Баракча 1 - 1
Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
#1 12 Июнь 2018 - 10:57
Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
Ала качуу көйгөйү эртең эле чечилип калат деп да эч ким айта албайт. Дал ушул ала качуунун арты менен турмуш куруп, очор-бачар жашагандар арбын. Бирок эмне болгон күндө да Бурулайдын каргашалуу окуясын, андан башка талкаланган тагдырларды тараза ташына салганда кыз ала качуу — кылмыш эле эмес, улут келечегине кедергисин тийгизген жапайылык экенин көрүүгө болот. Анткен менен ала качууну кадимки эле көрүнүш көргөн жигиттер миңдеп саналат.< br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: "Open Sans", sans-serif; font-size: 13px;"><br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: "Open Sans", sans-serif; font-size: 13px;">Айыл жергесинде кыз ала качуу сезону 25-майдан кийин башталат. Интернеттен акыркы коңгуроо күнү ийниндеги "бүтүрүүчү" деген жазуусу менен кошо келин болгон кыздын видеосун көпчүлүк эле көрдү болуш керек. Мындан 10 жыл мурун биз мектепти бүтүп жатканда да ушундай көрүнүш болгон. Айылдаш агаларыбыз кыздарды кадам бастырбай аңдып, үлгүргөн жерден илип кетишкен. Ошентип атып шаарга барып билим алам, эл-жер көрөм, студенттик кездин доорун сүрөм деген 5-6 кызыбыз казан университетине тапшырып кала беришкен. Алардан мыкты кожейке чыккандыгынан эч күмөнүм жок, бирок кыялдары таттуу, ой-чабыттары кол жеткис эле…
Бир көрүп эле ала качып, тагдырын байлаган жигиттерге дайыма таң кала берчүмүн. Жок дегенде өзүлөрүн ойлобойбу. Ал кыздын ден соолугу жакшыбы? Кандай бала төрөйт? А балким ууру, кылмышкер болсо кантет? Качан гана теңтуштарым тапырап үйлөнө баштаганда гана жогорку суроолорго жооп алдым. Ала качууга көбүнесе уялчаак, кыздар менен мамиле куруп көрбөгөн, өзүнө ишенбеген, анан айрым учурда материалдык жактан тартыш болгон жигиттер барышат экен. Албетте, баары мындай дегенден алысмын. Телегейи тегиз туруп деле ала качып үйлөнгөндөр бар. Негизи бир убак келип эле классташтар, достор бири-бирин көрүп үйлөнө беришет. Тойдо мас болуп жүрүп, соолукпастан ала качып үйлөнүп, үч күндөн кийин ажырашып кеткендер да жок эмес.
<br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: "Open Sans", sans-serif; font-size: 13px;">Кыз ала качуудан кыздар гана жабыркайт деп айтууга болбойт. Бул жаман көрүнүш жигиттердин да жүрөгүнүн үшүн алат. Буга чейин сүйлөшкөн кызын ала качып кеткен жигиттин тагдырын угуп алып боорум ооруган. Окуучу кезден бири-бирине ашык болуп, эки жаш мамиле кура баштайт. Алгачкы махабат ушунчалык таттуу болгондуктан экөөнүн сүйүүсү бүтүндөй айылга тарап, легендага айланган. Басса-турса чогуу жүрүп, өткөөл куракты бирге өткөрүшөт. Эгиз козудай болуп ээрчишип жүргөн экөө тууралуу кары-жаш дебей баарына билинет. Бир ирет кайдан-жайдан кошуна айылдын балдары келип, баягы кызды алып качып кетет. Ошондо жигит жалгыз бөтөн айылга барып, 30га чукул бала менен катуу кармашкан дейт. Жүрөгүндө сүйүүнүн жалыны бар көк жал жигит көк беттиги менен такыр артка кайтпай койгон экен. Чала жан болсо да чырылдап, бакырып атып акыры кызына жетип, кучактап жыгылат. Аны көргөн кызга кубат бүтүп, экөөлөп каршылык көрсөтө баштайт. Кыз уясына жылан тийген чымчыктай чырылдаса, бала бакырып боздойт. Бир гана өлүм токтото аларына көзү жеткен жигиттер акыры айтканына көнүп, экөөнү жолго салган дейт. Тагдырдын тамашасыбы же чуркаган эмес буйруган алат болуппу, айтор, бала окууга тапшырганы Бишкекке кеткенде баягы кызды дагы алып качып кетишет. Бул ирет кыздын ата-энесинин таанышы, колунда бар үй-бүлө болгондуктан кыз тарап каршылык көрсөтпөйт. Жалгыз кыз колунан эч нерсе келбей айла жок отуруп калат. Ошол учурда жолдун алыстыгынан бала келе албай, боздоп гана кала берет. Сүйгөнүнөн айрылган жигит тагдырына ушунчалык катуу таарынып, көп жыл үйлөнбөй жүрөт. 30дан өткөндө гана эптеп үйлөнүп, кызынын атын убагында жетпей калган сүйгөнү Айжамал деп койгон экен.
Жигиттердин мындай талкаланган тагдырлары толтура. Кыздардыкын айтпасак да белгилүү. Андыктан жигиттер, келгиле, адамзат үчүн берилген эң бир керемет, кайталангыс, ордун эч бир нерсе алмаштыргыс сүйүү деген сыйкыр сезимдин даамын татып жашайлы. Мектепте окуп жүргөндө ар бир жигиттин сөзсүз жактырып, көз салып, суктанып жүргөн кызы болот. Ал кызды көргөндө уяласың, бирок ал ушунчалык татынакай, болуп көрбөгөндөй жагымдуу жан, көрөр замат ырахат аласың, өзүңчө жыргайсың. Дал ошол кыз үчүн алкачкы ирет одеколон сатып аласың. Күзгү, тарак дегендер чөнтөктөн орун таап, чачты суулап тарап каласың. Иш оңунан чыгып, ал кыздын жүрөгүн багындырып алсаң сенден өткөн бактылуу адам жок.
<br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: "Open Sans", sans-serif; font-size: 13px;">Калтырап- титиреп сезимдерди кагазга түшүрүп кат жазганың, эң алгач ирет сүйгөнүңө жолугууга барганың, жолуга албай үйүн айланчыктап жүргөнүң, таңга маал гана беш мүнөткө чыккан сүйгөнүңдү бекем кучактап туруп жыттап-жыттап алганың, дал ушул жолугушуу үчүн деп кар аралаш жаанга карабай 7-10 чакырым жөө каттаганың кандай гана керемет! Ал бактылуу мүнөттөр эч качан кайталанбайт. Ошол үчүн алгачкы махабат эмеспи. Кыз жандаган балакай дароо өзгөрүп, жигит болот! Өзүн карап өзгөрөт. Андыктан жигиттер, сөзсүз сүйүү үчүн күрөшүп, кыз жандап, жаштыктын доорун сүргүлө. Албетте чеги менен. Азыр интернеттин заманында сүйүүнү билдирүү, сүйүүгө жетүү кыйла жеңил болуп калды. Ушундай шартта да өмүрү көрбөгөн кызды алып качып алгандан көрө, сүйүүнүн балдай ширин даамын татып, кинотеатр, концерттерге барып, сейил бакты аралап баскан кандай гана сонун. Келечектеги балдарыңдын апасы болчу адамды жүрөк менен тандап, сүйүп, ак тойдо ак бата алып баш кошконго не жетсин.
P.S Сүйлөшкөн кызым айылга барган сайын жүрөк безилдейт. Алып качып кетпесе экен деп жараткандан тилейм. Мага окшогондор миңдеп саналат. Келгиле жигиттер, тагдыр талкалаганды токтотуп, сүйүктүү болуп, сүйүп жашайлы!
#2 12 Июнь 2018 - 18:08
"Бир көрүп эле ала качып, тагдырын байлаган жигиттерге дайыма таң кала берчүмүн. Жок дегенде өзүлөрүн ойлобойбу."
Баары сиздей ой жугуртсо кана..
Туура айтасыз, озуно ишенбеген, чечкинсиздер гана бул кадамдарга баруусу мумкун.
Бирок, акыркы убактарда салыштырмалуу кыз ала качуу дээрлик жокко эсе. Акыркы чуулгандуу окуяларды эске албаганда.
Илгеркидей уйдон суйрой качуу, кочодон онкоруп кетуу жок...

Туура айтасыз, озуно ишенбеген, чечкинсиздер гана бул кадамдарга баруусу мумкун.
Бирок, акыркы убактарда салыштырмалуу кыз ала качуу дээрлик жокко эсе. Акыркы чуулгандуу окуяларды эске албаганда.
Илгеркидей уйдон суйрой качуу, кочодон онкоруп кетуу жок...
#3 12 Июнь 2018 - 19:39
Ушул тууралуу тема ачылса керек деп ойлодум эле озу,кутконумдой,
кирсем эле турат бажырайып. 
Автор,"Суйгонунду бир кучактап алуу учун,7-10чакырым жерди кар аралаш жаанга карабай,жоо каттаганын кандай гана керемет!" деген суйломдорунузго жылмайып алдым.
Ылайым бактылуу болунуз!
А мен болсо, ала качууга абсолютно каршымын

Автор,"Суйгонунду бир кучактап алуу учун,7-10чакырым жерди кар аралаш жаанга карабай,жоо каттаганын кандай гана керемет!" деген суйломдорунузго жылмайып алдым.
Ылайым бактылуу болунуз!
А мен болсо, ала качууга абсолютно каршымын

#4 12 Июнь 2018 - 20:26
Ала качуу.бул менин нерсе менин тагдырымды 2 жолу талкалады.17ге толуп 4 айдан кийин оз айлымда ала качуунун курмандыгы болдум.бир кундо 2 жолу ала качышты.Биринчи коншу айылдагы эжемдин уйунон 15 бала бир барып эжемди кошуп алып келишти.Атакем ачуусу менен таяк которуп барып жон эле алып келеберди.Куулонгон эргулдар 3 сааттан кийин,кухняда кечки тамак жасап жатсам,атамдар отурган уйду сыртынан зым менен байлап коюп чыныртып кана кете беришти.Же ошо бала баладай болсочу.суйлогону оодук соодук ата- энесин жинине тийгенде тепкилеген бир тушунугу жок неме эле.Коруп туруп кантип ошо менен турмуш курат элем.Туугандарым барса астына чоголоп жалдырап,апасы атамын жакасына жармашып;мени олтуруп анан кызыны алып кет"деп жулунганы азыркыга чейин зээнимд кейитет.апасы менен менин атамдар карын боло ошого док урганы эле.Айла жок ызы чуулуу жерде калдым.Айыл аксакалдары,
чон энелер мени жон эле ийге келтиришти.
Атам кетти уну каргылданып"
балам элден чыга албайм деп.21 кун жашадым.Бирок нике тундон башка туну бир жатпадым,ал туну зордук менен гана кыз белгимден ажырадым.Жек коруумду ушундан билиниз,вешалкадагы илинген кийимин корсом кыжырым кайнайт.Ийилип чай сунуу,кайын журтка кызмат,келиндик доор,берилип жар суйуу деген болбоду.Бассам турсам артымда андуучу,жанымда кайтаруучу журду.Бир куну бир досу уйлонуп вечеринкага чакырышты,бардык.
Катар басмай жок ал аркада же мен аркада калам.Танга жакын уйго келдик.Адатымча бир комнатасын ичинен илип уктап жаткам.Дункулдогон ундон ойгонуп,эшикке чыксам кун тийеин деп калыптыр.Айкырык кыйкырык ызы чуу.чон акеси атасын койногун башына каптап алып уруп жатыптыр.А апасын баягы мен тийген бала тепкилеп жатыптыр.Мен нес болуп калдым,тушунбодум таптакыр.алаамат башталдыбы?
Бир заматта не деген гана ойлор келбеди.Балам!
деген атасынын уну эсиме келтирди.Кир уйго балам,азыр сени да олтурот.мынааны алып кой деп баласынын колунан бошоно албай жатып саатын мага ыргытты.Чалыштап аттап буттап уйго кирдим да ыйлап жаттым.Оз атамдын уйу корунот эле,алар да банянын жанынан биз жакты карап атышыптыр.Кечтин киришин аябай куттум.Жанагы жинди келиптир ,кечирип кой ушундай болуп калды деп.Кечиримди ата эненен сура дедим да башка унчукпадым.
Кеч кирди.Тошокту эки адамдык кылып салдым да,азыр бети колуму жууп келейин деп,кундузу даярдап койгон кийимимди алып атамдыкына келе бердим.Келсем апам чочуп кетти.Атам неге келип алдын деди.Ата,мени кет десениз кызым дебениз.Кете бер дениз кетем бирок таптакыр келбейм дедим.Байкуш атам чачымдан сылап,озун бил убалына биз калдык мейли балам деп ушкурунуп отуруп калды.Чакан айыл болгондуктан,
мен коргон окуяны баары угушкан экен.Арадан кундор отуп коп жолу алып кетебиз деп келишти.Бирок,
коз алдымдан кетпей койгон ошол кун менин алсыз журогумду жибите албады.Ощшентип ала качуу мени биринчи жолу тагдырыма балта чапты.
#5 12 Июнь 2018 - 20:57
Туш коргондой болдум. Кантип ушундай болсун!!
Ата эненин каргышына калган жаман. Кудайым жазасын берсин. Автор кыйналбаныз,
баары жакшы болот. Кетип туура кылыптырсыз,
олтуруп тынмак экен алар.! Бактылуу болгула. Ошон учун ата энелер аоа качуу салтын жапайычылык деп эсептеп, балдардын тагдырына балта чаппасак!
#6 13 Июнь 2018 - 15:47
Теманы башка болумго жылдырышса болмок экен.
"Адабият жана поэзия" болумуно анча дал келбейт экен...
"Адабият жана поэзия" болумуно анча дал келбейт экен...
Баракча 1 - 1