Суперстан: Байыркы түрктөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Байыркы түрктөр

#1 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 13:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КИРИШ СӨЗ
Тема жана анын мааниси. Адамзаттын тарыхы ырааттуулук менен кылдат
изилденген эмес. Европада жана Жакынкы Чыгышта окуялардын ырааты жана коомдук
формациялардын алмашуусу XIX к. акырында эле жалпыга жеткиликтүү жыйынды
эмгектерде баяндалып, ал эми Индия менен Кытай XX к. башында сүрөттөлүп жазылган
болсо, евразиялык талаанын зор аймагы али да болсо өзүнүн изилдөөчүсүн күтүп
жатат. Бул өзгөчө тарыхый аренага Чыңгыз хан пайда болгонго чейинки мезгилге
тийиштүү, ал убакта борбордук азиялык талаада эки эң сонун эл — хуннулар1жана
байыркы түрктөр, ошондой эле өздөрүнүн ысымдарын даңктоого үлгүрбөй калган
көптөгөн башка элдер түзүлгөн жана кыйрап жок болгон.
Алардын баары бири-бирин гана кайталайт деп эсептөө каталык болор эле, бирок
алардын өндүрүш ыкмасы — көчмөн малчылык — чарбанын өркүндөтүүгө дээрлик
мүмкүн болбогон бир кыйла туруктуу формасы болуп саналат. Бирок дүйнөлүк тарыхта
хуннулардын жана байыркы түрктөрдүн турмуш-тиричилигинин, мекемелеринин,
саясатынын формалары жана орду алардын тагдыры ар түрдүү болгон сыяктуу эле
таптакыр ар башка.
Дүйнөлүк тарыхтын фонунда байыркы түрк элинин жана алар түзгөн дөөлөттүн
тарыхы мындай деген суроого алып келет: эмне үчүн түрктөр келип чыкты жана дегеле
өздөрүнүн тукумдары болуп саналбаган көп элдерге өз атын мураска калтыруу менен
эмне үчүн жок болуп кетти? Бул проблеманы саясий тарыхты гана талдоо жолу менен
же социалдык мамилелерди талдоо жолу менен чечүүгө бир канча жолу аракет
жасалды, бирок эч кандай натыйжага алып келген жок. Адамзаттын тарыхындагы
ээлеген зор маанисине карабастан байыркы түрктөр аз санда болгон жана Кытай, Иран
менен тыгыз коңшулук алардын ички иштерине таасирин тийгизбей коё албады.
Демек, бул өлкөлөрдүн социалдык жана саясий тарыхы тыгыз айкалышкан,
ошондуктан окуялардын жүрүшүн калыбына келтирүү үчүн бул экөөнү тең көз алдыда
кармоого тийишпиз. Экономикалык конъюнктуранын, атап айтканда, кытай
товарларын ташып чыгуунун жогорку же төмөнкү деңгээлине жана Иран өкмөтүнүн
бөгөт коюу иш чараларына байланыштуу экономикалык өзгөрүштөр бир кыйла роль
ойноду.
Түрк кагандыгы VI к. аягында батышта Византия менен, түштүктө Персия, ал түгүл
Индия менен, ал эми чыгышта Кытай менен чектеш болгон соң, албетте, биз карап
жаткан мезгилде бул өлкөлөрдөгү тарыхтын өзгөрүшү түрк дөөлөтүнүн тагдыры менен
байланыштуу. Анын түзүлүшү кандайдыр бир өлчөмдө адамзаттын тарыхындагы
бурулуш учур болуп калды, анткени ага чейин Жер Ортолук деңизинин жана Ыраакы
Чыгыштын маданияты өз алдынча айрым болгон, бирок бири-биринин бар экендиги
жөнүндө билишкен. Чексиз талаалар жана бийик тоо кыркалары Чыгыш менен
Батыштын өз ара катташуусуна бөгөт болгон. Кийинчерээк гана металл үзөңгүлөрдүн
ойлоп табылышы жана арабаны алмаштырган унаа көлүктөрүнүн пайда болушу
кербендерге чөлдөрдөн жана ашуулардан бир кыйла жеңил өтүүгө мүмкүндүк берген.
Ошондуктан VI к. тартып кытайларга Констонтинополдогу базардын баалары менен
эсептешүүгө, ал эми византиялыктарга Кытай падышасынын копейщиктеринин санын
эсептөөгө туура келген.
Мына ушундай кырдаалда түрктөр ортомчулардын гана ролун аткарбастан, ошол
эле убакта өздөрүнүн маданиятын өнүктүрүп, аны Кытайдын да, Ирандын да,
Византиянын да, Индиянын да маданиятына карама-каршы коюу мүмкүн деп
эсептешкен. Бул өзгөчөлөнгөн талаа маданиятынын байыркы салттары жана терең тамырлары болгон, ошентсе да алар бизге отурукташкан өлкөлөрдүн маданиятына
караганда бир кыйла азыраак даражада белгилүү. Арийне, мунун себеби түрктөр жана
башка көчмөн уруулар өздөрүнүн коңшуларына караганда азыраак жөндөмдүү
болушканында эмес, кеп алардын материалдык маданиятынын калдыктары — кийиз,
булгаары, жыгач жана аң терилери ташка караганда начар сакталгандыгында,
ошондуктан батыш европалык окумуштуулардын чөйрөсүндө көчмөндөр "адамзаттын
жалкоолору" (Виолле ле-Дюк) болгон деген жаңылыш пикир келип чыккан. Азыр
Түштүк Сибирде, Монголияда жана Орто Азияда жүргүзүлүп жаткан археологиялык
иштер мындай пикирди ар жыл сайын четке кагып жатат, ошондуктан жакында
байыркы түрктөрдүн искусствосу жөнүндө биз кеп кыла турган мезгил келет. Бирок
изилдөөчүнү материалдык маданиятка караганда түрктөрдүн коомдук турмуш-
тиричилигинин жана социалдык институттарынын татаал формалары: эл, дубандык-
шатылык система, чиндердин иерархиясы, согуштук тартип, дипломатия, ошондой эле
коңшулаш өлкөлөрдүн идеологиялык системаларына карама-каршы койгудай так
иштелип чыккан дүйнөлүк көз караштын бар экендиги көбүрөөк таң калтырат.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, байыркы түрк коому кадам баштаган жол
кыйрап жок болууга алып келүүчү жол болгон, анткени талааларда жана анын чек
араларында келип чыккан карама-каршылыктар жоюуга мүмкүн эместей болуп чыкты.
Оор учурларда талаа калкынын басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн хандарын колдоодон
баш тартышкан, мунун өзү 604-жылы кагандыктын Батыш жана Чыгыш кагандыгы
болуп бөлүнүшүнө, 630- жана 635-жылдарда өз алдынчалыгын жоготушуна (ырас, 679-
жылы аны кайтарып алышкан) жана 745-жылы элдин таптакыр кыйрап жок болушуна
алып келген. Албетте, элдердин бул кыйрашы али бардык адамдардын, аны
түзгөндөрдүн жок болушу дегендикти билдирген эмес. Алардын бир бөлүгү талаадагы
бийликти мураска алган уйгурларга баш ийип, ал эми көпчүлүгү Кытайдын чек аралык
аскерлерине барып жашырынган. Акыркылары 756-жылы Тан династиясынын
императоруна каршы көтөрүлүш чыгарган. Түрктөрдүн калдыктары көтөрүлүшкө
жигердүү катышып, башка көтөрүлүшчүлөр менен бирге тыптыйпыл болуп кырылган.
Дал мына ушул учур түрк элинин да, түрк доорунун да (демек, биздин теманын да)
доорон сүрүшүнүн соңу болуп калды.
Бирок "түрк" деген ат ошол бойдон жок болуп кеткен жок. Ал гана эмес ал жарым
Азияга тараган. Арабдар Согдианадан түндүк жактагы жоокер көчмөндөрдүн баарын
түрктөр деп аташкан. Ошентип алар бул наамды кабыл алышкан, анткени алгачкы
түрктөр жер бетинен жексен болушкандан кийин да талаа уруулары үчүн
баатырдыктын жана каармандыктын үлгүсү болуп калган. Андан кийин да бул термин
дагы бир жолу кайра өзгөртүлүп, тилдик үй-бүлөнүн аталышы болуп калды. Ошентип
VI—VII кк. улуу кагандыкка эч убакта кирбеген көптөгөн элдер "түрктөр" болуп
калышкан. Алардын ичинен кээ бирлери ал түгүл монголоиддер да болушкан эмес,
маселен, түркмөндөр, осмондор, азербайжандар. Башкалары, маселен, курыкандар —
якуттардын ата-бабалары жана кыргыздар—хакастардын ата-бабалары кагандыктын эң
каардуу душманы болушкан. Үчүнчүлөрү, маселен, балкарлар жана чуваштар байыркы
түрктөрдүн өздөрүнөн да мурда түзүлгөн. Бирок азыркы убакта "түрк" терминин
кеңири жайылган лингвисттик түшүндүрүүнүн да кандайдыр бир белгилүү негизи бар:
байыркы түрктөр хуннулардын убагында эле бышып жетилген жана III—V кк. коомдун
басынган чагындагы дымыгуу абалында турган талаа маданиятынын башталмаларын
турмушка бир кыйла айкын ашырышкан.
Ошентип, байыркы түрктөрдүн адамзат тарыхындагы мааниси зор болгон, бирок
бул элдин тарыхы ушул убакка чейин жазылган эмес. Ал үзүндү жана кыскартылган
түрдө гана баяндалган. Бул булак таануу, ономастикалык, этнонимикалык жана
топонимикалык мүнөздөгү кыйынчылыктарды айланып өтүүгө шарт түзгөн. Мындай
кыйынчылыктар ушунчалык зор болгондуктан, бул эмгек дефиницияларды түзүүгө
далалат кылбайт. Автор бул эмгек проблеманы чечүүгө карай баскыч катары кызмат
кыла ала тургандыгынан гана үмүттөнөт. Китеп тарыхый анализдин жана синтездин
методдорун айкалыштыруунун тажрыйбасы катары ойлоштурулган. Байыркы
түрктөрдүн жана алар менен байланыштуу же алардан мурда жашаган элдердин
тарыхынын айрым көрүнүштөрү гана талдоого алынды. Ушуга эле булактарды жана
ономастика менен этногенез проблемаларын сынга алуу таандык. Мунун синтези
белгилүү бүтүндүктү мезгилге бөлүүнүн аспектинде түзүлгөн, ошондой эле бүткүл
дүйнөлүк тарыхтын өзөгүнө сүрөттөлгөн көрүнүштөрдү киргизүүнүн бирдиктүү
процесси катары түркүттөрдүн2
, көк3
түрктөрдүн жана уйгурлардын4
тарыхын аңдап
түшүнүү болуп саналат.

2
Биринчи (546—658-жылдар) кагандыктын түрктөрү
3
Көк түрк — экинчи кагандыктын (678—747-жылдар) түрктөрү.
4 Мында көчмөн уйгурлардын хандыгы (747—847-жылдар) гана эске алынып жатат; бул
жерде соңку мезгилдеги отурукташкан уйгурлар тууралуу айтылбайт.


1
Караңыз: Л.Н.Гумилев, Хунну.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 13:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ОКУЯЛАРДЫН БОСОГОСУНДА (420—546-жылдар)
Сары дарыядагы өзгөрүштөр. Алсыраган Римди V к. кыйраткан Европадагы элдердин
улуу жер которуусу Чыгыш Азияда 100 жыл мурда болуп өткөн. Кытай тарыхында "беш
варвардык уруунун доору" (304—399-жылдар) деп аталган мезгилде Түндүк Кытайды
хуннулар жана сянбилер басып алып баш ийдирип, ал жерге готтордун, бургундардын
жана вандалдардын варвардык королдугуна окшош бир катар эфемердик мамлекеттерди
түзүшкөн. Европада Балкан жарым аралында Чыгыш-Рим империясы туруштук бергендей
эле, Кытайда да улуу Янцзы дарыясынын жээктеринде өз алдынча Кытай империясы —
Хань империясынын мурасчысы туруштук берип жашап калган. Ал да эрте Византия
сыяктуу өзүнүн мурунку улуу мамлекетине — гүлдөгөн доордогу Римге окшош болгон
сыяктуу эле түндүктөн жана батыштан каптап келген варварларга каршы коргонуу үчүн
гана өзүнө күч таба алган. Династияларын көп алмаштырган алсыз жана жөндөмсүз
императорлор1 мурда ошол убакта Хуанхэ өрөөнү аталгандай, "Ортолук түздүктүн" кытай
калкын варвардык жолбашчылардын курмандыгына калтырышкан, бирок дегени менен
чет элдиктердин аёосуз эзүүсүнө жана туруктуу жүрүп жаткан өз ара согуштардагы кан
төгүшүүлөргө карабастан кытайлар Түндүк Кытайда өздөрүн жеңип чыккан элдерге
караганда сан жагынан басымдуулук кылган, мына ушунун өзү VI к. Кытайдын кайра
жаралышына шарт түзгөн.
Өздөрүнүн атаандаштарынын2
баарын жеңип чыккан тоба уруусуна Кытай маданияты
өтө жаккан. Тобалар түзгөн эрте феодалдык мамлекет 420-жылга карата бүткүл Түндүк
Кытайды бир империяга бириктирип, ал кытайча Вэй (386-жыл) деп аталып калган. Бул
тобаханынын өзүнүн букараларынын басымдуу көпчүлүгүн түзгөн кытай калкы менен
ымала түзүүгө карай алгачкы кадамы болгон. Көчмөндөрдөн башталган ассимиляция
процесси V к. аягында тобалардын тукумдарын чачтарын кырктырууга алып келген, ал
эми баш ийгендер менен аралашуу алардын күч-кубатын жана каада-салттарын
үзгүлтүккө учураткан. Алар ал түгүл эне тилинде эмес, кытайча сүйлөй башташкан. Тили
жана кийими менен бирге алар бир убактарда жеңишке жетишүүгө мүмкүндүк берген
талаалык каармандыгы менен ынтымагын жоготушкан, бирок алар дегени менен
өздөрүнүн мамлекетин кайра түзүүгө өжөрлөнө умтулган кытай калкы менен жуурулуша
алышкан эмес.
Ордо төңкөрүштөрү жана алардын артынан болгон жазалоолор Вэй династиясынын
бийлигин бошоңдотору менен сянби императорлорунун кызматында жүргөн кытай
полководецтери өздөрүнүн өкүмдарларынан күчтүү жана кубаттуу болуп чыкты. 531-
жылы түндүк-чыгышта Гао Хуань көтөрүлүш чыгарып, тоба аскерлерин талкалап, борбор
шаары Лоянды ээлеп алды. Адегенде ал династиянын таламын талашкан болуп,
ханзаадалардын бирин император кылып жарыялады, бирок өзүнүн полководецинен
коркуп, батышты көздөй — Чанъ-анга качып кетип, ал жерде кытайлашып кеткен сянби
аскер башчы Юйвынь Тайдын колдоосуна ээ болду. Гао Хуань ошол эле Вэй
династиясынан башка бир ханзааданы такка отургузду. Ошентип, империя Батыш Вэй
жана Чыгыш Вэй империяларына бөлүндү, бирок экөөндө тең чыныгы башкаруучулар
сянби императорлорун бетке кармап, убактылуу сактап турган кытай полководецтери
болгон. Мындай абал узакка созулган жок. Сянбилердин кандуу үстөмдүгү кытайлардын
ушунчалык ачуусун келтирип, күчтөр өздөрүнүн колдоруна өткөн соң жеңилгендер менен
убаракерленип отурууну каалашкан жок. Юйвынь Тай бир нече жалган императорду
ууландырып өлтүргөн, ал эми анын уулу 557-жылы өзүн жетиштүү кубаттуу деп эсептеп,
жек көрүндү династияны жоюп, өзүнүн Бэй-Чжоу3
династиясын негиздөөнү туура деп
тапты.
Түндүк-Чыгыш Кытайда сянбилерди ого бетер катуу жазалашты. 550-жылы Гао
Хуандын мурасчысы — Гао Ян өзүнүн пайдасына акыркы императорду тактан баш тартууга
мажбурлап, аны уу берип өлтүрдү. Императордун 721 адамдан турган тууган-
туушкандары бүт өлтүрүлүп, алардын сөөгү коюлбасын үчүн денелери сууга ыргытылды.
Жаңы династия Бэй-Ци деп аталып калды.
Түндүк падышачылыктарынын экөө тең экономикалык жана саясий жактан бир кыйла
бекем болгон. Жат уруулардын үстөмдүгүнөн бошонгон кытай калкы өзүнүн маданиятын
калыбына келтирүү үчүн дүркүрөгөн иш-аракетти өнүктүрдү. Бирок Бэй-Чжоу менен Бэй-
Цинин ортосунда келип чыккан атаандаштык алардын күчтөрүн мактап, жигердүү саясат
жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.
Түштүктө Лян династиясынын акыркы императорлору өздөрүнүн башкаруусун зордук-
зомбулук жана кылмыштар менен белгилешти, ал эми аларды алмаштырган Чэнь
династиясы бул салттарды улантты. 557-жылдагы ордо төңкөрүшү жана акыркы Лян
императорун өлтүрүү кулаган династиянын тарапкерлеринин куралдуу каршылыгын
туудурду. Көтөрүлүшчүлөр чээндик аскерлердин мизин кайтарып, Кытайдын борборунда
Хоу-Лян деген чакан мамлекетти түзө алышты.
Кытай өз ара касташкан, жиктелген төрт мамлекетке бөлүнүп калды. Кытайдын күчүн
матаган оор кырдаал эки чакан жана салыштырмалуу алсыз көчмөн дөөлөттөрү болгон
Жужанордосу менен Тогон (ТУ-ю-хунь) падышачылыгы үчүн жан сактагыч учур болуп
калды. Түштүктөн жасалган кысымдын бошоңдошунун аркасында алар Чыгыш Азиянын
алдыңкы мамлекеттеринин катарына кирди. IV к. ортосунда түзүлгөн Жужан талаа
хандыгы VI к. башында аз жерден өзүн кыйратып албаган кризисти башынан өткөрдү.
Бирок ал жөнүндө төмөн жакта сөз болот.
Тогон падышачылыгы Цайдамдын талаалуу бөксө тоолорунан орун алган. 312-жылы
эле Муюн уруусунан чыккан княздары бар чакан сянби уруусу Түштүк Маньчжуриядан
батышка көчүп келип, Көкөнор көлүнүн жанынан орун-очок алышкан. Бул жерде ал
падышачылык чачкындуу тибеттик урууларга каршы ийгиликтүү согуш жүргүзгөн, бирок
тобаларга каршы өтө ийгиликсиз согуш жүргүзгөн. Ошол согуштун натыйжасы гана Тогон
Вэй империясынын вассалына айланып, бирок анын кулашы тогондуктарга эркиндикти
кайтарып берди. VI к. экинчи чейрегинде князь Куалюй өзүн хан деп жарыялап, 540-жылы
Гао Хуанга элчиликти жөнөтүп, ошонун өзү менен Юйвынь Тайдын душманы болуп калды.
Бул факт Тогондун мындан аркы тышкы саясатын аныктады. Ал саясат менен биз төмөн
жакта туш келебиз. Тогон зор аймакты ээлеп тургандыгына, анда "шаарлар" 4
(кьюзы,
чындалган кыштактар) болгондугуна жана уюмдашкан башкаруусу бар экендигине
карабастан ал күчтүү мамлекет болгон эмес. Курал менен баш ийдирилген тибеттик
уруулар боштондукка чыгуу жана өч алуу жөнүндө көксөшкөн; экономикасы экстенсивдик
мал чарбасынын негизинде курулган; маданиятынын деңгээли төмөн болуп, ал эми
хандардын зомбулугу туруктуу кутумдарды, чыккынчылыкты жана жазалоолорду
туудуруп, алар отко май тамызгандай болгон. Мына ушул кырдаалдардын баары
Тогондун мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, кийинчерээк анын ың-жыңсыз жок болушуна алып
келген.





1
420-жылы Цзинь династиясы, 479-жылы Лю-Сун, 502-жылы Түштүк Ци, 557-жылы Лян
династиялары кулаган
2
Хуннулар, муюндар, ди, юйвынь (татабдардын ата-бабалары) жана кидандар
3
Түндүк Чжоу деген мааниде(Бэй- Түндүк)
4 Иакинф Бичурин,История Тибета...,84-б.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Жужандар жана телеуттар. Жужан элинин келип чыгышы жөнүндө маселе бир
канча жолу коюлган, бирок акырына чейин чечиле элек. Бул жерде суроонун өзү туура
эмес коюлган, анткени ал элдин келип чыгышы жөнүндө эмес, түзүлүшү жөнүндө кеп
кылуу керек деп ойлоого болот. Жужандарда эл катары бирдиктүү этностук тамыр болгон
эмес. Жужан элинин келип чыгышы өзүнчө бир бөтөнчө. Дүрбөлөңдү мезгилдерде кызмат
ээринен ооган, жаманатты болгон көп адамдар дайыма эле болуп келген. IV к. ортосунда
да бир кыйла ушундайлар болгон. Тоба ханынын станында же хунну шанүйүнүн
ордосунда боло албай калгандардын баары талаага качкан. Ошол эле жакка таш боор
акимдеринен кулдар, армиядан дезертирлер, кедейленген кыштактардан жакыр
дыйкандар качып кетип турган. Аларды бириктирген нерсе теги да, тили да, динге
ишеними да эмес, аларды жакырчылыкта жашоого дуушар кылган тагдыры болгон; мына
ушулардын баары аларды уюмдашууга мажбурлаган.
IV к. 50-жылдарында сянби атчандарынын катарында кызмат өтөгөн, мурунку кул
Югюлюй деген неме өлүмгө айыпталган. Ал тоого качып кетип, анын тегерегине өзүнө
окшош жүзгө жакын качкындар чогулган. Качкындар коңшулаш көчмөндөр менен бир
ымалага келип, алар менен бирге жашап калган.
Югюлюйдун мурасчысы Гюйлюхой тоба хандары менен мамиле түзүп, аларга жыл
сайын жылкы, калтар жана суусар менен салык төлөп турган. Анын ордосу Жужан деп
аталып калган. Жужандар бүткүл Халха боюнча Хинганга чейин көчүп жүргөн, ал эми
алардын ханынын ордосу Хангайдын этегине жайгашкан. Жужандардын турмуш-
тиричилиги жана уюмдашы бир эле убакта өтө жөнөкөй жана уруулук түзүлүштөн өтө эле
алыс болгон. Аскердик жана административдик бирдиги катары миң адамдан турган полк
эсептелген. Полк хан дайындаган колбашчыга баш ийген. Полкто жүз адамдан турган он
асаба болгон; ар бир асабанын өзүнүн башчысы—жүзбашы болгон. Жужандардын
жазуусу дегеле болгон эмес; эсептөөнүн куралы катары койдун корголу же белги
салынган жыгач алкак колдонулган. Мыйзамдары согуштун жана талап-тоноп алуунун
муктаждыктарына ылайык келген: баатырларын олжонун көбүрөөк үлүшү менен
сыйлашып, коркокторду таяк менен сабашкан5
. 200 жыл дооран сүрүү мезгилинин ичинде
жужандардын ордосунда байкаларлык эч деле прогресс болгон эмес — бүткүл күчү
коңшуларын талап-тоноого кеткен.
Жужандар бири-бири менен кандай тилде сүйлөшкөн? Кытай булактары бизге өтө ар
түрдүү маалыматтарды берет. "Вэйшу" жужандардан дунхулардын бир бөлүгүн көрөт.
"Суншу" , "Ляншу" жана "Наньшу" 6
аларды хуннулардын жакын урууларынын бири деп
эсептейт, эң акырында Бэйши (?) Югюлюйга гао-гюй тегин7
таандык кылат. Түштүк
кытайлык тарыхчылардын маалыматтары экинчи колдордон алынган. Ал эми Югюлюйдун
өзүнүн келип чыгышы эч кандай мааниге ээ болбойт, анткени анын айланасына бир
пикирдештер чогулбагандыгы айкын. Көбүнчө жужандар сянбиче, тактап айтканда,
монгол тилинин диалекттеринин биринде сүйлөшкөн, анткени алардын хандарынын
титулдарын кытай тилине которгондо кытай тарыхчысы түп нускасында —"Вэй
мамлекетинин тилинде", т.а. сянби8
тилинде айтыларын көрсөткөн. Жужандардын өздөрү
да теги тоба9 менен бир деп эсептешкен, бирок алардын элинин ар башка уруудан тургандыгын эске алып, мындай деп айтууга себеп бүдөмүк генеалогиясы10 эмес, алардын
тилдеринин окшоштугу болгон деп ойлоого болот.
Жужан хандыгынын негизги күчү теле урууларын баш ийдирип кармай билүүдө
болгон. Өзүнүн тарыхынын башатында, т.а. б.з.ч III к. телелер Ордостон батыш жактагы
талаада жашаган. 338-жылы алар тоба ханына баш ийип, IV к. акырында түндүккө карай,
Жуңгарияга көчүп барган жана Батыш Монголия боюнча Селеңгага чейин жайылган.
Чачкынды болгон соң алар жужандарга каршылык көрсөтө алган эмес жана аларга алман
төлөөгө аргасыз болушкан.
Теле уруулары жужандарга өтө керек болгон, бирок жужандардын ордосуна телелер
дегеле муктаж эмес болгон. Жужандар оор эмгектен качкан адамдардан түзүлгөн,
алардын балдары эмгектенгенден көрө салык жыйнап, оңой олжого туйтунууну артык
көрүшкөн.
Телелер мал чарбачылыгы менен кесип кылып, өз малын багып, бирок бирөөгө эч
нерсе төлөбөөнү каалашкан.
Мына ушундай турмушка ык коюуга ылайык эки элдин саясий системасы да түзүлгөн:
жужандар согуштук күчүнүн жардамы менен коңшуларынын эсебинен жашоо үчүн ордого
бириккен; телелер начар байланышкан уруулардын бирикмеси болуп калуу менен, көз
каранды эместигин бардык күчүн жумшап коргошкон.
Телелер жужандар менен катар жашашкан, бирок эч нерсеси менен аларга окшош
эмес болгон. Алар Хунну империясынын курамынан эрте чыгып, эң жөнөкөй
патриархалдык түзүлүштү жана көчмөндүк турмушту сактап калышкан. Элеттик талаада
жашаган карапайым көчмөндөргө кытайлаштыруу эч таасирин тийгизген жок, анткени
кытайлар үчүн ал жакта кызыктырарлык эчтеке болгон эмес. Телелердин жалпы
уюмдашуусу болгон эмес; 12 уруунун ар бири уруу аксакалдары тарабынан башкарылып,
"туушкандар ынтымакта жашашкан" 11
.
Телелер бийик дөңгөлөктүү арабалар менен талааларда көчүп жүрүшкөн, өздөрү
жоокер, эркиндикти жакшы көргөн эл болгон жана эч кандай уюмдашууга умтулушкан
эмес. Алардын өздөрүнүн аты "теле" болгон; ал алтайлыктардын телеут деген
этнониминде ушул убакка чейин жашап жатат. Телелердин тукумдары — якуттар,
төлөнгүттөр, уйгурлар ж.б. Алардын ичинен көпчүлүгү биздин мезгилге чейин сакталып
калган жок.
Жужан хандыгы. V к. башында Хингандан Алтайга чейинки кең талаада
жужандардын Шелун деген ханы чексиз үстөмдүк кылып турган, ал Дэудай — "чаап
баратып жаа аткыч" деген наам алган. Телелердин ээлеген жерлерин баш ийдирип, ал
Иле дарыясында отурукташкан орто азиялык хуннулар менен кагылышкан. Хуннулардын
башчысы Жибаегн деген неме болгон. Онгин дарыясындагы айыгышкан салгылашууда
Жибаеги Шелунду талкалаган, бирок бүтүндөй алганда жужандардын дөөлөтүн жеңе
алган эмес жана "баш ийип берүү менен өзүнө бейкуттук сатып алган12
.
Шелундун башкы максаты Тоба-Вэй империясынын күчөшүнө жол бербөө болгон,
себеби анын күчү жужан ханынын күчүнөн бир топ артыкчылык кылган.
Кытайдын түштүгүндөгү тынымсыз согуштар гана Тоба-Вэйдин императоруна андан
бөлүнүп кеткен букараларын жазалоого тоскоолдук кылган, мына ошондуктан Шелун

Тобанын бардык душмандарын колдогон. 410-жылы Шелун өлүп, анын бир тууганы
Хулюй хандык такка отурган.
Хулюй Тобаны жайына коюп, түндүк жакка кайрылып, ал жерде өзүнө эне-сайлык
кыргыздарды (иегу) жана хэвэйлерди (сибирь уруусу) баш ийдирген. 414-жылы ал
кутумдун курмандыгы болуп, бирок кутумчулардын жолбашчысы Булучжен да ошол эле
жылы набыт болгон. Шелундун аталаш тууганы Датан хандык такка отурган. Анын
башкаруусу Кытай менен согушуудан башталган, бирок жужандардын жортуулу, ошондой
эле алардын артынан жиберилген жазалоо экспедициясы натыйжасыз аяктады. Абал
өзгөрүүсүз бойдон кала берди.
418—419-жылдарда жужандар менен орто азиялык хуннулардын жана йүэчжилердин
ортосундагы согуш13 кайра башталды. Жужандар Тарбагатайга кирип келип, ал жерде
баарынын үшүн алгандыктан, йүэчжи тобунун жолбашчысы Цидоло (Кидара) жужандар
менен коңшулуктан кетүүнү каалап, түштүктү көздөй ооп, Карши14 оазисиндеги Боло15
шаарын ээлеген. Бул жерде ал перстер жана эфталиттер менен кагылышкан. Кидардын
шакирттери — кидариттер тарыхта өзүнүн этностук аты менен эмес, жолбашчысынын аты
менен белгилүү.







5 Н.Я. Бичурин, Собрание сведений..., I т. 209-бет
6
К Shiratori, Über die Sprache der Hiung-nu..., 18—19-беттер.
7 Н. Я. Бичурин (Иакинф), Записки о Монголии, 101-бет; Г.Е.Грумм-Гржимайло, Западная
Монголия..., 174—75-беттер.
8 Н.Я. Бичурин, Собрание сведений..., I т. 209-бет жана андан кийинкилер.
9 Ошондо эле,226-б.
10Салыштырыңыз: Г.Е. Грумм-Гржимайло, Западная Монголия..., 174—175-беттер; С.П.Толстов,
Тирания Абруя
11 Н.Я. Бичурин, Собрание сведений..., I т. 215-бет
12 Ошондо эле, 249-бет
13 Бул согуштун датасы төмөндөгүдөй эсептелген: Юэбань менен согушкан Датан 414- жылы
такка отурган, ал эми 515-жылы Кытайга жортуул жасаган, демек, ал чыгышта жүргөн болучу.
Кытайга андан кийинки жортуул 424-жылы болгон. Демек, Юэбан менен согуш ушул орто аралыкка
туш келет. Мунун тууралыгы нумизматиканы колдонуу менен аныкталды. 417-жылы Кидаранын
ысмы менен тыйын чыгарылган, бирок С.К. Кабанов кидарит падышачылыгынын негизделген жылы
деп 420-жылды эсептейт (караңыз: Н.Я. Бичурин, Собрание сведений..., I т. 189-бет; II т. 259-бет;
С.К. Кабанов, К вопросу о столице..., 172-бет).
14 С.К. Кабанов, К вопросу о столице..., 201—207-беттер. Р.М. Гиршмандын кидариттердин
борбору Балхта деген божомолу (R.M.Ghirshman, Les Chionites-Hephalites 79—80-беттер) ырасталган
жок.
15 Н.Я. Бичурин, Собрание сведений...,IIт.264-б.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

АТА-БАБАЛАРЫ
Жужан хандыгынын Вэй империясына каршы согушу. 420-жыл жужандардын күч-
кубаттуулугунун толуп турган чагы болду. Түндүктөгү жана батыштагы урууларды оңой
жеңип алуу Жужанды Улуу Талаанын гегемонуна айландырды, бирок бул хандыкка
бейкуттукту да, гүлдөп өнүгүүнү да эч камсыз кылбады. Жужандардын башкы душманы
Тоба-Вэй империясы болгон, ошондуктан жужандардын ханы Датан өзүнүн табигый
атаандашынын күч алышына жол бербөө үчүн мүмкүн болгондун баарын жасоого
аракеттенди.
424-жылы Датан 60 миң адамдан турган атчандары менен Кытайга каптап кирип,
борборуна чейин жетти жана императордун шаар сыртындагы сарайын талап-тоноп алды.
Тоба аскерлерин мобилизациялоо жана жужандардын арасында тартиптин жоктугу аны
согушка кирбестен кайра тартууга мажбур кылды. 425-жылы тобалар жужанды Гобиден
ары кууп таштады. 430-жылы император Тай-уди (Тоба Дао) Түштүк Кытайда өзүнүн колун
бошотуу үчүн жужандарды жок кылууну чечти. Сан миңдеген аскерлер талааны каптап
киргенде, жужандар туш-тарапка тарап жоголду. Датан батышка бет алып качып,
дайынсыз жоголду. Телелер анын адамдарын кызылдай кырды. Датандын уулу — Уди
күрөштү улантуудан баш тартып, Вэй империясына алман төлөй баштады. Бирок
тынчтыкты Уди өзү 437-жылы бузуп, жортуулга чыкты. Кыязы, жужандар талап-тоноосуз
жашай албаса керек. 439-жылдагы жооп катары жортуул Тобанын императоруна эч нерсе
алып келген жок: кокту-колотторго жашырынып калган жужандарды жолуктура албай,
кайра кайтууга туура келди.
440-жылы Уди Тобанын Хесиге каршы согушунан пайдаланып, кайрадан чек арага
кол салды, бирок чек арага калтырылган буктурмалар анын авангардын туткунга түшүрүп
алды. Жужандар кайрадан артка качты. Ушундай эле окуя 445-жылы кайталанат. Андан
кийин, тактысын уулу Тухэчженге (445—464) өткөрүп берип, Уди өлөт.
Эми алардын ролу алмашты: Тоба-Вэй империясынын күч-кубаты артып, ошондон
улам анын аскерлери талаага каптап кирет да, жужандарды тоо таянып жашырынууга
аргасыз кылат. Чындыгында бул согуш эмес, жөн эле жазалоо жортуулдары болгон.
Тухэчжендин уулу жана мураскору — Юйчен (464—485) күрөштү улантууга аракет
кылды, бирок 470-жылы талкаланып, 475-жылы тынчтык сурап, салыгын төлөй баштады.
Жужан начарлап, Кытайга жортуул жасоо колунан келбей калды. Эми талап-тоноонун
бутасы катары бир кыйла кедей жана алсыз Батыш аймагы тандалып алынды. 460-жылы
жужандар Турпан өрөөнүн ээлеп алып, ал жерде өзүнүн мурунку союздаштарын —
жеңиштүү тобалардан качып кеткен түштүк хуннуларды жазалады. 470-жылы жужандар
Хотанды талап-тоноп кетишти, бирок күч алып калган эфталиттердин мамлекети
жужандардын агрессиясын токтотту. Жужандын чек арасы Теңир-Тоо болуп калды.
Жужандардын жаңы ханы Доулун (485—492) "таш боор, канкор адам1
болгон. Ал
өзүнүн такка отурушун бир ак сөөктү бүтүндөй уруусу менен бирге өлүмгө тартуу менен
белгиледи. Мындай жорук өлкөдө кыжырданууну туудурду. Хандын Кытайга кол салууга
ниеттениши ого бетер жаккан жок. Жортуул жеңиштүү аяктаса да, кол салуудан кийин
кытай аскерлеринин жортуулу баштала тургандыгын, алардын мизин кайтаруу ойго
келбес иш экендигин бардыгы түшүнүшкөн.
Телелердин уруу башчысы Афучжило Кытай менен согуш баштабоону өтүнүп, ханга
кеңеш берди, бирок ал анын жүйөлүү кебин укпасына ынанып, эли менен бирге
көтөрүлүшкө чыкты. Ал убакта телелердин саны бир кыйла көп болгон (Кытай
маалыматтары боюнча 100 миң боз үй). Ошентип Афучжило батышка, Иртыш өрөөнүнө
көчүп кетти. Ал жерде ал "Теңирдин улуу баласы"2
деген титул алып, муну менен жужан
ханы менен бирдей орунга доомат арткандыгын билдирди. Мына ошондон кийин согуш
оту дүрт эте жалындады.
490-жылы Кытай аскерлери чыгыш жактан талаага каптап кирип, телелер менен бирге
Жужанды курчоого алды. Жужандык төбөлдөр бүткүл жоопкерчиликти жолу болбогон
ханга жүктөшүп, аны өлтүрүп салышты (492-жыл).
Телелердин батышка көчүшү өтө маанилүү окуя болду: батышта бул чачкынды
көчмөндөр өз дөөлөтүн түзүштү3
. Азияда этногенез процесси кайрадан башталды. Ошол
эле убакта Алтай тоолорунда түрктөр, Брахмапутра өрөөнүндө тибеттиктер эл болуп
түзүлдү, ал эми Кытайда орто кылымдык жаркын маданиятты берген Суй жана Тан
династияларынын кайра жаралуусу башталды. Ошентип, Чыгыш Азиянын тарыхынын
байыркы мезгили аяктап, анын жек көрүмчү калдыгы болгон Жужан да биротоло жок
болууга тийиш эле.
Телеуттардын Гаогюй ханды. Телеуттардын бөлүнүп кетиши жана 492-жылдагы
мамлекеттик төңкөрүш Жужандын тарыхындагы бурулуш учур болду. Ал Борбордук
Азияда гегемондугун жоготуп, эми бийлик үчүн эмес, аман жашап калуу үчүн күрөшүүгө
аргасыз болду. Өлтүрүлгөн Доулунду алмаштырган Нагай бар болгону бир жыл бийлик
жүргүздү. Ал өзүнүн башкаруусуна "Өтө бейкуттук" деген девизди алды, т.а. өзүнөн
мурдагынын жоокердик ой-максаттарынан баш тартты. Нагайдын уулу — Футу мүмкүн
болушунча өзүнүн атасынын саясатын улантты4
.
Ошол эле мезгилде телеуттар жаңы конушуна байырлашып, хунну доорунун акыркы
калдыгы Юэбанды жок кылышты. Жаңы жерде телеуттар өздөрүнүн мамлекетин түзүүгө
аракет кылышты. Бул үчүн алар элди эки бөлүккө бөлүштү: түндүктүн акими Афучжило.
"Улуу император" деген титулду, ал эми түштүктүн акими "Мураскор падыша5
' деген
титулду алды. Алар өздөрү мамлекеттерин кандай деп аташкандыгы белгисиз, бирок
кытайлыктар аны Гаогюй деп аташкан. Аны которгондо "бийик араба" дегенди билдирет.
Дал ушул ат менен ал тарыхка кирген.
Саясий жактан Гаопой Кытай тарапка жан тартып, кийим үчүн жибек алууга
үмүттөнгөн, бирок ал жибек ага пайда алып келген жок. 494-жылы эфталиттер Иранды
талкалап, өздөрүнө тылды камсыз кылгандан кийин түндүк жакка бет алышты. Гаопой
дөөлөтүнүн түштүк бөлүгү заматта талкаланып, "Мураскор падыша" өлтүрүлдү, анын үй-
бүлөсү туткунга алынып, эл чилдей таркады: бир бөлүгү жужандарга баш ийип, бир бөлүгү
Кытай ээликтерине кирип кетти. Кийинки, 496-жылы түндүк дөөлөтү да тез эле басылып
алынды. Эфталиттер туткунга түшкөндөрдүн ичинен князь Мивотуну тандап алышып,
калган телеуттарды башкартып коюшту. Ошентип, Гаопой эфталиттердин вассалына,
жужандардын душманына жана кытайлардын союздашына айланып, бул союз үчүн
кытайлар ага 60 таңгак жибек кездемесин төлөп беришти6
. Кыязы, бул мезгилде (497-
жылы) эфталиттер Карашаарды басып алып, ал эми Турпан оазисидеги Гаочан
княздыгынын акими кытай Жу Кытай өкмөтүнөн анын букараларын кабыл алууну жана
кытай жерине көчүрүүнү өтүндү. Жужандын айланасындагы болот алкак улам тарып,
кысымга ала баштады. Бирок гаочандыктар өздөрүнүн отурукташып калган жерин таштап
кетүүнү каалабай, өзүнүн акимин өлтүрүшүп, Жужанга кошулуп кетишти. Бул
экономикалык оор жагдайды бир аз жеңилдетти, анткени дыйканчылык кылган Гаочан
Жужанды дан, мөмө-жемиштер жана кездемелер менен жабдый алмак; бирок бул
Кытайдын императору Сюань-у-динин жинин келтиргендиктен саясий абалды курчутту.
Ал Футу хандын тынчтык жөнүндө өтүнүчүнө Түштүк Кытайды багындыруу менен алек
бушуп жаткандыктан, түндүк менен ишинин жоктугун, ал эми дегинкиси Футуну жана
жужандарды козголоңчу букаралар7
деп эсептей тургандыгын билдирди. Ошол убакта
Гаочанда Кытайды жактагандар салтанат куруп, Жужан менен союз бузулду (500-жыл)8
.
Батыш аймакта Кытайдын кызыкчылыктарын колдоо үчүн ал жакка Мын Вэйдин кол
башчылыгы астында туруктуу аскерлердин үч миндик отряды жиберилет. Отряд Хамиге
жайгашып алып, жужандарды кыса баштайт. Футунун Кытайга жиберген жаңы элчилиги
жоопсуз калтырылды. Жужандарга каршы 60 таңгак жибекти өз кандары менен төлөөгө
тийиш болгон телеуттар көтөрүлдү; Пулэй көлүнүн жанында Мивоту жужандарды
талкалады. Алар түштүккө карай качышты, бирок Бэйшан тоолорунда Мын Вэйдин кытай
отряддары каршы алды. Дүрбөлөңгө түшүп кайра качканда жужандар телеуттарга туш
келип, кайрадан талкаланды (508-жыл). Кылычташып чабышууда арамза хан Футу каза
болду. Мивоту анын баш терисин Мын Вэйге жиберди. Бул үчүн ага музыкалык
аспаптардын толук топтолмосу, 80 музыкант, 10 таңгак кызыл жана 60 таңгак ар түрдүү
түстөгү жибек кездеме түрүндө белек жиберилди.
Каза болгон Футунун мураскору Чеуну эки жолу Кытай менен макулдашууга аракет
кылды, бирок күч гана аны сактап каларын түшүндү. 516-жылы ал Гаогюйга кол салып,
Мивотуну талкалады жана аны туткунга түшүрүп алып, өзүнчө бир өзгөчө ыкма менен
өлтүрдү. Туткундун буттары кырчаңгы аттын курсагына таңылып, аны Мивоту жанчылып
өлгөнгө чейин кууп жүрүшкөн. Кийин Мивотунун баш сөөгү лак менен боёлуп, идишке
айландырылган. Жужандардан аман калган телеуттар эфталиттерге кошулуп кеткен9
.
Мына ошондон кийин Жужандардын ханынын элчилигин Вэй императору Сяо минди
(518-жыл) кабыл алган. Аларга вассалдык милдеттенмелерин так аткарбагандыгы үчүн
сөгүш берилген10
. Мындай салт ар кандай ыкка көнүшүүгө жол берген жана Жужан
үмүтсүз абалдан чыккандай көрүндү.
Жужандагы чыр чатактар. Чеуну Жужанды сактап калуу үчүн мүмкүн болгондун
баарын жасады. Телеуттарды талкалагандан кийин ал батышта согушту уланткан жок
жана эфталиттер менен келишим түздү. Союз жужандык хан бийкечтери менен
эфталиттик төбөлдөрдүн ортосундагы никелер менен бекемделди11. Чыгышта жужандар
маньчжуриялык уруулардын бири дидэуганды биргелешип талкалоо жана Маньчжурияда
Вэйдин ордосунун позициясын бошоңдотуу үчүн Корея (Гао-Гюйли) менен мамиле
түздү12.Турпан маселеси да жакшылык менен чечилди. 518-жышы Кытай өкмөтү Турпан
оазисинен Ички Кытайга калкты көчүрүп кетүү оюнан расмий түрдө баш тартып, Гаочан
княздыгын тааныды13. Турпандыктардын жужандар менен соода жүргүзүүсү токтолгон
эмес деп божомолдоого болот; жужандар дан жана кездемелер менен дайыма
жабдылып турган. Жужандарга темир буюмдарды алардын алтайлык вассалдары —
түркүктөр (түкйү-түрктөр) жеткирип турган.
Бирок ордодогу биримдик бузулду. Жужанга буддизм келип кирди. Адаттагыдай,
будда миссионерлери биринчи болуп ханды буддистке айландырышты. Станда
"шамандар" — буддалык дин кызматкерлери жана "ни" деген кечил аялдар пайда болду.
Жаңы шарттарда буддизм укмуштуудай формага ээ болду: маселен, кечил аялдардын
никелүү күйөөлөрү болгон, бирок бул ханды оңтойсуздантпаса керек. Бирок
маалыматтардын аздыгына карабастан, буддизм баарына эле жага берген эмес деп
айтууга болот. Оппозиция хандын үй-бүлөсүндө да, аскерлерде да пайда болду. Жужанда
мурдагыдан да зарыл керек болгон биримдик жоголду. 513-жылы жужандардын
Кытайдагы элчилигинин башында шаман Хунсюань турган, ал "бермет капталган
идолду" 14 алып келген. Бул көчмөндөрдүн тарыхында динчил адам мамлекеттик
кызматкер ролунда чыккан биринчи учур эле.
Төмөндөгү андан бетер кызыктуу. Жужандардын станында Дэу-хунь дивань деген ат
менен жаш шаман аял жашаган. Анын "дивань" деген аты персче "оопай" дегенди
түшүндүргөндүгү көзгө урунат. "Ал дубалап дарылаган (т.а. арбактардын күчү менен
эмдеген) жана Чеуну ага дайыма ишенген"15. Кытай летопись жазуучусу аны алдамчы деп
эсептейт жана анын алдамчылыгы жөнүндө баяндама берет, бирок бизге анысы кызык
деле эмес. "Чеуну аны абдан урматтап сүйгөн жана анын кеңеши боюнча иш жүргүзүп
жатып, мамлекеттик башкарууну баш аламандыкка алып келген"16. Ордодо фаворит аялга
оппозиция пайда болуп, 520-жылы Чеуну жүрүштө жүргөндө ханыша-эненин буйругу
боюнча диванды муунтуп өлтүрүшөт. Чеуну кайтып келгенде энеси төбөлдөр менен
жашыруун макулдашып, аны өлтүрүшөт да, такты өзүнүн экинчи уулу Анахуанга өткөрүп
берет.
Он күн өткөндөн кийин Чеуну үчүн өч алынат. Хандын Шифа деген тууганы станга кол
салып, аны талкалайт. Анахуан Кытайга качып кетүүгө үлгүрөт, ал эми анын энеси жана
бир туугандары өлтүрүлөт. Анахуан Кытайда ырайым күтүп жүргөнчө анын аталаш агасы
Поломын өзүнүн тарапкерлерин чогултуп, Шифаны талкалайт. Шифа Маньчжуриядагы
дидэуган17 уруусуна качып барат, бирок ошол жерде өлтүрүлөт. Поломын хан титулун
кабыл алат. 521-жылы ал көтөрүлүш чыгарган телеуттар тарабынан талкаланып, өзүнүн
букараларынын калгандары менен Кытайга көчүп кетет. Жужан кайрадан өлүп жок
болуунун босогосунда калат.
Акыр аягында Кытай өз максатына жетти: жужандык эки хан анын колуна түшүп
берди. Түндүктөн келгендер мындай деп айтышкан: "Мамлекет чоң дүрбөлөңгө түштү. Ар
бир уруу өзүнчө жашайт жана бири-бирин кезектешип талап-тоноп турат"18
.
Мындай чыр-чатактардан телеуттар х: кыйнап өлтүрүлгөн Мивотунун иниси Ифу
Гаогюй мамлекетин калыбына келтирип, 521-жылы Поломындын жужандарын талкалап,
аларды Кытайга кийире кууп таштаган19. Ошол эле жылы күзүндө Анахуандын ордун
баскан бир тууганы Синифа гао-гюйлардан Кытайга качып кетет. Кытай өкмөтү бул
ийгиликти бекемдемек болот. Поломынды жана анын тарапкерлерин Кытайдын ичине,
Көкөнор көлүнүн жанына көчүрүп, ал эми ишенимге көбүрөөк кирген Анахуанды чек
арадан тышкары — Дунхуандан түндүк жакка жер котортот. Поломын дароо эле
эфталиттерге качып кетүүгө аракет кылат, анткени анын үч карындашы эфталиттик
падышага турмушка чыккан эле. Бирок Поломын кармалып калып, түрмөдө өлөт. Анахуан
өтө чыдамкай эле. 522-жылы ал айдоо үчүн 10 миң кап таруу сурап алат. Бирок жужандар
тарууну жеп коюшкан окшойт. Ошонун натыйжасында кийинки жылы аларда ачкачылык
башталып, Кытай калкын талап-тоноого алып келет. Бул ишти териштирүү үчүн
жиберилген Кытай чиновнигин Анахуан кармап алып, жакын аралыктагылардын баарын
талап-тоноп туруп, өзүнүн бүткүл ордосу менен түндүккө көчүп кетет. Ал жерге жетип
алган соң Кытай чиновнигин бошотушат. Анахуандын артынан жиберилген куугун куру кол
кайтат20. Мына ушундай чаташтырган авантюра жужандарды сактап калган.

Вэй империясы өтө тездик менен ыдырай баштайт, ошентип ар жыл сайын жаңыча
саясий кырдаал түзүлө берет. 496-жылы эле хилер (татабдар)21 козголоң чыгарган Батыш
Маньчжурия колдон чыгат; Түштүк Кытайда Лян империясы активдеше баштап, эң
акырында, 524-жылы өлкөнүн түндүгүндөгү Войе чебинде көтөрүлүш чыгып, тез эле
жайылып кетет. Анахуан бул көтөрүлүштү басууга чыгып, 525-жылдын жазында
козголоңчуларды талкалайт. Бул үчүн "ар кандай буюмдар менен" сыйлык жана толук
кечирим алат. Эми кезек Гаогюйга жетет. Телеуттар менен жекеме-жеке калган жужандар
аларды тыптыйпыл кылып талкалайт. Ифу согушту улантууга аракет кылган иниси Юегюй
тарабынан өлтүрүлөт, бирок ал да 534—537-жылдарда талкаланат. Ифунун уулу Биди
өзүнүн аталаш агасын өлтүрүп, каршылык көрсөтүүгө башчылык кылат. 540-жылы Биди
жужандар тарабынан талкаланып, Гаогюй дөөлөтү жашоосун токтотот. Ошол убакта
Кытайда Вэй империясы өз ара күрөшү тыйылбаган чыгыш жана батыш бөлүктөргө
ажырайт. Бул жерде Анахуан гегемон катары чыгат, анткени эки тарап тең ага жагынууга
аракет кылган.
Бул кандуу жужан даңкынын соңку шооласы эле.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 14:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

АШИНА УРУУСУНУН УЛУУ ДӨӨЛӨТҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮ (545—481-
жылдар)
Байыркы түрктөрдүн (түркүттөрдүн) тарыхынын башталышы. Ар бир элдин тарых
таржымалынын тамырлары эң байыркы заманга сүңгүп кетсе дагы, бардык доорлордун
тарыхчыларында элдин келип чыгышын аныктаган датадан берки (алардын пикири
боюнча) тарыхын жазууну баштоого умтулуу бар. Маселен, римдиктер өтө эле шарттуу
датаны — Римдин негизделишин, арабдар толук чындык датаны — Мухаммеддин
Меккеден Мединага качкан датасын тандап алышкан, орус летописчилери орус
тарыхынын "башталышын" 862-жылга туура келтиришкен, француз хроникачысы болсо өз
тарыхын Хлодвиг Меровингден "башташса" , тарыхчылары Огюстен Тьерринин саамалыгы
менен аны 843-жылга — Улуу Карлдын империясынын бөлүнүшүнө таандык кылышкан
д.у.с. Түркүттөр үчүн мындай дата 545-жыл болгон.
Түндүк Кытайда жаңы согуш башталат1
. Чыгыш Вэй империясынын акми Гао Хуань
жужандардын ханы Анахуан жана тогондордун падышасы Каулюй2 менен союз түзүп,
Батыш Вэй империясына кол салган жана өзүнүн атаандашы Юйвынь Тайды катуу
кысымга алган; бирок союздаштар чечкиндүү жеңишке жетишкен эмес. Өзүнө
тарапкерлерди издеп Батыш Вэйдин императору Вэньди кайдагы бир Ань Нопаньто3
деген кишини достук мамилелерди түзүү үчүн түрк ханы Бумынга4жиберет.
545-жылы түркүттөргө келген элчи5
абдан жакшы кабыл алынат. "Ордодо бири-бирин
куттукташып, бизге азыр улуу дөөлөттүн элчиси келди, жакында биздин мамлекет да
жогорулайт деп жатышты". Мына ушул анчалык мааниси жоктой факт жужандардын
үстөмдүгү түркүттөр үчүн оор болгондугун жана өздөрүнүн эркиндиги үчүн согуштун
сөзсүз боло тургандыгы аларды коркутпагандыгын көрсөтүп отурат.
Өз элинин маанайына карай ой жүгүртүп, Бумын өзүнүн өкүмдары — жужан ханына
карата калыссыздыгын көрсөтүп, Батыш Вэйдин борбору Чанъанга белектер менен кошо
жооп катары элчиликти жөнөткөн жана өзүнүн өкүмдарынын душманы менен союзду
бекемдеген. Бирок бул жужандар менен кол үзүшүүгө алып келген жок: кыязы,
сүйлөшүүлөр өтө жашыруун жүргүзүлсө керек. Бул элчиликтер Батыш Вэйдин жана анын
мурасчысы Бэй-Чжоунун союздашы катары 550-жылы Бэй-Цинин династиясы
бекемделген Түндүк-Чыгыш Кытайга каршы багытталган түркүттөрдүн дөөлөтүнүн чыгыш
саясатын чейрек кылымга аныктады. Бирок, дүйнөлүк саясатка кошулуу менен Бумын өзү
алман төлөп жүргөн жужандарга каршы күрөшүү үчүн өтө алсыз экендигин түшүнгөн.

Бумын союздаштыктын жана вассалдыктын парзын ак ниеттүүлүк менен аткармак болду.
Мындай учур ошол эле жылы келди.
Батыш теле уруулары жужандардын эзүүсүнө зор кыйынчылык менен туруштук берип
жатты. Акыры, алардын чыдамы жетпеди: алар көтөрүлүш чыгарып, жужандардын
жүрөгүнө сокку уруу үчүн батыш Жуңгариядан Халханы карай каптап жөнөдү. Жортуул
ушунчалык начар уюштурулуп жана мезгили боюнча ушунчалык начар эсептелгендиктен
муну пландуу уюштурулган согуш эмес, элдин кыжырдануусунун капысынан чыккан
жарылуусу эле деп болжолдоого болор эле. Тарых ал түгүл көтөрүлүштүн
жолбашчыларынын ысмын сактап калбады. Телелер орто жолго келгенде Гоби
Алтайынын коктуларынан узун найзачан, каңылтырлуу соот кийген тапталган семиз
аттарга минген түркүттөрдүн каз катар тизилген атчандары чыга келди. Телелер артынан
сокку уруларын күтүшкөн эмес, андан тышкары алар түркүктөр менен салгылашууга
ниеттери жок болуучу, анткени алар түрктөрдөн эч жамандык көрүшкөн эмес, алардын
ниети жек көрүмчү жужандар менен салгылашуу болучу. Ошондуктан алар дароо эле
Бумынга толук баш ийип берүүгө макул болушту, ал эми Бумын ал сунушту кабыл алуу
менен Жужанга карата экинчи жолу калыс эмес мамиле жазады.
Талаада баш ийип берүү — өз ара милдеттендирүүчү түшүнүк. Букаралыгында 50 миң
түтүнү6
болсо да, анда жашагандар эмнени каалай тургандыгын билгениңде гана ага ээ
боло аласың; башкача болгондо букараларыңан да, өз башыңан да ажырайсың. Телелер
бир гана нерсени — жужандарды жок кылууну каалаган, кыязы, Бумын аларды өз
ордосуна кабыл алып жатканда ушуну билген. Бирок анын уруулаштары да ушуну
каалаган соң согуш болбой коймок эмес. Өзүнүн букараларынын тилегине хан макул
болду, ошентип окуя ылдам өзгөрүп жатты.
Жужанды талкалоо. Жужандар менен жаңжал чыгарууга умтулуп, ошол эле убакта өзү
күнөөкөр болуп калууну каалабай, Бумын чыр чыгарууга шылтоо издеди. Ал
жужандардын ханы Анахуанга кызын аялдыкка берүүнү өтүнүп кайрылды. Бул, талаанын
салты боюнча, аны хан менен тең абалга коёр эле, бирок өзүнүн беделин түшүрбөс үчүн
хан буга макул болмок эмес. Ачууланган хан: "Сен менин темир эриткичимсиң, (түркүттөр
жужандар үчүн темир эриткен), мага ушундай сунуш айтууга кантип батындың" 7
, — деп
одоно жооп берет. Хандын баш тартышы Бумынды «таарынтып койду». Ошентип, анын
ойлогону ордунан чыкты. Жарашууга карай жолду бөгөө үчүн ал жужандардын элчисин
өлтүрүүгө буйрук берди, эми Батыш Вэйдин ордосу менен келишүү ага абдан зарыл
болду. Ал Вэнь-ди менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштап, 551-жылдын жайында Кытайдын
ханыша бийкечи Чанлени аялдыкка алды, мунун өзү көчмөндөрдүн арасында анын
кадыр-баркын биротоло бекемдеди. Капысынан кол салууну пайдаланууга умтулуп,
Бумын 552-жылы кышында жортуулга чыкты жана жужандарды толук жеңди. Анахуан
өзүн-өзү өлтүрүп, ал эми анын уулу Янлочен өзүнүн союздаштар цилерге8
качып кетти.

Бумын Ил-хан деген титулду кабыл алды, бирок 552-жылдын акырында дүйнөдөн
кайтты. Такка анын уулу отуруп, Кара Ысык-хан деген тутулду алды9
.
Түркүттөр күтүлбөгөн жерден10 талкалаган жужандар өзүнүн каза болгон ханынын
аталаш агасы Дыншунцзыны жолбашчылыкка шайлап, күрөштү улантышты. Бирок Лайшан
тоосунун жанындагы салгылашта алар кайрадан таптакыр талкаланды. Алардын
бактысына бул көпкө созулган жок, Кара Ысык-хан табышмактуу кырдаалда каза болуп,
анын уулу Шету11 бийликтен четтелип, такка Кара Ысык-хандын иниси Кушу отуруп, Муган
хан12 деген титул алды.

Жаңы хан бекем, каардуу, баатыр, акылдуу болгон жана согуштан башка эч нерсеге
кызыккан эмес13. 553-жылдын кеч күзүндө ал жужандарды кайрадан талкалады. Ци
императору өзүнүн шордуу союздаштарын кабыл алып, аларды кууп келаткан
түркүттөрдүн мизин кайтарды14. Бирок жужандар Кытайда жашай албады. Өз малынан
жана мүлкүнөн ажыраган, эмгекке көнбөгөн жужандар каракчылык кыла баштады,
ошондуктан Ци өкмөтү 554-жылдын жазында эле аларга каршы аскер жиберүүгө аргасыз
болгон. Жужандар такыр талкаланат. Бирок бул алардын жүрүш-турушун өзгөрткөн жок,
ошентип 555-жылдын жайында Ци императору жужандарды өз аймагынан талаага айдап
чыгып, ал жерде аларды түркүттөр менен кидандар дароо талкалады15
.
Дыншунцзы ордонун калдыктары менен Батыш Вэйден баш калкалар жай издөөгө
жөнөдү, бирок ал жерде Ци империясына каршы союздаштар катары түркүттөргө муктаж
болучу, ошентип түркүттөрдүн элчисине колу-буту байланган үч миң жужанды өткөрүп
беришти. Элчи чоңдорунун баарынын башын алууну буйруп, балдары менен "княздарды
ээрчип келген" малайларга кечирим берди16. Жужандар такыр жок кылынып, түркүттөр
Улуу талаанын бүткүл чыгып жарымынын ээлери болуп калышты. Жужандарды кырып
жок кылуу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн түркүттөр ошол эле 556-жылы Батыш Вэй
империясынан өч алышты. Жужандардын баштары Чаньандын чыгыш дарбазаларынын
түбүндө алынып жатканда бириккен түркүт-кытай аскерлери Тогонго каптап кирип
келишип, анын калкы Нанышань 17 тоолоруна жашынууга аргасыз болушат. Жеңип
чыккандар Куалүй хандын резиденциясы — Көкөнордун жанында жайгашкан Шудун
шаарчасын жана Хэмчен дагы бир шаарын алышты. Кийинки жылы тогондуктар Кытай
жерине жортуул жасагандыгы үчүн өч алууга аракет кылышты, бирок чептерди ала
албаган соң кайра чегинүүгө аргасыз болушкан. Ци империясы өздөрүнүн өлүп бараткан
союздаштарына эч нерсе менен жардам кыла албады, анткени мурда эле түндүктөн
кидандардын (553-жылы18) жана түштүктөн Лян падышачылыгынын (555-жыл19) чабуулун
токтотууга күчүн сарптаган болучу. Юйвынь Тайдын ийгиликке шыктанган уулу — Юйвынь
Цзю легитимизмдин чүмбөтүн алып ыргытууга батынып, Вэй династиясынын акыркы
императорун тактан баш тартууга мажбурлап, 557-жылы такка отурду жана өзүнүн
династиясын Бэй-Чжоу деп атады.
Чыгыштагы согуш. Жужандардын жазасын бергенден кийин, түркүттөр өздөрүнүн
көчмөн коңшуларына каршы чечкиндүү аракеттерге өттү. 554-жыл княздыктан империя
түзүлгөн жыл болду. Түндүктө Цигу мамлекети жеңип алынды. Кытайлар Цигу деген ат
менен кыргыздарды же чиктерди түшүнгөндүгү айкын эмес20, эмнеси болсо да ушул
убактан баштап Муган хан өзүнүн түндүк чек арасын камсыз кылды, бирок түркүттөр Саян
тоолорун ашып өтө алган жок.

Ал мезгилде чыгышта үч эл жашаган: кытайлар хи деп атаган татабдар, кидандар жана
кытай географтары Шивей22 деп атаган отуз татар уруулары жашаган. Бул үч элдин баары
моңгол тилинин диалектинде сүйлөшкөн, турмуш-тиричилиги жана маданияты жагынан
жакын болгон, бирок дайыма өз ара касташып турган. Татабдар Хингандын батыш
капталдарында жашап, Бэй-Ци23 менен союздаш болгон. Кидандар Ляохэ дарыясынын
түндүк жагындагы Маньчжуриянын талаа бөлүгүн ээлеген. Алар татабдар менен дайыма
согушуп, демек, Бэй-Ци менен жаңжалдашып турган. 553-жылы Бэй-Цинин императору
Вэнь-ди кидандарды талкалап, элинин бир кыйла бөлүгүн баш ийдирип алган.
Калгандары Когуриёго (Корея)24 качып кеткен же Сары деңиздин бассейнине чейин
келген түркүттөргө баш ийип берген.
Кидандардын үстүнөн болгон жеңиштин натыйжасында Бэй-Ци мамлекети күч алган
эмес, тескерисинче, өзүнүн тышкы саясий абалын начарлаткан, анткени эми түркүттөрдүн
ээлеген жерлери аны түндүктөн курчап турган. Сянбилердин калдыктарын катуу жазалоо
жана зор каражатты талап кылган буддизмди ачык колдоо тышкы душмандарга
каршылык көрсөтүүнү бошоңдоткон. Ал эми ошол эле убакта Бэй-Чжоу түркүттөр менен
союздун аркасында, ошондой эле анын акимдери кызматчылар катмарына
таянгандыктан, буддалык жана даостук кечилдерге каражаттар чыгымдабагандыктан өсүп
жана чыңдала берди. Император У-ди 579-жылы буддизмге жана даосизмге тыюу салуу
жөнүндө буйрук чыгарды; бул кытайлык Генрих VIII "Теңирдик башталма" деген ысым
алып, өзүнүн тактысынын эки капталына Будданын жана Лао-цзынын бедиздерин коюуга
буйрук берип, алардын ортосуна отуруп эл көзүнчө жүгүнүүнү25 кабыл алган, ал ушуну
менен диндин беделин түшүрүүгө умтулган. Чжоу империясы ал түгүл Батыш Азияда
кеңири белгилүү боло баштайт, ал жактагы ар кандай акимдер аны менен байланыш
түзүүгө умтулган. Маселен, 553-жылы эфталиттерден 26 , 555-жылы — Ирандан 27
элчиликтер келген. Тогондуктарды28 бул жолу чжоулуктардын гана күчү менен кайра дагы
бир жолу талкалагандан кийин 559-жылы — Гаочан (Гурпан) 561-жылы Куча29 жана 564-
жылы Карашаар өз элчилерин30 жиберишкен.
Бэй-Чжоу империясынын башкы милдети Бэй-Ци чыгыш империясын талкалоо
болгон, бирок анын эгер пайдалана билсе, өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн жетиштүү
ички ресурстары бар эле. Бардык маселени түркүт ханы ким тарабында боло тургандыгы
чечмек.
561-жылы эки император тең Мухан ханга кызын күйөөгө берүү өтүнүчү менен
элчилерин жиберишкен. Дөөлөттүү Бэй-Циден келген белектер аз жерден азгырып кете
жаздады, бирок чжоулук элчилердин дипломатиялык айлакерлиги Мухан ханды союздук
келишимге бек турууга аргасыз кылды31. Ал белектердин ордун согуш олжолоруна ээ
болуу менен толтурмай болду.
563-жылы союздаштар Цзиньянь шаарын камоого алып, бирок ийгиликке жетише
албады, ошентип түркүттөр өлкөнү талап-тоноп, өздөрүнүн талааларына кайтып кетишти.

Кийинки жылы жортуул кайталанып, бирок Лояндын 32 алдында цилердин чжоулук
армиялардын бирине урган катуу соккусу Мухан ханды аскерлерин кайра алып кетүүгө
мажбурлады. Иши онунан чыкпай калганына карабастан, ал Ци тарап кайрадан сунуш
кылган союзду четке какты. Бул союздук келишимге ылайык Чжоу империясы түркүттөргө
жыл сайын 100 миң таңгак жибек кездемесин төлөп тургандыгы менен түшүндүрүлөт.
572-жылы Мухан хан дүйнөдөн кайтат. Анын бир тууганы жана мурасчысы Тобо хан
Чжоу империясы менен кол үзүшпөстөн Ци империясы менен тынчтык келишимин түзөт.
Ошондо Чжоу алман төлөөдөн баш тартууга батынганда, түркүттөрдүн бир жолку гана
согуштук кыр көрсөтүүсү мурунку абалды калыбына келтирүү үчүн жетиштүү болуп чыкты.
Түркүттөрдүн каптап киришинен чочулаган Ци империясы тынчтык үчүн салык төлөө
менен өзүнүн казынасын түбүнө жетти. Тобо хан "түштүктөгү эки бала (Чжоу менен Ци)
бизге баш ийип турса болду, анда бизге кембагалдыктан коркуунун кереги жок"33 деп
айткан экен.
Ци империясы менен союз түркүттөрдүн Кытай менен маданий жактан
жакындашуусуна алып келген. Хандын станында буддалык кечилдер пайда болуп, Тобо
ханды өз динине киргизишкен. Будданын миссионери башка динге ишенгендерге
караганда Будданын жолун жолдогон Ци империясынын байлыгы жана күчү буддизмдин
аркасында жетишилди деп ханды ишендирүүгө аракет кылган. Ци империясынын
талкаланышы түркүттөрдүн буддизмден көңүлүн калтырды, ошентип 581-жылы Суй
династиясы такка келгенден кийин буддисттер Кытайга кайра кетүүгө тийиш болгон34
.
576-жылы чжоулар цилерди талкалап, Пхинъянь шаарын ээлеп алышат. Цилердин
шаарды кайра тартып алууга аракети ийгиликке жетишкен жок, ошентип, Ечен шаарында
курчоодо калган ци императору аны өткөрүп берүүнүн алдында Гао Юань-цзун княздын
пайдасына тактыдан баш тартты, бул князь да 577-жылы туткунга түшүп калды.
Талкалангандыгына карабастан кулаган династия Тайюань шаарынан чыккан Гао Бао-
нин35 деген кайраттуу коргоочуга ээ болду. Талкаланганга чейин эле 576-жылы ал азыркы
убактагы Чахардагы чек аралык Инчжоу чебинин коменданты болуп дайындалган. Кыска
убактын ичинде Гао Бао-нин кытайлардын ичинде эле эмес, көчмөндөрдүн арасында да
сый-урматка ээ болгон. Династия кулагандан кийин бул кырдаал ага көз каранды эмес
абалды камсыз кылган. Гао Бао-нин принципсиз саясий куу чирен эмес болчу, анда Түндүк
Кытайдын кайра жаралышына көмөк көрсөткүдөй моралдык күчтөр: парзынан тайбастык,
патриотизм жана күрөштөгү кайра жаңгыс көшөкөрлүк бар эле. Ал жеңип чыгуусунун
ардактуу багынып берүүсү жөнүндө сунушун четке кагып, өзүн Ци династиясынын акыркы
өкүмдары — түркүттөргө качып кеткен князь Гао Шао-инин талапкери деп жарыялаган.
Бул жакшы жосуну үчүн Гао Бао-нинге канцлер деген наам (албетте, кызматын ээлөө
мүмкүнчүлүгүсүз) берилген.
Түркүттөрдүн ханы да, анын көз карашынан алганда, Бэй-Чжоунун өтө күчөп
баратканынан чочулап, жеңилген династия тарабына өттү. Бул союзга өз императоруна
каршы көтөрүлүш чыгарган жана Фаньянда36 (Пекиндин жанында) бекемделип алган
полководец Люй Чжан-цзы да кошулду.
Гао Бао-нин өзүнүн карамагындагы бүткүл күчүн дароо мобилизациялап, Гао Шао-и
тарабында чыкты. Бирок ал кечигип калды. Анын аскерлери Ляохэнин жээктерине жетери
менен эле Фаньянь талкаланып, көтөрүлүш басылды деген кабар ага келип жетти. Гао
Шао-и түркүттөргө кайтып келет, ал эми Гао Бао-нин өзүнүн аймагында бекемделди.
Бэй-Чжоу үчүн өтө коркунучтуу душман түркүттөр болуп чыкты. 578-жылы Тобо хан
Кытайга каптап кирип, чжоулук армияны таптакыр талкалады. 579-жылы башталган
сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, согуш аракеттери түркүттөр үчүн зор ийгилик менен
улантылды. Бирок Кытай элчиси Тобо ханды белектер менен алдап, 580-жылы тынчтык
келишими түзүлдү. Ал келишимге ылайык Гао Шао-и өткөрүлүп берилип, Чжоу
мамлекетинин борбору — Чанъянга жиберилди. Ал Сычуанда сүргүндө жүрүп каза
болгон37
.
580-жыл түркүттөрдүн кубаттуулугунун жеткен чеги болду. 581-жылы Тобо хан өлүп,
ал эми Кытайда Чжоу династиясы түркүттөрдүн эң жек көрүмчү душманы — күжүрмөн
генерал, Суй династиясынын негиздөөчүсү Ян Цзян тарабынан кулатышты. Мунун өзү
саясий кырдаалды толугу менен өзгөрттү. Гао Бао-нин өзүнүн душмандарынан кийин да
көпкө жашап, Чахарда өз алдынча князь, түркүт хандарынын союздашы болуп кала
берди.

Батыштагы согуш. Чыгыш чек арада активдүүлүгүн көрсөтүү менен, түркүттөр ошол
эле убакта батышка жортуулдарын жасады. Тилекке каршы, бул өтө маанилүү окуя
тарыхый булактарда жетиштүү түрдө толугу менен чагылдырылган эмес, бирок
окуялардын жалпы жүрүшүн белгилөөгө болот.
Батыштагы жортуулга Бумындын иниси Истеми-каган башчылык кылган. Истеми-каган
мурда эле Бумынды коштоп жүрүп он уруунун жолбашчыларын39 башкарган; калыбы,
алар угор тегиндеги түндүк алтайлык уруулардын жолбашчылары болсо керек. Азыр
түрктөшүп кеткен алардын тукумдары шорлор, кумандиндер, лебединдер ж.6. болуп
саналат. Истеми хандын аты түрктүкү эмес, угордуку болгондугу жана ата-бабаларынын
арбагынын40аты болуп саналгандыгы кокусунан эмес. Кытайлар анын аскерлеринин
санын 100 миң адам деп аныкташкан, бирок бул сан жоокерлердин чыныгы санын эмес,
полководецтин рангын, бул учурда эң жогорку рангды чагылдырат, мунун өзү анын
"багадуржабгу" 41 деген титулуна ылайык келет.
Истеми өзүнүн жортуулун 552-жылдан кийин баштаган, анткени абарлар бул жылы
али өз алдынча уруу болуп, Бумындын сөөгүн коюуга белектерин жиберишкен42, кыязы,

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

553-жылы күзүндө жужандарды чечкиндүү талкалагандан кийин болсо керек. Жүрүшкө
чыгуунун эң жүйөлүү мезгили — жужандар талкаланып, талаага чөп өсүп чыккан 554-
жылдын жазы болгон. Жердин оту атчандар үчүн чечүүчү мааниге ээ эле.
Алга карай ылдам жылышына караганда түркүттөр катуу каршылыкка учурашкан
эмес. 555-жылы алардын аскери "Батыш деңизге"43 чейин жеткен. Бул аталыш менен
Каспий деңизин эмес, Арал деңизин түшүнүү керек, анткени Фирдоуси Истеминин
ээликтеринин төмөндөгүдөй чек араларын көрсөтөт: "Чинадан (Кытайдан) тартып
Жейхундун (Аму-Дарыянын) жээгине чейин жана Чачтын (Ташкенттин) ары жагы боюнча
Гүлзариунга (Сыр-Дарыя) чейин"44
.
Бул цитатанын негизинде биз 555-жылдагы чек араны бир кыйла так белгилей
алабыз: ал Ташкенттен түндүгүрөөктү көздөй кетип, андан кийин түндүккө карай
бурулушунда Сыр-Дарыяны кесип өткөн жана кеңири багытта Аму-Дарыянын чатына жана
Арал деңизинин түштүк жээгине чейин жеткен. Согдиана жана Бухара бул убакта
эфталиттерге баш ийип турган, мына ошол эфталиттер менен баскынчылар кагылышкан45
.
Мына ошентип, түркүттөр бир жарым жылдын ичинде бүткүл борбордук Казакстанды,
Жети-Сууну46 жана Хорезмди47 өзүнө баш ийдирип алган.
Бирок андан ары кыйынчылыктар башталды. Арал деңизинин түндүк жээктеринде
түркүттөр хуни (хиониттер)48, вар49 жана огор50 урууларынын каршылыгына туш келди.
558-жылы гана бул уруулар талкаланып, түркүттөр багынып берүүдөн баш тарткандардын
баарын алдына салып кууп Волганын жээгине чыгышкан. Булар вар жана хуни
урууларынын калдыктары — кийин бирдиктүү авар51 элине бириккен 20 миңге жакын
адам52 болгон.
Түркүттөр Волганы кечип өтпөстөн Урал боюндагы талааларды баш ийдирүү менен
чектелишкен. Ушуну менен Истеминин батыштагы жортуулу аяктаган. Төрт жылдын
ичинде жетишилгендин баары кагандыктын алдына бир катар жаңы саясий милдеттерди
койгон.
Бүткүл азиялык талааны кучагына алган бирдиктүү дөөлөттүн пайда болушу
Кытайдын, Византиянын жана Ирандын дипломатиясы үчүн зор маанидеги фактор болуп
калды.

VI к. 50-жылдарынын акырындагы Кара деңиз боюндагы саясий жагдай, негизинен
Византиянын аяр жана алысты көрө билген саясатынын натыйжасында өтө татаал жана
оор болгон. Днепрдин жана Дондун чатындагы аймакты болгарлардын кутургур эли ээлеп
турган. Аларга уруулаш утургурлар Кубанда жашаган. Византия кутургурлардын Фракияга
чабуулунан жапа тартып, белектерди берип жана элчилерди жиберүү менен
утургурларды кутургурларга каршы согуш аракеттерине түрткөн. Юстиниандын айлакер
саясаты бул тууган урууларды дээрлик бири-бирин кырып жок кылууга чейин жеткирген53
.
Утургурлардан чыгыш жакта Кума дарыясынын районунда жана Дагстанда өтө жоокер
сабир уруусу жашаган. Сабирлер византиялык- персиялык согушка, адегенде Иран
тарабында, андан кийин ага каршы активдүү катышкан. 552-жылы алар Агванияны жеңип
алып, бирок 554-жылы эле перстер54 тарабынан талкаланган.
Кубандын жээгинде Византиянын ишенимдүү союздаштары аландар жашаган. Алар
аркылуу гректер жаңы варвар элдин — аварлардын пайда болгондугу жөнүндө биринчи
жолу кабар алышкан.
Аварлар Кара деңиз боюнда. Түркүттөрдүн жортуулунан качкан аварлардын абалы
бир караганда үмүтсүздөй көрүнгөн: алардын артында бир кыйла күчтүү душман турган,
алардын алдында согушка көнгөн жана жеңе билген, күчтүү, көп сандуу жана бай элдер
турган. Аварлар малынан да, туулуп өскөн өлкөсүнөн да ажыраган жакыр качкындар
болгон. Алар эмне үчүн жана кандайча аман гана калмак турсун, жеңип да
чыгышкандыгын ошол мезгилдеги саясий кырдаалды кунт коюп карап чыгуу менен гана
түшүндүрүүгө болот.
Аварлардын биринчи милдети душмандан оолак кетүү болгон. Ондой берди болуп
ошол мезгилде Орто Азияда эфталиттер активдешип, "Аварлар асманга учуп кеткидей,
түрктөрдүн кылычынан кутулуп кеткидей канаттуу эмес, алар сууга чуңгуп кирип, терең
деңиз айлампасына барып жоголгудай балык да эмес, алар жер кезип тентип жүрүшөт.
Эфталиттерди талкалап бүткөндөн кийин, аварларга кол саламын, ошентип алар менин
күчүмөн кутулуп кете албайт"55деп айткан Истемини алагды кылып турушкандыктан
аварлардын максаты ишке ашты.
Эфталиттерге каршы активдүү аракеттерди Истеми 561-жылы гана, Хосрой Ануширван
Юстиниан менен тынчтык келишимин түзүп, чыгышка көңүл бурууга жетишкенде гана
баштаган. Орто Азияда тыянак тынчтык келишими 571-жылы түзүлгөн жана түркүттөр
ошондо гана батышка кайрадан көңүл бура алышкан, бирок мындай тыныгуудан
ийгиликтүү пайдаланышкан аварлар эми Истеми хан үчүн кол жеткис болуп калышкан.
Түркүттөрдөн качып алыстаган соң аварлар өздөрүнө союздаштарды издей
башташты. Алар аландардын жолбашчысы Саросийден56 Византия менен жакындашууга
көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү. Саросий аварларга макул болуп, алардын элчисине Лазикага
жетүүгө жардам берген. Ал жактан элчи аны ишенимсиздик менен көңүлсүз кабыл
алышкан Константинополго жеткирилген. Бирок Юстиииан башында мечник Валентин
турган элчиликти жооп катары жөнөткөн. Валентин аварларга белектерди алып келип,
империянын башында Иран турган душмандарына каршы аракеттерди баштоону сунуш
кылды. Ошентип, аварлар менен аландардын ортосунда келишим түзүлгөн (558-жыл) .
Бирок Византиянын душмандарына кол салуунун ордуна аварлар анын союздаштарын
каптап киришкен.
Алардын биринчи курмандыгы сабирлер болуп калды, анткени бул "вар" деген жаңы
элди V к. ортосунда өздөрүнө катуу сокку урган азиялык аварлар (абар) катары кабыл
алышкан. Мындай жаңылыштык сабирлердин арасына дүрбөлөң түшүрүп, аварлардын
жеңип чыгышына түрткү болгон. Анчалык чоң эмес лингвисттик жаңылуу мына ушуга
алып келген. Сабирлердин артынан империянын ишенимдүү союздаштары утургурлар,
төмөнкү Дондун сол жээгинде жашаган залдар да жапа тартышты. Андан кийин аварлар
Донду кечип өтүшүп, анттарды талкалап кирип, бул элди таптакыр талап-тоноого дуушар
кылышты.
Кайсы бир убакта Кавказда аварларды аландар колдогон сыяктуу эле Кара деңиз
боюнда бул роль кутургурлардын үлүшүнө туура келди. Аварлар менен кутургурлардын
ортосунда союздун түзүлгөндүгүнө түздөн-түз көрсөтмөлөр булактарда камтылбаса да
окуялардын бүткүл жүрүшү жана кыйыр маалыматтар мындай союз болгон деп
божомолдоого мүмкүндүк берет.
551-жылдан 558-жылга чейин кутургурлар Византия империясынын чек араларына
жакындап келүүгө батына алышкан эмес. Мунун себеби белгилүү: кутургурлардын чыгыш
чек арасы византиялык аяр дипломатиянын аркасында утургурлар тарабынан коркунуч
астында турган, ал эми батыш чек арада Кара деңиз боюндагы талаалардан тартып
түндүккө карай бүткүл токой-талаа тилкесинде жашап жаткан көп сандаган ант уруулары
коркунуч келтирип турган. Менеандар аварлар "утургурларга каршы согушту башташты"
деп жазган, андан кийин жортуулдардын натыйжасында анттардын жерин тыптыйпыл
кылышкан. "Анттардын акимдери жакырлык абалда калышып, үмүттөрүн үзүшкөн"
57
.
Тилекке каршы, Менандр анттар эмнеден үмүт үзүшкөндүктөрү тууралуу кабарлабайт,
анын үстүнө анын баянында ушунчалык көп нерселер айтылбагандыктан, аварлык-
византиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө анын кабарларын сын көз менен
кайра карап чыгуунун зарылчылыгы пайда болот.
Валентиндин элчилигинен кийин аварлар Византиянын тарапкерлерин —
сабирлерди, утургурлары жана анттарды талкалашкан. Бул аракеттер Византиянын
таламдарына кескин карама-каршы болгондуктан, мында, албетте, Иран утушка ээ
болгон.
Иш жүзүндө, аварлар Константинополго гана кайрылышты, ал түгүл сүйлөшүүлөр
ордунан чыккан күндө да Ктезифонду тоотушкан жок деп айтууга дегеле мүмкүн эмес.
Аварлар менен персилердин ортосунда союз түзүлгөндүгү жөнүндө божомолду кабыл
алсак, анда эмне үчүн аварлар Кавказды таштап кетүүгө мажбур болгондугу түшүнүктүү
болот. Византиянын ишенимдүү союздашы, аландардын князы Саросий мындай
шарттарда аварларга жардам көрсөтө алмак эмес, ал эми мындай жардамдан ажыраган
аварлар жеңишке жетишкендигине карабастан Кавказдын этегинде кармалып тура
алышпады, анын үстүнө алардын аркасында түркүттөрдүн коркунучтуу күчү турган эле.
Бирок гректердин душманы болгон кутургурлардын Заберганы Византияга жана анын
достору утургурлар менен анттарга каршы күрөшүү үчүн аварлар менен союздаш
болгонго, албетте, кубанычта болушту. Чынында эле, утургурларды талкалагандан кийин
аварлар кутургурларды тыл жагынан коопсуз кылар замат Заберган Балкандын ары
жагына жаңы жортуул жасады жана Константинополдун дубалдарына чейин жетти. Ошол
эле убакта, аварлардын элчилигинен кийин дароо эле Константинополдо түркүттөрдүн
элчилиги пайда болду (558-жылдын июлу) жана ал элчиликти жакшы кабыл алышты.
Кыязы, ал да грек-авар мамилелеринин салкын тыртышында роль ойносо керек.
Мына ошентип, 558-жылы персиялык дипломатия Византия үчүн жаңы күчтүү
душманды түзүү менен жана кооптуу коңшуларын өз чек араларынан Балканды көздөй
жөнөтүп жиберүү менен жеңишке жетишти. Андан аркы окуялардан көрүнүп тургандай,
персиялык-авардык союз 628-жылга чейин жашады жана Византия империясын аз
жерден талкалаган жок.
Анттар аварлар менен макулдашууга аракеттенишип, аларга адегенде туткундарды
бошотуп алуу максаты болгон элчи Мезамирди жиберишкен. Мезамир аварларга
келгенден кийин өзүн опсуз тоотпогондук маанайда алып жүргөн соң анын элчилик
абалына карабастан аварлар тарабынан өлтүрүлгөн. Элчини өлтүргөндөн кийин аварлар
анттарды талап-тоноону жана багындырууну уланта беришти.
Мындай жигердүү союздаштын колдоосуна таянып, кутургурлардын ханы Заберган
чыгыш жактан ага эч ким коркунуч туудурбайт деп эсептеп, склавиндер менен союз түзүп,
Византияга каптап кирди. 559-жылы мартта ал Дунайдан муз аркылуу өтүп, өзүнүн
аскерлерин 3 отрядга бөлгөн: биринчиси Макендония аркылуу Элладага карай жылып,
Фермопилге кирип келди, экинчиси Фракиянын Херсонесин коргогон чыңдоолорго
коркунуч туудурду, өзү башында турган үчүнчү отряд жер титирөөдөн кыйраган жана
шалакылыктын айынан калыбына келтирилбеген Узун дубалдын тешиги аркылуу өтүп
барды.
Константинополдо дүрбөлөң башталды: эбак унутта калган кары аскер башчысы
Велизарийди табышып, ал варварларды борбордон кууп чыкты. Башка отряддардын да
мизи майтарылды. Бирок буга карабастан Заберган Фракияда өзүнүн лагерин
жайгаштырып, ага бир кыйла сумма төлөп беришкенче жана утургурларга бергендей
"белектер" убада кылынмайынча талап-тоноосун уланта берди. Ошондон кийин гана
кутургурлар Фракияны таштап кетишти.
Юстиниан дароо утургурлардын жолбашчысы Сандилх менен байланышып, ошондон
кийин утургурлар Забергандын Фракиядан кайтып келаткан отряддарынын бирине кол
салып, аны жок кылып, тартып алынган олжону Сандилх гректерге кайтарып берген.
Мына ушулардан кийин болгон согуш эки элди тең ушунчалык алсыратып, ошончолук эле
көлөмдө аварлардын пайдасына кызмат кылды.
565-жылы Юстин II өзүнүн империясын жетиштүү кубаттуу деп эсептеп, аварларга
белектерди төлөөнү токтоткон. Бирок аварлардын күчү өсө берди. 565-жылы алар
Тюрингияны талкалап, франктардын королу Сигезбертке каршы ийгиликтүү согуштарды
жүргүздү. 567-жылы аварлар лангобарддар менен биригип, буга чейин Византия жардам
берип келген гепиддерди жок кылды жана Тисса өрөөнүн ээлеп калышты.
Бир жылдан кийин, лангобарддар Италияга кеткенден кийин аварлар бүткүл
Паннониянын ээлеп, Борбордук Европага коркунуч туудуруп калды. Алардын күчүн
аварлардын ханына толугу менен баш ийген анттардан, батыш славяндардан жана
кутургурлардан турган көмөкчү аскерлер түзгөн. Аварлардын биринчи ханы Баян
Византияны коркутуп, 568-жылы кекирейүү менен мындай деп билдирген: "Мен мындай
адамдарды Рим жерине кууп жиберем, алар таптакыр кырылып калышса да менин
кабыргам кайышпайт" . Ошентип ал 10 миң кутургурду жортуулга жиберген58
.
Жогоруда сыпатталган окуялар VI к. 60-жылдарындагы эл аралык саясаттын сырын
айкындап турат. Иран менен Византия келишпес душмандар болушкан. Византиянын
душмандары сыяктуу эле аварлар үчүн Иран менен союз түзүү зарыл болгон, ал эми
аварлардын душманы болгон түркүттөр Византия менен ынак достук мамиледе боло
алган.
Бирок күчтөрдүн мындай жайгашуусун түркүттөргө да, Иранга да кас эфталиттердин
мамлекетинин болушу татаалданткан. Ошондуктан Истеми ханга Юстин менен
сүйлөшүүлөргө караганда Хосрой Ануширван менен союзда болуу бир кыйла пайдалуу
болгон 59 . Болжол менен 560-жылы перстер менен түркүттөр чабуул коюу союзун
түзүшкөн, бул союз, биринчиден, "Пероздун шахынын өлүмү үчүн өч алуу"60 экинчиден,
Согдиананын гүлдөгөн шаарларына ээ болуу үчүн түзүлгөн.
Эфталиттер эки, ал түгүл үч фронтто согушууга аргасыз болгон, анткени эфталиттердин
падышасы Михиракула Кашмир менен Пенжабды ээлеп туруу менен индиялыктарга
каршы айыгышкан согуш жүргүзгөн61
.
Эфталиттерди талкалоо. Сасаниддик Ирандын чыгыш саясаты анчалык жетиштүү
изилденген эмес, бирок булактарда сакталып калган айрым маалыматтар деле
изилдөөчүнү ал саясат ийкемдүү жана кыраакылык менен жүргүзүлгөндүгүнө ынандырат.
Маселен, Түндүк-Чыгыш Кытайдын таасиринин күчөшү Иранда дароо эле байкалып, 555-
жылы эле Чанъянга перстердин элчилиги келген. Ошол эле убакта түркүттөргө элчилик
жиберилип, (бул, албетте, мурунураак болгон), натыйжада Истеми хандын кызы менен
шахтын никеси аркылуу бекемделген союз түзүлгөн62
.
Эфталиттер өздөрүнүн союздаштарын — жужандарды жоготкондон кийин
тынчсызданышып, ал түгүл 553-жылы Кытай менен мамиле түзүүгө аракет кылышкан,
бирок Батыш Вэйдин башкаруучусу Юйвынь Тай түркүттөр менен союзда болгондуктан,
эфталиттердин ниетине макул болушпаса керек. Эфталиттердин өздөрүнүн арасында
биримдик болгон эмес. Катулф деген улуу даражалуу төрө Гатфар падышаны согуш
чыгаруудан токтотуп калат, бирок аны текебер падыша кемсинтип койгондуктан өзүнүн
уруулаш тарына чыккынчылык кылып, перстердин шахына63 качып кеткен.
Активдүү согуш аракеттери 560-жылы Гатфар тукургандан кийин башталган. Кагандын
шаханшах менен тыгыз мамилелерине тынчсызданып, ал мындай жакындашууга
тоскоолдук кылуу үчүн баарын жасамак болду. Согда аркылуу келаткан түркүттөрдүн
элчилигинин бир атчандан башкасы бүт бойдон мууздап өлтүрүлгөн. Дал ошол тирүү
калган түркүт Истеми ханга кайгылуу кабарды алып келген64. Мына ошентип, согуш сөзсүз
чыга турган болуп калат. Истеми колдо болгон аскерлеринин баарын топтойт. Алардын арасында мурда эфталиттердин букаралары болуп келген хотандар да болгон65. Хосрой
Ануширван өзүнүн союздашынан мурда озунуп, 562-жылы эфталиттерге биринчи соккуну
урган66, бирок согуш ушуну менен бүтүп калган жок.
Түркүттөрдүн авангардынын биринчи курмандыгы Чач (Ташкент) болгон, мында
түркүттөр кылычтап өлтүрүүнү уюштурушкан67. Андан кийин түркүттөрдүн башкы күчтөрү
Чырчык суусу аркылуу өтүп68, Маймуркта өзүнүн авангарды менен бириккен69. Эфталиттер
Бухаранын жанына топтолушкан70, бирок Гатфар түркүттөрдүн атчандары артыкчылыкка
ээ болгон түздүктө согушка киришүүгө батына албай, тоого карай чегинген жана Несефтин
(Карши) жанында согушка кирген71
.
Фирдоусинин сөзү боюнча, түркүттөр чабуул жасап киргенде согдулар мөгдүрөп азап
чегишкен, ошентсе да эфталиттер үчүн согушууну каалашкан эмес. Несефтин жанындагы
салгылашуу сегиз күнгө созулуп, эфталиттердин толук кыйрашы менен аяктаган (565-жыл).
Аман калгандары эфталиттер дөөлөтү үчүн өз алдынчалыктын мезгили бүткөндүгүн
түшүнүп, Гатфарды тактан түшүрүшкөн жана чаганиандык князь Фагоништи падышалыкка
шайлашып, аны Хосрой Ануширванга баш ийүүгө милдеттендиришкен, алардын ою
боюнча түркүттөргө каршы тура алмак.
Хосрой бир эле убакта кагандын катын жана Фагоништен баш ийип берүү жөнүндө
сунушун алып, бирок экөөнө тең жооп берген эмес. Батыш чек араны ачык калтыруудан
чочулаган төбөлдөрдүн пикирине карабастан ал өз аскерлеринин башында болуп,
Хорасанга карай чабуул жасаган72
.
Жалпы душман талкалангандан кийин союздаштар бири-бирине карата душманга
айланган. Ушул убакка чейин жалпы душманды талкалоонун зарылчылыгын басаңдатып
келген кагандык менен Ирандын ортосундагы пикир келишпестиктер эми ачыкка чыгып,
өтө терең, ал түгүл келишпес болуп калган. Бирок аларды териштирүүгө биз төмөндөгү
бапты арнайбыз, ал эми азырынча эфталиттерге кайра кайрыла туралы.
Куралдын жана каардын күчү менен Орто Азияда гегемондукка жетишкени менен
эфталиттер өздөрү багындырган өлкөлөрдө кеңири белгилүү боло алышпады.
VI кылым Орто Азия үчүн экономикалык жана маданий жактан жогорулоонун мезгили
болгон. Шаарлар өскөн жана байыган, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жана соода гүлдөгөн.
Бул убакта согдулар тажрыйбалуу жана шыктуу далдалчы көпөстөр катары чыгышкан.
Алар Кытай менен Жер Ортолук деңизинин ортосунда үзгүлтүксүз байланышты түзүп, бул
үчүн байыркы кербен жолдорун пайдаланышкан. Бирок соодага жужандардын
каракчылыгы жана эфталиттердин коңшулары менен жүргүзгөн туруктуу согуштар
тоскоолдук кылган. Талааны жана Согдиананы бириктирген түркүттөр соода үчүн эң сонун
мүмкүнчүлүктөрдү ачышкан, ошентип, согду көпөстөрү түркүт хандарынын ишенимдүү
букаралары болуп калышкан. Түркүттөргө мындай калыс букараларга ээ болуу пайдалуу
болгон. Ошентип, Орто Азия Кагандыктын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Түзүлгөн абал
эфталиттерге реванш алуу жолун кесип таштады жана аларды өз тоолорунда бекинип
жатууга мажбур кылды, ал жерде алардын калдыктары биздин мезгилге чейин аман
калышкан.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ЖИБЕК ЖАНА КЕРБЕН ЖОЛУ
Кербен соодасы. Эфталиттерди жана түндүк кытайлык падышачылыктарды
талкалагандан кийин түркүттөр саясий гана эмес, экономикалык да кубаттуулукка
жетишти, анткени Батыш менен Чыгышты бириктирген улуу кербен жолу алардын
колунда болуп калды.
Бул жол Чанъяндан башталып, тоо кыркаларынан агып түшкөн суулар сугарган көп
сандаган өрөөндөр аркылуу Наньшандын тоо этектерин бойлото кеткен. Жолдун бул
бөлүгүнөн өтүү жеңил келген, бирок андан кийин чөл аркылуу кеткен Хами оазисине
чейинки жол өтө татаал болгон да, андан ары Люкчун ойдуңунан Турпанга карай
бурулган. Ушул эки оазис жана дагы бир канча коңшулаш оазистер биригип өз алдынча
Гаочан княздыгын түзгөн. Анын калкы жаңы мекенине биротоло байыр алган, кытайлык
көчкүн аскерлердин тукумдары болгон.
Гоачандан кербен жолу экиге ажыраган. Анын бир тармагы Теңир-Тоонун түштүк тоо
этектери боюнча Карашаар, Куча жана Ак-Суу аркылуу өтүп, андан кийин Ысык-Көлдү
бойлоп Чүй дарыясынын өрөөнүнө, андан Талас өрөөнү аркылуу Исфарага кеткен. Экинчи,
түндүк тармагы да Гаочандан башталып, түштүк Жуңгария боюнча Үрүмчү, Манас, Күркүрө
суусу жана Ирэнь-Шабирган тоолору боюнча Иле дарыясынын өрөөнүнө жеткен, андан
ары түштүккө, Орто Азияга бурулган. Мындан тышкары дагы бир татаал жол Теңир-Тоонун
ашуулары аркылуу Карашаардан Юлдуз өрөөнү аркылуу Иле өрөөнүнө түшкөн, бирок бул
жолду сейрек пайдаланышкан1
.
Орто Азияда кербендер эс алышкан. Эң ири которуштуруу пункттарынын бири
Пайкент шаары болгон. Ал жактан жол Хорасан аркылуу Рейге жана Хамаданга,
византиялык Несевия (Низиб) чеби аркылуу Сирияга жана Константинополго кеткен.
Кытай деңизинен Персиянын чек арасына чейин 150 күндүк жол болгон, ал жактан Рим
чек арасындагы Низибге чейин дагы 80 күндүк жол болгон2
.
Соода өтө жандуу жана кирешелүү болгон, бирок муну натуралай чарбанын
шарттарында жашап жаткан эл массасы эмес, азем буюмдарга муктаж социалдык
төбөлдөр тейлеген. Кытайлар Ирандан өзүнүн императорлорунун аялдары үчүн өтө
кымбат баадагы каш боёочу атактуу осмону алып турушкан. Вавилондук килемдер да өтө
сейрек учуроочу товарлардан болгон. Эң акырында, Кытайга сириялык таза жана жасалма
асыл таштар, Кызыл деңиздин шурулары жана берметтери, Сирия менен Египеттен
кездемелер, Кичи Азиядан баңги заттары ташылып келинген3
. Бирок, сооданын эң
маанилүү буюму жибек болуп, ал Европага Августтун заманынан бери түшө баштаган4
.
Византиянын жибекке болгон керектөөсү өтө зор болгон, анткени сарайдын жана
аристократиянын муктаждыктарынан тышкары жибек варварлар менен мамилелерде,
атап айтканда, көмөкчү аскерлерди жалдоодо валюта катары пайдаланылган.
Юстиниандын дүйнөлүк үстөмдүккө умтулуусу византиялык өкмөттү англосаксондук
падышачылыктарды кошуп алганда Европанын бардык мамлекеттери менен
дипломатиялык байланыштарды түзүүгө аргасыз кылган. Белектерге, паралоого,
жоокерлерди жалдоого зор өлчөмдөгү жибек талап кылынган. Жибек үчүн Византия Европадан союздаштарды да, жалдангандарды да, ар кандай товарларды да, кулдарды
да алып турган. Сооданын аркасында Юстиниан дүйнөлүк саясатты жүргүзө алган, ал анын
бийлигине бүткүл Жер Ортолук деңизин дээрлик баш ийдирген. Византияда жибек алтын
жана асыл таштар менен бирдей бааланган5
.
Бирок бул эң кымбат товар менен Византияны жабдып турган жол Түндүк Иран
аркылуу өткөн жана Сасанид өкмөтү бул кербен соодасынын үстүнөн контролду колунан
дегеле чыгарган эмес. Кайра иштетүү үчүн жибек сырьёсунун өтө көп бөлүгүн өзүнө
калтыруу менен ирандыктардын өзү каалаган баасы боюнча батыш өлкөлөрүнө өзүнүн
буюмдарын сатууга дайыма мүмкүнчүлүгү болгон6
.
Византия империясынын бошоңдошуна аракет кылып, перстер албетте, анын товар
жүгүртүүсүнүн өсүшүнө эмес, жибекке баанын жогорулашына умтулушкан. Анын максаты
Византиядан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча өндүрүп алып, аны саясий жана аскердик
жактан бошоңдотуу болгон. Товардын жүгүртүлүшүнүн өсүшү Иран үчүн пайдасыз болгон,
анткени Византия жибектин баасы кандай болсо да аны европалык базарда кайра сатуу
менен ордун толтуруп алган, мунун өзү ага согуштук потенциалын арттырууга жардам
берген. Ошондуктан перстер жибек менен соода жүргүзүүнү тыкандык мененжөнгө
салып, ага жогору гана баа койбостон, Батышка ташылып кетүүчү жибектин санын да
чектеп турган7
.
Албетте, Византия түзүлгөн мындай абалга макул боло алган эмес, анткени жибек
үчүн ашык төлөө менен өзүнө кас Ирандын күчөп кетишине көмөк көрсөткөн.
Согуштардын ортосундагы аралыктарда Констонтинополдун ордо сарайы өлкөдөн
мамлекеттин душмандарынын колуна канчалык алтын агып кетип жаткандыгын кайгыруу
менен көрүп турган8
. Бирок экономикалык көз карандылыктан бошонууга жасалган
аракеттер ийгиликсиз болду. 531-жыл тушта Юстиниан африкалык көпөстөр Инди океаны
аркылуу жибекти ташууну жөнгө салуу жана ага арачы болуу ролун өзүнө алыш үчүн
Эфиопия менен макулдашууга аракет кылып көрдү9
, бирок перстер индиялык порттордо
ушундай эле таасирге ээ болгон соң эфиопторго алардан жибек сатып алуу монополиясын
тартып алууга мүмкүнчүлүк болбоду, ал эми 532-жылы түзүлгөн тынчтык келишими
сооданын кадимки тартибин калыбына келтирди10
.
Иран менен 540-жылы башталган жаңы согуш Юстинианды жибекке бааны атайын
буйрук менен төмөндөтүүгө аргасыз кылды, бирок персиялык көпөстөрдү бул баа боюнча
жибекти сатууга мажбурлоого эч кандай мүмкүнчүлүк болбоду. Натыйжада Сирияда
сырьёнун жоктугунан жибек токуу мануфактурасы бүлгүнгө учурады11. 570-жылы Хосрой
Ануширван Йеменди басып алып, византиялыктарга Кызыл деңиз жана Инди океаны
аркылуу чыгышка карай жолду биротоло жапты. Мына ушул убакта тарыхый оюнга жаңы
өнөктөш — Түркүт кагандыгы киришти. Жогоруда белгиленип кеткендей, түркүттөр
Кытайдан салык түрүндө зор сандагы жибекти алып турган. Хандар өз боз үйлөрүн жибек
менен жапкандыгына карабастан өздөрү алган жибектин баарын пайдалана алышкан
эмес.

Эфталиттерди талкалагандан кийин согдулар түркүт ханынын букаралары болуп
калышты. Алар илгертеден эле Чыгышта да, Батышта да шылуун далдалчылар жана
көпөстөр катары белгилүү болгон. Эфталиттик кожоюндарды түркүттүк кожоюндарга
алмаштыруудан алар пайда гана алышкан, анткени аларга Азиянын ички областтарына
бөгөтсүз жана коркунучсуз жол ачылмак. Согдулардын кызыкчылыгы үчүн жибек менен
соода кылуу өтө кеңейтилди, бул өзүнүн ашык жибектерин сатуунун жолун издеген
түркүттөрдүн кызыкчылыгы үчүн да кызмат кылды.
Согду Маниах. Ошентип, согду көпөстөрү эфталиттердин талкаланышы өздөрүнүн
гүлдөшүнүн башталышы деп өтө адилеттүү эсептешкен. Чынында эле, Кытайга баруучу
жол ачык жана коркунучсуз болгон, ал эми түркүттөрдүн өздөрү талап-тоноп же алман
түрүндө алынган жибекти кайда батырарын билишкен эмес, ошондуктан далдалчы буга
чейин болуп көрбөгөндөй баюу мүмкүнчүлүгүн алган. Кеп жибекти Византияга
жеткирүүдө гана болгон, бирок бул жөнүндө Персиянын шахы менен макулдашуу керек
эле. Истеми хан өзүнүн жаңы букараларынын оюн туура көрдү, анын үстүнө бул анын жан-
жөкөрлөрүнүн таламдары менен да шай келген. Ошондуктан хан ишкер согдуларда
топтолуп кеткен жибектин запастарын Иран аркылуу ташып өтүүгө уруксат алууга жетишүү
тапшырмасы менен атайын элчи катары Хосрой Ануширванга жиберүүнү өтүнгөн согдулук
Маниахтын сунушуна жандили менен макул болду. Ал түгүл элчи персиялык падышага
соодага катышууну, т.а. жибекти өзү сатып алып, аны Батышка кайра сатууну сунуш
кылды12. Согдулар мындай операцияда товардын баасы жагынан бир аз зыян тартканы
менен аны жүгүртүүнү көбөйтүүдөн бир кыйла көбүрөөк пайда алышмак эле.
Албетте, персиялык өкмөт мындай бүтүмгө бара албады, анткени бүткүл жибекти
Византияга жөнөтсө, бир канча жыл өткөндөн кийин Евфратта Ирандын бардык күчү анын
мизин кайтаруу үчүн жетпегидей көп сандаган жалданма армия турар эле. Жибекти
өлкөнүн ичинде пайдаланууга Ирандын калкынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн
төмөндөгү мүмкүндүк берген эмес. Жибекти сатып алуу менен алтынын жоготмок, батыш
саясатын жүргүзүү үчүн византиялык императорго жибек керек болгон сыяктуу эле чыгыш
саясатын жүргүзүү үчүн Иранга алтын зарыл болгон.
Хосрой союздаш хан кириптер кылган оор абалдан чыгуунун жолун издеди. Эфталит
Катулфтун кенеши боюнча алып келинген жибектин акчасы төлөнүп, элчилердин көзүнчө
өрттөлдү. Бул перстер учурдагы абалдын өзгөрүшүнө жол бербей тургандыгын согдуларга
көрсөттү13. Согдулар дароо ханга даттанып барышты, ал бул жаңжалды басмак болду. Ал
Иранга түркүттөрдөн турган жаңы элчиликти жиберди. Бирок бул элчилик да ийгиликке
жетишкен жок. Анысы аз келгенсип түркүттүк элчилердин көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир
оорудан каза табышып, үчөө же төртөө гана кайтып келишти.
Бул убакта Маниах Иран менен союзду бузууга жана Византия менен мамиле түзүүгө
ханды макулдатууга үлгүрдү. Бирок жибекти Каспий деңизин айланып өтүп, Кавказ
аркылуу ташып баруу кымбатка турмак жана кооптуу эле: түркүттөрдүн найзачыларынан
качып кеткен огорлор көпөстөрдүн кербенин оңой эле талап-тоноп же мууздап салышмак.
Иран аркылуу жол болсо кыска жана жеңил эле. Ошондуктан Истеми хан бул талашты
курал менен чечүүгө бел байлады. Ал элчилер ууландырылып өлтүрдү деп айыптап, өч
алуучу катары чыкты14
Боло турган согуштун олуттуулугун толук түшүнүп, хан союздашка ээ болууга
шашылды. Ал ошол эле Маниах башында турган элчиликти Константинополго жөнөттү,
ага император Юстин менен соода келишимин гана эмес, Иранга каршы согуштук союзду
түзүү тапшырылды. Маниах Константинополго Кавказ аркылуу жетти. Ал дал өз убагында
келген эле. 568-жылы лангобарддар Италияга каптап кирип, император Юстин II
империянын казнасын Юстиниандын убагында ушунчалык куруткан активдүү батыш
саясатынан акылдуулук кылып баш тартты. Анын үстүнө Персияга каршы согуштун кайра
башталышы сөзсүз эле, ошондуктан кубаттуу союздаштан баш тартуунун кереги жок эле.
Ошондуктан император түркүттөрдүн элчилигин мээримдүү кабыл алып, бул союзду
ырастоо үчүн 568-жылы августта үйүнө кайтып бараткан Маниах менен бирге чыгыш
шаарларынын полководеци Киликийлик Земархты жиберди15. Истеми хан византиялык
элчини кадырлап кабыл алып, өзүнүн ниетинин чындыгын ырастоо үчүн аны Иранга
каршы жиберилген аскерлерди коштоп барууга чакырды.
Хосрой согушту каалаган жок эле. Талас дарыясынын өрөөнүндө түркүттүк
аскерлерди персиялык элчилик тосуп алды, бирок тойдо хан персиялык элчилерге
караганда Земархты кадырлуу орунга отургузуп, анын көзүнчө элчилерге жемелөө сөздөр
менен кайрылды. Персиялык элчилер согуш жөнүндө кабар менен Иранга кайтышты.
Ошондон кийин гана хан Земархты коё берип, өзү Маниахтын уулу жана полномочиелүү
элчи-түркүт Тагма-Тархандын коштоосунда Константинополго кайтып келди16. Маниахтын
өзү бул убакта дүйнөдөн кайтып, бирок Византия менен кагандыктын союзу аны түзгөн
Хосрой өтүп кеткенден кийин да улантышты жана персиялык падышаларды араб
халифатары алмаштыргандан кийин деле улантыла берген Иран менен кастык сыяктуу эле
хазар кагандарына мурас боюнча өттү.
Эфталиттик мурасты бөлүштүрүү. Согуштун келип чыгышынын расмий шылтоосу
Истеми хандын перстер мурда эфталиттерге төлөп келген салыгын талап кылгандыгы
болгон17. Мындан баш тартуу толук мүмкүн эле, ошондуктан хан туура үстүнөн чыкты.
Түркүттөрдүн атчандары тез эле Аму Дарыяны кечип өтүп, Журжанда мурда перстер ээлеп
келген соода шаарларын жана сирлердин18 портторун" басып алды19. Бирок V к. эле
эфталиттерге каршы перстер курган чек ара чептери түркүттөр үчүн өтө алгыс болуп
чыкты. Чабуул токтотулат да, 569-жылы түркүттөр Согдианага кайтып келишет20. Ушуну
менен согуш аракеттери да аяктайт, анткени Истеми хан шахан-шахтын жакшы үйрөтүлгөн
туруктуу армиясын тике чыгып талкалоого дегеле умтулган эмес. Византия жакында
Месопотамияда согуш баштай тургандыгын жана ал жакка персиялык аскерлер тартыла
тургандыгын билип, ал азырынча эфталиттик мурасты бөлүшүү жөнүндө макулдашмак
болду. 571-жылдагы келишим боюнча Хосрой Ануширван Синдди, Бостту, ар-Рохажды
(Арахозияны), Забулистанды, Тохаристанды, Дардистанды жана Кабулистанды алды.
Мындан тышкары, перстерге эфталит ханы Фагоништин мурастык жери — Чаганиан баш
ийип калды21. Түркүттөрдүн энчисине Согдиана тийди.
Тынчтыктын түзүлүшү Хосрой Ануширван үчүн зор ийгилик болгон. Биринчиден, ал
өзүнүн падышачылыгынын чек арасын андан мурда өткөндөрдүн биринин да колунан
келбегендей алыска — чыгышка жылдырды; экинчиден ал армяндар көтөрүлүш чыгарган,
грузиндер византиялыктарга өтүп кеткен, Аравияда эфиоптор активдешкен батыштагы
согуш үчүн өзүнүн күчүн бошотуп алды жана акырында 572-жылы византиялык аскерлер
жортуулга чыгып, Низибди курчоого алышты. Өзүнүн жакшы үйрөтүлгөн аскерлерин
батышка которуп, Хосрой согуш аракеттеринде тез эле бурулуш жасады жана 573-жылы
Даруну алды22. Чынын айтканда, бул ийгиликтер менен ал аргасыздан аракетсиз калган
түркүт ханына милдеттүү эле: түркүттөрдүн келишпес душмандары болгон аварлар
Савадан тартып Донго чейинки талааны ээлеп алышкан, Ошентип Истеми ханга өзүнүн
чабуулун түштүктөн батышка которууга туура келди. 567-жыл менен 571-жылдын
аралыгында түркүттөр бүткүл Түндүк Кавказды ээлеп алышты23 жана Боспорго жакын
жерде Византия империясынын ээлеген жерлерине тутумдашты. Балким, алар өзүнүн
достору жана кеңешчилери болгон согду көпөстөрү үчүн жаңы кербен жолун ачууга
умтулган чыгар.
Перстер жана аварлар эки жагынан кысып кирген Византия хан менен союз түзүүгө
жанталашты. Жакынкы жылдарда түркүттөргө Евтихийдин, Иродиондун, Киликийлик
Павелдин жана Анангасттын элчиликтери жиберилди24. Бул союз бекемдеп, Чыгыш менен
Батыштын ортосунда көпүрө салынгандай көрүнгөн эле, бирок окуя тескерисинче өнүктү.
Византия менен согуш. 553-жылы Византия өзүнүн жибек өнөр жайын иштете
баштады 25 . Прокопий Кесарийскийдин сөзүнө караганда, Константинополго жибек
пиллаларды эки христиан кечили, ал эми Феофан Византийскийдин сөзү боюнча, көзөлгөн
таяктын ичине катып, бир перс жеткирген имиш. Н.В. Пигулевская пиллалар согду
шаарларынан алып келинген26 деп божомолдойт, ал эми Феофандын айткандарына
таянган М.Е. Массондун пикири боюнча пиллалар Журжандан алып келинген 27
.
Жибекчилик Константинополдо, Бейрутта, Тирде жана Антиохияда өнүккөн. VI к.
акырында жибекти импорттоо жөнүндө маселе Византия үчүн мурункудай мааниге ээ
болбой калган28 жана түркүттөрдүн жибек монополиясына ээ болуу үмүттөрү ордунан
чыкпай калган. Атаандаштык аларды жибек буюмдарына бааны төмөндөтүүгө
мажбурлады, мунун өзү соодадан түшкөн пайданы бир кыйла азайтты.
Жибек менен соода кылуудагы атаандаштыктан тышкары византиялык- түркүттүк
мамилелердин салкындашына авар маселеси түрткү берген. 568-жылдагы келишимге
ылайык Византия аварлар менен тынчтык жана союз түзбөөгө милдеттеген болучу,
ошондуктан авар элчилиги тынчтык жөнүндө жана Паннонияны басып алууга мүмкүндүк
берүү жөнүндө өтүнүч менен Юстинге келгенде ал мындай өтүнүчтү аткаруудан баш
тарткан болучу 29 . Ага карабастан, аварлар Паннонияга бекемделип алышып,
византиялыктарга сокку урушуп, аларды 570-жылы тынчтык келишим түзүүгө аргасыз
кылышкан30
.
Мына ушул эки кырдаал саясий жактан кайра топко бөлүнүшү үчүн жетиштүү болгон.
Түркүттөр Волгада жаңыдан эле баш ийдирилген уруулардын чөйрөсүндө болгон,
алардын баш ийгенинин бир гана себеби: ага чейин түркүттөрдүн оор куралдуу
атчандарына теңтайлаша турган душман жок болгон. Аварлардын күтпөгөн жерден күч
алышы түркүт кагандыгынын бардык душмандары үчүн, биринчи кезекте кутургурлар
үчүн өзүнө тартуу борборун түзгөн жана түркүттөрдүн өздөрү үчүн да коркунуч болгон.
Бирок аварлар гепиддер жана гректер менен согушка алагды болуп, согуштун натыйжасы
айкын болуп турганда түркүттөр алсыз душманды тоотпой коё алышкан. Аварлар кубаттуу
мамлекетти түзүп, Византия менен түзүлгөн тынчтык келишими менен өзүнүн
коопсуздугун камсыз кылгандан кийин түркүттөр тынчсызданбай коё албады. Ошентип,
чынында эле, Валентиндин элчилигин 576-жылы мурдагыга караганда таптакыр башкача
кабыл алышкан.
Элчини сегиз дубандык княздардын бири Түрксанф кабыл алган (бул убакта
түркүттөрдүн дөөлөтү улуу ханга баш ийген сегиз дубандан турган). Валентиндин айткан
саламына ал мындай деп жооп берген: "Он тилди жана бир алдамчылыкты колдонгон
римдиктер деген силер болуп жүрбөгүлө?" Ушул сөздү айткандан кийин оозуна он
манжасын тыгып, мындай деп уланткан: "Менин оозумдагы он манжа сыяктуу эле
силерде, римдиктерде, тилиңерге сан жетпейт. Бири менен силер мени, экинчиси менен
менин вархонит кулдарымды алдап жатасыңар... Силердин падышаңар учуру келгенде
мени менен досторчо сүйлөшүп, ал эми өзүнүн ээлеринен качып кеткен менин кулдарым
вархониттер (ал аварларды айтып жатат — Л.Г.) менен келишим түздү. Бирок вархониттер
түрктөрдүн (түркүттөрдүн — Л.Г.) букаралары катары мен каалаганда өзүмө келишет...
Эмне үчүн силер, римдиктер, мындан башка жол жок деп мени ишендирип, Византияга
бараткан менин элчилеримди Кавказ аркылуу алып өттүңөр? Силер муну жасап
жатканыңардын себеби бул жолдун татаалдыгынан мени Рим жерлерине кол салуудан
баш тарттыргыңар келип жатат. Бирок мага Данапр дарыясы кайда экендиги, Истр кайда
барып куя тургандыгы, Эвр кайсы жакка агаары жана менин кулдарым вархониттер
кандай жолдор менен Рим империясына өткөндүгү белгилүү. Силердин күчүңөр да мага
маалым. Мага күндүн алгачкы нуру чачыраган жерден тартып батыштын чектерине
чейинки бүткүл жер жүгүнүп турат. О, шордуулар, өз күчтөрүнө ишенип, жеңилбес түрк
элине каршы турууга батынган кайраттуу алан элин, утигурлар урууларын карагылачы,
бирок алар куру үмүткө жетеленип алданып калышты. Эми минтип алар биздин
букаралыгыбызга өтүп, биздин кулдарыбыз болуп калышты31

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   eldar96   10 Сентябрь 2018 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бул текст бизге түркүттөрдүн тышкы саясатындагы бурулушту билдирип турат, бирок
Менандрдын баяндамасында Түрксанфтын айткандары толук айкын-ачык эмес. Түрксанф
кабардар болсо да Византия аварлар менен түзгөн тынчтык келишими гректер Дунайда
урган оор соккудан кийинки аргасыз тынчтык экендигин билбей коё алмак эмес.
Валентиндин актанышына жүйө деле табылмак, бирок мунун ордуна ал ага коопсуздукту
гарантиялаган өзүнүн элчилик абалына, Түрксанфтын атасы менен илгертеден достугуна
д.у.с. таянган. Кыскасын айтканда, ал өзүн күнөөлүүдөй алып жүргөн. Мунун себебин араб
тарыхчылары Табари менен Саалиби түшүндүрөт. Хосрой Ануширвандын согуштарын
сыпаттоодо византиялыктарга каршы жүрүштөн кайтып келгенден кийин Хосрой
хазарларга (т.а. батыш түркүттөргө. — Л.Г.) каршы кайрылып, алардын жазасын
бергендигин 32 кабарлашкан. Бул кабардын күнүн Саалиби белгилеген эмес, бирок
Антиохияны алгандан кийин коюлган; табари болсо бул жерде окуяны хронологиялык
ырааттуулукта эмес баяндайт. Чынында эле, 575-жылга чейин византиялык элчиликтер
түркүттөрдө өтө кадырлуу кабыл алынып келген, бирок 575-жылы Иран менен
Византиянын ортосунда жарашуу келишими түзүлүп, Хосрой колу бошогон аскерлери
менен өзүнүн душмандарынын союздаштарын талкалай алган. Түркүттөр болсо 570-
жылдан 576-жылга чейинки мезгилде Түндүк Кавказды багындыруу менен алек болгон.
Алардын жардамы менен Византиянын койгон адамы Гуарам Багратид Картлиде такка
отурган (575-жылы)33
. Византияга ишенишип, алар аркадан сокку урулаарын күтүшкөн
эмес.
Мындай жагдайда Түрксанфтын ачууланышынын себеби түшүнүктүү. Мамиленин
бузулушунун кесепети дароо байкалат. 576-жылы түркүттөр утургурлардын колдоосу
менен Боспорду алышат, "ушуну менен түрктөр (түркүттөр) римдиктерге каршы согуш
жүргүзгөндүгү байкалган" 34 Түркүттөрдүн чабуулу ушуну менен токтоп калган эмес. Алар
Крымга каптап киришкен, бирок, калыбы, ал жактан сүрүлүп чыгарылган. Андан кийин
түркүттөр Батыш Кавказ аркылуу кылуу Византияга жетүүгө аракет кылышкан35, бирок чек
арасы Кавказ тоо кыркасы боюнча өткөн Эгриси падышачылыгынын каршылыгына туш
болушкан. Ошондуктан алар Закавказьеге өтө алышкан эмес, ошентип 80-жылдардын
башында көп сандаган туткундарды кыруу менен чегинүүгө аргасыз болгон. Алар Түндүк
Кавказдын түздүктөрүндө жана Дагстандын тоо этектеринде Дербентке чейин гана
бекемдене алышкан. Византия үчүн түрк коркунучу өтүп кеткен.
Кытай жана кербен жолу. Эми түркүттөр, согдулар, перстер жана гректер үчүн
ушунчалык пайдалуу болгон соодадан жибек өндүрүүчү Кытай эмне пайда тапкандыгын
карап көрөлү. Эмгекчил Кытай дыйкандары бул баалуу товарды өндүрүшкөнү менен
өздөрү аларды дээрлик пайдаланышкан эмес, анткени салык өтө жогору болуп, тынымсыз
чогултулуп турган. Жибек үчүн алынган асыл буюмдар негизинен ордодогулардын
керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кеткен жана ички рынокто байкаларлык роль
ойногон эмес. Анысы аз келгенсип, алар сыртка ташылып чыккан жибекке караганда бир
кыйла арзанга турган, ошентип, Кытай үчүн бүтүндөй алганда бул соода чыгым гана алып
келген. Бирок Бэй-Чжоунун өкмөтү бул абалды өзгөртө алган эмес, туурасын айтканда,
өзгөртүүгө батынган эмес, анткени анын саясий ийгиликтери бүт бойдон түркүт
хандарынын текебердигине көз каранды болгон: Бэй-Ци жана Тогон түркүттөрдүн
жардамы менен гана талкаланган, мындан тышкары Түштүк Кытайды багындыруу алдыда
турган эле, тылды камсыз кылбай туруп буга жетишүү мүмкүн эмес болгон. Ошону менен
бирге Бэй-Чжоу династиясы кытайлык эмес, сянбилик тектен келип чыккандыгын жана
Түндүк Кытайдын ири жер ээлерине айланып кеткен кытайлашкан сянби төбөлүнө
таянгандыгын эсте тутуу зарыл. "Өрмө чачтуу" тоба тукумдары өздөрүнүн тилин жана
салт-санаасын унутуп, түпкү кытайлар үчүн жек көрүндү варварлар, кулга
айландыруучулардын тукумдары болгондугун айтуунун муктаждыгы жок. Кытай калкы
үчүн Бэй-Чжоунун өкмөтүнүн тышкы саясий багыты да жат болгон. Ушучалык кымбатка
турган түркүттөр менен союз династия талаанын салт-санаалары менен кол үзбөгөндүгүн
көрсөттү. Мындан тышкары, даосизмди жана буддизмди куугунтуктоо бул таасирдүү
уюмдарды оппозициянын катарына түрттү. Эң акырында, көп элдүү Бэй-Ци
падышачылыгынын кошулушу империяда кытай элементин күчөттү. Бирок бышып
жетилген окуяларда Гуаньлун деп аталган топ чечүүчү ролду ойноду.
Вэй династиясы кулаган катаал мезгилде көптөгөн бай кытай үй-бүлөлөрү
Шаньдундан Шэньсидеги Юйвынь Тайга көчүп кетишти жана алар Гуанчжунь жана Лунси
аймактарына барып отурукташты. Алар бул жерде жергиликтүү кытай чиновниктери жана
помещиктери менен биригишип, коңшулуктун, этностук биримдиктин жана туугандык
байланыштардын негизинде жашаган орду боюнча — Гуань (чжун) жана Лун (си) —
Гуаньлун деп аталган топту түзүштү. Акыркы бэй-чжоулук монархтардын убагында
"гуаньлун" жолбашчысы бойго жете элек императордун таятасы полководец Ян Цзянь
болгон36
.
Ян Цзянь "ачуулуу, кытмыр болгон жана китепти жаман көрүп, куулук менен
аракеттенген; ал өзүнөн коркууга мажбурлай билчү, ошондуктан анын буйруктары тез
жана так аткарылган, ал керели кечке эч чарчабастан мамлекеттик иштерди жүргүзгөн" 37
.
Анын саясий симпатиясы жана антипатиясы өзү таянган чөйрө тарабынан аныкталган.
Өлкөнүн ичинде социалдык карама-каршылыктарды жумшартууга багытталган иш
чараларды жүргүзгөн, ал эми коңшуларына карата мамилелердин курчуп кетишин артык
көргөн.
563-жылы түркүттөр менен жаңжал чыгарып, саясаттын багытын өзгөртүүгө аракет
кылган. Ал муну төмөндөгүлөр менен негиздеген: "Түркүт жоокерлери сыйлыкты да,
жазалоону да тоотушпайт, начальниктерди жакшы урматташпайт жана көпчүлүк учурда
тартипти сакташпайт. Аларды башкаруу кыйын эмес. Алардын кубаттуулугу жөнүндөгү кеп
бекер экендиги ушундан көрүнүп турат. Алар өкмөттү элчилерди марттык менен сыйлоого
түрткүлөөнү гана каалашат, анткени өздөрү ал жакка барганда өч алууну гана
үмүттөнүшөт. Ордодо жалган маалыматтарды алат, ал эми аскер башчылары алар
жөнүндө угаары менен үрөйлөрү учуп коркуп турушат. Сыртынан караганда душмандар
кайраттуудай көрүнүшөт, ал эми иш жүзүндө аларды оңой эле жеңүүгө болот. Азыр,
менин пикирим боюнча мурунку да, кийинки да элчилердин баарынын башын алуу
керек"38
.
Бирок бул сөздөр чындыкты эмес, "Гуаньлун тобунун" программасын чагылдырат.
Түрктөрдүн оор куралдуу атчандары кытайдын жөө аскерине караганда көбүрөөк
ийкемдүү гана болбостон, илгерки көчмөндөрдөн айырмаланып так маңдайдан сокку
уруу ыкмасын мыкты билишкен. 578—579-жылдардагы кагылышуулар түркүттөрдүн
согуштук жактан артыкчылыгын айкын-ачык далилдеп отурат. Талаага көңүл буруу
багытынын тарапкерлери менен талашып, Ян Цзянь түркүттөрдү сатылган паракорчулар
катары түшүндүрүүгө аракет кылган, мунун өзү чындыкка ылайык келе койбос. Бирок
анын эң маанилүү жобосу түркүттөргө белектерди, т.а. жибек кездемелерди бербөө
сунушу болуп саналат. Бул иш чара чынында эле түркүт хандарынын экономикалык
кубаттуулугун үзгүлтүккө учуратып, ошол эле убакта Кытайдын өзүндө салыкты
төмөндөтүүгө мүмкүндүк берер эле.
Ошентип, "Гуаньлун тобу" өлкөнү экономикалык жана саясий жактан башкалардан
бөлүүнү сунуш кылган. Сунуш кылынган программа император тарабынан четке кагылган.
Бирок Ян Цзянь убакытты күтө алган, ал эми убакыт ал үчүн иштеп жаткан эле.
Түркүттөрдүн талабы жана кытайлардын күчтөрү Бэй-Чжоу династиясына калыс сянбий
элементинин бошоңдошуна пропорциялуу өсө берди. 581-жылы жазында кытай
төбөлдөрү өкмөткө каршы козголоңдун туусун көтөрүп чыгышты жана аларга эл массасы
кошулуп кетти. Ян Цзянь бул учурду акыркы императорду — тогуз жашар баланы өзүнүн
пайдасына тактан баш тартууга мажбурлоо үчүн пайдаланды. Шордуу бала көп убакыт
өтпөй өлтүрүлүп, ал эми Юйвынь уруусунун бардык мүчөлөрү дарга асылды, ошондон
кийин козголоң басылды. Жаңы династия Суй деп аталып калды.
"Кытай" партиясы толук жеңишке оңой эле ээ болгондугуна карабастан, Ян Цзянь
көп сандаган сянбий төбөлдөрүн терең кайгыга салууга батына албады. Атайын эдикт
менен ал "мурунку династиянын бардык рангалары жана титулдары мурдагыдай эле
күчүндө кала бере тургандыгын" 39 ырастады. Кытайлашып кеткен сянби төбөлдөрү аман
калды, мунун өзү Кытайдын өзүнүн, ошондой эле Ортолук Азиянын андан аркы тарыхын
аныктады. Ян Цзянь граждандык согушка бара албады. Арийне, бул эдикт болбосо
мындай согуш сөзсүз чыкмак эле, анткени алардын алдында: 589-жылы оңой эле аяктаган
Түштүк Кытайды багындыруу жана түркүттөрдү талкалоо өңдүү эки маанилүү саясий
милдет турган эле. Кийинкиси "Гуаньлун тобунун" жолбашчылары болжолдогондон бир
кыйла оор болуп чыкты.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КАГАНДЫКТЫН ИЧИНДЕ
Бийлик жана эл. Кытай маалыматтары боюнча, хан көтөрүү бир кыйла татаал азем
менен өткөн: жан-жөкөрлөрү аны ак кийизге отургузуп, катышып отургандардын
куттуктаган кыйкырыктарынын коштоосунда күн багыты боюнча тогуз жолу айланта
көтөрүп өтүшкөн. Андан кийин аны атка мингизип, мойнуна жибек кездемеден
сыйыртмак салып, аны улам бошоңдотуу менен ал канча жыл хан болгусу келерин
сурашкан. Түркүттөрдүн тарыхында бул суроолорго жооптор башкаруунун мөөнөтүн
аныктоодо кандайдыр бир роль ойногондугу байкалбайт; кыязы, бул салт хан шайланма
уруу жолбашчысы болгон мезгилден калган эски салт катары сакталып калган. Такты
мурастоо татаал система боюнча жүргөн, бул жөнүндө төмөндө өзгөчө сөз болмокчу.
Мамлекетте хандан кийинки биринчи адам ябгу болгон. Чындыгына келгенде ябгу
жарым падыша болгон, ошондуктан бул кызматка көбүнчө падышалык кылып турган
уруунун мүчөлөрү дайындалган. Маселен, Иль-хан Бумындын убагында ябгу деген наамга
анын бир тууганы Истеми ээ болгон. Бирок ошону менен бирге ябгу тактын мураскору
болгон эмес; мураскор ээлеп турган кызматына карабастан "тегин" деп аталган. "Шад"
деген титул өзүнүн башкаруусунда дубандары болгон хан тукумундагы ханзаадаларга
таандык болгон, маселен, кийин хан болгон Сымо ал никесиз төрөлдү дегендей шек
туудургандыктан шад боло алган эмес1
Төмөнүрөөк маанидеги чиндерди Ашина уруусуна таандык болбогон адамдар
алышкан, бирок бардык кызмат орундары мурас боюнча өткөн2
. Мына ушунун негизинде
түркүттөрдүн коому аристократтардын коому болгон деп божомолдоого болот. Бирок
алдын ала тыянак жасабай коё туралы.
Эркин адамдар жана төбөлдөр менен катар түрктөрдүн коомунда согуш
туткундарынан түзүлгөн кулдар да болгон. Алар негизинен аялдар эле. Истеми хан 569-
жылы Земархка кыргыз элинен колго түшкөн туткун кызды белекке берген3
үзүрлүү
жортуулдарда Кытайдан миңдеген туткун аялдар алынып кеткен; маселен, 619-жылы
Чуло хан Бин-чжоуну алганда "шаардагы бардык аялдар менен кыздарды алып кетип, ал
эми Атрпатаканда адамдарды тутуп кетүү (628-жыл) Жакынкы Чыгышта болгон4
. Эң
акырында, туткундарды бөлүштүрүүдө келип чыккан чыр-чатактан Юйгу-шад тагынан
ажырап калган5
. Мына ошентип, түркүттөргө кулчулук болгондугун моюнга алуу керек.
Бирок бул жерде мындай деген суроо туулат: көчмөндүк чарбада кулдар кандайча
пайдаланылышы мүмкүн? Эгерде кул мунжу болбосо эле ээсинин атына минип дайыма
качып кетиши мүмкүн эле да, ошентип ага кеткен чыгымдар акталбашы мүмкүн. Кыязы,
кулдун абалы оор болбосо керек. Чындыгында эле бул жөнүндө далилдеген текст бар.
486-жылы Шаболио ханга Суй падыша ордосунун вассалы болуу сунуш кылынган болучу.
Шаболио "вассал" деген сөз эмне деп сураган экен. Ага: "Суй падышачылыгында вассал"
деген сөз биздеги "кул" деген сөздү түшүндүрөт" , — деп жооп беришкен. Хан "Теңирдин
уулунун кулу болуу мен үчүн бакыт", — деп жооп берип, элчинин мындай белегине
өзүнүн ыраазычылыгын билдирген. Мында келтирилген үзүндү бирөөнүн кулу болуу эмне
үчүн кубаныч экендигин ойлоштурууга мажбурлайт. Кыязы, Шаболио хан мындан ары ал
Кытай императорунун "qulu" экендигин билгенде башка бир нерсени түшүнсө керек. Кул
деген сөз сөзсүз кандайдыр бир көз карандылыкты чагылдырып турса да “gul” деген
сөздү биз туура которуп жатабызбы? Кытайлар “gul” деген сөздүн эквиваленти катары
"nu" дегенди эмес, "tch’in" деп эсептешкендиги кокусунан эмес, Н.Л. Бичурин муну
"вассал" деп, ал эми Ст. Жюльен—" sujet6 — букара деп которот. Тилекке жараша, орхон
жазууларынын кээ бир тексттери “gul” деген сөздүн маанисин тактоого жана бул
проблемага тактык киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Күл-тегиндин "Чоң жазуусунда"
мындай деп айтылган: "... табгач будунка баглик уры оглын кул болты, силик кыз оглын
кюнг болты..."7
, т.а. "... табгач элине алар (түрктөр) өзүнүн чымыр эркектик тукуму менен
"кул"8
болуп калышты жана өзүнүн таза аялдык тукуму менен "күң" болуп калышты".
Бирок бул убакта түрктөр Гобинин түштүгүндөгү талааларда өз алдынча тиричилик
кылышкан, Тан империясынын кытай калкы менен салыштырганда көп
артыкчылыктардан пайдаланышкан; Жортуулдарга катышуу менен эң сонун кызматтык
мансаптарга жетишип, боз үйлөрүнө толгон-токой олжолорду алып келишкен. Эч кандай
социалдык эзүүсүз эле башка элдин падышасына баш ийгендигинин фактысы гана айкын
көрүнүп турган.
Дагы бир текстти алып көрөлү:
"[Эльтерес- каган] ... өз элин (төмөн жакты караңыз) жана өз каганын жоготкон элди,
күндөргө жана кулдарга айланган, түрк тартиби жоюлган элди тартипке келтирген жана
үйрөткөн; ал тартипке келтирип, менин ата-бабаларымдын насааттары боюнча
үйрөткөн"
9
. Мында да дегеле жеке эркиндиктен ажырагандык эмес, чет элдикке баш
ийгендик гана баса көрсөтүлгөн.
Үчүнчү учурда, Барс-бегдин өлүмү сыпатталып жатканда "анын эли кулга жана күңгө
айлангандыгы" 10 көрсөтүлгөндө туткунга түшкөндөрдү кул базарында сатуу эмес, жөн эле
жеңип алуу болгондугу көрсөтүлгөн11
.
Ошентип, “gul” түшүнүгүнүн негизги мазмуну — жат адамга баш ийүү. Мындай
түшүнүк XIX к. чейин сакталып калган, бирок кийинки түрктөр кул менен соода кылуу
мүнөзүндөгү мусулман маданиятынын системасына кирген соң “gul” деген термин мурда
болуп көрбөгөн сатылган кулдарга карата да колдонула баштаган. VI—VIII кк. кулдарды
пайдалануу таптакыр башкача болгон: түркүттөр аларды өз жерине алып келип, белгилүү
аймактарга отурукташтырып, анан алардан салык чогултуп турушкан12. Мындан тышкары,
аялдарды үй кызматчылары жана токолдор катары пайдаланышкан13. Кулдар римдик
колондорго окшош болгон деп айтууга болот, бирок "кул" деген түшүнүк биздин мааниде
аларга таптакыр ылайык келбейт. С.П. Толстов жалаң гана туткундар жашап, түркүттөргө
дыйканчылык азыктары жана кол өнөрчүлүк буюмдары менен алман төлөгөн
кыштактардын болгондугун көрсөткөн14. Иш жүзүндө булар жаңы букаралар, алман
төлөчүлөр болушкан, ал эми түркүттөр алман төлөөчүлөрдү башкара билишкен. "Суйшу"
алмандар жөнүндө бүдөмүк гана эске салат: "Талап кылынган адамдардын,
жылкылардын, алмандардын жана малдын санын жыгачка салынган белгилер боюнча
эсептешет" 15. Бирок Моисей Каганкатваци түрк кагандыгында букараларга салык салуунун
системасын эң сонун сыпаттап берген: "Түндүктүн ханы бүткүл жер бетинин үшүн алып
калтаарытып турган. Ал алтын чайкоону, күмүш, темир эритүүнү жана жезди иштетүүнү
мыкты билген кол өнөрчүлөргө байкоочуларды жөнөтүп турган. Ал ошондой эле Кура
жана Аракс улуу дарыяларынын балыкчыларынан жана товарларынан салык талап
кылган, ошону менен бирге персиялык падышачылыктын адаттагы каттоосу боюнча
дидрахманы да талап кылган"16
.
Мына ушул үзүндүдөн көрүнүп тургандай, түркүт хандары Ирандын шахтарына
караганда көбүрөөк алман алып турушкан, демек, түркүт хандарынын жана төбөлдөрүнүн
байлыгы ар бир жеңип алууларда улам ылдам өсө берген. Мындай дайыма талап тоноого
Халханын жана Жуңгариянын телес уруулары, кидандар жана Түштүк Маньчжуриянын
хилери, Согдиананын шаар-мамлекеттери, тохаристандык хандыктар, Азиянын дан
өрөөнү —Турпан, Урал боюндагы угорлор, Кубан боюндагы утургурлар, Саян-Алтайдын
түштүк капталдарындагы токой уруулары дуушар болуп турушкан. Буларга кошумча
катары Кытай же жыл сайын алман төлөп, же кыйраткыч жортуулдарга дуушар болуп, ал
эми Иран менен Византиядан тынчтык же союз түзүү үчүн компенсация түрүндө белектер
түшүп турган. Албетте, бул байлыктардын бир бөлүгү катардагы жоокерлердин колуна
тийген, себеби алардын берилгендигинен улам гана баш ийдирилген элдерди ушунчалык
катуу эзүүгө мүмкүн болгон. Бирок кирешелердин басымдуу үлүшүн башкаруучу
төбөлдөр, өзгөчө хандардын өздөрү алып турган.
Мына ушундай жол менен топтолгон байлык өтө зор болуш керек. Түрк ханынын
византиялык элчилерди шаан-шөкөт менен кабыл алгандыгын сыпаттаган баян
Менандрда сакталып калган. "... Алар түштөнүшкөндөн кийин, күнү бою ошол чатырда
шапар тээп көңүл ачышчу. Чатыр ар кандай түскө боёлгон жибек кездемелерден
жасалган. Алар биздегидей жүзүмдөн ачытылган шараптан башкача шарап ичишчү.
Алардын ичкен ичимдиктери өзүнчө бир варвардык ичимдик эле17. Экинчи күнү алар
[римдиктер] башкача түстөгү жибек менен капталган башка чатырга которулду. Бул жерде
ар кандай түрдөгү бутканалар турат. Дизавул [Истеми хан] жалаң алтындан жасалган такта
отурду. Бул чатырдын ортосунда алтын идиштер жана суу бүркүгүчтөр бар, челектери да
алтындан жасалган. Алар кайрадан тойлошуп, ичкилик үстүндө ар кандай керектүү
кептерден козгошуп, анан тарап кетишти. Кийинки күнү алар башка бөлмөгө келишти.
Мында тирөөчтөрү алтын жалатылган жыгачтан жасалган, тапчандары да алтындалып,
төрт бурчунан алтын куштун (павлиндин) бедиздери тиреп турат. Бөлмөнүн алдындагы
чоң короодо узунунан бир канча араба тизилип турат, арабанын ичи көп сандаган
күмүшкө, идиштерге жана себеттерге толгон, төрт аяктуулардын күмүштөн жасалган
көптөгөн сөлөкөттөрү бар, алар бизде жасалгандагы дан эч кем калбайт. Түрк ханынын
байлыгы мына ушунда турат".
Албетте, бул байлыктын баары талап-тонолуп алынгандар, бирок жарым дүйнөнүн
өкүмдары болуп калган түркүттөрдүн жеңиши кокусунан болгон эмес. Алар жалпы
көчмөндүк деңгээлден бир кыйла жогору армияны жана башкаруу системасын түзө
алышкан, ошондуктан алар жеңишке татыктуу болушкан деп ишенимдүүлүк менен
айтууга болот.
Дубандык-шатылык система19. Улуу түркүт дөөлөтүнүн ичинде анын айланасында
болгондогудан кем эмес радикалдуу өзгөрүштөр болуп өттү. Биринчиден, ал такты
мурастоонун тартибинен байкалды.
Жогоруда айтылгандай, Иль-хан Бумындын уулу жана мурасчысы — Кара Ысык хан
553-жылдын башында дүйнөдөн кайткан, ал өз атасынан бар болгону жарым жылдан
кийин каза болгон. Анын уулу Шету тактан четтетилген. Бийлик Бумындын экинчи уулу
Кушуга өткөн, ал Муган хан деген титулду кабыл алган 20 . Анын убагында түркүт
кагандыгынын тышкы саясий кубаттуулугунун башталышына гана негиз салынбастан,
дубандык-шатылык система21 орнотулган, мунун аркасында түркүттөрдүн дөөлөтү жүз
жылдан ашуун Азиядагы үстөмдүк абалды ээлеп туруп, VI—VII кк. улуу дөөлөттөр менен
атаандаша алган.
Бул системанын маани-маңызы төмөндөгүдө болгон. Түркүттөрдүн дөөлөтү «узун
найзанын жана курч кылычтын жардамы менен» түзүлгөн. Он жылдын (550—560) ичинде
түркүттөр Сары деңизден тартып Волгага чейинки бардык көчмөн урууларды өздөрүнө
баш ийдиришкен жана дагы жыйырма жыл экспансияны улантышты. Бирок бул зор
аймакты баш ийдирип алуу жетиштүү эмес болгон, аны колдо кармап туруу да керек эле.
Түркүттөрдүн аёосуз эзүүчүлүк бийлиги жаңы букаралардын жактыруусуна ээ боло алган
жок, натыйжада сепаратисттик тенденциялар бир азга да басылбады. Ашинанын
династиясына каршы көтөрүлүштөр дөөлөт кыйраганга чейин ар кайсы жерде чыгып
турду.
Муган хандын алдында турган эң курч ички саясий проблемаларынын бири чет-
жакадагы жерлердин бөлүнүп кетишине жол бербөө проблемасы болгон. Баш ийип
берген уруулар карышкырдын башы тартылган байрактарды көтөргөн чарайналуу
атчандар жакын болгондо гана кыңк этпестен туруп беришкен. Жетиштүү аскердик күчкө
ээ болгон аким гана кыжырданууларды жана бөлүнүп кетүүлөрдү баса алган. Акимдин
колунда бийлик да, аскерлер да болуп, ал эми хандын ордосунан аны зор аралык бөлүп
турганда ханга берилгендикти сактап калууга акимдин өзүн эмне мажбурламак? Ырас,
акимдикке жакын тууганын дайындоого болот, бирок бул абалды ондой алган эмес,
анткени тууган-туушкандардын ортосундагы согуштар дайыма эле болуп турган. Мына
ошондуктан дубандык-шатылык система кабыл алынган болучу. Анын идеясы өтө эле
жөнөкөй: акимдин жакшы ниети жана жеке сапаты анын ханга берилгендигинин
гарантиясы боло албаган соң, анын борбордук бийлик менен кол үзүшүп кетпөөгө
кызыгуусун түзүү керек болгон. Дубандык-шатылык система такты мураска алуунун
кезектүүлүгүн орноткон. Муган хандын мыйзамына ылайык бийлик хандын баласына
эмес инисине мурасталган, ал эми хандын инисинен хандын улуу уулуна өткөн. Хандык
такты күтүү менен ханзаадалар дубандыктарды башкарып турушкан.
568-жылы түркүт дөөлөтү төрт дубандыкка, ал эми 576-жылы сегиз дубандыкка
бөлүнгөн. Бул дубандыктарды Батыш Европадагы феоддорго окшоштуруу туура боло
койбос. Көбүнчө бул жерде көбүрөөк же азыраак белгилүү райондун аскер башчысына
баш ийүү менен аскердик күчтөрдүн бөлүнүшү болгон. Жогорку ханды Менандр Арсила
деп атайт 22 . Бул түрктүн Арслан деген атынын бурмаланганы экендигин оңой эле
байкоого болот. Биз Муган хан 572-жылы өлгөндүгүн, жаңы мыйзамга ылайык такка анын
бир тууганы Тобо хан 23 отургандыгын билген соң, Арслан — бул Тобо хандын өз
("айбанаттык" ) аты деп божомолдоого болот.
Тобо хан 572-жылы өзүнүн агасынын уулу Шетуга чыгыш жактан, инисине батыш
жактан дубандыктарды бөлүп берген. Иниси көп убакыт өтпөй дүйнөдөн кайтып, дубанын
Бөрү хан деген титул алып жүргөн өз уулуна калтырган 24 . Муган хандын уулу
Торэмендин25 түндүк жакта26, балким кыргыздар менен чиктердин жеринде ордосу
болгон. Жаңыдан эле каза болгон Истеминин балдарынын да дубандары болгон: Кара-
Чуриндики 27 — Жети-Сууда жана Түрксанфтыкы — төмөнкү Волгада жана Уралда
болгон28. Улуу хандын ордосу Алтайдын аймагында, түркүттөрдүн илгертеден берки
жерлеринде болгон, ал эми калган эки дубан, кыязы, анын уулдары Амракка29 жана
Тегин-Шадга30 таандык болсо керек.
Мындай дубандардын өтө татаал жана чаташкан системасында шатылык так
мурастоо жөнүндө мыйзам алгачкы мезгилде оң роль ойногон. Эки жолу жашы жете элек
ханзааданын такка отурушуна жол берилген эмес, себеби алар бул дөөлөттү оор абалга
калтырышы мүмкүн эле. Бийлик дайыма тажрыйбалуу адамдардын колунда кала берген.
Дубандык хандар эртедир-кечтир жогорку бийликти алам деген үмүт менен дүрбөлөң
салып, араздашууларды баштаган эмес. Ошентип дөөлөт бардык багыттар боюнча кеңейе
берген. Кыязы, тукумдары менен V к. Ашинанын хандарынын ата-бабалары ымалалашып
турган II к. түштүк хуннулардын31 такты мураска алуу тартиби дубандардын системасы
үчүн үлгү болсо керек, бирок анын мааниси жана колдонулушу башкача. Булактар VI к.
"чоң үй-бүлөнүн" болушу жөнүндө бизге маалымат бербейт жана бул тартип түркүттөр
үчүн жаңы экендигин айкын көрсөтөт. Кандай да болсо анын натыйжалары түрк
кагандыгынын тарыхына оң жагынан, ошондой эле терс жагынан да таасирин тийгизбей
коё албады.
Иш жүзүндө системанын толук ойлоштуруп түзүлгөндүгүнө жана калыптангандыгына
карабастан түркүттөрдүн коому бекем боло алган эмес, анткени жалпы элдик таламдар
канааттандырылганына карабастан аскердик төбөлдөр бөлүнүп чыга башташты. Бул
өзүнчөлүк өндүргүч күчтөрүнүн деңгээлинин төмөндөгү жана уруулук тиричиликтин
сакталып калышына көмөк көрсөткөн көчмөн мал чарбасынын шарттары менен
түшүндүрүлөт32
.
Түркүттөрдүн ички араздашууларын изилдөөдө биз катардагы кошуундардын
Ашинанын хандык династиясына каршы көтөрүлүш чыгарышынын бир да учуруна туш
келе албадык. Бардык көтөрүлүштөрдүн башында ханзаадалар же хан тукумунан
чыккандар турган.
Түркүттөр бүтүндөй жоокер эл болгон соң, алардын баары Ашина тукумунан чыккан
бул же тигил хандын кошуундарында болушкан. Хандар өз жоокерлеринин маанайы
менен эсептенгүүгө тийиш болгон, анткени жоокерлер алардын бирден-бир таянычы
жана коргоочусу эле. Демек, жоокерлер өз ханын өздөрүнүн таламдарына ылайык
иштөөгө мажбур кыла алышкан, же болбосо аны таштап кетишкен. Бирок дөөлөттүн
ичинде кагылышуулар болбой коймок эмес. Арийне, жоокерлердин төбөлдөргө каршы
күрөшүнүн ордуна жалпы кызыкчылыктары гана эмес, уруулук биримдиги менен да өз
ара байланыштуу болгон жоокерлерден жана төбөлдөрдөн турган айрым топтордун
ортосундагы күрөш келип чыккан. Мындай жагдайда түркүттөр үчүн династияны
кулатуунун эч мааниси деле болгон эмес, анткени ар кандай кыймылга башчылык
кылгыдай ханзааданы табуу оңой эле иш болчу. Ошону менен бирге тышкы коркунуч да
болгон: бир жагынан, Кытай чабуулга өтүүгө дайыма даяр турган, экинчи жактан, телес
уруулары көтөрүлүш чыгаруунун мүмкүнчүлүгүн гана күтүп турушкан. Оор кырдаал
түркүттөрдү баш кошууга мажбурлап турган, ошондуктан катардагы жоокерлердин
хандарга жана шаддарга каршы бир да көтөрүлүшү болгон эмес.
Бирок кагандыктын тагдыры чечилген эле. Окуяларды баяндоонун алдында
тегерегинде (Кытай, Гаочан, Согду, Иран) күчтүү, өнүккөн таптык мамлекеттер болгон
мезгилде түркүттөрдүн коомунда таптар түзүлө баштаганын көрсөтө кетүү зарыл. Эрдик
менен күчкө каршы куулук жана акча чыккан, ал эми жакшы үйрөтүлгөн жана техникалык
жактан жабдылган жалданма аскерлер салгылашууда талаанын чабандестеринен кем
калышкан эмес. Кырдаалды эске алуу менен Түрк дөөлөтүнүн кулагандыгына эмес, анын
жүз жылдан ашуун жашагандыгына таң калуу керек.
Ордо. Түркүттөрдүн ханзаадаларынын айланасына түркүктөрдөн башка талкаланган
жужандардын калдыктары жана кандайдыр бир себептер боюнча туулуп өскөн жерине
же Кытай кызматына батпай калган көп сандаган ар түрдүү адамдар топтолгон. Алардын
тектери да ар түрдүү болгон, бирок алар өз ара байыркы түрк тилинде сүйлөшкөн,
сөздөрүнүн айтылышында гана бир аз айырмачылыктар болгон. Алар "этнос" маанисинде
эмес, "демос" түшүнүгүнө жакыныраак мааниде "budun" — элди түзүшкөн, анткени
"budun" бектерге (baglar) карама-каршы коюлган. Бул "turk baglar budun" — "түрк бектери
жана эл", же болбосо балким "түрк бектеринин эли" жана "turk gara budun" — "кара түрк
эли" деген сөздөрдүн контекстинен көрүнүп турат, мында gara budun — масса — эч
кандай шылдыңдык мааниси жок түшүнүк; "аlti bag budum" — "алты бектин эли", т.а. алты
бөлүктүн эли дегендик. Мындан "budun" — бул ордонун катардагы тутуму, бектер —
акимдик тутум экендиги ушундан көрүнүп турат, ал эми бүткүл система, т.а. бүтүндөй
алганда ордо этностук эмес, аскердик- уюмдашуу түшүнүгү. VI к. түркүттөрдүн ордосу
урууга ылайык келип, андан кийин дөөлөткө жайылтылган. Ордо үй-бүлөдө жашагандан
көрө аскердик турмушту артык көргөн ыктыярдуулар менен толукталып турган.
Ордонун аскер катары адаттагы уюму оң жана сол канаттын болушун камтыйт.
Чыгыш канатты түзгөн төлөс жана батыш канатты түзгөн тардуш ушундайлардан болгон.
И.Н. Клюкинде 33 "төлөс" жана "тардуш" терминдерин майда-чүйдөсүнөн бери
териштирүүдөн кийин аскердик-административдик терминдерди кандайдыр бир
белгилүү уруулар менен окшоштуруу жагынан талаш-тартыш ашык болуп саналат.
Е.Прицак "будун" деген терминди улустун бөлүнүшү катары түшүнөт жана аны
байыркы моңголдук "ирген" деген термин менен салыштырат34. Бирок бектерди будунга
жогоруда келтирилгендей карама-каршы коюу гана эмес, А.Н. Кононовдун "ирген" деген
терминди териштирүүсү ер (эркек) + кин (көпчүлүктүн аффикси)35 "еркин-ирген" (сөзмө-
сөз которгондо "эркектердин тобу") деген термин өз алдынча түшүнүк экендигин, ал эми
"будун" релятивдик түшүнүк экендигин көрсөтүп отурат, т.а. ханга, бектерге карата будун
болот, ал эми эл этнос катары кйп36 деп аталган; Е. Прицактын budun и bugun (сөзмө сөз
которгондо "бул эл") деген сөздөрдү салыштырууга жасаган аракети философиялык да,
тарыхый да көз караштан алганда ынандырарлык эмес37
.
Уруулук бирдик үчүн өзүнүн "огуз" деген термини болгон, аны Е. Прицак бирде оg
(жебе) деген сөздүн айтышынын варианты катары, бирде уруунун негизги уюткусунун
тармагы катары түшүнөт. Бул маселени да териштирип көрөлү.
Уруу. Адегенде мамлекеттик мекеме катары колдонулуп келген дубандык-шатылык
система бара-бара жекече турмушка да кире баштаган. Ал үй- бүлөлүк мамилелерди
калыптандыра баштады — мүлктүн бытырандыланышына бөгөт коюп, чоң үй-бүлөлүк
жамааттардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтө баштады.
Кагандыктын убагында талаанын калкы өтө байып кеткен. Биринчиден, олжо ар
тараптан агылып келип, экинчиден, алман хандардын колунан алардын жан-жөкөрлөрүнө
келип түшкөн, үчүнчүдөн, талаадагы бейкуттук жана аягы басылбаган талап-тоноолордун
токтотулушу мал чарбасынын өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизген. Байлыкка ээ болуу
менен катар ал топтоло баштаган; алар ысырап кылынбастан, өз ара бөлүштүрүлбөстөн,
чоң үй-бүлөлөрдө сакталып кала берген. Бул уруулук уюмдашуу болгондо гана болушу
мүмкүн эле. Мындай уюмдашуунун үлгүсүн зор өлкөнү биргелешип башкарып келген
Ашина уругунун хандары көрсөттү. Ири үй-бүлөлөрдүн башчылары хандарды туурап,
өздөрүнүн жакын, ошондой эле алыс тууган-туушкандарын башкара баштады. Үй-бүлөлөр
өсүп отуруп урууга айланды, бирок өздөрүнүн аймактык жана уюмдашуу биримдигин
сактап калышты. Уруу аксакалдары өздөрүнүн кадыр-баркын пайдаланышып, ал түгүл
хандын же идыкуттун титулун алууга жутунушкан.
Акырында кагандыктын урандыларында уйгурлар, карлуктар, дулулар жана
нушибилер түзүлдү; чыгышта ушул эле жол боюнча кидандар, ал эми батышта — гуздар
жана командар (алар половецтердин өзү) пайда болушту. Уруулардын башкы душманы
ордолор болгон, алардын таламдары түп-тамырынан карама-каршы жана элдешкис эле.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Уруу аксакалдарды. өз малдарын, багып; бейтараптык үчүн же жалданмаларды
бергендиги үчүн Кытайдан белектерди алууну каалашкан. Ордолордун хандары бүткүл
жаштарды аскер кошуундарына тартууну, аларды аскерде кызмат өтөбөгөн букаралардын
эсебинен тоюндурууну жана согуштук коркутуунун жардамы менен кытайлардан алман
түрүндө дыйканчылык азыктарын жана кол өнөрчүлүк буюмдарын тартып алууну
каалашкан. Ошентип, компромисс үчүн орун калган эмес.
Коңшулары кысымга алган чакан уруулар (буларды баары бир уруктар менен
окшоштурууга болбойт) союздарды түзө баштаган, мындай община үчүн "огуз" деген
термин аталыш болуп саналган. Этнонимдер катары токуз-огуздар=9 огуз (община) —
уйгурлар жана үч-огуз=3 огуз=карлуктар мына ушундан келип чыккан. Тиби боюнча
окшош болсо да дулулардын жана нушибилердин союздары огуздар деп аталган эмес,
мунун себеби алар башкача кырдаалда — табигый түрдө эмес, түркүттөрдүн ханынын
манифести боюнча келип чыккан. Ошондуктан алар будун бойдон кала беришти жана оn
og budun — он ок эл деп аталып калган. "Будун" жана "огуз" терминдеринин ортосундагы
катыш төмөндөгүдөн келип чыгат: түрктөр багындырган уйгурлар аларга карата будун
болуп калышкан, бирок өзүнүн ички түзүлүшүн сактап калуу менен огуздар болуп кала
беришкен. Ошондуктан Билге хан "Токуз-огуз эли менин өз элим болгон"38 деп айтууга
толук негизи болгон, т.а. токуз-огуздар ага — тардуштардын шадусуна карата будун
болгон; демек, алар ага түздөн-түз баш ийишкен.
"Огуз" терминин ушул сыяктуу түшүнүүгө А.Н. Кононов бул маселеге тийиштүү бүткүл
адабиятты сын көз менен изилдөөгө таянуунун натыйжасында келген. "Огуз деген
этностук жыйынды аттын түпкү негизи ог—"урук, уруу" болуп саналат, ал өз кезегинде
эски түркчө "оү" — "эне" деген сөз менен түздөн-түз байланышта турат, ушул эле негизден
"оуул" — "тукум, уул" жана «оууш"— "урукташ" деген сөздөр келип чыгат".
Мына ошентип, "огуз" деген сөз адегенде жөн эле "уруу", "уруулардын бирикмеси"
дегенди түшүндүрүшү мүмкүн, ал кийинчерээк зарыл детерминатив катары белгилүү
учурларда аныктама алган жыйынды мааниси бар этностук атка айланып кеткен: токуз-
огуз — "тогуз (ар башка) уруу", үч огуз — "үч (ар башка) уруу"39
.
Кийинчерээк "огуз" деген термин ("будун" деген термин сыяктуу эле) өз маанисин
жоготуп, түркмөндөрдүн легендарлуу ата-бабасы — мусулман пайгамбарларынын
катарына киргизилген Огуз хандын атына айланып кеткен40
.
Окуялардын жүрүшүнүн сунуш кылынып жаткан түшүндүрүлүшүнүн пайдасына
негизги жүйө IV—V кк. гаогюйлардын — дилилердин уруктук бөлүктөрүнүн жана VII—VIII
кк. телестердин уруулук бөлүктөрүнүн аттарына окшош эместиги болуп саналат.
Телестердин шексиз ата-бабалары болгон гаогюйлар41 12 патриархалдык урууга бөлүнгөн,
ал эми алардын тукумдары телестер 15 урууну түзгөн: Юаньгэ (уйгурлар), сеяньто
(сирлерден жана янтолордон курулган уруубу?), Киби, Дубо (тубалар) Гулиган
(курыкандар, якуттардын ата-бабалары), Доланьгэ (төлөнгүттөр) Бугу, Байегу—Байырку,
Тунло—тонгра, Хун, Сыгйе, Хусйе, Хигйе, Адйе (эдиздер) Байси 42 . Дабо менен
окшоштурууга мүмкүн болгон тубаларлардан башкасынын баарын салыштырууга
болбойт. Туушкандыктын уруктук патриархалдык системасы бузулушу жана эски
уруктардын ордуна жаңы бирикмелер келип чыгышы ушундай деп айтууга негиз болушу
мүмкүн. Түркүттөр 100 жыл бою телестерди багындырып турушкан жана "алардын күчү
менен түндүктүн чөлдөрүндө баатырдык кылышкандыгы" 43мындай кайра түзүүлөр үчүн
жүйөлүү себеп болгон. Демек, телестер будун болушкан жана ордонун системасына жана
анын толис-тардуш канаттарына кирген. Мына ошондо турмуштун жаңы шарттарына
жооп бербей калган уруктук система аймактык-чарбалык бирикмелер — уруулар менен
алмаштырыша баштады деп ойлоого болот. Бул өзгөрүш гаогюй уругун — син—
фамилиясы, ал эми телес уруусун — бу (Бичуриндин котормосунда — "муун") деп атаган
кытайлар тарабынан белгиленген.
Ошентип, Ашина династиясынын кагандыгынын социалдык структурасынын негизги
мүнөздүү белгиси аскердик жана уруулук түзүлүштү айкалыштыруу болгон. Түркүттөр
мындай айкалышты иш жүзүнө ашырган Орто Азиянын биринчи көчмөн эли болгон. Алар
муну өздөрү түшүнүшкөн жана өз дөөлөтүн "түбөлүк эл" деп аташкан, муну менен
телестердин уруулук союздары жана жужандардын жырткычтык ордосунун чарба
жүргүзүшү менен салыштырганда туруктуулугун баса көрсөтүшкөн.
"Эль||иль" деген сөз ар түрдүү окумуштуулар тарабынан ар башка которулат жана
түшүндүрүлөт (бирок бул жөнүндө кийин сөз болот). Бул түшүнүктөгү эң башкы нерсе —
кандайдыр бир үстөмдүк кылган уруу болуп саналган ордо менен бейкуттукта жанаша
жашоого аргасыз болгон жеңилген уруулардын болушу.
Бышып жетилген саясий милдеттердин соңку бүтүмү болбосо да, түрк түзгөн
социалдык-саясий система VI к. үчүн эң мыктысы болгон: ал түркүттөрдүн талаада
басымдуулук кылышын бир канча муунга камсыз кылган жана ошонун эле өзү (мындан
аркы баяндоолордон билинет) алардын кыйрап жок болушуна шарт түзгөн.
Өнүгүү стадиясы. Түрк кагандыгына кирген көчмөн уруулардын коомдук өнүгүшүнүн
стадиясы жөнүндө маселе өтө татаал жана бир жагынан, түркүттөрдүн жана, экини
жагынан, аларга баш ийген көп сандаган уруулардын ортосунда так бөлүштүрүүнү
жүргүзбөсөк, ал түгүл божомолдоп чечүү да мүмкүн эмес. Ошондой эле 110 жыл бою
өзүнүн өз алдынча өкүм сүрүшүндө кагандык бир кыйла эволюцияны жасап өттү жана VII
к. түркүттүк коомдогу ички мамилелер VI к. өз ара мамилелерден өтө айырмаланган.
А.Н. Бернштам байыркы түрктөрдүн коомдук түзүлүшү "эң жөнөкөй феодалдык
мамилелердин түзүлүшүнүн эрте формасы болуп саналат"44 деген корутундуга келген.
Мындай деп ырастоо чыныгы маалыматтарга, ошондой эле жапайылыктын жогорку
тепкичинде аскердик демократиянын калыптанышы боюнча Ф.Энгельстин бир мааниде
айткандарына да карама-каршы келет. Ф.Энгельс мындай деп жазган: "Жогорку тепкич.
Темир кенин эритүүдөн башталат жана тамга жазуусун ойлоп чыгаруунун жана аны
оозеки чыгармачылыкты жазып алуу үчүн колдонуунун натыйжасында цивилизацияга
өтөт. Жогоруда айтылгандай, өз алдынча басылып өткөн бул тепкич чыгыш жарым шарда
гана мурунку тепкичтердин баарын бирге кошуп алгандагыга караганда өндүрүш жагынан
ийгиликтерге бир кыйла бай. Ага баатырдык доордун гректери, Рим негизделердин
алдындагы италиялык уруулар, Тациттин германдары, викингдердин мезгилиндеги
норманндар таандык"45. Жогоруда баяндалгандын баары түркүттөрдү ушул тепкичке
кошууга негиз берет.
Жапайылыктын жогорку тепкичин мүнөздөп келип, Энгельс анын төмөндөгүдөй
белгилерин белгилейт. "Бардык маданияттуу элдер өзүнүн баатырдык доорун — темир
кылычтын доорун башынан өткөрөт" 46 . Муну темирди эритүүнү жана иштетүүнү
колдонгон түркүттөргө да таандык кылууга болот. "Байлык ылдам өсө берди, бирок
айрым гана адамдардын байлыгы катары өскөн"47. Ошентип, бул көрүнүштү биз сыпаттап
өттүк. "Кулчулук. .. эми коомдук системанын олуттуу тутумдук бөлүгү боло баштады"48
.
Түркүттөрдөгү кулчулук өнүгүүнүн дал ушул стадиясын башынан өткөрүп жаткан49
.
"Айдоо жерлери айрым үй-бүлөлөргө — адегенде убактылуу, андан кийин
түбөлүккө пайдаланууга берилет. Анын жеке менчикке толук өтүшү бара- бара жана
түгөйлөш никенин моногамияга өтүшү менен катар жүзөгө ашырылган. Айрым үй-бүлө
коомдун чарбалык бирдиги болуп калат" 50 . Ошентип бул өтмө доорду биз түркүт
коомунан да байкайбыз.
Эң акырында, бийлик институту: "Элдин аскердик колбашы — гех, basileus thiudans51
зарыл, туруктуу кызмат адамы болуп калган... Согуш жана согуш үчүн уюм эми элдик
жашоо-турмуштун туруктуу иш-аракети болуп калат. Мурда кол салгандыгы үчүн өч алуу
максатында же жетиштүү болбой бараткан аймакты кеңейтүү максатында гана
жүргүзүлгөн согуш эми талап-тоноп алуу үчүн гана жүргүзүлүп, туруктуу кесип болуп
калат"52
.
Булактар бизге согуштар менен жүрүштөрдүн дал ушундай себептерин кабарлайт,
дал согуш үчүн чиновниктердин зор системасы түзүлгөн болучу, алар өздөрүнүн колуна
аскердик жана граждандык милдеттерди — ябгулукту, шадылыкты, тутукини жана
башкаларды кармап турган, алар мүнөздүү өзгөчөлүгү бар кызматтарды мураска
алышкан, муну да Энгельс белгилеп кеткен. "Талап-тоноочулук согуштар жогорку
колбашчынын бийлигин, ошондой эле ага баш ийген аскер башчыларынын бийлигин
күчөтөт... мурастык падышалык бийликтин жана мурастык төбөлдөрдүн негиздерин
түптөйт"53
.
Ашина уруусунун дөөлөтү дал ушундай болгон. Ал уруулук түзүлүштү өзүнө камтыган
аскердик демократиянын стадиясында турган жана өзү үчүн эксплуатациялоонун объекти
катары кызмат кылган өз коңшуларына каршы түздөн-түз багытталган. Антагониститик
карама-каршылык талап-тоноочулардын талап-тонолгондорго карата мамилелеринде
жаткан; Ашина дөөлөтү Спартага окшошуп кеткен, бирок көп эсе күчтүү жана зор эле54
.
Мындай жырткыч мамлекеттин негизги күчтөрү анын армиясы жана башкаруу
системасы болгон, ошондуктан өз көңүлүбүздү мына ушул жакка топтоп көрөлү.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТҮРКҮТТӨРДҮН ӨЗҮНДӨ
Аскердик иши. Түркүттөр жалпы тарыхтын майданына чыккан биринчи адистиги
темир казып алуу болгон. Алардын легендарлуу ата-бабасы Ашина түндүккө качып барып,
"Жужандар үчүн темир казган" 1
546-жылы жужан хаганы Анахуан түркүттөрдүн
жолбашчысын "Менин темир эритүүчү кулум2
деп атап, түркүттөрдүн башкы кесибин баса
көрсөткөн.
Археологиялык чалгындоолордун натыйжасында VI—IX кк. түркүт
металлургиясынын эстеликтери табышкан. Алтайда темир кенин казып алуунун издери,
ушул эле мезгилге таандык болгон тайыз шурфдар жана забойлор табылган. Темир
алуунун ыкмасы көрүк үйлөтүү болгон. Темирди калыбына келтирүү анын кычкылтеги
менен көмүртектин кычкылтегине химиялык бириктирүү жолу менен крида деп аталган
борпоң металл массасын берген. Крица темиринин сапаты азыр да домна темиринен бир
кыйла жогору деп эсептелет3
.
Жогорку сапаттуу темирден алтайлык темир усталар бир миздүү бычактарды,
балталарды, үзөңгүлөрдү, ооздуктарды, канжарларды, салмактуу ийри кылычтарды,
найзалардын жана жебелердин учтарын, ошондой эле асма жана тулгага коюла турган
эки түрдүү темир казандарды жасашкан4
. Бул доордо металлдарды казып алуу жана
иштетүү азыркы убактагы Тыванын аймагында да жүргүзүлгөн, анын үстүнө жалаң эле
темир эмес, алтын, күмүш, калай жана жез да казылып алынган5
.
Ал убакта Кыргыз кагандыгынын уюткусун түзгөн Хакасияда темирди көп жерден
казып алышкан. Дээрлик бардык кызыл карагай токойлорунда байыркы темир эритүүчү
жайлардын калдыктары жолугат. Алтайдагыдай эле бул жерде да эмгек куралдары жана
согуш шаймандары — кылычтар жана канжарлар, ошондой эле ат жабдыктарынын
тетиктери жасалган6
.
Түркүттөрдүн замандаштарынын — Ангара боюндагы курыкандардын маданияты да
мындан кем эмес болгон. Адегенде, 1912—1914-жылдардагы археологиялык
казуулардын натыйжасында алар "курумчулук темир устаканалар" 7
деген наамга ээ
болгон, бирок А.П.Окладников булар башкалар эмес эле курыкандар болгондугун
далилдеген. Курыкандардын көрүк үйлөтүү жолу менен алган темири 99,45% таза
металлдан турган, ошондуктан өтө ийилчээк жана бекем болгон. Алар бычак, жебелердин
жана найзалардын учтарын жасашкан, жарылган казандарды жамаачылап ондошкон.
Ошону менен бирге курукандар мал чарбачылыгы менен, талааларды жасалма сугаруу
жолу менен дыйканчылык кылып кесиптенишкен8
.
Тилекке каршы, эрте орто кылымдардагы көчмөндөрдүн тоо-кен иштетүүлөрүнө
алиге чейин системалык түрдө изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок бизде болгон
маалыматтар деле жазуу булактарына ишенүүгө бизди мажбурлайт. Ал булактарда
түркүттөр дүйнөлүк тарыхтын майданына Борбордук Азияда биринчи болуп темирди өнөр
жайлык казып алууну өздөштүргөн жана ошонун аркасында өзүн Кытайга жана Тибетке
көз каранды эмес эл катары чыккандыгы ырасталган. Анткени бул мезгилге чейин
көчмөндөр өздөрүнүн согуш аракеттеринде ийгиликке жетишүү үчүн зарыл болгон темир
куралдарды ошол жактардан алып келишчү9
. Темир көчмөндөргө мурда деле белгилүү
болгон, бирок түркүттөр гана аны массалык түрдө колдонууга киргизген. Земарх ага сатуу
үчүн темирди сунуш кылган түркүттөрдү көрүп өтө таң калган жана аны адаштыруу үчүн
муну атайын жасап жатат деп шектенген: "Анткени адатта аларда темир табуу кыйын деп
айтышат"10
.
Металлургиянын өнүгүшү түркүт хандарына өз армиясын кайра куралдандырууга
жана соот кийген атчандардан тандалмалуу сокку уруучу бөлүктөрдү — кытай булактары
боюнча фулилерди (т.а. "бөрүлөрдү" — өздөрүнүн канчык карышкырдан мифтик келип
чыгышынан улам ушундай деп аталган) түзүүгө мүмкүндүк берген. Алардын
куралдарында мүйүз жаалар, чопкуттар, найзалар, кылычтар жана кош миздүү оор
кылычтар болгон11. Жазуу булактарынын бул кыскача маалыматтары, тилекке жараша,
археологиялык материалдар менен толукталышы мүмкүн.
Эрмитажда түркүттөрдүн гвардиячыларынын сүрөтүн келтирген чопо бедиздер
сакталып турат12. Бул бедиздер бир кыйла кеч мезгил менен (VII к. акыры же VIII к. башы)
белгиленгендигине карабастан, аларда тартылган курал-жарак буюмдары VI к. акырынан
тартып олуттуу деле өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес деп ойлоого болот, анткени бул
мезгилдин ичинде маданий салтында өзгөрүүлөр болгон жок. Бедиздер Турпанга жакын
жердеги (Туюк Мазар, Туюк коктусундагы көрүстөн) кытай ак сөөгүнүн көрүндө сакталып
калган. Ушул эле сыяктуу табылгалар А. Стейн тарабынан Турпанга жакын жердеги Астана
кыштагында жасалган13. Жөө аскерлер жана атчандар атчан жүрүүгө ыңгайлаштырылып
бирдей кийинтилген. Мунун өзү түркүктөрдө жөө аскерлер аскерлердин өзгөчө түрү
катары болбогондугун көрсөтүп отурат. Жоо кийимдери баш кийимден жана сооттон
турат, анын үстүнө биринчиси азыркы убактагы казактардын малакайына окшоп кетет, ал
металл каңылтырлар менен капталып, күрөң-кызыл көрпө менен кыйылган. Жоокерлер
ээкке чейин жеткен бийик жакалуу чапандарды кийишкен. Чапаны тизесинин ортосуна
чейин жетип, оң жакка топчуланып, сол өңүрү үстүндө болуп калат. Чапандын үстүнөн
металл каңылтырлардан чопкут кийип, ал күрөң-кызыл кыйма менен кооздолгон. Чопкуту
тизесине чейин жетип, ичке кур менен курчалган, жеңи кыска, чыканактан жогору. Аны,
кыязы, баштан ылдый кийишсе керек. Бул чопкут сарматтардын катафрактына окшош
жана соот-чопкуттуу атчандар үчүн мүнөздүү. Бул сыяктуу сооттор Тибетте жакынкы
убакка чейин эле колдонулуп келген. Мында каңылтырлар өз ара кайыш менен
бириктирилген. Бир кыйла эрте мезгилде куралдардын мындай түрү өтө кеңири таралып,
бир кыйла өркүндөтүлгөн, жеңил жана бекем соот көйнөк сүрүп чыкканга чейин кеңири
таркаган деп божомолдоого болот14. Жоокерлер кара темгил тактары бар жаргак шым
(илбирстин терисинен тигилсе керек) кийишкен. Өтүктөрү кара, жумшак, кыязы, кийизден
болуш керек, биздин учурга чейин эле Тибетте жана Чыгыш Түркстанда кийип жүргөн
өтүктөргө окшошуп кетет. Бул кийимдин тибеттик кийимге окшоштугуна карабастан, биз
дагы бир айырмачылыкты — Тибет үчүн мүнөздүү болгон бел курдун салаңдаган
чачыласынын жоктугун байкайбыз.
Куралдын сүрөтү жөө жоокердин бедизинде гана сакталып калган. Бул атчан
салгылашуу үчүн гана жарактуу узун найза.
Бедиздерге караганда түркүттөрдүн аттары бийик бойлуу, кең соорулуу, ичке буттуу,
кыска моюнду жана чоң баштуу болгон. Жалдарынын таралгандыгы жана тегиз
кыркылгандыгы жакшылап багылгандыгын баса көрсөтүп турат. Бул жылкылардын
монголдук жылкылар менен эч кандай жалпылыгы жок, бирок Саманиддер доорундагы
аттардын келбетине жана өзгөчө Хэнаниден табылган бизге өтө окшош15
.
Ат жабдыктары өзгөчө көңүлдү бурат. Көрпөчө салынбаган жазы ээр, ээрдин башы
жапыз, эки кара тердиктин үстүнө салынат, мында астыңкы тердик ак кийиз менен
кыйылган. Ээри акчыл сары, кыязы жыгачтан жасалса керек, тегерек үзөнгү, куюшкан,
көмөлдүрүк жана беш куржун менен жабдылган; азыркы убактагы ээрлерден
айырмаланып, омуроодон аттын аркасы аркылуу ээрдин алдынан узун шилия кетет.
Кыязы, бул тоодон ылдый түшкөндө керек болсо керек. Ат жабдыктары ак тегерек
каңылтырлар менен, балким күмүштөр, көмөлдүрүккө, куюшканга жана жүгөнгө тагылган
жүрөк түспөлдүү саргыч же күрөң чачылар менен кооздолгон. Аттарынын ооздуктары
жок, ушунун өзү жана кыркылган жалдары алардын атчандардын жакшы тапталган жана
үйрөтүлгөн аттары катары жакшы пикир туудурат. Арийне, атчандар аргымактарын
жанындай жакшы көрүшчү жана оор учурларда аттарына гана ишенишчү. Атчандар ээрге
бир аз кыйшайып отурат (казак-орустарча), мунун өзү алар өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн
ээрде өткөргөндүгүн көрсөтүп турат. Көчмөндөрдүн азыркы убактысынан айырмаланып
үзөңгүлөрү узун коё берилген. Мындай болушу ээрге минүүдө ылайыктуу болгон деп
божомолдоого мажбурлайт: үзөңгү кыска болгондо жаа атууга жана аркан ыргытууга
ыңгайлуу, анткени тизелеп турган жоокердин бут булчуңдары титирөөнү
аммортизациялап турат, ал эми үзөңгү узун болгондо ал атты тизелери менен кыпчып,
кылыч чабууда же узун найза менен саюуда бекем кармана алат. Куржундарынын өтө көп
санда болушу атчандар узак жол жүрүүгө жана олжо алууга эсептелген деп болжоого
болот, т.а. булар гарнизондук эмес, талаа аскерлери болгон.
Ошентип, түркүттөрдүн гвардиясы өздөрүнөн мурункулар сыяктуу талаада эле эмес,
тоолордо да аракеттенүүгө ыңгайлашкан оор жарактуу туруктуу атчандар болгон. Албетте,
аларга талаа уйгурлары тең келе алган эмес, алар жөнүндө кытайлар бир кыйла
шылдыңдоо менен мындай дешкен: "Салгылашууларда катарга тизилишпейт, башкы
отряддары бөлүнүп чыгып, каптап киришет. Бир убакта чабуулга кирип, кайра артка
чегинип, тыным албай салгылаша алышпайт" 16. Түркүттөрдүн чарайналуу атчандары
кытайлардын жөө найзачылары үчүн да, ирандыктардын атчан жаачылары үчүн да
татыктуу душман болуп чыккан. Бирок ал жөнүндө төмөн жакта кеп болот.
Турпандык бедиздерден тышкары түркүт жоокерлеринин сөлөкөттөрү Сулекадагы
(жогорку Эне-Сай) аскага тартылган сүрөттөрдө бар 17 . Атчан, мүйүз жаа менен
куралданган, муну мүнөздүү ийрилиши боюнча аныктоого болот. Дагы бир сүрөт андан
бетер кызыктуу: "... мойнунан белине чейин калканчтуу брон кийген, чыканагына чейин
жеңдери бар, көкүрөгүндө тегерек калканы, курунда кылыч жана саадагы жана оң
колунда шалк этмеси бар оор куралдуу атчан кичинекей желекче менен кооздолгон
найзасын тизелеп отуруп атып жаткан жаачыга, т.а. саяндык токой-тоолук адамга багыттап
турат"18. Бирок чарайналуу атчандардан тышкары түркүттөрдө жеңил куралданган атчан
аткычтар болгон, алар багындырылган элдердин арасынан чогултулган. Коло алкакчадагы
мындай жоокердин сүрөтүн С.В. Киселев 1939-жылы Копён кыштагынын жанындагы
казууларда тапкан. "Атчан, баш кийимсиз. Анын узун чачтары шамалга сеңселип турат,
чачтары желкесине жип менен байланган. Чолок чапанын кур менен курчап алган.
Өтүктөрү жумшак, такасы жок. Оң жак капталында төмөн карай кеңейип кеткен саадак
илинип турат. Жаасы татаал, М тамгасына окшош. Аты талаа тукумунан, кең көкүрөктүү,
жалдары кыркылып, куйруктары түйүлгөн. Ээр-токуму толук; ээри катуу, ээрдин алдыңкы
башы иймек; ээрдин астында жээктелген тердик бар. Көмөлдүрүгүнө жана куюшканына
чачылар илинген; үзөңгүлөрү жазы, ийри түрдө; чыйратылган тизгини жана чылбыры бар
жүгөн. Ээрдин артында эки жагында тең куржундар илинип турат"19. Каңылтыр VII к.
экендиги так белгиленген.
Мына ошентип, археологиялык материал жазуу булактарынын кемчилигин
толтурган. Алардын тез ийгиликке жетиши түркүттөрдө чарайналуу атчандардын болушу
менен түшүндүрүлөт. Түркүттөргө чейинки мезгилде салгылашууларды атчан жаа
аткычтар чечип келген; чарайналуу пайда болушу алардын маанисин дээрлик жоготкон.
Жекеме-жеке салгылашууда жеңил куралданган душманга караганда түркүттөрдүн оор
куралдуу атчандары дайыма артыкчылыкка ээ болгон. Анын үстүнө түркүттөр атчандар
катарын киргизишкен. Бирок талаа согушундагы эң мыкты түркүт армиясы шаарларды
камалоого таптакыр жараган эмес. Анткени жөө калган чарайналуу жоокердин согушка
жарамдуулугу азыраак болгон. Шаар дубалдары түркүт дөөлөтүнүн жайылышына чек
койду жана Кытай менен Ирандын көз каранды эместигин сактап калды, бирок талаага
келгенде узак мезгилге чейин түркүттөрдүн атчандарына теңдештер болгон эмес.
Бейкуттук кесиптер. Түркүттөрдүн башкы кесиби (согуш иштеринен кийин) көчмөн
мал чарбачылык болгон; ири кайберендерге аңчылык кылуу да зор роль ойногон20, ал
мезгилде кайберендер талаада жайнап жүргөн. Азыр Гоби Алтайы — дээрлик калк
жашабаган жарым чөл, бирок ал мезгилде бул жерде кайберендер көп болуп,
уруулардын баары тегеректеп келип аңчылык кылышкан21. Тегеректеп аңчылык кылуу
кайберендерди айдап берүүчүлөрдүн жана аңчылардын атайын ыкмасын талап кылат,
мунун өзү түркүттөр үчүн өтө пайдалуу болгон, себеби аңчылык жоокердик эрдиктерге
даярдык, өзүнчө бир манёвр болгон. Жолдуу аңчылык көп сандаган эт берген, ал
түркүттөрдүн негизги тамагы болгон22, ал түгүл алар согуш убагында да запастарын
толуктоо үчүн аңчылык кылып турушкан23
.
Кайберендердин жана бакма малдын терилери кийимге, чатырларды жабууга
жумшалган, ошону менен бирге түркүттөр кийиз бышырууну, жүндөн таар согууну
билишкен.
Түркүттөрдүн малынын негизги түрү кой болгон, алардын сөөгү түркүттөрдүн
мүрзөсүн казганда көп жолугат. Жылкы да жетиштүү санда болуп24, кымызды түркүттөр
шарап ордуна ичишкен25. Тоолуу жерлердин шарттарында көчмөн мал чарбачылыгы көп
мал багуу үчүн өтө кыйын болгон, ошондуктан көчмөндөр өз койлорун короо-короо
кылып бөлүп айдап, ар бир үй-бүлөнүн кыштоо жана жайлоо үчүн белгилүү жери болгон.
Ушундай эле абал VI—VIII кк. болгон, мунун өзүн "туруктуу жашаган жери жок, бирок ар
биринин өз жер үлүшү бар"26 деген тарыхый булактын кыска, бирок толук ынандырарлык
тексти ырастап турат.
Бул экономикалык бирдик түгөй үй-бүлө 27 болуп саналган айылдык чарба
системасы. Экинчиси топтошуп жашоо системасы: анда бир нече үй-бүлө биргелешип
көчүп жүрүп, түнкүсүн айылды арабалар жана күзөтчүлөр менен курчап коюшат. Бул эки
система кылымдар бою улам бири-бирин алмашып келишкен, ал эми уруулук түзүлүштүн
өнүгүшү же бузулушу менен дегеле байланыштуу эмес. "Чжоушуда" айтылгандар
"Таншуда" ушундай эле көрсөтүлгөндөр менен ырасталат, анда биз түркүттөр 641-жылы
Алашанга көчүп келгендигин окуйбуз, ал жерде "жайыт кенен, жер кыртышы эң сонун,
ошондуктан түркүттөр талаш менен бөлүп алышкан"28. 1948-жылы Алтайда мен жүргүзгөн
археологиялык чалгындоолор да түркүттөр калтырып кеткен эстеликтер жерди айрым
талаалар жана дарыя өрөөндөрү боюнча айыл-айыл болуп топтошуп пайдалануудан
башка система болбогондуктун көрсөтүп отурат. Б.Я. Владимирцов топтошуп жашоо
системасы коопсуздук талаптарынан улам келип чыккандыгын белгилейт, ошондуктан
айылдык система талаада бекем жана күчтүү бийлик талап-тоноолорду жана уруулар
аралык согуштарды токтоткон мезгилде болгондугу түшүнүктүү, ал эми түркүт
хандарынын бийлиги дал ушундай бийик болгон. Ушул көз караштан алганда айылдык
көчүп жүрүүнүн жана жерди жекече пайдалануунун болушу дегеле мүмкүн эместигин
көрсөтөт.
Биздин мезгилде да үй-бүлөлөрдүн көчүп жүрүшү белгилүү аймактар менен
чектелген. Маселен, Теңир-Тоодогу ар бир өрөөн белгилүү бир үй-бүлөгө таандык болуп,
анын башчысы сырттан келгендерди "өз" өрөөнү аркылуу тоого чыгууга уруксат бербей
коё алат. Жерди пайдалануунун бул системасы көчмөн мал чарбачылыктын табиятынын
өзүнөн келип чыккан: жайыттардын, эң башкысы суунун чектелүү болушу көчмөндөрдү
малын бөлөк-бөлөк жаюуга мажбурлайт, демек, көчмөн чарбачылык жүргүзгөн үй-
бүлөлөр да өз-өзүнчө бөлүнө баштайт. Жайыттарды бөлүштүрүү жана чек араларды так
сактоо — бул көчмөндөрдү мал сугаруу, жайыттар жана аңчылык жерлер үчүн бир
туугандар, боордоштор ортосундагы айыгышкан кагылышуулардан сактап калуунун
бирден-бир каражаты болгон. Бирок, албетте, жерди пайдалануунун жогоруда айтылган
системасы жеке менчикке эч кандай тийиши жок, анткени жер сатылган да, сатып алынган
да эмес.
Турак жай. Тарыхчы башка элдин маданиятынан биз үчүн маанилүү болуп
эсептелген, ал эми алар жок болсо ал элди түркөй деп эсептей турган мүнөздүү
нерселерди издөөгө умтулган өтө коркунучтуу методологиялык абберациядан качышы
керек. Маселен, Европанын жана Алдыңкы Азиянын элдери цивилизациянын тепкичине
өтүүдө архитектурасы адамды айран-таң калтырып суктандырган шаарларды курушкан.
Түркүттөр болсо үйлөрдү куруп, жемиш бактарын өстүрүшкөн эмес, анткени суук климат
жакын жердеги кургак токой жагылып бүтөр замат эле андай шаарларды таштап кетүүгө
мажбур кылмак. Бирок таш кепе же жер кепе жылуу, кең кесири жана бир жерден экинчи
жерге оңой эле көчүрүлө турган кийиз боз үйлөргө салыштырганда турак жайдын жогорку
формасы экендигин эч ким далилдей алган эмес. Жаратылыш менен тыгыз байланыштуу
болгон көчмөндөр үчүн мындай боз үйдөгү турмуш өзүнүн каалагандыгы эмес,
зарылчылык болгон. Жайкысын талаанын чөбү күйүп, ошондо мал жайлоого — тоо
шалбааларына жайылууга тийиш, мындай жайлоолор Теңир-Тоонун, Алтайдын,
Хангайдын, Хэнтейдин тоо этектерине жайгашкан. Кышында болсо тоолорго кар калың
түшүп, мал кайрадан түздүккө түшөт. Бул жерде кар жука болгондуктан мал анын астынан
кургак, кыйла азыктуу чөптү тээп жей алат.
Ушундай турмуш-тиричиликте көчмө турак жай баарынан мыктысы болуп саналат.
Боз үйдүн ыңгайлуулугуна токтолгондо, мен улуу кытай акыны Бо Цзюйиге сөз
берейин, ал боз үйгө эң сонун ыр менен сүрөттөмө арнаган. Бул булак Лю Мао-цзай29
тарабынан жарыяланган (төмөндө немисчеден орусчага мааниси боюнча которулган
ырдын котормосу келтирилген).
КӨК БОЗ ҮЙ30
Жүн чогултуп кийизи үчүн миң койдон,
Туура эки жүз түндүк жасап беришти,
Суу боюнда талдан кыйып андан соң,
Сомдоп бекем кереге-уук керишти.
Чөп үстүнө жоокер боз үй тиктирди
Түндүк жактын түсү сымал көгүлтүр.
Эми ошол көркөм, жаңы көк боз үй
Ээси менен түштүк жакка келиптир.
Тоо, талаадан алыс менин короомдо
Турат азыр ошол боз үй тигилип.
Болбойт экен дубал, бурчу боз үйдө
Бирок ичи жайлуу, жылуу мемиреп.
Боз үйүмдү бороон уруп кете албайт,
Кийизинен бышырылып басылган
Нөшөрлөгөн жамгыр суусу өтө албайт.
Айлуу түндүн көркүн ачып ажайып,
Көк боз үйүм жакшынакай жарашык.
Жүн кийизди кыроо баспайт түк дагы
Кыш-күрөөдө күн бүркөлсө тунарып.
Жылуулугу жан жыргатып көшүлтүп
Жерге тегиз мамык талпак төшөлгөн.
От боюнда бийчи кыздар бий бийлеп,
Ырчы отурат обон созуп четирээк.
Шарап ичип, кызысам да кээ күнү
Киргим келбей тиги турган там үйгө,
Жатып алам жылуу-жумшак боз үйдө.
Очоктогу алоо жалын ойноктоп,
Оролушат көлөкөсү соймоңдоп.
Кызыл чоктун оттой ысык аптабы
Таң аткыча жылуулукту сактады.
Күүгүмдөгөн түндү жарып түнөргөн,
Түтүн булайт жай созулуп түндүктөн.
Тоңуп калган муз да эрип шарылдайт,
Жазда кирген шаркыратма суусундай.
Жыпар жыттуу гүлдөн жасап көшөгө
Көрсөткөнү чакырсаң да, көшөрө
Эч биринин чыккысы жок боз үйдөн.
Күн көрүшкөн чатыр тигип камыштан
Адамдарга жылуу кыш да ызгаардуу.
Сугун артат кечил дагы боз үйгө,
Жадагалса окуусунун акысын
Төлөй албай жүргөн тиги окуучу
Жашасам дейт жылуу-жумшак боз үйдө.
Мейманымды тосомун боз үйүмдө,
Бой жеткенде балдарыма берем деп
Аяр күтүп урунамын күнүгө.
Хан сарайы жыгач менен курдурган
Укмуштантып оймологон, бирок да, —
Көк боз үйгө жетмек эле ал кайдан!
Ханзаадалар кооздотуп салдырган
Сарайларга боз үйүмдү алмашпайм.
Кытай акыны орточо оокаттуу көчмөн жашай алгыдай кадимки турак жайды
сүрөттөйт. Хандын боз үйү болсо Влахерн сарайынын жасалгасын көргөн византиялык
императордун сарайында иштеген Менандр Протекторду да таң калтырган. Ал алтын
тактысы бар чатырды сүрөттөп жазат. Чатыр ушунчалык жеңил болгондуктан аны бир атка
жүктөөгө болот. Экинчиси — "жибек жабуулар менен кооздолгон" , үчүнчүсү — алтын
жалаткан тирөөчтөн туруп, алтын бейиш куштары хандын тагын тиреп турат31. Мына ушул
ажайып кооздуктар биздин күнгө чейин жеткен эмес; жыгач менен кымбат терилер
чирип, алтын менен күмүш жамбыга кайра куюлуп, куралдарды дат басып, эчак чаңга
айланган. Бирок кат жүзүндөгү булактар көп кылымдар бою бай жана кайталангыс
маданият жөнүндө маалыматтарды бизге жеткирди, ошентип алар аз сандаган
археологиялык табылгаларга караганда көбүрөөк ишеничке арзыйт.
Аялдардын абалы. Бөлөк-бөлөк үй-бүлө жүргүзгөн койчулук чарба адатта
патриархалдык мамилелерди камтыйт 32 , калыбы түркүттөр деле башкалардан
айырмаланышпаса керек. Куда түшүү демилгеси эркектерге таандык болгон жана "атасы,
агалары жана атасы боюнча туугандары өлгөндөн кийин өгөй энелерине, келиндерине
жана таежелерине" үйлөнүшкөн33. Мындай салттарга далилдер бар. Нили хан өлгөндөн
кийин анын бир тууганы Поши-тегин так менен кошо агасынын аялын — кытайдын
ханышасы Сянь-шини мураска алган. Көчмөн элдерде аялдарын мураска алуунун кош
мааниси болгон. Биринчиден, үйгө, тагыраак айтканда, боз үйгө жаңы кызматчы аял
келген, ошол убактагы шарттарда бул дайыма пайдалуу болгон. Экинчиден, салт-санаада
жесирдин укуктарын коргоо каралган, анткени жаңы күйөөсү аны өз аялы катары коргоого
жана камкордук көрүүгө тийиш болгон. Балким, мындай нике дайыма эле чыныгы
болбошу мүмкүн, ошондой болсо да жесир тагдырдын зомбулугуна калтырылган эмес.
Аялдарга карата мамиле дайыма сый болгон. Уулу боз үйгө киргенде адегенде
энесине, андан кийин атасына жүгүнгөн 34 . Орхон жазууларында Күл-тегин өлүм
коркунучуна кириптер болгон тууган-туушкан аялдар калган ордо коргоп жан аябай
салгылашканы жөнүндө зор мактоо менен сыпатталат35. Аялдары укуксуз болгон элдерде,
маселен, Гиндикуштун патандарында душмандар аялдарды өлтүрүшкөн эмес.
Аялдарды мураска алуу тууралуу келтирилген текст полигамияны билдирет, бирок
бул да түркүт аялын укуксуз кылган эмес. Ал түгүл аялдын абалын көз каранды деп
эсептесек да, анын күйөөсүнө таасирин Табари баса белгилейт, ал "түрктөрдө аялдары
аркылуу баарына жетишүүгө болот" 36 деп жазган. Энеси боюнча тегине зор маани
берилген. Маселен, ханзаада Торэменди тактан четтетүүнүн шылтоосу анын энесинин
"тегинин начардыгы" болгон. Бул, албетте, шылтоо, анын саясий душмандарынын айла-
амалы болгон, бирок кызыктуу аргумент болгон. Укук жалпысынан аялды өтө катуу
коргогон: күйөөсү бар аялды зордуктагандык үчүн өлүм жазасы берилип, кызды азгырган
адам ага дароо үйлөнүүгө тийиш болгон37. Зордуктоо, көтөрүлүш чыгаруу, чыккынчылык
кылуу, киши өлтүрүү жана тушалган атты уурдап кетүү сыяктуу өтө оор кылмыштар менен
бир катарга коюлгандыгы өтө кызыктуу. Тушалуу атты уурдап кеткен адам талаанын
шартында өлүмгө тартылган, жөнөкөй эле уурулук кылуу жапа тарткандын пайдасына он
эсе айып салуу менен чектелген, ал эми чыр-чатакта адамдын мүчөсүнө зыян
келтиргендиги үчүн доого жыгылган.
Эң акырында, дагы бир салт-санаа өтө кызык, ал жөнүндө маалымат бизге чейин
жеткендигинин себеби ал Тан доорунда Чанъяндагы музыкалык окуу жайдын студент
кыздары түркүктөрдөн алгандыгы болуп саналат. Табиттери окшош кыздар салтанаттуу
түрдө өз ара бир туугандык союз түзүшкөн, анын үстүнө анын мүчөлөрүнүн саны 14—15
кызга, эң кеминде 8—9 кызга чейин жеткен. Бул кыздар бири-бирин бир тууган эркек
балдар деп эсептешкен, ал эми эгерде жаш улан ал кыздардын кимдир бирөөнө үйлөнсө,
ал аялдын атын алып, жолдош кыздары жаңыдан нике кыйгандарга "колуктуга каттоого" ,
т.а. анын күйөөсүнө барып турушкан. Жаш келинчек өзүнүн "бир туугандарына" ичи
тардык кылган эмес, бирок башка аял "бир туугандарынын" мүчөлөрү менен мындай
байланышта болууга жол берилген эмес38
.
Мен бул изилдөөдө түркүктөрдөгү топтук никенин келип чыгышы жөнүндө маселени
чечким келген жок, бирок анын болушу VI—VIII кк. аялдардын кемсинтилген абалы
жөнүндө маселени жокко чыгарат деп ойлоймун39. Көчмөндүк дүйнөдө аялдардын
укуктарын чектөө — кийинки болгон көрүнүш, балким, монголдордон кийинки мезгилде
Ортолук Азиянын башына түшкөн жалпы төмөндөө менен байланыштуу болсо керек
деген ой келет.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТҮРКҮТТӨРДҮН ДИНИ
Түркүттөрдүн байыркы дини жөнүндө бизге чейин жеткен негизги маалыматтар
кытайдын "Вэйшу" жана "Суйшу" летопистеринде камтылган. Ал маалыматтар бири-
бирине өтө карама-каршы жана өзүнүн кыскалыгы боюнча адегенде анча түшүнүктүү
эместей көрүнөт.
"Вэйшу" түркүттөрдүн дининин төмөндөгүдөй ырым-жырымдарын белгилейт: "1)
Күн чыккан өлкөгө карата жыпар жыттуу чыгыш тараптан ордого (хандын) кирүү; 2)
бардык төбөлдөр менен бирге ата-бабалардын үңкүрүнө жыл сайын курмандык алып
келүү; 3) бешинчи айдын ортоңку декадасында башкаларды чогултуп, дарыянын боюна
теңирдин пирине курмандык чалат; 4) батыштагы Дугинден 500 ли жерде бийик тоо бар,
анын чокусунда дарактар да, өсүмдүктөр да жок, ал Бодын-инли деп аталат. Аны
которгондо өлкөнүн пири дегенди түшүндүрөт" 1
.
50 жыл кийинчерээк (VII к. 30-жылдарында) түзүлгөн "Суйшу" жогоруда санап
көрсөтүлгөн маалыматтарды келтирбейт, анын ордуна анда мындай деп айтылган:
"Шайтандарга жана арбактарга сыйынышат, жин-перилерге ишенишет" 2
.
Биринчиси ички карама-каршылыктарга жык толгон бул таптакыр эки башка
жүйөлөрдү кандайча ыкташтырууга болот? Анда күнгө табынуу (1), ата-бабалардын
арбактарына табынуу (2) ата-бабалардын арбактарына табынуудан айырмаланып,
"Теңирдин арбагына" табынуу, төбөлдөрдүн эмес, элдин кенчи (3) жана тоого табынуу (4).
Кытай булагы маселени дегеле чечпегендигин моюнга алуу керек.
"Суйшунун" маалыматтарыда анчалык деле айкын эмес: Кытайдын "ху" деген сөзү
эмчи, дарымчы жана жин-пери дегенди түшүндүрөт3
. Бул учурда биз ким менен ишибиз
болуп жатканын тексттен түшүнүүгө болбойт, түркүттөр сыйынган пирлер эмне экендиги:
ата-бабаларынын пири (кормос) же жаратылыштын пири (тос) экендиги деле түшүнүксүз.
Мына ушул табышмактуу тексттерди териштирүүгө ушул бап арналган.
Негизги проблеманы биз мындайча түздүк: байыркы түркүттөр эмнеге сыйынышкан
жана алардына дини өзөктүү концепцияны түзөбү же ар кандай диний ишенимдердин
аралашмасы болуп саналабы, эгерде андай болсо алар кайсылар? Түркүттөрдүн байыркы
сыйынуулары жөнүндө сөз кылганда мен аларды алгачкы деп эсептеген ойдон алысмын.
Түркүттөрдүн өздөрү V—VI кк. гана ар кандай уруулардан түзүлгөн жана алардын ошол
доорго таандык болгон диний ишенимдери аларга замандаш болгон башка диндик
системалар сыяктуу эле ошончолук өнүккөн.
Римде акыркы патриций Цетег Боэциевонун "Акылмандуулук менен жубатуу"
(«Утешение мудростью») дегенин окуган. Константинополдо сириялык арык дербиштер
никелик символго халкедондук кошумчалар жөнүндө маанилүү грек календерлер менен
талаш-тартыш жүргүзүшкөн. Ктезифондо перс төбөлдөрү эми Ормуздга да, Ариманга да
ишенишпей, так менен таажынынын союзун узун найзалар менен кармап турган. Согдулук
дыйкандардын сепилдерин аралап дүйнөлүк диндин купкуу үгүтчүлөрү сыйкырчылар
кыйнаган Мани пайгамбардын ысмын даңкташкан. Кытайда чачтарын алдырган буддалык
кечилдер бул дүйнөнүн оопалуулугу жана жалгандыгы жөнүндө император аялдын
кулагынын кужурун алып, конфуцийлик акылмандардын кыжырдануусуна жана адептүү
жүрүш-туруштун жана башкаруунун эрежелери жөнүндө жаркылдаган жибекке кара сыя
менен жазылган сөздөрүнө көңүл бурушкан эмес. Кербен жолу Жер Ортолук деңизинен
Сары деңизге чейин өткөн, ал жол боюнча чөлдөр жана тоолор аркылуу жибектер жана
жыпар жыттуу заттар менен бирге идеялар, системалар, концепциялар агылган. Бул
жерлердин ээлери болгон түрктөр бардык өлкөлөрдүн үгүтчүлөрү айткандарды көрбөй
да, укпай да коюшту бекен? Сары дарыянын жээгинен чыккан алардын ата-бабалары
билимдүү Кытайды, гүлдөгөн Согданы, берекелүү Турпанды талаштырган чыр-чатактар
жөнүндө билбей коюшмак беле? Ал эми башка жакта, түндүктө акылман жана токтоо,
ошондой эле каны кызуу койчу жоокерлерге таасирин тийгизген Сибир жаткан эле. Мына
ушул бардык факторлорду эске албай туруп бизге байыркы түркүттөрдүн дүйнөгө көз
карашы жана өзүнүн өнүгүшүндө ал башынан өткөргөн өзгөрүштөр түшүнүксүз болот.
Айрым уруулар эл болуп түзүлгөндө өздөрүнүн диндик системасын кошо ала
келишкен, бирок динге ишенүүлөрүнүн элементтери окшош, анан да аларды
айкалыштыруу өтө ар түрдүү болгон. Түркүттөрдүн дини деле мындан айырмаланган
эмес. Бул жөнүндө төмөндөгүдөй суроо келип чыгат: эмне үчүн төбөлдөр жана эл айрым
сыйынышкан? Эл кимге сыйынган? Төбөлдөр кимге сыйынган? Эгер хандын өзү эң
жогорку дин кызматчысы болсо жин-перилер ким болгон?
Биринчи суроого жооп берүү оңой, анткени бизге түркүттөрдүн структурасы жана
алардын этногенези белгилүү. Түркүттөр тутуму татаал эл болгон. Ашинанын "500 үй-
бүлөсү" , болочоктогу "төбөлдөр" V к. Ордостон келген жана алардан мурда түрк тилинде
сүйлөгөн калк жашап жаткан Алтайдын түштүк беттерине отурукташкан. Эки этностук
компонент бир бүтүн болуп бириккен, бирок алардын ортосундагы VII к. чейин кара жана
ак сөөккө бөлүнгөн айырмачылык белгилүү даражада байкалат. Бул жөнүндө кызмат
орундарынын ак сөөктөр чөйрөсүндө мурас боюнча өтүшү жана "асыл тукумдан чыккан"
кыздардын карапайым элден чыккан уландарга турмушка чыгышына тыюу салгандык
далилдеп турат.
"Вэйшунун" тексти VI к. таандык, ал кезде мындай бөлүнүү жетиштүү өлчөмдө даана
болгон, мына ошондуктан булак төбөлдөр менен карапайым элдин диндик пирлериндеги
айырмачылыкты, кийин "Суйшуга" кирбей калган айырмачылыкты белгилейт. "Суйшу"
кырсыктуу 630-жылга чейин кытайлардын талаада үстөмдүк кылып келген түркүттөрдүн
төбөлдөрү менен гана иши болгон доорду чагылдырат. Ошондуктан "Суйшунун"
көрсөткөндөрү дал төбөлдөргө таандык деп ойлоо керек. Ал маселени биз өз убагында
карап көрөбүз.
Эми түркүт элинин диний көз караштарына кайрылып көрөлү.
Асманга — Теңирге — табынуу орхон жазууларында да белгиленген: "Адегенде
жогоруда көк асман, ал эми төмөн жакта караңгы жер болгон: алардын ортосунда адам
балдары жаралган" ; Көк-Теңир — бул материалдык асман эмес, биз көрүп турган кадимки
асманга карама-каршы коюлга 4
. "Асман руху" дегенде кытайлар дал Көк-Теңирди
түшүнүшкөн деп ойлоо керек. Асманга курмандык чалуу ырым-жырымы ал түгүл XIX к.
акырында качилерде белгиленген. Ал Тыгыр Таих деп аталып, койду курмандыкка чалуу,
кымыз, сүт, айран жана сорпо атап куюу менен коштолгон коомдук сыйынууда турган.
Майрамга жакынкы айылдардан эркектер чогулуп, аялдар жана бакшылар киргизилген
эмес. Табынуунун объекти "асман жана күн" болгон5
. Балким, бул "Вэйшуда" сүрөттөлгөн
ырым-жырымдын өзү болуш керек. Эки учурду өзгөчө белгилей кетүү керек: биринчиси —
бакшы бул майрамга жиберилген эмес жана экинчиси — курмандык чалуунун максаты
"жарыктын ырайымына" жетишүүдө болгон. Бул эки кырдаал тең өтө маанилүү.
Бакшынын барышына жол бербөө бул пир өлгөндөрдүн арбактарына же хроникалык
"илгертеден берки арбактарга" эмес, башка кудайга таандык болгондугун далилдеп
отурат: "башкалардын айтканына караганда таихке туш келген бакшы жинди болуп,
карышып жатып калат"6
.
Бул эмне деген кудай? Бул сүрөттөөдөн анын атрибуту жарык болуп санала
тургандыгы гана айкын; Мындай көрсөтмө ал пирди бизге белгилүү болгон күн
пирлеринин ичинен ошол пирди бөлүп алуу менен догманын бөтөнчөлүгүн баса көрсөтүп
турат, мында күн асман телосу (Ра-Гелиос) же чыгармачылыктын шыктандыруучусу жана
булагы (Аполлон) катары урматталат. Эгерде дагы бир этнографиялык параллель —
нганасандардын "таза алачык" майрамы болбосо баары бир бул пир биз үчүн айкын
болбос эле7
. Кастрен нганасандар азыркы убакта толук түрктөшүп кеткен байыркы
саяндык угорлордун жакын туушкандары болгон деген божомолду айткан 8
. Четки
Түндүккө сүрүлүп кеткенден кийин алар бакшылык демонолатриянын таасирине дуушар
болгондугуна карабастан байыркы пирин сактап калышкан. Алар жылына эки жолу —
күзүндө, уюлдук түндөр башталаардын алдында жана январдын акырында — күндүн
алгачкы шооласы тоо чокуларында көрүнө баштаганда күн-жарыкка курмандык
чалышкан. Албетте, пирдин ырым-жырымдык жагы жогоруда сүрөттөлгөндөн өтө
айырмаланат, анткени "таза алачык" майрамын бакшы өткөрөт; нганасандар кеминде бир
жарым миң жыл бою жаңы кырдаалда, жаңы коңшулар менен, эң башкысы жаңы
аймакта жашагандыгы таасирин тийгизген, ал эми биз төмөн жакта көрүп тургандай,
изилденип жаткан пирде аймак биринчи даражадагы роль ойногон. Бирок, тышкы
айырмачылыгына карабастан, түркүт элинин, түрктөшүп кеткен миң-өзөндүк угорлордун
жана нганасандардын табынуу объекттери бир эле нерсе — күндүн жарыгы экендигин
ишенимдүүлүк менен белгилей алабыз. Мына ушуга негизделип, бизди кызыктырып
жаткан түркүттөргө эң жакын эл катары нганасандардын теокосмостук элестетүүлөрүн
карап чыгууга кайрылууга укугубуз бар. Нганасандык диндин доктринасы — плюралисттик
анимизм: адамдарга жасалган бардык жакшылык, тактап айтканда, жакшы санаалаштык
nuо термини менен белгиленет; ушул эле термин менен белгилүү образга ээ болбогон,
бирок өтө урматталуучу көзгө көрүнгөн асман (түрктөрдүн Теңири менен салыштырыңыз)
түшүндүрүлөт. Ааламды жаратуучу N lata nuо (жогоруда айтылган "Аман руху" менен
салыштырыңыз); анын кызматкери Кои (күн) жаратылган дүйнөгө жетекчилик кылат; күн
нурлары — өсүмдүктөрдүн рухтары күн менен катнаша турган жиптер9
.
Күн пиринин мындай варианты аны сибирдик бакшылыктын башка түрлөрү менен
аралаштырууну жокко чыгаруу үчүн жетиштүү даражада оригиналдуу, муну Л.Я.
Штернберг10 көрсөткөн. Ушул сыяктуу бирден-бир доктрина манихейчиликтен байкалат,
бирок бул жерде генетикалык байланыш эмес, шексиз конвергенция орун алган.
Бул дин анимисттик генотеизм катары мүнөздөлүшү мүмкүн, анткени С.А
Токаревдин изилдөөсү көрсөткөндөй, ар бир уруунун жалпы элдик улуу кудайынан —
жарыктын жана асмандын кудайынан башка "тос" катарындагы рухтардын ичинен, тактап
айтканда, өлгөн адамдардын арбактары11 — "кормосалар" менен жалпы эч окшоштугу
болбогон илгертеден бери болуп келген рухтардын ичинен өздөрүнүн колдоочусу,
өздөрүнүн уруулук кичинекей кудайы болгон.
Ал түгүл "Теңир рухуна" (Nelatuno менен салыштырыңыз) табынуу бир кыйла
метаморфозага дуушар болсо да XX к. башына чейин сакталып калган. Теңир руху персче
Кудай деп аталып, кийин бакшылардын рухтарынын эң жогоркусу Ульгенден 12
айырмаланып, христиан кудайына окшошуп кетти. Мына ушуга байланыштуу жер
кудайынын пирине — тосторго, "жаратылыштын ээлери" — жергиликтүү алтайлыктардын
"Алтайларына" жана келгин ыркыттар менен сойондордун13 "Йер-Сусуна" тийип өтүү
зарыл.
Йер-су (сөзмө сөз "жер суу") жер тосторунун катарына кирет жана жердин, суунун,
өсүмдүктөрдүн д.у.с. "ээлеринин" пирине окшошуп кетет. Нганасандарда жердин ээси
Фаннида — чымдын алдында жашаган жана өлүп бараткан адамдарды оозун ачып күтүп
турган жамандык алып келүүчү рух. Ага арнап кара бугуну курмандыкка чалышат14. Йер-су
ошондой эле таш боор кудай. Ага боз же жээрде жылкыны курмандыкка чалышат.
Ульгенге бакшылык табынуу менен Йер-су пиринин такыр байланышсыздыгын
ыркыттар менен сойондор Ульгенге жана башка бакшылык пантеондун башка рухтарына
сыйынбагандыгы көрсөтүп турат15; бул эки уруу тең — жакында эле Саяндан чыгып
келгендер, балким, алардын пири — байыркы алтайлык жана нганасандык дин
системаларынын ортосундагы байланыштыруучу звено болсо керек.
Бодын-инли тоолоруна сыйынуунун маңызы жөнүндө маселе Л.П. Потаповдун16
эмгегинин аркасында түшүндүрүлөт, анда автор уруулук менчиктеги коктуга табынуунун,
уруулук пирдин промыселдик пир менен байланышын көрсөткөн. Ар бир уруунун өз
"Алтайы" бар, ал уруунун мүчөлөрүн тоюндурат. Бул тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн
рухуна эмес, тоолордун, дарыялардын жана көлдөрдүн өздөрүнө табынгандык, т.а. биз
бул жерде жаратылышты элестетүү эмес, ага жан киришин байкайбыз17. Анимистик
дүйнөгө көз караштын бул эң жөнөкөй формасы аниматизм18 деп аталат.
Ашина ордосуна баш ийген алтай элинин байыркы дининин башкы белгилери мына
ушундай. Биз жогоруда көрүп тургандай, "төбөлдөрдүн" негизги пири элдик динге
таптакыр жат ата-бабалардын пири болгон. VII к. Алтайга келген түркүттөрдүн тукумдары
телестер жана чүй төлөнгүттөрү уруулук анимисттик пирден четте турушат19
.
"Төбөлдөр" үңкүрдө курмандык чалган ата-бабалары кимдер болгондугун аныктоо
учун түркүттөрдүн келип чыгышы жөнүндө уламыштуу материалды талдоого кайрылып
көрөлү. "Суйшуда" Ашина20 ордосунун келип чыгышы жөнүндө тарыхый справка менен
катар негизин миф (23-бетти караңыз) түзгөн уламыш келтирилет. Ашиналар талаага
чыгып, өздөрүн жужандардын вассалдары деп тааныган VI к. башына чейин "үңкүрдө"
жашашкан.
Канчык карышкыр жашырынып жаткан үңкүрдүн сүрөттөлүшү өтө кызык. Үңкүр
"Гаочандан түндүк-батыштагы" тооолордо, т.а. Алтай тоолорунун чок ортосунда болгон.
'Тоодо үңкүр бар, ал эми үңкүрдө калың чөп өскөн жана бир канча ли айланада түздүк
бар. Үңкүрдүн төрт тарабында тең тоолор жатат"21. Кадимки эле тоо өрөөнү "Суйшуда"
үңкүр деп аталгандыгы кызык. Мындай так эместик бир кыйла таң калыштуу жана бул
жерде биз бир уламышта эки мазмундун: мифологиялык мазмундун (канчык
карышкырдан туулгандыгы) жана тарыхый мазмундун (түркүттөрдүн бир бөлүгүнүн ата-
бабаларынын алтай тоо өрөөндөрүнө качышы) айкалышы деген божомолду туудурат.
Чынында эле тарыхый мазмун мусулман авторлору Рашид-ад-Диндин,
Хондемирдин жана Абуль-Газинин чыгармаларында толугу менен келтирилген, мында
тоо өрөөнү белгилүү атка — Эркене кун, т.а. тик бет деген атка ээ болгон. Балким биз бул
жерде байыркы окуянын чагылдырылышын — 93-жылы талкалангандан кийин
Тарбагатай өткөөлдөрү аркылуу түндүк хуннулардын кетип калышын жана алардын бир
бөлүгүнүн Аптайдын чектеринде отурукташын айтып жаткандырбыз, ал эми канчык
карышкыр кайдан пайда болду? — мына ушул мифологиялык мазмун биз үчүн маанилүү.
Баарыдан мурда теле уруусунун келип чыгышы жөнүндө окшош уламышты белгилей
кетүү керек. Бул уламыш боюнча хунну шанүйүнүн теңирге арнаган кыздарынын бири
карышкырдан уул төрөп, ал теле урууларынын түпкү бабалары болуп калган22. Бул
уруулар Ашина ордосу сыяктуу эле Халхага Сары дарыянын боюнан келген. Биз көрүп
тургандай түркүттөрдүн да, телелердин да бир эле, окшош мифологеми бар. Андай
болгон соң түпкү бабасы карышкырга карата тотемисттик мамиленин көрсөтүлгөн
элементинин бир эле түпкү булагы бар деп божомолдоо табигый иш. Уйгурлар жана
Ашина ордосу таза түрдөгү тотемистер болушкан деп ырастоо өтө аша чапкан
тобокелчилик болор эле, анткени булактарда карышкырларга карата алардын бөтөнчө
мамилеси жөнүндө айтылган эмес, бирок биз бул жерде ошол изилденип жаткан
мезгилде жашагандар табынган пирге айланган бул айбанатка байыркы тотемдик
сыйынуунун изин байкайбыз. Ошентип, VII к. Алтайда эки диний системанын: сибир
элдери менен байланыштуу анимизмдин жана улуу чөлдүн түштүк чет-жакасындагы түрк
тилинде жана моңгол тилинде сүйлөгөн көчмөндөрдүн тотемисттик апыртылган түсү
кошулган ата-бабаларынын пиринин жанаша жашашкандыгын белгилей кетүүгө болот.
Ошондой эле түркүттөрдүн ата-бабаларына сыйынуусу анын келип чыгышын
тактоого мүмкүндүк бергендей бөтөнчөлүгү бар экендигин моюнга алуу керек. Ушуга
окшош, майда-чүйдөсүнөн бери туш келген диний ишенимдер эхирит-булагаттарда, т.а.
Байкал боюндагы буряттарда байкалат.
Байкал боюндагы буряттар — ырааттуу политеисттер. Алар өздөрүнүн пикири
боюнча дүйнөнү башкарган 99 теңирге сыйынышат. Ар бир уруу өзүнүн теңирине табынат.
Бирок эң маанилүүсү бурят "бакшысы" (кабыл алынган өтө так эмес терминология
боюнча) жардамчы рухтун күчү менен эмес, теңирге табынуу жана ата-бабалардын рухуна
ырайым кылуу кайрылуусу менен дарылайт жана жаан жаадырат. Ата-бабалары дегеле
жардамчы рухтар катары эмес, ырайымчы жана кудай-теңирдин алдындагы өкүлдөр
катары каралат. Ошондой эле "бутлдар" (ири таштар же кокусунан табылган байыркы
буюмдар болушу мүмкүн болгон ыйык нерселер) өзүнчө эмес (магиялык тумар катары)
жана аларда болгон жаны менен (анимизм) эмес, теңирлердин амири менен —
асмандагы жекелештирилген кудайлар менен аракеттенет. Политеизмдин мындай
өнүккөн системасы менен тотемизмдин реминисценциясы коштолот: дин кызматчысы
(аны бакшы деп атоого болбойт) кийимине айбанаттын, маселен, карышкырдын, ак
куунун, каздын д.у.с. сүрөтү тартылган каңылтырды илип жүрөт. Бул сүрөт ошол уруунун
мифтик түпкү тегине — айбанатка23 таандык экендигин гана көрсөтөт.
Жогоруда келтирилген окшоштук ушунчалык кызыктуу жана маанилүү, мында биз
конвергенцияны эмес, генетикалык байланышты көрүп турабыз. Эхирит-булагаттар —
буряттардын эң байыркы бөлүгү; сыпатталган салттар биздин доордун башталышына
жана V к. Ашина ордосу чыккан этностук баш аламандыкка таандык. Ашина "карышкыр"
уруусунан болгон. Мына ошентип, эзелки байланыштын болгондугунда шек жок, анткени
буряттар Байкал боюна келе баштаган мезгилде Ашина ордосу ал жерде жок болучу.
Демек, биз бир маданий баш аламандыктан — байыркы монголдук сянбилик
маданияттан келип чыккан катарлаш эки багытка ээ болобуз.
Бирок VI к. акырында VII к. башында ата-бабалардын тотемдик пири таза түрүндө
байкалбайт. Ашинанын жер которуп келгендери менен Тоолуу Алтайдын калкынын
ортосунда тыгыз катнашуу синкретикалык сыйынуучулардын түзүлүшүнө алып келген.
Муну ушул убакка чейин чечмеленбей келаткан түркүт хандарынын ысмы көрсөтүп турат.
Бул ысымдар кытайлык, перстик жана гректик транскрипцияларда сакталып калган жана
ар кандай окулуштарды салыштыруу жолу менен түшүндүрүүгө болот. Тобо хандын өз аты
Арсила (грекче) түрк-моңголдордун Арслан деген сөзү катары которулат. Кытайдын "Були"
деген сөзү "Бөрү" дегенди түшүндүрөт. Айтмакчы, бул аттын моңголдук варианты да бар:
"Шэни/Шоно" . Батыш хандарынын көп жолуккан "Иби" деген ысымдары "Ибрис"
(илбирс), ал эми "Юйгу" "Юкук" (үкү) катары которулат.
Мына ушунун баары канондоштурулган ысым эмес, адамдын курагына жана
коомдук абалына байланыштуу өзгөрүп турма сыпаттама аты. Бул негизинен каймана ат.
Ошондой эле хан эл үчүн да, төбөлдөр үчүн да биринчи дин кызматкери болгондугун эске
сала кетели, т.а. кагандыктын системасында эки пир тең эң сонун айкалышып, бара-бара
бирдиктүү бир көз карашка бириккен, бирок бул толугу менен жүзөгө ашырылбай калган,
анткени кагандык кулап, аны менен бирге уруулук диний ишенимдердин бүткүл
системасы да кулаган.
Л.П. Потапов жана С.А. Токарев сыпаттап жазган уруулук пирдин реминисценциясы
Алтайдын токой урууларынын анимизмине таандык, алар тоо кыркаларынын артында
байыркы салттардын бир кыйла бөлүгүн сактап калган. Чалкып жаткан талаа
мейкиндиктеринде Ашинанын түркүктөрүнүн салттары өтө өзгөрүп кеткен, ошондуктан
ата-бабаларынын тотемдик пиринин издери аларда салыштыргыстай аз сакталып калган.
Ошондой болсо да ата-бабаларынын тотемдик пири талаа элдеринин маданияты үчүн зор
мааниге ээ болот, ошондуктан анын маңызын жана майда-чүйдөлөрүн тактап чыгуу керек.
Дегени менен, түркүттөр кимге табынышканы түшүнүксүз: айбанат ата-бабасынабы
же адам ата-бабасынабы? Адамдар болсо кандай адамдарга: баарына элеби же
баатырларгабы? Эгер биз "Суйшунун" текстин эске алсак ("рухтарга табынышат" ), биринчи
вариант жарабайт, себеби жогоруда айтылып кеткендей, VII к. кытайлар дал түркүт
төбөлдөрү менен кагылышып турушкан, ошондуктан бул рухтар — VI к. курмандык
чалынган ата-бабаларынын ошол эле рухтары экендиги айкын. Бирок бир кыйла кийинки
мезгилдин маалыматтары ишти акырына чейин айкындайт, ал ошол эле пирге таандык
болбогон жана X к. башындагы араб компиляциясында Абу-Дулафтын эмгегинде сакталып
калган. Булак али исламды кабыл ала элек карлуктарда "дубалдарына алардын мурунку
падышалары тартылган храм бар "24 деп кабарлайт. Ошондой эле байыркы дунхулар да
"өзүнүн эрдиктери менен даңкы чыккан раматылык уруу аксакалдарын" 25 урматташкан.
Карлуктардын батыш түркүттөр менен байланышы "Таншунун" түздөн-түз көрсөтүүлөрү
менен түзүлгөн, анда "гэлолу" , же карлуктар түркүттөрдүн муундары деп аталган.
Ошентип, түркүттөрдүн төбөлдөрүндө түркүт элиндеги жаратылышты анимисттик
кудайлаштырууга карама-каршы коюлган дүйнөгө тотемдик көз караштан өсүп чыккан
баатыр ата-бабаларынын пирине ээ болгон деп айкын белгилөөгө болот.
Мына ушуга байланыштуу түркүттөрдө жандын өлбөстүгү жана аркы дүйнөдөгү өмүр
жөнүндө түшүнүктүн бар болгондугун белгилей кетүү зарыл. 576-жылы Истеми хандын
сөөгүн койгондо аны аркы дүйнөгө коштоп баруу үчү "төрт хунну аскер туткуну" 26
өлтүрүлгөн. 649-жылы император Тайцзундун сөөгүн койгондо Ашна Шэни өзүнүн падыша
болуп турган досунан айрылбас үчүн өзүн- өзү сайып өлтүрүүнү каалаган27. Мына ушул
эки факт түркүттөр аркы дүйнөдөгү өмүрдү бу дүйнөдөгү өмүрдүн уландысы деп
эсептешкендигин көрсөтүп отурат; мындай түшүнүк өтө кеңири тараган, бирок диний аң-
сезимдин өнүгүшүнүн бир кыйла эрте стадиясына таандык болуп, бирок ал анимизмден
адамда көп эмес, индивидуалдуу жандын болушун божомолдогону менен айырмаланат.
Бирок — илгертеден болгон жана жаратылыш менен байланышпаган бакшылык
рухтар — тостор менен аралашуу жалаң гана практикалык мүнөздө болуп, психологиялык
жана сексуалдык экзальтациянын жолу менен жетишилген урмат көрсөтпөстөн сыйынуу
менен аралашуу кайда? 28 Өлгөндөрдүн жандарына каршы күрөшүү үчүн түбөлүк
рухтарды добулбастын үнү менен чакырган бакшылар кайда? Сыпатталып өткөн бул эки
системада жардамчы рухтар үчүн орун жок, аларсыз бакшы да, дубалоо да жок, ал эми
булар бакшылык пирдин негизин түзөт. Ырас, биз териштирген тексттерде сыйкырчылар
же жин-перилер жөнүндө да эскерүү калды, бирок баарыдан мурда аларга дубанын
милдетин ыйгаруу үчүн алар эмне иш жүргүзгөндүгүн карап көрүү керек.
Фирдоусинин "Шах-намесинде" түркүттөрдүн ортосундагы Герат алдындагы
салгылашуу жөнүндө баян камтылган. Аларды автор "Кытайдын түрктөрү" жана перс
полководеци Бахрам Чубин деп атайт. Фирдоусинин баяндамасы көп башка булактар:
Табари, Саалиби, Балами, Мирхонд, Себеос, VII к. сирия аноними жана X к. перс аноними
менен салыштырылган. Ошону менен Фирдоуси жогоруда аталган авторлордун алгачкы
булактарын аларга караганда бир кыйла так келтиргендиги аныкталды. Фирдоусинин
аңгемесинде башка авторлор эскербеген, бирок биз үчүн өтө маанилүү майда-чүйдөлөр
бар. Фирдоуси түркүттүк сыйкырчылыкты жана сыйкырчыны сыпаттап жазат. Ал Бахрам
Чубин чечүүчү салгылашуунун мурунку күнү коркунучтуу түш көргөнүнөн башталат. Ал
түшүндө түрктөр арстанга айланып, анын аскерлери талкаланганын, Ктезифонго бара
турган жолду душмандар тосуп алып, ал эми өзү кечирим сурап жөө баратканын көрөт.
Жаман түшкө карабастан Бахрам салгылашууну баштаган29. Түрктөр песртерди чочутуу
үчүн сыйкырчылыкты колдонушкан. Сыйкырчылар асманга от ыргытышып, перстерге
жаанын жебесин жаадырган шамалды жана кара туманды туудурушкан. Бирок Бахрам
мунун өзү алдамчылык гана, чынында жаа жебеси жок деп кыйкырып, натыйжада
сыйкырчылык өз максатына жеткен эмес. Салгылашуудан кийин перстер жеңишке ээ
болуп, сыйкырчы туткунга түшөт. Ал Бахрамга түштү өзү жибергендигин мойнуна алган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Фирдоусинин баянын эгерде бул аңгеменин түрктүк келип чыгышы этнографиялык
параллелдер менен күбөлөндүрүлбөгөн болсо персиялык уламыш катары түшүндүрүүгө
болор эле.
Юебан жөнүндө баянда суукту жана жаанды чакыра ала турган сыйкырчылар
жөнүндө айтылган. Жужандар менен согуштун убагында юебандык сыйкырчылар кардуу
бороонду чакырып, аны жужандарга каршы багытташкан; жужандардын арасында үшүккө
алдыргандар ушунчалык көп болуп, аларга жортуулду токтотууга жана шашылыш түрдө
кайтууга туура келген31. Мына ушундай эле уламышты Григорий Турский кабарлайт.
Аварлардын франктар менен согушунун убагында авардык сыйкырчылар бороон-чапкын
чакырып, ошонун аркасында франктардын лагерине чагылган тийип, жеңилишкен
болучу 32 . Эң акырында, мындай сыйкырчылык жөндөмдүүлүктөр Наймандарда да
болгон. Рашид-ад-Дин башында Чжамуха турган уруулардын конфедерациясынын Чыңгыз
ханга каршы жортуулунун убагында (1201-жылы) наймандык сыйкырчылар бороон-
чапкын туудурушуп, бирок анын аракетин туура эсептебегендиктен ал бороон-чапкын
кайра өздөрүнө каршы уруп, Чыңгыздын жеңишине көмөк көрсөткөн33
.
Мына ушул уламыштардын баары магиялык манипуляциялардын жолу менен аба
ырайын башкаруунун мүмкүнчүлүгүнүн ишенимине алып келет. Бардык авторлордун
ичинен жалгыз гана Фирдоуси массалык гипноздун бар экендигин божомолдоп,
уламыштан рационалдуу данды издеп табууга аракет кылган. VI— XII кк. түрктөрдө жана
моңголдордо бул диний ишенимдин кандайча келип чыкканына карабастан бардык иш
жардамчы рухтарды чакырууга эмес, жагымдуу магияга алып келет, т.а. түркүттөрдүн
терминологиясын колдонуу менен биз бул жерде каманы (бакшыны) эмес, ядачини
(сыйкырчыны) көрүп турабыз.
Яда (сыйкырчылык) уйдун, жылкынын же камандын ашказанынан алынган ташты
дубалоо аркылуу жаан туудуруу үчүн XX к. чейин колдонулуп келген. "Яданын" аракети
рухтарды чакыруу менен байланыштуу эмес, ошентип алардын жардамына ядачилер
муктаж эмес. Биз бул жерде бакшылыктын спиритуализми менен генетикалык
байланышы болгон жагымдуу магиянын типтүү үлгүсүн байкап турабыз.
"Яда" жөнүндө эң байыркы маалыматтар VII к. белгисиз сириялык кечилдин
хроникасында камтыган, ал Мервден34 чыккан патриарх Элиастын убагында болгон, т.а.
бизди кызыктырган доордо болгон окуяларды сыпаттап жазган. "Яда" деген сөздүн өзү
перс сөзүнөн (сыйкырчы, көз буучу) алынган. Фирдоуси Иранда "бакшы" деген сөз
белгилүү болсо да түрк сыйкырчысын дал ушундай деп атайт. Бирок мунусу аз келгенсип,
Фирдоуси сыйкырчылык отту асманга ыргытуу жолу менен жүргүзүлгөндүгүн кабарлайт
жана бул өзгөчөлүк параллел маалыматтар менен ырасталат. Менандр түркүттөрдүн
ханына Земархтын элчилиги жөнүндө (568-жыл) баяндаманы камтыган, анда тазалоочу,
алдын ала эскертүүчү сыйкырчылыкты сыпаттоо биздин көңүл буруубузга арзыйт. "Бөөдө
кырсыкты четтетүүгө жөндөмдүү имиш деп бизди ынандырган бул уруунун кээ бир
адамдары Земархка келгенден кийин римдиктер өзү менен кошо ала келген буюмдарды
колдоруна алып, аларды бир жерге топтоп, андан кийин Ливан дарагынын бутактарынан
от жагышып, скиф тилинде кандайдыр бир жапайы сөздөрдү шыбырап жатышты, ошол
эле убакта коңгуроолор кагылып, добулбастар урулуп жатты. Алар отто чатырап күйүп
жаткан ливан бутактарын айланта чуркашып, бакшыланышып, карасанатай рухтарды кууп
жатышкандай болду. Аларга жин-шайтандарды кууп чыгуу жана адамдарды
жаманчылыктан кутултуу күчтөрү берилген. Алар айткандай, бардык кырсыкты кубалап,
алар Земархтын өзүн бул жалындан аттатышып, ошону менен өздөрүн да тазалагандай
болду.
От менен тазалангандан кийин гана Земарх ханга киргизилди" 35
.
Бир караганда биз бул жерде дубалоонун элементтерин байкайбыз: бакшылануу,
добулбасты уруу, бирок кунт коюп караганда бул ой туура келбейт. Иштин чынында бул
жерде оттун ыйык күчү менен кас рухтарын чакыруу эмес, кубалоо, т.а. спиритуализм
эмес, магия. От жин-шайтандарды кууйт деген түшүнүк Австралиядан тартып Баварияга
чейин өтө кеңири тараган жана бөтөнчө бир укмуш жана оригиналдуу болуп саналбайт36
.
Х1П к. от менен тазаланууга орус княздарын мажбурлаган монголдордон да, отко
таштандыны эмес, жакшы жарылган отунду гана ыргыткан азыркы убактагы буряттардан
да ушул сыяктуу диний ишенимдерди табабыз, д.у.с. Кыскасын айтканда, отко сыйынуу
формасы боюнча да, мазмуну боюнча да рухтарды чакырууга карама-каршы.
Борбордук азиялык от пири менен зороастризмдин байланышы жөнүндө
Ф.Ратцелдин37 божомолу да туура эмес, анткени мында да сыртынан гана окшоштук бар.
Персияда модедан-мобед ыйык отко жакындап келгенде отту өзүнүн дем алышы менен
мазактабоо үчүн парда кийип алган, ал эми мында от менен жин-шайтанды, т.а.
дүйнөдөгү ыпластардын баарын чочутушат. Кеп Иранда от диний табынуунун объекти, ал
эми түрк урууларында магиялык шайман болгондугунда, т.а. чындыгында алардын
ортосунда эч кандай окшоштук байкалган эмес. Эми биз акыркы суроого: бакшылардын
"кара дини", жардамчы рухтардын пири кайда деген суроого жакын келдик.
Жогоруда келтирилген маалыматтарды териштирүү бул система VI—VII кк.
түркүктөрдө болбогондугун көрсөтүп отурат. Ал эми XII к. "кам" деген термин жана
дубалоонун өзү болгон соң, Жунгариянын жана Алтайдын түрктөрүндө дубалоо VII—XII кк.
аралыгында келип чыккан деп болжолдоо зарыл. Ошентип, чынында эле VI—IX кк. доор
Борбордук жана Орто Азиянын элдеринин маданиятындагы зор жылыштар менен
мүнөздөлөт.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ЧОҢ ЧАТАК (581—593-жылдар)
Катышуучулары. Буддалык мистикага жана ырым-жырымдарга азгырылгандыгына
карабастан, Арслан Тобо-хан өз бийлигин чындоону уланта берди. Хингандан тартып
Кубанга чейин сегиз дубандыкты башкарган хандар анын буйруктарына баш ийишкен.
Бирок бул баатыр жана мансапкор жоокерлер, өздөрү баш ийдирген урууларды ноктолоп
кармоону эң мыкты билгени менен өз ара мамилелерин жөнгө салууга кудуретсиз болуп
чыгышты. Ошондой эле алардын ар бири өз бектеринин жана катардагы жоокерлеринин
көксөгөн максаттары менен эсептешүүгө мажбур болушкан, анткени алардын
берилгендигине алардын тагдыры, көп учурда өмүрү да байланыштуу болгон; алардын ар
бири элдин маанайын жана түркүттөрдү өз максаттарына пайдаланууга умтулган
коңшулаш мамлекеттердин дипломатиясын эске алууга тийиш болучу. Натыйжада өтө
татаал жагдай түзүлүп, мында хандардын жана шаддардын жекече мүнөздөрү бир кыйла
роль ойногон.
Тобо хандын улуу уулу Амрак1
эч кимге жамандык кылбаган, жоош адам болгон жана
атасы боюнча өзүнүн падышалык теги менен, энеси боюнча мыкты теги менен аткарууга
тийиш болгон иш-аракетке дегеле ылайык келген эмес. Аны жакшы көрүшкөн жана
урматташкан, бирок ал ордодо эч кандай топко жетекчилик кыла албай, өкүмдардын
оомалуу тагдырынан көрө бейкут турмушун артык көргөн. Мына ушул сапаттары менен ал
өз тарапкерлерин үмүтүн үзүп, ага эч нерсеси менен окшобогон аталаш бир туугандарына
жол ачкан.
Мухан хандын уулу Торэмен андан калышпаган жайдары мүнөзгө ээ эле. Анын
жүрүш-турушуна жана кытай тыңчысы Чжан-сунь Шэндин ага берген мүнөздөмөсүнө
караганда, бул ханзаада бийликти жакшы көргөн, бирок чечкинсиз, согушта баатыр, бирок
саясатта алысты көрө албаган, күчтүүлөргө кошоматчы, алсыздарга карата жосунсуз
болгон2
. Дал ушул сапаттары Торэменди кытай тыңчыларынын жана жоокер бектердин,
атасынын жан-жөкөрлөрү колундагы оюнчукка айландырган. Бул ханзааданын
тагдырында жазмыш ролду анын түрк ак сөөктөрүнүн жогорку катмарына кирбеген энеси,
Мухан хандын токолу ойногон. Жесир калгандан кийин деле анын мамлекеттик иштерге
таасири бар болчу. Калыбы, ал Суй династиясынын императору деп Ян Цзянды таанууну
жактаган партияга башчылык кылса керек. Ошондуктан 581-жылы Суй өкмөтү Кытайдан
сүрүп чыгарган, бирок жакшы эле жайланышкан түркүттөр өздөрүнүн ачуусун жесир
хатундан3
чыгарышкан. Мындай маанай ордону каптап, албетте, анын уулунун кадыр-
баркына шек келтирип, окуялардын жүрүшүнө өтө таасир тийгизген.
Мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Кара Ысык-хандын уулдары Шету4 жана Чулохоу5
эр
жүрөк баатыр жана кайраттуу болушкан. Шету ашынган шер жана акылдуу, ушунчалык
чечкиндүү жана кайраттуу болгондуктан, аны аялы "касиети боюнча анык бөрү" деп
эсептеген. Мындай сапаты үчүн элдин жана төбөлдөрдүн урматтоосуна арзыган. Ошон
үчүн алар ага такка отурууга жардам кылышкан, анын дал ушул сапаттары аз жерден аны
өлүмгө алып келген жок.
Чулохоу да агасынан кем калышкан эмес. Ал түгүл куулугу, мытайымдыгы жана
сылыктыгы менен андан ашып түшкөн. Ошонун аркасында элдин урматтоосуна гана эмес,
сүйүүсүнө да жетишкен. Анын дубаны кагандыктын чыгыш чек арасында жайгашып, анда
төлөс-шад Чулохоунун ишенимдүү таянычтары болуп калган кидандар менен татабдар
көчүп жүрүшкөн. Кыязы, Чулохоунун дубанына Гобинин чыгыш бөлүгү кирген окшойт,
анткени анын титулдук ысмы сөзмө-сөз которгондо "таштуу чөлдүн экинчи даражадагы
ханы" дегенди түшүндүрөт. Балким, анын "экинчи даражадагы" абалы зор мансап-кордугу
жана кайраттуулугу менен айкалышып, кагандык Азияда басымдуулук кылган мезгилдей
эле, аны кытайлар менен жакындашууга түрткөн. Биздин мезгилде мындай позицияны
саясий принципсиздик катары мүнөздөшмөк, VI к. болсо Чулохоу мунусу менен түркүттөр
кагандыгынын башка хандарынын ичинен көп деле айырмаланган эмес.
Бирок ошол кездеги эң белгилүү адам жогоруда айтылган хандардын баарынын
аталаш агасы, Истеминин уулу Кара-Чурин Түрк тардуш-хан болгон. Анын өмүр баяны
кытай анналдарында жок, бирок бул актай жер византиялык жана перс булактары6 менен
толукталат. Кара-Чурин түркүттөр эфталиттер менен биринчи жолу кагылышкан 555-жылы
өзүнүн атасынын асабасы астында аскердик мансабын баштаган. Андан кийин, 556-жылы
ал Истеми хандын уруксаты менен түштүк Жуңгарияны багындырып, абар уруусунун
жеринде өзүнүн дубандык хандыгын негиздеген. 558-жылы Кара-Чурин Уралга жана
Волгага жасалган жортуулга катышкан, бирок багындырылган жерлер анын иниси
Түрксанфка жана аталаш бир тууганы Бөрү-ханга дубандыкка берилген болучу.
576-жылы Истеми хан өлгөндөн кийин Кара-Чурин батышта жогорку бийликти жана
тардуш-хан титулун мураска алган да алыскы жортуулдарга чыгууну токтоткон. Византияга
жана Эгриси (Лазики) падышалыгына каршы Крым жана Кавказ жортуулдарын анын кол
алдындагылар жүргүзүшүп, жеңилип калышкан. Мындай жеңилиш Кара-Чуриндин кадыр-
баркына жана даңкына таасирин тийгизген эмес, ошол убакта ал "улуу даражалуулугу
үчүн"
7
Боке (баатыр) деген атка конгон. Бирок бул хан бактылуу болгон эмес: анын Кара-
Чурин деген аты "кара балээ" дегенди (балким, ала оорусу эске алынса керек) билдирет.
Бирок кандай да болсо, шатылык системанын иерархиясы боюнча баш ийүүчү абалды
ээлеп тургандыгына карабастан хандардын ичинен эң күчтүүсү болгон. Ал жана Шету
бири-бирин жек көрүшкөн, бирок экөө тең аны жашырууга аракеттенишкен.
Династиялык талаш-тартыш
8
. Жакындап келе жаткан кайгылуу окуянын башаты
түркүттөрдүн улуу ханы Арслан Тобо-хан өзүнүн өлүмүнүн жакындагандыгын сезген 581-
жылдын акырында Орхондун жээгинде башталган. Уулу Амракка керээзин айтканда, ал
уулунан шатылык система боюнча мурастоо мыйзамына ылайык Мухан хандын уулу
Торэмендин такка отуруу укугун таанышын талап кылган. Мында Тобо-хан атасы менен
уулунун ортосундагы туугандык баарынан жакын экендигин, бирок ал такты мурастоодо
эч мааниге ээ болбостугун белгилеген. Шатылык мурастоо мыйзамына ылайык Шету да
четте кала берген. Анын атасы мыйзам кабыл алынганга чейин эле өлгөн, ошондуктан
Шету такка отуруунун кезегинен чыгып калган таштанды хандын абалында калган. Бирок
ал өзүнүн кадырын сактай алды.
Энесинин "тегинин начардыгынын" кесепетинен түркүт төбөлдөрүнүн арасында
Торэмендин кадырынын жоктугун эске алып, Шету Амрактын пайдасына аны колдоп
чыкты. Төбөлдөрдүн жыйынына баарынан кеч келип, эгерде каза болгон хандын керээзи
бекитиле турган болсо, өз дубанына кетип калып, анын чек арасын "курч кылыч жана узун
найза"9 менен коргой тургандыгын, т.а., граждандык согушту баштаарын айтып коркутат.
Бул күчтүү жүйө эле; ага эч ким каршы чыгууга батынбады, ошентип, алсыз, кой оозунан
чөп албаган Амрак хан көтөрүлдү.
Бирок Торэмен да тынч жатпады. Анын тарапкерлери Амракты жаманатты кылып,
маскаралай башташты. Ошентип, ал өз коргоочусу Шетунун пайдасына тактан баш тартты.
Кайрадан куружалак калган Торэмен мамлекеттин түндүк чет-жакаларынан дубанды жана
Або-хан (карыя хан) деген титулду алды.
Шету Ил-күлүг-шад Бага Ышбара хан10 деген титулду алды. Өздөрүнө жакпаган
адамдар үчүн шылдың иероглифтерди тандап алуу адатынан тайбаган кытайлар акыркы
"ло" деген муунду "лио" (тоноочу) деген муунга өзгөртүшүп, Шаболио11 деген наам
беришти. Мына ушундай жаман ат менен бул хан тарыхка кирди.
Биринчи хан болуп саналган Шаболионун ордосу өзүнүн ээликтеринин чок
ортосундагы Өтүкен тоолорунун этегине жайгашкан. Кытайлар Дяньгу деп атаган
(иероглиф бул ысмды фонетикалык жактан келтирбестен, анын маңыздык маанисин
берген) Кара-Чурин Түрк экинчи хан болгон. Кытайлар анын титулун фонетикалык жактан
Дату-хан деп беришкен. Кара-Чуриндин ордосу Актаг тоолорунун этегине жайгашкан12
.
Үчүнчү хан болуп Амрак эсептелген. Бул шаан-шөкөттүү титул менен анын тактан
ажырагандыгы толукталган. Анын ордосу кеңири аңчылык жайлардын ортосунда, Толу
дарыясынын жээгинде болгон.
Бул төрт ири хандан тышкары дагы төрт майда хан болгон. Чулохоу жаңы мыйзам
боюнча, өзүнүн агасы Шаболионун мурасчысы болгон. Шаболионун аталаш бир тууганы,
кыязы, Тобо хандын уулу жана Амрактын бир тууганы Тегин-шаддын да кагандыктын
чыгыш жагында өз дубаны болгон.
Батышта гректер Түрксанф, ал эми кытайлар Таньхань деп атаган хан отурган. Ал
Волгадагы жана Түндүк Кавказдагы аскерлерге башчылык кылып, анын кол алдында Бөрү
хан, Тобо хандын агасынын баласы болгон, ал 576-жылы Боспорду 13 алуу менен
Византияга каршы согушту баштагандын өзү.
Батыштагы согуш. Кагандыктын батыш чет-жакасында согуштун улантылышы тарых
тарабынан дээрлик чагылдырылган эмес. Византиялык маалыматтар үзүк-үзүк, перс жана
грузин маалыматтары бизге жеткен жок, ал эми кытайлар, кыязы, Кара деңиз жээгинин
географиясын ушунчалык начар билгендиктенби, айтор, аларга чейин жеткен
каңшаарларды фантастикалык түрдө интерпретациялашкан. Ошондуктан түрк булагынын
өзү, кагандын (Кара-Чуриндин) император Маврикийге жазган каты өтө маанилүү болуп
саналат, ал Феофилакт Симокаттанын 'Тарыхында" («История») үзүндү катары сакталып
калган. Бул катты биз атайын эмгекте14 тарыхый булак катары териштирип чыктык жана
ошонун маалыматтарынын негизинде биз окуялардын жүрүшүн калыбына келтиребиз.
Менандр 576-жылы Боспорду түркүттөр алгандыгы тууралуу жана 580-жылы алардын
Крымга чабуулу тууралуу гана баяндайт 15 . Түркүттөрдүн каганынын император
Маврикийге жиберген катынан биз 582—583-жылдарда алар Кавказ аркылуу Византияга
кирип келүүгө аракет кылганын, бирок ийгиликке жетишпегендигин билебиз. Тардуш-
хаңдын өзү Кытай менен согуш жүрүп жаткан чыгышта болгон. Бул согушка катышуу ага
даңк алып келген жок, ошентип, ал өз аскерлерин алып кеткен. Кытайдын императору
Тардуш-хандын чегингендигинин себеби ага каршы "перстер, эфталиттер жана
хотандыктар козголгондугу" 16 тууралуу буйрукту жарыялаган. Хандын өмүр баянынын бул
барагы тууралуу катта бир да сөз жок. Кагандыктын батыш чек арасындагы капысынан
чыккан согуш жөнүндө Кытайдын императорунун маалыматы шектенүүнү туудурат. Ал
582-жылы Орто Азияда жана Иранда болгон абал менен дегеле коошпойт. Хотан
кичинекей княздык болгон. Анын аскер күчтөрү 400 миң жоокерден турган17. Эфталиттер
ошол эле жылы перстердин монархиясынын курамына кирип, ал эми монархия
Месопоматиядагы Византияга каршы катуу согуштун абалында болгон18. Кагандыктын
жогоруда айтылып кеткен душмандарынын баары чет мамлекеттерде болчу, ошондуктан
"козголушту" деген сөз аларга тиешелүү эмес. Анын үстүнө эгер Тардуш-хан чынында эле
аларды жеңип чыкса, анда бул жөнүндө ооз ачпай коюунун ага кандай кажети болмок. Эң
акырында, кийинчерээк кытай хроникачылары Суй шу жана Тан шу бул баянды окуяларды
сыпаттап жазуудан чыгарып салышкан, кыязы, аны туура эмес деп эсептешкен окшойт.
Буга мен да макулмун. Император Вэнь-ди географияны начар билгендигинин
курмандыгы болуп калган деп ойлоого болот. Византиялыктар Кашкардын чыгыш
тарабындагы өлкөлөр тууралуу каңшаар кептерден билгендей эле, 582-жылы кытайларда
Кашкардын батышындагы өлкөлөр тууралуу анча так эмес маалыматтар бар эле.
Ошондуктан кагандыктын батыш чет-жакасындагы Византия менен согуш жөнүндө
каңшаарды Персия менен согуш жөнүндө кабар катары түшүнүшкөн, арийне, бул убакта
мындай согуштун болушу мүмкүн эмес эле. Перстер өздөрүнүн союздашына эмнеге кол
салышмак эле?
Жогоруда айтылган кытай булагына сунуш кылынган түзөтүү Менандрдын,
"Суйшунун" жана Симокаттанын маалыматтарын байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Тардуш-хан 576-жылдан 583-жылга чейин Византияга каршы согушту жүргүзгөн, бирок
жеке өзү эмес, кагандыктын батыш чет-жакасында дубаны болгон өзүнүн аталаш бир
тууганы Бөрү хандын ага жардам берерине ишенген. Түркүттөрдүн византиялыктарды
жеңип чыккандыктары жөнүндө баян император Маврикийге жиберилген катта, албетте,
айтышкан эмес. Чыгыш Рим империясынын мурунку букаралары болуп, бирок VI к.
автономиясын сактап калган лаздарга (колхторго) басым жасалган. Мына ошентип,
чындыкка көбүрөөк жакындатуу менен дипломатиялык этияттык сакталып калган.
Түркүт-византиялык согуштун бүтүшү кагандыкта граждандык согуштун башталышы
менен, т.а., 584-жылдын башы менен белгиленет. Крымга онунан чыкпаган каптап
кирүүдөн кийин түркүттөр Кавказ менен чектелген. Лазикинин, же Эгриси
падышалыгынын, түндүк чек арасы Кавказ тоо кыркасы аркылуу өткөн; Абхазия ушул
падышалыктын бир бөлүгүн түзгөн20. Кыязы, мына ушул жерде түрк хандарынын согуштук
аракеттери башталса керек. Алар түштүк жакка терең кирип барышы мүмкүн эмес эле.
Лаздардын каршылыгы тууралуу эчтеке айтылган эмес, болгону 300 миң адамдын
өлтүрүлгөндүгү тууралуу гана айтылган, алардын өлүктөрү 160 км чамасында (төрт күндүк
жол) жол боюнда жаткан. Бул чегинип бараткан армиянын өзү менен кошо алууга чамасы
келбей калган туткундардын өлтүрүлгөндүгүнө окшойт. Демек, түркүттөрдүн Крым менен
Кавказга чабуулу каршылыкка туш келип, алар жеңилип калышкан. Чынында эле, 588-
жылы Византия Боспорду өзүнө кайтарып алып, баштапкы абал калыбына келтирилген.
Кытай менен согуш. Кытайда болуп өткөн төңкөрүштөн кийин түркүттөр жибексиз
калган. Ян Цзянь варварлар менен дипломатиялык мамилелерди токтоткон, ошол эле
убакта негизинен көчмөн хандардын элчиликтери менен император сарайынын
ортосунда белек алмашуунун аркасында жибек менен тышкы соода жүргүзүлгөн. Саясий
жактан кайра топтошуу дароо башталып, тогондордун ханы Куалүй түркүт ханы
Шаболионун досу болуп калды. Шаболионун аялы Бэй-Чжоу сарайынын ханышасы
болгон. Ал өзүнүн бардык тууган-туушкандары өлтүрүлгөндүкүнө жана анын ата-
бабаларына курмандык чалуу токтотулгандыгына өтө капа болгон21. Дал ошонун өзүн
Түндүк Кытайдын сянби төбөлдөрүн түркүт ханынын ордосу менен байланыштырган өзөк
деп ойлоого болот. Чек аралык Инчжоу 22 районунун акими, кулатылган Ци
династиясынын тарапкери, Инчжоуда суверендүү падышанын укугунда кала алган Гао
Бао-нин 582-жылы жайында Суй империясына каршы чыккандыгы кокусунан эмес. Ошол
эле убакта анын союздаштары түркүттөр Гоби аркылуу өзүнүн бардык күчтөрүн алып өтүп,
дубалдын аркы жагындагы Кытайга жулунуп кирип барышкан.
Согуш император жана анын кеңешчилери ойлогондой оңой-олтоң болгон жок.
Түркүттөр дароо эле демилгени колго алып, кытайларды сан жагынан артыкчылык кылуу
мүмкүнчүлүгүн пайдалануудан ажыратты. Суй армиясы Улуу дубалды бүт бойлото
жайгашкан болучу; анын сол канаты Наньшань тоолоруна (азыркы убактагы Ганьсу
провинңиясы), ал эми оң канаты Ючжоу түздүктөрүнө (азыркы убактагы Шаньси) барып
такалган. Кытайдын чек ара аскерлери талкаланып, Улуу дубалдын артына
жашырынышты. Түркүттөр Ганьсудагы 23 өтө начар курулган Мухя жана Шиминь
өткөөлдөрү аркылуу аны бузуп өтүшкөн. Түндүк-Батыш Кытайдын алты бай областында
бир баш да мал калган эмес. Бирок бул ач көздүк талап-тоноо менен түркүттөр өздөрүн
өтө оор абалда калтырган. Колго түшүрүлгөн малдын бир бөлүгү түндүк жакка айдалып
кетип, бир бөлүгү союлуп кеткенден кийин түркүттөрдүн армиясы ачарчылыкка туш
келген, анткени үрөйү учкан калк тоолорго барып жашынып, согуш талаасы чөлгө
айланган. Түркүттөр менен бир эле убакта тогондор каршы чыккан, бирок алардын 581-
жылы Лянчжоуга кол салуусунун мизи кайтарылган24, ошентип алардын андан аркы
аракеттери чек аралык кагылышуулар менен чектелген.
Ян Цзянь империянын бардык күчтөрүн мобилизациялоону жарыялаган, бирок бул
узакка созулуучу иш эле, анын үстүнө аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын сапаты Суй
өкмөтү өз алдына койгон милдеттерге ылайык келген эмес.
Кытай армиясы айдоо жерлеринен жана жемиш бактарынан ажыратылган
дыйкандардан түзүлгөн. Офицердик курам илимий талаш-тартыштырды жана ыр
жыйнактарын сагынган конфуцийлик интеллигенция менен толукталып турган. Аскердик
уставдар конфуцийлик моралдын духундагы философтор тарабынан түзүлгөн. Жоокерлер
менен офицерлер кээде укмуштай баатырдыкты көрсөткөндүгүнө карабастан, чек аралык
кызмат же алыскы жортуулдар аларга тозоктой көрүнгөн25. Ошону менен бирге армиянын
алга жылышы кашаң болгон, анын көпчүлүк бөлүгү жөө аскерлерден турган, согуш
арабалары26 колдонулган, ал эми атчандар өтө аз санда болгон. Мындай армия менен чөл
талаада гегемония жөнүндө ойлоонун да кереги жок эле. Бирок армиянын кемчиликтери
дипломатиялык кызмат аркылуу ашыгы менен толтурулган. Тагдыр Ян Цзянга
алмаштырылгыс жардамчысы, ашынган тыңчы Чжан-сунь Шэнди буюрган. 578-жылы
элчиликте болуу менен Чжан-сунь Шэн дубандык хан гана болгон Шаболио менен
достошуп, аны жааны укмуштай аткандыгы менен таң калтырган27. Ал түркүт хандары
менен болгон байланыштарын пайдалана билип, аларды бири-бирине тукуруп турган.
582-жылдын акырында28 кытайлар түркүттөрдүн мизин кайтарып, ал эми Чжань-
сунь Шэн түркүттөрдүн хандарынын ортосунда араздашуунун данын себе алды. Дубандык
хандардын ичинен эң күчтүүсү Кара-Чурин тардуш-хан сепараттык тынчтык келишимин
түзүп, Кытайдан өз аскерлерин чыгарып кетти29
.
583-жылдын жайы кытайларга жаңы жеңилдик алып келди: Линтаого кол салган
тогондор таптакыр талкаланып30, ал эми мунун артынан Або-хан31 жеңилип калды.
Шаболионун жеңиши түркүттөрдүн армиясын талкалоодон сактап калды, бирок кытай
тыңчысы Чжань-сунь Шэн Шаболио менен Або-хандын ортосуна от жага алды.
Ишенимдүү киши аркылуу ал Шаболиого мындай сөздөр менен кайрылган: "Бир
кызык, түркүттөрдүн аскерлеринин башында сиз турганда дайыма жеңиш болот, ал эми
согушка жетекчилик кылуу Або-хандын колуна өткөндө алардын сөзсүз жеңилгендиги таң
калыштуу эмеспи? Ал эми сиз жана Або ээ болгон аскерлердин саны бирдей эле. Мындай
маскаралык сиздин өзүңүздү уятка калтырып жатпайбы. Сиз душманга күн сайын сокку
уруп даңкыңыз чыгып турганда, Або болсо согушта жеңилип калып, түркүттөрдүн даңкына
шек келтирип жатса сиз мурдагыдай эле сын-пикир айтуу менен тим болосузбу?
Качандыр бир кезде сиз "түндүк хандыгын" (т.а. Торэмендин дубанын) жок кылууну
көксөчү элеңиз. Эми ошону жасоого батынар белеңиз?" 32
Ошол эле убакта Чжань-сунь Шен Або-ханды:”Дату- хан Суй сарайы менен союз
түзгөндүктөн”33, эми Шету түркүт элинин үстүнөн өзүнүн жогорку бийлигин кармап турууга
кудуретсиз. Ошондуктан сиз бул союзга өз убагында кошула калып, императордун
камкордугунда болгондугуңуз дурус болуп жүрбөсүн? Мунун өзү сизге зор күч бермек
жана Шетунун эркин аткарам деп өз аскериңизден ажырап, кылмышкер катары анын
мазактоосун көтөргөндөн алда канча дурус болор эле"34
, — деп ынандырган.
Торэмендин чыккынчылыгы жөнүндө каңшаар Шаболиого жетип, ал түрк дөөлөтүнүн
кыйрап жок болушуна алып келгидей кадам жасоого бел байлады.
Өз ара ырксыздык. 584-жылдын февраль—март айларында Торэмен жокто Шаболио
анын ордосуна кол салат. Кылычташуу убагында Торэмендин энеси каза болот. Бул
кытайлардын шимшүүлөрү боюнча болгондугу бардыгына айкын болгон соң, Торэмен
кытайлар менен кандуу кастыкта болуп калат. Ал батышка Кара-Чурин Түрк тардуш-ханга
качып барат. Шаболионун опсуздугу жана адепсиздиги ордодо кыжырданууну туудурган
окшойт. Кара-Чурин Торэменге аскер берет; мындан тышкары ага өзүнүн мурунку
аймагынан 100 миң35 адам, ошондой эле дубандык хандар Түрксанф (Таньхань хан) жана
Тегиншад36 кошулат. Торэмен мынчалык күчкө ээ болгон соң, Шаболио ийгиликтен
үмүттөнө албады. Ал түгүл анын бир тууганы Чулохоу көтөрүлүшчүлөр37 тарабында болуп
калат, ал эми кидандар тылда көтөрүлүш38 чыгарат. 584-жылы күзүндө Шаболио Кытайга
тынчтыкты жана союзду сунуш кылат.
Ушундай эле сунуштар менен Тардуш-хандан да элчилер келет. Ян Цзянь абалга
үстөмдүк кылып калат, бирок бул акылдуу жана митайым саясатчы аны кагандыктагы өз
ара ырксыздык гана саткап калгандыгын көрө билген. Ал кытай аскерлери түркүттөрдүн
атчандарына каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө кудурети жетпейт деп жазган,
ошондуктан хандардын ыргылжыңдыкынан пайдаланып согушту талаага которуу тууралуу
хан Гуандын39сунушун четке каккан. Янь Цзянь жана бүткүл Кытай үчүн өтө маанилүү дагы
бир кырдаал болгон. Түндүк областтарда кытайлашып кеткен сянбилер ар кандай учурда
түркүттөр менен жалпы тил таап кетиши мүмкүн эле, анын үстүнө Чжоу сарайынан келген
ханыша Шаболио хандын оюн жана сезимин багыттап турган. Кыязы, алдын ала
макулдашуу боюнча ханыша императорго өзүн кызы деп, ал эми хан күйөөсүн уулу деп
таанууну сунуш кылган окшойт. Анын өтүнүчү дароо канааттандырылган.
Бул окуя жаңы династия мурункудан сакталып калган салттарды тааныды дегендик
эле. Башка сөз менен айтканда, түндүк чек арада сянбилик помещиктердин артыкчылыгы ырасталып, көчмөндөр менен алмашуу соодасы, т.а. чүмбөттөлгөн алман40 калыбына
келтирилген.
Шаболио Кытайга жиберген нота дегеле көз каранды эмес тондо болгон. Анда
камтылган талаптар жардам сураганга караганда көбүнчө жеңип чыккан адам гана
койгудай эле. Император аны уул катары асырап алгандыгына шылтоолоп, хан өз
мүлктөрүн патриархалдык үй-бүлөдөгүдөй жалпы деп эсептөөнү сунуш кылган: "Менин
падышалыгымдагы койлор менен жылкылардын баары императордун малы болуп
саналат, ошол сыяктуу эле жибек кездемелери меники болуп саналат. Бул жерде өз ара
айырмачылык жок"41. Хан өзүнүн малы Кытайдын отуз миллиондук калкынын жибегинин
запастарынан бир кыйла төмөн экендигин түшүнбөй коё алган эмес, бирок жибек менен
малга бааларды таңуулоо менен ал мына ушундай алмашууга умтулган. Бул жерде чорт
мүнөздүү Ян Цзянь ачууланышы керек эле, бирок ал таптакыр түшүнүксүз токтоолукту
көрсөтүп, илгерки жоомарт бэй-чжоу заманындагыдай эле белектер менен элчиликти
жиберген.
Элчи хандан бир гана нерсени — вассал деп аталууну жана императордук грамотаны
тизелеп туруп кабыл алууну талап кылган. Хан көгөрүп, кежирленет, бирок акыры макул
болот. Бул номиналдуу баш ийип берүү Ян Цзянга кадыр-барк үчүн зарыл болгон, бирок,
чындыгында, император эмес, хан өзү каалагандын баарын, т.а. жибек валютаны, бүткүл
журту менен кытай чек арасына убактылуу көчүп барууга уруксатты алган, анткени түндүк
жакта аны кидандар жана Торэмендин тарапкерлери кысымга алып жаткан эле. Ап
ошондой эле өзүнүн жоокерлери үчүн кийим-кече жана тамак-аш, ал түгүл аскердик
жардам алып турган. Анысы аз келгенсип, экспедициялык корпуска түркүттөрдү кырып
жок кылууну көксөгөн баягы хан Гуань башчылык кылган42
.
Өзүн 584-жылы Суй империясынын вассалы деп тааныган Кара-Чурин Түрк
Шаболионун жолуна түштү. Ага да жибек керек болучу жана анын достору, согдалык
көпөстөр талаада тынчтык калыбына келтирилишин жана кербендердин коопсуз жол
жүрүшү камсыз кылынышын катуу талап кылышкан. Императордун белектери толук
реалдуу болгон соң, ал эми вассалдык көз карандылык анча деле сезилбегендиктен,
утушка ээ болдук деген ойдо белгилүү эки хан жан-дилдеринен Кытай менен тынчтык
келишимин түзүшкөн. Бул союз чыгышка чабуулду баштаган Торэмендин ийгиликтерин
токтотту. Шаболио анын аскерлерин талкалаган, тылдан болсо Кара-Чуриндин түздөн-түз
букаралары болгон абарлар ага сокку урушту. Торэмендин корголбогон ордосуна кол
салып, анын аялын жана балдарын туткунга алышты. Шаболионун аскерин коштоп
бараткан кытай армиясы абарлардан Торэмендин үй-бүлөсүн тартып алышкан 43
.
Туткундар Шаболионун колуна өткөрүлүп берилип, ал ушунчалык баалуу белек үчүн
согуштун башталышында басылып алынган аймакты бошотуп берип, Гоби улуу чөлү
боюнча чек араны калыбына келтирген.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Шордуу Торэмен баарынан: энесинен, аялынан, балдарынан, туулуп-өскөн жеринен
ажыраган44. Ал өзүнүн туулуп-өскөн кең талаасын таштап кетүүгө жана өзүнүн акыркы
жан-жөкөрлөрү менен түштүккө карай чегинүүгө аргасыз болуп, Пайкент шаарында
(Бухаранын жанында) туруп калат45
.
Шатылык системанын салтанаты. Шаболио жетишкен жеңиш анын бийлигин сактап
калды, бирок түркүттөрдүн арасында тынчтыкты калыбына келтирбеди. Жеңип чыккан
хан чөл талаада өзүн ушунчалык кооптуу сезип, 587-жылдын башында кытай
императоруна анын Хуанхэ дарыясына жакын жердеги ээликтеринде "аңчылык кылууга
уруксат берүү" өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүч канааттандырылып, ханга тамак-аш
жиберилип турат, бирок бул да абалды оңдой албады. Шаболионун ордосу күтпөгөн
жерден өрттөнүп кетип, өзү "терең кайгыдан" 46 дүйнөдөн кайтат.
Хандын уулу Йун Йоллыг (кытайча Юн Юйлюй) мыйзам боюнча анын атасынын иниси
жана душманы Чулохоуга тийиштүү болгон такка отуруудан баш тартат. Бирок мында кеп
кийин өзүн кайраттуу жана чечкиндүү көрсөткөн ханзааданын жеке сапатында эмес эле.
Мындай жарашууга түркүттөрдүн чоролору чечүүчү роль ойноду деп ойлоого болот,
буларга өз ара ырксыздыктын эч кереги жок эле. Алар шатылык тактык мурас жөнүндө
мыйзамды эстешип, өздөрүнүн хандарын аны сактоого жана ынтымакка келүүгө аргасыз
кылышкан.
Йун Йоллыг такты ээлөө сунушу менен Чулохоуга элчи жиберген 47 , бирок ал
ханзааданын ак ниеттүүлүгүнө ишенбестен тактан баш тартып, өзү ага баш ийип бере
тургандыгын билдирген. Бирок ханзаада буга таптакыр жана ынандырарлык каршы
болгон: "Ушунчалык көп убакыт атамдын душманы болгон сиз, Чулохоу анын уулуна, али
жаш балага, баш ийиңиз. Биздин мыйзамга ылайык жана сизди өзүнүн мурасчысы деп
дайындаган атамдын буйругуна ылайык так сизге таандык. Сиз баш ийүүгө тийишсиз" 48
.
Иштин чындыгында эки хан тең баш ийүүгө тийиш болучу; алардын экөөнүн тең үстүндө
найзакер чоролор турган болучу, алар атаандаштардын ичинен "баатырын жана
акылдуусун" 49, т.а. Чулохоуну тандап алышкан.
Анын такка отурушу50 оор абалды дароо жеңилдетти. Шаболиого карата кастыктан
гана аны колдоп келген Або-хандын тарапкерлеринин ичинен көпчүлүгү жаңы хандын Шордуу Торэмен баарынан: энесинен, аялынан, балдарынан, туулуп-өскөн жеринен
ажыраган44. Ал өзүнүн туулуп-өскөн кең талаасын таштап кетүүгө жана өзүнүн акыркы
жан-жөкөрлөрү менен түштүккө карай чегинүүгө аргасыз болуп, Пайкент шаарында
(Бухаранын жанында) туруп калат45
.
Шатылык системанын салтанаты. Шаболио жетишкен жеңиш анын бийлигин сактап
калды, бирок түркүттөрдүн арасында тынчтыкты калыбына келтирбеди. Жеңип чыккан
хан чөл талаада өзүн ушунчалык кооптуу сезип, 587-жылдын башында кытай
императоруна анын Хуанхэ дарыясына жакын жердеги ээликтеринде "аңчылык кылууга
уруксат берүү" өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүч канааттандырылып, ханга тамак-аш
жиберилип турат, бирок бул да абалды оңдой албады. Шаболионун ордосу күтпөгөн
жерден өрттөнүп кетип, өзү "терең кайгыдан" 46 дүйнөдөн кайтат.
Хандын уулу Йун Йоллыг (кытайча Юн Юйлюй) мыйзам боюнча анын атасынын иниси
жана душманы Чулохоуга тийиштүү болгон такка отуруудан баш тартат. Бирок мында кеп
кийин өзүн кайраттуу жана чечкиндүү көрсөткөн ханзааданын жеке сапатында эмес эле.
Мындай жарашууга түркүттөрдүн чоролору чечүүчү роль ойноду деп ойлоого болот,
буларга өз ара ырксыздыктын эч кереги жок эле. Алар шатылык тактык мурас жөнүндө
мыйзамды эстешип, өздөрүнүн хандарын аны сактоого жана ынтымакка келүүгө аргасыз
кылышкан.
Йун Йоллыг такты ээлөө сунушу менен Чулохоуга элчи жиберген 47 , бирок ал
ханзааданын ак ниеттүүлүгүнө ишенбестен тактан баш тартып, өзү ага баш ийип бере
тургандыгын билдирген. Бирок ханзаада буга таптакыр жана ынандырарлык каршы
болгон: "Ушунчалык көп убакыт атамдын душманы болгон сиз, Чулохоу анын уулуна, али
жаш балага, баш ийиңиз. Биздин мыйзамга ылайык жана сизди өзүнүн мурасчысы деп
дайындаган атамдын буйругуна ылайык так сизге таандык. Сиз баш ийүүгө тийишсиз" 48
.
Иштин чындыгында эки хан тең баш ийүүгө тийиш болучу; алардын экөөнүн тең үстүндө
найзакер чоролор турган болучу, алар атаандаштардын ичинен "баатырын жана
акылдуусун" 49, т.а. Чулохоуну тандап алышкан.
Анын такка отурушу50 оор абалды дароо жеңилдетти. Шаболиого карата кастыктан
гана аны колдоп келген Або-хандын тарапкерлеринин ичинен көпчүлүгү жаңы хандын
Шордуу Торэмен баарынан: энесинен, аялынан, балдарынан, туулуп-өскөн жеринен
ажыраган44. Ал өзүнүн туулуп-өскөн кең талаасын таштап кетүүгө жана өзүнүн акыркы
жан-жөкөрлөрү менен түштүккө карай чегинүүгө аргасыз болуп, Пайкент шаарында
(Бухаранын жанында) туруп калат45
.
Шатылык системанын салтанаты. Шаболио жетишкен жеңиш анын бийлигин сактап
калды, бирок түркүттөрдүн арасында тынчтыкты калыбына келтирбеди. Жеңип чыккан
хан чөл талаада өзүн ушунчалык кооптуу сезип, 587-жылдын башында кытай
императоруна анын Хуанхэ дарыясына жакын жердеги ээликтеринде "аңчылык кылууга
уруксат берүү" өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүч канааттандырылып, ханга тамак-аш
жиберилип турат, бирок бул да абалды оңдой албады. Шаболионун ордосу күтпөгөн
жерден өрттөнүп кетип, өзү "терең кайгыдан" 46 дүйнөдөн кайтат.
Хандын уулу Йун Йоллыг (кытайча Юн Юйлюй) мыйзам боюнча анын атасынын иниси
жана душманы Чулохоуга тийиштүү болгон такка отуруудан баш тартат. Бирок мында кеп
кийин өзүн кайраттуу жана чечкиндүү көрсөткөн ханзааданын жеке сапатында эмес эле.
Мындай жарашууга түркүттөрдүн чоролору чечүүчү роль ойноду деп ойлоого болот,
буларга өз ара ырксыздыктын эч кереги жок эле. Алар шатылык тактык мурас жөнүндө
мыйзамды эстешип, өздөрүнүн хандарын аны сактоого жана ынтымакка келүүгө аргасыз
кылышкан.
Йун Йоллыг такты ээлөө сунушу менен Чулохоуга элчи жиберген 47 , бирок ал
ханзааданын ак ниеттүүлүгүнө ишенбестен тактан баш тартып, өзү ага баш ийип бере
тургандыгын билдирген. Бирок ханзаада буга таптакыр жана ынандырарлык каршы
болгон: "Ушунчалык көп убакыт атамдын душманы болгон сиз, Чулохоу анын уулуна, али
жаш балага, баш ийиңиз. Биздин мыйзамга ылайык жана сизди өзүнүн мурасчысы деп
дайындаган атамдын буйругуна ылайык так сизге таандык. Сиз баш ийүүгө тийишсиз" 48
.
Иштин чындыгында эки хан тең баш ийүүгө тийиш болучу; алардын экөөнүн тең үстүндө
найзакер чоролор турган болучу, алар атаандаштардын ичинен "баатырын жана
акылдуусун" 49, т.а. Чулохоуну тандап алышкан.
Анын такка отурушу50 оор абалды дароо жеңилдетти. Шаболиого карата кастыктан
гана аны колдоп келген Або-хандын тарапкерлеринин ичинен көпчүлүгү жаңы хандын
тарабына өттү. Кара-Чурин да борбордук бийликке каршы активдүү аракетти токтотту
жана Або-хан менен чатакташа баштады, ошентип ал таптакыр бөлүнүп калды (585-жыл).
Чулохоу так менен бирге өзүнүн бир тууганынын саясатын да мураска алды. Ал Суй
империясы менен союзду ырастап, өзүнүн мурунку досу Або-ханга каршы ачык согуш
жүргүздү, ошентип Або-хандын абалы бул убакта ого бетер начарлай баштады.
Пайкент трагедиясы. Або-хандын талкаланган түмөндөгөн жоокерлери Жуңгария
дарбазасы жана Чүй өрөөнү аркылуу батышка карай чегинип, Кара- Чурин алардын
жолбашчысы менен союзду бузгандыктан, бул жерде калууга батышпады. Алар алыстык
көксөгөн коопсуздукту берет деп үмүттөнүшүп, кагандыктын түштүк чет-жакасына көчүп
кетишти.
Бухара областынын чектеринде түркүттөрдүн пайда болгондугу жөнүндө "Бухара
тарыхында" («История Бухары») мындай деп айтылган: "Бул жакка Түркстандан келген
адамдар ушул жерге жайгашты, анткени бул областта суу менен дарактар көп, аңчылык
үчүн эң мыкты жерлер бар; мына ушунун баары жер которуп келгендерге абдан жакты.
Адегенде алар боз үйлөрдө жана чатырларда жашап турушту, бирок кийин улам барган
сайын адамдар көбөйүп, жер которгондор курулуштарды тургуза баштады. Өтө көп эл
чогулуп, алар бирөөнү (өз чөйрөсүнөн) шайлап, аны эмир кылып алышты. Анын ысмы
Абруй эле"51
.
Або-хандын жоокерлери каалагандай бийлик жүргүзгөн, коргоосуз калган жерде
өздөрүн кандай алып жүрүшкөндүгүн оңой эле түшүнүүгө болот. Түркүт армиясынын
тартибинин абалы жөнүндө ал убакта Чжоу мамлекетинин генералы Ян Цзянь жетиштүү
так кабарлаган (563-жыл): "...түрк жоокерлери сыйлыкты да барктабайт, жазалоону да
тоотушпайт, өздөрүнүн башчыларын аз урматташат жана көбүнчө тартипти сактабайт" 52
.
Бирок түркүт жоокерлери олжодон дегеле качпайт жана талап-тоноону өтө жакшы
көрүшөт. Ошондуктан "Бухаранын тарыхы" төмөндөгүнү кабарлагандыгына таң калууга
болбойт: "Бир канча убакыт өткөндөн кийин Абруйдун бийлиги күчөй берди, ал бул
областты ташбоордук менен башкара баштаган соң, тургундардын чыдамы жетпеди.
Дыйкандар менен бай көпөстөр бул жактан Түркстан жана Тараз жакка көчүп кетишип, ал
жерде шаар куруп, аны Хамукат деп аташты... Бухарада калгандар өздөрүнүн төбөлдөрүнө
элчилерди жиберип, аларды Абруйдун зордук-зомбулугунан коргоону өтүнүштү.
Төбөлдөр жана дыйкандар жардам сурап түрктөрдүн падышасы Кара-Чурин Түрккө
кайрылышты, аны урматтап эл Биягу53 деп аташкан. Биягу ошол замат эле өзүнүн уулу
Шири-Кишварды54 зор аскери менен жөнөттү. Ал Бухарага келип Пайкентте Абруйду колго
түшүрүп, кызыл аарыларга толтурулган чоң капка салууга буйрук берген, ал мына ушундан
өлгөн"55
.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   eldar96   11 Сентябрь 2018 - 07:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бирок Торэмен Або-ханды жеңиш чынында бир кыйла кыйын болгон. Кара- Чуриндин
өзүнүн мурунку союздашынан жазасын берүүгө биринчи аракети ордунан чыккан эмес56
.
Ошондо батыш жана чыгыш хандары бул зулумга каршы убактылуу жарашууну жана
убактылуу союзду түзүшкөн. Чыгыш түркүктөрүнүн аскерлерин батышты көздөй Кара-
Чурин менен Торэмендин мурунку досу Чулохоу57 алып жөнөгөн. Жолдо баратканда ал
өзү менен кошо кытайлардын көмөкчү аскерлери баратат деген каңшаар таратып, ага Суй
императору белекке берген тууну атайын көтөртүп койгон. Мунун өзү арсарларга жана
бир аз күнөөсү барларга таасир тийгизди. Торэмендин тарапкерлеринин ичинен көбү
Чулохоу тарапка өтүп кетти.
Батыш ханынын аскерлерине анын уулу Янг Соух-тегин башчылык кылган, ал
персиялык булакта Шири-Кишвар деп аталат. Мындан тышкары, дагы эки ханды, кыязы,
Йун Йоллыгды жана Кара-Чуриндин улуу баласы — сибирдик "Баатыр-ханды" жардамга
жиберишкен же жиберүүгө убада кылышкан. 587-жылдын жазында союздук аскерлер
Бухарага жакын бир жерде салгылашууга козголоңчуларды мажбур кылышкан.
Торэменге жана анын жан-жөкөрлөрүнө чегине турган жер жок эле. Грек булагы
мындай деп билдирет: "Душмандар баатырдык менен салгылашты, бирок зулум курман
болгондон кийин анын армиясы качып жөнөдү. Зор салгылашуудан кийин хаган кайрадан
өз аймагынын төрөсү болуп калды. Хаган өзүнүн элчиси аркылуу император Маврикийге
бул ийгиликтер тууралуу кабарлады... 58. "Граждандык согуш бүткөндөн кийин хаган
бейкуттукта жашоо менен мамлекетти тынч башкаруу үчүн таугасттар менен келишим
түздү"59, ал эми кытай летописчиси бул тууралуу биринчи министрдин сөзүн келтирет:
"Уулуу курт- кумурскадай болуп боордоштор бири-бирин кырып жатканда айкөлдүктү
көрсөтүү үчүн аларды аёо керек"60. Бул жерде "уулуу курт-кумурскалар" — "кызыл
аарылар" деген ассоциация кандайдыр бир роль ойноого тийиш. Бул жерде эң башкысы
— көчмөндөрдүн арасында Суй сарайынын бедели жөнүндө камкордук көрүп, өзүнүн
айкөлдүгүн көрсөтүүгө кеңеш: душмандарды аёого болот, анткени алар өздөрү бири-
бирин кырып жатат (боорукердик же ташбоордук кандайдыр бир даражада кытайлардын
колунда тургансып! )61
.
Бирок бул тынчтык түзүлөрдөн мурда чоң чатактын катышуучуларынын дагы бири өз
өмүрүнөн ажырады. Суй өкмөтүнүн такыбаалык кеңештерине көңүл бурбастан Торэменди
талкалоодон жана кыйнап өлтүргөндөн кийин чыгыш жана батыш түркүктөрү кайрадан
чырдаша башташты. Бул чыр-чатак кокусунан эмес эле: чыгыш түркүктөрү башчылык
кылууга, ал эми батыш түркүттөрү өз алдынчалыкка умтулушкан. Куралдуу кагылышуу тез
эле башталды. 587/88-жылдын кышында Чулохоу батышка, кастыгы кайра башталган
Тардуш-ханга каршы чабуул баштады. Чулохоунун аскерлери талкаланып, өзү согушта
каза болду62
.
Бул окуянын кесепеттери таасирин дароо тийгизген жок, бирок алар кагандыктын
тагдыры үчүн чечүүчү болуп калды. Буга чейин чыгыш жана батыш түркүттөрүнүн
ортосундагы согуш династиялык чыр-чатак мүнөзүндө болгон. Бир уруунун эки канатынын
ортосундагы кастыкка түрткү бергидей эч кандай экономикалык, саясий, идеологиялык
себептер болгон эмес. Бирок VII к. кандуу өч алуу XVI к. дин үчүн согуш, ал эми XIX к.
киреше үчүн күрөш сыяктуу эле болгон. Чулохоунун каза болгон чоролорунун тууган-
туушкандары батыш түркүттөрү менен жараша алышпады жана каалашкан да жок.
Мындай мүмкүнчүлүк алардын оюна да келген эмес эле. Ошондуктан согуш аталаш агасы
өлгөндөн кийин хан болуп калган Йун Йоллыг, Шаболионун уулу, Кара-Чурин менен
тынчтык келишимин түзгөн 593-жылга чейин созулду. Өз дубанына ээ болуу менен Йун
Йоллыг 587—588-жылдардагы жортуулга катышкан эмес жана анын чоролорунун батыш
түркүттөрү менен чыр-чатакты токтотууга укугу болгон. 593-жылдагы тынчтык келишими
кагандыктын биримдигин калыбына келтирди жана дубандардын ортосундагы чек араны
стабилдештирди.
Империянын эң ири инсаны болуп калган Кара-Чурин Пайкентте өзүнүн небереси
Нили ханды63 же, балким, анын атасы Янг Соух-тегинди такка отургузду, анын тагдыры
төмөндө баяндалмакчы.
Чыр-чатактын убагында түркүттөр батышта ээлеген жерлеринин бир бөлүгүнөн
ажырады, анткени Византия 588-жылы Боспорду 64 кайтарып алды, бирок түркүттөр
чыгышта Гаочан 65 хандыгын талкалап, өзүнө баш ийдирүү менен анын ордун
толуктагандай болду.
Көшөгөнүн артында. Трек тарыхчысы түркүттөрдүн ханынын "тынчтыкты сүйгөндүгүн"
бекеринен белгилеген эмес, бул жөнүндө хан эки императорду кабарлаган жана ал анын
аталашынын каза болушуна алып келген.
Тексттерди салыштыруу жана VI к. кырдаалды эске алуу менен болуп өткөн
окуялардын чыныгы себебин баамдап билүү оңой.
Түркүттөр үчүн жана Хамиден тартып Персиянын чек арасына чейинки кербен
жолунун бир бөлүгүн контролдоп турган батыш түркүттүк хандар үчүн кирешенин негизги
булагы болгон транзиттик соода согуш мезгилинин шарттарында ойго келгис нерсе
болгон. Кара-Чурин Шаболиону бошоңдотуу үчүн Або-хан Торэменди колдогон, бирок
Торэмен кербен жолунун ээси болуп, анын ач аскерлери соода кылууга мүмкүндүк
бербеген соң, Кара-Чурин каталык жибергендигин түшүнүп, тез эле Кытай менен союздаш
болууга багыт алган. Ал убакта согуш согушту азыктандырып турган. Або-хандын
жоокерлери жашоого каражаты болбогон соң, багындырылган областтын эсебинен
тоюнган, ал эми бул область 585-жылдын күзүнөн тартып Мавераннахрдын түштүк бөлүгү
менен чектелип калгандан кийин, жүз миндик ордону тоюндуруу ал үчүн күч жеткис оор
жүк болуп калды. Колунда каражаты болгондор Кара-Чурин Түрктүн жерине көчүп
кетишти, кийин ал Боке-хан деген титул алган. Качкындар Або-хандын отряддарына
каршы күрөшүү үчүн жардам сурашкан, алар баары бир өзүн башкача алып жүрө алышкан
эмес.
VI к. 60-жылдарында эле Истеми менен Маниах баштаган согду көпөстөрүнүн түркүт
хандары менен достугу алардын балдарынын убагында да улантылган. Кара-Чурин Түрк
өзүнүн кызын согду ханына66 берген. Согду көпөстөрү монополист болгондуктан, аларга
түркүт ханын багууга чыгымдарды керектөөчүнүн мойнуна жүктөө жана ошонун өзү
менен башканын эсебинен өз коопсуздугун камсыз кылуу эч нерсеге турган эмес.
Ошондуктан согду ак сөөктөрү түркүттөрдүн төбөлдөрүнө марттык менен белек берип
турушкан. Або-хандын жоокерлери орто азиялык Эки дарыя ортосун каптап кеткенде
көпөстөр менен дыйкандар батыш түркүттүк хандан баш калкалар жай табышкан.
Алардын катышуусу менен Кара-Чурин Кытайга каршы Торэмен менен союзда согушуунун
ордуна өзүнүн саясатынын багытын өзгөртүп, анын жазасын берип, Кытай менен тынчтык
жана союз түзгөн жана Иранга каршы согушка 589-жылы өзүнүн уулун жиберген.
Өздөрүнүн жер үлүштөрүнө байланган кембагал калк болсо 587-жылы да өз жеринде кала
берүүгө аргасыз болуп, "татсыз түрк жок" (тат — көчмөндөргө баш ийген дыйкан) деген
түркүт макалын жакшы өздөштүргөн Або-хандын ветерандарын тоюндуруп турган.
Або-ханды — Абруйду — өлүмгө алып келген карама-каршылык талап-тонолгон
таттардын ачка түркүттөргө каршы күрөшү менен аныкталган. Наршахи "бардык байлар
жана белгилүү дыйкандар көчүрүлүп, ал эми кембагал жана төмөнкү сословие Бухарада
кала бергендигин" жана "алар өздөрүнүн төбөлдөрүнө элчилерди жиберип, аларды
Абруйдун зомбулугунан коргоону өтүнгөндүгүн" 67 айкын-ачык ырастайт. Зомбулукка жана
террорго негизделген жаңы режим өзүнө патриархалдык мамилелерди камтыган эски
режимге караганда өтө катуу болгон68. Ошондуктан төбөлдөр жана алар менен бирге
келген түркүт ханзаадасы боштондукка чыгаруучулар катары кабыл алынган. Бирок
өздөрүнүн боштондукка чыгышынан кембагалдар бир аз гана утуш алышкан, анткени
"Хамукаттан кайтып келгендердин, т.а., көпөстөрдүн жана дыйкандардын малайлары" 69
болуп калышкан. Түркүттөрдүн мезгилинин акырында жана арабдык жеңип алуулардын
башталышында Орто Азиянын саясий түзүлүшүн "жер ак сөөктөрүнүн чексиз үстөмдүгү" 70
катары аныктоого болот жана түркүттөр бул процессте катализатордун ролун аткарды деп
болжоо керек.
Кагандыктагы чатактар кокусунан чыккан эмес. Көп сандаган дээрлик өз алдынча
хандардын болушунун өзү эле жеке мамилелер граждандык согушка өсүп өтүшү үчүн
жетиштүү себеп болгон. Ошону менен бирге биз таймашып жаткан тараптардын эч кандай
программасын белгилей албайбыз. Бул же тигил топко таандык болушу түрк
жоокерлеринин жана бектеринин жеке жактыруусу же жактырбоосу менен түшүндүрүлөт.
Торэмендин айланасына Кытайга каршы күрөштү улантууга умтулган түркүт коомунун
демократиялык элементтери, ал эми Шаболионун айланасына Кытайга жан тарткан
элементтер71 топтолгон деген божомол ырасталбайт. Торэмен тарабынан биз дээрлик
бардык дубандык хандарды, ал түгүл Шаболионун бир тууганы — Чулохоуну көрүп
турабыз. Шаболионун өзү болгон каражаттары жана күчү менен Кытайга каршы күрөшкөн,
айла жок абалда калганда гана Суй сарайына жардам сурап кайрылган, ал эми Торэмен
болсо дегеле Кытайга каршы чыккан эмес 72 . Көбүнчө биздин алдыбызда адаттагы
династиялык чыр-чатак турат, мунун кыймылга келтирүүчү жүйөлөрү хандардын өкүм
сүрүүнү жакшы көргөндүгү жана алардын чоролорунун ач көздүгү, ал эми биринчи кан
төгүлгөндөн кийин — өч алууну көксөө болгон.
Күрөш ага катышкан төртөөнүн ичинен үчөө өлгөндөн кийин гана токтогон. Жаңы хан
— Йун Йоллыг "алсыз жана коркок" 73 болгон, ошентип мыйзамдуу хан болуу
мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Кара-Чурин империянын чыныгы өкүмдары болуп калган.
Ошентип, бир жагынан, дубандык-шатылык системанын принциби династиялык чыр-
чатак үчүн, экинчи жактан — тынчтыкты орнотуу үчүн шарт түзгөн, анткени бул
системанын ийкемдүүлүгү күрөнүп жаткан тараптарга жалпы тил табышып чечимге
келүүгө мүмкүндүк берген. VI ак. 90-жылдарындагы түркүт дөөлөтүнүн ички абалы бекем
жана коңшулары үчүн коркунучтуу болуп кала берген. Муну менен суйлук Кытай келише
албады.
Түркүттөр Кытайды өз кирешелеринин булагы катары караган, кытайлар түркүт
дөөлөтүнөн өз чек аралары үчүн түбөлүк коркунучту көрүшкөн. Көчмөндөр менен
аралашуудан кытайлар үчүн пайда өтө аз, ал эми зыяны өтө зор болгон. Ошондуктан
күчтүү Кытай өкмөтү көчмөндөрдүн баш кошуусуна жол берген жок жана Ашина
дөөлөтүнө каршы күрөш Суй сарайынын зарыл милдети болуп калган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   eldar96   12 Сентябрь 2018 - 11:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ИРАНГА ЖОРТУУЛ
Согуш болоор алдында. Кара-Чурин Түрк Кытайга үстүртөн баш ийип бергендиги үчүн
сыйлык катары андан алган жибекти согдулук көпөстөр аркылуу сатып, бөгөтсүз баюу үчүн
гана өзүнүн атаандаштарын жок кылып, агасынын уулун өлтүрүп, анын жан-жөкөрлөрүнүн
— өзүнүн уруулаштарынын жазасын берди. Бирок баюунун бул жолу чоң чатак
башталардан он жыл мурдагыга караганда бир кыйла оор болуп калыптыр. Иран менен
Византия айыгышкан катуу согушту жүргүзүп жатты, ошондуктан перси шахы
Константинополго ашыкча бир кербенди да өткөрүп жиберет деп ойлоого болбойт эле.
Түркүттөр менен гректер али да болсо согуш абалында болгондугу менен да жагдай
татаалдады. Ырас, бул согуш жети жылдан бери жүргүзүлбөй калган, бирок тынчтык
келишимдин жоктугу элчилер менен алмашууга бөгөт болуп, Иранга каршы согуш
аракеттерин координациялоону кыйындатты. Ал эми мындай союз гректерге да,
түркүттөргө да бирдей зарыл эле, анткени алардын жалпы душмандары жана жалпы
кызыкчылыктары болгон.
Эгерде ирандык бөгөттү жок кылууга мүмкүн болсо, жибек византиялык
патрикийлердин кампасына агылып келип, ошондо германдык конунгдарды өз
дружинасына жалдоого мүмкүнчүлүк болуп, балким, Византия Европадагы гегемондугун
жоготмок эле. Ошондо Согдиана алтынга марып, түркүттөрдө таптардын түзүлүү процесси
ыкчамдап, эль феодалдык мамлекетке айланып, ал эми Ирандан, Фирдоусинин айтканы
боюнча, бир кесим мом гана калар эле. Ички согуш кагандыкты бүлгүнгө салып жатканда
түркүт хандары активдүү тышкы саясатты жүргүзө алышмак эмес. Бирок бейкуттук
башталары менен эле "жибек жолунун" проблемасы биринчи орунга чыгып, ошону менен
бирге Византия менен макулдашуунун зарылчылыгы келип чыккан, анткени
макулдашылбаган согуш аракеттери мурдатан эле ордунан чыкпас болуп калган.
Расмий союз түзүлгөн эмес, бирок буга арачы болуп грузин падышасы Гуарам
Багратид чыкты. Анын жардамы менен 589-жылы Иранга каршы бардык күчтөрдү
координациялоого жетишилди 1
, мунун аркасында "душмандар Персияны керилген
жаадай курчап алды"2
. Алдын ала ойлонгон аракет үмүтсүз да эмес эле, бирок жеңил да
эмес болучу. Өзүнүн узакка созулган тарыхынын ичинде Иран бирде кубаттуулуктун жана
даңктын дал чокусуна жетип, бирде бул чокудан кулап түнгүп, бытырап бөлүнүп да кетип
турган. VI к. анын күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө татыктуу баа берүү үчүн биз анын
тарыхына жок дегенде көз чаптырып көрүүгө тийишпиз.
Ирандын күчү жана алсыздыгы. Ахеменид империясы арты жаман 330-жылга чейин
эле анахронизм болуп калган. Ассириялык салт-санааларга негизделген империя
аскердик деспотия гана болууга умтулган жана бул жагынан өзүнөн мурдагы кандуу
деспотиядан да ашып кеткен. Ошону менен бирге бийликти чыңдоонун зарылчылыгы
Ксерксти жана анын мураскорлорун жат диндегилерге каршы, ошондой эле
падышалардын падышасынын диндик башчылыгын 3
тааныбаган Заратуштранын
ортодоксалдык жолдоочуларына да каршы диндик куугунтуктоолорду (Ксеркстин
антидевов жазуусу) баштоого мажбур кылган.
Жыл өткөн сайын саясий, идеологиялык жана экономикалык түйүндөр катуу
чиелешип, аргироспиддердин4
күмүштөй жалтырагы алгачкы учурда азиялык элдерге
кылымдык эзүүдөн бошонуунун жарык күнү катары көрүнгөндүгү таң калыштуу эмес.
Бирок уюмдашкан деспотизм анархиялык зомбулук менен алмашылгандыгы, диадохтор
пасаргадык өкүмдарларга караганда эч нерсеси менен артык эместиги, балким, андан да
жаман экендиги айкын боло баштады. Бирок буга карабастан артка кайтууга эч ким
умтулган жок. Сириялыктар жана египеттиктер гректерге ыңгайлаша алышты, ал эми
деспотизмдин сазына батканга чейин жете элек чыгыш ирандыктар күрөш үчүн өздөрүнө
күч таап, акыры жеңип чыгышты. Парфия найзачы атчандар тарабынан түзүлгөн,
ошондуктан бул 240 үй-бүлө байыркы жети урук менен бир катардагы төбөлдөр болуп
калышы кадыресе көрүнүш. Бирок кокусунан колго тийген жеңишти бекемдеп калуу үчүн
парфиялыктарга гректерден үйрөнүүгө туура келди жана согуш майданында жеңилген
эллинизм өзүнүн жеңүүчүлөрүнүн дүйнөгө көз карашын өзүнө сиңирип алды. Алар
камеяларга жана геммаларга машырканышып, Платонду жыртылганча окуп, Эврипиддин
трагедияларына кол чаап жатышты, өздөрүнүн сепилдеринин бекем дубалдарынын
артындагы эл мурунку кулдандыруучуларга болгон жек көрүү сезимдерин
"бошотуучуларга жана коргоочуларга" которууга даяр экендигин унутуп салышты.
Парфиянын төбөлдөрү эл менен байланышын үзүп алды, ошондуктан 224-жылдагы эл
сөзүнөн кийин биротоло жок болду.
Бирок падышалык кылып турган үй-бүлөнүн мүчөлөрүн жырткычтык менен кырган
Арташир Бабаган 240 үй-бүлөнү аяды, анткени ага ак сөөктөр керек
болучу. Жаш сасанид мамлекети өзүнүн жашашынын алгачкы мезгилинде эле аёосуз
согуштарды жүргүзүүгө аргасыз болгон. Арташир өзүнүн атчандарын, тактап айтканда,
аскерлеринин бир кыйла согушчан бөлүгүн өзү кырып жок кылып алышы өтө акылсыздык
боло тургандыгын түшүнгөн. Ошентип, эркин дыйкандарга таянган шах бийлиги беш
кылымдын ичинде өзү жаралган жана өз тагдырын иран маданияты менен
байланыштырган эллинизмден баш тартып, аскердик ак сөөктөр менен союзга кирди.
Алгачкы сасаниддер согуш жагынан жолдуу болду. Чыгыш жакта Бехрудга5
чейин
Иран, батыш жакта Евфратка чейин Месопотамия жана түндүктө Дербентке чейин бүткүл
Закавказье алардын колунда болуп калды. Перстердин падышалыгы империяга айланды,
бирок анын тутумуна кирген элдер өздөрүнө мүнөздүү болгон коомдук түзүлүштү:
Дейлеманын тоолуктары жана Ирактын арабдары — өздөрүнүн уруу жолбашчыларын,
Месопотамиянын шаарларынын христиандык, еврей жана гностикалык общиналары —
өзүн-өзү башкаруусун, ал эми армяндар шахан шахтын букаралыгы астында падышалык
бийлигин да сактап калышты.
Сасаниддер бүтүндөй маданий дүйнөнүн башында болуп калды, ошентип, бул
кырдаал алардын күчүнүн жана алсыздыгынын бирдей эле өлчөмдөгү булагы болуп
калды. Бир жагынан, сасаниддер империясында ошол мезгилдеги ири мамлекетке зарыл
болгондордун баары: өнүккөн дыйканчылык жана жөө аскерлер курала турган эркин
дыйкандар, армиянын жана администрациянын башчылык тутуму түзүлө турган ак
сөөктөр сокку уруучу атчан аскерлер болуп саналган башка ак сөөктөр болгон. Чыгыш
Ирандын жана Ирактын көчмөн уруулары мал чарба азыктарын жана көмөкчү жеңил
атчандарды берип турган, ал эми Дейлеманын эр жүрөк тоолуктары согуш олжосу үчүн
гана шахан-шахка жан-дили менен кызмат өтөшкөн. Эң акырында, Месопотамиянын
шаарларында кол өнөрчүлүк жана соода гүлдөп өнүгүп жаткан болучу6
.
Интеллектуалдык тармак перстер тарабынан монополдоштурулуп, дин кызматчы-
мобеддер менен бисерлердин ортосунда бөлүнгөн. Баары тең өз жайында болгондой
көрүнгөн эле, бирок иш жүзүндө баары өтө жаман болучу, анткени бул жагдайдын экинчи
тарабы бар эле. Шахтын өкмөтүн кошуп алганда, жогоруда айтылган бардык топтордун
өтө ар башка, тынчтык жол менен чечүүгө болбой турган, ал түгүл келишкис
кызыкчылыктары болгон, ошондуктан Ирандын шоруна, бул топтордун баары өздөрүн
куралдын күчү менен коргой алгыдай жетиштүү күчтүү болгон.
Шахтын өкмөтү эсептешпей коюуга гана эмес, жеке бийликте болууга да умтулган,
демек, өлкөнүн байлыгынын басымдуу үлүшүнө ээ болгон жана кандай да болсо
төбөлдөрдүн ээнбаштыгын ооздуктоого жөндөмсүз алсыз шахтын такта отурушуна
умтулган ак сөөктөр менен жаңжалга барууга тийиш болгон.
Андан кийин, зороастрийлик дин кызматчылары менен союз христиандарга,
гностикалык секталарга жана еврейлердин общинасына диндик куугунтуктоолор саясаты
дегендикти билдирген, ал эми калктын дал ушул катмарлары экономикалык жактан өтө
күчтүү болгон, анткени соода алардын колунда болучу. Алар менен акча алуу жагынан,
ошондой эле аларды башкы тышкы душман — Византияга каршы пайдалануу жагынан
маанилүү болгон союзду камсыз кылуу үчүн диндик индифферентизмдин жана
чыдамдуулуктун позициясын ээлөө керек эле, ошондо зороастрийлик дин кызматчылары
каршылык көрсөтө баштаган. Тоолук жана талаа уруулары перстердин шахына ооз учунда
жан-дили менен баш ийишкен, бирок иш жүзүндө толук көз каранды болбоону
каалашкан; демек, алардан эч болбогондо эң төмөнкү салыкты алуу үчүн күч колдонуу
керек болучу. Кыскача айтканда, алтын такта отуруп калуу үчүн шахан-шах дайыма
союздаштарды издөөгө жана бир да топко күчөп кетүүгө мүмкүндүк бербөө үчүн аларды
дайыма алмаштырып турууга тийиш болучу. Бул дайыма эле оңунан чыккан эмес.
Ошону менен бирге жогоруда аталган топтор шахтын бийлиги менен гана эмес, өз ара
да күрөшүп турган. Христиандар от храмдарын кыйратып жок кылууга жана перстердин
арасында Евангелиени үгүттөөгө аракет кылышкан, анысы аз келгенсип алар буга уруксат
берүүнү шахтан талап кылышкан. Жөө аскерлерди түзгөн эркин дыйкандар ак сөөктөрдү
жек көргөн, тоолук уруулар талаа уруулары менен, перстер менен д.у.с. касташып турган.
Мындай тополоңдо башкаруу үчүн шахтын өзүнүн каражаттары жана күчү болууга тийиш
эле, мындайлар алгачкы убакта аз болгондуктан, такка кээде ак сөөктөр көтөргөн Бахрам
Гура, Балаш жана Жамаспа сыяктуу марионеткалар отуруп калгандыгы түшүнүктүү.
Шаханшахтардын ичинен эң мыктысы Кавад маздакиттердин кыймылын колдоо
менен төбөлдөрдүн зомбулугуна каршы күрөштү уюштуруп көрүүгө аракет кылды, бирок
аз жерден күкүктү туйгунга алмаштырып жибере таштады, анткени маздакиттер ак
сөөктөрдү бир кыйла уйпалап, өзү үчүн баарына каршы күрөшүүгө даяр турган жаңы
партияга кайрадан уюмдашты.
Хосрой Нуширван такка отурганда иштин абалы жалпысынан ушундай эле. Бирок ал
өлгөн учурда баары түп-тамырынан өзгөрдү. Эгерде Хосройго чейин жалпы ирандык
маданияттын ар түрдүү маданий типтерин жөн эле киргизүү гана эмес, маңыз жагынан
өздөштүрүү процесси жүргүзүлүп, мунун өзү биримдикте эң сонун ар түрдүүлүктү түзсө, VI
к. ортосунан тартып ошол эле диалектикалык процесс тескери көрүнүштү туудурду: ушуга
чейин активдүү топтордун жоголушуна жана жоголгондордун эсебинен аман
калгандардын күчөшүнө алып келди.
Дал VI к. ортосунда сасаниддер монархиясынын кыйрашына алып келген бурулуш
байкалат. Биринчиден, убактылуу болсо да маздакиттердин жеңиши ак сөөктөрдүн күчүн
ушунчалык бошоңдоткондуктан ал мурунку абалына эч убакта келе албады. Экинчиден,
531-жылы маздакиттерди талкалоо азаддардын — эркин дыйкандардын өз алдынча
маанисин толугу менен жок кылды, анткени алардын бир кыйла активдүү бөлүгү террор
күчөп турган убакта өлүп жок болду. Үчүнчүдөн, Анушзаддын оңунан чыкпаган көтөрүлүшү Иранда христиандык общинаны биротоло алсыратты, ошентип ушул убактан
тартып христиандар шахан-шахтын ишенимдүү малайлары болуп калды. Ошондой эле
зороастрийлик дин кызматчылары эки жолу өлүм коркунучун башынан өткөрүп
(Маздактан жана Анушзаддан), бекем бийлик гана аны шексиз өлүмдөн сактап кала
тургандыгына ынанды; Иранда өлүм жазасынын коркунучу астында динин өзгөртүүгө
тыюу салынгандыгына байланыштуу өкмөт ээлеген позиция мобеддерге толук жаккан,
анткени зороастрийлик дин системасына, ошондой эле жөнөкөй диндердин көпчүлүгүнө
прозелитизм жат болгон.
Хосройдун жана Хормизддин падышачылыгынын убагында дейлемиттер, армяндар
жана арабдар өздөрүнүн илгерки өз алдынчалыгынын көпчүлүк бөлүгүнөн ажырашкан
болучу жана мамлекетте активдүү роль ойнобой калышкан, мунун баары жөндөмдүү
башкаруучу болсо да Хосрой Нуширвандын өзгөчө көсөмдүгүнүн натыйжасында болгон
эмес, мунун себеби шаханшах акыр-аягында каражаттар менен күчтөрдү, тактап айтканда,
аскерлерди өз колуна алган, мындай сандагы жана сапаттагы аскерлер мурда бир дагы
перси падышасынын колунда болгон эмес.
Кептин баары Хосрой маздакиттерди аталары оңой менен кепке келбес адамдар
катары өмүрүнөн жана мүлкүнөн ажыраган ак сөөк жаштардын колу менен
талкалагандыгында турат. Өзүнүн жан-жөкөрлөрүн ал материалдык жактан сыйлай алган
эмес, анткени өлкөнүн чарбасы өз ара кыргындын негизинде бүлгүнгө учурап, тактын
бирден-бир булагы жибек менен соода кылуу, тагыраак айтканда, Иран аркылуу өткөн
кербендерден алынган пошлиналар болгон. Бул кирешелер жаңы армияны уюштурууга
жана күтүүгө жетмек, анткени эски армия өзүн-өзү жок кылган болучу. Хосрой өзүнүн
күжүрмөн жолдошторун полкторго дайындап, алардын катарларын көчмөн сактар менен
толуктаган. Казынадан курал-жарак жана күндөлүк эмгек акы алып кызмат өтөгөн 12
полктон турган туруктуу армия ушинтип түзүлгөн7
.
Жаңы аскерлер журттан куралган аскерлер эмес, дасыккан армия болучу, ал убакта
салгылашууну атчан жаачылар чечкен, ал эми мыкты жаа тарта билүүгө көп жылдык
тажрыйбадан кийин гана үйрөнүшкөн. Тынымсыз машыгуу жана бат-бат жүрүштөргө
чыгуу жаңыдан куралгандарды тартип жана шериктештиктин духу баш коштурган
ветерандарга айландырган. Мына ушул күчкө таянып, шах Хормизд төбөлдөргө чабуулун
баштаган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   eldar96   12 Сентябрь 2018 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Византия Иранга каршы. 589-жылы жайында Ирандын абалы өтө оор эле. Батыш чек
арада Византия менен бүтпөгөн согуш жүрүп жаткан. Мунун алдында Мартирополду
ээлеп алууга мүмкүнчүлүгү болгон перстердин айрым ийгиликтерине карабастан алардын
иши Назибияга жакын жердеги Сисаврандын алдында талкалануунун кесепетинен
начарлап кетти. Византиялыктар Мартирополду курчоого алып, андан чыгыш жактагы
Нимфия дарыясынын боюндагы Окбу чебин талкалашты8
. Ошол эле убакта чөлдөн эки
араб шейхи — Майрык Аббас жана Көккөз Амр9
чыга келди. Алар өлкөнү Евфратка чейин
талап-тоноп, мунун өзү перстерге оор сокку урду, өтүп жаткан кербендерден пошлина
чогултулуп жаткан бажыканаларды жок кылышты10
.
Ошол эле убакта "хазар жолу боюнча"11, тактап айтканда, Дарьял капчыгайы аркылуу
Армения менен Азербайжанга түрк-хазар аскерлери каптап кирди, ал эми чыгыштан "Кытайдын түрктөрүнүн" 12 башчысы, иран шахы Хормизддин13 таякеси Савэ-шах чыкты.
Союздаштар, кыязы, Иранда саясий кризис бышып жетилгендигин эске алышкан.
Шаханшах Хормизд падышачылык кылган мезгилинин көпчүлүк бөлүгүндө ак сөөктөргө
каршы күрөш жүргүздү; өлтүрүлгөндөрдүн саны зор санга — 13 миң адамга жетти14. Ак
сөөктөр Иранда аскердик катмарды түзгөн соң жана армиянын командалык курамы
өлтүрүлгөндөрдүн тууган-туушкандарынан түзүлгөндүктөн, аскерлер дин күжүрмөн
жөндөмдүүлүгү өтө бошоңдогондугу жана мамлекеттин чек арасы бир кыйла начар
күзөтүлгөндүгү түшүнүктүү15. Хормизд өлкөнүн начар абалы жөнүндө кеп кылган кеңешти
сүрөттөп келип, Фирдоуси өтө кызыктуу көрүнүштү баяндайт. Марзбандар жүгүнүшүп
мындай деп айтышкан: "Биз баарыбыз биригип келип бир мобедге татыбайбыз, ал эми
сен мобеддер менен бесирлерди өлтүрүп, мыйзамдан жана динден тайыдың"16. Бирок
дал ошол аман калган мобеддердин бири керектүү кеңештерин берген. Ал талаш
аймактарды кайтарып берип, Византия менен дароо тынчтык түзүүнү, ал эми арабдардын
чегинишин аларга азык-түлүк жиберүү менен сатып алууну сунуш кылган17. Ал эми олжого
баткан хазарлар талап-тоноп алгандарын жоготуудан коркуп, перстерден өздөрү эле
качып беришет18. Бирден-бир коркунуч — бул Савэ-шах: "Жейхундун ары жагынан түрк
келгенде кечеңдөөгө болбойт"19
.
Кавказдагы согуш. Түркүттөрдүн согушка кириши перстердии абалын өтө
татаалдантты, бирок Иранда али жетиштүү күчтөр бар эле. 589-жылдын 5- майында "хазар
жолу боюнча" каптап кирген душмандар июлдан кеч эмес перс аскерлери тарабынан
талкаланып, олжосун алып кетүүгө тырышып, жан талашып кача баштады20. Алардын
ордуна гректердин акчасына Гуарам Багратид жалдаган кавказдык ос, зурзук жана дидой
урууларынан чогултулган элдик аскерлери келди. Жарым-жартылай жапайы тоолуктарга
грузин эриставдары жетекчилик кылган. Бул аскерлердин бирден-бир жөндөмдүүлүгү
мурда акырына чейин хазарлар тарабынан талап-тонолбогон Азербайжанды тыптыйпыл
талап-тоноо болгон21
.
Гуарамдын жалданмаларына Романдын22 колбашчылыгы астында византиялык отряд
келип кошулду, бирок гректер да перстердин аймагына байырлап алууга умтулган жок.
Көбүнчө алардын милдети чыгыштан перс аскерлеринин бир бөлүгүн алагды кылуу жана
Орто Азиядан жортуул баштаган түркүттөрдүн чечүүчү сокку урушун жеңилдетүү болгон.
589-жылдын сентябрында эле бул аскерлер перстердин жерин тазалады. Кавказдыктар
болсо согушсуз эле үйлөрүнө тарап кетти. Ал эми гректерге аларды мекенинен бөлүп
таштаган перс аскерлери аркылуу жырып өтүүгө туура келген.
Перстер араб шейхтеринен андан да жеңил кутулушту, алар бир аз акча үчүн
Месопотамиядан чегинип кетишти. Бирок мунун баары согуштун тагдырын чечкен жок.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   eldar96   12 Сентябрь 2018 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Түркүттөрдүн чабуулу. 589-жьлы августта23 Кара-Чуриндин кенже уулу Янг Соух
Чыгыш Иранга басып кирди. Чек араны тосуп турган жетимиш миңдик перс армиясы
кайра качып, түркүттөргө Хорасанга, Талеканга жана байыркы Бактриянын аймагына жол
ачып беришти, мында таяныч чептери Герат, Балх жана Бадгис24 болгон. Бул жерде,
бардык булактар белгилегендей, перстердин туруктуу жөө аскеринин төмөнкү
деңгээлдеги согушуу сапаты кедергисин тийгизди. Иранда дүрбөлөң башталды.
Табаринин айтканына караганда, Савэ Хормиздге: "Мен силердин өлкөгө киришим үчүн
өзөндөрдөгү жана дарыялардагы көпүрөлөрдү ондогула, көпүрөсү жок дарыяларга
көпүрө салгыла. Силердин өлкөңөрдөн румийлерге алып баруучу менин жолум өтө турган
дарыяларга жана сууларга да кургула, анткени мен силердин өлкөңөр аркылуу ал жакка
өтүүгө ниеттенип жатамын"25
, — деп айттырып чабаган жиберген. Ультиматумдун тексти
жүрүштүн чыныгы максатын, ошондой эле батыш түрктөр менен гректердин
аракеттеринин макулдашылгандыгын көрсөтүп отурат.
Ктезифондогу кеңеште түркүттөрдүн мизин кайтарууга Армения менен
Азербайжандын марзбаны, парфяндардын атактуу Михрандар уруусунан чыккан Бахрам
Чубинди жибермек болушкан. Бахрам бул кызматты кабыл алып, бар болгону 12 миң
аскерди, бирок сөзсүз кырк жаштан элүү жашка чейинки курактагы жоокерди талап
кылган. Чындыгында булар каармандык сапаты боюнча перстик аскерлердин адаттагы
деңгээлинен бир кыйла артыкчылык кылган ветерандар болгон. Эмне үчүн Бахрам
жаштарга караганда улгайган адамдарга артыкчылык бергендигин түшүндүрүү оңой.
Мурда айтылып кеткендей, ал убактагы негизги күч жаа аткычтар болгон, ал эми көзгө
атар жаачы болуш үчүн кеминде 20 жыл талап кылынган. Салгылашуунун тагдырын
бетме-бет кармашуу эмес, атышуу чечкен. Перстик жаа аткычтар VI к. чеберчиликтин туу
чокусуна жетишкен жана жааны төшүнө чейин эмес, кулагына чейин тарта билишкен26
.
Жебе 700 м чейин жетип, мыкты чыңалган жебенин учтары соотту тешип өткөн.
Табаринин айтканына караганда, Савэнин армиясы 300 миң адамга, ал эми Фирдоуси
боюнча, 400 миң адамга27 жеткен. Түркүттөрдүн куралында согуш пилдери28, ал эми
перстерде "арстандар" , т.а., мунайзат менен иштеген жана пидцерге каршы
колдонулуучу 29 от чачкычтар болгон. Биринчи жеңиштен кийин түркүттөр ийгиликти
андан ары улантып, чегинген перс армияларын кууп батышка карай ылдам жылган.
Перстердин эң зарыл милдети Бахрамдын аскерлери ишке киришкенче Балхты өз
колунда кармап туруу болгон. Хормизд куулук-шумдугу жок, ишенчээк түркүттөргө каршы
кынтыксыз иштей турган ыкманы — жалган маалымат берүүнү колдонгон. Ал Савэге
өзүнүн сарайындагы жан-жөкөрлөрдүн бири Хуррад Бурзинди 30 — "ашынган куу,
митайым жана алдамчы адамды"31 жиберген. Хуррад Савэге келгенден кийин тынчтык
жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштап, айтканына үндөбөй көнө берип, Савэнин ишенимине
кирген. Хуррад жортуулдун багытын өзгөртүүгө Савэни макулдатып, аны Герат өрөөнүнө32
алдап алып келген. Бул убакта Бахрам шашылыш жүрүштөр менен чыгышка баратты.
Балхка кетүүчү кадимки жолдун ордуна ал Кухистан33 аркылуу айланма жолду басып өтүп,
түркүттөрдүн тылына чыкты. Савэ Гератка түндүк-батыштан Герируддун жээгин бойлоп
бирден-бир жалгыз жол менен баратты.
Кырдаалды түшүнүү үчүн Герат түндүгүнөн жана түштүгүнөн тоолор курчаган
(түндүгүнөн — Занжир-гох тоолору, түштүгүнөн — Искальжа, же Аманкух) кеңири өрөөнгө
жайгашкандыгын эске алуу зарыл; чыгыш тарабынан тоолор кошулуп кеткендиктен
Герируд кууш капчыгайга кысылып турат. Баророн деп аталган түндүк-батыш өткөөлү бир
аз жазы — ал аркылуу атчандар өтө алат. Бул өткөөл 8 км жакын узундуктагы чубама жол
болуп саналат. Түндүктөгү Герируддан Занжир-гох тоолоруна чейинки өрөөндүн кеңдиги
12 км. Герируд дарыясы терең эмес жана күз мезгилинде кээ бир жеринен кечип өтүүгө
болот, бирок шар аккандыктан көпчүлүк бөлүгүнөн өтүү мүмкүн эмес. Ал түштүк-
батыштагы анчалык бийик эмес ашуу аркылуу Герат өрөөнүнөн чыгуучу экинчи өткөөлдү
кесип турат34
.
Түркүттөр Баророн өткөөлүнөн өтүп, дарыя менен тоолордун түндүк тармагынын
ортосундагы Баулигох талаасына туш келген. Алардын арт жагында кууш чубама жол өтөт
экен, ал эми алдында Бахрамдын армиясы жайгашкан. Мунун өзү алар үчүн таптакыр
күтүлбөстүк эле. Гераттын алдында түркүттөрдүн бүткүл армиясы турбагандыгында шек
жок, анткени кууш өткөөл 300 миң адамды өткөрө алмак эмес, анын үстүнө
салгылашуунун жүрүшү көрсөткөндөй, перстердин флангдарын түркүттөрдүн армиясы
курчап алыптыр. Кыязы, Савэ Гераттын гарнизонуна гана туш болом деп ойлоп, чакан күч
менен чыккан окшойт. Түркүттөр өтө оор абалда калат. Өз милдетин аткарган Хуррад
Бурзин "Тозоктун сурагынын күнү ага жакындабасы үчүн"35 түнкүсүн түркүт сакчыларынын
тосмосу аркылуу өтүп, Бахрамга качып кеткен36
.
Мындан тышкары, Герат өрөөнүнүн топографиясы түркүт аскерлеринин саны канча
экендигин эсептеп чыгууга мүмкүндүк берет. Салгылашуу талаасынын — Баулигох
түздүгүнүн кеңдиги 12 км эле37. Салгылашуу абалында болгон үчүн атчандардын 20 м
жакын майдандык интервалдары болууга тийиш. Демек, бир катарда 2 миңден ашык
жоокердин болушу мүмкүн эмес. Көчмөндөрдүн катары да Юдон ашпай тургандыгы анык.
Мына ошентип, Гераттын астында түркүттөрдүн аскери 20 миң адамдан ашышы мүмкүн
эмес. Эгерде өрөөндүн батыш жагы кууш тартып, түркүттөрдүн армиясынын чок
ортосунда пилдер тургандыгын эске алсак, анда бул санды бир кыйла азайтууга туура
келет. Гераттын алдында перстер менен түрктөр болжол менен бирдей санда болгон деп
божомолдоого болот.
Савэ өзүнүн алдында жаңы жана али чаалыкпаган перс армиясы тургандыгын
аныктап, ал капканга түшкөндүгүн түшүндү. Анын аскерлери, эң башкысы аттар,
Хорасандын күн куйкалаган дөбөлөрү боюнча узакка созулган жүрүштө алсыраган эле;
Позиция маневр жасоого мүмкүнчүлүк бербегидей "кууш жана ыңгайсыз" 38 болуп чыкты,
ал эми Бахрамдын артында чеп гана эмес, маанилүү жабдуу булагы болгон Герат турган.
Перс аскерлеринин сол канаты дарыяга, ал эми оң канаты тоо кыркаларына таянган.
Душмандын армиясынын көзүнчө кууш өткөөл аркылуу чегинүү акылга сыйбас нерсе
болор эле, анткени перстер дароо эле түркүттөрдү талкалап жибермек. Савэ Бахрам
менен макулдашууга аракет жасады. Ал ага акча, өз кызын аялдыкка берүүнү, өзүнөн
кийинки биринчи орунду, эң акырында, Ирандын таажысын сунуш кылды, бирок Бахрам
бардык сунушту четке какты. Ошондуктан салгылашуу гана калды. Фирдоусинин
айтымында, перстер Бахрамдын чечимин бир добуштан жактырышты. Хуррад Бурзин
менен бесир Бузург-Дабир гана тынчтык түзүүнү жактап чыгышты, бирок Бахрам аларга
оозун басууга буйрук берип, салгылашуу үчүн өз аскерлерин жайгаштырды39
.
Салгылашуу. Перс армиясынын жайгашуусун биз Саалибиден табабыз. Бахрам
биринчи катарга жөө аскерлерди, алардын артына — пилдерди (?!), флангдарга —
тандалма бөлүктөрдү койгон 40 . Мындан тышкары, өтө ишенимдүү жоокерлерден
тосмолоо отряды түзүлүп, ага өз аскерлеринин кайра качышына жол бербөө милдети
коюлган. Анын оң флангы Занжир-гох тоолоруна, сол флангы Герируд дарыясына
такалган. Перс аскерлеринин тылында бак-дарактары жана айдалган талаалары бар шаар
болгон, түркүттөрдүн артында болсо өрөөндүн чөлдүү жана талаа бөлүгү жаткан. Мындай
жайгашуу персиялык согуш теориясынын принциптерине ойдогудай ылайык келген41
Аскерлердин астында Бахрам сүйлөгөн сөз бардык мезгилде жана дайыма дем
берген полководецтердин сүйлөгөн сөздөрүнө окшош болгон. Ал ар бир жоокер өз
парзын аткарууга тийиш экендигин, анткени кайра качкан учурда бири да душмандын
кылычынан кутулбастыгын жана өз үй-бүлөсүнө кайтпастыгын айткан 42 . Ошентип
салгылашуу башталган.
Түркүттөрдүн чечкиндүү салгылашууга даярданышы жана алардын өлүмгө баш
байлаган күрөшкө даярдыгын көрсөтүшү перстерге ушунчалык күчтүү таасир
тийгизгендиктен алардын биринчи катарында аз жерден дүрбөлөң башталган жок.
Өзүнүн шакирттерине дем берген Бахрамдын өз убагында кийлигишүүсү гана
талкаланууга жол берген жок43. Психикалык жактан таасир көрсөтүүдөн ийгилик чыкпасын
көргөн Савэ перстерге атчандарды каптатты, алар перстердин сол флангын куушуруп
кирди, бирок оң флангда жана чок ортодо мизи кайтарылды. Түркүттөрдүн айбаты
ушунчалык коркунучтуу болгондуктан Бахрам качуу жөнүндө да ойлоп кетти. Бирок Герат
өрөөнү түркүттөр үчүн эле эмес, перстер үчүн да капкан болуп калды. Тоолор качып
чыгуучу жолду тосуп, Бахрамга согушту улантуудан башка эч нерсе калган жок. Саалиби
качууга жасалган аракетти Бахрамдын согуштук куулугу деп эсептейт44, бирок Фирдоуси
анын чын экендигине ишенет.
Атчандардын чабуулунан майнап чыкпагандыктан Савэ согушка пилдерди киргизди.
Буга Бахрам сакталып турган бардык резервдерди пайдалануу менен каршы чабуул коёт.
Мына ушул жерде перс жаачыларынын эң сонун артыкчылыгы көрүндү. Алардын
жебелери пилдерди өлтүрө турган жерлерге — тумшуктарына жана көздөрүнө сайылып
жатты. Жөнөкөй жаалар менен катар пилдерге оттуу жебелер45, т.а., кендир булалар
менен оролуп, от коюлган жебелер учуп жатты. Эти ачышкан пилдер жинденип өз
аскерлерин тебелеп жатты. Пилдерден качып түркүттөр катарларын бузуп, бетме-бет
чабышууга жутунган перстерге тийиштүү каршылык көрсөтө алышпады. Савэ качып
жөнөдү, бирок аны Бахрам Чубиндин өзү кууп жетип, жаа менен атып өлтүрдү.
Колбашчысы өлгөндөн кийин түркүттөр дүрбөлөңгө түшүп кача баштады. Алар
Баророн капчыгайы аркылуу качууга далбастады, бирок кууш жана узун капчыгай дароо
көп адамды өткөрө албады. Анын чатында кысылыш башталып, перстер алдастап калган
душманды бөгөтсүз кырып салышты. Түркүттөрдүн онунан бири гана эптеп качып кутулду.
Согуштун бүтүшү. Салгылашуудан кийин Бахрам бир ай бою Гератта кармалып,
шаханшах менен өз аскерлеринин ортосунда олжолорду бөлүштүрдү. Бул убакыттын
ичинде Савэнин уулу Пармуда талкаланган аскерлердин калдыгын чогултуп, каршылык
көрсөтүүнү уюштурууга аракеттенди. Ал көчмөндөрдүн күтпөгөн жерден качырып кирүү
жана түнкүсүн кол салуу ыкмасын колдонду. Бир жолу ал аз жерден Бахрамдын46 өзүн
колго түшүрүп ала жаздады, бирок туруктуу армиянын чабуулун партизандык аракеттер
менен токтотуу мүмкүн эмес эле, ошентип, перстер Жейхунду кечип өтүштү. Түнкү
салгылашууда түркүттөр кайра талкаланып, ал эми Пармуда Пайкенд шаарындагы чепке
барып жашырынды47. Бахрам курчоого алган соң, ал багынып берүүгө аргасыз болгон.
Бирок өмүрүн сактап калууга жана Хормиздге, аялы жагынан тууганына жөнөтүп
жиберүүгө Бахрамды макулдаткан. Хормизд аны шаан-шөкөт менен тосуп алган жана
тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин кадыр-баркы менен 48 узаткан. Түркүттөрдүн
ханзаадасы өз өлкөсүнө кайтып келип, 603-жылы өлгөнгө чейин бейкуттукта дубанын
башкарып калган. Хроникаларда ал Нили-хан деген ат менен белгилүү49
589-жылдагы согуш ушундай аяктаган.
Иран кыйрап жок болуунун чегинде болгон, бирок Гераттын жанындагы жеңиш аны
жарым кылымга узартты. Жыйырма жыл бою түркүттөр Ирандын чек арасын бузууга
батынбады, ошентип бул эки коңшу өлкөнүн тарыхы эки бөлөк өнүгө берди. Бахрам
Чубиндин көтөрүлүшү бүтүндөй Ирандын тарыхына таандык, бирок жеңилгенден кийин
Бахрам өзүнүн жакындагы эле душмандарына — түркүттөргө качып барып, ал жерде хан
тарабынан меймандостук менен кабыл алынган. Ага бир канча жолу кызмат көрсөтүү
менен Бахрам анын досу жана кеңешчиси болуп калган50. Хан анын Иранда граждандык
согушту кайра баштоо жөнүндөгү пландарын жан-дили менен жактаган жана ал түгүл аны
баштоо үчүн ага бир канча аскер берген51 Тынчы кеткен Хосрой Парви Бахрамды кайтарып
берүүнү талап кылган, бирок хан ачуулануу менен андан баш тарткан. Ошондо экинчи,
бир кыйла айлакер элчи белектерди берип жатып атаандаштын өмүрүнө каршы кутумга
түркүттөрдүн ханышасын макулдата алган. Ошентип жалданма киши өлтүргүч
ууландырылган канжар менен Бахрамды сайып өлтүргөн. Жаалданган хан киши
өлтүргүчтү жазалаган52
.
Бул эпизод оор жеңилүүдөн кийин деле түркүттөр толук көз каранды эместигин
сактап калып, башкалардын таасирине баш ийбегендигин көрсөтүп отурат. Шаханшахтын
дипломатиялык кысымдары түркүттөрдүн ханына эч кандай таасир берген эмес. Аму-
Дарыя мурдагыдай эле сасаниддик Ирандын саясий таасири үчүн чек ара болуп кала
берген.
Эсесин кайтаруу. 593-жылдагы тынчтык келишими кагандыктын биримдигин расмий
калыбына келтирди53, ал эми 598-жылы Батыш түрк ханынын византиялык император
менен салт болуп калган союзу жаңыртылды. Византиялык аскерлер такка отургузган
шаханшах Хосрой Парвиз император Маврикий менен түзүүгө туура келген өзүнө
пайдасыз тынчтык келишимди оорсунду. Маврикий тактан түшүрүлүп, өлтүрүлгөндөн
кийин Хосрой учурдан пайдаланып, өзүнүн багып алган атасынын өчүн алуучу катары
чыкты. 602-жылы Ирандын Византия империясы менен согушу кайра башталды, бирок
перс аскерлери 604-жылдын жазында гана жортуулга чыкты. Мындай создугуу Ирандын
чыгыш чек арасындагы абалдын курчушунан келип чыккан.
Тохарстандын калкы маданий жана экономикалык жактан өзү баш ийүүгө аргасыз
болгон Персия менен эмес, Согдиана жана Индия менен байланышта эле. Мындан
тышкары, кушандык майда падышалардын жана төрөпейил эвталиттердин тукумдары
түркүттөрдүн ханына үстүртөн көз каранды болгондон көрө шаханшахтын катуу колун
артык көрүшкөн. Ошондуктан, перс армиясынын негизги күчтөрү Месопотамиянын жана
Армениянын чек арасына топтолгондо, т.а., 603-жылы54, чыгышта көтөрүлүш чыгып,
"кушандардын аскерлери бүткүл жер бетине жортуул жасоо үчүн чачырап кеткен"55
.
Хосрой өзүнүн эң мыкты марзбаны Смбат Багратунини эс алып жүргөн жеринен
шашылыш чакыртып, ага бул козголоңду басууну тапшырат. Күчүнүн аздыгына (2 миң
атчан) карабастан Смбат кушандарды талкалай алды. Мында кол салуунун күтүлбөгөн
жерден болгондугу башкы роль ойноду деп божомолдоого болот. Ийгилигине
канааттанган Смбат Апршахрга (Хорасандагы Нишапурдун жанындагы шаар56) станын
жайгаштырып, ал эми өзү 3 миң адамдан турган отряды менен Хрохт (?) шаарынан орун
алды. Кушандар перстерге өздөрүнүн күчү жетпестигин көрүп, колдоо көрсөтүүгө
коңшуларына, түркүттөргө кайрылышты. Кушандарга жардамга башында Жембуху
(ябгу//жабгу титулунун армянча бурмаланышы) турган аскерлер келди; бул убакта
ушундай эле титулду улуу хандын небереси Тун алып жүргөн, ал Тун-жабгу деген ат менен
белгилүү. Түркүттөр перстерди күтүлбөгөн жерден басып калды. Хрохт курчоого алынды.
Смбат курчоону бузуп чыгып, бар болгону үч жолдошу менен качып кете алды, ал эми
анын жардамчысы перс Датоян таптакыр талкаланды. Түркүттөр Рей жана Испаганга
чейин Иранды бүт бойдон талап кетти, бирок "улуу кагандан буйрук" алгандан кийин
кайра кайтышты57
.
Түркүттөрдүн чегинишинин Себеос келтирген далилдери түк дагы канааттандыралык
эмес. 603-жылы күзүндө түркүттөрдүн "улуу хаганы" болгон эмес, анткени дал ошол
убакта талкаланган жана баары таштап кеткен Кара- Чурин жанын сактап Тогонго качып
кеткен. Кыязы, дал ушул кырдаал анын небересин өз дубанын коргоо үчүн үйүнө кайтууга
мажбур кылган. Мына ошентип, түштүк Хинганда кытайлардын жеңиши Иранды сактап
калды, ал эми Византияны өлүп жок болуунун чегине алып барып койду.
Түркүттөр кеткенден кийин Смбат жаңы аскерлери менен кушандарга кол салды. Ал
Балхка чейин жетип баргандыгына карабастан, ага Тохарстанда бекемделип калууга
мүмкүн болбоду, ошентип ал кайрадан сасаниддер дөөлөтүнүн чыгыш чек арасы болуп
калган Мургабга кайтып келди58
.
603/04-жылдагы кыш перстерге жеңилдик алып келди: түркүттөрдүн күч-кубаты
кытайлар тарабынан талкаланды, кагандык көз көрүнөө ыдырай баштады, кушандарды
кайрадан багындырууга мүмкүн болбосо да, чыгыштагы чек ара үчүн эми
тынчсыздануунун кереги жок болуп калды. Ошондуктан перс аскерлери Византияга карай
бет алды59
.
Ирандын чыгыш чек арасындагы окуялар империянын ички абалын эске алганга
караганда перстердин жортуулга чыгышынын мөөнөтүн бир кыйла көбүрөөк өлчөмдө
аныктады деп болжоо керек, ошентип түркүттөр күчсүз абалда турганда Хосрой
Парвиздин аскерлери батышта жеңиштен жеңишке жетишип жатты.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   eldar96   12 Сентябрь 2018 - 11:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

АШИНА ЖАНА СУЙ
Кагандыктын кайрадан биригиши. Чоң чатактын алдында болгон абалды калыбына
келтирген 593-жылдагы тынчтык Суй императорун анын бардык күч-аракеттеринин
үзүрлөрүнөн ажыратты. Ал түркүт хандарын ыдыратып, аларды тизелетип жана алардын
араздашууларын кээде жем ыргытып коюу менен колдоону каалаган эле1
, ал эми мунун
ордуна анын алдында Кытай үчүн ушунчалык зыяндуу болгон соода келишимин так
аткарууну талап кылган бирдиктүү жана кубаттуу кагандык кайрадан келип турду. Анысы
аз келгенсип, түркүттөр кытай калкы менен алмашуу соодасы үчүн чек арада базарларды
ачуу тууралуу өтүнүч-талапты жиберишти2
. Муну менен алар өзүнүн экономикасын көз
каранды эмес абалга коюп, жаңжал чыгып калган учурда сарайдын жардамысыз эле
түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн зарыл товарларды ала алышмак. Бул "өтүнүч" Кытайга 589-
жылы жиберилгендиктен, анын Иранга жортуул менен туш келгендиги кокусунан эмес
деп ойлоого болот. Кыязы, түркүттөр батыштагы боордоштору Византияга чейин жулунуп
жетип, кербендер батышка жибек жипти, ал эми чыгышка алтынды ташый баштайт деп
болжолдошуп, жибек жакында аларга өтө керек болорун ойлошсо керек. Ян Цзянь бул
жылы Түштүк Кытайда Чэнь падышалыгын багындыруу менен алагды болуп жаткан,
ошондуктан ушунчалык ыңгайсыз мезгилде мамилелерди курчутпоону туура деп
эсептеди. Бирок хандын ордосунда болуп жаткандар ага дегеле жаккан эмес.
Суйларга каршы маанайлардын демилгечиси Чжоу сарайынан келген ханыша болгон,
ал анын туугандарынын баарын император чыккынчылык менен кырып салгандыгын
кечире алган эмес. Император өч алууну көксөөнүн пайдасыздыгы жөнүндө ханышаны
ынандырууну каалап, ага Чэнь сарайын императоруна таандык болгон кымбат баалуу
эшик каалгасын белекке жиберген. Муну менен ал бүткүл Кытай өзүнө гана таандык деген
түшүнүктү берген, бирок ал отко май куйгандай эле кылды. Ханыша белек үчүн көп
маанидеги какшыкты камтыган ыр менен жооп берген:
Атак келет, даңк келет азаптан соң,
Атак-даңктын артында жатат кайгы.
Арийне, бул жашоонун нак мыйзамы.
Мезгил өтсө жер менен жексен болот
Заңгыратып салдырган сепил-шаарың,
Күткөн дөөлөт жана да эрдик шаңы.
Байлык артып, сайрандап жүргөн менен
Бак-дөөлөттүү жашоонун аз мөөнөтү,
Шарап ичип бир жолу дуулаганың
Кыла койбойт бакыбат бүт өмүрдү, —
Ал да бүтөт басылса рабап күүсү.
Кезегинде каныке элем керилген,
Эми минтип кирдим көчмөн ордого3
Убайым жеп түнү менен жер кезем,
Үмүт үзүп койдум бейпил жашоодон.
Кай тарапты карабагын көрөсүң
Экендигин жашоо оомал-төкмөлүү.
Жүрөгүмдү опкоолжутат бир сезим,
Аткарылса өткөндөгү обон-күү.
Император бул ырда оомалуулуктун дүйнөлүк мыйзамынын курманы болуп калышын
каалагандыгын, ошондой эле ханышанын жарашууну дегеле каалабагандыгын баамдап
билген, бирок андан белектердин санын азайтуу менен гана өч ала алган, андан кийин
ханышанын ойнош күтүп алгандыгынан пайдаланып, аны титулунан ажыратып салган,
бирок бул ханышанын ордодогу кадыр-баркын, кытай императоруна болгон жек көрүүсүн
дегеле азайта албады.
Император туткун ханышанын ырларына өтө олуттуу мамиле кылды. 593-жылы
хандын ордосуна Кытайдан Ян Хин деген бирөө барып, кытайлардын өздөрү Суй
режимине ыраазы эместигин жана көтөрүлүш даярдалып жаткандыгын айтып келди.
Дулан-хан мындан дароо тыянак чыгарып, 584-жылдагы келишим боюнча төлөөгө тийиш
болгон алманды Кытайга жиберүүнү токтотту. Ханыша Бухаранын өкүмдары Нили-хан
менен (Янг Соухтун уулу, 589-жылы Бахрам Чубин өлтүргөн Кара-Чуриндин небереси)
союзду түзүп, ошону менен ордодогу Кытайга каршы партияны чындады.
Ян Хинь калп айтпагандыктан Суй өкмөтү үчүн ушунун баары ого бетер коркунучтуу
эле: Кытайда, чынында эле, Суй династиясына каршы күрөш жайылтылды. 594-жылы
кургакчылыктын кесепетинен ачарчылык келип чыкты, бирок император ачка калгандарга
казынанын кампаларынан дан берүүдөн баш тартты. 597-жылы жана 600-жылы түштүктө
ушунчалык күчтүү көтөрүлүштөр чыгып, аны басуу үчүн 50 миң адамдан турган армия
жиберилген4
. Кыязы, Ян Хинь козголоңчулар менен түркүттөрдүн ортосунда арачы болгон
окшойт. Суй империясы катуу кысымда калышынын мүмкүнчүлүгү да бар эле. Бирок бул
жерде майданга Чжан-сунь Шэн кайрадан чыга келди.
Шынаа урулду. Чжан-сунь Шэн укуктуу элчи катары 594-жылы хандын ордосуна
келди5 жана ал жерде Суй сарайына каршы багытталган чыныгы кутумдун үстүнөн чыкты.
Кутумчулардын башында ханыша жана анын ойношу, согдулук6
Аньсуйкя турган, бирок
көбүрөөк коркунучту Ян Хинь туудурган, аны Чжан-сунь Шэн кандай да болсо колго
түшүрүп алышы керек эле. Хан аны ордодо жок деп кармап берүүдөн баш тартты. Тыңчы
өзүнө бекитилип берилген түркүттөрдүн бирин паралап сатып алып, анын жардамы
менен кутумчуну таап, ханышанын жоруктарын ханга ачык айтып берди. Хан менен
төбөлдөр ыңгайсыз абалда калып, Ян Хинди кармап беришти7
. Бирок Чжан-сунь Шэн муну
менен токтоп калган жок. Анын максаты түркүттөрдүн кагандыгында араздашууну
кайрадан туудуруу эле, бул жолу да ал өзүнө керектүү бекти тапты. Бул тактын мурасчысы,
хандын аталаш бир тууганы Жаңгар (кытайча Жаньгань) эле.
Анын түндүк-чыгышта дубаны жана Төлөстөрдүн ханы (Гөлө хан) деген титулу бар эле;
ага кидандардын, хилердин (татабдар) жана шивейлердин (татарлар) вассалдык уруулары
баш ийген. Чуло хандын уулу катары анын көп тарапкерлери болгон. Ал принципсиз, ичи
тар жана коркок эле, т.а., чыккынчыга мүнөздүү бардык сапаттары болгон.
"Юн Юйлюй (Йун Йоллыг), — деп билдирген Чжан-сунь Шэн, — туруксуз жана
жүзүкара. Дяньгуга (Кара-Чуринге) эле болгон кастыгы аны азыркы убакта императордон
колдоо издөөгө мужбурлап жатат. Эгерде анын өтүнүчүнө макул болсок, ал күч алгандан
кийин жиндене баштайт. Падышанын кызын аялдыкка алган соң, Дяньгуну жана
Жяньганды жеңип чыгуу үчүн бул нике ага берген мааниден пайдаланат. Чочулоо керек,
антпесе анын мансапкордугун ноктолоо абдан кыйын болот. Экинчи жактан, Жаньгань
өзүнүн ак ниеттүүлүгүн далилдеди. Ал да падышанын кызын аялдыкка сураган,
ошондуктан бул өтүнүчтү канааттандыруу жакшы болмок. Анын аскерлери аз
болгондуктан, аны түштүккө көчүрүп, Юн Юйлюйга каршы бөгөткө айландырууга болор
эле8
.
Бул план кабыл алынып, 597-жылы аткарылган болучу9
. Түркүттөрдүн кагандыгынын
ичинде Кытайга жан тарткан партия түзүлгөн. Ал эми кытайлар болсо болбой
койбостугунан эч ким шектенбеген жаңы согушка даярдана баштады.
Падышанын кызын жана сеп түрүндө жыл сайын белектерди алуу түркүттөрдүн
хандары жандап өтүп кете албаган жем болучу. Жаңгарга колукту Чжоу сарайынын
ханышасын жок кылуу шарты менен убада кылынган эле. Жаңгар илгертен бери
колдонулуп келген ыкманы пайдаланды: ал хандын астында ханышага жалаа жапты. Бул
бузукулук ой ордунан чыкты. Хан жалаага ишенип, ачууга алдырып, ханышаны өлтүрүп
койду. Ханыша өлтүрүлгөндөн кийин Жаңгар дароо эле өз дубанына кетип калат, ал эми
жалаанын бети ачылган кезде ал салыштырмалуу коопсуз абалда эле. Араздашууга Суй
императору кийлигишип, чыккынчыны бардык күчү менен колдой тургандыгын
билдирди. Хан аргасыздан эч аракет кылбай отуруп калды. Бирок эми ал өзүнүн аталаш
чоң атасы Кара-Чурин Түрктүн (Дяньгунун) толук таасири астында болуп, ал тардуштардын
ханы (Цату хан) деген жөнөкөй титулду сактап калуу менен кагандыктын чыныгы
өкүмдары болуп калды. Согуштун болбой койбостугу кытайларга эле эмес, түркүттөргө да
айкын болду.
Согуштун башталышы. Жаңжал шылтоо себептери бышып жеткен учурда кырдаал
Кытайдын пайдасына түзүлө баштады. 591-жылы Тогондо кайраттуу хан Куалүй дүйнөдөн
кайтты, анын улуу уулу Шифу Кытай менен союз түзүүгө жасаган аракети үчүн өмүрү
кыйылат. Шифунун иниси Фуюнь 597-жылы бейтарап позицияны ээледи10, ошону менен
Суй өкмөтүн батыш чек араны кайтаруу милдетинен бошотту. Мунун өзү негизги күчүн
Сары дарыянын жээгине топтоого кытайларга мүмкүндүк берди.
597-жылы алар өздөрүнүн койгон адамы Жаңгарды түштүккө, Ордоско жакын
жердеги талаага көчүрүштү жана бул үчүн акча аяшкан жок. Бул акчаларды ал өзүнүн
уруулаштарын паралап сатып алууга жумшады11. Кара-Чурин да чараларды көрдү. Ал
өзүнүн тылын бекемдөөгө шашылды. Түрктөргө каршы көтөрүлгөн Волга боюндагы
угурлар тынчтандырды. Он миң угур — тарниах, кочагир жана забендер уруулары
Паннонияга качып барып, аварларга кошулду12
.
598-жылы Кара-Чурин Константинополго, император Маврикийге элчилик жиберди,
анын максаты мурунку достук мамилелерди жаңыртуу болгон. Ал өз дөөлөтүндө ички
жаңжалдарды басып, бардык душмандарын багындыргандыгын кабарлады13. Кавказ
тарапка экспансиядан баш тартуу Каспий боюндагы райондордо византиялык бузукулукту
токтоткондугу үчүн акы катары кызмат кылууга тийиш болучу. Орто Азияны Кара-Чурин
катуу кармап турду: Пайкентте (Бухарада) анын небесери Нили хан, ал эми Шашта
(Гашкентте) — экинчи бир небереси Шегуй отурган эле14. 597-жылы түркүттөр чек арага
кол салышып, ал эми 598-жылы хан Сю башчылык кылган кытай армиясы Линчжоудан
чыга келди15. Ошентип согуш башталды.
Бирок өткөн бейкут беш жылды кытайлар жакшы пайдаланышты. Чек аралык
офицерлердин бири, Тан династиясынын болочоктогу негиздөөчүсү, теги боюнча жарым
түрк Ли Юань зор аскердик талантын көрсөттү. Ал түркүттөрдөн үйрөнүп алган жаңы
тартипке өзүнүн жоокерлерин ырааттуулук жана чыдамдуулук менен үйрөттү; жоокерлер
боз үйлөрдө жашап, эт жана сүт менен тамактанууга, атчан жүрүүгө жана тегеректеп
курчап келип жасалуучу аңчылыкка катышууга тийиш болгон. Ал өзүнүн жоокерлери
күжүрмөн сапаты боюнча түркүттөрдөн кем калбагыдай болушуна жетишти16. Мындан
тышкары, жаңыдан уюштурулган атчандарга акыры келип чыккынчылыгынын бети
ачылган Жаңгардын отряддарын кошушту.
598/99-жылдын кышындагы алгачкы салгылашуулар кытайлар үчүн ыңгайлуу болду17
,
бирок Кара-Чурин менен Дулан хан түркүттөрдүн атчандарынын шамдагайлыгынан
пайдаланып, Кытайдын туруктуу аскерлерин айланып өтүп, Улуу дубалдын түштүк
жагында жайгашкан Жаңгардын ордосун каптап киришти. Чыккынчылар күтүлбөгөн
жерден басылып, бирок жакшылыктан үмүт кылышпастан жанталашып салгылашышты.
Алардын ою да туура эле: Жаңгардын бир туугандары, балдары жана бүт туугандары
өлтүрүлөт, ал эми өзү беш атчандын жана Чжан-сунь Шэндин гана коштоосунда түн
жамынып кутулуп кетти.
Эртең менен анын айланасына дагы жүзгө жакын жоокер чогулду, бирок Жаңгардын
маанайы пас болуп, өзүнүн тарапкерлерин кайрадан Кара-Чурин Түрккө — атасынын
досуна качып кетүүгө үндөп жатты. Эски байланыштарынан үмүттөнүп, ал өз өмүрүн
сактап калууга жанталашып жатты, бирок ал өзүнүн шакирттеринин өмүрүнө эч ким кепил
болбостугун ойлогон жок. Жан- жөкөрлөрү эки анжы болуп турганда Чжан-сунь Шэн
жакын жердеги чептин гарнизонуна чабармандарды жиберип ийди. Анын буйругу боюнча
ал жерде кароол оттору күйгүзүлгөндө Чжан-сунь Шэн тынчы кетип чочулап турган
Жаңгарга көп сандаган өттөр күчтүү душмандын жакындап келаткандыгын көрсөтүп жатат
деп түшүндүргөн. Чочулаган Жаңгар өзүн чепке алып барууга уруксат берип, ал жактан
императордун сарайына жеткирилет18. Ян Цзянь түркүттөрдүн тагына ушундай арзыбаган
адамды отургузуу Кытай үчүн канчалык маанилүү жана пайдалуу экендигин түшүнүүгө
жетиштүү акылдуу жана кыраакы эле. Ага үмүттөнүүгө болбойт, бирок аны оюнчуктай
ойнотуу жеңил жана оңой болучу. Ал чынында мыйзам менен тартипти урматтоого көнүп
калган элдин ханынын мыйзамдуу мурасчысы болучу. Ал түгүл күчүнөн жана каражатынан
ажыраган Жаңгар Кара-Чурин менен оту күйүшпөгөн түркүттөр үчүн тартылуунун борбору
болуп кала берген. Ага Түзлүк (кытайча Дусулу) — Дулан хандын иниси өтүп кеткен, ал
эми бир аз убакыт өткөндөн кийин Кытайдын алтыны Жаңгардын тарапкерлеринин санын
көбөйттү.

599-жылдын жайында кытай генералдары Гао Фань менен Ян Со Кара- Чурин менен
кагылышты19. Бичуриндин "Кытай тарыхында" («История Китая») тактикалык майда-
чүйдөсүнөн бери салгылашуунун бирден бир сүрөттөмөсү бар. Бул 599-жылдагы
салгылашуунун сүрөттөмөсү. Бичуриндин бул эмгеги басылып чыкпаган соң, тийиштүү
текстти толук келтирүүнүн зарылчылыгы бар.
"Баарыдан мурда туцьзүйлөр (туркүттөр) менен согушуп жаткан генералдар атчандар
катарга катуу кирип келишкендигин көрүштү; алар майданды арабалар, жөө аскерлер
жана атчандар бири-бирине жөлөк болгудай кылып жайгаштырышты. Тосмолордон
батальон-каре түзүшүп, атчандар анын ичинде болушту. "Бул байыркы ыкма, — деп айтты
Ян Со, — жеңишке жетинүү үчүн жетиштүү эмес". Ошондуктан алдыга атчандарды
коюшту. Дату хан (Тардуш хан, Кара-Чурин Түрк): "Бул мени теңир жалгап жатканы!" , —
деп кубанганын айтты. Ал аттан түшүп, асманга карап, жүгүнүп жатты. Андан кийин
10000(?) атчан менен түз эле алга карай чаап жөнөдү. Чжулохеу (кытай офицери):
"Душмандар али катарга тизиле элек, ошондуктан кол салуу керек", — деп айтып, мыкты
атчандары менен аларга каршы чыкты. Ян Со алардын артынан башкы армиясы менен
чабуулга киргенде туцьзүйлөр таптакыр талкаланды. Өлгөндөр жана жарадарлар сансыз
жайнап жатты"20
.
Бул баянды талдап келип, түркүттөрдө казак-орустардын чабуулуна окшош атчан
катарлары болгон деп белгилөөгө болот. Чабуулдун максаты душмандын катарын бузуп
өтүп, дүрбөлөңгө түшүрүп, качып бараткандарды кылычтоо эле. Түркүт ханы душмандын
күчүнүн бөлүнүп кеткендигин көрүп, аны өз-өзүнчө талкалап салууну ойлоп, алдын ала
кубанып отурган. Бирок кытайлар бул жолу түркүттөрдүн колунан демилгени жулуп алды.
Атчандардын каршы чабуулу соккуну жумшартып, түркүттөрдүн күжүрмөн тартибин
бузду. Салгылашууга киргизилген жөө аскерлер ишти сан жагынан артыкчылыгы менен
чечип кетти. Мындан тышкары, бетме-бет кармашууда жөө аскер атчанга караганда
күчтүү, анткени ал бир кыйла шамдагай жана ийкемдүү келет.
Чыгыш түркүттөрдөн турган жана Дулан хан жетектеген экинчи армия бир кыйла
ийгиликтүү аракеттенип, Жаңгарды катуу кысып кирген соң, кытайлар аны өз чегине
кабыл алууга аргасыз болушкан. Ага жайыт үчүн Ордостун түндүгүндөгү талаалар жана ага
тутумдаш жаткан Алашандын тоо этектери бөлүнүп берилген 21 . Анын көчүп-конуу
жайларын коргоого кытай аскерлери чыгарылган. Император Жаңгарды өзүнө
жакындатып, чыккынчыларга белек кылып берүү үчүн кымбат буюмдарын аяган эмес. Бул
саясат өзүн актады. Жаңгардын талапкерлеринин ичинен Чжан-сунь Шэн тыңчыларды
жалдап алган. Кийин алар хандын ордосуна жиберилип, бугуп жатып, түркүт
аскерлеринин ичинде дүрбөлөңдүк маанайды туудурушкан22. Өзүнүн аң-сезимине катуу
таасирин тийгизген сөзгө чебер аңгемечилердин таасири менен хандын өзү түнкүсүн
коркунучтуу түштөрдү: кандуу жаанды, жылдыздардын учуп түшкөнүн, кызыл жебени
д.у.с. көрө баштаган. Ырым-жырымга ишенген көчмөндөр мындай аңгемелерден катуу
нервдик козголуу абалына келишкен. Акыр-аягы Дулан хан өз чатырында өлтүрүлүп,
ындыны өчкөн армия ийгилик алып келе турган чабуулду токтотуп салышкан (600-жыл).

Кара-Чурин Түрк "өзүн-өзү хан деп жарыялаган" 23, бирок али да болсо утула элек
согушту аягына чейин ийгиликтүү жеткирүү үчүн ал өтө карып калган жана чыгыш
түркүттөрдүн арасында эч кадыры жок эле.
Бөгү хан. Кара-Чурин Түрк Бөгү хан, т.а., баатыр деген титулду алган24, бирок ал жалпы
кадыр-баркка ээ боло албады, ошентип ордодо "зор ырк кетүүлөр башталды" 25. Чжан-
сунь Шэн өзүнүн бузукулук ишин уланта берди: анын тыңчылары чөл талааларга сиңип
кирип, телес урууларын көтөрүлүшкө тукура баштады. Чжан-сунь Шэндин эсеби туура эле.
Телестер калктын көпчүлүк бөлүгүн түзүп, алар баатыр, эркиндикти сүйгөн адамдар
болгон, ошондуктан багынып
берүү абалы алар үчүн оор эле. Түркүттөр "алардын күчү менен түндүктүн чөлдөрүндө
баатырдык көрсөтүшкөн" 26 , т.а., кагандыктын урматына кан төгүүгө мажбурлашкан.
Кагандар жеңишке жетишип турганда, телес уруулары түз ниетте болуп, Кара-Чуриндин
зулумдугу жинди кайната баштаган соң, алардын ниети өзгөрө баштады.
Жаңы хандын абалы өтө оор эле. Ап такты мурастоо жөнүндө мыйзамга каршы такка
отурган жана ошонун өзү менен өзүнүн кастарына кубаттуу куралды — "Зулумга каршы
күрөш" деген ураанды берген.
Анын башкы душманы — чыккынчы Жаңгар тактын мыйзамдуу мурасчысы болуп
чыкты, ал эми ал үчүн талаага марттык менен чачылган кытай алтыны колдоо көрсөткөн
соң, анын укугу саат өткөн сайын көбүрөөк реалдуу боло баштады.
Ошону менен бирге майдандагы абал улам барган сайын оорлой баштады. Чжан-сунь
Шэндин кеңеши боюнча кытайлар согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактагы булактарды
ууландырып таштап, түркүттөргө чегинүүгө туура келди27. Чегинүү толук тартипте өткөн.
Аны жоготуулардын өтө аз саны — миң адамдын өлүмү, жүздөгөн туткундар, бир канча
миң баш тартылып кеткен мал далилдеп отурат. Кытайлар үчүн башка бир нерсе — түркүт
уруу аксакалдарынын Жаңгарга качып өтө башташы бир кыйла маанилүү эле28. Бирок
Кара-Чурин али күчтүү эле.
601-жылы ал кайрадан Кытайга каптап кирип, генерал Хань Хундун армиясын
талкалаган. Түркүттөрдүн башка бир отряды Жаңгардын айылын талкалап, адамдарын
жана малын айдап кеткен. Шашылыш түрдө даярдалган кытай армиясы түркүттөрдөн
олжону кайра тартып алып, бирок алардын жаңы чабуулуна тоскоолдук кыла албады29
.
Бирок Чжан-сунь Шэндин буйругу боюнча жиберилген Жаңгардын тыңчылары
телестерди түркүт ханына каршы тукурду. Он уруу колуна курал алып, алардын арасында
телестер гана эмес, абарлар да болгон. Көтөрүлүш түндүк-чыгыштагы Селенгадан тартып
түштүк-батыштагы Теңир-Тоого чейинки зор аймакты кучагына алды30. Батыш түркүттөр
көтөрүлүшчүлөр тарабынан талкаланды. Нили хан курман болуп31, анын бир тууганы Тун
жабгу 32 качып кетет, бирок кагандыктын Тарбагатайдын ары жагындагы чет-жакасы
Ашина династиясына ниети түз бойдон кала берди.
Чыгышта абал андан да жаман эле. Кара-Чурин өзүнүн мурастык дубанынан кесилип
калып, чыгыш түркүттөр анын оор абалын көргөн соң, өз ханына карабай таштап качып
кетишти33, ал эми татабдар34 Кытайга баш ийип берүүнү сунуш кылышты. Кара-Чурин
Тогонго качып барып, ал жерде тибеттиктер тарабынан өлтүрүлөт. Чжан-сунь Шэн
салтанаттуу түрдө Жаңгарды талаага алып келип, мыйзамдуу мурасчы катары аны хан деп
жарыялаганда каршылык көрсөтө турган эч ким калбай калган.
Нили хандын бир тууганы жана мурасчысы Басы-тегин өзүнүн дубанын — Бухараны
баш ийип берүү менен сактап калууга аракет кылды. Өзүнүн аялы — өлгөн агасынан
мураска калган кытай кызы Сян-ши менен бирге Басы (кытайча Поши)-тегин Кытайга
келип, бирок ал жерде кармалып калат (604-жыл)35. Батыш түрктөргө Таман (кытайча
Даман) — Нили хандын жашы жете элек уулу хан болуп калат.
Хандарды кемсинтүү. Суй сарайынын күч-кубаты артып турганда анын негиздөөчүсү,
Вэнь-динин императору Ян Цзянь дүйнөдөн кайтат (604-жылы июлда), анын күтүлбөгөн
өлүмү ал өлтүрүлдү дегендей шек туудурат36. Анын уулу Ян Гуан такка Ян-ди деген ат
менен отурат. Ал атасынын басып алуучулук саясатын уланткан.
604-жылдын акырында Суй империясы толук жеңишин майрамдай алды.
Кытайлардын койгон адамы — чыккынчы Жаңгар Чыгыш кагандыктын таанылган ханы
болуп калды, ал ушул убактан тартып Батыш кагандыктан түбөлүккө бөлүндү.
Кытайлар колдоосуy токтотор замат Селенга дарыясынын бассейниндеги телестердин
көтөрүлүшү басылды, бирок Жуңгария жана Тарим бассейни чыгыш түркүт ханынын
карамагына кайтып кошулган жок. Алар үстүртөн Батыш кагандыктын курамына кирген.
Бирок телестин киби уруулары (чыгыш Теңир-Тоонун түндүк бетиндеги) жана сеянто
уруулары (Алтаин-нуру тоо кыркасынын түштүк бетиндеги) өздөрүнүн чыгыш
уруулаштарына караганда эркиндикти бир кыйла көбүрөөк сүйө тургандыгын көрсөтүштү.
Батыш түркүттөр менен эки жылга созулган (605—606) айыгышкан согуш аларга жеңишти
жана эркиндикти алып келди37. Бул согуштун майда-чүйдөсү сакталган эмес, бирок анын
натыйжасында Жуңгарияда өз алдынча телес мамлекети пайда болуп, анын башында
киби уруусунун ханы Гэлэн туруп, ал Мохэ хан деген титул алган. Бул жеңиш түркүттөрдүн
ээлеген жерлерине шынаадай кирген жана чөл талаага кытайлардын келип кириши үчүн
көпүрө болгон жаңы көчмөн мамлекетинин түзүлүшүнө Кытайдын жактыруу мамилесин
камсыз кылган 38 . Кытай менен достук Гэлэнге анын түндүк-чыгыш чек арасынын
коопсуздугун камсыз кылган, анткени чыгыш түркүттөрдү башкарган Жаңгар
императордун кызыкчылыгы үчүн гана аракет кылган. Түзүлгөн ыңгайлуу абалдын
аркасында телестер ар кандай көчмөн коом үчүн зарыл болгон калк отурукташкан
аймакка — Карашаар, Турпан жана Хами оазистерине ээ болгон39
.
Гэлэн хан титулун алгандыгына карабастан, Жуңгарияда орнотулган тартип
түркүттөрдө кабыл алынган катуу системага окшошкон эмес. Гэлэнге баш ийген
сеянтолуктардын жолбашчысы Ишибо өз уруусунун үстүнөн бийликти сактап калган.
Гаочан хандыгында династия өз ордунда калган жана жогорку өкүмдардын бийлигинин
күчөшү тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Демек, Жуңгариядагы телес мамлекетин
уруулар союзу катары караса болот.
Чыгыш кагандыктагы түркүттөрдүн абалын эң мыкты деп атоого болбос эле. Жаңы хан
Жаңгар Ордосто кытай найзаларынын коргоосу астында жашаган жана талаага
көрүнүүдөн корккон, анткени кээ бир букаралары аны түркүт катары, ал эми башкалары
чыккынчы жана Кытайдын койгон адамы катары жек көргөн. Анын жыргалчылыгы
Кытайдын гана колдоосуна байланыштуу экендигин сезген Жаңгар андан талап кылгандан
көбүрөөк ыкка көнүп турган. Маселен, хан император Ян-диге өзүнүн букараларын кытай
кийимдерин кийип, мыйзамдарын кабыл алууга мажбур кыла тургандыгын сунуш
кылган40. Бирок Ян-ди буга каршы болгон, анткени мындай жаңылык киргизүү Жаңгардын
талаадагы кадыр-баркын ого бетер кетирип, жаңы козголоңдорду туудурушу мүмкүн эле,
ал эми Жаңгар кытайларга өтө керек болучу.
605-жылы кидандардын көтөрүлүшү 20 миң түркүттүн жардамы менен басылган41
.
Андан тышкары, Жаңгардын ордосу башка түндүк көчмөндөргө каршы пайдаланылышы
мүмкүн эле.
Кытайдын Батышка карай салт болуп калган жолун Тогон падышалыгы тосуп турган.
Тогон менен мамилелер дайыма эле оор болуп, ал эми 603-жыл ченде Тогон талаадагы
Кытайга каршы күчтөрдүн тартылышынын борбору болуп калган. 604-жылы дал ошол
жерден Кытайдын душманы — Кара-Чурин Түрк аман калуунун жолун табууга аракет
кылган жана аны менен бирге Көкөнордун жээктерин карай 'Теңир уулунун" алдында баш
ийүүнү каалабаган татабдар качып кеткен42. Жаңгар хан болгондон кийин түркүттөрдүн
Тогон менен союзун бузуп, мунун өзү Тогон падышалыгы башкалардан толук бөлүп
салган. Бирок Фуюнь хан кытайлардын сөзсүз кол салышына даярданууга үлгүргөн, ал эми
Ян-ди оор согушка барууга батына албады. Ал Тогонду башкалардын колу менен
кемсинтүүнүн жолун тапты.
Кытайдын элчиси жашы жете элек батыш түркүт ханына келип, чыгыш түркүттөр
менен биргелешип ага кол салам деп коркутту. Ал ошондой эле батыш түркүт ханы өзүн
Кытайдын вассалы деп таанууга макул болбосо барымтада кармалып жаткан анын энеси
өлтүрүлө тургандыгын билдирди. Хан Кытайга баш ийгендигин далилдөөгө тийиш болучу.
Ага Тогонго тылынан кол салуу үчүн аскер жиберүү сунуш кылынган43. Мындай шарт
кабыл алынып, 608-жылы түркүттөр Тогонго батышынан сокку урду44, тогондуктар бул
жактан кол салууну күтүшкөн эмес эле. Каршылык көрсөтүүгө туш болбой, түркүттөр
Цайдомго жулунуп кирип келишип, тоого качып кетүүгө үлгүрбөгөндүн баарын кырып, зор
олжого ээ болушту.
Мындай деген суроо туулат: Чуло хан, тагыраак айтканда, анын колдоочулары эмне
үчүн ушунчалык пайдасыз бүтүмгө барышкан жана өздөрүнө кас Мохэ хан Гэлэндин
ээлиги аркылуу өз аскерлерин кантип алып өтүшкөн? Калыбы, Кытайдын элчисинин
аракети менен батыш түркүттөр телестер менен тынчтыкка жетишсе керек. Бул баш ийип
бергендиги жана жардамы үчүн сыйлык, ошондой эле кагандыкты басынткандык үчүн
компенсация болгон. Түзүлгөн жагдайга карап тарыхтын фактыларын ушундайча гана
түшүндүрүүгө болот45. Чынында эле, 608-жылдан кийин батыш телелердин батыш түрктөр
менен согушу басылган.
Император Ян-ди кол салуу үчүн учурду ыңгайлуу деп тапты. 608-жылы кытай
аскерлери согуш жарыялабастан туруп Тогонго каптап кирди. Фуюнь хан өзүнүн көчмөн
эли менен түштүккө карай, "Кардуу тоолорго" качты, ал эми калгандары кытайлар
тарабынан туткунга түшүрүлүп, императорлордун күң токолдору үчүн сарайларды курууга
жөнөтүлдү. Жеңип алынган жерлерге Суй өкмөтү сүргүнгө айдалган кылмышкерлерди
отурукташтыра баштады жана ал жерге кытай администрациясын киргизди.
609-жылы Ян-динин өзү зор аскерлер менен чыгып, тоолордо жашырынып жаткан
Фуюнь ханды кармап алууга аракет кылды. Бирок тоолорго кирип келүүгө батынган
полководецтер ал жерде баштарынан ажырашты. Бирок хан Амдого, көчмөн тоолуктарга
карай чегинүүгө аргасыз болуп, алардан баш калкалар жай жана коопсуздук тапкан. Ян-ди
Көкөнордун жанында кармалып турбастан, аскерлери менен андан ары батышка карай
жылды жана ал жерде эч кандай каршылыкка туш келбестен жеңип алуучунун даңкына ээ
болду. Гаочандын (Турпан), Ивунун (Хами) өкүмдарлары жана 27 башка майда хандар
баш ийип берүүнү каалагандыктарын билдирип, ага келишти 46 . Ырас, ал жерде
Кашкардын, Кучанын, Хотандын жана Карашаардын өкүлдөрү болгон эмес, бирок Лобнор
менен Черчен-Дарыяга чейинки жерлер Кытай империясынын курамына кирди.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Авг 2025 22:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: