akyn-jurogu Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 1 882 (0,54 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (531 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 25 Ноябрь 14
- Кароолор:
- 26 287
- Соңку аракети
- 31 Янв 2017 14:25
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 5, 1990
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- БиШкЕк
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Ал менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашай берет
Жазылган күн: 21 Июн 2016
-Мен азыр Москвада иштеп журом. Ал жакка кетууго турмуш мени кондурду. Мындан беш жыл мурун "улуу шаарга барып, иштеп кел" дегендерге мен бир кичинекей мамлекет тузуп алып, анда озумдун чакан борборумду курсам эле жетиштуу. Оз уй-буломду оз жеримден да багып, кем кылбай асырап кете алам дечу элем. Жаратканым чын эле максатыма жеткирди. Суперстандан aisuluu деген сулуу кыз менен тааныштым, ашык болдум. Суйлошконубузго бир жыл болгондо ашыгыма сунушумду киргизип, баш коштук. Ошол кундору менин бактымда чек жок эле. Анан кантип бактылуу болбой коем. Ашыгым менен бир бутундукко айланып атканыма тобом кокко жете суйунучто элем. Бирок бактылуу кундорумдун аягы жакын эле экен. Ашыгыма жетип, аны менен бирге жашаганыма жыл айланбай таш боор ажалга тарттырып жиберип, бармагымды тиштеп кала бердим. Эх, aisuluu менен бирге жашаганыма эки ай болгондо журок оорудан каза болуп калды. Аны менен бирге жашаган беш ай менин эн бир бактылуу кундорум, бактылуу мунотторум экенин мойнума алдым. Жанымдын торолгонунон журок оорусу бар экенин кийин гана билдим. Анда баары кеч болуп калган эле. Анткени анын топурагы кургап калган. Ошол окуядан кийин мен бул жерде кала алган жокмун. Aisuluu менен бирге жашаган уйдон анын караанын коро берип, сагыныч, кусалыктан жудоп да кеттим. Бактыма тойбой жатып, суйгонумо жетип, аны менен жашап атканыма ишене элек жатып жалгыз калтырган тагдырыма таарындым. Чогуу жашаган уй, чогуу баскан кочо, бирге жургон жерлер, айтор баары тен мага ашыгымды ойго салчу болду.
Баягы коздору жайнаган, коз карашында оту бар жигит дароо озгорду. Мен эч бир максаты жок жашай бердим. Чынын айтсам жашагым да келген жок. Ошентсе да жашай бердим. Бирок, бир да кунум эсте калган жок. Кайгынын тээ бир теренинде тируу жандан алыс калдым. Аралашкым да келген жок. Мен эми эч кимди суйбойм го деп ойлочумун. Бирок, олгондун артынан олбойт экенбиз. Тируу калган адамдын жашоосу ото берет экен...
Ашыгымды жоготкондо кайгымды которо албай, бул шаардан кетууну ойлодум. Мына ошол себептен ата-энемден уруксат алып, бир туугандарым менен коштошуп, Россияга кетип калдым. Мекениме сагынганда келип турам. Келген сайын баягы айыга элек жарама бироо туз суртуп аткандай ачышып, баарын эстетип, кайра эле кетип калууга ашыгам.
Мына ушундай кайгыдан баш которо албай жургон кундорумдун биринде мен дагы бир жолу бироого ашык болдум. Адаттагыдай эле мекенимкмекениме келууго болгон сагыныч болсо, аялыма болгон кусалык менин бул жакка келуумо туртку болчу. Эски жаратым ырбап, копко журуу мен учун тозоко тете эле. Алыста журсом кайгыдан да алыс болуп, иш менен алек болуп, ойлонууга, сагынууга убакыт болуудон качып турчу элем. Бирок, бул жолку келишимде анте албадым. Келгенме уч ай болду. Бирок, дале кете элекмин. Aisuluuма окшогон, коз карашы, суйлогон созу да окшош бир кызды жолуктуруп калдым. Мени кетирбей, кармап турган улуу куч да ошол болуп жатат. Россияга кетип калсам, ал кыздан да ажырап калуучудай корком. Бир айрылган жакынындан дагы бир жакын адамынды жоготуп аламбы деп коркуп калат экенсин. Ал кыздын да мага болгон сезими бар экенин билем. Бирок ал менин биринчи уй-булом бар болгонун, ашыгымдын каза болгонун билбейт. Ал окуяны эстеп, айтып бере алган жокмун. Кучум да жеткен жок. Ошентсе да жалган нерсе менен уй-було кургум келбейт. Айтайын десем, тилим барбайт. Айтпай коеюн десем арым жол бербейт. Бир чети уй-булом болгонун айтсам кетип калабы, мени менен турмуш кургусу келбей калабы деп да корком. Айтпай жургонумдун бир себеби ушул да болсо керек. Кандай кылам деген суроо менен бир айдан бери алышып журом. Бул тууралуу ата-энем деле билбейт. Алар менин кайгымды унутуп, алардын жанында коп кун жургонумо ыраазы болуп, эч нерсе сурашпайт. А, мени эми башка кайгы да кыйнап жургонун билишпейт. Кандай чечим кылсам туура болоорун билбейм. Aisuluuну унуткан жокмун. Ал менин журогумдун тупкурундо жашай берет. Мына ушул шартка алганым конуп, мени менен бир бутун болууга макулдугун берет болду бекен?... -
Күйүт, чыр-чатак, ичкилик, күтүүсүз ажал, Атакем.
Жазылган күн: 25 Сен 2015
Чыр чатак. Ичкиликтин кесепети.
Балалыгымды эстесем, айылда боз ала чан болуп, эч нерседен бейкапар, боз балдар менен кубалашып ойноп жургон жыргал кундор гана элестейт. Ата-энем, байкем, карындашым болуп, айылдын четиндеги кичинекей эки болмолуу уйдо жашачубуз. Ынтымагы жок уйдон ырк, кут-береке, жылуулук кетет экен. Уйубуздо кун алыс кыйкырыктар менен коштолгон уруш болуп турчу. Адамдардын эсин энгиреткен жинди суу, атамда да байырлап алган эле. Дегеним, атам ичкиликке берилип, кун сайын эле бутуна тура албай мас болуп келчу. Андайда апам отураарга орун таппай куйполоктоп, "Деги бир жолу тынч уктап калсачы"деп, мылтык такап душманы келгендей коркуп, "Кудай, Кудайлап" эриндери булкулдоп калаар эле. Анткени атам мас болсо эле, апамды сабап жатып калмай адаты бар эле. Анын мас болуп келе жатканын алыстан коргондо эле, баарыбыз жабалактап, "Апа, бир жакка кетип калалычы, атам соолуккуча кетип эле калалычы" деп чыркыраганыбыз эсимде. Мындай ызы-чуу албетте жаш балдардын психикасына терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Атамдын ошончолук апамды басынтып, токмоктоп турганын корсок дагы, апам, бизге атам жонундо жаман пикир айтпоону суранат эле. "Атанды ичкилик гана ушундай жолго туртуп жатат" деп актап тураар эле. Кантсе да коз ачып коргон, ак никелуу жары да. Чогуу ойногон тен-туштарымды коруп ичим тызылдайт эле. Атам ичпегенде эн улгулуу ата болмок деп, арак саткан адамдарды жек корот элем...
Кутуусуз ажал.
Ичкиликтин тубу жакшы болмок беле?! Ичкилик озуно тартып журуп атамдын жанын алып тынды. Анда мен 9,10гана жашта элем. Биздин уй тараптан ызы-чуу ундор чыгып калды. Эч нерседен бейкапар, кундогудой эле жолдун топурагын сапырып ойноп жургом. Журогум бир башкача "селт" этип алды. Дароо оюма атам келди. Анткени, атам коп кундон бери ооруканада жаткан эле. Эч нерсеге карабай уйго энтигип чуркап кирдим. Кирип, дароо эле апама коз чаптырдым, апам башын мыкчый, боздоп ыйлап отуруптур. Эмне кылаарымды билбей нес болуп эле туруп калдым. Ангыча, кошуна эже "Кагылайын сен деле чоноюп калдын. Апакендин жанына барагой. Атан жакшы киши болчу, боздоп ыйлаганга акын бар. Атан оо дуйно салып кете берди, раматылык болсун " деп, болоор-болбос бышактап койду. Буга чейинки атама болгон жек коруум заматта жоголуп, чын дилимден ичим ачышып, чынырып ыйладым. Баарыбыз, "Жаман да болсо атабыз эле" деп, боздоп ыйлап кала бердик. Корообузда чычкак улак жок экендиги ушундай жамандыкта билинди. Айылда негизинен баары мал-жандуу болушат эмеспи. Эл-журт, туугандар бар экен, бизге жардам кылып, атамды акыркы сапарга узатышты. Кыргыз той кылса да, олсо да чыгаша болот экен.
Ошентип салтыбызда болгон ырым-жырымды кылып, атамды келбес сапарга узаттык. Учурунда маани бербегеним менен, атамдын киши колдуу болуп олгонун кийин билдим. Кошуна айылда ботолколош достору бар эле. Ичип олтурушуп, чатакташа кетишип, атамды катуу сабап салышкан тура. Ооруканага жаткан себеби да ошол экен. Аны Апакем бизге айтпаптыр. Атамдын жон гана ден-соолугу начарлап кеткендигин айтып, тынчтандырып коюшкан экен. Байкем атамды коп карап жатты. "Келечекте мыкты дасыккан доктур болом " деген тилеги бар эле. Атамды жерге берип келгенден тарта апамдын конулу ачылбай койду. Алкаш да болсо атамдын карааны апама тоодой тирек экенин кийин тушундук. Канчалык бизге билдбилдирбейин дегени менен айласыз жылмайган, мунга толгон коздору кайгыдан кабагы ачылбай жатканынан кабар берип турчу. Ойлонуп корсом, атам олоор олгучо арак менен алпурушуп, бизге бир да жылуу мамиле жасап койбоптур. Анысына жиним келгени менен, бир жаралган омурдо татыктуу жашап отпогонуно ичим ачышат...
Куйут деген кургур жаман нерсе экен. Бул дуйнодо эч ким жакынынан айрылып, анын куйутун тартпасын. Жан дуйном алоолонуп, куйо албай, бырыксыган тутундой быкшып, ичимди уулантып эзип бутту. "Алтын баш аман болсо, алтын аяктан суу ичет" дегендей, "Олгондун артынан комгон болбоюн" деп озумду аран гана алаксытып журом. Коп жылдан бери журокту эзип келе жаткан бул арманымды "сиздерге" жарыялоону туура кордум. Муну менен биринчиден, озум женилдеп алсам, экинчиден, мен сыяктуу тагдырга кабылып, анын токмогуна туруштук бере албай жаткан замандаштарыма сабак болоор деген ойдомун. Тагдырынды озгортуп ала албаган сон, ага таарынып, капалангандын кажети жок экенин билдим. Андыктан бир жаралган омурдо ачуу тагдырга кабылып турсан да, ага мункуробой тескерисинче позитивдуу маанай тартуулоону уйронушубуз керек экен. "Беш кол тен эмес" деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени, бул жашоодо ыйлап турган жузуно унуло карап, кеп-кенешин бергендер бар, тескерисинче, сенин козунчо куло басканы менен, устуртон дабалоо менен карагандар бар экенин оз жон терим менен сездим. Тагдырдын жазмышынан жан дуйном жабыркап, ушул кунго чейин кыйналып келем...
(Уландысы бар...) -
Мен үчүн агам колунан ажырады...
Жазылган күн: 23 Сен 2015
Тагдырдын жазганы ар бирибизге ар кандай туш келет экен. Кээде тырмактай нерседен чон кырсыкка кабылып омур бою ал кырсыктан жапа чегип келебиз. Тилекке каршы бугунку кун эртен кайталанбайт, ал эми бугунку кундун кадырын жана эртен кандай кун болоорун ар кимибиз эле билбейбиз. Келечек менен жашап, жаштыгыбызды откоруп, качан гана баардыгы кеч болгон убакта аттин деп, бармак тиштеп калмай жайыбыз бар. Ооба, тагдырдын оор сыноосуна бугун болбосо эртен сен да, мен да тушобуз. Мен азыр коптон бери ичимде айтылбаган сырды айтууну туура кордум. Силерден кенештерди кутом. Бироо болбосо, экинчи адам мени тушунуп мага кенешин берет деген умутто окуямды баяндайм...
Бул окуя мен кичине кезимде болгон. Ошол балалыктын таттуу даамы, тынч уйкусу азыр мага башка дуйнодой сезилет. Уйдо мен, менден улуу байкем, менден кичуу карындашым бар эле. Учообуз бир кундо уйду мин которуп, мин жыйнап, мин чачып коер элек. Айтор айта берсе соонун кундор коп эле. Бирок ошол сонун кундордун арасында бугунку кундун куноокору болгон каргашалуу окуя башыбызга тушту. Анда мен он жашта, ал эми агам он беште. Ойноп олтуруп, бир нерсеге талаш болуп кетти. Азыр ал талаш нерсе, такыр эле эске келбейт. Ошол кичинекей нерсеге болгон талашыбыздан агам бир колунан ажырады. Болгондо да он колунан. Анда мен, эч нерсе оюмда жок эле бычакты алып шилтеп ийдим. Агамдын чыканагына тийип, сайылып, канап чыкты. Апам жок кошуна эжени чакырып, жакын жайгашкан ооруканага алып бардык. Арадан бир топ убакыт отту, агамдын колу дарыласа да болбой ириндеп, он колу жараксыз болуп, кесип салышты. Ошол бойдон агамдын он колу жок, сол колу менен гана калды. Арадан кундор отуп, агам мектепти аяктады. Тилекке каршы кийин окуусун, жогорку окуу жайдан уланткысы келген жок. Кээ бир учурларда, агамдын чогуу жургон достооу анын колунун жоктугуна карап, кемсинтишкенин байкап калчумун. Буга ар убак озумду куноолуу сезип, ичимден сыздап кала берчу адатым бар эле. Эми не кылам, болор иш болду да. Агама болгон жардамымды бергеним менен, мен ага он кол, он жол таап бере албадым. Кийин уйлон деген сунушту да агам четке какты. Негедир озун кемсинтип бир мучосунун жоктугуна кейип калчу. Убакыт откон сон мен да бой жеттим. Агам биз менен чогуу жашап журду. Карындашыбыз казак жергесине келин болуп, ошол жакта туболук отурукташып калды. Кыз бала башка бироонун булосу деген чын белем. Уйдо агам, мен Апакем учообуз эле калдык. Негедир агам озун чет сезип, кетээрин айтты болок жака. Канчалык кондургонго аракет кылсам да, майнап чыккан жок. Айтканынан кайтпаган жанды, ары -бери кондургонго да оор экен. Мына жашоо дедим, бир убакта болгон окуя учун, бугун агам оз жашоосунан туз жол таппай, дагы да болсо карангы жолдо бара жатат. Уй-було адамдын жашоосунда эн бир зарыл, маанилуу нерсе. Адамдын чыныгы трагедиясы анын артында туяктын калбаганында. Агам жашап откон жолдон токтоп артты караса эч нерсе жок, эч бир из корунбойт. Неге? Мунун баары мен учун! Билем... Азыр агам карындашымдын уйундо. Казак жергесинде жургон убагы. Карындашым, куйоо бала менен мал багышат. Агам аларга жардам берет. Бул жакка кел десем такыр болбойт. Сыягы отуп кеткен окуяны дале болсо эстейт окшойт. Мен да акыркы убакка чейин эгер ошол каргашалуу окуя болбогондо, агамдын турмушу кандай болот эле, деген суроого коз алдымда бактылуу уй-було элестейт. Бирок ошол нерсени коруп, агамдан бир ооз кечир деп айта элегимди эстесем журогум ооруйт. Билбейм кечирим сурай албай келем. Мага кечтей сезилет. Балким ал да менден кечирим кутуп жургон чыгаар. Бир, эки жылда бир келип касиеттуу туулган жери менен саламдашып кетет. Жашоо оз нугу менен уланып, учугунан узулбой келет. Кеч болсо да агамдан кечирим сурагым келет, бирок кантип?... -
Супер Хошан
Жазылган күн: 21 Сен 2015
Саламатсынарбы урматтуу форумчулар! Мындай теманы издеп, карап таппадым! Урматтуу админ, эгерде ушундай тема бар болсо, же бироонун темасына окшош ачкан болсом, бириктирип кошуп койсонуз же очуруп койсонуз!
Урматтуу форумчулар! Азыркы убакта "Супер Хошан", "Супер Хошан #1" "Супер Хошан от Баха" дегендер аябай кобойуп кетти. Мисалы, мага Таалай базарынын оозунда саткан хошан жагат. 2 штук Хошан жесен болду тойосун.
Сиздерге кандай Хошан жагат? (Куурулганбы же сууга бышканбы?)
Кайсы жерде эн жакшы Хошандарды сатат? Даректерин билгендер болсо, жаза кетсенер... -
Аялымды кожоюнума тарттырып жибердим
Жазылган күн: 4 Авг 2015
Мен уйлонгондо айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин аныз кылып айтып бутушпой калышкан. Бул мен учун абдан чон кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле "келин бала абдан сулуу экен, издеп журуп тапкансын го, далай кыз сынынан откон окшойт ээ" деп калышчу. Инилер болсо "Женени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык" деп тамашалап отушчу. Келинчегимдин бою меникинен кичине узунураак болчу. Анын устуно Кудай мага он-тусту да жакшылап бербептир. Ал мага абдан жагып калгандыктан жеринин алыстыгына карабай машинага салып тоо басты кылып ала качып кеткен болчумун. Таш тушкон жеринде оор болуп отуруп калды, кайда бармак эле. Экообуздун жашообуз жаман уланган жок, кылган-эткени тын, мага жасаган мамилеси жакшы жубайым эмнегедир апама жакпай койду. Отурган жерден апам бир нерсени баштайт, мен кучумду аялыман чыгарып барк-барк этип алам. Ал узун кирпиктерин суулап алып сыртка чыгып кеткенде ичим туз куйгандай ачышып, апамдын тилинен коркуп унчуга албай отуруп калчумун. Бара-бара апамдын тилине кирип, болбосо апамдыкы туура эместигине жиним келсе да аялыман кучумду чыгарып ага кол которо баштадым. Жакшынакай келинчегим чогуп, сыртынан эч кимге сыр билгизбей жадырганаы менен мага мурункудай болбой муздай баштаганын сезип журдум. Ансайын ичип алганда эмнеге мага эркелебейсин, эмнеге мени кучактап оппойсун деп сабап салам. Озумдун ушул жасаган иштеримди эркекке таандык, эркекчилик деп ойлочумун. Апама ал кылганым абдан жагып, аялымды катуу кармаганыма кубанып калчу. Карындаштарым, инилерим женесине боору ооруп турса да апам экообуздон коркконунан унчуга алышчу эмес. Кээде мен ичип келгенде уйдон качып кетет, утурумдук таяк жебегени менен андан кийин мээсине чай кайнайт. Апам: "Аялын тун ичинде качып кайда барат, тан аткыча сарайда жашынып жатат дейсинби, бироо-жарымды таап алып, анысын чакырып алып жыргап жургондур, аны кайдан билесин" дегенде ичиме туз куйгандай боло тушот дагы тегеректеги эркек аттуунун баарын коз алдыман откором. Ким келинчегимди карады, ал учун аялымдын козу когорот. Азыр ойлосом ал бюайкушка жакшы эле кордукту корсоттум. Копко чыдады, балканактай уулду болдук. Уулума бир жаш болгондо аялымды айылдагы ак коз, краа коздон кызганып фермасы бар бироонун коюн багып талаага чыгып кеттим. Бала менен кыйналасынар деп уулубузду апам алып калды. баланы коргону барып калсак аны бизден кызганып жаныбызга жакын жуутпай урушат. Тоого барып, кашарда турабыз. Фермер жигит менден кичуу, аялы менен ажырашып кеткен неме болчу. кашарда коп деле болбойт, башка малдарын караганы кетет, апасы менен айылда жашайт, кээде келип-кетип турат. Аялым экообуз аякта деле конуп калгандай уруш-талашы жое жашай албай калдык. Озум кундуз кой жайып кетем дагы кечинде келип кечке чейин кайсы кошуна чабан менен конул ачтын деп аялымдын башын оорутам. Кызганыч мага конумуш болуп калган окшойт, таптакыр арыла албай койдум. Койлордун тууту башталган мезгилде кожоюнубуз сарайга такай келип, кээде кеч болуп кетсе жатып калып журду. Аялымды канча адамдан кызгандым, бирок кожоюнуман омуру кызганган эмесмин. Иш берип, акча толоп жаткан адам козумо суйкум корунуп туруп алды окшойт да. Баласына тамак жасап бергени апасы да барды. Аялым ага жардам берет, кой толдотууго да чыгат, айтор жаны тынбайт. Тиги кемпир келинчегимди мактап, жасаган тамагын айтып бутпойт. Тоодо жашаса да келинчегимдин аппак жузукарарбай, бирди торогону менен жаш кыздай сынынан кеткен жок. Кыймылы да чапчан болчу. Адам менен бат тил табышып, ар бир адамды тушунууго аракет жасаган сапаты бар эле. Ошондуктан мага чыдап жашап журсо керек да. Айылга тушуп кетсем эки-уч кун арак ичип журуп алам, андайда менин жоктугумду билдирбей тоого кой кайтарып чыгып, кечинде айдап келип, туну менен туутту краап чыгат. Ошол учурда ал менден тажап, конулу башка адамга тушуп калган экен. Аны далайга чейин билген да, сезген да жокмун. Тункусун тошокто милдетимди аткарганымда ал тобону тиктеп эле жатып бергенине конгом. Бул жолу ар кайсы шылтоону таап жаныма жолобой калды. Чарчап жургон жаным ага деле конул бурган эмесмин. Кожоюнум болсо кетпей сарайда жашап журду, андан тартынып мен дагы аялыма мурдагыдай кол которбой калгам. мурда кирпиги томон саландап, жашы мончоктой тушкон келинчегим ыйлабай да калды.
Бир куну айылга тушсом апам айтып калды:
-Эркек сыягын барбы сенин, койнундагы катынындын эки эр менен жашап жургонун билип жатасынбы? Элдин созунон сыртка чыга албай калдым,-деди.
-Эмне болду?
-Аялын Кемел менен конулдош болуп алыптыр го?
-Ким айтты?
-Эл айтып жатат. Эл айта бербейби, Кемел куйоосу бар аялды эмне кылмак эле? Аялым озумдун эле койнумда жатат.
-Тункусун сенин койнунда болсо кундузу Кемелдин койнундадыр. Козу ойноктоп турбайбы, ал шуркуян кылат ошону.
Баарын баштан ойлоп кордум. Эл айттыбы, же апам болжолдоп туруп "уруп" койдубу, деги илинчек таба албай койдум. Баргандан кийин алардын мамилесин андып да кордум, мамилеси жое сыяктуу. Эл ушинтип айтып жатыптыр деп аялымдын козун бир когорттум.
-Эл айтты деп эмнеге мени урасын, эл келип бизди коруп жатыптырбы, же шам кармап берген бир адам бар бекен. Мен ким, Кемел ким? Ал мени краамак беле, мындай байлыгы менен он бештеги кызды албайбы. Сенин да, апандын да созунон, кордугунардан тажап кеттим. Ошол айтканын чын болуп Кемел мени карай турган болсо артка бир кылчайбай ага тийип алмакмын,-деп ого бетер ачуумду келтирди. Тан аткыча аябай сабап чыктым. Тилинен тапты да. Кудай жалгап ошол туну кожоюнум да, энеси да жок болчу. Эртен менен келишти, когоргон козун корбосун деп уйдон чыгарбай койдум эле тиги кемпир уйго кирип барганбы, коруп коюптур. Уруш эмнеден чыкканын ага айтып койгон экен, Кемел мага айтканда жети омурум жерге кирип кетти. Бирок тутана албай турган отко озум жел уйлодум беле, тилимен таап алдым. Чындап эле аялым менен Кемел мамиле кутуп алышканын кийин билдим. Анткени, аялым таптакыр эле мени жанына жуутпай, алыстап, муздак болуп кетти. Чырыбыз кобойду. Менин кызганычым бул жакта эле калды. Урушубузга Кемел аралашып, мени койчулуктан кетирмек болду. Кете турган болгон сон аялымды жур десем ойлобогон жерден ал кетпейм десе болобу.
-Сенден эмне жыргал кордум, энен экоондун жабыштырбаган адамынар калган жок. Козумон кок кеткен жок. Баарына чыдап жашасам да баркымды билбей койдун. Жадакалса бир тууганындан да кызгандын. Эми мындан ары кызганбай эле кой, мен бул жерде калам,-деди.
-Эмнеге каласын?
-Жашайм ушул жерде.
-Ким менен жашайсын?
-кемел менен...
Башыма таш тийгендей болду. Ушуну айтканга кантип оозу барды билбейм, тим эле бычактап салгым келди. Камчыны аны коздой таптай бергенимде биздин созубузду тыншап турганбы, Кемел чыга калып колуман кармап калды.
-Болду, баары бир сен башкага кетем деген аял менен жашабайсын. Экообуздун конулубуз табышты, сулуу аял алдын, бирок аны соолуттун. жадакалса суу куйганга жарабадын. Эми ал меники болот,-деди. Экоону бирдей ашата согуп туруп кетип калдым. Айылга барсам апам ого бетер албууттанып алыптыр. Уулунун башын чанып кетип жатса ага оной бекен. Болушунча аны жамандап, аягы суюк коргозду. Бирок эл деген эл экен, куноо кимден кетип жатканын таразалайт тура. Кобу эле апам экообузду куноолоп коюшту. апам жулунуп-жулкунуп Кемелдикине барды эле анын энеси:
-Балдар озу каалап жатса эмне кылайн. Ал мурда сенин келинин болсо эми менин келиним болду. Баламдын тандоосуна койдум, жашагысы келсе жашасын, келин жаман эмес, баркына жете албасан эмне кылайын. Балан да кызыл камчы неме экен, ичип алса келиндин жанын койбой сабаарын оз козум менен корбодумбу. Неберенди берем десен бер, болоксунтпой багып алабыз, жок, алып калам десен дагы оз ишин. Бирок баланын энеси ушул келин экендиги чындык,-дептир. Ызылдап-ызылдап калып калдык. Кемел менен менин аялым жарашкан жубайлар болуп калышыптыр. Фермасын остуруп, улам бир машина минип, баягы мен жаны алганда кулпурган келин эми андан дагы ачылып алган. Эгиз уул тороп берди. Чон дукон ачып иштетип жатат. Куноо озумон кетип калганын, апамдын шыкагына кирип уй-буломду бузуп алганыма окуном. Кээде ичкенде апама айтып алам, ал баары бир мойнуна албай мага таарынат. Кемел, аялым мени менен учурашып, балага эмне керек экенин, же келсе кийимин алып берейин деп суйлошуп калса деле кызганбайт. Мен болсом эчак анын козун когортмокмун. Кызганам деп журуп куру жалак калдым. Биринчи аялыма дагы деле коп адамдар суктана карашат, анын бири менмин. Кызыл гулго кол жеткизип, соолутуп алаарымда аны башка биро аздектеп алды. А мен армандамын...
Достору
-
Мэри -
elbor -
rnurzida -
mamatmusak... -
able179110 -
jass00 -
Sweet-Lika -
mailashka -
akzuura -
admiral -
Gulshan_kf -
Aimeerimka -
nohappylady -
Meka77 -
aygerimka -
gulperi92 -
sekelek96 -
momposui-95 -
Alibekova2 -
nazinur -
altynaika14 -
gylburak_kg -
Sheke-brat -
Kaple -
Kanat.kg -
ailam14 -
Nuranna_93_kg -
sezim96 -
Nazik90 -
Vegetrianka -
aika2015 -
Abaika22 -
Bonia9189 -
Aman97kg -
aqua.94mema -
arabica -
Karyshkyr. -
Dinaa -
jamal1993 -
malywka -
wamelka -
Aidana.kas... -
new_hacker
Показать 50 случайных друзей 44
Комментарийлер
youlovee
27 Янв 2020 - 13:38bekatalas
20 Ноя 2016 - 10:16http://www.super.kg/vote/ чоон рахмат
bekatalas
20 Ноя 2016 - 10:16http://www.super.kg/vote/ чоон рахмат
bekatalas
20 Ноя 2016 - 10:16http://www.super.kg/vote/ чоон рахмат
new_hacker
22 Июн 2016 - 17:58makemake1979
05 Июн 2016 - 12:34Ачкын утуройгон козунду
Адамга алла талла калыс болот
Сен эмес сенден жарык кун дагы
Оозундан ак ит кирет карасы чыгат
Адамда андай создор жаман делет
Бир келген бул жашоодо ыйман тилеп
Жашайлычы бул жалганда насип тилеп
makemake1979
05 Июн 2016 - 11:29altynaika14
29 Дек 2015 - 20:00