Суперстан: "Алданган мигранттар" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Алданган мигранттар" Бердикожо Бийназаров

#1 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Алданган мигранттар
Автор бул китебинде, алдамчылык менен акча тапкан шылуундардын образын ачып берип, болгон окуянын негизинде жазган. Учурда алданган мигранттар башка улуттун жерине алдамчыларга ишенип барып, эмне деген гана азаптарды көрүп жатышат. Бул китептеги окуя 2011 - жылы болгон. Буга чейин дагы канча мекендештерибиз, таттуу айтылган сөздөргө ишенип, бөтөн жерге кулчулукка сатылып келгени жөнүндө басма сөз беттеринде жазылган, бирок китеп болуп чыккан эмес. Бул китепте баарын таасын белгилеп жазып, автор колунан келишинче алданган мигранттардын жашоо турмушун чагылдырып берген. Окурмандардын кызыгуусун жаратат деген ойдобуз.



Алданган мигранттар же
орус талаасында өткөн кырк күн

2011-жылдын жаз мезгили. Тактап айтканда май айынын аягы. Күн ысык. Аптаптуу жаз мезгилинин күндөрү эмнегедир көзгө илинбей, шар аккан Нарын дарысынын агымындай өтүп, көптөн күткөн 25- май акыркы коңгуроо дагы болуп, мектептин босогосу менен кош айтышып жаткан акыркы класстын балдары жана кыздары, окууну бүткөндөрүнө он жыл, жыйырма жыл болгондордун майрамы ойдогудай өттү. Ооба, бул күндү кадимкидей майрамга айланткан, кадыр эсе көнүмүш ишке айланган. Ушул күнгө даярданыш үчүн канчалаган аял, эркек, улан-кыздар айтылуу "Дордой" базарына барып, сатармандардын кардары болуп кийим, белек жана башка керектүүлөрүн алышты. Бул эми жылда кайталанган ишке айланган.
Бир көзү кыйшык, тактап айтканда чалыр десек да болот, орус тили менен эне тилде эркин сүйлөгөн Самат, ушул эле 25- майдын өтүп кетишин күтүп тургансып, өзүнүн биринчи жолку планга койгон, албетте акча табуу үчүн аракет кылган ишин алдыга жылдыруу үчүн, он төрт баланы өзүнүн жаңы ачкан конторасына чогултту. Буга чейин газета менен теледен жетишерлик эле жарнама берген "Россияга эмгек мигранттары керек, айлык акысы жогору"- деп. Жыйырма жылдын ичинде кооз сөз менен жыргатып келген чиновниктер оозго илине турган иш кылышканда, мекенди таштап ким эле сыртка кеткиси келсин. Иш жок, акча табуу үчүн чет элден иштеген акыркы кездерде улутташтарыбыз үчүн көнүмүш адатка айланбадыбы. Эгер өкмөт тың болгондо, эки жолу өлкөбүздө төңкөрүш болбойт эле го.
Эки тилде тили буудай куруган, буттары узун, ак жуумалдын сулуусу, бир караган эркек жандын көзүн өзүнө бурган Айзаданы жанын алып алган чалыр көз Самат сөздү алыстан баштады.
-Мына ошентип силер менен дагы кездешчү күнгө убакыт да келип жетти -деп, сөзүн улады. Ооба, чынында эле эч ким ойлобойт эле Саматты алдап жатат деп. Баарынан дагы анын сөзүн коштоп алиги сулуу кыз сөзгө аралашканы, чукугандай сөз тапканы, адамдын ичи- койнуна киргени, күлүп сүйлөп өзүн маданияттуу тутканы, кадимки Шырдакбекти алдаган Эрке айымдан кем калбайт, ашса ашат десең болот. Акча үчүн үч тамгадан турган "кыз"- деген улуу сөздүн дарегине доо кетирет деп, Айзаданы эч ким оюна албайт. Көрсө жанын жеген алдамчылардын бул бир гана көрүнүшү экенин кайран он төрт тагдыр кайдан билип коюптур.
Экөөнүн таттуу сөзүн уккан он төрт бала өздөрүнчө эле санаа менен байып, айтылып жаткан сөздөрдү ынтаа коюп угуп жаткандарга көз агыткан Самат, кадимки даабат айтканда ооздорунан көк түтүн чыкканча айткан диндин фанаттарындай, куру сөз менен ээритип салды. Материалдык байлыкка көз каранды болгон балдар тим эле кыял менен байып, Саматтын оозунан ак көбүк акканча сүйлөгөн сөзүнө ишенип, суроо бергенге дагы жарашпады.
Ооба, бул он төрт бала эбак эле тигинин колуна тиешелүү акчаны карматып коюшкан болучу.
Самат сөзүнүн аягында дагы эскертти, акылдуу кишинин кейпин кийип:
-Балдар "Россия" -деген бөтөн эл, бөтөн жер, өзүңөргө сак болгула! Бүрсүгүнү жолго чыгасыңар! Бириңер дагы кечикпей келгендей болгула! Мен поездге билет алып койдум. Поездден калбагандай болгула. Биз темир жол бекетинин алдындагы эстеликтин жанынан жолугушабыз- деди. Жашы кырктан өтүп калган Берди, шапылдап сүйлөгөн Саматтын жана алиги кыздын сөзүнөн шекшип, суроо берип калды. Анткени ал өзүнүн жашоосунан далай эле жолу кезиктирген болучу, көп жана маңызы жок сүйлөгөн адамдын колунан аз иш келээрин:
-Самат, сен алиги кыз экөөңөр таттуу сөзүңөр менен жыргатып салдыңар. Деги бул айткан сөздөрүңө жооп бере аласыңбы? Эртең биз ал жакка барарын барып алып, талаада калбайбызбы? Дегеним азыр алдамчылардын арааны жүрүп, эл саткандан кайра тартпай калышты! Жакында эле кыргыз балдарды Сочи шаарына алып барып, талаага таштап салып, алар азыр кайра келе албай жатышыптыр. Айтаарым эртең сенин жүзүң биздин алдыбызда жарык болсо болду. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт"- дегендей, кийин жер карагандай болбо! Ушунча баланын үй-бүлөөсү бир гана сага ишенип, сенден үмүт кылып алыска аттанып баратат. Самат сөздү аягына чыгарбай ооздон жулуп алды:
-Жок, биз таза иштейбиз! Силердин тагдырыңар бизге оюнчук эмес. Мен дагы өз жеримде башымды өйдө көтөрүп басып жүргүм келет! Керек болсо мен эки айда бир жолу барып силерден кабар алып турам, жашооңорду өз көзүм менен көрүп-деди.
Бул так жана ишенимдүү айтылган жооп дагы кандайдыр бир ишеничти пайда кылды. Ким ишенбейт ошончо кишинин каратып туруп, так айтылган жоопко.
Союз тараганы элдин болгон дитин бир гана акча ээлеп " кантип байысам болот"- деген бир суроо аң сезимге кыттай уюп калганын танып болбой калган бул заманда, керек болсо мектепти таштап акчанын артынан түшкөн өспүрүмдөр дагы, оюнду да билбей, акчанын артынан түшүп калганы кимди түйшөлтпөйт.
Он төрт бала таттуу убадага карк тоюп, сыртка чыгышты. Бир айда кырк миң рубль, сомго алмаштырганда алтымыш беш миң сом, эмне деген акча. "Сарт санаасы менен байыйт"- демекчи, санаа менен байыган балдар айтылган күнү убадалашкан жерге чогулуп, сөз эмизген Саматты күтүп калышты.
Күн ысык. Баштык - үштүгүн көтөрүнгөн балдар М. В Фрунзенин эстелигин алдына келип турганда, шыпылдай басып Самат келди да, ооз учунан учурашып, баарына бирден барак таратып берип "окуп, таанышып чыккыла!" - деди.
Бул баракты мурда деле берсе болмок, анда ар кандай суроо талаптар көбөйүп кетет беле... түлкүдөн куу Самат муну дагы алдына ала ойлонуштуруп койгону ушул жерден билинди. Баарын кылдат ойлоп, баардык документтерди өзүнүн кызыкчылыгына чечип, тууралап, арам оюн эчак эле пландап койгонун балдар кеч билишти. Айткандай ал кагазда ар бир бала алты айдын ичинде 18 миң рублден төлөш кереги жазылыптыр. "Кетебиз" деп ээлигип алган балдар ага дагы кайыл болуп кол коюп беришти да, айтылган дарекке эрте эле жетип, иштеп калуу ар биринин көңүлүн ээлеп алган болучу. Ошол себептен, бири дагы каршы сөз айта алган жок. Учурдан пайдаланып Самат, алгачкы алдоону ушул жерден эле баштаганын сезген Берди билип, жүрөгү опкоолжуп, бир нерседен шек алды. Анткен менен көпчүлүктүн көңүлүн ирээнжиткенден алыс болуп, кабагы бүркөлө түштү.
Аңгыча эле сүйлөгөн сөзү так, толмочунан келген Эмил деген баланын келинчеги учурун келтирип, Саматка суроо берип калды:
-Ай, Самат сенсиңби? Эми булар ал жакка барганда алданбайбы? Мен сенин контораңды билем. Эгер алдана турган болсо азыр так айт, барбай калып калышсын! - деди эле Саматтын көздөрү бузулуп, өңү өзгөрүлүп:
-Эже, биздин дагы ар намысыбыз бар. Эгер алдай турган болсок керт башыбыз менен жооп беребиз! - деди эле, тиги аял:
-Анда эмне алиги кагазга так кетээр учурда кол койдуруп алдыңар! Келишим боюнча бул жок эмес беле?- деди. Канат бул жерден дагы сөз таап:
-Бул документ азыр эле дайын болду. Эже эч камсанабаңыз. Бирдеме болсо офиске келиңиз -деп, кыска жооп берип, шашкан түр көргөзүп, бекетти көздөй басып кетти.
Бака - шака түшкөн жүргүнчүлөр менен бирге он төрт тагдыр дагы өз эл жерин таштап, өңү жашыл түскө боёлгон поездден орун алып, жолго чыгышты.
Атаганат, жок эле дегенде он төртүнүн бири эле алданып бара жатышканын билип, түшүп калышса эмне? Самат кыйшык көзүн алсыз ирмеп, поезд али жылып кете электе эле, ал жерден караанын үздү. Бул Саматка окшогон эки жүздүү арам ойлордун алдоосуна кандай гана адамдар алданбады. Канчалаган элдин көпчүлүк саны, тактап айтканда күчкө жараганы илгери майданга аттанган жоокерлердей, чет элге иш издеп кетип жатканы эле, биздин элдин, билермандардын чабалдыгынан белги берип туру го. Болбосо коңшу казак эли эле дарбазасына "кыргыз сатам"- деп илип койгону, намысты козгоп, Самат өңдүү алдамчылардын жолуна бөгөт коюлат эле го... Ошол коңшу өлкөгө ишенчээк, байо мүнөз кыргыз жарандары алданып барганын билип турса дагы, акчага сатылган соттор менен чиновниктер али күнчө алдамчылыкка жол берип келе жатат.
Он төрт жүргүнчү алгачкы эле соккуну поездден орун алып олтурганда алышты.
Жөн жерден эле провондникке акча чогултуп беришти "жолдон эч ким тийишпесин" - деген ойдо. Орто бойлуу, өңү кара, көзүнүн нуру өчкөн, бирөөнө жакшылык кылуу жүзүнөн билинбеген, жашы эл ортону элүүгө чыгып калган, өзбек тилин чалып сүйлөгөн Максүт, ар бир бала беш жүз орус акчасын берүүсүн талап кылды.
Бул акчаны ал, соода менен жүргөн жүргүнчүлөрдөн сурап аларга айтса жарашмак. Жандарына ченелүү акча алып чыгышкан балдар соодалашып жатышып, 150 рублдан беришти. Бул акча сомго алмашканда эки жүздөн ашык акча экенин жашырып эмне. Демек жөн жерден эле жүз доллар пайда көрдү. Бул акча айтканга оңой болгону менен бир адамдын бир айда маңдай терин төгүп тапкан пайдасы десек да болот. Поезд Кыргызстандын чегине жеткенде алгачкы текшерүү башталды. Бул жерден Кыргыздардын офицерлери, тактап айтканда бажычылар текшерүүгө алды. Жашыл түстөгү кийим кийген бажычылар балдарды бир башкача көз караш менен карашты. Анткени балдардын бөтөн элге иш издеп бара жатканы алардын аёо сезимин козгодубу, ким билет. Бир жагынан булардан эч нерсе чыкпаганы билдиби, айтор кош көңүл мамиле жасагандай болушту. Эгер булар бизнес жолу менен товар алып бара жаткан болсо, анда бир нерсе үмүт кылышат беле...
Аңгыча эле мурду коңкогой, бою узун, чачын ак баскан, өз жашынан улуу көрүнгөн, кара тору Садыктын сумкасынан паспорттун он көчүрмөсүн таап алган формачан энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, жөн эле чек араны бузуп бара жаткан бандитти кармап алгансып, Садыкты өзү менен бирге алып кетти. Эх, ошондогу формачандын сүйүнгөнү менен Садыктын коркконун салыштырганга сөз жетпейт го чиркин. Формачан кадамын шайдоот шилтеп баратып "канча акча сындырсам" - деп ойлоп баратса, көп акча табам деген изги ой менен жолго чыккан Садык "эми мындан кантип кутулам "- деген санаа ар бир алдыга шилтеген көңүлсүз кадамынан билинип турду. Орустун улуу жазуучусу Тургеневдин тамсилинде " алдуу дайыма алсызды күнөөкөр кылат"- деп айтылгандай, паспорттун көчүрмөсү үчүн күнөө тапкан формачан поездден Садыкты түшүрбөй эле сөзгө тартканда, кандайдыр бир жакшылыктан үмүт пайда болду. Дагы жакшы, эгерде бул паспорттун көчүрмөлөрүн казактын алдым - жуттум офицерлери кармап алса эмне болмок? Бул да болсо буйрук да. Садык жанында калган сегиз жүз элүү рублин бүт берип:
-Байке, болгон акчам ушул -деп, аянычтуу жана суроолук көз караш менен карады. Жапалдаш бойлуу, толугунан келген, бет түзүлүшү жайпагырак анан көзүнө бир гана акча көрүнгөн, адамкерчиликке караганда акчаны бийик туткан формачан болор- болбос кабагын түйүп, берген акчаны ички чөнтөгүнө салып, эки жакты аяр карап алып:
- Бала, мындан кийин байка. Бул деген мыйзам бузгандыкка жатат. Бар эми бара бер! - деди. Жолдошторунан калып каламбы деген ой бүт дитин ээлеп алган Садык, чынында эле сүйүнүп кетти. Анткени алдыда аны кырк миңден ашык рублдик иш күтүп турат деген ишеним бар эле да. "Асмандагы айды алып берем"- деп кызга, жигит убада бергендей, Канат дагы айткан болучу "Жаныңарга ашыкча акча албагыла, эптеп ал жакка жетсеңер болду"- деп. Садык чоң балээден кутулганына сүйүнүп, оң колунун жеңи менен чекесиндеги корккондон чыпылдап чыккан майда терди сүйртүп алды да, кайра ордуна келди. Аңгыча эле поезддин шакылдаган үнү угулуп, ордунан жылып, коңшу казак элинин аймагын көздөй кыймылдап жөнөдү. Ооба, тээ илгери казак менен кыргыз калкы "бир тууган элбиз"- деп, ортолорунда ынтымак күч болуп, ортону бөлгөн чек ара жок эмес беле. Эми минтип бири - бирин душман тутуп, чекти тикенек зым менен бөлүп, бирин-бири сын көз караш менен карап турган кездери. Кыргыздар, сүйлөгөндө тилин жаланып сүйлөгөн ажосун тактан алып түшкөнү, казак калкы бир нерседен шек алып, баштагыдан чек араны күчтөп тосуп алышкан. Бул эки ажону кууган окуя, казак калкы менен өзбек калкынын жыйырма жылдан ашык убакыт такты бербей турган ажолорун сездентип, кыргыздарга далысын салып калганы бешиктеги балага дагы дайын болуп турганы го.
Поезд акырын жылып, олтуруп казактардын чек арасына дагы келип жетти. Алыстан жемин көргөн кузгундай, казактын бажычылары поезд токтогондо эле кадамдарын шайдоот таштап, ичкери кирип келишип башчысы алсыз кыргыздарды өз билгендериндей сумка, баштыктарын тинтип киришти. Бир четинен карасак алардыкы дагы туура. Анткени "баңги" - деген балакет биздин жер аркылуу Европага агылып өтүп жатканы өзүнчө бир чоң сабак кеп. Кээ бир европанын өлкөлөрүндө жашагандар, Кыргызстанды банги затынын ордосундай ойлошсо керек. Анткени Афганистандын баңгизаттарын алып өтүүгө, биздин жер ыңгайлуу болгон үчүн, казактын бажычылары катуу көзөмөлгө алышканы ошондон. Алгач кичинекей кандек иттер менен ар бир сумканы текшерип өтүштү. Көрсө ал кичинекей кандек иттерди биз кеп кылган банги заты менен багышабы, ким билет. Болбосо ал иттер жан алдары калбай шимшилебейт болучу. "Адамдан акыл качып кутулбайт" - дегендей, кандек иттерди тигинтип көндүрүп алышканы эле эмне деген кепти айттырбайт. Иттер менен тинтип болушкан соң, анан калгандары өз билгендерин жасашты. Алардын орой мамилелери кадимкидей адамдын ачуусун келтирип, көздө ок болсо атып салгандан кайра тартпагандай абалга алып келди. Поезд ал жерде кеминде беш саатка чукул убакыт кармалды. Бул эми баам салып караган кишиге жөн гана кордогондук эмей эмне. Эгер биздин элдин билермандары жыйырма жыл ичинде куру сөз менен иш бүтүрбөй, ушул казак элинин билермандары менен тил табышып, текшерүүнү оңойлотуп койгондо, бир поезд толтура эл беш саатка чукул убакыт зарыгып күтүү азабын тартып олтурбайт эле го.
Акыры поезд ордунан жылып, күшүлдөгөн үнү угулганда поезд толгон эл жапырт үшкүрүнүп жиберди. "Үшкүрүк ойдун туу чокусу"- дегендей, эл жыргаганынан үшкүрүндүбү, албетте бир балээден кутулганына кубанып үшкүрүнгөнүн жашырганда эмне.
Алдыда орустардын чек арасында "кандай келе жатасыңар" - деп алардын дагы бажычылары күтүп турганын эстегенде ичкен аш, аш болбой, кабак бүркөлүп санаа басты.
Күн уясына кылкылдап батып бара жатканда, Мерке шаарына келди. Ал жерден поезд дагы токтоду. Кайран гана кыргыздардын поезди, баардык жерден жол бошотуп жүрүп олтурат экен да, көрсө. Үйдө баатыр жоодо жок, баягы курсагы чоң проводник казактардын чек арасынан эле өчкөн. Эч кандай деле жардам бергендей болгон жок. Ал турсун өзүнүн алып бара жаткан товарларын ката албай, өз арбайы менен алек болуп, поезд ордунан жылганда эле коңурукту кош тартып уйкуга баш койгон.
Түгөнбөгөн казактын боз талаасы менен күшүлдөгөн поезд өз жолу менен бара жатты. Алыс жолго чыгып көрбөгөндөр үчүн жол жүрү кызык эмеспи. Терезеден көздү албай сыртты кароо менен таттуу кыялга баткандар канча.
Чынында эле жыйырма жыл ичинде эл материалдык жактан аксап, көздөрүнө бир гана байлык элестеп, материалдык ачкачылык ички дүйнөнү ээлеп алганы баам салып караган кишиге, сырттан билинбегени менен көпчүлүк калктын аң сезими дагы өзгөрүтүп, өзүмчүлдүк күч алганын байкап, аңдоо салган кишиге кадимкидей билинет.
Поезд Чимкент шаарына келгенде, шакылдап сүйлөгөн үч келин түшүп, балдардын жанынан орун алып калды. Анткени капталдагы орундар бош болучу. Негизи эле орундун бош болгону, тиги проводниктерге эле жакшы болот экен, анткени ашыкча акчанын кимге кереги жок болмок эле. Айткандай, тигилер дагы иш издеп, мекендерин таштап, элинен үзүлүп чыгып, кең Москваны көздөй бара жатышыптыр.
"Жол азабы, көр азабы"- дегендей, июнь айынын ысыгында өзгөчө казактын чөлдүү талаасында жол жүрү эмне деген азап. Жатып уйку канып, убакыт өтпөгөндө, поезд улам токтоп жол арбыбаганынан жөн эле секирип түшүп чуркап кеткиң келет.
Бул поездде жалаң эркектер болгон үчүн алиги Чимкенттен түшкөн үч өзбек келин жакшы эрмек болду. Тамашага туура баа берип, узун жолду кыскартканга абадан эле ыңгайлуулукту тартуулады. Алар айтса, армандары аттын башындай экен. Поездде бара жатышып дагы бийликтегилерге карата ойлорун толук айта алышпай, кысынышканы эле, демократиянын жоктугунан белги берип турду. Эл кыйналып, бийлик тараптан кысым күч экенин үстүртөн айткандары эле болбосо, ойлорун толук айта алышкан жок. Көзү көк, бир караган кишиге өзбек улутуна окшоп кеткен өз улуту татар, өзбек тилин чалып сүйлөгөн Ира гана улутунуп алып:
-Эгер, Ташкентте жашоо жакшы болгондо, биз минтип туулуп өскөн жерди таштап кетпейт элек го. "Бийлик элди эзип жиберди" деп ашыкча сөздү айтып жиберди. Айтарын айтып алып, корунгансып эки жагын каранганы эле "бул айткан сөзүм жогору жакка жетпесе экен"- дегенди туюндуруп турду. Бул Иранын көз карашы жана корунганы өзбек элинин кысынып жашап жатканынан белги бергенсиди. Алгач ал өзбек тилинде так сүйлөгөндө, аны өзбек кызы деп ойлошкон болучу.
Сөз- сөзгө уланып, Жанна деген келин улуту казак, бойдок экенин тилинен чалынып сүйлөп жатып билгизип алды. Толугунан келген Жаннага жашы элүүгө жакындап калган Самар жабышып эле жатып калды. Ал өзү Оштун, Кара- Суу районунан болгон соң, өзбек тилин так түшүнгөнү дагы себеп болуп,тил табышканга дагы үлгүрдү. Эркекке эмне, үйдөн алты кадам сыртка чыккандан кийин бойдок болуп калат эмеспи. Аңгыча эле стол үстү жайнап чыкты. Мындай жерде сөзсүз ичимдик болбосо болбой даамы жок даамдай элес берет го. Кайдан жайдан белгисиз бир шише арак дагы пайда болуп калды. Аны көргөндө тиги шакылдаган келиндердин жүзү албырып, күлкүлөрү башкача чыга түштү. Мына ичимдиктин кадыры, аны барктагандарга жөн эле асмандан издегендери жерден табылгандай эле болду. Ушул кезде балык саткан казак аялдар да баш багып калды. Кымбатына карабай катылып жаткан акчалар суурулуп чыгып, балык сатып алышты. Кайран гана ичкилик, адам баласын айкөл дагы кылып салат эмеспи. Аял менен арактын түбүнө ким жетиптир. Эгер Жанна, Самарга көз кысып, тийишпеген болсо, бул шаан-шөкөт болбойт эле. Аз болсо дагы алаксып, тигилердин чакан олтурушуна көз салып, бери жакта олтургандарга дагы эрмек болду.
Тээ илгери Калыгул олуя айткан заман келгенин ушундан улам билсек болот, назик деген аял затынан уят кетип,ичке кирген жүз грамм тиги үч аял затынын оозунан уят сөздөрдү алып чыкты. Эгер поезд купенний болгондо анда тигилер аял эркек болуп жатып калышат беле ким билет. Баарын аял заты баштайт дегенге ишене берчү эмес элем. Бул жерден тиги үч келин баштабаган болсо, баары тынч бойдон калат беле. Ооба, айтылган кеп бар "бул дүйнөнүн туткагы аял заты"- деген. Айтылгандай аял заты өз ордун билгенде, ашыкча сөздөрдү сүйлөбөгөндө, кулакка жат уят сөздөр айтылбайт эле. Ызы-чуу кеминде үч саатка созулуп,аягы барып түнкү уйку менен аяктап, тынчтык өз өкүмүн моюнга алды. Кайрадан эле баягы поезддин шакылдаган үнү, казактын түгөнбөгөн боз талаасы. Күндүз кечке уктагангабы, эмнегедир Бердинин уйкусу келбей ойго жатты. Бир жагынан жамбаш талып, түн ортосуна чейин олтурууга туура келди. "Түндүн көркү ай менен" - деп айтылгандай, терезеден сүттөй ак айдын нуру төгүлүп турду.
Ар бир нерсе өзүнүн кооздугу менен көрктүү болот эмеспи. Анысысыңар түн дагы өз көркүнө чыгып, асмандагы ай каалгып, булутка жашынып кайра чыкты. Бул дагы жаратылыштын көптөгөн кооздугун бири экенине кызыгып карап жаткан Бердинин оюн бөлдү.
Кулак менен уккандан көрө, көз менен көргөнгө эмне жетсин. Ушул жашка чыгып,алыс жолго поезд менен барып көрбөгөнгө, жолдун алыстыгы жадатып жиберди. Аңгыча эле эки бөлмө нары жактан орун алган жаш кыз ажатканага өтүп бара жатып:
-Эмне байке, уйкуңуз келбей олтурасызбы? - деп сурап калды. Берди башын ийкеп жооп берди эле Наристе мыйыгынан жылмайып, башка сөз айтпай өтүп кетти. Бул кыз поездге олтурганда эле газета сурап келип таанышып кеткен. Өзү Сокулук районунан болот экен. Москвага ушуну менен экинчи жолу бара жатканын кеп кылган. Негизи эле баардык нерсенин жаңы кези, адам баласынын жаш кези кандай көрктүү. Наристе кара торунун сулуусу, арыкчырай, бой мүчөсү келишкен сулуу жан болгону менен атасынын төрүндө олтуруп калган, жашы жыйырманын сегизине чыкканы менен өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн, жылдыздуу кыз экенин алгач көргөн киши дароо эле байкайт. Бирок сулуунун сүрү болот эмеспи, эмнегедир бул кызга тийишип, аны жандаган деле эч ким болгон жок . Андан дагы Наристе өз ордун билгенгеби же балдарга жандаганга мүмкүнчүлүк берген жокпу, ал өзү менен өзү болуп келе жаткан.
Бердиге карап мыйыгынан күлгөнү, анын дагы зеригип келе жатканына белги берди. Берди бир топко олтурду анын өтүп кетишин күтүп, бирок ал эмнегедир кечигип, жол каратканга мажбур кылды. Андайда адам баласынын оюна кандай ойлор келет. Акыры Берди ордунан туруп, артынан барса, чылым чеккен жерде Наристе терезени карап туруптур. Берди аз да болсо жаман ойдон алыстап:
-Ой, сага эмне болду?-деп сурап жиберди. Апасына таарынган баладай терезени карап турган Наристе капыстан берилген суроодон чочуп кеттиби, жалт карап алып:
-Сиз белеңиз? Мен жөн эле. Катарымда жаткан байкенин коңуругу уктатпай койду. Убакыт өткөрүүнүн амалы кылып турдум эле - деп, кайра терезени карады. "Сөздү учурунда айтпаса, атасы өлөт"- дегендей, удулу келип турат деген ойдо:
-Ай,Наристе, кийин турмушка чыгып калсаң, жолдошуң коңурук тартса, анда ушинтип түн уйкудан калып,таң атканча турасыңбы? - деди, Берди.Бул айтылган сөз жага бербей калды белем, Наристе жылмайып:
-Анын жарасы жеңил, бул бейтааныш кишинин ойготуш кыйын болуп жатпайбы. Муну кантип ойготуп "кырыңдан жат"-деп айта алам. Түндө дагы уйку берген эмес. Деги аялы кантип чыдап жүрөт болду экен?-деп, аны жактырбаганын билгизди. Сөз ушул жерге келгенде поезд дагы токтоду. Кайсы жерге келдик билип болбойт. Наристе кабагын чытып:
-Кыргызстандын поезди эптеп эле. Өткөндө, мен Москвадан келгенде, Россиянын поездди менен келдим. Мынчалык көп токтогон эмес. Эмнегедир бул поезддин токтогону көбөйдү. Деги аман-эсен жетсек болду- деп, сөзүн аянычтуу жана капалуу бүтүрүп, кайра терезени караган болду. Сөз улансын үчүн Берди:
-Сен кайсы окуу жайды бүтүрдүң эле?-деп, суроо узатты эле, Наристе бир топко үнсүз туруп:
-Байке, азыр окуунун деле баркы кетпедиби. Берки бөлмөдөгү Топчугүл деген кыз, эки жыдан бери Москвада иштейт экен. 25-майда акыркы коңгуроого катышканы эле келиптир. Аттестатын алуу үчүн акча таштап келе жаткан өңдү. Азыр билим алуунун дагы сапаты кетпедиби. Менин эки дипломум бар. Бирок, иш жок эки дипломум катылуу бойдон турат. Кайран гана ошого корогон убакыт. Эми минтип кесибимден башка иште иштегени кетип бара жатам.
-Эмне, али турмушка чыга элексиңби?- деп, ойдо жок суроону берип калды эле, Наристе күлүп:
-Эч ким албаса эмне кылайын. Кыз баланын бойго жеткенден кийин, турмушка убагында чыкпаганы абдан жаман экен. Ушул сиз берген суроону ар бир экинчи жолуккан киши берет. Азыркы балдар илгерки балдардай эмес. Кыз сыйлоо маданиятын дагы биле беришпейт. Таанышкандан соң дароо эле "атаң кайда иштейт, байбы? - деп сурагандары абдан көңүл чөгөрөт. Аларга менин атамдын байлыгынын канча кереги бар? Такыр түшүнбөйм. Кызык алар эмне менин атамдын байлыгы менен жашайбы? Эгер сүйүү чын жүрөктөн болсо бай-кедейге, кары-жашка карабайт да. Анан кантип менин аларга көңүлүм жылыйт. Азыр мени күйөө деле кызыктырбай калды. Эптеп акча таап, үй сатып алсам деген оюм бар. Эмнегедир убакыт алга жылган сайын адамдар жукасына тартып, бир гана байлыкты эңсеп калышты. Бакыт байлык менен чектелбейт. Үйбүлөлүк ынтымак анан алты саның аман басып жүргөндүн өзү бакыт эмеспи. Сөз кезеги келгенде Берди:
-Сүйүү бакытка киреби? Деги эле сен бирөөнү сүйүп калдың беле?-деп сурап калды эле Наристе:
-Ооба, сүйүүнүн азабын чекпеген жан болбосо керек. Бирок, сүйүү эки жактан бирдей болбогон соң алсыз болуп калат - экен. Наристе ушул жерден өз сөзү менен билгизип алды, бирөөнү сүйүп, ага жетпей калганын. Сөз бир топко уланды. Дагы уланат беле, чылымды атасынын өчү бардай чеккен, вагондун аркы башында жаткан Жекшен деген киши келип калбаганда. Бул кезде таң күлөөнөк атып, келе турган күндүн башталышынан белги берип калган болучу. Таңкы уйку кандай таттуу. Экөө тең ордуларына келип жатып, жаздыкка баш коёру менен уктап кетишти. Поезддин жүткүнүп барып токтогон абалы, таңкы уйкуну бузду. Бул кезде поезд казак менен орустардын чегине келип "Ильинск" - деген станцияга келип токтоптур.
Бул жерден алгач казактын билермандары дагы бир сыйра текшерүүгө алышып, анан жүздөрүнөн муздактыктын белгисин берген, суук көздөрү менен караган, орустун формачандары текшерүүгө алды. Анткен менен орустар, казактын бажычыларындай көпкө кармаган жок. Кантсе дагы согуш көрүп, түшүнүк алып калган элдин тукуму эмеспи. Тартипти катуу көзөмөлгө алган үчүн, алар акчага сатыла коюшкан жок. Эки постон кармалбай өткөн бир кыз, эки жигитти поездден түшүрүп алып калышты. Анткени алар жасалма документ менен бара жатышкан экен. Казактын акча көздөрүнөн учкан бажычылары сумка текшерип жатышып байкабай калышса керек. Болбосо мындай олжону оңой эле өткөрө коймок эмес эле.
Поезд, кандай Россиянын чегине кирди, кадимкидей токой башталды. Боз талаага көнө түшкөн көздөр, токойду көргөндө кадимкидей башка дүйнөгө түшүп калгандай эле болушту. Көрсө Казакстан чөлү менен Россия токою менен айрымаланып турат тура көрсө.
Поезд Самара шаарына келгенде, түтүн чыккан паровоз ошол жерден калды да, андан ары биз түшкөн вагондорду электричка менен алып жөнөдү. Муну менен орус калкы экологияны коргогону экени билинди. Баарынан дагы орустардын аймагына өткөнү, поезд баягыдай үнү шакылдап катуу чыкпай, жай чыгып калды. Көрсө, рельзаларынын кошулган жерлерин башкача бириктирсе керек. Чынында кулак мээни жеген үн кадимкидей жоголду. Кызыгуу артып терезени карап келе жатып, жол дагы тез арбыды. Баягы түгөнбөгөн боз талаадан көрө, жашыл токойдун көркү жогору экенин ушундан улам билинди.
Айтылган саатта айтылуу Казань бекетине келип поезд токтогондо, жол жүрүп чарчаган балдар бирөө кармап калчудай тим эле шашып түшүп, эки жакты карап илгери үмүт менен Ленинград облусунан келип алып кетүүчү кишини күтүп туруп калышты. Баягы Саматтын тозуп алчу кишисинен дайын жок. Самат кыйшык көзүн тик кадап алып, ишенимдүү айткан эле да "силерди ал жактан эки киши тозуп алып, поезд менен же автобус менен алып кетет"- деп. Ушул саам эмнегедир Казань темир жол бекети балдардын көзүнө укмуш суук көрүнүп кетти. Анткени акча таап келебиз деген таттуу ой, улуу максат менен келген балдарда, ушундай бир чоң ишеним бар болучу да.
Аңгыча эле шыпылдап баскан, сыйда кийим кийген, көз айнекчен, көзү жүлжүгүрөөк, бир караган кишиге кореецтердей көрүнгөн, орус тилинде сүйлөгөн, кадимки чиновниктердей көрүнгүсү келген, жапалдаш бойлуу, жашы отуздун сегизине чыгып калган, шашып сүйлөгөн киши келди да, орус тилинде учурашып, анан эле илгери аскерге келген балдарды бөлүп кеткен офицерлердей:
- Сваршиктер бул жакка, шофёрлор тиги киши менен барасыңар, калган сегизиңер мени менен кетсеңер болот. Ленинградга бир апта убакыттын ичинде барганы калдыңар - деп, дароо эле кожоюн болуп алды. Баягы шакылдаган балдар тилин жутуп алышкансып, эч үн дебей эле анын айтканы менен болуп, айткан жагына кетип калышты. Ал эми сегиз баланы маршуруттук таксиге салды да, анан машинанын шофёруна бара турган даректи айтып, салып жиберип албарстынын желдетиндей болгон басыгы менен кайра артка кетип, шыпшайдар өзү калып калды. Эми ал сүйлөсө тилинен чаң чыгат. Деле дем албай сүйлөгөн, сөзгө конок бербеген адаты бар экени дароо эле байкалган. Анткени, тили быдылдап, Самат менен алиги кызынан кем калбайт, бирок ашса ашат. Тили менен иш бүтүргөн кишилер керек болсо, бир күн эле сүйлөбөй калса анда баштары ооруп калышы толук мүмкүн. Көп сүйлөгөн дагы билинбегени менен оору болсо керек. Тиги өзүн Турар деп тааныштырган шыпшайдар, болгону беш мүнөттөй убакыттын ичинде тилинин пайдасын көрүп, көп сүйлөгөндөн өзүнө канагат алды болушу керек. Анткени, эл менен андай алдамчылар сүйлөшкөндөн энергия алабы деген дагы ой пайда болбой койбойт экен. Ооба, анын сөзүнөн алеки саата балдар тажап да кеткенсиди. Балдардын оозуна сөз келген жок, жаңы эле сөз баштап келе жатканда, ооздон сөздү жулуп алып, өзүнүн оюн айтып жатып, эптеп кутулду. Маршурутка шаардын четине чыгып, Балашиха деген шаарчадагы жаңы курулуп, аяктап калган көп кабатуу үйлөргө келип, түшүрүп салып кетип калды.
Айткандай жолдо ката машинанын айдоочусун сөзгө тартып келишти. Орто жаштан өтүп калган, өзүн салабаттуу туткан алиги орус бизди теңине албагандай түр менен берилген суроолорго жооп берип келе жатты. Алган айгы 120 миң рубль экен. Кээде жүз элүүгө чаап барат, азыркыдай чакырыктар болуп калса - деди. Барганга чейин кеминде бир сааттай убакыт өттү. Улам тиги шыпшайдар менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, араң келди, келчү жерге. Ал жерден сегиз баланы дагы шапылдап сүйлөгөн, жаш жигит тозуп алды. Ал дагы сөзгө конок бербеген неме экенин айтырбай эле билинди. Бул жерде көп кишинин көз жашы калып, эмгек акталбай калганын ал жердин сырт көрүнүшү эле айтып тургандай элес берди. Өзүн Олег деп тааныштырган бала:
- Силер азыр 13 - этажга көтөрүлүп чыга бергиле, мен артыңардан барып калам -деди. И, баса силердин бригадириңер ким?-деди. Казань бекетинен эле шыпылдаган Турар кара торусунан келген, орто бойлуу, кыска сүйлөгөн, Карабалта шаарына караштуу Панфиловкалык Шабданды башчы кылып шайлап койгон. Анткени Шабдан өзү жаш болсо дагы бир караган кишиге өз жашынан улуу көрүнүп, баскан турганынан жана көз карашынан көптү көрүп калганы дароо байкалганы дагы себеп болдубу, Турар бир карап эле аны "сен бригадир болосуң, сени менен гана сүйлөшөм" - деген болучу.
- Айтмакчы Шабдан буга чейин басып өткөн өзүнүн отуз алты жашында, эмнелерди гана көргөн эмес.
Жаш кезинен чоң акча кармап,маанилүү иштерде иштеп "мен кыйын"- деген бизнесмендер менен табакташ болуп, алар менен үсөнгү кагыша ат бастырып, билинбегени менен чоң иштерди бүтүргөн. Ошол эле чогуу иштеген акчанын ач көздөрү ойго келбеген акчага кириптер кылып, куйруктарын түйүп , өз жандарын алып качып кеткенде, Шабдан кабагым кашым дебей, карыздан кутулуп, болгон жыйган дүнүйсүнөн ажырап, акыры өзү жаман эркектердей ачкыл сууга берилип кетпей, сырын ичине катып Казакстанга чейин барып иштеп, ал жактан дагы чогуу иштеген балдардын керегине жарап, курулуштун катыгын бергенин кеп кылган.
Олег,шакылдата семичке чагып, көзүн Шабданга кадап:
- Шабдан, мен сени менен гана сүйлөшөм. Азыр айтылган дареке бара бергиле, калган сөздү анан уланталы-деп, жаныбыздан узап кетти. Бул баланын дагы баскан турганы, сүйлөгөн сөзү көңүлгө толо берген жок. Сегиз бала сумкаларын көтөрүп, кабактары салыңкы, аскерге жаңы келген жаш жоокерлердей, иштеп жатышкан өзбек улутундагы балдарды карап, тепкич менен жогору көтөрүлүп чыгып жөнөштү. Чынында эле ал жерде иштеген өзбек балдарынын муздак көз караштарынан эле билинип турду "эмне келдиңер, бул жер нак алдамчылардын уюгу"-деген сөз. Балдар эптеп көтөрүнүп 13 - этажга көтөрүлүп чыгып, жашай турган жерди көрүп эле, балдардын кабактарына кар жаап, үшкүрүнүп эле олтуруп калышты. Эгер, алданышпай, убада боюнча болгондо ушул кезде кабактары ачык Ленинграды көздөй кетип бара жатышпайт беле. Ойго келбеген жорук болду. Ушул жерден билишти, Саматтын чыныгы жүзүн. Болбогон акча үчүн мекендештерин алдаган, кандай жүзү кара кишинин колунан келет. Бир же эки кишини алдаса болот, ал эми он беш кишини алдоого кандай адамдын дити чабат. Бул муздактыкты Шабдандын салмактуу айткан сөзү бузду:
- Балдар, сабыр кылгыла, баары жакшы болот!- деди. Бул айтылган сөздүн артында кандайдыр бир сыр, намыстуу болгула дегендик жаткан болучу. Бирок, ооздон чыккан сөздүн күчү эч таасир бербеди. Шабдан айткандай кантип жакшы болмок эле. "40 миң рублдик айлык жана ак шейшепке жатасыңар, үч маал ысык тамак"- деген Саматтын таттуу убадасы минтип кир жана чаң баскан матрас анан баасы белгисиз иш мостоюп тозуп алып жатса, кимдин эле кабагы ачылсын. Андан дагы ишке көңүлү жок иштеп жаткан жумушчулардын "бекер келдиңер" - деген көз карашы кантип кабакты ачат эле. Балдар соодасы бүткөн сарттай ар бири ар кайсы жерде олтуруп, өз ойлору менен алек болушту. Ушул кезде баары белгисиз бирөөнөн акыл сөз күттү. Бир кезде Берди:
- Балдар, эми биз мындай кылалы? - дегенде ушул сөздүн айтылышын эле күтүп турушкансып баштарын көтөрүп, сөз тыңшап калышты. Берди кабагы салыңкы:
- Биз бүгүн эч нерсе кыла албайбыз. Убакыт кеч болуп калды. Андан көрө эртеңкиге чейин эптеп бул жерде баш калкалап жаталы да, анан эртең чогубуз менен Кыргызстандын элчилигине баралы. Бул шыпылдаган Турар сөзсүз бизди алдайт - деди эле, сөз ушуну менен уланып, ар ким өз ойлорун ортого салышты. Аңгыча эле өзүн кыйын сезген Олег кайдан жайдан пайда боло калды да:
- Балдар, эмне олтурсаңыр? Ишти баштагыла. Ушул этаждын ички жасалгасын бүтүргүлө, үч күндүн ичинде! Айткандай ар бир апта сайын ар бириңерге миң рублдан берип турам, тамак ашыңарга. Ал эми акчаны качан иш бүткөндө эсептешип турууга туура келет. Кимде кандай суроо бар?-деп, тим эле маанилүү сөз айткандай балдарды сыдыра карады. Бул жерден Олег өзүн "колуңардан эмне келет, бул жер менин мекеним"- дегендей кыйын сезип суроолуу карады эле, Шабдан коркуп калгандай эмес, өзүн эркин сезип:
-Олег, биз азыр эле поездден түшүп келдик. Азыр убакыт дагы кеч болуп калды. Балдар тамактанышы да керек. Макул көрсөң ишти эртең баштайлы - деп жоошута айтты. Олег бул жолу макул болуп башын ийкеди да:
-Силер канча күн жол жүрүп келдиңер?- деди, кызыгуусу арта. Бул берилген суроого бою узун, орус тилинде эркин сүйлөгөн, өзү жаш болсо дагы Азат салмактуу сөз алды.
-Олег, сен туура түшүн. Биз үч жарым сутка жол жүрдүк. Андан дагы мындай жерге келип иштейбиз деп күткөн эмес элек. Азыр өзүбүзгө келип алалы. Ишти баштаган эч нерсе эмес. Иштейбиз деп келгенден кийин иштен качат белек - деди эле, өз гана кызыкчылыгын ойлогон Олег "каралар силерге баары жарашат"- деген таисте карады. Эгер өкмөт тың болгондо Ала-тоодо эркин өскөн кыргыз уландарына, өзүн ак сөөк сезген Олег көз карашы менен сынай карап, басынтпайт эле да, анын басынтканы даана байкалды. Бөтөн жердин өгөйсүнткөнү ушул жерден эле башталып, ашыкча сөз ооздон чыкпай турду. Анткени тиги сары чач Олег алдап иштетип жаткан өзбек балдарындай көрсө керек. Так жана маанилүү айтылган сөзгө муюп, башка эч сөз айта албай, тилинин күчү менен акча тапканга көнгөнү жүзүнөн билинип, көксөөсүнө жетпей калган эркек жандай жактырбаган көз караш менен карады да, кара күчкө өкүнгөндөй түр көргөзүп, айласы түгөнгөн адамдай аз убакытка кармалып:
-Макул, анда ишти эртең таң эрте башатагандай болгула - деди да, жанындагы жаш балага башын ийкеп белги берди "кеттик" дегенсип.
Бул окуя менен дагы балдардын шагы сынды. Али астананы аттай элек жатып "иштегиле" -дегени албетте абдан эле өөн учурады.
Балдардын кабактарына кар жаап,алеки саатта түнөргөн күндүн кейпин кийип,ооздоруна сөз келбей, ал турсун бирин - бири жактырбай туруп калышты. Айтмакчы баарын бир гана убакыт калыстап, убакыт гана дарылап коёт эмеспи. Эки бала ортого чыгарылган акчага азык түлүк алып келүү үчүн, эки чакырымдай алыс жайгашкан күркөөдөн шам-шум эткендей бир нерсе алып келишти. Баары текши ылдый түшүп, бошонуп, бети колдорун жууп келишип, тамакка олтурушканда, орус улутундагы бала тартынган түр менен басып келип салам берди да, кайдан келгендерин сурап, сөзгө тартты. Сөз-сөзгө уланып, курсагы ачкан Сергей тамакка карап, өзү жөнүндө чечилип айтып берди:
-Балдар, мен тээ алыскы Якутиядан келгем. Келгеним курусун, алиги Олегге ишенбей деле койсоңор болот. Ал сөз менен гана иш бүтүргөн, калпты куюлуштуруп айтканга жаралып, тилдин күчү менен ырыскы таап жегенге көнгөн мага, силерге окшогондордун арты менен жашаган, куйругун карматпаган неме. Буга мисал катары эле айтайын.
-Мага мына күндө айтат, "айлыгымды эртең берем" деп, бирок али күнчө алдап эле келе жатат. Колуңардан келсе бул жерден кетип эле калганыңар оң. Алиги мени менен иштеген адам Тула шаарынан болот. Азыр ал киши нанга акча таба албай, ачка жүрөт. Айтмакчы, бул айтылган сөздөр Олегге жетпесин. Мен эптеп акча алсам, бул жерден качам го. Чынын айтсам эки айдан бери абдан тажадым. Эгер акча өз убагы менен төлөнсө, анда сөз такыр башкача айтылат эле. Бул жердеги салынып бүтүп калган тамдар, офицерлерге арналып салынып аяктап калды. Жаңы баштаган кезде, айлык абдан жакшы төлөнүптүр. Ал эми азыр бул жерге бөлүнгөн акчалар уурдалып кетип, арзан иштеген жумушчулардын арты менен эле эптеп курулуш жүрүп жатат. Болбосо иш токтомок. Силерге, мага окшогон адашкандар гана мында келбесе, билгендер келбейт-деди. Сөздү Шабдан алды:
-Сергей, сен абдан жакшы сөз айттың. Чынында эле, бул жердеги курулушка бөлүнгөн акчалар уурдалып кеткенине мен ишенем. Баардык эле жерде, башында акчаны жакшы төлөшөт да, анан эле иш аятап калганда акчаны билермандар "ап" эткизип алышып, жумушчулардан качып калышат. Мындай ишти көрүп эле жүрбөймүнбү. Сага ыракмат, бизге аз да болсо маалымат бергениң үчүн - деп, сөз менен жайкап койду. Айткандай эле орус калкы мактоо сөздү абдан жакшы кабыл алышат эмеспи. Өзүнө карата жагымдуу сөз уккан Сергей туура кылдым дегенсип, мактана эки жакты карап алды. Бир жагынан анын боор тартып айткан сөзүн сегиз бала абдан жакшы кабыл алып, анын жүрөгү таза экенине чын ыкластарында ишенип калышты. Болбосо таң эрте туруп, ишти баштоону планга киргизип коюшкан болучу. Ар ким курулуш тармагынада иштегени тууралуу сөз болуп, бул тармакта дагы талаш - тартыш жүргөн.
13- этаждан кечки Москваны карап "Москва көз жашка ишенбейт" - деп таасын айтылган сөздү эске алышты. Ооба, бул сөз абдан туура айтылганына сегиз бала ичтеринен сызып туруп, ишеништи. Анткени атын угуп жүргөн бул чоң шаарга келээрин келип алышып, алгач эле Турар деген алдамчынын тузагына илинишип "эми эмне кылабыз?" - деген суроого жооп таба албай турушту. Ооба, ушул күндү көрөбүз деген миң уктаса түштөрүнө кирген эмес. Ушул абалга алып келген Турар менен Саматтын ата - жотосун калтырбай сөккөндөр дагы болду. Ал турсун азыр экөөнү жолуктурушса жеп жибергенден кайра тартпай тургандай абалда болушту. Өзгөчө бою кыска, Лейлек районунан келген Нурлан абдан капа болду. Анткени ал буга чейин эки жолу Москвага келип, алданган башынан өтүп калыптыр да, көрсө. Баарынан дагы анын болгон дити "менттер келип калбаса экен"- деп абдан санаркады. Менттер абдан көкөйүнө тийсе керек. Аңгыча эле Шабдан биздин ушул жерге келгенибизге түрткү болгон Турарга телефон чалып калды. Бир топ убакыттан соң оңдой берди болуп, шыпылдак телефонду алып калды. Балдар жөн эле жоголгон буюму табылган адамдай сүйүнүп алышканы өзүнчө бир чоң сабак кеп болот. Андайда караңгыда жол табылгандай эле болот эмеспи. Шабдан болгон окуяны түшүндүрүп айтты эле, Турар сөздү угуп болуп:
-Эгер макул болсоңор, анда талаага иштегиле! Жатакана бекер, тамак аш өздөрүнөн, шарты жакшы - деп, дагы шапылдап көп сөздүн башын айтты. Алигидей шарттан ирээнжип турган курган балдар бул сунушка дароо эле макул болуп, кабактары ачыла түштү. "Эки апта тез эле өтөт, ара чолодо акча таап туралы"- деген, баарынын башына келип, жүздөрүн күлкү чайыды. Сөз эми шаңдуу башталып, дагы талаш болду да, анан баары текши 13 - этаждан ылдый түшүштү даарат сындыруу үчүн. Эгер, турмуш кыстап, ичи ооруган адам болсо эмне болот, ага өзүбүз эле ой жүгүртүп көрөлү. Бул абдан опурталдуу жана абдан эле ыңгайсыз абалдагы бир үзүм деп айтсак аша чаппайбыз. Сегиз баланын ичинде бир гана орус улутундагы Александр деген бала бар. Ал Токтогул районуна караштуу Каракөл шаарынын тургуну. Буга чейин эки жолу Россияга келип кетиптир. Эгер, ичимдиктен алыс болгондо бул жакта иштеп жүрө бермек экен. Албетте азыр эркектердин көпчүлүк бөлүгү кекиртектин азабын тартып, канча ырыскыдан куру калып, элден чыгып ишенимден кетишти. Саня дагы өзүнүн сөзү менен билгизип алды, иштен эмне болуп айдалганын. Балдар чогуусу менен даарат сындырып келди да, анан эки киши катары менен басса сыйбаган тепкич менен жогору көтөрүлүп жөнөштү. Боштукка көнгөн, оор иш кылбаган балдар алыска чуркап келген аттардай дем алгандары оор тартып чыкты. Бул кыймылдын жоктугу жана курсакты тамакка тойгузуп, борпоңдукка берилгендин бир белгиси эмей эмне. Ооба, чынында эле шоколад менен бал муздак жеп чоңойгон балдардын колунан кандай иш келет. Жеңил оокатка көнгөн сегиз баланын ичиндеги жаш балдардын акыл айтып сүйлөгөндөрү чынында эле өөн учурайт экен. Өздөрүнөн улуу кишилердин ооздорунан сөздү жулуп алып, сөз бербей сүйлөгөндөрү менен өздөрү эле кагуу жеп жаман көрүнүп алышты. Кимдин ким экенин сүйлөгөн сөзүнөн жана берген суроосунан улам билсе болот. Калыс алып калаган кишиге акыл айткан акасакал адамга жарашат. Бирок, тилдин күчү менен аброй күтөм деген чолок ойго алаксыгандар ар дайым кагуу жегендин үстүндө болот эмеспи. Балдар келип төрт кроватка жатып эс алмай болушту. Чынында эле мындай кыйынчылыкка туш болбогон балдардын ичинен ириде айтылгандай жаш балдар наалып - напчып, күчтөрүн ушул абалга туш кылган Саматтын ата жотосун катырбай сөгүп жатышып, акыры картондорду жыйнап келип, кроватка батпай калгандар жерге жатышты. "Уйку жер тандабайт, күлкү ар тандабайт" - дегендей, баары бир баштан уйкуга алдырып, акыры Алмаз деген гана бала олтурган тейде түн ортосунан оогонго чейин уктай албай, акыры олтурган бойдон ал дагы уктап кетти. Таң эрте туруп, алиги Олегге көрүнбөй кетип калыш керек болучу. Анткени ал менттерге салып берип койсо, айла жок иштегенге туура келет эле да. Андыктан бул жерден тез аранын ичинде кетип калуу үчүн, сегиз бала ыкчам кыймылдап, анан бул жерди таштап Каломна шаарын көздөй жөнөгөнү вокзалды көздөй бет алышты. Эми жолдо ката көтөрүнгөн балдарды орустар бир башкача көз караш менен карагандарына көңүл бурбаганда дагы, менттердин көзүнө чалдыгып калбоо эң негизги план болду. Сыртка чыгып көрбөгөндүн бир белгиси. Алиги Баткендик Нурлан деген баланын чыйпыйы чыгып, корконунан башка балдарды дагы сөзү менен коркутуп жатып жакшы эле жүдөтүп салды. Негизи эле поездден түшкөн белет менен үч күнгө чейин жүрсө болот, бирок тиги Нурлан өзүнөн - өзү эле коркуп алаңдатып салды. Анткени ал ментердин кордугун көрүп калганын узун сабак кеп кылып айтып берген. Бирок, бул тобу менен жүргөн сегиз балага милициялар тийише деле коймок эмес. Сөздүн күчү билинбегени менен кандай күчтүү. Ооба, эгер Нурлан безеленип сөз менен балдарды коркутпаган болсо, бак аралап жашынып басып, корунуп эки жакты карабай кыска жол менен аялдамага эрте барышат беле ким билет. "Коркконго кош көрүнөт болуп" жөн эле өтүп бара жаткан милициянын машиналарынан качып жашынгандары эле, шаарга жаңы келген элеттик балдардын элесин берет десең. Коркуп үркүп жатышып эптеп темир жол бекетине келишип, Каломна шаарына баруучу электричкага олтурушканда гана чоң балээден кутулушкандай сезишти. Чынын айтканда орус эли бизге караганда алда канча эле өнүккөнүн балдар дагы бир жолу өз көздөрү менен көрүштү. Анткени, электричка убагынан бир мүнөт дагы кечикпей келип, айтылган мүнөттө ордунан жылып кетти. Шаардан алыскы жерлерден келип иштеген адамдарга электричка толуп калды. Элдин көптүгүн ушундан улам билсек болот, ар бир жарым саатта электричка каттап турат экен, биздин маршуруткага сыгылып баткан элдердей болуп, электричкага элдин толуп турганы таң калтырбай койгон жок. Анткени, балдарга олтурганга орун жок болуп, туруп барганга туура келди. Ар бир станцияга болгону бир гана мүнөт убакыт токтогондой эле болуп жатты. Ушул аз убакыттын ичинде кишилер жерге түшүп жана кайра электричкага түшкөнгө жетишип дагы жатышты.
Садык эки сумка көтөрүп түшкөн кары кемпирге ордунан тура калып орун бошотуп берди эле, ал жаман көзү менен карап, улутчул экенин жүзүнөн билгизип, бошотулган орунга олтургандан намыстанып, ага эки баштыгын коюп койду да, өзү туруп алды. Ыракмат сөз айтмак турсун, бош орунга олтургандан намыстанган сары чач кемпирдин жүзүнөн " каралар силер мында эмне кылып жүрөсүңөр" - деген сөздү окуп, Садыктын эле эмес, сегиз баланын кабактары бүркөлө түштү. Бул бөтөн элдин кемсинткендеги биринчи белги болучу. Ушул жерден Кыргызстан эске келди. Кыргыздарды кемсинткен элдин тилин улуу тутуп, кыргыз болуп төрөлүп, макурттардай орто жолдон орус болуп калган жаңы киргиздердин жоруктары көз алдыга тартылып, көздөр караңгылаша түштү. Бир кезде алиги орус кемпирдин эки сумкасы жерге кулап кетти, оңдой берди болуп. Катар турган Садык алып берип жардам бермек турсун, кайра ордуна олтуруп алды. Ушул жерден билди кемпир туура эмес иш кылганын. Ал турсун бул окуяга күбө болгон орустар дагы тиги кемпирдин жоругуна нааразы болушутубу, жан адам сөз сүйлөгөн жок. Согушту көргөн кемпири ушуну кылып жаткандан кийин, башкасынан кантип жакшылык күтсө болот. Эгер каралар болбогондо ошол орустар, учурунда басып кирген немистерди жеңе алышат беле. Кайда, баягы ынтымак. Көрсө адамдардын гана жаман көргөнү, сөздү буруп сүйлөгөнү тетири аураны чакырып, бири - бирине туура эмес багыт берип келет тура. Тиги кемпирдин жоругу өзүн дагы жаман абалга калтырды. Анткени Садык жакшылык кылды эле, ал кемпир жакшылыкты билген жок. Жакшылыкты билбеген үчүн, тигинтип карыганда баштык көтөрүп, жалгыз жашап жатса керек. Болбосо андай жаш куракта үйдө жатат эле го. Адамдар ар дайым өздөрүнүн жаман сапаттары менен жашоодон аксап келет эмеспи. Болбосо тиги кемпир орун бошотуп берген Садыкка ыракмат айтса оозуна жарашат эле го. Кайра тим эле бир кезде басып алып, беш жыл согушуп, элин кырган немистин тукумуна мамиле жасагансып, өзүн ак сөөк сезип, бошоткон орунга олтургандан намыстанып, баштыгын койгону бул адамдык сапаттын пастыгы экени билинип эле турду. Эл жаман эмес, элдин кадырына доо кетирген кээ бир түркөй адамдар жаман экенин тиги кемпир дагы бир жолу тастыктап койду. Садык атып жибере турган көз караш менен карап, жаман көрүп калганын билгизип, тиги кемпир менен тиктеше түшкөндө, курчттук кылып, көзүн тартып алган жок. Ушул жерден дагы бир жолу билинди, актык ар качан бийик болору. Тиги кемпирдин көздөрү алсыздык кылып, ирмелип кетти да, көтөрүнүп нары жылды. Бирок ага эч ким орун бошотуп берүүнү ойлогон жок. Анткени ал кемпир өзүнүн кандай адам экенин дароо эле билгизип алды. Эми бул көрүнүшкө күбө болгон жаштар кантип кары кишиге орун бошотуп берет эле. Мына башка элдеги акча табам деп жүргөн мекендештерибиздин көргөн кордугунун бир гана үзүмү. Ал эми кыргызстанда орун бошотуп берген оруска кыргыз кемпири эч качан жагымсыз мамиле жасабайт. Анткени биздин эл меймандос элдин тукуму экенин эстен чыгарбаганыбыз оң.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 18:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Сегиз бала Каломна шаарына келишкенде, аларды "пазик" автобусу менен үч орус аял тосуп алды. Алар кеминде бир сааттай убакыт күтүп калышса керек. Көздөрү көк, анан толугунан келген аялдар бир аз бир нерсе сеп этип алышса керек. Мунун себеби тиги үчөө сөзгө конок бербей бажылдап калышыптыр. Негизи эле орус калкы көп сүйлөгөн анан сөз талашканга ылайыктуу калк келет эмеспи. Алар "чу"дегенде эле мактанып киришти "бизде мынча өзүбек, мынча молдован, мынча тажик иштейт"- деп.
Ачык ооздук биздин элге орустардан келгенби деген дагы чукул жерден ой пайда болду, сегиз балага. Каломна шаарында тээ илгери мындан эки үч кылым мурда салынган имарат алгач эле көзгө урунду. Кайран союз тараганы бул шаарга деле көңүл бурулбай калса керек, анткени жаңы салынган имараттарды көзгө урунта алышпады. Автобус Каломна шаарын артка таштап, батыш жакты көздөй жөнөп берди. Жол жээгиндеги карагайлар, бак - дарактар көзгө абдан жакшы көрүнүп, көңүлдү өзүнө буруп турду. Жажылдаган үч орустун сөзүнө көңүл деле бурган адам жоктой сезилип, ар ким өз ойлору менен алек болуп баратты. Берди ушул жерден дагы тиги көп сүйлөгөн аялдар жыргатып жибербегенин ички тую сезими менен сезип турду. Анткени алар кудум Турардай болуп тим эле тилдери тилдерине тийбей сүйлөп, сөз менен жыргатып салышты. Андан дагы улуу аял затына ылайык келбеген уят сөздөр менен сөгүнүп сүйлөп, чычайтып тамеки чеккендери чынында эле адам баласынын көңүлүн ирээнжиткени узун кеп. Баарынан дагы тиги үч аял дароо эле өздөрүн кожоюн сезип алышкан, илгерки кулдарды сатып алып жатышкансып.
Жай мезгилинин башы болгон үчүн айлана жашыл түскө боёлуп, көз көркүн ачкан кооздукту тартуулап турду. Чынындыгында бак - шак кандай кооздук тартуулайт. Тоонун көркү мал менен, түс жердин көркү бак - дарак менен экенин ким тана алат. Жол жээгинен жөн эле көздү алгың келбейт. Улам автобус алдыга жылган сайын, жашыл көйнөк кийген селкидей, биринен бири өткөн бак - дарактар түгөнбөй, жол арбып баратты. Түнү санаа чегип жатып жакшы уктабай калгандар дароо эле куш уйкуга киришти. Тиги жажылдаган орус аялдардын сөзүн эки бала эле угумуш болуп олтурганы болбосо, башкаларынын көздөрү илинип, же дагы кандай жерге туш болобуз деп санаа чегип бараткандары алардын өңүнөн эле билинип турду. Бир сутка илгери ушул кезде жаңы гана Москва шаарынын четине келишип, алдыда эмне күтүп турат билишкен эмес эле да, он төрт тагдыр. Калп айткан менен болобу жол түз жана кенен салыныптыр. Түз жолдо автобус дагы катуу ылдамдыкта бара жатты. Чер токойго бай кең Россиянын жери түгөнбөчүдөй. Эгер биздин тоолордой бийиктик болгондо автобус анда уңулдап кыйналганы билинип калмак. Бир кезде алиги эки орус аялдын бири жол жээгин көргөзүп:
-Мына бул жер биздин айылга тийешелүү жер - деп, эгин себилген талааны колун созуп көргөздү. Бул айтылган сөз менен балдар келчү жерге келип калгандарын билишти. Аңгыча эле автобус жолдун сол тарабына бурулуп, анан эки жүз метрдей жүрүп, эки этаж болуп салынган узун үйдүн алдына келип токтоду. Балдар кош көңүл автобустан жүктөрүн алып түшкөндө, алардын көзүнө алгач эле өзбек балдар көрүндү. Бул жерде тиги үч орус аялдын айтуусунда кырктай өзбек бала иштейт имиш. Аңгыча эле үйдөн жабыла эки үч аял чыга калышты. Алардын ичинде узун эки этаж болуп салынган жатакананын коменданты бар экен. Балдарга алдына ала даярдалган эки бөлмөнү көргөздү. Мурунку күнү орун жетпей калгангабы, алгач төрт бала шашылыш кирип эле орун алганга үлгүрүштү. Андайда улууну сыйлоо деген эске дагы келбей калат экен. Эптеп эле "мен жетишип калайын, башкасы эмне болсо ошол болсун"- деген ой ээлеп алат белем. Шашкан төрт бала, ремонту жок бөлмөгө кирип алышканын кеч билип калышты. Ал эми шашпаган берки төртө тыкан анан таза бөлмөдөн орун алышып кабактары ачыла түштү. Өз гана кызыкчылыктарын ойлогон баштагы шашкан балдар абдан өкүнүп калышты. Кечке чейин жууркан төшөк алышып, комнаталарын жыйнаганга үлгүрүштү. Бул жер бир жагынан караганда жашоо шарты жакшы болгону менен иш жагы жана айлык маселеси көкүрөктү өйүп турду.
Кечки саат жетилерде баягы балдарды салып келген автобустун ичи толо өзбек улутундагы балдар талаа ишинен келип калышты. Мына чурулдакты айтпа. Баягы балдар дароо эле жуунучу жайга киришти да, кезек менен жуунуп чыгышкан соң, тамактанышты. Буга чейин эле орус тилин чала чарбыт билген өзбек бала бул жерде ашпозчу болуп иштеп жатканын айткан. Ал жасаган тамагын бөлүп берген соң, чоң иш бүтүргөн адамдай чылымын чычайтып чегип сырттагы столго көчүк басты. Чоочун короого түшүп калган койдой сегиз бала өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Тиги өзбек балдар курсактары тойгондо гана кызыгуулары арта бирден келип баш багып, суроо бере башташты. Алар чынында орус тилинен абдан эле начар экени билинип калды. Анткени тиги сегиз бала алар берген суроолорго түшүнбөй калышып, орус тилинде сурашты эле, өзү жаш болсо дагы өз жашынан алда канча улуу көрүнгөн, жаагына ичке кылып сакал коюп алган Жамшит деген бала арданып кеттиби:
-Силер өз тилиңерде эле кеп ура бергиле, биз түшүнөбүз деп, таарынгандай түр менен карады. Алиги Баткендик Нурлан менен Тойчу деген бала алардын сөзүн так түшүнүп, котормочу болуп алды.
Алар дароо эле наалып сүйлөп, иш эртең менен жетиде башталып, кечки жетиге чейин талаада картошка, капуста, кызылча отоп иштөө керек экенин анан айлык маяна бир айга он эки миң рубль болорун айтканда, шаардан чыгып көрбөгөн жаш балдардын дароо эле кабактарына кар жаап, ал жерден дагы Турар менен Саматты сөгүп эле жатып калышты. Бою узун, кеминдик Азат деген бала чыдабай кетип олтурган ордунан тура калды да:
-Мындай акчаны мен шаардан он, он беш күндө эле таап коймокмун! - деп, үнүн өктөм чыгарып ачуусу келгенин билгизди эле Шабдан сабырдуулукка чакырып:
-Азат, биз бул жерде ашып кетсе эки гана апта болобуз, аны булар укпай эле койгону оң. Эмне ачууга алдырасың. Турар сөз бербеди беле, эркекче " эптеп эки апта чыдап бергиле" - деп. Үмүт деген неме кандай жакшы нерсе. Адам баласы качан болсо бир гана үмүт менен жашап келген эмеспи. Шабдандын айткан сөзү чынында эле дем берди. Эки апта убакыт тез эле өтүп кетет. Өзбек балдар кажылдап бир нерселерди эле айтып жатышты. Кээ сөздөрүнө түшүнсө, кээсине түшүнө бербей турушту. Аңгыча эле молдованкалар келишти, сөзгө тартып. Алар орус тилин жакшы билишет экен. Сегиз балага алар дагы таң калышты, так орус тилинде сүйлөй билгендерине. Айтмакчы ал жердеги иштегендердин көпчүлүк бөлүгүн өзбек менен молдовандар түзөт экен. Ошол себептен өзбек балдардын он чактысы молдованкаларга баш байлап алышыптыр. Тактап айтканда гражданский брак менен жашашат тура. Орус тилин чала сабат билген өзбек балдар үйүндөгүлөргө билгизбей аял алып алышканын ошол күнү эле байкалды. Анткени үйлөнгөндөр бирден бөлмөнү ээлеп алышыптыр. Бойдоктор үчүн төрт кишиге бир бөлмө тийшелүү экени алгач келгенде эле анык болгон.
Ал күнү сегиз бала өздөрүнчө тамак жасап ичишти да, анан жатып калышты. Албетте мурунку күнгө караганда бүгүн минтип ак шейшепке жатып, аз да болсо кабактары ачык. Андайда кайдагы уйку. Терезеден айдын сүтөй ак нуру төгүлүп, бөлмөгө жарык нурун чачып турду. Уйкусу качкан Шабдан ойго жатканын билгизип, катарлаш жаткан Бердиге суроо менен кайрылып калды:
-Уктадыңызбы? - деп. Анткени Берди өзүнөн улуу болучу. Берди кабагы салыңкы:
-Кайдагы уйку! Кандай гана таттуу кыял, жакшы пландар менен келип, минтип орустун талаасында иштеп калам деген түшкө дагы кирген эмес. Мен шаардан эле байкагам, Саматтын алдап жатканын. Анткени көп сүйлөгөн, убадага бай адамдар ар дайым алдоонун үстүндө болот. Шабдан сен мени бузуп жатат деп ойлобо. Бул Турарга дагы мен анча ишене албай турам. Билбейм, эмнегедир эле көкүрөгүмдү бир нерсе ээлеп тургандай. Байкадыңбы, Турар биздин жүзүбүздү тик карай албай жалтактаганын. Шабдан кабагы салыңкы:
- Эмне кылабыз. Мен ушул жашка келгени алданып эле келе жатам. Керек болсо койнумда жаткан никелеш аялыма дагы алданып калган ишенчээк адатым бар. Кандай жүзү кара бети жок адамдар келечегин ойлобой алдашат билбейм. Азыр керек болсо мен чогуу келген сегиз баланын кимиси кандай адам экенинен бери анализдеп койдум. "Адам аласы ичинде, мал аласы тышында"- деген кеп бар эмеспи. Канча убакыт бирге иштейбиз, деги бири - бирибиз менен урушпай кетсек экен. Өткөн жылы эле өзбек менен кыргыз урушуп, ортодо кан төгүлөр болуп өтпөдүбү. Мага жана комендант чакырып алып айтканда гана эсиме келди. Ал айтат "өзбектерге теңелбегиле, урушпай жашагыла" - деп. Көрсө ал былтыркы болгон Оштогу уруш бул жерде дагы кайталанбасын" -деген максатта айтып жатыптыр. Мени ойго салган маселе мына ушул. Ушул жерге келгенге чейин эле ортодо кандай келишпес сөздөр болду. Баары эле акылдуу. Жок дегенде алиги мадыра баштар акылдуу сынбай эле коюшса болот эле. Бул айтылган сөз менен Берди дагы ойго алаксып кетти. Бир чети Шабдан абдан маанилүү сөз айтты. Анткени, алиги балдардын ичинен бирөө Авганстанда кызмат кылгангабы, абдан эле нервный экени байкалган. Ал эми жалгыз орус Саша ичимдиктин фанаты экени, алгачкы күнү эле билинип калды. Сегиз баланын сегиз башка кыял жоругу, сегиз башка ой тилегин ким түшүнүп, ким теске салат. Чынында эле азыр илгеркидей улуу адамдын сөзүн угуп калуу болсо анда сөз башка эле. Тилдин учу менен баарын кыйратып салган адатка айланбадыбы. Бөтөн эл, бөтөн жерде сый болгонго эмне жетсин. Кечинде эле тамак ичилгенде ортодо кайым айтышуу болуп өткөн "тасмалды сен жыйна, мен жыйнабайм" - деген талаш менен. Ооба, ар ким өз дараметине жараша ой жүгүртүп, өз дараметине жараша сөз сүйлөрүнө турмуш өзү калыс. Шабдан тээ бир кезде кайра сөз улады:
- Уйку келбейт. Эгер Турар сиз айткандай алдап кете турган болсо анда эмне кылабыз? Мен абдан чоң максат менен келген элем. Болбосо Астанага жакшы ишке чакырганда болбой койгон элем да. Кап! Мындай болорун билгенде анда ал жакка кете бермек экенмин. Мен бул жакка келүү үчүн акчаны төлөп салганда, кошуна жашаган бала келип айткан "Пенза шаарына барып иште, жол кирени өздөрү төлөйт. Ал облустун губернатору биздин айылдан. Ошол себептен балдардын жолун өзү төлөп алып кетип жатыптыр. Анткени ал жактагы орустар иштебей эле ачкыл сууну кубалап ичип, иши жакшы болбой жатса керек. Муну билгенде ал жакка деле кетип калбайт белем. Айтып олтурсу арман аттын башындай. Ушул жашка келгени алданып эле келе жатам. Эми байке, тиги балдарга терс сөз айтпай, аларды колдон келишинче сабырдуулукка чакыралы. Болбосо адамды адам бузат эмеспи.
-Туура сөз айттың, Шабдан. Сөздүн күчү жаман. Адам жакшы сөздүн кулу. Ким жакшы сөз айтып жана жан тартып сүйлөп койсо ээрчип кеткен акылы тайкы, алдыны көрө албаган адамдар четтен чыгат. Балким Самат деле бизди алдайын деген эмес чыгар. Бирок ушунча адамдын тагдырын мойунга алып жаткандан кийин ойлонуп иш кылса деле болмок. Эми калганын убакыт көргөзөт. Бул жактан Кыргызстан кичине эле мамлекет болуп байкалат экен. Баардык жаман, ыплас нерселер адамдар көп байыр алган жерде болот. Мен кечээ поездден түшкөндө эле байкагам, алданаарыбызды. Анткени, биз чындап керек болсок, Бишкектен айтылган эле да "төртүнчү поезд менен кетишти"- деп. Анан бизди эч ким тосуп алган жок го. Кайра биз тиги Турарды эле канча убакыт күтүп калдык.
-Ооба, эгер биз сиз айткандай керек болсок, анда зарыктырбай тосуп алышат эле. Мен дагы Казань вокзалынан абдан жаман акыбалда калдым. Сөз дагы уланат беле, сырттан түнкү тынчтыкты бузуп берки бөлмөдөн орун алган Саша кызуу абалында кирип келип чылым сурап калды. Бул анын жөн гана шылтоосу болучу. Ал ичкенден кийин бир орунга олтура албай калган адаты бар экен. Шабдан жаздыктан башын көтөрүп:
-Саша, хватит, иди свой комнату. Люди спять -деди эле, Саша темселей басып чыгып кетти. Бул эми адепсиздик эмей эмне. Мындан ары сөз деле уланган жок. Анткен менен түнкү уйку акырындык менен кучагына алып, айтыла турган армандарга бөгөт койду.
Эртең менен саат алтыда турушуп, жуунуп келишти да, анан бир чыныдан чай ичкенче эле, бир саат убакыт өтүп кетип, өзбек балдар менен бирге сегиз бала автобустан орун алышты. Таңкы күндүн нуру биз жактан тоонун башынан кылтыйып көрүнсө, бул жерде карагайдын башынан көрүнөт экен. Күн чыгыш жак кеминде үч жүз метрдей бийик болуп, ал бетти калың карагайлар каптап өзүнчө кооздук тартуулап, бөксө тоодой көзгө урунуп турду. Негизи эле адам баласы үчүн алгач көз айлана - тегерекке урунат эмеспи. Бул жердин дагы жаратылышы адамды өзүнө буруп турат экен. Сары түстөгү автобус чоң жолго чыкты дагы, эки чакырымдай жүргөндөн кийин, кайра оң тарапка бурулуп, талаа өсүмдүктөрү жайкалып жаткан тарапка жакындап бара жатты. Алгач төрт молдованка аялды түшүрдү. Аларга узун туурасы бирдей, толугунан келген, көзү тик караган Нина Ивановна деген аял тапшырма берди.
-Түшкө чейин редискаларды отоп бүтүргөнгө аракет кылгыла. Анан силерге башка иш берилет деди. Эми талаанын көркү бир умуш. Баарысы ирээти менен тигилиптир. Алгач өзбек балдарды сабиз тигилген аянтка түшүрдү да, анан сегиз кыргыз баланы капуста талаага алып келип, бирден колдоруна кичине кетмен берип, отогула деди. Бир жагынан Нина Ивановнага кыргыз балдардын орус тилин эркин сүйлөп, ойлорун толук түшүндүрө алганы абдан жакты белем, жакшы ой менен айтты:
-Балдар эми силер иштейин деп келгенден кийин, таза иштегендей болгула. Мен ушул талаада союз тараганы эле иштеп келе жатам. Ото чөптү тамыры менен кыйбасаңар, эртең эле кайра баш көтөрөт. Андыктан силерден өтүнүч ото чөптөрдү таза отогондой болгула- деди. Азат тиги аялдын жай айткан сөзүнө ыраазы болуп:
-Нина Ивановна, эгер катуу тийбесе айтсаңыз? Бул жерде иштеп калсак айлык маяна канча болот?- деди. Так жана орус тилин акцентти жок сүйлөгөн Азатты таң кала карап:
-Силер баарыңар орус тилин жакшы билесиңерби? - деди, берилген суроого жооп бербей кайра суроо узатып. Анын себеби тажик жана өзбек балдар тил жагынан абдан эле кыйналганын үстүртөн кеп кылып өткөн болучу, буга чейин. Азат эч тартынбай:
-Бизде кыргыз тили менен орус тили бирдей калыпта сүйлөнөт. Ал турсун орус элинин түшүн жооруп дагы бере алабыз деп, оозуна алы кебей ашыкча сөздү оозунан чыгарып жиберди. Нина мыйыгынан күлүп:
-Мен ойлогон элем, кыргыздар келе жатат дегенде "Алар менен дагы тил табыша албай кыйналат экенмин"- деп. Бизде айтылган кеп бар " керек болсо душманыңдын дагы тилин үйрөнүп ал, анын зыяны жок"- деген. Мен эч ойлогон эмес экенмин, кыргыз калкы сабаттуу болорун. Кой эми сөздү улабай ишке киришели - деп, берилген суроого жооп бербей, алаксып калды.
Ошентип сегиз бала колдоруна кетмен алып талаа ишине киришип, ар ким өз ойлору менен алек. Ар бир солго бирден түшүп, узундугу эки чакырымдай келген капустаны отоп жатышып дагы сөгүнүүлөр болуп жатты. Баары эле Самат менен Турарды сөгүү менен өздөрүнүн ичиндеги армандарын билгизип, ичтерине сыйбаган жек көрүлөрүн сыртка чыгарып жатканы билинип турду. Кара торусунан келген мурду коңкогой Садык:
-Балдар эс алып чылым чегип албайлыбы?- деп калды, жарым саатка жетпей. Ушул эле сөз керек белем, баары жапырт жерге олтура калышты. Аңгыча эле кайдан жайдан пайда боло калганын ким билсин, алиги толугунан келген аял жакын басып келип:
-Эмне олтурдуңар, иштегиле. Силер бул жакка иштегени келдиңер беле?!- деп, көзүнүн чаарын чача карады. Бир жагынан аныкы деле туура. Ишти жаңы эле баштап, али ишеничке кире электе эле жапырт олтура калган балдардын жоругу, ага жакпай калды. Анткени ал иш жаңы башталганда эле эскертип айткан "тигил жакта директор дүрбү менен карап турат"- деп. Эки жүз метр бери жакта иштеп жаткан өзбек балдар ишти алда канча эрте башташса дагы али олтуруп эс албай иштеп жаткандары дагы себеп болдубу:
- Карагыла, тиги өзбек балдарды. Алар эки саат иштеп он беш мүнөт эс алышат. Силер али иш баштала электе эле олтурганыңыр болбойт. Эскертип койгонум оң. Жаман - жакшы айтышпай сый бойдон калалы - деп, сөзүнүн аягын жай бүтүрдү. Шабдан башын ийкеп:
-Макул, эми бул жорук кайталанбайт - деп, айтып, кыргыз тилинде:
-Кимдин чылым чеккиси келсе, жалпы олтурбай бирден олтуруп эле чеккилечи. Келе элек жатып жаман көрүнүп албайлы. Эптеп эки апта чыдап айткандарын аткарып туралы. Акча алганыбызга дагы туура болуп, жүзүбүз жарык болот.
Немистин офцериндей какайып тик көзү менен караган Нина эми жаныбыздан алыс кетпей калды. Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Өмүрү талаа жумушунда иштеп көрбөгөн шаардык балдарга жаман болду. Алардын кыймыл аракеттери дагы олдоксон болуп, атакелери менен апакелеринин кадырын ушул саам билишти белем, колдору ишке тийе электе эле тердеп чыгышты. Андан дагы немистердин офцериндей болуп бир орундан жылбай Нинанын дагы туруп алганы чылымдын кулуна айлангандардын кыжырын келтирди. Качан гана тиги какайып турган Нина чылым чеккенге уруксат бергенде ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып баары жапырт жерге олтура кетишти. Өзгөчө атасынын өчү бардай чылымды тынымсыз чеккен Садык күч менен үшкүрүнүп алды. Эх жашоо, адам баласы көрсө жеңил оокатка кандай тез имерилет. Тээ илгертен эле жашап келе жатпайбы, жалкоолук менен жаман сапат илээшкен уйгактай болуп жабышып келе жатканы, адатка айланбадыбы. Балдар олтуруп чылым чегишкени менен өз тилдеринде бир нерсени талкуулап жатканын Нина түшүнүп байкоо салып, бирок сөзгө аралашып кете албай, окчун жерде сөз тыңшап, көз кыйыгы менен карап турду. Сөздү Берди алды:
-Балдар, эгер макул болсоңор биз бул жерде ашып кетсе эки апта болот экенбиз, Турардын айтысуу боюнча. Ынтымакты кармап, эч сыр бербей сыйыбыз менен кетип калалы. Ансыз деле тиги өзбек балдар бизге карата көз караштары түз эместей. Анын себеби, былтыркы Ошто болгон жаңжалды жакшы билесиңер. Бул сөз айтылганда сөздү Шабдан алды:
-Абдан туура сөз айтылды. Сабырдуу болуп, сыр бербегендей бололу. Баса, азыр биз айлык жөнүндө кеп козгобой тура туралы, анын дагы өз учуру келет. Шашпай баарын убакытка коюлу. Азат кабагын бүркөп:
-Ушул иште иштей турганымды билгенде, келбейт элем. Силер айткандай сабыр кылалы. Садык чылымынын түтүнүн асманга үйлөп:
-Башка айла канча! Мага бул жердин жакканы жатакана жагы болду. Кап! Илгерки союз учуру болгондо, анда айлык абдан жогору болмок. Силер байкадыңарбы. Бул жердин эркектери иштебейт экен. Директору аял, бригадири аял, болгон башчылары аялдардан куралыптыр. Демек, биздеги кемтик буларда деле бар экен. Дегеним бизде деле акча тапкан көбүнчө аялдар го. Базарга чыккан, иш издеп чет элге кеткендердин көбү аялдар эмеспи. Менин баамымда бул айылдын эркектери бухайтетип эле үйлөрүндө жатышат окшойт. Эртең менен биз ишке келе жатканда дүкөндүн жанынан үч кишини көзүм чалды, пиво ичип олтурушуптур. Сөз ушул жерге келгенде команда болду "тургула" -деген. Балдар жапырт туруп, капуста ото менен алек болушту. Чынында бул жердин агроному абдан эле иштин көзүн билген адам экени капусталардын тигилгенинен эле билинип турду. Кара топурак жерден, бир таш табууга болбойт. Техниканын өскөнүн ушундан улам билсек болот. Ото чөптөрдөн арылтуу гана кол менен болбосо баарын техника жасары байкалды. "ДТ - 75 " маркасындагы трактор менен сугарышат экен. Арык менен сугарууну эбак эле унутушкан өңдүү. Андан дагы бул талаа жумушунда бир дагы орус улутундагы адам иштебегени дагы дайын болду . Алар үчүн талаа ишинде иштөө пастыктын белгисин берсе керек. Биздин мамлекетке окшогон билермандары чабыр өлкөнүн гана адамдары келип он эки саат, дем алыш күн жок иштеген бул айылдын салтына айланып калгандай. Тез эле түшкү дем алуу убактысы болуп, балдар күткөн команда кулакка угулуп калды. Автобуска олтуруп, жатаканага келишкенде, Нина бир сааттын ичинде тамактанганга үлгүрүү керек экенин катуу эскертти.
Иштин биринчи күнү дагы аяктады. Түшкү дем алуу убактысына чейин убакыт тез өтүп, күндүн экинчи бөлүгү абдан тажатып жиберди, узак убакытка созулуп. Кечинде сегиз бала буттарын тарканга жарабай келип эле кроваттарына кулашты. Он эки саат иштөө, болгондо дагы талаа ишинде иштеген азапты азабы болду. Жеңил ишке көнө түшкөн сегиз бала иштин алгачкы күнү эле билишти, мындай жерде көпкө иштей алышпастарын. Чынында эле кара жумушка көнбөгөн денелери абдан кыйналды. Бир кыймылдап койбой жаздыкка баштары тийери менен уйкуга кетишкендери бир жагынан күлкү келерлик иш болду. Анткени, тиги өзбек балдар иштен келип алышып футбол ойноп, чарчоо эмне экенин билишпей, кээси орустардын огородорундагы картошкаларын түптөп берүү үчүн кайра ишке кеткендери, алардын ишке бышканын көргөзүп турбайбы. Шабдан бир саатка чукул уктаган соң, сыртка чыгып баарын байкады. Тиги өзбек балдар менен молдовандар бул жерде өз киши болуп калышса керек. Анткени кадимкидей машиналары бар, ал турсун бири - бирлерине үйлөнүп алышканы дагы көп жыл бул жерде жашап калгандан белги берип турду.
Бул жердин бир жакшы жери суусу абдан таза экен. Андан дагы жашоо шарттын жакшылыгы көңүл көтөрдү. Жылуу суу, жуунганга ылайык шарттын бардыгы, андан дагы иштен кийин эч кимдин иши жок каалагандай эс алганга болору алгачкы күнү эле билинди. Анткен менен акча табуу үчүн келген балдарды айлык маселеси ирээнжитип турду.
Убакыт өз калыбынан жазбай өтүп, бир апта убакыт билинбей артта калда. Ушул убакыттын ичинде орус тилин эркин сүйлөгөн балдар алиги какайып турган орус аялдын тилин таап алганга дагы үлгүрүштү. Өзгөчө Азат ага жөн эле сөз бербей сүйлөп, өмүрү мындай иште иштебегенин айтып, эс алуу убакыттын көбүрөөк болушун суранды. Негизи эле башка улуттарга караганда калп айткан менен болобу орус калкы түшүнүктүү келет эмеспи. Кыргыз балдардын өтүнүчүн туура кабыл алып, жумасына бир күн эс алууга уруксаат беришти. Ал эми бул жерде иштегендерге эс алуу күн деген болбойт экен.
Бир күнү ал жерде көптөн бери иштеген өзбек келин кечки эс алуу убактысында арманын айтып калды:
-Силер абдан туура иш кылдыңар. Биздин өзбек балдар бетке эч сөз айта алышпайт. Арттан гана сүйлөп, ишке келгенде абдан эле чечкинсиз. Андан дагы орус тилинде сүйлөй алышпайт. Мына силер келдиңер дагы, аптанын бир күнүн эс алабыз деп, дем аласыңар. Ал эми биздин балдар андайды айтып, иш жүзүнө ашыра алышпайт. Орус тилин билгендер тигинтип молдованкаларга үйлөнүп алышып, тиги жактагы аялдарын, балдарын унутуп коюшкан. Эми тиги Бохрожан, Ленанын артынан калбай, канчыкты ээрчиген дөбөт иттей ага үйлөнөм деген оюн иш жүзүнө ашыра албай жүрөт. Ага канча акчасын коротту. Күндө шаколад алып берет. Бир эки жолу Лена дагы өзүнүн даамын таттырып койсо керек. Бохрожандын үй-бүлөөсү өзбекстанда үмүт менен күтүп жүрөт, "качан акча салат" деген ойдо. Бул болсо болгон акчасын дини башка, тили буру бирөөнө чачып, алакандай нерсе үчүн артынан калбай жүргөнүн өзүңөр деле байкаган чыгарсыңар. Бул өзбек улутунун эркектери " аял" дегенде тим эле жандарын беришет го. Эң алгач бул жерге мен келген болчумун. Акырындык менен буларды тарттым. Улам келгени тааныштарын чакырып жатышып, акыры минтип молдовандардын күйөө балдары болуп чыга келишти. Алгач келгенде баары момун болучу. Эми минтип мени көздөрүнө илбей, кыз алган жарларындай тиги жүн баштардын көзү менен тең айланып, оозунан эмне сөз чыкса аткарганга жан үрөп жүрүшөт. Айтпайын дейсиң, баары айтпасам деле билинип турбайбы. Кара тору, толугунан келген, өз жашынан алда канча кары көрүнгөн Феруса карагаттай болгон кара көздөрүн алсыз ирмеп, өзүнүн жердештерине нааразы экенин билгизип алды. Бир жагынан ал эне болгон үчүн, тигилердин үй - бүлөөлөрүн аяган үчүн ичине толгон бугун чыгарып айтып алды. Кайда болбосун кыз өз жагына тартат эмеспи. Ферузанын деле айткан сөзүндө эч калет жок. Ал деле өзүнүн улутташтарын жакшы болсо гана деген ой менен айтып жатканын түшүнүп кабыл алуу эле болуп турду. Бир кезде Феруза кабагы ачык:
-Мен ушул жашка келгени кыргыздар абдан чечкиндүү анан орус тилинде эркин сүйлөрүн билбептирмин. Силер сегиз кыргызсыңар, баарыңар ойлоруңарды тиги жүн баштарга ачык айтып, талап койгонуңар мага абдан жакты. Андан дагы эки жолу президентиңерди кууп салып алмашканыңарга таң берем. Бизде андай эмес. Арттан сүйлөп коюшат дагы, анан иш үстүндө эч иш бүтүрө алышпайт. Кечээ жакында Каримов Андижандан канча кишини аттырып салды, ким эмне кыла алды. Мага азыр кыргыздарга карата жакшы ой пайда болду. Тээ илгери уккан элем, кыз кезимде, мектепте окуп жүргөндө "кыргыздар көчмөн, баатыр эл болот"-деп. Чын эле силерде баатырдык сапаттар бар экен. Аны сегизиңер эле билгизип койдуңар. Сөзгө келбеген Нина Ивановнаны эпке келтирип алганыңар эле билинбегени менен эмне деген чоң иш. Силерге жеке эле орустар эмес, молдованкалар дагы кызыгып калышты. Ар бир кишинин тилин таап, тил табышып кете алат экенсиңер. Кечээ биз менен чогуу иштешип калбадыңарбы, анан силер бизден биринчи ишиңерди бүтүрүп, анан жардам берип жибердиңер дагы чогуубуз менен эс алууга олтурганыбызда, силерге абдан ыраазы болдук. Аял кишиге кичине эле мээрим керек. Силердин артыңардан азыр абдан жакшы сөздөр жүрүп жатат - деди. Андан дагы алиги салынып жаткан чоң тамды беш эле кыргыз бала салып коюшкан. Алар азыр бул жерде жок, башка жакта иштеп жатышса керек. Алардын ишине орустар абдан таң калып жатышат. Мөөнөтүнөн мурда ишти бүтүрүп, кетип калышты. Негизи эле кыргыздар баардык жагынан өнүккөн окшойсуңар? Бул сөздү укканда Шабдан башын ийкеп, ичинен эзилип турду "силер биздин ичибиздеги чыр чатакты билбейсиңер да, эгер биз алданбаган болсок, анда минтип талаа ишинде иштебейт элек"-деп ичинен сүйлөнүп алды да, бирок аны сыртка чыгарган жок. Ооба, чынында эле ар бир адам сыртынан зыңгырап көрүнгөнү менен анын ичи кандай экенин ким билет. Анысыңары сегиз бала деле сырттарынан сыр бербегендери менен бир аптанын ичинде канча урушуп канча табышты. Аны тиги өзбек келин билбейт да. Билбеген үчүн кызыгуусу арта, жакшы сөзүн арнап, кызыгып жатат. Ооба, чынында эле Ферузанын айтканы дагы бир жагынан туура. Атайын акча табам деген изги ой менен келип алышып, бул жактан аял алып алышканы албетте, түшүнгөн кишиге туура эмес. Кайран гана алыстагы алардын үй бүлөөсү, бала - бакырасы кандай таттуу тилек менен күтүп жатышат. Баарынан дагы кудум - шудумду билбеген наристелердин таттуу тилектери, кыялдары, жакшы ой менен күтүү азабын тарткандарын ойлоп көрөлүчү. Ошонун баарынан өз гана кызыкчылыктарын артык көрүп, дини башка аялга баш ийип кеткен баам салып караган кишиге эмне деген жеңилдикке берилүүнү айтып турат. Феруза ушунун баарын ойлогон үчүн, үй - бүлөөсүнөн башка аялдарды артык көргөн өзүнүн жердештеринин жоруктарына капа болгон үчүн чечилип сүйлөп жатканын түшүнүш да керек. Албетте аял затынан өткөн боорукер жан барбы. Ошол себептен бекер жерден "аял үйдүн туткагы"- деп айтылбаса керек. Айткандай, Феруза кыргыздарга келин болот экен. Анын бул тийген күйөөсү экинчи никеси экен. Ферганалык кыргыз жигитке турмушка чыгыптыр. Бирок ал жигити кыргыз болгону менен кыргыз тилин билбей өзбек тилинде сүйлөйт, аны эч ким кыргыз деп ойлобойт. Аны балдар түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилинде сүйлөбөй өзбек тилинде сүлөгөн түштүктүк кыргыздар толуп эле жатпайбы. Өзбектердин бир жакшы жери тилин сатпаганы. Эмне болгон күндө дагы өзбек тилинде сүйлөшүп, эне тилди бурмалабаган сапаты бар экен.
Жайдын күнү күн узун болот эмеспи. Саат жетиде иштен келгенден кийин эки - үч сааттай эс алып, футбол ойногонго туура келет. Кыргыз балдар баштагыдай чарчап жаздыкка баш койгондон алыстап, бул жактын шартына көнүп, иштен келгенден кийин тиги өзбек балдар менен топ ойногонго өтүшкөн. Өзгөчө эртең эс алабыз деген күнү баарынын көңүлдөрү ачык болуп, шаңдуу жүрүшүт. Баягы илгери үмүт менен күткөн эки апта убакыт өткөнү да калды. Бирок, план өзгөрүлүп, Турар алтынчы күнү келип кетмек, кезектеги калп сөзүн айтканы.
Иш аятктап калган. Жаңы гана автобустан орун алып олтурганда, Шабдан Лейлектик Топчубекке кайрылып калды:
-Топчуке, алиги кетменди нары алып койчу - деп. Топчунун Авганстандан алаган кантузиясы кармап кеттиби, ким билсин ороңдоп бир тийди:
-Алып ал, мен сага эмне пешкамынбы? ! - деп. Шабдан жай сөз менен айткан сөзүнө кагуу жегенге абдан ыза боло түшүп, ордунан атып туруп, экөө жакалаша түштү. Дагы жакшы, кыргыз балдардан башка эч ким али автобуска түшө элек болучу. Экөөнү ажыраткан соң Шабдан тигиге каардуу көз караш менен карап:
-Анан сүйлөшөбүз. Сенин Авганстанда кызмат кылганың мага бир тыйынча кереги жок. Алдагындай кыялыңды ата - энеңе көргөз. Сен мен үчүн эч ким эмессиң! - деди. Бир чети Топчу абдан туура эмес кылып алды. Жай айтылган сөзгө жай эле жооп берип койсо, мындай жагымсыздык болбойт эле дагы тынч жашоо улана бермек. Буга чейин дагы Берди менен кайым айтыша кеткен, тамаша иретинде айтылган сөздү көтөрө албай. Эми минтип дагы өзүнүн жаман сапатын көргөзүп, туура эмес кылды. Экөөнүн тең өңдөрү бузулуп, жөн эле бирин - бири жеп жиберчүдөй абалга жетишти. Топчу баарынан улуу бирок, үйүндөгү кыял жоругун бул жактан көргөзбөй, сабырдуу болсо болмок. Автобус жатаканага келип токтогондо эле экөө мушташканы жатакананын артына жөнөштү. Бирок калган алты бала бир ооздон Топчуга күнөө жаап, аны жалгыздап урушуп жибергенде Топчу ушул жерден билди, жалгыздык жалгыздыгын кыларын. Азат сөздү алып:
- Топчу, сеники туура эмес. Биз эмне деп сүйлөштүк эле. Уруш - талаш болбосун, сыр алдырбай кеттип калалы - деп. Өткөндө Берди байке менен дагы жаңжалдаша кеттиң. Анда дагы унчукан жокбуз. Сен өзүңдү кыйын сезбе. Сени биз Авганстанга жиберген эмеспиз. Ал жакта кызмат кылып келсең, өкмөттөн алчууңду алып жатасың. Бул жерден биз урушпай - талашпай кетели. Эгер ошондой эле мушташкың келип жатса жүрү, экөөбүз токойго барып мушташып келели. Бирок, анда биз өзүбүзгө эле минус кылып алабыз. Топчу бул сөздү укканда жоошуй түштү. Бирок, эч ким менен сүйлөшпөй, өзүнчө эле бүтүм чыгарып эч кимдин кеңешин укпай "кетем" деп чыкты. Негизи эле жаман нерсе баардык жактан калкып калат эмеспи. Көл дагы чамындыны четке сүрөп салат. Ошондой эле балдар дагы Топчуну кагып салды эле, ал "кетем" - деп, аракка жакын
Сашаны азгырып чыкты. Саша дагы өзүнүн жаман адатынан алыстай албай ичимдикке берилип, балдардан четтеп калганы чын. Анын жоругуна Нина Ивановна дагы нааразы болуп калган болучу. Болгону жалгыз орус араңарда, ал дагы ичимдикке жакын экен деп, орус калкына нааразы жагын үстүртөн эскерткени бар. Саша, Топчуга кошулуп "кетем" деген оюн билгизди. Бул эми жаман сапаттын кесепети экенин ким тана алат. Деле уруша тургандай сөз деле болгон эмес. Балким Топчу ушундай мүнөзүм менен баарын башкарып алам деп ойлодубу, ким билет. Шабдан тигиге теңелген жок. Бирок, өзүнөн күнөө кетпеген үчүн таза бойдон калды.
Шабдандын бир жакшы сапаты, көтөрүмдүүлүгүндө экени байкалган. Анан абдан ишенчээк жана ишке келгенде ишти ылгабай жасай берген сапаты көпчүлүккө жакты. Эртеси күнү Топчу менен Саша ишке чыкпай конторага барышмак болушту, кетүү тураалу ойлорун иш жүзүндө аткаруу үчүн. Эки күн катары менен директорго жолуга албай жүрүп, үчүнчү күнү гана болгон документтерин алышты да, Москваны көздөй жөнөп кете беришти. Эки , үч күн топчу энесин коркуткан баладай тамак дагы ичкен жок. Адамдын бир жаман сапаты бул көк беттик эмеспи. Балким Топчу ушул сапатын өзү жактырат чыгар. Чынын айтканда анын бар жогу берки балдар үчүн билинген деле жок. Саша менен Топчу кеткен күнү кечинде эч күтүүсүз эле түнкү он экилерде Турар телефон чалып калды, азыр барып калам, күткүлө деп. Балдар абдан таң калды. Балким түнү менен алып кетеби деген дагы ой пайда болбой койгон жок. Алты бала өздөрүнчө ойлорун айтып, Турардын келишин чыдамдары кете күтүп, ал турсун кетип калсак даяр бололу деген ойдо, үстүртөн даярдана дагы башташты. Андайда убакыт өтпөй, сааттын жебеси токтоп калгандай сезилет эмеспи. Өзгөчө Нурландын сабыры түгөнүп, ар тараптуу сөздөрдү айтты. Бирок кулакта кала турган сөздөр ооздон чыкпаган соң, анын айткан сөздөрү дароо эле унутулуп калып жатты. Негизи көп сүйлөгөн адамдын сөзү супсак болот эмеспи, анысыңары Турарды күтүп туган кезде не бир түркүн сөздөр айтылды, бирок ал сөздөрдүн күчү болбогон соң, бири дагы эсте калган жок. Адамдын көңүлү кандай назик, керек болсо бир ооз сөз менен соолуган гүлдөй чөгө түшөт дагы, бир ооз жакшы маанайда айтылган сөз менен кулпурган гүлдөй көтөрүлө түшөрү маалым. Ооба, ой тилеги жаман адамдар ар дайым капа чегүү менен күн өткөргөндөй эле, Турарга карата балдардын деле таза оюу калбай калган. Эми эмне деген сөздү айтып бизди алдап кетет болду экен деп, ойлоп дагы калышкан. Чынында Турар деле мааниси жок сөздөрдү абдан көп айтканы билинип калган болучу. Бир жолу келип директор менен сүйлөшүп, анын дагы кулагын ушалап кеткенин өзү айткан, телефондон. Турар келгенде балдар жапырт туруп сыртка чыгып аны тозуп алышты. Жайпактаган Турар эч сөз айтып алдабаган кишидей гана, дагы эки баланы алып келип, балдарга кошуп:
-Бул Айбек, Саматтын эжесинин баласы. Ал эми бул бала досу болот. Баса, эми мен силерди эт комбинатына ушул аптанын башында алып кетмей болдум. Тиги Ленинграддагы ишке квота ачылбай жатат. Ал жагын күтүп, эт комбинатында иштеп тургула балдар. Эми менин деле силерге карата оюм таза. Эптеп ишке алаксып тургула деп, дагы таттуу убадаларды берип, кеткенче шашты. Эх, бул алдамчылык менен алп урушкан адамдар үчүн, алдап койгон адатка айланганбы деген дагы ой келбей койбойт экен. Буга чейин кыйратабыз деп жаткан балдардын ооздоруна сөз келбей калды. Турар дагы алдап өзүнүн жолуна түштү. Тиги эки баланын келгени дагы жаңы үмүттү пайда кылды. Анткени Саматтын жээни бар эмеспи деген ой, жаман ойду мээден кууп, эми нак келечектен жакшы нерсени күтүүгө түрткү берди. Бирок бул ой дагы көпкө жашаган жок. Көрсө тиги эки эргул Кыргызстандан дагы отуз беш баланы эт комбинаттында иштейсиңер деп, берки алгачкы он төрт баланы алдагандай эле алдып келип, алар орто жолдон Турардын сөзүнө ишенбей, түз эле Кыргызстандын элчилигинин алдына барып, катуу чыр салышкан экен. Көрсө Турар эт комбинатынын дагы башчысына калп айта коюп, ал ишенбей иш ордуна башка улуттун балдарын алып алган экен. Анан Саматтын өтүнүчү менен Айбек менен Адилетти балдарга кошкону алып келиптир. Кыскасы, тиги отуз беш бала Турарды аз жерден сабап коё таштаганын айтышты.
Эртеси кеткен Топчу менен Сашанын ордун эки жаш бала толуктап, башта келгендей сегиз бала талаа ишине кайра толугу менен чыкты. Талаанын иши анча деле оордой сезилбей калды. Үйдө жүргөнсүп маалы жок тамак ичүү жок болуп, үч маал гана тамак ичкенге көнгөн балдар өздөрүн кыйла жеңил сезип калышты. Баягыдай эңкейгенде белдери ооруганы дагы жоголуп, денелери чымыр тартып, сергек боло түшүштү. Көрсө адам баласынын дене бою аз тамак ичип, көп иш кылганга дагы көнөт белем, кыймылдары шайдоот тартып, эртең менен эрте турганга кадимкидей көндү. Талаанын наркы чети "Ока" дарыясы менен чектелет. Дарыянын жээги бак - шак менен коштолуп, кайсы тарапка агып жатканы билинбей, туурасы кеминде эки жүз метрдей жайык келип, балыктар кадимкидей көзгө көрүнүп турат экен. Орустар дарыяга биздин эл Ысык - Көлгө кандай түшсө кудум ошондой түшүп, жыргап жүрүшсө, жетекчилери чабыр өлкөнүн иш издеп келген мигранттары талаада күндүн ысыгында иш менен алек. Орустар аларды бир башкача көз караш менен карап өтүшөт. Андан дагы түшкү дем алуу учурунда дарыяга түшкөнү барган балдар жергиликтүү калк түшүп жатышса, даап бара албай четте карап туруп кетип калышканы эле, чоочун элдин өгөйсүнткөнүнөн белги берип, эркиндиктен алыстай түшкөнүн ушул жерден дагы билишти. Ал эми Кыргызстанда орустар кандай эркин жүрүшөт. Ал турсун Ысык - Көлдүн эң кымбат жана барктуу жерин ушул орустар ээлеп алганычы. Негизи эле орус калкы ушул жагы менен дагы өздөрүнүн артыкчылыгын билгизип турганын баамдасак болот. Бир жагынан Ока дарыясын карап эле тургуң келет. Андан дагы таштын жоктугунан дарыянын ичинен кадимкидей чоң кандайдыр бир техника менен күнү - түнү таш казып алышат экен. "Бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө бар дүйнө" дегендей, биздин Кыргызстанда таштан көп эч нерсе жок, ал эми орусияда карагайдан көп нерсе жок экенин эске алып, Алмаз дарыяны карап туруп:
-Ушунтип күнү - түнү убара болуп таш казып алгандан көрө бизге карагай жиберип, тоодогу таштарды алып кетишсе алда канча жеңил болбойт беле деп, оюндагынысын ортого салды. Сөзгө Садык кошулду:
-Аны дагы буга чейин ойлонушса керек. Анткени карагай ташып барган поездге кеткен каражат менен таш казып алган каражатты дагы эсептеп чыгышкан чыгар. Орус калкы оңой калк эмес. Катуу даярдыкта келген немистерди жеңген орустар үчүн таш казып алуу оңой эле да. Сөздү Шабдан алды:
-Негизи эле капыр деген менен биздин көзүбүздү ачып кат тааныткан, цивилизацияга жеткирген орус калкы. Эгер орустар болбогон болсо авгандардай караңгычылыкта жүрөт белек, наркозат сатып. Баардык нерсеге калыс караганга эмне жетсин. "Ислам" деп, динди бетке кармаганыбыз менен мусулман улутундагылар өз алдынча эмне деген техника ойлоп таап коюшту. Буга мисалга эле өзүбүздүн Кыргыздарды алалы. Кайсы кылым карыткан көз жоосун алган кооз шаары бар. Илгери эле бул орустар чоң - чоң шаарларды куруп, терең отурукташып калганы жалганбы. Керек болсо азыр дагы канча өлкөнү орус калкы багып жатканы калпбы. Мына ушул жерде эле канча улуттун эли иштеп ырыскы таап, иш менен камсыз болуп жатат. Ока дарыясынын жээгинде сууну караган тейде бир топко талаш - тартыш болуп, сегиз бала өз ойлорун ортого салып жатышты. Чынында эле ар ким айтса аныкы туура болуп жатып, сөздүн аягы баягы эле алдамчы Турар менен Саматка барып такалды. Нурлан ушул жерден дагы бөлүнүп, Бердиге тийишти:
-Турар Нарындан болот экен -деди эле Берди таң калып:
-Биз жактан мынчалык алдамчылар чыкчу эмес эле. Эми бир келгенде сурап көрөм. Эгер чын эле Нарындан болсо ачык эле айтам "Нарындыктардын бетине көө сүйкөбөй, ишиңдин аягына чык" - деп. Нурлан мына өзүң баштадың бөлүнгөндү. Менин баамымда бул Турар деген неме болсо Бакиевдердин жеринен болушу мүмкүн. Деги кайдан болсо ошол жактан болсун, эмне болгон күндө дагы бизге жакшы, ойдогудай иш таап берсе жакшы болот эле. Ушул жашка келгени алданып эле келе жатам, Шабдан айткандай. Сөздү Азат алды:
-Эми бир жолу келсе мен ушул колум менен Турардын бетин түздөйм. Ушунчалык анын алдаганы жанга батты. Биз ага алданып калгандай караңгы эмеспис, илгерки кат сабаты жоюлбаган адамдардай. Талаш бир топко созулуп, акыры тамаша сөз менен аяктады. Алмаз кабагы салыңкы:
-"Ат баспайм деген жолун миң жолу басат"-деген кеп бар. Азыр ар нерсени айтканыбыз менен баарын убакыт көргөзөт. Кечээ эле бизди жылуу сөзү менен алдап жатканда, анын сөзүн эч кимибиз бурганга жарабай, муйуп уктук эле, кайра эле аны талкуулап жатабыз. "Үйдө баатыр жоодо жок" - деп, бизди айтса болот-деди. Чылымын оозунан түшүрбөгөн Садык дарыяны караган тейде, сөздү бөлүп:
-Бул дагы биздин маңдайыбызга жазылган да. Кимибиздин атабыз келип минтип Ока дарысын көрүп, ага түшүптүр. Кийин айта жүргөнүбүзгө дагы жакшы. Баса, Шабдан баягы кыздарга телефон чалчы. Үндөрүнө караганда абдан сулуу кыздар болушса керек - деди. Кыз дегенде жантыгынан жата калган Садык өзүнүн сөзү менен билигизип алган, кыз жандуу экенин. Шабдан телефонун чөнтөгүнөн алып чыгып, чалды да, үнүн чыгарып койду анан телефонду Садыкка берди. Бир кезде Садык айткандай кыздын назик үнү угулду. Андай алыс жерде жүргөндө кыргыз кызынын үнүн уккан ар бир атуул сүйүнсө керек. Айнура деп таанышкан кыздын үнү тим эле булактын үнүндөй кулакка абдан жагымдуу угулду. Айтмакчы, орус калкынын аялдары "аял" - деген улуу сөзгө татыксыз болуп баратканын алардын сөгүнүп сүйлөгөн сөздөрү, анан чычайтып чылым чеккени, ичимдикти эч тартынбай ичкени, обу жок сөздөрдү сүйлөгөнү, кулакка жат жоон үндөрү менен улуу сапаттан алыстап бара жаткандай. Андан дагы ыгы жок семирип алышканы дагы эркек жандын көзүнө башкача көрүнөт экен. Ооба, баарынан дагы газетага эркектер таанышу бурчуна реклама беришет экен ачык эле "мага семиз эмес, арыкчырай анан чылым чекпеген аял заты керек"-деп. Бул сөздүн артында эле аялдардын обу жок семирип бара жатканы анан назиктиктен алыстап, жеңил оокатка көнгөнү ачык эле далил болуп жатпайбы. Аялдардын семизи,толугу аз болсо дагы көзгө анча көрүнбөйт эмеспи. Ошол себептен үйлөнө турган балдар жана кишилер арыкчырай аял затына абдан көңүл бурушары билинип калды. Айтмакчы аларга салыштырмалуу биздин кыргыз кыз - келиндери асмандан түшкөн перидей эле элес берет. Албетте толук болсо дагы. Анткени алардын аялдарындай сөгүнүп балит сөздөр менен сүйлөгөндөн алыс экенин баамдап уят, ар, намыс, "аял" - деген атка таандык ажардуулук жагынан биздин аял заты ат чабым алдыда экенин ачык эле айтсак, оозго жарашат. Ичимдик ичкен жана чылым чеккен аялдардан албетте назиктик жана ажардуулук алыстайт эмеспи. Эркеги бир тең, аялы бир тең сөгүнүп сүйлөгөн, бул аймакта көнүмүш атака айлангандай. Андан дагы эч тартынбай эле уят иштерине чейин кеп кылып жиберишкени, айла жок жер караганга түрткү берет. Бул эми баягы союз учурундагы тартиптин жоктугун, идиалогиянын пастап баратканын эске салат.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Садык тим эле берилүү менен сүйлөшүп, аны менен мурда тааныштай ачык эле иштин болбой жатканын, эгер мүмкүнчүлүк болсо барып кетээрин айтып, сөзүнүн аягында сүрөтүн "ммс"менен салып жиберишин өтүндү. Албетте бирин - бири көрбөгөн үчүн, экөө тең эркин сүйлөшүштү. Садык айткандай тиги Айнура сулуу кыз же ажарлуу келин болсо го жакшы. Анан орустун семиз аялдарындай көзгө комсоо көрүнсө, анда эмне болушат аны ачык айтуу кыйын. Сөз аягына чыкканда Берди газетадан окуган бир окуяны айтып берди:
-Садык сен азыр эрте сүйүнүп жатасың. Ушул окуяга тиешелүү бир окуяны силерге баян кылып берейин. Мен газетага чыккан макаланы окуган элем да.
Анда союз кезинин учуру экен. Макмал деген бала үйүндө жалгыз олтуруп телефон чалып жатып, ар кимге бир кыз менен таанышып калат. Эми кыздын үнүн угуп эле ага ашык болуп калган Макмал, бир күнү ал кызды жолугушууга чакырып, ЦУМдун маңдайындагы сааттын жанынан жолугушмай болушат. Макмал алгач келип, кызды күтөт, жашыруун жерден. Бир кезде колуна сүйлөшүлгөн боюнча журнал кармаган кыз келет. Ал кызды биринчи көргөндө эле толук келбети жакпайт. Анан ал кыздын бетине чарала сепкили дагы болот. Макмал көргөн көзүнө ишенбейт. Үнүн угуп алып бир башкача элестетип келген курган бала, кызга жолукпай эле кетип калыптыр. Мен дагы кыскартып айтып койдум. Силер дагы алиги кыз менен али жолуга электе эле анализ бербей, демиңерди ичиңерге катып, сабырдуу болуп тура тургула. Айтмакчы эркек баары бир көз менен сүйүп келген, азыр дагы сүйө бермекчи - деди. Садык жактыра бербей:
-Мейли, сулуу эмес болсо дагы мага Айнуранын жагымдуу үнү жана сүйлөө речи жакты. Ал кыз мындай мамиле жасагандан соң жаман кыз эмес. Сөзгө Азат кошулду:
- Берди байке туура сөз айтты. Кулак менен уккандан, көз менен көргөн алда канча ишенимдүү. Биз кулак менен угуп, иштей турган жерибизге жеткенге чейин эмне деген сонун максаттар менен келдик эле. Ал эми азыр баарын көзүбүз менен көрүп, кандай абалда калдык. "Аялдын акылы кырк эшекке жүк"- деген кеп бар. Канчалаган балдар начар аял алып алышып, турмуштарынан аксап жатышат. Ооба "кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" -деген дагы макал бар. "Аялдын жакшы чыкканы эркектин багы, жаман чыкканы шору"- деп айтылат. Эгер убактылуу көңүл ачуу үчүн таанышсаңар анда сөз башка, ал эми аял кылып алуу үчүн таанышсаңар анда байкаш керек. Сөз ушул жерге келгенде жаан башталып калды. Бул Россиянын нымдуу жерине күн тез жаап, кайра тез ачылып тургандын бир белгизи. Андан дагы кара топурак жерин канчалык тез сугарган менен кара шамал тез кургатып, өсүмдүктөр бат эле сууга муктаж болуп соолуп калган жайы алгач келген күндөрү эле байкалган. Канчалык тез жамгыр жаап, сугат суудан өксү болбосо дагы, жердин кургап кеткени бул жердин эң негизги көйгөйү экенин Нина Ивановна дагы сөз кылган. Балдар чоң теректин түбүнө калкаланган кезде автобус келип калды. Айткандай бул күнү балдар иштеп деле кыйраткан жок. Анткени, какыйып карап турган Нина Ивановнанын туулган күнү болуп, бактардын арасында ичимдик ичип олтурушкан үчүн балдар учурдан пайдаланып, бак аралап келип дарыянын жээгинде бойлорун жашырып олтурушкан. Автобус келип сигнал бергенде балдар чуркап чыгып автобуска олтурганча, шөмтүрөп суу болуп чыгышты. Негизи эле бул жер абдан жаанчыл анан нымдуу жер. Кээде иштеп жатканда бир заматта жаан жаап өтөт. Жашынганга үлгүрбөй суу болгон учур көп эле болду. Ошол себептен дайыма сарафандан жасалаган плашты жанга алып жүрүү керек. Ал плаш аз болсо дагы суу болгондон коргойт.
Түштөн кийин жамгыр басылбаган соң, иш деле болгон жок. Берди сууга жуунганы душка келсе, өзбек жигит ашык болгон Лена бар экен. Ал кезекте туруптур. Сөз өзүнөн өзү башталып кетти. Лена жапалдаш бойлу, көздөрү күрөң, сулуучумак келген келин. Ал башка молдованкаларга караганда ыймандуурак. Анткени балит сөздөрдү көп оозанбайт. Эмнегедир анын дайыма көңүлү ачык жүрөт. Башка аялдардай болуп наалып, напчыбайт.
-Берди, макул көрсөң кезекти мага берчи. Азыр душда үч бала түшүп жатат. Мен бүгүн эрте жатып эс алайын дедим эле - деди. Ооба, душка төрт киши түшсө болот, Бердиден өтүнүч менен суранганынын жөнү башка. Анткени, эркектер душка кирип кетсе, бири чыкса кайра экинчиси кире берип, аялдарга кезек келбей дагы калат. Ошол себептен душтан жатарга чейин киши үзүлбөйт.
-Макул, бирок эрте чыккандай бол! Аялдар сууну шапшынып көпкө жуунасыңар. Мен анда кете берейин, болбосо тиги Дима көрсө кысканып, жаман абалда калат - деди, сөз менен тийишип. Лена жагымдуу күлүп:
-Коркпой эле койсоң болот, аны менен мамилем үзүлүп калды. Экөөбүз тарыныша кеткенбиз. Мага кыргыз балдардын чечкиндүүлүгү абдан жакты. Мен кыз кезимден чечкиндүү анан жасаган ишин милдет кылбаган мырзаларды жакшы көрөм. Силер келгени баары силердин дарегиңерге карата жакшы сөздөрдү айтып жатышат. Баарынан дагы орус тилинде эркин сүйлөйт экенсиңер. Баса, менин баамымда силердин эл эки жолу президентти өлкөңөрдөн кууп чыкты беле же мен алмаштырып жатамбы?
- Ооба, биздин эл. Анткени жыйырма жыл ичинде алдыга жылуу болбой, өнүгүү жокко эсе болуп, анан эл көтөрүлдү. Сөз ушул жерге келгенде кайдан жайдан Дима пайда боло калды. Берди ыңгайсыз абалдан чыгу үчүн:
-Макул, анда, Лена душ бошогондо айтып кой деп, сөзүн кыска бүтүрүп калидор менен кадамын алдыга таштап кетип калды. Дима, орус тилинде начар сүйлөйт. Оюн түшүндүргөнү эле болбосо, анчалык тил билбейт. Лена катуу айтып какты окшойт, Дима эч сөз кайрыган жок. Анткени, тили кыска болгон үчүн.
Берди бөлмөгө келсе балдар карта ойногонго киришиптир. Чылымдын түтүнүнөн бөлмөнүн ичи көрүнбөйт. Терезе ачык, бирок баары бир тамекинин жыты менен түтүнү жагымсыз жыт тартуулап турду. Бул эми эркектердин чогулган жериндеги бир көрүнүш эмеспи. Картага кызуу киришип алган балдар сөз укчудай эмес. Шабдан кабагы салыңкы сыртка чыкты да, башын ийкеп белги берди, жүрү сыртка дегенсип Бердиге. Экөө ээрчише басып сыртка чыгышса, жаан жаагангабы, денени чыйрыктырып жиберди. Анткен менен жамыгр басылып калыптыр. Шабдан кабагы салыңкы:
-Байке, эми кандай кылабыз. Өзүбүзчө дагы иш издей беребизби деп калдым. Турарга телефон чалсам, кош көңүл мамиле жасап, берген суроомо жактырбагандай жооп берип койду. Анын ал мамилесинен менин көңүлүм муздай түштү. Сиз айткандай эле иш болбогону калды көрүнөт. Муну мен балдарга айтканым жок. Дагы чоң талкуу болуп, уруш чыгып кетеби деп корктум. Баса, менин жеке оюмда балдардын дагы бири - бири менен мамилелери жакшы эместей. Тиги Азат менен Алмаз дагы таарынышып жүрөт. Нурлан дагы араң эле жүргөнсүйт. Берди бир топко ойлонуп туруп :
-Шаке, эми жашоодо баары болот. Ар нерсени ойлоп капа боло бербе! Убакыттан өткөн дары жок. Эгер туура көрсөң, Турардын алдаганы тууралуу кеп кылбай, аны унутканга аракет кылганыбыз оң. Анткени ар бир айтылган сөздүн аягы барып бир нерсенин ичинен чыгат. Мынча болду ар бир баланын тилин таап, башка иш табылганга чейин тынчтыкты сактап туралы. Аны коюп башка сөздөн кеп баштачы. Шабдан мыйыгынан күлүп:
- Жана мага молдовандар айтып жатпайбы "силер кандай ынтымактуусуңар" -деп. Мен эч сөз айта алганым жок. Ичибиздеги ириңди кантип сыртка чыгарат элем. Кечээ тигилердин бөлмөсүнө кирсем урушуп жатышыптыр "идишти сен жуу, мен жуу болуп" Эгер мен барбасам урушуп кетишет беле ким билет. Биздин бөлмөнүн балдары эле жакшы экен. Өзгөчө Топчу кеткени атаандашуу жок болуп калды.
-Шабдан мен сага бир икая айтып берейин. Сен кунт коюп ук. Азыркы жаштарга такыр эле түшүнбөйм. Улуу сөздөн кеп кылсаң угушпайт дагы аялга барганды, арак ичкенди, мушташканды жөн эле дем албай угушат экен. Бул адамдардын жукарып баратканы жана улуулуктан алыстаганы. Тээ илгери санжыра, уламыш, жомок, дастандарды кандай берилип угушчу эле. Азыр болсо андай улуу сөздөр көмүскөдө калып баратат. Менин айта турган сөзүмдү сен дагы кош көңүл укпай, ынта коюп уксаң. Шабдан күлүп:
-Ошондой улуу сөздөн айтып мени алаксытпасаңыз, ар нерсени ойлой берип баш ооруп чыкты. Баса, мен сизге айтам деп унутуп калган турбаймынбы. Сизге СМС келген, менин телефонума. Жеңеден келсе керек. Эгер менин алган жарым жакшы болгондо жанынан чыкпайт элем. Аялымдын жоругу жолдо калсын. Эми ал анын өзү менен кетсин. Бул жакка чыгарда ажыраштым деген ой менен чыккам. Чынын айтсам бул жашоодогу бакыт байлык менен чектелбейт экен. Үй - бүлөөдө тынчтык жана түшүнүү болсо, балдарың жаныңда ойноп турса андан өткөн бакыт барбы.
-Эмне болуп таарынышып кеттиң эле, келин бала менен? - деп сөздү бөлүп сурап калды эле, Шабдан кабагы салыңкы:
-Эй, байке, эркек үчүн уулду болгон кандай бакыт. Менин бир кызым бар. Аялым боюнда бар экенин угуп, ичимден сүйүнүп жүрсөм "эми уулуду болом"-деп, мага айтпай боюнан алдырып салыптыр. Балким ал жарык дүйнөгө келе турган наристе эркек уулдур. Бул эми өзүн - өзү билгендик эмеспи.Чынын айтсам алган жарым жакшы чыкканда, аны караан тутуп өлкөдөн чыкпай эле жашап жүрөт элем да. Кыскасы, айтып олтурсам арман аттын башындай. Сыртымдан сыр бербегеним менен ичимде айтылбай турган сөздөр көп. Ал аз келгенсип Турар толгондон мени силерге бригадир шайлап коюп, бул дагы ойго салбай койбойт экен. Минтип атам көрбөгөн жерге келип капуста отоп иштеп калат деген эмне жакшылык дейсиз. Учурунда мен миллиондогон акча кармап жүрчүмүн. Канча адамдын башчысы элем. Алар азыр менин минтип иштеп жүргөнүмдү көрүшсө, кандай ойдо калышат эле. Айылдагыларга дагы калпычы болдум "курулушта иштеп жатам "-деп айтып.
-Билесизби, менин алдыга койгон максаттарым абдан жакшы эле. Эгер биз көздөгөн ишке келип иштеп калганыбызда, акча чогултуп баарын кайра нөлдөн баштайын деген элем. Эми ал тилек, максаттын баары ойдо гана жашап калды көрүнөт. Берди учурун келтирип:
-Шабдан, сенде эле дейсиңби, арман! Баарыбыз эле тиги Саматка ишенип келбедик беле. Көрсө бул жалган дүйнөдө ойлогон ой, кыялданган кыял иш жүзүнө аша бербейт тура. Эми сен сөздү бөлбөй угуп тур. Мен сага бир окуя айтып берейин. Ириде дагы жакшы бир нерсе айтайын дедим эле, сөз бөлүнүп калып, ал айтылбай калды. Шабдан күлүп:
-Болду, байке, эми сөзүңүздү бурбайм. Сөз сизде - деди. Берди адатынча көзү менен белги берди, угуп тур деген белгини:
-Тээ илгери бир баатыр жигит болгон экен. Ал баатырдын атасы абдан кедей болуп, жалгыз уулу бойго жеткенге чейин элге аралаштырбай көздүнүн көзүнөн, сөздүүнүн сөзүнөн сактап, болгон үмүтү, жашоодогу максаты бир гана уулу аркылуу иш жүзүнө ашчудай сезилип, көпчүлүккө алып барбай багат. Уулу дагы бойго жеткени атасынын тилинен чыкпай, жашоого терең көз караш менен карап, эрте жетилет. Анткени, аны жетишпеген жашоо, атасынын тилеги ойго салып, өз алдынча иш кылганга дагы көнөт. Жашы он бешке чыкканда, ат жалын тартып минип, атасына айтпай жоголуп кетет да, калмактан барып жылкы тийип келет. Бала үч күн жоголуп кетип кечинде эле котолотуп жылкы айдап келет. Атасы уулунун бул жоругуна абдан капа болуп, урушат:
-Сен эмне бирөөлөрдү сыздатып, ак малына кол салдың -дейт. Бала эч сөз укпагандай болуп, атасына тик карап:
-Ата, мени сиз эмне максат менен багып чоңойтуңуз эле. Мен бул жылкыларды атайын калмакка барып тийип келдим. Алар бир үйүр жылкыдан эч нерсе болушпайт. Телтай байдын канча жолу жылкысын тийип кетишти. Мен эми бул жылкыларды бизге окшогон кедей адамдарга таратып берем дагы, алардын батасын алып, жигит курап байларга көрүнгөндөй иш кылам. Эч кабатыр болбоңуз. Бул жылкылар мындан эки жыл илгери калмактар тийип кеткен Кебектин жылкылары экен. Аны мен тиги акжал айгырдан улам тааныдым. Азыр ал айгырды союп салсак Кебек жылкыларын тааныбай калат. Атасы баласынын "жигит курайм"- деген сөзүнө ыраазы болуп, ичинен уулунун айтканын туура көрөт. Ошол эле күнү болгон айылдагы кедей жашаган адамдары чакырып келип, акжал айгырды союп коноктойт да, анан элден бата алат. Андан соң өзү теңдүү балдарга бирден бээ берип, алардын көңүлүн алат. Бул баланын жоругу болушка жетет да, дароо өзүнө чакыртат. Эмнеге чакыртканын айтырбай билген бала, эч нерседен корпой айтылган учурда келет. Бала сырттан кирип келгенде төрдө жамбаштап жаткан болуш, жаткан ордунан тура калат. Эмнеге тура калды ага өзү дагы түшүнбөйт. Баланын бой келбети, берилген суроого эч такалбай так жооп берип, жылкыны жалгыз барып тийип келгенин мактаныч катары эмес, берилген суроого карата айтып бергени болуштун көңүлүн көтөрөт. Ал турсун тиги жаш баладан кандайдыр бир сырды байкайт да, ага көңүлү түшүп калат "жигит кылып алчу бала экен"- деп. Канчалык шылтоо таап, күнөө жабуу үчүн аракет кылганы менен ага эч шылтоо таба албайт. Ошол күндөн баштап бала болуштун оюн бөлөт.
Бир күнү болуш тойго бара турган болот дагы, баланы өзү менен бирге алып барат. Жаман оюнда эр эңишке салып, баланын шагын сындырып салуу болот. Бала эч жаман ой жок тойго барат. Тойго барып көрбөгөн бала, кызыгуусу арта улуттук оюндарды карап абдан таң калат. Аңгыча эле эр эңиш болот. Эки жолу чыккан балбандарды жеңип алган, орто жаштан өтүп калган балбанга башка киши чыкпай турганда, болуш эч даядыгы жок турган баланы, өмүрү аттан түшпөгөн жашы өйдөлөп калган баатырга эр эңишке түшөсүң деп, камынтпай башка ат миңгизип, эр эңишке чыгууга мажбур кылат. Баятан бери эки баатырды аттан түшүргөн баатырга эр эңишке чыгам деп ойлобогон бала, алгач апкаарый түшөт да, анан намысы ойгонуп, тиги баатырдын ыкмаларын байкап калган бала, ат ойнотуп чыгат да, баягы баатырга жакын ат бастырып келип акырын , өзүнө гана угуза айтат:
-Байке, менин даярдыгым жок эле, кечирип коюңуз, сизге каршы чыкканыма - дейт. Баягы баатыр алгач кечирим сураган үчүн балага ичи жылый түшөт. Анан экөө кармаша кетет. Бала тигинин карылуу билегинен кармайт да, оңой эмес жоо менен беттешкенин билип, анын буга чейин байкап калган ыкмасына жол бербей алаксытып туруп, тиги баатырдын оң билегин буйдамга келтирбей ээрдин кашына басат анан атын темингенде, баягы баатыр аттан түшөт. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй башы катат. Эл ызы- чуу болуп эле калат. Болуштун "Шагы сынат" деген ою такыр тетирисинен чыгып, кайра өзүнө барк алган балага болуп көрбөгөндөй ичи күйүп, кызаңдап өңү өзгөрүлө түшөт. Баягы жерге түшүп калган баатыр өзүнүн баатырлык учуру ушуну менен кеткенин билип, бала минип турган атты суулуктан кармап, топтошуп турган элди карап туруп айтат:
-Мен ушул жашка чыкканы бир да жолу аттан түшүп көргөн эмес элем. Бул баланын сыймыгы күчтүү экен. Эми менин бир ооз сөзүмө кулак салып койгула, калың эл. Мен бир кезде өзүмө өзүм убада бердим эле "мени ким аттан түшүрсө улуу болсо достошом, кичүү болсо кызымды берем" - деп. Мен бул балага эми кызымды берем дагы, мындан кийин мени эч ким кыйнабасын "эр эңишке түш" - деп. Мен бүгүн гана билдим, карылык айылына баш бакканымды. Эми менин жолумду бул өңдүү жаш балдар улантсын" дейт. Болуш бул сөздү укканда, дагы ичине таруу айланбай, баланын баатырлыгына көз артат. Андан дагы балага байге катары берилген малдын теңин өзү алып алат "мен сени алып барып эр эңишке салдым, мен болбосом сен жанагынча элдин алдында кадыр баркка жетпейт элең" деп. Бала өзү деле тең байгени берейин деп ойлоп жаткан, бирок, ага жеткирбей тиги болуш өзү сурап жиберип, кадарына доо кетирип алат.
Анда кийин дагы баланы ажал торуган иштерге жумшап, акысын бербей алдайт. Акыры болуштун алдмачылыгы баланын ачуусун келтирип, бала бир күнү атайын даярданып келип, болуштун түнү жүрөгүн түшүрөт. Болуш аз жерден калат. Бала не бир түркүн жолдор менен болуштан акырындык менен өч алат. Бирок, бир гана баланы алдабай жаамы журтка анын терс сапаты билинип калып, шайлоо болгондо элдин колдосунан ажырап калат. Бирок, баягы болуштун элди алдаган жашоосунун аягы жаман аяктап, тапкан ташыганы өзүнө буйрубай, жашоодон узап кетип баратып, өзүнүн жасаган иштерине абдан өкүнгөн экен. Бизди алдаган Турар менен Самат канча каргышка калды, алардын жашоосу деле жакшы болбойт. Анткени, ушунча кишини алдап акча тапкан иштин кимге канча кереги бар. Шабдан, бул күндөр дагы өтүп кетет. Шабдан сөздү бөлүп:
-Анан алиги баатыр кызын балага бериптирби? -деди, ынтызары күч:
-Албетте берет да. Ошончо элдин алдында сөз берип жатып кантип бербей калсын. Ал кезде эл деген таза болгон, иши менен сөзү төп келген. Айткандай бала баягы баатырдын кызын алгандан кийин, анын жардамы менен чоң иштерди бүтүрүп, элге алынган экен. Аялдын дагы жашоодо жана иштин илгери жылышына орду чоң. Муну менен мен эмнени айтмакчымын. Баланын алган аялы болбогондо, бала болуштун өмүрүнө кол салмак. Акыл кошкон аялы тигинтип атайын түнү ак шейшепти жамынып барып болуштун жүрөгүн түшүр деген сымал амалдарды айтып жатып, шайлоо болгонго чейин эле болуштун бир топ амал менен шайын оодарып, акыры андан бийликтин оолакташына бир жагынан түрткү берген баланын аялынын акылы болуптур.
Шабдан кабагы бүркө:
-Ошол кезде деле азыркыдай элди алдаган адат болгон турбайбы? деди эле Берди күлүп:
-Бул жалган дүйнө жакшы менен жаманы, агы менен карасы, бийиги менен жапысы, алдамчысы менен айкөлү, коркогу менен баатыры, байы менен кедейи, жарыгы менен караңгысы, жакыны менен алысы бирин - бири коштоп жүргөн үчүн кызык да. Сөз ушул жерге келген Лена үн салып калды:
-Берди, мен сени издеп жүрбөймүнбү, душ бошоду - деп калды. Берди башын ийкеп:
-Мен азыр деп жооп берди эле Шабдан:
-Байке, сиз кандай карайсыз. Бул өзбек балдардын жоругуна. Менин баамымда биздин элге караганда өзбек улуту динге жакын, анан булар эмне дини капырларга үйлөнүп алышкан. Дима канчыкты эрчиген дөбөттөй, Ленанын артынан калбайт экен. Аны көрүп алып эле менин кыжырым келе берет. Ал эми тиги сары өзбек баланын аты ким эле. Ал өзүнөн улуу аялды алып алган го? Берди кабагы салынкы:
-Сен абдан туура айттың. Динге берилгендер өздөрү алгач күнөө жасашат. Чын эле өзбек улутундагыларга бизге караганда дин эрте келген да. Анан алар динди четке кагып, өзүлөрү баштап минтип үй - бүлөөлөрүн унутуп, бирден аял алып алышканы мени дагы таң калтырып келет. Шабдан сөздү бөлүп:
-Булардын капырдан аял алгандары эч нерсе эмес, алардын башка жоруктарын уксаңыз оозуңуз Ошту карап калат. Мен кечээ ишке чыкпай калып, ашпозчу менен сүйлөшсөм, эл укпаган сөздөрдү айтып берип менин оозумду ачырды. Көрсө аларда эшектин ургачы такыйы абдан баалуу экен да. Кыскасы, айтып олтурса узун сөз. Кой анда сиз жуунуп чыгыңыз. Мен барып кечки тамак эмне болуп жатат карайын деди, ордунан туруп. Берди таң калып, "уккандан уга элегиң көп"-деген сөз бекер жерден чыккан эмес турбайбы. Деги эле ар бир улуттун өзүлөрү билген сыры болот белем. Чынында акыркы кездерде элдин саны көбөйгөнү, жашоонун нугу такыр эле башка нукка бурулуп бараткандай. Эмнеси болсо дагы тынчттык эле болсунчу деген ойду ойлоп, душту көздөй багыт алды.

*** *** ***
Көңүлсүз күндөр биринин артынан бири ээрчип өтө берди. Барган сайын иш кызый баштады. Анткени жер жемиштердин алды бышып сатыкка чыгып, суроо талап күч алды. Эми Нина Ивановнага кошулуп бою кыска анан тилин чайнап сүйлөгөн Катя деген орус аял көсөмөлгө ала башташты. Негизи эле өзбек балдарды каалагандарынча урушуп көнүп алышкангабы, ичимдик ичкен күндөрү, сегиз балага дагы тилдери тийип, кадимкидей сөгүп, каарларын чачып, шылтоо таап урушканга дагы өтүштү. Анткени алгачкы отогон капусталар чоңойгону, алардын арасынан ото чөптөр көрүнүп калып, директордон тил угушканы дагы себеп болду. Бир жолу тил кайрып алгандан кийин, жол ачылганга түрткү болдубу же кырыгыз балдарга карата кызыгуу жоголдубу айтор, күндө уруш - талаш менен күн өтө баштады. Андайда ушул тааныбаган орус аялдан тил угузганга түрткү берген алдамчыларды сөгүп, балдар күчтү сөгүнүүдөн чыгарып калган күндөр арбыды.
Сегиз бала бул күнү сабиз отогону чыгышты. Таң эрте саат жетиде иш ордунда болуу адатка айланган. Сабиз отогон, капуста отогонго караганда алда канча жеңил жана иш тез арбыйт. Бирок, сегиз баланын ичинен жалкоолору, чылымдан күчүн чыгарып иштегенге караганда, ушакчы аялдардай олтургандары көбөйө баштаганы күч алды. Эгер өзүлөрү ушул талаанын ээси болгондо, иштебей чылым чегип олтурган балдарды көргөндө эмне кылышмак эле. Негизи эле бул жалган дүйнөдө калыстык жокко эсе. Тиги орус аялдардын урушуп, тил тийгизгенине балдар өздөрү дагы жол берип койду. Анткени, качан болсо эле үңкүйүп олтургандары, олтурган. Ишке кош көңүл мамиле жасагандары тигилердин мээримине каршы иш болуп, алар ачык эле эч тайманбай, жаман көздөрү менен карап "кеткиле эгер иштебесеңер, бизге силердин бир тыйын дагы керегиңер жок"-деп, ачык эле айта башташты. Жаман адат адамдын башы менен кетет белем, өз жерлеринде жүргөнсүп балдардын ичинен кыял көрсөткөндөрү дагы болду. Бул эми акылы тайкы кишинин кылган иши эмеспи.
Түшкү дем алыштан кийин, кайдан жайдан Турар келип калды, болгондо дагы балдар иштеп жаткан талаага. Анын келиши балдардын көңүлүн абдан көтөрдү. Анткени андан күдөрлөрү үзүлүп калган болучу. Эс нерсе болбогондой, жадырап жайнап келип, учурашканда балдар андан бир чоң жаңылыкты үмүт кыла карашты эле, Турар баягы артисттик бет пардасын кийип, калп кейиген болуп, сөз бербей сүлөп, эми балдарды эт комбинатына эки күндөн кийин келип алып кетишерин айтып, жакшы убаданы берип мына кетейин дегенде Берди учурун келтирип сурап калды:
-Турар, деги сен кайсы жерден болосуң? Менин угушума караганда Нарындан болосуңбу?-деди эле Турар күлүп:
-Жок, менин туулган жерим Жалабад облусу - дегенде эле, Берди Нурланды карап:
-Ойлодум эле да, биздин Нарындык эмес деп. Турар таң кала карап:
-Эмне болду анчалык?-дегенде Берди тайманбай эле бетине айтып салды:
-Балдар талаша кетип айткан сени, Нарындык. Нарындыктар убада берип коюп алдап кетет деп. Биз жакта убаданы аткарганга аракет кылат. Чынын айтсам Турар, бизди бул жактан тез алып кетпесең болбой калды. Балдар бул жерге батпай баратат. Эгер кечиктирсең, сенин кадырың тиги директордун алдында дагы кетип калат. Анткени, кароолчу аялдардын бизге тили тийе баштады. Ал жагын өзүң ойлон. Мына ашып кетсе эки жума болосуңар дедиң эле, бир айдан ашык убакыт создуң. Кыргызстанда үй- бүлөө бизден үмүт кылып, акча күтүп жатат. Туура түшүн. Процентке акча алып келген балдар дагы бар. Он эки саат талаада иштеген биздин балдардын оюна дагы келген эмес эле. Эми минтип буга дагы көнүп, өмүрү тааныбаган орус аялдардын тилин укканга дагы убакыт келип жетти. Сен болсо сөз бербей сүйлөп, убаданы жакшы эле бергенсийсиң. Же бир иш алдыга жылбайт дагы, иш өтөсүнө чыкпайт. Чынын айтсам ишке келгенде сени менен Саматты сөгү менен ишти баштайбыз. Буга дагы экөөңөр күнөөлүсүңөр. Мен, сага ачыгын айтып жатам. Сен кеткенден кийин эле балдар өкүнүп калышат "кап тигинтип айтсак болот эле, минтип айтсак болот эле"-деп. Мен сага ага катары айтып жатам. Балдарды сөгүнтпөй, деги башка иш таап берип сен дагы биздин милдетен кутулсаң болот эле. Турар мындай ачуу сөздөрдү угуп көнүп калганбы, эч жаман сөз укпагандай:
-Мен балдарга түшүнөм. Мени дагы тигил жакта сөз эмизип алдап жатышпайбы. Силер мени сөксөңөр, мен башкаларды сөгүп жатам. Башка эмне кыла алабыз. Көрсө эркектерди сөгүнүү үчүн жараткан тура. Эми менин силерден акыркы өтүнүчүм, эки гана күн чыдап койгула. Эт комбинатына сүйлөшүп жатам. Тиги Ленинграддагыларды күтүп жатып, силер эмес мен өзүм кыйналып кеттим. Турар кеткенден кийин Берди, Нурланга карап:
-Нурлан, деги байкап сүйлөп жүрчү "Турар Нарындык" деп, менден күнөө издегиң келди эле... Нурлан күнөөлү кишидей башын ийкеп:
-Турар такыр орус тилин акцентти жок сүйлөгөнүнөн "Нарындык окшойт" деп ойлоп койдум эле. Андан дагы силер бир нерсени бетке айткан жайыңар бар го. Жана сиздин тиги Турарга ачык айтканыңыз мага абдан жакты " ишти сени менен Саматты сөгүү менен баштайбыз" -деп. Азат күлүп:
-Дагы алдап кетти. Эгер эки күндөн кийин бизди бул жерден алып кетпесе, мен ишке чыкпайм. Директордун өзүнө айтам "убада ушундай болгон"- деп.
Турар директорго жолугуп, аны дагы бал тили менен алдып кеткени, балдарга маалым эле болду. Анткени ошол күндүн эртеси тигил эки кароолчу орус аял баштагыдай тил агытпай, жакшы мамиле жасап калыптыр. Негизи эле Турардын талантты алдоого ачылганбы деген дагы ой пайда болбой койгон жок. Алдаганды дагы билиш керек. Кээ бир адамдар калп айтса жүздөрүнөн билинип калат го. Ал эми Турар калп айткан сайын өңүнө чыгып, шарият айткан молдолордой сөзгө конок бербей калган жайы бар экен. Негизи эле динге берилген адамдар дагы сөзгө конок бербей, тилдеринде мөөрү бардай жан талашып сүйлөшөт эмеспи. Турар дагы нак эле ошол сөз жебеген молдолордон кем калышпайт, ашса ашат. Анткени, сүйлөп жатканда тилинен чаң чыгып, кыргыз, орус тилинде жөн эле быдылдап жибергенде анын кайсы сөзүнө ишенүүнү дагы билбей калган күндөр болбодубу. Ал эми телефондон болсо ага бирдик бекерби, ким билет кудум дикторлордой сүйлөп, сөз бербейт дагы, анан айтат " мен кайра чалам, мага берки телефонго бирөөлөр чалып калды"-деп жакшы шылтоо айтат, андан соң телефонун өчүрүп коёт. Анын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү, калп айтуу үчүн жаралагандай элести айгинелеп турат. Айткандай Турардын келип кеткени жатакандагы өзбек, молдован, тажиктерге чоң сабак болду. Анткени ала ойлоп калышты "силердин артыңарда колдоп турган кишиңер бар турбайбы" -деп. Бирок, бул көрүнүш дагы убакыттын өтүшү менен унутта калып, баягы Турар айткан эки күн өтүп эки, үч бала ишке чыкпай калышты, Турардын убадасын бетке кармап.
Бул күнү беш бала ишке чыкты. Анткени, тигил үчөө өчөшүп жатаканада калып кылды. Бул күнү беш баланы Нина Ивановна ишке бөлүп салды. Үч бала өзбектер менен капуста отогонго, эки бала молдовандар менен сабиз отогонго калып, Берди баягы Дима артынан калбай ээрчиген Лена менен катар иштеп калды. Сөздү Лена баштады:
-Эмне силер бүгүн башка жакка кетмек белеңер?- деп. Берди кабагы салыңкы:
-Айтылган сөз боюнча биз бул жерге эки гана аптага келген болчубуз. Баягы эле сөз эмизген алдамчылардын жоругу. Аларга ишенген деңизден кудук казганга тете иш. Мен ушундай болорун билген болчумун. Лена кабагын болор - болбос бүркөп:
-Берди ишенсиңби, азыр керек болсо мен өзүмө дагы ишенбей кетем. Жашоонун агымы ушундай. Эгер ооздон чыккан сөз аткарылса, мен ушул жерде жүрөт белем. Ленанын колу иште болгону менен тили сүйлөй берди. Негизи эле орус калкы көп жашаган жердин эли көп сүйлөйт эмеспи. Лена дагы сыртынан билинбегени менен көп сүйлөгөн адаты бар экени ушул саам билинди. Берди учурун келтирип:
-Лена, мен алдыга кетип калайын. Болбосо, тиги Дима менен урушуп каламбы. Тынч кеткеним оң. Ал биз жакты ушундай бир көз караш менен карап жатат. Билесиңби, кызганган адамдын абалын. Лена жагымдуу жылмайып:
-Коркпой эле сүйлөшө бер, ал экөөбүдүн ортобуздагы мамиле эчак эле сууган деп сага айтпадым беле. Эркектерге эмне, кыз - келиндердин бир жерине эле кызыгып, ага жетүү үчүн болгон күчтөрүн жумшап артист болушат дагы, анан таштап кете берүү бул эми турмушта кайталанып эле келе жатпайбы. Дима жакшы бала, бирок ал менин талабыма каршы болуп, экөөбүздүн ортобузда азыр сый мамиле калды. Менин эч качан өткөн ишке өкүнбөгөн адатым бар. Кээ бир адамдар бар го, өткөн окуяны эстеп алышып эле, кебетелерин бузуп, капа боло берген. Чынын айтсам мен кек сактаган адамдарды дагы анча жактыра бербейм. Берди сөз кезеги келгенде:
-Лена, эгер сен эркек болуп жаралып калганыңда, Медведовдун двойниги болмоксуң. Азыр дагы мен сени Медведовго окшоштуруп жатам. Чачың сары, көзүң күрөң, боюң кыска, баардык жагынан окшошсуң. Бир гана жаман жери сага окшогон кыздарын бага албаган, силердин президентиңерге жана чиновниктериңерге нааразымын. Деги эле сенин билимиң барбы? Лена күлүп, анан сөздү ишин токтотуп туруп айтты:
-Мени көп кишилер Медведовго окшоштурушат. Сен айткандай биздин элдин чиновниктери чабыр болбогондо, минтип туулуп өскөн жерден алыс кетип, жер кезип мында келбейт элем дагы, назик колумду минтип талаа ишине тийгизбейт болчумун. Мен өзүм украинкамын. Бирок, молдавияда туулуп өсүп калгам. Билимим жогору. Учурунда мугалим болуп иштегем . Биринчи никем менен ажырашкан соң, өзүмө - өзүм убада берип койгон элем "эми турмушка чыкпайм"- деп. Көрсө, бул убаданы мен ойлонбой, ызага чөмүлгөн кезде бериптирмин. Баса, мага силердин, деги эле кыргыз балдардын кыз жандуу эмес экени жакты. Сөз ушул жерге келгенде Лена сүйлөп жаткан сөзүн токтотуп:
-Берди, болду эми эс алалы. Баары жапырт олтурушту. Экөө катар олтура кетишкенде Лена арт жакты карап:
-Биз сөзгө алаксып кетип, баарынан алдыга озуп кеткен турбайбызбы. Менин дагы бир сапатым өзүмө абдан жагат. Кандай ишти баштасам, аны аягына чыгармайын жаным жай албайт. Берди сөздү бөлүп, суроо берип калды:
-Эмне силер жакта мугалимдердин айлыгы азбы? - деп. Лена башын ийкеп:
-Аны айтпа. Баарынан дагы азыркы балдардын аң сезимине туруштук берип сабак өткөндүн өзү баатырлык. Андан көрө жанга тынч минтип, нервиң коробой мында талаа ишинде иштегенге эмне жетсин. Мен бул жерде үч жылдан бери иштеп келем. Жылына бир жолу туулган жериме барып келгеним болбосо, мага бул жер жагат. Себеби, директор абдан жоопкерчиликтүү жана иштеген адамдын эмгегин баалай билген жагы бар. Берди сөздү бөлүп:
-Турмушка чыкканың менен балалуу болгон эмес белең?
-Ооба, мен ушундай иш болорун алдына ала билгем. Тийген күйөөм ичимдикке жакын болучу. Мен аны тарбиялап кетем го деген ойго алданып калдым. Бирок, жолдошум ичпеген кезинде абдан жакшы болучу. Ичкенден кийин мыжыкыйлыгы кармаса, жанымды сууруп алчу. Анан балалуу болгум келдбеди. Чынын айтсам эптеп аны менен ажырашып кеткениме азыр дагы сүйүнөм.
Баса, мага тиги Диманын эмнеси жакпай калды, билесиңби? Ал мага сөз берген болучу "чылымды таштайм, асмейди оозума албайм, пиво ичпейм" - деп. Анан мен байкуш ага ишенип, анын талабына макул болуп койсом, мага берген убадасына турган жок. Айткандай мага өзбек балдардын койлордой болуп ооздоруна көк чоптү салгансып асмейди салып алышып, ооздорун ачпай кепшегенсип жүргөнү такыр жаккан жок. Андан дагы асмейдин сасык жытына ким чыдап турат. Өзбек кыздарга боорум ооруйт. Анткени өзбектер жапырт асмей чегишет экен. Билесиңби, асмей мээни кургатып жиберет. Ал эми чылым чегүү өзүн - өзү өлтүргөнгө даярдануу, ал эми пиво ичүү эркектик сапатты алсыздандырат. Мен мунун баарын Димага жакшы эле түшүндүрүп айткам. Бирок анын эрки жетпеди. Акыркы жолу дагы айттым "мени танда же асмейиңди танда" - деп. Өзүң эле калыс болчу. Ар бир адам бул бир келген жашоодо бактылуу жашап өткүсү келет жана бактылуу болгонго акысы бар!. Ал үчүн адам болгондон кийин болгон терс сапаттардан жана ден соолукка каршы нерселерден алыс болгону дурус эмеспи. Чынын айтсам мен дагы эне болуу бакытына ээ болгум келет. Жетет мага бир алкаштын азабын тартканым эле. Менин деле турмушка чыккым келет чылым чекпеген, ичимдиктен алыс, аял затына түшүнө билген адам болсо, жалгыз жүргөндөн көрө баш байлап алганга эмне жетсин. Бирок, мен ойлогондой адамды табуу кыйын го. Бизде вино чыгат эмеспи, молдавия винонун мекени. Ошол себептен биз жактан ичимдиктен алыс адамды табуу кыйын. Берди сөз кезеги келгенде:
-Эмне үчүн сага бул жер жагып калды. Башка иште иштесең болбойт беле, мисалы тигичүү болуп же кандайдыр бир завод - Фабрикада, кыздарга ылайык иштер болот го. Лена ушул суроонун берилишин күтүп тургансып:
-Ээ, сен мекениңден алыс чыгып көрө элек окшойсуң. Мен иштебеген иш калбай калды. Айлыкка келгенде эле ойдогудай акча алалбай калып, канча алдандым дагы канча жолу алдоого чыдадым. Акыры бул жерге келгени гана ишиме жараша акча алганга көндүм. Негизи эле эмгегиңе жараша акча алсаң дагы жакшы эмеспи. Менин тээ бала кезден берки тилегим, эмгегим акталып, жашоомо жеткендей акча тапсам деп тилеген элем. Союз тараганы баардык жерде алдамчылар менен ач көздөрдүн арааны жүрүп калбадыбы. Мен сага биздин айылда болуп өткөн бир окуяны айтып берейин, угуп ал. Ал турмуштук сабак болот - деди. Берди, Ленанын ачылып сүйлөгөн сөзүнө ыраазы болуп, ага ичинен жакшы күйөөгө тийип алышын тилеп жиберди. Анткени ал туура сөз айтты "ар бир адам бактылуу жашаганга милдеттүү" -деп.
Биздин айылда тээ илгери союз убагында, тактап айтканда СССР чачыраганга чейин бир адам болгон эле. Ал киши акылга дыйкан, алдыны көрө билген, чукугандай сөз тапкан, сөздү эби менен сүйлөп, абдан адилет киши болучу. Кандай жерден чыр чыкса дагы ал киши калыс учурунда чечип берчү. Ошол сапаты менен кадырлуу болгон.
Бир күнү башкарманын көпкөн баласы атасынын бийлигине таянып, айылдагы балдарга күн көргөзбөй калат. Анын жоругу айылдагы элдердин баарына маалым болот. Бир күнү балдар атайын топтошуп келип, ал эч кимди көзүнө илбеген баланы сабап кетет. Башкарманын баласы мындай кордукка чыдабай атасынын күчү менен баягы балдарды сотко берип, сототуп жиберерде, баягы киши ортого түшүп, башкарманын өзүн күнөөлү кылып, сөзгө жыгат дагы, балдарды сот ишинен бошотуп алат. Башкарманын баласынын ичинде кек калат дагы, ал баягы адилет кишинин кызына сөз айтып, кызы аркылуу андан өч алмак болот. Кыз мектептин акыркы классында окуп жаткан кези болучу. Сабактан келе жатканда алдынан чыгып, башкарманын көпкөн баласы салам айтат. Кыз, баланын саламын алик алып, аны сын көз караш менен карап, берген суроолоруна жооп берип жатып сөз кезегин келтирип:
-Олег, эмне, сен мен аркылуу атамдан өч алайын дедиңби? Чынын айтсам сен анда жаңылышасың - дейт. Олег кыздан мындай сөздү күтпөгөндүктөн, таң калып калат да сурайт:
-Сен аны кайдан билдиң?- деп. Кыз айтат баланы тике карап:
-Сенин ар бир кыймылың, көз карашың эле айтып турбайбы, сенин ойлогон ойюңду. Мага азыр сенин ар бир кыймылың, алдыга койгон максатың, мага карата болгон ой тилегиң бузук экенин, мен сенин берген саламыңдан улам эле билип койдум. Эгер сен туура көрсөң оюңду оңдо, анан мага жолук - деп, көзү ачыктай баланын ички оюн бүт айтып койгондо, бала кыздын айткан сөзүнө жыгылып, күнөөсүн мойунга алган экен.
Мен бул окуя менен эмнени айтмакчымын. Чынында эле эркектерге караганда, аял заты абдан баамчыл келет. Өзгөчө кыздар бойго жеткени ар бир баланын баскан турганын, кийген кийимин, бой келбетин, ал турсун ойлогон оюнан бери ички тую сезими менен билип койгон тымызын байкоо сезими болот. Мен ириде айттым го "кыргыз балдар кыз жандуу эмес экенсиңер" деп. Силер келгенде эле байкагам, аял затына үзүлүп түшпөгөнүңөрдү. Ал эми өзбек балдар көз караштарынан эле билигизип алышат, аял жандуу экендерин. Ошол мен кеп кылга аял жандуу сапат болгон үчүн, биздин молдованкаларга үйлөнүп алышты да. Сөдү Берди алды:
-Биздин элдин бир таамай айткан сөз бар "аялдын, акчанын, алтындын азгырыгына туруштук берген, чоң баатырлык" -деген. Анысысыңары, болгон азгырыктарга туруштук берүү бул чоң эрдик. Азыр өзүң айткандай кимге ишенүүгө болот. Атын атагандан тил сынган оорулар чыкты. Чынын айтсам силерде, аялдык назиктик такыр эле калбай баратыптыр. Бизде аялдардын көзүнчө сөгүнүп, ыплас сөздөрдү айтуу уят иш. Ал эми силер аял башыңар менен сөгүнүп сүйлөйт экенсиңер. Андан дагы эки сөзүңөрдүн биринде эле мактангансып уят сөздү кошуп сүйлөгөнүңөр адатка айланыптыр. Бул сапатыңар такыр эле жаккан жок. Албетте сенден башкасы. Билесиңби, бир жолу сени менен жашаган алиги Роза деген аял, ачык эле айтып салды го, Дима экөөңөрдүн ыплас ишке барганыңарды. Бул эми аял затынын оозуна жарашпаган сөз эмеспи, туурабы. Ал эми баатырлык эмес да. Андан дагы ачык ооздук жагыңар дагы бар экен. Лена айтылган сөзгө териккен жок. Кайра кубаттап:
-Сен абдан жакшы күнөө койдуң. Ооба, аял заты назик болушу керек эле. Акыркы кездерде ичкиликтин айынан эркектерден касиет качып, аялдарга көзөмөл жок болгон үчүн сөгүнүү, чылым чегүү кадыресе көнүмүш ишке айланды. Мен чынын айтсам, аялдын аялдай, эркектин эркектей болгонун каалар элем. Сен бир гана ооз сөзүң менен мени ойго салып койдуң. Силер жакта анда аял затынын кадыры жогору турбайбы, эгер сөгүнүү жок болсо.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

-Ооба, кээ бир гана жаңы киргиз болуп кеткен байлардын кыздары. аялдары эле эне тилди чанып, маңкурт болуп кетип, аял затынын кадырына доо кетиргени болбосо, кыздар абдан ыймандуу. Лена кызыгып калды. Андан дагы Берди калпты, чынды аралаштырып, Ленаны таң калтырып кыргыз кыздарын абдан эле мактап салды, сөзүнүн эбин келтирип. Анан кыябын келтирип, кебинин аягында:
-Силер, батыштын адебине эртерээк ыктап кеткенсиңер да, аларга жакын болгон үчүн. Керек болсо бизде кино тартылат, бирок ошондо дагы киного кыз менен баланы өбүштүрбөй тартат. Сүйүүнү бала менен кыздын кыймыл аракети менен гана түшүнүктү кылып берет. Ал эми батыштын кинолору дароо эле эч кимди көзгө илбей өбүшүү менен башталат да, аягы барып уят иш менен аятайт эмеспи. Лена кунт коюп угуп:
-Сен бул жерден дагы абдан жакшы сөз айттың. Мен эми бир мүмкүнчүлүк болуп калса, сөзсүз Кыргызстанга барып, силердин элдин салт санаасын өз көзүм менен көрүп келбесем болбой калды. Чынын айтсам силердин элде илгертен калган идиалогия, улуттук менталитет жашап калса керек. Баса мен мектепте окуп жүргөндө беле же студент кезимдеби айтор кыргыздар жөнүндө жакшы бир кеп уккан болчумун. Азыр унутуп калдым. Баса, силердин элдин баатырлык эпосу жөнүндө болсо керек эле. Ал эпосто бир баатыр чачылган элди курап, ынтымакка чакырганы тууралуу угуп кызыксам керек болучу. Кыскасы, толук эсимде жок. Берди шашып кетип сөзүн бөлдү. Анткени алыс жерде жүрүп, элиң жөнүндө жакшы сөз уккандын өзү кандай жакшы маанай тартуулайт:
-Сен "Манас" эпосу жөнүндө айтып жатасың. Биздин элдин сыймыгы жана туу тутканы "Манас" эпосу. Мен азыр сага ыраазы болуп калдым. Анткени тарыхты кызыккан гана адам билет. Лена олтурган ордунан туруп жатып:
-Ооба, "Манас" эпосу. Мен бул жөнүндө энсклопедиядан дагы окугам. Кой анда туралы, элдер кыймылдап баштады. Берди ишке алаксып жатып ойлоп койду " аттиң, биздин жаңы киргиздер, тактап айтканда жаштар ушул Ленадай дагы улуу эпосубуз " Манаска" көңүл бурушпайт. Ал эми сакал койгон диндин фанаттары " Манасты болгон эмес" - деп айткандары эле эмне деген пастыкка кадам таштагандары. Өз элинин улуулугун билбей, башка элдин тарыхына кызыккан, тилди билбей маңкуртка айлангандарга эмне деген сөздү ыраа көрүштү билбей турду. Тээ алыскы молдавиянын тургуну, болгондо дагы кыз болуп туруп, кыргыздардын тарыхына кызыкканы элибиздин улуу эл экенинен белги берип туру го. Сөз бир топко чейин уланган жок бир кезде Лена сөздү алды:
-Берди эмне ойлонуп калдың. Аялыңды сагындыңбы же балдарыңдыбы? -деп калды. Берди таттуу ойдун кучагынан ойгонуп:
-Жок, мени ойлонткон нерсе бул. Көрсө жакшы адамдардын жасаган иши түбөлүккө айтылып калат турбайбы. Айтайын дегеним, сен айткан эпостогу баатыр Манас, мындан канча кылым илгери жашап өтсө дагы, анын жасаган иштерин азыр урпактары эле эмес, сага окшогон башка улуттун уул - кыздары дагы эстеп жүрөт тура. Билесиңби, бул жалган дүйнөгө бир жолу келгенден кийин, оозго илинген иш жасап кеткендин өзү бакыт турбайбы. Анткени, жасаган иш түбөлүккө жашайт экен дагы, аны жасаган кишинин ысмы айтылып кала берет экен. Лена башын ийкеп:
- Туура айтасың, бирок андай бакытка жөн адам туш келе бербейт. Ал жагын дагы эске алыш керек. Мени ойго салган нерсе, сен айткандай аял затынын кадыры барган сайын түшүп баратканы. Эгер сен Молдавияга барсаң, анда баарын өз көзүң менен көрөт элең. Тиги Чехияда билесиңби? Мончого аял, эркек бири - биринен уялбай, ургачы - эркегине карабай эле чогуу түшө берет. Керек болсо кайын атасы менен келини дагы эч уят - сыйытты билбей жылаңач мончодо түшүп жатканын көрсөң болот. Бул эми маймылдан айрыманын жоктугу эмеспи. Акыры жүрүп олтуруп көчөгө жылаңач чыгып калбасак болду. Берди таң калып:
-Лена, койсоңчу? Сен балким оюңдан чыгарып айтып жаткан чыгарсың? Колу иште. Иштеп жатып Бердини карабай туруп:
-Калп айтып жаныма эмне күч келиптир. Мени ойго салган нерсе адептүүлүктү кантип кайра калыбына келтирүү. " Кыз кылыгы менен кымбат" - деген сөз бар. Азыр кыздардан кылык кеткен. Кайра балдарды өздөрү чакырат "эркек болсоң үйдөн чык"- деп. Кечинде дүкөнгө келе жатсам, бир бала менен бир кыз жолдун четинде сүйлөшүп туруптур. Бала кантип кетип калуунун амалын кылып жатса, кыз тигини кетирбей жатат " эркексиңби, эмне качып жатасың"- деп. Ушул эми кантип болсун. Ансыз деле канчалаган балдар аборт болуп ичтен алынып жатат. Негизи эле эл булганды көрүнөт. Сөз ушул жерге келгенде үчүнчү катарда келе жаткан өзбек келин жакын келип:
-Эмнени эле талкуулап жатасыңар? Сөзүңөр түгөнчүдөй эмес. Колдоруңар иште болгону менен үнүңөр эле чыгат - деп калды. Бул келин ириде кеп кылынган, жолдошу өзбекстандык кыргыз жигит. Өзү калыс анан жердештерине качан болсо тартып турат. Анткени орус тилин ырас билген үчүн, дайыма котормочулук милдетти аткарып келет. Нан сурап жей албаган өзбек балдар, бир ооз орус тилин билбей иштеп жүрүшөт. Орус аялдар ушул келин аркылуу тил билбеген балдар менен сүйлөшөт. Бул келин дагы кыргыз балдарга абдан кызыгат. Лена жооп берди:
-Мени Берди абдан ойго салып койду. Биздин аялдарга абдан жакшы сын айтты. Көрсө бул ааламдын сулуулугу, бүтүндүгү, кадыры, баркы аял заты менен толукталып турат турбайбы. Анан аял заты барган сайын көк түтүнгө өпкөнү ыштаганы аз келгенсип, балит сөздөрдү сүйлөгөнү чынында эле калпыстык. Азыр мен сага жеткиликтүү кылып айтып бере албай жатам. Бир кезде менин таяэнем айтты эле. Анда мен мектепте окуп жүрсөм керек эле. Ал киши согушка катышкан, учурунда врач болуп иштеген, абдан пакиза, жакшы аял заты болучу. Мага дайыма айтчуу "кыз бала келечектеги эне, үйдүн куту, эркектин жары болот. Ошого жараша ыплас сөздөн, жаман иштен, ушак кептен алыс болгондо гана кадырлуу болот" - деп. Берди айткандай азыр өзгөчө орус, молдован, украиндардын аялдары эле эмес эркектери дагы ачык оозбуз. Эч бир сырды ичке ката албайбыз. Андан дагы семизбиз бултуйуп, тамакка үзүлүп түшөбүз. Бул эми айтылбаса деле денебиз айтырып жатпайбы, анан семиз экенибиз баарына белгилүү эмеспи. Бул сөздү уканда , толугунан келген Феруза өзүнө жакын кабыл алып алды. Анткени өзү менен бирге жолдошу дагы чектен сырт толук адамдар. Лена оозуна алы келбей, ашыкча сөздү сүйлөп алды, бирок аны өзү дагы билген жок. Экөө узун сөзгө киргенде Берди аялдардын жанына олтургандан намыстанып бери басып кетти. Анткени, балдар сүйлөшүп алышкан " аялдарга көп жолобойбуз" - деп. Солдун аягына чыкканда түшкү тамактануу учуру келип калды. Лена автобуска олтурганда Бердиге көз кызып койду " Анан дагы чогу иштегендей бололу"-дегенсип. Бирок, түштөн кийин баардык балдар ишке чыкпай калышты.
Садык түшкү эс алуудан кийин:
-Балдар эми биз бир максатта бололу. Эртең менен силер ишке кеткенден кийин Турар менен байланышсак ал айтат " балдар, бүгүн түштөн кийин силерге эт комбинаттан кишилер келет. Жакшылап жооп бергендей болгула. Анан алар айтат силерди алып кетчү күндү" - деди. Бул эми анын кандай планы экенине башым жетпей калды. Биздин минтип бул жактагы орус аялдардан дагы кадырыбыз кетти. Бир жолу тил тийгизип алышкан соң, жол ачылды, эми алар бизди өзбек балдарды кандай урушса, нак ошондой урушат беришет. Жаман адатты баштабаш керек. Баштагандан соң ал адат болуп айтылып калат экен.
Мен үйлөнүп жашаганы аялымды жакшы эле сыйлачумун. Бир күнү ичип келип ага колум тийди, болду ошондон кийин аны сабаган адатка айланды дагы калды, акыры ажырашып тындым. Ошол сымал эле орус аялдарга бекер гана жол ачып бердик, тил тийгизгенге. Башында жакшы эле сый абалда жүрдүк эле. Эми минтип алар менен кайым айтышуу дагы башталды. Кыскасы, мындай. Эртең баарыбыз тең ишке чыга берели. Качан гана кете турган учурда, ачык айталы. Болбосо, менттерге салып берип койсо эмне кыла алабыз. Сөздү Алмаз алды:
-Эт комбинаттынан келе тургандар келип алышып эмне кылышат экен? Дароо эле алып кетишсе болмок, келип - кетип жүрө бербей. Мага Кыргызстандан байкем чалды. Сочиде дагы кыргыз балдар алданып барып алышып талаада калып, иш жок, кайра келе албай жатышыптыр деп. Бизге эгер акчаны берсе чогубуз менен эле Кыргызстанга кете бербейлиби дагы, Саматтан акчаны өндүрүп алалы. Алдаганды билген, жооп бергенди билсин. Сегиз бала бир бөлмөдө кайрадан баягы эле талкуунун үстүндө олтурушту. Ар ким айтса аныкы эп. Бирок, бирини айтканын бири жактыра бербей ызы - чуу дагы болуп кетти. Негизи эле өзүнүн оюндагыны бербеген киши менен сөз талашуу, шамалга беттеп чуркаганга тете иш эмеспи. Мындайда адам баласынын оозунан кандай даамдуу сөздөр чыгат, бирок ишке ашпаган. Аз сүйлөгөн жана көп иш бүтүргөн адам гана жашоодогу жетишкендиктерге жетет. Болгон күчүн тилден чыгарган адам, эмоцияга алдырып сүйлөгөнү менен ишке келгенде мажүрөлүк кылат. Ошол себептен айтылган кеп бар "алы жок иттин үнү заар"-деген. Ооба, кандектердин чаңкылдап үргөн үнүндөй, акылы тайкы жана ишке жөндөмсүз адамдар сөздү бузуп, ойго келбеген кепти айтаары малым эмеспи.
Тээ илгери бир хандын жалгыз кызы жоголуп кетип, эч жерден табылбай койгондо хан жар салган экен "кимде - ким, менин кызымды таап берсе, тең байлыгымды жана кызымды берем" - деп. Бул жарлыкты уккан жаамы журт, хандын кызын издеп шаардан чыгышат. Бирок, бири дагы жакшы жаңылык айтып кебейт. Ошондо бир кедей адам " эгер мен азыр хандын кызын таап алсам, хандын кызын алгандан баш тартат элем" - десе, жанындагы адам сурайт дейт "эмнеге баш тартат элең?" - деп. Анда тиги киши:
-Хандын кызын алып, башыма түйшүк үйүп алгандан көрө, тынч жашоомду улайт элем. Анткени, хан кызы али табыла электе эле ушунча адамды кыйнап жатат, кат - кат убаданы берип дагы тажабады. Демек бул убадалар аткарылбайт. Анткени күчү кетип калды. Убада бир гана жолу берилиши керек. Ошондо гана иш жүзүнө ашат - деген экен. Анысысыңары, Турар бизге эле канча убада берди. Ушундай убадага бай болгону үчүн, бирок эч ишти аткара албай кыргызстанга батпай калып бул жакка келген имиш. Кээ бир узун кулактардын айтуусу боюнча - деп, Нурлан сөзүн аяктады. Андай жерде бирөөнөн күнөө таап, сын айткан кандай оңой. Кеминде эки сааттан ашык убакыт талкуу болуп, бул талкуунун дагы кызыгы тарай баштаган кезде, Шабдандын телефону шыңгырап калды, оңдой берди болуп. Шабдан телефонду кулагына такап:
- Алоо?- деди. Калган сөз угулган жок. Аз эле убакыт сүйлөшкөн Шабдан:
-Балдар, жүрүгүлө, сыртка! Тигилер келишиптир деди. Эх ошондогу балдардын сүйүнгөнүндө чек жок го, чиркин. Анткени, биринчи жолу Турардын айткан сөзү аткарылып жатат. Балдар сыртка чыкса, бир отуз бештердеги бала менен бир жыйырма бештердеги кыз келиптир. Алар сегиз баланын аты жөнүн жана эмне иш кыла алат ошону кагазга жазып алышты да алар ооздору бош:
-Эки, үч күн күтө тургула. Биз силердин жөндөмүңөргө карата иш таап, анан келип алып кетебиз - деп, жөнөп кетишти. Бул тиги Турардын кезектеги алдоо планы экени дароо эле билинип калды. Анткени эт комбинатына кесиптин канча кереги бар эле. Кыскасы, жаш баланы алдагансып, дагы алдап кетишкени балдардын баштагыдан кыжырын келтирди. Мүдөсүнө жетпей калган эркек жандай, шаабайлары сууп, сегиз бала бөлмөгө киришти. Анткени суук көзгө уруна бербейли деген ойдо.
Кечинде шатыра - шатман ишке чыккандар келип калышты. Алар келгенде жатаканага кадимкидей кыймыл кирип, жандануу башталат. Бул күн Жамшит деген өзбек баланын туулган күнү экен. Алар туулган күндү өткөрүү үчүн катуу даярдана башташты. Берди кечке жуук сыртка чыгып, жатакананын маңдайындагы олтургучта топ ойногон балдарды карап олтурса, жанына Дима келип:
-Берди кандай? Эмне кетпей калдыңарбы? - деди. Жашы улуу болгону менен бала кыял Диманын берген суросуна Берди анча жактыра бербеген түр менен жооп бергендей болду:
-Кетсек ушул жерде олтурат белек. Бул жердин иши бизге жаккан жок. Дима сөздү бөлүп:
-Бизге деле жакпайт. Эки айдан бери айлык ала элекпиз. Эртең иш таштоо болот. Баарыбыз бир ооздон "ишке чыкпайбыз" деп убадалаштык. Бирок, өзбек балдарга ишенич аз. Силердей болуп чечкиндүүлүккө бара алышпайт. Андан дагы орус тилин жакшы билишпейт, ал жагы да тоскоолун тийгизет. Сөз ушул жерге келгенде Феруза келип калды да:
- Берди, эмне болдуңар? Силер түштөн кийин ишке чыкпай калганы, тиги жүн баштарга дагы жаман болду окшойт. Өзгөчө Нина Ивановна улум - улам сурады. Биз дагы силерге көнө түшүптүрбүз. Анткени силер эс алууну баштачу эмес белеңер. Ооба, кыргыз балдар чылым чеккени олтурганда, ушуну эле күтүп турушкансып, баары жапырт олтуруп эс алышчу. Жада калса эс алууга дагы өзбек балдар чечкинсиздик кылганын Берди ушул саам эсине алып койду. Сөз -сөзгө уланып, Феруза учурун келтирип Диманы өзүнүн тилинде урушуп дагы алды:
-Ленанын артынан чуркаган соң аягына чыкпайт белеңиз. Болбосо аны аңдып бирөөнөн кызганбагандай болуңуз. Жана Берди экөө иштеп, сөзгө алаксыганда эки көзүңүз күйүп, жанып карегиңиз талыганча карадыңыз го. Берди, Ленага сиз жалынып сүйлөгөн сөздөрдү эмес, аял затына тиешелүү намыска тийген сөздөрдү айтып, аны ойго салып койду. Дагы айтам аны ар кимден кызгабаңыз. Берди бул айтылган сөздөрдү абдан туура кабыл алды. Анткени Димадан, Лена тууралу сөз айтат деп күтүп турган болучу. Сөз кезеги келгенде Берди:
-Дима, сен туура түшүн. Мусулман баласы эч качан капырга үйлөнбөшү керек болучу. Эгер үйлөнө турган болсо, анда ал аялды дининен чыгарып, мусулман динине киргизүү абзел. Эгер сенин тигил жакта үй - бүлөөң болсо, азгырыкка азгырылбаганың эле оң. Бул менин сага берген кеңешим. Дима уялып кетти да, айта турган сөзүн таппай калып, адатынча көзүн кымыңдатып, ички оюу менен жакшы бир шылтоо айтуу үчүн, ылайыктуу сөз таба абай убара болуп жатты. Ар бир адамдын кыймыл аракети, жасаган мамилеси эле кээ бир сөздөрдү айттырбай түшүндүрүп коёт эмеспи. Феруза тигинин оюн окуп билгенсип, сөздү өзү алды:
-Дима, калпты айтам деп ойлонуп убара болбой эле кой. Ансыз деле сизден башка өзбек балдары молдовандарга үйлөнүп алышып, сөзгө -сөлтүк кылышты. Азыр ачык эле тиги сары катынды алган Мишаны алар өздөрүнө менчик кылып алышты. Жана автобуска түшүп жатканда молдовандар кандай ачуу сөз айтты, Мишанын дарегине. Момпосуй салып алгансып оозуна, жооп бербей кутулду. Силердин жоругуңардан мен эле эмес, тиги жаш балдар дагы уялып жатышат. Дима, колун шилеп:
-Болдучу, эми кайра - кайра эле айта бересиңби? Мен эми эмне кылайын, Ленаны сүйүп калсам! - деп ордунан туруп басып кетти. Чынында эле сүйүүгө дагы арга жок. Бир чети Дима деле туура сөз айтты. Андан дагы андай жерде эркектер алсыздык кылышат белем, өзгөчө көзүн кызган уят - сыйытты жыйыштырып салышкан молдованка аялдардын жанында. Ооба, чынында эле сөздүн эби келбесе деле алар сүйлөгөндө, сөздү ошол уят ишке бура бергени алгачкы күнү келгенде эле кыргыз балдар байкашкан. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү"- дегендей, бир гана Ленадан башкасынын ойлору жана сүйлөгөн сөздөрү эле уят сөзгө такалат. Феруза бир саамга үнсүз туруп:
-Анткен менен Дима абдан жакшы бала. Биздин балдарды ушул молдованкалар абдан бузду. Керек болсо өздөрү баштарын имерип алышты. Аз жерден чоң уруш дагы болуп кете жаздаган, алгачкы жолу өзбек бала молдованкага үйлөнгөндө. Ал эми азыр көнүмүш эле ишке айланды. Ушунун баарына биздин бийликтегилер күнөөлү.
Берди, билесиңби, биздин эл абдан тайыз. Мына силердин элди эле алалы. Бир эмес эки президенттиңерди кууп салдыңар. Бизде Каримовдун дарегине бир гана ооз жаман сөз айттың, ал сөз Каримовго жетип барат. Бирин - бири сатуу биздин элде күч алган. Муну жашырганда эмне. Баса азыр дагы мен Каримов жөнүндө сөз кылгандан корком. Анткени ушул жердеги эле бирөө жеткизип барышы толук мүмкүн. Билесиң да, Андижандан канча кишини аттырып салды, гана өзбектердин көтөрүлүп чыкканы. Ал эч нерсе эмес. Бизде ушак айтып, кишини саткандар даамыңды татып, үйүңдө конокто олтуруп дагы сага карата душмандык кылып коёшат. Мен өзбек элин жамандайын деп айтып жаткан дерим жок. Биздин элдин жаман сапатын гана айтууга туура келип жатат.
Бир жолу Россияда иштеген аял, өзбекстанга келип баласын үйлөнтүп кафеден чоң той берет. Анан сөз кезеги келип калганда, адам баласы оозуна алы келбей калган адаты болот эмеспи. Тиги аял той ортолоп калган кезде, кубанганынан сөз таппай калат да анан "Путин атабызга ыракмат, эгер ал биздин элди ишке алып, жерине батырбаганда, минтип акча таап келип, силердин башыңарды чогултуп чоң той бербейт элем" - деп айтат. Ушул айтылган сөз жогору жакка алеки саатта жетип, той аяктаган соң, ошол эле түнү алиги айткан сөзү үчүн, аялды жана баласын кимдир бирөөлөр келип жанын кыйып кетиптир. Ал дагы эч нерсе эмес "Каримов жаман"-деп тамаша ирээтинде дагы сөз айтуу бизде болбойт. Ал эми силерде демократия абдан күч алган Ошол себептен чоңдоруңардан коркпойсуңар да. Андан дагы кандайча силер орус тилинде эркин сүйлөй билесиңер? Мени ушул суроо абдан таң калтырып келет. Берди берилген суроого сөздү алыстан баштаганда, бой келбети спортсмендердикиндей, учурунда өзбекстандын футболу боюнча биринчи лигада ойногон Абдрашит менен Фирус деген эки бала келип калды. Бул эки бала дагы тиги аял алып алгандарга каршы болгон, өз элинин патриоттору. Анткен менен орус тилинде сүйлөгөндү билишпейт, үстүртөн түшүнгөндөрү менен. Ооба, Феруза менен бир тилекте. Берди сөздү баштаганда, экөө дагы сөздү ынта коюп угуп калышты.
-Биздин эл, тээ илгертеден бери эле көчмөн калк болгон үчүн, өздөрүн эркин алып жүргөнгө көнгөн. Эч кимге кошомат кылбайт. Кошомат кылгандарды эл өзү эле тарбияга салып коюшат. Азыр керек болсо мен, эгер сен, мени менен мелдешсең, жаңы шайланган президентин бетине эле анын жасаган иштеринин жаман жагын айтып койгонго кудуретим жетет. Анткени, биздин эл таза аба, бийик тоолу жерди байыр алган үчүн, тоо бүркүтүндөй эркин жүргөндү жакшы көрөбүз. Сенин дагы керек болсо, улутуң өзбек болгону менен кыргызстанда жашасаң, президентке өз оюңду жана сын пикириңди бетине айтканга укугуң бар. Ишенесиңби, азыр казакстандын дагы эли биздин элге абдан кызыгат. Алар дагы президентини бетине эч сөз айта алышпайт. Ошол себептен жыйырма жылдан ашык убакыттан бери бир гана президенттин башкаруусунан чыга албай келе жатасыңар. Мен кыргыз болуп калганыма сүйүнөм. Анткени, биздин эл баатыр эл болгон. Биздин тоолу жерибизге, Ысык - Көлүбүзгө барганда гана билесиң, биздин жердин сулуулугун, элибиздин улуулугун. Албетте, тилди чанып кеткен маңкурттар бар, ал жагы биздин элдин кетирген катасы. Феруза таң калып:
-Маңкурт дегениң эмне. Мен мындай сөздү укпаптырмын. Түшүнбөй калдым бул сөзүңө - деди. Берди башын чайкап:
-Бир эле акчанын артынан түшпөй, китеп окуш керек. Китеп окуган адамдын ой жүгүртүүсү жана руханий байлыгы жогору болот. "Маңкурт" деген, башка элге сатылып кеткен адамдын аталышы. Эгер угам десеңер, мен силерге бир окуяны айтып берейин.
-Тээ илгери монголдор орто азияны бийлеп турган учурда, ар бир улуттан колго түшкөн туткундарды кыйноо жолу менен өздөрүнө кул катары баш ийдирип алыш үчүн, бир айга чукул, кишинин башындагы чачын такыр кылып алып, жаңы союлган төөнүн терисин башына таңып күнгө кактап жаткызып коюшчу экен. Анан бир айдан кийин ал киши, өзүнүн тилин унутуп, ал турсун улутун билбей, ата - энесин тааныбай, бир гана кожоюнунун айткан сөзүн угуп, ал эмне десе ошону аткарып калчу экен.
Бир жолу бир кемпирдин жалгыз баласын колго түшүрүп алышат дагы аны маңкурт кылып салышат. Апасы издеп келгенде, апасын тааныбай, анын энелик айткан сөзүнө кулак салып койбой, кожоюнунун гана айткан сөзүн эп көрүп, анын айтуусун толук аткарып, жаа менен энесин атып өлтүрүп салган экен. Бул эми кыйноо жолу менен жасалган макурттун иши. Ал эми жети ата, жети энеси сүйлөгөн эне тилин билбеген кишини маңкурт дебегенде эмне дейбиз. Азыр биздин элде кыргыз болуп туруп, кыргыз тилин билбей калган адамдар бар. Алар өз элинин патироту эмес. "Сатылып кеткендер" - деп ачык эле айтсак жарашат. Сөздү Абдрашит бөлдү:
-Бизде, тиги Ташкентте жашагандардан деле тапса болот, өзбек тилин билбей калган адамдарды. Алар дагы өздөрүн биринчи сортогу адам катары сезишкени менен улуттук салт -санаадан оолак өсүп калышып, орус эмес же өзбек эмес, орто жолдогу белгисиз улут болуп алышкан. Ал эми өзүңүз калыс болгон аялдын кулу болгондор тигинтип молдован дагы болуп кетишти - деп, туура айттымбы дегенсип, күлүп калды. Баарыбыз күлүп жибердик. Чынында Абдрашит туура сөз айтты. Көрсө ар бир улуттун билинбегени менен терс сапаттагы адамдары болбой койбойт экен. Бир кезде Ферузаны чакырып калды эле, ал кеткенден кийин Абдрашит сөз улады:
- Эмне сиз дагы Ленаны жактырып калдыңызбы? - деп. Берди чочуп кетти да:
-Эмне сүйлөшүп койсо эле жактырып калган болобу. Эртең менен бир катар солдо иштеп калып, аны менен сүйлөшкөнгө туура келип калды. Мени Лена эмес, кантип ушул жерден башка жакка кетүү кызыктырат. Абдрашит туура эмес сөз сүйлөп алганын кеч билип калды да:
-Байке, кечирип коюңуз. Биз эми эркек эмеспизби. Бирибизге, бирибиз туура түшүнүшөлү. Минтип айтканымдын себеби, Ленага эле эмес, бизге дагы силердин ишке чыкпаганыңар оор тийди. Силерге көнүп калыптырбыз. Эртең менен түшкө чейин иш жакшы жүрдү эле, түштөн кийин убакыттын өтмөгү азап болду. Дегеним силер кетип калсаңар, тиги жүн баштар күчтөрүн бизден чыгарышат го. Анткени силер, алар менен тең ата сүйлөшө аласыңар да. Биз тилди билбегенибизге абдан өкүнөбүз. Эртең дагы он чакты молдован келет экен. Эми канчабыз молдовандарга күйөө бала болобуз ким билет. Сөз тамаша ирээтинде айтылгандыктан күлүп калышты. Чынында өзбек тили кыргыз тилине окшош болгону менен кээ бир айткан сөздөрү түшүнүксүз болуп, болжолдоп түшүнүүгө туура келип жатты.
Кимдин канчалык билимге ээ экенин турмуш өзү калыс билгизип койду. Анткени, аптанын башында райондун бекер тараткан газетасын кыргыз балдар алып окуганы дагы бир жагынан орустарды эле эмес, молдовандарды дагы таң калтырды. Газета, журнал, китеп окуганга адамдын руханий байлыгынын жогорусу себеп болот эмеспи. Ал эми сабаты эптеп эле жоюлган адамдар качан эле китеп, журнал окуганга дити чапчу эле.
Бул күн дагы өттү, караңгы түнү коштоп. Эртең менен тиги контора жактан билермандар келип талап коюшту:
-Бүгүн ишке чыккыла же болбосо жатакананы бошотуп койгула - деп. "Аял үндүү эркектин кубаты жок, эркек үндүү аялдын уяты жок" - дегендей, үндөрү жоон чыккан уят менен аялдык назиктиктен алыстап кеткен, ооздорунан чылым менен ичимдиктин сасык жыты жыттанган, мушташка түшчүдөй дардайып көчүк башы көрүнгөндөй шым кийген, ырайлары бузулган, көк көздөрүнөн жылуулуктун белгиси өчкөн үч аял таң эрте келип, жатакананын тынчтык өкүм сүргөн абалын өзгөртүп, болгон жатаканада жашаган адамдарды сыртка алып чыгып, жыйын кылды. Анткени бүгүн тиги өзбек балдардын иш таштоосу тигилерге эбак жеткен өңдүү. Ушак айтуу жагынан орус калкы менен өзбек калкы эч кимди алдыга салбайт го чиркин. " Самаркандан саман учту десе, Самарканд өртөнүптүр" -дегендей алып учма сөздү чыгаргарган киши, эки адамды эмес, эки элди уруштурушу толук мүмкүн экенин танып болбойт. Жыйын жарым саттка узарып, акыры жатаканада жан адам калбай, баары талаага ишке чыкмай болушту.
Кайрадан кара топурактуу өсүмдүктүн түрү өскөн түптүс талаа. Эх, чиркин, мындай талаа ар кимдин өзүнүн менчиги болгондо, жерден башты албай иштемек беле... Ишке башынан байлаган иттей араң жан кыймылдаган эле жан. Анткени, тиги балдардын айлыгын кечиктирип жатканы, алардын ишке болгон көңүлдөрүн чөктүрүп, кыймылдары солгун тартып, кабактары салыңкы.
Сегиз баланы бул жолу кайрадан капуста талаасына салган. Адамдардын жашоосуна бут тоскон коррупционерлердей, капусталардын дагы өсүшүнө бут тоскон, чырмоок чөптөрдүн чырмалып өскөнү, кадимкидей капусталарды муунтуп салганы таң калтырат жана бийик өскөн ото чөптөр күн көргөзбөй калкалап алган, байкуш капусталардын жашоосуна бөгөт койгонун качан гана ото чөптөр жулунгандан кийин даана билинет. Күч менен гана ото чөптөрдү жулуп, чырмоок чөптөрдүн кучагынан капусталарды бошоткондо, алар тилдери жок болсо дагы, күндүн бетин көргөнгө ыраазы болуша, күндүн нуру менен бирге капусталардын жалбырактары чагылышып, ыраазычылык билдиргенсип, карагандай элес берет. Баам салып караган кишиге пайдасы жок чөптөрдөн бошонгон капусталардын сообуна калып жатышкандарын адамдар билишкен жок. Ар бир өсүмдүк дагы адамдар сыяктуу эле, үч - төрт айлык жашоосунда жакшы жашагысы келээрин, ушул жерден байкасак болот. Негизи эле эч кимге пайдасы жок адамдар уурулук жол менен болсо дагы байып алышып, элдин ырыскысын талап тоногондой, ото чөптөр кудум коррупционерлердей атайын себилген өсүмдүктөргө жашоо бербей, аларга арналып себилген жер жемирткичтерди, сугарылган сууларды жада калса күндүн нурун дагы тийгизбей, тигилердин жошоосуна бут тоскондору жашоо менен күрөшүү жеке эле жаныбарларда жана адамдарда гана эмес, өсүмдүктөрдө дагы кенен кулач жайганын аңдасак болот. Көз көркүн алган капусталар, ото чөптөрдүн кучагынан бошонгондо, капастан чыккан канаттуу куштай көзгө бир башкача көрүнүп, талаага көрк берип жатты. Ооба, чынында эле бул жалган жашоодо, жарык дүйнөдө жеке эле адамдарда, жаныбарларда эле эмес, өсүмдүктөрдүн дагы бири - биринене душмандык жагы бар экенин байкасак болот. Кайран гана капусталар, чынында аларды ороп, муунтуп өскөн чырмооктордун жоругу адам баласын ойго салат. Бул арам жол менен байыган байлардай, ото чоптор менен чырмоок чөптөрдүн өсүү темпи, башка өсүмдүктөргө кадимкидей бут тоскондору кандайдыр бир философияны ичине камтып тургандай. Андан дагы алардын тамырынын узунун айтпай эле коюлу. Кадимки качып кеткен биздин эки ажонун тааныш - билиштериндей кенен жайылган. "Жамандын кесепети, жакшынын шарапаты" - дегендей, эгер, ото чөптөрдүн зыяны болбосо, бул талаада жан адам минтип таң эртеден, кеч күүгүмгө чейин иштебейт эле. Баарын техниканын күчү менен гана бүтүрүп коюшмак. Жада калса, техниканын түрүн ойлоп таап, айга учуп барган адамдардын акылы, пайдасы жок ото чоптордон кантип арылуунун жолун таппай келгени эле эмне деген сөздү ичине камтып турат. Жетимишке чукул адам ото чөптөр менен жайдын толук мезгилинде, ысык күндүн илебине туруштук берип, канча жылдан бери ушул талаада күрөшүп эле келе жатат, бирок аларды жеңүүгө толук мүмкүнчүлүк жок болуп келет.
Шабдан бир кезде тынчттыкты бузуп:
-Баарын ойлоп тапкан, окумуштуулар эмне үчүн ото чөптөргө каршы эч нерсе ойлоп таба алышпайт? - деп суроо берип калды эле, Нурлан ишин токтотуп:
-Биздин бул жакка келип иштешибизге түрткү болгон ушул ото чөптөр эмеспи. Ар бир нерсенин жаралышына жана жасалышына бир нерсе себеп болот. Самат менен Турардын алдоосуна дагы ушул талаа себеп болгонун танып болбойт. Алар бизди алдады, ал эми ушул жердин ырыскысы жана иши бизди күтүп турган. Анан биз мында ойдо жок жерден келип калдык.
-Туура, баары буйруктан болот эмеспи. Сен айткандай биз жаңы төрөлгөндө эле ушул иш, бул жердин ырыскысы буйруп, кулак менен гана угуп келген Ока дарыясына дене чайкаганыбыз дагы маңдайга жазылган да деп, Азат сөз улады. Орус мүнөз күткөн Алмаз адатынча кабагын ачпаган калыбында, ишке кош көңүл мамиле жасап:
- Кайсы күнү Саматка жолуктум, керек болсо анын ысмын уккум келбей калды. Эгер ал ишти өз нугунда алып барганда, биз минтип атам тааныбаган орус аялдардын жеме сөзүн укпайт элек дагы, башка иште иштеп жүрөт элек. Сөздү Садык алды:
-Алмаз, сенин эле эмес, баарыбыздын тең Самат менен Турардын ысмын уккубуз келбей турат. Кандай асыл максат, илгери үмүт, келечектүү ой - тилек менен келдик эле. Тигинтип эт комбинатына ишке орноштурганы алып келген отуз беш баланы алдаганычы. Биздин абалыбыз, бизди алдаганы эле тиги эки алдамчыны ойлонтсо болмок. Кантип ниети чыдап ушунча адамды алдаганга дити чапты билбейм. Эми анын тукумуна зак кетти. Ушунча адамдын каргышы, сөгүп сакканы, тилдегени эле түшүнгөн адамга эмне деген сөздү айтып турат. Биз бул жакка чыгарда жакшы эле какшабадык беле "алданбайбызбы" - деп, ал эмне деди эле! Кайра бизди алдагандары аз келгенсип, тиги отуз беш баланы дагы алдаганын карабайсыңарбы? Бул бети жок айбандарга каргыш дагы өтпөсө керек. Болбосо, биз келгенден бери канча тынчын алдык, эми минтип өздөрү эле шерменде болушту. Биз дагы дароо эле элчиликке барганыбызда болмок экен, анда минтип талаа жумушунда эмес, кандайдыр бир башка иште иштемек чыгарбыз. Анда алиги отуз беш бала дагы алданып келмек эмес. Аларды дагы биздей көрүп, алдасак болот экен деген ойдо болушту да. Шабдан сөздү бөлүп:
-Туура, биз эмнеге элчиликке барганыбыз жок, билбейм. Ошол учурда ойлонгонго дагы мүмкүнчүлүк бербей чилдей гана таратып жибербедиби. Мейли, эми калганын дагы көрө жатабыз. Тиги кароолчу келе жатат, иштеп калалы. Аз калды чыдап туралы дагы, анан булар менен сый коштошуп кетели. Антпесек "кыргыз" деген улутубузга жаман сөз тийгизип алабыз. Сөз ушул жерге келгенде көзү көк, толугунан келген, жашы алтымышка кадам таштап калган, өз жашынан кары көрүнгөн, жамалдаш бойлуу, боюна жарашыксыз кийим кийген, тилин чайнап сүйлөгөн, чылым чекпесе дагы ичимдиктен баш тартпаган каймана ысмы Таня жакын келип эле:
-Таза иштегиле дебедим беле, бул сол кимдики, карагыла, эртең эле ото чоп баш көтөрөт. Чынында эле аныкы деле туура. Сөзгө алаксып кетип эки баланын иштеп жаткан солунда ото чөп калып калыптыр. Бул ото чөп иштеп жатканда көзгө көрүнбөйт дагы, качан узап кеткенде көрүнүп калган дагы адаты бар экен, кудум газетага чыккан ката сөздөй болуп. Корректор баш болуп, редактор төш болуп катаны жакшы эле карайт, анан эле газета басылып чыкканда каталар жайнап эле чыгып калгандай, ото чөптөр дагы тиги кароолчуларга кандай тез көрүнөт ага жооп табуу кыйын. Бир кезде Таня, Бердинин жанына басып келип сурап калды:
- Эмне биздин ишибиз силерге жакпай калдыбы? - деп. Бул суроо жөн гана сынамакка берилгенин билип Берди ооз учунан:
- Бизди бул иш канаттандырбайт. Андан дагы айлык абдан эле аз экен. Бирок жашоо шартта айып жок. Эмне болгон күндө дагы бул талааны чынында жакшы өздөштүрүп алыптырсыздар. Бирок бул ото чөп деген неме гана бут тоскону болбосо, баары ойдогудай экен. Таня эригип, бирөө менен сүйлөшкүсү келип жатса керек, узун сөзгө кирди:
-Бул талаада союз учурунда абдан көп адам иштеп, түшүмдү ойдогудай алчубуз. Ал кезде тартип күчтүү болуп, механизаторлор жакшы айлык алышчу. Азыр дагы жаман эмес. Ошол бойдон кармап калган директорго ыракмат дешибиз керек. Баса директор кээ бир эркектерге караганда абдан чечкиндүү анан талапты койо билген, ар кимдин иштеген ишине жараша айлык бергенди жакшы көрөт. Бул эми иштин көзүн билген кишинин кылган иши эмеспи. Жеке менин директорго карата болгон оюм таза. Анын эң жаман көргөнү алдамчылык. Силерди бул жакка алып келген балага карата жаман ойдо калды көрүнөт. Анткени ал эки, үч жолу алдады. Өткөндө бир күн кечке автобусту күттүрүп коюп, жатакана даярдатып анан кишилери келбей калды. Андан дагы силерди мында алдап алып келгенин дагы билет. Мунун баары эле силердин алиги чоңуңарга минус эле болуп калды. Берди ушул жерден билди, директор баарын билип, ошол себептен ашыкча кетпей, сабырлуу болуп жатканын. Болбосо өзбек балдар бир эле күн ишке чыкпай калса, катуу чыр салып, жатаканадан чыгарып саларын өзбек балдар эки, үч жолу айткан болучу. Ошол себептен алардын сөзү кыска болуп, баш көтөрүп сүйлөбөй, айткандарын айткандай, ооз ачпай жасап жатат. Танянын сөзүн бөлүп, Берди:
-Эмнеге, силердин айылдын эли талаа ишинде иштебейт?- сурап калды. Таня туура суроо бердиң дегенсип, талаага көз чаптырып карап алып:
-Жокко чыдаса болот экен. Ал эми барга көпкөн абдан жаман тура. Биздин элдин деле арманы аттын башындай. Колунан келгендер, жаштар айылга токтобой калсын. Азыр баары эле Америкага, Европага кетип жатышат. Жылына, жарым миллион эл сыртка чыгып кетет. Алардын ордун силерге окшогон жарды жашаган өлкөнүн элдери келип толуктап турушат. Бир чети биздин айылдын эли менен иштешкенден көрө, силерге окшогон башка жактан келгендер менен иштешкен бизге оңой. Анткени айылдын эли болгону сегиз гана саат убакыт иштешет дагы, чоң айлык талап кылышат, анан алар менен тил табышуу кыйынга турат. Биздин чоң айлык төлөп бергенге шартыбыз жок. Андан дагы өздөрүн ак сөөк сезген айылдын эли, биздин ойдогудай иштеп бере алышпайт. Башында айылдын эли келип өзбектерди сабап кетип турушту, кубалап, кысканып. Акыры баары минтип ийге келип, азыр түшүнүп калышты. Бизди кубанткан нерсе өзбек балдар менен молдованкалардын үйлөнүп жашап жатышканы. Анткени алар эми бул жерди таштап эч жакка кете алышпайт. Бизге туруктуу эмгекчилер керек.
-Сиздин канча балаңыз бар?
-Менин бир кыз, бир уулум бар. Кызым турмушка чыгып, азыр күйөөсү менен башка шаарда турат. Ал эми уулум Индияда иштейт. Алган айлыгы доллар менен. Башка элди көрүп калган бала бул жакка кантип токтойт. Жылына отпуска алганда эле келбесе, келбейт. Азыр күйөөм экөөбүз эле турабыз. Айткандай балам бизге акча деле салбайт. Берди таң калып:
-Эмнеге акча салбайт. Силер талап койбойсуңарбы. Аны анда эмне максат менен багып өстүрдүңөр. Мына мен эгер айлык алып калсам, алгач акчаны үй - бүлөөмө эмес, апама жиберем. Анткени ал мени ушул даражага жеткирди да. Таня таң калып:
-Силердин элдин менталитети абдан жакшы экен. Бизде бала он сегизге чыкканда эле кетет дагы, ата менен энеге карап дагы коюшпайт. Керек болсо бизде адам баласы карыганда, өзүлөрү даярдык көрүшөт, өлүмтүгүнө, пенсиясын чогултуп. Берди сөздү бөлбөй угуп туруп анан сөз кезеги келгенде:
-Силердин элдин салт - санаасы башынан такыр башка нукка түшүп калган да. Уктуңуз беле Сталин эмне деп айтканын. Ал айткан да "өзгөнү туурап, өргө чыккан өлкөнү көргөн эмесмин" - деп. Анысысыңар учурунда Сталин орус калкына кайрылган "батыш элин эмне туурап жашап жатасыңар, өзүңөрдүн элдин менталитетин чанып"- деп. Силер чынында эле батыш өлкөлөрүнүн салт - санаасына ык коюп кетип, акыры минтип азыр дагы жаштарыңар батышка качып кетип жатышат. Биз минтип сырт элде иштегенибиз менен, акча жөнөтүп турабыз. Бизде кары киши каза болгондо болгон тууган уруктары, кошуна - колоңдору чогулуп келип жерге беришет. Эки же үч жылкы союп. Сөөк коюга келген адамдарды сый менен узатышат. Балдарынын, кыздарынын кудалары баары жапырт келип топурак салат. Таня таң калып:
-Эмне силерде кары киши өлүмтүгүнө акча чогултпайбы?
-Эмнеге чогултушу керек. Эгер балдары, кыздары турса. Ириде айттым го, бизде кары кишини абдан сыйлайт деп. Ошол себептен карылар эч иш кылбайт дагы, уул, кызынын сыйын көрүп гана жашап, төрдүн көркү болуп олтурушат.
Бизде андай болсо жыргабадыкпы. Бала чоңойду, болду үйдү таштап кетип калат. Ал эмне кылат, эмне менен жан багып жатат, кандай аял алат бизге кеңешпеген жагы бар. Мына мен деген эмне болгон күндө дагы тогуз ай көтөргөн, чоңойгонго чейин багып өстүргөн энемин да. Баламды ойлоп, түнкү уйкудан калып санаа чегип, болгон ой санаамды балама арнам жатам. Ал эми балам болсо мени ойлоп акча салмак турсун, абалымды сурап дагы койбойт.
Жаш кезде карыбачудай ойлойт экенбиз да. Анан минтип карылык жакындаган сайын артты карап алып өкүнүп калат турбайбызбы. Мен деле турмушка чыкканы атам менен энеме мерез мамиле жасагам. Азыр ал мамилени кызым менен уулумдан көрүп жатам. Бул жашоодо убакыттан өткөн калыс эч нерсе жок экен. Карылык айылына баш бакканы өткөндү эстеп өкүнүп калат экенсиң. Кайран атам менен апам. Мени эмне гана кылып багышпады. Мен алардын мага арнаган эмгегин баалай алганым жок. Азыр экөө тең жер алдында. Адам баласы качан гана көзү өтүп кеткенде бири - бирибиздин баркыбызды билет экенбиз. Тээ союз учурунда карылар, азыркы карылардай ичимдик ичип, көчөгө чыкчу эмес эле. Учурда баары башкача болуп, жашоонун нугу такыр башка жакка бурулуп кеткендей таазир берет. Мен кыз кезимде билем, карылар көчө бойлоп басып келе жатканда, алдынан кыя басып өтө алчу эмес элек. Ошол кезди кайра кайрып берсе гана атаганат. Абдан жакшы болот эле. Тигинтип магазиндин оозун ээлеп, бир нерсе үмүт кылып алкаштар олтурат. Эгер алардын сураганын берсең болду, анда жыла бастырбай тооруп, акча сурагандары, сураган. Бул ичимдикке сын тагып дагы болбойт деп, ашыкча сөз сүйлөп баратып, сөзүн оңдоп кетти. Анткени өзү дагы ичимдикке жакын аял экени маалым да. Берди башын ийкеп:
-Сиз абдан жакшы сөз айттыңыз. Азыр бир гана ичимдикке эле эмес, баарына сын тагып бекер. Анткени, артта жаштар кандай өсүп келе жатат. Биздин элде мындай айтылган бир кеп бар "аял заты этегин , эр жигит мекенин коргошу керек" - деген. Бул жакта аялдар эч нерсени эрөөн төрөн албай эле, уят сөздөр менен сөгүнүп сүйлөгөн адатка айланыптыр. Билесизби, аял заты абдан назик болуп, жаман сапаттардан алыс болуп ордун билгенде гана сыйга татыктуу болот. Таня сөздү бөлүп кетти:
-Кантип назик болууга туура келет. Минтип эркектер жасай турган ишти, өзүң көргөндөй аялдар аткарып жатышса. Азыр эркектерге караганда аялдардан бир нерсени үмүт кылса болот. Керек болсо кекиртектин кулу болгон эркектер, өздөрүнүн милдеттерин аткара да албай калган үчүн, орус кыздар башка улуттун балдарына тийип кетип жатышат. Ургаачы болуп жаралып калган соң, эне болуу дагы керек экен да. Эне болуу үчүн татыктуу эркекке турмушка чыгуу абзел. Ал эми биздин эркек сөрөйлөр түшкө чейин адам, түштөн кийин айбан. Ичип алышып, ар кайсы жерде оонап жатышат. Анан алардан кимдин төрөгүсү келет. Керек болсо алар төрөтө дагы алышпайт. Бир кезде Горьбачёв аракка каршы жакшы эле аракет кылгандай болду эле, бирок андан эч майнап чыккан жок. Ичимдик орус калкынын түбүнө жеткени калды көрүнөт. Эми минтип аялдар дагы баш оту менен ичимдикке берилип баратат. Бул деген элдин жоголуп баратканынан белги берип жатпайбы. Таня эмоцияга алдырып, үнүн өктөм чыгарып бир топко сөз бербей сүйлөдү. Көп сүйлөгөн адам бир эле күн сүйлөбөй кала турган болсо, анда ооруп калышы дагы толук мүмкүн. Жеринен эле орус улутундагы элдер болбогон нерсени эле талашып - тартышып сүйлөй беришет эмеспи. Анысысыңары, Таня дагы учурдан пайдаланып, ооздугун коё берген күлүктөй берилип сүйлөп, арманын айтып алды. " Сөздү уккан жерге айт"-дегендей, кунт коюп уккан Бердиге тим эле өзүнүн өмүр жолун дагы айтканга жетишип жиберди. Мунун себеби, Танянын ичине бугу толуп кеткен өңдүү. Сөз кезеги келгенде, тилге адам баласынын алы жетпей калган адаты болот эмеспи. Таня күйөөсүн дагы жамандаганга үлгүрдү. Анткени ал үч жылдан бери эч жерде иштебей, ичимдикке баш оту менен берилип кетиптир. Демек, бул жерден Таня ачык айтпаса дагы, анын сөзүнүн маанисинен билинип калды, жашоосу супсак экени. Бул жалган дүйнөдө өзгөчө аял заты үчүн күйөөнүн кайраттуулугу, табышкерлиги, чечкиндүүлүгү анан мээрими аба менен суудай керек белем. Эгер Танянын күйөөсү ириде айтылгандай сапаттарга ээ болгондо, анда ал керээлди күнү кечке минтип талаада кесерип жүрбөйт эле да, жогору жактан тил укпай үйүндө олтурмак болучу. Тээ илгери деле согуш учурунда эркектер тылда калбай калганда, аялдар тылдын ишин бүт бүтүрүп, баарына жетишпеди беле. Азыр болсо эркектер ичимдик деген немеге жеңилип, баш ийип, багынып бергени алар жасай турган иштерди тигинтип аялдар аткарып, кудум согуш учурундагыдай талааны жалаң аялдар өз колодоруна алып, эмгек менен күрөшүп жатышканын Таня өзүнүн айткан сөздөрү менен тастыктап койду.
Бир кезде тээ алыстан сары автобустун карааны көрүнүп калды. Ал түшкү тамактанууга алып кеткени келе жаткан болучу. Кеминде бир саатка чукул Таня менен сүйлөшүп туруп, Берди берки балдардан бир кыйла артта калды. Автобус жакындаганда Таня:
-Берди, силер түштөн кийин кызылча аянтына чыгасыңар, кетмениңерди алып алгыла. Жердештериңе түшүндүрүп айтып койчу, иш учурунда көпкө олтурушпасын. Мен канчалык айткан менен, аларга сенин айткан сөзүң өтүмдүү болобу деген эле ой. Баса, билесиңби, эгер силер бул жакта иштеп кала турган болсоңор, айлыгыңарга кошулат. Бул сөздү эмне максат менен айтты, Берди түшүнбөй да калды. Анткени, Таня башка сөз айта турган болуп барып, анан бул сөздү айтып жибергендей сезилди. Автобус келип токтогончо эле балдар талааны таштап, жолдун жээгин көздөй кадам таштап жөнөштү. Анткени айдоочу бир - эки жолу эскерткен болучу " мындан кийин мен силерди күтүп турбайм, автобустун карааны көрүндү, жолго чыгып тургула"- деп. Автобустан орун алып олтуруп жатып Шабдан:
-Биз эми кайсы акчага обед кылабыз. Акчанын түбүнө жетип койгон болчубуз. Кап, кечээ бекер гана ишке чыкпай койдук, болбосо бүгүн эч тартынбай акча сурап алат элек да. Аванс акча сурагандан уялып да бүттүм. Бир апта илгери эле алган акчабыздын аягына жалаң чылым сатып алып жатып түгөтүп салдык. Мындан кийин чылым чеккендер өздөрүнүн акчасына сатып алат. Аз болсо дагы чылымды сарамжалдап чексеңер болот эле. Сөздү Садык алды:
-Шабдан мен тамак ичпесем койдум, чылым алышым керек, чылымсыз тура албайм. Билбейм, эгер тамеки болбосо тентип кетишим толук мүмкүн. Ушул чылым чеккенди кайсы кара теке сүзгөн күнү үйрөнүп, адат кылым алдым билбейм. Алиги жаш балдардын чылым чегип жатканын көрсөм, тим эле сабап жибергим келет. Анткени алардын мендей болуп чылымдын кулуна айланышын каалабайт элем. Эмне кылсаңар ошол кылгыла балдар, мен үчүн чылым аба менен суудай керек, силерге дайыма эле айтып келе жатам го. Сөз ушул жерге келгенде автобус өзбек балдар иштеп жаткан талаага келип токтоп калып, жажылдап сүйлөгөн өзбек балдар кажы - кужу болуп, орун талашып, автобуска олтуруп жатышты.
Автобус ордунан жылып, чоң жолго түштү да, анан катар салынган дүкөндүн жанына келип токтоду. Шабдан менен Берди өзбек келинден эки жүз рубль карыз алышты да, керектүү нерселерди сатып алуу үчүн дүкөндү көздөй кадам ташташты. Эң арзан деген кара нан жыйырма рубль. Ал эми ак нандардын сапаты начар анан абдан эле упурама, жеңил анан жегиликтүү болгону менен бир нанга бир адам дагы тойбойт. Автобус ордунун жуп жыларда, Нина Ивановна үнүн бийик чыгарып:
-Саат бирде автобус ушул жерде болсун. Тезирээк тамактанып чыккыла!-деп, өзү түшүп калды. Автобус ордунан жылып, айылдын четинен орун алган жатаканага келип токтогондо, айдоочу дагы эскертти:
-Кечикпегендей болгула!-деп.
Сегиз бала шашып, чайнекке чай коюшту да, тамактанып алуу максатында, тар убакытта жетишип калыш үчүн шашып калышты. Ал эми өзбек балдардын тамагы даяр. Анткени алардын повары бар. Ага атайын акча төлөнөт. Кабагы ачылбаган, дайыма наалып сүйлөгөн, кара тору, көздөрүнүн нуру өчкөнсүгөн, орто бойлуу, жашы кырктын кырын ашкан, орус тилин анча жакшы билбесе дагы, жердештеринин алдында " мен орус тилин билем"- дегенсип мактануу жүзүнөн билинип турган, биздин элдин жаңы киргиздериндей, өздү эмес өзгөнү сыйлап орус тилин жогору тутуп, өз тилин булгап орус тилин кошуп сүйлөгөндү адат кылып алган, орусча ысмы Миша, өз ысмы тилге ылайык келбегендиктен анын өз атын толук кыргыз балдар билбейт. Ал сүйлөп жатканда айлаң гана жок күлкүңдү тыйганга туура келет. Анткени сөздөрдүн аягын жеп салат же туура эмес айтат. Бул эми орус тилин өздөштүрүүнүн бир жагдайы экенин туура түшүнүү керек. Бирок, өзүнүн жердештерине өзбек тилинде эле сүйлөсө туура болмок. Балким аларды дагы үйрөнсүн деген аракетиби, ким билет. Негизи эле мактаныч ирээтинде жасалган далалат дайыма эле жемишин бере бербейт эмеспи. Миша канча жолу орус тилинде сүйлөйм деп кагуу жеди, бирок өзүнүн адатын таштай албады.
Сегиз бала төрт - төрттөн бөлүнүп, эптеп нан чайнап чай ичишти да, анан кайра эле сыртка чыгып туруп калышты. Кечигүүгө болбойт. Автобустан калдың, болду иштен калдың. Анда бир күндүк иш күнүң жазылбай калат.
Таня айткандай түштөн кийин сегиз баланы эки бөлүп, теңин капустага салды да, калганын кызылчага алып келди. Кызылча талаасында иштеген алда канча жеңил. Анткени ото чөптөрдү олтуруп алып деле жулса болот. Демек олтуруп иштегенде сүйлөшкөнгө жана эс алганга көп убакытты кетирсе эч ким байкабайт.
Иш кыбырап жүрүп жатты. Анткен менен ал жакта күндүн ысыгы Кыргызстандыкына жетпейт. Кичине эле күндүн нуру жерге жылуулугун тегиз чачып калса, ал аймакта жашаган орус улутундагылар, "денебизди күнгө күйгүзүп алалы" деп, көчөгө обу жок кыз - келиндери купальникчен чыга калган адаттары бар экен. Ал эми ириде кеп кылгандай Ока дарыясынын жээгинде орун жок калат, жергиликтүү калктан.
Балдар иштеп жатканда, жергиликтүү аймактын, тактап айтканда, орустардын купальникчен жаш кыздары жамбаштарын чайпап басып, Ока дарыясын карай кеткен жол менен өтүп калышты эле, өзгөчө өзбек балдардын көздөрү токтоп калды белем, жалдырап эле карап калышты. Бир нерсе деп тийишкилери келип турат, бирок тил билишпейт. Өздөрүнүн тилинде бир нерсе деп үндөрүн жапыс чыгарып кыйкыргандары болбосо, башка эмне кыла алышмак эле. Ал эми кыргыз балдар аларды карап дагы коюшкан жок. Анткени, башында эле сүйлөшүлгөн болучу "аял затына үзүлүп түшүп тийишкенден алыс бололу"- деп.
Кыздардын денеси менен мактанган адаты ушул орус калкынан бизге келгенби, айтор төрт, беш кыз атайын иштеп жаткан балдардын жанынан өтүп баратышканда, кадамдарын жай таштап, келбеттерин көргөзүп калуунун амалын кылышып, аярлап туруп калышты. Эмне максат менен токтоп турушканын айтпасак деле түшүнүктүү. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү" - дегендей, тиги кыздардын токтоп туруп калганынан пайдаланып, өзбек балдар кыйкырып калышты, эркек таана болушуп.
Эх, барган сайын ургаачылардан уят кетип баратканына ушул окуя дагы бир жолу тастыктап турду. Болбосо, эркекке ак денени көргөзү бир кезде өтө уят иш эле го. Ал эми бул балакатка жетип, көзгө илинип калган жаш кыздар, эр эңсегенсип тигинтип аялуу жерлерин жашыргандын ордуна, ошол жерлери менен мактанып калганы, түшүнгөн адамга такыр эле туура эмесей элес берет. Ал эми цивилзацияны бетке кармаган акылы тайкылар үчүн, албетте бул кыздардын кылыгы туурадай сезилет.
Ансыз деле биздин элде деле агайын - туугандан, улуу - кичүүдөн, калайык калктан эч тартынып, уялып койбой ак денени көргөзүп, дырдай жылаңач сүрөткө түшүп газетага чыккан эки - үч жылдан бери адатка айланбадыбы. Кыздар чырайлуу денесин, сулуу келбеттерин жылаңач чечинип көргөзүп калат деген түшкө кирбеген иш. Эгер ошол кыздарды көздөрү өтүп кеткен элибиздин кыраандары тирилип келип көрүшсө, эмне деп айтышат эле. Азыр баардык жерде кылдын учундай ар намыс калбай калгандай. Болбосо алиги кыздардын туугандары каршы чыгат эле го. Ак денени көргөзүп сулуу аталгандан көрө " кыз" деген үч тамгадан турган улуу сөздү сыйлап, чечинбей койсо алда канча дурус болот болучу, түшүнгөн адамга. Албетте ар ким дараметине карата иш кылат жана кийинет эмеспи. Алиги, өзбек балдардын көздөрүн кызыктырып, азгырган жаш кыздар бир кезде, өздөрү эне болгондо, кыздары чечинип эркектин оюн бузуп, дырдай жылаңач жүргөндө гана эстерине келбесе, сөз менен айтып жеткизүү, кумдуу чөлдөн чуңкур казганга тете иш эмеспи. Өзбек балдар аялдан көздөрү каткансып, тиги кыздар узап кеткенге чейин тикчийип карап турушту да, өздөрүнүн тилинде түшүнүксүз сөздөр менен бир нерселерди айтып, анан ишке киришти.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Талкууну бир топко улантышды, иштеп жатышып дагы. Анткени алардын кээ бирлерине алиги кыздардын кылыктары жакпай калса керек. Ооздон чыкчуу сөзгө дагы окуя себеп болот белем, төрт кыргыз бала дагы өздөрүнчө тиги кыздар жөнүндө сөз улаган болушту. Негизи эле айтылган кеп бар эмеспи "орус оюндагынысын кылат" - деген. Айткандай, үйлөрүнөн алты кадам чыгып, дарыянын жээгинде бири - бирине атаандашкансып, тамак жасап ичишип, бар байлыгын ошол дарыянын жээгинде көргөзүп жатышкандай элес берет. Ооба, эгер алыстан келишсе анда сөз башка эле. Деги эле акыркы кездерде адам баласы мактаныч менен жашап калганбы деген дагы ой пайда болбой койбойт экен. Муну айтып жатканга жергиликтүү калктын талаа ишинде иштеп жаткандардын жанынан машиналарына күч келтирип катуу, жолду чаңдатып айдап өткөндөрү көз - көрүнө мактанычтан белги берип турду. Алардын мындай кылыктары, алданып барып талаа ишинде иштеп калган кыргыз балдардын кыжырын келтирбей койгон жок.
Кечки саат бештерде, ойго келбеген жерден баягы күттүрбөй келген коноктой, жамгыр төгүп кирди. Деги эле аба - ырайына түшүнүп болбойт. Кыргызстандагы жазгы жаандай тез эле жамгыр төгүп өтүп турганы таң калтырды. Бир саатан ашык убакыт жааган жамгырдан кара топурактуу жер балчыкка айланып эле жатып калды. Автобус келип, жаанга байланыштуу бул күнү эрте алып кетти. Келген менен сегиз баланын болгон ой максаттары, кантип курсакты тойгузу болду. Эми кимден карыз акча алыш керек, маселе мына ушунда болучу. Эгер Турар "ушул жолу алдабайм" -деп убада бербеген болсо, акчаны сарамжалдашат беле, ким билет. Ачка калган сегиз бала, кечинде эки нанды бөлүп жешти да, карандай чайдан бастырып алышып, жаздыкка баш коюшту.
Курсак ачка адамдын уйкусу кантип келмек эле. Төшөккө жатышканы менен баарынын ойлору "ушул жерден кантип кетип калуу керек"-дегенге такалып жатканын жашырып болбойт эле. Бир кезде Шабдан кайрадан телефонуна асылды.
Турарга чалып, аны менен байланышуу азаптын азабы. Анткени ал каалаган учурда телефонун алат дагы, кээде көз көрүнө телефонун өчүрүп койот. Ачык айтканда, кабагына жараша иш кылат. Эгер бул шыйпшайдардай болгон Турар болбогондо, анда баары башкача болот белем... негизи эле алдамчылыкты дагы кесип кылгандар бар өңдөнөт. Болбосо эмнеге Турар сегиз баланы үмүттөндүрүп алдайт. Бир жагынан өзү дагы кыйналып бүттү, балдарды дагы кыйнап, телефонду албай качканы түшүнгөн кишиге эмне деген наадандык. Мына ага ишенип эки айга чукул талаада иштеген сегиз бала минтип акчалары түгөнүп, ачка дагы калышты. Ал эми директор аялга уят болгону өзүнчө бир чоң сабак кеп.
Бир кезде оңдой берди болуп Шабдандын чалган телефонуна Турар жооп берип калды. Ошондогу балдардын сүйүнгөнүн айтпай эле койгонубуз оң. Акча табабыз деп барып, өздөрү ачка калган балдарды кыргызстанда үйбүлөлөрү кандай үмүт менен "акча салат" - деп күтүп жатышат. Ал эми тиги алдамчыларды бул жагдай ойлонтуп дагы койгон жок. Ооба, эгер иш болбой калдыбы ачык айтыш керек болучу " иш болбой жатат, иштеп тургула" - деп. Улам бир шылтоону айта берип өзү тигинтип качып калганын балдар түшүнүп эле турушту. Эми колунан келбей калдыбы, ириде айтылгандай балдарды алдабай, ишендирбей, жай сөз менен жагдайды айтса болмок.
Бул жолу дагы Турар убаданы очойто берди "эки күн күткүлө. Иш чечилди" - деп. Шабдан дагы тигини сөздөн кармап:
- - Эки күндөн кийин ишке чыкпай эле койгонубуз оң турбайбы анда? - деди. Эх кандай жакшы кабар. Турар бул берилген суроого ишеничтүү жооп айтты окшойт, Шабдан жаткан ордунан тура калып:
- - Балдар, болду, болгону эки гана күн ишке чыгабыз, анан алып кетмей болду! - деди. Бул айтылган сөзгө Берди ишене бербей, чалкасынан жаткан калыбынан жазбай:
- - Шабдан, эми сен бул жаңылыкты эч кимге айтпай тура тур. Менин али жүрөгүм ишенген жок. Демек, бул Турардын кезектеги алдоосу. Мага ишенип койчу! - деди эле Шабдан:
- - Ооба, бир чети бул сунуш дагы туура. Ушул убакытка чейин ар кандай жол менен алдап келген Турарга чынында ишенич дагы бекер. Айткандай силер дагы эч кимге айта көрбөгүлө. Эки күн деле тез эле өтөт. Анан көрө жатабыз, дагы эмне деп алдай турганын. Чынында эле менин дагы жүрөгүм ишенбей турат, анан кандайдыр бир сезим ишеничке тоскоол болууда. Баса, кечээ түнү мен түш көргөм. Ал түшүмдө биздин бөлмөнү кандайдыр бир кара курттар каптап кетиптир. Биз алардан кутулуу үчүн терезеден качып чыгып жатыптырбыз. Бул жер бизге чынында эле жакпай калды көрүнөт. Кыскасы, эртерээк эле кетип калсак экен, деди. Сөзгө Айбек кошулду:
- - Мен дагы Турар менен Саматка окшоп, үйдөгүлөрдү алдай бери калпычы дагы болуп бүттүм, апам телефон чалып сураганда "баары жакшы" - деп алдаганым үчүн өзүмдү жаман сезип жатам. Көрсө "жамандын кесепети, жакшынын шарапаты тийет" - деген кеп туура эле айтылыптыр. Бул жаман адат эми бизге дагы жукпаса болду. Кайдан дагы Саматка ишенип келе калдым экен. Алматыда эле иштеп жүрө берсем эмне. "Аңгектен качсаң, дөңгөккө" - дегендей, Алматыдан качып, эми минтип үйдө жок же чүйдө жок болуп, талаада калдым. Эгер Турар дагы алдаса, кайда барышты дагы билбейм. Сөздү Нурлан алды кабагы салыңкы:
- - Сен го Айбек бойдоксуң. Бизди ал жакта үйбүлөө күтүп жатат " качан акча салат" -деген ойдо. Түшүнөсүңбү? Ал эми биз минтип акча тапканды койдук өзүбүз ачка олтурабыз. Мунун баарына алиги алдамчылар күнөөлү. Кап, колуктумдун эле сөзүн угуп койсом эмне. Кээде аялдын дагы сөзүн угуп койгон жакшы экен. Мен дагы сонун иштен куру калып, жакшы акчадан кол жууп, азыр кичинекей баламды сагынып, үйүм көздөн учуп жатат. Эгер баары ойдогудай болгондо, анда азыркыдай азап чекпейт элем. Өткөндү эстегим дагы келбейт. Кайсы кара теке сүзгөн күнү Саматка жолуктум билбейм. Сөздү Берди алды:
-Балдар эми кайгыра бергенден эч пайда жок. Эгер Турар иш таап берип кала турган болсо, азыркы тарткан кыйынчылыктардын баары унутта калат. "Кээде жигит жөө жүрөт, кээде жигит ат минте"- дегендей, сабырлуу болгонго аракет кылалы. Балким Турарды дагы бирөөлөр алдап жаткан чыгар. Уксаңар? Ар бир иштин бүтө турган учуру болот. Бирок иш болгонго чейин эч кимге эч нерсе айтпашыбыз керек болучу. Биз болсо бакан ооздонуп, али эч нерсе боло электе эле өзбек балдарга баарын айтып салдык, алар молдовандарга, молдовандар орустарга айтып, биз жөнүндөгү маалымат баарына маалым болуп калды. Ошол себептен ишибиз алдыга жылбай жатат. Тээ илгертен бери айтылган кеп бар "сыр жашырган адам көп жашайт" - деген. Анткени, адам баласынын биринчи душманы тил. Тилине сак болгон адам баласы дайыма сыйдын үстүндө болот. Кээ бир ушакчы, эки жүздүү адамдар, арттан сөздү бузуп, бурмалап сөз айтып алышат дагы, анан жүздөрүн ала качып, көпчүлүккө батынып келе албай, өздөрүнчө эле азап чеге берет. Бул таалайы тайкы адамдын жасаган иши. Динде дагы айтылат эмеспи "момун мусулман" - деп. Момун адамдар элге алымдуу анан жүздөрү жарык, сыйдын үстүндө көпчүлүккө батымдуу, кадыры чоң болот. Кээде акылы тайкы адамдар сөз талашып жатышып, өздөрү эле ыңгайсыз абалда калышат эмеспи. Ал эми момун адамдардын кыска гана айткан сөзү, тиги көп сүйлөгөн адамдын миң сөзүнө, бир ооз сөзү тең болуп, жеңиш аз сүйлөгөн адамда болот. Албетте көпчүлүк аз сүйлөгөн жоош адамдарды жактырат. Анткени жоош, аз сүйлөгөн адамдар сыр катканга дагы жөндөмдүү. Бирөөнүн абийирин жапканга дагы шыгы болот. Көп сүйлөгөн адамдардын ичине эч нерсе батпай, болбогон нерсени сөз деп эле айта берип, баркы жок болот. Ошол себептен азыр Турардын дагы эч кимге баркы жок үчүн, бизге калпычы болуп, минтип акыры качып калды. Силер мен айткан сөздөрдү турмуштан деле байкап көргүлө.
Тиги өзбек балдардын ичинен Фаркат кандай көзгө сүйкүмдүү көрүнөт. Анткени ал аз сүйлөйт дагы, сөздү уга билет. Бул адамдагы абдан жакшы сапат. Мына сегиз кыргыз бала өзбек балдардын ичинен баарыбыз Фаркатка жан тартып турабыз. Ал бала арамзалыкты дагы билбейт, айткан ишти так аткарат. Ошол себертен ал барктуу. Орус аялдар дагы аны аяп турушат, байкадыңарбы. Бул деген тилди кыса билгендеги чоң утуштан белги берип турат. "Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт, аргымактын жакшысы, азыраак оттоп көп жуушайт" - деген макал бекер жерден айтылган эмес. Ооба, улуу Жараткан дагы аз сүйлөп, ченеп тамак ичкен адамды жакшы көрөт экен. Анткени тамакты көп ичкен адамдын курсагы керилет дагы, жүрөккө же ички органдардын бирине зыянын тийгизет. Ал эми көп сүйлөгөн адам тилине алы келбей, адамдын көңүлү сынган сөз айтып алат. Ошол себептен тилди жана напсини тыя билген бул чоң эрдик. Илгери баатырлар бир айылдын элин баккан, эч милдет кылбай эле. Ал эми азыр баатыр деле жок. Эгер бирөө бир иш жасап калса кайра - кайра айта берип жасаган ишинин маңызын кетирип салат. Бул өзүн - өзүн мактагандагы жаман адат. Биз акчасы көп адамды баатырга салыштырып жатабыз. Анткени акча азыр негизги ролду ойноп калды. Ал эми чыныгы баатырлар эл арасында. "Азаматтын жолун жок кезет" - деген кеп бекер жерден айтылып калган эмес. Чыныгы азаматтардын жүрөгү алдоо жолуна чыдабайт. Менин бир тааныш байкем бар. Ал байке бир жерде главный бухгальтер болуп иштөөчү. Анан союз тараганы, элдер алдап, талап - тоноо жолуна түшкөндө, иштеп жаткан ишин таштап салды " мага мындай арам жол менен табылган акча нап бербейт" - деп.
Тээ илгери бир киши болгон экен. Ал киши абдан ак көңүл, берешен киши болуптур. Анан ал инсан дүйнө салгандан кийин, балдарына берген экен, ал кишинин жетпей калган нерселерин. Ал эми бир адам болуптур. Ал абдан алдым жуттум, анан алдоо жолу менен арам акчага марыган, адамдардын көз жашынан акча тапкан адамдын жыйган дүнүйөсү, балдарына жукпай, атасынын жүгүн балдары көтөрүп, иштери жүрүшпөй, абдан кыйналган экен. Ата менен эненин ар бир жасаган жаман ишинин кедерин балдары тартат дагы жакшы, сооп иштерди жасаган ата менен эненин балдары турмушунан кыйналбай жашайт экен. Эми бул турмуштук баяндарды айтсак сөз түгөнбөйт. Андыктан башка түшкөнүн көрүп, сабырдуулук кылалы - деди.
Терезеси күн чыгышты караган бөлмөнүн терезесинен Ока дарыясынын түбүнөн таш казып алып жаткан техниканын үнү трактордун үнүндөй болуп тарылдап угулуп турду. Төрт тагдыр өз ойлору менен алек болуп, уйкулары качып, ар бири өз ойлору менен алек болуп жатышты. Курсагы ачка адамдан уйку дагы качат эмеспи. Бир кезде Шабдан үнүн чыгарып:
-Берди байке, уктаган жоксузбу? - деп калды. Ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, Айбек:
-Кайдагы уйку, курсак курулдап жатса. Аны коюп сөз улагылачы! - деп, башын жаздыктан көтөрүп, суроолуу карады. Шабдан күлгөн болуп:
-Берди байке, баягы жомокторуңуздан кеп кылсаңыз боло? - деди эле Берди каткырып күлүп:
-Эмне жомок угуп жатып уктап калалы деп жатасыңарбы? . Өткөн аптада мен жомок айта бериптирмин силер болсо жомок укпай эле чоң атасынын жомогун угуп жатып уктап калган небересиндей, эбак эле уктап калыптырсыңар. Керек болсо азыркы жаштардын жомок укканга дагы руханий дүйнөсү туруштук бере албай тажап кетишет. Илгери улуу кыргыз эли күнү - түнү эч тажабай Манас угуп, баатырдык эпосторду, күүлөрдү угушчу экен. Ал эми азыркы жаштар таңкылдак менен дүңкүлдөктү уккандан өздөрүнө канагат алышат дагы, улуу сөздөн кеп баштасаң дароо уйкулары келип, жандары жер тартып калат. Бул деген тазалыктан алыстап бараткандын бир белгиси.
Эми сөз кезеги келип калды бир жомок айтып берейин, уктап калбай угуп тургула.
Азыр өзүңөр калыс болгула. Жан дүйнөгө тынчтык бербеген, жүрөктү жарып чыгып, аруу таза сезимден пайда болгон, жан дүйнөнө азык берген сүйүү дагы булганып бүттү. Мен силерге сүйүү тууралуу жомок айтып бербесем, башкасын укканга силердин ички дүйнөңөрдүн күчү жетпей тажап кетип уктап калышыңар толук мүмкүн. Сөздү Айбек бузду:
-Байке, ошол сүйүүдөн кеп кылыңызчы. Азыр көз жоосун алган кыргыз кыздар көздөн учуп турганда - деп калды. Нурлан күлүп:
-Эмне орус кыздар жакпай калдыбы?-деди эле Айбек:
-Жакпай калды. Берди байке айткандай бул орустун кыздары даана акчүч кыздар экен. Катуурак өөп койсоң ооруп калчудай, өздөрүнчө эле назданышат. Булардын жамбаш чайпап баскандары эле болбосо, колдорунан эмне келет. Буларга үйлөнүп, анан алар бирди төрөсө, анда эле аялдын кулуна айланып калабыз го. Биздин кыргыз кыздар эч нерсени милдет кылбай жасай беришет эмеспи. Ал эми бул ак колдордун колу бир нерсеге тийсе анда бир күн кечке чарчадым деп төшөк тартып, жатып калышы толук мүмкүн. Ооздорун чоюп, атакелерине эркелегендей, мага дагы эркелеп турса, анда алда кандай күн болот? "Тойдум байдын кызына" - дегендей, койдум орустардын кыздарын. Өздөрүнө эле буйрусун.
Менин бир тааныш баламдын эжесинин дос кызын, америкадан келген бир жигит сүйүп калыптыр да, анан ага үйлөнүптүр. Кыз деле отуздун ары жак бери жагына жашы жетип калса керек. Тиги Америкадан келген бала кыздын кыз бойдон жүргөнүнө таң калып, кыздын атасы менен энесине калыңды абдан көп төлөптүр. Азыр тим эле тиги кызды чарк көпөлөк айланып, жанынан бир карыш чыкпай, эмне кылып сыйлоонун амалын таппай жаткан кези экен. Баарынан дагы тиги америкадан келген жигит кыргыз калкынын салт - санаасына, менталитетине, идиалогиясына абдан баа берип, биз жакта калып жашагысы келип жатыптыр. Сөздү Нурлан бузду:
-Айбек, биз жомок угабызбы же сенин эжеңдин аяшы Америкадан келген жигитин угабызбы. Жеке мени тиги Америкадан келген жигит кызыктырбайт. Эгер ал Кыргызстанда жашап кала турган болсо, анда жээнибиз кимдин тилин сүйлөйт болду экен. Азыр биздин элде кытай жээндер менен түрк жээндердин саны арбыды го.
Өткөндө бир жапжаш кыз такси менен бара жатсам тосуп токтотуп, таксистке кайрылып жатпайбы "мени жайытка жеткирип коюңузчу" - деп. Көрсө тиги мен олтурган таксинин айдоочусу тиги кыздын таанышы, кардары экен. Ал эми "жайыт" дегени, түрктөрдүн чоң машиналары токтой турган жери экен. Садыгалиева көчөсүндө жайгашыптыр, алиги кыздын айткан сөзү менен айтканда жайыты. Ал жерге барсак илгерки колгоздун уй сарайындагы лөкүйгөн букадай болгон дүңкүйгөн, абдан олбурлуу киши тосуп алды да, таксинин акчасын төлөп, кичинекей кунаажындай кылып, тиги кызды ээрчитип, дарбазадан киргизип кетти. Эми ошол кызга кыргыз жигити табылбай калдыбы. Мен ошол жерден тиги бою кыска кичине кызды, тиги лөкүйгөн түрк немеге ыраа көрбөй турдум. Ошол убакта мен ал кызды эмес, биздин чиновниктерди ашата сөгүп, өзүмө -өзүм батпай турдум. Биздин эмнебиз эркек, өз жерибизде туруп, акчанын айынан тигитип жаш кыздарыбыз ак денесин бөтөн элдин жарандарына сатып жатканы, кимдин намысын козгобойт. Азыр дагы ал кыздын элеси көз алдымда тартылып турат. Ал кызды дагы бир эне төрөп, багып өстүрүп, ооруса кошо ооруп, окуса кошо окуп, денесин сатсын деп эмес, бактылуу болсо экен деген аруу тилек менен бакты да. Керек болсо билесиңерби, илгери үркүн учурунда, согуш учурунда, ачкачылык күч алган кездерде дагы кыргыз кыздар денесин саткан эмес. Ал эми азыр денесин сатып, акча тапкан кадыресе көнүмүш ишке айланып калбадыбы. Ай, ошол кыздын атасы менен энесине гана боорум ооруйт да. Алар билбейт да, кызы тигинтип лөкүйгөн түрктүн алдында тебеленип жатканын. Каңырыгым гана түтөп кетет, ошол кызды эстегенде. Тим эле татынакайын айтпа. Ал кызды эч ким "сойку, денесин саткан кыз" - деп ойлобойт. Эгер, калыс сулуулар конкурсу болсо, ал кыз сөзсүз жүз кыздын ичинен биринчиликти алмак, чырайлуу келбети менен. Көздөрү ботонукудай болуп жайнап, үнү тоо булагынын үнүндөй шыңгыр, сурмалуу көздөрүн ирмесе тим эле айланага көрк берет десең. Ошондой сулуу кыздарыбыздын ар намысын коргой албаган биздин элдин эркектеринде намыс жок. Берди байке айткандай кыздар этегин, балдар мекенин коргосо, кандай жакшы болот эле. Жер сатып, акыры суу сатып калган качып кеткен ажолорубуз эмне тапты. Аларга жашап жаткан элибиз эле эмес, көздөрү өтүп кеткен ата - бабаларыбыздын руху дагы нааразы болсо керек. Көз менен көргөн чындыкка жакын, кулак менен укканга караганда. Силер эгер ал кызды ошол кезде мендей болуп өз көзүңөр менен көргөндө, ошондо мага түшүнмөксүңөр. Сөздү Шабдан бузду:
- Тээ илгерки көчмөн заманда көпчүлүк уруш - талаштар күлүк аттын жана сулуу кыздын кесепетинен болгон да. Ошол себептен сулуу кыз менен күлүк ат дайыма талашка түшүп келген. Айткандай биздин элдин акыл калчар депутаттары деле канча аял алып жашап жатышат. Эркектин көзү сулуу кызды жана күлүк атты кантип жаздым кетирип карабай өтөт. Азыр эле биздин жаныбызга сулуу кыздарды алып келип тизип койсунчу, көзүбүз алардын жамбашын бир кылчайып караганага жарабасын. Ошол себептен аялдардын кулагы, эркектердин көзү өзүнө душман деп айтылган да. Көз душман болгон үчүн кыз алган жарынын башын аттап токол аял алган, чөнтөгү калыңдар үчүн адатка айланбадыбы. Илгери эркектердин саны аз болгон үчүн, коштоп аял алган салтка айланган. Ал эми азыр менин жеке оюмда, коштоп аял алган туура эмес. Баса, бир экс депутаттын экинчи аялына боорум ооруйт десең. Жаш, чырайлуу болуп туруп, атасындай болгон эркекке экинчи аял болуп эмнеге тийди дейм да. Деги эле туура айтылган "аялдын акылы кыска, чачын узун" - деп. Болбосо, жетишкен заманда бирөөнүн үй - бүлөөсүнүн үстүнө экинчи аял болуп тийген кыздарга ачуум келет. Тиги депутат кеминде алтымыш жашка чыгып калды. Ал эми экинчи аялы жыйырма бештерде. Тийген күйөөсү ашып кетсе жыйырма жыл жашайт. Анан тиги келин кырк жашында жесир калса кандай болот деп, менин ошого башым жетпейт. Макул тийсин, экинчи аял болуп, бирок жашыраагына тийсин да. Тийген күйөөсүнүн улуу баласы же кызы өзүнөн улуу беш алты жашка. Ушул кантип болсун. Сөздү Берди алды.
- Шабдан, сенин айткан сөзүң дагы бир жагынан туура. Бирок, билесиңби, анын баары буйруктан да. Никеси ошол өзүнөн отуз, отуз беш жаш улуу инсанга буйруп койсо анан эмне кылат. Ким эле жашоосун жаман болсун деп ойлойт. Сөз ушул жерге келгенде Айбек чылым күйгүзүп жатып:
- -Берди байке, көп сөздүн кереги эмне. Талаша берсек сөз чыга берет. Ар ким айтса аныкы эп боло берген бул турмуштун жазылбаган мыйзамы. Аны коюп, алиги сүйүү тууралуу жомогуңузду айтып бериңизчи. Сиздин жомокту угалы да, анан уктап калалы. Болбосо эртең талаадан шылкылдап уйку келбесе болду. Берди нары карап жатканы обдулуп алып:
- Ал жомокту эми айтпай калдым. Сөздүн учуру келгенде айтканда гана маанилүү болот. Азыр мен эмне жөнүндө айта турган жомогумду дагы таппай калдым. Билесиңерби ар бир иштин бүтө турган учуру жана сөздүн дагы айта турган убагы болот. Жана силер сөздү бөлбөй турганыңарда мен ал жомокту жигине жеткизе айтып берет элем да, анан азыр силер ал жомокту талкууга алмасыңар. Азыр уктагыла дагы, жомокту эртең уккула. Айткандай эле саатты карагыла, убакыт бир топ болуп калса керек. Тиги тарылдаган техниканын дагы үнү өчтү - деди.
Сөз ушуну менен уланган жок. Курсактары ачка болсо дагы баарынан таттуу деп айтылган уйку акырын төрт баланы өзүнүн кучагына алып, жетегине жетелеп кетти. Ооба, чынында эле абдан туура айтылган "уйку менен күлкүгө ар жок" - деп. "Уйку жер тандабайт, күлкү ар тандабайт" - демекчи, бөлмөнү тынчтык басып, түнкү көрүнүш гана өз өкүмүн жүргүзүп, терезеден айлуу түндүн жарыгы тийип турду. Эх, баарынан таңкы уйку кандай гана таттуу. Ушул таңкы уйкунун кучагынан эч кимдин чыккысы келбейт го чиркин. Таңкы уйкунун азгырына туруштук берүү өзүнчө бир баатырлык экенин жашырып да болбойт.
Эртең менен сааттын жебеси алты жарымды көргөзгөн кезде, кулакка жагымсыз "тургула" - деген үн угулду. Төртөөнүн бири да жылуу төшөктөн тургусу келбей дагы беш, он мүнөт жатышты, кыймылдап койбостон. Эшик дагы бир жолу тарсылдап, Садыктын үнү угулганда, алгач Шабдан турду да, анан саатты карады. Беш мүнөт убакыттын ичинде сыртка чыгып калыш керек экенин айтканда гана калгандары туруп чала - була жуунуп келишти да, сыртка чыгышты.
Таң эрте тамакка да табит тартпай калат эмеспи. Тамак ичкенден көрөкчө, ошол убакытта уктап алган жакшы болуп сезилгени менен талаага барганда эле өзөк карайып, курсак курулдап, бир нерсе бер деп сураганда гана уйкудан, напси жогору сезилип калат. Адам баласы дайыма напсиге көз каранды. Болбосо, баардык адамдар орозо кармайт эле го. Напсиге алы жетпегендер гана ар кандай шылтоону бетке кармап, беш парздын бири болгон орозону кармабай келет.
- Бул күнү түш ченде айтылгандай ондон ашык молдавандар келишти. Теңи эркек, теңи аял. Алардын келгендерин көргөндө эле сегиз бала армияга жаңы келген солдаттарды көргөндөй боорлору ооругандай карап калышты. Анткени талаа иши чынында эле оор. Андан дагы он эки саат талаада, иште болушу керек. Түшүнгөн кишиге, алар эмне жыргаганынан тээ алыскы Малдовиядан келишиптирби. Чиновниктери чабал болгон үчүн келишти да. Болбосо үйбүлөөдөн бөлүнүп чыгып талаа ишине кимдин иштегиси келсин. Булар эмнегедир аял, күйөөлөрү менен келишкендей. Анткени, аялдарын жандап бирден эркек жүрүштү. Анткен менен жаңы келген молдовандар беркилерине караганда ыймандуудай сезилишти. Мурдатан бул жакты байыр алып калган молдовандар бул жерде өздөрүн кожоюн сезип эркин сүйлөп, өзбектерди шакаба чегип, баарынан дагы уят сөздөрдү басым менен айтышып, жөн эле өз мекендеринде жүрүшкөндөй сөздөрү жогору чыгат. Беш алты эркек молдован трактор айдагангабы акчаны дагы көбүрөөк алышса керек. "Акча адамды көптүрөт" деген кеп бар эмеспи. Андан дагы тигинтип ургаачылары бирден өзбек балага тийип, чүлүктөп жетелеп алышса, анан алар чоң сүйлөбөгөндө ким чоң сүйлөйт. Бул жарык дүйнөдө чынында эле калыстык жок. Дегенибиз мындай. Өзбек балдар кандай гана оор иштерди жасабасын, орустар баары бир молдовандарга тартып турушканын байкасак болот. Ооба, чоң сүйлөгөн адамдар ар качандан бир качан көз жаздымда калбайт эмеспи. Бою кыска, толугунан келген Вера деген молдованка өзүнөн кыйла жаш өзбек баланы үстүнө киргизип алган. Ал тиги бригадирлер менен дагы тил табышып, алардын камчысын чабат. Кичине эле бир нерсе болсо болду, уюлдук телефон менен байланышып, дароо тиги чоңдорго жеткизип турат. Ал эми комендант дагы молдованка, Лаорита деген жашы элүүгө барып калган неме. Бул аял дагы чоң эне болгонуна карабай, бир жигитти үстүнө киригизип алып жашайт. Анткен менен кыргыз балдарга эч ким ашыкча сөз сүйлөгөнгө батынышпады. Себеби аларга кыргыз балдардын тилди жакшы билгени себеп болдубу же тиги бригадирлер менен тил табышып алышканы дагы түрткү болдубу, кыскасы ортодо сый мамиле калды. Шабдан менен Бердинин болгон ой тилеги бул жерден "жаман сапатыбызды көргөзбөй кетип калалы" - дегенде, ак эткенден так этишти.
Бул күнү түшкү тамакка акчаны бою кыска бригадир аялдан карызга сурап алышты. Бул аял соо кезинде абдан жакшы. Бирок бир нерсе сеп этип алды, болду кыйкым таап урушкан адаты бар. Бир жагынан ал деле иштин жакшы жүрүп кетишин талап кылып жатканын эске алыш керек.
Түшкүсүн дагы карандай чайга курсакты кара нан менен тойгузган сегиз бала, аскерге жаңы барган балдардай шашып ичишти да, анан кайра автобустан орун алып олтурушту. Бака - шака түшкөн өзбек балдар өздөрүнүн тилинде жажылдап сүйлөп баштады эле, алиги Вера деген молдованка аял үнүн катуу чыгарып урушуп калды:
- Тынчтангылачы! - деп. Ооба, көпчүлүктө жажылдап сүйлөгөн чынында эле абдан кулакка өөн угулат эмеспи. Андай жерде маданияттуу болгонго эмне жетсин. Бирок, тыңыраак билим албаган, сыртка чыгып көрбөгөн адамдар дайыма кагуу жеп келгенине жашоо шарт өзү күбө. Веранын үнү таасир бердиби, автобустун ичи тынчый эле түштү. Түштөн кийин, сабиз талаасына түшкөндө, Лена эмнегедир кабагы салыңкыдай көрүндү. Көрсө анын артынан ушак сөз чыгып, ошого капа болуп жатыптыр. Берди алдыга узап кетип, солдун аягына барып олтурганда Лена жанына келип:
- -Азыркы эркектерде намыс деле жок. Сени жардам берет деп ойлосом, алдыга чыгып келип олтуруп алганың эмнең? - деди. Берди эч сөз укпагандай:
- - Лена сен мага таарынба. Эгер азыр мен сага жардам бере турган болсом, мени сага жабыштырып жиберишет. Баягы күнү экөөбүз катар иштеген күнү эле менден сурап жиберишти "Лена менен мамиле түзүп жатасыңбы" - деп. Мен ашыкча сөз ээрчиткенди жаман көрөм. Лена жылмайып:
- -Ошого капа болуп олтурдуң беле? - деди. Берди кабагы салыңкы:
- -Жок, мени капа кылган, тигилер. Сенчелик дагы иштей алышпай, алигиче солдун аягына чыга албай олтурушканына капа болуп жатам. Лена билесиңби, баарын жер көтөрөт, жер жашырат, жер эне батырат. Көпчүлүк тигинтип чылымды аталарынын өчү бардай чегишет дагы, анан жер эненин бетине түкүрүп, ушак сөздүн же болбосо болбогон бир кепти сүйлөп олтурушат. Негизи эле чылым чеккен адамдар абдан көп түкүрүнүп, какырынышат эмеспи. Баарыбыз жер алдына барабыз. Демек жерди дагы сыйлаш керек да. Жердей көтөрүмдүү эч нерсе жок. Негизи эле мен айткан сөзү менен иши төп келген адамды абдан сыйлайм. Тиги балдар ооздорун керип сүйлөсө тим эле асмандагы айды алып берчүдөй тил менен мактанышат дагы, анан ишке келгенде тигинтип олтургандары албетте туура эмес. Лена кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
- -Абдан туура айттың. Чынында эле ар бир кыз бала тийген күйөөсүн жакшы адам болсо деп кыялданат. Бирок, баардык эле күйөөлөр кыялдангандай боло бербейт тура. Чынын айтсам мен, кээ бир эркектерге караганда өзүмдү тыңмын деп ойлойм. Мага мажүрө эркектер анан кекиртекке алы жетпегендер, тил менен иш бүтүргөндөр жакпайт. Кыз кезимде кыялданчу элем. "Баламды алып олтуруп, тамагымды даярдап алып жолдошумду күтүп олтурсам, мен кандай бактылуу болот элем" - деп. Кинолорду көргөндө анда катышкан аялдарга абдан кызыгам. Анткени кинолордо гана ойдогудай жашоо болот да. Себеби кинону адамдар даярданып алып тартышат жана артисттер аткарышат эмеспи. Бир анекдот бар билесиңби?
- Бир бала менен бир кыз кино көрүп олтурушса кыз айтат :
- -Сен эмнеге мени тиги кинодогу баладай сүйбөйсүң? - деп. Анда бала айтат дейт:
- -Ал балага киного тартылыш үчүн жана тиги кызды сүйгөнү үчүн акча төлөп жатпайбы -деген тура.
- Кинодогудай болуп жашоодо баары эле ойдогудай боло бербегени мени капа кылат. Тигинтип Дима менен мамиле күтө койсом, артыман кулак укпаган ушак сөздөр тарап кетиптир. Бирок мен андай сөздөргө териге бербейм. Эң негизгиси ден соолугум анан ишим жакшы болсо болду.
- -Сен эми качан турмушка чыгайын деген оюң бар? Денең катып кете электе төрөп алсаң болмок. Аял кишинин бир бакыты эне болуу эмеспи. Лена үшкүрүнүп:
- -Өзүм хахолкамын. Демек башка улуттун баласын эмес, өз улутумдун баласына турмушка чыгып, өз улутумдун баласын төрөсөмбү деген оюм бар. Бир адам болсо дагы украиндердин саны өссүн. Азыр Берди чынын айтсам сен айткандай төрөп алсам деле болмок. Бирок, эркектерден касиет качып, минтип майдаланып кетти. Тиги Диманы эле мисалга алалы. Ал менин талабымды аткара албай, кайра артымдан сөз чыгарыптыр. Ошол эми эркектик сапатка жатабы. Билбейм, жашоо кайда бара жатат. Сөз ушул жерге келгенде артта калган балдар солдорунун аягына чыгып, жакын басып келип калышты. Лена эмнегедир боюн ала качып, олтурган ордунан турду да, окчун жакты көздөй басты. Анын баскан ар бир кадамдары эле айтып турду " Ушак сөздөн алыс болсом экен" - деген сөздү. Чынында эле ага ар бир бала тийишип, эптеп эле аны көндүрүп алынуу көздөгөндөрү көз караштарынан эле билинип турган үчүн, Лена акыркы кездерде эркектерге жолобой калган. Берди аны узата карап, жанынан орун алган балдарга кеп учугун узатты:
- - Балдар силердин бул кылыгыңар туура эмес. Кичине тезирээк кыймылдасаңар боло. Тиги Лена кыз башы менен эбак солунун аягына чыкты. Ал эми силердин сөзүңөр эле түгөнбөйт. Шабдан өзбек балдарды карап:
- -Күч эле ушул өзбек балдарда. Буларда жан жокпу деп ойлоп калдым. Абдрашит менен катар солго түшүп калыптырмын, ал өзүнүн солу менен бирге менин солумду дагы тазалаганга үлгүрүп, алдыга узап кетти. Бел жокпу, жаны тынбай иштегенинен деп дагы калдым. Менин белим ооруп, кичине эле иштесем, сыздатып чыгат. Садык адатынча чылымын кере соруп:
- - Шашканда эмне. Биз милдеттеме алган жокпуз да. Иштегендер иштей беришсин. Керек болсо мен Кыргызстандын талаасында дагы азыркыдай иштеген эмесмин. Азат тартыйган узун боюн жазып жерге чалкасынан жатып:
- -Ушул күндөр тезирээк эле өтүп кетсе гана атаганат. Менин шаарда эле таксовайтеткеним жакшы экен. Машинамды сагындым. Энеңди гана урайын, Турар эми качан бизди бул жактан алып кетет болду экен? Билесиңерби, мен азыр ээн талаага түшүп калгандай эле болуп жатам. Шаарды сагындым. Буйруса Бишкекке барганда Шайлообайдын беш бармагына барып, курсакты бир тойгузбасам элеби. Чучук, карта, казыны жеген күндөр качан келет болду экен. Кайран гана кыргызымдын тамактары. Сөздү Нурлан бузду:
- -Азат, болдучу, курсак ачып турганда каяктагы тамактарды эске саласың да. Мага азыр бир казан аш болсо, өзгөн күрүчүнөн, баарын калтырбай жейт элем. Шабдан күлүп:
- - Кой, Нурлан, бул айткан сөзүң калпыс айтылып калды. Эч ким бир казан ашты жегенин уккан эмесмин. Билесиңби, ар бир айтылган сөз ооздон чыкканга чейин күчтүү болот, качан гана ооздон чыгып кеткенде сөз күчүн жоготот. Мага азыр тандырга бышырылгын самсы болсо атаганат, абдан жакшы болот эле. Мен жеринен эле самсыны жакшы көрөм. Сөз тамак жөнүндө болгонуна албатте балдардын курсагынын ачканы себеп болуп, ар ким өздөрүнүн оюн айтып олтурушканда, кароолчудай болгон сары катын келди да, көзү менен гана белги берди "тургула, ишти уланткыла" - деген сөздү.
- Берди адатынча алдыга узап кетти да, анан кайра солдун тиги башына барып көк чөпкө чалкасынан жатып, өткөндү эстеди. Канчалык адам баласы бөтөн жерде өзүн эркин сезгени менен мекенге, туулган жерге жетпейт белем. Асмандагы каалгып жылып бара жаткан булуттар кыргызстанды көздөй бараткандай сезилип кетти. Күн чыгыш жакты көздөй жылып бара жаткан булуттардын үстүнө чыкса эле Кыргызстан көрүнө калчудай, эмнегедир жүрөк дегдеп таттуу кыялдарга жетеленген Бердинин оюн өзбек бала бузду. Бул Усман деген орус тилин такыр билбеген, бирок ичинде кири жок, колунан келсе жардам бергиси келген, жапалдаш бойлуу, чачын такырайтып алдырганга башы көзгө чоң көрүнгөнү менен кулагы чулук кулактай кичинекей, кыймылы шайдоот, нак күрөшкө түшчүдөй болгон чымыр денелүү бала.
- -Ака, сизге эмне болду, чарчадыңызбы? - деди, сөз улансын үчүн. Берди башын чайкап жооп берди да анан:
- -Усман, сага бул жердин иши жагабы же жакпайбы? - деди. Усман жагымсыз жылмайып:
- -Бизге мындан артык иштин канчалык кереги бар. Өзүбүз силерге окшоп тил билбесек. Эптеп айылдагы туугандарга акча салып турганыбыз бизге олжо болуп жатпайбы. Биздин чоңдор абдан элди эзип салды. Эми аны миң айтканыбыз менен баары бир. Мына менин бул жерге келгениме сегиз айдын жүзү болду. Кызымды сагындым. Эки жаштагы кызым бар. Мен бул жакка келээрде али буту баса элек болучу. Азыр чуркап жүрөт дейт. Ушул жерде жүргөнчө айылда иш болгондо, минтип тентибей үйбүлөөнүн жанында болот элем го. Баарына калыстыктын жоктугу жана ач көздүк себеп болуп, эл тентип калды. Каримов жөнүндө сөз кылбайбыз.Эгер сөз кылсак эле ага жетип барат да, анын кошоматчылары келип жасалап жатып калат. Андан көрөкчө тилди тишке катып жүргөнгө эмне жетсин.
- -Усман жашың нечеде?
- - Жыйырманын жетисине чыктым. Үйдүн улуу баласымын. Бөбөктөрүм менден чоңду үмүт кылышат. Анткени мен минтип алыста иштеп жүрбөймүнбү. Кап учурунда чоң окуу жайды бүтүрүп алсам, минтип кара жумушта иштеп кыйналбайт элем. Жок эле дегенде орус тилин жакшы билгенимде, бир кафеге повар боуп иштеп алат болчумун. Бизде улуттук кесип эркектер үчүн ашпозчулук. Тамак жасаганды өзүм дагы жакшы көрөм. Бирок, менин билимим жок. Ашты басканымды көрсөң, тилиң тишиңе тартат. Атам, апамдар мен баскан ашты тамшанып жешчү. Ансайын мен дагы ашты абдан берилүү менен жасаганга аракетенчү элем. Бир жолу чоң конок тосуп калдык, ошондо мен баскан ашты, коноктор дагы абдан жактырышкан болучу. Усман берилүү менен бир топко мактанып сүйлөп алды. Ооба, чынында эле адам баласы мактангандан дагы өзүнө энергия алат белем, Усман ушул жолу эмнегедир сөзүнүн аягына чыкканда, көз карашынан билгизип алды " мен жөн адам эмесмин" - деген сөздү. " Чырпык өзүн тал ойлойт, чымчык өзүн жан ойлойт" - дегендей, Усман учурун келтирип өзү жөнүндө маалымат бергенге үлгүрүп, чөнтөгүнөн асмейин алып чыгып, ээгинин алдына салды да, капа болгон түр менен:
- - Асмей дагы аз калды. Силердин балдар тарткан асмей абдан күчтүү экен. Өткөндө Нурландан алып чектим эле, башыма чыкты дароо. Ушул асмейди таштасам болот эле. Кээде кадимкидей башым ооруп чыгат. Сөз ушул жерге келгенде гана аксак койдой болуп, арта калган балдар солдун аягына чыгышты. Буга чейин Берди жакшы эле аларга жардам берди, бирок, чылымдан күчүн чыгаргандардын сөзү түгөнбөй, иш учурунда олтургандары көбөйүп кеткен үчүн акыркы кездерде жардам бербей калган. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, ар бир үйбүлөдө дагы чабыр, ишти артка тарткан бирөө болот эмеспи. Анысысыңары, иштин алдыга жылышына чылымды көп чеккендер гана артка тартып жатканы баарына маалым.
- Бул күндүн дагы сапары карып, сары автобустун карааны алыстан көрүндү. Балдар ушуну эле күтүп тургансып, сабиз талаасын таштап, жол жээгине чыкты.
- Баягы эле эшиги батыш жакты караган эки этаж жатакана. Чурулдаган койлордой болуп, жапырт баары жуунучу жайды көздөй жабыла жөнөштү. Курсактары ачкан кыргыз балдар али быша элек картошкадан эч кимге билгизбей беш килодой баштыкка сала келишкен. Аны кууруп, нан менен жеп алышты да, кайра эле көнүп калган карта оюнуна киришти. Бир жагынан карта ойноп өздөрүн алаксытышпаса дагы болчудан эмес. Шабдан сыртка чыгып кетип, бир кезде кирип келди да анан сыр кылып, кечинде айтпай тура туралы деген сөздү эсинен чыгарып:
- -Балдар эртең акыркы күн иштейбиз да, анан ишти таштап, эсептешип алып бул жерден кетебиз. Турарга ишенсек биз бул жерден башка жакка кете албачудай болуп калдык. Мен Сайра менен сүйлөшсөм, ал мага бир орустун телефонун берди. Кыскасы, брусчатка жаткызып иштейт экенбиз. Жатакана менен камсыз кылам деп айтты. Кечээ кечинде Турар менен байланышсам айткан "болгону эки гана күн чыдагыла" - деп. Эртең эки күн болот. Таң эрте ишке чыгабыз дагы, бүрсүкүнү эсептешип алып, бул жерди таштап кетебиз. Мен Юрьевич деген орус менен жакшы маанайда сүйлөштүм. Ал бизге окшогон жумушчуларды таппай жатыптыр. Ага биз жөнүндө Сайра айтса керек. Кыскасы кетээрибизди эч кимге билгизбейли. Баарын жашыруун жасап, таң эрте туруп кеткендей бололу. Баса, биз бул жерден маршурутка жалдап эле Москвага жетип албасак, жолдон менттер кармаса эмне айла кыла алабыз. Бул айтылган сөздү алгач эле Нурлан колдоду. Анткени ал буга чейин эки жолу Россияга келип иштеп, менттерден ыдык көрүп, абдан эле көңүлү үч көчкөн көчтөй калыптыр. Сөз ар тараптуу уланып, акыры ошол жерде бухгальтер болуп иштеген орус аялдын күйөөсүнө жолугуп сүйлөшүп көрүнү эп көрүп, бөлмөлөргө тарап жатууга кам урушту. Качан гана жаздыкка баш коюлганда Берди:
- -Шабдан сен дагы шашып койдуң. Эртең акыркы күн экенин азыр айтпай тура турсаң болмок. Сага айттым эле го "боло турган ишти алдына ала айтпа, учуру келгенге чейин" - деп. Эгер Турар эртең келип алып кетип калса, кандай болот? Негизи эле сабырдуу болгонго эмне жетсин. Билесиңби, бизге сабырсыздык орус калкынан келгенин. Алар эч сыр жашырганды билишпейт. Ооздору ачык. Ошол оозу ачыктыктын айынан балдары менен батышпайт. Анткени үйдөгү болгон окуяны сыртка чыгара беришип, акыры бирине бири батпай калган үчүн, карылары карыганда үйлөрүндө жалгыз калышат. Силерге мен канча жолу эскерттим "сабырлуу болгула" - деп. Сөздү Шабдан бөлдү:
- -Брат кечирип кой. Менден күнөө кетип калды. Андан дагы тиги Юрьевич менен сүйлөшсөм, ал айтып жатпайбы " тезирээк келсеңер болот эле" - деп. Турарга чалсам, гудок жетип такыр албай койду. Жүрөк сезди, ал дагы алдаганын. Эмне болгон күндө дагы биз келечектүү иш кылбасак болбойт. Садык дагы "проценттим өсүп жатат, башка иш таппасак жүрө берчүдөйбүз" - деп айтканынан, Сайрага чалгам. Мейли эми биз дагы өзүбүздүн жолубузду таап алганыбыз оң. Берди тиги орус, дагы алдап жатканын жүрөгү менен сезди. Анткени ал өзү келип алып кетсе, анда ишенсе болот эле. Алгач келип алып кетем деп убада берип коюп, кайра ал баш тартканы эле жаман жосундун күтүп турганынан белги бергенсиди.
- Сыртта айсыз түн. Чиркейлердин эле ызылдаган үнү болбосо бөлмөнүн ичи тымтырс. Терезеден болор болбос шамалдын үнү угулганы болбосо, караңгы түндө уйкунун кучагында жаткан төртөө эч нерсени сезбей уктап жатышат. Анткен менен бул күнү курсактары тойгонгобу, мурунку күнгө караганда уйкуга тез алдырып жиберишти. Бир кезде залдан өзбек балдардын чурулдаган үнү түнкү уйкуну бузду. Көрсө Кубант деген баланын туулган күнү болуп, ичимдик ичишсе керек. Чынында эле ал жакта арактын баасы асмандын башы. Андан көрө пиво алган алда канча арзан. Пивонун градусу арактыкындай эле. Аны ичкен адам кадимкидей арак ичкенсип тез эле кызып калат. Өзбек балдар бир топко ызы - чуу болуп барып токтошту. Аларга дагы туура түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Жыргаганынан алыс жерде жүрүшкөн жок да. Бир жагынан алар арзан иштеп көп жерде бааны түшүрүп жибергендери эле болбосо, иштегендеринде айып жок. Кара жумушту жигине жеткире иштешет. Кечинде иштен келип алышкан соң кайра жергиликтүү калктын картошкаларын түптөгөнү, кээде мүрзө казганы дагы кетип калышат. Кыскасы акча табуу үчүн каражандарын аяшпайт, ишти ылгабай жасай бергендери бар. Кээ бир балдары акчаны тапканды дагы, чачканды дагы билген адаттары бар. Кечинде эле Абдурашит, Бердини пиво ичкени чакырган болучу. Берди каршы болуп койгон. Анткени жеринен ичимдикке жакын эмес. Андан дагы пивону такыр иче албайт.
- Улут жаман эмес, улуттун кадырына доо кетирген кээ бир адамдар жаман. Негизи эле ар бир улутта жаман жана жакшы адамдар болот эмеспи. Айтмакчы ириде айтылгандай өзбек балдардын ичинде дагы намыстуу жана адамдык сапаты жогору балдар бар. Алар менен сүйлөшкөндө сөзүнөн турмушка керек сөздөрдү учуратса болот. " Акыл жаштан, асыл таштан" - дегендей, өзбек балдардын ичинен жаш балдардын таттуу кыялдарын жана улутуна тартып сүйлөгөн сөздөрүн уккан кишинин көңүлү жылыйт. Алар тигинтип башка улуттан аял алып алышкан агаларына, учурун келтирип таамай сөздөрдү айткандары көп эле жолу болду. Бул сапар дагы Абдурашит кызып калган алиги Кубантты сөз менен тыйып, бөлмөсүнө алып кеткени даана эле угулуп турду. Бул эми адамкерчилик деп айтсак жарашат. Кайрадан тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп, жатаканада кечке иштеп чарчагандардын дем алганы гана угулганы болбосо, жымжырттык каптады.
- Таң эрте баягы эле көрүнүш менен таттуу уйкудан ойгонгон жумушчулар, шашылыш кыймыл менен ишке даярданып жатышты. Анткени автобус болгону беш гана мүнөт күтөт да анан жылып кетет. Ага чейин үлгүрүп калуу керек. Болбосо иштен калып калсаң жогору жактан катуу жаса көрүлөт. Атайын иштейин деп келгенден кийин жаман, жакшы көрүнгөн кимге эле жакшы болсун. Андан дагы кечке бөлмөдө жалгыз жатуунун өзү эле адамды тажатып жиберет.
- Сегиз бала бул күнү сүйлөшүлгөн сөз боюнча эч сыр бербей иштешти дагы, кийинки күнү жалпы иш таштап, сааттын жебеси эртең мененки тогузду көргөзгөндө баары чогуусу менен бухгальтерияга барышты анан, иштеген иштери боюнча эсептешүүнү талап кылышты. Бул сунушту бухальтерия колдогон жок, анткени алар директордун командасы болмоюн эч кандай эсептеше алышпайт экен. Бир жагынан аларды дагы туура түшүнүү керек.
- Сааттын жебеси он бирди көргөзгөндө гана крутой деген "джип" машинасы менен директор келди. Сегиз баланы көрүп эле түшүндү көрүнөт, бухгальтерия аз убакыт өтпөстөн чакырып калды. Буга чейин кеминде жыйырма жолу Турарга телефон чалышты, Турар эки жолу телефонду албай койду да, анан такыр эле өчүрүп салды. Балдардын ачуулары келип, бир жагынан ушул жерден кетебиз деген ойго нак ишенишип, кабактары ачык.
- Бухгалтерия эсептегенде, эки ай таң эртеден кечке чейин он эки саат иштеген балдар болгону, үч миң эки жүздөн орус акчасын алышты да, анан издерине кайтышты. Айткандай бухгалтерия "эртеңден калбай жатакананы бошотуп койгула" деп катуу эскертти. Бул алардын коркуткандагы бир белгиси болсо керек. Анткени мекенден сырт жүргөн балдар "кайра иштейбиз деп калышабы" деген илгери ойго алдырышса керек. Бирок, сегиз бала таң эрте маршурутка менен Акатетьева айылын таштап, кайдасың Москва деп жөнөп кетишти. Алардын кеткени жатаканын башка улуттун балдары дагы билбей калышты. Себеби алар али таңкы уйкудан ойгонуша элек болучу да. Тиги маршурутканын айдоочусу таң эрте жолго чыкканына эртең мененки машинанын тыгынана кабылып калбайын деген оюу себеп болду. Анткени түшкү саат бирде дагы бир заказы бар экен. Ага чейин кайра келип калуу керек болдубу, айтор абдан шаштырды.
- Балдар саат тогуздар менен эле айтылган дарекке келишти. Тиги Юрьевич деген неме Турардан өткөн калпычы неме экенин келгенден кийин билишти. Көрсө жатакана даярдабай эле, күндүн ысыгында контейнерге жатасыңар деп, бош турган контейнерди көргөздү. Тим эле жыргал жашоо жана жакшы иш күтүп тургансып, шашып келишкен сегиз баланын эми даана баштары шылкыйды. Такыр башкача элестетип келген балдар, темирге картон салып жатууга туура келди. Эх, бул жерден "Москванын баары эле калпычы болуп калганбы" - деген ой пайда болбой койгон жок. Анткени тиги Нурландын достору дагы ооз көптүрүп, иш таап коёбуз дешкен. Ал эми Бердинин жакын таанышы "иш таап койдум келе кал" деп коюп, ал дагы каратып туруп калпты айтты. Мындан кийин көрүшпөй калчудай болуп.
- Нурлан менен Берди тиги жаңы келген жерден такси менен Нурландын досунун үйүнө келишкенде, досу айткан даректе, тактап айтканда бир бөлмө квартирада эле тогуз кыргыз жашайт экен. Теңи кыз - келин болсо, теңи эркек балдар. Акча табуу үчүн бир бөлмө квартирада тыгылышып жашаган боордошторду көргөндө Бердинин каңырыгы түтөп кетти. Кечке чейин араң чыдады. Кечинде алып кетем деген таанышы сырттан кирип келип эле, эч саламга келбей каарып кирсе болбу. Ай, ушул адамдардын акчаны жогору тутуп калганы. Болбосо алгач учурашып койсо эмне. Сырттан кирип келип эле:
- -Эмне мында келе калдың? - десе боло. Мындайды күтпөгөн Берди алгач кабагы ачык салам берип анан:
- -Мен сиз чакырбасаңыз мында келбейт элем. Эгер мага иш таап бере албасаңыз анда эмне телефондон мактандыңыз " эптеп эле мында кел" - деп. Эгер сиз чакырбасаңыз мен балдар менен эле калып калмакмын. Кете бериңиз, эгер калп айткан болсоңуз! - деди да, ичкери кирип кетти. Квартирага кирип эле кабагы салыңкы Токтогулдук Сезим деген кызга кайрылды:
- -Сезим, эгер макул көрсөң мени Казань бекетине жеткизип койчу, эптеп бир нерсе кылып кайра Кыргызстанга кетейин - деди. Анткени кыйратам деген Нурландын досу иш таап бермек турсун, бир күн квартирасына жаткыса албасын басым менен айтып, кетип калгыла деп шаштырып жаткан. Ал дагы жөн гана ооз учунан мактанганы билинип калды
- Сезим маңдайы жарык, бирөөнө жакшылык кылсам деген ыйманы жылуу, бою жапаладашынан келген, көздөрү күлүңдөгөн, эркек балдарга караганда чечкиндүү, колу ачык жылдыздуу кыз экенин Берди алгач көргөндө эле байкаган. Ошол себептен ал жерде жашаган балдардан эмес, Сезимден бир жакшылыкты үмүт кылып, ага кайрылды. Ал эми Нурландын досу, эки жумуртка менен аш басып бергени болбосо, Нурланга дагы жакпай турду. Аны Нурлан сыртына чыгарган жок.
- Сезим, Бердинин сунушун дароо кабыл алып, кечки саат бештерде квартирадан алып чыгып кетти. Ушул убакытка чейин тиги Нурландын досу мыкка олтургансып, Бердинин үйдөн чыгып кетишин ичинен миң миртебе тилеп турду. Анын себеби, квартиранын ээси келип калса иш чатагына айланат беле, ким билет. Берди ушул жерден дагы бир жолу эркектерден касиеттин качканын билди. Сезим өзүнүн карындашындай кам көрүп, ойго келбеген жакшылык кылды. Ушул чыканактай кыздай иш жасаганга жарабаган тиги шым кийип жүргөн балдарга жакшы сөз айтуу албетте туура эмес. Сезим жасагандай жакшылыктар кээ бир айдатма эркек аты бар уул балдардын колунан келбейт. Болбосо ошол жердеги балдардын бири айтат эле го " Байке, мен деле сизди Казань бекетине жеткизип коём" - деп. Анткенге алардын ички жан дүйнөсү жарды болуп, андан көрө жамбаштап жатып, убакыттарын өткөргөн алда канча жакшы эмеспи. Берди сумкаларын көтөрүп сыртка чыкканда, Сезим бир жакын досуна телефон чалды да, ага айтты:
- - Иманбек, эгер бош болсоң келип калчы, Казань бекетине барыш керек болуп калды - деп. Бир топко сүйлөшкөн соң, Сезим:
- -Байке, эч корпоңуз, азыр машина менен тааныш дос бала келип, Казань бекетине экөөбүздү жеткизип коёт. Ага чейин тиги аялдамада олтуруп күтүп туралы - деди. Берди макул болуп, башын ийкеп жооп берип, ичинен ыраазы болуп турду. Анан экөө аялдамага көтөрүнүп келишти да, бош орунтуктун четинен орун алып олтурушту. Эч кандай милиция деле тийишкен жок. Коркконго кош көрүнөт болуп, кээ бир чет элден келгендер өздөрү эле коркуп жатып, сырттан келгендерин билгизип алышбы деген дагы ой келди. Сезим сөз арасында ушул жакта иштеп жүрүп айылдагы атасына чоң там салып бергенин кеп кылды. Ал дагы алгач келгенде талаада калыптыр:
- -Байке, мен сизди түшүнөм. Мен дагы алгач келгенде сиздей болуп талаада калгам. Аны кантип эсимден чыгарайын. Башымдан өткөргөн үчүн мен сизге туура түшүнүп турам. Бул жакка азыр көнүп дагы калдым. Азыр таш ыргытсаңыз кыргыздын башына тийет. Акыркы кездерде болгон кыргыздар, кыргызстанды таштап мында көчүп келип алышканбы деген дагы ой пайда болбой койбойт экен. Көчөгө чыксаң жок эле дегенде ондон ашык кыргыз улутундагы адамдарды жолуктрсаңыз болот. Тиги жакта кыргыздар ачып алган ресторан бар. Ал ресторанга өзгөчө алтынчы жана дем алыш күндөрү кыргыздар чогулушат. Негизи эле азыркы жаштарда уят деген неме калбай калган. Акчага кызыгышып, жаш балдар энесиндей болгон аялдарды жандап, ал турсун алардын никеси жок күйөөсү болуп алышкан. Энесиндей болгон аялдар менен эч уялып койбой бийлеп, кызын ээрчиген жигиттей аялдарды ээрчип келип, ээрчип кетишет. Эми сөздүн мааниси эмне жөнүндө болуп жатат түшүнгөн чыгарсыз. "Ар - намыс" - деген неме калбай баратабы деп да калам. Жаш балдардын жоругун эстесем жаным кашаят. Жанагы бир төкмө акын бар эмеспи Жеңишбек деген ошонун "замана" - деген ырында айтылат го " жаш келинди абышка сүйүп калган замана, абышкага жапжаш кыз тийип калган замана" - деген. Бул жактагыларды көзү менен көрсө анда " чоң катынды жаш жигит ээрчип калган замана, акчалуудан адамдар сүрдөп калган замана"- деп ырдамак. Көрсөңүз ачууңуз келип, күнөөсү жок жерге түкүрөсүз. Ал балдарды байкуш гана ата менен эне кандай таттуу кыялга батып өстүрүп, аруу тилек менен багып чоңойтуп, кандай жакшы нерселерди үмүт кылып жатышканын элестетип көрөлүчү. Кайран ата менен эне "балам алыс жерде иштеп жүрөт" - деп санаа чегип жатса, баласы чоң аялды жандап жүргөнү билинбегени менен эмне деген сөздү айтырып, кандай ойго салат. Укканга караганда көз менен көргөн кандай чындыкка жакын жана ишенгенге дагы жакшы. Эгер сиз ошол сатылган балдарды өз көзүңүз менен көрсөңүз, менден жаман санаа чекмексиз. Кыргыздын балдарына мен андай жорукту ыраа көрбөйм. Байкасаңыз эл бузулду. Жаш кыздар акча үчүн Кыргызстанда чоңдор менен жүрсө, бул жакта жаш балдар акча үчүн энесинен улуу аялдар менен жүрүп калган. Бул базарчыларда уят деген неме деле калбай калганбы деген дагы ой пайда болбой койбойт экен. Кантип, кайсы беттери чыдап, өздөрү эне болуп туруп жаш балдарды ээрчитип жүрүшөт, ага менин башым жетпейт. Бул деген акчанын кулу болгондун бир белгиси эмеспи. Кимдин - ким экенин алыс жакта жүрүп билсе болот. Мен бир эле жаш балдарды эле эмес, кыздарды дагы күнөөлөй алат элем. Ырайы суук башка улуттун балдарына тийип алышкан. Алардын кир - коогун жууп, сөгүүсүн угуп жашаганга эмнеге бел байлашты, билбейм. Өткөндө көчөдөн бир жаш эле кыргыз кызын бир тажик бала көчөдөн сөгүп, жаман сөздөр менен тилдеп баратат. Мен намысыма келип ал кызга болушсам, тиги тажик айтып жатпайбы " сенин жердешиң сыйга татыксыз, болбосо мен муну нерв коротуп урушуп эмне кылам" - дейт. Кыскасы кулак менен угуп, көз менен көрбөгөн окуяларды быкбырдай эл кайнаган Москвадан көрсөңүз болот. Ошол себептен " Москва көз жашка ишенбейт" - деп айтылган кеп бар эмеспи. Менин эле бул шаарда канча көз жашым калды. Баарын жеңип келдим. Азыр ханга салам бербей калган кезим. Бир саамдан кийин Сезим:
- Байке, эгер мен башымдан өткөн окуяларды айтып берсем роман эмес, том болот. Бирок азыр элдер китеп окубай калышпадыбы. Кыскасы, айтып олтурсам сөз көп. Берди ушул жерден Сезимдин көздөрүнөн жана сөздөрүнөн чечкиндүүлктү байкады. Кээ бир "эркекмин" деп шым кийип жүргөн балдарга караганда Сезим алда канча жогору убадага бекем кыз экене баам салды. Болбосо телефондон оозду чоюп мактанып алышып, беттеше келгенде көздү тик карай албаган балдар толуп эле жатпайбы. Ушул жерден Самат менен Турарга караганда чыканактай болгон кыз, Сезимге ишенгенге болот эле. Анткени, Сезим кыз болсо дагы үнүн ишенимдүү чыгарып " "байке, сиз мен турганда эч качан сыртта жана талаада калбайсыз" - деп, айтып, Иманбекке телефон чалып:
- -Эгер сен азыр кечигип келип, байке бүгүн поезден калып калса, анда үйүңө алып барып багасың. Мени уят кылбай тез келип кал! - деп, телефонду өчүрүп:
- -Байке, азыр "часпик" болуп калып машинасы,машиналардын тыгынына кептелип калыптыр. Ага дагы туура түшүнөлү. Ага чейин мен сизди эриктирбей бир болгон окуяны айтып берейин - деп, карагаттай болгон кара көздөрүнө жарашыктуу болгон кирпиктерин ирмеп алды. Аттиң кайран гана көз толо карагандай кыргызымдын кымча бел кыздары ай. Жан багуу үчүн башка элде иштеп жүргөндөрү албетте намысты гана козгойт. Тээ илгертен бери мекенди, эл- жерди,кыз - келиндерин башка элге кор кылбай багып келген ата - бабаларыбыздын ар намысы учурда бир гана акчага алмашылып калганы көкүрөктөгү жараны козгоп, көзгө жаш толтурат. Кайран гана эл ишенген эки ажо жана кресло кучактаган чоңдор, ошол башка элге кор болгон жаш кыздарыбыздын жана балдарыбыздын убалдары силерге гана тийсин! Жыйырма жыл ичинде башка элдин бир шаарынын калкына жетпеген элди тентитип, бир гана каражандын камын ойлоп, алгылыктуу иш кылбай, чабыр өлкөгө айданткан мамилекетибизди эми кантип калыбына келтирүүгө болот? Бул суроого жооп табуу, албетте кыйын болгону абдан өкүнүчтүү. Кооз сөздөрдү сүйлөп, куру убада берген чоңдордон эл тажап болушкан соң, үмүтү алардан үзүлгөндө гана Сезимдей болуп башка улуттан иш издеп кетишкени, карандай чындык экенин кантип жашырабыз. Бир ажобуз аялына алы келбесе, экинчиси баласына алы жетпесе, анан кантип эл атасы болуп, бийликтин бийик секисине чыгышты?
- Бул эки ажо тээ кылымдарды карыткан кыргыз калкынын шоруна шайланган ажолор экенин жашырсак, капка шибеге каткандай эле болобуз. Эмне үчүн казактын, түркмөндүн, грузиндин кыз - келиндери, жаш балдары, деги эле эли тентип башка элге чыкпайт? Анткени алардын чоңдорунда ыйман болгон үчүн. Өлкөдөн куулган эки ажо боюнча газеталарга жетишерлик эле жазылды, бирок андан эч майнап чыкпады. Бирөө он беш жыл башкарса, бири беш жыл башкарып, эл алдында таза болушканда мекенден эмнеге куулат эле. Балким алардын ишенген вазирлеринен күнөө кеткен чыгар, алардын жүгүн көтөрүп не кылабыз. Бир гана Сезимдей болгон жаш кыздарыбыздын чет элде жүргөнү жана сегиз бала өңдүү алданган мигранттардын барган сайын саны арбыганы жогору жактагылардын дарегине тил тийгизип жиберди. Бирок, чындык чыркырап турса, кантип карап турууга болот. Ушуларды ойлогон Берди тоо булагынын үнүндөй кулакка жагымдуу Сезимдин үнүнө кулак төшөдү. Сезим өзүнүн улуу Аллага жаккан жасаган иши тууралуу айтып баштады:
- -Бир жолу жанагы эле үйдүн подьезинин алдынан таң эрте сыртка чыгып бара жатып, баасы кымбат уюлдук телефон таап алдым. Анан аны үйгө алып кирип коюп, бир сааттай убакыт чуркап, таңкы көнүгүүлөрдү жасап келип, ишке баруу үчүн үйгө кирип бара жатсам, эки кавказ улутундагы отуз жаштардагы бала менден сурап калышты " чоң кыз, биз бул жерден телефон жоготтук, көргөн жоксузбу, ал телефондо баалуу нерселер жазылган жана сакталган анан телефон номерлер бар болуучу, таап берсеңиз жана көрсөңүз сүйүнчүсү болот" - деп калышты. Мен аларга "күтүп тургула" деп айтсам, көздөрү жайнай түштү. Үмүттөрү жанган тиги эки баланын абалын айтып сөз жеткизе албайм. Үйгө кирип катып койгон жерден телефонду алып чыгып берсем, экөө абдан сүйүнүшүп, сүйүнчүгө беш миң рубль беришти. Анан кечинде иштен келсем, мени күтүп олтурушуптур. Кафеге алып барып абдан сыйлап, анан айтышты.
- Көрсө алар телефонду отуз эки миң рублге алышып, бирөөнө белекке беришмек экен. Кыскасы, алар мага, мен аларга ыраазы болдум. Эгер менден башка бирөө телефонду таап алган болсо, алар кайра ээсине бербей, сатып жиберишет беле... Тиги эки бала мага минтип айтышты "сиздей болгон жакшы адамдар болгон үчүн, жашоо бул жарык дүйнөдө жүрүп жатат"- деп. Алар менин улутум кыргыз экенин угушканда, таң калышты. Андан дагы алар биздин улутту жакшы көрүшөт экен. Анткени биз эки калысы жок ажону өлкөдөн кууп салганыбызды, экөө туура кабыл алышыптыр. Эгер баардык өлкөнүн элдери кыргыздардай болгондо, зулум президенттер болбойт эле - деп, бир далайга чейин биздин качып кеткен эки ажону жана чоңдорду талкууга алдык. Кыскасы, мен үчүн ошол күн абдан жакшы күн болду. Адам баласы келечектен жана келе турган күндөн үмүт кылып жашайт тура, көрсө. Мен эртең менен уйкудан ойгонгондо эле минтип ойлончу болдум " бүгүнкү күнүм жакшы күн болсо экен" - деп. Чынын айтсам мен, чечкиндүү анан колу ачык адамдар менен байланыш түзгөндү жакшы көрөм - деп, сөзүнүн аягына чыкты.
- Ары бери тынымсыз өткөн машиналардын арасынан келе турган машинанын караанын күтүп олтуруп, бир далай сөздөр айтылды. Сезим бир кезде кабагы салыңкы:
- -Берди байке, сиз эми капа болбой туруп туруңуз, тиги бала кечикти. Поездден кечикмей болдук. Ага эч кам санабаңыз. Бүгүн сиз поездден калсаңыз, эртең деле кетесиз деди. Чын эле бул учурда айтылуу Москва шаарына караңгылык пардасы тартылып күн, түнгө алмашып, батыш жактан кара булут каптап келе жаткан болучу. Негизи эле аба - ырайынын бат - баттан эле жаан - чачын болуп, булут каптап турган адаты бар экен. Жергиликтүү калк буга деле көнүп калышса керек. Ак чокулук Ала - Тоо Бердини көзүнөн учту. Бизде жаан - чачын көбүнчө тоо чокулары менен өтүп кетет эмеспи. Ал эми Россияда токой болгон үчүнбү же саздак жер болгонгобу ным жыттанып турганы дагы Ала - Тоону мекен кылган Бердиге жага берген жок.
- Бир кезде "Ниссиан Примьера" - деген маркадагы машина менен көптөн күткөн Иманбек келип калды. Бою узун, арыкчырай, маңдайы жарык, кара тору бала машинадан түшүп жатып эле актанып кирди:
- -Кечирип койгула, такыр туура эмес жолго түшүп алыптырмын, машинанын тыгыны эки чакырымга жетет го. Жакшы эле аракет кылдым деп, колун сунуп учурашты. Берди анча мынча адамды бир көрүп эле сынап койгон жайы бар болгон үчүн Иманбекти жылуу кабыл алып:
- -Эми кандай кылабыз? Менин азыр Сезимден башка таанышым жок. Кайда барып баш калкалайм, билбей турам. Сезимдин квартирасында орун болбогон үчүн минтип аялдамада сени эт бышым убакыттан бери күтүп олтурабыз. Сөздү Сезим алды:
- -Иманбек, сен эмне кылсаң ошол кыл! Байкени азыр үйүңө алып кетесиңби же мейманканага жаткырасыңбы ал сенин ишиң. Кыскасы мен эч нерсени билбейм. Сага ишенип минтип поездден да калып калдык - деди.
- Иманбек шар кетти жана жайдары мүнөзүнөн жазбай:
- -Сезим сен ал жагынан эч кам санаба. Байке азыр мени менен кетет. Каалаган күнү поездге салып жиберем. Ал жагы менин мойнумда. Менин дагы башымдан өткөн, талаада калган. Кантип эле мен байкени талаага калтырып салайын.
- Иманбек атына жараша ыймандуу бала экен. Сөзүнө туруп, Бердини өзү менен бирге алып кетти. Чынында эле шаардын бир топ алыс түндүк батыш тарабында жашайт экен. Ошончо алыс жерден келип кеткенине эле машинасына канча май куйду аны дагы эске алганыбыз оң.
- Көрсө Иманбектин курулуш бригадасы бар экен. Жыйырмадай баланы иш менен камсыз кылып, алар менен бир жерде жашаганы айкын болду. Кыскасы, тамак жасаган ашпосчу келин дагы өз иши менен алек. Жыгач менен жасалган тамда токойдун ичинде ал жакка жумушу бар гана адам барбаса, киши деле бара койчудай жер эмес. Ал жерде дагы баягы эле кыргыз балдар таң эрте кетип, кеч келишип, иштери менен алек. Кап, эгер өлкөбүз жарды болбогон болсо ошол балдар тигинтип талаа түстө, токойдун ичинде жашабайт эле да. Берди курсагын тойгузуп алып, жатып калды. Эмнегедир эле түнү бир нерселер чагып уктай албай чыкты. Эртең менен жерге жарык киргенде туруп караса, жыгачтын курту экен. Эмнеге тиги балдарды чакпайт дагы мени чагат деген ой пайда болду. Бул курт орус тили менен айтканда "крот" - деп аталат экен. Көрсө эски жыгачтарда жашаган бул жаныбар адамдын денесин чакканда, жан жай албай калган жагы бар тура. Күндүз анча билинбегени менен түнкүсүн дененин кычышканы күч алып, уйку бербеген жайы бар экенин ал жерде иш күтүп жаткан Айбек деген жашы кырк алтыга чыгып калган киши айтты.
- Ал күнү кечке телевизор көрүп алаксып, иши жок жаткан кыргыз балдардын арыз арманын уккан Берди дагы ойго чөмүлдү. Кулалы таптап куш кылып, курама курап журт кылган " Манас" атабыздын элин минтип таратып жиберген чоңдордун жоругуна ичинен түтөп, Иманбектин сөзүнө кулак төшөдү. Иманбек өзү жаш болсо дагы элдин жүгүн артынып, жыйырма баланы бакканы эле эмне деген баатырлык. Кыскасы, бул жерге кээ бир балдар түнөп кетүү үчүн гана келишет экен. Ал эми иш жок күтүп жатканы канча. Бир айга чукул убакыт болуптур, жаңы гана чоң алты этаж үйдүн пайдубалын тургузуп болуп, эми кирпичин койгону жатканда өзбек балдар келип бааны бузуп, "арзан баада коюп беребиз" деп, иштей турган иштерин тартып алышыптыр. Бир чети өзбек балдардын бааны бузган жоруктарына нааразы болгон эле адам. Алар тыйынга деле иштей берген арзан күч болушканын бир эле кыргыздар эмес, орустар дагы билип алышкан экен. Иманбек бир кирпичти жети рубль менен коюп бергени сүйлөшүп, кол алышып койсо, өзбек балдар ойдо жок жерден пайда болуп, эки рубль менен коюп беребиз деп келип калганы кыргыз балдардын ачуусун келтирип, өзбек балдар менен урушуп кете жаздашыптыр. Кыскасы, тиги заказ берген киши деле Иманбекке айтыптыр " эгер сен үч сом менен коёп берем десең, сенин балдарыңа берейин ишти" - деп. Иманбек макул болбой коюп, башка жактан иш издеп жатканын айтты. Кайда барба иш издеген эле киши. Андан дагы менттер караларды аңдып эле турушканы бул турулу иш эмеспи. Бизде айдоочулар "МАИ жокпу" деп жол караса, ал жакта кыргыз атуулдар "менттер жокпу" деп жол карашат тура. Ал жактын милицияларын биздин элге окшогон иш издеп барган мигранттар эле багат экен.
- Убакыт түштөн ооп калган кезде Иманбекти бирөөлөр чакырып, машинасын айдап кетип ал күнү дагы абдан кеч келип, Берди дагы түнөп калууга туура келди. Бир корккону эле түнкүсүн чаккан жыгачтын курттары. Алардын кадимки чиркейдей дагы эмес, денени кыдырата тиштеп чакканы анан дагы жанды жай алдырбай кычыштырганы абдан жаман экен. " Кайсы жериң ооруса жаның ошол жерде" - деп айтылган кеп бар эмеспи. Ансыңары крот чаккан дененин кычышканын айтып сөз жеткирип болбойт. Андан көрө түнү бою чиркейдин чакканы ага салыштырмалуу жеңил болот. Андайда түн дагы узун болуп калат эмеспи. Жыйырмага чукул бала эки катар кылып салынган жыгач керебетте эч нерсе болбой эле уктап жатышты, ал эми Берди бул түнү дагы кыйналып чыкты. Баягы эле кадимки чоң битке окшогон кара жаныбар жөн эле жеп жиберчүдөй жан талашып денеге жабышат десең. Андан дагы жүгүрүп баратып эле денени тиштеп кеткенин кантесиң. Анан эле кайран дене кызарып чыгат дагы, жанды койбой тырматат.
- Түнкү саат үчтөр чамасында Берди жаткан жеринен туруп айлуу түндө сыртка чыгып, бир сыйра күнү - түнү агып турган жерден чыккан сууга жуунуп алып, жыгылып жаткан чоң карагайдын үстүндө өткөндү эстеп олтурду.
- Оюна тээ илгери союздун учурундагы аскердик кызматтын өтөгөн учуру келди. Анда дагы түнү ушунтип чер токойдун арасында күзөттө туруп, айылын эстеген. Ал кезде азыркыдай "крот" - деген неме чагып, жанын кыйнаган эмес. Бирок жонунда курал, оюнда уктап калбай күзөттү убагында өткөзүп берүү болгон. Анткени канча солдат бала посто туруп уктап калып, жаза алышкан. Азыр дагы кудум ошол кездегидей чер токойдун ичинде жалгыз олтурганы жаш кезин эске салды.
- Алыскы Германиянын ным жыттанган чер токойу кудум азыркыдай түнү көзгө сүрдүү көрүнүп турчу. Ошол токойдо согуш учурунда канча адамдын жаны кыйылып, бей күнөө адамдар окко учту. Анткени дайыма "Цейтхайн" гарнизонунда 9 - майда, немистердин солдаттары менен союздун солдаттары конслагерь жайгашкан жерден парадга басып өтчү. 270 миң киши колго түшүп, ошол жерден каза болгонун парад болгондо дайыма айтылып турчу. Балким ал жерден канча Кыргызстандан жоого аттанган жоокер аталарыбыз каза болду, ким билет. Ошол жерде узунунан салынган барак үйлөрдү ремонттоп, военный частка айлантып алганы дагы кеп болгон. Кээде жакын жерден окоп казып жатышып, адамдардын сөөктөрүн таап алышканы жөнүндө дагы учкай айтыла калып жүрдү. Бир жолу политзанатиядан майор Крылов айчык эле айткан " бул жерде согуш учурунда поляктар, румундар, чехтер, венгерлер жана орус салдаттары атылган" - деп. Берди өткөндү эстеп ойго алаксып кеткенде , кечинде жаңы келген Нурбек деген бала жанына келип:
- -Байке, сизге эмне болду? - деди. Берди кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
- - Крот деген неме чагып уктатпай койду. Мен дагы кечээ эле келген болучумун. Абайла, сен дагы кротко денеңди чактырып жибере көрбө. Абдан жаман чагат экен, бытыратып. Нурбек кашынып:
- Мени дагы чакты көрүнөт. Денемде бир майда жаныбар кыбыраганынан турдум эле, эмне болду экен? - деген ойдо. Берди айдын жарыгынан колун чыканагына чейин көргөзүп:
- - Карачы, тим эле жанымды жай алдырбай койду. Сен эми кайра барып жатпа. Башка жакка барып жатып ал. Антпесең сен дагы мендей болосуң! Нурбек чөнтөгүнөн чылым алып чыгып күйгүзүп:
- -Байке, сиз эмне башка жактан келдиңиз беле? - деди. Ушул суроо берилишин алдына ала билип, жай олтурган калыбында болгон окуяны үстүртөн айтып берип, өзүнө суроо узатты.
- - Өзүң кайда иштедиң жана эмне болуп, кантип мында келдиң?-деп. Нурбек чылымын берилүү менен соруп, ийлеген соң:
- -Эй, байке, менин башымдан өткөн окуяны айтып берсем өзүнчө бир узун сабак кеп болот. Айтып олтурсам сөз көп - деп, маанилүү сөз айтчудай олтурган ордунан обдулуп алды. Көчүгү талып кеттиби же ыңгайсыз олтуруп алганбы ким билет, орун алмашып олтуруп анан узун сөзгө кирди, чылымын ийлеп түтүнүн дагы үйлөп:
- Бизди мындан эки ай илгери бир намазды үзбөй окуган Рустам деген бала алдап алып келген болучу, Краснодарский крайына. Эми тиги динчил немеге улуу Кудайды оозанып айтып жатса кантип ишенбейсиң. Жыйырмадай бала келгенбиз. "Жакшы иш, эмгек акы дагы жогору" дегенинен. Бул алдамчылык капырбы же чыныгы мусулманбы динди тутунган, ага карабаган бир жаман сапат болсо керек. Сүйлөсө тим эле таңдайынан чаң чыгат десең. Аны менен кайдан дагы тааныша калдым билбейм.
- Кыскасы ал бала бизди алып келди дагы, болгону он мүнөт болду биз менен, анан кайдагы бир шылтоону айтып көздөн кайым болуп жок болуп кетти. Көрсө ал бул жактагы адам менен келишим түзүп "бекер күч алып келип берем" - деп акча алыптыр дагы, анан өзүнө тийешелүү калган акчаны алган соң, бизге көрүнбөй качып качып кетиптир.
- Биз аны кайдан билип коюптурбуз. Курулушта иштеп баштаганда эле чечендер жана ошол аймактагы улуту башка адамдар келип бизге чоң боло баштады. Андан дагы түнкүсүн тизип алып сабагандарын айтпай эле койгонум оң. Кыскасы ит көрбөгөн кордукту көрүп, акыры эбин келтирип паспортторубузду алдык да анан экиден, үчтөн болуп бөлүнүп качып кеткенге аракет кылдык. Мен экинчи болуп түнү качып чыктым. Анткени мага чейин беш бала качкан, анан кийинки түнү мен качып чыктым да бир айылга келип, түшүнүктү орустун үйүндө иштедим. Кыскасы беш бөлмө үйүнө шпаклёпка тартым бердим. Кечке үйдөн эч жакка чыкмай жок. Мени издеп келип калабы деген ойдо. Андайда деле ойго жакшы нерсе келбейт экен. Көзүмө ырайы суук сакалдары жаагын баскан кавкас улутундагы кишилер тартылып, өзүнчө эле корко бердим. Чынын айтканда бизди жок кылып салыш алар үчүн чымын чакканга дагы тете иш эмес болучу. Ушундай ырайымдары жок, көздөрү нашаа чегип алган адамдардай күйүп турат десең. Ошондой түрү суук адамдарга тийген аял заты кантип алар менен жашап жатышат болду экен. Айтсам сизге калп, мага чын. Кулак менен уккандан, көз менен көргөн алда канча чындыкка жакын эмеспи. Эки айга чукул убакыттын ичинде биз жашоодон үмүтүбүздү үзүп койдук. Мен улуу Аллага жана жер энеге абдан ыраазымын. Анткени адам кейпинен кеткен, адам деген атка татыксыз адамдарга ырыскы бөлгөн улуу Алланын кечиримдүүлүгүн кара дагы, ошондой адамдарды көтөрүп турган жер энени кара. Чынын айтсам алар түшкө кире тургандай эле мамиле жасашты. Акыркы кездерде бизди бакканга дараметтери жетпей баратканда гана паспорторубузду колубузга берип, "эптеп акча таап жаныңарды баккыла, бирок күндө кечинде келип текшерүүдөн өтүп турасыңар" деген талап коюшту. Биз алгач эки апта алардын талаптарын аткарып, анан качып кете баштадык. Жанагы жан кечти террористер ошолордон кантип чыкпайт. Кайран гана эне байкуштун эмгеги ай. Тогуз ай көтөрүп, ушул жашка чыкканга чейин азабын тартып "адам баласын кыйна" - деген максат менен аларды баккан жок да. Билбейм, деги акыркы кездерде эл бузулганбы же жашоо талабы ушундайбы жооп таба албай келем. Бирок бизге канчалык кордук көргөзгөндөрү менен алардын арасында түшүнүктүү адамдары бар экен. Балким ошолор биздин качып кетишибизге түрткү берген чыгар. Эмне болгон күндө дагы бир балээден аман кутулуп чыкканыма азыр дагы ишене албай келем.
- -Анан сен кантип алиги улуту орус адамга кабылып калдың?
- -Ал дагы буйруктан да. Аялдамада жазылып туруптур " шпаклёпка тартканды билген мастер керек" - деп, дареги менен. Мен жазылган дарек менен издеп барсам үйүндө аялы эле бар экен. Кеминде эки сааттай убакыт үй ээсин күтүп калдым. Бир кезде " Ауди А-6" маркасындагы кара түстөгү машина менен сыйда кийинген, кызматкерге окшош, өзүн маданиятту туткан, орто бойлуу, арыкчырай, маңдай чачы жок, жүзү жарык адам келди. Мен аны менен учурашканда эле билдим, жакшы киши экенин. Чынын айтканда, жогорку билим алган адамдар баары бир билим албаган адамдардан өзгөчөлөнүп турарын ошондо байкадым. Мен жарнама боюнча келгенимди айтсам ал киши алгач мага анча ишене албай туруп анан, биринчи берген суроосу эле бул болду " ичимдикке кандайсың?" - деп сурап, мени тике карады. Анткени адам баласынын өзү алдаса дагы көзү алдабайт эмеспи. Көзү менен теше тиктеп караганда, мен анын көз карашына туруштук берип, мен дагы тик карап "Мен ичимдик ичмек турсун оозума албайм" - дедим. Анан мени үйүнө ээрчитип кирип, сынап көрдү, иштетип. Менин иш билгилигим жакты окшойт, алгач курсагымды тойгузду дагы. "Иштей бер" деп, өзү башка бөлмөгө кирип кетти. Мен курсагым тойгонго ушундай бир уйкум келди. Ага карабай иштеп баштадым. Ал жерде иштегени анткен менен курсагым ачкан жок. Тамак жагын жакшы берип турду. Ал эми тиги курулуштан күндө кукси иче берип ашказан болбой калган. Малга деле күндө саздын чөбүн бере берсе, ал деле этинен качып арыктай түшөт го. Анысысыңары, чогуу барган балдар кадимкидей арыктап дагы кеткенбиз. Негизи эле адам баласы баарына чыдайт экен, биз тээ илгерки согуш учурундагы адамдар кыйналаган жашоону дагы көргөндөй эле болдук.
- Бир күнү Талас деген бала ооруп ишке чыга албай калды. Анын ооруганына карабай лөкүйгөн хачиктер ишке айдап чыкты эле, жан керек экен, кечке чыдап иштебеди. Кечинде жатаканага эптеп жетип эле жалп кулады. Эгер Кыргызстандан ошондой ооруса ооруканага жатып калат беле ким билет. Кыскасы, эми ал күндөр такыр эстен чыккыс болду го. Баса, бизге чейин дагы бир топ баланы Сочи шаарына алдап барып таштап кетишиптир. Алардын экөө биз менен иштеди. Алар айтса алардын көргөн кордуктары бир укмуш. Айтып олтурса сөз түгөнбөйт.
- Жаңы кожоюн менин иштеген ишимди эртеси күнү эле көрүп, жактырды окшойт, мамилеси баштагыдан дагы жакшы болуп калды. Адам баласы бир ооз сөз менен дагы өзүн абдан бактылуу сезип калат экен. Мен иштеген үйдүн ээси мага абдан ыраазы болуп, көңүлүмдү абдан көтөрдү. Башка элде жүрүп улутуң жөнүндө жакшы сөз уксаң ошол дагы дем берерин билдим. Андан дагы үй ээси кыргыздарды сыйлаган киши экен. Анткени ал жаш кезинде Кыргызстанга келип, абдан сый көрүп кеткенин айтты. Ошол жерден тиги Сергей Миронов сөз арасында айтып жатпайбы "Ошондогу чучук, картаны абдан сагындым" - деп. Ал Суусамырда болуптур. Ал эми аялынын кубанганын айтпа. Эки апта илгери эки орус бала келип ремонт кылып беребиз деп ишти баштап коюп, ичкилик ичип олтуруп алышыптыр. Андан дагы эки күндө эч иш бүтүрбөй туруп акча сурап кетип, ошол бойдон жок дейт. Ал эми мен эки күндө жалгыз эки бөлмөнү бүтүрүп, өзүмдү көргөздүм. Кыскасы күндүзү уктап, көбүнчө түнкүсүн иштеп жаттым. Анткени суук көздөргө көрүнбөйүн деген ойдо. Кайда барба бөтөн элиң бөтөндүгүн кылат да. Мен тиги үйдү бүтүргөн соң кошунасы келиптир "менин дагы үйүмдү жасап бер" - деп. Бирок ал кишинин өңүнөн эле билдим, ачкыл сууга жакын экенин. Ага баш ийкеп макул болдум дагы, түнү менен алчу акчаны алып кетип калдым. Рита эже дагы айтып калды " ага ишенбе, акчасы деле жок, бизге атаандашып жаткандагысы" - деп. Көрсө тиги кошунасы бир кезде абдан жакшы иште иштеп, кекиртектин айынан куулуп, азыр иши жок үйүндө олтурган кези экен. Мен болгону беш күндөй иштеп, он алты миң рубль тапкам. Анан электричка менен Москвага келгенде менттерге кармалып калып акчаны алдырып жибербедимби, Казань бекетине жетпей. Болбосо "Кыргызстанга кетип калсамбы" деп ойлоп келе жаткам. Акчам жок менттерден катып калган эки жүз рубль менен үч күн жашадым, кудум селсаятардай көчөгө түнөп. Анан баса аялдамадан бир капчык таап алдым, ичинде беш жүз рубль бар экен, ошол акча менен такси кармап Казань вокзалына жетип алуу үчүн такси тоссом, Иманбекке токтоп калды. Ага баарын түшүндүрүп айтсам, болбой мында алып келди. Болбосо, проводниктер менен сүйлөшүп, эптеп кетип калайын дегем. Эми мен Иманбектин алдында чоң карыздар болуп калдым. Керек болсо ушундай учурда жатындаш бир тууганың дагы мынчалык жардам бербейт. Көрсө бул жалган дүйнөнүн жаман жагын жаап жашырып турган Иманбектей болгон жакшы адамдар бар экен. Буга дагы шүгүр дейли. Берди башын ийкеп:
- -Абдан туура сөз айттың, бул жашоодо улуу Аллага жаккан иш жасагандын өзү кандай жакшы. Билесиңби, бул дүйнөдө негизги ролду акча ойносо, тиги дүйнөдө жасаган сооп иштериң башкы ролдо ойнойт экен. Андыктан жакшы сөздөрдү сүйлөп, жакшы иштерди гана жасаган абзел. Мен азыр сенин айткан сөзүңдөн улам бир окуяны эстеп кеттим. Чын эле жаман нерселерди жакшы нерселер, караны ак, калпты чын, ыпласты тазалык, эки жүздүүлүктү калыстык, караөзгөйдү ак ниетик, көрө албасты ай көлдүк, уяты жокту кечиримдүлүк басып келген бул жашоодо, кайталанып эле келе жатпайбы.
- Тээ илгери бир абдан сараң, ичине таруу айланбаган ач көз адам болгон экен - деп, Берди узун сөзгө кирди эле Нурбек сөз укканга куштар экенин билгизип:
- -Анан? - деп жиберди.
- -Ал киши жада калса сараңдыгынан бирөөнөн алган карызын дагы кайра кайрып бергиси келчү эмес экен. Анан, жаман адатынын кесепетинен кошуналарынан дагы чыгып калыптыр. Аны менен эч ким сүйлөшпөй, өзү менен өзү гана болуп, элге кошулбай дагы калыптыр.
- Бир күнү ал сараң киши уктап жатып түш көрөт. Түшүндө өзү өлүп калган болот. Анын өлгөнүнө бир гана аялы капа болуп, аза күтөт. Келген кишилердин баары өзү жөнүндө бир дагы жакшы сөз айтканын укпайт. Огородунун аягында жашаган кошунасы айтат:
- -Менин бир уйумду алып бербей койду эле, сөөк коюлар кезде көрдүн оозун тосуп, сөөктү жерге киргизбейм дейт. Бир кошунасы айтат:
- -Менден эки миң сом алып бербей койгон. Деги ушул сыяктуу жагымсыз сөздөрдү угат. Ал эми боз үйдөн аялдар өзүн абдан ушактайт. Баарын угуп турат. Бирок эч ким өзүн көрбөйт жана канчалык үнүн бийик чыгарып кыйкырса дагы укпайт. Бир кезде баласы короосунан чоң бээсин алып чыгып сойгону жатканын көрүп кыйкырат:
- -Ал бээге тийбе, жазында тууйт деп. Бирок сөзүн баласы эмес ал жердеги кишилердин бири дагы укпайт. Кичүү баласы жигулисин гаражынан айдап чыкканын көрүп:
- -Машинага тийбе, дөңгөлөгү желет - деп, машинасын аяп кыйкырат. Боз үйгө кирип аялын башка чабат, мал сойдурба деп. Бирок аялы аны сезип дагы койбойт. Короодо отун жарып жаткан балдарга келип айтат:
- -Алдагы балтанын мизин ташка чаптыңар, эски балтаны алып колдонбойсыңарбы? - деп болгон үнүн чыгарып кыйкырат. Эч ким сөзүн укмак турсун, тыңшап дагы койбойт. Акыры убакыт келип сөөгүн алып чыгышат. Качан көргө келгенде карыз алып бербей койгон эки киши көрдүн оозун тозот:
- - Бизден алган карызды ким төлөйт? - деп. Улуу баласы уялып:
- - Мен төлөп берем, короодо азыр мал турат, алып кеткиле, деги жолду тозпогулачы, атам жайына тынч барсынчы дейт. Кыскасы, өзү баарын көрөт. Анан эле көргө алып кирген кезде ойгонуп кетет, баягы сараң киши. Ошондо билет өзүнүн кандай адам экенин.
- Адам баласы ар качандан бир качан өзүнүн гана ойлогонун туура деп сезет. Бирок, эч качан туура эмес экенин моюнга албайт. Мисалы сен айтсаң сеники эп, сени алдаган Рустам айтса аныкы эп боло берет. Андыктан бир гана убакыттан өткөн калыс эмне бар. Макул сенин эле бир тууганың туура эмес иш кылып коюп, сөздүн күчүнө салып калпты айтса, сен албетте тууганыңдын айтканын туура көрөсүң. Чынында калыс алсаң тууганыңдын жасаган иши туура эмес болгон болот. Канча айткан менен бул жашоодо калыстык жок. Мына биздин эле мекенге батпай качып кеткен эки ажону алалы. Алардын кандай адам экенин бир гана убакыт калыстап койду. Демек, ар бир айткан адамдын сөзүн угуп, алгач анализ жүрүгүзүп көрүп анан туура чечим кабыл алуу керек.
- Нурбек башын ийкеп, сөзгө муюп:
- - Байке, сиз абдан туура сөз айттыңыз.Угасызбы, эми мен сизге бир болгон окуяны айтып берейин.
- Биздин айылда бир Жакиш деген киши бар болучу. Ал киши ушундай начар киши болгон. Майда, сараң, эсепчи, жемекор, баскан изин санаган адам эле. Ал кишини керек болсо кичинекей балдар дагы жаман көрчү. Ошол кишиге түткөн аялына алтындан алты медал берсе дагы аздык кылмак. Керек болсо тиги Жакиш аялы жасап берген тамакты дагы жөн иччү эмес экен " уу кошуп койгон жоксуңбу же колуңду таза жууп жасадыңбы" - деп сурап турчу экен. Бирок, дагы жакшы аялы төрөбөй калганы. Болбосо өзүнөн туулган баласын дагы өзүндөй кылып тарбиялайт беле...
- Тээ алтымышынчы жылы кимге эмне кошумча кошту ошондон бери жазылган блокноту бар эле жарыктык кишинин. Ал турсун нанга жуурулган камырга канча туз кошулду, бир күндө канча тамак желет баарын өзү көзөмөлгө алып, аялын тим эле каратып туруп гана сөз менен жеп салчу. Кайран киши өлбөчүдөй болуп жашап жүрүп, кийин карыганда абдан кыйналып жатып каза болду. Менин жеке оюмда, "бул дүйнөдө күнөөсү көп кишини, күнөөсүн жеңилдетип оору берип кыйнап алат" деген дагы кептин чындыгы барбы деп калам. Жакиш, дайыма велосепед менен жүрчү. Ал велосепедти жетимишинчи жылдары алса керек. Бирок жаңы бойдон эле. Билбейм, кантип колдонуп, кантип аны бир калыпта алып жүрдү. Балким күндө жууп тазалап жүргөнбү, айтор ачык айтып болбойт. Ал кишинин баскан турганы, кыймыл аракети, көз карашы эле кандайдыр бир жагымсыздыкты тартуулап турчу. Негизи эле ар бир адам өзүнө - өзү күнөө тилеп, ооруга кабылып аларына турмуш күбө. Мына чылым чеккен адам кантип чылымдын кулунан бошоно албай кыйналып жүрсө, жаш балдар чылым чеккенди адат кылып, өнөр катары көрөт. Анан кийин азабын тартат. Ошол сымал эле адамдар дагы терс кыял жоруктары менен элге батпай калып, өздөрүнүн гана ойлогон оюн туура көрүп, Жакиштей болуп жашоосунун аягы супсак, даамы жок тамактай болуп өтөт.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   saltanat.   04 Апрель 2014 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

- Эми ошол бизди жана силерди алдаган алдамчылар деле жашоосунан жарып кетпейт. Алардын дагы бир кезде жооп берчү кези келет. Анткени алдамчылык ырыскыны кыркканга тете иш эмеспи.
- Тээ илгери мен жаш кезде чоң атам дайыма айтчу "аладаган адам жарыбайт" - деп. Алдаган ажолорубуз менен министрлер эмне болду? Бул эми алдамчылыктын жана алдоонун жолу кандай аяктайт, турмуш өзү эле көргөзүп турбайбы. Азыр сизди жана мени алдаган алдамчылардын биз азабын тартып, минтип карагайдын куртуна таланып, түн уйкудан калып, кайдагы бир атам көрбөгөн токойдо олтурган күн эртең эле өтүп кетет, ал эми тиги алдамчылардын дагы азап тартчу күнү алдыда. Нурбек ушундай бир эмоцияга алдырып, абдан берилүү менен өз оюн айтып, көзгө сүрдүү көрүнгөн жыш жайгашкан карагайлар тарапты карады. Чынында эле көзгө сүрдүү көрүнгөн карагайлар тараптап бирөө карап тургансып, көзгө комсоо көрүнүп, адам баласына кандайдыр бир коркунучтун белгисин берип турган элести байкаса болот. Сөз - сөзгө уланып, таңкы супадан белги бергенсип асманда жылдыздар суюлуп келе жатканда гана экөө ичкери киришип, уйкуга баш коюшту. Ооба, баарынан таңкы уйку кандай таттуу. Таңкы уйкуну жеңип, эрте туруу дагы бир чоң эрдиктин белгиси. Эгер шашылыш иш болбосо же уйкусу качкан гана адам эрте турбаса, баарынан таттуу деп айтылган уйкунун жетегинен эч ким баш тарпаса керек. Ошол себептен "ырыскы таң эрте чачылат" деп бекер жерден айтылган эместир.
- Эртеси, түш ченде Иманбек кеч келгенгеби, уйкудан ойгонуп, ажаатканага барып келип, жуунган соң гана учурашып анан сөзгө келди:
- -Байке, кандайсыз? Мени кечирип коюңуз! Кечээ колум бошобой калды. Азыр Ярослав шоссесине карашту бир айылдан иш чыгып калды, төрт баланы таштап келе калайын. Анан кечинде сизди жеткизип коём. Аны коюп курсагыңыз ачкан жокпу? - деп кам көрө сүйлөдү. Алыс жерде өз бир тууганыңдай кам көрүп сүйлөгөн адамды ким жаман көрөт. Ал турсун эки күндөн бери багып жатканы эле эмнеден белгини берет. Сөздүн аягы барып буга такалды:
- -Кап, иш болуп турганда эмне, анда биз менен суук түшкөнгө чейин иштеп, жок дегенде жолуңузга болсо дагы акча таап кетет элеңиз. Мен сизге жолукканы жана сизди көргөнү өзүмдүн башымдан өткөн окуяны эстеп кетем. Бул күндөр дагы өтүп кетет. Эч кам санабаңыз. Сөз менен болсо дагы жубатып, көңүл ачканына ыраазы болгон Берди:
- Иманбек, сен айткандай азыр кыйналбаган ким бар дейсиң? Боло турган окуя болуп өттү, эми келечегин берсин. Сен айткандай ушул күндөр дагы өтүп кетет. Бирок, сенин жасаган сооп иштериң эсели эстен кетпей калды. Ушунча балага иш таап берип, жашаганга шарт түзүп бергениңдин өзү эле канча сооп иш. Сага окшогон жакшы адамдар бар үчүн жашоо өтүп жатканына турмуш өзү күбө. Мында келгенге чейин алдаган кишиге нааразы болсом, эми сага ыраазы болуп турган кезим. Нурбек дагы сен жөнүндө жакшы сөз айтты. Жакшы атанын баласынын артынан жакшы сөз ээрчийт. Ыракмат сага! Ишиңе ийгилик берсин. Иманбек күлүп:
- - Бул менин атуулдук милдетим. Бир эле силерге эмес, болгон кыргызмын дегендерге жардамымды аябай келе жатам. Сиздерге окшоп жакшылыкты билгендер бар, билбегендер дагы четтен чыгат. "Балтыр бит, башка чыгат" - дегендей, тиги өзбек балдарга жакында эле жакшылык кылып, иш таап бердим эле, эми минтип таап жеп жаткан нанымды тартып алышты. Мейли эми, алдыда дагы эмне күтүп турат, аны ким билет. Эң негизгиси, суук түшүп кете электе иш таап алсак болду. Баса, бүгүн мен бир кыргыз киши менен жолугушам, иш таап берем дегендей кылды эле. Ай, таң, азыр эч кимге ишенбеш керек дагы болуп калды. Көздү карап бирди, көзүң жокто бирди айтып калган бул заманда кимге ишенүүгө болот.
- Сөз андан ары деле жарытылуу уланган жок. Бир кезде Шабдан телефон чалып калды. Берди аны менен сүйлөшүп болгон соң, дагы кабагы бүркөлүп капа боло түштү. Тиги Юрьевичи деген куйругун карматпаган неме экен. Балдар бирден кетип, чилдей чачырап жатышыптыр. Мындай болоорун билгенде, тиги Акатьевадан кетпей тура турганда болмок экенин айтып, Шабдан оор үшкүрүнүп, телефонду өчүрүп койду. Аңгыча эле Нурбек дагы коштошуп, башка жакка барарын айтып жолуна түштү. Баягы тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп, Берди дагы жалгыз калды. Анан эмне кыла алат башка. Же бир шаарды жакшы билбесе. Бир жагынан бул жерде олтурганы жакшы. Анткени милиция деген неме келбейт, тынч. "Ишке чык" деп кыйнаган киши жок, курсак болсо ток. Бир гана жаман жери кроттун чакканы эле болбосо, баары жайында.
- Убакыт чоң шашкеден ооп калган кезде, курсагы чыгып турган, орто бойлуу Казыбек деген өз жашынан улуу көрүнгөн Токтогулдук бала келип калды. Иши токтоп калып, иш сураганы келиптир. Иманбектин жок экенин жана иштин эбак эле токтогонун угуп, капа боло түштү. Анткени ал бул жакка чоң ишеним менен келиптир. Казыбек кабагы салыңкы үнүн солгун чыгарып, сөгүнүп алды да:
- -Деги качан алдамчылыктын аягына чекит коюлат болду экен. Мага айтышпады беле "Иманбекте иш бар, ошол жакка баргын" - деп. Болжолдоп эле айта беришкенине таң калам. Кап! Мындайын билгенде Ивановскийге кетип калбайт белем, белен машина менен. Деги эле азыр кимге ишенүүнү дагы билбей калдым. Жөн эле жанында жүргөнсүп сүйлөп, адамды ишендирип салышат. Ушул жашка келгени таттуу сөздөргө ишене берип чарчап деле бүткөндөй болдум, бирок, дале ал ишенчээк адатымдан арыла албай келем деп, жакын жердеги столго көчүк басып олтуруп, жер караган тейде бир топко үнсүз ойго алаксып кетти. Анын бул көрүнүшү эле кандайдыр бир кейипкердин кейпинен белги берип, анын көптү көргөнүн айгинелеп турду. Эх, жашоо, жашоо үчүн адам баласы билинбегени менен эмне деген гана азаптарды башынан өткөрбөйт жана аны тез эле унутуп калат. Анткени Казыбек канча жолу ажалдын чеңгээлинен кутулганын анын жаак этиндеги тырыгы эле айтып турду. Адам баласын " пенде" деп коёт. Пенде араб тилинен которгондо "унутчаак" деген сөздү туюндурат. Ошол себептен пендечиликте баардык нерсе болот жана боло берет эмеспи. Канча кылымдан бери адам баласы эле эмес, деги эле жарык дүйнөгө жаралган жан - жаныбарлар жашоо үчүн күрөшүп, жашоо үчүн баарына барып келген эмеспи. Анысыңары канчалаган мекендештерибиз жашоо үчүн бөтөн элге иш издеп кетип жатышат. Бул дагы байкалбаганы менен жашоо менен күрөшкөнгө тете иш экенин ким тана алат. Бир чай кайнам убакытта гана Казыбек сөзгө келип:
- -Байке, деги бүгүн Иманбек келеби? - деп Бердиге кайрылды. Берди башын ийкеп:
- -Келет, балким ал азыр деле келип калышы толук мүмкүн. Анткени мени бүгүн кечте Казань бекетине жеткирмек. Мен дагы сага окшоп ак көңүлдүктүн айынан бир алдамчынын сөзүнө ишенип келип, кайра кете албай жүргөн кезим. Сөз ушуну менен башталып кетти. Казыбек болгон окуяны уккандан кийин күнөөсү жок жерге түкүрүп алып:
- -Эгер мен Кыргызстанга барып калсам, өз колум менен алиги силерди алдаган Саматтын башын жулам. Өз улутунун балдарын эмне сатат. Бул жакта ансыз деле кыргыздар жыргап кеткен жок. Билбейм, деги кандай атанын баласы элин сатып, алдап акча жасайт болду экен. Берди байке эми сиз менин башымдан өткөн окуны уксаңыз төбө чачыңыз тик турат. Көзүңүз менен көрбөгөн соң ишенбейсиз. Мына бул бетимдин тырыгын караңыз. Бул тырык улутчул такыр баштардан калган белек. Ал эми менттерден көргөн кордук жана жеген денемдеги таяктын издерин киймим жашырып турат. Эгер мен акча таап Кыргызстанга барып калсам, мигранттардын талабын талашкан уюм ачып, алигидей көзү жетпеген ишке кадам таштаган жана элди алдаган алдамчыларга бөгөт коёт болчумун. Азыр сиздерге окшоп алданып келгендер чачтан көп. Мен дагы бул жакка алданып келип, минтип иши жок калдым.
- Мен алгач Самара шаарына келип иштедим. Ал жакта ишим жакшы эле болуп жаткан болучу. Анан сизге окшоп алданып Москвага келгени ишим такыр жүрүшкөн жок. Бирок, Москванын тузу оор, кетирбей кармай берет. Канча жердешибиз Кыргызстанга кетет "эми келбейм"- деп. Анан эле эки айга жетпей кайра келишет. Бул туздун кетирбей кармаганы эмей...
- Баарынан дагы кыргыз кыздардын дарегине доо кетирген жеңил ой кыздардын жоругу жанга батты. Көзүң менен көргөн чындык эмеспи.
- Кечээ жакында эле беш, алты кырыгыз бала эки кырыгыз кызын кармап алышып сабап жатышыптыр. Бир карасаң алардын жасаган иши дагы туура. Бирок кызга кол көтөргөнгө болбойт. Тиги эки кыз өздөрү ошого алып барышыптыр. Анткени балдар тиги эки кызга жай сөз менен үч жолу эскертүү беришиптир " тажик балдар менен жолукпагыла, биз силерге акча берип жардам берип туралы. Биз силерди өзгөчө тажик балдарга ыраа көрбөйбүз. Анткени алар силерди алдап боюңарга бүтүрүп коюп таштап кетет. Силер түшүнгүлөчү, биздин намысыбызга тийип жатасыңар. Биз тажик балдар менен өчбүз. Аны жакшы билесиңер. Эгер дагы бир жолу алардын кирин жууп, тамагын жасап берип, аларга аялындай мамиле жасасаңар, бизден жакшылык күтпөгүлө" - деп. Тиги эки кыз жакшылык менен айткан сөздү угуп калышпай, тим эле алар менен колтукташып, хандын уулу менен бара жатышкансып, өздөрүн бактылуу сезип бара жаткандарын өз көздөрү менен көрүп, кармап алышканда алар ачуу тилдерин агытышыптыр " биз аларды сүйөбүз, биздин сүйүүгө бут тоспогула" - деп. Ал эми тиги тажик балдар жолуккан жерден айтышат экен мактанып "Силер кыздарыңардын намысын сактай албайсыңар. Бир тажик кызын көрдүңөр беле башка улуттун баласынын алдында тебеленип жатканын" - деп. Анан кантип тиги балдар кызга кол көтөргөнгө барышпайт. Чын эле ошончо эле эркек каалап, сүйүүгө муктаж болуп турушса кыргыз балдары же коңшу казак балдары калбай калыптырбы. Чынын айтканда бул жакта кыргыздар менен тажиктер абдан эле бири - бирине өч экенин тиги кыздар абдан жакшы билип турушуп, жай атканда эле түшүнүп калышы керек болучу. Экөө көз жаштарын төгүп туруп, убада беришти "алар менен эми жолукпайбыз" - деп. Баардык жерден адам баласы алгач күнөөнү тилден табат. Андан дагы тиги эки кыз тил кайрыбай эле коюшканда, анда токмок жемек эмес эле. Дагы жакшы мен барып калып ажыратып калдым. Эринен токмок жеген аялдардай көздөрү көгөргөн. Баягыдай чакчарылбай, жели чыккан бакшыдай мусапыр болуп, жөн эле жалынышат. Бул эми жай айткан сөздү укпаган адамдын көргөн күнү. Байке, албетте жакшы кыздар бар. Бирок, алардын атына көө сүйкөгөн жеңил ой кыздар тигинтип башка улуттун жеринде жашап турушуп, намыстарын сактаса болмок. Кимдин эле кыз балага кол көтөргүсү келсин.
- Бир жолу мен айтылуу моссоветке барып калдым. Жаман адам улуттун атын, жаман жорук жердин атын булгайт эмеси. Азыр деле "моссовет, цирк" - дегенде дароо бузулган кыздардын топтошуп турган турпаты эске келет эмеспи. Бир эжеден сурап калдым "кайда иштейсиз" - деп. Ал эже оюнда жаман нерсе жок "Моссоветте" - деп жооп бергенде мен таң калып карап калсам, тиги эже дароо түшүнүп " мен ал жерде дары сатып иштейм. "Моссовет" дегенде эле элдин баары башкача кабыл алышат" - деп күлүп калды. Анысысыңары, алигидей жеңил ой кыздардын жоругу кантип башка, бул жакта иштеген кыздардын дарегине доо кетирбейт. "Бир карын майды, бир кумалак чиритет" дегендей, азыр кыргыздардын атын булгаган балдар - кыздар жок эмес. Мас болуп алышып, көчөдө жүргөн кыргыз балдар канча. Деги эле маданияттан артта калгандар адамдын көңүлүн ирээнжитет. Кээ бир студент, өздөрүн жакшы алып жүргөн балдарды көргөндө, алардын жасаган мамилесине, ишине көзүң тоюп, алар менен сыймыктанасың. Ал эми чылым менен ачкыл суунун кулуна айланган, сөгүнүп сүйлөгөн тайыз балдарга жолуксаң, көңүлүң чөгөт. Анткени алар улуттун атына доо кетирип жатышпайбы. Атаганат, кап! Биздин элге жакшы башчы гана жетпей турат. Кандай жакшы жерибиз бар, элибиз дагы салыштырмалуу башка улуттарга караганда жогору. Анткени, мен кыргыздарды көп улуттун элдерине салыштырып көрүп, сыймыктанып кетем. Эгер жашоолору жакшы болгондо, алиги ичкиликке берилгендердин саны азайат болучу. Жетишпеген жашоодо дайыма ичкилик баарын бийлеп кетет. Жетишкен, өнүккөн өлкөлөрдө жаман сапаттагы адамдар абдан аз кездешет.
- Буга мисал катары Япония менен Гаитинин элин эле алып карайлы. Японияны суу каптады эч кандай талап - тоноо болгон жок. Ал эми Гаитиде жер титирөө болду, жакыр мамилекет, талап - тоноого жол беришти. Бул жаман жашоо менен жакшы жашоодо жашаган элдердин айрымасын ачык эле билгизип койду. Берди туура айтылган сөзгө муюп:
- -Казыбек, сен абдан жакшы сөз айттың. Өзүң эле байкачы. Иш издеп келген элдер чиновниктери чабыр өлкөдөн келгендер. Кимдин эле мекенинен башка өлкөгө кеткиси келсин. Биздин элибиз алгачкы ажону шайлаганда эле ээрге кыйшык олтуруп алган. Ошол аялын жана балдарын башкара албаган киши кантип он беш жыл эл башкарды. Андан кийин эле беш жылда канча адамдын жанын кыйып, акыры элине ок атып кеткен ажонун тагдырын эч кимге бербесин. Анткени анын жасаган иши тарыхта кара тамга менен жазылып калды да. Кийин эки ажонун урпактары кантип баштарын өйдө көтөрүп айтат " чоң атам президент болгон"-деп. Антип айткан күндө дагы "качып кеткенби?" - деген сөзгө жооп берүү албетте жер каратат. Бул эми тайыз адамдардын жасаган иши. Мен эки ажого сын тагайын деген ойдо эмес, кыргыз эли эми ошондой ыплас ажодон сак болсун деген ойдо айтып жатам. Тээ илгертеден бери айтылган кеп бар "башчы ит болсо аны ээрчигендер дагы ит болот" - деген. " Саяпкери жарашса, күлүктөн күлүк чыгат" - деп айтылгандай, элге азыр дагы айтам жакшы башчы гана жетишпей турат. Болбосо, биздин эл өсүп өнүгүү жолуна эбак эле түшмөк. Казыбек сөздү бөлүп:
- -Берди байке, сиз абдан жакшы сөз айттыңыз. Мен сиздин сөзгө кошулам. Тазалык бар жерде өсүү болот. Чиновниктер таза болбогон үчүн минтип мага жана сизге окшогон атуулдарыбыз кара жанды кылдын учуна кармап, минтип менттер менен такырбаштардан качып, иш издеп жанды оозго тиштип жүрбөйбүзбү. Бул эми биздин күнөө эмес, албетте мамилекетти талап - тоногондордун күнөөсү. Сөз ушул жерге келгенде оңдой берди болуп Иманбек келип калды. Казыбек аны көргөндө ушундай бир сүйүнүп кетти белем, олтурган ордунан тура калды. Күткөн адам келгенде адам баласы кандай сүйүнөт. Экөө мурда тааныш белем, кучакташып көрүштү. Жакшы адамдар дайыма жакшы маанай менен бири - бирине берилип учурашат эмеспи. Эки курбу бир топко сүйлөшүп олтурушту. Казыбек өзбек балдардын жоругун укканда дагы жерге түкүрүп:
- -Ушулардын азабы өттү "бааны бузуп" деп кобуранып алып, анан өзүнүн оюн айтты. Аңгыча эле Бердинин телефонуна чакырык келип калды. Көрсө бул телефон чалган Ленинграддагы балдызы экен. Балдызы менен сүйлөшкөн Бердинин кабагы ачыла түштү. Анткени балдызы "бизди сыйды көргөнчө, шаарды дагы көрүп кет"-деп чакырган эле. Бир жагынан бул сунуш дагы абдан жакты. Анткени эми качан келмек эле. Мынча болду тээ илгертен бери айтылып келген "Кышкы Сарайды" дагы көрүп кеткени жакшы эмеспи.
- Жакшы сөз, жакшы кабар адам баласын кандай кубантат. Ленинград баатыр шаар жана болгон Россиянын эң кооз жана чоң шаары. Андай шаарды көргөн ар бир адамдын эле бешенесине жазыла бербейт. Ал турсун Москваны көргөнгө зар болуп жүргөн канча адам бар. "Уккан кулактан, көз менен көргөн миң эсе артык" - деген кеп бар эмеспи. Берди эми Питерге бара турганын айтканда Иманбек дагы сүйүнүп кетти. Анткени ал "белет алганга кантип акча жагынан жардам берем" деген ойдо жүрүптүр. Дароо эле айтты:
- -Анда байке кеттик. Казыбек жүрү биз менен бара турган жериңе жетип ал. Бүгүн Кыргызстанга поезд кетеби, кетпейби билбей жаттым эле. Ал эми Питерге ар бир жарым саат сайын электричка кете берет деди. Берди абдан толкунданып алган. Анткени жеринен эле кызыгып жүргөн болучу " Ленинградды бир көрсөм болот эле" - деп. Укканы бар "айлуу түндө китеп окусаң болот" - деген кепти. Аскерде кызмат өтөп жүргөн кезинде Ленинграддык Петров Сергей деген узун бойлуу бала өзүнүн шаары Ленинград жөнүндө абдан кызыктуу кылып айтып берип, абдан кызыктырып салган. Картаны караганда дагы алгач Ленинград шаары көзүнө биринчи урунчу. Эми ошол шаарды өз көзү менен көргөнү бара жаткан адамдын абалын элестетип көрөлү. "Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны"- дегендей, бир жолу келген учурду пайдаланып калуу дагы керек да. Таттуу кыялга жетеленип, Ленинградский темир жол бекетине кантип келип калды Берди билбей дагы калды. Иманбек өзү кеткенге чейин күтүп туруп качан гана электричка жүрүп кеткенде гана колун булгалап калып калды. Эх, жакшы адамдар качан болсо жакшы сапатынан жазбайт экен да. Керек болсо Самат дагы кетип жатканда минтип узаткан эмес эле. Кайра ал кеткенче шашып, поезд ордунан жыла электе эле кетип калган болучу. Атаганат, көрсө кимдин ким экенин бир гана убакыт таразалап коёт белем. Казыбек жылуу коштошуп, машинадан түшүп калып жатып ал дагы өкүнүп калган " узата албай калдым"-деп. Ал эми Иманбектин адамдык сапатына Бердинин ичи жылып "шаарга келсең сөзсүз жолук" - деп, кайра - кайра кайра айтып, колун булгалап, ызы - чуусу көп Москва шаарын таштап узап кетти.
- Электричканын ичинин тазалыгы, тейлеген адамдардын маданиятуулугу адамдын көңүлүн өстүрөт. Кыргызстандын поезди менен салыштырмалуу айрыма асман менен жердей. Жөн эле конфорт. Баары тыкан жана көзгө кооз көрүнөт. Дизайнери башка улуттан алынып келип жасалганбы, ким билет. Түнү жолго чыккангабы эмнегедир баягы крот чаккан жерлери жан койбой тырматып, уйку бербеди. Баардык эле оорулар кечкисин адам баласы тынч алганда башталат эмеспи. Жаны көзүнө көрүнүп,тырманган жерлери жара дагы болуп кетти. Жакшы эле чыдап тырманбай койгусу келди, бирок кроттун уусу жөн эле жанды сууруп алчудай. Тырманганда гана жаны айылып жыргай түшөт, бирок жарага айланганы жаман болду. Таңга жуук гана уйкуга алдырган Берди мемиреп жатканда жанында жаткан орус жаш бала коштошуу максатында ойготуп, кайсы бир станциядан түшүп калды.
- Бул бала студент экен. Билимге кангангабы эмнегедир сылык анан жакшы нерселерди айтып берген. Бирок бат эле уктап калган болучу.
- Түшкү саат экилерде гана шаарга келген Бердини балдызы тосуп алды. Эми айтылгандай эле Питердин кооздугу, тазалыгы, тартиптин бардыгын ушундан улам билсе болот, жерде жада калса чылымдын калдыгын эмес, түкүрүк дагы көрүүгө болбойт. Бул эми маданиятуулуктан белги берет. Баарынан дагы Бердиге, Нүргүл балдызы сатып берген кротко каршы маздын жардамы жанын жай алдырып, кечки алтыдан таң атканга чейин бир кыймылдап койбойкүн сулк эле жатты, уктап. Ушул жерден билсек болот, бул жашоодо эң алгач ден - соолук адам баласына керек экенин. Ошотип Питерге келгени Берди алгач эле кроттун азабынан кутулса, экинчи жагынан шаар кыдырып көңүлү өстү. Шаардын кооздугунан дагы таң кала тургандай, ойго келбегендей имараттардын асман тиреген бийиктиги кызыктырды. Ал эми бул шаарга салыштырмалуу Москва ызы - чуу, машинанын тыгыны, ар улуттун элдеринин көптүгү, баардык жагынан Питерге караганда артта калган. Бердини кызыктырган Нева дарыясынын алдынан өткөн метронун тереңдиги болду. Ушунун баарын жасаган орус калкы чынында эле улуу калк экенин билсе болот. Эски имараттардын салынганы күнү бүгүнкүдөй турганы, немистердин талкалоосунан кийин ушунча оңолгон шаардын кооздугу бир укмуш. Акты ак, караны кара деп айтканга эмне жетсин. Чынында эле эски шаар аталган Ленинград беш күндүн ичинде баардык жагынан Бердиге жакты. Алданып келип капа болуп, Самат менен Турарга нааразы болсо, минтип жакшы адамдар көңүлүн өстүрүп, жардам берип, шаар көргөзгөнүнө ыраазы болду. Бердини кайын жеңеси Айгүл менен балдызы Нүргүл болгон шаардын кооз жерлерин көргөзүп, сүрөткө түшүрүп, эсте кала тургандай иш кылышты. Көрсө бул жалган дүйнөдө адам баласы бирде ыйласа, бирде күлүп, бирде куураса, бирде жыргап жашайт белем, Берди баягы куураган күндөрдү унутуп, өзүнө он жылдык энергия топтоп, кайдасың Ала - Тоолуу, Ак Мөңгүлү Кыргызстаным деп, кайра артка тартып келе жатып эки айдын ичинде көргөн күндөрүн эстеп, калыс ой жүгүрттү.
- Бир гана "акча табам" деп жанын жеп карганып, мактанып жатып жиберген Самат менен көрүшчү күндү көз алдына элестетти. Ал кишини көргөндө күн нурундай жаркырап турган кабагы бүркөлүп, кара булут жан дүйнөсүн каптайт. Ал эми өзүнө жардам берген жакшы адамдарга жолукса берээрге ашын таппай, кандай сый көргөзүүнү билбей калдастап калышы турган иш. Көрсө кара ниет, жаман ойдогу адамдардын жоруктары дайыма адам баласына терс таасирин тийгизип, жада калса адамдын ден соолугуна зыян келтириши толук мүмкүн экен дагы, алардын ысмын уккусу келбей калат экен. Ушунча баланы сызга олтургузган адамга кайсы адамдын ичи жылып, анын дарегине ким жакшы сөз айтат. Бир келген жашоодо булганбай, таза, адам баласынын жүзүн тик карап, корунбай жашаганга эмне жетсин.
- Ал эми жакшы адамдардын жасаган иштери адам баласынын көңүлүнүн төрүнөн орун алып, көңүл өстүрүп, пайдасын тийгизээрине турмуш өзү күбө. Мына буга мисал катары гитлердин эле жоругун алалы. Канча адамдын көз жашын агызып, согуш баштады дагы аягында өзүлөрү эмне болду. Турмушта сабак болучу окуялар болуп өттү, бирок ой тилеги начар адамдарга турмуш сабактары дагы таасир бербейт көрүнөт. Учурунда Саматка кандай гана сөздөр айтылды. Эгер жакшы адам болгондо Москвага чейин барган соң, элүү чакырым алыстыкта талаа ишинде иштеп жаткан балдардын жашоо турмушун өз көзү менен көрүп, кечирим сурап, жагдайды түшүндүрүп кетсе, көңүлдө зак калбайт эле да. " Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет" деп айтылгандай, Самат учурунда Турарга алданып калса же иш оңунан чыкпай калдыбы балдардын алдыдан өтүп койгону парз болучу. Бирок ага анын адамдык сапаты жол бербеди. Албетте бул күндөр дагы өтүп кетет. Өзү айткандай эми кантип кыргыз жеринде башын өйдө көтөрүп басып жүрөт болду экен.
- Берди Кыргызстанга келип эле баягы бир кезде көзгө жакшы көрүнгөн, келгенден кийин көзгө суук көрүнгөн Саматтын конторасына барса, эбак эле прокуратура Саматка иш козгоп, конторасын жаап салыптыр.
- Ошонтип кийинки отуз беш баланы кошкондо кырк тогуз кыргыз атуулун алдаган Самат менен Турар кырк тогуз баланын жана алардын жакын туугандарынын көкүрөгүндө жаман адам катары кара тамга менен жазылып калды. Ушундай алдамчылардын кесепетинен коңшу казак элинде ак көңүл, ишенчээк, байо мүнөз атуулдарыбыз кул болуп, колдон колго сатылып жүрөт. "Кыргыз сатам" - деп дарбазаларына жазып койгон казактардын жоругуна дагы Самат менен Турар өңдүү алдамчылардын жаман сапаты күнөөлүү. Алдамчы эл сатарларга деги качан мыйзам чегинде жаза колдонуп, чабыр өлкөбүздө алдамчылардын саны азаят болду экен? - деген суроого жооп табуу албетте караңгыда жоголгон ийнени издегенге тете иш.
- Кыйратам, жыргатам дегендерге ишенип, тууган - туушкан, досторунун сөзүнөн алдамчылардын сөзүн жогору койгон бул, болбогон иш экенине болуп өткөн окуя дагы бир жолу сабак болду. Канча жолу айтышты," алар силерди алдап жатышат" - деп. Бирок, баарынан бир гана таттуу сөзгө ишенип, өзгөчө алданган сегиз гана баланын көргөн күнүн кагаз бетине түшүрүү менен дагы бир жолу эскертип кетүү парз. Алдамчыларга ишенбегиле, мекендештер! Алар акча үчүн элди эле эмес ата, бабаларыбыз кан - жанын берип сактап келген жерибизди, мекенибизди дагы сатып кеткенден кайра тартышпайт. Анткени алдамчылык дагы билинбегени менен адам баласындагы жаман адат. Алдамчылар алдамайын жашай албайт. Ошол себептен баары бүтүп мекендештеринин күчүн сатып, алдаган акыркы кездерде күч алып бара жатканын эсиңиздерге салабыз.
- "Бөтөн жердин көк шиберин басканча, өз элиңдин тикенегин баскан артык"-деп Омар Хаямдын рубаисинде айтылгандай, мекенибиздин кадырын билгенибиз оң. Ылайым алдамчылардын жолу буулуп, алдангандар арабызда болбосун.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   HanTegin   14 Июнь 2018 - 08:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Аягына чыккыча тажап кеттим. Аттап буттап окудум. Майдалап, бир созду кайра кайра кайталап жаза бериптир

Билдирүүнү түзөткөн: HanTegin: 14 Июнь 2018 - 08:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Июл 2025 22:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: