zhiza (10 Февраль 2014 - 18:47) жазган:
Кызыксыз Жека ага, "уяты" бар адам ушул жолду тандамак беле?
Бир сойкунун "Кандай кардарлар келет?" деген суроого берген интервьюсун окудум эле.
"Сойкуканаларга кимдер гана келбейт? Кыргызстандагы белгилүу адамдардын көбүн көрүугө болот. Селсаяктан баштап саясатты чаккан чиновниктер, белгилүү ырчылар, атүгүл элге сыналгыдан шариятты үйрөтүп,дават айткан молдокелерден бери барышат. Ал эми милицияларды айтпай эле коёюн. Андан сырткары, Орусиядан, Казакстандан соода кылгандар, бизнесмендер, криминалдар да келишет. Кыргызстандын алыскы аймагынан борборго соода кылган аялдар, эркектер келишет. Жаш студент кыздар - балдар келишет, алтургай ЖОЖ дун мугалимдери да келишип, кээси ошол жерден лекция окугандай китептерди берип, акыл айтышат. Дагы бир шумдук, кичинекей балдарын ээрчитип алгандары дагы жок эмес"деген.
Эми өзүңүз тыянак чыгарып көрүңүзчү, кимден үмүт этели?
"Уят такта" тууралуу, сойкулар түнкүсүн уятын унутса да, күндүзү эстеп, эл айтса уялаар деген илгери үмүт менен айткамын.
Бул темадагы билдирүүлөрдү окуп отуруп, тээ 80-жылдары окуган "Ыплас Тегеран" аттуу китеп эске түштү. Шумдуктардын баары бар ал китепте. Көрсө, азыркы учурда расмий түрдө ислам мамлекети аталган Иранда деле 1979-жылга чейин, б.а. шах башкарып турган мезгилде, сойкулук өтө күч алган экен. Анан, 1979-жылы ислам революциясы болуп, өлкөнүн баш мыйзамына "Иран ислам республикасы" деп жазылып, жогорку бийлик дин өкүлдөрүнө (аятоллага) берилип, шарият соту ишке ашырыла баштаганда, сойкулук тамырынан жулунган өсүмдүктөй өзүнөн-өзу жоголо баштаптыр.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 10 Февраль 2014 - 19:54