Салам замандаштар!
Сиздерге башымдан откон окуяны баяндап берейин. Мага кенеш бериштин кереги жок жана шаштырбаныздар.
Убактым болгондо гана жазып турам.
Атым Арзуу. Ата энем коп жыл балалуу болбой журуп анан мени корушкон экен. Кичинемде ото тентек жана эрке элем. Бирок бул эркелигим копко узаган жок. Себеби, мен 8 жашка чыкканда атам кайтыш болуп кетти. Жандай коргон атамдан айрылып, жашоо мага супсак сезилип абдан чогуп кеттим. 4 жылдан кийин апам турмушка чыгып кетти. Ошентип мен чон ата, чон энемдин колунда калдым. Алар мени эч нерседен кем кылган жок. Бирок оз ата энеге барибир жетпейт экен. Жыл откон сайын тунт болуп чоноюп жаттым. Чынында айланадагы болуп жаткан нерселердин баары мен учун кызыксыз эле. Эч ким менен курбу да болгон жокмун. Туптуз сабака барып кайра уйго келчумун. Анан кечке уй жумуштары менен алек болом, сабак окуйм. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарына кирчумун. Ошондой кундордун биринде классыбызга биздин областтын борборунан бир кыз келип кошулду. Ал учурда биз 8- класстын окуучусу элек. Аты Майрам экен. Ушунчалык энергиялуу,
шайыр кыз экен. Баары менен бат эле тил табышып алды. Мен жалгыз олтурчумун.
Менин жанымдан орун алды. Кечке суйлойт ар нерсени. Улам улам эле суроо бере берчу. Буга чынында абдан кыжырым кайнап кетээр эле. Бирок сабакты анча жакшы окучу эмес. Ал биздин уйдон ойдороок 3, 4 уй нары жашайт экен. Сабактан чыкканда мени ээрчип алат жинге тийип. Барганча суйлоп барат. Ошентип кундор ото берди. Ошол учурда мектепте сулуулар сынагы отуп жаткан. Ага биздин класстан Майрам дагы катышмай болду. Биздин класстын атынан чыгып жаткандыктан баарыбыз жардам берип жаттык. Бири койногун тапканга жардам берсе , бир дагы бир кем каржысын толуктайт дегендей... Ошентип "Сулуулар сынагы" болду. Майрам биринчи орунду алып, мектепте бир кыйла абройлуу болуп алды. Чынында сулуу кыз эле. Ага соз айткан жигиттер кобойуп, карангы киргенде эле дарбазада ышкырыктар кобойду. Ошентип 10 класстагы Аскар деген бала менен суйлошуп журду. Майрам биздин кошунабыз болгондуктан каткырыгы жигити менен эзилише суйлошуп турганы бизге чейин угулаар эле. Чон апам Майрамга жолобо айланайын, андан алыс эле жур дей берчу эмнегедир. Себеби биз мектептен чыккандан кийин уйго чогуу келчубуз. Мен сурортту жакшы тартам. А Майрам кийим тартканды жакшы корот. Мен дайыма кыз тартып берсем, ал устуно ар кандай кооз койнокторду тартып коркуно чыгарып коёт. Биз кундон кунго жакын болуп кеттик. Ошентип курбуларга айландык. Мурда аны абдан жаман короор элем. Каткырып кулсо жиним келип кетээр эле. Эми ал кулсо мен да кошо кулуп, классташтарым менен баарлашып мен да аларга аралаша баштадым. Бир куну Майрам жигитин барбы деп сурап калды. Мен жок дедим. Себеби мага соз айтып, кат жазган жигит деле болбоптур ойлоп корсом. Анда Аскар келет бугун кечинде, досун ала келет. Таанышып кор, жакса чаап аласын деп калды. Мен каршы болдум. Бирок Майрам "мен сени суй деген жокмун го, жон гана таанышасын.
Анын устуно жогорку класс болуп калдык. Ушундайыбызда жигит менен суйлошо беришибиз керек. Куйоого тийгенче карышкыр болуп калабыз. Анан жакшы куйоо тандап тийип кетебиз" десе болобу. Айтор каршы болгонума карабай акыры кондурду.
Сүйүү төрт бурчтугу... Төрт курбулар ортосундагы жигит талаш
#3 31 Август 2017 - 20:31
Саат кечки 10 болгондо Майрам келди. Аскарлар бизди кутуп жатышат. Бол батыраак деп шаштыра баштады. Же мен чыга алсамчы. Себеби, чон энем уктабай телевизор коруп отуруп алды. Мен улам барып апа эс алсаныз боло, чарчадыныз деп коём. Чон энемдин уктаар туру жок. Ошентип саат тунку 12 дегенде гана чыктым. Аскар досу экоо жана Майрам кутуп турушуптур.
Майрам мени коруп эле козунун тобосу менен карап калды. Ошентип Аскардын досу менен тааныштык. Бою узун саапсары, жылчыйган бала экен. Мага жаккан жок чынында. Ушу сомтурогон неме учун ушунча уктабай, ушуну куттумбу деп озумо жиним келип турду. Аскар менен Майрам оздорунчо болунуп кетишти. Биз Урмат экообуз калдык. Алда менден отуп суйлобойт же мен суйлобойм. Жалдырап турабыз экообуз. Бир убакта ушугон жоксунбу деп сурап калды. Мен жок деп жооп бердим. Деги созубуз жалганбай койду таптакыр. Азыр келем деп коюп кетип калды. Куттум, келген жок. Ошентип уйго кирип кеттим. Уйго кирээр менен жиним келип отуруп калдым. Же уктай алсамчы. Эмнеге мен жигиттер менен суйлошо албайм? Эмнеге мага жигиттер соз айтышпайт? деген жообу жок суроолор...
Эртеси сабакка барсам Майрам кутуп олтуруптур. Кирээрим менен эле суроолорду жаадыра баштады. Неге кирип кеттин, биз келип сени таппай калдык. Сенин кийип чыккан кийимин кантет, уялып олуп калдым. Уят эмеспи, кичине жасанып, тузонуп чыкпайт белен кызга окшоп деп уруша баштады. Унчуккан жокмун. Тиги балан озу таштап кетти мени деп айтмак белем...

#4 31 Август 2017 - 21:58
Бошогондо жазамы жок эле эртерээк жазып бүтүр! Эрмектээп жазгыдай сага эмне оюнчукпузбу?
Канчалаган адамдар күтүп окушат авторлор болсо чозулууп дагы жалдыраса экен дешеби жарыктык!
Анчалык эле убактысы жок экен теманы неге ачат!(катуу тийсе кечир,жалпы авторлорго кайрылдым!
)
Жазганың жакшы, жакты көп-көптөн эртерээк жазып бүтүр!
Жазганың жакшы, жакты көп-көптөн эртерээк жазып бүтүр!
#5 31 Август 2017 - 23:33
Тема башталбай атып, нараазычылык акциялар башталып кетиптир го
#6 01 Сентябрь 2017 - 10:08
Жазганын жакты. Ирети менен жазат экенсин. Кээ бир темаларды башын окуп эле калганын окубай койчумун. Убактын болоору менен жазышынды кутом.
#8 01 Сентябрь 2017 - 16:57
General.kg (31 Август 2017 - 21:58) жазган:
Бошогондо жазамы жок эле эртерээк жазып бүтүр! Эрмектээп жазгыдай сага эмне оюнчукпузбу?
Канчалаган адамдар күтүп окушат авторлор болсо чозулууп дагы жалдыраса экен дешеби жарыктык!
Анчалык эле убактысы жок экен теманы неге ачат!(катуу тийсе кечир,жалпы авторлорго кайрылдым!
)
Жазганың жакшы, жакты көп-көптөн эртерээк жазып бүтүр!
Жазганың жакшы, жакты көп-көптөн эртерээк жазып бүтүр!
#9 01 Сентябрь 2017 - 20:29
Урмат Аскар экоо классташ болчу. Бир мектепте окусак дагы мурда аны негедир корбогон экем. Танапис учурунда аны коруп калдым капыстан. Мени коздой басып келе жатты. Жаман оюмда откондогу айтпай кетип калганына кечирим сурайт окшойт деп ойлоп буто электе эле жанымдан туптуз эч нерсе билбеген кишидей болуп отуп кетти. Жиним ушунчалык келип, намыстанып кеттим. Ошондон тартып мен аны коргондо кыжырым кайнап жиним келип чыгаар эле. Албетте билгизчу эмесмин. Мен да жанынан откондо койкоё басып сен кимсин дегенчелик кылып, карабай отом. Биздин билинбеген тирешуубуз куч ала берди. Бир куну уйдун полун жууп бутуп суусун эшиктин алдын коздой чачып жиберсем капыстан мандайымда Урмат пайда боло калды. Шомтуроп неге келгенин билбейм. Мен токкон суу анын шымына чачырап кеткен экен. Коркуп кеттим чынында. Урушат болуш керек деп ойлонгуча болбой эле, бутун силкип туруп басып калды. Бир да соз чыккан жок оозунан. Мындай мамилеси мени андан бетер жиндентти. Мени кемсинтип караганы, озун менден бийик коргону билинип калчу.
#11 02 Сентябрь 2017 - 22:18
сени кучактап астына басып калдыбы же озунчо мындай басып кеттиби? тушунбой калдык
#12 02 Сентябрь 2017 - 23:06
Бат-бат,тез-тез,
ылдам-ылдам жазып салынызчы. Куткон жаман экен. А так жакшы жазып атасыз. Азаматсыз. Калеминизге Аллах куч-кубат берсин.
#14 03 Сентябрь 2017 - 09:48
жакшы кыз экенсин,жазгандарына караганда токтоо, акылдуу. Озундун апана жолугуп турасынбы? чон апан жакшы тария бериптир.
#15 03 Сентябрь 2017 - 10:34
Уф анан кызыгына келгенде жокда...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#16 03 Сентябрь 2017 - 19:29
Ии анан?? Ошентип журуп Урмат жакшы бала чыгып, торт кыз талаштынарбы?
? Алар ким-ким эле? Майрам да аны жактырып калдыбы??

АльхамдулиЛлях!
#17 03 Сентябрь 2017 - 19:51
#18 03 Сентябрь 2017 - 22:13
Басып калды эмес басып кетти. Туура эмес жазып алганым учун кечирим сурайм.
Бир куну Майрам кафеге барып келели, Аскар чакырып жатат деп калды. Мен албетте каршы болдум, себеби Урматтын шомтурогон сапсары кебетесин коруп конулумду тушургум келген жок. Аскар менен Урматтын дайыма чогуу журушу белгилуу эле. Бирок Майрам "мени менен барбасан болбойт, мейли кафеге кирбесек да жон эле жолугуп коюп анан келе беребиз, пожалуйстаааа "- деп адатынча жалдырап баштады. Айла жок бардым. Жолуктук. Мен ойлогондой эле тиги сары немени ээрчите келиптир... Кыздар кечиктинер го жургуло эми тамактанып алалы, каршы эмессинерби деп Аскар сурап калды. Мен жоок, жон эле кетебиз деп айткыча эле Майрам "неге каршы болмок элек. Биз макулбуз албетте" деп жиберди. Айла жок барышка туура келди. Жолдо келе жатып Майрам ар нерсени суйлоп бизди кулдурот. Кафеге да келдик. Аскар бизге силер тамактана бергиле.Майрам менен суйлошо турган созум бар эле, азыр келебиз деп кетип калды. Майрамды карасам "азыр келебиз он минута кутуп кой эми" деп артын карабай Аскар менен жоноду... Экообуз отурабыз тиктешип. Мындайда убакыт да отпой калат окшобойбу. Кетким келип, кадимкидей тердеп чыктым. Акыры Урмат эмне заказ бересин? деп сурап, менюну мага сунду. Мен карабай эле лагман дедим. Озу да тамак заказ берди. Ачка болчум. Лагманды жейин десем эле камыры тайгаланып, улам тушуп кетип жатты. Ансайын Урмат карап отуруп алса болобу. Ичимден озумду озум жемелеп коём. Мен деги эмне болуп атам, ушу шомтургон немеден сурдоймбу деп озумду озум урушуп коём . Каап келбей эле койбой. Тиги мени тиктегенин токтотпойт. Жиним келип чыкты. Мынча болду биротоло тан калтырайын дедим да, алдымдагы тамакты ушундай берилуу менен жеп баштадым. Эч тартынбадым. Чай куюлбаган боюнча турган. Куйдум да жутуп жибердим. Бир карасам алдындагы тамагын жебептир таптакыр. Тамагынды жебейсинби жалдырабай десем, сенин жегенинди коруп уже тоюп калдым деп коёт. Тоюп калсан келе бери алдагы тамагынды да мен жеп койойун, акчан бекер коробосун дедим да жообун кутпой эле тамагын алып жеп баштадым. Оозун ачкан боюнча тан калып мени карап калды .. (ошол окуяны эстегенде азыр дагы кулкум келет).

#19 03 Сентябрь 2017 - 22:29
Ха ха ха ......Рас кылыпсын анын лагманын жеп.мен ушинте албаганыма окуном жаштыгымда.
..
#20 03 Сентябрь 2017 - 23:22
Убакыт отуп Аскарлар мектепти бутуп кетишти. Ал кеткенден кийин Майрам болок жигит менен суйлошо баштады. А мен тангалып Аскарын бар эле го десем, ал эми жок, шаарга кетти мен эмне жалгыз журо бермек белем" деген жооп алдым.
Бир куну чон энем жинденип кирди. Эмне болду апа дедим анча тушунбой. Ой эмне болду деп коёт, жанагы Майрамга жолобой жур деп канча айтам кагылайын. Анын бир шойкомдуу кыз. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Анын жигитерди кол жоолуктай эле алмаштырат экен деп айтып журушот. Эмитен минтип журсо кийин кандай жолго тушот. Кагылайын кызым Майрамдан алыс эле болчу деп мениин кулагыма куя баштады адатынча. А мен Майрам менен чон энем айткандай алыс журо албайт элем. Себеби менин жалгыз гана курбум ошол Майрам эле. Болок эч ким менен сыр чечишип ал тугул жондоп да суйлошчу эмесмин...Аны менен откон ар бир кун кызыктуу отчу.