип
келишкен болчу. Диананын да эне-
атасы ошол жакта экен. Көп өтпөй
эле ал жакка Альбина, Гүлбахрам
анан Манзура апа болуп баары
чогуу келишти. Диана эсине
келгенче бир да бирөө
ооруканадан карыш жылышпай эч
жакка кетишкен жок. "Сокурдун
тилегени эки көз" дегендей
бардыгы Диананын сакайып
кетишин, эсине келишине күндө
Кудайдан миң мертебе жардам
сурашып күнү-түнү күзөтүп
калышты. Атүгүл бул жакка
милиция кызматкерлери да бат-
бат, байма-бай каттап кыздын
ден-соолугун сурап жатышты.
Арадан эки апта өтүп, үчүнчү апта
башталганда гаа врач аларга
Диананын көзүн ачкандыгы
тууралуу кубанычтуу кабар айтып
келди. Ушунчалык
кубанышкандыктан бардыгы
көздөрүнөн жаш агыза ыйлап
жатышты. Өзгөчө Ибрагим
Мэхрасы кайрадан тирилип
келгендей асманды карап алып
Кудайга миң мертебе
ыраазычылыгын билдирип, көзүн
жаштап турду. Чындыгында
Ибрагим Диананын артынан чуркап
канчалык азаптанганы менен
Диана аны жакшы билчү эмес.
Тескерисиче андан чочулап, оолак
болууга аракет кылып качып
жүрдү.
Дарыга көп акча
чыгымдалгандыктан Диананын
эне-атасынын өздөрү менен кошо
ала келишкен акчалары жетпей
калды. Кыргызстанга телефон
чалмакчы болушту эле Гүлбахрам,
Манзура апалар токтотуп коюшту.
- Убара болуп, кыйналбай эле
койгула, биз силерге карагада
жакыныраак турат эмеспизби.
Айылга барып бат эле таап келе
коёбуз.
Алар ошол замат эле Альбинаны
айылына жөнөтүштү. Акча бир топ
керек болгондуктан
кошуналарынан акча карызга
сураштырып таппай коюшту. Анан
айла кеткеде жалгыз саа уюн
сатыша ошонун акчасын алып
келип берди. Альбина ал жөнүндө
эч кимге эч нерсе айткан жок.
Көптөгөн кымбат дарылар менен
дарылангандыктан акырындап
Диананын ден-соолугу жакшырып,
оңоло баштады. Врачтар ага
жашылчанын ширелерин бери, үч-
төрт күндөй кармашты дагы
акырындап жеңил тамактарды
бергенге өтүштү. Ал кадимкидей
кыймылдаганга жарап калганда,
реанимациядан башка бөлүмгө
которушту.
Адатыча Ибрагим ага кайрадан гүл
көтөрүп келип, врачтарга
тапшырып кетип жатты. Албай
моюн толгошсо да ой-боюна
койбой алардын колдоруна,
шоколад кармата коюп берип
жиберет да, бир-эки сааттай
оорукананы айланчыктап жүрүп
анан кетет.
СУРАК
"Мен кандайча бул жакка келип
калдым?" деп Диана башын
катырып таңгалып жүргөн.
Жергиликтүү милиция
кызматкерлери келип аны менен
маек кура башташканда гана
иштин чоо-жайын түшүндү.
- Сизди өлүм алдында жатканда
биз таап алып, "скорый" менен
ооруканага жеткирдиргенбиз.
Сенин ким экениңди эне-атаңдан
сураштырып билип алдык. Бирок
кандайча жер алдындагы орого,
түрмөгө салып таштаганы
табышмак болуп отурат. Алар
кимдер сени орго салып
кыйнашкан? Сени Альбина менен
Ибрагимдин көзүнчө автобекеттин
жанынан кандайдыр бир ак
мерседеске салып алып кетишкен
турбайбы. Алар кимдер эле?
- Мен өзүм да жакшы түшүнө
албай койдум, кимдир бирөөлөр
менен мени чаташтырып алышты
дагы кыйнай беришти.
- Кыйнашкандарынын себеби эмне
болду?
- Өзүмдүн да буга башым жетпейт,
эмне себептен мынчалыкка
барышканына. Сыягы мен алар
менен чогуу иштешип анан качып
кеткен имишмин…
- Бобул сүрөттөгүлөрдү
тааныйсыңбы? - алиги милиция
кызматкери беш-алты сүрөт алып
чыкты да Дианага көрсөттү.
Баардыгы тааныш, алиги жашыруун
акча чыгарган цехтин
адамдарынын сүрөтү болчу.
Аларды бир аз карап турган соң
"жок" дегендей башын чайкады.
- Буларды биричи көрүшүм.
- Булардычы?
Бири-бирине куюп койгондой
окшош эки сүрөттү көрсөттү. Алар
банданы жетектеген Альберт менен
Роберт экөөнүн сүрөттөрү болчу.
Диананын көзүнө эмнегедир түрмө
элестеп кетти. Алиги Марат
Исабековдун түрмөсү эмес чыныгы
ьтүрмө элестеди. Кайрадан
түрмөгө түшүп калаарын
ойлогондо жүрөгү "болк" дей
түштү. Эгер мамлекеттик мыйзамга
каршы кылмыш жасасаң милиция
кызматкерлери эне-атаңдын
көзүнчө эле ачыктан-ачык түрмөгө
алып кетээри бышык. "Эч нерсе
билбейм, тааныбайм" деп калп
айтып тана баштады.
Биздин сиздин тиги Бишкектеги
Марат Исабековдун менчик
түрмөсүндөгү туткун кыз
экениңизди билебиз, бирок
кандайча таптакыр эле башка
экинчи бандага кабылып калдың,
бизге табышмак болуп атат.
Экинчи банда ким билесиңби?
Жок.
Жашыруун акча чыгарган банда…
балким сиз алардын мүчөсү болуп
жүрбөңүз?
"Жашыруун акча чыгарган банда"
дегенди укканда Диананын жүрөгү
оозуна кептелди. Эми даана,
кайрадан түрмөгө отурам деп
чочулады.
- Менин ким экенимди өзүңөр деле
менден жакшы билесиңер?
- Марат Исабековдун адамдары
өзүнүн туткун кыздарын барымтага
алып, бизде курчоодо калганда
эмне үчүн алардын арасында сиз
жок болгонсуз. Бул мезгилде кайла
элеңиз?
- Силер келе электе ал үйдүн
ичинде кандайдыр бир адамдар
менен өздөрүнчө мушташышып,
атышуу башталып кеткен болчу.
Мени катуу сабап
ташташкандыктан үстүңкү кабатта
эсим ооп жаткам…
- А эмне себептен катуу сабашкан?
- Бизде менчик түрмөдө андайлар
көп болот, кичине эле туура эмес
иш жасасак же каяша айтышсак
ошентип сабап ташташат.
- Именно сизди кайсы күнөөңүз
үчүн сабашты эле?
- Качууга аракет жасагам, ошон
үчүн…
- Та-ак айта бериңиз андан ары?
- Кыскасы ошондой, мен үстүнкү
кабатта эсим ооп жаткам, мени
кандайча сабашканын алиги туткун
болуп жүргөн жердеш кыздарым
деле айтып бере алышат. Анан
эсиме келгенде төмөнкү жакта эки
жаат болуша өздөрүнчө мушташып,
атышып жатышыптыр. Ошондой
кырдаалдан пайдаландым…
- Биричи кабаттан качып чыкканга
албетте мүмкүн эмес, ал эми
экинчи кабаттан кантип түшүп
кеттиңиз, терезелери бүт тордолуу
болсо?
- Буга мен өзүм да жакшы түшүнө
бербейм, экинчи кабаттын эң четки
бөлмөсүндө башында илмеги бар
аркан жип бар экен узун. Сыягы
төмөн жактагы мушташып, атышып
жатышкандар таштап салышса
керек. Ошону алдым да үчүнчү
кабатка көтөрүлүп чыктым. Үчүнчү
кабаттан терезелеринин темир
решёткалары жок болчу.
Айнектерин алып жип учундагы
темир илмектерди алып, терезе
аркылуу төмөн карай таштап
жиберип, аркан менен сыйгаланып
түштүм.
- Убакыт чак түш болсо, терезеден
жылмышып түшүп келатканыңды
эч ким көргөн жокбу?
- Мен деген үйдүн аркы бети
менен түштүм, ал жактан эч ким
көрүнбөйт.
- Бийиктиктен кулап кетем деп
корккон жоксуңбу?
- Жан керек болсо баарына кайыл
болот экенсиң. Жакшы
мүмкүнчүлүк болуп турганда
пайдалана албай калсам, анда кача
албайт болчумун. Мен жашырынып
короодон жаңы гана чыгып ары
көздөй узай бергенде, кандайдыр
бир чүмкөмө машинеде солдаттар
менен милициялардын келип жерге
секирип түшүшүп, үйдү, короону
курчоого алып жатышканын
көргөм.
- Дарбазадан кантип чыктыңыз,
сизди баары бир көрүп калышмак
да?
- Мен дарбазадан чыккан жокмун,
дубалдан алиги үчүнкү кабатта
түшкөндөгүдөй башында илмеги
бар жип илинип туруптур ошо
менен дубалга тартынып чыгып,
ары жагына өтүп кеттим.
- Күчүңүз кантип жетти, дубалдын
башыа чейин тартынып чыкканга?
- Дубал анча деле бийик эмес
болчу, болгону эки жарым же үч
метрдей. Көтөрүлө албай
убараланып жатып араң дегенде
тартынып чыккам. Эркиндикке
чыккан соң эптеп эле Ташкенден
алыс узап кетким келди. Каякка
барарымды билбей эле айылга
бараткан автобустардын бирөөсүнө
түшүп алдым. Андан кийинки
окуяларын тигил оорукананын
сыртында жүрүшкөн Альбина
Гүлбахрамдар жакшы билишет.
- Аны биз деле билебиз, бирок
башка бандалар сени кандайча
туткундап алышты?
- Мен аларды биричи көрүшүм,
алардын мүчөсү да эмесмин.
Кыргызстандан эриксиз келген
туткун кыз экенимди бардыгы
билишет. Алар менен эч кандай
байланышым да болгон эмес. Алар
мени кимдир бирөөлөр менен
чаташтырып алышты…
Диана менен милиция
кызматкерлеринин маеги, сурагы
дээрлик бир жумадан ашык болуп,
андан соң аы жайына коюшту.
Ошондон кийин гана эне-атасы,
тааныштары менен жолукканга
мүмкүнчүлүк ала алды.
КЕЗДЕШҮҮ
Диана менен эне-аталары биринчи
жолу жүз көрүшүшүп, маңдай-
тескей отуруша беттешишти.
Башынан көптөгөн кордуктарды
көргөндүктөнбү Диана өзүнүн
жашынан үч-төрт жылга жогорулап,
жыйырма бештердеги кыздардай
болуп картая түшкөн болчу. Атүгүл
өңү да кичине өзгөрүп кеткен.
Кызын сыга кучактаган энеси
көпкө чейин коё бербей ыйлап
жатты.
- Биз сенин дайынсыз жоголуп
кеткениңден кимдир бирөөлөр
өлтүрүп туруп, БЧКга сөөгүңдү
ыргытып же алыс жерге алып
барып көмүп таштаган го деп
ойлогонбуз. Эгер таптакыр эле
дайының табылбай кетсе бир
жылдан кийин куран окутуп,
ашыңды берели деп даярданып
жатканбыз. Издеттирип, өзүбүз да
издеп эч жерден таппай чарчап-
чаалыга таптакыр эле сенден
үмүтүбүз үзүлө түңүлүп калган
болчубуз.
- Көп өтпөй ары жактан Заира апа
Гүлбахрам менен Альбиналар
келишип кучакташып калышты.
Заира апа да көзүн жаштап ыйлап
алып басылды.
- Сенин айыгып, жакшы болуп
кетишиңе ушул Заира апаңдын
көмөгү көп. Дарыга жалаң ушул
апаңдын акчасын чыгымдадык.
- Рахмат сизге апа, аман болсом
менин да жардамым тиет силерге,
- Диана Заира апаны кыса
кучактап бетинен өпкүлөп жиберди.
Бир кезде баардыгы ары жакта бир
кучак гүл кармап турган жигитти
карап калышты. Анын ары
жагында дагы бир жигит турган
болчу. Гүл кармап турганы
Ибрагим, анын артындагысы болсо
Абдувахаб эле. Экөөнүн тең өңү-
баштары жылуу учурап буларды
кайдан көрдүм эле дегендей
жалдырай карап калды. Көздөрү
көздөрүнө чагылыша экөө бири-
бирин бир топко тигилише туруп
калышты. Альбина тигиге
барбайсыңбы дегендей акырын
Диананын артынан түртүп койду
эле ал арт жагын бир карап алып,
кайра экөөнү карады. Бул
мезгилде Ибрагим Дианага жакын
басып келди.
- Кандай Диана, ден-соолуктарың
жакшыбы?
- Рахмат өзүмдү жакшы сезип
калдым… Баса, сиз ким болосуз…
- Мен… ме Ибрагиммин, сени жер
төлөдө жатканда мен таап алып
чыккам.
- Кайсыл жертөлө?
- Бул жолкудагы эмес, тээ мындан
бир топ мурунку, жер алдындагы
люктан. Эсиңдеби сен ооруканада
жатканда мен сага гүл алып келип
бери ошол жактан таанышпадык
белек. Сен анда көзүң көрбөй,
төшөктөн турбай жаткансың.
Экөөбүз тааныша жакшы эле
сүйлөшчү элек го, адан кийин эле
сен жоголуп кеттиң, кимдир
бирөөлөр уурдап кетишти… Сени
жоготуп жиберип таппай калдым.
Калаа боюнча издебеген жерим
калган жок. Сеи издеп Заира
апанын үйүнө чейин изиңди кууп
барып келдим. Сени издеп жүрүп
Марат Исабековдун бандасын
кармап, тыптыйпылын чыгардык.
Сени издеп жүрүп Альберт, Роберт
дегендердин жашыруун
мафиясына кабылдык.
- Сиз кимсиз, уголовный розыскта
иштейсизби?
Анын сөзүнө Ибрагим да Абдувахаб
да күлүп жиберишти.
- Жок Диана, мен сени люктан
алып чыкканда эле
таңгалганымдан эсим эңги-деңги
болгон, - ал чөнтөгүнөн кандайдыр
бир кыздын сүрөтүн алып чыкты.
Ал Мэхранын сүрөтү болчу.
- Бобул кыздын сүрөтүн карачы,
ким бул?
Диана сүрөттү колго ала таңгала
карап турду.
- Бул менин сүрөтүм го…?
- Жок Диана бул менин эң кымбат,
эң жакын адамым болчу. Кырсыкка
учурап кайтыш болуп калган. Ме
ошондо эң эле оор жоготууга
учурап, эң кымбат адамымдан
айрылгам. Аты Мэхра болчу, аны
сен эң жакшы тааныйсың, тигил
Заира апанын кызы эле.Жалгыз
гана мен эмес Заира апалар, анын
бир туугандары болуп
баардыгыбыз оор жоготууга
учураганбыз. Кудай Таалам сени
өзү алып келип жолуктурбадыбы
бизге. Сен кандай кыйналсаң сени
жоготуп жиберип биз да ошончолук
кыйналдык. Сени издеп атүгүл
Кыргызстанга Токмок шаарына,
сенин жергеңе барып эне-атаң
менен таанышып келбедимби. Анан
үч кабаттуу үйдөгү Марат
Исабековдун адамдары менен
согушкан да биз болчубуз. Сени
куткарабыз деп барып туткунга
түшүп калганбыз. Эсиңдеби,
"булардын ичинен кимисин
тааныйсың" деп сени бизге алып
келгенин?…
- Ооба эсимде, силерди эми
эстедим, ошондо экөөңөрдү
көрбөдүм беле…
- Бир-эки жолу көчөдөн көрүп сага
жеткенге үлгүрө албай
калгам."Жардамга! " деп
кыйкырганыңда сүйрөп машинеге
отургузушуп заматта көздөн
кайым болуп кетишкен. Баса,
айтмакчы, сени люктун астынан
өзүм көтөрүп чыккан болчумун,
ошондо көйнөгүңдүн ичинен эки-үч
пачка акча жүргөнүн көрүп,
кийинчерээк эсиңе келгенде кайра
өзүңө берем деп акырын алып
койгом. Мынакей ошол акчалар.
Сен эки көзүң көрбөй ооруканада
жатканда врачтарга, анан
дарыларга анча-мынча
чыгымдагам. Калганы мынакей
өзүм бир кагазын дагы
чыгымдаган жокмун.
- Сиз өзүңүз кимсиз?
- Мен Мэхранын жигити болчумун,
экөөбүз мына-ана үйлөнөбүз деп
турганда кырсыктап жатпайбы.
Сени көргөндө Мэхра кайра
тирилип келгендей болгон, жоготуп
жибергенде кандай болсо да издеп
таап, экинчи жоготпоско ант
бергем… Чындыгында сеи
жоготкондон бери бир түн да тынч
уктай элекмин…
Диана тигинин сунуп турган
акчаларын алып бир азга ойлонуп
турду да санабай тепетең экиге
бөлүп жарымысын Заира апага
жарымысын өзүнүн эне-атасына
берди. Бул жерде жок эле дегенде
долларларды сомго айлантып
эсептей келгенде жүз миң сомдун
тегерегинде болмок. Акчаны
алышкан эки тарап тең оңтойсуз
боло түшүштү.
- Алгыла, силердин эмгегиңер бар,
силер үчүн мен акча эмес
жанымды да берүүгө даярмын.
Дарыга акча жеткире албай
кыйналып жатышкан эки тарап
кадимкидей жеңилдей түшүштү.
Ошол акчанын күчү менен эң
жакшы врачтарды жалдашып, эң
күчтүү дарыларды бери, Диананы
тез эле сакайтышып ооруканадан
чыгарып алышты.
Ибрагим да өзүбектердин
сымбаттуу жигиттеринин бири
болчу. Эне-атасынын көзү өтүп
кетип, үйдөгүлөрдүн эң улуусу
болгондуктан айылда калышкан
кичүү инилерине каралашып турчу.
Диана экөөнүн мамилелери бара-
бара жакшы болуп кадимкидей
бири-бирин жакшы көрүп
калышты.
Көп өтпөй Диана ооруканадан
чыкканда Заира апа баш болгон
бардыгы Кыргызстанга конокко
барып сый көрүп келишти. Жарым
жылдай Диана менен Ибрагим кат
алыша, телефон менен сүйлөшүшө
убакыттары болгондо же Ташкенде
же Бишкекте болушуп жолугуша
калып жүрүштү. Аябагандай узак
убакытта болбосо да өзүнүн
кордук көргөн мезгили бир
кылымга тете болгондой болду.
Бирок ошончо азап тартып кордук
көргөнү заматта эле унутулуп
бардыгы артта калды. Ибрагим
көптөн берки айта албай жүргөн
үйлөнүү жөнүндө Дианага өз
сунушун айтты. Эки апта өткөн соң
ал жообун берди, анын сунушуна
макул экендигин билдирди.
ЭСТӨӨ
Жай мезгили болчу. Диана менен
Ибрагим Ысыккөлдөгү
пансионаттардын ичинде эс алып
жүрүшкөн. Кечке жуук көлдү
жээктей ак чардактардын ары-
бери учуп жүрүшкөнүн кызыга
караша, пирстин үстүнө чыгып
келишти.
- Эх ушундайда эң чоң суммадагы
акчаң болсо ээ, үйлөнүү тоюбузду
чет өлкөлүктөрдөй болуп
"свадебный путешествие" жасап
кыдырып кетет элек…
- Айтпа…
Экөө кыялданыша кызарып тоо
бооруна батып келаткан күндүн
нурун карап, бир топко отурушту.
Диананын эсине бир нерсе
түшкөндөй Ибрагимди жалт
карады.
- Ибрагим… сенин эсиңдеби, мени
кайсыл люктан алып чыкканың?
- Кайсыл, баягыл эң алгачкы сага
жолуккандагыбы? Албетте эсимде…
Диана анын сөзүн аягына
чыгарбай сыга кучактап өпкүлөп
жиберди.
- Кудай буюрса экөөбүз миллионер
болобуз, чет өлкөлүктөрчө
"свадебный путешествие"
жасайбыз, ура-аа-а!
Ибрагим аны жоругуна түшүнбөй
таңгала карап калды.
- Сага эмне болду Диана,
ушунчалык кубангандай?
- Эч нерсе, - ал эки колун өйдө
көтөрө асманды карай жыргап
каткырып күлүп атты. Ибрагим
унчукпастан аны карап тура берди.
Бир кезде Диана күлкүсүн дароо
токтото асманды карай өзүнчө
сүйлөнүп кирди.
- Оо жараткан күчтүү Кудайым,
ушунча кыйынчылыктарды,
кордуктарды баштан өткөрүп,
бирок өлтүрбөй, аман-эсен сактап
келдиң ушунуңа рахмат. Эми дагы
бир жолу жардамыңды аябай, көз
кырыңды сала көр мага. Мына
канчалаган сыноолордон,
кыйноолордон өткөрдүң, эл
көрбөгөн азап-тозокторду
тарттырдың. Тиги дүйнөгө канча
жолу барып кайра келдим. Жер
алдында, ордо кандай гана
азаптарды тартпадым. Эмнелерди
гана көрбөдүм. Канча жолу ажал
так эле маңдайыма келип, мени
аяп кайра кетпеди. Эми акыркы
жардамыңды бере көр Кудайым.
Ошончо азап-тозоктордун, көз
жаштарымдын, камчынын уусун,
чыбыктан акка кандардын эми
убайын, үзүрүн көрсөтө көр. Оо
Кудайым…
Ал өзүнчө сүйлөнүп жатты, анын
бул жоругуна түшүнбөй Ибрагим да
андан көзүн албай талып карап
тура берди. Анын бет маңдайында
Диана эмес эле Мэхра сүйлөп
жаткандай туюлду. Анткени Мэхра
өзүнчө сүйлөнүп, кубанып,
кыялдана, өз кыялына өзү
маашырлана, жыргай бермей
адаты бар болчу. Анда да Ибрагим
эч сөз сүйлөбөстөн анын ушундай
кыял-жоругуна кызыгып, карап
тура берчү. Бир кезде Диана эсине
келе анын жанына басып келди.
- Менин жоругума таңгалып жатсаң
керек ие? Таңгалбай эле гой, бул
таңгала турган жорук эмес. Андан
көрө айтчы Ибрагим, аябай бай
болуп жашагың келеби, тим эле
акчаларды ойдогудай каалаган
жагыңа чачып?
- Дика (аны ал ушинтип эркелетип
сүйлөчү) ойго келбеген нерселерди
сурабачы?…
- Чыныңды айтчы болгуң келеби?
- Эмне түш көрдүңбү?
- Айтчы болгуң келеби?
- Эми кандай десем… "Генерал
болууну каалабаган солдат солдат
эмес" дегендей, ким эле оокаттуу
бай болуп жашаганды каалабасын.
- Анда бай болуп, оокаттуу болуп
жашайсың…
- Кантип?
- Ошентип эле, андан көрө мени
кайсыл люктан алып, сууруп
чыкканыңды тапатак айтып бере
аласыңбы?
- Албетте…
- Жаңылбайсыңбы?
- Мен ал складда канча иштедим.
Ал люктун үстүнөн далай жолу
өтпөдүмбү, көзүмдү жумуп
көрсөтүп бере алам.
- Эң жакшы, мен сага бир нерсе
айтайынбы, кубанычтуу нерсе…?
- Айта бер…
- Айта турган болсом, ошол люктун
ичиндеги жер алдындагы темир
түтүктөр өтчү жерде эң көп
суммадагы акча бар…
- Койчу тамашалабай, кайдагы
акчалар?
- Өтө эле узак, долгая история,
айтып отурса. Ал акчалар бизге
өмүр бою, атүгүл небере-
чөбөрөлөрүбүзгө чейин жетет.
- Түшүнсөм буюрбасын, анча
акчаларды кайдан алып жүрөсүң
же…
- Мени алар бекерден бекер
куугунтукташка жок да…
- Кимдер?
- Кимдер болушмак эле, алиги орго
салып, камап таштагандар.
- Түшүнүктүү…
- Жок сен али эч нерсени түшүнө
элексиң. Мен четин чыгарып гана
айтып жатпаймынбы. Алар эмне
себептен менин артымдан куушуп,
аңдып калышкан айтып берейинби
баштан аяк…, анда эмесе угуп тур…
Ал кандай Ташкенге келгенин,
тигилердин туткунунан качып
чыкканын, ак чет элдик машиненин
артына жашынып калып,
бейтааныш короого, андан соң
гаражга кирип кеткенин, ал жакта
камалып калганын. Түн ортосунда
сыртка кантип чыгам деп адашып
жүрүп отуруп, жашыруун акча
чыгарып жаткандарга туш
болгонун. Тутам акчаларды
баштыкка толтура салып, артына
асынып алып, жер алдындагы
темир түтүктүн үстү менен
чыкканча жөргөлөп качып жүрүп
отурганын, акыры адашып кетип
жер үстүнө, сыртка чыга албай
калып акчаларды бир жерге
катканын, анан аябай
чарчагандыктан, ачкалыктан
дарманы калбай эси ооп калганын,
кыскасы эч нерсени коротпой
бардыгын төкпөй-чачпай айтып
берди.
- Эми ишендиңби?
- Бирок баары бир ишене албай
турам…
- Кантип ишенбей турасың
Ибрагим, жашыруун акча чыгарган
цехти иштетишкен Альберт, Роберт
дегендердин бандасы бүт
кармалышты беле, эми ишендиңби.
Ал бандаларды дагы мени издеп
жүрүп кокусунан кармап
албадыңарбы. Мен болбосом
балким алар алегиче карматпай
сайрандап жүрө беришмек да.
- Жок, баары бир…
- Болуптур, ага ишенбей эле кой, ал
эми мени люктан сууруп
чыкканыңарда эки пачка акчаны
кайдан алдың, менин
коюнумданбы?
- Албетте, бирок…
- Бул жерде бирок, сироктун кереги
жок, Ибрагим. Ошол эки пачка дал
эле ошол сумкадан алган акчалар
болчу. Сумканы тоесть баштыкты
кумга көмүп жатканда, кокусунан
тирүү калып калсам, кереги тийип
калбасын деп атайын бөлүп алып
койгом. Эми буга эмне дейсиң?
Ибрагим ага эч жооп таба албай
унчукпай туруп калды.
- Андан көрө ал жердеги люкту
тапатак эстеп айтып берсең, Кудай
буюрса көп акчалуу болобуз.
Ибрагимде акырындап ага ишенүү
сезими пайда боло баштады.
- Ушуну тамашалабай чын айтып
жатасыңбы ыя?
- Бул тамашалай турган нерсе
эмес, мен сага өз киши катары
болгон сырымды айтып жатам.
Муну мен керек болсо өз эне-
атама да айткан эмесмин.
Кыйынчылык, азап-тозоктор, эстөө
сезимиди да начарлатып жиберсе
керек, ал акчалар таптакыр эле
эсимден чыгып кетиптир. Сен акча
тууралуу кеп кылганда гана эсиме
келип атпайбы.
- Демек чын экен да…
- Албетте чын…
Күтүлбөгөн жерден Ибрагим
Диананы катуу кучактап калды.
Көл жээгиндеги пирстин үстүндө
эки адам бир ордуларында былк
этишпей көпкө кучакташып
турушту. Күн эбакта уясына батып,
айлана акырындап караңгылап
келаткан болчу.
ЭСКИ ИЗ МЕНЕН
Бишкектен чыккан кызыл чет
элдик "Хонда" машинеси чоң
шоссе жолго түшүп алып, чыгышты
карай катуу ылдамдыкта шуулдап
кетип баратты. Ошол ылдамдыгы
менен жолдон эч жерге токтогон
жок. Адаттан тышкары катуу айдап
бараткандыктан эки жерден МАИ
кызматкерлери токтотуп, эскертүү
беришип, айып төлөттүрдү. Анын
ичинде Диана мене Ибрагим бар
болчу. Алар эч жерге токтобостон,
эч жерге кайрылбастан кечке жуук
гана Ташкент шаарына кирип
барышты. Калаага кирээри менен
эле эмнегедир мурунку
кыйынчылыктары, көргөн азап-
тозоктору эсине түшүп кеткенби
Диананын жүрөгү бир мыжылып
алды. Бул жакка ал киргиси да
келбей турду, эгер акчалар
болбогондо бул жакка келейин
деген ниети да жок болчу. Экөө
түз эле Ибрагим жашаган батирге
барышты. Ташкенде айына эки
миң өзбек сумун төлөп ушул
батирде үч жылдан бери жашап
турчу. Ал күнү душка түшүшүп, эс
алып жатышканы менен таң
атканча кирпик көзүн кагышкан
жок, аркы-беркилерди сүйлөшүп
жатышып, таңга жуук гана уктап
кетишиптир. Бир кезде Ибрагим
чоочуп ойгоно саатты караса
ондон өтүп калыптыр, күн эбакта
эле төбөгө көтөрүлүптүр. Диана
болсо жанындагы диванга эч
нерсени сезбей катуу уктап жаткан
болчу. Аны ойготкусу келген жок,
көпкө тиктеп турду да Мэхра эстей
катуу, оор үшкүрүнүп алды. Мейли
уктай берсин деп балконго чыгып,
бир аз тамеки тартып кайра келсе
Диана эбакта эле ойгонуп, газга
чай коюп жүрүптүр.
- Кудай буюруп жолубуз болсо
экен…
- Айтпа…
- Демейде андай-мындайга анча
маани бербеген Ибрагим атасы
менен апасына багыштап шашпай
кырааты менен куран окуду. Эртең
мененки тамакты ичип бүтүшкөн
соң бата берише Диана жаткан
люкту көздөй машинеге түшүп
алып жөнөп кетишти.
- Тээтигил чоң ак складды
көрдүңбү, люк ошонун ичинде, -
Ибрагим Дианага алыстан эле
складды көрсөтүп келатты. Чорт
возми, анын эшигинин алдында
жаш балдардын ойноп
жатышкандарын карачы, - Ибрагим
өзүнчө кейип койду, - сени ал
жактан алып чыгып баратканда да
ушул балдар так эле ушул жерде
ойноп жатышкан болчу. Бардыгы
тең жарданып карап турушкан.
Экөөбүздүн тең өңдөрүбүз буларга
таанымал болуш керек. Аларга
жакын барганда болбойт. Ушул
жерден күтө туралы.
Машине алиги складка элүү кадам
жетпей токтоп, балдардын
кыймылын карап турушту.
Алардын кетишин күтүп отурушуп
бир сыйрадан уктап да алышты.
Оюнга чарчашкан балдар тарап
кетишкени менен анын алдынан
элдер өтүп жатышты.
- Бул жерге баары бир күндүз
киргенге болбойт экен, кулпуну
сындырып жатсак көргөндөр
дароо эле милицияга кабарлап
коюшу мүмкүн, андан көрө бул
жакка элдин баары кызуу уйкуда
жатканда түн ортосунда келели. Эч
кимден коркпой эркин иштейбиз.
Анын үстүнө кол фонарик да керек
экен экөөбүзгө. Люктун алды
капкараңгы да, туурабы?
Машине ордунан козголо кайрадан
көчөгө чыгып кетти. Экөө үйгө
кайтып барышып түн ортосун
күтүшө дагы бир сыйрадан уктап,
эс алып алышты. Экинчи жолу ал
жакка барышканда камдуу
барышты. Атайын жеңил кийинише
лом, мык сууругуч, темир араа,
экиден кол фонарь айтор өздөрүнө
керектүү нерселердин бардыгын
унутушкан жок. Ташкент шаарынын
көчөлөрүндөгү электр жарыгы эле
күйүп турганы болбосо кыймыл
дээрлик жокко эсе. Кез-кез гана
чочугансып ары-бери өткөн
машинелердин үндөрү угулуп
турду. Машине күндүзү келген
эски ордуна келип токтоду. Экөө
бир азга отурушту.
- Кана баштадыкбы?
- Баштадык, биссимилда, Кудайым
колдосун!
Эки жактарын аяр акмалашкан
экөө складды жанына акырын
жылып барышты. Эшиги чоң темир
кулпу менен кулпулануу болчу.
Ибрагим ломду салды дагы
акырын күч менен добшасын
омкоруп таштады. "Тарс" деген
үндү бирөөлөр угуп калган жокбу
дегендей айланасына бир сыйра
көз жүгүртүп койду. Складдын
ичине киришип эшигин акырын
жаап алышты да, кол
фонариктерин күйгүзүштү. Люкту
кыйналбай эле табышты.
- Мына ушул люктан сени алып
чыккам. Азыр оозун ачам, -
Ибрагим ломду салып люктун
капкагын жеңил гана ачып койду.
Капкакты ары жакка коюп, ичине
биринчи өзү түштү, артынан Диана
кошо түшүп келди. Келемиштер
"чыйк-чуйк" этише ары-бери
чуркап өтүп кетип жатышты.
- Бобул түтүктү үстүндө жаткан
болчусуң сен.
- Помню. Эгер силер болбогондо
бобул келемиштерге эбакта
таланып жем болуп, сөөгүм сөпөт
болмок экен да…
- Кана эми Дика, жакшылап эсте,
кайсыл жерге каттың эле?
- Азыр, азыр… ориентир алайынчы
жерге кулап жатканда алдым кум
болчу. Ошол кумдарды колум
менен шилеп көмүп үстүн таптап
таштагам. Азыр эстейин…
Анын божомолдоп келаткан жери
туура эмес болуп чыкты, ал жер
кум эмес эле топурак экен. Диана
таңгала туруп калды.
- Ушул жер эле болуш керек эле да,
кандайча?
Дагы жакшылап эстөөгө аракет
кыла көзүн жума ойлонуп көрдү.
Көзү ача, кол фонаригин жандыра
төмөн жакты карады. "Мындай
болушу мүмкүн эмес, эмне мен
жаңылып жатамбы?" Туш-туш
жакка чачыраган чоң темир
түтүктөрү бар жер алды бири-
бирине аябай окшош болчу. Диана
дегеле кумдуу жер таппай койду,
экөө эки жакка бөлүнүшө кумдуу
жерди издеп жүрүп отурушуп,
арадан бир саат өткөндөн кийин
кайрадан кезигишти.
- Эмне болду?
- Жок эч жерден таппай койдум…
- Жакшылап эстечи?
- Эстейин деп эле атам, бирок
өлүм менен өмүрдүн ортосунда
жашоо менен күрөшүп жатып,
эстеп калганга да мүмкүнчүлүк
болбой калды.
- Минтип отурсак таң аткача
издейбиз. Көчө кыймылы
башталып кетсе элдин баары
ойгонушса биздин бул жакта
экенибизди билип калышы мүмкүн.
Кана "урушта туруш жок", "аракет
кылса берекет" баштайлы
кайрадан. Экөө эки саатка жакын
убара болуп издешти. Акырында эч
нерсе таппаган Ибрагим жерге
отура кетти.
- Точно каттың беле же…?
- Мени калп айтып атат деп
атасыңбы ушунча убара болуп тээ
алыс жактан келбейт элем да…
Кызык, кандайча эстей албай
жатам"
, - ал дагы кичине эс алганы
Ибрагимдин жанына отура кетти.
Анан жер таяна калып, колун ары-
бери сыйпалап жиберди.
- Ушул жер болуп жүрбөсүн ыя,
алды кум экен? Айлаасына көз
жүгүртө бир нерсени эстегендей
болду. - Эми эстедим… точно ушул
жер, бобул жерге жөлөнүп
отурбадым беле, тээтигил жерден
таш алдыма өтүп кеткенинен
тигиндейрээк алып жылдырып
койгом. Ташты эми эстедим. Бобул
жерде болуш керек, - Диана
жердеги кумдарды шилеп жатып
көп өтпөй эле кум алдынан
баштыкты сууруп чыкты.
- Мына, айтпадым беле.
Анан жанталаша ичин ачып
жиберип, толтура таңгакталган
акчаны Ибрагимге көрсөттү.
ЭПИЛОГ ОРДУНА
Кыргызстан менен Өзбекстанда
"Ибрагдиан" деген эң чоң фирма
иштейт. Бишкекте эле ушул наамда
бир нече кафе, дүкөн, казинолор
бар. Ысыккөлдө да "Ибрагдиан"
деген чоң пансионат ачылган.
Ташкендин борборунда да дал эле
ушундай жазуулар менен кафелер,
дүкөндөр, ресторандар бар, атүгүл
так эле ушул наам менен жазылган
чоң мейманкана курулган. Жакында
эле Самарканд жакта эң чоң соода
бирикмеси курулуп бүттү. Бул эмне
болгон фирма, көпчүлүгү анча деле
маани беришпейт. "Ибрагдиан"
деген жазуу Ибрагим жана Диана
деген маанини билдирет. Экөө
азыр Кыргызстан менен
Өзбекстандагы эң бай адамдардын
бири. Өздөрү кыялданышкандай
үйлөнүү тоюнда "үйлөнүү
саякатын" жасашып, чет өлкөлөрдү
кыдырып келишти.
Күтүлбөгөн туткунга кабылып,
өмүрү көрбөгөн кордуктарды,
азап-тозокторду башынан
өткөргөн кыз акыры анын эки эсе
үзүрүн көрдү. Ылайым эле
бактылуу болсун, мен дагы бакыт-
таалай, келечегине даңгыраган
кенен жол каалайм.
(Соңу)
ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ
Диананын бул жерде жатканына
эки аптадан ашып, үчүнчү жумага
кетип бараткан. Кыйкырып атып
жедеп тажаган соң алы кетип
жерде матрацтын үстүнө
кыймылсыз жатып калган.
Эмнегедир эне-атасы көз алдына
тартыла түштү. "Алар мени
таптакыр эле өлүп калды деп
түңүлүп калышты го, болбосо
издөө салышат эле да. Жок
дегенде эне-атамды бир көрүп
алып өлсөм кандай гана жакшы
болот эле…"
Тээ илгерки мектепте окуп
жүргөндө, жай мезгилинде биринчи
жолу Ысыккөлгө пионер лагерине
барганын эстеди. Анда дагы аябай
энеси менен атасын, бир тууган
сиңдилерин сагынган болчу.
Таптакыр эле кыймылдоого
дарманы келбей жогору жактагы
өзүн капаска камап салган темир
торлуу эшикти тиктеп жата берди.
Ооздору кургап, жарылып
айланасы күн менен түн билинбей
айлан-көчөк тартып, эсин жоготуп
баратты. Көзүнө кадимкидей
ажалдын элеси көрүнө өмүр менен
өлүмдүн ортосунда турду.
ТАБЫШМАКТУУ КЫЗ
Жүрөгү түшүп, коркуп калган
өспүрүм алиги складда болгон
окуяны эч кимге айткан жок. Бара-
бара унутуп да калды. Бир жолу
ошол бийик дубалдуу короонун
жанынан өтүп баратып дарбазанын
тушуна келгенде тык токтоп калды
да өткөндөгү окуяларды эстеди.
Анан бир нерсе оюна келгендей
үйүн көздөй жүгүрүп кетти да көп
өтпөй кайра келди. Колунда мык
сууругуч, балта, аттиш бар болчу.
Дагы бир сыйра айланасына көз
жүгүртүп эч ким жок экенине
ишенген соң, алиги колуна ала
келген аспаптарын дарбазанын
алдына сойлотуп жиберип, дубалга
жармашып чыга секирип өтүп
кетти. Дарбаза жанындагы
аспаптарын чогултуп алып
кайраттана түз эле алиги аялдын
үнү чыгып жаткан склад жакка
басып барды. Бир жолу да атайы
көпкө келип тыңшап туруп кыздын
ыйлап жаткан үнүн үзүл-кесил
уккан болчу. Эч кимге айтпай
өзүнчө ойлонуп жүрдү. "Балким ал
жакта көрүмчү эмес эле, камалып
жаткан бирөө болуп жүрбөсүн? Мен
эмнеге коркоктук, бок жүрөктүк
кылып жатам. Эркекминби,
эмнемин кой эмнеси болсо да,
ичин текшерип көрүш керек.
Көрүмчү, арбак эмес балекет болсо
да барам", - ал ушундай чечимге
келген болчу.
Складдын жанына келип кулпуну
сындырып ача аламбы деп өзүнө
ишенкиребей бир топко карап
турду. Анан колундагы мык
сууругучу менен илинүү кулпуну
илип алып күчкө салып катуу тарта
баштады. Кулпу илинген жыгач
эшиктин добшасы аябай бек, катуу
тагылыптыр. Канчалык күч менен
тартса да омкоро албай койду.
Эмне кылаарын билбей ачуулана
ары-бери баса бир пазга ойлонуп
калды. Короонун дарбазасын
карады эле, кайдан-жайдан пайда
болушканы белгисиз балдардын
бардыгы аны жылчыктардан
шыкаалаша жалдырап унчукпай
карап турушуптур. Алардын
көзүнчө намысына келе түштү да
мык сууругучту добшага салып
болгон күчү менен чымырканып
өзүн көздөй тартып кирди. Анча-
мынча бошогону болбосо дегеле
ордунан козголчу түрү жок. Эмне
кылаарын билбей шалдырап отуруп
калды. Бир кезде "топ" эткен үн
жакка башын бурса, мадыра
баштардын улуурагы дубалдын ары
жагынан бери көздөй секирип
өтүптүр. Сыягы тигилер дубалга
чыкканга жөлөп-таяп жардашышса
керек. Эми мык сууругучту
добшага салып алып экөөлөп тарта
башташты. Добшанын бекилген
жери кичине бошогонсуду. Баары
бир ошол эле боюнча болчу. Тажап
кеткен экинчиси тигиндейрээк
барып отуруп алды.
- Эмне убараланып жатабыз,
ичинде тим эле алтын бардан
бетер.
- Азыр көрөсүң аны, тиякта эмне
бар экенин…
- Чын эле эмне бар экен айтчы,
көрдүңбү бир нерсе?
- Ооба.
- Айтсаң эмне бар экен?
- Айтпайм, айтып койсом тигилерге
да айтып коёсуң.
- Эч кимге айтпайм.
- Автомат, тапанча, граната
көптөгөн октор…
- Чын элеби, аны кантип көрдүң?
- Айтпайм, адан көрө туруп
жардамдаш. Эшикти экөөлөп ачып
алалы.
- Чын айтып жатасыңбы?
- Анан калп айтып атат деп
атасыңбы, андан көрө давай муну
тартканга жардамдаш.
Экөөлөп кайрадан добшаны тарта
башташты. Добша акырындап
бошоп келатты. Улам эс алышып
кайра күчкө салып тартып
отурушуп, акыры добшаны кулпусу
менен кошо сууруп алышты. Күчкө
салып экөө күү менен тартканда
добша каалгадан чыгып кетип,
экөө тең чалкаларынан кетишти.
Кайра туруп келген эң улуусу
тигиге кайрылды.
- Биз складдын ичин аңтарып
жүргөндө мунун кожоюндары
келип калышса эмне кылабыз?
- Коркпой эле кой, сырттагы
балдарга эскертип койгом, бир
нерсе болсо ышкырып белги
беришет.
- Ана кирдик ичине…
Экөө ээрчише складдын эшигин
эки жакка ачышты да сактана
ичине киришти. Ичи жапжарык,
бирок тигилер ойлогондой эч нерсе
жок экен. Ары жактагы темир
шкафтардын оозун ачып ичин
аңтарып карай башташты. Эски
илинип турган кийимдерден башка
эч нерсе жок. Бурчта жөлөнүү
темир шаты турат.
- Мен айтпадым беле эч нерсе жок,
а сен калп эле каяктагы
куралдарды айтып башты
оорутасың, кеттик жүрү эшикке.
Таманы цемент менен куюлган
складдын дал ортосундагы темир
торчого жакындап келген
өспүрүмдөрдүн улуураагы төмөн
жакта эмне бар экен деп акырын
үңүлүп карады.
- Кеттик жүрү, кожоюндары келип
калышса бизди кармап алышат.
Бол, эмне туруп калдың жалдырап.
Ал жактан бир нерсе көрдүңбү?
Улуураагы акырын башын көтөрүп
тигини карады да сөөмөйүн эрдине
такап "чыщ-щ" деп белги бере
акырын үн чыгарбай тигини өзүнө
чакырды. Эч нерсе түшүнбөгөн
экинчиси анын жанына аярлай
басып келди. Төмөн жакты карачы
дегендей сөөмөйү менен көрсөттү
эле акырын эңкейип карады.
Өздөрүнөн төрт-беш метрдей
төмөн жакта төрт тарабы
цементтелген жер төлөнүн ичинде
кыймылсыз чалкасынан бир кыз
жаткан болчу. Экөө акырын
шыкаалай таңгалыша көпкө
акмалап карап турушту. Кыз
чалкасынан жаткан боюнча дегеле
былк этип койгон жок.
- Өлүп калган го дейм ыя?
- Ким билет…
Экөө шыбырашып сүйлөшүп
жатышты. Төмөн жактагы кыздын
манжалары кез-кез кыймылдап
кеткенин экөө тең көрүштү.
- Үн чыгарып көрөлүбү, балким
уктап жаткан чыгаар?
- Үй ээси же албарсты болуп бизди
кармап калсачы?
- Кантип кармайт, темир тордун
сырты кулпулануу турбайбы. Ал
жактан көтөрүлүп чыга да албайт.
- Анда акырын үн чыгарып көрчү?
Экөө бир пазга чочулашып турушту
да, экинчиси акырын үн катты.
- Ээ-эй, сен кимсиң?
Төмөн жактан жооп болбогон соң
экөө бирин-бири караша чогуусу
менен үн катты.
- Ээ-ээ-ээй, сен кимсиң?
Жооптун ордуна колуну манжалары
кез-кез кыймылдап кеткенин
көрүштү.
- Эй тирүүсүңбү?
Жооп жок, жымжырт. Экөө
шыбырашып сүйлөшүп жатышты
эле эми үндөрүн ачык чыгарып
сүйлөшүп киришти.
- Муну кимдир бирөөлөр камап
кетишсе керек, чала жан кылып
туруп. Эмне кылабыз?
- Бул капкакты ачып көрбөйлүбү?
- Давай.
Экөө темир тордун кулпусун мык
сууругуч менен ары-бери
жулкулдатып, ургулап, убараланып
атышып таптакыр эле ача албай
коюшту. Төмөндө жаткан аялга
кыйкырып атып акыры тажашты.
- Балким тигил тирүүдүр?
- Ооба, колдорунун манжалары
кыймылдап жатпады беле…
- Эми эмне кылабыз?
- Экөөбүздүн колубуздан эч нерсе
келбейт окшойт, андан көрө эне-
атабызга барып кабар берели, алар
бир нерсе иштешээр.
- Ооба да.
Экөө төмөн жактагы кыймылсыз
жаткан кыздын денесин бир аз
карап турушту дагы, дароо сыртка
жүгүрүп жөнөштү.
Көп өтпөй эле дарбазанын үстүнөн
ашып өтүшкөн өспүрүмдөрдүн
аталары дароо эле ачык турган
складдын ичине киришти.
- Канакей жанагы өлүп жаткан
аялыңар?
- Мынакей, бобул темир тордун
алдында жатат. Бардыгы
тегеректеше бир аз карап
турушкан соң, темир тордогу
кулпуну талкаламай болушту эле
бирөөсү аларды токтотуп калды.
- Коё тургула шашпай, бул өлүктү
через милиция аркылуу
текшербесек бизден көрүп калышы
да ыктымал.
- Туура.
Анын сөзүн жөндүү көрүшкөн
башкалар дароо эле телефон
аркылуу милицияга кабар беришти.
Көп өтпөй милициялар дагы,
медэкспертизанын кишилери дагы
жетип келишти. Темир тордун
кулпусун сындырышып, ары жакта
тургун темир шатыны төмөн
түшүрүп жиберишти дагы эки-
үчөөсү ылдый карай түшүп
баратышты. Медэкспертизадан
келген киши кыздын чекесин
басып, анын тамырын кармап
көрдү, анан башын көтөрө
жанындагыларга кайрылды.
- Али тирүү экен, тамыры араң жан
согуп жатат. Тезирээк ооруканага
алып жөнөгүлө.
Эки-үчөөлөп кызды өйдө жакка
көтөрүп чыгышты да "тез жардам"
машинесине отургуза шашылыш
ооруканага алып кетишти.
Милициянын капитаны
айланасында жарданып
турушкандарга кайрылды.
- Бул кимдин складдары?
Бардыгы бири-бирин караша
өздөрүнчө кужулдашыша
билбейбиз дегендей ийиндерин
күйшөштү. Бирөөсү бардыгы үчүн
жооп берди.
- Көп эле чет элдик машинелер
келип кетишчү, ага анча деле
маани берчү эмеспиз.
Складдардын ичин милиция
кызматкерлери бир сыйра
текшерип чыгышкан соң
дарбазаны бекитип, печать коюшуп
кошуна жашагандарга эскертип
өтүштү.
- Бул жакка улуксаатсыз экинчи
кирбегиле, эгер чоочун машинелер
пайда болсо дароо эле бизге
звонит эткиле.
Короонун сыртында турган
милиция кызматкерлеринин
машинелери ордунан козголуша
биринин артынан бири ээрчише,
кандай келишсе дароо ошондой
көздөн кайым болушту. Өз ара бир
нерсени талкуулашкан кошуналар
тигилерди узатып кала беришти.
* * *
Телевизордон, гезиттерден
жоголгон кыз тууралуу кабарлар
берилип, көчөлөргө да анын
сүрөттөрү илинип калган болчу.
Бир күнү таң эртең менен кыздын
эне-атасына ооруканада жаткан
белгисиз бейтааныш кыз тууралуу
телефондон кабар келди. Айтылган
дарек боюнча жетип барышкан
Диананын эне-атасы кызын
тааныбай жатышып араң дегенде
таанышты. Ал реанимацияда эс-
учун билбей "капельницада" жаткан
болчу.
Врачтар ал жакка жакын жолотпой
коюшту.
- Анын ахывалы өтө оор, адам
болобу болбойбу белгисиз. Колдон
келишинче аракет кылып жатабыз.
Бирок…
- Эмне бирок…? Айтыңызчы доктор
аны эптеп адам катарына келтире
аласыңарбы?
- Жүз процентке гарантия бере
албайм, бирок колдон келишинче
аракет жасайм, мындайлардын
жүздүн бири гана айыгышы
мүмкүн. Эрки, ден-соолугу күчтүү
болсо адам болуп кетет болбосо…
аны өзүңөр деле түшүнүп
жаткандырсыңар.
- Жардам бериңизчи доктор эмне
дегениңиздин бардыгын жасайлы…
- Бизге эч нерсенин кереги жок,
болду. Эгер ал силердин кызыңар
экени чын болсо анда, бизге
тоскоол кылбагыла. Кете берсеңер
болот, бошсуңар…
ДИАНАНЫН КӨЗ ЖАШЫ
Диана эки жумадан кийин гана
араң эсине келди. Жарым-
жартылай көзүн ача өзүнүн каякта
экенин түшүнбөй жатты. Эбакта
жантаслим болуп тигил дүйнөдө
жүргөндөй сезип кетти. "Мен
тирүүмүнбү же өлдүмбү?" , эсине
келип келбей оюна ушундай суроо
пайда болду. Көзүн акырын ачып,
жаап кайра жумуп атып бир кезде
чоң ачып жиберди. Айланасынын
баары жапжарык, өзүнүн жогору
жагындагы илинип турган айнек
идиште кандайдыр бир суюктуктун
турганын көрдү. Башын көтөрөйүн
деди эле эмнегедир ичтери ооруп,
кубаты жетпей койду. "Мен
кайдамын, ооруканадамынбы. Эгер
ооруканада болсом мени кантип
табышты. Же тигилер дале сынап,
кыйнап Мындан көрө ушунчалык
кыйналып азаптангандан көрө
өлүп калганым эле жакшы. Тигилер
баары бир мени соо коюшпайт,
өлтүрүп өлүгүмдү кислотага
ээритип салышат. Ушул кислота
дегенди ким ойлоп чыгарды экен?"
Диана өзүнчө ойлонуп жатып шырп
деген добушка кайра көзүн ачты.
Бет маңдайында ак халат кийген
врач туруптур.
- Слава Богу наконецта эсине
келди. Ал Диананын чекесине
колун тийгизди.
- Айтыңызчы сиздин атыңыз ким,
Дианабы?
- Мен кайдамын? - Диана жооп
бергендин ордуна кайра өзүнө
суроо салды.
- Камсанабай эле коюңуз,
ооруканадасыз. Өтө эле оор
ахывалда келдиңиз эле, киши
болот, болбойт деп чочулап
жатканбыз, акыры акырындап
оңолуп кеттиңиз.
- А сиз кимсиз?
- Мен сиздин врачыңыз болом,
айтыңызчы сиздин атыңыз ким
Дианабы?
- Аны кайдан билдиңиз?
- Эки-үч жумадан бери эне-атаң
келип, күндө бизге тынчтык
бербей, сенин ахывалыңды сурап
жатышат…
- Ким, ким дедиңер эне-атам
дедиңерби? Диана башын
көтөрөйүн деди эле врач кайра
жаткырды.
- Сизге кыймылдаганга да, көп
сүйлөгөнгө да болбойт.
- Түшүнсөм буюрбасын, мен
кайдамын, Бишкектин
ооруканасындамынбы. Эне-атам
менин бул жакта экенимди кайдан
билишет. Чын эле угуп жатамбы же
түшүмбү?
"Эне-атаң келип" деген сөздү
укканда эмнегедир жүрөгү
мыжылып, көзүнөн өзүнөн өзү эле
жаш шорголоп куюла баштады.
Өзүнүн туура эмес сүйлөп алганын
түшүнгөн врач оңтойсуз сезип
атты.
- Сизге кейигенге да, сүйлөгөнгө
да болбойт, эс алыңыз, - ал
күнөөлүү кишидей акырын сыртка
чыгып кетти. Диана эмнегедир
өзүн кармана албай ыйлай берди,
ыйлай берди.
КУБАНЫЧТУУ КАБАР
Бул кабарды укканда Ибрагим да
Абдувахаб менен ооруканага жетип
келишкен болчу. Диананын да эне-
атасы ошол жакта экен. Көп өтпөй
эле ал жакка Альбина, Гүлбахрам
анан Манзура апа болуп баары
чогуу келишти. Диана эсине
келгенче бир да бирөө
ооруканадан карыш жылышпай эч
жакка кетишкен жок. "Сокурдун
тилегени эки көз" дегендей
бардыгы Диананын сакайып
кетишин, эсине келишине күндө
Кудайдан миң мертебе жардам
сурашып күнү-түнү күзөтүп
калышты. Атүгүл бул жакка
милиция кызматкерлери да бат-
бат, байма-бай каттап кыздын
ден-соолугун сурап жатышты.
Арадан эки апта өтүп, үчүнчү апта
башталганда гаа врач аларга
Диананын көзүн ачкандыгы
тууралуу кубанычтуу кабар айтып
келди. Ушунчалык
кубанышкандыктан бардыгы
көздөрүнөн жаш агыза ыйлап
жатышты. Өзгөчө Ибрагим
Мэхрасы кайрадан тирилип
келгендей асманды карап алып
Кудайга миң мертебе
ыраазычылыгын билдирип, көзүн
жаштап турду. Чындыгында
Ибрагим Диананын артынан чуркап
канчалык азаптанганы менен
Диана аны жакшы билчү эмес.
Тескерисиче андан чочулап, оолак
болууга аракет кылып качып
жүрдү.
Дарыга көп акча
чыгымдалгандыктан Диананын
эне-атасынын өздөрү менен кошо
ала келишкен акчалары жетпей
калды. Кыргызстанга телефон
чалмакчы болушту эле Гүлбахрам,
Манзура апалар токтотуп коюшту.
- Убара болуп, кыйналбай эле
койгула, биз силерге карагада
жакыныраак турат эмеспизби.
Айылга барып бат эле таап келе
коёбуз.
Алар ошол замат эле Альбинаны
айылына жөнөтүштү. Акча бир топ
керек болгондуктан
кошуналарынан акча карызга
сураштырып таппай коюшту. Анан
айла кеткеде жалгыз саа уюн
сатыша ошонун акчасын алып
келип берди. Альбина ал жөнүндө
эч кимге эч нерсе айткан жок.
Көптөгөн кымбат дарылар менен
дарылангандыктан акырындап
Диананын ден-соолугу жакшырып,
оңоло баштады. Врачтар ага
жашылчанын ширелерин бери, үч-
төрт күндөй кармашты дагы
акырындап жеңил тамактарды
бергенге өтүштү. Ал кадимкидей
кыймылдаганга жарап калганда,
реанимациядан башка бөлүмгө
которушту.
Адатыча Ибрагим ага кайрадан гүл
көтөрүп келип, врачтарга
тапшырып кетип жатты. Албай
моюн толгошсо да ой-боюна
койбой алардын колдоруна,
шоколад кармата коюп берип
жиберет да, бир-эки сааттай
оорукананы айланчыктап жүрүп
анан кетет.
СУРАК
"Мен кандайча бул жакка келип
калдым?" деп Диана башын
катырып таңгалып жүргөн.
Жергиликтүү милиция
кызматкерлери келип аны менен
маек кура башташканда гана
иштин чоо-жайын түшүндү.
- Сизди өлүм алдында жатканда
биз таап алып, "скорый" менен
ооруканага жеткирдиргенбиз.
Сенин ким экениңди эне-атаңдан
сураштырып билип алдык. Бирок
кандайча жер алдындагы орого,
түрмөгө салып таштаганы
табышмак болуп отурат. Алар
кимдер сени орго салып
кыйнашкан? Сени Альбина менен
Ибрагимдин көзүнчө автобекеттин
жанынан кандайдыр бир ак
мерседеске салып алып кетишкен
турбайбы. Алар кимдер эле?
- Мен өзүм да жакшы түшүнө
албай койдум, кимдир бирөөлөр
менен мени чаташтырып алышты
дагы кыйнай беришти.
- Кыйнашкандарынын себеби эмне
болду?
- Өзүмдүн да буга башым жетпейт,
эмне себептен мынчалыкка
барышканына. Сыягы мен алар
менен чогуу иштешип анан качып
кеткен имишмин…
- Бобул сүрөттөгүлөрдү
тааныйсыңбы? - алиги милиция
кызматкери беш-алты сүрөт алып
чыкты да Дианага көрсөттү.
Баардыгы тааныш, алиги жашыруун
акча чыгарган цехтин
адамдарынын сүрөтү болчу.
Аларды бир аз карап турган соң
"жок" дегендей башын чайкады.
- Буларды биричи көрүшүм.
- Булардычы?
Бири-бирине куюп койгондой
окшош эки сүрөттү көрсөттү. Алар
банданы жетектеген Альберт менен
Роберт экөөнүн сүрөттөрү болчу.
Диананын көзүнө эмнегедир түрмө
элестеп кетти. Алиги Марат
Исабековдун түрмөсү эмес чыныгы
ьтүрмө элестеди. Кайрадан
түрмөгө түшүп калаарын
ойлогондо жүрөгү "болк" дей
түштү. Эгер мамлекеттик мыйзамга
каршы кылмыш жасасаң милиция
кызматкерлери эне-атаңдын
көзүнчө эле ачыктан-ачык түрмөгө
алып кетээри бышык. "Эч нерсе
билбейм, тааныбайм" деп калп
айтып тана баштады.
Биздин сиздин тиги Бишкектеги
Марат Исабековдун менчик
түрмөсүндөгү туткун кыз
экениңизди билебиз, бирок
кандайча таптакыр эле башка
экинчи бандага кабылып калдың,
бизге табышмак болуп атат.
Экинчи банда ким билесиңби?
Жок.
Жашыруун акча чыгарган банда…
балким сиз алардын мүчөсү болуп
жүрбөңүз?
"Жашыруун акча чыгарган банда"
дегенди укканда Диананын жүрөгү
оозуна кептелди. Эми даана,
кайрадан түрмөгө отурам деп
чочулады.
- Менин ким экенимди өзүңөр деле
менден жакшы билесиңер?
- Марат Исабековдун адамдары
өзүнүн туткун кыздарын барымтага
алып, бизде курчоодо калганда
эмне үчүн алардын арасында сиз
жок болгонсуз. Бул мезгилде кайла
элеңиз?
- Силер келе электе ал үйдүн
ичинде кандайдыр бир адамдар
менен өздөрүнчө мушташышып,
атышуу башталып кеткен болчу.
Мени катуу сабап
ташташкандыктан үстүңкү кабатта
эсим ооп жаткам…
- А эмне себептен катуу сабашкан?
- Бизде менчик түрмөдө андайлар
көп болот, кичине эле туура эмес
иш жасасак же каяша айтышсак
ошентип сабап ташташат.
- Именно сизди кайсы күнөөңүз
үчүн сабашты эле?
- Качууга аракет жасагам, ошон
үчүн…
- Та-ак айта бериңиз андан ары?
- Кыскасы ошондой, мен үстүнкү
кабатта эсим ооп жаткам, мени
кандайча сабашканын алиги туткун
болуп жүргөн жердеш кыздарым
деле айтып бере алышат. Анан
эсиме келгенде төмөнкү жакта эки
жаат болуша өздөрүнчө мушташып,
атышып жатышыптыр. Ошондой
кырдаалдан пайдаландым…
- Биричи кабаттан качып чыкканга
албетте мүмкүн эмес, ал эми
экинчи кабаттан кантип түшүп
кеттиңиз, терезелери бүт тордолуу
болсо?
- Буга мен өзүм да жакшы түшүнө
бербейм, экинчи кабаттын эң четки
бөлмөсүндө башында илмеги бар
аркан жип бар экен узун. Сыягы
төмөн жактагы мушташып, атышып
жатышкандар таштап салышса
керек. Ошону алдым да үчүнчү
кабатка көтөрүлүп чыктым. Үчүнчү
кабаттан терезелеринин темир
решёткалары жок болчу.
Айнектерин алып жип учундагы
темир илмектерди алып, терезе
аркылуу төмөн карай таштап
жиберип, аркан менен сыйгаланып
түштүм.
- Убакыт чак түш болсо, терезеден
жылмышып түшүп келатканыңды
эч ким көргөн жокбу?
- Мен деген үйдүн аркы бети
менен түштүм, ал жактан эч ким
көрүнбөйт.
- Бийиктиктен кулап кетем деп
корккон жоксуңбу?
- Жан керек болсо баарына кайыл
болот экенсиң. Жакшы
мүмкүнчүлүк болуп турганда
пайдалана албай калсам, анда кача
албайт болчумун. Мен жашырынып
короодон жаңы гана чыгып ары
көздөй узай бергенде, кандайдыр
бир чүмкөмө машинеде солдаттар
менен милициялардын келип жерге
секирип түшүшүп, үйдү, короону
курчоого алып жатышканын
көргөм.
- Дарбазадан кантип чыктыңыз,
сизди баары бир көрүп калышмак
да?
- Мен дарбазадан чыккан жокмун,
дубалдан алиги үчүнкү кабатта
түшкөндөгүдөй башында илмеги
бар жип илинип туруптур ошо
менен дубалга тартынып чыгып,
ары жагына өтүп кеттим.
- Күчүңүз кантип жетти, дубалдын
башыа чейин тартынып чыкканга?
- Дубал анча деле бийик эмес
болчу, болгону эки жарым же үч
метрдей. Көтөрүлө албай
убараланып жатып араң дегенде
тартынып чыккам. Эркиндикке
чыккан соң эптеп эле Ташкенден
алыс узап кетким келди. Каякка
барарымды билбей эле айылга
бараткан автобустардын бирөөсүнө
түшүп алдым. Андан кийинки
окуяларын тигил оорукананын
сыртында жүрүшкөн Альбина
Гүлбахрамдар жакшы билишет.
- Аны биз деле билебиз, бирок
башка бандалар сени кандайча
туткундап алышты?
- Мен аларды биричи көрүшүм,
алардын мүчөсү да эмесмин.
Кыргызстандан эриксиз келген
туткун кыз экенимди бардыгы
билишет. Алар менен эч кандай
байланышым да болгон эмес. Алар
мени кимдир бирөөлөр менен
чаташтырып алышты…
Диана менен милиция
кызматкерлеринин маеги, сурагы
дээрлик бир жумадан ашык болуп,
андан соң аы жайына коюшту.
Ошондон кийин гана эне-атасы,
тааныштары менен жолукканга
мүмкүнчүлүк ала алды.
КЕЗДЕШҮҮ
Диана менен эне-аталары биринчи
жолу жүз көрүшүшүп, маңдай-
тескей отуруша беттешишти.
Башынан көптөгөн кордуктарды
көргөндүктөнбү Диана өзүнүн
жашынан үч-төрт жылга жогорулап,
жыйырма бештердеги кыздардай
болуп картая түшкөн болчу. Атүгүл
өңү да кичине өзгөрүп кеткен.
Кызын сыга кучактаган энеси
көпкө чейин коё бербей ыйлап
жатты.
- Биз сенин дайынсыз жоголуп
кеткениңден кимдир бирөөлөр
өлтүрүп туруп, БЧКга сөөгүңдү
ыргытып же алыс жерге алып
барып көмүп таштаган го деп
ойлогонбуз. Эгер таптакыр эле
дайының табылбай кетсе бир
жылдан кийин куран окутуп,
ашыңды берели деп даярданып
жатканбыз. Издеттирип, өзүбүз да
издеп эч жерден таппай чарчап-
чаалыга таптакыр эле сенден
үмүтүбүз үзүлө түңүлүп калган
болчубуз.
- Көп өтпөй ары жактан Заира апа
Гүлбахрам менен Альбиналар
келишип кучакташып калышты.
Заира апа да көзүн жаштап ыйлап
алып басылды.
- Сенин айыгып, жакшы болуп
кетишиңе ушул Заира апаңдын
көмөгү көп. Дарыга жалаң ушул
апаңдын акчасын чыгымдадык.
- Рахмат сизге апа, аман болсом
менин да жардамым тиет силерге,
- Диана Заира апаны кыса
кучактап бетинен өпкүлөп жиберди.
Бир кезде баардыгы ары жакта бир
кучак гүл кармап турган жигитти
карап калышты. Анын ары
жагында дагы бир жигит турган
болчу. Гүл кармап турганы
Ибрагим, анын артындагысы болсо
Абдувахаб эле. Экөөнүн тең өңү-
баштары жылуу учурап буларды
кайдан көрдүм эле дегендей
жалдырай карап калды. Көздөрү
көздөрүнө чагылыша экөө бири-
бирин бир топко тигилише туруп
калышты. Альбина тигиге
барбайсыңбы дегендей акырын
Диананын артынан түртүп койду
эле ал арт жагын бир карап алып,
кайра экөөнү карады. Бул
мезгилде Ибрагим Дианага жакын
басып келди.
- Кандай Диана, ден-соолуктарың
жакшыбы?
- Рахмат өзүмдү жакшы сезип
калдым… Баса, сиз ким болосуз…
- Мен… ме Ибрагиммин, сени жер
төлөдө жатканда мен таап алып
чыккам.
- Кайсыл жертөлө?
- Бул жолкудагы эмес, тээ мындан
бир топ мурунку, жер алдындагы
люктан. Эсиңдеби сен ооруканада
жатканда мен сага гүл алып келип
бери ошол жактан таанышпадык
белек. Сен анда көзүң көрбөй,
төшөктөн турбай жаткансың.
Экөөбүз тааныша жакшы эле
сүйлөшчү элек го, адан кийин эле
сен жоголуп кеттиң, кимдир
бирөөлөр уурдап кетишти… Сени
жоготуп жиберип таппай калдым.
Калаа боюнча издебеген жерим
калган жок. Сеи издеп Заира
апанын үйүнө чейин изиңди кууп
барып келдим. Сени издеп жүрүп
Марат Исабековдун бандасын
кармап, тыптыйпылын чыгардык.
Сени издеп жүрүп Альберт, Роберт
дегендердин жашыруун
мафиясына кабылдык.
- Сиз кимсиз, уголовный розыскта
иштейсизби?
Анын сөзүнө Ибрагим да Абдувахаб
да күлүп жиберишти.
- Жок Диана, мен сени люктан
алып чыкканда эле
таңгалганымдан эсим эңги-деңги
болгон, - ал чөнтөгүнөн кандайдыр
бир кыздын сүрөтүн алып чыкты.
Ал Мэхранын сүрөтү болчу.
- Бобул кыздын сүрөтүн карачы,
ким бул?
Диана сүрөттү колго ала таңгала
карап турду.
- Бул менин сүрөтүм го…?
- Жок Диана бул менин эң кымбат,
эң жакын адамым болчу. Кырсыкка
учурап кайтыш болуп калган. Ме
ошондо эң эле оор жоготууга
учурап, эң кымбат адамымдан
айрылгам. Аты Мэхра болчу, аны
сен эң жакшы тааныйсың, тигил
Заира апанын кызы эле.Жалгыз
гана мен эмес Заира апалар, анын
бир туугандары болуп
баардыгыбыз оор жоготууга
учураганбыз. Кудай Таалам сени
өзү алып келип жолуктурбадыбы
бизге. Сен кандай кыйналсаң сени
жоготуп жиберип биз да ошончолук
кыйналдык. Сени издеп атүгүл
Кыргызстанга Токмок шаарына,
сенин жергеңе барып эне-атаң
менен таанышып келбедимби. Анан
үч кабаттуу үйдөгү Марат
Исабековдун адамдары менен
согушкан да биз болчубуз. Сени
куткарабыз деп барып туткунга
түшүп калганбыз. Эсиңдеби,
"булардын ичинен кимисин
тааныйсың" деп сени бизге алып
келгенин?…
- Ооба эсимде, силерди эми
эстедим, ошондо экөөңөрдү
көрбөдүм беле…
- Бир-эки жолу көчөдөн көрүп сага
жеткенге үлгүрө албай
калгам."Жардамга! " деп
кыйкырганыңда сүйрөп машинеге
отургузушуп заматта көздөн
кайым болуп кетишкен. Баса,
айтмакчы, сени люктун астынан
өзүм көтөрүп чыккан болчумун,
ошондо көйнөгүңдүн ичинен эки-үч
пачка акча жүргөнүн көрүп,
кийинчерээк эсиңе келгенде кайра
өзүңө берем деп акырын алып
койгом. Мынакей ошол акчалар.
Сен эки көзүң көрбөй ооруканада
жатканда врачтарга, анан
дарыларга анча-мынча
чыгымдагам. Калганы мынакей
өзүм бир кагазын дагы
чыгымдаган жокмун.
- Сиз өзүңүз кимсиз?
- Мен Мэхранын жигити болчумун,
экөөбүз мына-ана үйлөнөбүз деп
турганда кырсыктап жатпайбы.
Сени көргөндө Мэхра кайра
тирилип келгендей болгон, жоготуп
жибергенде кандай болсо да издеп
таап, экинчи жоготпоско ант
бергем… Чындыгында сеи
жоготкондон бери бир түн да тынч
уктай элекмин…
Диана тигинин сунуп турган
акчаларын алып бир азга ойлонуп
турду да санабай тепетең экиге
бөлүп жарымысын Заира апага
жарымысын өзүнүн эне-атасына
берди. Бул жерде жок эле дегенде
долларларды сомго айлантып
эсептей келгенде жүз миң сомдун
тегерегинде болмок. Акчаны
алышкан эки тарап тең оңтойсуз
боло түшүштү.
- Алгыла, силердин эмгегиңер бар,
силер үчүн мен акча эмес
жанымды да берүүгө даярмын.
Дарыга акча жеткире албай
кыйналып жатышкан эки тарап
кадимкидей жеңилдей түшүштү.
Ошол акчанын күчү менен эң
жакшы врачтарды жалдашып, эң
күчтүү дарыларды бери, Диананы
тез эле сакайтышып ооруканадан
чыгарып алышты.
Ибрагим да өзүбектердин
сымбаттуу жигиттеринин бири
болчу. Эне-атасынын көзү өтүп
кетип, үйдөгүлөрдүн эң улуусу
болгондуктан айылда калышкан
кичүү инилерине каралашып турчу.
Диана экөөнүн мамилелери бара-
бара жакшы болуп кадимкидей
бири-бирин жакшы көрүп
калышты.
Көп өтпөй Диана ооруканадан
чыкканда Заира апа баш болгон
бардыгы Кыргызстанга конокко
барып сый көрүп келишти. Жарым
жылдай Диана менен Ибрагим кат
алыша, телефон менен сүйлөшүшө
убакыттары болгондо же Ташкенде
же Бишкекте болушуп жолугуша
калып жүрүштү. Аябагандай узак
убакытта болбосо да өзүнүн
кордук көргөн мезгили бир
кылымга тете болгондой болду.
Бирок ошончо азап тартып кордук
көргөнү заматта эле унутулуп
бардыгы артта калды. Ибрагим
көптөн берки айта албай жүргөн
үйлөнүү жөнүндө Дианага өз
сунушун айтты. Эки апта өткөн соң
ал жообун берди, анын сунушуна
макул экендигин билдирди.
ЭСТӨӨ
Жай мезгили болчу. Диана менен
Ибрагим Ысыккөлдөгү
пансионаттардын ичинде эс алып
жүрүшкөн. Кечке жуук көлдү
жээктей ак чардактардын ары-
бери учуп жүрүшкөнүн кызыга
караша, пирстин үстүнө чыгып
келишти.
- Эх ушундайда эң чоң суммадагы
акчаң болсо ээ, үйлөнүү тоюбузду
чет өлкөлүктөрдөй болуп
"свадебный путешествие" жасап
кыдырып кетет элек…
- Айтпа…
Экөө кыялданыша кызарып тоо
бооруна батып келаткан күндүн
нурун карап, бир топко отурушту.
Диананын эсине бир нерсе
түшкөндөй Ибрагимди жалт
карады.
- Ибрагим… сенин эсиңдеби, мени
кайсыл люктан алып чыкканың?
- Кайсыл, баягыл эң алгачкы сага
жолуккандагыбы? Албетте эсимде…
Диана анын сөзүн аягына
чыгарбай сыга кучактап өпкүлөп
жиберди.
- Кудай буюрса экөөбүз миллионер
болобуз, чет өлкөлүктөрчө
"свадебный путешествие"
жасайбыз, ура-аа-а!
Ибрагим аны жоругуна түшүнбөй
таңгала карап калды.
- Сага эмне болду Диана,
ушунчалык кубангандай?
- Эч нерсе, - ал эки колун өйдө
көтөрө асманды карай жыргап
каткырып күлүп атты. Ибрагим
унчукпастан аны карап тура берди.
Бир кезде Диана күлкүсүн дароо
токтото асманды карай өзүнчө
сүйлөнүп кирди.
- Оо жараткан күчтүү Кудайым,
ушунча кыйынчылыктарды,
кордуктарды баштан өткөрүп,
бирок өлтүрбөй, аман-эсен сактап
келдиң ушунуңа рахмат. Эми дагы
бир жолу жардамыңды аябай, көз
кырыңды сала көр мага. Мына
канчалаган сыноолордон,
кыйноолордон өткөрдүң, эл
көрбөгөн азап-тозокторду
тарттырдың. Тиги дүйнөгө канча
жолу барып кайра келдим. Жер
алдында, ордо кандай гана
азаптарды тартпадым. Эмнелерди
гана көрбөдүм. Канча жолу ажал
так эле маңдайыма келип, мени
аяп кайра кетпеди. Эми акыркы
жардамыңды бере көр Кудайым.
Ошончо азап-тозоктордун, көз
жаштарымдын, камчынын уусун,
чыбыктан акка кандардын эми
убайын, үзүрүн көрсөтө көр. Оо
Кудайым…
Ал өзүнчө сүйлөнүп жатты, анын
бул жоругуна түшүнбөй Ибрагим да
андан көзүн албай талып карап
тура берди. Анын бет маңдайында
Диана эмес эле Мэхра сүйлөп
жаткандай туюлду. Анткени Мэхра
өзүнчө сүйлөнүп, кубанып,
кыялдана, өз кыялына өзү
маашырлана, жыргай бермей
адаты бар болчу. Анда да Ибрагим
эч сөз сүйлөбөстөн анын ушундай
кыял-жоругуна кызыгып, карап
тура берчү. Бир кезде Диана эсине
келе анын жанына басып келди.
- Менин жоругума таңгалып жатсаң
керек ие? Таңгалбай эле гой, бул
таңгала турган жорук эмес. Андан
көрө айтчы Ибрагим, аябай бай
болуп жашагың келеби, тим эле
акчаларды ойдогудай каалаган
жагыңа чачып?
- Дика (аны ал ушинтип эркелетип
сүйлөчү) ойго келбеген нерселерди
сурабачы?…
- Чыныңды айтчы болгуң келеби?
- Эмне түш көрдүңбү?
- Айтчы болгуң келеби?
- Эми кандай десем… "Генерал
болууну каалабаган солдат солдат
эмес" дегендей, ким эле оокаттуу
бай болуп жашаганды каалабасын.
- Анда бай болуп, оокаттуу болуп
жашайсың…
- Кантип?
- Ошентип эле, андан көрө мени
кайсыл люктан алып, сууруп
чыкканыңды тапатак айтып бере
аласыңбы?
- Албетте…
- Жаңылбайсыңбы?
- Мен ал складда канча иштедим.
Ал люктун үстүнөн далай жолу
өтпөдүмбү, көзүмдү жумуп
көрсөтүп бере алам.
- Эң жакшы, мен сага бир нерсе
айтайынбы, кубанычтуу нерсе…?
- Айта бер…
- Айта турган болсом, ошол люктун
ичиндеги жер алдындагы темир
түтүктөр өтчү жерде эң көп
суммадагы акча бар…
- Койчу тамашалабай, кайдагы
акчалар?
- Өтө эле узак, долгая история,
айтып отурса. Ал акчалар бизге
өмүр бою, атүгүл небере-
чөбөрөлөрүбүзгө чейин жетет.
- Түшүнсөм буюрбасын, анча
акчаларды кайдан алып жүрөсүң
же…
- Мени алар бекерден бекер
куугунтукташка жок да…
- Кимдер?
- Кимдер болушмак эле, алиги орго
салып, камап таштагандар.
- Түшүнүктүү…
- Жок сен али эч нерсени түшүнө
элексиң. Мен четин чыгарып гана
айтып жатпаймынбы. Алар эмне
себептен менин артымдан куушуп,
аңдып калышкан айтып берейинби
баштан аяк…, анда эмесе угуп тур…
Ал кандай Ташкенге келгенин,
тигилердин туткунунан качып
чыкканын, ак чет элдик машиненин
артына жашынып калып,
бейтааныш короого, андан соң
гаражга кирип кеткенин, ал жакта
камалып калганын. Түн ортосунда
сыртка кантип чыгам деп адашып
жүрүп отуруп, жашыруун акча
чыгарып жаткандарга туш
болгонун. Тутам акчаларды
баштыкка толтура салып, артына
асынып алып, жер алдындагы
темир түтүктүн үстү менен
чыкканча жөргөлөп качып жүрүп
отурганын, акыры адашып кетип
жер үстүнө, сыртка чыга албай
калып акчаларды бир жерге
катканын, анан аябай
чарчагандыктан, ачкалыктан
дарманы калбай эси ооп калганын,
кыскасы эч нерсени коротпой
бардыгын төкпөй-чачпай айтып
берди.
- Эми ишендиңби?
- Бирок баары бир ишене албай
турам…
- Кантип ишенбей турасың
Ибрагим, жашыруун акча чыгарган
цехти иштетишкен Альберт, Роберт
дегендердин бандасы бүт
кармалышты беле, эми ишендиңби.
Ал бандаларды дагы мени издеп
жүрүп кокусунан кармап
албадыңарбы. Мен болбосом
балким алар алегиче карматпай
сайрандап жүрө беришмек да.
- Жок, баары бир…
- Болуптур, ага ишенбей эле кой, ал
эми мени люктан сууруп
чыкканыңарда эки пачка акчаны
кайдан алдың, менин
коюнумданбы?
- Албетте, бирок…
- Бул жерде бирок, сироктун кереги
жок, Ибрагим. Ошол эки пачка дал
эле ошол сумкадан алган акчалар
болчу. Сумканы тоесть баштыкты
кумга көмүп жатканда, кокусунан
тирүү калып калсам, кереги тийип
калбасын деп атайын бөлүп алып
койгом. Эми буга эмне дейсиң?
Ибрагим ага эч жооп таба албай
унчукпай туруп калды.
- Андан көрө ал жердеги люкту
тапатак эстеп айтып берсең, Кудай
буюрса көп акчалуу болобуз.
Ибрагимде акырындап ага ишенүү
сезими пайда боло баштады.
- Ушуну тамашалабай чын айтып
жатасыңбы ыя?
- Бул тамашалай турган нерсе
эмес, мен сага өз киши катары
болгон сырымды айтып жатам.
Муну мен керек болсо өз эне-
атама да айткан эмесмин.
Кыйынчылык, азап-тозоктор, эстөө
сезимиди да начарлатып жиберсе
керек, ал акчалар таптакыр эле
эсимден чыгып кетиптир. Сен акча
тууралуу кеп кылганда гана эсиме
келип атпайбы.
- Демек чын экен да…
- Албетте чын…
Күтүлбөгөн жерден Ибрагим
Диананы катуу кучактап калды.
Көл жээгиндеги пирстин үстүндө
эки адам бир ордуларында былк
этишпей көпкө кучакташып
турушту. Күн эбакта уясына батып,
айлана акырындап караңгылап
келаткан болчу.
ЭСКИ ИЗ МЕНЕН
Бишкектен чыккан кызыл чет
элдик "Хонда" машинеси чоң
шоссе жолго түшүп алып, чыгышты
карай катуу ылдамдыкта шуулдап
кетип баратты. Ошол ылдамдыгы
менен жолдон эч жерге токтогон
жок. Адаттан тышкары катуу айдап
бараткандыктан эки жерден МАИ
кызматкерлери токтотуп, эскертүү
беришип, айып төлөттүрдү. Анын
ичинде Диана мене Ибрагим бар
болчу. Алар эч жерге токтобостон,
эч жерге кайрылбастан кечке жуук
гана Ташкент шаарына кирип
барышты. Калаага кирээри менен
эле эмнегедир мурунку
кыйынчылыктары, көргөн азап-
тозоктору эсине түшүп кеткенби
Диананын жүрөгү бир мыжылып
алды. Бул жакка ал киргиси да
келбей турду, эгер акчалар
болбогондо бул жакка келейин
деген ниети да жок болчу. Экөө
түз эле Ибрагим жашаган батирге
барышты. Ташкенде айына эки
миң өзбек сумун төлөп ушул
батирде үч жылдан бери жашап
турчу. Ал күнү душка түшүшүп, эс
алып жатышканы менен таң
атканча кирпик көзүн кагышкан
жок, аркы-беркилерди сүйлөшүп
жатышып, таңга жуук гана уктап
кетишиптир. Бир кезде Ибрагим
чоочуп ойгоно саатты караса
ондон өтүп калыптыр, күн эбакта
эле төбөгө көтөрүлүптүр. Диана
болсо жанындагы диванга эч
нерсени сезбей катуу уктап жаткан
болчу. Аны ойготкусу келген жок,
көпкө тиктеп турду да Мэхра эстей
катуу, оор үшкүрүнүп алды. Мейли
уктай берсин деп балконго чыгып,
бир аз тамеки тартып кайра келсе
Диана эбакта эле ойгонуп, газга
чай коюп жүрүптүр.
- Кудай буюруп жолубуз болсо
экен…
- Айтпа…
- Демейде андай-мындайга анча
маани бербеген Ибрагим атасы
менен апасына багыштап шашпай
кырааты менен куран окуду. Эртең
мененки тамакты ичип бүтүшкөн
соң бата берише Диана жаткан
люкту көздөй машинеге түшүп
алып жөнөп кетишти.
- Тээтигил чоң ак складды
көрдүңбү, люк ошонун ичинде, -
Ибрагим Дианага алыстан эле
складды көрсөтүп келатты. Чорт
возми, анын эшигинин алдында
жаш балдардын ойноп
жатышкандарын карачы, - Ибрагим
өзүнчө кейип койду, - сени ал
жактан алып чыгып баратканда да
ушул балдар так эле ушул жерде
ойноп жатышкан болчу. Бардыгы
тең жарданып карап турушкан.
Экөөбүздүн тең өңдөрүбүз буларга
таанымал болуш керек. Аларга
жакын барганда болбойт. Ушул
жерден күтө туралы.
Машине алиги складка элүү кадам
жетпей токтоп, балдардын
кыймылын карап турушту.
Алардын кетишин күтүп отурушуп
бир сыйрадан уктап да алышты.
Оюнга чарчашкан балдар тарап
кетишкени менен анын алдынан
элдер өтүп жатышты.
- Бул жерге баары бир күндүз
киргенге болбойт экен, кулпуну
сындырып жатсак көргөндөр
дароо эле милицияга кабарлап
коюшу мүмкүн, андан көрө бул
жакка элдин баары кызуу уйкуда
жатканда түн ортосунда келели. Эч
кимден коркпой эркин иштейбиз.
Анын үстүнө кол фонарик да керек
экен экөөбүзгө. Люктун алды
капкараңгы да, туурабы?
Машине ордунан козголо кайрадан
көчөгө чыгып кетти. Экөө үйгө
кайтып барышып түн ортосун
күтүшө дагы бир сыйрадан уктап,
эс алып алышты. Экинчи жолу ал
жакка барышканда камдуу
барышты. Атайын жеңил кийинише
лом, мык сууругуч, темир араа,
экиден кол фонарь айтор өздөрүнө
керектүү нерселердин бардыгын
унутушкан жок. Ташкент шаарынын
көчөлөрүндөгү электр жарыгы эле
күйүп турганы болбосо кыймыл
дээрлик жокко эсе. Кез-кез гана
чочугансып ары-бери өткөн
машинелердин үндөрү угулуп
турду. Машине күндүзү келген
эски ордуна келип токтоду. Экөө
бир азга отурушту.
- Кана баштадыкбы?
- Баштадык, биссимилда, Кудайым
колдосун!
Эки жактарын аяр акмалашкан
экөө складды жанына акырын
жылып барышты. Эшиги чоң темир
кулпу менен кулпулануу болчу.
Ибрагим ломду салды дагы
акырын күч менен добшасын
омкоруп таштады. "Тарс" деген
үндү бирөөлөр угуп калган жокбу
дегендей айланасына бир сыйра
көз жүгүртүп койду. Складдын
ичине киришип эшигин акырын
жаап алышты да, кол
фонариктерин күйгүзүштү. Люкту
кыйналбай эле табышты.
- Мына ушул люктан сени алып
чыккам. Азыр оозун ачам, -
Ибрагим ломду салып люктун
капкагын жеңил гана ачып койду.
Капкакты ары жакка коюп, ичине
биринчи өзү түштү, артынан Диана
кошо түшүп келди. Келемиштер
"чыйк-чуйк" этише ары-бери
чуркап өтүп кетип жатышты.
- Бобул түтүктү үстүндө жаткан
болчусуң сен.
- Помню. Эгер силер болбогондо
бобул келемиштерге эбакта
таланып жем болуп, сөөгүм сөпөт
болмок экен да…
- Кана эми Дика, жакшылап эсте,
кайсыл жерге каттың эле?
- Азыр, азыр… ориентир алайынчы
жерге кулап жатканда алдым кум
болчу. Ошол кумдарды колум
менен шилеп көмүп үстүн таптап
таштагам. Азыр эстейин…
Анын божомолдоп келаткан жери
туура эмес болуп чыкты, ал жер
кум эмес эле топурак экен. Диана
таңгала туруп калды.
- Ушул жер эле болуш керек эле да,
кандайча?
Дагы жакшылап эстөөгө аракет
кыла көзүн жума ойлонуп көрдү.
Көзү ача, кол фонаригин жандыра
төмөн жакты карады. "Мындай
болушу мүмкүн эмес, эмне мен
жаңылып жатамбы?" Туш-туш
жакка чачыраган чоң темир
түтүктөрү бар жер алды бири-
бирине аябай окшош болчу. Диана
дегеле кумдуу жер таппай койду,
экөө эки жакка бөлүнүшө кумдуу
жерди издеп жүрүп отурушуп,
арадан бир саат өткөндөн кийин
кайрадан кезигишти.
- Эмне болду?
- Жок эч жерден таппай койдум…
- Жакшылап эстечи?
- Эстейин деп эле атам, бирок
өлүм менен өмүрдүн ортосунда
жашоо менен күрөшүп жатып,
эстеп калганга да мүмкүнчүлүк
болбой калды.
- Минтип отурсак таң аткача
издейбиз. Көчө кыймылы
башталып кетсе элдин баары
ойгонушса биздин бул жакта
экенибизди билип калышы мүмкүн.
Кана "урушта туруш жок", "аракет
кылса берекет" баштайлы
кайрадан. Экөө эки саатка жакын
убара болуп издешти. Акырында эч
нерсе таппаган Ибрагим жерге
отура кетти.
- Точно каттың беле же…?
- Мени калп айтып атат деп
атасыңбы ушунча убара болуп тээ
алыс жактан келбейт элем да…
Кызык, кандайча эстей албай
жатам"
, - ал дагы кичине эс алганы
Ибрагимдин жанына отура кетти.
Анан жер таяна калып, колун ары-
бери сыйпалап жиберди.
- Ушул жер болуп жүрбөсүн ыя,
алды кум экен? Айлаасына көз
жүгүртө бир нерсени эстегендей
болду. - Эми эстедим… точно ушул
жер, бобул жерге жөлөнүп
отурбадым беле, тээтигил жерден
таш алдыма өтүп кеткенинен
тигиндейрээк алып жылдырып
койгом. Ташты эми эстедим. Бобул
жерде болуш керек, - Диана
жердеги кумдарды шилеп жатып
көп өтпөй эле кум алдынан
баштыкты сууруп чыкты.
- Мына, айтпадым беле.
Анан жанталаша ичин ачып
жиберип, толтура таңгакталган
акчаны Ибрагимге көрсөттү.
ЭПИЛОГ ОРДУНА
Кыргызстан менен Өзбекстанда
"Ибрагдиан" деген эң чоң фирма
иштейт. Бишкекте эле ушул наамда
бир нече кафе, дүкөн, казинолор
бар. Ысыккөлдө да "Ибрагдиан"
деген чоң пансионат ачылган.
Ташкендин борборунда да дал эле
ушундай жазуулар менен кафелер,
дүкөндөр, ресторандар бар, атүгүл
так эле ушул наам менен жазылган
чоң мейманкана курулган. Жакында
эле Самарканд жакта эң чоң соода
бирикмеси курулуп бүттү. Бул эмне
болгон фирма, көпчүлүгү анча деле
маани беришпейт. "Ибрагдиан"
деген жазуу Ибрагим жана Диана
деген маанини билдирет. Экөө
азыр Кыргызстан менен
Өзбекстандагы эң бай адамдардын
бири. Өздөрү кыялданышкандай
үйлөнүү тоюнда "үйлөнүү
саякатын" жасашып, чет өлкөлөрдү
кыдырып келишти.
Күтүлбөгөн туткунга кабылып,
өмүрү көрбөгөн кордуктарды,
азап-тозокторду башынан
өткөргөн кыз акыры анын эки эсе
үзүрүн көрдү. Ылайым эле
бактылуу болсун, мен дагы бакыт-
таалай, келечегине даңгыраган
кенен жол каалайм.
(Соңу)
#23 28 Март 2014 - 14:47
Рахмааат!соонун чыгарма экен! Ыраазычылык сизге автор! Ээээх ...баарынан да аягы happy end м.н буткону жакшы экен!
#24 28 Март 2014 - 19:41
Аябай сонун чыгарма экен "кара чумбот"чыгармасына окшойт экен.баса,диананын атасы 12жашында олбоду беле неси болсо да жакшылык менен бутсун!
#25 29 Март 2014 - 03:30
Рахмат автор аябай сонун чыгарма экен ушундай приключениелер сөз жок!
#27 29 Март 2014 - 12:21
Кыргызча ушундай бир кино коргон болчум, бирок анын аягы башкача болуп буткон эле. Сизге терен ыраазычылык урматтуу автор.
#28 30 Март 2014 - 21:34
Телефондон киргенде 1-бетинин этеги ачылбай койду..
В каждой шутке есть доля правды...
#29 31 Март 2014 - 10:30
Менимче телефондо Опера деген бравзер менен кирет окшойсуңар.
Телефондун өзүнүн бравзери менен кирип окусаңар толук окуй аласыңар.Мендеда ушун окуялар болуп турат кееде связь начар мезгилде
#30 31 Март 2014 - 10:37
Менимче телефондо Опера деген бравзер менен кирет окшойсуңар.
Телефондун өзүнүн бравзери менен кирип окусаңар толук окуй аласыңар.Мендеда ушундай
окуялар болуп турат кееде связь начар мезгилде
окуялар болуп турат кееде связь начар мезгилде
#32 01 Апрель 2014 - 13:40
Аябай берилуу менен окуп чыктым.Сейит байкеге ыраазычылык,
тез аранын ичинде жазып бутургонунузго.
#33 01 Апрель 2014 - 16:23
Окуянын кээ бир жерин эч эле чындыкка кооштура албай койдум.
Кантсе да эрикпей, бизди күттүрбөй жазып койгонуңузга таазим Сейит!
Дагы да башка чыгармаларды күтүп калабыз!
Кантсе да эрикпей, бизди күттүрбөй жазып койгонуңузга таазим Сейит!
Дагы да башка чыгармаларды күтүп калабыз!
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 01 Апрель 2014 - 16:24
В каждой шутке есть доля правды...
#34 06 Апрель 2014 - 23:57
Акыры окуп буттум..
Люктун ичинде чогу жургондой болдум, аябай кучтуу экен, анча мынчасы антип кача албаса керек.
Люктун ичинде чогу жургондой болдум, аябай кучтуу экен, анча мынчасы антип кача албаса керек.
#36 16 Апрель 2014 - 22:04
Диана менен кошо жургондой эле кыйналып кеттим,Ташкенттен Бишкекке кетеринде кармалып калганда нервтенип кеттим,эртерээк эле кетип калбайсынбы.
Бирок аягы жакшы менен бутуптур.
#37 24 Апрель 2014 - 22:34
Эх Диана мн кошо жургондой, окуп отуруп баштарым ооруп кетчуу болду((.
Анан коп жерлери туура эмес болуп калыптыр, Диананын атасы олду эле, кайра эне-атасы деп тируу болуп калыптыр, саунадан качырган кыз Замира болчу,кийин Диананын ата энеси жолукканда Айгул болуп, Мехранын апасы Манзуура болуп келе атып эле, Заира болуп калды)). Эмнеси болсо да жакшы чыгарма экен.
Диана аябай эле эрктуу,кучтуу кыз экен). Анан менин суроом, бул болгон окуябы? же кимдир бироонун ойлоп тапкан эле чыгармасыбы?
Авторго ыраазычылык эринбей жазганынызга. )
Анан коп жерлери туура эмес болуп калыптыр, Диананын атасы олду эле, кайра эне-атасы деп тируу болуп калыптыр, саунадан качырган кыз Замира болчу,кийин Диананын ата энеси жолукканда Айгул болуп, Мехранын апасы Манзуура болуп келе атып эле, Заира болуп калды)). Эмнеси болсо да жакшы чыгарма экен.
Диана аябай эле эрктуу,кучтуу кыз экен). Анан менин суроом, бул болгон окуябы? же кимдир бироонун ойлоп тапкан эле чыгармасыбы?
Авторго ыраазычылык эринбей жазганынызга. )
Быть с человеком после его измены-это как пить из грязного бокала.
Вроде пригоден к применению ...а пить из него противно.)
Вроде пригоден к применению ...а пить из него противно.)
#38 01 Май 2014 - 01:28
ay.zi (24 Апрель 2014 - 19:34) жазган:
Эх Диана мн кошо жургондой, окуп отуруп баштарым ооруп кетчуу болду((.
Анан коп жерлери туура эмес болуп калыптыр, Диананын атасы олду эле, кайра эне-атасы деп тируу болуп калыптыр, саунадан качырган кыз Замира болчу,кийин Диананын ата энеси жолукканда Айгул болуп, Мехранын апасы Манзуура болуп келе атып эле, Заира болуп калды)). Эмнеси болсо да жакшы чыгарма экен.
Диана аябай эле эрктуу,кучтуу кыз экен). Анан менин суроом, бул болгон окуябы? же кимдир бироонун ойлоп тапкан эле чыгармасыбы?
Авторго ыраазычылык эринбей жазганынызга. )
Анан коп жерлери туура эмес болуп калыптыр, Диананын атасы олду эле, кайра эне-атасы деп тируу болуп калыптыр, саунадан качырган кыз Замира болчу,кийин Диананын ата энеси жолукканда Айгул болуп, Мехранын апасы Манзуура болуп келе атып эле, Заира болуп калды)). Эмнеси болсо да жакшы чыгарма экен.
Диана аябай эле эрктуу,кучтуу кыз экен). Анан менин суроом, бул болгон окуябы? же кимдир бироонун ойлоп тапкан эле чыгармасыбы?
Авторго ыраазычылык эринбей жазганынызга. )
Болгон окуяга окшобойт го, фантастика экени оркоюп корунуп турат. Мен да атасынын кайра тирилгенине жана Манзура апанын аты озгоргонуно тан калып аткам, анан калса акча чыгарган банда колго тушкондон кийин бир жарым ай издеп чарчашты деп атпайбы кайра эле 2 жумадан кийин табылды дейт, мейли эмнеси болсо да кочургон адамга рахмат.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#39 01 Май 2014 - 13:51
Мыкты чыгарма экен. Негизи эле Саадатбек Мырзакул уулунун чыгармалары жакшы жазылган.
Бирок,бул чыгарма бир аз чаташып кетиптир. Анан ошончо чоң Ташкентте кайра-кайрале бир-эки адамга туткунга түшө бергени анча окшошпой калыптыр.Бирок, сонун чыгарма экен. Дианага там бердим,ушунчалык эрки күчтүү кыз экен.
Сейитке рахмат,зерикпей биз үчүн бул жака көчүргөнүңө.
Бирок,бул чыгарма бир аз чаташып кетиптир. Анан ошончо чоң Ташкентте кайра-кайрале бир-эки адамга туткунга түшө бергени анча окшошпой калыптыр.Бирок, сонун чыгарма экен. Дианага там бердим,ушунчалык эрки күчтүү кыз экен.
Сейитке рахмат,зерикпей биз үчүн бул жака көчүргөнүңө.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#40 26 Декабрь 2014 - 01:48
чоон рахмат авторго. мен бул чыгарманы окуп ото чон пайдасы тийди дагы бир жолу рахмат! себеби комада копко жаткан адамга козуно даары куйдурбай койдум эле азыр кудаага шугур коздору кадимкидей корот
Билдирүүнү түзөткөн: maksel2009: 26 Декабрь 2014 - 01:53