Суперстан: Кыргыздын кандай уламыштарын билесиңер? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздын кандай уламыштарын билесиңер?

#1 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 09:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргызда көптөгөн кызыктуу уламыштар бар. Силер кандай уламыштарды билесиңер достор?

Мен биринчи баштайын.

Кыз күйөө

Илгерки бир замандарда Ысык-Көлдүн Тоң тарабындагы бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргөн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыңы жок, калың төлөгөн күндө да томо як жигитке бай кызың бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кьшыштын айласын таппаган эки жаш күйүп жүрө беришет. Акыры байдын кызын күйөөгө узатмак болушат. Ошондо акьш ойлогон жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот.

Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип түпгүп, кызды алып ке тишмекчи болушат. Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп минип, кызды алып качат. Жигиттин Чүй тарапта илик жилик туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Аңгъгча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшөт. Качып бараткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичинде ги эки асканын жанына келгенде, бирөө оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алдыартынан чыккан куугунчулар экөөнү ошол жерден кармашат да, байдын буй ругу менен экөөнү тең ошол жерде союп ташташат. Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнөөсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер «Кыз-Күйөө» деп аталып калган экен.




Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Капчыгай ичи арча, карагай, жапайы карагат, бөрү карагат, ышкынга толуп, жолдун четинде көк кашка тоо суусу агып өтөт. Асмандан бүркүт шаңшып, айла нып учса борчуктарда жойлогон сур түлкүлөр, кезкез чакчы гайдын чаңырыгы бадал түбүнөн булт этип суурулуп, кайра жашынган коён, түркүн куштардын сайроосу кооздуктун көркү сыяктанат. Бул капчыгайдын «Кыз Мазар» аталып калышы жөнүндөгү уламышты жазып коёюн.

Кыз мазар

Илгери Ак-булактыктар өрүпгүндө малы күтүрөп, желе желе бээ байланып, кымыз, айран, жуурат, эжигей, курут, сары май берекеси төгүлүп, бир айыл болуп ынтымакта жа шашчу экен. Айылда туура сүйлөгөн сөзү, көрө билген көзү бар калыс Бердике уста жашаптыр. Кемпири экөө карыганча жалгыз кызынан башка балалуу болушпаптыр. Күндөнкүн гө кызы суналып, ажары жанган, келишимдүү, айдай сулуу, колунан бардык иш келген уз, акылы жетик токтоо болуп, суктанбаган жан калбайт. Жуучунун саны көбөйүп, бирок кыздын көңүлүнө жакпайт. Жетиген уруусунун Жедигер байы, жетимишке барып калса да, Айгеримди токолдукка алам деп эки жолу колун суратып киши жиберет. Бердике ичинен чочуласа да, ичи күйүп түтөсө да: Кызым өзү каалаганына барат, Жедигер байга менин кызыман башка кыз толуп жатпайбы? деп жөнөтүп коет. Бул жоопту уккан Жедигер бай жинденип үчүнчү жолу өзү келип: Кызынды сыйың менен бергиниң, болбосо кемпириң экөөндү кул кьшып, үйүндү өрттөп, кызынды зордоп алып кетем.

Эртең даяр кьшгын, деп жигиттери менен тебелеп кетчүүдой омуроолоп кетет. Аялы экөө көз жашын тогүп: Эркек болуп калсаң эмне каралдым. Буга чейин жашы раак бироонө макул болуп койгондо эмне! деп чолпондой жанган кызын Жедигер чалга ыраа көрбөй ичи өрттөнүп, айласы куруп турганда, кызы суйсала басып келип: Ата, апа, ыйлабаңыздар, тагдырыма жазганын көрөйүн. Жедигер чалга баргыча, жер кезип тентип өлөйүн. Багым болуп аман болсом кабарлашам, дейт. Ата-энеси ыйлапсыктап акыры макул болушат. Эртеси таң куланөөк салганда Айгерим эркекчесинен кийинип, чачын башына ороп түйүп, жан азыгын алып, бычагын жа нына салып, ата-энесин ойготпостон жөнөп кетет. Кыз ша шып, чуркап да, басып да жүрүп олтуруп, капчыгайдын оо зуна келип, булакка жүзүн жууп, эс алып олтура кетет. Күн көтөрүлүп калган эле. Кыз жүрөгү коркунучту туюп, шашып ордунан тура капчыгайды аралай чуркайт. Куугун жакындагандан жакындайт. Бирде жыгылып, бирде туруп, чуркап олтуруп, капчыгайдан чыгып, өөдө төш таяна жөрмөлөп чыга баштайт. Жедигер бай жигиттери менен текиреңтаскак түшүп же тип келишип, тоого чыгып бараткан кызды көрүп «тигине кармагыла» дешип, аттарын таштап жабыла жөнөшөт. Айгерим тоонун кыл чокусуна чыгып эки жагын караса, аркасы аска, алды жагында жан алгычтай жабылып келе жаткан Жедигердин жигиттери. Кайда качарын билбей, айласы куруп, жанындагы бычагын алып, жаш толгон көзүнө дүй нөнү акыркы ирет чөгөрүп кош айтышып, жүрөгүнө бычак сайып жан берген экен. Жетип келген Жедигер бай менен жигиттери канга боё луп суналып жаткан кызды көрүшүп дал болушат.

Жедигер башын мыкчып, жер чапчып, өз кылган күнөөсүн мойнуна алып, өкүрүп ыйлап турган дешет. Ошол чокуга жай каздырып, ак кепиндеп көөмп, белги коюп, куран окуп кеткен экен. Ур токмокко алып, үйүн өрт төгөн ата-энесинин алдына түшүп, үстүлөрүнө үй, өрүшүнө мал бериптир. Жалгыз кызынын күйүтүн көтөрө албай Бер дике аялы экөө көп өтпөй каза болушат. Капчыгайдын кире беришиндеги кош булак Айгеримдин көзүнөн аккан жаш дешет. Капчыгайкыз жаткан мазар. Кыз Мазар аталышы ушундан экен.




Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Байчечекей

Илгери өткөн заманда короокороо малы, өрүш бербеген жылкысы, сандыгына батпаган алтынзери бар бир бай болуптур. Бай сексенге таяп калса да бала көрбөй, «баланын ыңаалаган үнүн укпай, бул жашоодон куу баш өтөмбү» деп кайгырып жүргөн мезгилде кебезден ак, айдан сулуу, гүлдөн назик, жалгыз чечекей кыздуу болот. Мезгил өтөт кызы чулдурап сүйлөп, тамтуң басып, ата нын кайгыдан карып болгон жүрөгүн жашартып, жашына жаш кошуп, көңүлүн купгубак кылат. Күндөр айга, айлар жылга алмашып, кыз кол арага да жарап калат. «Кыз да бол со туяк», деп ата өзун сооротот. Күндөрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип эле, «ба шым» деп ооруп калат. Табити эч нерсе тартпай, жеген та магы аш болбой, төшөккө жатып калат.

Тегеректеги табып тарды алдырат. Бирок, бири да кыздын оорусунун себебин билбей баштары катат. Айласы кеткен ата короокороо ма лын, өрүш бербеген жылкысын, сандыкка батпаган алтың зерин чачып, туштушка жарчы жайып, чабарман чапты рып, оорунун жайын билген табып издетет. Келген шыпаакерлердин бирөө да сыркоонун сырын ача алышпай, келген жактарына тарай берет. Амалы түгөнгөн бай: Карыганда тапкан жалгыз чечекей баламан айрылат тур баймынбы, кудай, деп ботодой боздойт.

Күндөр өтө берет, кыздын адам болбосу билинип, элжурт камылгасын көрө баштайт. Ошол мезгилде кайданжайдан белгисиз бир жер кезген думана пайда болот. Ал акырын басып келип, кыздын тамырын кармап: Бактыңыз бар экен байым кызыңыздын үч күндүк гана омүрү калган экен, улуу тоонун башында, калың карга ка рабай желегин жайган, сыздаган суукка туруштук берип өскөн, жаздын, жашоонун жышаанын берген бир кичине кей гана сары гүл бар, колуңуздан келсе ошону алдырыңыз, кызыңыздын дартына бир болсо ошол өмүр гүл гана даба болот, дейт. Сүйүнгөн ата жигиттерди аттаптондоп ошол улуу тоого жиберет, ат арышын токтотпой, бел чечип эс албай барып келүүлөрүн катуу эскертет. Үчүнчү күн дегенде жигиттер ба ягы кереметтүү сары гүлдү алып келишет. Табып аны кыз га искетип, кайнатып берип, кыздын дартын тапка салып, кырк күн жанынан жылбай карайт. Кырк биринчи күн дегенде кыз төшөктөн туруп, сыртка өз алдынча чыгып калат Күндөр өтүп байдын кызынын деминедем, күчүнөкүч кошулуп тыңып калат, өз ишин аткарган касиеттүү думана табыпты бай ыраазы кылып узатат. Оюнкараак кызынын баштагьщай так секирип ойноп, күлкүсү шандуу чыгып кал ганын көргөн байдын көңүлү тынат. Ошондон кийин эл ошол кереметтүү, байдын жалгыз че чекейин өлүмдөн алып калган кичинекей гана сары гүлдү «байчечекей» деп атап калышат.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бака терек

Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын карыганда көргөн, кудайдан тилеп алган, мазар кыдырып, жер кезип жүрүп тапкан бир жалгыз көзгө басар уулу болуптур. Бирок уул ата-эненин тилегин, мээнетин ак табай адепсиз, айтканын кылган ээн чоку, ээн баш бала бо луп чоңоет. Күндөрдүн биринде үйдө отун калбай калгандыктан энеси уулуна жалыныпжалбарып жатып, токойдон отун алып келүүгө жөнөтөт Бала жолдо бара жатып, карыган ата-эне син каргапшилеп, жаман сөздөр менен сөгөт. Ошондо мындай каргыштан, адепсиз сөгүштөн кулагы уялганбы, кудай жубарымбектин басып бара жаткан жеринде колунбутун тырыштырып коет.

Тырышып калган бала кыймылга кел бей, жерге бакадай болуп жатып калат. Күн кечтеп калса да отундан кайтпаган баласынан каба тырланган ата кеч киргенде уулун издеп жөнөйт. Баягы жерге келип уулунун абалын көргөн ата ыйлапсыктап, эмне болгонун сурайт. Бирок, бала жалдырап эч кандай жооп кайтара албайт, атасы уулун жонуна көтөрүп үйүнө келет. Муну көргөн эне ботодой боздойт. Ошентип, бала төшөктөн турбай калат. Арадан бир жыл өтүп, баланын абалы начарлагандан на чарлайт, бирок оңолбойт. Дагы деле баштагыдай сүйлөбөйт, бакадай болуп жатканы жаткан. Карылыгы жетип, чалкем пир да катуу ооруп калат. Өзүнүн оорусунан, баласынын абалынан, күндө төккөн көз жаштан арыган эне кудайдан жалбарып суранат. Ээ, кудай, балам тирүү болуп тирүүнүн санында жок же өлүктүн санында жок. Минтип кыйнагыча алып тынсаңчы. Биз өлүп калсак уулубуздун көргөн күнү не болот, деп жа ратканга жалынып, жалбарат. Күндөгүдөй эле эрте туруп баласын караса уулу ордунда жок. Кемпир чалын тургузуп, экөө биринбири жөлөптаяп, сыртка чыгып карашса, үйүнүн дал маңдайында бир ийри дарак пайда болуп калыптыр.

Эне зар какшаган үнү кудайга жеткенин билип, жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтат. Ошондо баягы терекке басып келип, аны акырын сылап: Айланайын, бакадай балам, тирүүңдө өз ордуңду таба ал бай, кеч да болсо бир жерден байыр алыпсың. Мейли эми, тамырың өсүп, көбөйө бер. Жашыңда жакшылыгыңды эч кимге тийгизе албадың, эми көлөкөңө адамдарды тартып, аларга ыракат тартуула, көп жаша, деп батасын берет. Ошол күндөн упгул күнгө чейин бул терек «бака терек» аталып, өзүнөн өзү тамырлап көбөйүп, элге саябанын жаап келет.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тал

Бар экен, жок экен, илгери-илгери өткөн бир заманда чалкемпир жашаптыр. Алардын жападан жалгыз кызы болуптур. Ал ай десе айдай, күн десе күндөй, ай сымбаты ке лишкен, тоту куштай таранган, күзгүгө он маал каранган ашкан сулуу кыз экен. Бирок атына заты, чырайына мүнөзү, келбетине касиети топ келишпеген акылы тайкы, арылдап беттен алган тажаал, көк муздай мелтейип мерез кыз экен. Айтканы айткандай, дегени дегендей орундалбай калса, көктүгү аша чаап, көк мелтей болуп турган жеринде талып калчу дешет. Анын көктүгү ата-эненин көөнүнө көк таштай тийет, бирок ичтен чыккан ийри жьшанды жокко чыгара албай, акыры унчукпай кутулууну адатка айландырышат. Кыздын мындай пейили айьшдагыларга да маалим болуп, кыздын чырайынан жаман пейили аша өтүп, ал бойго жетип калса да ага жуучу түшүп бир да адам келбейт. Жалгыз кызыбызды эптеп тындырып алалы дегенде ата-эненин эки көзү төрт.

Бир жерге оруночок алса көк мелтейи жазылар деген үмүттөрү үзүлбөйт. Күндөрдүн биринде кемпирчалдын үйүнө кыздын сулуу лугун алыстан угуп, мерездигинен кабары жок жуучулар ат арытып, ашуу ашып келип калышат. Кызыбыздын багы ачьшар бекен деп кудундаган энеата жуучуларды калың төшөк, сыйлуу оокат менен күтүп алышат. Кезек кыздын макулдугун алууга келгенде, баягы көк мелтейдин көктүгү тутуп айтканынан кайтпай туруп алат. Кемпирчалдын сы лык мамилесине ызатсыйына ыраазы болгон бир келет, эки келет, үч келет. Бирок, өжөр кыз өз билгенин бербей айт канынан кайтпай ата-энени чоң уятка калтырат. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», демекчи ата-эненин өзөгү өрттөнүп, жаны кашайганынан: Ылайым бизди какшатпай, уптундайында көгөрүп та лып, өл, деп каргашат. «Ата эненин каргышы ок», демекчи кайтпас каргышка калган кыз заматта талга айланып калат имиш. Кыз ата-эненин, элжуртунун каргышына калбаганда мындай окуяга туш болбойт белем дегендей, кеч болсо да өз күнөөсүн мойнуна алгандай, уялгандай жерди карап өсүп келет. Анын ийилип өскөнүн көрүп, кеч болсо да таазим кы лып, кечирим сураганын байкаган эл, талды кароосуз кал тырышпай, азыркы күнгө чейин жасашып, пай даланып келишет.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аңыр

Илгери бир заманда абышка, кемпирдин жалгыз кызы болуптур. Экөө улгайганда көргөн кызын бөпөлөп, өзгөчө эрке өстүрүшүптүр. Кызы келбеттүү, сулуу, сымбаттуу экен. Кыз бойго жетет, ата-энеси болсо, карып алданкүчтөн тайы шат, оор көтөртпөй, жеңилге желпинтпей, эрте тургузбай, жанын кыйнап жумуш жасатпай, жокту көргөзбөй, жакшы менен жаманды айырмалап билгизбей өстүргөн кызы ме рез, ташбоор болуп чоңоёт. Ата-энесин карабай, өзүнүн боюн гана түзөп, сулуулугуна таянып, мага эч кимдин кереги жок, сулуулугум, сымбатым менен бул турмушта кор болбойм деген ой менен жашап жүрөт экен кыз.

Күндөрдүн биринде аңчьшык кылып жүргөн хандын ба ласы кызды көрүп дароо ашык болуп калат. Жуучу жиберип, кызга куда түшүп, кызга үйлөнүп экөө баш копгушат. Абыш ка, кемпирге хан калың төлөп берет. Күндөр өтө берет. Абышка, кемпир бир күндөрдө, кой кызыбызды көрүп келели дешет да, хандын ак сарайына барышат. Кыз ата-эне синин келгенин угуп, желдеттерге эшиктерди бекиттирип, киргизбей коюптур. Ошентип абышка, кемпир бир нече жолу келип, кызын көрө албай кетишет. Бир топ убакыт өтөт, абышка, кемпир бир чети карьшык тан, бир чети кайгыдан чөгүшүп, алданкүчтөн тайышат. Хан берген мал да бүтөт. Кароосуз калган ата-эне ошондо кызы на нааразы болушуп, кудайга жалынышкан экен: О, кудай, ушул кызыбызды бөпөлөп өстүрдүк эле, жок ту билгизбей, чымын кондурбай, жанын кыйналтпай. Эми болсо бизди унутуп карыганда карабай кетти, деп зарла шыптыр. Алардын зары кудайдын кулагына жетип, кудайдын ачуу су келип каргап салган экен: Адам кейпинен ажырап, арам куш болуп кал, Турган жериң жар болсун, Балачакаң сууга жетпей зар болсун, Өзүң болсо өмүр бою зарлап аңкылдап өт, дептир. Ошондо баягы сулуу, сымбаттуу хандын келини кушка айланып кетиптир дешет.

Аңкылдап учкан үчүн анын атын «Аңыр» деп коюпгуптур. Аңырдын этин адамдар жешпейт. Жумурткасын жарга тууйт. Балапандары сууга жетпей, кокту, колот, арыктар менен араңдан зорго көлгө жетишет. Жетпей бир тобу өлөт. Ал эми өзү болсо өмүр бою аңкылдап учуп калыптыр дешет.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мээр чөп

Илгери бир хандын жалгыз кызы айыкпас дартка дуушар болот. Хан жарыя салып дарыгерлерди чакыртат. Айыктара албасаңар башыңардан ажырайсыңар, деп катуу шарт коёт. Ошондо бир кыйын дарыгер: Бир гана мээр чөптөн жасалган дары жардам бере алат, деген экен. Хан жигиттерине үч күн мөөнөт берет. Эгер таап келбесеңер башыңардан ажырайсыңар, дейт. Хандын жигиттери ары ойлонушуп, бери ойлонушуп, ай ласы кетип карьш аңчыга барышат. Иштин жайын түшүндүрүшөт. Карыя аңчы: Бул чөптү табуунун бир гана жолу бар, деген экен.

Сагызгандын балапанын таап келгиле, деп буйрук берет Жигиттер сагызгандын балапанын таап келишет. Карьш аңчы балапандын бир канатын сындырат да жигиттерге кайра ордуна алып баргыла, деит. Сагызган балапанына келет, ошондо силер аттарыңарды суутуп даяр болгула, сагызган кайда учса ошол жакка бара . сыңар. Сагызган учуп олтуруп жалама асказоолорго барат, ошондо силер өтө кылдаттык кьшып андышыңар керек, сагызган ошол асказоодон мээр чөптү таап, балапанына алып келет, дептир. Хандын жигиттери баягы карыя аңчы айткандай кылы шат, чын эле сагызган балапанынын жанында бир аз болуп, учуп кетет. Жигиттер калбай жүрүп отурушат, бир күн өтөбү, эки күн өтөбү, айтор жалама аска зоого жетишет. Жигиттер аярлашып, өтө кылдаттык менен аңдышат, баягы сагызган конгон жерди белгилешип, аңчы айткан белгилери менен чөптү издеп табышат.

Ошентип чөп табылып, дарыгер дары жасап, хандын жалгыз кызын айыктырыптыр. Сагызган болсо балапанына чөптү берип, канатын айык тырып чогуу учуруп кетиптир. Илгертен бери элде: Миң дартка даба мээр чөптү, бир гана сагызган таба алат, деп айтылат.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жалбыз

Илгери Улукман дарыгердин Жалбыз деген жалгыз баласы болуптур. Баласы абдан акьшдуу, зээндүү, өткүр болуп өсөт. Атасынын кубанычы койнуна батпай, баласына аябай ыраазы болот экен. Кундөрдүн биринде Улукман дарыгердин баласы ооруп калат. Оорусу күндөнкүнгө күчөйт. Улукман аке билген дарысынын барын берет, бардык билген чөптөн дары жа сап баласын дарьшайт. Бирок баланын оорусу айыкпастан кайра күчөйт. Байкуш ата күнү да, түнү да баласын кантип айыктырып, аман алып калсам деп ойлонот. Айласы кетет.

Ар кай жактан дарыгерлерди чакыртат. Баары тең бала ны көрүшүп эч бир жардам бере албасын айтышып, кайра жолго түшүшөт. Күндөр өтө берет. Баланын оорусу күчөп, акыры көз жумат. Атанын кайгысы жүрөгүнө батпай, жалгыз баласын жерге жашырат. Күндөрдүн биринде Улукман аке чапанын желбегей жа мынып, суунун жээгинде отуруптур. Жээктен бир чоочун чөптү көрүп, акырын маки менен чөптү кесип алып, жээк ке коюп, үстүнө макисин коюп коёт. Өзү колун жууп, жүзүн чайкап болуп, макисин алайын десе макисинин мизи кара рып, чөпкө тийген жери эрип кетиптир. Ошондо Улукман аке: Атандьш көрү ай, Жалбызым, Жалбызым, ушул чөптү Ай билгенде, аман калмак экенсиң ай, жалгызым, жалгызым, деп буркурап ыйлаган экен. Ошондон бери ошол чөптүн атын «Жалбыз» деп атап ка лышыптыр. Жалбыздан көп сандаган дарылар жасалып, көп ооруларга дары болуп, ооруган адамдарга пайдасы тийип келе жатат.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 10:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Көкө мерен

Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учукыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, аңчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Көкө аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азырак элди кара тумоо, чечек, сынга, мерес сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун шаштысын, тынчын алат.
Ошондой дарттын зардабынанбы же жоокерчилик замандагы уруулар ор тосунда тезтез болуп туруучу кандуу кагьшыпгууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бирибирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт. Ошондой күндөрдүн биринде Көкө мерген аң уулоого барат, бирок көзүнө эч нерсе чалдыкпай, колуна мүдүр нерсе урунбай, ойдутоону бүт кыдырып, арыпачып келе жатса, алдынан бир бугу ойт берип чыга калат. Мерген анын соңунан түшүп кубалап, жаасын тартып калат, кийикжаралан ганына карабай карагай аралап качып олтурат.

Баатыр из кубалап артынан барса, кийик бир асканын түбүнө ташка жыгачтан жөлөп, үстүн карагай, арчанын бутактары менен жаап жасалган жарты алачыктын жанына токтойт. Аңгыча жарты алачыктан тери шым, кемсел, башына малакай кийген бир байбиче чыгып, ага аралдуу кийикти көрсөтүп: Мен кайберендин ээси болом. Сен «элимди багам» деп, кайберендерди эсепсиз кырып тукумкурут кылдың, кайбе рендердин учугу уланбас болду. Касиеттүү кайберен эненин каргышына калдың. Мындан ары өзүң кырган кайберендерге жем бол, — деп батасын берип, көздөн кайым болот. Ошондо элин багам деп аңчылык кылып, бирок табияттын мыйзамын бузуп, кайберендерди ашыкча бүлгүнгө учураткан Көкө мерген чөпкө айланып, жараланган кийик болсо, аны жеп сакайып кетет. Упгундан улам бул чөптү эл Көкө Мерген деп жүрүп, бара бара көкөмерен атанып, жабыркаган жарааттарга шыпаа, дабаасыз дарттарга дабаа болуучу чөп чай катары бааланып, колдонулуп келет. Көкөмерен гүлүнүн көк болгону Көкө мергендин көк мьштыгынын көк экенин билгизет имиш.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   azamat1992kg   02 Декабрь 2011 - 11:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кожожаштын көз жашы

- Мына, мени дагы ырдай баштады,- деди Кожожаш жалама зоо менен сүйлөшүп… – Менин кылымдарга жазылбас каргышка калган өмүрүмдү он сегиз миң ааламга таратып, уккандардын алтымыш эки тамырын сыздатып, жүрөктөрүн канатып, алган жарымды, ата-энемди, артымда калган элимди зар какшатып, кайберенди сайратып ырдай бермекчи эми, бу Камбаркан жаратмандын комузу.

Күнүгө нечен ирет асман тиреген бийиктикти көздөй жан талашып, боорунда жылмышкан бу көк бет мергенди өчөгүшкөн кайберен азгырып камап койгону – күңгүрөнгөнү ушул.

Аркар-кулжа, кийиктердин тукумун курут кылып, башка мергенчилерге окшоп Кожожаш алардын бири кем миңин аткандан кийин да курал-жарагын таштаган жок. Миңинчиси оңко турду. Өнөрүнө маашырланып, өзүн Улуу тоонун Кудайындай сезип туруп алды. Берилген аянга мыйыгынан гана күлүп, шертти бузду. Анан кайберендин нак өзү келип, мергенден текесинин кашык канын суранганына карабай, жалдырап ыйлаганына карабай сулатып, Сур эчкини теңине албады. Минтип каргышка калып, Авлетимдин аскасында асылып, акыйып кала берди…

- Сыздай бермекчи ушинтип, Камбаркандын үч кылы,- күрсүнүп бүтүп-бүтө элегинде көзүнөн бир тамчы жаш ыргып кетти.

Касиеттүү ыйык аска жеңилдене түштү. Козголо түштү. Анткени мергенди ичиндеги бугун төгүп алса деп тилей берчү. Көмөкөйүндөгү көк ташты ыргыта, камыкпай бир үшкүрүп алса дечү. Назили кыргыз да. Кайдадыр жактан закым жел жеткирген комуз күүсүнүн ырахатына, сыйкырына арбалды да.

- Бул эмнеси? – таңгалган мерген жылтыраган жалама ташка тамып, андан ары сызылып жөнөгөн бир тамчыны тиктеди.

- Бул сенин көз жашың,- деди комуз күүсү.

- Бул сенин көз жашың,- аскалардын кайталаган үндөрү жаңырып-жаңырыктап тарап жатты…

Азыр да айтылуу Авлетим аскасынын тегерек-чети купкургак бир бурчунда “тып-тып” этип, жылуу, шор даамданган бир тамчы суу тамып турат дейт. Кожожаштын көз жашы дейт.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Aydashka   02 Декабрь 2011 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ысык-Көл

Көлдүн ордунда илгери байманасы ташыган шаар болгон экен. Кийин көрө албаган душмандар шаарды талкалап, бир да жанды тирүү калтырышпайт. Тек сейилдеп кеткен кырк кыз гана чапкындан аман калып, тууган-уругун таппай, жер менен жер болуп калган шаардын ордуна көз жаштарын төгүп ыйлашат. Ошентип, кырк кыздын көз жашынан көл пайда болот. Ошол себептен, көлдүн суусу көз жаштай жылуу жана туздуу келет дешет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин ким билсин, тек гана суунун астындагы шаар бир канча жолу изилденип, илимпоздор, археологдор тарабынан далилденип отурат. Андан башка, көлдүктөр толкун менен шиленип жээкке чыгып калган тарыхый мааниси бар буюм-тайымдарды таап алган учурлар да аз эмес. Ал тургай, айрым жээкке жакын жерлерден кадимки үйдүн жерпаясын көрүүгө да болот. Мисалы, андай жайлардын бири Корумду айылынын тушунан кездешет. Ал үчүн кадимки катамаран же калактуу кайык менен 100 метрдей сүзүп баруу керек, ошондо таштан куралган жерпаяны көрүүгө болот. Чынында, бул – шумдук көрүнүш. Себеби, жээкте эч нерсени сезбей эле шарпылдаган толкун менен сыдырым желге эреркеп отуруп, арыраак жылганда мындай көрүнүшкө туш болуу чындыкка карама-каршы тургандай сезилет. Ал тургай, курулушту суунун үстүнөн тиктесең, кадимкидей арбайт жана бир аз коркунуч туудурат. Ал эми суунун астындагы мындай жайлар Ысык-Көлдүн Сары-Камыш, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Чолпон-Ата, Бостери, Чоң-Ак-Суу, Темир, Ой-Булак, Жаркынбаев, Даркан, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарынын тушунан жана Кара-Булуң, Түп булуңдарынан кезигет. Шаардын калдыктары дээрлик 100 метрден же андан бир аз алыс жерлерде, тереңдиги 0,5 же 10 метрлик жайда жайгашкан. Көл түбүндөгү эстеликтер Күнгөй, Тескей жээктерин бойлой жатат. Чопо идиштер, адамдардын, жаныбарлардын сөөктөрү, бышкан кыштар, металл, сөөк, таштан жасалган буюмдар II-XV кылымдарда суунун жээктери шаар болгонунан кабар берет. Ал эми айрым жерлерде бак-дарактардын тамырлары дале кездешет.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   akylbekkg   05 Декабрь 2011 - 09:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 19 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 05 Сен 2021 23:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

azamat1992kg жакшы уламыштарын бар экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   hukker777   07 Декабрь 2011 - 17:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде

Улан жана Санташ жөнүндө уламыш билесиңерби достор?

Билдирүүнү түзөткөн: hukker777: 07 Декабрь 2011 - 17:47

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aydashka   07 Декабрь 2011 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения hukker777 (07 Декабрь 2011 - 17:46) жазган:

Улан жана Санташ жөнүндө уламыш билесиңерби достор?

Бул окуя байыркы кыргыздар бир уруу болуп,бийик тоонун этегинде болгон экен.Ошол урууда козу асмандан да таза жылдыздан да тунук жаш сулуу Чолпон деген кыз жашаптыр.Чолпонду ага курмандыкка даяр,эр десен эр,шер десен шер болгон Улан менен Санташ деген эки эр журок суюп калат.Кимисин тандаарды билбей Чолпондун башы катат.Эки жигит бири-бири менен таймаш баштайт:кийимдерин жулкушуп,бирин- бири жарадар кылышат.Кан суудай агат.Бирок,бири экинчисин жене албайт.Ошондо жигиттердин туугандары да таймашка кирет.Kан дайрадай агат.Чолпон эмне кылаарын билбейт.Эки жигиттин тен дагы конулун калтыргысы келбейт.Mына ошондо ал айласы кетип,кокурогундогу журогун сууруп алып, мурт кулайт.Oшентип, ал бийик тоодо жузун кун чыгышты каратып жатат.Oшол жер анын урматына Чолпoн-Ата деп аталып калган экен.
Балыкчы шаарын ошол сиз айткан Улан менен Санташдын кезиккен жери деп койчу,дайым эле шамаал боло бергендигинен. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 07 Декабрь 2011 - 22:20

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aydashka   10 Декабрь 2011 - 19:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Элибизде "Күүнүн башы - Камбаркан" деген уламыш айтылат: "Бир күнү Камбаркан аттуу адам тоо-таш кезип, аңчылык кылып жүрүп, чарчагандан бир дарактын түбүнө келип дем алып отурат. Бир маалда ал кандайдыр бир жагымдуу добушту эшитет. Айланасын караса, эч ким жок. Жагымдуу добуш бирде кубулжуп, бирде дирилдеп, бирде катуулап, кайра басайып, аңчынын сезимин кытыгылайт. Акыры добуш чыккан жакты боолголоп отуруп, ал добуш дарактын бийик бутагында илинип турган, кургап калган ичегинин желге термелген кыймылынан чыгып жатканын баамдайт. Ошентип, бул окуя комуздун жаралышына себеп болуп, ал эми аңчы чыгарган алгачкы күү Камбаркан аталып калган экен".

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   wumida   16 Декабрь 2011 - 21:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Уламышпы же тарыхта барбы билбедим,мага айтып берген эже тарыхта бар дейт. Озум изилдеп корбодум. Илгери кыргыздарды эч ким багынтып же басып алалбай кооптогон хандар чарчачу экен. Мына бугун жендик десе эле,эртеси чыга калып дайыма шаштырып турган экен хандарды кыргыздар. Ошондо айрыкча Бээжин хандыгы бизге кекенип ичине кек сактап калат. Аз убакыт отпой,кыргыздарды башкарып турган хан коз жумат. Хандын олгонун угуп, Бээжин ханы менмин деген сыйкырчыны алдырдат. Ханды жерге тапшырып,мурзого комуп кыргыздар кетээри менен корунбой калгыча карап турушат да. Ханды жерден казып алып соок муздай электе,тизесин чагып жерге каккан экен. Эч качан кыргыздарда менмин
деген хан чыкпасын,эч качан кыргыздар кыйын калк болбосун деп. Бул дубаны кыргыздар кеч билип калган дешет,дубаны жандырыш учун кооп аракет кылышкан акыркысы Курманжан датка болгон. Эгер орустар бастырып кирбегенде дубаны жандырат эле,убакыт жетпей калган дешет. Мага да бул кызыктуу,бироо жарым барбы толук билген? Кичине кезимде уккандыгыма байланыштуу коп нерсе эсимде калбаптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   azamat-1992kg   06 Июнь 2017 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 09 Июнь 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2024 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

" Көк бөрү" оюнунун чыгышы жөнүндө уламыш. Чынгызхандын көкбөрүнүн кебетеси түшүрүлгөн туусун көтөргөн жоодон жеңилип кайра кайткан кыргыз жоокерлеринин (так алдынан ошол туудагы сүрөт тирилгендей бир көк бөрү чыга түшкөн экен. Кыжынган жоокерлер көк бөрүнү качырып барып, атчан ороп кетйшиптир да, эңген бойдон тарткылашып көпкө чейин тытыша албай тартышыптыр. Бир жагынан алар көөндөрү көтөрүлүп калгандай сезишиптир. Ошондон кийин, кыргыздардын уландары зериккенде, көкбөрү тартышып ойной турган адатка өтүптүр. Дайым эле бөрү табыла бербейт эмеспи, андан кийинкилер ноопас, торпок тартып ойношмой болот. Ошондон барып, серке улак, тартышмайга жалпылашкан экен. Азыр кыргыз тилинде «Көкбөрү тартуу», же «улак тартуу» деп айтылып жүрөт.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: azamat-1992kg: 06 Июнь 2017 - 17:02

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   09 Июнь 2017 - 13:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения azamat1992kg (02 Декабрь 2011 - 08:31) жазган:

Көкө мерен

Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учукыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, аңчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Көкө аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азырак элди кара тумоо, чечек, сынга, мерес сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун шаштысын, тынчын алат.
Ошондой дарттын зардабынанбы же жоокерчилик замандагы уруулар ор тосунда тезтез болуп туруучу кандуу кагьшыпгууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бирибирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт. Ошондой күндөрдүн биринде Көкө мерген аң уулоого барат, бирок көзүнө эч нерсе чалдыкпай, колуна мүдүр нерсе урунбай, ойдутоону бүт кыдырып, арыпачып келе жатса, алдынан бир бугу ойт берип чыга калат. Мерген анын соңунан түшүп кубалап, жаасын тартып калат, кийикжаралан ганына карабай карагай аралап качып олтурат.

Баатыр из кубалап артынан барса, кийик бир асканын түбүнө ташка жыгачтан жөлөп, үстүн карагай, арчанын бутактары менен жаап жасалган жарты алачыктын жанына токтойт. Аңгыча жарты алачыктан тери шым, кемсел, башына малакай кийген бир байбиче чыгып, ага аралдуу кийикти көрсөтүп: Мен кайберендин ээси болом. Сен «элимди багам» деп, кайберендерди эсепсиз кырып тукумкурут кылдың, кайбе рендердин учугу уланбас болду. Касиеттүү кайберен эненин каргышына калдың. Мындан ары өзүң кырган кайберендерге жем бол, — деп батасын берип, көздөн кайым болот. Ошондо элин багам деп аңчылык кылып, бирок табияттын мыйзамын бузуп, кайберендерди ашыкча бүлгүнгө учураткан Көкө мерген чөпкө айланып, жараланган кийик болсо, аны жеп сакайып кетет. Упгундан улам бул чөптү эл Көкө Мерген деп жүрүп, бара бара көкөмерен атанып, жабыркаган жарааттарга шыпаа, дабаасыз дарттарга дабаа болуучу чөп чай катары бааланып, колдонулуп келет. Көкөмерен гүлүнүн көк болгону Көкө мергендин көк мьштыгынын көк экенин билгизет имиш.

Бизда жайлоодо жыл сайын "кокомеренди" терип, кургатып, чон атама алып келчубуз. Давлениясы бар адам ичсе жакшы деп айтчу. Анча мынча озубузда чайга кошуп ичет элек.

Билдирүүнү түзөткөн: tavanova.sarah: 09 Июнь 2017 - 13:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   09 Июнь 2017 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения tavanova.sarah (09 Июнь 2017 - 11:22) жазган:

Бизда жайлоодо жыл сайын "кокомеренди" терип, кургатып, чон атама алып келчубуз. Давлениясы бар адам ичсе жакшы деп айтышчу. Анча мынча озубузда кызыгып, чайга кошуп ичет элек.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   09 Июнь 2017 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Бул уламыштын канчалык чындыгы бар билбейм?.. укканымды жазайын:
Ош облусунун, Кара-кулжа районунда "Ажике" деген жайлоо бар. Копчулук эле билет болуш керек бул жайлоону. Ошол жайлоодо "Абыл-Мейиз" деген кызыл шиш жар бар. Ал жар бекеринен "Абыл-Мейиз" аталып калган эмес. Илгери илгери, Абыл атту жигит Мейиз деген кызга конул коёт. Экоо бири-бирин жактырышат. Бирок, ачыка чыгарбай коруп журушот. Кундор отуп, кызды бир бай чалга беришмекчи болот. Айласы кеткен кыз мн бала качып кетишет.
Байдын желдеттери аларды табышып, жакындап калганда, Абыл м.н Мейиз туболукту бир болобуз деп, ошол жердеги жарга секиришет. Ошондон кийин "Абыл-Мейиз" деген жар болуп калган деп айтып берген..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 19:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: