Бугун да апам мага тушко кирет,
Бизди ойлоп, же сагынып журсо
керек.
Айылда, эли - журттун арасында,
Жургондур баарыбызга омур тилеп!
Асылым апам, ар дайым мандайыбызда бар болунуз!
- (7 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Enesaiдын ыр тамчылары.
#2 13 Июнь 2015 - 23:53
Иниме
Коз алдымдан такыр очпойт бир элес-
Эч жардамсыз керебетте жатканын,
Эстен кетпей журогуму оорутат-
Оору даамын ото эрте татканын...
Омурундун бутооруно аз кундор,
Калгандыгы бизге абдан оор болду;
Кандай кыйын -муну билуу кун мурун,
Баарыбызда болгон умут жок болду...
Мага кандай азап эле ал кундор-
Сенин кандай кыйналганын айтпайын...
Коп жыл отуп,коп коз жашым токсом да-
Сени эми бул дуйнодон таппаймын...
Олум кандай таш боор,мерез чеги жок,
Оору кандай жашты аябас -эси жок,
Асылганын ажыратып баарынан-
Тойду бекен-уяты жок,бети жок!
Сенин жанын орун алып бейиштен,
Болгондурсун ак канаттуу периште-
Бизди колдоп,бизди коргоп журоорсун,
Калбаса деп бир боорлорум кейиште!
Коз алдымдан такыр очпойт бир элес-
Эч жардамсыз керебетте жатканын,
Эстен кетпей журогуму оорутат-
Оору даамын ото эрте татканын...
Омурундун бутооруно аз кундор,
Калгандыгы бизге абдан оор болду;
Кандай кыйын -муну билуу кун мурун,
Баарыбызда болгон умут жок болду...
Мага кандай азап эле ал кундор-
Сенин кандай кыйналганын айтпайын...
Коп жыл отуп,коп коз жашым токсом да-
Сени эми бул дуйнодон таппаймын...
Олум кандай таш боор,мерез чеги жок,
Оору кандай жашты аябас -эси жок,
Асылганын ажыратып баарынан-
Тойду бекен-уяты жок,бети жок!
Сенин жанын орун алып бейиштен,
Болгондурсун ак канаттуу периште-
Бизди колдоп,бизди коргоп журоорсун,
Калбаса деп бир боорлорум кейиште!
#3 14 Июнь 2015 - 00:09
Таэнемдин сандыгы
Улгайып,узак жашап,копту коруп,
Турмушта мин кубанса-мин бир чогуп,
Саамайын кумуш сындуу бубак басып-
Таэнем кеткен эле ото карып...
Коз жашын тыйчу эмес коштошоордо,
Батасы белен эле дасторкондо,
Небере балдарына туйунчокко-
Ак нанын туйуп берчу узак жолго.
Сандыгы болоор эле таэнемдин-
Ачкычын дайым озу катып алчу,
Биз барсак баарыбызды бир-бирден ооп,
Андан сон ак сандыгын озу аччу.
Эскирсе да ал сандык сыры кетип,
Калбады капшырылып сыны кетип,
Сандыктан мен гана эмес,небереси-
Сый корду менин уулум чоборосу!
Балпайып ак жоолугун башка салган,
Таэнем баягыдай тордо азыр жок,
Кулпусуз ачык бойдон сандык жатат,
Калгандай жалгыз озу,ээсин жоктоп...
Улгайып,узак жашап,копту коруп,
Турмушта мин кубанса-мин бир чогуп,
Саамайын кумуш сындуу бубак басып-
Таэнем кеткен эле ото карып...
Коз жашын тыйчу эмес коштошоордо,
Батасы белен эле дасторкондо,
Небере балдарына туйунчокко-
Ак нанын туйуп берчу узак жолго.
Сандыгы болоор эле таэнемдин-
Ачкычын дайым озу катып алчу,
Биз барсак баарыбызды бир-бирден ооп,
Андан сон ак сандыгын озу аччу.
Эскирсе да ал сандык сыры кетип,
Калбады капшырылып сыны кетип,
Сандыктан мен гана эмес,небереси-
Сый корду менин уулум чоборосу!
Балпайып ак жоолугун башка салган,
Таэнем баягыдай тордо азыр жок,
Кулпусуз ачык бойдон сандык жатат,
Калгандай жалгыз озу,ээсин жоктоп...
#4 14 Июнь 2015 - 00:20
Пендебиз ээ?!
Пендебиз ээ,коро албай бирибизди-бирибиз,
Соз кайтарып улуубузга кичуубуз,
Беш кунчолук аз омурду баалабай,
Билбейбиз ээ,канча кунго тируубуз!
Пендебиз ээ,кечээ жеген кара нанды унутуп,
Куну бугун аппак нанды тепсейбиз,
А эртен кун,тагдыр салса далысын,
Кара нандын кукумуно жетпейбиз...
Пендебиз ээ,байлык топтоп жарышып,
Тууган менен жаман-жакшы айтышып,
Бугун болсок,мумкун эртен болбойбуз,
Эх,пендебиз, кыска ойлор ойлойбуз!
Пендебиз ээ,коро албай бирибизди-бирибиз,
Соз кайтарып улуубузга кичуубуз,
Беш кунчолук аз омурду баалабай,
Билбейбиз ээ,канча кунго тируубуз!
Пендебиз ээ,кечээ жеген кара нанды унутуп,
Куну бугун аппак нанды тепсейбиз,
А эртен кун,тагдыр салса далысын,
Кара нандын кукумуно жетпейбиз...
Пендебиз ээ,байлык топтоп жарышып,
Тууган менен жаман-жакшы айтышып,
Бугун болсок,мумкун эртен болбойбуз,
Эх,пендебиз, кыска ойлор ойлойбуз!
#5 14 Июнь 2015 - 00:27
Ыр тамчылар...
Топук кылып бир тоголок кукумго,
Жетишпестик болуп калса ушкурбо;
Кумурска да шыбагадан кур эмес...
Копто аз деп,азда жок деп кайгырба,
Тар ой менен пенделикке алдырба,
Жаратканым унутпасын берээрин!
Топук кылып бир тоголок кукумго,
Жетишпестик болуп калса ушкурбо;
Кумурска да шыбагадан кур эмес...
Копто аз деп,азда жок деп кайгырба,
Тар ой менен пенделикке алдырба,
Жаратканым унутпасын берээрин!
#6 14 Июнь 2015 - 00:54
Бал создору ыр сабында желбиреп,
Эргуу болуп, жан дуйноно дем берет.
Поэзиянын колун кечкен сынары,
Ыр саптарын эн бир кооз керемет.
Лириканды жаза бергин арылап,
Калеминди улам-улам камчылап.
Чойчогундо ырлар турсун тогулуп,
Бал создорун ашып-ташып, тамчылап!
Талантынызга таазим эжеке! Мурда кайда журдунуз эле, ушундай онорунузду кулпулап?
Эргуу болуп, жан дуйноно дем берет.
Поэзиянын колун кечкен сынары,
Ыр саптарын эн бир кооз керемет.
Лириканды жаза бергин арылап,
Калеминди улам-улам камчылап.
Чойчогундо ырлар турсун тогулуп,
Бал создорун ашып-ташып, тамчылап!
Талантынызга таазим эжеке! Мурда кайда журдунуз эле, ушундай онорунузду кулпулап?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 15 Июнь 2015 - 09:14
Адашкан кызга
Эл соз кылат электебей артындан,
"Сойку" деген сага моор басылган,
Азы чындыр,кобу болсо кошумча,
Ушак создор сен жонундо айтылган.
Кайсы куну мудурулдун, чалындын;
Баткак сууга эмне болуп малындын?
Кайсы куну туура жолдон адашып,
Кайдан журуп бул тагдырга кабылдын?
Бакытына бироо балта чаптыбы?
Же ушул жол чындап сага жактыбы?
Тунгуюктан тапкан оной жолунбу;
Же сен учун конул аччу оюнбу?
Жаза басып ак жолундан адашып,
Бироолорго болсон керек кол жоолук,
Бироолордун убагында кол жеткис,
Суйгону элен-жетпей жургон жалооруп!
Сындай албайм,жийиркенип жек корбойм,
Сен да пенде,ак жолундан адашкан,
Боёк сурткон ак жузундон байкалат,
Баёо козун чарчап турган азаптан.
Сен да ыйлайсын,кубанасын, кулосун,
Таш эмессин-умут, кыял,ойлор бар,
Мин жыгылып,мин чалынып журсон да-
Кайра кайтып адам болчу жолдор бар!
Кыйын кундо жолок болуп асыраар,
Ак никелуу бироого бол асыл жар!
Алыс чыкпай айланчыктап сагынчу-
Эне болгун уйдун куту жакшы жар!
Эл соз кылат электебей артындан,
"Сойку" деген сага моор басылган,
Азы чындыр,кобу болсо кошумча,
Ушак создор сен жонундо айтылган.
Кайсы куну мудурулдун, чалындын;
Баткак сууга эмне болуп малындын?
Кайсы куну туура жолдон адашып,
Кайдан журуп бул тагдырга кабылдын?
Бакытына бироо балта чаптыбы?
Же ушул жол чындап сага жактыбы?
Тунгуюктан тапкан оной жолунбу;
Же сен учун конул аччу оюнбу?
Жаза басып ак жолундан адашып,
Бироолорго болсон керек кол жоолук,
Бироолордун убагында кол жеткис,
Суйгону элен-жетпей жургон жалооруп!
Сындай албайм,жийиркенип жек корбойм,
Сен да пенде,ак жолундан адашкан,
Боёк сурткон ак жузундон байкалат,
Баёо козун чарчап турган азаптан.
Сен да ыйлайсын,кубанасын, кулосун,
Таш эмессин-умут, кыял,ойлор бар,
Мин жыгылып,мин чалынып журсон да-
Кайра кайтып адам болчу жолдор бар!
Кыйын кундо жолок болуп асыраар,
Ак никелуу бироого бол асыл жар!
Алыс чыкпай айланчыктап сагынчу-
Эне болгун уйдун куту жакшы жар!
#8 15 Июнь 2015 - 17:25
Талантынызга таазим .!!!
Окусам жан дуйномду ойго сала турган , маанилуу чон алп акындардан кем калышпай жазыпсыз.
Окусам жан дуйномду ойго сала турган , маанилуу чон алп акындардан кем калышпай жазыпсыз.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#9 15 Июнь 2015 - 21:13
Тамчыдан куралып бараткан поэзияныз чалкыган терен колго айлансын!
Ийгилик!
#10 16 Июнь 2015 - 08:34
Ыр тамчылар
"Кандайсын? "-деп ,сурагандын баарына,
"Жакшы" ,-деген жообум айтып жылмаям,
Бирок конул койгой менен курчалып-
Журок онтойт,ичтен сызып,ыйлаган. ..
Конулдордо коз жаш токпой ыйлайбыз,
Койгойлорго унсуз-созсуз чыдайбыз...
Жылмайса да жылуу тиктеп жузубуз,
Алдай албайт,жашка толгон козубуз...
"Кандайсын? "-деп ,сурагандын баарына,
"Жакшы" ,-деген жообум айтып жылмаям,
Бирок конул койгой менен курчалып-
Журок онтойт,ичтен сызып,ыйлаган. ..
Конулдордо коз жаш токпой ыйлайбыз,
Койгойлорго унсуз-созсуз чыдайбыз...
Жылмайса да жылуу тиктеп жузубуз,
Алдай албайт,жашка толгон козубуз...
#11 16 Июнь 2015 - 08:53
Кайрадан колума калем карматып,тема ачып,ыр дуйносуно жетелеп кирген Нефертити курбума;убакыт болуп окуп-баалаган баарынарга терен ыраазычылык билдиргим келет...
#12 16 Июнь 2015 - 09:06
Курбум, таланттуу адам экенин талашсыз!
Талантын ташкындай берсин, чыгармачылыгынды ийлиликтер коштосун, эч качан калеминдин учун мокото корбо!
Чыгармаларынды баалап окуган окурмандарындын саны кобойсун!
Талантын ташкындай берсин, чыгармачылыгынды ийлиликтер коштосун, эч качан калеминдин учун мокото корбо!
Чыгармаларынды баалап окуган окурмандарындын саны кобойсун!
#13 16 Июнь 2015 - 09:11
#14 17 Июнь 2015 - 14:52
Азаматсыз Энесай айым. Калеминиз курчуй берсин. Талантынызга таазим? Аман болунуз.
#15 18 Июнь 2015 - 10:42
Ыр тамчылар
Арандан зорго-суу жетип-жетпей ооруган
Конулум антип -тамырын кыркып соолутпа,
Арзыбай турган маанисиз майда нерсе учун-
Жаман соз айтып,жанымды менин оорутпа?...
Темирдей эрким,чыдамым колдой болсо да-
Мунозум жумшак-мен деле назик аялмын...
Сыртымдан тоодой сабырдуу болуп журсом да,
Конулум ооруйт,катуу айтпай мени аягын?...
Арандан зорго-суу жетип-жетпей ооруган
Конулум антип -тамырын кыркып соолутпа,
Арзыбай турган маанисиз майда нерсе учун-
Жаман соз айтып,жанымды менин оорутпа?...
Темирдей эрким,чыдамым колдой болсо да-
Мунозум жумшак-мен деле назик аялмын...
Сыртымдан тоодой сабырдуу болуп журсом да,
Конулум ооруйт,катуу айтпай мени аягын?...
#16 22 Июнь 2015 - 13:05
Ырларыма кайрылуу...
Адамдан да ашыкчараак сырдашым,
Бала кезден курбу болдум ырларга,
Менде куноо жан адамга билгизбей,
Ырларымы салдым терен зынданга...
Кайгырганда сага келдим кайрылып,
Анан кимге бут дартымы айтайын?
Коп жылдарга унутканым кечирчи,
Бугун сени ак кагазга жазайын...
Бугун эстеп-мага сырдаш ырымды,
Сууруп чыктым,тубу терен зындандан;
Бир убакта мен кол шилтеп койсом да,
Жетип келди отуп кеткен жылдардан...
Канча кунум,канча саатым алдыда,
Кудай гана билсе керек эсебин,
Бирок бугун ырым сенден сураарым-
Мен олгучо эч жанымдан кетпегин?...
Ырларыма тоскоол болгон кундорду,
Омурумун тизмегинен очурчу,
Канча жылдар кор-тирликте туткунда-
Болгонумду. .,мен суранам-кечирчи? ...
Не болду деп,озум дагы тушуно албайм,
Канча кун,канча жылдар текке кетти...
Канча соз,канча ырлар жазылбастан-
Канча ирет актай калды кагаз бети...
Кечиргин кээ бир куну конулумо
Уялап-бирок сыртка чыга албаган,
Журокто шуру болуп тизмектешип,
Ырларым-ак кагазга жазылбаган;
Кечиргин-кечирилгис куноо кылдым,
Унутта кала берген менин ырым...
Бир ырым танда туулган-таза, аруу,
Туйшуктон же койгойдон кабары жок-
Алардан арачалап калаары жок,
Кетти окшойт-кор-тирликке аралашып...
Бир ырым туулду эле кун батаарда-
Байкабай озум дагы калыптырмын-
Батканын же кун менен батыш жакка,..
Же синип кеткендигин карангыга...
Адамдан да ашыкчараак сырдашым,
Бала кезден курбу болдум ырларга,
Менде куноо жан адамга билгизбей,
Ырларымы салдым терен зынданга...
Кайгырганда сага келдим кайрылып,
Анан кимге бут дартымы айтайын?
Коп жылдарга унутканым кечирчи,
Бугун сени ак кагазга жазайын...
Бугун эстеп-мага сырдаш ырымды,
Сууруп чыктым,тубу терен зындандан;
Бир убакта мен кол шилтеп койсом да,
Жетип келди отуп кеткен жылдардан...
Канча кунум,канча саатым алдыда,
Кудай гана билсе керек эсебин,
Бирок бугун ырым сенден сураарым-
Мен олгучо эч жанымдан кетпегин?...
Ырларыма тоскоол болгон кундорду,
Омурумун тизмегинен очурчу,
Канча жылдар кор-тирликте туткунда-
Болгонумду. .,мен суранам-кечирчи? ...
Не болду деп,озум дагы тушуно албайм,
Канча кун,канча жылдар текке кетти...
Канча соз,канча ырлар жазылбастан-
Канча ирет актай калды кагаз бети...
Кечиргин кээ бир куну конулумо
Уялап-бирок сыртка чыга албаган,
Журокто шуру болуп тизмектешип,
Ырларым-ак кагазга жазылбаган;
Кечиргин-кечирилгис куноо кылдым,
Унутта кала берген менин ырым...
Бир ырым танда туулган-таза, аруу,
Туйшуктон же койгойдон кабары жок-
Алардан арачалап калаары жок,
Кетти окшойт-кор-тирликке аралашып...
Бир ырым туулду эле кун батаарда-
Байкабай озум дагы калыптырмын-
Батканын же кун менен батыш жакка,..
Же синип кеткендигин карангыга...
#17 22 Июнь 2015 - 13:12
Ыр тамчы...
Эне кутту..,алсыз колу калтырай,
Жаштуу коздор асман тиктеп жалдырай;
Ажал тооруп жатса дагы умуту-
Очпой койду..,уулу эшик какчудай...
Эне кутту..,алсыз колу калтырай,
Жаштуу коздор асман тиктеп жалдырай;
Ажал тооруп жатса дагы умуту-
Очпой койду..,уулу эшик какчудай...
#18 22 Июнь 2015 - 13:29
Он жыл чогуу окуган классташтар менен жыйырма жылдан кийин жолугушканда жазылган ыр:
Уядан учкан куштай канат жайып,
Баарыбыз-туулган жерден алыс кеттик...
Сагынып-топурагын, аккан суусун;
Кайрылып-уябызга кайра келдик!
Сары-Бээ-салам айтам,таазим кылып!
Чакан-Таш-аска- зоо,ташын ыйык!
Дуйнодо-сендей кооз жер корбодум;
Алыста-эл кыдырып,жер кыдырып!
Ата-эне,эже- агай,тууган- урук;
Койгула-саламыма конул буруп,
Остургон,билим берген,таалим берген-
Биз учун-силерсинер бийик-улук!
Классташтар- чогуу окуп,чогуу баскан,
Турмуштун-бийигинен орун тапкан!
Кубанып биз жолуккан ушул кунго-
Баарына-кучак жайып,салам айтам!
Уядан учкан куштай канат жайып,
Баарыбыз-туулган жерден алыс кеттик...
Сагынып-топурагын, аккан суусун;
Кайрылып-уябызга кайра келдик!
Сары-Бээ-салам айтам,таазим кылып!
Чакан-Таш-аска- зоо,ташын ыйык!
Дуйнодо-сендей кооз жер корбодум;
Алыста-эл кыдырып,жер кыдырып!
Ата-эне,эже- агай,тууган- урук;
Койгула-саламыма конул буруп,
Остургон,билим берген,таалим берген-
Биз учун-силерсинер бийик-улук!
Классташтар- чогуу окуп,чогуу баскан,
Турмуштун-бийигинен орун тапкан!
Кубанып биз жолуккан ушул кунго-
Баарына-кучак жайып,салам айтам!
#20 22 Июнь 2015 - 14:07
Замана
Туулган жерден тентитип,
Алыс кылган-замана!
Беш адамдын бироосун-
Карыз кылган-замана!
Тандан кечке бар ишин-
Базар болгон-замана!
Кундон-кунго тапканын-
Начар болгон-замана!
Кыздарынды кырк уйдон,
Тыялбаган-замана!
Атасы жок баладан,
Уялбаган-замана!
Тулку болуп кылтылдап,
Бултактаган- замана!
Бору болуп олжосун-
Бучкактаган- замана!
Оозу кыйшык бай бала-
Опурулган-замана!
Арам тапкан акчалар-
Сапырылган- замана!
Чындык таппай айласын-
Чыркыраган- замана!
Умут сынып акыркы-
Быркыраган- замана!
Туулган жерден тентитип,
Алыс кылган-замана!
Беш адамдын бироосун-
Карыз кылган-замана!
Тандан кечке бар ишин-
Базар болгон-замана!
Кундон-кунго тапканын-
Начар болгон-замана!
Кыздарынды кырк уйдон,
Тыялбаган-замана!
Атасы жок баладан,
Уялбаган-замана!
Тулку болуп кылтылдап,
Бултактаган- замана!
Бору болуп олжосун-
Бучкактаган- замана!
Оозу кыйшык бай бала-
Опурулган-замана!
Арам тапкан акчалар-
Сапырылган- замана!
Чындык таппай айласын-
Чыркыраган- замана!
Умут сынып акыркы-
Быркыраган- замана!
- (7 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »