Менин күлкүм Бул баян,менин күлкү артындагы арманым жөнүндө болмокчу...
#1 08 Ноябрь 2017 - 17:23
Кичинемден шайыр өскөн жашоого башкача көз караш менен караган кыз элем... Өзүмдү келечектеги мыкты журналист катары көрүп бар күчүмдү жумшаар элем.Окуумду да жакшы окудум,16жыл ичинде көп деле оорубаган экем.Элдер кызамык болуп ооруп, ооруканадан чыкпай калса мен так секирип,үй айдап,кой кайтарып жүрүп айыгып кетипмин. Баары мен 16га чыкканда башталды паспорт алам деп кудуңдап районду көздөй жөнөдүм,өзүм тың болгондуктан ата-энем өзүмдү эле жиберишти.толкунданып паспортту колго алып үйдү көздөй жөнөгөнү таксилер дип карап баштадым...Мына кызык эми башталды...Таксини эшигин ачайын десем колдорум мени укпайт...көзүм тумандап бүтүм тырышып,өзүмдү жаман сезип жаттым.Шек билгизбей эптеп таксиге түшүп үйгө келгенче жакшы болуп калдым.Баламын да эмне болгонун түшүнгөн деле жокмун...Ошентип жазгы каникулда башталды,курбу кызым менен телефондо сүйлөшүп жатып кулап кеттим...Жөн жерден эч нерсе болбосо деле...өңүм кумсарып эле үйгө кирдим мамам байкуш мени көрүп алып шок чай иччи деп куйполоктойт.
Чай ичейин десем ыссык чай колуман ыргып кетти..эч нерсе түшүнбөй дендароо болуп эле туруп калдым.кыскасы мен жатып эс алмак болдум.башка бөлмөгө кирип 1жашка чыккан инимди колума алайын десем дагы колуман түшүп кете жаздады...менин оң колум он бүтүм мага баш бербей баштады эптеп инимди коюп диванга араң жеттим...анан "мама"деп кыйкырып көзүм карангылашып эле жатып калдым...эсиме качан келгем билбейм көзүмдү ачсам мамам кошуна эже айылдагы молдо болуп айланчыктап отурушуптур.
дагы баягы көрүнүш кармап дагы эс учумду жоготтум ошенттип бир саатка жетпеген убакытта 3жолу эсимди жоготуптурмун.
Айылды билесиздер го тез жардам оңой менен келбейт чалышса ана мына деп кечиккенинен мени такси менен больницага алып жоношуптур.
..атамдын эжеси больницада медсестра болуп иштечү жолдон аны алдык,ал кыйкырып өкүрүп мени урушуп баштады обу жок,азыр булар калп эле ушинте беришет,өткөөл курак,обкжоктонгон ата-эненди кууратасынбы андан башка көп нерселерди какшай берди көзүм карангылашып эсимди жоготтум көзүмдү ачсам больницада экем... Врач мени көрүп эле атамды сурады байкуш ата. Көр тириликтин айынан Бишкекке каттай калат эле,менин абалымды угуп учуп келиптир...Врач абалым оор экенин бул жакта карап 3кун даары саябыз бирок биздин колдон эч нерсе келбейт деген гана жоопту бериптир.
#2 08 Ноябрь 2017 - 17:36
Эптеп эсиме келип шаарды көздөй жөнөдүк шаардагы атамдын иниси ЮРФАГА кезек алып койгон экен келип түштүм...Ошентип жыйынтыгы да чыкты...жыйынтыкты уккан жокмун...мага эч нерсе айтпай ата-энем бир туугандарым калп кулумуш болушат...ошентип Бишкектеги мен кыйын деген невропатологдордун эшигин кана баштадык менин:бул эмне,мага эмне болду деген суроолорума баары жакшы консультация алганы келдик деп тим болушат.Чыдамым кетип акыркы невропатологго барганда чыкпай угам деп отуруп алдым.ата-энем чыйпылыктап мени чыгарганга шашылат анан тиги невропатолог укчу нерсени эртерээк угушун керек,кайраттуу бол операциядан башка жол жок деп кесе айтты...мен көрсө мен опухоль мозга деген балект менен ооруп калыпмын...мына кызык жан дүйнөм кыйналып жатты 2 жума ичинде ата-энем бир топ өнөрүнөн азып кетишиптир.
эшике чыгып ыйлап үйгө кирип күлүп жүрүштү...Менин көз жашым түнкүсүн жаздыкты жууйт,өзүмдү күчтүү адамдардай кармап жүрө бердим ыйлайм сыздайт,неге мен деген суроо мени кыйнап бутмок болду...Ошентип калп жылмайып жүрүп операция күнү белгиленди.
..ооба 3кундон кийин мен операция болмокмун,өз атам менин тармалдашкан чачтары дыйкан алды,өзүмдү араң кармап бетимди басып өксүп ыйладым...эртең операция менин жүрөгүм бир орунда эмес...
#6 09 Ноябрь 2017 - 18:30
Түн ичинде атама чалуу келди, байкем экен операцияга отказ бергиле,антпесе шал болуп калат...Кандай жол менен болсо да о Каз кылгва деп айтып келди өчүрдү...Ата-
энем шок,эртеси байкем мени Наиль деген врачка алып барды,ал врач снимокту көрүп эле жок болбойт,бербегиле операцияга өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбагыла!
Бул оңой оору эмес ачып жаап койгон,бул деген РАК болгондо да мээде экен,кызыңар кем акыл болуп калат деди...Ошентип жаңыдан жанган от суу сепкендей өчтү.Ошондогу менин абалымды,ата-
энемдин абалын сөз менен жеткизе албайм...Интернеттен окусам,айыгып кетти деген киши жок экен бул дарттан
#7 09 Ноябрь 2017 - 20:55
Акырындык менен өлүмгө даярдана баштадым...Баарына жакшы мамиле жасап,калп күлүп жүрө бердим.Бапры мени ооруп жатып эмне жыргайсың деп таң кала калышат.Ооба мен күлүп жүрдүм ата-энем учун бир туугандарым үчүн күлүп жүрдүм...Мындай ооругандардын биринчиси эмес экенимди айтып,мурдагыдай жүрө бердим...А чынында башым ооруп түнкүсүн жаздык жуулуп жатканын эч ким билген жок...Байкуш ата-энем сүйүнүп алышкан менин кызым күчтүү деп.А мен,өлүмгө даярданып жүргөнүмдү алар кайдан билишмек...
#9 09 Ноябрь 2017 - 21:13
Иии Алтыным десе журогум эзилип кетти.Аллахым куч кубат берсин!
#10 10 Ноябрь 2017 - 01:52
Негизи өтө толук кыз элем,ойлоно берип 58кгдан кантип 48кг болуп калганымды түшүнбөй эле калдым.тамак жебейм суу болсо болду, жүрөгүмө эч нерсе тартпайт...Ошентип Бишкекте бир ай бат эле өтүп кетти.Бир эже айтып калды баштан кан алдырса жакшы деп(хиджама) ошентип хиджама кылдырып жүрдүк.Бул оору мени ден-соолугумду бир топ эле начарлатты.
Молтурогон тиштерим биринин артынан бирин курт жеп,ооруп, жулдуруп,тазалатып айтор больницадан башым чыкпай калды.Тишим бүттү десем отум,боорум айтор оору мага жабышып эле алды... хиджама бүткөн соң,өз үйүбүзгө кетеличи деп жатып,акыры келдик.Эми баягы Наиль деген врачка жолугуп келиптир байкем,ал китеп окубасын,телефон кармабасын,
нерв болбосун,ото кубанбасын,
өтө кайгырбаймын ю айтор болбойт дегенден бир томдук жазып бериптир...Мына тирүү туруп,өзүмдү жакшы сезип турсам да мага эч нерсе кылдырып алып.озумду керексиз адамдай сезип,буулугуп ыйлаганым көбөйдү.
#12 10 Ноябрь 2017 - 15:12
Аллахым берген дартына шыпаасын кошо берсин айыгып бул ооруну корбогондой болуп кет.
#13 10 Ноябрь 2017 - 15:33
.Жан дуйном

Билдирүүнү түзөткөн: Ajara_13: 10 Ноябрь 2017 - 15:35
#14 10 Ноябрь 2017 - 16:34
Биз бала кезде "Болот кантип курчуду " деген китеп окуудук элек.Ошол китептеги каарман олум менен курошкон.Азыр биз да ошонтип олум менен курошуп атабыз.Элдик личения менен опухолду женебиз деп атабыз.Кээде медицинанын кучу жетпегенге элдик даарыгер айыктырып койуп атат.Озубуздун эле жерде оскон чоп менен опухолду расасывайт этип жакшы болуп кеткендер бар.Аллахым шыпаасын берип элдик дарыгер себепкер болобу деп умут кылып чоп дааарыларды ичип атабыз.Бир айдан ашты,экинчи айдын жарымы.Кусканы токтоду.тунку азап берген оору токтоду Аллага шугурлор болсун,акырындык менен жакшыбыз.<
br>Мен нени айткым келди оорууга эч качан женилип бербеш керек,эртеге олосун десе да бир кун болсо да курошуш керек,ооруга басынып женилип бербеш керек....
<div>Врач деле кудай эмес,алар деле жанылат...< /div><div>Кайын эжемди эки айга жетпей олот,оперецияны которо албайт деген соз менен онкологиядан чыктык.Опконун эки жагын эт басып кеткен деди.Биринчи шок болдук анан элдик дарыгерге корсотуп анын айткан даарыларын так ичтик.Биринчи кыйналды акырындап жакшы болуп кетти.5-6 жыл жашады оорусу кайталанган жок.Толук эки айда ренгенге тушурсок опухол жоглуптур.Бирок уулу каза болуп ыйлап журуп артынан каза болуп калды.</div> <div>Демек аракет кылсан,ниетти туз кылсан,бир дарыгерге тушуп,такай корунуп айтканын ичип турсан жакшы болушун мумкун го деп ойлойм...</div> <div>Бул дегеним олум менен курошуп,омурунду узартсан дегеним...< /div>
<div>Врач деле кудай эмес,алар деле жанылат...< /div><div>Кайын эжемди эки айга жетпей олот,оперецияны которо албайт деген соз менен онкологиядан чыктык.Опконун эки жагын эт басып кеткен деди.Биринчи шок болдук анан элдик дарыгерге корсотуп анын айткан даарыларын так ичтик.Биринчи кыйналды акырындап жакшы болуп кетти.5-6 жыл жашады оорусу кайталанган жок.Толук эки айда ренгенге тушурсок опухол жоглуптур.Бирок уулу каза болуп ыйлап журуп артынан каза болуп калды.</div> <div>Демек аракет кылсан,ниетти туз кылсан,бир дарыгерге тушуп,такай корунуп айтканын ичип турсан жакшы болушун мумкун го деп ойлойм...</div> <div>Бул дегеним олум менен курошуп,омурунду узартсан дегеним...< /div>
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Ноябрь 2017 - 16:50
#15 10 Ноябрь 2017 - 18:05
Оорунун кадырын ооруган жан билет
Билдирүүнү түзөткөн: Ajara_13: 10 Ноябрь 2017 - 18:54
#16 10 Ноябрь 2017 - 21:23
Ден-соолугума байланыштуу мектепке да бара эле элем...Акыры жалдырап суранып жатып мектепке да келдим,эптеп алаксып туруу үчүн.Муналимдер да менден коркуштубу айтар эки гана саат сабакка катыштырып кетирип жиберишти...
Негизи томографияга бат-баттан түшкөн да болбойт экен.2ай күтүп кайра томографияга түштүм.Жыйынтык ата-энем күткөндөй болгон жок.алар опухоль жоголду деп ойлошкон жоголобоптур мурда кандай болсо ошондой экен...жакшысы оспоптур...баягы Наилге жоолугуп,ооруну сездирбөөчү даарыларды жаздырып алып,аптекаларга барсак баягы даарылап жок болуп чыкты.Издебеген аптека калган жок...анан канттын аптекаларынан сураштырып баштадык,Кудайга шүгүр ошол жакта бар экен даарыларды алып алып,үйгө жөнөдүк...
#19 10 Ноябрь 2017 - 23:57
Операция кылдырбаганын жакшы болуптур,менин Апамды опухол деп операция кылдырды,мына 4 жыл болду баспай калганына.Аллаха чексиз шугур аман калганына,торубуздо акыл-наасатын айтып,сыйыбызды коруп отурганына!
Корсо нервтерин баарын олтуруп салыптыр,наркозду дозанан коп сайып.Баары Аллахтын колунда,сыгылба баары жакшы болот,жакшылыктан умутунду узбо!