КҮЗ ЫРЛАРЫ
…Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.
Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.
Турсун белен кагаз менен калемсап
Кай учурда келсе дагы. Алтүндө
Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.
…Эс да, жан да эркин турсун баарынан:
Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,
Жеңил достон, жеке душман заарынан.
Эс да, жан да эркин турсун баарынан.
Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу:
Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору.
Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,
Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.
Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана?
Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.
Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч,
Жапайы каз учуп өтчү жактардан.
Бул болбосо тигил кырдын артында
Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра…
Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да
Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.
Кыйрын кезип, боюн бойлойт боз чалгын,
Боз чалгындан деми келет жаш кардын…
Эстебесим басып келер эске алып,
Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.
Жаандан кийин… жагып кетер айың бар.
Кылчактабай өт, өтө бер, да бир күз.
Айың барда бар-жогуңа кайылмын,
Жарыктык күз, нээтим сага дайым түз.
…Жумшак, муздак… жайбаракат жааганын
Сен да көрүп турасыңбы, о досум.
Кыштын башын айтып келген жаңылык,
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.
…Келсек бир кез кереметтүү бул жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.
Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сындуу учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге.
Кездер болгон таңын чогуу атырбай
Күн көрбөстөй бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп, капырай…
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.
Кемип, толуп… аз жүрүппү, көп жүрүп,
Биз кетебиз кайрылбастын айлына.
Азбай, тозбой ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.
ЭКӨӨ (Эссе)
Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
- Эмне кылып олтурасың, адам?
- Эс алып олтурам, а өзүңчү?
- Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
- Көрүнгөн тоонун боорунан.
- Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
- Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
- Ошол элеби?
- Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
- Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
- Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
- А сен эмне калтырдың?
- Артымда калган жолду.
- Жолдон эмнелерди көрдүң?
- Агын суу менен жайкалган эгинди.
- Дагы?
- Чыккан күн менен бадачыны.
- Жолдон эмнеңи жоготтуң?
- Жаш кезимди жана сүйүүнү.
- Жол сага эмне берди?
- Өкүнүч менен тажрыйбаны.
- Дагы?
- Ишеним менен үмүттү.
- Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
- Көргөм.
- Эмне бар экен?
- Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
- Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
- Ушул өрөөндү.
- Эми кайда баратасың?
- Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
- Мен ийниме кирем.
- Ийниң караңгыдыр?
- Албетте, бирок караңгысы — түндөй эле.
- Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
- Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
- Ушул учурда бактылуумун.
- Эмне үчүн?
- Анткени, жолдо баратам.
- Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
- Тазаруу жана күтүү.
- Кантип тазардың?
- Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип — тазардым.
- Эмнени күтөсүң?
- Жакшылыкты.
- Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.
1986-жыл
С.Акматбекованын котормолору ( Мацуо Басё)
Улуу да, буруу ой басып,
Узун да, кыска жол басып
Улгайтып келген өмүрдү…
* * *
Кайгың менен тазарт акыл, эсиңди
Кайгың менен караңгыны жарык кыл,
Кайгы менен арууланткын өзүңдү.
* * *
Эски бак, бышкан алчасы,
Эсиме салды канчасын
Эзелки сууган күндөрдүн…
* * *
Көрсөтүп гүлүн алчанын
Көңүлүң ачып келейин,
Жүрөгой байкуш калпагым!
* * *
Саргайды баары. Сары күз.
Садагам бери карачы,
Мен дагы сени сагындым.
* * *
Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти жымжырттык
Тунжурап жүз жыл турду эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 30 Август 2013 - 22:31