Акыркы кездерде Орусия президенти Путин Исламды кабыл алгандыгы тууралуу ар кандай кептер айтылып келет.. Эгер кайсы бир христиандардын өлкөсүндө мусулман башчы келсе, же мусулман өлкөсүнө христиан башчы келсе, муну көпчүлүк эл кабыл ала албашы мүмкүн. Ошондуктан, Путин Исламды кабыл алса да Орусия элинин кызыкчылыгы үчүн, муну ачык айтып чыкпашы мүмкүн. Ошол эле учурда, Путин Исламды кабыл алып да, аны жалпы элге расмий жарыялабай койсо бул күнөө эмес. Ошондуктан, Путин Исламды кабыл алды, же албады деп так айта албайбыз.
Известия гезити 2015-жылдын 10-мартында төмөнкүдөй макала жарыялаган. Маалымат чындыкка канчалык туура келээрин Жараткан билет. Бирок, бул жакшылыктын жышааны десек болот.Путин Исламды кабыл алгандыгы тууралуу Президенттин басма сөз катчысы, Лайфньюз телеканалынын Владимир Путин Исламды кабыл алды деген билдирүүсү чындык деп билдирди деп жазат Интерфакс. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал: “Ооба, ушундай чечим кабыл алынган. Владимир Владимирович мага баардык майда-чүйдөсүн айтып берген жок. Бул анын жеке, ички иши. Мен аны көптөн бери билем жана ал кокусунан келген таасирлерге алдырып койбойт. Бул жерге чыныгы бир нерсе болгондугу шексиз. Азыр өзүм кызыгып калдым.Учурла Куран окуп жатам”.
Орус Православдык Чиркөөсүнүн коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Всеволод Чаплин Россия телеканалынын эфиринде, патриарх ооруп калгандыгын жана азырынча бул тууралуу пикирин билдире албасын айтып, бирок, президенттин руханий изденүүсүнө урматтай турганын жеткирүүнү сураган.
Чесченстан президенти Рамзан Кадыров болсо, Твиттер социалдык сеттердеги өз аккаунтуна эч качан мынчалык бактылуу болбогонун жана жакынкы аралыкта Владимир Владимирович баардык каапыр, муртад жана мунафыктарга жихад жарыялаарынан үмүт кылаарын жазган.".
Бул теманын тегерегинде, блогосфера өз кезинде Шарли Эбдо журналынын карикатурачыларына кол салууну сындаган медиа кызматкерлеринин өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетип жаткандыгын талкуулашууда.
Ал эми саясат таануучу Сергей Марков Дождь телеканалы үчүн берген өз комментарийинде бул чечим геосаясий абалдан улам кабыл алынганын жокко чыгарган жок.“Биздин президент баарынан мурда Орусия жөнүндө ойлонот. Ал эми биздин либералдык Батышка каршы турушубузга күчтүү союздаштар керек. Ал Ислам дүйнөсү болушу мүмкүн. Кудай баары бир жалгыз”– деди эксперт.
Ал эми Тышкы иштер министри Сергей Лавров жакынкы убакта Москвага Ислам мамлекеттеринен атайын делегация келээрин тастыктады. Ислам жолу
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 11 Март 2015 - 18:09